Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\4455ca53-0edd-48cf-aa3e-a75debfb60bd\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 14-марты № 47

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоону Өкмөт тарабынан аныкталуучу, аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) ченемдик укуктук актыларга карата адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоонун тартибин Өкмөт белгилейт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Атамбаев