Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2013-жылдын 30-июлу № 166

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) букмекердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөр.".

2. 349-берененин 2-бөлүгүндө таблица төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"

┌──────────────────────────────────┬────────────────────┬─────────────┐

│12) букмекердик же тотализатордук │1-пункт ставкаларды │20000 сом    │

│кызмат көрсөтүүлөрү               │(кассаны) кабыл алуу│             │

└──────────────────────────────────┴────────────────────┴─────────────┘

".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында букмекердик кеңселердин жан тотализаторлордун ишине тыюу салган ченемдик укуктук акты кабыл алынганга чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев