Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\59c955d1-ac2d-46fd-83b3-e9802ce641bf\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 29-декабры № 167

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан салык алуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карата жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

2. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-23-пункттар менен толукталсын:

"21) "Товарларды импорттоо" - Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылуучу Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүү, ошондой эле башка Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү.

22) "Бажы бирлигинин мыйзамдары" - ушул Кодекске жана Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынган Бажы бирлигине мүчө - өлкөлөрдүн ишкердик иштин субъекттеринин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.

Бажы бирлигинин мыйзамдары төмөнкүлөрдөн турат:

- ушул Кодекстен;

- Бажы бирлигиндеги бажы жана салыктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдеринен;

- ушул Кодекске жана Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынуучу, Бажы бирлигиндеги бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечимдеринен.

23) "Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу" - Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо алынуучу кошумча наркка жана акциздик салыкка карата салык боюнча салык отчеттуулугу.".

3. 44-берененин 1-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"12) салык органдарын кабарлоого:

а) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерден алдыда импорттолуучу акциздик товарларды ала тургандыгы тууралуу;

б) ташып келинген товарлардын касиетин жана мүнөздөмөсүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып киргизүү тууралуу;

в) чыгарылган товарлардын сапатын жана касиетин өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына убактылуу ташып чыгаруу тууралуу;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү (ташып чыгаруу) тууралуу кабарлоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

4. 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52-берене. Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү бажы органдарынын ыйгарым укуктары

Бажы органдары Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө салыктарды алууну жүзөгө ашырат.".

5. 54-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "Бажы кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 70-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:

"3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө келип чыккан салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталат.".

7. 79-берененин 12-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы" деген сөздөр "Бажы бирлигинин бажы чек арасы" деген сөздөр менен, "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.".

8. 86-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. КНС салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте салык органына КНС боюнча отчеттуулукту электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.".

9. 88-беренеде:

1-бөлүгүндөгү "Ушул Кодексте" деген сөздөр "Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодексте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү учурунда салык отчеттулугунун мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.".

10. 100-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:

"е) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча акциз салыгы жана/же КНС боюнча салык милдеттенмелери салык төлөөчүлөр тарабынан аткарылганда.".

11. 122-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, каржылык чалгындоо органдары жана каржылык полиция органдары менен өз ара аракеттери ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эки тараптуу (көп тараптуу) түзүлгөн макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырылат.".

12. 224-беренеде:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) "Салык салынуучу импорт" - импортко КНСтен бошотулган товарды ташып кирүүдөн тышкары, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып кирүү.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6) "Товарларды экспорттоо" - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгуу.".

13. 232-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык кайтарууну жүзөгө ашырат.".

14. 234-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерден товарларды импорттоодон тышкары, товарларды импорттоодо КНС боюнча салыктык милдеттенменин датасы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.".

15. 236-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "бажылык аймакта жана бажы контролдугу алдында товарларды кайра иштетүүнүн бажылык режимине" деген сөздөр "бажы аймагында жана ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн жол-жобосуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

16. 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"249-берене. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүнүн жана товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү

Бажы бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген жана товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн жана товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.".

17. 257-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;".

18. 259-беренеде:

берененин аталышында жана 1-бөлүгүндө "бажы" деген сөз алып салынсын;

4- жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.

19. 265-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"10. Мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташып чыгарууну жүзөгө ашырган салык төлөөчүдөгү беримдердин салык салынуучу наркы, ошол товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык ташып кирүүдө, КНС боюнча салык отчетунда экспортко товардын беримдеринин көлөмү чагылдырылган ошол товардын наркынын негизинде экспортту жол-жоболоштурууда колдонулган өлчөө бирдигинде ташылып келинүүчү товардын көлөмүнө пропорционалдуу аныкталат.".

20. 266-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "товар" деген сөздөн мурда "Экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык мурда ташылып чыгарылган товарларды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык ташып кирүүнү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

21. 270-берененин 3-бөлүгүндө:

2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:

"4) Бажы бирлигине мүчө - мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:

а) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана

б) ал боюнча бюджетке КНС төлөнгөндө;

5) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:

а) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү милдеттери аткарылганда; жана

б) ал боюнча ушул бөлүмгө ылайык бюджетке КНС төлөнгөндө.".

22. 274-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында" деген сөздөр "Бажы бирлигинин мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

23. IX бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-глава менен толукталсын:

"40-1-глава. Бажы бирлигинде товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүлөрдө КНС салыгын салуу

282-1-берене. Жалпы жоболор

1. Ушул главанын жоболору Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин өз ара соодасында кызмат көрсөтүүлөрдө, товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда КНС салыгын салууну жөнгө салат.

2. Эгерде ушул глава менен ушул Кодекстин башка главаларында камтылгандан башка товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүлөрдө КНС салыгын салуунун башка ченемдери белгиленсе, ушул главанын ченемдери колдонулат.

3. Ушул главада колдонуулучу түшүнүктөр Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде каралган.

4. Ушул главада төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

1) "Товарды коштоочу документтер" - эл аралык автомобилдик коштомо кагаз, темир жол транспорттук коштомо кагаз, товардык-транспорттук коштомо кагаз, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагаз, жүк ведомосту, почта ведомосту, жүк квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент, өткөргүч түтүк транспорту менен жана электр берүү чубалгылары боюнча товарларды алып өтүүдө колдонулуучу документтер жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн алып өтүүдө колдонулуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жөнүндө мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоп жүрүүчү башка документтер; эсеп-фактуралар, спецификациялоолор, жүктөөчү жана таңгактоочу баракчалар, ошондой эле товарлар жөнүндө, анын ичинде товарлардын наркы жөнүндө маалыматтарды тастыктаган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу башка документтер;

2) "Товарлардын менчик ээси" - товарларга карата менчик укугуна ээ же товарларга карата менчик укугуна өтүү келишими (макулдашуу) менен каралган субъект.

5. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин өз ара соодаларында кызмат көрсөтүүлөрдө, товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда КНСти тескөө салык кызматы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Эркин бажы аймагынын же бош кампанын бажы жол-жоболоруна ылайык жайгаштырылган товарлар боюнча КНСти тескөө бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

282-2-берене. КНС салык төлөөчүлөр

Бажы бирлигинде КНС салык төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

1) салык салынуучу субъект;

2) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттогон субъект.

282-3-берене. Салык салуунун ставкасы жана объекти

Бажы бирлигинде КНС салуунун ставкасы жана объекти ушул Кодекстин 227 жана 231-беренелерине ылайык аныкталат.

282-4-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, экспорт жана салык салынуучу импорт

1. Бажы бирлигинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул Кодекстин 232-беренесине ылайык аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоо беримдер болуп саналат.

3. Бажы бирлигинде салык салынуучу импорт болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Ушул Кодекстин 282-14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулгандарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү товарлар.

Ушул бөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик каттоого жатуучу ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү транспорт каражаттарына карата да колдонулат;

2) Бажы бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетүүгө берилген сырьенун кайра иштетүүчү продуктылары болуп саналган товарлар.

282-5-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду

1. Товарлардын беримдеринин орду ушул Кодекстин 235-беренесине ылайык аныкталат.

2. Жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду болуп Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагы таанылат, эгерде:

1) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр ошол мамлекеттин аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөр менен түздөн-түз байланыштуу болсо;

2) ижара, лизинг жана кыймылдуу мүлктөрдү, транспорт каражаттарын кошкондо башка негиздерде пайдаланууга берүүнү кошпогондо, ошол мамлекеттин аймагында жайгашкан кыймылдуу мүлктөр, анын ичинде транспорттук каражаттар менен түздөн-түз байланышкан жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр болсо;

3) маданият, искусство, билим берүү, дене тарбия, туризм, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр ошол мамлекеттин аймагында көрсөтүлсө;

4) ошол мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан төмөнкүлөр сатып алынат:

а) консультациялык, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжинирингдик, жарнактык, дизайнердик, маркетингдик кызмат көрсөтүүлөр, маалымат иштеп чыгуу, ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык, конструктордук жана технологиялык иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

б) ЭЭМ жана маалыматтар базасы (эсептөөчү техникалардын программалык каражаттары жана маалыматтык продуктылары) үчүн аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай программаларды жана маалыматтар базасын коштоп жүрүү үчүн программаларды иштеп чыгуу боюнча жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр;

в) эгерде персонал сатып алуучу иштеген жерде иштесе, персоналды берүү боюнча кызматтар;

5) ошол мамлекеттин салык төлөөчүсүнө:

а) патент, лицензия, мамлекет тарабынан кайтарылган өнөр жай менчигинин объектилерине укукту тастыктаган башка документтер, соода маркалары, соода белгилери, фирмалык аталыштар, тейлөө белгилери, автордук, чектеш укуктар же башка окшош укуктар берилет, өткөрүлүп берилет, арзандатылып берилет;

6) транспорт каражаттарын башка негиздерде ижаралоодон, лизингден жана пайдалануудан тышкары кыймылдуу мүлктөр ижарага, лизингге берилет же башка негиздерде пайдаланууга берилет;

б) эгерде ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында башкача каралбаса, ошол мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан жумуштар аткарылат, кызматтар көрсөтүлөт.

Ушул пункт транспорт каражаттарын ижарага, лизингге жана башка негиздерде пайдаланууга берүүдө да колдонулат.

3. Эгерде, салык төлөөчү тарабынан жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн бир нече түрлөрү аткарылса, аларга салык салуунун тартиби ушул бөлүк менен жөнгө салынат жана бир жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн берими башка жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерине карата көмөкчү мүнөздө болсо, анда көмөкчү жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду болуп негизги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду таанылат.

4. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин ордун тастыктаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

282-6-берене. Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, салык салынуучу импорттун беримдеринин датасы

1. Товарларды экспортко берүүдө КНСти эсептөө максатында товарларды сатып алуучуга (биринчи ташып жеткирүүчүгө) жол-жоболоштурулган товарлардын жүктөп жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган баштапкы бухгалтердик (эсептик) документтер түзүлгөн убакыт боюнча биринчи дата катары аныкталуучу жүктөп жөнөтүлгөн дата товарлардын беримдеринин датасы болуп эсептелет.

2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү импорттолгон товарларды, анын ичинде аларды даярдоо тууралуу келишим (макулдашуу) боюнча жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарларды, ошондой эле зайымды иштетүүгө берилген кайра иштетүүчү продуктылар түрүндө берүүгө каралган келишим (макулдашуу) боюнча алынган товарлар эсепке алынган дата импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин датасы болуп эсептелет.

3. Ушул главанын максаты үчүн импорттолгон товарлардын эсепке алынган датасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) финансы отчетунун эл аралык стандартына же бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бухгалтердик эсепке алууда мындай товарларды таануу (чагылдыруу) даталарынын эң мурдагысы;

2) мындай товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген датасы.

Салык төлөөчүдө ушул бөлүктүн 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн эки дата болгон учурда, көрсөтүлгөн даталардын эң кийинкиси импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп таанылат.

4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүгүнүн максаттары үчүн төмөндөгүлөр Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү датасы болуп саналат:

1) аба кемелери аркылуу товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аэропортко ташып келинген дата;

2) эл аралык автомобиль каттамында товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн дата.

Мында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн дата Кыргыз Республикасынын чөк ара органдарынын аймактык бөлүмчөлөрү тарабынан берилүүчү мамлекеттик контролдон өткөндүгү тууралуу документтин негизинде аныкталат. Мамлекеттик контролдон өткөндүгү тууралуу документти берүү формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;

3) товарларды эл аралык жана мамлекеттер аралык каттамда темир жол транспорту менен ташууда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чек арага чектеш биринчи өткөрмө пунктуна ташып киргизилгендеги дата;

4) магистралдык өткөргүч түтүк тутуму боюнча же электр берүү линиясы боюнча товарларды ташууда - товарларды өткөрүп берүү пунктуна ташып кирген дата;

5) товарларды эл аралык почта аркылуу жөнөтүүдө - Кыргыз Республикасынын почта жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына почта штемпели коюлган дата.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын ташып келинген датасы жөнүндө маалымат жок учурда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн дата эсептелет.

Товарларды бухгалтердик эсепке алуу таанылбаганда (чагылдырылбаганда), Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн дата эсептелет.

5. Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн башка учурларда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы мындай товарларды алгандыгын (же сатып алгандыгын) ырастаган документтин көчүрүлгөн датасы боюнча аныкталат. Мында, товарлардын жеткирилгендигин ырастаган документ болгондо, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп, ташып жеткирүүчү тарабынан сатып алуучуга товарлардын өткөрүлүп берилген датасы эсептелет.

6. Лизинг алуучуга бул товарларга болгон менчик укугунун өтүшүн караган каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына лизингдин предмети болуп саналган товарларды импорттоодо салык милдеттенмесинин пайда болгон датасы болуп иш жүзүндөгү өлчөмүнө жана төлөм жүргүзүлгөн датага карабастан, каржылык ижара (лизинг) келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан бул товарлардын наркынын бир бөлүгү төлөнгөн дата болуп эсептелет.

Эгерде, каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча товарлардын наркынын бир бөлүгүн төлөө мөөнөтү башталган дата товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген датага чейин белгиленсе, лизинг предмети болуп саналган товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин пайда болушунун алгачкы датасы болуп алар эсепке алынган дата эсептелет.

Эгерде, каржылык ижара (лизинг) келишиминде каралган лизинг төлөмү лизинг алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда төлөнсө, анда лизинг предмети болуп саналган товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин пайда болушунун акыркы датасы болуп ошол каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча акыркы эсептешүү датасы эсептелет.

7. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин датасы болуп, жумуштарды аткарууну жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү аяктаган күн эсептелет.

Жумуштарды аткаруунун жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү аяктаган дата болуп жумуштардын аткарылган жана/же кызмат көрсөтүлгөн фактыны тастыктаган документке кол коюлган дата таанылат.

Эгерде жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн берими узак убакыт ичинде (бир жылдан ашык) ишке ашырылса, анда беримдердин датасы ушул Кодекстин 234-беренесине ылайык аныкталат.

282-7-берене. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркын аныктоо

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркы тараптар тарабынан колдонулган баалардын жана тарифтердин бүтүмүнө жараша, сатылган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.

2. Каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча товарларды (лизинг предметтерин) экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркы ар бир лизинг төлөмүн алган датага карата каржылык ижара (лизинг) келишиминде каралган товардын (лизинг предметинин) алгачкы наркынын бир бөлүгүнүн, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес өлчөмүндө аныкталат.

Мында товардын (лизинг предметинин) алгачкы наркы деп пайыздык кирешени эсепке албастан келишимде көрсөтүлгөн лизинг предметинин наркын түшүнүү зарыл.

3. Зайымды товарлар түрүндө берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча товарларды экспорттоодо салык салынуучу беримдердин наркы, келишимде (макулдашууда) каралган өткөрүлүүчү (берилүүчү) товарлардын наркы катары аныкталат. Келишимде (макулдашууда) наркы жок учурда салык салынуучу беримдердин наркы товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн нарк катары, келишимдерде (макулдашууларда) жана товарды коштоочу документтерде наркы жок учурда - бухгалтердик эсеп чагылдырылган товарлардын наркы катары аныкталат.

4. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркын оңдоо ушул Кодекстин 266-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

282-8-берене. Салык салынуучу импорттун наркын аныктоо

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарлардын, анын ичинде аларды даярдоо жөнүндө келишим (макулдашуу) боюнча иштерди аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы келишимдин (макулдашуунун) шарттарында каралган сатып алынган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.

2. Эгерде, келишимдин (макулдашуунун) шарттары боюнча бүтүм баасы сатып алынган товарлардын, ошондой эле башка чыгымдардын наркынан турса жана бул учурда сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өз-өзүнчө көрсөтүлсө, анда салык салынуучу импорттун наркы болуп сатып алынган товарлардын наркы гана саналат.

3. Эгерде, келишимдин (макулдашуунун) шарттары боюнча бүтүмдүн баасы сатып алынган товарлардын, ошондой эле башка чыгымдардын наркынан турса жана бул учурда сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өзүнчө көрсөтүлбөсө, анда салык салынуучу импорттун наркы келишимде (макулдашууда) көрсөтүлгөн бүтүмдүн баасы болуп саналат.

4. Товарлардын салык салынуучу импортунун наркына импорттолуучу акциздик товарларга карата акциз салыгынын суммасы да кирет.

5. Товар алмашуу (бартердик) келишими (макулдашуусу) боюнча, ошондой эле зайымды товарлар түрүндө берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча алынган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган салык салуу максатында бааларды аныктоо принцибин эске алуу менен товарлардын наркынын негизинде аныкталат.

6. Иштетүүгө берилген сырьедон кайра иштетилген продуктылар болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы, ошол иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркынын негизинде аныкталат.

7. Салык салынуучу импорттун наркын оңдоо ушул Кодекстин 266 жана 282-20-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

282-9-берене. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин салык салынуучу наркын аныктоо

Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин салык салынуучу наркы ушул Кодекстин 265-беренесине ылайык аныкталат.

282-10-берене. Бажы бирлигинде товарларды экспорттоо

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоодо КНСтин нөлдүк ставкасы колдонулат.

Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоодо КНС салыгын төлөөчү ушул Кодекстин 40-главасына ылайык сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммасын кириштөөгө, КНС боюнча ашып кеткен сумманын ордун толтурууга жана/же кайтарууга укуктуу.

2. Ушул берене Бажы бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына аларды кийинки ташып кетүү менен аларды даярдоо жөнүндө келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарларга карата да колдонулат. Көрсөтүлгөн товарларга иштетүүгө берилген сырьедон кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарлар кирбейт.

3. Лизинг алуучуга ага менчик укугунун өтүүсү каралган каржылык ижара (лизингдин) келишими (макулдашуу), ошондой эле аларды даярдоо жөнүндө келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында даярдалган товарлар түрүндө зайымдарды берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына лизингдин предмети болгон товарларды ташып кетүүдө КНСтин нөлдүк ставкасы колдонулат.

4. Товарларды экспорттоону тастыктаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

282-11-берене. Бажы бирлигинде эл аралык ташууларга салык салуу

1. Ушул беренеде башкача белгиленбесе, Бажы бирлигинде эл аралык ташууларга салык салуу ушул Кодекстин 262-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы бирлигинде магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташуу, эгерде ташууларды жол-жоболоштуруу экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды Бажы бирлигинин аймагындагы сатып алуучуга чейин көрсөтүлгөн товарларды андан аркы жеткирүүнү ишке ашырган сатып алуучуга же башка адамдарга өткөрүп берилүүсүн тастыктаган документтер менен ишке ашырылса, эл аралык деп эсептелет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн максаттары үчүн тастыкталуучу документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Бажы бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Бажы бирлигинин ушул эле же Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

282-12-берене. Бажы бирлигинде берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштарга салык салуу

1. Кайра иштетилүүчү продукттарды башка мамлекеттин аймагына кийинки ташып кетүү менен Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштарга ушул берененин 7-бөлүгүндө жана ушул Кодекстин 282-13-беренесинде каралган товарларды кайра иштетүүнүн шарттарын жана иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү мөөнөттөрүн сактоодо КНС нөлдүк ставка боюнча салынат.

2. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Бажы бирлигине ошол эле мүчө - мамлекеттин аймагына кийин ташып чыгуу менен Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген кайра иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча жумуштардын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан аткарылганын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Бажы бирлигине башка мүчө мамлекеттин аймагына кийин ташып чыгуу менен, Бажы бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген кайра иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылган фактысын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Бажы бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттин аймагына кийин ташып келүү менен, Бажы бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген кайра иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча жумуштардын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан аткарылган фактысын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Кыргыз Республикасынын аймагында кийин беримдерди жүргүзүү менен, Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштарга ушул Кодекстин 227-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген ставка боюнча КНС салынат.

6. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан кайра иштетүүгө берилген сырьену ташып келүү (ташып кетүү) ишке ашырылган учурда кайра иштетүү продукттарын ташып келүү (ташып кетүү) милдеттенмеси, ошондой эле анын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте берилет.

7. Иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген товарларды кайра иштетүүнүн шарттарына ылайык келиши керек.

8. Товарларды кайра иштетүү шарттары тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарлардын жана кайра иштетилүүчү продуктылардын аталыштары, классификациясы, алардын саны жана наркы;

2) кайра иштетүүгө келишимдин (макулдашуунун) датасы жана номери, кайра иштетүү мөөнөтү;

3) кайра иштетилүүчү продуктылардын чыккан нормалары;

4) кайра иштетүүнүн мүнөзү;

5) кайра иштетүүнү ишке ашырган жак жөнүндө маалымат.

282-13-берене. Иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн мөөнөтү

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына ташылып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан ташылып келген иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү мөөнөтү иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү көлишиминин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана берилген сырьенун эсепке алынган жана/же жүктөп жөнөтүлгөн датасынан тартып удаалаш 24 календардык айдан аша албайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын аймагына кайра иштетүү үчүн ташылып келген иштетүүгө берилген сырье салык салуу максатында салык салынуучу импорт деп таанылат жана ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген датадан тартып КНС салынууга жатат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн ташылып кеткен иштетүүгө берилген сырье салык салуу максатында салык салынуучу берим деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетүүгө берилген сырье ташылып кеткен датадан тартып КНС салынууга жатат.

Ушул бөлүктүн максаттарында иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү продуктыларынын көлөмүнүн белгиленген мөөнөттөрүндө Кыргыз Республикасынын аймагына кайра ташылып келинген иштетүүгө берилген сырье боюнча беримдин салык салынган наркы, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана календардык жыл ичинде өзгөртүүгө жатпаган мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан эсепке алуу саясатынын негизинде кайра иштетилүүчү ушундай продукттардын өздүк наркына киргизилген иштетүүгө берилген сырьенун наркынын өлчөмүндө аныкталат.

282-14-берене. Бажы бирлигинде КНСтен бошотулган беримдер жана импорт

1. КНСтен төмөнкүдөй беримдер бошотулат:

1) ушул Кодекстин 38-главасында көрсөтүлгөн жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, эгерде алардын ишке ашырылган жери Кыргыз Республикасы болуп саналса;

2) Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан ташылып келинген товарды оңдоо боюнча, аны калыбына келтирүүнү, курамдык бөлүктөрүн алмаштырууну кошкондо, көрсөтүлүүчү кызматтар.

Ушул Кодекстин 38-главасында каралган документтер, ушул пунктта көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү тастыктоочу документтер болуп саналат.

2. Төмөнкүдөй товарлардын импорту КНСтен бошотулат:

1) ушул Кодекстин 38-главасы менен каралган;

2) келишимде (макулдашууда) каралган кепилденген тейлөөнүн алкагында импорттолгон.

3. Кыргыз Республикасынын аймагына мурда ташылып келинген товарларды пайдалануу учурунда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык импортко КНСтен бошотуу берилгендерге караганда башка максаттарда, мындай товарларды импорттоо боюнча КНС ушул Кодекстин 40-главасында белгиленген мөөнөттө төлөнөт.

4. Кыргыз Республикасынын лизинг алуучусу-салык төлөөчүсү тарабынан Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин лизинг берүүчүсүнө каржылык ижара келишими боюнча төлөнгөн пайыздык киреше КНСтен бошотулат.

282-15-берене. Бажы бирлигинде сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасын кириштөө, КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби

Бажы бирлигинде сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасын кириштөө, КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу ушул Кодекстин 40-главасында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

282-16-берене. КНСтин эсеп-фактурасы

1. КНСтин эсеп-фактураларын жазып берүүнүн тартиби, эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодекстин 282-беренесине ылайык аныкталат.

2. Кайра иштетилүүчү продукттарды башка мамлекеттин аймагына кийин ташып кетүү менен, Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинип иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштар аткарылган учурда, эсеп-фактура иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылгандыгын ырастаган документке кол коюлган датага карата жазылат.

3. Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин лизинг алуучусу - салык төлөөчүсү алууга жаткан Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсү - салык төлөөчүсү тарабынан товарларды лизингге берүүдө, эсеп-фактура лизингдин келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан ар бир лизингдик төлөмдүн датасына карата, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес жазылат.

Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсүнүн - салык төлөөчүсүнүн пайыздык кирешесинин суммасы эсеп-фактурасында өзүнчө сап менен белгилениши керек.

282-17-берене. Товарларды импорттоодо КНСти төлөөчүлөрдү аныктоонун өзгөчөлүгү

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде товарларды сатып алса, импортко КНСти төлөө товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан - аймагына товарлар импорттолгон Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жүзөгө" ашырылат.

2. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде сатылып алынса жана ошону менен бирге Бажы бирлигине үчүнчү мүчө - мамлекеттин аймагынан импорттолсо, аймагына товарлар импорттолгон товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан импортко КНС төлөнөт.

3. Эгерде товарлар Бажы бирлигине бир мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан комиссиянын келишиминин, тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө берилгенде жана Бажы бирлигине биринчи же үчүнчү мүчө - мамлекеттен импорттолгон учурда аймагына товарлар импорттолгон товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан импортко КНС төлөө жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү Кыргыз Республикасынын аймагына мурда Бажы бирлигине башка мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан импортко КНС төлөнбөй импорттолгон товарларды сатып алган учурда, импортко КНСти төлөө, Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жүргүзүлөт.

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү мурда Кыргыз Республикасынын аймагына комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент - Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан импорттолгон, импортко КНС төлөнбөгөн Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин салык төлөөчүсү менен комиссиянын келишими (макулдашуусу), тапшырмасы же агенттик келишим боюнча товарларды сатып алса, анда импортко КНСти төлөө Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарды импорттоочу товардын ээси, комиссионер, ишеним берилген өкүл же агент тарабынан жүргүзүлөт.

6. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен Бажы бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде сатылып алынса жана ошону менен бирге товарлар Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан импорттолсо, импортко КНС Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнөт.

282-18-берене. Бажы бирлигиндеги комиссиянын келишимдери, тапшырмалар, агенттик келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо КНСти эсептөө жана төлөө

1. Комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик- келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импорттолгон товарлар боюнча бюджетке КНСти эсептөө жана төлөө милдеттенмеси комиссионерге, ишеним берилген өкүлгө, агентке жүктөлөт.

Мындай учурда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнгөн КНСтин суммасы ушул Кодекстин 40-главасына ылайык комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан кириштелүүгө жатат.

2. Товарлардын беримдери, комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жумуштардын аткарылышы же кызматтардын көрсөтүлүшү ушул Кодекстин 233-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык берим деп таанылат.

3. Комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импортко салык салуунун жасалган датасы импорттолгон товарлардын комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан эсепке алган дата болуп саналат.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн эсепке алуу датасы болуп товарлардын берилгендигин ырастаган комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн, агенттин дарегине комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципал тарабынан түзүлгөн биринчи документтин датасы саналат.

282-19-берене. Бажы бирлигинде КНСти эсептөө, салык отчетун берүү жана төлөө тартиби

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, Бажы бирлигинде КНСти эсептөө жана төлөө тартиби ушул Кодекстин 40-главасына ылайык аныкталат.

2. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерге товарларды экспорттоодо же иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНС салыгын төлөөчү КНС боюнча салык отчеттуулугу менен бир убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди салык органына ушул Кодекстин 274-беренесинде каралган мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.

3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн продуктылары болгон товарларды импорттоодо, эгерде ушул бөлүк менен башкача белгиленбесе, салык төлөөчү кыйыр салык боюнча салыктык каттоодо турган жердеги салык органына, салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен салык отчеттуулугун берүүгө милдеттүү.

Салык төлөөчү ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык отчеттуулугу менен бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди салык органына берет.

4. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.

Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун төлөөгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына дал келүүсү керек.

Бажы бирлигинде товарларды экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды төлөө жана товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын формасы, аны толтуруунун, берүүнүн, чакыртып алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Товарларды, анын ичинен иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн продукттары болуп эсептелген товарларды, каржылык ижара (лизинг) келишими (макулдашуусу) боюнча лизингдин предмети болуп эсептелген товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодогу кыйыр салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн салык мезгили болуп мында импорттолгон товарлар эсепке алынган календардык ай эсептелет.

6. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыгы боюнча салык отчеттуулугу жана товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарды берүү ушул Кодекстин 89-беренесинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

7. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча КНСти төлөө фактысынын салык органдары тарабынан тастыкталышы салык кызматынын органы тарабынан товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарга тиешелүү белгилерди коюу менен ишке ашырылат.

Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн жана толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда салык кызматынын органы импортко КНСти төлөө фактысын тастыктоодо жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

282-20-берене. Товарларды импорттоодо төлөнгөн КНСтин суммасын оңдоо тартиби

1. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды жарым-жартылай кайтарып берүү жүзөгө ашырылган учурда, сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып киргизилген ай аяктаганга чейин мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата салык отчеттуулугунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылбайт.

2. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып келинген ай аяктаганга чейин толук кайтаруу ишке ашырылган учурда, мындай импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу жана ошондой товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды салык органына төлөө жөнүндө арыз берилбейт.

3. Мындай товарлар ташылып келинген ай аяктагандан кийин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар кайтарып берилген учурда, мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата такталган салык отчеттуулугунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылууга жатат.

4. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон товарлардын сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, кайтарып берилгендигин ырастоочу, салык төлөөчү-импорттоочу жана салык төлөөчү-экспорттоочу менен макулдашылган, сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен кайтарып берилүүгө тийиш болгон импорттолгон товарлардын саны жөнүндө маалыматтар камтылган документ эсептелет.

5. Төмөнкүлөр КНС салынууга жатпайт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый зыяндардын ченемдеринин чегинде салык төлөөчүлөр тарабынан товарлардын жоготууларга учурашы;

2) күч жеткис жагдайлардын натыйжасында пайда болгон товарлардын бузулушу.".

24. Кодекс төмөнкүдөй редакциядагы 283-1-берене менен толукталсын:

"283-1-берене. Товарларды импорттоодо салык төлөөчүлөрдүн акциздик салыкты аныктоо өзгөчөлүктөрү

Бажы бирлигинде акциздик товарларды импорттоодо акциздик салыкты төлөөчүлөрдү аныктоо Ушул Кодекстин 282-17-беренеси менен белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.".

25. 286-беренеде:

1-бөлүктө:

- 1-пунктундагы "акциздик товарлардын" деген сөздөрдөн мурда "акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон" деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси менен" деген сөздөр "Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

- 4-пунктундагы "товардын" деген сөздөн мурда "акциздик"; "берилгенде" деген сөздөн кийин "жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт жана толукталсын:

"5) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон сатылган акциздик товардын физикалык көлөмү.";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул бөлүктүн максаттары үчүн сатылган акциздик товар деп менчик укугу керектөөчүгө өткөн акциздик товар түшүндүрүлөт.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерден акциздик товарларды импорттоодо салык базасынын өлчөмүн оңдоо ушул Кодекстин 282-20-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

26. 288-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"288-статья. Салык мезгили

Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан өндүрүлгөн же импорттолгон акциздик товарлар боюнча акциздин салыктык мезгили болуп календарлык ай саналат.".

27. 290-беренеде:

1-бөлүктүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган күндө - акциздик жыйымдын маркасы менен белгилөөгө жатпаган, Бажы бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттердин аймагынан импорттолгон акциздик товарлар боюнча;

3) салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен - акциздик салык маркасы менен белгиленүүгө жатпаган Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан импорттолгон акциздик товарлар боюнча.";

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолуучу же/жана өндүрүлүүчү акциздик товарлар боюнча акцизди төлөөчү отчеттук кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салыктык каттоо жери боюнча салык органына акциз боюнча жана/же кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун ай сайын берүүгө милдеттүү.

Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугуна ушул Кодекстин 282-19-беренеси менен белгиленген форма боюнча жана тартипте тиешелүү документтер тиркелиши керек.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-4-бөлүктөр менен толукталсын:

"3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан акциздик товарлар импорттолгон учурда импортко акциз төлөө акциз төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча жүргүзүлөт.

4. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон акциздик товарларга акциз төлөнгөн фактынын салык органы тарабынан тастыкталышы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга салык кызматынын органы тиешелүү белгини коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Импорттолгон товарлар боюнча акциз төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн, ошондой эле салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилеген талаптарга жооп бербеген документтерди берген учурда салык кызматынын органы импортко акциз төлөө фактысын тастыктоодо жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.".

28. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 290-1-берене менен толукталсын:

"290-1-берене. Акциздик салыкты администрациялоо

Эгерде ушул берене менен башкача каралбаса, Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин өз ара соодасында товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акцизди администрациялоо салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Эркин бажы зонасынын же бош кампанын бажы жол-жобосу менен жайгаштырылган товарлар боюнча акцизди администрациялоо бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

29. 291-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына ташылып кетүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан ташылып келүүчү акциздик иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн мөөнөтү берилген сырьену кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетүүгө берилген сырье кайра иштетүүнүн мөөнөтү берилген сырьену кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетүүгө берилген сырье эсепке алынган жана/же жүктөлүп жөнөтүлгөн датадан тартып эки жылдан ашууга болбойт.".

30. 293-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Бажы бирлигинин чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө акцизди төлөө өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.".

31. 294-берененин 1-бөлүгүндө:

бөлүк ''акциз салыгын төлөөчү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөр менен толукталсын;

"бажылык" деген сөз алып салынсын.

32. 295-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "бажынын экспорттук режиминде" деген сөздөр "экспорттун бажылык жол-жобосуна ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

33. 297-беренеде:

2-бөлүктүн 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүүчү, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген, ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар;";

3-бөлүктүн биринчи абзацындагы "акциздик товарларга" деген сөздөр "эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, акциздик товарларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын,";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Салык төлөөчү акциздик товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына экспорттоодо акцизди төлөөдөн бошотуунун негиздүүлүгүн тастыктоо үчүн салыктык каттоо жери боюнча салык органына акциз боюнча салык отчеттуулугу менен бирге, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди берет.

Мында салык төлөөчү акциз боюнча салык отчеттуулугун албаганда, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди салык органына акциздик товарлар жүктөп жөнөтүлгөн күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде берүүгө укуктуу.

Ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттөн өткөндөн кийин экспорттолуучу акциздик товарлар сатылгандыгы тастыкталган учурда, төлөнгөн акциздердин суммасы ушул Кодекстин 81-беренесине ылайык кириштөөгө жана/же кайтарууга жатат.

Мында, Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына акциздик товарларды экспортко тастыкталбаган сатууга байланыштуу эсептелген туумдардын төлөнгөн суммасы кайтарууга жатпайт.".

34. 375-берененин 4-бөлүгүндөгү "бажы мыйзамдарына жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр "Бажы бирлигинин мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыялоого жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш.Атамбаев