Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c5c55420-62ad-44c0-b01c-e4886f99c37f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 21-ноябры № 159

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

24-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу салымдарын (анын ичинде кызматкерлер үчүн) өткөн ай үчүн эмгек акыга каражаттарды банк мекемелеринен алган мөөнөттөрдө, бирок камсыздандыруу салымдары эсептелген айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен ай сайын төлөшөт. Юридикалык жакты түзгөн камсыздандыруучулар 100000 (жүз миң) сомдон ашык суммага эсептелген камсыздандыруу салымдарын юридикалык жактын эсептешүү эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине которуу менен гана төлөшөт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Ш. Атамбаев