Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2014-жылдын 18-июлу № 141

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 55-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салынат.".

2. 198-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына төмөнкүлөр кошулат: аларды сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолор, анын ичинде өздүк пайдалануу үчүн негизги каражаттарды сатып алуу жана өндүрүү менен байланышкан пайыздык чыгымдар; аларды даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен жана пайдалануу үчүн жарамдуу абалга жеткирүүгө кеткен чыгымдар; салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарууга укуктуу болгон чыгымдардын курамында эсепке алынуучу салыктардын суммасын кошпогондо, бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алууга жаткан КНСти кошпогондо, салыктар, негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар, алардын наркын көбөйтүүчү башка сарптоолор.".

3. 272-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын мамлекеттик тилдеги текстинде "пайдаланылган" деген сөз "арналган" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 310-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз өлчөмүндө;".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктун кошпогондо, 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А. Атамбаев