Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2014-жылдын 17-июлу № 138

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 32-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.".

2. 42-берененин экинчи абзацында "соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 48-берененин экинчи абзацында "соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-статьяда:

мамлекеттик тилдеги текстин 1-бөлүгү "учурларда" деген сөздөн кийин "мөөнөтүнөн мурда токтотулат" деген сөздөр менен толукталсын;

1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;";

2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 25-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Депутаттын жергиликтүү кеңештеги иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажына, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча иш (кызмат) стажына кошулуп эсептелет. Тийиштүү ишкананын, мекеменин, уюмдун кызматкерлери пайдаланган бардык укуктар жана жеңилдиктер депутат үчүн сакталып калат.".

 

3-берене.

(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А. Атамбаев