Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\49dfc25f-5ae5-4074-83ad-864e3b227e62\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 27-январы № 18

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берененин сегизинчи абзацы "пенсиялар" деген сөздөн мурда "өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

2. 7-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- эгерде контракттын суммасы кайрымдуулук алкагында жарандар жана юридикалык жактар тарабынан каржыланса, бюджеттик же контракттык негизде күндүзгү формада окуган баштапкы кесиптик окуу жайларынын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери, алар он сегиз жашка чыкканга чейин.".

3. 8-берененин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацында "жыйырма үч жашка" деген сөздөр "он сегиз жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "пенсиялары" деген сөздөн мурда "өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

5. 10-берененин 1-бөлүгүндө:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар - он сегиз жашка чейин;";

бешинчи абзацында "кары" деген сөз "улгайган" деген сөзгө алмаштырылсын.

6. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-берене. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү

1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Пенсиялык камсыздандырууга укугу жок улгайган жарандарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүнөн ашпоосу керек.".

7. 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар үчүн ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн башка тартиби каралышы мүмкүн.".

8. 13-беренеде:

1-бөлүгү "тапшырган" деген сөздөн кийин "айдан кийинки" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Эгерде балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоодо берилген документтердин биринин колдонулуу мөөнөтү жөлөкпулду дайындаган учурдан тартып он эки айдан мурда бүтсө, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул арыз ээси зарыл документти жаңылоого тийиш болгон айдын акыркы күнүнө чейин дайындалат.".

9. 14-беренеде:

1-бөлүгүндө:

- экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "жөлөкпул үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөр "жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "жөлөкпул үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөр "жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- эркектерге - алтымыш беш жашка чыккандыгы боюнча, аялдарга - алтымыш жашка чыккандыгы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу эркектер алтымыш беш жашка, ал эми аялдар алтымыш жашка чыккан күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу болгон айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою;

- баатыр энелерге - элүү беш жашка чыккандыгы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу алар элүү беш жашка чыккан күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу болгон айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.";

3-бөлүгүнүн экинчи абзацы "тапшырылган" деген сөздөн кийин "айдан кийинки" деген сөздөр менен толукталсын.

10. 16-берененин 1-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында "жыйырма үч жашка" деген сөздөр "он сегиз жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 17-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "карылар" деген сөз "улгайгандар" деген сөзгө алмаштырылсын.

12. 18-беренеде:

2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "жыйырма үч жашка" деген сөздөр "он сегиз жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7-бөлүгүндө "кары-картаң" деген сөздөр "улгайган" деген сөзгө алмаштырылсын.

13. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"20-берене. Сөөк коюуга жөлөкпул төлөө

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду алган адам каза болгон учурда, сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү, дайындоонун жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев