Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a6cf5ada-8f94-4e1e-86ff-81b85d888acf\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 3-июлу № 111

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1142-1145-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1142-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун биринчи кезеги

1. Мурас калтыруучунун балдары (анын ичинде асыралып алгандар), ошондой эле мурас калтыруучунун жубайы жана ата-энеси (асырап алуучулар) барабар үлүштөрдө  мыйзам боюнча биринчи кезекте мурастоо укугун алышат. Биринчи кезектеги мураскорлордун ичине мураскордун ал өлгөндөн кийин төрөлгөн балдары да кирет.

2. Мурас калтыруучунун неберелери өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.

1143-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун экинчи кезеги

1. Эгерде биринчи кезектеги мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, ошондой эле анын чоң атасы жана таятасы, чоң энеси жана таянеси барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча экинчи кезекте мурастоо укугун алышат.

2. Мурас калтыруучунун ата-энеси бир жана ата-энесинин бири башка эркек жана кыз бир туугандарынын балдары (мурас калтыруучунун ага-инилеринин, эже-карындаштарынын уулдары жана кыздары) өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.

1144-статья. Мыйзам боюнча мураскорлордун үчүнчү кезеги

1. Эгерде биринчи жана экинчи кезекте мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун ата-энесинин ага-инилери жана эже-карындаштары барабар үлүштөрдө мыйзам боюнча үчүнчү кезекте мурастоо укугун алышат.

2. Мурас калтыруучунун ата-энесинин ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары жана кыздары өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташат.

1145-статья. Кийинки кезектердеги мураскорлор

1. Эгерде биринчи, экинчи жана үчүнчү кезекте мураскорлор жок болсо, мурас калтыруучунун мурунку кезектеги мураскорлоруна кирбеген үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи даражадагы туугандары мыйзам боюнча мурастоо укугун алышат.

Тууганчылыктын даражасы туугандарды бири-биринен ажыраткан төрөлүүлөрдүн саны менен аныкталат. Мурас калтыруучунун өзүнүн төрөлүшү бул санга кирбейт.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык мурастоого төмөнкүлөр чакырылат:

төртүнчү кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын үчүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун чоң атасынын-таятасынын аталары, чоң энесинин-таенесинин энелери;

бешинчи кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын төртүнчү даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун бир тууган ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир туугандарынын неберелери жана жээндери) жана анын чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин бир тууган ага-инилери жана эже-карындаштары (бир ата өткөн чоң ата-таяталары жана чоң эне-таенелери);

алтынчы кезектеги мураскорлор катары - тууганчылыктын бешинчи даражадагы туугандары - мурас калтыруучунун аталаш-энелеш неберелеринин балдары (бир туугандарынын чөбөрөлөрү), анын бир ата өткөн ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын балдары (бир ата өткөн неберелери жана жээндери) жана анын бир ата өткөн чоң ата-таятасынын жана чоң эне-таенесинин балдары (бир ата өткөн агалары жана таэжелери).

3. Эгерде мурунку кезектеги мураскорлор жок болсо, мыйзам боюнча жетинчи кезектеги мураскорлор катары мурас калтыруучунун өгөй балдары, өгөй атасы жана өгөй энеси чакырылат.".

2. 1146-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 1147-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1147-статья. Өкүлчүлүк укугу боюнча мурастоо

1. Мурас ачылганга чейин же мурас калтыруучу менен бир убакта өлгөн мыйзам боюнча мураскордун үлүшү ушул Кодекстин 1142-статьясынын 2-пунктунда, 1143-статьясынын 2-пунктунда жана 1144-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда өкүлчүлүк укугу боюнча анын балдарына өтөт жана алардын ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлөт.

2. Мурас калтыруучу тарабынан мурастан ажыратылган, мыйзам боюнча мураскордун балдары өкүлчүлүк укугу боюнча мурас алышпайт.

3. Мурас ачылганга чейин же мурас калтыруучу менен бир убакта өлгөн жана ушул Кодекстин 1126-беренесине ылайык мурастоо укугуна ээ болбогон мураскордун балдары өкүлчүлүк укугу боюнча мурасташпайт.".

4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1153-1-статья менен толукталсын:

"1153-1-статья. Мурасты кабыл алууга укуктун өтүшү (мурастык трансмиссия)

1. Эгерде керээз боюнча жана (же) мыйзам боюнча мурастоочу болуп таанылган мураскор мурас ачылгандан кийин аны aлууга үлгүрбөстөн өлсө, ага тиешелүү болгон мурастык үлүштү алуу укугу мыйзам боюнча анын мураскорлоруна, ал эми эгерде мурасталган баардык мүлк керээзге калтырылса - керээз боюнча анын мураскорлоруна өтөт  (мурастык трансмиссия). Мурастык трансмиссия тартибиндеги мурасты кабыл алуу укугу андай мураскор өлгөндөн кийин ачылган мурастын курамына кирбейт.

2. Өлгөн мураскорго тиешелүү мурасты кабыл алуу укугу анын мураскорлору тарабынан жалпы негиздерде жүзөгө ашырылыш мүмкүн.

Эгерде мураскор өлгөндөн кийин мурасты кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан азды түзсө, ал үч айга чейин узартылат.

3. Мураскордун мурастын бир бөлүгүн милдеттүү үлүш катары (1149-cтатья) кабыл алуу укугу анын мураскорлоруна өтпөйт.".

5. 1154-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1154. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү

1. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган орду боюнча нотариус же мыйзамга ылайык мындай нотариалдык иш жүргүзүүгө ыйгарым укукту кызмат адамы тарабынан берилет.

2. Мураскорлорго мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин берилет.".

6. 1160-статьянын 1-пунктунда "жана нотариус" деген сөздөр алып салынсын.

 

2-берене.

 

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген:

1. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-статья. Нотариат жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп саналат.".

2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик нотариус катары 5 жылдан кем эмес иштеген адамдар квалификациялык экзамен тапшырбастан, ушул Мыйзамдын 12-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде жеке нотариалдык аракеттерди жүргүзүү укугуна лицензия алышат.".

3. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Жасалуучу нотариалдык аракеттердин жашыруундуулугун сактоо

Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдары нотариалдык аракеттерди жасоого байланыштуу аларга белгилүү болуп калган маалыматтардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Жасалган нотариалдык аракеттердин жашыруундуулугун сактоо милдети ошондой эле алар тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган адамдарга, анын ичинде эмгек келишими токтолгондон кийин да жайылтылат.

Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешелүү документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык аракеттер жасалган жеке жана юридикалык жактарга гана берилет.

Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө болгон жазык же граждандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет.

Башка кандай болбосун учурларда жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө тыюу салынат.

Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет.".

4. 11-статьянын 1-бөлүгүндө "экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча" деген сөздөр "экинчи абзацында каралган негиз боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 14-статьяда:

2-бөлүгүндө "орду" деген сөз "жайы" деген сөзгө алмаштырылсын;

6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 23-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Нотариалдык аракеттерди жасагандыгы үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ставкалар боюнча мамлекеттик алым алышат.";

3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

7. 35-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "'Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар адам анын арызы сотко келип түшкөндүгүнүн фактысын ырастаган документти бербесе, нотариалдык аракеттер жасалуугa тийиш.".

8. 42-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул учурларда нотариус үч жумушчу күндөн кечиктирбестен нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.".

9. 54-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"54-статья. Нотариалдык документтердин нускаларынын саны

Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн мазмуну баяндалган документтердин нускаларынын саны экиден кем болбоого тийиш, анын бири нотариалдык кеңсенин иш кагаздарында калат.".

10. 10-главанын аталышында:

"Жубайлардын" деген сөз алып салынсын;

мамлекеттик тилдеги "жалпы" деген сөз "Жалпы" деген сөзгө алмаштырылсын.

11. 68-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"68-статья. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү

Нотариус жубайлардын же менчик ээлеринин (биргелешкен же үлүштүк  менчиктин) биргелешкен жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет.

Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол мүлк жайгашкан жери боюнча нотариус тарабынан берилет.".

12. 69-статьянын 2-бөлүгүндө "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөзгө алмаштырылсын.

13. 83-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу менен акчалай суммаларды өндүрүү үчүн нотариус карызды белгилеген бардык документтерге, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге аткаруу талабын жазат.".

14. 86-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"86-статья. Аткаруу талабынын жазуусунун мазмуну

Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу менен жазылуучу аткаруу талабы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) аткаруу талабын жазган нотариустун фамилиясын, аты-жөнүн, кызмат ордун;

2) өндүрүүчүнүн аталышын жана дарегин;

3) карызкордун жана күрөө коюучунун аталышын жана дарегин;

4) өндүрүү жүргүзүлүүчү мөөнөттүн белгиленишин;

5) өндүрүлүүгө тийиш сумманы, эгерде киргизилсе, анын ичинде туумдар, пайыздар;

6) күрөө предметинин аталышын, анын дарегин, менчик ээсинин (күрөө коюучу) атын (аталышын) жана анын дарегин;

7) күрөө келишиминин датасын (күнүн, айын, жылын жана реестрдик номерин);

8) өндүрүүчү төлөгөн жана карызкор төлөөгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын өлчөмүн;

9) аткаруу талабы жазылган датаны (күнүн, айын, жылын);

10) реестрде аткаруу талабынын катталган номерин;

11) аткаруу талабын жазган нотариустун кол тамгасын;

12) нотариустун мөөрүн.".

15. 91-статьяда:

2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

расмий тилдеги 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Лицу, сдавшему документы на хранение, выдается свидетельство.".

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Ш. Атамбаев