Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\0f1ab558-b540-42d7-a763-8698b5d3b496\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 19-июлу № 154

Автомобиль транспорту жөнүндө

(КР 2016-жылдын 13-апрелиндеги N 40, 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын транспорттук тутумунун бир бөлүгү болуп саналган автомобиль транспорту менен кызматтарды көрсөтүүдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат. Автомобиль транспорту жана шаардык жерде жүрүүчү электр транспорту (троллейбус) менен кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.

Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү эл аралык катнаштагы автомобиль транспорту менен ташуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

2. Ушул Мыйзам жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү тиешелүүлүгүнө жараша жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, жеңил автомобилдер, анын ичинде автомобиль чиркегичтерин, автомобиль жарым чиркегичтерин пайдалануу менен ташуунун жалпы шарттарын, ошондой эле жүргүнчүлөргө, жалдоочуларга, жүк жөнөтүүчүлөргө, жүк алуучуларга, транспорттук инфратүзүм объекттериндеги ташуучуларга, жалдануучуларга кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы шарттарын аныктайт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу алардын ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу бардык жеке, юридикалык жактарга жайылтылат.

Ушул Мыйзамдын ченемдери аскердик багыттагы, саламаттык сактоо, укук коргоо органдарынын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ыйгарым укуктуу органдын автомобиль транспорту менен байланышкан ишти, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна же калктуу конуштардын көчөлөрүнө чыкпастан автотранспорт каражаттары менен жүзөгө ашырылуучу технологиялык (ички чарбалык) жүк ташууларды жөнгө салбайт.

2-берене. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан, башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.

3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

автомобиль транспорту - жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу транспорттун түрү, ошондой эле ишинин негизги чөйрөсү автомобиль каражаттарын жана инфратүзүмдү пайдалануу менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу болуп саналган экономика тармагы;

жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана келишимдин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды аткаруу үчүн пайдаланылуучу автомобиль транспорту;

автомобиль транспорт каражаты (мындан ары - автотранспорт каражаты) - автобустарды, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автомобиль чиркегичтерин, сүйрөгүчтөрдүн жарым чиркегичтерин, ошондой эле адистештирилген автомобилдерди (жүктөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдерди (ар кыл, көпчүлүгүндө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган) кошуп алганда автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги;

автомобилдик ташуу - келишимдердин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде аткарылуучу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн автомобиль транспорту менен ташуу;

өздүк муктаждыктар үчүн автомобилдик ташуу - юридикалык жактын же жеке ишкердин ишинин негизги түрлөрүнө карата көмөкчү мүнөздө болгон жана алар тарабынан өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон же башка мыйзамдуу негиздердеги жүктөрдү ташуу, ошондой эле транспорт каражаттарын ал юридикалык жактын же жеке ишкердин кызматкерлери же болбосо жеке ишкердин өзү башкарган шартта өз кызматкерлерин ташуу үчүн аткарылуучу автомобилдик ташуу;

автомобилдик ташуучу (мындан ары - ташуучу) - менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобиль транспортуна жана автотранспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн аймакка, өндүрүштүк-техникалык комплекске ээ болгон, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ишкердик иштин субъекти катары катталган жана буга тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык же жеке жак;

автотранспорт иши - келишимдик негизде же башка мыйзамдуу негиздерде аткарылуучу жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу, ошондой эле автомобилдик ташууга байланышкан башка транспорттук иштер (кызматтар) боюнча уюштуруучулук жана технологиялык процесстердин жыйындысы;

автобус - айдоочунун ордун кошпогондо, отуруу үчүн сегизден ашык оруну бар жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаты;

атайын башкаруусу бар автомобилдер - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башкаруусу үчүн жабдуулары бар автомобилдер;

жол жүгү - автомобиль транспорт каражаты менен жөнөтүү үчүн таңгакталган, ташуучу менен кошумча макулдашуунун негизинде жүргүнчү баруучу тарапка жүргүнчүдөн өзүнчө ташылуучу жүргүнчүнүн мүлкү же материалдык баалулуктары;

билет - жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражаты менен ташуу боюнча кызматты жүргүнчүнүн пайдалануу укугун ырастоочу жана ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосунда ташуу келишимин түзүүнү ырастоочу документ;

шаардык ташуулар - шаардын белгиленген чек арасынын чектеринде турган белгилүү бир пункттардын ортосундагы ташуулар;

жүк жөнөтүүчү - жүк жөнөтүү анын атынан жол-жоболоштурулган жеке же юридикалык жак;

жүк алуучу - жүктү автомобилдик ташуу келишиминин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жүк алууга ыйгарым укуктуу жеке же юридикалык жак;

жүк ташуучу автомобиль - жүктөрдү ташуу, чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди сүйрөтүү үчүн арналган автотранспорт каражаты;

жүктөр - белгиленген тартипте ташуу үчүн кабыл алынган материалдык объект;

тапшырыкчы - ташуучу же экспедитор менен түзүлгөн келишимге ылайык автотранспортту пайдаланган юридикалык же жеке жак (жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу, жүргүнчү, ижарачы ж.у.с.);

тапшырык-наряд - жалдоо келишиминин түрү;

автомобиль транспортунун инфратүзүмү - ташуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуучу автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун курулмалар комплекси (станциялык курулмалар, автомобилдер токтоочу жайлар, жүк терминалдары (логистикалык борборлор), станциялар (устаканалар), автотранспорт каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо үчүн курулмалар жана аймактар, автомобилдерге май куюу станциялары);

контейнер - көлөмү бир куб метрден кем эмес, көп жолу пайдалануу үчүн жарактуу жана жүктөө, жүк түшүрүү, жүктү ортодо которуштурбастан бир транспорт каражатынан башка транспорт каражатына жүктөө үчүн ыңгайлаштырылган жабдуу;

ири габариттүү жүк - транспорт каражатынын габариттерин эске алуу менен автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген габариттерден ашпаган жүк;

жеңил автомобиль - жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн автомобилдик ташуу үчүн арналган жана айдоочунун ордун албаганда сегизден ашпаган оруну бар автотранспорт каражаты;

каттам - белгилүү бир пункттардын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттарынын баруучу жолу;

каттам таксиси - белгиленген каттам боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн арналган өзгөчө чакан класстагы автобус;

шаарлар арасында автомобилдик ташуулар - шаар же башка калктуу пункттар ортосунда 60 километрге жетпеген аралыкка автотранспорт каражаты менен жүзөгө ашырылуучу ташуулар;

эл аралык автомобилдик ташуулар - автотранспорт каражаты менен жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары же Кыргыз Республикасынын аймагына ташуулар, ошондой эле транспорттук каражат менен жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуулар;

жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык транспорт - муниципалитеттин менчигинде турган жана жүргүнчүлөр менен жол жүгүн ташууга арналган жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты;

мультимодалдык ташуулар - транспорттун бир нече түрү менен жүзөгө ашырылуучу ташуулар;

жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесил ташуулар - белгилүү пункттардын ортосунда автобустарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу бир жолку (үзүл-кесил) мүнөздөгү ташуулар;

бөлүнгүс жүктөр - автомобиль жолдору боюнча ташууда өзгөчө сарптоолорсуз же анын бузулуп калуу тобокелдигисиз эки же андан ашык бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн болбогон жүк;

каттам номери - транспорт жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын реестрине киргизилген автобус каттамынын катар номери;

кооптуу жүктөр - өздөрүнө тиешелүү касиеттерге жана өзгөчөлүктөргө байланыштуу ташууда, жүктөө-жүк түшүрүү жумуштарын жүргүзүүдө жана сактоодо жарылуунун, өрттүн же техникалык каражаттардын, түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын бузулуусунун, ошондой эле адамдардын, жаныбарлардын өлүмүнүн, жаракат алышынын же ооруп калышынын себеби болушу, айлана-чөйрөгө жана экологиялык тең салмактуулукка зыян келтириши мүмкүн болгон жүктөр;

жүргүнчү - жол жүрүү документи (билети) бар жана жол жүрүү документинин (билетинин) же болбосо башка мыйзамдуу негиздердин негизинде автотранспорт каражатында ташылуучу жеке жак;

шаар четиндеги автомобилдик ташуулар - шаарлардын жана башка калктуу конуштардын ортосунда 60 километрге чейинки аралыкта жүзөгө ашырылуучу ташуулар;

үчүнчү өлкөдөн (өлкөлөрдөн) ташуулар - бир мамлекеттин авто ташуучулары тарабынан башка мамлекеттин аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына жана кайра жүзөгө ашырылуучу ташуулар;

жол барагы - транспорт каражатынын, айдоочунун ишин эсепке алуу жана көзөмөлдөө үчүн кызмат кылган документ;

чиркегич - кыймылдаткыч менен жабдылбаган жана механикалык транспорт каражатынын курамында - жеңил автомашина, жүк ташуучу автомобиль, трактор, мотоцикл жана башка транспорт каражаттары менен жүрүү үчүн арналган транспорт каражаты;

жарым чиркегич - таянгыч-чиркегич түзүлүштүн жардамы менен илмеги бар сүйрөгүч сүйрөөчү жана ага өз салмагынын бир бөлүгүн берүүчү бир-же эки октуу (кээде үч октуу) унаа;

уруксат - транзиттик өтүүнү кошуп алганда, чет өлкөлүк мамлекеттин аймагы боюнча автотранспорт каражатынын өтүүсүнө укук берүүчү документ;

жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз ташуу - мурдатан макулдашылган баруу каттамы боюнча алардын кыймылынын, ташуунун баштапкы, акыркы жана арадагы пункттарын, жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу үчүн токтоочу пункттарды көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн арналган, автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ташуулар;

кол жүгү - автобустун, таксинин салонунда ташууга карата өз касиеттери, габариттик өлчөмдөрү жана массасы боюнча тыюу салынбаган жана жүргүнчүнүн жеке жоопкерчилиги астында ташылуучу жүргүнчүнүн буюмдары жана башка мүлкү;

атайын уруксат - ири габариттүү, оор салмактуу же кооптуу жүк менен айкын транспорт каражатынын өтүүсүнө бир жолку уруксат;

каттам схемасы - кырсыктуу-кооптуу участокторду, жасалма курулмаларды, бир деңгээлдеги кооптуу кесилиштерди, арадагы диспетчердик пункттарды жана каттамдын номерин көрсөтүү, айдоочулар эс алуучу жерлерди көрсөтүү менен автобус каттамынын графикалык сүрөтү. Шаардык каттамдарда - баштапкы, аралык жана акыркы аялдамаларын көрсөтүү менен;

станциялык курулмалар - жүргүнчүлөрдү жана ташуучуларды тейлөө үчүн арналган автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар;

такси (жеңил) - жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн автомобилдик ташууга арналган, таксометр менен жабдылган, тиешелүү айырмалуу белгилери бар жеңил автомобиль;

терминал - жүктөрдү ташуу менен байланышкан операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн арналган өндүрүштүк-технолгиялык комплекс;

товардык-транспорттук коштомо кагаз - жүктү ташуу келишиминин түзүлүшүн ырастаган ташуу документи;

транзиттик ташуулар - автотранспорт каражатын каттаган мамлекет болуп саналбаган өлкөнүн аймагы боюнча автотранспорт каражаты тарабынан экөө тең башка өлкөдө же башка өлкөлөрдө жайгашкан эки пунктун ортосунда аткарылуучу ташуулар;

оор салмактуу жүктөр - транспорттук каражатка жүктөлгөндө кыймылдуу курамдын уруксат берилген эң чоң массасы жана ченемдик документтерде аныкталган октук жүк боюнча параметрлердин жок дегенде биринен ашып кетүүгө алып келген жүк;

фрахт - жүктү ташыгандык жана транспортту пайдалангандык үчүн төлөнүүчү ташуу акысы;

фрахттоочу - фрахтоо келишими боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн бир же бир нече рейстерге берилүүчү бир же бир нече транспорт каражатынын бүткүл сыйымдуулугун же анын бир бөлүгүн пайдалануунун наркына акы төлөөгө милдеттенме алган жеке же юридикалык жак;

фрахка берүүчү - фрахтоо келишими боюнча жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн бир же бир нече рейстерге берилүүчү бир же бир нече транспорт каражатынын бүткүл сыйымдуулугун же анын бир бөлүгүн фрахтоочуга берүүгө милдеттенмени өзүнө алган юридикалык жак, жеке ишкер;

экспедитор - ташуучунун транспорттук-экспедитордук тейлөөнү уюштуруучу агенти;

электр транспорту (троллейбус) - электр туташуусу бар, электр тогунун кубатын тышкы булактан алган транспорт каражаты (демейде жүргүнчүлөрдү ташуучу).

4-берене. Автомобилдик ташуулардын түрлөрү

1. Автомобилдик ташуулар төмөнкү ташууларга бөлүнөт:

1) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн;

2) жүктөрдү;

3) почтаны.

2. Катнашуунун түрлөрү боюнча автомобилдик ташуулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууда - эл аралык, шаарлар аралык, шаардык жана шаар четиндеги;

2) жүктөрдү ташууда - ички республикалык жана эл аралык (эки тараптуу, транзиттик, үчүнчү өлкөлөргө).

3. Уюштуруу мүнөзү боюнча автомобилдик ташуулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууда - үзгүлтүксүз жана үзүл-кесил;

2) жүктөрдү ташууда - түз жана мультимодалдык.

5-берене. Мобилизациялык даярдыкты камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарды жоюуга карата автомобиль транспортун тартуу

1. Автомобиль транспортунун мобилизациялык даярдыгы мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдары ташуучулардын чарбалык ишине кийлигишүүгө, ошондой эле алардын эксплуатациялык кызматкерлерин башка жумуштарга тартууга укуксуз.

3. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо, ошондой эле өзгөчө абал киргизилгенде мамлекеттик органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде өзгөчө кырдаалдарды жоюуга байланыштуу жумуштарды аткарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык чыгымдардын жана зыяндын ордун милдеттүү толтуруу менен ташуучуларды тартууга укуктуу.

4. Автомобиль транспортунун мобилизациялык даярдыгы боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Автомобиль транспортунун мобилизациялык даярдыгын камсыз кылууга жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жана кырсыктык-куткаруучу иштерди аткарууга байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

6-берене. Ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө ташуучуларга жана автотранспорт каражаттарына коюлуучу талаптар

1. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташууга төмөнкүлөрү бар ташуучуларга жол берилет:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын квалификациясын жана кесиптик жарактуулугун ырастаган документтери;

2) ташуулардын тиешелүү түрүн жүзөгө ашырууга жарактуу жана ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө мыйзамдардын талаптарына жооп берген автотранспорт каражаттары;

3) автомобилдик ташууларды аткарууда коопсуздуктун талаптарын камсыз кылуу үчүн жооптуу кызмат адамдарынын мамлекеттик аттестациясынын (дипломунун) бар экенин ырастоочу документтери;

4) ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууну ырастаган жана транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө документтери.

2. Автотранспорт каражаттарынын - кооптуулугу жогорку булактын ээлери катары ташуучулар жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, ташылып бараткан мүлктүн сакталышын, транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаттарынын талаптагыдай техникалык абалын, айдоочулардын эмгегинин жана эс алуусунун режиминин сакталышын жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

3. Автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар жана үч жылдан кем эмес кесиптик иш стажы бар айдоочуларга жол берилет.

4. Автотранспорт каражаттары ташуулардын тиешелүү түрүн жүзөгө ашырууга жарактуу болууга жана техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.

5. Автобустарда жүктөрдү, анын ичинде жол жүгүн жол жүгүнүн бөлүгүнөн тышкары ташууга тыюу салынат.

6. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга тыюу салынат.

Көңүл буруңуздар! Мыйзамдын 56-беренесине ылайык 6-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

7. Узундугу боюнча жана жүргүнчүлөр үчүн орундардын саны боюнча автобустар төмөнкү класстарга бөлүнөт:

1) өзгөчө чакан класс (6,9 м чейин) - отуруу үчүн 9дан 16га чейинки орун;

2) чакан класс (7,0 - 7,5 м) - отуруу үчүн 17ден 25ке чейинки орун;

3) орто (8,0 - 10,4 м) - отуруу үчүн 26дан 35ке чейинки орун;

4) чоң класс (10,5 - 12,0 м) - отуруу үчүн 36дан 45ке чейинки орун;

5) өзгөчө чоң класс (16,5 м жана андан ашык) - отуруу үчүн 46дан ашык орун.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы N 7-р чечими

 

7-берене. Автотранспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан эмгек жана эс алуу режимин сактоо боюнча талаптар

Айдоочулар тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды, областтар аралык (үзгүлтүксүз жана үзүл-кесил) жүргүнчүлөрдү ташууларды жана кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырууда автотранспорт каражаттары айдоочулардын эмгектенүү жана эс алуу режимин каттоочу көзөмөлдүк түзүлүштөр (тахографтар) менен жабдылууга жатат. Автотранспорт каражаттарында алар болбогондо, белгиленген үлгүдөгү эмгек жана эс алуу режимин эсепке алуунун күндөлүк баракчасы айдоочулар тарабынан толтурушу зарыл.

Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин контролдоонун зарыл каражаттары менен жабдуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

8-берене. Автотранспорт ишинин негизги принциптери

Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү иштер жана кызматтар төмөнкү негизги принциптерге негизделет:

1) ташуулардын коопсуздугу, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын мүлкүн коргоонун, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды сактоонун артыкчылыктуулугунун;

2) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын жана милдеттеринин теңдигинин;

3) автотранспорт кызматтарын керектөөчү тарабынан ташуучуну тандап алуунун эркиндигин, анын ичинде ташуучунун менчик автотранспорт каражаттарын жана кызматтарын пайдалануунун ортосундагы тандап алуунун эркиндигин камсыз кылуунун;

4) ташуу келишимдеринин, ташууларды, жалдоолорду уюштуруунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде коммерциялык автомобиль ашууларын жүзөгө ашыруунун;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү иштерге жана кызматтарга баалардын эркиндигин камсыз кылуунун;

6) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында бирдиктүү автотранспорт мейкиндигин автотранспорт ишин жүзөгө ашыруунун бирдиктүү талаптарын жана ченемдерин колдонуунун эсебинен камсыз кылуунун;

7) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту менен ташууларды аткаруунун шарттары тууралуу маалымат менен жарандарды жана юридикалык жактарды камсыз кылуунун.

Көрсөтүлгөн принциптер мамлекеттик жөнгө салуу жана автотранспорт ишин башкаруу жолу менен ишке ашырылат.

2-глава
Автомобиль транспортунун ишин мамлекеттик жөнгө салуу

 

9-берене. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери

Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мамлекеттин, автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруучу жана кызматтарды көрсөтүүчү автомобиль транспортунун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматтарынан пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;

2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана калктын автомобилдик ташууларга жана транспорттук кызматтарга муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;

3) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо;

4) эл аралык автомобилдик ташуулар рыногунда ата мекендик ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;

5) автомобиль транспортундагы ишти мамлекеттик жөнгө салуунун социалдык багытталгандыгы, коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, автотранспорт кызматтарынын ички рыногун коргоо;

6) автотранспорт кызматтарынын рыногунда тең атаандаштык шарттарды белгилөө жана алардын аткарылышын камсыз кылуу;

7) автотранспорт ишинин чөйрөсүндө тейлөөнүн жогорку деңгээлине жетишүү жана аны камсыз кылуу;

8) автомобиль ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү;

9) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортуна тарифтик саясатты түзүү.

10-берене. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу жана контроль

1) Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу автомобиль транспорту жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын укуктук камсыз кылуу, лицензиялоо, техникалык жөнгө салуу, көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жолу менен бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат.

2) Автомобиль транспорту жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо автомобиль транспорту жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырылат.

3) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автотранспорт каражаттарынын өтүшүн мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген стационардык тосотторунда жүзөгө ашырылат.

11-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортундагы тарифтер, жыйымдар жана төлөмдөр

1. Рынокто үстөмдүк кылган чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылган жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, почтаны ташууга байланышкан тарифтер, жыйымдар жана төлөмдөр "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.

2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер автомобилдик ташуунун тарифтик саясатынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жөнгө салынбаган тарифтер, жыйымдар жана автомобиль транспортундагы төлөмдөр келишимдик негизде белгиленет.

4. Эл аралык катнаштагы автомобиль транспортундагы ташууларга тарифтер, жыйымдар жана акы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык белгиленет.

Тарифтерди, жыйымдарды жана төлөмдөрдү колдонууга киргизүүнүн жана колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

12-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана башкаруу боюнча компетенциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;

2) автомобиль транспорту чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;

3) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташууларды жүзөгө ашырууда автотранспорт каражаттарынын өтүү тартибин аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, анын ичинде кооптуу, оор салмактуу, ири габариттүү жүктөрдү жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташуунун эрежелерин жана автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бекитет;

5) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга ташуучуларды тартуунун тартибин аныктайт;

6) мамлекеттик муктаждыктар үчүн автомобиль ташууларын аткарууга заказды (ташууларды уюштуруу жөнүндө келишимди) же калк үчүн социалдык маанилүү автомобиль ташууларын түзөт (бул милдеттер белгилүү бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга же администрациялык-аймактык бирдиктердин жетекчилерине берилиши мүмкүн);

7) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортун мамлекеттик колдоону инвестициялык, бажылык, салыктык жана автомобиль ташууларынын белгилүү бир түрлөрүн аткарууга автомобиль ташуучуларын кызыктыруучу жана социалдык маанилүү ташууларды аткарууну камсыз кылууга багытталган башка чаралардын комплекси түрүндө аныктайт;

8) жеңилдиктер менен жүрүүгө укугу бар жүргүнчүлөрдү ташуу менен байланышкан ташуучулардын сарптоолорун компенсациялайт;

9) автотранспорт каражаттарын мамлекеттик техникалык кароону жүргүзүүнүн эрежелерин бекитет.

13-берене. Транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компентенциясы

Транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

1) Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

2) өз компентенциясынын чектеринде автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга катышат жана эл аралык уюмдарда жана чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына өкүл болот;

3) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгат;

4) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууну жөнгө салат, көрсөтүлгөн ташуулардын каттамдары боюнча кыймылдын расписаниесин макулдашат, ошондой эле эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө эл аралык макулдашуулардын талаптарына ылайык жүктөрдү ташууну жөнгө салат;

5) жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн шаарлар арасында, шаар четиндеги жана шаардык автомобилдик ташууларды жөнгө салат, көрсөтүлгөн каттамдар боюнча автобустардын кыймылынын схемасын жана расписаниесин мамлекеттик администрациянын жергиликтүү органдары менен макулдашат, автобустук каттамдарды тейлөө укугуна сынактарды (тендерлерди) (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) уюштурат жана өткөрөт жана ташуучуга бекитип берет;

6) областтардын мамлекеттик администрациялары менен макулдашуу боюнча областын ичиндеги катнаштагы шаар чегиндеги, шаарлар арасындагы автобустук каттамдарды ачууну, жабууну жүзөгө ашырат, бул каттамдардагы кыймылдын расписаниесин жана схемасын иштеп чыгат жана берет;

7) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн шаар четиндеги жана шаарлар арасындагы үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулардын каттамдык түйүнүн бекитет;

8) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ишкердик иштин айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялоону жүзөгө ашырат;

9) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун үстүндө контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;

10) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелер жана ассоциациялар (бирликтер) формасындагы юридикалык жактардын бирикмелери менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

11) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууларды, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоону, автотранспортто эмгек жана коопсуздук техникасын коргоону уюштуруу, айдоочулардын эмгегин жана эс алуусун уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди өз компентенциясынын чектеринде иштеп чыгат;

12) авто ташуучулардын жана станциялык курулмалардын реестрин (тизмегин) жүргүзөт;

13) илимий-изилдөөчүлүк институттарды жана автомобиль транспортунун уюмдарын түзүүнү жана иштөөсүн камсыз кылат;

14) чет мамлекеттин аймагынан өтүүгө эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөдөн (өлкөлөрдөн) ташууларга ата мекендик ташуучуларга уруксаттарды берүүнү камсыз кылат.

14-берене. Автотранспорт ишин жүзөгө ашырууга жол берүү

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдарга ылайык жеке, юридикалык жактарды автотранспорт ишин жүзөгө ашырууга жол берүүнүн бирдиктүү тартиби колдонулат.

2. Автотранспорт ишинин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга жол берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жана уруксат (лицензия) менен каралган иштин түрүнө гана берилүүчү уруксаттардын (лицензиялардын) негизинде жүргүзүлөт.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок же башка юридикалык же жеке жактын документтери боюнча автотранспорт каражаттары менен коммерциялык ташууларга тыюу салынат.

15-берене. Автомобиль транспортунда экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы коопсуздук

Автомобиль транспортунда экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрткө каршы коопсуздук Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен регламенттелет.

16-берене. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү камсыздандыруу

1. Ташуучунун жүргүнчүлөр алдындагы, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн коммерциялык ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу автотранспорт каражаттарында ташуулар менен байланышкан өмүргө, ден соолукка жана мүлккө келтирилген зыян үчүн үчүнчү жактардын алдындагы жарандык-укуктук жоопкерчилик милдеттүү камсыздандырылууга жатат.

2. Жүргүнчүлөр жана үчүнчү жактар алдында ташуучунун камсыздандыруу сыйакылары менен камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү, ошондой эле камсыздандыруунун бул түрлөрүнүн мазмуну жана аларды жүргүзүүнүн шарттары боюнча кошумча талаптар камсыздандыруунун ушул түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

3. Жүргүнчүлөрдүн, автомобиль ташууларын аткаруу менен байланышкан кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн, жол жүгүн, жүктөрдү, автомобиль транспорт каражаттарын жана ишкердик тобокелдигин, ошондой эле автомобиль ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу тиешелүү камсыздандыруу келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган камсыздандыруу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

3-глава
Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн автомобилдик ташуулар

17-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун жалпы шарттары

1. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринин, ошондой эле заказчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн ортосунда түзүлүүчү башка келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосундагы ташуу келишими жүргүнчү жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражатына жол жүрүү документин (билетти) сатып алган учурдан тартып, ал эми жеңил автомобиль-таксиде таксометр иштетилген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун шарттары, ошондой эле ал ташуулар боюнча тараптардын жоопкерчилиги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

4. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана кол жүгүн ташуунун, ташуу келишимин түзүүнүн тартиби, автотранспорттогу ыйгарым укуктуу органдын, тапшырыкчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн милдеттери жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун бирдиктүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

18-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуунун милдеттүү шарттары

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууну жүзөгө ашыруучу автотранспорт каражаттарында күйүүчү, жарылуучу, көңүл айнытуучу, ачыштыруучу, ууландыруучу жана сасык заттарды, айбанаттарды жана канаттууларды, автотранспорт каражатын же жүргүнчүлөрдүн кийимдерин булгоочу заттарды (буюмдарды) алып жүрүүгө, ошондой эле автотранспорт каражатынын салонунда жүргүнчүлөр менен жүктөрдү бир убакта ташууга тыюу салынат.

2. Ташуучу автобус менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууну жүзөгө ашырууда техникалык бузуктуктун себеби боюнча ал каттамдан чыгып калган учурда автобусту өз убагында алмаштырууну же жол жүрүү документинин (билетин) наркынын тиешелүү суммасын кайтарып берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

3. Ташуучу автотранспорт каражатын күн сайын техникалык жана эксплуатациялык кароодон өткөрүүнү жана айдоочуну рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

19-берене. Жүргүнчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

1. Жүргүнчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жүргүнчүлөрдү автомобиль ташуулары үчүн ачылган каттам боюнча жүрүүгө жол жүрүү документин (билетти) сатып алууга, автомобиль транспорт каражатындагы билетте көрсөтүлгөн орунду ээлөөгө жана жол жүрүүгө;

2) республика ичинде жети жашка чейинки курактагы бир баланы жана эл аралык ташууларда беш жашка чейинки курактагы бир баланы ага автобуста өзүнчө орун берүү укугу жок өзү менен акысыз ала жүрүүгө;

3) эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, ташуучу тарабынан жүзөгө ашырылуучу эл аралык ташууларда бештен он жашка чейинки курактагы балдарга жол жүрүү документинин (билеттин) толук наркынын элүү пайызын төлөө менен жол жүрүү документин (билетти) сатып алууга;

4) республика ичиндеги каттамдарда (шаардык жана шаар четиндеги каттамдардан тышкары) жетиден он эки жашка чейинки курактагы балдарга жол жүрүү документтерин (билеттерди) жол жүрүү документинин (билеттин) толук наркынын элүү пайызына акы төлөө менен сатып алууга;

5) эгерде ташуучу расписаниеде каралган автобустун ордуна анда жүрүү кымбат турган башка автобус берсе, сатып алынган жол жүрүү документи (билет) боюнча кошумча акысыз жол жүрүүгө, ал эми, эгерде ташуучу жайлуулугу кыйла төмөн автобус берсе - билеттин наркынын айырмасын алууга;

6) ташуу башталганга чейин жол жүрүү документин (билетти) өткөрүп берүүгө, автобус жөнөгөндөн кийин тапшырууга жана Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралган комиссиялык жыйымдарды эсептен чыгарып салуу менен ташуу үчүн төлөнгөн сумманы кайра алууга;

7) Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген ченемдердин чектеринде кол жүгүн өзү менен акысыз алып жүрүүгө;

8) тариф боюнча төлөөгө жол жүгүн ташууга өткөрүп берүүгө;

9) ташууга өткөрүп берүүдө жол жүгүнүн баалуулугун айтууга.

2. Жүргүнчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) үзгүлтүксүз автобустук каттамдарда жүрүү убагында жол жүрүү документи (билети) болууга жана аны жолдун аягына чейин сактоого;

2) коомдук тартипти сактоого;

3) эгерде келишимде башкача каралбаса, айтылган баалуулуктагы жол жүгүн ташууда ташуучунун кызматтарына акы төлөөгө.

20-берене. Ташуучунун укуктары жана милдеттери

1. Ташуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында коомдук бирикмелерди, ошондой эле ассоциациялар (бирликтер) формасында юридикалык жактардын бирикмелерин түзүүгө;

2) коопсуздук жана гигиена талаптарына жооп берген, эс алуунун жана эмгектин шарттарына;

3) автомобиль транспортунда жүргүнчүлөр тарабынан коомдук тартиптин жана жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун эрежелеринин сакталышын талап кылууга;

4) Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.

2. Ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) автотранспорт каражаттарынын техникалык оң абалын камсыз кылууга жана абалы белгиленген техникалык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген автотранспорт каражаттарын каттамга чыгарууга жол бербөөгө;

2) автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын алдын ала, мезгилдүү, анын ичинде рейстин алдындагы (алмашуунун алдындагы) медициналык кароону жүргүзүүгө, эмгегинин жана эс алуусунун режиминин сакталышын камсыз кылууга;

3) автомобилдик ташуулардын жана жол кыймылын аткаруунун коопсуздугун, жүргүнчүлөргө зарыл болгон ыңгайлуулуктарды жана тейлөөнүн шарттарын түзүүнү камсыз кылууга.

21-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулар, эгерде:

1) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү белгилүү бир каттамдар боюнча автобустардын үзгүлтүксүз кыймылын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берсе;

2) автомобиль жолдорунун абалы жана алардын жабдылышы жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына ылайык келсе уюштурулушу мүмкүн.

2. Шаардык, шаар четиндеги жана шаарлар арасында жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулар ал ташууларды тейлөө укугуна сынакта (тендерде) жеңип алган, аларды тейлөөгө тиешелүү күбөлүк алган жана сынактын уюштуруучусу (заказчысы) менен утуп алган каттамдарды тейлөөгө контракт түзгөн ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Шаар четиндеги жана шаарлар арасындагы катнаштарда жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулар станциялык курулмалар менен ташуучулардын ортосунда түзүлгөн жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча келишимдерге ылайык станциялык курулмалардан жүзөгө ашырылат. Автобус каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуулар автобустардын кыймылын ырааттама боюнча жана билеттик тутум боюнча гана жүзөгө ашырылат. Станциялык курулмалар билеттерди жана жол жүгүнүн дүмүрчөктөрүн сатууну уюштурат.

4. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруучу ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) автотранспорт каражаттарынын ээлери менен жүргүнчүлөрдү ташууларды жүзөгө ашырууга ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө;

2) белгиленген техникалык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына ылайык келген автотранспорт каражаттарынын техникалык оң абалын камсыз кылууга, аларды каттамга жол, билеттик-эсепке алуу барагы жок жана тиешелүү кийим-кечеси (өзүнүн фирмалык белгилери жана аталышы) менен шаардык, шаар четиндеги же шаарлар аралык каттамдардын түрлөрүн тейлөөнүн айырмалоо белгилери жок автотранспорт каражаттарынын каттамга чыгышына жол бербөөгө;

3) айдоочулардын жыл сайынкы медициналык кароосун жана рейске чейинки күн сайынкы медициналык күбөлөндүрүүсүн өткөрүүнү, алардын эмгек жана эс алуу режимин сактоосун, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын техникалык жана эксплуатациялык кароосун камсыз кылууга;

4) жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, аларга зарыл ыңгайлуулуктарды жана тейлөөнүн шарттарын түзүп берүүгө;

5) жүргүнчүлөрдү өз убагында жеткирүүнү жана жол жүгүнүн сакталышын камсыз кылууга;

6) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга тарифтерди өз убагында жарыялоону жүзөгө ашырууга, аларды келишимдерде, жол жүрүү документинде (билетте) жана кол жүгүнүн дүмүрчөгүндө белгилөөгө;

7) жарыяланган тарифтерди сактоого жана тарифтердин алдыдагы өзгөрүшү жөнүндө жүргүнчүлөргө өз убагында маалымдоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын айрым категорияларын акысыз жеткирүүнү жүзөгө ашырууга же аларга жүрүүгө акы төлөө боюнча башка жеңилдиктерди берүүгө;

9) автомобиль ташуучусуна көз каранды болгон жагдайлар боюнча жүргүнчүлөрдү автомобилдик ташуу үзгүлтүккө учураган учурда жүргүнчүлөрдү баруучу пунктуна жеткирүүнү камсыз кылууга.

22-берене. Үзүл-кесил катнашууда автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууларды уюштуруу

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесип автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучуларга ташуу келишиминде алдын ала айтылган атайын бөлүнгөн аянттардан жүргүнчүлөрдү отургузууга жана станциялык курулмалардын аймагында жана бара жаткан жолдо жүргүнчүлөрдү отургузууга жол бербөөгө уруксат берилет.

2. Жүргүнчүлөрдү үзүл-кесил ташууда айдоочунун же топтун жетекчисинин колунда автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген үлгүдөгү бланктагы жана жооптуу кызмат адамы тарабынан ырасталган жүргүнчүлөрдүн тизмеси болууга тийиш.

3. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесил автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарууну камсыз кылууга;

2) айдоочулардын рейске чейинки медициналык кароодон жана автотранспорт каражаттарынын техникалык жана эксплуатациялык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгиси бар жол жүрүү барагы болууга.

23-берене. Балдардын уюшулган топторун ташуу

1. Балдардын уюшулган топторун ташуу экиден кем эмес эшиги бар, техникалык абалы Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген автобустар менен жүзөгө ашырылат.

2. Балдардын уюшулган топторун ташуу үчүн арналган автобустар сары түстөгү өчүп - күйүп турган маяк менен жабдылууга тийиш. Бул автобустардын алдында жана артында "Балдар" деген айырмалоо белгилери тагылууга тийиш.

3. Эки же андан көп автобустардын колоннасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын автомобилдери менен коштолуп жүрүүгө тийиш.

24-берене. Жүргүнчүлөрдү жеңил такси менен ташууларды уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн жеңил такси менен ташуу оозеки формада түзүлгөн ачык жалдоо келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн жеңил таксини жалдоо келишими жалдоочу менен жалдагычтын атынан жана анын тапшыруусу боюнча аракеттенген жеңил таксинин айдоочусу же, эгерде айдоочу жеке ишкер болуп саналса, өзүнүн атынан түзүлөт. Мындай келишим боюнча укуктар жана милдеттер түздөн-түз жалдоочуда пайда болот.

3. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн жеңил таксини жалдоо келишими жалдоочунун заказын жалдануучу тарабынан аткарууга кабыл алынышынын аркасында түзүлүшү мүмкүн.

4. Эгерде жалдоочу тарабынан сунуш кылынган каттам же жалдоочунун жүрүм-туруму айдоочунун коопсуздугуна коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон учурда, жалдануучу жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн жеңил такси берүүдөн баш тартууга укуктуу.

5. Жалдануучу жалдоочуга так отчеттулуктун бланкы формасында дүмүрчөк же жеңил таксини пайдалануунун наркына акы төлөөнү ырастоочу касса чегин берүүгө милдеттүү.

6. Жалдануучу жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуулар үчүн техникалык оң абалдагы, жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуучу, таксометрлер менен жабдылган жана айырмалоо белгилери бар жеңил таксилерди пайдаланууга милдеттүү.

7. Жеңил таксилер менен шаарлар арасында жана эл аралык ташууларды жүзөгө ашыруу автобекеттерден жана автостанциялардан, ошондой эле диспетчердик кызматтын заказы боюнча алардын аймактарынан тышкары жүргүзүлүүгө тийиш.

8. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн жеңил таксилер менен ташууларды уюштурууда ташуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеңил таксилерди токтотуп туруу жана жүргүнчүлөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын чечими менен белгиленген атайын жабдылган таксомоторлор токтоочу жайларды пайдаланууга;

2) жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын сактоо менен келишимде белгиленген аймакка тиешелүү жол тармагынын ар кандай участокторунда жүргүнчүлөрдү отургузууга жана түшүрүүгө.

9. Таксинин натыйжалуу иштеши жана жүргүнчүлөр болуучу бардык пункттарда (аэропорттор, бекеттер, ири соода жана маданий борборлор жана башкалар) жүргүнчүлөр тарабынан алардын пайдаланылышына жеңилдиктерди түзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана курулмалардын ээлери транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип жеңил таксилер токтоочу жерлерди уюштурууну жана жабдууну камсыз кылат.

25-берене. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуулардын убагында жүргүнчүлөрдүн айрым категориялары үчүн артыкчылыктар

1. Жүргүнчүлөрдүн айрым категорияларынын төмөнкүдөй артыкчылыктары бар:

1) автобуска, таксиге кезексиз отуруу укугу;

2) автобустун алдыңкы бөлүгүндө атайын орундарды бөлүп берүү;

3) билеттерди кезексиз сатып алуу укугу.

Көрсөтүлгөн артыкчылыктардан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана аларга теңештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, пенсионерлер, кош бойлуу аялдар, мектепке чейинки курактагы балдары бар жүргүнчүлөр пайдаланышат.

2. Станциялык курулмаларда айрым жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн төмөнкүлөр түзүлөт:

1) балдары бар жүргүнчүлөргө жана кош бойлуу аялдарга кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн эне жана бала бөлмөсү;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды отургузуу жана түшүрүү үчүн түзүлүштөр.

26-берене. Сактоонун акыркы мөөнөттөрү өткөндө жол жүгүн, табылган (унутулуп калган) буюмдарды тескөө

1. Жүргүнчү же жол жүгүн алууга ыйгарым укуктуу адам ташуучуга көз каранды болбогон себептер боюнча жол жүгүн албай калса, ташуучу аны жетүү пунктундагы станциялык курулмага же ташуучунун администрациясына сактоого өткөрүп берүүгө милдеттүү, алар аны мөөрлөп бекитүүгө жана келген күндөн тартып токсон күндүн ичинде сактоого милдеттүү, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде көрсөтүлгөн буюмдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жалпы негиздерде сатылат.

2. Табылган (унутулуп калган) буюмдарды кабыл алуунун, сактоонун, берүүнүн жана сатуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

27-берене. Станциялык курулмалардын ишин уюштуруу жана жөнгө салуу

1. Станциялык курулмалар чарбалык субъекттерге (ташуучуларга) жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүү боюнча агенттин милдетин аткарат.

2. Станциялык курулмалардын ишин жөнгө салуу аларга бекитилип берүүчү автобус каттамдарынын тизмегин бекитүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз станциялык курулмаларды долбоорлоого, курууга жана башка жерге көчүрүүгө жол берилбейт.

4. Станциялык курулмалар менчиктештирилген учурда ээлик кылуучу бул объекттин баштапкы багытын сактап калууга жана аны арналышы боюнча пайдаланууга тийиш.

5. Баштапкы багытын өзгөрткөн же арналышы боюнча эмес пайдаланган учурда объект мамлекеттин менчигине өтөт, мында мамлекет бул объекттин менчиктештирүү учурундагы наркын кайтарып берет.

28-берене. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу эрежелерине карата талаптар

Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу эрежелери менен төмөнкүлөр аныкталат:

1) жүргүнчүлөр менен жол жүгүн үзгүлтүксүз жана үзүл-кесил автомобилдик ташууларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун, жүргүнчүлөрдү ташуунун үзгүлтүксүз каттамдарын ачуунун жана жабуунун тартиби, автобустардын техникалык жана санитардык абалына, тышкы жасалгаланышына жана жабдууларына карата талаптар;

2) үзгүлтүксүз автобустук каттамдарды тейлөө укугуна сынактарды (тендерлерди) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби;

3) автобус каттамдарында автобустардын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;

4) жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун тартиби;

5) эл аралык катнашууда жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууларды уюштуруу;

6) станциялык курулмаларга карата талаптар жана алардын иштөө тартиби;

7) жүргүнчүлөрдү ташууда билеттердин жана жол жүгүнүн дүмүрчөктөрүнүн формасы, аларды сатуунун тартиби жана колдонуу мөөнөттөрү; билеттерди кайтаруунун шарттары жана алардын нарктары;

8) жол жүгүн кабыл алуунун, ташуунун, сактоонун жана берүүнүн тартиби;

9) автотранспорт кызматтарын аткаруучулардын жана керектөөчүлөрдүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;

10) үзгүлтүксүз автобус каттамдарында жана жеңил таксилер менен ташууда жүргүнчүлөрдү отургузуунун жана түшүрүүнүн пункттарын жасалгалоого жана күтүүгө карата талаптар;

11) жүргүнчүлөрдү ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар;

12) автотранспорт ишине тиешелүү башка талаптар.

4-глава
Жүктөрдү автомобилдик ташуу

 

29-берене. Жүк ташуу келишимин түзүү

1. Жүк ташуу келишимин түзүү товардык-транспорттук баракча менен ырасталат. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, товардык-транспорттук баракча жүк жөнөтүүчү тарабынан түзүлөт.

2. Товардык-транспорттук баракчанын толтуруунун формасы жана тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

3. Товардык-транспорттук баракча толтурулбаган жүк ташуучу тарабынан ташуу үчүн кабыл алынбайт.

4. Жүк ташууну тосколдуксуз жүзөгө ашыруу максатында жүк жөнөтүүчү товардык-транспорттук баракчага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санитардык, бажылык, карантиндик, башка эрежелер менен каралган документтерди, ошондой эле тастыктамаларды, сапат паспортторун, ырастамаларды, болушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка документтерди тиркеп коюуга милдеттүү.

5. Жүк ташуу келишими ташуучу тарабынан тапшырыкты аткарууга карата кабыл алуунун аркасында, ал эми жүк ташууларды уюштуруу жөнүндө келишим болгондо жүк жөнөтүүчүнүн табыштамасынын аркасында түзүлүшү мүмкүн.

6. Тапшырыктын, табыштаманын милдеттүү реквизиттери жана аларды жол-жоболоштуруунун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

30-берене. Жүктөрдү автомобилдик ташууну жол-жоболоштуруу

Товардык мүнөздөгү жүктөрдү автомобилдик ташуу товардык-транспорттук баракча менен жол-жоболошотурулат. Товардык-транспорттук баракча менен жол-жоболошотурулбаган товардык мүнөздөгү жүктөр автомобилдик ташууга кабыл алынбоого тийиш.

Товардык эмес мүнөздөгү жүктөрдү (топуракты төгүү, карды жана алар боюнча кампалык эсеп жүргүзүлбөгөн башка жүктөрдү) автомобилдик ташуу ченөө актысы же таразалоо актысы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Мындай актыларды түзүүнүн тартиби, ошондой эле товардык эмес мүнөздөгү жүктөрдү кабыл алуунун жана өткөрүп берүүнүн тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

31-берене. Товардык-транспорттук баракча

Товардык-транспорттук баракча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү так отчеттуулуктун жана бирдей формадагы бланк болуп саналат. Эгерде жүктү автомобилдик ташуу келишиминин тараптары башкача каралбаса, товардык-транспорттук баракчаны толтуруу милдети жүк жөнөтүүчүгө жүктөлөт.

Товардык-транспорттук баракчада жүктөрдү ташуулардын эрежелеринде каралган бардык зарыл маалыматтар көрсөтүлөт.

Жүктү автомобилдик ташуу келишиминин тараптары товардык-транспорттук баракчага зарыл болгон же зарыл деп таанылган ар кандай башка маалыматтарды киргизиши мүмкүн.

Жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда эл аралык үлгүдөгү товардык-транспорттук баракча түзүлөт.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-берене. Жүктү коштогон башка документтер

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктү коштогон кошумча документтерди (ылайык келүү тастыктамасы, ветеринардык жана фитосанитардык тастыктамалар, товарлардын чыккан жеринин тастыктамалары ж.у.с) жол-жоболоштуруунун зарылдыгы каралса, жүк жөнөтүүчү аларды алдын ала жол-жоболоштурууга жана товардык-транспорттук баракчага тиркөөгө милдеттүү.

Автомобилдик ташуучу жүктү коштогон кошумча документтердин жол-жоболоштурулуусунун тууралыгын текшерүүгө милдеттүү эмес.

Жүктү коштогон кошумча документтер жоголгон же талаптагыдай пайдаланылбаган учурда автомобилдик ташуучуга мүлктүк жоопкерчилик жүктөлөт.

33-берене. Жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын, контейнерлерди берүү

1. Ташуучу жүк ташуу келишим менен белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жүктү ташуу үчүн жарактуу транспорт каражаттарын, контейнерлерди берүүгө милдеттүү.

2. Ташуучу тарабынан тиешелүү жүктү ташуу үчүн жараксыз транспорт каражаттары, контейнерлер берилген же жүктөөчү пунктка транспорт каражаттары, контейнерлер кечиктирүү менен берилген учурда жүк жөнөтүүчү жүк ташуу келишиминин аткарылышынан баш тартууга жана ташуучудан ушул мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган жүктү ташыбагандык үчүн айып акы өндүрүп алууга укуктуу.

34-берене. Ташуу үчүн жүктү көрсөтүү жана кабыл алуу

1. Ташуу үчүн жүктү кабыл алууда транспорт каражатынын айдоочусу жүк жөнөтүүчүгө инсанын ырастоочу документти, ишеним катын жана жол жүрүү барагын көрсөтөт.

2. Жүк жөнөтүүчү жүктү даярдоого карата жүктү ташуунун коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылгандай даярдоого, ошондой эле транспорт каражатынын, контейнердин бузулушуна жол бербөөгө милдеттүү.

3. Жүктү тарада же таңгакта ташуу үчүн көрсөтүүдө жүк жөнөтүүчү ар бир жүк орунун жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык маркировкалоого милдеттүү.

4. Жүк төмөнкү учурларда жүк жөнөтүүчү тарабынан ташуу үчүн көрсөтүлгөн жок деп эсептелинет:

1) жүк ташуу үчүн кечигүү менен берилгенде;

2) жүк ташуу келишиминде белгиленгенден башка жеткирүү пунктуна ташуу үчүн берилгенде;

3) жүк ташуу келишиминде каралбаган жүк ташуу үчүн берилгенде;

4) ташуу үчүн көрсөтүлгөн жүктүн абалынын жүктөрдү ташуунун эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келбегенде жана жүк жүктөөчү тарабынан жүк ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келтирилбегенде.

5. Жүк ташуучу тарабынан ташуу үчүн жүк көрсөтүлбөгөн учурда ташуучу жүк ташуу келишимин аткаруудан баш тартууга жана жүк жөнөтүүчүдөн ушул Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган айып акыны өндүрүп алууга укуктуу.

6. Жүк ташуу үчүн көрсөтүлгөндө жүк жөнөтүүчү анын баалулугун жарыялоого укуктуу. Баалулугу жарыяланган жүктү ташуу үчүн кабыл алуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

35-берене. Жүктөрдү транспорт каражаттарына, контейнерлерге жүктөө жана аларды түшүрүү

1. Жүктөрдү транспорт каражаттарына, контейнерлерге жүктөө жана аларды түшүрүү жүк ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө, ал эми эгерде жүктү ташуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөр белгиленбесе, жүктөрдү ташуу эрежелери менен каралган мөөнөттөрдө аткарылууга тийиш.

2. Жүктөө үчүн транспорт каражатын, контейнерди берүү убактысы транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан жүк жөнөтүүчүгө жүктөө пунктунда инсанын ырастоочу документти жана жол жүрүү барагын көрсөткөн учурдан тартып, ал эми түшүрүү үчүн транспорт каражатын, контейнерди берүү убактысы, ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрү менен каралган учурларды кошпогондо, түшүрүү пунктунда транспорт каражатынын айдоочусу жүк алуучуга товардык-транспорттук баракчаны көрсөткөн учурдан тартып эсептелет.

3. Эгерде жүктү контейнерге жүктөө, андан түшүрүү транспорт каражатынан контейнерди түшүрүүнүн аркасында жүзөгө ашырылса, бош контейнерди жүк жөнөтүүчүгө же жүктөлгөн контейнерди жүк алуучуга берүү ташуучу тарабынан түзүлүүчү коштоо ведомосту менен жол-жоболоштурулат. Коштоо ведомостун толтуруунун формасы жана тартиби жүктөрдү ташуунун эрежелери менен жөнгө салынат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда контейнерди жүктөө, түшүрүү пункттарында берүү убактысы айдоочу тарабынан коштоо документин жүк жөнөтүүчүгө, түшүрүү пунктунда коштоо документин жүк алуучуга көрсөткөн учурдан тартып эсептелет.

5. Жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу жол жүрүү барагында, товардык-транспорттук баракчада, коштоо ведомостунда жүктөө пунктунда транспорттук каражатты берүүнүн, жүк түшүрүүнүн убактысын жана алардан жөнөгөн убактыны белгилөөгө милдеттүү.

6. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, жүктү жүктөө, түшүрүү жана ташуу үчүн зарыл болгон шаймандар жүк жөнөтүүчү тарабынан берилүүгө жана транспорт каражатына бекитилүүгө жана транспорт каражатынан алынууга тийиш.

7. Жүк жөнөтүүчүгө тиешелүү бардык шаймандар ташуучу тарабынан жүк жөнөтүүчүгө анын товардык-транспорттук баракчадагы көрсөтмөсүнө ылайык жана жүк жөнөтүүчүнүн эсебинен, ал эми мындай көрсөтмө болбогондо жүк алуучуга жеткирилген пунктта жүк менен кошо кайтарылып берилет.

8. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, жүктү транспорт каражатына, контейнерге жүктөө жүк жөнөтүүчү тарабынан, ал эми аны түшүрүү - жүк алуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.

9. Жүктү транспорт каражатына, контейнерге жүктөө жүктөрдү ташуунун коопсуздугун жана алардын сакталышын, ошондой эле транспорт каражатын, контейнерди бузууга жол бербөөнү камсыз кылгандай жүзөгө ашырылат.

10. Жүктү транспорт каражатына, контейнерге жүктөө жана алардан жүктөрдү түшүрүү боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруунун тизмеги жана тартиби жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленет.

11. Эгерде жүктү жүктөө ташуучу тарабынан жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, жүк жөнөтүүчү ташуучунун талабы боюнча жүктү транспорт каражатына, контейнерге жүктөөнүн белгиленген тартибин бузууларды четтетүүгө милдеттүү. Жүк жөнөтүүчү тарабынан жүктү жүктөөдөгү кемчиликтерди четтетүү жөнүндө талаптар аткарылбаган учурда ташуучу ташууну жүзөгө ашыруудан баш тартууга укуктуу.

36-берене. Жүктүн массасын аныктоо

1. Жүк жөнөтүүчү жүктү бергенде жана кулатып, чубуртуп салынган, куюлган же контейнерлерде ташылуучу жүктөрдү ташуучу тарабынан кабыл алууда алардын массасы аныкталууга жана тиешелүү транспорттук жүк баракчаларында көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Тарадагы же таңгактагы жүктөр, ошондой эле даана түрүндөгү жүктөр транспорттук баракчаларда жүктүн массасын жана жүк орундарынын санын көрсөтүү менен ташуу үчүн кабыл алынат. Тарадагы же таңгактагы жүктөрдүн массасы, ошондой эле даана түрүндөгү жүктөрдүн массасы аларды ташуу үчүн бергенге чейин жүк жөнөтүүчү тарабынан аныкталат. Жүктөрдүн массасын аныктоонун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленет.

3. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача белгиленбесе, транспорт баракчадагы аны аныктоонун ыкмасын көрсөтүү менен жүктүн массасы жөнүндө жазуу жүк жөнөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Жүктүн массасы жүк жөнөтүүчү тарабынан ташуучунун көзүнчө, ал эми, эгерде жөнөтүү пункту ташуучунун терминалы болуп саналса - ташуучу тарабынан жүк жөнөтүүчүнүн көзүнчө аныкталат.

5. Жүктү жүк жөнөтүүчү тарабынан пломба коюлган жабык транспорт каражатында, контейнерде ташууда жүктүн массасы жүк жөнөтүүчү тарабынан аныкталат.

37-берене. Транспорт каражаттарын, контейнерлерди пломбалоо

1. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача белгиленбесе, жүктөө аяктагандан кийин бир жүк алуучуга арналган жабык транспорт каражаттары, контейнерлер пломбаланууга тийиш.

2. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, транспорт каражаттарын, контейнерлерди пломбалоо жүк жөнөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Транспорт каражаттарын, контейнерлерди пломбалоонун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленет.

38-берене. Жүктү жеткирүүнүн мөөнөттөрү

1. Ташуучулар жүктөрдү жүк ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө жеткирүүнү, ал эми эгерде жүк ташуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөр белгиленбесе, жүктөрдү ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Ташуучу жүктү жеткирүүнү кечиктирүү жөнүндө жүк жөнөтүүчүгө жана жүк алуучуга маалымдоого милдеттүү.

3. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, жүк жөнөтүүчү жана жүк алуучу, эгерде ал жүк алуучунун талабы боюнча:

1) шаардык жана шаар четиндеги катнашуулардагы ташууларда ташуу үчүн жүк кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде;

2) шаарлар аралык катнашуудагы ташууда жүк алуучуга жеткирилүүгө тийиш болгон күндөн тартып отуз күндүн ичинде ага берилбесе, жүктү жоголду деп эсептөөгө жана жоголгон жүк үчүн зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

39-берене. Жүктү берүү

1. Ташуучу жүктү жүк жөнөтүүчү транспорттук баракчада көрсөткөн дарек боюнча жүк алуучуга жеткирүүгө жана берүүгө, жүк алуучу - өзүнө жеткирилген жүктү кабыл алууга милдеттүү.

2. Эгерде ташуунун жүрүшүндө жүктүн бузулушунун (керектен чыгышынын) айынан жүктү түздөн-түз багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбой калса, жүк алуучу жүктү кабыл алуудан баш тартууга жана ташуучудан ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

3. Жүк алуучу ташуучуга байланышпаган себептер боюнча жүктү кабыл алуудан баш тарткан учурда, ташуучу жүк жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн жаңы дарекке жеткирүүгө (жүктү башка дарекке багыттоо), ал эми жүктү жаңы дарек боюнча жеткирүү мүмкүн болбогондо, ага тиешелүү алдын ала маалымдоо менен жүктү жүк жөнөтүүчүгө кайтарып берүүгө укуктуу.

4. Жүктү башка дарекке багыттоо жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Жүктү кайра кайтарганда же башка дарекке багыттаганда аны ташууга чыгымдардын орду жүк жөнөтүүчүнүн эсебинен толтурулат.

6. Эгерде шаарлар аралык катнашууда ташылып бараткан тез бузулуучу жүктү ташуучуга байланышпаган себептер боюнча жүк алуучуга берүүгө мүмкүн болбосо, ташуучу жүк жагынан көрсөтмөлөрдү жүк жөнөтүүчүдөн сурайт. Эгерде жүк жөнөтүүчү суроо-талап алган күндөн тартып төрт сутканын ичинде көрсөтмөлөрдү, анын ичинде жүктү башка дарекке багыттоо жөнүндө көрсөтмөлөрдү бербесе, ташуучу жүктүн баасын ырастаган документтерге негизденүү менен же мындай документтер жок болсо, салыштырууга болуучу жагдайларда демейде ага окшогон товарлар үчүн алынуучу же болбосо эксперттик баалоонун негизинде сатып алуу-сатуу келишими боюнча жүктү белгиленген тартипте сатууга укуктуу. Ташуучу тарабынан сатылган жүк үчүн алынган каражаттар жүктү ташуу үчүн ташуучуга төлөмдөрдү, ошондой эле жүктү сатуу менен байланышкан чыгымдарды чыгарып салуу менен төмөнкүлөргө которулат:

1) жүк алуучу жүктүн наркын төлөгөн учурда транспорт баракчасында көрсөтүлгөн жүк алуучуга;

2) бардык калган учурларда жүк жөнөтүүчүгө.

7. Жүк жеткирилген пунктта жүк алуучу тарабынан жүктүн массасын жана жүк орундарынын санын текшерүүнүн тартиби жөнөтүү пунктунда жүк жөнөтүүчүдөн жүктү кабыл алуудагы жүктүн массасын жана жүк орундарынын санын текшерүүнүн тартибине ылайык келүүгө тийиш.

8. Жабык транспорт каражаттарында, контейнерлерде оң абалда жеткирилген жүктөрдү берүү жүк жөнөтүүчүлөрдүн пломбалары бузулбаган учурда, жүк алуучу тарабынан жүктүн массасын, абалын, жүк орундарынын санын текшерүүсүз жүзөгө ашырылат.

9. Ташуучу тарабынан жеткирүү пунктунда жүктү берүү жүктүн массасын, абалын, жүк орундарынын санын милдеттүү текшерүү менен төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) ташууга пломбасыз кабыл алынган жүк жабык транспорт каражатында, контейнерде жеткирилгенде;

2) жүк транспорт каражатынын кузовунун, контейнердин бузук абалында же оң абалдагы кузовдо, контейнерде, бирок жүк жөнөтүүчүнүн пломбалары бузулуу менен жеткирилгенде;

3) жүк ташуу келишиминде белгиленген жеткирүү мөөнөтүн же жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген ташуудагы температуралык режимди бузуу менен тез бузулуучу жүктү жеткиргенде.

10. Ташуучу тарабынан массасын, абалын текшерүү менен тарадагы же таңгактагы жүктү берүү тара же таңгак бузулган учурда гана жүзөгө ашырылат. Таранын же таңгактын бузулушу табылганда, ошондой эле жүктүн абалынын өзгөрүшүнө таасир этиши мүмкүн болгон башка жагдайлар болгондо, ташуучу бузулган тарадагы же таңгактагы жүктүн массасын, абалын текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү.

11. Жөнөтүү пунктунда аныкталган жүктүн массасы менен жеткирилген пунктта белгиленген жүктүн массасынын ортосундагы айырма Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген жүктүн табигый азайышынын ченеминен ашууга тийиш эмес.

12. Бир жүк жөнөтүүчүдөн башка жүк алуучунун дарегине бир нече транспорт баракчалары боюнча идишсиз, чубуртуп, куюп ташылуучу жүктөрдүн табигый азайышынын өлчөмдөрүн аныктоо тартиби жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленет.

13. Бир жүк жөнөтүүчүдөн башка жүк алуучунун дарегине идишсиз, чубуртуп, куюп ташылуучу жана жүктүн кемип калуу белгилери жок техникалык оң транспорт каражаты менен жеткирилген жүктүн кемдиги берилген жүктүн бүткүл партиясын бир убакта текшерүүнүн натыйжалары боюнча аныкталат.

14. Эгерде жеткирүү пунктунда жүктүн массасын, абалын, жүк орундарынын санын текшерүүдө жүктүн жетпей калуулары, бузулушу (керектен чыгышы) табылса, жүк алуучу жана ташуучу жүктүн иш жүзүндөгү жетпей калууларынын, бузулууларынын (керектен чыгышынын) өлчөмүн аныктоого милдеттүү.

40-берене. Жүктү ташуучунун терминалында сактоо

1. Ташуучунун терминалына жеткирилген жүк ташуучу тарабынан жүктүн жеткирилиши жөнүндө жүк алуучуга кабар жиберилген күндөн тартып бир сутканын ичинде акысыз сакталат. Жүктү бир суткадан ашык сактоо үчүн ташуучу жүк алуучудан же жүк жөнөтүүчүдөн жүктү ташуу келишиминде аныкталган акыны алат.

2. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, ташуучунун терминалында жүктү сактоонун эң көп мөөнөтү отуз күндөн ашышы мүмкүн эмес.

3. Ташуучунун терминалында жүк сактоонун эң көп мөөнөтү өтүп кеткенде ташуучу жүккө карата көрсөтмөлөр берүү боюнча жүк ташуучудан сурайт.

41-берене. Транспорт каражаттарын, контейнерлерди тазалоо

1. Жүктөр түшүрүлгөндөн кийин транспорт каражаттары, контейнерлер ал жүктөрдүн калдыктарынан тазаланууга, ал эми тизмеги жүктөрдү ташуунун эрежелери менен аныкталуучу жүктөр ташылгандан кийин транспорт каражаттары, контейнерлер жуулууга жана зарыл болгондо дезинфекцияланууга тийиш.

2. Транспорт каражаттарын, контейнерлерди тазалоо, жуу жана дезинфекциялоо боюнча милдеттер жүк алуучуларга жүктөлөт. Ташуучу транспорт каражаттарын, контейнерлерди жуу жана дезинфекциялоо боюнча жумуштарды аткарууну жүк жөнөтүүчү менен макулдашуу боюнча акы төлөтүү менен өзүнө алууга укуктуу.

42-берене. Жүктү жүк ээсинин өкүлүнүн коштоосу менен ташуу өзүнө карата товардык-материалдык баалуулуктардын кыймылынын эсеби жүргүзүлбөгөн жүктү ташуу

1. Жүктү жүк ээсинин өкүлүнүн коштоосу менен ташуу, өзүнө карата товардык-материалдык баалуулуктардын кыймылынын эсеби жүргүзүлбөгөн жүктү ташуу жазуу жүзүндө түзүлүүчү жалдоо келишиминин негизинде берилүүчү транспорт каражаты менен жүзөгө ашырылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалдоо келишимине төмөнкүлөр кирүүгө тийиш:

1) жалдануучу жана жалдоочу жөнүндө маалыматтар;

2) жүктүн аталышы;

3) берилүүчү транспорт каражатынын түрү (зарыл болгондо - транспорт каражаттарынын саны);

4) транспорт каражатынын каттамы жана анын орду;

5) ташууну аткаруунун мөөнөттөрү;

6) транспорт каражаттарын пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалдоо келишимине ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка шарттар да кириши мүмкүн.

4. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жүк ташуу үчүн транспорт каражатын берүүгө жалдоо келишими заказ-наряд формасында түзүлөт. Мындай заказ-наряддын реквизиттери жана аны толтуруунун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

5. Жалдануучу тарабынан жалдоо келишиминин шарттарына ылайык келбеген транспорт каражатынын жүк ташуу үчүн берилиши же кечиктирилип берилиши транспорт каражатын бербегендик деп эсептелет. Жалдануучу тарабынан транспорт каражаты берилбеген учурда жалдоочу жалдануу келишимин аткаруудан баш тартышы жана жалдануучудан ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгү менен каралган айыпты өндүрүп алууга укуктуу.

6. Транспорт каражатын жалдоо келишиминде каралган жерге берүүнүн убактысы транспорт каражатынын айдоочу тарабынан жалдоочуга инсанын ырастоочу документти жана жол жүрүү барагын көрсөткөн учурдан тартып эсептелет.

7. Жалдоочу тарабынан жүктү ташуу үчүн жалдоо келишимин бузуу менен бериши жалдануучу берген транспорт каражаттарын пайдалануудан баш тарткандык деп эсептелет.

8. Жалдоочу берилген транспорт каражатын пайдалануудан баш тарткан учурда жалдануучу жалдоо келишимин аткаруудан баш тартууга жана жалдоочудан ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө каралган айыпты өндүрүп алууга укуктуу.

5-глава
Эл аралык автомобилдик ташуулар

 

43-берене. Эл аралык автомобилдик ташууларды мамлекеттик жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген автомобиль транспорту жаатындагы Конвенциялар жана эл аралык макулдашуулар эл аралык автомобилдик ташууларды укуктук жөнгө салуунун негиздери болуп саналат.

Эл аралык автомобилдик ташуулар автомобиль транспорту жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга ылайык жүзөгө ашырылат.

44-берене. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулары

1. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулары эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, кыргыз уруксаттарына жана көп тараптуу уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Чет өлкөлүк ташуучуларга кыргыз уруксаттарын, ошондой эле кыргыз ташуучуларына мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Эл аралык келишимдерде өз ара шарттарда эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн.

4. Эл аралык автомобиль катнашуусу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган уруксаттар жана башка документтер автотранспорт каражаттарынын айдоочуларында болууга жана автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда чет өлкөлүк ташуучу тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жол берилбейт.

6. Чет өлкөлүк ташуучуга таандык болгон транспорт каражаты менен Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына, же үчүнчү мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык автомобиль ташуулары эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

45-берене. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражаттарынын каттоо жана айырмалоо белгилери

Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучулар өз мамлекетинин каттоо жана айырмалоо белгилери бар транспорт каражаттарын гана пайдаланууга тийиш.

Мында чиркегичтердин же жарым чиркегичтердин башка мамлекеттин каттоо жана айырмалоо белгилери болушу мүмкүн.

Башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирген автотранспорт каражаттарынын каттоо жана айырмалоо белгилери тамгаларды латын тамгалары менен жазылган эл аралык үлгүлөргө ылайык келүүгө тийиш, ылайык келбеген учурда Кыргыз Республикасынын аймагындагы убактылуу номер белгисине алмаштырылууга тийиш.

46-берене. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу тартибин сактоого мамлекеттик көзөмөл

1. Автомобилдик катнашуулар жөнүндө эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышына жана лицензиялык шарттардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы мыйзамдарынын, транспорт каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугу жана экология боюнча талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырылат.

3. Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан автомобилдик катнашуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери бузулганда транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташуучуга же анын өкүлүнө эреже бузууну жоюу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрукту берүүгө жана (же) транспорт каражаты катталган өлкөнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органына бул эреже бузуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

4. Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйругун аткарбоо Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салууга алып келет.

6-глава
Ташуучулардын, жалдануучулардын, жүк жөнөтүүчүлөрдүн, жүк алуучулардын, жүргүнчүлөрдүн, жалдоочулардын жоопкерчилиги

 

47-берене. Ташуучунун, жалдануучунун жоопкерчилиги

1. Эгерде жүктү ташуу келишиминде башкача каралбаса, ташуучунун күнөөсү боюнча жүк ташуу келишиминде каралган жүктү ташыбай койгондук үчүн ташуучу жүк жөнөтүүчүгө жүк ташуу үчүн белгиленген акынын жыйырма пайызы өлчөмүндө айып төлөп берет. Жүк жөнөтүүчү ташуучу тарабынан келтирилген зыяндын ордунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулушун ташуучудан талап кылууга да укуктуу.

2. Эгерде жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоо келишиминде каралган транспорт каражатын бербегендик үчүн жалдануучу жалдоочуга тиешелүү транспорт каражатын пайдалануу үчүн белгиленген акынын жыйырма пайызы өлчөмүндө айып акы төлөп берет. Жалдоочу ал тарабынан келтирилген зыяндардын ордунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулушун жалдануучудан талап кылууга да укуктуу.

3. Жүк ташуу келишиминде каралган транспорт каражатын, контейнерди өз убагында бербегендик үчүн ташуучу жүк жөнөтүүчүгө ар бир мөөнөтү өтүп кеткен толук саат үчүн жүк ташуу келишиминде белгиленген өлчөмдө айып акы, ал эми, эгерде көрсөтүлгөн айып акынын өлчөмү жүк ташуу келишими менен белгиленбесе, төмөнкү өлчөмдөрдө төлөп берет:

1) шаардык же шаар четиндеги катнашуудагы ташууларда ташуу акысынын беш пайызынын;

2) эл аралык катнашуудагы ташууда жүк ташуу келишими менен белгиленген ташуу мөөнөтүнө ылайык орточо суткалык ташуу акысынын бир пайызынын.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда жүк жөнөтүүчү, жалдоочу ташуучудан. жалдануучудан алар тарабынан келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте толтурууну да талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде жүктү жоготуу, анын жетпей калуусу же бузулуусу (керектен чыгышы) ташуучунун өзүнө байланышпаган себептер боюнча болтурбай кое же четтете албаган жагдайлардын натыйжасында болгондугун далилдей албаса, ташуучу жүктүн сакталышы үчүн аны ташуу үчүн кабыл алган учурдан тартып жана жүк алуучуга же ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамга берген учурга чейин жоопкерчилик тартат.

6. Эгерде жол жүгүн жоготуу, анын жетпей калуусу же бузулуусу (керектен чыгышы) ташуучунун өзүнө байланышпаган себептер боюнча болтурбай кое же четтете албаган жагдайлардын натыйжасында болгондугун далилдей албаса, ташуучу жол жүгүнүн сакталышы үчүн аны ташуу үчүн кабыл алган учурдан тартып жана жол жүгүн алуучуга же ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамга берген учурга чейин жоопкерчилик тартат.

7. Ташуучу жүктү, жол жүгүн ташууда келтирилген зыяндын ордун төмөнкү өлчөмдөрдө толтурат:

1) жүк, жол жүгү жоголгондо же жетпей калган учурда жоголгон же жетпей калган жүктүн, жол жүгүнүн наркынын;

2) жүк, жол жүгү бузулган (керектен чыккан) учурда жүктүн, жол жүгүнүн наркы төмөндөгөн, ал эми бузулган (керектен чыккан) жүктү, жол жүгүн калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда же жүктүн, жол жүгүнүн азайган наркынын суммасынын өлчөмүндө;

3) ташуу үчүн өткөрүлүп берилген баалуулугу жарыяланган жүк, жол жүгү жетпей калган, бузулган (керектен чыккан) учурда жүктүн, жол жүгүнүн жетишпеген же бузулган (керектен чыккан) тиешелүү бөлүгүнүн жарыяланган үлүшүнүн;

4) ташуу үчүн өткөрүлүп берилген баалуулугу жарыяланган жүк, жол жүгү жоголгон, ошондой эле жүктү, жол жүгүн калыбына келтирүү мүмкүн болбогон учурда керектен чыккандардын же бузулгандардын жарыяланган наркынын.

8. Жүктүн, жол жүгүнүн наркы сатуучунун эсебинде көрсөтүлгөн же жүктү ташуу келишими, жүргүнчүнү ташуу келишими менен каралган жүктүн, жол жүгүнүн баасына негизденүү менен, ал эми эсеп болбогондо же келишимде баа көрсөтүлбөгөндө салыштырууга болгон жагдайларда демейде ага окшогон товарлар үчүн алынуучу баага негизденүү менен аныкталат.

9. Эгерде бул ташуу акысы жүктүн наркына кирбесе, ташылып бараткан жүктү, жол жүгүн жоготуудан, жетпей калуудан, бузулуудан (керектен чыгуудан) келип чыккан зыяндын ордун толтуруу менен катар ташуучу жүк ташуучуга же жүк алуучуга, жүргүнчүгө жоголгон, жетпей калган, бузулган (керектен чыккан) жүктү, жол жүгүн ташуу үчүн алынган ташуу акысын кайтарып берет.

10. Эгерде жүргүнчү кол жүгүнүн сакталбагандыгы ташуучунун күнөөсү боюнча болгондугун далилдей албаса, ташуучу жүргүнчү тарабынан ташылуучу кол жүгүнүн сакталышы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

11. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, ташуучу жүк алуучуга жүктү жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендик үчүн өтүп кеткен ар бир сутка үчүн ташуу акысынын тогуз пайызы өлчөмүндө айып акы төлөп берет. Жүктү жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендик үчүн айып акынын жалпы суммасы аны ташуу акысынын өлчөмүнөн ашпайт. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, жүктү жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү, жүк жеткирилүүгө тийиш болгон сутканын жыйырма төрт саатынан тартып эсептелет. Транспорт каражатынын жүк түшүрүү пунктуна келиши жөнүндө транспорттук баракчадагы белги жүктү жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендик үчүн айып акы эсептөөгө негиз болот.

12. Жол жүгүн жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендик үчүн ташуучу жүк алуучуга мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн ар бир суткасы үчүн (толук эмес суткалар толук сутка катары эсептелет) анын ташуу акысынын үч пайыз өлчөмүндө, бирок ташуу акысынын өлчөмүнөн ашык эмес айып акы төлөйт. Жол жүгүн жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү жүк жеткирилүүгө тийиш болгон сутканын жыйырма төрт саатынан баштап эсептелет. Жол жүгүн жеткирүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендик үчүн айып акы жол жүгүн алуучунун талабы боюнча түзүлгөн актынын негизинде ал акты жол-жоболоштурулган күндөн тартып он күндөн кечиктирилбестен төлөнүп берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүшү сотко кайрылган учурда токтотулат.

13. Шаарлар аралык катнаштагы жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруучу транспорт каражатын жөнөтүүнү кечиктиргендик же анын баруучу пунктка бир сааттан ашык кечигип келгендиги үчүн ташуучу жүргүнчүгө ар бир кечиккен саат үчүн жүрүүнүн наркынын үч пайызынын өлчөмүндө, бирок жүрүүнүн наркынын өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө жана жүргүнчү тарабынан тиешелүү талап көрсөтүлгөн күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен айып акы төлөйт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүшү сотко кайрылган учурда токтотулат. Жүргүнчү өзүнө транспорт каражатын жөнөтүүнү кечиктирүүгө же баруучу пунктка кечигүү менен келгендигине байланыштуу келтирилген зыяндардын ордун толтурулушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте да талап кылууга укуктуу.

48-берене. Жүк жөнөтүүчүнүн, жүк алуучунун, жалдоочунун, жүргүнчүнүн жоопкерчилиги

1. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, жүк ташуу келишиминде каралган жүктү ташуу үчүн акы бербегендик үчүн жүк жөнөтүүчү ташуучуга жүк ташуу үчүн белгиленген акынын жыйырма пайызынын өлчөмүндө айып акы төлөп берет. Жүк ташуучу жүк жөнөтүүчүдөн өзүнө келтирилген зыяндын ордун толтурулушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте да талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде жалдоо келишиминде башкача белгиленбесе, жалдоо келишиминде каралган транспорт каражатын пайдалануудан баш тарткандык үчүн жалдоочу жалдануучуга ал транспорт каражатын пайдалануу үчүн белгиленген акынын жыйырма пайызы өлчөмүндө айып акы төлөйт. Жалдануучу жалдоочудан өзүнө келтирилген зыяндардын ордунун толтурулушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте да талап кылууга укуктуу.

3. Транспорт баракчасында өзгөчө белгилерди көрсөтпөгөндүк же жүктү ташууда зарыл болгон аярлык чараларын көрсөтпөгөндүк же болбосо жүктүн касиеттери жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде анын массасы, габариттери, абалы жана кооптуулугунун даражасы жөнүндө маалыматтарды бузгандык үчүн жүк жөнөтүүчүдөн ташуу акысынын жыйырма пайызынын өлчөмүндөгү айып акы өндүрүп алынат. Айып акыны төлөө жүк жөнөтүүчүнү мындай бузуулар менен ташуучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

4. Жүктөөгө, жүк түшүрүүгө берилген транспорт каражаттарын кечиктиргендик (кармагандык) үчүн тиешелүүлүгүнө жараша жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу кечиктирүүнүн (кармоонун) ар бир толук сааты үчүн жүктү ташуу келишиминде белгиленген өлчөмдө айып акы төлөйт, ал эми, эгерде көрсөтүлгөн айып акынын өлчөмү жүк ташуу келишиминде белгиленбесе, төмөнкү өлчөмдөрдө айы акы төлөйт:

1) шаардык же шаар четиндеги катнашуудагы ташууларда ташуу акысынын беш пайызынын;

2) эл аралык катнашуудагы ташууда келишим менен белгиленген тиешелүү ташууну аткаруунун мөөнөтүнө ылайык аныкталган орточо суткалык ташуу акысынын бир пайызынын.

5. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача белгиленбесе, адистештирилген транспорт каражаттарын кечиктирүүдө (кармоодо) ушул беренин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн айып акынын өлчөмү эки эсе көбөйтүлөт. Адистештирилген транспорт каражаттарынын тизмеги жүктөрдү ташуу эрежелери менен аныкталат.

6. Транспорт каражаттарын кечиктиргендик (кармагандык) үчүн айып акы жүктөрдү ташуу келишимдери менен каралган жүктөрдү ташуу үчүн көрсөтпөгөндүк үчүн айып акысына карабастан өндүрүп алынат. Транспорт каражаттарынын келүү жана кетүү убактысы жөнүндө транспорттук баракчалардагы же жол жүрүү барактарындагы белгилер транспорт каражаттарын кечиктиргендик (кармагандык) үчүн айып акы эсептөө үчүн негиз болуп кызмат кылат.

7. Ташуучуга таандык болгон жана жүк ташуу келишими менен белгиленген ченемден ашык жүктөө, жүк түшүрүү үчүн берилген контейнерлерди кечиктиргендик (кармагандык) үчүн тиешелүүлүгүнө жараша жүк жөнөтүүчүлөр, жүк алуучулар кечиктирүүнүн (кармоонун) ар бир толук сааты үчүн жүк ташуу келишими менен белгиленген айып акы төлөйт, ал эми, эгерде көрсөтүлгөн айып акынын өлчөмү жүк ташуу келишиминде белгиленбесе, төмөнкү өлчөмдөрдө айып төлөйт:

1) шаардык же шаар четиндеги катнашуудагы ташууларда ташуу акысынын беш пайызынын;

2) эл аралык катнашуудагы ташууда келишим менен белгиленген тиешелүү ташууну аткаруунун мөөнөтүнө ылайык аныкталган орточо суткалык ташуу акысынын бир пайызынын.

8. Контейнерлерди кечиктиргендик (кармагандык) үчүн айып акы жүктөрдү ташуу келишими менен каралган жүктөрдү ташуу үчүн көрсөтүлбөгөн айып акыга карабастан өндүрүлүп алынат. Транспорт баракчаларындагы, жол жүрүү барактарындагы же коштоо ведомостторундагы контейнерлерди берүүнүн жана жиберүүнүн убактысы жөнүндө белгилер контейнерлерди кечиктиргендик (кармагандык) үчүн айыпты эсептөө үчүн негиз болуп кызмат кылат.

9. Ташуулар үчүн өткөрүлүп берилген жол жүгүнүн курамында аларды жол жүгүнүн курамында ташуу тыюу салынган буюмдарды жөнөткөндүк үчүн жүргүнчү ташуучуга жол жүгүн ташуу үчүн акынын он эсе өлчөмүндө айып төлөйт.

49-берене. Ташуучуну, жалдануучуну, жүк жөнөтүүчүнү, жүк алуучуну, жалдоочуну жоопкерчиликтен бошотуунун негиздери

Эгерде өздөрүнүн милдеттерин аткарбоо төмөнкүлөрдүн кесепетинен болсо ташуучу, жалдануучу, жүк жөнөтүүчү, жүк алуучу, жалдоочу ушул Мыйзамдын 47 жана 48-беренелеринде каралган жоопкерчиликтен бошотулат:

1) эпидемиянын, табигый кырсыктын же күч жетпес жагдайлардын (форс-мажор);

2) ташуучуга, жалдануучуга, жүк жөнөтүүчүгө, жүк алуучуга, жалдоочуга көз каранды болбогон себептер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизилген автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөөлөрдүн же ага тыюу салуулардын.

50-берене. Макулдашуулардын жараксыздыгы

Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ташуучулардын, жалдануучулардын өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти чектөө же четтетүү максатында жүк жөнөтүүчүлөр, жүк алуучулар, жалдоочулар, жүргүнчүлөр менен кандай гана болбосун макулдашуулары жараксыз деп эсептелинет.

7-глава
Актылар, дооматтар, доолор

 

51-берене. Актылар

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташууда же жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын берүүдө ташуучулардын, жалдануучулардын, жүк жөнөтүүчүлөрдүн, жүк алуучулардын, жалдоочулардын жоопкерчилигинин пайда болушу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар ушул Мыйзамда каралган актылар же транспорт баракчаларындагы, жол жүрүү барактарындагы, коштоо ведомостторундагы белгилер менен ырасталат.

2. Актыларды түзүүнүн жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердеги белгилерди коюунун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

52-берене. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтарды коюунун тартиби

1. Жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринен же жалдоо келишимдеринен келип чыгуучу ташуучуларга, жалдануучуларга карата доолорду коюуга чейин мындай адамдарга карата дооматтар коюлушу мүмкүн.

2. Жүктөрдү ташуу келишимдеринен келин чыгуучу дооматтарды ташуучуларга карата коюуга чейин мындай адамдарга карата дооматтар милдеттүү тартипте коюлат.

3. Ташуучуларга, жалдануучуларга сотко чейин доомат коюуга ташуу келшимдерин, жалдоо келишимдерин түзгөн адамдар, жүк алуучулар, ошондой эле ташуучулар, жалдануучулар тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын берүү боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу камсыздандыруу ордун толтуруусун төлөп берген камсыздандырылуучулар укуктуу.

4. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтар камсыздандыруучулар тарабынан ташуу келишимдерин, жалдоо келишимдерин түзгөн адамдар, жүк алуучулар тарабынан коюлуучу даттануулар үчүн белгиленген тартипте коюлат.

5. Дооматтарды жол-жоболоштуруунун тартиби жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери, жүктөдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

6. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтар доомат коюунун мөөнөтү эскирип кеткиче коюлушу мүмкүн.

53-берене. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтарды кароонун тартиби

1. Ташуучулар, жалдануучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды кароого жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө арыздануучуларга тиешелүү доомат алынган күндөн тартып отуз күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

2. Ташуучу, жалдануучу арыздануучунун даттануусун жарым-жартылай канааттандырганда же четке какканда, кабарлоодо алар тарабынан мындай чечим кабыл алуунун негиздери ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлүүгө тийиш. Бул учурда доомат менен бирге берилген документтер арыздануучуга кайтарылып берилет.

3. Эгерде дооматты кароодо жүк кайра даректелген же болбосо жүк жөнөтүүчүнүн же баштапкы жүк алуучунун арызы боюнча башка жүк алуучуга берилгендиги белгиленсе, доомат жүктү берүүнүн ордун убактысын жана анын арызы боюнча жүктү кайра даректөө же берүү жүргүзүлгөн адамды көрсөтүү менен арыздануучунун иш жүзүндө жүк алуучу же анын арызы боюнча жүктү кайра даректөө же берүү жүргүзүлгөн адам менен түздөн-түз эсептешүү үчүн кайтарылып берилет.

54-берене. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата доолорду коюунун тартиби

Ушул Мыйзамдын 52-беренеси менен белгиленген тартипте дооматтар жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашыруу же жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын берүүгө байланыштуу келип чыккан доолорду ташуучуларга, жалдануучуларга коюу ташуучулар, жалдануучулар даттанууларды канааттандыруудан толук же жарым-жартылай баш тарткан учурларда же болбосо ташуучулардан, жалдануучулардан дооматтарга алар тиешелүү дооматтарды алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде жоопторду албаган учурда коюулат.

55-берене. Доонун эскирүү мөөнөтү

Доонун эскирүү мөөнөтү жүргүнчүнү ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптар боюнча үч жылга белгиленет, ал эми жүктү ташуу келишиминен, жалдоо келишимдеринен келип чыгуучу талаптар боюнча бир жылга белгиленет.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөр доомат же доо коюу үчүн негиз болуп кызмат кылган, анын ичинде төмөнкүлөргө карата окуя болгон күндөн тартып эсептелет:

1) жол жүгүнүн, жүктүн жетпей калгандыгы, бузулгандыгы (керектен чыккандыгы) менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жол жүгү, жүк берилген күндөн тартып;

2) жүктү жоготуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жол жүгү жоголду деп таанылган күндөн тартып;

3) жүктүн жоголушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жүк жоголду деп таанылган күндөн тартып;

4) жол жүгүн жеткирүү мөөнөтүн создуктуруу кол жүгү, жүк берилген күндөн тартып.

8-глава
Корутунду жоболор

 

56-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 6-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагына автомобилдин огуна карата рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди ташып кирүүгө чектөө боюнча тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын көрсүн.

(КР 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев