Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c69bde83-8008-4175-b8b9-d0adb65cb5c5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 15-ноябры № 201

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184, 2015-жылдын 2-мартындагы № 44,
2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 29-статьяда:

1-пунктунда "5-пунктунда" деген сан жана сөз "5 жана 6-пункттарында" деген сандарга жана сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте соодалашууну өткөрбөстөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында жер участогун жеке өнөктөштөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет.".

2. 62-статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкактарында түзүлгөн макулдашууну колдонуу токтотулганда.".

3. 64-статьянын 1-пункту "9" деген сандан кийин ", 12" деген сандар менен толукталсын.

 

2-берене.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 79-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту "кечиктирилген" деген сөздөн кийин ", ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин алкактарында" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 237-беренедеги "256" деген сандар "256-1" деген сандарга алмаштырылсын.

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 256-1-берене менен толукталсын:

"256-1-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке өнөктөш жана (же) долбоордук компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу беримдер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу процессинде жеке өнөктөш жана (же) долбоордук компания тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда белгиленген мезгилдин ичинде КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".

4-берене.

 

(КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

5-берене.

 

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-берене.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;".

 

7-берене.

 

(КР 2015-жылдын 2-мартындагы 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

8-берене.

 

(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

9-берене.

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-2-пункт менен толукталсын:

"10-2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;".

 

10-берене.

 

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:

"10-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;".

2. 47-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:

"9-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;".

 

11-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Кинематографияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууда ушул статьяда көрсөтүлгөн чектөөлөр жайылтылбайт.".

 

12-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

13-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти                

 

А. Атамбаев