Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\742f0164-2aa3-4889-9723-fb145dcc0379\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 17-майы № 70

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

(КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене.

 

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“3. Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган компанияларга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу тендерлерге катышууга тыюу салынат.”.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

413-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган жөнөтүүчүлөрдүн мамлекеттик каражаттардын эсебинен өткөрүлүүчү тендерлерге катышуусу, -

юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.

 

4-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Атамбаев