|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 45 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 30-июлу № 167
Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө
(КР 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында гарантиялык фонддорду түзүүнүн жана алардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
Гарантиялык фонд - бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө, инновациялык ишке жана гарантияларды (кепилдиктерди) берүү жолу менен жаңы ишканаларды ачууга багытталган банк кредиттерине чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ушул Мыйзамда каралган уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн юридикалык жак.
Финансылык-кредиттик мекемелер - өздөрүнө берилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияларынын негизинде банктык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу болгон, гарантиялык фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн же түзүүгө ниеттенген жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерине кредит берген банктар, чакан финансылык уюмдар.
Гарантиялык капитал - гарантияларды (кепилдиктерди) берүү аркылуу чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиторлордун алдындагы милдеттенмесин аткарышын камсыз кылуу үчүн гарантиялык фонд тарабынан топтолгон финансылык ресурстардын жыйындысы.
Чакан жана орто ишкердиктин субъектисинин милдеттенмелери - кредиттик келишимдер боюнча жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келип чыккан чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин милдеттенмелери.
Гарантия (кепилдик) - кредиттик келишим, лизинг келишими (мындан ары - кредиттик келишим) боюнча чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин финансылык-кредиттик мекеменин алдында милдеттенмелерин аткарышына гарантиялык фонддун жооп берүүгө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
Гарантиялык учур - чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо фактысы.
Гарантияларды (кепилдиктерди) берүүнүн регламенти - гарантиялык фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү жана гарантияларды (кепилдиктерди) берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу документ.
Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жеке жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган коммерциялык уюмдар жана ишканалар.
Кардар - гарантиялык фонддун гарантиялык камсыз кылуу (кепилдик) үлүшү бар финансылык-кредиттик мекеме менен кредиттик, лизингдик келишим түзгөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери.
Мультипликатор коэффициенти - финансылык-кредиттик мекемени кабыл алууга даяр болгон гарантиялык фонддун гарантияларынын (кепилдиктеринин) көлөмүнүн гарантиялык фонддун аталган мекемедеги каражаттарынан жогорулоо коэффициенти.
Гарантиялык иш - гарантиялык фонддордун кардарларга гарантияларды (кепилдиктерди) берүүгө багытталган иши.
Гарантиялык фонддордун катышуучулары - уюштуруучулар, акционерлер, пайчылар жана гарантиялык фонддордун мүчөлөрү.
Регресстик талап - гарантиялык фонддун кардардан гарантия (кепилдик) келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансылык-кредиттик мекемеге төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укугу.
2-берене. Гарантиялык фонддун аталышы
Гарантиялык фонд уюмдун уставында жазылган аталышты гана колдонууга жана аталышында "Гарантиялык фонд" деген сөздөрдү, ал эми өзүнүн кыскача аталышында тиешелүү түрдө "ГФ" деген аббревиатураны колдонууга тийиш.
3-берене. Кыргыз Республикасы менен гарантиялык фонддордун жоопкерчилигинин бөлүштүрүлүшү
Тараптар ушундай милдеттенмелерди өздөрүнө ыктыярдуу түрдө алган учурларды кошпогондо, гарантиялык фонддор Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ошону менен бирге Кыргыз Республикасы да гарантиялык фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2-глава
Гарантиялык фонддордун уюштуруу-укуктук формалары.
Гарантиялык фонддордун иши
4-берене. Гарантиялык фондду түзүү
1. Гарантиялык фонддор ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
2. Гарантиялык фонддор акционердик коомдор, жоопкерчилиги чектелген коомдор, кооперативдер, мекемелер жана фонддор формасында түзүлүшү мүмкүн.
3. Гарантиялык фонддор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюштуруу документтерине ылайык уюштуруу-укуктук формага жараша башкаруу органын түзүшөт.
4. Ушул Мыйзам менен каралган талаптарга жооп бербеген юридикалык жактар гарантиялык иштер менен алектенүүгө укуксуз.
5-берене. Гарантиялык фонддордун бирикмелери
1. Гарантиялык фонддор өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыкты коргоо жана билдирүү, биргелешкен гарантияларды аткаруу жана ушул сыяктуу башка максаттарга ассоциацияларды же союздарды түзө алат.
2. Гарантиялык фонддорго комиссиялык сый акы төлөөнүн, взностордун өлчөмдөрүн аныктоо максатында же атаандаштыкты чектөөгө, рынокту монополизациялоого жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиттик ресурстарга жетишин начарлатууга багытталган башка максаттарда ассоциацияларды же союздарды колдонууга тыюу салынат.
6-берене. Гарантиялык фонддордун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү
1. Юридикалык жак болуп саналбаган, башкы гарантиялык фонд турган жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бүтүндөй жана/же бир бөлүгүн гарантиялык фонд бекиткен жобонун негизинде ишке ашырган жана ага гарантиялык фонд берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген обочолонгон бөлүмчө гарантиялык фонддун филиалы болуп саналат.
Филиалдын гарантиялык фонд менен бирдиктүү капиталы, балансы, ошондой эле гарантиялык фонддун аталышына толук дал келген жана "филиал" деген сөздү кошуу менен аталышы болот.
2. Юридикалык жак болуп саналбаган, гарантиялык фонддун кызыкчылыктарын коргогон жана билдирген, гарантияларды (кепилдиктерди) берүүдөн тышкары, анын атынан бүтүм жана башка иш-аракеттерди жасаган анын обочолонгон бөлүмчөсү гарантиялык фонддун өкүлчүлүгү болуп саналат.
3. Гарантиялык фонддордун филиалдарынын жана/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери гарантиялык фонддордун иш-аракеттери катары каралат, болгондо да аларды түзгөн гарантиялык фонд филиалдын жана/же өкүлчүлүктүн иш-аракеттерине толук жоопкерчиликти алып жүрөт.
7-берене. Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддордун көз карандысыздыгы
1. Гарантиялык фонддор ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.
2. Мамлекеттик бийликке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, гарантиялык фонддордун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.
3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык гарантиялык фонд тарабынан өз алдынча аныкталат.
Гарантиялык фонддун гарантиялык капиталы толук төлөнгөн уставдык капиталдан, бөлүштүрүлбөгөн пайдадан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган ыктыярдуу кайтарымсыз салымдардан жана взностордон турат.
9-берене. Гарантиялык фонддун уставдык капиталы
1. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин түзүлгөн жана иштеп жаткан гарантиялык фонддорду кошпогондо, гарантиялык фонддун уставдык капиталынын минималдык өлчөмү 6 миллион сомдон кем болбошу керек.
Гарантиялык фонддун өздүк капиталынын өлчөмү иштеп турган бардык мөөнөттүн аралыгында уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
2. Ар бир жеке жана юридикалык жактардын катышуу үлүшү гарантиялык фонддун уставдык капиталында чектелген эмес.
3. (КР 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Гарантиялык фонддун уставдык капиталы акча түрүндө түзүлөт. Уставдык капиталдын курамына зайым болуп саналбаган уставдык капитал кирет.
5. Катышуучулар гарантиялык фонддун уставдык капиталына салган каражаттарды алар өздөрүнө тиешелүү болгон акцияларды, үлүштөрдү же пайларды сатуу аркылуу гана ала алат.
(КР 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Уставдык капиталды түзүү булактары
1. Гарантиялык фонддун уставдык капиталы республикалык, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ыктыярдуу взностордун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.
2. Уставдык капитал аны банктык салымдарга (депозиттерге) жайгаштыруу аркылуу гарантиялык фонд тарабынан топтолот.
4-глава
Гарантияларды (кепилдиктерди) берүүнүн негизги
шарттары жана тартиби
11-берене. Гарантиялардын (кепилдиктердин) берилиши
1. Гарантиялык фонд тарабынан кепилдиктерди берүү Баалоо комиссиясынын чечиминин негизинде ушул Мыйзам жана гарантияларды берүү регламенти менен аныкталган тартипте жана шарттарда гарантиялык фонддун, финансы-кредиттик мекеменин жана чакан жана орто ишкерликтин субъектисинин ортосунда гарантиялык (кепилдик) келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Баалоо комиссиянын курамы гарантиялык фонддордун катышуучулары тарабынан аныкталат. Баалоо комиссиясынын мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө гарантиялык фонддордун жогорку башкаруу органдары тарабынан дайындалат.
3. Гарантиялык фонддун гарантиясы (кепилдиги) менен камсыз кылынуучу чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин милдеттенмелерин тандоо жана ушул субъекттерге талаптар ушул Мыйзамда жана гарантиялык фонддун уставында белгиленген тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
4. Банк гарантиялык фондунан гарантияларды (кепилдиктерди) гарантиялык фондунун жана финансы-кредиттик мекемесинин ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленген мультипликатордун коэффициенти боюнча кабыл алат.
12-берене. Гарантияларды (кепилдиктерди) берүүнүн негизги шарттары
1. Гарантиялык фонддун гарантиялары (кепилдиктери) ишкердиктин субъектисинин кредиттик келишим боюнча милдеттенмесинин камсыз болбогон бөлүгүнө берилет.
2. Гарантия (кепилдик) берүүнүн түзүлгөн келишимдери боюнча гарантиялык фонддун жоопкерчилигинин көлөмү кардардын финансылык-кредиттик мекеменин алдындагы негизги милдеттенмелеринин көлөмүнүн 50 пайызынан (кредиттин негизги суммасынан) ашпоого тийиш.
3. Гарантиялык фонддун бир кардарга гарантиясынын (кепилдигинин) суммасы гарантиялык фонддун гарантиялык капиталынын жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпайт.
4. Гарантия (кепилдик) берүү кайтарымсыз негизде жүргүзүлөт жана гарантия (кепилдик) келишими менен аныкталат.
(КР 2016-жылдын 26-октябрындагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Гарантиялык фонддун жоопкерчилиги
1. Гарантия (кепилдик) менен камсыз кылынган милдеттенмени кардар аткарбаганда же тиешелүү түрдө аткарбаганда гарантиялык фонддун жоопкерчилиги гарантия (кепилдик) келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө бирдей тилектештикте болуп саналат.
2. Гарантиялык фонд кардардын кредит боюнча пайыздарды, үстөк айыпты, туумду, комиссиялык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылбайт.
3. Гарантиялык фонддун кардардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдети кардар кредитти кайтарып берүү мөөнөтүн бузганда келип чыгат. Мында финансылык-кредиттик мекеме кардар кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбеген мөөнөттө гарантиялык фондго кардар кетирген кредиттик келишимдин шарттарынын бузулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө билдирет.
Гарантиялык фондунун милдеттүүлүгү, ушул бөлүктүн 1 абзацында көрсөтүлгөндөй, кардардын ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр берилгенден кийин жана финансы-кредиттик мекеме тарабынан келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карыздарды төлөтүп алуу боюнча бардык чаралар ишке ашырылгандан кийин келип чыгат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган шарттардын аткарылгандыгы ырасталган учурда гарантиялык фонд карызды гарантия (кепилдик) келишиминин шарттарында гарантиялык фонддун каражаттарынын эсебинен жоет.
5. Гарантиялык фонд кардардын кредиттик келишими боюнча карызын жойгондон кийин гарантиялык фондго финансылык-кредиттик мекеменин кредиттик келишим боюнча бардык укуктары аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө өтөт. Мындай болгондо финансылык-кредиттик мекеме гарантиялык фонд гарантия (кепилдик) келишими боюнча милдеттенмелерди аткарган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө гарантиялык фондго карызкор-кардарга карата талап кылуу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүүгө тийиш.
6. Гарантиялык фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардан гарантия (кепилдик) келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн финансылык-кредиттик мекемеге төлөнгөн сумманын ордун толтурууну регресс тартибинде талап кылууга укуктуу.
7. Карызкор-кардардан регресстик талаптарды канааттандырууда алынган каражаттар гарантиялык фонддун башкаруусунда калат жана гарантиялык фондду өнүктүрүүгө жумшалат.
14-берене. Гарантиялык фонддордо эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
1. Гарантиялык фонд бухгалтердик эсепте жана отчеттуулукту түзүүдө колдонулуучу документтердин эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
2. Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеси жана аларды сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
15-берене. Гарантиялык фонддордун кайра уюштурулушу жана/же жоюлушу
1. Гарантиялык фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоодо кайра уюштурулушу (биригиши, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы) мүмкүн.
2. Бардык милдеттенмелер канааттандырылгандан кийин гарантиялык фонддун калган каражаттары, фонддор түрүндө түзүлгөн гарантиялык фонддорду кошпогондо, алардын үлүшүнө жараша пропорционалдуу түрдө уюштуруучулардын, пайчылардын ортосунда бөлүштүрүлөт.
16-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин түзүлгөн жана иштеп жаткан гарантиялык фонддор ушул Мыйзам кабыл алынган күндөн баштап 2 жылдын ичинде 9-берененин 1-бөлүгүндө каралган өлчөмдөргө чейин уставдык капиталды көбөйтүүгө милдеттүү.
|
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |