Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

МЫЙЗАМ

2014-жылдын 31-декабры № 185

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1.  224-берененин 5-пункту «материалдык ресурстардын беримдерин жүзөгө ашыруучу,» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле товар алмашуу (бартердик) онерациясын жүргүзүү жолу менен төлөөнү жүзөгө ашыруучу» деген сөздөр менен толукталсын.

2.  270-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

 

2.- берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2014-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылары белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Ш. Атамбаев