Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2014-жылдын 19-июлу № 145

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 30-октябрындагы № 56 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статьяда:

сегизинчи абзацында "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "лицензиар" деген сөзгө алмаштырылсын;

он төртүнчү абзацында "энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана мамилелерди жөнгө салууну" деген сөздөр "энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын";

статья төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".

2. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар

Энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар энергетикалык ишканалардан көз карандысыз иштешет жана алардын өндүрүштүк жана чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишпейт. Көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

3. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 12-статьяда:

"энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөр "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

расмий тилдеги текстте "имеет" деген сөз "имеют" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

2-берене.

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 2-статьяда:

отуз биринчи абзацында "энергетика жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу" деген сөздөр "энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү жана отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензиялоо жана электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;

эсеп борбору - электр энергиясынын ашыкча агымы жана коромжусу боюнча маалыматтарды жыйноо, иштетүү, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетика базарынын бардык катышуучулары үчүн эсеп жүргүзүү, ошондой эле электр энергетика рыногунун катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык тутумду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүчү өз алдынча уюм.".

2. 3-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 5-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Юридикалык жана жеке жактар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде иштин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу:

- электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);

- жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо).";

2-бөлүгүндө "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна" деген сөздөр "лицензиялоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 6 жана 12-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 13-статьянын 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 15-статьяда:

1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Электр менен жабдууга типтүү контракт бөлүштүрүүчү ишканалардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттейт, ошондой эле электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында келип чыккан реалдуу зыянды компенсациялоо боюнча берүүчүнүн милдеттерин милдеттүү түрдө карайт.".

7. 18-статьяда "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 21-статьяда:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Тарифтер төмөнкү принциптерге ылайык белгиленет:";

төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 25-статьяда, 27-статьянын 2-бөлүгүндө, 32-статьянын 3-бөлүгүндө "энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөр "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берененин он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"ыйгарым укуктуу орган - табигый жана уруксат берилген монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты чектөө, жоюу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органдары;".

2. 22-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

 

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

5-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев