Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\36884869-04d9-4a87-8993-a45b4d01da38\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 3-августу № 186

Кыргыз Республикасынын
 айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 99-статьянын 1-бөлүгүндө:

үчүнчү абзацы «мезгил үчүн» деген сөздөрдөн кийин «, жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;

бешинчи абзацы «төртүнчү кезекте» деген сөздөрдөн кийин «милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын кошпогондо,»деген сөздөр менен толукталсын.

2. 221-статья төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:

«милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө тууралуу талаптарына.».

3. 854-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Кыймылдуу мүлккө таандык болгон предметтер жана түрдүк белгилери менен аныкталган айрым буюмдар (31-статья), ошондой эле төмөнкүлөрдү кошпогондо, акча ишенимдүү башкаруунун өз алдынча объекти боло албайт:

- акча ишкананын же мүлк комплексинин курамында гана болгондо;

- акча ишенимдүү башкаруу менен байланышкан иштер боюнча эсептешүү катары чыкканда;

- акча пенсиялык топтоо каражаттары катары чыкканда.».

4. 1120-статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасы «эмгек жана» деген сөздөрдөн мурда «топтолуучу пенсиялык фонддордон пенсиялык топтоолордун каражаттарына укуктарды кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.

5. 1166-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5. Мураскорлор тарабынан талап кылынбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоолордун каражаттары ээсиз-ээликсиз деп таанылышы мүмкүн эмес. Пенсиялык топтоолордун көрсөтүлгөн каражаттарына «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясында каралган аракеттер колдонулат.».

 

2-берене.

 

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 22-статьянын 5-пунктунда «Жеке камсыздандыруу эсебиндеги» деген сөздөр «Жеке камсыздандыруу эсебинин агартуу бөлүгүндө эсепке алынган» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 32-статьянын 1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-1. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мураскорлорго төлөнөт.

Ката болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолорунан мураскорлорго пенсиялык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорун алууга укуктуу мураскорлору болбогондо мураскорлук ачылган күндөн тартып бир жыл бүткөндөн кийин ал каражаттар Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунда калат.».

3. 33-статьянын 3-пунктунда «топтоочу пенсиялык фонддор иштеп чыккан жана бекиткен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

3-берене.

 

 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

«11) башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.».

2. 7-берененин 5-бөлүгүндө «Соцфонд тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компаниялардын өзүнчө эсебине которулат,» деген сөздөр «башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө жатпайт.» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 12-берененин 12-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 24-беренеде «2012-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр «2015-жылдын 31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 25-берененин 1-бөлүгүндө «2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарынан сырткары» деген сөздөр «2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун кошпогондо» деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4-берене.

 

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин, ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыз кылсын.

2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктун жана 3-беренесинин 1-пунктун кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев