Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 52 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\398ad821-380b-4b48-b8a3-fdc524def39a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 31-декабры № 184

Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I бөлүм. Жалпы жоболор

1-глава. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаттары

Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы бирлигинин органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатындагы чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;

2) товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;

3) бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү;

4) товарларды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу менен байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын, бажылык иш-аракет чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ташылып чыккан жана Кыргыз Республикасына ташылып келген товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

5) тышкы экономикалык иш-аракетти жана тышкы соода иш-аракетин, бажы иши жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

2-берене. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жана бажы иши

1. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу - бул, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасында товарларды которуштурууга, аларды бажылык контролдоо менен Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагы (мындан ары - Бажы бирлигинин бажы аймагы) боюнча ташууга, аларды бажылык жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого, чыгарууга жана пайдаланууга, бажы контролун жүргүзүүгө, бажы төлөмдөрүн төлөөгө байланышкан мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын (мындан ары - бажы органдары) жана жогоруда көрсөтүлгөн товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу жактардын ортосундагы бийликтик мамилелерди укуктук жөнгө салуу.

2. Бажы иши Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.

3-берене. Бажы иши жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу

Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу менен байланышкан укуктук мамилелер Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана төмөнкүлөрдөн турат:

1) ушул Мыйзамдан;

2) кабыл алынуусу ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылардан.

Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

4-берене. Бажы мыйзамдарынын мезгил аралыгында колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда артка карай колдонулбайт.

2. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актыларынын жактардын абалын жакшырткан жоболору, эгерде актыда түздөн-түз каралса, артка карай колдонулат.

3. Эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары расмий жарыяланган күндөн кеминде 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5-берене. Бажы ишине жетекчилик кылуу

1. Бажы ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.

2. Бажы ишине түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) өз ыйгарым укуктарын түздөн-түз жана Кыргыз Республикасынын өзүнө баш ийген бажы органдары аркылуу ишке ашырат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюштуруу-укуктук статусу жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

6-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү

1. Мамлекеттик органдар жана жактар бажы органдарына ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык берген маалыматтар бажы максаттарында гана, анын ичинде укук бузууларга бөгөт коюу үчүн пайдаланылат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана алардын кызмат адамдары ушул берененин 4-пунктунда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматты, ошондой эле коммерциялык, банктык, салыктык маалыматты же мыйзам менен корголуучу башка сырларды жана башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга, же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.

3. Коммерциялык сырды түзгөн же купуя болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органы жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй мамлекеттик органдарына маалымат беришет:

1) укук коргоо органдарына - бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон кылмыш-жаза иштери боюнча гана;

2) сотторго, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талап кылуусу боюнча;

3) банкроттуктагы иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга) - алардын Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, банкроттук процесс козголгон субъекттер боюнча гана;

4) салык кызматынын органдарына - алардын ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган милдеттерин аткаруу максатында;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз Республикасынын алардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген учурларда;

6) башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык.

7) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында.

5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга жатпайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

1) ички салыктар - Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө алына турган кошумча нарк салыгы жана акциздер;

2) товарды убактылуу (шарттуу) баалоо - товардын декларант көрсөткөн бажылык наркын тактоо мезгилинде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары декларант тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органына чегерилген депозиттин өлчөмүн эсептөө үчүн кабыл алынган товардын бажылык наркы;

3) контрафакттык товарлар - автордук укуктун жана чектеш укуктун, товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарына укуктардын объекттерин камтуучу товарлар, эгерде мындай товарларды даярдоо, аларды бажы чек арасы аркылуу которуштуруу жана бажылык контролдо турган товарлар менен башкача аракеттерди жасоо укук ээсинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголгон укуктарын бузууга алып келсе;

4) жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары - товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча чараларды, лицензиялоону, квоталоону, экспорттук контролдоо чараларынын системасын, стандарттарга жана товарлардын коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келгендикти ырастоону кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана андан алып кетүүгө тыюу салуулар жана чектөөлөр жана сакталышына контролду бажылык чек ара аркылуу товарларды которуштурууда Кыргыз Республикасынын бажы органдары жүзөгө ашыруучу башка тыюу салуулар жана чектөөлөр;

5) Кыргыз Республикасынын бажы органына товарларды жана транспорттук каражаттарды көрсөтүүчү жер - ушул Мыйзамда каралган бажылык жол-жоболорду жүргүзүүчү жер катары Кыргыз Республикасынын бажы органдары аныктаган аймак (аймактын бөлүгү), үстү ачык же жабык орун-жайлар;

6) товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз которуштуруу - товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келүү же ал аймактан алып кетүү боюнча аракеттерди жасоо;

7) өткөрмө пункттун бажылык инфраструктурасынын объекттери - контролдоочу органдардын иштөөсүнө, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарын социалдык жактан тейлөөгө, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактарды, товарларды жана транспорттук каражаттарды которуштуруу үчүн шарттарды түзүүгө арналган имараттар, курулмалар, курулуштар, өткөрмө пункттун аймагы;

8) өзгөчө экономикалык зоналар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүндө эркин экономикалык зоналарды, эркин бажылык зоналарды камтуучу зоналар;

9) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн да, түзбөгөн да, жайгашкан жери Кыргыз Республикасында болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жактар-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталган жеке жактар-резиденттер;

10) товарларды жана (же) транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин бажылык чек арасы аркылуу которуштуруу - товарларды жана (же) транспорт каражаттарын кандай ыкма менен болбосун, анын ичинде эл аралык почта жөнөтмөлөрү менен жиберүү, куурдук транспортту жана электр берүү линияларын колдонуу менен Бажы бирлигинин бажылык аймагына алып келүү же аймактан алып кетүү боюнча аракеттерди жасоо.

Аталган аракеттерге төмөнкүлөр кирет:

- Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды алып келүү - бажы чек арадан товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды иш жүзүндө алып өтүү, Кыргыз Республикасынын бажы органдары чыгарганга чейин товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган андан кийинки аракеттер;

- товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды Бажы бирлигинин аймагынан алып кетүү - бажылык декларацияны берүү же болбосо товарларды жана (же) транспорттук каражаттарды алып кетүүгө түздөн-түз багытталган башка аракеттер;

11) укукка ээ болуучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объектисине карата укукка ээ болгон жак;

12) интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарууну токтото туруу - интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарлардын чыгарылышын же шарттуу чыгарылышын Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кийинкиге калтыруу;

13) өткөрмө пункт - Бажы бирлигинин бажылык чек арасынын Кыргыз Республикасынын аймагында турган, бажылык инфраструктурасы бар, Бажы бирлигинин бажылык чек арасы аркылуу адамдардын, товарлардын жана транспорттук каражаттардын өтүүсүнө арналган, темир жол, автомобиль жана аба катнаштарынын чегинде жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталган участогу;

14) Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аракеттерин тариздөө, бул аркылуу жекече номерлүү мөөрлөрдү жана штамптарды коюу же белгилүү бир чечимдерди жазуу жүзүндө чыгаруу жолу менен, ушул Мыйзамда каралган белгилүү бир операцияларды жасоого мүмкүндүк берүү;

15) бажылык текшерүү - Бажы бирлигинин бажылык чек арасы аркылуу товарларды которуштурууда жактар тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын бухгалтердик эсеп, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтери жана субъекттин экономикалык (ишкердик) иш-аракетине тийиштүү болгон башка документтер менен салыштырып текшерүү үчүн бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар;

16) бажылык нарк - адвалордук ставкалар (коюмдар) боюнча бажы алымдарын, салыктарды жана бажы жыйымдарын эсептөө үчүн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык аныкталуучу товар наркы;

17) Кыргыз Республикасынын бажы органдары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппараты, бажыканалар жана башка бөлүктөр;

18) бажы төлөмдөрү - Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, ушул Мыйзамга жана салык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар;

19) бажылык максаттар - бажы мыйзамдарынын сакталышын Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык камсыз кылуу;

20) бажы контролунда турган товарлар - ички керектөө үчүн чыгарылганга, алып кетүүдө же жок кылууда иш жүзүндө бажылык чек арадан өткөнгө чейин Бажы бирлигинин аймагына алынып келген чет өлкөлүк товарлар, ошондой эле Бажы бирлигинин аймагынан алып кетүүдө бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөнгө чейинки ата мекендик товарлар;

21) транспорттук каражаттар - адамдарды акы алып ташуу үчүн же болбосо товарларды акы алып же акысыз түрдө өнөр жайлык же коммерциялык ташуу үчүн пайдаланылуучу кайсы болбосун транспорттук каражаттар (чиркегичтерди, жарым чиркегичтерди жана комбинацияланган транспорт каражаттарын кошуп алганда), ошондой эле алардын демейдеги запастык бөлүктөрү, шаймандары жана жабдуулары, алардын кадимки бактарындагы күйүүчү-майлоочу материалдар жана, эгерде транспорт каражаттары менен бирге ташылып жатса, белгиленген көлөмдөгү күйүүчү зат;

22) шарттуу бошотуу - бажы төлөмдөрүн төлөөдөн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык бошотуу;

23) товарларды жоготуп коюу - товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө ушул Мыйзамга ылайык товарлардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жактардын иш жүзүндөгү ээлик кылуусунан товарлардын чыгуусу, анын ичинде үчүнчү жактардын уурдашынын же башка укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында чыгуусу.

2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык болгон, ушул Мыйзамда аныкталбаган терминдер ушул Мыйзамда Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзүүчү эл аралык келишимдерде аныкталган мааниде колдонулат.

3. Башка бардык терминдер ушул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары жана башка уюмдар менен мамилелери

1. Кыргыз Республикасынын Бажы бажылык тариздөөнү жана бажылык контролду жүргүзүүнүн кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү, ошондой эле тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана биргелешип аракеттенүү максатында органдары тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары, жүк ташуучулар жана иш-аракети товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан башка уюмдар жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди карманат.

2. Бажы операцияларын жүзөгө ашыруунун кыйла натыйжалуу усулдарын киргизүү жагында, ошондой эле тышкы соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган башка маселелерди чечүү жагында кызматташуу жана өз ара аракеттешүү төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын актыларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы экономикалык иш-аракеттин, анын ичинде экономиканын айрым тармактарынын өнүгүүсүнүн финансылык, экономикалык, социалдык жана башка көрсөткүчтөрүн талдоого катышуу;

3) бажылык администрациялоо чараларын колдонуунун натыйжалуулугун баалоого катышуу;

4) бажы ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн даярдоо.

2-глава. Бажы ишиндеги маалыматтык тутумдар жана маалыматтык технологиялар

9-берене. Маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын колдонуу

1. Ушул Мыйзамда каралган бажы операцияларын жүргүзүү маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды, анын ичинде маалыматтарды берүүнүн электрондук ыкмаларына негизделген тутумдарды жана технологияларды, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттарын пайдалануу менен, ушул главага ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы ишинде маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучулары үчүн экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу болууга тийиш.

3. Эсептөө техникасынын жана байланыштын каражаттарын пайдалануу менен маалыматтык тутумдарды жана маалыматтык технологияларды киргизүү тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар тарабынан мыйзамдуу негизде сатып алынган маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле аларды камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет, алар аталган продукцияларга карата өз компетенциясынын чектеринде менчик укугун жүзөгө ашырат.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде жүргүзүлөт.

6. Бажы ишинде колдонулуучу, үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар жана алардын камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык келүүгө жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы операцияларын жүргүзүүдө пайдалануучу ушундай продукцияларга шайкеш келүүгө тийиш.

7. Маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттарын бажы максаттары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бул продукцияны колдонуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

10-берене. Маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын сертификаттоо

1. Маалыматтык тутумдар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда жана тартипте сертификатталууга тийиш.

2. Сертификатталган маалыматтык тутумдарды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга, ошондой эле сертификатталбаган тутумдан алынган маалыматты пайдаланууга байланышкан тобокелчилик жүктөлүүчү жактардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

11-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтерден жана маалыматтардан, ошондой эле аларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерден түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары деп документтештирилген маалыматтын уюштурулган жыйындысы түшүнүлөт, ал өзүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарында түзүлүүчү, кайра иштетилүүчү жана топтолуучу дайындар базасын жана башка маалымат массивдерин камтыйт.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстары мамлекеттик менчик болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына киргизилет жана бул органдардын компетенциясына ылайык алардын карамагында болот.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынын укуктук режими, анын ичинде маалыматты документтештирүүнүн тартиби, аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда, берилиши ушул Мыйзамда же ал аныктаган тартипте каралган документтер, анын ичинде бажылык декларация маалымат алмашуунун электрондук ыкмалары аркылуу, аларды документтештирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка талаптарды сактоо менен берилиши мүмкүн.

5. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын маалымат, маалыматташтыруу жана маалыматты коргоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда документтештирилген маалыматты милдеттүү түрдө берүүнүн негизинде мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү учурларына карата жайылтылбайт.

12-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык маалыматты алуу чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Маалыматка жеткиликтүүлүк чектелбеген учурларда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аны Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык ресурстарынан алууга укуктуу жана алардан суралып жаткан маалыматтарды алуунун зарылдыгын негиздөөгө милдеттүү эмес.

3. Жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстардан маалыматтарды алуунун тартиби, аны алуунун орду, убактысы, негиздери жана шарттары ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын карамагындагы жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү укугу терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилет.

13-берене. Маалыматты, маалыматтык процесстерге жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо

1. Маалыматты, маалыматтык процесстерге жана маалыматташтырууга катышкан субъекттердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сертификатталууга тийиш болгон маалыматтык тутумдардын жана маалыматтык технологиялардын камсыздоо каражаттары менен шайкеш келген маалымат коргоонун атайын программалык-техникалык каражаттарын киргизүү жана пайдалануу менен камсыз кылынат.

2. Маалымат коргоо каражаты менен камсыздалган маалымат коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына шайкеш келүүгө тийиш. Маалымат коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин Кыргыз Республикасынын карамагында маалымат ресурстары болгон бажы органдары камсыз кылат.

3. Маалымат коргоого жана маалымат коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.

14-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын эл аралык маалымат алмашууга катышуусу

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка бажы органдары чет мамлекеттердин бажы органдары, ошондой эле, өз компетенциясынын чегинде - башка органдары жана уюмдары менен, эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана эл аралык келишимдеринде аныкталуучу тартипте жана шарттарда эл аралык маалымат алмашууга катышат.

3-глава. Бажы иши жагында маалымат жана консультация берүү

15-берене. Кабыл алынган чечимдин, жасалган аракеттердин же аракетсиздиктин себептери жөнүндө маалымат алуу

Кыргыз Республикасынын бажы органы же болбосо анын кызмат адамы тарабынан өзүнө карата чечим кабыл алынган же аракет жасалган жак, ошондой эле өзүнө карата чечим кабыл алынбаган же болбосо жасалууга тийиш болгон аракет белгиленген мөөнөттө жасалбаган жак, эгерде аталган жагдайлар жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын түздөн-түз жана жекече козгосо, Кыргыз Республикасынын бул бажы органына чечим кабыл алынган, аракет жасалган же болбосо чечим кабыл алуунун же аракет жасоонун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө, кабыл алынган чечимдин же жасалган аракеттин же болбосо чечимди кабыл албоонун же аракетти жасабоонун себептери жана негиздери жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.

Суроо-талап Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан токтоосуз каралууга жатат. Суроо-талап жазуу жүзүндө берилгенде жооп да жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

16-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматтардын бардык кызыкдар жактарга тоскоолдуксуз, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу аркылуу жеткиликтүү болушун камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы иши тармагындагы укуктук актыларга киргизилген күчүнө кире элек өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтардын, ченемдик укуктук актылардагы өзгөртүүлөр тууралуу алдын ала кабарлоого жол берилбеген учурларды кошпогондо, бардык кызыкдар жактарга жеткиликтүү болушун, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу аркылуу жеткиликтүү болушун камсыз кылат.

17-берене. Бажы ишинин маселелери жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча консультация берүү

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажы ишинин маселелери жана бул органдардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте консультация берет.

Бажы ишинин кызыкдар жак тарабынан коюлган маселелери боюнча маалыматтар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берилет.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары консультацияларды оозеки жана жазуу жүзүндө акысыз берет.

3. Консультация өткөрүүдө кызыкдар адамдарга берилген маалыматтар товарларга жана транспорттук каражаттарга карата бажылык операциялар жүргүзүлгөндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын чечим кабыл алуусу же аракеттерди жасоосу үчүн негиз болуп саналбайт.

4-глава. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракетти жөнгө салуу

18-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракеттин жалпы жоболору

1. Ата мекендик юридикалык жактардын убактылуу сактоо кампаларынын ээси, бажы кампаларынын ээси, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээси жана бажылык ташуучулар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажылык өкүлдөр катары иш-аракет жүргүзүүсүнө алар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине, бажылык ташуучулардын реестрине, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине, бажылык өкүлдөрдүн реестрине киргизилген шартта жол берилет.

Эркин кампанын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө кызыкдар болгон юридикалык жактарды эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, эркин кампанын ээсин мындай реестрден чыгаруунун негиздери жана мындай реестрден чыгаруунун тартиби, ошондой эле эркин кампанын ээси катары иш-аракетин токтото туруунун жана аны кайра жандандыруунун тартиби, эркин кампалардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин туруктуу түрдө, кеминде үч айда бир жолу өзүнүн расмий басылмаларында жарыялап турууну камсыз кылууга;

- бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин Бажы бирлигинин органына берүүгө.

19-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн жана реестрден чыгаруунун тартиби

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү ушул Мыйзамдын 20-беренесинде каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жак тарабынан берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Арызга ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган документтердин түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу.

Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө ал берген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими түрүндө, жазуу жүзүндө таризделет жана мындай реестрге киргизилгендиги жөнүндө акысыз негизде берилүүчү күбөлүк менен ырасталат.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жакты реестрге киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечим тиешелүү арызды берген жакка гана карата анык болот жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.

4. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн, реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүктү кайра артка алуу жөнүндө арыздын негизинде же ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

20-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтар

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) арыз берүүчүнүн аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар;

- өзүнүн иш-аракет жүргүзүү чөлкөмүн Кыргыз Республикасынын бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) иш-аракет чөлкөмүнүн алкагы менен чектөөгө же болбосо өзүнүн иш-аракет чөлкөмүн чектебөөгө ниеттенгендиги жөнүндө маалыматтар.

2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган жалпы маалыматтардан сырткары, арыз берүүчү төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

а) убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын тиби жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жабык типтеги кампа түзүлгөн учурда - негиздемени;

б) арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган орун-жайлар жана (же) ачык аянтчалар, алардын жайгашкан жери, жайгарылышы, жабдуулары жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтарды;

2) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө:

а) арыз берилген учурга карата алымсыз соода-сатык дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу орун-жайлардын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;

3) бажылык өкүл катары иш-аракетти жүзөгө ашырууда:

а) өз иш-аракет жүргүзүү чөйрөсүн Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасына ылайык товарлардын белгилүү бир түрлөрүнө карата же болбосо транспорттун белгилүү бир түрлөрүндө бажылык чек ара аркылуу которуштурулуучу товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен чектөөгө, ошондой эле айрым бир бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) иш-аракет чөлкөмүнүн алкагында, же болбосо мындай чектөөлөрсүз жүргүзүүгө ниеттенгендиги жөнүндө маалыматтарды;

4) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) жүктөрдү ташуу боюнча иш-аракет жүргүзүүнүн мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;

б) өз ээлигинде турган, бажылык жүк ташуучу катары иш-аракетти жүзөгө ашырууда колдонуу болжолдонгон транспорттук каражаттар, анын ичинде бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга жарактуу транспорттук каражаттар жөнүндө (жалпы саны, техникалык мүнөздөмөлөрү) жөнүндө маалыматтарды;

5) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды.

3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана бажы алымысыз соода-сатык дүкөнү катары колдонууга арналган, аймактык жактан өзүнчө ар бир орун-жайга жана (же) аймактык жактан өзүнчө ар бир ачык аянтчага карата бажы ишинин чөйрөсүндөгү иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө өзүнчө арыз берилет.

21-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;

2) жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

3) ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер;

4) ушул Мыйзамдын 22-беренесине ылайык камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастоочу документтер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы документтерден сырткары арыз берүүчү төмөнкүдөй кошумча документтерди берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

а) убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган орун-жайлардын жана (же) ачык аянтчалардын пландары жана чиймелери;

б) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишими же аймакка (аянтка) жана орун-жайларга ээлик кылуу укугун ырастоочу башка документтер;

в) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларга карата чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер;

г) ушул Мыйзамдын 40-главасына ылайык бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ;

2) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө:

а) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүү үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же орун-жайларга ээлик кылуу укугун ырастоочу башка документтер;

б) мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода-сатык дүкөнүн ачуунун мүмкүндүгү жөнүндө ырастамасы;

в) алымсыз соода-сатык дүкөнү катары колдонууга арналган орун-жайлардын пландары жана чиймелери;

г) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларга карата чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер;

д) ушул Мыйзамдын 40-главасына ылайык бажы алымдарынын, салыктардын төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ;

е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чекене соода-сатыкка карата каттоо жана уруксат берүү документтери;

3) бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) арыз берүүчүнүн кызматкерлери болуп саналган бажы операциялары боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрү;

б) бажы операциялары боюнча адис катары жумушка кабыл алуу жөнүндө эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ жана (же) бул адамдын бажы операциялары боюнча адис катары чыгууга ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;

в) арыз берүүчү өз иш-аракетин жүргүзүүнү болжолдогон ар бир регион боюнча бажы операциялары жагындагы адистердин бар экендиги жөнүндө документ. Эгерде жак өз иш-аракетин региондор боюнча кандайдыр бир чектөөлөрсүз жүргүзүүнү пландаса, мындай учурда арыз берүүчү бажылык өкүл катары өз иш-аракетин алар аркылуу жүргүзүүнү пландап жаткан филиалдар жана алардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды арыз берилген күнгө карата берет;

г) бажы алымдарын, салыктарды Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 13-беренесинин 3-пунктчасында суммадан кем эмес суммада төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ;

4) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү Бажы союздун Бажы кодексинин 39-беренесинин 1-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан кем эмес суммада камсыз кылууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка кредиттик уюмдардын Реестрине киргизилген банк тарабынан берилген банк кепилдиги түрүндө ырастоочу документ;

б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык карызынын (бересесинин) жок экендиги жөнүндө документ;

в) бажы жол-жоболорун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары берген маалыматтарды жана чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берген, товарларды эсепке алуу системасынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;

г) кампа катары колдонууга арналган орун-жайлардын жана (же) ачык аянтчалардын пландары жана чиймелери;

д) аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишими же аймакка (аянтка) жана кампа орун-жайларына ээлик кылуу укугун ырастоочу башка документтер;

е) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларга чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо жөнүндө документ.

5) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) жүктөрдү ташуу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия, эгерде иш-аракеттин мындай түрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензияланса;

б) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө пайдалануу болжолдонгон транспорттук каражаттарга ээлик кылуу укугун ырастоочу документтер;

в) бажы алымдарын, салыктарды Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 19-беренесинин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан кем эмес суммада төлөөнү камсыз кылуунун чегерилгендигин ырастоочу документ.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары

1. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

а) убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болушу (ушул Мыйзамдын 65 жана 96-беренелери);

б) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүү үчүн аймакты (аянтты) жана орун-жайларды пайдалануу, ээлөө же тескөө укугу. Мында убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишимин колдонуунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып кеминде үч жылды түзүүгө тийиш;

в) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынышы;

г) бажылык контролдо турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу;

д) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

е) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

2) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө:

а) алымсыз соода-сатык дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу орун-жайлардын бар экендиги (ушул Мыйзамдын 149-беренеси);

б) алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн орун-жайларды пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укугу. Мында алымсыз соода-сатык дүкөнү катары пайдаланууга арналган аймакты (аянтты) жана орун-жайларды ижарага алуу келишимин колдонуунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып кеминде үч жылды түзүүгө тийиш;

г) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынышы;

д) бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарын колдонуу;

е) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

ж) арыз берилген күнгө карата бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

3) бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) ушул Мыйзамдын 231 жана 232-беренелерине ылайык штатында бажы операциялары боюнча квалификациялык күбөлүк алган кеминде эки адистин болушу;

б) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарды колдонуу;

в) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынымы;

г) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

д) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

4) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүдө:

а) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка кредиттик уюмдардын Реестрине киргизилген банк тарабынан берилген банктык кепилдикти камсыз кылуу;

б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күндөн тартып кеминде бир жыл тышкы экономикалык ишти жүргүзүү;

в) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, пайыздарды, туумдарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин жок экендиги;

г) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык карыздардын (береселердин) жок экендиги;

д) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганга чейин бир жылдын ичинде бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

е) товарларды эсепке алуу тутумунун бар экендиги;

ж) декларациялоонун, бажы декларацияларын контролдоонун жана эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органдары колдонуучу программалык продуктуларга шайкеш келген программалык продуктуну милдеттүү түрдө колдонуучу тутумдун бар экендиги;

з) документтерди сактоо жана компьютердик системаны ага болгон адамдардын уруксатсыз кирүүсүнөн коргоо максатында коопсуздук боюнча маалыматтык технологиялык чараларды камсыз кылуу;

и) кампа катары пайдаланууга жарактуу орун-жайлардын жана (же) ачык аянттардын бар экендиги;

к) кампанын аймагын (аянтын) жана орун-жайларын пайдалануу, ээлөө жана тескөө укугу;

л) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

м) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги;

н) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу өлчөмдө, көз карандысыз аудитордук отчёт (аудитордук отчёттор) менен ырасталган юридикалык жактын толук түзүлгөн уставдык капиталы жөнүндө маалыматтын болушу;

5) бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүүдө;

а) ушул Мыйзамдын 56-беренесинде аныкталган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды жайлаштырууга жана жабдууга карата конкреттүү талаптарга жооп берген, бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлуу менен товарларды ташууга жарактуу болгон транспорттук каражаттарга ээлик кылуу;

б) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылынымы;

в) арыз берилген күнгө карата бажы төлөмдөрү, туумдар боюнча карыздардын жок экендиги;

г) арыз берилген күнгө карата бажы ишинин чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн бир жылдын ичинде администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жок экендиги.

д) бул жактын бажы органына кайрылган күнгө карата эки жылдан кем эмес мезгилде жүктөрдү ташуу боюнча иш-аракетти жүзөгө ашыруусу.

2. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси жана бажылык өкүл катарында иш-аракет жүргүзүү ал өкүлдүк кылган жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же ушул жактар менен келишимдерди бузуунун натыйжасында келип чыгуусу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Мында камсыздандыруу суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим чыгаруудан төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) эгерде ушул главага ылайык талап кылынуучу бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган шарттарды сактабаса.

Арыз берүүчү ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтерди жойгон учурда арыз жалпы негиздерде каралат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө кабыл алынган чечим жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүүдөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баш тартуусу ушул Мыйзамдын XI бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

24-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулуу мөөнөтүн токтотуу жана чакырып алуу

1. Чоң зыянга учуратпаган бир жолку укук бузгандыгы үчүн, бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактын ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды аткарбагандыгы үчүн ушул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө жатат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө эскертүүгө учураган жак ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактын иш-аракетин үч айга чейинки мөөнөткө токтото турат.

Бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтото турууга негиз болгон себептер четтетилген шарттарда кайра калыбына келтирилет.

Чечимдин колдонулушу токтото турулган мезгилде:

1) товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода-сатык дүкөнүнө которуштурууга жол берилбейт;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн жүргүзүлүүчү зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода-сатык дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;

3) бажы кампасында жана алымсыз соода-сатык дүкөнүндө товарларды сатууга тыюу салынат.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда кайра артка алынат:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

а) кампанын ээси бажы ишинин чөйрөсүндө эки же андан көп жолу администрациялык укук бузганда;

б) соттун чечими боюнча;

в) кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

г) жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан уюштурулганда;

д) кампанын ээсинин бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра артка алуу тууралуу арызы боюнча;

е) бир жылдын ичинде убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын ээси катары чарба жүргүзүү иш-аракетин жүзөгө ашырбаганда;

ж) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракетти жүзөгө ашырган жактардын реестрине киргизүү шарттары сакталбаганда;

з) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 26-беренесинин 1-5, 7 жана 8-пунктчаларында каралган милдеттер убактылуу сактоо кампасынын ээси тарабынан сакталбаганда;

и) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 31-беренесинин 1-6, 8 жана 9-пунктчаларында каралган милдеттер бажы кампасынын ээси тарабынан сакталбаганда;

к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;

2) бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзүүдө;

а) эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажылык өкүлдүн милдеттерин аткарбаганда;

б) эгерде мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажылык өкүл бажы жол-жоболорун жүргүзгөн товарларды эсепке алуунун тартиби бузулганда;

в) бажы өкүлү бажы ишинин чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;

г) соттун чечими боюнча;

д) жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан уюштурулганда;

е) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра артка алуу тууралуу бажылык өкүлдүн арызы боюнча;

ж) өзү өкүлү болгон жактарга мыйзамда белгиленген тартипте далилденген зыян келтиргенде, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтиргенде;

з) бажылык өкүл кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыяласа;

и) квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганда, анын ичинде эгерде квалификациялык күбөлүк кайра артка алынганда же анын колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу аны колдонуу токтотулганда, мындай иш-аракет жүргүзүү укугунан соттун актысынын негизинде ажыраганда;

к) бажы операциялары боюнча адис тарабынан бажы иши чөйрөсүндө кылмыш-жазалык-жазалануучу жосун жасалганда;

л) эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса, бир жыл бою бажылык өкүл катары чарба жүргүзүү иш-аракетин жүзөгө ашырбаганда;

м) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттары сакталбаганда;

н) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;

3) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө, эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса;

а) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси бажы ишинин чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;

б) соттун чечими боюнча;

в) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;

г) жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрадан уюштурулганда;

д) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээсинин бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра артка алуу тууралуу арызы боюнча.

е) алымсыз соода-сатык дүкөнүн түзүүдө ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасында каралган бажы иши чөйрөсүндөгү иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүү шарттары сакталбаганда;

ж) ушул Мыйзамдын 150-беренесинде каралган милдеттерди алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси сактабаганда, мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулган болсо;

з) бир жылдын ичинде алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси катары чарба жүргүзүү иш-аракетин жүзөгө ашырбаганда;

и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлганда;

к) алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн ээси тарабынан Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 36-беренесинде каралган милдеттер сакталбаганда.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайра артка алуу жөнүндө чечим кабып алуусу бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринен жактарды чыгарып салууга алып келет.

Кайра артка алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу тууралуу чечимди кабыл алган күндөн тартып колдонулат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу жөнүндө чечимди өзүнө карата бул чечим кабыл алынган жакка мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө, чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жеткирет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат алуу же бул чечимди алган фактыны жана датаны ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан качышca, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кайра артка алуу жөнүндө чечимди жакка кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө кабарлаган күн эсептелет.

5. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү тууралуу кайтадан берилген арыз кайра артка алууга негиз болгон себептер четтетилген шартта каралышы мүмкүн.

6. Ушул берененин колдонулушу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактарга жайылтылбайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтото туруу жана аны кайра артка алуу

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтото турулат:

1) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу экономикалык оператор арыз бергенде;

2) бажы төлөмдөрү, салыктар жана туумдар боюнча карыздары бар болгондо - карызды төлөгөн учурга чейин;

3) кылмыш-жазалык иштер козголгон фактылар бар болгондо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы чечим чыгарылганга чейин;

4) бажы эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык өндүрүш козголгон фактылар болгондо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыркы чечим чыгарылганга чейин.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.

2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим төмөнкү учурларда кайра артка алынат:

1) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен аны чыгаруу жөнүндө арыз бергенде;

2) юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлганда;

3) юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра түзүлгөндө;

4) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде кылмыш-жазалык жоопкерчилиги бар болгондо;

5) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот чечиминин негизинде администрациялык жоопкерчилиги бар болгондо;

6) юридикалык жак кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же өзүнүн банкроттугу жөнүндө жарыяласа.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайра артка алуу жөнүндө чечимди кабыл алуусу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринен жактарды чыгарып салууга алып келет.

Кайра артка алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып колдонулат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайра артка алуу жөнүндө чечимди өзүнө карата бул чечим кабыл алынган жакка мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө, чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жеткирет. Аталган чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тил кат алуу же бул чечимди алган фактыны жана датаны ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан качышса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кайра артка алуу жөнүндө чечимди жакка кабарлаган күн болуп почта кызматы тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө кабарлаган күн эсептелет.

4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор катары иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө кайтадан берилген арыз, администрациялык жана/же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылган жактарды кошпогондо, кайра артка алууга негиз болуп кызмат кылган себептер жоюлган шартта каралышы мүмкүн.

26-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра тариздөө

1. Жактын аталышын анын уюштуруучулук-укуктук формасын же жайгашкан жерин өзгөртүүгө алып келбегендей өзгөрткөндө же болбосо ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтарды өзгөрткөндө бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндөгү чечимди кайра кароо жөнүндө арызды, аталган маалыматтарды ырастоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен берүүгө тийиш.

Чечимди кайра тариздөө жөнүндө арызды арыз берүүчү кайра тариздөө үчүн негиз болуп эсептелген жагдайлар пайда болгон учурдан тартып беш күндүн ичинде берет.

2. Чечимди кайра тариздөөдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурун чыгарылган чечим жана берилген күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери берилет жана берилген датасы көрсөтүлөт.

Күбөлүктү алганга чейин, кайра тариздөө мезгилинде, бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак мурун кабыл алынган чечимдин жана күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде иш-аракетин жүргүзөт.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечимди кайра тариздөө бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жак тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактан чечимди ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча кайра тариздөөнү талап кылууга тыюу салынат.

27-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрин түзөт жана алып барат.

2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалымат таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсунда жайгаштырылат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалыматты мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого жол берилет.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри өзүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

1) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн номери жана датасы;

2) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган күбөлүктөр жөнүндө;

3) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурун берилген күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото турулушу жөнүндө;

4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги;

5) убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун кампалары жайгашкан жерлер жөнүндө;

6) бажылык өкүлдүн өзүнчөлөнгөн структуралык бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан жерлери жөнүндө;

7) бажылык өкүлдүн штатындагы бажы операциялары боюнча адистер жөнүндө;

8) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн атайын жөнөкөйлөтүштөрдү берүү жөнүндө;

9) атайын жөнөкөйлөтүштөрдү колдонуу менен бажы операциялары жүргүзүлө турган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аталыштары;

10) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары жөнүндө;

11) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылууну ырастоочу документтин номери жана датасы;

12) транспорттун түрлөрү жөнүндө;

13) кошумча маалыматтар.

4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү чечимди кабыл алган күндөн тартып он беш жумуш күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм. Товарлар чыгарылган өлкө. Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы

5-глава. Товарлар чыгарылган өлкө

28-берене. Товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө жалпы жоболор

1. Бажы бирлигинин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттерде чыгарылган товарларды Кыргыз Республикасына аймагына киргизүүдө алар чыгарылган өлкөнү аныктоо товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Макулдашууга жана Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 7-главасына ылайык ишке ашырылат.

2. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгондо, эгерде Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.

3. Товарлар чыгарылган өлкө декларант тарабынан, ал эми ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан аныкталат. Товарлар чыгарылган өлкө товарларды бажылык декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына декларант тарабынан билдирилет. Товарлардын декларант тарабынан билдирилген келип чыгышы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык документалдуу ырасталууга тийиш.

29-берене. Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун өзгөчөлүктөрү

1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча товарларды бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлардын партиясы бир нечеге бөлүнгөн болсо, ажыратылган (кураштырылбаган) түрдө бир нече партиялар менен берилген товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоодо декларанттын каалоосу боюнча бул товарлар бирдиктүү товар катары каралууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболорун колдонуунун шарты болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ажыратылган (кураштырылбаган) түрүндө партиялар катары берилген товарлар жөнүндө, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен, товарлардын тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык коддорун, ар бир партияга кирген товарлардын наркын жана чыгарылган өлкөсүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын бажы органдарын алдын ала кабардар кылуу же болбосо товарларды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгын документалдуу ырастоо;

2) товардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир жөнөтүүчү тарабынан берүү;

3) товарлардын бардык партияларын Кыргыз Республикасынын бир бажы органына декларациялоо;

4) товарлардын бардык партияларын Кыргыз Республикасынын бажы органы бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө же товарлардын биринчи партиясына карата аны берүүнүн мөөнөтү бүткөндө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт декларанттын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын алып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

3. Товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн колдонулган энергиянын, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын чыккан жери эсепке алынбайт.

4. Машиналарда, жабдууларда, аппараттарда же транспорттук каражаттарда пайдаланууга арналган шаймандар, запастык бөлүктөр жана аспаптар алар аталган машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары менен бирдикте, демейде бул түзүлүштөр менен бирге коюлуучу комплектацияда жана санда алып келинген жана сатылган шартта ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорт каражаттары чыгарылган өлкөдө чыгарылган деп эсептелет.

5. Кыргыз Республикасынын аймагына товар алынып келген таңгак, бул таңгакты товардан өзүнчө декларациялоого жаткан учурларды кошпогондо, товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелет. Жогоруда аталган учурларда таңгак чыгарылган өлкө товар чыгарылган өлкөдөн өзүнчө аныкталат.

Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүш эрежесин колдонууда, Кыргыз Республикасынын аймагына товар салынып келинген таңгак ошол товар чыгарылган өлкөдө чыгарылды деп эсептелген учурларда, товар чекене соодада сатылган таңгак гана адатта эске алынат.

30-берене. Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоо

Товардын кайсы бир өлкөдөн чыгарылгандыгын тастыктоочу документ болуп товардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат же товардын чыгарылган жери тууралуу декларациялар саналат.

31-берене. Товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификат

1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат - товар чыгарылган өлкө жөнүндө бир мааниде күбөлөндүргөн жана ошол өлкөнүн, эгерде товар алынып чыккан өлкөдө сертификат товар чыгарылган өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, товар алынып чыккан өлкөнүн компетенттүү органдары берген документ.

Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндөгү сертификатта товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө маалыматтар, аларды колдонуу товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин маселесин жөнгө салган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде каралгандан башкача критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө бул эл аралык келишимдер менен аныкталган критерийлерге ылайык аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан товарларды алып кетүүдө товар чыгарылган жер жөнүндө сертификат, эгерде аталган сертификат контракттын шарты боюнча,   товар алынып келген өлкөнүн улуттук эрежелери боюнча же аталган сертификаттын болушу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган же уюм тарабынан берилет.

Товардын чыккан жерин тастыктаган документти берген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана товардын чыккан жерин тастыктоого негиз болгон башка документтерди товардын чыккан жерин тастыктаган документ берилген күндөн баштап кеминде үч жыл сактоого милдеттүү.

3. Товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген товарларды бажылык декларациялоодо бажылык декларация жана башка документтер менен бирге берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн нускасы кабыл алынат.

4. Товардын чыккан жери жөнүндө сертификат Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген аны тариздөө жана (же) толтуруу талаптарын бузуу менен таризделгенинин белгилери табылганда, бажы органы мындай сертификатты тарифтик преференцияларды берүү үчүн негиз катары кароодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.

Эгерде сертификатты көрсөтүү ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык милдеттүү болуп саналса, товардын чыккан жери жөнүндө сертификат талаптагыдай таризделип берилгенче же суралган кошумча документтер же болбосо тактоочу маалыматтар берилгенче ошол өлкөдөн чыккан деп эсептелбейт.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органы аралатып текшерүү жүргүзүү максатында, товардын чыккан жери жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү тууралуу кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажылык декларациялоодо билдирилген, ошол товар чыккан өлкө жөнүндөгү маалыматтардын негизинде товарды чыгарганга тоскоолдук кылбайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-берене. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация

1. Товардын чыгарылган жери жөнүндө декларация - товарды алып кетүүгө байланыштуу товарды даярдоочу, сатуучу же экспорттоочу тарабынан коммерциялык же товарга тиешеси бар кандайдыр бир башка документте жасалган, товар чыгарылган өлкө жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү.

2. Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндө декларацияда товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө маалыматтар, аларды колдонуу товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин маселесин жөнгө салган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде каралгандан башкача критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө бул эл аралык келишимдер менен аныкталган критерийлерге ылайык аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-берене. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтерди берүү

1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарды алып келүүдө, эгерде ошол товар чыгарылган өлкөгө Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик преференция берсе, товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификат берилет. Аталган учурларда тарифтик преференция Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же мыйзамдарында каралган белгилүү бир формадагы сертификатты бергенде берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, товар чыгарылган жер жөнүндөгү сертификатты көргөзүү төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт:

1) эгерде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларын Кыргыз Республикасына алып келүүгө тыюу салынган өлкө товар чыгарылган өлкө болуп саналгандыгынын белгиси бажы органдары тарабынан табылган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген товарлар транзиттин же убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосуна карата билдирилсе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарлар мындай товарлардын чыккан өлкөсү болуп саналбаган өлкөнүн аймагында мурда ички керектөө үчүн чыгарылса жана ушул өлкөдөн алынып келсе;

3) эгерде бажылык чек ара аркылуу которуштурулган, бир эле учурда бир эле ыкма менен бир эле жөнөтүүчү тарабынан бир эле алуучунун дарегине жөнөтүлгөн товарлардын жалпы бажылык наркы 2500 эсептик көрсөткүчүнөн кем болсо;

4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган башка учурларда.

3. Эгерде товардын чыккан жери жөнүндөгү сертификатты берүү талап кылынбаса, ал чыгарылган өлкө товардын чыккан жери жөнүндөгү декларация менен тастыкталат (32-берене).

4. Жеке жактар товарды бажылык чек ара аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте (34-глава) которуштурганда товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтерди көрсөтүү талап кылынбайт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-берене. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо товарды чыгаруунун шарттары

1. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтер болбогон учурда же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги жана (же) анык эмес маалыматтарды камтыгандыгы аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарды өткөрүүдөн баш тартат (47-глава).

2. Товардын чыгарылган жери ушул Мыйзамдын 30-32-беренелерине ылайык так аныкталбаган башка учурларда товар соодалык-саясий мамилелерде бир кыйла оңтойлуу режим каралбаган өлкөдөн чыккан товарларга карата колдонулуучу коюмдар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бажы органы бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла оңтойлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет). Бул учурда алып келүүнүн бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 13-главасына ылайык кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) жатат.

6-глава. Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы. Товарлардын классификациясы

35-берене. Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы

1. Тышкы экономикалык иш-аракеттин тышкы соода-сатыктык жана башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу үчүн, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасын жана Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү үчүн Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы (мындан ары - тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы) колдонулат.

Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана кичисубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (цифралык) коддорду камтыган товарлар классификатору. Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр, ошондой эле Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негиздерин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу жагында эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын билдирет;

2) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негизин өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго, бул негизди чечмелөө боюнча эл аралык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге мониторинг жүргүзөт;

3) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.

36-берене. Товарларды классификациялоо

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тапшырылган бажылык декларацияда жана башка документтерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын коддорун көрсөтүү талап кылынган учурларда товарлар бажылык декларациялоодо классификацияланууга жатат.

2. Бажылык декларацияда Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын кодун декларант же декларанттын тапшырмасы боюнча бажылык өкүл көрсөтөт.

3. Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясынын туура эместиги айкындалганда, бажы органы товарлардын классификациясын өз алдынча жүргүзөт жана алардын классификациясы боюнча чечимди кабыл алат.

Товардын классификациясы боюнча чечим бажы органынын каты түрүндө болот же бажылык текшерүү актысы боюнча чечимдин же бажы төлөмдөрүн, пайыздарын, туумун өндүрүп алуу жөнүндө чечимдин курамдык бөлүгү болуп саналат.

Товардын классификациясы боюнча чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

- товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы;

- декларанттын аты-жөнү (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы (бар болсо), жайгашкан жери;

- товарларга декларациянын каттоо номери же билдирилген бажылык жол-жобого ылайык товарларды чыгаруунун каттоо номери;

- товардын толук аталышы же товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон ал тууралуу башка маалыматтар;

- тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын түшүндүрүүнүн Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин негиздери жана далилдери;

- тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча алганда товардын он орундуу коду;

- кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалыматтар.

Товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же анын орун басары кол коет.

37-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо

1. Кыргыз Республикасына бир алуучунун дарегине бир же бир нече транспорттук каражат менен бир транспорттук (ташуучулук) документ же счет-фактура (инвойс, эсеп-проформа) менен алынып келген, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплектиленбеген же бүтүрүлгөн эмес түрдөгү товарлар (мындан ары - куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар) товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык даяр товардын коду менен классификацияланат.

2. Алып келүүдөгү бажы алымынын өзүнчөлөнгөн же комбинацияланган коюму белгиленген товарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай товардык партиялар менен он календардык күндөн ашпаган мезгилдин аралыгында алып келүү каралган, тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын 84, 85 же 90-топторундагы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар (товарлардын комбинациясын кошул алганда) товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен, төмөнкүдөй шарттар аткарылганда классификацияланышы мүмкүн:

1) ушул пункттун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органынын чогултулган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечими болгондо;

2) товарды бажылык декларациялоо Кыргыз Республикасынын бир бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашырылганда.

Эгерде товардын айрым компоненттери Бажы бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына бөлөк-бөлөк партиялар менен алынып келсе, бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоодо турса же сакталса, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу милдеттүү болуп саналбайт. Бул компоненттерге карата товарларга бир декларация берилиши мүмкүн жана алар Кыргыз Республикасынын бажы органына бир убакта берилсе болот.

3. Кыргыз Республикасына аймагына алып келгенде жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кеткенде товардын компоненттерин ар кандай партиялар менен, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн сырткары белгилүү бир мезгилдин ичинде жеткирүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товар товарларды классификациялоонун эрежелерине ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен, төмөнкүдөй шарттар аткарылганда классификацияланышы мүмкүн:

1) товарды бажылык декларациялоону Кыргыз Республикасынын бир бажы органына бир декларант тарабынан бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында ишке ашыруу;

2) пландаштырылган жеткирүүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны - декларант тууралуу, товарды жеткирүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө, товар жайлаштырыла турган бажылык жол-жобо тууралуу маалыматтарды, ошондой эле тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча саны жана коддору көрсөтүлүүчү товардын жана анын компоненттеринин сыпаттамасын камтыган кабарламаны Кыргыз Республикасынын бажылык декларация берилүүгө тийиш бажы органына товардын компоненттеринин биринчи партиясына карата бажылык декларация берилгенге чейин көрсөтүү.

Компоненттерин ар кайсы товардык партияларда белгилүү бир мезгилдин ичинде жеткирүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарга карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 53-56-беренелеринде аныктаган тартипте ошол товарды классификациялоо боюнча алдын ала чечим алынышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай товардык партияларда тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бир кодду көрсөтүү менен алып келүү каралган куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 227-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Эгерде ушул Мыйзамдын 227-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттерин чыгаруу жүзөгө ашырылбаса, мындай компоненттер тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасына ылайык, көрсөтүлгөн компоненттерге карата товарларды классификациялоо эрежелерине жараша колдонулуучу коддор боюнча классификацияланат.

38-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз

1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн ошол товардын декларанты катары аракет кылууга укуктуу жак, Кыргыз Республикасынын товарды чыгарууну ишке ашыруучу бажы органына жазуу түрүндө арыз берет.

Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз ошол товардын кайсы бир партиясы, бажы кампасынын бажылык жол-жобосу жана бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун кошпогондо, бажылык жол-жобого киргизиле электе берилет.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

1) ошол товардын декларанты катары аракет кылууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;

2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеги);

3) товарды жеткирүү мөөнөтү;

4) товар жайлаштырыла турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалымат;

5) Кыргыз Республикасынын товарды бажылык декларациялоо ишке ашырылуучу региондогу бажы органынын аталышы.

3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:

1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтер;

2) товардын компоненттеринин кагаз жана электрондук түрдөгү тизмеги (таблица түрүндө), анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын айрым бир компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн аталышы;

б) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин коду;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасында колдонулуучу чен-өлчөм бирдигиндеги салмагы жана саны;

3) багыты, аткаруучу функциялары, аракеттенүү принциби, жасалган материалы көрсөтүлүү менен товардын айрым компоненттеринин сыпатталышы;

4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).

4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып он беш календардык күн ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органы кошумча маалымат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө жактарга жазуу жүзүндө кабардама берет.

Кошумча маалымат кабардама арыз берүүчүгө берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилиши керек.

5. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

1) эгерде арыз ошол товардын декларанты болууга укугу жок жак тарабынан берилсе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органы сураган кошумча маалымат ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же ошол товардын декларанты болууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;

3) эгерде арызда жана ага тиркелген документтерде карама каршы маалыматтар камтылса;

4) эгерде Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жатуучу компоненттер тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдиктүү код менен классификациялануучу товарды түзбөсө;

5) эгерде, бажы кампасынын бажылык жол-жобосун жана бажылык транзиттин бажылык жол-жобону кошпогондо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын өз алдынча компоненттеринин бир бөлүгү бажылык жол-жобого берилсе.

39-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуунун мөөнөтү жана мындай чечимге карата талаптар

1. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык кошумча маалымат көрсөтүү зарылдыгы болсо, мөөнөт жакты жазуу жүзүндөгү кабардама катталган күндөн тартып токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти Кыргыз Республикасынын бажы органы алган күндөн кайра улантылат.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышын;

2) куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;

3) мындай товардын декларанты болууга укуктуу жак жөнүндө маалыматты;

4) товардын толук аталышын;

5) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын түшүндүрүүнүн Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин негиздерин жана далилдерин;

6) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын он орундуу кодун;

7) товардын компоненттеринин тизмегин, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын айрым компоненттерин түзгөн бөлүктөрүнүн аталышын;

б) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товардын компоненттеринин кодун;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өз алдынча компонентин түзгөн бөлүктөрүнүн тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасында колдонулуучу чен-өлчөм бирдигиндеги салмагын жана санын;

г) товардык компоненттерди алып келүү жүргүзүлгөн жана тышкы экономикалык бүтүм жасалгандыгын тастыктаган документтердин же бажы максаттарына зарыл болгон башка документтердин реквизиттерин;

8) товар бериле турган бажылык жол-жобо жөнүндө маалыматты;

9) кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби жөнүндө маалыматтарды.

3. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге Кыргыз Республикасынын бажы органынын жетекчиси же анын орун басары кол коет жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

40-берене. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу, чечимди өзгөртүү

1. Кыргыз Республикасынын бажы органы куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу же чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу же чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим ошол товардын декларанты болууга укуктуу жакка товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу же чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.

2. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:

1) эгерде товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алышы үчүн ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак жасалма документтерди көрсөткөндүгүн же жалган маалымат бергендигин Кыргыз Республикасынын бажы органы тастыктаса;

2) эгерде куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин акыркы партиясына бажылык декларация ушул Мыйзамдын 227-беренесинде каралган мөөнөттө берилбесе;

3) эгерде ошол товардын декларанты болууга укуктуу жак товарды жеткирүүдөн жазуу жүзүндө, анын ичинде товардын айрым компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келгенден кийин баш тартса.

3. Эгерде товардын чыгарылган компоненттери товарды классификациялоо эрежелерине ылайык, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде көрсөтүлгөн бүтүрүлгөн же комплекттелген товардын классификациялык кодуна тиешелүү болсо, куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.

4. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди жокко чыгаруу жөнүндө чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим төмөнкүдөй учурларда өзгөртүлөт:

1) тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы өзгөрүлгөндө;

2) Евразиялык экономикалык комиссия же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим же түшүндүрмө кабыл алынганда;

3) товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алууда же арыз берүүчү документтерди даярдаганда кетирилген каталар, жаңылыштыктар аныкталганда;

4) эгерде товарга же анын айрым компоненттерине тиешелүү болсо, тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө.

6. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди өзгөртүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.

7. Куралбаган жана ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонулушун жокко чыгарганда жана чечимди өзгөрткөндө ушул Мыйзамдын 40-беренесинде көрсөтүлгөн товардын айрым компоненттери товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык ошол компоненттерге колдонулуучу коддор боюнча Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасына ылайык классификацияланат.

41-берене. Товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечимдер, түшүндүрмөлөр жана башка чечимдер

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган бажы органдары кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясы жагындагы алдын ала чечимди Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 53-56-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарлардын өзүнчө түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алат жана түшүндүрмө берет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактарга ушул беренеге ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары кабыл алган алдын ала чечимдер жана түшүндүрмөлөр жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн акысыз негизде камсыз кылат.

7-глава. Бажылык статистика

42-берене. Тышкы сооданын бажылык статистикасы

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалы жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн контролдоо, валюталык контроль жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын абалын, кыймылын жана тенденцияларын, анын соода балансын жана бүткүл экономикасын талдоо максатында бажы органдары товарларды бажылык чек ара аркылуу которуштуруу тууралуу маалыматтарды жыйнайт жана иштеп чыгат, ошондой эле бажылык статистиканын маалыматтарын берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажылык статистиканын маалыматтарын эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тышкы сооданын бажылык статистикасынын маалыматтарын жарыялап турат.

2. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Тышкы сооданын бажы статистикасы Кыргыз Республикасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн өз ара соодасынын маалыматтарын салыштырууну камсыз кылуучу усулдарга ылайык жүргүзүлөт. Импорт жана экспорт боюнча ар айлык жана ар жылдык отчеттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Жогорку Кеңешине берилет жана тийиштүү мезгилден кийинки бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, коомчулук үчүн жарыяланууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык маалыматтык технологиялар максималдуу түрдө колдонулушу керек.

43-берене. Бажылык атайын статистика

Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жүктөлгөн маселелерди чечүүнү камсыз кылуу максатында бул органдар тарабынан бажылык атайын статистика ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

44-берене. Статистикалык максаттар үчүн пайдаланылуучу документтер жана маалыматтар

Статистикалык максаттар үчүн документтер жана маалыматтар ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык берилет.

III бөлүм. Бажылык декларация берүүдөн мурдагы бажылык операциялар

8-глава. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу которуштуруунун негизги принциптери

45-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруунун тартиби

1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу которуштуруу Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү жана ал аймактан алып кетүү, товарларды которуштурган жактардын ушул Мыйзамда каралган бажылык жол-жоболордун бирине товарларды киргизүү жана ушул бажылык жол-жобонун шарттарын сактоо милдеттүүлүгүнө алып келет.

3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарлар жана транспорттук каражаттар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык контролдоого жатат.

4. Бажы контролун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары коюучу талаптар Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана ушул Мыйзамды сактоону камсыз кылуу үчүн минималдуу түрдө зарыл болгондон чоң даражада товарларды жана транспорттук каражаттарды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурууга жана бажы иши жагында иш-аракеттерди жүргүзүүгө тоскоол боло албайт.

46-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруучу жерлери

1. Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруучу жерлери болуп өткөрмө пункттар же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлер саналат.

2. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды, жүргүнчүлөрдү которуштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттардагы бажылык инфраструктура объекттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башкарууга өткөрүп берүүгө укуктуу.

47-берене. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштурууда чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу

1. Эгерде чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген Бажы бирлигинин Бажы кодексинде, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде, Бажы бирлигинин комиссиясынын чечимдеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача аныкталбаса, бажы чек арасы аркылуу товарларды которуштуруу чектөөлөрдү жана тыюу салууларды аткаруу менен жүргүзүлөт.

2. Товарларды которуштурган жактарда, декларанттарда, ташуучуларда же башка жактарда товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого байланыштуу келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.

3. Товарларды которуштурууну ташуучу жүргүзөт. Товарларды дароо алып кетүүгө мүмкүн болбогондо же дароо алып кетүү ишке ашырылбаганда, товарлар убактылуу сактоо кампаларына же бажы контролунун зонасы болуп саналган башка жерлерге товарларды которуштурган жактардын эсебинен коюлат. Мындай товарларды сактоонун эң узак мөөнөтү, эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында товарлардын айрым категорияларына карата башкача мөөнөт каралбаса, үч сутканы түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин аталган товарларды тескөө ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

48-берене. Товарларды пайдалануу жана тескөө

1. Эч ким товарларды алар чыгарылганга чейин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартиптен жана шарттардан башкача түрдө пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.

2. Товарды Кыргыз Республикасынын бажы органы чыгаргандан кийин пайдалануу жана (же) тескөө билдирилген бажылык жол-жобонун шарттарына ылайык же Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга жараша бажылык жол-жобого киргизилүүгө жатпаган товарлардын айрым категориялары үчүн аныкталган шарттарга ылайык жүргүзүлөт.

9-глава. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келиши

49-берене. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишинин орду жана убактысы

1. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өткөрмө пункттарда жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары иштеген убакытта жол берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иштеши үчүн белгиленген убакыттан сырткары убакытта товарлардын жана транспорттук каражаттардын өткөрмө пункттарга келишине ал органдарга алдын ала кабарлоо менен жол берилет.

2. Бажы чек арасынан өтүү ташуучунун товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрмө пунктка же товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы органына көрсөтүүчү жерге мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, талап кылынган жерлерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары белгилеген маршруттарды кармануу аркылуу жеткирүү милдеттүүлүгүнө алып келет. Товарларды темир жол транспорту аркылуу ташууда маршруттар белгиленбейт. Бул учурда товардын абалын өзгөртүүгө же алардын таңгактарын бузууга, ошондой эле коюлган пломбаларын, мөөрлөрүн жана башка идентификациялык каражаттарын өзгөртүүгө, жок кылууга же бузууга жол берилбейт.

Электр берүү линиялары жана өткөргүч куур транспорту аркылуу ташылуучу товарлар үчүн товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүүчү орунду аныктоо талап кылынбайт.

3. Контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым категориядагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү үчүн конкреттүү өткөрмө пункттарды аныктоого укуктуу.

4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын аймагындагы портто же аэропортто токтобостон Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү аба кемелери менен ташылуучу товарларга таркалбайт.

50-берене. Аварияда же ал жеткис күч учурунда көрүлүүчү чаралар

1. Эгерде товарларды ташуу үзгүлтүккө учураса, ошондой эле эгерде аба кемеси конууга мажбур болсо же авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо товарларды жеткирүүгө же белгиленген жерлерге конууга тоскоолдук жараткан башка жагдайлардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагына консо, ташуучу товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жакынкы бажы органына мындай жагдайлар тууралуу жана товарлар жайгаштырылган жер жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.

2. Ушул берененин талаптарын сактоого байланыштуу ташуучуларда же башка жактарда келип чыккан чыгымдарды Кыргыз Республикасынын бажы органдары төлөп бербейт.

51-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын жана транспорттук каражаттардын келишин бажы органдарына кабарлоо

1. Товарларды которуштуруучу жак, ошондой эле товарды которуштуруу боюнча белгилүү бир аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу жак же ташуучу Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын жана транспорттук каражаттардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кабарлоого милдеттүү.

2. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын бажы органдарына товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге чейин же келген учурда берилет.

3. Товарлардын жана транспорттук каражаттардын Кыргыз Республикасынын аймагына келиши жөнүндө кабарлоо маалыматты жазуу жүзүндө, электрондук же башка формада Кыргыз Республикасынын бажы органдарына жиберүү түрүндө юридикалык жактан тастыкталат.

4. Ташуучу бере турган жазуу жүзүндөгү кабарлама деп анын которуштурулуучу товарларга жана транспорттук каражаттарга тиешеси бар транспорттук (ташуучулук) документ эсептелет.

5. Темир жол станцияларында товардын келиши жөнүндө кабарлоо темир жол станцияларына товарлардын жана транспорттук каражаттардын келгендиги жөнүндө темир жол уюмунун жазуу жүзүндө же электрондук формада Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат берүүсү аркылуу жүргүзүлөт.

6. Темир жол аркылуу эл аралык туруктуу жана туруктуу эмес жүк-жүргүнчү жөнөтүүлөрдүн ырааттамасын берүү транспорттук каражаттардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат берүү деп эсептелет.

7. Товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына аба транспорту аркылуу келиши жөнүндө кабарлоо эл аралык аэропорттун (аэродромдун) администрациясы тарабынан жарандык авиациянын эл аралык аба линияларында учактардын учууларынын ырааттамасын, аба кемесинин экипажы жөнүндө, кийинки аэропортко чейинки баруучу жана транзиттик жүргүнчүлөрдүн саны, ошондой эле аба кемесиндеги товарлар жана почта жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү аркылуу жүргүзүлөт.

8. Ырааттамадан сырткары учуп келген аба кемелери келгендиги жөнүндө, ошондой эле каттамдык бардык аба кемелеринин келишинин кармалуулары жөнүндө эл аралык аэропорттун (аэродромдун) администрациясы Кыргыз Республикасынын бажы органдарына мындай аба кемелери учуп келерден кеминде бир саат мурда билдирет.

9. Товарларды өткөргүч куур транспорту жана электр берүү линиялары аркылуу которуштурууда товарлардын келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлоо контракттарды, протоколдорду, лицензияларды жана товар которуштурууга тиешеси бар башка документтерди берүү түрүндө болушу мүмкүн.

52-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү

1. Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу маалыматтар жана документтер Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 159-беренесинде каралган маалыматтар жана документтердин ичинен бажылык максаттарда товарларды жана транспорттук каражаттарды идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен гана чектелет.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө кабарлоодо берилүүчү маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмегин транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Ташуу жүзөгө ашырылган транспорттун түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын келиши жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлоодо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152-беренесинин 1-пунктуна ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын кошпогондо, тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастоочу документтер берилет.

53-берене. Товарлар келген жерлерде аткарылуучу бажы операциялары

1. Кыргыз Республикасынын аймагына келген транспорттук каражаттан товарларды түшүрүү жана кайра жүктөө (которуп жүктөө) төмөнкүдөй жерлерде жүргүзүлөт:

1) товарларды жана транспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүү үчүн ушундай максаттарга атайын арналган жерлерде;

2) товарлар келүүчү башка белгилүү бир жерлерде - кызыкдар тараптын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдары берүүчү уруксаты менен.

Кыргыз Республикасынын аймагына товарды алып келген транспортту башка транспортко алмаштырууга жол берилет.

2. Товарларды түшүрүүчү жана кайра жүктөөчү (которуп жүктөөчү) жерлер бажылык контролдун аймагы болуп саналат. Аталган жерлер товарларды сакталышы камсыз кылынгандай жана жүк ташуу операцияларына катышпаган адамдар аларга жете албагандай таризде ыңгайлаштырылышы жана жабдылышы керек. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарлар жүктөлүүчү жана кайра жүктөлүүчү (которуп жүктөлүүчү) жерлерди ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарды белгилейт.

3. Товар келген жерлерде, билдирилген бажылык жол-жобого ылайык, товарларды убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын ишке ашырууга жол берилет.

4. Товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берген учурда, ушул Мыйзамга ылайык, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жоопкерчиликти, товарларды ташуу операцияларын жүргүзгөн ташуучу тартат.

Жук ташуу операцияларын аткарган ташуучу, товарлар жок кылынган же болбосо авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында кайтарылгыс жоголгон же табигый жешилүүнүн же эскирүүнүн натыйжасында жок болгондо гана алып келүүдөгү бажы төлөмдөрүн төлөбөйт. Ташуучу ошондой эле, эгерде ал жүргүзгөн операциялар жук операциялары ишке ашырылган жерлерде адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына реалдуу коркунуч туулгандыгы, товардын жана (же) транспорттук каражаттын жок кылынуу, жоголуу, кайтарылгыс жоготулуу же олуттуу бузулуу коркунучу келип чыккандыгы менен шартталгандыгын далилдей алса, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз жүк түшүрүүдө, кайра жүктөөдө, товардын таңгагы ачылганда же товар кайра таңгакталганда, товарды идентификациялоочу каражаттар өзгөргөндө, өчүрүлгөндө, жок кылынганда же зыянга учураганда бажы төлөмдөрүн төлөбөйт.

5. Жүктөөчү жана кайра жүктөөчү (кайра жөнөтүлүүчү) жерлерде турган товарлар убактылуу сактоодо турат деген статуска ээ болот. Убактылуу сактоо мөөнөтүнүн чеги өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын бажы органдары бул товарларды ушул Мыйзамдын X бөлүгүнө ылайык тескейт.

54-берене. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен товарларды ташуу

1. Товарларды алар Кыргыз Республикасынын аймагына келген жерден бажылык декларациялоо жүргүзүлүүчү жерге чейин, бажылык декларациялоо жүргүзүлүүчү жерден Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүчү жерге чейин, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, эркин бажы аймактарынын, өзгөчө бажы аймактарынын, өзгөчө экономикалык аймактардын ортосунда ташууну кошуп алганда, Бажы контролунда турган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ортосунда, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана чектеш мамлекеттер менен кыска убакыттуу транзит менен ташуу товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен ишке ашырылат.

2. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуунун жоболору электр берүү линиялары жана өткөргүч куур транспорту менен ташылуучу, ошондой эле, эгерде аба кемеси эл аралык дайымкы каттамды аткаруу убагында товар келүүчү жерге аралыктагы же аргасыз (техникалык) конууну, товардын бир бөлүгүн түшүрбөстөн ишке ашырса, аба транспортунда ташылуучу товарларга карата колдонулбайт.

3. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен которуштурулган товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөбөстөн жана ушул беренеде белгиленген шарттар сакталганда товарларга тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулбастан ташылат.

4. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу төмөнкүдөй шарттарды сактоонун негизинде ишке ашырылат:

1) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана ушул аймактан алып кетүүгө тыюу салынбаганда;

2) эгерде товарлар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алар Кыргыз Республикасынын аймагына келген жерде контролго алынууга жатса, алып келинүүчү товарларга карата мамлекеттик контролдун чек аралык жана башка түрлөрү жүргүзүлгөндө;

3) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында которуштурууга уруксаттар же лицензиялар болгондо гана жол берилсе, бул товарларга карата уруксаттар жана (же) лицензиялар берилгенде;

4) товарларга карата ушул Мыйзамдын 52-беренесине ылайык документтер жана маалыматтар берилгенде;

5) эгерде товарлар бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлуу менен ташылса, транспорттук каражат тиешелүү таризде жабдылганда (56-берене);

6) товарларды идентификациялоо камсыз кылынганда (55-берене).

5. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен ташылуучу товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка жүк операцияларын жүргүзүү, авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо товарды жеткирүүгө тоскоолдук жараткан башка жагдайлардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат. Эгерде товарлардын пломбалары жана мөөрлөрү бузулбастан, бир транспорттук каражаттан экинчи транспорттук каражатка кайра жүктөлө турган болсо, мындай кайра жүктөө Кыргыз Республикасынын бажы органына алдын ала билдирилгенден кийин жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде жүк операцияларын жүргүзүү товарларга карата бажы контролун андан ары жүргүзүүгө мүмкүндүк бербесе, товарлар менен жүк операцияларын жүргүзүүдөн баш тартышы мүмкүн.

6. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды жеткирүүнүн мөөнөтүн жөнөтүүчү бажы органы, товарды жеткирүүнүн демейки мөөнөтүнө, транспорттун түрүнө жана транспорттук каражаттын мүмкүнчүлүгүнө, маршрутуна жана башка ташуу шарттарына жараша аныктайт.

7. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык, бажылык ташуучуну жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кошпогондо, товарларды ташууда ушул Мыйзамдын 199-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынымы берилет.

Товар ташуучунун, анын ичинде экспедитордун (Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык транспорттук экспедиция келишими боюнча иштеген жактын), транспорттук каражатты башкарган жеке жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынышын чегерүү мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын бажы органы, ушул берененин 4-бөлүгүндөгү 5-пунктка ылайык, жөнөтүүчү бажы органы аныктаган жерге чейин товарды бажылык коштоо формасында жеткирип берүү жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

Аталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте товарды бажылык коштоо формасында жеткирип берүү жөнүндө чечим чыгарат.

Бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары алынат (189-берене).

8. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташуу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө тийиштүү жерге жеткирип берүү менен аяктайт, эгерде товарлардын документтерин жана идентификациясын текшерүүдө Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдар бузулбаса, бул мөөнөт транспорттук каражаттын келгендиги катталган учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирилбөөгө тийиш.

9. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташууну аяктоо үчүн ташуучу товар жеткириле турган жерге транспорттук каражат келген учурдан тартып бир сааттын ичинде товарды жеткирип берүүнү контролдоонун документин, ошондой эле өзүндөгү товарга тиешелүү документтерди берүүгө тийиш, ал эми Кыргыз Республикасынын бажы органынын белгиленген иш убактысынан сырткары келсе - Кыргыз Республикасынын ошол бажы органы иштей баштаган учурдан тартып бир сааттын ичинде берүүгө тийиш.

10. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарды ташуу аяктаганга чейин, жеткирип бериле турган жерде транспорттук каражаттар бажылык контролдоо аймагында жайгаштырылат. Транспорттук каражаттарды бажылык контролдоо аймагына жайгаштырууга күнү-түнү кайсы убакта болбосун жол берилет.

11. Кыргыз Республикасынын бажы органы турган жер болуп саналбаган жерге товарларды жеткирүүдө товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташууну аяктоо товарларды алар жеткирилүүчү жердеги бажы органына көрсөтпөстөн жүзөгө ашырылуусу мүмкүн.

Аталган учурда жак Кыргыз Республикасынын бажы органы убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына же товар жеткириле турган жер катары аныкталган башка жерге товарлардын жеткирилишин ырастаганга чейин, товарды сактоо үчүн кабыл алууга, товардын абалын өзгөртүүчү, алардын таңгактарынын бузулушуна, товарларды пайдаланууга жана тескөөгө алып келүүчү операцияларды жүргүзүүгө жол бербөөнү камсыз кылууга милдеттүү.

55-берене. Товарларды жана алардын документтерин идентификациялоо

1. Арналуучу бажы органынын (товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонуу менен товарларды ташуу аякталуучу бажы органы) товарларды идентификациялай алуусун жана товарды алып коюунун, товарларды транспорттук каражатка киргизүүнүн же болбосо товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жасоонун издерин таба алуусун камсыз кылуу жагын жөнөтүүчү бажы органы ишке ашырат.

2. Эгерде транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовдун ыңгайлаштырылышы жана жабдылышы жана товарлардын мүнөзү аларга пломба жана мөөрлөрдү коюуга мүмкүндүк берсе, транспорттук каражатка, контейнерге же алынма кузовго коюлган бажы пломбасы жана мөөрлөрү идентификациялык каражат катары колдонулат.

3. Башка учурларда товарларды идентификациялоо санариптик, тамгалык же башкача маркировканы, идентификациялык белгилерди коюу, өзүнчө жүк орундарына пломбаларды жана мөөрлөрдү басуу, үлгүлөрдү жана сынамыктарды алуу, товарларды жана транспорттук каражаттарды сыпаттоо, айрым жук ташылуучу жерлерге коюу, штамптарды коюу, текшерүүгө үлгүлөрдү алуу, сыпаттап жазуу, чиймелерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери түзгөн чиймелерди, даярдалган масштабдуу сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, иллюстрацияларды жана товарларды идентификациялоого мүмкүнчүлүк берүүчү башка каражаттарды колдонуу жолу менен ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары чет мамлекеттердин бажы пломбаларын жана идентификациялоочу башка каражаттарын колдонот, мында төмөнкүдөй учурлар кошулбайт:

1) жөнөтүүчү бажы органдары аларды жетишсиз же ишенимсиз, ушул Мыйзамдын 56-беренесинде белгиленген талаптарга жооп бербейт деп тааныганда;

2) жөнөтүүчү бажы органы товарларды бажылык кароодон өткөргөндө.

Эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары чет мамлекеттердин бажы пломбаларын жана идентификациялоочу башка каражаттарын колдонсо, тыюу салуулар бул идентификациялоочу каражаттарга карата аларды өзгөртүүгө, өчүрүүгө, жок кылууга же бузууга тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын идентификациялоочу каражаттарына карата ушул Мыйзамда каралгандай таризде жайылтылат.

4. Бажылык максаттарда Кыргыз Республикасынын бажы органы идентификациялоочу каражат катары сейф-пакетти колдонот, бул пакет андан товарга же транспорттук каражатка карата коммерциялык жана товарды коштомо документтерди из калтырбай ачып алууга мүмкүндүк бербеген коргогуч менен жабдылат.

56-берене. Бажылык пломбалар жана мөөрлөр коюлган товарларды ташууда транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана алынма кузовдорду жабдуу

1. Идентификациялоочу каражат катары коюлган бажылык пломбалар жана мөөрлөр түздөн-түз транспорттук каражаттарга, контейнерлерге же алынма кузовдорго коюлат, бул үчүн транспорттук каражаттар, контейнерлер же алынма кузовдор төмөнкүлөргө шарт түзгөн таризде түзүлүшү жана жабдылышы керек:

1) бажылык пломбалардын жана мөөрлөрдүн жөнөкөй жана ылайыктуу ыкма менен коюлушуна;

2) транспорттук каражаттын пломба коюлган жүк салуучу бөлүгүнөн аны ачуунун же бажылык пломбаны (мөөрдү) бузуунун көрүнөө издерин калтырбагандай таризде товарлардын алынбашына же салынбашына;

3) транспорт каражатында же анын жүк салуучу орун-жайларында товарларды катып коюу үчүн жашыруун орундар болбошуна;

4) товар турган бардык жерлердин бажылык текшерүүгө жеңил, жеткиликтүү болушуна.

2. Бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовдун жарактуулугу жөнүндө чечимди, эгерде транспорттук каражатта пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга алдын ала уруксат берилбеген болсо, жөнөтүүчү бажы органы кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде алдын ала уруксат берүү каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органдары бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга транспорттук каражаттын, контейнердин же алынма кузовго алдын ала уруксат берүүнү талап кылбайт.

57-берене. Ташуучунун милдеттери

1. Товарларды жеткирүүнү контролдоонун автоматташтырылган тутумун колдонууда ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жөнөтүүчү бажы органы белгилеген жерге товарларды жана аларга карата документтерди, ташуучулук документтерде көрсөтүлгөн арналыш пунктту (жөнөтүүчү бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо аймагы) эсепке алуу менен, эгерде белгиленген болсо, белгилүү бир маршруттарды кармануу менен, белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө;

2) товарлардын, бажылык пломбалардын жана мөөрлөрдүн, эгерде пайдаланылса, башка идентификациялык каражаттардын сакталышын камсыз кылууга;

3) ушул Мыйзамдын 50-беренесинде каралган, товарды бир транспорттук каражаттан башка транспорттук каражатка кайра жүктөгөн учурларды кошпогондо, товарларды түшүрүүгө жана кошумча жүктөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабастан кайсы болбосун башка операцияларды жүргүзүүгө жол бербөөгө.

58-берене. Ташуучунун жана экспедитордун жоопкерчилиги

1. Жөнөтүүчү бажы органы иш жүргүзгөн региондо жайгашкан бажылык контролдоо чөлкөмүнө чет өлкөлүк товар жеткирилбей калган учурда ташуучу (экспедитор), мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын суммасына туура келген өлчөмдө алып келүүдөгү бажы алымдарын төлөөгө милдеттүү.

Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасында каралган белгилерге ээ болгон декларант товар жеткирилбегенде бажы алымдарын, салыктарды төлөөдө ташуучу же экспедитор менен биргеликтүү жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде ушул главада аныкталган шарттар жана талаптар бузулбай туруп, товарлар авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо ташуунун (транспорттоонун) нормалдуу шарттарында табигый жешилүүнүн же эскирүүнүн натыйжасында жок кылынса, бузулса же болбосо кайтарылгыс жоголсо, ташуучу ушул Мыйзамдын 57-беренесинде каралган милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле, эгерде мындай операциялар жүргүнчүлөрдүн жана транспорттук каражаттын экипажынын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурса, товарлардын жана транспорттук каражаттын жок кылынуу, жоголуу, кайтарылгыс жоголуу же бузулуу коркунучун жаратса, ташуучу товарларды түшүрүү, кайра жүктөө, товарлардын таңгагын ачуу же аларды кайра таңгактоо, Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз товарлардын идентификациялык каражаты өзгөртүү, өчүрүү, жок кылуу же бузуу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3. Ташуучу жана экспедитор авариянын же ал жеткис күчтүн натыйжасында же болбосо ташуунун (транспорттоонун) нормалдуу шарттарында табигый жешилүүнүн же эскирүүнүн натыйжасында товарлар жок кылынган, бузулган же болбосо кайтарылгыс жоголгон учурларда гана бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары, эгерде ушул главада аныкталган башка шарттар жана талаптар аткарылса, ташуучуга жана экспедиторго, ташуу аныкталбаган маршруттар боюнча жүргүзүлгөн же ички транзиттик мөөнөт бузулган же болбосо ушул главада белгиленген шарттар жана талаптар аткарылбаган деген негиздер менен бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча талаптарды коюуга укуксуз.

4. Ички бажылык транзитте башка транспорттук каражатка товарлар кайра жүктөлгөн учурда ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо боюнча жоопкерчилик ошол транспорт каражатында жүк ташыган ташуучуга жүктөлөт. Мында бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жоопкерчиликти ички бажылык транзитти жүзөгө ашырган ташуучу же экспедитор тартат.

10-глава. Бажылык ташуучу

59-берене. Бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүү

1. Бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзгөн жана иш-аракеттин ушул түрүн жүзөгө ашыруу үчүн бажылык жүк ташуучулардын реестрине ушул Мыйзамга ылайык киргизилген ата мекендик юридикалык жак бажылык ташуучу боло алат.

2. Бажылык ташуучу катары иш-аракет жүргүзүү бажылык контролдо турган товарларды бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген камсыз кылуунун башка чараларын колдонуусуз ташууну билдирет.

60-берене. Бажылык ташуучунун милдеттери

Бажылык ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды жана талаптарды сактоого;

2) бажылык контролдо турган, ташылуучу товарлардын эсебин алууга жана мындай товарларды ташуу жөнүндө бажы органдарына отчет берип турууга;

3) ушул Мыйзамдын 58-беренесинде каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

61-берене. Бажылык ташуучунун товарларды жөнөтүүчүлөрдөн же алуучулардан алынган маалыматка карата мамилеси

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды жөнөтүүчүлөрдөн же алуучулардан алынган коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашырын сырды түзгөн маалыматтар, ошондой эле башка купуя маалыматтар бажылык ташуучу тарабынан өздүк максаттарда жарыяланууга, пайдаланылууга, башка жактарга берилүүгө тийиш эмес.

11-глава. Товарларды убактылуу сактоо

62-берене. Товарларды убактылуу сактоонун жалпы жоболору

1. Товарларды убактылуу сактоонун, убактылуу сактоодогу товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн мазмуну, товарларды убактылуу сактоонун мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 167, 170, 171-беренелеринде белгиленген.

2. Тез бузулуучу товарларды убактылуу сактоонун эң узак мөөнөтү он күндү түзөт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндөгү кылмыш-жазалык иштер жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча заттык далилдер болуп эсептелген товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо соттун чечими же ишти токтотуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлөт.

63-берене. Убактылуу сактоо жерлери

1. Убактылуу сактоо жерлери болуп убактылуу сактоо кампалары жана убактылуу сактоонун төмөнкүдөй башка жерлери саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда товарларды алуучунун кампалары;

2) ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайы, ачык аянты жана башка аймагы;

3) ушул Мыйзамдын 162-беренесине ылайык эл аралык почталык алмашуу жерлериндеги айрым орун-жайлар;

4) жүргүнчүнү авиациялык же темир жол аркылуу ташуу келишиминин алкагында которуштурулуучу, алынбай калган же талап кылынбаган жүктү сактоо жерлери;

5) чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жери жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү жери дал келген шартта, аэропорттун режимдик аймагынын чектеринде мындай товарларды түшүрүү жана жүктөө (которуп жүктөө) үчүн атайын жабдылган жер;

6) темир жол станцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашылган жерлерде жайгашкан жана товарларды транспорттук каражаттан түшүрбөстөн убактылуу сактоого арналган темир жолдор менен контейнердик аянтчалар.

2. Товарларды убактылуу сактоо жерлери ушул Мыйзамдын 246-беренесине ылайык түзүлүүчү бажылык контролдоонун туруктуу же убактылуу чөлкөмү болуп эсептелет.

3. Убактылуу сактоо кампаларына кайсы болбосун товарлар жайгаштырылышы мүмкүн. Башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлар мындай товарларга атайын ылайыкташтырылган убактылуу сактоо кампаларында же кампалардын орун-жайларында сакталышы керек.

4. Башка жерлерде товарларды убактылуу сактоого уруксат берүүнүн шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн камсыз кылыныш талабы, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампаларына жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, товарларды убактылуу сактоо кампаларына (кампаларынан) жана товарларды убактылуу сактоонун башка жерлерине (жерлеринен) жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

64-берене. Жараксыз абалга келген же бузулган товарлар

Товарларды убактылуу сактоо мезгилинде авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жараксыз абалга келген же бузулган товарлар ушул Мыйзамга ылайык башка бажылык жол-жобого жайгаштырылууга тийиш.

65-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын типтери

1. Убактылуу сактоо кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Кайсы болбосун товарларды сактоо жана бардык жактардын пайдалануусуна жеткиликтүү болгон убактылуу сактоо кампалары ачык типтеги кампалар болуп эсептелет.

Белгилүү бир товарларды же белгилүү бир жактардын, анын ичинде жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоого арналган убактылуу сактоо кампалары жабык типтеги кампалар болуп эсептелет.

2. Убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

66-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин милдеттери

1. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампаны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык ыңгайлаштырууга;

2) сактоодо турган товарларды кампадан бажылык контролду кыйгап өтүп алып коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга;

3) кампага же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймакка Кыргыз Республикасынын бажы органынын иштөө убактысынан сырткары келген товарларды жана транспорт каражаттарын жайгаштырууну камсыздоого;

4) убактылуу сактоо кампаларындагы же бажылык контролдоо чөлкөмү болуп эсептелген, кампага жанаша аймактагы товарлардын жана транспорттук каражаттардын сакталышын камсыздоого;

5) бажылык контролдоону ишке ашырууга көмөктөшүүгө;

6) сакталуудагы товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана алар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына отчет берүүгө;

7) сакталуудагы товарларга жана транспорт каражаттарына үчүнчү жактардын Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатысыз жетишинин мүмкүн эместигин камсыз кылууга;

8) ушул Мыйзамдын 68-беренесинде каралган учурда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттер убактылуу сактоонун башка жерлеринде товарларды жана транспорт каражаттарын сактоо учурларына жайылтылат.

67-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин убактылуу сактоо кампаларына товарларды жайгаштырган жактар менен өз ара аракеттенүүсү

Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин товарларды кампаларга жайгаштырган жактар менен өз ара аракеттенүүсү келишимдик негизде түзүлөт.

68-берене. Товарларды убактылуу сактоодо алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болуусу жана токтотулуусу, аларды төлөөнүн мөөнөтү

Товарларды убактылуу сактоодо алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттер жана аларды төлөө мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 172-беренесине ылайык келип чыгат жана токтотулат.

69-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан товарларды убактылуу сактоо кампаларына жайгаштыруу

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан товарлар төмөнкүдөй учурларда убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылышы мүмкүн:

1) бажылык контролдун алкагында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келинген товарлар, же бажылык жол-жоболорду колдонуунун же алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жеңилдиктер берилген товарларды пайдаланууга жана (же) башкарууга коюлган чектөөлөрдүн шарттары бузулган товарлар табылганда, бул болсо ишкердик иш-аракетти жүргүзүүгө байланыштуу Бажы бирлигинин бажы аймагынан товарларды сатып алган жактардын бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөөсүнө, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабоосуна алып келгенде;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 134-беренесинин 1-пунктунун 11-пунктчасында каралган максаттарда товарларга камак салынганда жана товарлар алынып коюлганда;

3) администрациялык укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарлар жана бул товарларга документтер Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 145-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздер боюнча кармалганда.

Көрсөтүлгөн учурларда убактылуу сактоо кампасынын ээсине сактагандыгы үчүн акы төлөө жана анын чыгашаларынын ордун толтуруу администрациялык же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылуучу жактардын эсебинен ишке ашырылат.

70-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампасынын ээси катары иш-аракеттин реестринен чыгарылган учурда товарларга карата аракеттер

Убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампасынын ээси катары иш-аракеттин реестринен чыгарылган учурда, кампада сакталып турган товарлар мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып отуз күндүн ичинде башка убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылууга тийиш.

12-глава. Товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусу

71-берене. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккан жерлерде жүргүзүлүүчү бажы операциялары

1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык, чыгарылып жаткан товарларга колдонулуучу белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан уруксат берилгенден кийин жол коюлат. Көрсөтүлгөн уруксат ушул Мыйзамда товарларды чыгаруу үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда берилет (239-берене).

2. Өткөргүч куур транспорту жана электр берүү линиялары аркылуу которуштурулуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам менен белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн негизинде жана көрсөтүлгөн ыкмалар менен чыгарылуучу товарлардын өзүнчөлүктүүлүгүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

72-берене. Документтерди жана маалыматтарды берүү

1. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксатын алуу үчүн ташуучу чыгарылып жаткан товарлар тууралуу маалыматтар, ошондой эле транспорттук каражат тууралуу маалыматтар камтылган бажылык декларацияны Кыргыз Республикасынын бажы органына берүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары талап кылуучу документтер жана маалыматтар товарларды жана транспорттук каражатты бажылык максаттарда идентификациялоо үчүн зарыл болгондору менен чектелет.

2. Товарлар жана транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыккандагы маалыматтардын жана документтердин конкреттүү тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, транспорт каражаттарынын түрүнө жараша аныкталат.

3. Ташуучу өзү ташыган бардык товарлар тууралуу маалыматтарды бажылык декларацияда Бажы бирлигинин мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык белгиленген тартипте көрсөтүүнү камсыздоого милдеттүү.

73-берене. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууда аларга карата талаптар

Ташуунун, транспорттоонун жана сактоонун кадыресе шарттарында табигый жешилүүнүн же азаюунун натыйжасында товарлардын абалынын жана санынын өзгөрүшүн эсепке албаганда, товарлар аларды белгилүү бир бажылык жол-жобого киргизген учурдагы абалда жана санда Кыргыз Республикасынын аймагынан иш жүзүндө чыгарылуусу керек.

Эгерде товарлардын абалынын начарлашы же өзгөрүшү авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында болсо, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдерде жана стандарттарда каралган учурларда - өлчөөнүн кемчиликтеринен улам товарлардын саны өзгөргөндө жактар ушул берененин жоболорун сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

IV бөлүм. Бажылык жол-жоболор

13-глава. Бажылык жол-жоболорго таандык жалпы жоболор

74-берене. Бажылык жол-жоболордун түрлөрү

1. Бажылык жөнгө салуу максаттарында товарларга карата бажылык жол-жобосунун төмөнкү түрлөрү белгиленет:

1) ички керектөө үчүн чыгаруу;

2) экспорт;

3) бажы транзити;

4) бажы кампасы;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү;

7) ички керектөө үчүн кайра иштетүү;

8) убактылуу алып келүү; (уруксат кылуу);

9) убактылуу алып кетүү;

10) реимпорт;

11) реэкспорт;

12) алымсыз соода-сатык;

13) жок кылуу;

14) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

15) эркин бажы зонасы;

16) эркин кампа;

17) атайын бажылык жол-жобо (бажылык максаттар үчүн Бажы бирлигинин бажы аймагында же анын чегинен сырткары товарлардын айрым категорияларын пайдалануунун жана (же) башкаруунун талаптарын жана шарттарын аныктаган бажылык жол-жобо).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 15 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн бажылык жол-жобону белгилөө жана колдонуу боюнча укуктук мамилелер, эркин кампаны жана эркин бажы зонасын ыңгайлаштырууга, жабдууга жана алардын иштөөсүнө карата коюлган талаптар, эркин кампанын ээсинин милдеттери, эркин кампанын ээси катары ишкердикти жүзөгө ашыруунун шарттары, эркин кампанын жана эркин экономикалык зонанын бажылык жол-жобого киргизилген товарлар жана (же) эркин кампада же эркин экономикалык зонада турган товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.

75-берене. Бажылык жол-жобону тандоо жана өзгөртүү

1. Жак, товарлардын мүнөзүнө, санына, чыгарган өлкөсүнө, жөнөтүлүүсүнө же багытына карабастан, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда каалаган убакта каалаган бажылык жол-жобону тандай алат.

2. Жак Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык тандалган бажылык жол-жобону башкасына алмаштыра алат.

76-берене. Товарларды бажылык жол-жобого киргизүү

1. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарлар, төмөнкүдөй товарларды кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүгө тийиш:

1) Бажы бирлигинин бажы аймагында (Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагында) чыгарылган;

2) Бажы бирлигинин аймагында чыгарылган товарлардан даярдалган же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында ички керектөө үчүн чыгарылган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү товарлар, эгерде алар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда Бажы бирлигинин бажылык аймагынын чегинен сырткары чыгарууга арналса, бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүсү керек.

3. Товарлар бажылык жол-жобого киргизилген күн болуп, Кыргыз Республикасынын бажы органы товарды ушул Мыйзамга ылайык чыгарган күн эсептелет.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

77-берене. Бажылык жол-жобонун шарттары сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Бажылык жол-жобосунун шарттарын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Бажылык жол-жобосунун шарттары жана талаптары төмөнкүдөй себептерден улам сакталбаган учурларда гана жактар жоопкерчилик тартпайт: бажы контролу астында турган товарлар ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды жана талаптарды бузбастан, ички керектөөгө чыгарылганга чейин, эгерде белгилүү бир бажы жол-жоболорун колдонуу менен операцияларды жасоого ушул бөлүмгө ылайык жол берилсе, авариянын же болбосо ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товар биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадыресе шарттарында табигый түрдө эскиргендигинин же азайгандыгынын натыйжасында товардын саны же абалы өзгөргөндө.

Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары алып кетилген товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын биротоло жоголгондугунан же жок болгондугунан улам, транспорттоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шарттарында табигый түрдө эскиргендигинин же азайгандыгынын натыйжасында товардын саны жана абалы өзгөргөндүгүнөн улам, ошондой эле чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында товардын ээлик кылуудан чыгып калышынан улам бул товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кайра кайтарылбай калса, жоопкерчилик тартпайт.

Табигый түрдөгү эскирүүнү же азаюуну аныктоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдер жана стандарттар колдонулат.

Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайларды ырастоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында аккредитацияланган консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.

2. (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

78-берене. Товарларды бажылык жол-жоболорго киргизүүгө байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу

Товарларды бажылык жол-жоболорго киргизүүгө жана бажылык жол-жоболорду колдонуунун аякташына байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу Бажы бирлигинин Бажы кодексинде аныкталат.

79-берене. Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды алып коюунун (камак салуунун) натыйжалары

1. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды алып коюу же мындай товарларга камак салуу учурунда, бул товарларга карата бажылык жол-жобонун аракети токтотулат.

Эгерде товарларды алып коюудан же камак салуудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алынса, бажылык жол-жобонун аракети кайра улантылат.

Бажылык жол-жобонун аракети кайра улантылган учурда, төлөнүшү жана эсептелиши ушул бөлүмгө ылайык аныкталган пайыздар, бажылык жол-жобонун аракети токтотулган мезгил үчүн эсептелбейт жана төлөнбөйт.

2. Бажылык жол-жобого киргизилген товарларды соттун чечими боюнча конфискациялоодо же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алууда, бул товарларга карата бажылык жол-жобонун аракети токтотулат, ал эми конфискацияланган же мамлекеттин мүлкүнө кайрып алынган чет элдик товарлар Бажы бирлигинин товарларынын статусуна ээ болот.

3. Эгерде жактын администрациялык же кылмыш-жазалык жоопкерчиликке тартылышы анын бажылык жол-жобону сактабай койгондугу менен байланышкан болсо жана сактабоого жол берүү бул бажылык жол-жобону мындан ары колдонууга мүмкүнчүлүк бербесе, бажылык жол-жобонун аракети жакты жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн кийинки он беш календардык күндүн ичинде токтотулушу зарыл.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацына ылайык, бажылык жол-жобосунун иш-аракети токтотулбаган товарлар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 21-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан кармалып турат.

14-глава. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу

80-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосунун мазмуну жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 209 жана 210-беренелеринде аныкталган.

2. Эгерде товарларды Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизген болсо, мындай товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө бажылык жол-жобого кайтадан киргизилбейт.

81-берене. Товарларды шарттуу түрдө чыгарууда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосун колдонуу

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 7-пунктуна ылайык Бажы бирлигинин товарлары статусун товарларга алуу үчүн, алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө аралаш берүү менен, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна учурунда, товарларды бажылык жол-жобого кайтадан киргизүү талап кылынбайт.

2. Товарларга Бажы бирлигинин товарларынын статусун алуу үчүн бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 182-беренеси менен аныкталган.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

82-берене. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү

Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 211-беренесинде аныкталган.

15-глава. Экспорттун бажылык жол-жобосу

83-берене. Бажылык жол-жобонун мазмуну

Экспорттун бажылык жол-жобосунун мазмуну жана экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 212 жана 213-беренелеринде аныкталган.

84-берене. Алып келүүдөгү бажы алымдары алынбаган товарларды экспорттоо

1. Алып келүүдөгү бажы алымдары алынбаган товарларды экспорттоодо аларды декларациялоо жеңилдетилген тартипте ишке ашырылат жана көрсөтүлгөн товарларга карата бажы наркы аныкталбайт, билдирилбейт жана ырасталбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына төмөнкүлөр берилет:

1) коммерциялык документтер;

2) транспорттук (ташуучулук) документтер, эгерде алар болсо;

3) уруксаттамалар, лицензиялар, сертификаттар жана (же) белгиленген чектөөлөрдү ырастаган башка документтер, эгерде алар зарыл болсо;

4) Бажы жыйымдарын төлөөнү ырастоочу төлөм документтери.

85-берене. Экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү

Экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттенмелердин пайда болушу, токтотулушу жана алардын төлөө мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 214-беренесинде белгиленген.

16-глава. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосу

86-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосунун мазмуну жана бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 215 жана 216-беренелеринде аныкталган.

2. Бажы транзитин сактоону камсыздоонун чаралары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 217-беренесинин 1-пунктуна ылайык ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 217-беренесинин 2-пунктунда аныкталган учурларда гана бажы транзитинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоону талап кылбайт.

3. Товарларды жеткирүүнүн орду жана мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 219 жана 220-беренелерине ылайык белгиленет.

4. Бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн эл аралык жүк ташуунун транспорттук каражаттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 221-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен конструкцияланышы жана жабдылышы керек.

87-берене. Товарлардын транзити жөнүндө кабарлоо

Товарлардын транзитине ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык келген шарттарда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кабарлоо менен жол берилет.

88-берене. Жүктү түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана товарлар менен болгон башка жүк операциялары, ошондой эле бажы транзити учурунда эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алмаштыруу

Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык ташылуучу товарлар боюнча жүктү түшүрүү, кайра жүктөө (которуп жүктөө) жана башка жүк операцияларын жүргүзүүгө, ошондой эле мындай товарларды ташуучу, эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алмаштырууга Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 222-беренесинде белгиленген учурларда, жөнөтүүчү бажы органынын же иш регионунда тиешелүү жүк операциялары жүзөгө ашырылуучу бажы органынын уруксаты менен жол берилет.

89-берене. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери жана жоопкерчилиги

1. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ташууда ташуучунун милдеттери Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 223-беренесинде белгиленген.

2. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн ташуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Арналыштык бажы органына товарларды жана алардын документтерин жеткирбегенде ташуучу, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде каралса, Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин товарларды бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна киргизген бажы органы тарабынан, ушул мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

90-берене. Бажылык жол-жобону аяктоо

Бажы транзитинин бажылык жол-жобосун аяктоо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 225-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.

17-глава. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосу

91-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

Бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажы кампасынын жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары, бажы кампасында товарларды сактоонун мөөнөттөрү, ошондой эле башка жоболор Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 229, 230, 234 жана 235-беренелеринде тийиштүү түрдө аныкталган.

92-берене. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн шарттары

1. Сырт өлчөмүнүн чоң болгондугуна байланыштуу, бажы кампасына коюуга мүмкүн болбогон товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон, бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүгө, бажы органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгон жана бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнүшү ушул Мыйзамдын 40-главасында белгиленген тартипте камсыздалган учурда жол берилет.

2. Декларант уруксат алуу үчүн, бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүдөн кийин, бажылык декларацияны алганга чейин товарлардын сакталышын ишке ашыруу болжолдонгон региондо иш-аракет жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын бажы органына арыз менен кайрылат. Кайрылууда декларант товарлардын аталышын жана алардын мүнөздөмөсүн, товарды бажы кампасына койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизүүнүн себептерин, товарларды сактоонун так ордун анын почталык дареги менен кошо, ошондой эле товарлардын сакталышы үчүн декларант көрүүчү чаралар көрсөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органы товарларды бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизүүгө уруксат берет же декларант Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күндөн тартып, үч жумуш күндүн ичинде мындай уруксат берүүдөн баш тартат. Уруксат берүүдө товарларды сактоонун орду, бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун зарылдыгы тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органы төмөнкүдөй учурларда гана уруксат берүүдөн баш тартат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздар болгондо;

2) жак Кыргыз Республикасынын бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде эки же андан көп жолу бажы ишинин чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар үчүн администрациялык жоопко тартылганда.

5. Товарларды бажы кампасына иш жүзүндө койбостон бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизген жак Кыргыз Республикасынын бажы органдарына бул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык товарлар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

93-берене. Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө арналган товарларды бажы кампасына жайгаштыруу

1. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө арналган чет өлкөлүк товарларды киргизүүгө уруксат берилет.

2. Ушул Мыйзамга ылайык бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында, чет элдик товарларды экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизүүдө аларды бажы кампасында сактоодон кийин, товарлардын бажылык наркын жана (же) алардын накталай түрүндөгү физикалык мүнөздөмөсүн (саны, массасы, көлөмү же башка мүнөздөмөсү) аныктоо товарларды экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизүү үчүн берилген бажылык декларация бажы органында катталган каттаган күнгө карата, товарлар ушул күнү Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келингендей таризде жүргүзүлөт.

94-берене. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар

1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялардын тизмеги Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинде аныкталган.

2. Эгерде Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксаты талап кылынса, мындай уруксат кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, кайрылган күнү берилет. Уруксат өзүнчө документ катары жазуу жүзүндө же болбосо кызыкдар жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тийиштүү түрүндө берилет. Эгерде товарлар менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында товарлардын мүнөздөмөлөрү тышкы ишкердиктин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясына туура келбегендей таризде өзгөрүп кетсе, уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилет.

3. Товардын үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарылып берилген учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк товарлардын тандап алынган сынамыктарына жана үлгүлөрүнө карата алганда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык, алар боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.

95-берене. Бажы кампаларынын типтери

1. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Эгерде бажы кампалары ар кандай товарларды сактоо үчүн жана товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон ар кандай жактардын колдонуусу үчүн арналса, ачык типтеги кампалар болуп эсептелинет.

Эгерде бажы кампалары кампа ээсинин же бул кампаны түзүүдө кампа ээси аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналса, жабык типтеги кампалар болуп саналат.

2. Жабык типтеги бажы кампалары арыз берүүчүнүн жабык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн (адистешкен бажы кампалары).

96-берене. Бажы кампасын ыңгайлаштыруу жана жабдуу

Бажы кампасы катары пайдаланууга арналган орун-жайлар жана (же) аянттар товарлардын сакталышы камсыз кылынгандай, аларга бөтөн адамдардын (кампа кызматчылары болуп саналбаган, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болбогон же болбосо мындай ыйгарым укуктарга ээ болгон жактардын өкүлдөрү болуп саналбаган адамдардын) кирүүсүнө жол берилбегендей, ошондой эле товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгыдай таризде ыңгайлаштырылууга жана жабдылууга тийиш.

Бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

97-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги

1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампада турган товарларды бажы контролун кыйгап өтүп кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

3) бажы кампасында сакталып турган товарларга бажы органдарынын кызматкерлеринин жете алуусун камсыз кылуу жана бажы контролун камсыз кылуу максатында аталган кызматкерлерге орун-жайларды, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарууга;

4) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) кампада сакталып турган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органдарына отчет берүүгө.

2. Бажы кампасынын ээси төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:

1) товарлар жоголгон же аларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн;

2) бажылык жол-жобонун талаптарын аткарбагандыгы, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн.

98-берене. Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын жайгаштырган жактар менен өз ара мамилеси

Бажы кампасынын ээсинин бажы кампасына товарларын койгон жактар менен өз ара мамилеси келишимдик негизде курулат.

99-берене. Бажылык жол-жобонун аракеттеринин аякташы

1. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аякташынын мөөнөтү жана тартиби Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 236-беренесинде аныкталган.

2. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесине ылайык декларант катары чыга ала турган кайсы жак болбосун бажы кампасынын бажылык жол-жобосунун аракеттерин аяктоо (токтотуу) зарыл болгон бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык токтотууга укуктуу.

3. Бажы кампасында сакталып турган товарларга карата жок кылуунун бажылык жол-жобосу бажы кампасынын ээси тарабынан билдирилиши мүмкүн.

4. Мурда убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды ушул жол-жобого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары пайдалануу максатында аларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу алып келүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Аталган товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу менен чыгарууда, төлөнүүгө жатуучу бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Бажы кампасында сактап тургандан кийин ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү товарларга карата бажылык алымдарын, салыктарын эсептөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 238-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

100-берене. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө жана аларды төлөөнүн мөөнөтү боюнча милдеттердин пайда болушу, токтотулушу

Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу, токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 237-беренесинде аныкталган.

18-глава. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу

101-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттары, товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтү, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүү боюнча операциялар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 239, 240, 241, 243-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизүү үчүн бажылык декларация товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат алган жак же товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды тикелей ишке ашыруучу жак тарабынан берилет.

3. Чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 242-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүнүн мөөнөтүн аныктоонун жана узартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

102-берене. Товарларды бажы аймагында кайра иштетүүгө уруксат берүү

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 240, 244-беренелеринде каралган, Бажы аймагындагы товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ болуп бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде товарлар бажы аймагында кайра иштетүүнүн жол-жобосуна ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан киргизилсе, бажы аймагында кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндөгү документ катары, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун жана Кыргыз Республикасынын бажы органынын ортосунда түзүлгөн, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган макулдашуу бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камтылган шартта колдонулушу мүмкүн.

3. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүүнүн тартиби, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

103-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн продуктуларынын иштелип чыгуу ченеми

1. Продуктулардын иштелип чыгуу ченеми (чет өлкөлүк товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн натыйжасында түзүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык мазмуну) бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан аныкталат жана кайра иштетүү жүзөгө ишке ашырылып жаткан иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын бажы органына макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпаттамасы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченеми белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөзгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү операциялары адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлгөн жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктуларынын чыгышына алып келген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы иштелип чыгуунун стандарттык ченемдерин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемин белгилөөдө Кыргыз Республикасынын бажы органы эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эсепке алат.

104-берене. Таштандылар жана калдыктар

Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон таштандыларга, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлардын калдыктарына карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 246, 247-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.

105-берене. Эквиваленттүү товарлар менен алмаштыруу

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 248-беренесине ылайык, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты менен жол берилет. Эквиваленттүү компенсацияны колдонууга уруксат кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы аймагында товарларды иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтөт.

2. Эгерде чет өлкөлүк товарларды эквиваленттүү товарлар менен алмаштырууга уруксат берилсе, Бажы бирлигинин бажы аймагына чет өлкөлүк товарларды алып келгенге чейин, эквиваленттүү товарлардан алынган кайра иштетүү продуктуларын алып кетүүгө жол берилет, бул тууралуу бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлөт. Мында чет өлкөлүк товарларды алып келүү үчүн мөөнөт бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган (алуучу) жак тарабынан, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Товарлардын айрым категорияларына карата эквиваленттик компенсацияны колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

106-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууда товарларды эсепке алуу. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу жөнүндө отчеттуулук

1. Декларант, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды кайра иштетүүнү ишке ашырган жактар товарларды эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Товарларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бухгалтердик жана салык эсептерин жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде товарларды кайра иштетүү мөөнөтүнүн ичинде бир эле чет өлкөлүк товарлар бир нече товардык партия менен алып келинсе, мындай товарларды бажы максаттары үчүн эсепке алуу кыйла мурдараак мөөнөттө алып келинген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи кезекте колдонулат деген божомолго таянуу менен жүргүзүлөт.

4. Эгерде кайра иштетүүгө берилген уруксатта чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында мындай товарларды идентификациялоонун ыкмасында чет өлкөлүк конкреттүү товарды бул товар пайдаланылып даярдалган кайра иштетүү продуктусу менен салыштыруунун зарылдыгы бар болсо, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган эреже колдонулбайт. Эгерде бул эреже бухгалтердик эсептин декларант колдонгон усулдарына туура келбесе, декларант бул эрежени пайдалануудан баш тартууга укуктуу.

5. Товарлардын декларанты кеминде үч айда бир жолу Кыргыз Республикасынын бажы органына бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун шарттарын жана талаптарын аткаруу жөнүндө маалыматтарды камтыган отчетту берет.

6. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары бир нече партия менен алынып кетсе, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетүү прдуктуларынын санын биротоло салыштырып кароо кайра иштетүү продуктулары алып кетилгенден кийин, кеминде үч айда бир жолу жана товарлардын акыркы партиясы алып кетилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

107-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосунун аракетин аяктоо жана токтото туруу

1. Кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракетинин аяктоосу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 249-беренесинде белгиленген тартипте ишке ашырылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларын жана (же) кайра иштетүү операцияларына тартылбаган чет элдик товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизүүдө бажы алымдары жана салыктары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 251-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен төлөнөт.

3. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү бүткөнгө чейин, бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракети (кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү) токтото турулушу мүмкүн. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракетин токтото туруунун жана кайра жаңыртуунун тартиби Бажы бирлигинин комиссиясынын чечими менен аныкталат.

4. Эгерде бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган адам кайра иштетүү продуктуларынын санын салыштырып кароонун натыйжасында бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө тийиш болсо, бул бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар, эгерде бул сумма Кыргыз Республикасынын бажы органы аталган сумманы төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн баштап он жумуш күндөн кечиктирилбестен төлөнсө, чегерилип эсептелбейт.

108-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жактар тартат.

109-берене. Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу

Бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилүүчү (киргизилген) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 250-беренесинде белгиленген.

19-глава. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу

110-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажылык жол-жобого товарларды жайгаштыруунун шарттары, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүү операциялары, ошондой эле бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 252, 253, 254, 256-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн бажылык декларацияны бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак берет.

3. Товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында товарларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 255-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды алып кетүүдө төлөмдөн бошотуу, кайтаруу же ички салыктардын ордун толтуруу жүргүзүлбөйт.

111-берене. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүү

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 253 жана 257-беренелеринде каралган, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксат эсептелет. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүүдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 257-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө уруксат берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 257-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди жана маалыматтарды берүүнүн, товарларды бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүгө берилген уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

112-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүдө продуктулардын иштелип чыгуу ченемдери

1. Иштелип чыгуу ченемдери (белгилүү сандагы товарларды кайра иштетүүнүн жыйынтыгында алынган кайра иштетүү продуктуларынын саны жана пайыздык мазмуну) бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан белгиленет жана ал ишке ашырылган иш жүзүндөгү шарттарды эске алып, Кыргыз Республикасынын бажы органы менен макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, саны жана сапаты иштелип чыгуу ченемдери белгиленгенден жана макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Иш жүзүндө туруктуу мүнөздөмөгө ээ болгон товарларга карата кайра иштетүү боюнча операциялар адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык ишке ашырылган жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктулары чыгарылган учурларда бажы органы стандарттуу иштелип чыгуу ченемдерин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемдери Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленгенде эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн конкреттүү технологиялык процессине негизделген корутундулары эсепке алынат.

113-берене. Кайра иштетүү продуктуларын чет элдик товарларга алмаштыруу

Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 259-беренесине жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кайра иштетүү продуктуларын чет өлкөлүк товарларга алмаштырууга жол берилет.

114-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун пайдалануу тууралуу отчет

1. Ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык, декларант бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун шарттарын жана талаптарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчетту кеминде үч айда бир жолу Кыргыз Республикасынын бажы органдарына берүүгө тийиш.

2. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагына бир нече партия менен алып келинсе, бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санын биротоло салыштырып кароо бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн мөөнөтү бүткөн күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

115-берене. Бажылык жол-жобону аяктоо

1. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык аяктайт.

2. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды экспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 263-беренесине ылайык ишке ашырылат.

3. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун башка бажы жол-жобосуна өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органына товарларды иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.

116-берене. Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөтү

Бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажы жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 261-беренесинде белгиленген.

117-берене. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруунун өзгөчөлүктөрү

1. Кайра иштетүү продуктуларын ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 262-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен ишке ашырылат.

2. Эгерде кайра иштетүүнүн максаты алып кетилген товарларды кепилдиктүү (акысыз) оңдоо болсо, кайра иштетүү продуктулары бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулат. Эгерде эркин керектөөгө чыгарууда оңдоп-түзөөнүн себеби болгон кемчиликтер эске алынса, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында мурда жайгаштырылган товарлар бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн толук бошотулбайт.

3. Калган учурларда кайра иштетүү продуктуларына карата, акциздерди кошпогондо, ушул беренеге ылайык бажы алымдарын жана салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу берилет:

1) бажы алымдарынын жана салыктарынын комбинацияланган же адвалордук коюмун колдонууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген кайра иштетүү товарларынын бажылык наркынын жана кайра иштетүүгө алып кетилген товарлардын бажылык наркынын ортосундагы айырма катары аныкталуучу, товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын наркы эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктарынын өзгөчөлүү коюмун колдонууда бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасын чегерүүгө негиз болуп, кайра иштетүү боюнча операциянын наркына пропорциялуу түрдө туура келген кайра иштетүү продуктуларынын саны эсептелет. Бажы алымдарынын жана салыктардын суммасын эсептөө максатында товарлардын санын аныктоонун усулдамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү нускама менен аныкталат;

2) кайра иштетүү продуктуларына карата акциздер, алып кетилген товарларды оңдоо кайра иштетүү операциясы болуп саналган учурларды кошпогондо, толук көлөмдө төлөнүүгө жатат. Көрсөтүлгөн учурда акциздер ушул бөлүктүн экинчи абзацында каралган тартипте эсептелет.

118-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жактар тартат.

20-глава. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу

119-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруу шарттары, ички керектөө үчүн кайра иштетүү операциялары, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 264-266, 268-беренелерине ылайык аныкталган.

2. Товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу үчүн бажылык декларация товарларды ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат алган жак тарабынан берилет.

3. Кайра иштетүү продуктуларындагы товарларды идентификациялоо максатында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн ыкмалар колдонулат.

4. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн мөөнөтүн белгилөөнүн жана узартуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө жол берилүүчү товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

120-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксат берүү

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 265 жана 269-беренелеринде каралган, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документ болуп ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксат эсептелет. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде белгиленген маалыматтар көрсөтүлөт.

2. Эгерде товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ички керектөө үчүн кайра иштетүү жол-жобосу астында жайгаштырса, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу документ катары, ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык кол коюлган, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана Кыргыз Республикасынын бажы органы ортосундагы макулдашуу колдонулушу мүмкүн, мында бул макулдашууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган маалыматтардын камтылышы шарт болуп саналат.

3. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты берүүнүн, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 269-беренесинде каралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн тартиби, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты кайра артка алуунун тартиби жана анын формасы, ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүгө уруксатты жокко чыгаруунун тартиби жана анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

121-берене. Таштандылар жана калдыктар

Кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктарга, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлардын калдыктарына карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 271, 272-беренелеринде каралган эрежелер колдонулат.

122-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн продуктуларынын иштелип чыгуу ченемдери

1. Иштелип чыгуу ченемин (товарлардын белгилүү бир санын кайра иштетүүнүн жыйынтыгында пайда болгон кайра иштетүү продуктуларынын саны же пайыздык мазмуну) ички керектөө үчүн кайра иштетүүгө уруксатты алган адам белгилейт жана ал жүзөгө ашырылуучу иш жүзүндөгү шарттарды эсепке алып, бажы органы менен макулдашылат.

2. Кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, сапаты жана саны иштелип чыгуу ченеми белгиленгенден же макулдашылгандан кийин аныкталат.

3. Кайра иштетүү боюнча операция иш жүзүндө туруктуу мүнөзгө ээ болгон товарларга карата адатта так аныкталган техникалык шарттарга ылайык жүргүзүлгөн жана өзгөрбөс сапаттагы кайра иштетүү продуктуларынын иштелип чыгышына алып келген учурларда бажы органы иштелип чыгуунун стандарттык ченемин белгилейт.

4. Иштелип чыгуу ченемин белгилөөдө бажы органдары эксперттик уюмдардын кайра иштетүүнүн айкын технологиялык процесстерине негизделген корутундуларын эсепке алат.

123-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууда товарларды эсепке алуу. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу тууралуу отчеттуулук

1. Декларант, ошондой эле ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган жактар товарлардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Товарлардын эсеби бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде товарларды кайра иштетүүнүн мөөнөтүндө бир эле чет өлкөлүк товарлар бир нече товардык партиялар менен киргизиле турган болсо, бажылык максаттар үчүн мындай товарларды эсепке алуу бир кыйла эрте мөөнөттө алынып келинген товарлар аларды кайра иштетүү үчүн биринчи болуп пайдаланылат деген божомолго таянуу менен жүргүзүлөт.

4. Эгерде чет элдик товарларды кайра иштетүүнүн продуктуларында аларды идентификациялоонун кайра иштетүүгө берилген уруксатта белгиленген ыкмасын колдонуу конкреттүү чет өлкөлүк товарды пайдалануу менен даярдалган кайра иштетүү продуктусуна ушул чет өлкөлүк товарды салыштырып кароонун зарылдыгына алып келсе, ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган эрежелер колдонулбайт. Эгерде бухгалтердик эсептин декларант колдонгон усулдарына туура келбесе, ал бул эрежени колдонуудан баш тартууга укуктуу.

5. Товарлардын декларанты ушул Мыйзамдын 260-беренесине ылайык, ички керектөө үчүн бажылык жол-жобону колдонуунун талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу маалыматты камтыган отчетту кеминде үч айда бир жолу бажы органына берет.

6. Эгерде кайра иштетүү продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары бир нече партия менен чыгарыла турган болсо, бажы аймагында товарларды кайра иштетүүгө уруксат берүүдө көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санына биротоло салыштырып кароо кайра иштетүү продукттарын алып кетилгенден кийин мезгил-мезгили менен, бирок кеминде үч айда бир жолу жана товарлардын акыркы партиясы алып кетилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде жүргүзүлөт.

124-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонууну аяктоо

Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 273, 275 жана 276-беренелеринде каралган тартипте, ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу менен аяктайт.

125-берене. Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу

Ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 274-беренесинде белгиленген.

126-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул Мыйзамдын 77-беренесинде аныкталган жак тартат.

21-глава. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосу

127-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруунун шарттары, ошондой эле убактылуу алып келинген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 277, 278 жана 279-беренелеринде аныкталган.

128-берене. Убактылуу алынып келинген товарларды пайдалануу жана тескөө

1. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды пайдалануу жана тескөө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 279-беренесинде белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен жүзөгө ашырылат.

2. Декларанттын убактылуу алынып келген товарларды бажы органынын уруксатысыз башка адамга ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүсүнүн учурлары жана шарттары, ошондой эле декларанттын убактылуу алынып келген товарларды бажы органынын уруксаты менен башка адамга ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүсүнүн учурлары жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

129-берене. Товарларды убактылуу алып келүү мөөнөтү

1. Товарларды убактылуу алып келүү (уруксат кылуу ) мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 280-беренесинде белгиленген мөөнөттүн чегинде, мындай алып келүүнүн максаттарына жана милдеттерине жараша бажы органы тарабынан декларанттын арызынын негизинде белгиленет.

2. Декларанттын жүйөлөнгөн арызы боюнча убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн.

3. Бажы органы он жумуш күндүн ичинде убактылуу алып келүүнүн мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды карап чыгат жана декларантка мөөнөттү узартуу же узартуудан баш тартуу тууралуу билдирет. Декларант убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарын жана шарттарын сактабаган учурда гана бажы органы убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.

4. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болууга тийиш. Бажы органы декларантка жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн баш тартуу тууралуу кабарлайт.

130-берене. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү

1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук жана жарым-жартылай шарттуу бошотууну колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 282-беренесинде белгиленген эрежелер жана шарттар боюнча жүргүзүлөт.

2. Убактылуу алынып келген товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосу астында жайгаштыруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 284-беренесинде каралган тартипте жүргүзүлөт.

131-берене. Убактылуу алынып келинген (уруксат кылынган) бажылык жол-жобо астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөө мөөнөтү

Убактылуу алынып келинген (уруксат кылынган) бажылык жол-жобо астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 283-беренесинде аныкталган.

132-берене. Бажылык жол-жобонун аракетин аяктоо жана токтото туруу

Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун) бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 281-беренесинде белгиленген тартипте аяктайт жана токтотула турат.

133-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы алымдарын жана салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосу астында товарларды жайгаштырган жак тартат. Убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосу астында турган товарларды пайдалануу жана ээлөө укугу башка жакка өткөрүлүп берген учурда бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн ортоктош жоопкерчиликти убактылуу алып келүүнүн бажылык жол-жобосу астында товарларды жайгаштырган жак жана башка жак тартат.

22-глава. Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосу

134-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосунун мазмуну, бажылык жол-жобого товарларды жайгаштыруунун шарттары, ошондой эле убактылуу алынып кетилген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 285, 286 жана 287-беренелери менен аныкталган.

135-берене. Убактылуу алып кетүүнүн мөөнөттөрү

1. Товарларды убактылуу алып кетүүнүн мөөнөттөрү, ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мындай алып кетүүнүн максаттарына жана шарттарына жараша, декларанттын арызынын негизинде бажы органы тарабынан белгиленет. Декларанттын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, товарларды убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтү ушул берененин 4 жана 5-бөлүгүндөгү жоболорду эсепке алуу менен, бажы органы тарабынан узартатылышы мүмкүн.

2. Убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтүн узартуу тууралуу арызды бажы органы он жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана декларантка мөөнөттү узартуу же узартуудан баш тартуу тууралуу билдирет. Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 38-главада жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген, убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун талаптарын жана шарттарын декларант сактабаган учурда гана бажы органы убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтүн узартуудан баш тартууга укуктуу.

3. Убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтүн узартуудан бажы органынын баш тартуусу негиздүү жана жүйөлүү болушу керек. Бажы органы баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндө декларантка кабарлайт.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 288-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Бажы бирлигинин бажылык аймагынан сырткары алып кетүүнүн максаттарына жараша товарлардын айрым категориялары үчүн, ошондой эле убактылуу алып кетүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра алып келүү милдеттүү болуп эсептелген товарлар үчүн убактылуу алып кетүүнүн мөөнөттөрүнүн чектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Убактылуу алынып кетилген, Кыргыз Республикасынын аймагына кайра кайтаруунун милдеттүү экендиги белгиленбеген товарларга карата менчик укугу чет өлкөлүк жаранга өткөрүлүп берилген учурда бул товарларды убактылуу алып кетүүнүн мөөнөтү узартылууга жатпайт, ал эми товарлар экспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылууга жатат.

136-берене. Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобо астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып келген бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү

Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) товарларга карата алып кетүүдөгү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 290-беренесинде аныкталган.

137-берене. Бажылык жол-жобону аяктоо

Убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 289-беренесинде каралган тартипте аяктайт.

138-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандыгы, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти убактылуу алып кетүүнүн бажылык жол-жобосуна товарларды жайгаштырган жак тартат.

23-глава. Реимпорттун бажылык жол-жобосу

139-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

Реимпорттун бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобо астында жайгаштыруу шарттары, кайра импорттоонун бажылык жол-жобосу астында товарларды жайгаштыруу үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 292, 293 жана 294-беренелери менен аныкталган.

140-берене. Алып кетүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (эсептешүүгө алуу)

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 293-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн, реимпорттун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларга карата, эгерде аталган товарлар реимпорттун бажылык жол-жобосуна мындай товарларды экспорттун бажылык жобосу астында жайгаштырган күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен жайгаштырылса, алып кетүүдөгү бажы алымдарынын төлөнгөн суммаларын кайтаруу (эсептешүүгө алуу) жүргүзүлөт.

2. Алып кетүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (эсептешүүгө алуу) ушул Мыйзамдын 42-главасында белгиленген тартипте бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

141-берене. Товарларды реимпорттун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырууда алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды, субсидияларды жана башка суммаларды төлөө

1. Товарларды реимпорттун бажылык жол-жобосу астында жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган эсепке, ал эми Бажы бирлигине мүчө өлкөлөрдүн эл аралык келишиминде белгилеген учурларда, - ушул эл аралык келишимде аныкталган эсепке төмөнкүлөр төлөнүүгө жатат:

1) алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктарынын жана (же) алардын пайызынын суммалары, эгерде мындай алымдардын, салыктардын жана (же) алардын пайызынын суммалары алынбаса, же товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө байланыштуу кайтарылып берилсе;

2) ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана тикелей же кыйыр төлөмдөр, жеңилдиктер же товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүгө байланыштуу ордун толтуруулар катары төлөнбөгөн же алынган башка суммалар.

2. Реимпорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды төлөө боюнча милдет декларантта бажылык декларацияны бажы органы каттаган учурдан тартып келип чыгат.

3. Алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды төлөө боюнча милдет декларантта төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) алып кирүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана башка суммалар ушул Мыйзамга ылайык белгиленген өлчөмдө төлөнсө;

2) реимпорттун бажылык жол-жобосуна ылайык товарларды чыгаруудан баш тартса.

4. Алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын суммалары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 251-беренесинде кайра иштетүүнүн продуктуларын ички пайдалануу үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө жаткан бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын аныктоо үчүн белгиленген эрежелер боюнча эсептелет.

5. Ички салыктардын суммалары товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө бажылык декларацияны толтурган күнгө карата колдонулган коюмдарга, жана товарлардын аларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө аныкталуучу бажылык наркына жана (же) санына жараша эсептелет. Эгерде алып келүүчү товарларга карата экспорттун бажылык жол-жобосун билдиргенде товарлардын бажылык наркы аныкталбаса жана билдирилбесе, ички салыктардын суммасын эсептөө максаттары үчүн бул товарлар үчүн иш жүзүндө төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан баа пайдаланылат, бул баа товарды алып кетүүдө сатуу-сатып алуу бүтүмүнө байланыштуу таризделген коммерциялык документте көрсөтүлөт жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө бажылык декларацияны толтурган күнгө карата Кыргыз Республикасынын валютасында эсептелет. Аталган товарларга карата башка бүтүмдөргө байланыштуу экспорттун бажылык жол-жобосу билдирилгенде, бул товарлардын аларды алып кетүүдөгү коммерциялык же башка документтерде келтирилген, ушул Мыйзам белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын валютасында эсептелген, товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып кетүүдө бажылык декларация толтурулган күнгө карата аныкталган баасы колдонулат.

6. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн субсидиялардын суммаларын жана башка суммаларды эсептөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Көрсөтүлгөн суммалар менен бир катарда алардан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коюмдары боюнча пайыздар алынуучу учурларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоого укуктуу.

7. Алып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар, ички салыктар, субсидиялар жана башка суммалар жана алардын пайыздары товарлар реимпорттун бажылык жол-жобосуна ылайык чыгарылганга чейин төлөнүүгө жатат.

8. Ушул беренеде каралган алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын, ички салыктардын, субсидиялардын суммалары жана башка суммалар жана алардын пайыздары Бажы бирлигинин Бажы кодексинде жана ушул Мыйзамда бажы төлөмдөрүн өндүрүү үчүн белгиленген тартипте төлөнөт.

142-берене. Бажылык жол-жобону сактабагандык үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобону сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти товарларды реимпорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырган декларант тартат.

24-глава. Реэкспорттун бажылык жол-жобосу

143-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун мазмуну, товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 296 жана 297-беренелеринде аныкталган.

2. Мурда ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосунда турган товарларды реэкспорттун жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн декларант бажы органына Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 299-беренесинде каралган документтер менен маалыматтарды берет.

3. Эгерде реэкспортто алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотуу же төлөнгөн суммаларды кайра кайтаруу товарлар Кыргыз Республикасынын аймагында турганда колдонулган белгилүү бир бажылык жол-жоболордо шарттарында каралган болсо, мындай бошотуу берилет же кайра кайтаруу жүргүзүлөт.

4. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды алты айлык мөөнөттүн ичинде иш жүзүндө алып кетүү жүргүзүлбөгөндө, же болбосо товарлар пайдаланылганда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланылганда бажы алымдары, салыктары төлөнөт, аларды төлөтүп алуу товарларды алып келгенде алар ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна билдирилгенде төлөнгөндөй жүргүзүлөт. Ошондой эле алардан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмдары боюнча пайыздар алынат, аларды алуу товарларды реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырганда көрсөтүлгөн суммаларга карата кийинки калтырылганда алынгандан жүргүзүлөт.

144-берене. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды ташуунун өзгөчөлүктөрү

Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташуу бажы транзитинин жол-жобосуна тиешелүү болгон бажы контролу алдында, Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 32-главада белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

145-берене. Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу, аларды төлөөнүн мөөнөтү

Реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу (жайгаштырылган) чет өлкөлүк товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтотулушу жана аларды төлөөнүн мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 300-беренесинде белгиленген.

146-берене. Алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын кайтаруу (зачет)

1. Мурда ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 297-беренесинин 2-пунктчасында белгиленген шарттарда реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган жана иш жүзүндө Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алынып кеткен товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын кайтаруу (зачет) ушул Мыйзамдын 42-главасында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

147-берене. Бажылык жол-жобону сактабагандык үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобону сактабагандык, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти товарларды реэкспорттун бажылык жол-жобосуна жайгаштырган декларант тартат.

25-глава. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосу

148-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды алымсыз сооданын бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 302 жана 303-беренелеринде аныкталган.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлердеги алымсыз соода жүргүзүү дүкөндөрүндө товарларды сатуу бажы контролу алдында жүргүзүлөт.

3. Товарлар алымсыз соода жүргүзүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылганда ички салыктарды, ошондой эле алып келүүдөгү бажы алымдарынын, салыктардын мурда төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.

4. Алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн иштөө тартиби жана аталган дүкөндөрдө товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

149-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар

1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү орун-жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.

Аталган орун-жайлар товарларды сатуу алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүүнү, ошондой эле товарлардын сакталышын жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай таризде жабдылууга тийиш.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн соода залдары алымсыз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандай таризде жайгаштырылууга тийиш.

3. Алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн өткөрмө пункттарда жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын карамагында турган мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш. Башка жерлердеги алымсыз соода-сатык дүкөнүнүн жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

4. Алымсыз соода дүкөнүнүн орун-жайы бажы контролунун зонасы болуп саналат.

5. Алымсыз соода-сатык дүкөнүн ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

150-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги

1. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сатуу үчүн алымсыз соода дүкөнүнө келген товарларды бажы контролун кыйгап алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын эсебин жүргүзүүгө;

3) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын отчетун бажы органдарына берүүгө;

4) ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) Кыргыз Республикасынын соода чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоого.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чет өлкөлүк товарлар жоголгон учурда же болбосо аларды ушул главада белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык, алымсыз соода дүкөнүндө жеке жактарга чекене сатуудан башка максаттарда пайдаланган учурда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

151-берене. Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосун аяктоо

Алымсыз сооданын бажылык жол-жобосунун аракети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 305-беренесинде каралган тартипте аяктайт.

152-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тартат.

26-глава. Жок кылуунун бажылык жол-жобосу

153-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Жок кылуунун бажылык жол-жобосунун мазмуну, товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруунун шарттары жана жок кылуунун бажылык жол-жобосун колдонуунун өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 307-309-беренелеринде аныкталган.

2. Товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууга бажы органынын уруксаты менен жол берилет.

3. Товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууга бажы органынын уруксат берүүсүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

154-берене. Товарларды жок кылуу

1. Товарларды жок кылуунун мөөнөтү бажы органы тарабынан, декларанттын арызынын негизинде, товардын ушул түрүн билдирилген ыкма менен жок кылууга зарыл болгон убакытка, ошондой эле товарларды алар турган жерден алар жок кылынуучу жерге чейин алып барууга зарыл болгон убакытка жараша белгиленет.

2. Товарларды жок кылуунун орду Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан аныкталат.

3. Товарлар жок кылынгандан кийин декларант ырастоочу документтерди (жок кылуу же утилдештирүү жөнүндө актылар же отчеттор, жок кылууда же утилдештирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же калыптанган тажрыйбага ылайык түзүлүүчү башка документтер) бажы органына берүүгө милдеттүү.

155-берене. Бажы органдары тарабынан бажы контролун жүргүзүү

1. Бажы органдары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык, жок кылуунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылуучу же жайгаштырылган товарларга бажы контролун тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуу менен жүргүзөт.

2. Эгерде бажы органдарынын кызмат адамдары товарларды жок кылуу процессине визуалдык байкоо жүргүзсө, товарларды жок кылууну ырастоочу акт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган формада жана тартипте түзүлөт.

156-берене. Бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык үчүн жоопкерчилик

Бажылык жол-жобонун шарттарын, Кыргыз Республикасынын табигый айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын сактабагандык үчүн, ошондой эле таштандылар менен калдыктарга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчиликти жок кылуунун бажылык жол-жобосун билдирген декларант тартат.

27-глава. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу

157-берене. Бажылык жол-жобонун жалпы жоболору

1. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосунун мазмуну жана товарларды аталган жол-жобого киргизүүнүн шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 310 жана 311-беренелеринде аныкталган.

2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун жол-жобосуна товарларды киргизүү бажы органынын уруксаты менен берилет.

3. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун жол-жобосуна товарларды киргизүү үчүн бажы органдары тарабынан уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

158-берене. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу жол-жобосуна киргизилген товарларды тескөө

1. Мамлекеттин пайдасына товарлардан баш тартуу товарларды сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен ордун толтурууга мүмкүн болбогон кандайдыр бир чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына алып келбеши керек.

2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте өткөрүлүп берилет.

159-берене. Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажылык жол-жобону колдонгондук үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттин пайдасына баш тартуу боюнча бажылык жол-жобонун шарттарын сактабагандык үчүн, ошондой эле товарларды мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна киргизүү жолу менен аларды тескөөнүн мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчиликти декларант тартат. Бажы органдары мамлекеттин пайдасына декларант баш тарткан товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон адамдардын кандайдыр бир мүлктүк дооматтарынын ордун толтурбайт.

28-глава. Атайын бажылык жол-жобо

160-берене. Атайын бажылык жол-жобонун мазмуну жана товарларды бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттары

1. Атайын бажылык жол-жобо - Бажы бирлигинин Комиссиясы тарабынан белгиленген тизме боюнча жана бул Комиссия белгилеген шарттарга ылайык товарлардын айрым категориялары бажы алымдарын жана салыктарды төлөбөстөн, товарлардын бул категорияларына карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү жол-жобо.

2. Товарлардын атайын бажылык жол-жобосунда туруу мөөнөтү, бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгыш жана токтотулуш учурлары, ошондой эле атайын бажылык жол-жобону колдонууда аларды төлөөнүн мөөнөтүнүн башталуусу келген учурлар, атайын бажылык жол-жобонун аракеттерин аяктоо, убактылуу токтотуу жана жандандыруу тартиби, атайын бажылык жол-жобого киргизилген товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөр, эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары менен башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында аныкталган учурларда, товарлардын айрым категорияларына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүнүн шарттарын белгилейт.

3. Товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүдө бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү, ошондой эле ички салыктарды төлөөдөн бошотуу, кайтарып берүү же ордун толтуруп берүү жүргүзүлбөйт.

161-берене. Товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүдө бажылык декларациялоо

Товарларды бажылык декларациялоонун тартиби, товарларды атайын бажылык жол-жобого киргизүүдө бажылык декларацияда көрсөтүлүүгө жаткан маалыматтардын тизмеги, ошондой эле декларант тарабынан товарларга декларация менен бир мезгилде көрсөтүлүүчү документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

V бөлүм. Товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

29-глава. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

162-берене. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр

1. Товарларды эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 44-главага жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операциялары эл аралык почта алмашуу жерлеринде же бажы органы тарабынан аныкталган башка жерлерде жүргүзүлөт. Почта байланышынын объекттери болуп саналган эл аралык почта алмашуу жерлери почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

163-берене. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберилүүчү товарларга карата бажы операцияларынын өзгөчөлүктөрү

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө же ал аймактан алып кетүүгө чек коюлган товарларга карата товар алуучулар же жиберүүчүлөр же болбосо алардын атынан аракеттенген жактар бажылык тариздөөдө зарыл уруксаттарды, лицензияларды, сертификаттарды көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Эл аралык почталык жөнөтүмдөрү менен жиберүүгө тыюу салынган жана чек коюлган товарларды алып коюу, ошондой эле аларды тескөө бажы органдары тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, ал эми аны менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

3. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен жиберүүдө товарларды бажылык тариздөө артыкчылыктуу тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажылык тариздөөнүн конкреттүү мөөнөттөрү почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Өзүнчө бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте, товар алуучу же жиберүүчү турган аймактагы бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Бажы бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары алынып кетүүчү, өзүнчө бажылык декларация бериле турган товарларды бажылык тариздөө товарларды жиберүү үчүн почта байланышынын уюмдарына бергенге чейин, жиберүүчүлөр же алардын атынан аракеттенген жактар тарабынан жүргүзүлөт.

6. Эл аралык почталык жөнөтүмдөр менен Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарларга карата бажы жыйымдарын, салыктарын колдонуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 316-беренесинде аныкталган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен которуштурулуучу эл аралык почталык жөнөтүмдөрдү бажылык декларациялоо жүргүзүлбөйт.

164-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттениши

1. Эл аралык почталык жөнөтүмдөрдө камтылган товарларды бажылык тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугунун жогорулатуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара аракеттешүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзөт.

Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланышынын уюму бажы органдарынын контролунун астында бул органдардын айрым функцияларын аткарган учурлар каралышы мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүү жана аларды бул аймактан алып кетүү эрежелеринин эл аралык почта жөнөтүмдөрүн которуштурууга тийиштүү бөлүгү тууралуу почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өз убагында билдирет.

30-глава. Чет өлкөлүк жактардын айрым категорияларынын товарларды алып өтүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

165-берене. Чет өлкөлүк жактардын айрым категорияларынын товарларды алып өтүшү

1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук жана башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын персоналы тарабынан товарларды, ошондой эле артыкчылыкка, өзгөчө укукка жана (же) иммунитетке ээ болгон чет өлкөлүк адамдардын айрым категорияларынын жеке жана үй-бүлөлүк колдонуусуна арналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 45-главага ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жактар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүнүн жеңилдетилген эрежелери Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 45-главада белгиленген эрежелерден сырткары каралса Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.

3. Эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдар, чет мамлекеттердин алардагы өкүлчүлүктөрү үчүн, ошондой эле бул уюмдардын жана өкүлчүлүктөрдүн персоналы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бажы жеңилдиктери Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдери менен аныкталат.

4. Дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, чет мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын (мындан ары - өкүлчүлүктөр) персоналы расмий пайдалануу үчүн алып өтүшкөн товарларды бажылык декларациялоо эркин формада эки нускада түзүлгөн, өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана өкүлчүлүктүн башчысы же ал ыйгарым укук берген адам кол койгон жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) бажы органына көрсөтүү менен жүргүзүлөт, арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

1) бажы органынын аталышы;

2) товарды Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып кетүүгө карата транспорттук документтин номери жана датасы;

3) товар жөнүндө кыскача маалымат.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арыз менен чогуу транспорттук (ташуучулук) документтер берилет.

6. Өкүлчүлүктүн расмий колдонуусуна арналган товарларды жиберүүчү (алуучу) жак бажы органына инсандыгын күбөлөндүргөн документти, ошондой эле жактын статусун тастыктаган документти же өкүлчүлүктүн мөөрүнүн түшүрүлмөсү жана өкүлчүлүктүн башчысынын колу же өкүлчүлүктүн кол коюуга ыйгарым укуктуу башка кызмат адамынын колу коюлган ишеним катты (бир жылдык же бир жолу пайдалануучу) көрсөтөт.

166-берене. Өз ара бирдейлик принциптеринде берилүүчү бажы жеңилдиктеринин таркалышы

Ушул Мыйзам менен берилүүчү бажы жеңилдиктери чет мамлекет менен атайын макулдашуунун негизинде, ар бир өзүнчө мамлекетке карата өз ара бирдейлик принцибине жараша башка жактарга да таркалышы мүмкүн.

31-глава. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

167-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо

Бажы органдары автордук укуктун жана аралаш укуктардын объекттеринин укук ээсинин Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 46-главасында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте, укук ээсинин арызы боюнча интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген товардык белгилерге, тейлөө белгилерине жана товардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдаланууга карата укук ээсинин белгисине болгон укуктарын коргоону жүзөгө ашырат.

168-берене. Укук ээсинин арызын кароонун тартиби

1. Укук ээси же анын таламдарын билдирүүчү жак (мындан ары - арыз ээси) интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын пикири боюнча, контрафакттык болуп саналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүдө же бажы контролунда турган товарлар менен дагы башка аракеттер жасалганда анын укуктары бузулушу мүмкүн же бузулду дел эсептеген учурларда, аталган укуктарын коргоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

2. Арызда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) укук ээси тууралуу маалыматтар, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү тууралуу да;

2) бажы реестрине киргизилүүгө тийиш болгон интеллектуалдык менчиктин объектин көрсөтүү жана интеллектуалдык менчикти түзгөн товарлардын сыпатталышы;

3) жогоруда аталган интеллектуалдык менчиктин объектисин түзгөн товарды өндүргөн уюм тууралуу маалыматтар жана бул уюмдардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер;

4) товарлардын өндүрүлгөн жери;

5) интеллектуалдык менчик укугунун бар экендиги жана таандуулугу жөнүндөгү маалыматтар.

Арызга интеллектуалдык менчик укугунун бар экендигин жана таандуулугун тастыктаган документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, интеллектуалдык менчик жөнүндөгү дагы башка документтер), зарылчылык болгон учурда - анын таламдарын билдирүүчү жакка укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.

Эгерде бир эле интеллектуалдык менчик объектисине болгон укук эки башка укук ээсине тийиштүү болсо, арызга ар бир укук ээсинин ишеним каты же бир эле интеллектуалдык менчик объектисине укуктун жоктугу тууралуу милдеттенме тиркелиши керек.

Арыз бергенде аны менен кошо интеллектуалдык менчиктин объектисин жана (же) контрафакттык товарды түзгөн товардын үлгүсү да берилиши мүмкүн.

Арыз ээси контрафакттык товарларды, аны менен кошо анын укуктары бузулган болжолдуу күндү аныктоого бажы органдарына мүмкүндүк берүүчү дагы башка маалыматтарды бере алат.

3. Арыз берүү учурунда арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгерде шектүү деп эсептелген товар контрафакттык эмес экени далилденсе, товарларды чыгарууну токтото турууга байланыштуу чыгымдардын жана келтирилген зыяндардын ордун декларантка толтуруп берүү тууралуу милдеттенме берет. Чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенменин формасы жана мазмуну, ошондой эле милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды келген күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө карап чыгат жана интеллектуалдык менчик объектилеринин бажы реестрине арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин киргизүү же аларды киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүүчүгө билдирилет.

5. Арыз берүүчүнүн берген маалыматынын тактыгын текшерүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактан, ошондой эле мамлекеттик органдан берилген маалыматты тастыктоочу документтерди сураганга укуктуу. Аталган органдар жана үчүнчү жактар суроо-талапты алган күндөн тартып он күндүн ичинде суралган документтерди берүүгө милдеттүү.

6. Арыз берүүчүдөн талап кылынган, бул чечимди кабыл алуу үчүн маанилүү болгон документтер берилбеген учурда арызды кароо токтото турулушу мүмкүн. Ушуну менен бирге, арызды кароонун жалпы мөөнөтү үч айдан ашпашы керек. Арыз берүүчүдөн талап кылынуучу документтер берилбеген учурда арыз кайра алынган болуп эсептелет жана андан ары кароого жатпайт, бул туурасында жазуу же электрондук формада арыз берүүчүгө кабарланат.

7. Эгерде берилген документтер интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун арыз берүүчүгө таандык экенин тастыктабаса же арыз берүүчү анык эмес маалыматтарды берсе, товарды чыгарууну токтото турууга байланышкан чараларды көрүүдөн баш тартуу жана интеллектуалдык менчик объектисин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

8. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда, арыз берүүчү бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө милдеттүү.

169-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жалпы бажы контролунун максаттары үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт (мындан ары - Бажы реестри).

Бажы реестрин киргизүүнүн жана андагы камтылган маалыматтарды бажы органдарына жана арыз берүүчүлөргө жеткирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектисин кошуу үчүн укук ээси же анын өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган интеллектуалдык менчик объекттери бажы реестрине киргизилет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттеринин тизмегин өзүнүн расмий басылмасында жарыялоону камсыз кылат.

5. Интеллектуалдык менчик объекттери Бажы реестринен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:

- арыз берүүчү кайрылган учурда;

- Бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектин киргизүү жана объектти коргоонун мөөнөтүн узартуу үчүн жыйымды төлөбөгөн учурда;

- интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо белгиленген тартипте токтотулган учурда;

- эгерде укук ээси товар чыгарууну токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз укуктарын коргоо үчүн кайрылбаса же товар чыгарууну  токтото туруу тууралуу чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арызы менен бажы органына кайрылбаса;

- интеллектуалдык менчик объектин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө арыз бергенде так эмес маалыматтар табылган учурда.

6. Бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө жол берилет:

1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) - интеллектуалдык менчик объектисин Бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же аларга тиркелген документтердеги маалыматты өзгөртүү тууралуу;

2) укук коргоо органдарынан же башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан - Бажы реестринде көрсөтүлгөн жак укук ээси катары укугунан ажырагандыгы же интеллектуалдык менчик объекттерине укугу чектелгендиги тууралуу.

Бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

7. Бажы реестрине өзгөртүү киргизүүдөн мурда, түшкөн маалыматтарды текшерүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул тууралуу укук ээси жана бажы органы жазуу жүзүндө кабарланат. Текшерүү жүргүзүү мезгилинде, ушундай интеллектуалдык менчик объектини камтыган товарларды чыгарууну токтото турууга байланышкан чараларды көрүү бажы органы тарабынан жүргүзүлбөйт.

8. Интеллектуалдык менчик объектиси Бажы реестрине киргизилген мөөнөттүн өтүүсү текшерүү үчүн зарыл болгон, бирок эки айдан ашпаган убакытка токтото турулушу мүмкүн.

9. Товарларды чыгарууну токтото туруу тууралуу чечимди кабыл алуунун, кабыл алынган чечим тууралуу арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө кабарлоонун, чыгарууну токтото туруу мөөнөтүн узартуунун, декларация берүүчүнүн чыгымдарын жана бажы органынын чыгымдарын өндүрүп берүүнүн тартиби, ошондой эле чыгарууну токтотуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

10. Бажы органдары Бажы реестрине киргизилбеген интеллектуалдык менчик объектин камтыган товарда анын контрафакттык товар болуп санала тургандыгынын белгилери табылган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте товарды чыгарууну токтотууга укуктуу.

170-берене. Маалымат берүү. Сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу

1. Бажы органы арыз берүүчүгө жана декларация берүүчүгө, чыгарууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алынган товарлар контрафакттык же андай эмес товар экенин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты берет.

2. Арыз берүүчү жана декларация берүүчү алган маалымат ушул беренеге ылайык купуя болот жана алар тарабынан жарыяланбашы, үчүнчү жакка, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органга, берилбеши керек.

3. Бажы органынын уруксаты менен арыз берүүчү жана декларация берүүчү же алардын өкүлдөрү бажы контролу астында чыгарууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана үлгүлөрдү ала алат жана буларга изилдөө жүргүзө алат.

171-берене. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укугун коргоого тийиштүү кошумча жоболор

1. Бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик укуктарынын корголушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын коргоонун кандай гана болбосун башка каражаттарына таянууга укук ээсине тоскоол болбойт.

2. Товарларды чыгарууну токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде декларант укук ээсинин товарларды жок кылууга жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо чыгаруу токтотулуп турган товарларды жок кылуунун бажылык жол-жобосун билдире алат. Мындай учурда бажы органынын товарларды чыгарууну токтото туруу жөнүндө чечими жокко чыгарылууга жатат.

32-глава. Товарларды өткөргүч куур транспорту менен жана электр берүү линиялары боюнча алып өтүүнүн өзгөчөлүктөрү

172-берене. Товарларды өткөргүч куур транспорту менен алып өтүүдө декларациялоо жана бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

1. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө, ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Мыйзамдын 225-беренесине ылайык аларды убактылуу мезгилдик бажылык декларациялоого жол берилет. Убактылуу мезгилдик декларациялоо убактылуу бажылык декларацияны берүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Убактылуу бажылык декларацияда декларант айткан, тышкы соода келишиминин (контрактынын) колдонуу мөөнөтүнөн ашпаган мезгилдин ичинде, товарлардын болжолдуу санын алып кирүү ниетине, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү пландалган товарлардын санына, алардын керектөөлүк касиеттерине жана (же) убактылуу бажылык декларацияны берүү күнүнө карата аталган товарлардын баасын аныктоонун тышкы соода келишиминин (контрактынын) шарттарында каралган тартибине ылайык аныкталган шарттуу бажы наркына жараша маалыматтарды билдиргенге жол берилет.

3. Бир нече тышкы соода келишимдери (контракттары) (анын ичинде жеткирип берүүнүн, бааны түзүүнүн жана төлөөнүн ар кандай шарттары) боюнча милдеттерди аткаруунун алкагында бир бажылык жол-жобонун шарттарына ылайык товарларды алып өткөн бир эле адам тарабынан алып кирилүүчү товарларга бир убактылуу декларацияны берүүгө жол берилет.

4. Убактылуу бажылык декларация жыл чейрегинен ашпаган мезгилде, ал эми жаратылыш газына - бир календардык жылдан ашпаган мезгилде, ушул мезгилден мурдагы айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен декларант тарабынан берилет.

5. Эгерде убактылуу бажылык декларацияда көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде бажы органы кабыл алган убактылуу бажылык декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын саны өзгөрсө, кошумча убактылуу бажылык декларацияда декларацияланган товарларды алып өтүү башталганга чейин кошумча убактылуу декларация берүүгө  жол берилет.

6. Декларант товарларды жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн ташылып чыккан товарларга тийиштүү түрдө толтурулган бир же бир нече толук бажы декларацияларын берүүгө милдеттүү. Толук бажылык декларация товарлар жеткирилүүчү календардык айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен берилиши керек. Декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органы толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартат, бирок токсон күндөн көп эмес убакытка гана. Толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартуу бажы алымдарынын, салыктардын эсептелген суммаларын төлөө мөөнөтүн узартпайт.

7. Эгерде календардык айдын ичинде убактылуу бажылык декларацияда алып кирүүгө билдирилген товарлар алып кирилбесе, декларант бул жөнүндө толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтү аяктаганга чейин жазуу жүзүндө бажы органына кабарлоого милдеттүү.

8. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү товарларга карата декларанттын алып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдети убактылуу бажылык декларацияны же толук бажылык декларацияны бажы органы каттаган учурдан тартып пайда болот.

9. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү товарларга карата декларанттын алып кирүүдөгү бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдети Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 80-беренесинин 2-пунктунда белгиленген учурларда токтотулат.

10. Товарларды өткөргүч куур транспорту менен алып кирүүдө алып кирүү алымдары, салыктары жеткирүүнүн ар бир календардык айынан мурунку айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен, убактылуу бажылык декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарга жараша төлөнөт. Бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн максаттары үчүн жеткирилүүчү айдан мурунку айдын он бешине карата колдонулган бажы алымдарынын жана салыктардын коюму колдонулат.

11. Жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн ташылып кирилген товарлар жөнүндө такталган маалыматтар бажы органына жеткирүүнүн ар бир календардык айы үчүн кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирилбестен берилет. Эгерде бажы алымдарынын жана салыктардын төлөнүүгө тийиш суммалары маалыматтарды тактоонун жыйынтыгында жогоруласа, суммаларды кошуп төлөө, бир эле убакта такталган маалыматтарды берүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Аталган учурда туум эсептелбейт.

12. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу ушул Мыйзамдын 42-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

13. Өткөргүч куур транспорту менен товарларды алып өтүүдө чектөөлөр убактылуу бажылык декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.

14. Өткөргүч куур транспорту менен алып өтүлүүчү жаратылыш газын бажылык декларациялоодо анын санын жана сапатын ырастоо үчүн, мындай алып өтүүнү жүзөгө ашырууга негиз болгон тышкы соода келишимдеринин (контракттарынын) шарттарында аныкталган жерлерде жайгашкан эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн, товарларды иш жүзүндө жеткирүү жөнүндө актылар пайдаланылат.

173-берене. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды алып кирүүдө жана алып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

1. Электр энергиясынын ташылып кирген, ташылып чыккан иш жүзүндөгү саны жана (же) анын ар бир календардык ай үчүн мамлекеттер аралык электр берүү линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы катарындагы сальдо-агымы декларацияланууга жатат. Бажылык декларацияда (бажылык декларацияларда) ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны ар бир календардык ай үчүн электр энергиясынын сальдо-агымы катары (электр тарамдарында электр энергиясынын жиберилүүсүндө болгон жоготуулардын чоңдугуна түзөтүлгөн чыңалуунун бардык класстарындагы электр берүүлөрдүн иштеп турган мамлекеттер аралык бардык линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын агымдарынын алгебралык суммасы) же электр тарамдарындагы жоготууларга электр энергиясын жиберүүдө болгон чоңдукка түзөтүлгөн, өзүнчө иш жүзүндө ташылып кирген жана ташылып чыккан электр энергиясынын саны көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 339-беренесинин 2-пунктуна ылайык энергетика тутумдарынын параллель иштөөсүнүн шарттарында, Бажы бирлигинин бажы аймагы аркылуу электр берүү линиялары боюнча электр энергиясын алып өтүүдө бажы органына берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмегин белгилейт.

3. Электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кирүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгарылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө белгиленген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

33-глава. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын алып кирүү жана алып чыгуу

174-берене. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн жана жабдууларды, камдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу

1. Эл аралык ташуулардын транспорттук каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасына ылайык жүзөгө ашырылат. Аба жана темир жол транспортуна карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан кетүүчү жерлерде эл аралык ташуунун транспорт каражаттарынын токтоп туруу узактыгы, эгерде ташуучу тарабынан Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса, ушул түрдөгү аба кемесин тейлөөнүн технологиялык графигинде же тиешелүү түрдө темир жол бекетинин ишинин технологиялык процессинде белгиленген убакыттан ашпашы керек.

2. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын оңдоо, техникалык тейлөө же пайдалануу үчүн арналган запастык бөлүктөр жана жабдуулар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетет. Алмаштыруунун натыйжасында эл аралык ташуунун транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүк жана жабдуу алар чыгарылып алынган эл аралык ташуунун транспорт каражаттары менен бир убакта Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келет жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетет. Мындай запастык бөлүктөр жана жабдуулар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн оңдоо жөнүндө маалыматтар эл аралык ташуунун транспорт каражатынын бажылык декларациясында көрсөтүлөт. Башка учурларда алмаштыруунун натыйжасында аралык ташуунун транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүктөрү жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 349-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацына ылайык ташылып кирет, ал эми Кыргыз Республикасынын аймагынан реэкспорттун бажылык жол-жобосуна карата алып чыгуудагы бажы алымын төлөбөстөн алып чыгарылат.

3. Транспорт каражатын оңдоо, техникалык тейлөө жана жабдуу үчүн арналган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) жана алып чыгуунун бажылык жол-жобосу Кыргыз Республикасынын аймагына жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алмаштыруунун жыйынтыгында транспорт каражатынан чыгарылган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды же мурда убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) жана алып чыгуунун бажылык жол-жобосунда турган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды же болбосо аталган товарларды Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарууну же Бажы бирлигинин бажы аймагына алып кирүүнү карабаган башка бажылык жол-жобого жайгаштыруу менен аяктайт.

4. Транспорт каражаттарынын нормалдуу иштөөсүн жана техникалык тейлөөнү камсыздоо үчүн зарыл болгон камдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 50-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

175-берене. Эл аралык ташуунун транспорт каражаттары катары шарттуу чыгарылган транспорт каражаттарын колдонуу

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 279-беренесинин 5-пунктуна, 345-беренесинин 4-пунктуна ылайык Бажы бирлигинин бажы аймагына убактылуу алып кирүүнүн (киргизүүнүн) бажылык жол-жобосуна ылайык алып келинген транспорт каражаттарын, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелген башка транспорт каражаттарын, анын ичинде Бажы бирлигинин бажы аймагына эркин бажы зонасынын бажылык жол-жобосуна ылайык эл аралык ташуулардын транспорт каражаттары катары киргизилген транспорт каражаттарын Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагынан убактылуу ташып чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын аймагына кайра алып киргизүү аркылуу колдонууга жол берилет.

2. Жүктөрдү жүктөө, түшүрүү, тазалоо жана коргоо же жүргүнчүлөрдү жана (же) кол жүктү тейлөө үчүн арналган атайын жабдууларга карата жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын оңдоодо, техникалык тейлөөдө жана колдонууда пайдаланууга арналган запастык бөлүктөргө карата, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарына жүргүзүлгөн оңдоонун алкагында алмаштыруунун натыйжасында алардан чыгарылып алынган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 48-главасынын жана ушул Мыйзамдын ушул главасынын жоболору колдонулат.

34-глава. Жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүнүн өзгөчөлүктөрү

176-берене. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды алып өтүүсү

1. Жеке жактардын жеке колдонуу үчүн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүсү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуусу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактардын товарларды алып өтүүсү жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге ылайык жеке жактардын товарларды алып чыгуусу жана алып кирүүсү үчүн кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

3. Бажы органдары жеке жактардын товарларды алып өтүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорт жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде түзүлгөн маалыматтык маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык стенддерди жабдуу жолу менен камсыздайт.

4. Коштолбогон багажда алынып өтүлүүчү же болбосо ташуучу жеткире турган жеке пайдалануу үчүн товарлардын бажылык декларациясын берүү мындай товарлар турган бажы органына жүргүзүлөт же болбосо мындай товарлар кайда жеткирилгендигине карабастан жеке жак дайыма же убактылуу жашаган региондогу бажы органына декларанттын тандоосу боюнча берилет.

5. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө негиз болуучу бажылык түшүрмө ордеринин бланктары так отчеттуулук бланктары болуп саналат.

VI бөлүм. Бажы төлөмдөрү

35-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор

177-берене. Бажы төлөмдөрү

1. Бажы төлөмдөрүнө жана салыктарына төмөнкүлөр кирет:

1) алып келүүдөгү бажы алымы;

2) алып кетүүдөгү бажы алымы;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу кошумча  нарк салыгы;

4) Бажы бирлигинин аймагына товарларды алып келүүдө алынуучу (алына турган) акциз (акциздер);

5) бажы жыйымдары (товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн, бажы коштоосу үчүн бажы жыйымы, алдын ала чечим үчүн акы төлөө).

2. Бажы органдары алуучу атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана, эгерде ушул мыйзамда башкача белгиленбесе, алып келүүдөгү бажы алымдарын алуу үчүн ушул мыйзамда каралган тартипте, бажы ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.

3. Жеке пайдалануу үчүн жеке жактар алып өтүүчү товарларга карата ушул бөлүм Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 49-главасына жана Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

178-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр

Декларант же Бажы бирлигинин Бажы кодексине, Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет жүктөлгөн башка адамдар бажы төлөмдөрүн төлөөчүлөр болуп саналат.

179-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 11-главага ылайык белгиленет.

2. Бажылык декларацияны берүү өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 194-беренесинин 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн бажылык декларацияны бергенге чейин же бажылык декларацияны берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.

180-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби жана анын формалары

1. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата алып келүүдөгү бажы алымдарын кошпогондо, алып келүүдөгү бажы алымдары Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде аныкталган эсепке төлөнөт. Алып келүүдөгү бажы алымдары башка төлөмдөрдү төлөө эсептерине киргизилиши мүмкүн эмес.

2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажылык декларацияны бергенге чейин төлөнгөн алып келүүдөгү бажы алымдарынын суммаларын тейлөө Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эсепке алуу менен ушул Мыйзамдын 185-беренесинде каралган тартипте ишке ашырылат.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды жана салыктарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленет.

5. Эгерде Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт. Өзгөчө учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кассасына төгүү жолу менен ишке ашырылат.

6. Бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү, туумдарды, пайыздарды, айыппулдарды төлөө ушул Мыйзамга ылайык накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүн  бербестен, электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары - электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган түзүлүштөрдү колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган төлөм терминалдары аркылуу же банкоматтар тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

181-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдети, эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын өлчөмү бажы төлөмдөрүнүн төлөөгө жаткан суммаларынан кем эмес сумманы түзсө, аткарылды деп төмөнкүдөй учурларда эсептелет:

1) төлөөчүнүн банктагы эсебинин акчалай каражаттары эсептеп чыгарылган, анын ичинде бажы төлөмдөрү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу төлөнгөн учурдан тартып;

2) бажы органынын кассасына накталай акча каражаттары төгүлгөн учурдан тартып же болбосо терминалдар, банкоматтар аркылуу бажы төлөмдөрү төлөнгөн учурдан тартып;

3) ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн сумманы бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө бажы органынын билдирүүсү алынган учурдан тартып;

4) бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү же акчалай күрөөнү бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө бажы органынын тескемеси алынган учурдан тартып;

5) банк, башка насыялык уюмдар же болбосо банк кепилдигине ылайык камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык кепилдөөчү төлөгөн бажы төлөмдөрүн, акчалай каражаттарды бажы төлөмүн төлөөгө эсепке алуу учурунан тартып;

6) ушул Мыйзамдын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке акча каражаттары киргизилген учурдан тартып, бажы төлөмдөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен өндүрүлгөн учурда:

а) бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын;

б) бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн күрөөдөгү мүлкүнүн.

2. Накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөдө товарларды чыгаруу максаттары үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдеттеринин аткарылышын ырастоо болуп  ушул Мыйзамдын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке бажы төлөмдөрүнүн суммасынын келип түшүүсү саналат, ал эми ушул Мыйзамдын 180-беренесине ылайык электрондук терминалдарды, төлөм терминалдарын же банкоматтарды пайдалануу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөндө ушул Мыйзамын 180-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттарды которууну ишке ашырууну ырастоочу документ болуп электрондук терминалдар, төлөм терминалдары же банкоматтар тарабынан түзүлгөн, анын ичинде электрондук түрдө түзүлгөн документ саналат. Көрсөтүлгөн документ түзүлгөн учурдан тартып бажы төлөмдөрүн төлөө максатында жүргүзүлгөн акча каражаттарын которуу кайра алынгыс болуп калат.

3. Жеке пайдалануу үчүн товарларга карата жеке жактар тарабынан бажы төлөмдөрү төлөнгөн деп Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте эсептелет.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 182-беренесинде, 251-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгүнүн ырастоосун жазуу түрүндө берүүгө милдеттүү, бирок бул ырастоо мындай талапка чейинки үч календардык жылдан ашпайт. Бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүнүн ырастоосунун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

182-берене. Ички керектөө үчүн шарттуу түрдө чыгарылган, Кыргыз Республикасында чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөнүн тартиби

1. Ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында шарттуу түрдө чыгарылган товарларды сатып алуу үчүн Бажы бирлигинин товарларынын статусу талап кылынган учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө (Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчалары, 5-пункту), мындай төлөө декларант (анын укук мураскери) же мындай товарлар мыйзамдуу ээлигинде турган жак тарабынан төлөнөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөө ушул берененин  1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды шарттуу чыгарууну жүргүзгөн бажы органына берген арыздарынын негизинде, товарларды шарттуу түрдө чыгаруу жүзөгө ашырылган бажылык декларациянын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө жүргүзүлгөн төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

3. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрү товарларды шарттуу чыгаруу жүргүзүлгөн бажылык декларацияда эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнгөн сумманын өлчөмүндө төлөнөт.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы алымдары Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алып кирүүдөгү бажы алымдарынын баалары боюнча эсептелген алып кирүүдөгү алымдардын суммасынын жана товарларды чыгарууда төлөнгөн алып кирүүдөгү алымдардын суммасынын айырмасы өлчөмүндө төлөнөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 180-беренесинде аныкталган эсепке төлөнүүгө тийиш.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар чегерилбейт жана төлөнбөйт.

183-берене. Пайыздарды төлөө

1. Пайыздар төмөнкү учурларда төлөнөт:

1) бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 250-беренесинин 5-пунктунда, 251-беренесинин 3-пунктунда, 263-беренесинин 2-пунктунда, 276-беренесинин 2-пунктунда, 284-беренесинин 3-пунктунда жана 291-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда;

3) ушул Мыйзамдын 141-беренесинде каралган учурда.

2. Пайыздар төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:

1) бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн пайыздар товарлар чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер токтотулган күнгө чейин колдонууда болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмуна жараша өзгөртүлгөн төлөө мөөнөтүнүн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасына карата пайыздар чегерилет;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 250-беренесинин 5-пунктунда, 251-беренесинин 3-пунктунда, 263-беренесинин 2-пунктунда, 276-беренесинин 2-пунктунда, 284-беренесинин 3-пунктунда жана 291-беренесинин 2-пунктунда жана ушул Мыйзамдын 141-беренесинде каралган учурларда, пайыздар белгиленген мезгилде колдонууда болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмуна жараша бажы алымдарынан, салыктарынан алынууга тийиш болгон суммага карата чегерилет.

3. Пайыздар бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер токтотулган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.

4. Пайыздарды төлөө, өндүрүп алуу жана кайтарып берүү Бажы бирлигинин Бажы кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган тартипте, тиешелүү түрдө бажы алымдарын жана салыктарын төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарып алууга жараша ишке ашырылат.

36-глава. Товарлардын бажылык наркы

184-берене. Товарлардын бажылык наркын аныктоо, декларациялоо, контролдоо жана оңдоп-түзөтүү

1. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарлардын наркын аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө аныктоо Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлардын бажылык наркын аныктоо маселесин жөнгө салган, Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык, Бажы бирлигинин Бажы кодексинде белгиленген учурларда аны колдонуунун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу товарлардын бажылык наркын аныктоонун тартибин белгилейт.

3. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү товарлардын бажылык наркын аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө алардын бажылык наркын декларациялоо, контролдоо жана оңдоп түзөтүү Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 8-главага  ылайык жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү товарлардын бажылык наркын декларациялоонун тартибин жана формаларын;

2) Бажы бирлигинин Бажы мыйзамдарында белгиленген учурларда товарлардын бажылык наркын аныктоодо Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө товарлардын бажылык наркын декларациялоонун формаларын жана аны толтуруунун эрежелерин;

3) алынып келинүүчү товарлардын партиясынын жалпы бажылык наркынын чоңдугун, мында товарлардын бажылык наркы товарлардын декларациясында бажы нарктын декларациясы толтурулбастан билдирилет;

4) товарларды сатып алуучуга берилүүчү максималдуу арзандатуунун пайызы;

5) товарлардын бажылык наркын оңдоп-түзөө жөнүндө бажы органдарынын чечимдерин жокко чыгаруунун тартиби.

5. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 68-беренесине ылайык товарлардын билдирилген бажылык наркын оңдоп-түзөтүү жөнүндө чечим, эгерде бажы органы же декларант тарабынан товарлар чыгарылганга чейин жана андан кийин товарлардын бажылык наркы жөнүндө анык эмес маалыматтар, анын ичинде товарлардын бажылык наркын аныктоонун туура эмес методу тандалганы жана (же) товарлардын бажылык наркы туура эмес аныкталганы табылган учурда бажы органы тарабынан кабыл алынат. Товарлардын билдирилген бажылык наркын оңдоп-түзөтүү жөнүндө чечим бажы органы тарабынан товарлар чыгарылганга чейин бажылык наркты контролдоону жүргүзүүдө жана кошумча текшерүү жүргүзбөстөн төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:

1) товарларды декларациялоодо билдирилген товарлардын бажылык наркынын чоңдугуна таасир берген маалыматтардын (сапаттык жана коммерциялык мүнөздөмөлөр, саны, касиеттери, чыккан жерлери, наркы жана башка маалыматтар) бажы контролун жүргүзүү процессинде бажы органы белгилеген иш жүзүндөгү маалыматтарга ылайык эместиги табылганда;

2) бажылык нарктын билдирилген чоңдугунун жана анын компоненттеринин аларды ырастоо үчүн берилген документтерге ылайык эместиги табылганда;

3) бажылык нарктын чоңдугуна таасир берген техникалык каталар табылганда (тамгалык каталар, арифметикалык каталар, валютанын туура эмес курсун колдонуу жана башка каталар).

6. Товардын бажылык наркынын декларант билдирген аныктоосунун тууралыгын ырастоочу маалыматтар жок болгондо, бажы органы товарды убактылуу (шарттуу) баалоонун негизинде эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу аркылуу ушул Мыйзамдын 199-беренесине ылайык товарды чыгарууну жүргүзүүгө укуктуу.

7. Товардын бажылык наркын аныктоого карата бажы органынын чечими менен декларант макул болбогон учурда бул чечим ушул Мыйзамда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.

37-глава. Аванстык төлөмдөр

185-берене. Аванстык төлөмдөрдү төлөө

1. Аванстык төлөмдөр деп алдыдагы алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын, бажы жыйымдарын төлөөнүн эсебинен төгүлгөн жана төлөөчү конкреттүү товарларга карата алып кетүүдөгү бажы алымдарынын, салыктарынын, бажы жыйымдарынын конкреттүү түрлөрү жана суммалары боюнча идентификацияланбаган акчалай каражаттар таанылат.

2. Аванстык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт.

3. Аванстык төлөмдөр катары төлөнгөн акчалай каражаттар аванстык төлөмдөрдү төккөн жактын мүлкү болуп эсептелет, аталган жак бул жөнүндө бажы органына тескеме бербесе же болбосо бажы органы өндүрүүнү аванстык төлөмдөргө чегергенге  чейин алар бажы төлөмдөрү же болбосо акчалай күрөө катары каралышы мүмкүн эмес. Аванстык төлөмдөрдү төккөн жактын тескемеси катары ушул жактын же анын атынан башка жактын бажылык декларацияны, аванстык төлөмдөрдү кайтаруу жөнүндө арызды бериши же болбосо өзүнүн акча каражаттарын бажы төлөмдөрү же болбосо бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылуу катары пайдалануу ниети жөнүндө күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасагандыгы эсептелет.

4. Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу арызын кошпогондо, аванстык төлөмдөрдү төккөн жактын аларды пайдалануу жөнүндө тескемесинин негизинде, көрсөтүлгөн акча каражаттарын башкарууну жүзөгө ашырган бажы органы алардын түрлөрү жана суммалары боюнча бажы төлөмдөрүн же акчалай күрөө катары аванстык төлөмдөрдү идентификациялоону жүргүзөт.

5. Авансты төккөн жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажы органы көрсөтүлгөн жакка, мындай арызды алган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен аванстык төлөмдөр катары төгүлгөн акчалай каражаттарды чыгымдоо жөнүндө, бирок арыздан мурдагы үч жылдан ашпаган мезгил үчүн жазуу түрүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, аванстык төлөмдөр катары төгүлгөн акчалай каражатты чыгымдоо жөнүндө отчетто бажы төлөмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча көрсөтүлгөн жактын арызындагы мезгилдеги төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) арызда көрсөтүлгөн мезгил ичинде келип түшкөн аванстык төлөмдөрдүн, анын ичинде, эгерде төлөөчүнүн арызы боюнча, аванстык төлөмдөрдүн статусу ал мурда акчалай күрөө катары төккөн же болбосо ашыкча төлөнгөн же өндүрүлгөн бажы төлөмдөрү түрүн алган аванстык төлөмдөрдүн суммасы жөнүндө;

2) аванстык төлөмдөрдүн чыгымдалбаган калдыгынын эсебинен бажы алымдарын, салыктарын талашсыз өндүрүү ишке ашырылган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөгө, акчалай күрөөнү төгүүгө чыгымдалган аванстык төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө;

3) кайтарып берүү жөнүндө арыздардын жана кайтарып берүү жөнүндө чечимдердин реквизиттерин көрсөтүү менен, жакка кайтарылып берилген аванстык төлөмдөрдүн суммалары жөнүндө.

6. Аванстык төлөмдөрдү төккөн жак бажы органынын отчетунун натыйжалары менен макул болбогон учурда, бул жактын акчалай каражатын чыгымдоону биргелешип салыштырып көрүү жүргүзүлөт. Мындай салыштырып көрүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган форма акт түрүндө таризделет. Акты эки нускада түзүлүп, бажы органы жана аванстык төлөмдөрдү төккөн адам тарабынан кол коюлат. Актынын бир нускасы ага кол коюлгандан кийин көрсөтүлгөн жакка тапшырылат.

186-берене. Аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү

Кайтарып берүүнүн (эсептешүүгө алуунун) тартиби, аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү жөнүндө арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

38-глава. Бажы жыйымдары

187-берене. Бажы жыйымдары

1. Бажы жыйымдары болуп бажы органдары тарабынан алар жүргүзгөн, товарды чыгарууга, товарларды бажылык коштоого, ошондой эле алдын ала кабыл алынган чечимдерге байланышкан аракеттерге алынуучу төлөмдөр эсептелет.

2. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби, формасы жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Бажы жыйымдарынын өлчөмү бажы органдарынын бажы жыйымы белгиленген иш-аракетинин чыгымдарынын болжолдуу наркынан ашпоого тийиш.

4. Бажы жыйымын төлөөчүлөр, бажы жыйымын төлөөнүн мөөнөттөрү, аларды эсептөөнүн, төлөөнүн, кайтарып берүүнүн (эсептешүүгө алуунун) жана өндүрүүнүн тартиби, ошондой эле бажы жыйымдары төлөөгө жатпаган учурлар ушул Мыйзам менен аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

188-берене. Товарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар жана алдын ала чечимди кабыл алуу

1. Товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоо үчүн жыйымдар (мындан ары - бажы операциялары үчүн жыйымдар) төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:

а) товарга жана транспорт каражатына тандап алынган бажылык жол-жобого ылайык товарды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди жасоодо;

б) бажы операцияларын жүргүзүүдө;

в) бажы органдары ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык алдын ала чечим кабыл алганда.

2. Товарлар катарында декларацияланган товарды жана транспорттук каражаттарды чыгарууга байланышкан аракеттерди жасоо үчүн бажы жыйымдары бажы операциялары үчүн бажылык нарктын 0,25 пайызы өлчөмүндө жана/же эсептик көрсөткүчтөр менен өндүрүп алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымдарын төлөөнүн максималдуу жана/же минималдуу өлчөмү аныкталышы мүмкүн.

3. Товарларды жана транспорт каражаттарды декларациялоодо бажы операциялары үчүн төмөнкү учурларда жыйымдар төлөнбөйт:

1) бажы чек арасы аркылуу которуштурулуучу товарды чыгарууга байланышкан аракеттерди бекер жардам көрсөтүү (көмөк көрсөтүү) максатында жасоодо;

2) нумизматикалык максатта колдонууну кошпогондо, акциздик маркаларды жана валюталарды бажылык декларациялоодо;

3) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосу билдирилгенде.

189-берене. Бажылык коштоого жыйым

Товарга карата ыйгарым укукка ээ жактын же декларация берүүчүнүн арызы боюнча бажы органы бажылык коштоону, анын ичинде коштоонун электрондук каражатын колдонуу менен коштоону бере алат.

Жүк ташыган ар бир транспорт каражатын бажылык коштоодо бажы жыйымы ар бир километр аралык үчүн эсептик көрсөткүчтүн ондон бири өлчөмүндө алынат.

39-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү

190-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн арызы боюнча ушул Мыйзамдагы 40-главада каралган тартипте бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу шартында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы төлөмүн төлөөнүн мөөнөтүн төмөнкүдөй өзгөртө алат:

1) отуз күнгө чейин;

2) ушул Мыйзамдын 191-беренесинде аныкталган негиздер болгон учурда бир жүз сексен күнгө чейин.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүү жана Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишим менен аныкталуучу шарттарда жана тартипте мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү формасында жүргүзүлөт.

3. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүү бажы төлөмдөрүнүн бир же бир канча түрү боюнча, ошондой эле, төлөөгө жаткан бардык суммага же анын бөлүгүнө карата берилиши мүмкүн.

4. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп жиберүүнү берүү жөнүндө чечим бул тууралу арыз берилген күндөн он беш күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.

191-берене. Мөөнөттү кийинкиге жылдырууну жана бөлүп жиберүүнү берүү үчүн негиз

Ушул Мыйзамдын 190-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү төмөнкү негиздердин бири болгон учурда бажы төлөмүн төлөөчүгө берилет:

1) бул жакка табигый кырсыктардын натыйжасында, технологиялык алаамат же ушул өңдүү ал жеткис күчтөр тарабынан зыян келтирилген учурда;

2) бул жак тарабынан аткарылган мамлекеттик тапшырыкка төлөө же мамлекеттик бюджеттен бул жакты каржылоо кечиктирилген учурда;

3) эгерде бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товар эрте бузула турган болсо;

4) жак тарабынан мамлекеттер аралык келишимдер боюнча жеткирүү жүргүзүлгөн учурда;

5) эгерде мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимде каралса, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында жеткирүү жүргүзүлгөн учурда.

192-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүүгө жол бербөөчү жагдайлар

1. Эгерде мөөнөттү кийинкиге жылдырууга же бөлүп жиберүүгө талапкер болгон жакка карата, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү төмөнкү учурларда берилбейт:

1) Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кылмыш белгилери боюнча административдик же кылмыш иши козголсо;

2) банкроттук жол-жобо козголсо.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдай болгон учурда мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүү тууралуу чечим чыгарылбайт, ал эми чыгарылган чечим жокко чыгарылууга жатат, бул тууралуу мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү берүү тууралуу арыз берген жакка үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.

193-берене. Мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү бергендик үчүн пайыздар

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп жиберүүнү бергендик үчүн пайыздар ушул Мыйзамдын 123-беренесинде аныкталган тартипте жана өлчөмдө алынат.

194-берене. Мөөнөттү кийинкиге жылдырууну же өткөрүп жиберүүнү бергендик үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү

1. Пайыздар бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын суммасын төлөө менен бир убакта же төлөгөнгө чейин, бирок мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү мөөнөтү бүткөн күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.

2. Бажылык пайыздарды төлөө, өндүрүп алуу жана кайтарып берүү ушул Мыйзамда бажылык пайыздарды төлөөгө, өндүрүп алууга жана кайтарууга каралган тартипте жүргүзүлөт.

40-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу

195-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары

1. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 12-главасында аныкталат.

2. Бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттүү аткаруу төмөнкү учурларда камсыз кылынат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтү кийинкиге жылдырылганда же өтүп кеткенде;

2) товарлар шарттуу чыгарылганда;

3) чет өлкөлүк товарларды ташууда жана (же) сактоодо;

4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөндө;

5) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Эгерде төлөөнүүгө жаткан бажы төлөмүнүн, туумдун жана пайыздын суммасы Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 85-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн суммадан ашпаса, бажы төлөмүн төлөөнү камсыз кылуу берилбейт.

4. Эгерде белгилүү бир мөөнөттө бир эле жак тарабынан бир канча бажы операциялары жүргүзүлсө, бажы органы бул операцияларды жүргүзүү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну (генералдык камсыздоону) алууга милдеттүү. Бир нече бажы органдарында бажылык жол-жоболорду жүргүзүү үчүн бажы төлөмүн төлөөнү генералдык камсыз кылууну бажы органдарынын алуусунун шарттарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу аны төлөөгө жооптуу жак же кайсы болбосун башка жак тарабынан, бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактын пайдасына жүргүзүлөт.

196-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө төмөнкү ыкмалар менен камсыз кылынат:

1) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;

2) банктык кепилдиктер (гарантиялар);

3) бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит);

4) кепилдик алуу.

5) камсыздандыруу келишими.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайсы болбосун ыкма менен бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу бул ыкманы бажы органы ишеничтүү деп тааныган шартта жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы бажы өкүлдөрү, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери жана бажы ташуучулары катары бажы иши чөйрөсүндө иш-аракетти жүзөгө ашырган жактардын реестрине киргизүүдө колдонулат.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууну колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

197-берене. Мүлктү күрөөгө коюу

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган мүлк;

2) үчүнчү жактын пайдасына мурдагы ушундай милдеттемени же башка бир милдеттемени камсыздоо үчүн коюлган мүлк;

3) бат бузулууга жаткан товарлар, жаныбарлар;

4) электр, жылуулук энергиялары, энергиянын башка түрлөрү;

5) ишкана;

6) мүлктүк укуктар;

7) жүгүртүүдөгү товарларга коюлган күрөө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин сатууга тыюу салынган өндүрүш продукциялары жана калдыктары;

9) өндүрүп алууга алынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча жүргүзүлүүчү мүлк.

2. Күрөө бажы органы жана күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен таризделет. Күрөө коюучу болуп бажы төлөмдөрүн төлөөгө милдеттүү жак же башка кайсы болбосун жак боло алат.

3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаганда, бажы төлөмдөрү боюнча карыздын суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен республикалык бюджетке которулат.

4. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

198-берене. Банк кепилдиги

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү банктардын жана башка насыялык уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктерин бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары кабыл алат.

2. Банктарды, башка насыялык уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын банктардын жана башка насыялык уюмдардын Реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамада белгиленет.

Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача таризде бузулганда банктар, башка насыялык уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылышы мүмкүн.

3. Банк кепилдиктерин берүүгө, банк кепилдиги боюнча талаптарды коюуга, кепилдик берүүчүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана банктык кепилдиктерди токтотууга байланышкан укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

199-берене. Бажы органынын эсебине акча каражатын салуу (депозит)

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен жүргүзүлөт.

Депозиттин суммасына пайыздар чегерилбейт.

2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаганда, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттин суммасынан чегерилет.

3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда, төлөнгөн акча каражаттары ушул Мыйзамдын 42-главасына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн камсыз кылууга берилүүгө жатат.

4. Депозиттин салынгандыгын ырастоо иретинде, бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жакка депозиттик сертификат берилет, анын формасы жана пайдаланыш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

200-берене. Кепилдик алуу

1. Кепилдик алуу бажы органы менен кепилдик берүүчүнүн ортосунда келишим түзүү жолу менен, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык таризделет.

2. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчү бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуу катары кепилдик алууну тандаганда кепилдик берүүчү болууга ниети бар жак кепилдик алуу келишимин түзүү жөнүндө бажы органына сунуш жиберет.

3. Бажы органы кепилдик алуу келишимин түзүүгө байланышкан чыгымдарды тартпайт.

2001-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары камсыздандыруу келишимин колдонуу

Ушул Мыйзамдын 196-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларда, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими колдонулушу мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

41-глава. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

201-берене. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы эрежелери

1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул главада аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.

2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактарга карата жүргүзүлөт жана ушул главага ылайык ишке ашырылат.

3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коет.

4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:

1) эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде коюлбаса;

2) эгерде бир бажылык декларацияда көрсөтүлгөн товарларга же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарларга карата бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо.

202-берене. Туум

1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндө (убактысы өтүп кеткенде) туум төлөнөт.

Ушул берененин 2-4-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүнүн өткөндөн кийинки ар бир календардык күн үчүн, бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер аткарылган күнгө дейре же болбосо мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп жиберүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө дейре, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.

2. Кепилдик берүүчүгө же гарантка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап коюлганда туум кепилдик берүү же банк гарантиясы менен камсыздалган милдеттенмелердин мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакка аларды төлөө жөнүндө талап коюлганда, туум талап коюлган күнгө дейре эсептелет. Бажы төлөмдөрү талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул берененин 1-пунктуна ылайык эсептелет.

4. Товарлар убактылуу сактоодо турганда бажылык декларацияны берүү мөөнөтү бузулганда убактылуу сактоо мезгили үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.

5. Туум бажы төлөмдөрүн төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт.

6. Бажы төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек.

7. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге калтыруу же бөлүп жиберүү жөнүндө арыз берүү салык калдыгынын суммасына туумду эсептөөнү токтотпойт.

8. Туумду төлөө, өндүрүү жана кайтарып берүү ушул Мыйзамда бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүүгө жана кайтарууга каралган тартипте ишке ашырылат.

203-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап деп бажы органы бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы же болбосо бажы төлөмдөрүнө кошумча эсептелинген сумма тууралуу, ошондой эле туумду жана (же) пайыздарды бул талапта белгиленген мөөнөттө төлөө милдети жөнүндө төлөөчүгө жөнөткөн жазуу жүзүндөгү билдирме эсептелет.

2. Талапта төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы, талап коюлган учурга карата эсептелген туумдун өлчөмү, ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтү, талапты аткаруунун мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу жана төлөөчү талапты аткарбаганда колдонула турган өндүрүп алууну камсыз кылуу чаралары тууралуу жана талап коюунун негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

Талаптын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Талап тийиштүү түрдө таризделген жана ушул берененин 5-пунктунда белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчүнө кирет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюунун же толук төлөбөй коюунун фактысы табылган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен төлөөчүгө жөнөтүлүүгө тийиш.

Бажы иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кылмыш белгилери (укук бузуулар) боюнча кылмыш-жазалык же администрациялык иш козголгон учурда, бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтүү мөөнөтү кылмыш-жаза иштери жана администрациялык укук бузуу иштери боюнча өндүрүш аяктаганга чейин токтотулуп турат.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты аткаруунун мөөнөтү талап алынган күндөн тартып отуз күндөн ашпайт.

5. Талап уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка жекече кол койдуруу же талап алынгандыгынын фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапты алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт. Талап тапшырык катты бергендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасы алынганда алынды деп эсептелинет.

6. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап ушул берененин 4-пунктунда каралган мөөнөттө аткарылбаганда, бажы органдары ушул главага ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

7. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап төлөөчүгө ал кылмыш-жазалык же администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жөнөтүлөт.

8. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте кайра алынышы мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

204-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу

1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы алымдары жана салыктары бюджетке карата карыз болуп саналат.

2. Эгерде бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын төлөнүшүнө жооптуу жак төлөө мөөнөтү келгенде, же даттануу мөөнөтүнүн жүрүшүндө аларды төлөбөсө, ушул Мыйзамдын 288-беренесине ылайык бажы органы бажы төлөмдөрү боюнча төлөнүүгө тийиш болгон карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндөгү ишти же болбосо "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жооптуу жакты банкрот деп табуу талабын билдирген арызды сотко берет.

205-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен, эгерде бул товарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ички керектөө үчүн чыгарылбаган болсо, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга укуктуу.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жакты бажы органдары таппай калган учурда гана бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтпөстөн бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууга жол берилет.

3. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу, товарларды алып коюу же аларга карата башка аракеттер Кыргыз Республикасынын салык жөнүндөгү мыйзамдарында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

206-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаган учурларда, бажы органдары төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн талап кылынбаган депозиттин чыгымдалбаган калдыгынын эсебинен же төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

2. Депозиттин суммасынан өндүрүп алуу бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде, бажы органынын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Депозиттин эсебинен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын өндүрүп алуу жөнүндө бажы органы бул каражаттарды ушул органдын эсебине салган жакка, өндүрүп алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

207-берене. Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу

Төлөөчүнүн мүлкүн камакка алуу соттун чыгарган чечиминин негизинде гана бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.

208-берене. Бажы төлөмдөрүн которууга тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери

1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн которууга төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн республикалык бюджетке которууга бажы органдарынын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.

2. Төлөөчүнүн эсебинде акча каражаттары бар болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүн которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.

3. Бажы төлөмдөрүн которуу боюнча ушул беренеде каралган милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

209-берене. Бажы төлөмдөрү боюнча үмүтсүз карыздарды жоюу

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыз, төмөндөгүдөй учурларда үмүтсүз карыз болуп таанылат:

1) бажы төлөмдөрү аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же жактардын бажы төлөмдөрүн төлөө милдети башталган окуя болгон күндөн тартып алты жылдын ичинде төлөнбөсө;

2) жеке жак каза болгондо анын укук улантуучусу же мураскору жок болсо;

3) жеке жак дайынсыз жок болду же аракетке жөндөмсүз деп табылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;

4) төлөөчү кудуретсиз (банкрот) деп табылса;

5) өзүнчө мыйзам менен кабыл алынган бажы төлөмдөрү боюнча карыз жоюлса.

Аталган учурларда бажы төлөмдөрү боюнча карыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жоюлат.

42-глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акча каражаттарын кайра кайтарып берүү

210-берене. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган төлөмдөрдү кайра кайтарып берүү

1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашкан акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.

2. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын бажы органы төлөөчүнүн арызы боюнча кайра кайтарууга тийиш. Аталган арыз көрсөтүлгөн суммалардын эсебине төлөнгөн бажы органына алар төлөнгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирилбестен берилет.

3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы билинген учурда, бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө төлөөчүгө ушундай факт билинген күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен билдирүүгө милдеттүү.

4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Кайра кайтаруу жөнүндө арызды карап чыгуунун, кайра кайтаруу тууралуу чечим кабыл алуунун жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруунун зарыл болгон жалпы мөөнөтү кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилген жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген бажы төлөмдөрүнүн суммасына көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда, кайтарып берүү мөөнөтүн бузуунун ар бир күнүнө пайыз эсептелинет. Пайыздык коюм кайтарып берүү мөөнөтү бузулган мезгилге колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу коюмуна барабар болгон деңгээлде кабыл алынат.

5. Кайра кайтарып берүү бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шартта жүргүзүлөт.

6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу, эгерде арызда башкача айтылбаса, төлөөчүнүн төлөө же өндүрүп алуу жүргүзүлгөн эсебинен жүргүзүлөт. Эгерде төлөөчүнүн пайдасына бажы төлөмдөрүн башка жак төлөгөн болсо, анда ошол жакка кайра кайтарылат.

7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтарып берүү улуттук валютада жүргүзүлөт.

8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтарган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат.

9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:

1) төлөөчүнүн көрсөтүлгөн карыздын өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карызы болгондо;

2) белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилгенде.

10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айып акыларды төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун эсебине алуу түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн эсепке алуу ушул беренеге ылайык кайра кайтаруу тартибинде жүргүзүлөт.

11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыздары болгон учурда бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрдүн суммасынын эсебинен өз алдынча төлөөгө укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке алуу жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.

12. Кайра кайтарып берүү жүргүзүлгөн бардык учурларда бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн күндү, анын себебин жана суммасын ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып он күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органдарына маалымдайт.

211-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтарып берүүнүн башка учурлары

1. Бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтарып берүү ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) бажылык декларация кайра артка алынганда;

2) бажы алымынын төлөнгөн суммасын кайра кайтаруу түрүндө тарифтик жеңилдиктер берилген учурда;

3) алда канча оңтойлуу шарт же тарифтик преференциялардын режими калыбына келтирилгенде;

4) бажы жол-жобосунун шарттарында, чет өлкөлүк товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары алып кеткен же аларды жок кылган, же болбосо мамлекеттин пайдасына андан баш тарткан, же ата мекендик товарларды, же болбосо аларды кайра иштетүүнүн продуктуларын Кыргыз Республикасынын аймагына алып келген учурларда бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларын кайра кайтаруу каралганда;

5) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 282-беренесинин 5 жана 6-пункттарында каралган  учурларды кошпогондо, эгерде товарларды жаңы тандалган бажылык жол-жобого койгондо төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы алгачкы бажылык жол-жободо төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасынан аз болсо, мурда билдирилген бажылык жол-жобо бажы органынын уруксаты менен өзгөртүлгөндө;

6) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы убактылуу (шарттуу) баа коюу учурунда төлөнгөн суммадан аз болсо, бажылык нарк товарларды чыгаргандан кийин аныкталганда;

7) товарларды импорттогондо убактылуу, антидемпингдик же компенсациялык атайын чаралар Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарын, салыктарды кайра кайтаруу бул жөнүндө бажы алымдарынын, салыктардын төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууга алып келген жагдайлар келип чыккан кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен арыз бергенде, ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган  бажы алымдарын кайра кайтаруудагыдай таризде, ушул главага ылайык жүргүзүлөт.

212-берене. Депозитти кайра кайтарып берүү

1. Депозитти кайра кайтарып берүү, эгерде аны кайра кайтарып берүү жөнүндө арыз милдеттенмени аткарган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилген болсо, депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке которулат жана кайра кайтарылып берилбейт.

2. Депозитти эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же аткаруу боюнча милдеттенмелер депозит менен камсыз кылынган бажылык операция же бажылык жол-жобо аяктап жаткан бажы органы кайра кайтарып берет.

3. Депозит Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө депозиттик сертификатты көрсөткөн учурда кайра кайтарылат.

4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынган болсо, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозитти кайтарып берүү төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Депозитти кайра кайтарып  берүү төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча карызы ушундай карыздын өлчөмүндө болгон учурда жүзөгө ашырылбайт.

VII бөлүм. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары

43-глава. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларына тиешелүү негизги жоболор

213-берене. Ушул главаны колдонуу чөйрөсү

1. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 26-главада, ушул Мыйзамда жана буга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

2. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жана технологиясы бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын түрүнө, мындай которуштурууга пайдаланылуучу транспорттун түрүнө, ошондой эле товарларды өткөрүүчү жактардын категорияларына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. "Интернет" эл аралык ассоциация тармагын колдонуу менен товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.

214-берене. Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруу байланышкан бажы операциялары жүргүзүлүүчү тил

Товарларды бажылык жол-жобого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары, анын ичинде бажы максаттары үчүн документтерди толтуруу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

215-берене. Товарлар менен жүк жагындагы жана башка операциялар

Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, товарлар чыгарылганга чейин товарларды жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, алардын бузулган таңгагын оңдоо, таңгакты ачуу же кайра таңгактоо, ташуу, ошондой эле товарлар жагындагы дагы башка операциялар бажы органдарынын кабарламасы менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

44-глава. Товарларды бажылык декларациялоо

216-берене. Бажылык декларациялоого жатуучу товарлар

1. Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө эмес мамлекеттердин аймагынан ташылып келген, анын ичинде бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу өткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташылып чыккан товарлар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 27-главасына жана ушул главанын жоболоруна ылайык аларды бажылык жол-жобого жайгаштырууда жана бажылык жол-жобо өзгөргөндө бажылык декларацияланат.

2. Товарларга декларация электрондук формада берилет. Товарларды декларациялоо жазуу жүзүндө жүргүзүлүүчү товарлардын, бажылык жол-жоболордун, учурлардын тизмеги, ошондой эле жазуу жүзүндө декларациялоодо документтерди, товарларга декларацияларды кабыл алуунун тартиби жана декларанттын суроо-талабы боюнча мындай документтерди бажы органы кабыл алгандынын ырастоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Товарлардын декларациясында Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 181-беренесинде белгиленген маалыматтар чагылдырылууга тийиш.

4. Товарларга декларация жазуу жүзүндө берилген учурда, мындай декларация анын электрондук көчүрмөсүн берүү менен коштолууга тийиш. Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечиминде каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жазуу жүзүндөгү бажылык декларацияны берүү анын электрондук көчүрмөсүн берүү менен коштолбой тургандыгын белгилейт.

5. Товарларга декларация толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечими менен белгиленет. Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечиминде белгиленген учурларда бажылык жол-жобого, товарлардын категорияларына, аларды которуштурган жактарга, транспорттун түрүнө жараша товарлардын декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кыскартылышы мүмкүн.

6. Товарларга декларацияны берүү, аны бажы органында каттоо, андагы маалыматтарды өзгөртүү жана товарларга берилген декларацияны кайра артка алуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 190-192-беренелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Эгерде бажылык декларацияны берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын бул күндөн кийинки жумуш күнү эсептелет.

217-берене. Товарларды декларациялоочу жер

1. Товарларга бажылык декларация бажылык декларацияны кабыл алууга укуктуу болгон кандай гана болбосун бажы органына берилиши мүмкүн. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышына контролдун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурларда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн айрым бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын таламдары эсепке алынууга тийиш.

2. Товарларга декларация башка бажы органына берилген учурда бажы органы Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 190-беренесинин 4-пунктуна ылайык мындай декларацияны каттоодон баш тартат.

218-берене. Товарларга декларацияны берүүнү жазуу

1. Бажы органы товарларга декларацияны берүү датасын жана убактысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жазууга милдеттүү. Товарларды электрондук түрдө декларациялоодо товарларга декларацияны берүү датасын жана убактысын жазуу жана декларантка же бажылык өкүлгө көрсөтүлгөн дата жана убакыт жөнүндө маалыматты камтыган электрондук билдирүүнү берүү бажы органдарынан электрондук системасына мындай декларация түшкөндө автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Декларанттын же бажы өкүлүнүн талабы боюнча бажы органы, товарларга декларацияны  электрондук түрдө, аталган декларацияны берүүнүн датасын жана убактысын программалык каражаттар аркылуу тастыктоого мүмкүндүк берген ыкмада берген учурларды кошпогондо, товарларга декларацияны  берүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө ырастоону жазуу жүзүндө берүүгө милдеттүү.

219-берене. Товарларга электрондук формада берилген декларацияны күбөлөндүрүү

Бажылык декларациялоодо товарларга электрондук түрдө берилген декларацияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук санариптик колтамга коюлат.

220-берене. Товарларды декларациялоочу жактар

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан юридикалык жак, жеке ишкер катары катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жак, ошондой эле Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 1-пунктчасында каралган белгилерге ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жак товарлардын декларанты боло алат.

2. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосунда товарлардын декларанты болуп Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 3-пунктчасында каралган белгилерге ээ жактар эсептелет.

3. Товарларга декларацияны берүүдө чет өлкөлүк жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 2-пунктчасында каралган учурларда гана декларант болууга укуктуу.

4. Бажылык декларациялоодо жана товарларды бажылык жол-жобого жайгаштыруу үчүн зарыл  болгон башка бажы операцияларын жүргүзүүдө декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тийиштүү түрдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 187-189-беренелеринде белгиленген.

5. Товарларды декларациялоодо жана башка бажы операцияларды жүргүзүүдө бажылык өкүл декларант ээ болгон укуктарга ээ болот.

221-берене. Товарларга декларацияны берүүнүн мөөнөттөрү

1. Товарларга декларацияны берүүнүн мөөнөттөрү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 185-беренесинде белгиленген.

2. Ушул Мыйзамдын 224-228-беренелеринде белгиленген учурларда товарларга декларацияны берүүнүн атайын мөөнөттөрү колдонулат.

3. Эгерде бажылык декларацияны берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын  бул күндөн кийинки жумуш күнү эсептелинет.

222-берене. Товарларды декларациялоодо документтерди берүү

1. Бажылык декларациялоодо бажы органына товарга декларация менен бир убакта Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 183, 240, 253, 265, 294, 299 жана 308-беренелеринде каралган документтер берилет. Бажылык жол-жобого, товарлардын категорияларына жана жактарга жараша документтердин тиешелүү кыскартылган тизмеги ушул Мыйзам менен белгиленет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажылык декларациялоонун түрүнө (жазуу жүзүндөгү, электрондук), бажылык жол-жобого, товарлардын категориясына жана жактарга жараша товарларды бажылык декларациялоодо берилүүчү документтердин тизмегин кошумча кыскартууга укуктуу.

3. Декларант бажы органына ушул жактын бажы операцияларын жүргүзүүгө укуктук жарамдуулугун ырастаган документтерди берет. Көрсөтүлгөн документтерге өзгөртүүлөр киргизилгенде декларант бул тууралуу аларды берген бажы органына билдирүүгө милдеттүү.

4. Жактардын бажы операцияларын жүргүзүүгө укуктук жарамдуулугун ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:

1) ата мекендик юридикалык жактын уюмдаштыруучу документтери;

2) эгерде чет өлкөлүк жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 186-беренесинин 2 жана 3-пунктчаларына ылайык товарлардын декларанты катары чыгууга укуктуу болсо, чет өлкөлүк юридикалык жактын филиалын же өкүлчүлүгүн аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк;

3) паспорт, эгерде декларант катары жеке адам чыкса;

4) юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө же жеке ишкер катары жеке адамдын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүк;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларант катары чыккан жакты мамлекеттик органдарда эсепке коюу жөнүндө күбөлөндүргөн документтер.

5. Эгерде товарларга декларация толтурууга негиз болгон айрым документтер товарларга декларация менен бир убакта берилбесе, декларанттын бажы органдарына жазуу жүзүндө жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча товарлар чыккандан кийин аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, бирок товарларга декларация катталган күндөн кийин кырк беш күндөн кечиктирбестен мындай документтерди берүүгө уруксат беришет. Декларант документтерди белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берет. Белгиленген тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган жана товарларды чыгаруу үчүн керектүү лицензияларды, сертификаттарды, уруксаттарды жана (же) башка документтерди берүү ушул Мыйзамдын 239-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

223-берене. Алдын ала декларациялоо

1. Эгерде декларант ушул Мыйзамдын 222-беренесине ылайык товарларды бажылык декларациялоо үчүн зарыл болгон документтерди берсе, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 193-беренесинде аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк товарлар келгенге чейин аларга карата алдын ала бажылык декларация берилет.

2. Эгерде бажы максаттары үчүн товарларды коштоочу транспорттук же коммерциялык документтер пайдаланылышы керек болсо, бажы органы товарларды алдын ала декларациялоодо декларант тарабынан ал документтердин же документтердеги маалыматтардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алат жана зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн маалыматтарды документтердин түп нускаларында камтылган маалыматтар менен салыштырат.

3. Алдын ала бажылык декларациялоодо бажылык декларацияда товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына келгенге жана (же) аларды бажы органына көрсөткөнгө чейин декларантка өзүнүн мүнөзү боюнча белгисиз болушу мүмкүн болгон маалыматтар жок болушу мүмкүн.

Мындай маалыматтар Бажы бирлигинин Комиссиясы тарабынан аныкталган тартипте товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин бажылык декларацияга киргизилиши керек.

4. Транспорттук же коммерциялык документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөр өзгөргөн учурда, баасынын, санынын же салмагынын өзгөргөнүн ырастаган документ милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

5. Эгер товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келингенден кийин декларант тарабынан мурда билдирилген баалык, сандык же салмактык көрсөткүчтөрдүн ортосунда айырмачылыктар табылса, декларант Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 192-беренесинде каралган тартипте алдын ала бажылык декларацияны кайра артка алууга укуктуу.

6. Эгерде товарлар алдын ала бажылык декларацияны кабыл алган бажы органына ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде көрсөтүлбөсө, алдын ала бажылык декларация берилбеген деп эсептелинет же эгерде бул мөөнөттүн ичинде тыюу салуулар жана чектөөлөр киргизилсе, бажы органы мындай товарларды чыгаруудан баш тартат.

7. Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келгенге чейин алдын ала бажылык декларацияны берүүдө жана аны текшерүүнү аяктоодо алдын ала бажылык декларация товарларга карата ушул Мыйзам менен каралган бажы операцияларын колдонуу үчүн зарыл болгон бирден бир документ катары пайдаланылышы мүмкүн.

8. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө максаттары үчүн бажы алымдарынын, салыктардын коюмдары жана алдын ала бажылык декларация кабыл алынган күнгө карата колдонулган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген валюталар курсу колдонулат.

224-берене. Толук эмес бажылык декларациялоо

1. Эгерде декларант өзүнө байланыштуу болбогон себептерден улам бажылык декларацияны толтуруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматка ээ болбосо, товарларды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар камтылган толук эмес бажылык декларацияны берүүгө уруксат берилет жана анда декларант жетишпеген маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө берүү милдетин кабыл алат, бул мөөнөт бажы органы толук эмес бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып кырк беш күндөн ашпайт.

2. Эгерде бажы органы толук эмес бажылык декларацияны кабыл алса, ага карата толук жана тиешелүү түрдө толтурулган бажылык декларацияга тиешелүү таризде, Бажы бирлигинин  бажы мыйзамдарынын жана бажы ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары жана шарттары, анын ичинде бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби колдонулат.

225-берене. Мезгилдүү бажылык декларациялоо

1. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу ошол эле жактын, ошол эле товарлары дайыма алынып өткөндө, декларант катары чыгууга жарамдуу бардык жактарга ушул беренеде каралган тартипте жана шарттарда Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген (Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кеткен) бардык товарларга мезгилдүү декларация берүүгө уруксат берилет.

2. Ушул берененин колдонуу максаттары үчүн жеткирүү мезгили болуп декларант тарабынан билдирилген, анын ичинде төмөнкүлөр пландалган мезгил эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларды бажы органына көрсөтүү;

2) Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып чыккан товарларды жүктөп жөнөтүү (товарларды эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу ташуучуга же товарларды алып чыгуу максатында башка транспорт каражатына кайра жүктөө (которуп жүктөө) менен товарларды эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда баштапкы ташуучуга товарларды берүү).

3. Эгерде товарлар бирдей аталышта же тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бирдей классификациялык коддо болсо, ушул берененин колдонуу максаттары үчүн товарлар бирдей каралат.

4. Эгерде жак ошол эле товарды отуз календардык күндүн ичинде үч же андан көп жолу жеткирсе, товарлар жак тарабынан бажы чек арасы аркылуу дайыма которуштурулуучу товарлар катары каралат.

5. Товарларга мезгилдүү декларацияда билдирилген товардын партиясы болуп ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген, бир эле бажы органында бажылык декларациялоо жүргүзүлгөн, тышкы экономикалык бүтүмдө түзүлгөн бир эле келишим боюнча, же кайра иштетүүнүн продуктуларын декларациялоодо товарларды кайра иштетүүгө берилген бир эле уруксат боюнча, же бир тараптуу тышкы экономикалык бүтүм боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебинде, же отуз күндөн ашпаган жеткирүү мезгилинин ичинде айрым жеткирүүлөрдүн санына карабастан кандайдыр бир бүтүмдөрдү түзбөстөн эле Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү товарлар эсептелет.

6. Алынып келген товарларга мезгилдүү декларация берүү жолу менен товарларды бажылык декларациялоодо алып келүүдөгү бажылык алымдар мындай декларацияны берүү менен бир убакта, ал катталган күнү колдонулган коюмдарга жараша төлөнөт.

7. Товарларга мезгилдүү декларация берүү жолу менен товарларды бажылык декларациялоодо ал бажы органы тарабынан катталган күндөгү чет өлкөлүк валюталардын курсу, чектөөлөр колдонулат.

8. Мезгилдүү бажылык декларациялоо товарлардын ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык аныкталган бир партиясына карата, жеткирүүнүн билдирилген мезгили башталганга чейин он күндөн ашпаган мөөнөттө бажы органына мезгилдүү декларация берүү жолу менен жүргүзүлөт.

9. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда жеткирүү мезгилинин ичинде алып кирүүгө же ташып чыгарууга пландаштырылган товарлардын санына жараша маалыматтар берилет. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда товарларды чыгаруу, бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө үчүн зарыл болгон, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын ырастаган, ошондой эле декларациялануучу товарларды алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн жыйындысы боюнча идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар берилиши керек.

10. Декларант товарларга карата мезгилдүү декларацияда белгиленген товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды камтыган толук бажы декларациясын бажы органына берүүгө милдеттүү:

1) алып келинүүчү товарларды декларациялоодо жөнөтүү мезгили аяктагандан кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен;

2) алып кетилүүчү товарларды декларациялоодо товарларга карата мезгилдүү декларацияда билдирилген товарлардын бардык партиясы иш жүзүндө алып кетилгенден кийин бир айдан кечиктирбестен.

11. Мезгилдүү декларацияда билдирилген алынып кетилүүчү товарлар жөнөтүү мезгили аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде иш жүзүндө алынып кетилиши керек. Товарларга карата мезгилдүү декларацияда билдирилген сандан ашык товарларды алып кетүүгө жол берилбейт.

12. Товарларга карата мезгилдүү декларация берилбеген болуп эсептелет, эгерде мындай декларацияда билдирилген товардык партияда камтылган товарлар:

1) иш жүзүндө ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө алынып кетилбеген болсо;

2) товарларга карата мезгилдүү декларацияны кабыл алган бажы органына билдирилген жөнөтүү мезгилинин ичинде берилбесе.

13. Мезгилдүү бажылык декларациялоо алып кетүүдөгү бажы төлөмдөрү салынган же аларга карата чектөөлөр коюлган алынып кетилүүчү товарларга карата колдонулбайт.

14. Өндүрүштүк иш-аракетти жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул берененин жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келгенден кийин чет өлкөлүк товарларды мезгилдүү бажылык декларациялоону төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен ишке ашырууга укуктуу:

1) товарларга карата мезгилдүү декларацияда ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине, товарларды биринчи жөнөткөн күндөн тартып аларды убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин келип түшкөн, ал эми товарларга декларация бергенге чейин товарларды чыгарганда - товарларга декларация берүү мөөнөтү аяктаганга чейин келип түшкөн бардык товарлар көрсөтүлүшү мүмкүн;

2) товарларга карата мезгилдүү декларация бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна же ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга берилиши мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

226-берене. Убактылуу бажылык декларациялоо

1. Өткөргүч куур транспорту же электр берүү линиялары боюнча алып өтүлүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүдө товарларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте убактылуу бажылык декларацияны берүү жолу менен декларациялоого жол берилет. Иш жүзүндө товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кеткенден кийин декларант бажы органы белгилеген мөөнөттө толук жана талаптагыдай толтурулган бажылык декларацияны берүүгө милдеттүү.

2. Убактылуу декларацияда белгилүү бир убакыттын ичинде болжолдуу сандагы товарларды алып чыгуу ниетине жараша, бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө пландаштырылган товарлардын санына жана (же) тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттарында товардын баасын аныктоо тартибине, ошондой эле товардын болжолдуу сапатына ылайык аныкталуучу шарттуу бажылык наркка (баага) жараша маалыматтарды билдирүүгө жол берилет.

Убактылуу бажылык декларацияны колдонууда экономикалык мүнөздөгү тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы органы бул декларацияны кабыл алган күнгө карата колдонулат.

227-берене. Ажыратылган же куралбаган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү товарларды белгиленген мезгилдин аралыгында бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү

1. Товар ажыратылган же куралбаган, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдө болсо, ушул беренеге ылайык белгиленген мезгилдин ичинде аны алып келүүнү же алып кетүүнү бир нече партия менен аткаруу болжолдонсо, тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бир классификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн (анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп эсептелбеген адам тарабынан).

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды декларациялоону колдонуунун шарты болуп төмөнкүлөр саналат:

1) куралбаган же ажыратылган түрдөгү товарды, анын ичинде комплекттелбеген же бүтпөгөн түрдөгү товарды же анын компоненттерин декларациялаганга чейин, бүткөн же комплекттелген товардын классификациялык коду боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, товардын ажыратылган же куралбаган, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдөгү классификациясын тастыктаган товардын классификациясы жөнүндө чечимдин (мындан ары бул беренеде - классификация жөнүндө чечим) болушу;

2) бир жак менен түзүлгөн тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында бул товарды алып келүүдө бир алуучунун дарегине товарлардын компоненттерин жеткирүү, ал эми товарларды алып кетүүдө - бир жак менен түзүлгөн тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында бир жөнөтүүчү тарабынан товардын компоненттерин жөнөтүү;

3) алынып келинүүчү товарларды ички пайдалануу же эркин бажы аймагы үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык бир бажы органына бажылык декларациялоону жүргүзүү.

3. Алынып келүүсү же алынып кетүү ажыратылган же куралбаган түрдө, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдө жүзөгө ашырылуучу товарларды декларациялоо башталганга чейин декларант иштөө регионунда товарларды декларациялоону ишке ашырылуучу бажы органына пландаштырылган алып келүүлөр жөнүндө кабарламаны (мындан ары бул беренеде - кабарлама) ага декларант тарабынан күбөлөндүрүлгөн классификация жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн тиркөө менен жөнөтөт. Кабарламада төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:

1) декларант жөнүндө;

2) классификация жөнүндө чечим тууралуу (номери жана берилген датасы);

3) товарды алып келүүнүн жана алып кетүүнүн пландаштырылган мөөнөттөрү жөнүндө;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында товарды сактоо, монтаждоо же кураштыруу ишке ашырылуучу, товардын турган орду (алып келинүүчү товарлар үчүн).

4. Декларант кабарламада алып келинүүчү товарларга карата бажылык контролду жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон башка маалыматтарды көрсөтүүгө укуктуу.

5. Ажыратылган же куралбаган түрдө, анын ичинде комплекттелбеген же толук бүтпөгөн түрдө алып келинүүчү (алып кетилүүчү) товардын ар бир өзүнчө партиясы бажылык декларациялоо жүзөгө ашырылуучу бажы органына көрсөтүлүшү керек.

6. Алынып кетилүүчү товардын компоненттери алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга берилген арыздын жана ага тиркелген, бажылык декларациялоо үчүн зарыл болгон документтердин: классификациялоо жөнүндө чечимдердин көчүрмөлөрүнүн жана кабарламанын негизинде шарттуу чыгарылууга жатат.

7. Алынып келинүүчү товардын компоненттери декларант тарабынан берилген арыздын жана ага тиркелген бажылык декларациялоо үчүн зарыл болгон документтердин, алынып кетилүүчү товардын компоненттерин классификациялоо жөнүндө чечимдердин көчүрмөлөрүнүн жана кабарламанын негизинде шарттуу чыгарылууга жатат. Шарттуу чыгарууга арыз (алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга арыз) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 180-беренесинде товарларды декларациялоо үчүн белгиленген форма боюнча жана тартипте жазылат жана толтурулат. Шарттуу чыгарууга арызда (алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга арызда) классификациялоо жөнүндө чечимге ылайык, тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык код көрсөтүлөт.

8. Товардын бардык компоненттери алынып келген (алынып кетилген) күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен, классификациялоо жөнүндө чечимге ылайык Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык кодун көрсөтүү менен, товарга толук декларация бажы органына берилиши керек. Товарга толук декларацияны берүүнүн мөөнөтү товардын биринчи партиясын шарттуу чыгарууга арыз (алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга арыз) катталган күндөн тартып бир календардык жылдан ашпоого тийиш. Товарга толук декларацияны берүүнүн мөөнөтүн бажы органы, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн, декларант үчүн зарыл болгон товарга толук декларацияны берүү мөөнөтү көрсөтүлгөн кайрылуусу боюнча узартышы мүмкүн. Товарга толук декларация берүүнүн жалпы мөөнөтү бул учурда товардын биринчи партиясын шарттуу чыгарууга арыз (алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга арыз) катталган күндөн тартып үч жылдан ашпашы керек.

9. Шарттуу чыгарууга арызды (алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга арызды) жана товарга декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

10. Ушул берененин жоболоруна ылайык товарларды классификациялоодо бажы алымдары, салыктар классификация жөнүндө чечимге жана товарга декларация берилген күнгө карата күчүндө болгон, классификациялоо жөнүндө чечимге ылайык тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча классификациялык кодго жараша товарга карата колдонулуучу коюмдар боюнча төлөнөт.

11. Ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү жөнүндө чечим күчүнө киргенден тартып шарттуу чыгарууга арыз (ташып чыгаруучу товардын курамчаларын чыгарууга берген арыз) жана товарга толук декларация классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүүнү эске алуу менен толтурулат.

12. Ушул Мыйзамдагы 6-главасына ылайык классификациялоо жөнүндө чечимдин аракети токтотулганда товардын ар бир өзүнчө партиясы менен алынып келинген (алынып кетилген) товардын компоненттери аларга өзүнчө декларация берүү менен декларацияланууга тийиш. Ошол эле учурда товардын айрым компоненттери тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялоонун эрежелерин аталган компоненттерге карата колдонулуучу коддор боюнча классификацияланат. Товардын айрым компоненттерине декларация берүүнүн мөөнөтү кызыкдар болгон жакка классификациялоо жөнүндө чечимдин аракетин токтотуу жөнүндө кабарланган күндөн тартып отуз күндөн ашпоосу тийиш.

13. Ушул берененин 12-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлардын айрым компоненттерине карата декларацияда бажы алымдарынын, салыктардын суммасын эсептөөдө мындай декларацияны катталган күнү колдонууда болгон бажы алымдарынын, салыктардын коюмдары, ошондой эле чет өлкөлүк валюталардын курсу колдонулат. Товарлардын айрым компоненттерин декларациялоо боюнча чегерилген бажы алымдарынын суммасын төлөөдө ар бир кечиктирилген күн үчүн шарттуу чыгарууга ар бир арыз (алынып кетилүүчү товардын компоненттерин чыгарууга арыз) берилген күндөн тартып чегерилген сумманы төлөгөн күнгө чейин же аларды талашсыз тартипте өндүрүп алганга чейин туум алынат.

14. Ушул берененин жоболору тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча 7308, 7309 00, 8701, 8702, 8704 10, 8705, 8709, 9301 жана 9406 00 (9406 00 110 0 субпозициясындагы мобилдүү үйлөрдү кошпогондо) товардык позицияларында жана 84-86, 88-90-топторунун позицияларында классификациялануучу кайсы болбосун товарларга жайылтылат.

228-берене. Бир товардык партияда камтылган ар кандай аталыштагы товарларды бир классификациялык кодду көрсөтүү менен декларациялоонун өзгөчөлүктөрү

1. Декларанттын каалоосу боюнча бир товардык партияда камтылган Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кеткен товарлар ушул беренеде каралган шарттар аткарылганда, тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алынып кетүүчү товарлар Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн болгон, ошондой эле алынып келүүчү товарлар Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн болгон учурларды аныктоого укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү товарлар ошол классификациялык кодго бир кыйла жогорку деңгээлдеги бажы алымынын коюму шайкеш келген шартта Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн. Эгерде бир партиядагы товарларга бажы алымдарынын бирдей коюмдары менен Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча бир нече квалификациялык код туура келсе, акциздин коюмунун бир кыйла жогорку деңгээли туура келген товардын, ал эми акциздин коюмдары бирдей болсо - кошумча нарк салыктын бир кыйла жогорку деңгээли туура келген товардын классификациялык коду көрсөтүлөт.

4. Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланышы мүмкүн болгон товарлардын партиясында аларга карата бажы алымынын жана акциздин адвалордук гана (анын ичинде нөл эсебинде) же өзгөчө гана (анын ичинде нөл эсебинде) коюмдары белгиленген товарлар болушу керек, ошондой эле бул товарларга товар чыгарылган өлкөгө жараша бирдей өзгөчө жеңилдиктеги режим колдонулушу керек.

5. Эгерде бир партиядагы товарларда камтылган товарларга бажы алымынын жана акциздин өзүнчөлүү коюмдары коюлса, бажы алымынын же акциздин белгиленген коюмдары колдонулуучу өлчөө бирдиктери бажы төлөмүнүн ар бир түрү боюнча бирдей болушу керек.

6. Алып келүүдөгү жана алып кетүүдөгү бажы алымдары салынбаган, ошого ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетүүчү товарлар Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча товардык партиядагы наркы эң жогору товарга туура келген бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен декларацияланат.

7. Бир партиядагы товарларда камтылган бардык товарлардын аталышы жана саны жөнүндө маалыматтар декларант тарабынан товарлардын тизмегин көрсөтүү менен билдирилет. Мындай тизмек катары жүк жөнөтүү атайын барактары, таңгактоо барактары, тизим жана башка ушул сыяктуу документтер колдонулушу мүмкүн. Бажы максаттары үчүн товарлардын тизмеги товарларга карата бажылык декларациянын ажырагыс бөлүгү катары каралат.

8. Ушул берененин 7-бөлүгүнүн талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында бажы органы декларанттан декларациялануучу айрым товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.

9. Эгерде бир партиядагы товарларда камтылган айрым товарларга карата тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулса, аларды декларациялоо Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча өзүнчө квалификациялык кодду көрсөтүү менен ишке ашырылат жана аталган товарларга ушул берененин 1-7-бөлүктөрүнүн жоболору колдонулбайт.

45-глава. Бажылык өкүл

229-берене. Бажылык өкүлдүн иш-аракети

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 12-беренесине, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык бажылык өкүл катары иш-аракет жүргүзгөн ата мекендик юридикалык жак гана бажылык өкүл боло алат.

2. Мамлекеттик мекеме бажылык өкүл боло албайт.

3. Бажылык өкүлгө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 16, 17-беренелерине ылайык милдеттер жана жоопкерчилик жүктөлөт.

4. Бажылык өкүл бажы операцияларын жүргүзүүдө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 15-беренесинде каралган укуктарга ээ болот, ошондой эле бажы органдары менен өз ара мамилелерде өзүнүн кызыкчылыктарын көздөөгө ал өкүлдүк кылган жак ээ болгон укуктарга да ээ.

5. Ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажылык өкүл ушул Мыйзамдын 181-беренесине ылайык декларант менен бирдей эле жоопкерчилик тартат, буга төмөнкүлөр менен байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу учурлары кирбейт:

1) товарлар чыгарылгандан кийин аларда товарлар жайгаштырылган бажы жол-жоболорунун шарттарын жана талаптарын сактоого;

2) товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди пайдалануу менен ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды колдонуу жана тескөө, ошоңдой эле аларды товарларды чыгаргандан кийин аткаруу эсептешүүгө алуу ыкмасы менен бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнүн милдеттүү шарттары болуп саналган башка шарттарды аткарууга;

3) декларанттан, же болбосо кызыкдар жактан алынган, алардын негизинде бажы декларациясын берилген көз көрүнөө анык эмес (жалган) маалыматтарды жана (же) жасалма документтерди колдонууга.

6. Бажылык өкүлдүн ал өкүлдүк кылган жак менен болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде түзүлөт.

230-берене. Бажылык өкүлдүн ал өкүлдүк кылган жактан алган маалыматтарга карата мамилеси

Бажылык өкүл өкүлдүк кылган жактан алынган коммерциялык, банктык жана башка мыйзам менен корголуучу маалыматтар жана башка купуя маалыматтар, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ачыкка чыгарылбашы, бажылык өкүл же анын кызматкерлери тарабынан өздүк максаттар үчүн колдонулбашы керек.

231-берене. Бажы операциялары боюнча адис

Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү бар, кесиптик орто же жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны Бажы операциялары боюнча адис болушу мүмкүн.

232-берене. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү

1. Бажы операциялары боюнча адистин квалификациялык күбөлүгү анын ээсине бажы операциялары боюнча адис катары, квалификациялык күбөлүктүн колдонулуу мөөнөтүнүн мезгилинде иш-аракет жүргүзүү укугун күбөлөндүргөн документ болуп саналат.

2. Квалификациялык күбөлүктү берүүнүн тартиби жана бажы операциялары боюнча адиске карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, бажылык өкүлү жөнүндө жобо менен аныкталат.

46-глава. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор

233-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор

Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 38-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган, өндүрүштүк же башка ишкерлик иште колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүнү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан товарды алып чыгууну жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жак ыйгарым укуктуу экономикалык оператор боло алат.

234-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкүдөй атайын жөнөкөйлөтүүлөр берилиши мүмкүн:

1) убактылуу сактоо кампа ээлеринин реестрине киргизбестен, товарларды орун-жайларда, ачык аянттарда жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарында убактылуу сактоо;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесине ылайык бажылык декларацияны бергенге чейин товарларды чыгаруу;

3) орун-жайларда, ачык аянттарда жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун башка аймактарында турган товарларды чыгарууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү, анын ичинде ушул Мыйзамдын 235-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн товарларга карата бажы транзитинин бажылык жол-жобосун бүтүрүү;

4) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган башка атайын жөнөкөйлөтүүлөр, анын ичинде товарлардын бажылык алдын ала декларациялоо, анын ичинде толук эмес жана (же) мезгилдүү бажылык декларация берүү, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 193 жана 194-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 223-227-беренелерине ылайык толук эмес бажылык декларацияны жана мезгилдүү бажылык декларацияны берүү.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөр колдонулушу мүмкүн  болгон товарлардын тизмегин аныктоого укуктуу.

3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилген атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууда ушул Мыйзамдын 217-беренесине ылайык аныкталган айрым товарларды декларациялоочу жерлерге карата чектөөлөр колдонулбайт.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 215-беренесинин 3-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн чет өлкөлүк товарларды бажы органы жайгашкан жерге көрсөтүлгөн товарларды жеткирбестен, бажы органынын иш-аракет регионунда жайгашкан жана бажылык контролдоо зонасынын статусу бар ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ачык аянттарына жана башка аймактарына жеткирүү мүмкүндүгү бажы органына келген жеринен ички бажы органына чейин чет өлкөлүк товарлардын бажы транзитинин өзгөчөлүгү катары саналат. Бажылык контролдоонун көрсөтүлгөн зонасынын чектери ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган макулдашууда аныкталат жана атайын белгилемелери болушу керек. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажылык контролдоо зонасына жетүүнүн уруксаттык тартибин камсыз кылат.

5. Өндүрүштүк иш-аракети жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жөнөтүлгөн чет өлкөлүк товарларга карата ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун бүтүрүүнүн өзгөчөлүктөрү, бажылык декларацияны бергенге чейин, же товарларды бажылык алдын ала декларациялоону колдонуу менен  товарларды чыгаруу ушул Мыйзамдын 235-беренесинде аныкталган.

6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чет өлкөлүк товарларга карата бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү товарларды жеткирүү жери болуп бажы органы саналат деп түздөн-түз аныктаган эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлгөн чет өлкөлүк товарлардын бажылык транзитинде колдонулбайт.

7. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 2-пунктуна ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөр ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ошол атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу каралып жаткан товарлардын декларанты болууга укуктуу болгон учурларда гана, анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун тапшырмасы менен жана анын атынан аракет кылган бажы өкүлү товарларды бажылык декларациялоону жүргүзгөндө колдонулат.

8. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 94-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы операцияларын жүргүзгөн бажы органдары ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен атайын жөнөкөйлөтүүнү колдонууда өз ара аракеттешет. Көрсөтүлгөн өз ара аракеттешүүнүн тартиби, анын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашуу регламенти, маалыматтардын курамы жана форматы, ушул Мыйзамдын 235-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператор алып салган бажы пломбаларын өткөрүп берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу экономикалык операторго анын статусун ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алганда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жана тиешелүү бажы органы ортосунда түзүлгөн макулдашууда аныкталат. Көрсөтүлгөн макулдашуунун типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 244-беренесинин 4-пунктуна, 257-беренесинин 4-пунктуна жана 269-беренесинин 4-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн макулдашуу ыйгарым укуктуу экономикалык оператор бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуунун шартын караган документ катары колдонулушу мүмкүн. Кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосун колдонуунун чектелген мөөнөтү аяктаган учурда бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор менен жаңы макулдашууну түзөт. Көрсөтүлгөн макулдашууну кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосун колдонуунун шартын караган документ катары пайдалануу ыйгарым укуктуу экономикалык операторду кайра иштетүүнүн тиешелүү бажылык жол-жобосун колдонууга жана бүтүрүүгө байланышкан башка милдеттерди аткаруудан бошотпойт.

9. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 6-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына, 94-беренесинин 2 жана 1-пунктуна, 128-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирүүдө бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү максатында, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды алдын ала бажылык декларациялоону колдонгон, анын ичинде толук эмес мезгилдүү бажы декларацияны берүү менен  колдонгон учурда, бажы органдары,  алдын ала билдирүү бажылык контролдоону жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же анын натыйжалуулугун төмөндөткөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар келгенге чейин ыйгарым укуктуу экономикалык операторду ошол товарлардын бажылык кароосун жүргүзүү жөнүндө кабарлашы мүмкүн. Жогоруда аталган учурларда бажылык кароону бажы органдары ыйгарым укуктуу экономикалык операторго алдын ала билдирбей жүргүзөт.

Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун товарлардын текшерүүсүн жүргүзүү жөнүндө алдын ала билдирүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

10. Эгерде тобокелдикти башкаруу системасына ылайык бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор же анын тапшырмасы боюнча бажылык өкүл берген бажылык декларацияда жарыяланган товарларга карата бажылык контролдоону жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алса, мындай бажылык контролдоо ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында жана ошол товарлар жайгашкан башка аймактарында артыкчылыктуу тартипте жүргүзүлөт.

11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын жөнөкөйлөтүүлөр төмөнкү учурларда берилбейт:

1) эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып кирген жиберүүчүсү же сатуучусу салык салуунун жеңилдетилген салыктык режимин берген аймактарда жана мамлекеттердин аймактарында (мындан ары - оффшордук зоналар) катталган жана (же) финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалымат берүүнү жана анын ачыктыгын карабаган юридикалык жак болсо;

2) эгерде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып кирген товарларына төлөмдү оффшордук зоналар аркылуу финансылык операцияларды жүргүзүү жолу менен ишке ашырса.

235-берене. Товарларды алдын ала декларациялоонy колдонуу менен же бажылык декларацияны бергенге чейин товарларды чыгарган, өндүрүштүк иш-аракетти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун дарегине жиберилген чет өлкөлүк товарларга карата бажы транзитинин бажылык жол-жобосун бүтүрүү өзгөчөлүктөрү

1. Өндүрүштүк иш-аракетти жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун аймагында бажы транзитинин жол-жобосун бүтүрүү үчүн, ал ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жайгашкан жерге транспорттук каражат келе турган учурга чейин кеминде үч саат мурда, ал эми товарлар бажы органынын аныкталган иш убактысынан сырткары келе турган учурда - ошол бажы органынын иш убактысы бүткөнгө чейин кеминде үч саат мурда, товарды чыгаруу үчүн зарыл болгон, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бажылык декларацияны бергенге чейин электрондук документ түрүндө же Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 193-беренесине ылайык документтерди жана киргизилген кошумча маалыматтарды тиркөө менен бажылык декларацияны арналыштык бажы органына жиберет.

2. Эгерде бажы органы менен ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ортосундагы макулдашууда аныкталган, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордон маалымат жана документ алынган учурдан тартып беш сааттан ашпоого тийиш болгон мөөнөттө ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык, арналыштык бажы органы товарды текшерүү, транспорттук каражаттын бажылык кароо жана (же) идентификациялоо каражаттарынын сакталгандыгына ынануу ниетине байланыштуу идентификациялоо каражаттарын алууга тыюу салуу жөнүндө билдирбесе, идентификациялоо каражаттарын алып салууга бажы органдын уруксаты товарлар жеткириле турган жерге келгенден кийин алынган болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ташуучудан товарды кабыл алат жана идентификациялоо каражаттарын алып салууга жана товарларды түшүрүүгө укуктуу. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ташуучудан товарларды кабыл алгандыгы транспорттук жана (же) товарды коштоочу документтерде тиешелүү белгилерди коюу менен тастыкталат. Аталган белгилерди койгондон кийин ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ошол замат бажы органына электрондук-санариптик колтамга коюлган, ташуучудан товарларды кабыл алган убактысы жана күнү жөнүндө билдирме жиберет. Ташуучунун бажы контролдоосунда турган товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул бөлүктө аныкталган тартипте өткөрүп берүүсү бажы органынын уруксатысыз жүргүзүлөт. Бажы органына жиберилген билдирүүдө көрсөтүлгөн, ташуучудан товарларды кабыл алган учурдан тартып товарлар бажы органы тарабынан чыгарылган болуп эсептелет. Ушул учурдан тартып ыйгарым укуктуу экономикалык оператордо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 2-пунктунда каралган бажы алымын, салыктарды төлөө милдети пайда болот. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларант болгон товарларды бажылык декларацияны бергенге чейин чыгарууга уруксат ыйгарым укуктуу экономикалык оператор төлөй турган алып келүүдөгү  бажы алымынын, салыктарынын суммасы ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 39-беренесине ылайык берген бажы алымын, салыктарды камсыз кылуунун суммасынан ашпаган учурда гана берилет.

3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жайгашкан жерге транспорт каражаты келген учурда алдын ала бажылык декларациялоону колдонгондо, бажылык декларацияга жетишпеген маалыматтар киргизилбесе жана (же) товарларга бажы алымдары, салыктары төлөнбөсө, же бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинин 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн документтерде товарды чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматтар жок экендиги жөнүндө электрондук билдирме жиберсе, идентификациялоо каражаттары алынгандан кийин жана товарлар түшүрүлгөндө, алар убактылуу сактоодогу товарлар статусуна ээ болот жана товарларды убактылуу сактоо кампасына же ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды чыгаруунун көрсөтүлгөн шарттарын аткарууга чейин бажылык контролдоонун башка зонасына жайгаштырбастан, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында же башка аймактарында түзүлгөн бажылык контролдоо зонасында сакталат.

4. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде бажы органы ыйгарым укуктуу экономикалык операторго товарлардын текшерүүсүн жүргүзүү (анын ичинде бажылык кароону жүргүзүү), транспорттук каражаттын бажылык кароосун жүргүзүү менен идентификациялоо каражаттарынын сакталгандыгына ынануу ниети жөнүндө билдирсе, мындай аракеттер бажы органы тарабынан артыкчылыктуу тартипте ошол замат жүргүзүлүшү керек. Бажы органы аталган аракеттерди жүргүзгөнгө чейин идентификациялоо каражаттары алып салынат, товарлар транспорт каражаттарынан бажы органдын уруксаты менен гана түшүрүлөт. Бажылык кароо товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасына же башка бажылык контролдоо зонасына жайгаштырбастан, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында же башка аймактарында түзүлгөн бажылык контролдоо зонасында жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор транспорттук жана (же) товардык коштоо документтерине тиешелүү белги коюу жолу менен ташуучудан товарларды кабыл алгандыгын тастыктагандан кийин ташуучу ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун белгилери менен аталган документтерди, ошондой эле транзиттик декларацияны жана колундагы башка документтерин көрсөтүү менен, бажы транзитинин бажылык жол-жобосун бүтүрүү үчүн ошол замат бажы органына барууга милдеттүү. Бажы транзитинин бажылык жол-жобосу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 225-беренесинин 4 жана 5-пунктуна ылайык бүтүрүлөт.

236-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларын, ачык аянттарын жана башка аймактарын ыӊгайлаштырууга жана жабдууга карата талаптар

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор товарларды убактылуу сактоону ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларында, ачык аянттарында жана башка аймактарында жүргүзүшү мүмкүн.

2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайлары, ачык аянттары бажылык контролдоо зонасынын статусуна ээ. Бажылык контролдоонун көрсөтүлгөн зоналарынын чегин бажы органы жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператор ушул мыйзамдын 234-беренесинде каралган макулдашууда аныкташат жана анын атайын белгилери болушу керек. Бажылык контролдоо зонасында турган товарларды аталган зонанын сыртына чыгарып кетүү бажы органынын уруксаты менен жүргүзүлөт.

3. Чет өлкөлүк товарларды ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун убактылуу сактоосу үчүн арналган орун-жайлар, ачык аянттар жана башка аймактар товарлардын сакталышын камсыз кылгыдай болуп ыӊгайлаштырылат жана жабдылат, бөтөн (ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун кызматкерлери болуп эсептелбеген) адамдардын уруксатсыз кирүүсүнө бөгөт коюу, ошол товарлардын бажылык контролдоосун жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылгандай болушу зарыл.

4. Бажылык контролдоодо турган жана сакталып турган башка товарларды бир орун-жайда, бирок өз алдынча жайгаштырып сактоого уруксат берилет, андай сактоо көз менен көргөндө бажылык контролдоодо турган товарларды башка товарлардан айырмалоого жардам берген, ыйгарым укуктуу экономикалык операторго алгылыктуу болгон ар кандай ыкмалар менен камсыз кылынат (тосуучу тасма, тосмолор, тиешелүү табличкалар жана жазмалар менен белгиленген технологиялык өтмөлөр).

5. Бажы контролундагы чачылуучу, куюлуучу товарларды, сактоодо турган ошол эле түрдөгү жана сапаттагы товарлар менен бирдикте сактоого жол берилет.

6. Өндүрүш ишин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун орун-жайларын, ачык аянттарын жана башка аймактарын ыӊгайлаштырууга жана жабдууга карата коюлган талаптар бажы органдары тарабынан белгиленбейт.

237-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жүргүзүүчү эсепке алуу жана отчет берүү системасы

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын бухгалтердик жана салык эсебин жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын талаптарына ылайык, товарлар жөнүндө толук жана так маалыматты калыптандыруу жана алардын бар экендигин жана кыймылын тиешелүү деңгээлде контролдоо максатында, киргизилген жана чыгарылган товарлардын эсебин өз-өзүнчө жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор жыл чейрегинде бир жолу, отчеттук айдан кийинки айдын онунчу күнүнө чейин Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктунда каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуу менен, бажы операциялары жүргүзүлгөн товарлар жөнүндө улам өскөн жыйынтыктары менен түзүлгөн отчетторун бажы органына берүүгө милдеттүү.

3. Ыйгарым укуктуу бажы органы чечим кабыл алынганга чейинки бир жылдын ичинде ыйгарым укуктуу экономикалык органды бажы ишинин чөйрөсүндөгү укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартуу фактысы жок болгон шартта, жылына бир жолу, отчеттук мезгилден мурдагы айдын биринчи күнүнө чейин ыйгарым укуктуу экономикалык орган тарабынан отчеттордун берилүүсү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык убактылуу сактоого жайгаштырылган товарларды эсепке алуу боюнча бажы органдарына бериле турган отчеттордо товарларды сактоого жайгаштырылган күн жөнүндө, транспорт документинин аталышы жана номери жөнүндө, тышкы экономикалык иш-аракетин Товардык номенклатурасы боюнча кодду көрсөтүү менен товардын аталышы жөнүндө, толук (брутто), таза (нетто) салмагы жөнүндө, товардын ар бир аталышы боюнча фактуралык баасы жөнүндө, товардын фактуралык баасын тастыктаган документтин номери жана датасы жөнүндө, тышкы соода келишиминин номери жөнүндө маалыматтар камтылуусу керек.

5. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 41-беренесинин 2 жана 3-пункттарына ылайык атайын жөнөкөйлөтүүлөр колдонулган товарларды эсепке алуу боюнча отчеттуулук товарларды сактоого жайгаштырылган күн жөнүндө, колдонулган атайын жөнөкөйлөтүүлөр жөнүндө, атынан бажы операциялары жүргүзүлгөн жак жөнүндө, бажылык декларациянын номери жөнүндө, коштомо транспорттук документтин номери жөнүндө, Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасынын коду жөнүндө, толук жана таза салмагы жөнүндө, товарлардын фактуралык баасы жөнүндө, төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктардын суммасы жөнүндө маалыматтар камтылуусу керек.

6. Отчетторду бажы органына электрондук санарип колтамга бар болгон учурда электрондук түрдө берүүгө же кагаз түрүндө же маалыматты милдеттүү түрдө берүү менен электрондук санарип колтамгасы жок электрондук түрдө берүүгө болот.

7. Бажы органына ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган отчетторду белгиленген мөөнөттө бербегендиги жана (же) өз убагында бербегендиги үчүн аны менен катар так эмес маалыматтар камтылган отчетторду бергендиги үчүн ыйгарым укуктуу экономикалык орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Ушул беренеде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан берилген отчеттордун формалары Кыргыз республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

47-глава. Товарларды чыгаруу

238-берене. Товарларды чыгаруу

1. Товарларды чыгаруу бажы органы тарабынан Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 28-главага ылайык ишке ашырылат.

2. Бир товардык партияда бир нече товарлар камтылган учурларда бажы органы чыгаруунун шарттары сакталган товарларды чыгарууну ишке ашырат. Декларант товардык партияда камтылган, калган товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин убактылуу сактоо кампасынан чыгарылган товарларды чыгарууну ишке ашырбай коюуга укуктуу.

239-берене. Товарлар чыгарылгандан кийин документтерди берүү

1. Товарларды чыгарууда бажы органына лицензиялар, сертификаттар, уруксаттар же чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган башка документтер берилбеген учурда декларанттын жазуу түрүндөгү же электрондук формадагы жүйөлүү кайрылуусу боюнча мындай документтерди, аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттө, же, эгерде аларды алуу үчүн зарыл болгон башка мөөнөт белгиленбеген болсо, товарлар чыгарылгандан кийин кырк беш күндөн кечиктирбестен берүүгө уруксат берилет. Товарларды чыгаруу документтерди белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө милдеттенмелер жазуу же электрондук формада декларант тарабынан берилген учурда ишке ашырылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкма менен ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынган, ал эми көрсөтүлгөн товарларды киргизүүгө чектөөлөр бул товарлардын сапатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленген учурда аларды бардык формада колдонууга (пайдаланууга, керектөөгө) тыюу салынат.

3. Бажы органдары декларанттан ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактоо жөнүндө милдеттенмелерди берүүнү талап кылууга, документтер алынганга чейин товарлардын таңгактарын, алар сакталган орун-жайларга пломбаларды жана мөөрлөрдү басууну ишке ашырууга, ошондой эле көрсөтүлгөн чектөөлөрдү сактоону камсыздаган башка чараларды колдонууга укуктуу.

4. Эгер декларант бажы органдарына кайрылганга чейинки бир жылдын ичинде бажы ишинин чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган болсо, бажы органдары ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган документтерди берүүгө уруксат берүүдөн баш тартат.

5. Бажы органы товарлар чыгарылгандан кийин кайрылуу берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен жазуу түрүндө же электрондук формада ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган документтерди берүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө декларантка маалымат берет.

240-берене. Товарларды чыгаруунун мөөнөттөрү

1. Эгер ушул Мыйзамда башкача каралбаган болсо, товарларды чыгаруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 196-беренесинин 1-пунктунда белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен, эң кыска мөөнөттө ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөттө бажы органдары зарыл болгон учурда бажылык декларацияны, товарларды жана алардын документтерин текшерүүнү ишке ашырат.

2. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктунун негизинде, бажылык декларация катталган күндөн кийинки күндөн баштап он жумуш күндүн чегинде товарларды чыгаруунун мөөнөтүн узартууга төмөнкү учурларда гана жол берилет:

1) эгерде товарларды чыгаруу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларант тарабынан бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуу берилген шартта жүргүзүлсө - көрсөтүлгөн камсыздоо берилгенге чейин;

2) эгерде декларант тарабынан лицензиялар, сертификаттар, уруксаттар же чектөөлөрдүн сакталгандыгын ырастаган башка документтер берилбесе - ушул Мыйзамдын 239-беренесине ылайык декларант тарабынан көрсөтүлгөн документтер берилгенге чейин же жазуу же электрондук формада кайрылуу берилгенге чейин;

3) ушул Мыйзамдын 36-беренесине ылайык Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясын аныктоо максатында кошумча текшерүү жүргүзүлгүн учурда - текшерүү аяктаганга чейин;

4) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 69-беренесине ылайык кошумча текшерүү жүргүзүлгөн учурда - бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө тиешелүү камсыздоо берилгенге чейин;

5) Бажылык декларацияда маалыматтары берилген товарларга тиешелүү кошумча документтер жана маалыматтар суралган учурда, же бажылык декларациядагы декларацияланган товарлар жөнүндө маалыматтар берилген документтердеги жана (же) товарлардын маркаларында же таңгагындагы башка маалыматтарга жана (же) товарлардын тышкы көрүнүшүнө ылайык келбеген учурда товарлар аларды бажылык кароо формасында текшерилген учурда, бажылык декларация жүргүзүлгөн учурда мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө алдын ала маалыматтар бар болгон учурда, ошондой эле ушул Мыйзамдын 245-беренесинде көрсөтүлгөн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу менен товарларды Кыргыз Республикасына киргизилген же Кыргыз Республикасынан чыгарылган товарлар катары идентификациялаган учурларда - суралган кошумча документтер алынганга чейин же товарларды бажылык кароо аяктаганга чейин;

6) бажы органынын чечимине ылайык кошумча эсептелген бажы алымдарын жана салыктарды төлөө зарылчылыгына байланыштуу товарды чыгаруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө декларанттын жазуу түрүндөгү кайрылуусу берилген учурда - бажы алымдары, салыктары төлөнгөнгө чейин.

3. Эгерде Бажы бирлигинин Бажы кодексинде кошумча документтер жана маалыматтар текшерилгенге чейин товарларды чыгаруу ишке ашырылбай тургандыгы түз көрсөтүлбөгөн болсо же текшерүү үчүн көрсөтүлгөн товарлар өзүнчө түрлөр боюнча таңгактоочу орундарга бөлүнбөгөн болсо жана (же) товарлардын коммерциялык жана (же) транспорттук документтеринде таңгактары жана маркалары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөгөн болсо, бажы органы ушул берененин 4 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча товарларды чыгаруунун мөөнөтүн узартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн жагдайлар товарлардын алар тууралуу маалыматтарга ылайык келүүсүн аныктоо үчүн зарыл операцияларды жүргүзүүгө бажы органдарына мүмкүндүк бербеген шартта товарларды текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу ишке ашырылат. Товарларды текшерүү мөөнөтү товарларга тиешелүү ыйгарым укуктуу жак үчүн товардык партияны өзүнчө товарларга бөлүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

241-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу

Товарларга декларациялар берилгенге чейин товарларды чыгарууну ишке ашыруунун негиздери жана шарттары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 197-беренесинде белгиленген.

242-берене. Шарттуу чыгаруу

1. Шарттуу чыгарылган товарлар болуп Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 200-берененин 1-пунктунда белгиленген учурларда чыгарылган товарлар, ошондой эле төмөнкү товарлар эсептелет:

1) убакыттын белгиленген мезгилинде, куралбаган же ажыратылган түрдө, анын ичинен комплект эмес же аяктабаган түрдө өзүнчө товардык партиялар менен киргизилген товардын компоненттери;

2) бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган (анын ичинде товарларды бажы кампасына иш жүзүндө жайгаштырбастан), алымсыз сооданын, бажы аймагында кайра иштетүүнүн, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн, убактылуу киргизүүнүн (уруксат кылуунун), реэкспорттун, бажылык транзиттин, жок кылуунун бажылык жол-жоболоруна, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарларга колдонулуучу атайын бажылык жол-жобого жайгаштырылган товарлар;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда башка товарлар.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн товардын компоненттерин үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкмаларда ажыратуу жолу менен өткөрүп берүүгө тыюу салынат жана алар билдирилген бажылык жол-жобого ылайык товарды чыгаруу жөнүндө бажы органы тарабынан чечим кабыл алынганга чейин шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн товарлар аларга Бажы бирлигинин товары статусу берилгенге чейин, иш жүзүндө жок кылынганга чейин же мамлекеттин пайдасына баш тартылганга чейин шарттуу чыгарылган болуп эсептелет.

243-берене. Товарларды чыгаруудан баш тартуу

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 201-беренесине ылайык товарларды чыгаруудан баш тартууда бажы органы декларантка анын бажылык декларациясынын нускасын кайтарып берет, ошондой эле ушул Мыйзамдын 42-главасына ылайык бажы алымдарынын төлөнгөн суммасын кайтарып берет (бажы операциялары үчүн төлөнгөн бажы жыйымдарын кошпогондо).

2. Товарларды чыгаруудан баш тартууга ушул Мыйзамдын 11-бөлүгүнө ылайык даттанууга болот.

3. Эгерде товарларды чыгаруунун шарттары бир товардык партияда камтылган айрым товарларга карата сакталбаса, бажы органы товарлардын калган бөлүгүн чыгарууну ишке ашырат. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы чыгаруудан баш тартылган товарларга тиешелүү документтерди гана кайтарып берет. Эгер мындай документтерди бөлүүгө мүмкүн болбосо, бажы органы алардын көчүрмөлөрүн даярдайт жана аларды белгиленген тартипте күбөлөндүрөт. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү декларант чыгаруудан баш тартылган товарларга кайтадан бажылык декларация берүүдө колдоно алат.

4. Товарлардын бир партиясындагы айрым товарларга карата гана товарларды чыгаруу шарттары сакталбаган учурда бажы органы товарлардын калган бөлүгүн чыгарат. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы чыгаруудан баш тартылган товарларга таандык болгон документтерди гана кайтарып берет. Эгерде мындай документтерди бөлүп чыгарууга мүмкүн болбосо, бажы органы алардын көчүрмөлөрүн даярдайт жана белгиленген тартипте күбөлөндүрөт. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн декларант чыгаруудан баш тартылган товарларды кайтадан бажылык декларациялоодо пайдаланууга укуктуу.

VIII бөлүм. Бажы контролу

48-глава. Бажы контролуна тиешелүү жалпы жоболор

244-берене. Бажы контролун жүргүзүү

1. Бажы контролу бажы органдары тарабынан Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы контролу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 95-беренесинде аныкталган объекттерге карата жана өткөрүү орундарында жүргүзүлөт.

3. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары аралатып текшерүү принциптерин колдонот жана Бажы бирлигинин мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоону камсыздоо үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун формалары менен гана чектелет. Бажы контролун жүргүзүүнүн формаларын жана усулдарын тандоодо бажы органдары бажы контролунун техникалык каражаттарын, маалыматтарды алдын ала талдоону, эгерде алар бажы ишинин чөйрөсүндөгү аныкталган олуттуу бузуулардын белгилерине байланыштагы өзгөчө жагдайларга жана көрсөтүлгөн бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча акыркы чараларды кабыл алуу зарылчылыгына байланыштуу болбосо, декларанттарга, ташуучуларга жана башка жактарга товарларды сактоо, транспорт каражаттарынын туруп калуусу, товарларды чыгаруунун мөөнөтүн жогорулатуу менен байланышкан зыяндар келтирилбегендей таризде колдонууга милдеттүү.

4. Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка контролдоочу органдар менен, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар менен өз ара аракеттенишет.

5. Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы контролунун айрым формаларын жүргүзүүдө бажы органдары тарабынан түзүлгөн актылардын, токтомдордун жана башка процесстик документтердин формалары, аталган ыйгарым укуктар Бажы бирлигинин Бажы кодексинде Бажы бирлигинин Комиссиясына жүктөлгөн учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

245-берене. Тобокелдиктерди башкаруу системасы

1. Тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун стратегиясы жана тактикасы, маалыматтарды топтоонун, иштеп чыгуунун, тобокелдиктерди талдоонун жана баалоонун, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

2. Тобокелдиктин белгиленген профилдеринде камтылган маалыматтарды бажы органдары тарабынан колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан регламенттелет.

3. Тобокелдиктин белгиленген профилдеринде камтылган, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар ачыктоого (жайылтууга) же үчүнчү жактарга, анын ичинде ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай маалыматты өткөрүп берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

246-берене. Бажы контролунун аймактары

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүгө байланышкан чараларды ишке ашыруу максатында туруктуу же убактылуу болушу мүмкүн болгон бажы көзөмөлүнүн аймактары түзүлөт.

2. Бажы контролунун туруктуу аймактары Кыргыз Республикасынын чек арасын бойлото, Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда, бажы органдарына тиешелүү жайларда жана аймактарда, убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактарында түзүлөт.

Бажы контролунун убактылуу аймактары ушул бөлүктө каралбаган башка жерлерде түзүлөт.

Бажы контролу аймактарын түзүүнүн жана белгилөөнүн тартиби, ошондой эле бажы контролу аймагынын укуктук режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Өндүрүштүк жана башка коммерциялык ишмердикти жүргүзүү, товарларды, транспорттук каражаттарды, жактарды, анын ичинен башка мамлекеттик органдардын кызматтык жактарын бажы контролунун аймактарынын чек арасы аркылуу жана алардын чегинде алып өтүүгө бажы органдарынын уруксаты жана алардын көзөмөлүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.

4. Ушул берененин жоболору ушул Мыйзамдын 234-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу оператордун товарларды орун-жайларда, ачык аянттарда жана башка аймактарда убактылуу сактоосуна карата колдонулбайт.

247-берене. Бажы контролун ишке ашыруунун мөөнөттөрү

1. Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболорунун сакталышын шарттуу чыгарылган товарларга, ошондой эле кайра алып келүү милдеттенмеси менен болбосо бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кетилген товарларга карата текшерүүгө жүргүзүүгө товарлар бажы контролунда турган убакыттын ичинде же убактылуу алып кетүүнүн бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жоболорунун аракети аяктаганга чейин жол берилет.

2. Бажы органдары товарларды чыгаргандан кийин товарлардын бажы контролунда турган мөөнөтү аяктаган учурдан тартып үч жылдын ичинде бажы контролун жүргүзөт.

248-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартуу

1. Бажы органдары бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоочу органдардан адистерди ишке тартууга укуктуу.

Бажы контролун жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү үчүн башка укук коргоо же контролдоочу органдардан адистерди ишке тартуу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тийиштүү укук коргоо жана контролдоочу органдардын биргелешкен актыларында аныкталган тартипте ишке ашырылат.

2. Башка мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга байланышкан сарптоолор, эгер бул иш алардын кызматтык милдеттерине кирбесе, бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт.

249-берене. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүү

1. Декларант, бажы ишинин чөйрөсүндөгү иш-аракет жүргүзүүчү жактар жана башка кызыкдар жактар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 98-беренесине ылайык бажы органдарына бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Бажы органдары юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдардан жана башка органдардан бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга укуктуу. Маалымат алмашуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аталган маалыматтар карамагында болгон мамлекеттик орган менен бирдикте аныкталат.

3. Бажы органы бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө жана (же) электрондук түрүндө сурап алат.

Документтерди жана маалыматтарды берүү талабы жөнөтүлгөн жак аларды бажы органына токтоосуз, ал эми аларды даярдоо же башка жактардан алуу зарылчылыгы болгон учурда - беш күндөн кечиктирбестен жөнөтүүгө же берүүгө милдеттүү. Жактын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча, көрсөтүлгөн мөөнөт бажы органы тарабынан документтерди жана маалыматтарды берүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат.

4. Бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди декларант жана башка кызыкдар жактар, ошондой эле бажы органдары товарлар бажы контролунда турган деген статусун жоготкон жылдан кийин кеминде үч календардык жыл бою сактоого тийиш. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажылык өкүлдөр, убактылуу сактоочу кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери, бажы кампаларынын ээлери жана бажылык ташуучулар аталган документтерди бажылык жол-жобо жүргүзүлгөн жылдан кийин беш календардык жыл бою сактоого тийиш.

250-берене. Бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды банктар тарабынан берүү

1. Бажы текшерүүсүн жүргүзүүчү бажы органы текшерилүүчү юридикалык жана жеке жактардын ишине тийиштүү документтери жана маалыматтары бар банктардан Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалымат суроого укуктуу. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө жүйөлөнгөн сурамды алган банк аны алган күндөн тартып он күндүн ичинде аткарат же суралган документтер жана маалыматтар жок экенин ошол эле мөөнөттө билдирет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, банктар тарабынан бажы органдарына берилүүчү документтердин көчүрмөлөрүн нотариалдык ырастоону талап кылууга жол берилбейт.

3. Бажы органы тарабынан банкка жөнөтүлгөн сурамдын формасы жана жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле банктар тарабынан бажы органдарынын сурамы боюнча берилүүчү документтерди жана маалыматтарды берүүнүн формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

251-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген товарларды, же бажы жол-жоболорун колдонуунун шарттары, товарларды пайдалануу жана/же тескөө боюнча чектөөлөр бузулган товарларды тапкан бажы органдарынын кошумча ыйгарым укуктары

1. Бажы органдары тарабынан бажы контролунун алкагында, Бажы бирлигинин бажы аймагында товарларды ишкерликти жүргүзүүгө байланыштуу сатып алган жактарда Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилген товарлар, же бажы жол-жоболорун колдонуунун шарттары бузулган товарлар табылганда, алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктер берилген жана товарларды пайдалануу жана/же тескөө боюнча чектөөлөр бузулган жана мунун натыйжасында бажы алымдары жана салыктар төлөнбөгөн товарлар табылганда, эгерде мындай товарлар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жана кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарына ылайык алынып коюлбаса же аларга камак салынбаса, алар бажы органдары тарабынан алып коюуга жатат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык товарларды алып коюу бажы органынын администрациялык укук бузуу жөнүндө иш же козголгон кылмыш-жазалык иш боюнча, мындай товар табылган жактын же анын өкүлүнүн катышуусу менен түзүлгөн токтомдун негизинде жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык алып коюлган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоочу кампаларга же Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 21-главасында белгиленген эрежелер боюнча башка жайларга жайгаштырылат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 81-беренесине, ушул Мыйзамдын 182-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө, чектөөлөрдүн сакталышын ырастоочу документтерди берүүгө жана товарларды декларациялоону жүргүзүүгө укуктуу. Бажы төлөмдөрүнүн көрсөтүлгөн суммаларына туумдар чегерилбейт. Эгерде мындай жактар бажы төлөмдөрүн алардан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товар табылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбей төлөсө, мындай товарлар аларга карата чектөөлөрдү сактоо боюнча талаптар аткарылган шартта алып коюлбайт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык алып коюлган товарлар, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткарган жакка ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганча кайтарылып берилет. Мында үч нускада акт түзүлөт, ага товарды алып коюуну жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамдары, алып коюлган товар кайтарылган жак же анын  өкүлү, ошондой эле алып коюлган товарды сактаган жак же анын өкүлү кол коет. Аталган актынын экинчи нускасы - алып коюлган товар кайтарылган жакка же анын өкүлүнө, үчүнчү нускасы - алып коюлган товарды сактаган жакка же анын өкүлүнө берилет.

6. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптар ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар тарабынан аткарылганда товарлар бажы максаттарында бажы контролунда турган деген статусун жоготкон товарлар катары каралат, бул бажы органына же башка мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз товар алып кирүүгө катышкан жактарды табуу боюнча зарыл иш-аракеттерди көрүүгө тоскоолдук кылбайт.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды алган жактар ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткаруудан баш тартса, сактоо мөөнөтү бүткөнчө мындай товарларды тескөө ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

8. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген жоболор Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынган товарларга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүгө тыюу салынган товарларга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги бекитиле турган товарларга, ошондой эле Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып келүүдө сандык чектөөлөр коюлган товарларга жайылтылбайт. Аталган товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды мыйзамсыз алып келгени такталган жактардын жана мындай товарларды алып коюлган жактардын эсебинен, эгерде аталган жактар Кыргыз Республикасынын аймагына мындай товарларды алып келүү мыйзамсыз экени жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, же башка учурларда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жок кылынат.

252-берене. Бажы контролун жүзөгө ашырууда техникалык каражаттарды пайдалануу

Бажы контролун жүргүзүү убактысын кыскартуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги жана колдонуу тартиби аныкталган бажы контролунун техникалык каражаттарын пайдаланышы мүмкүн.

253-берене. Товарларды жана транспорттук каражаттарды, орун-жайларды жана башка жерлерди идентификациялоо

Бажы контролундагы товарларды, транспорттук каражаттарды, орун-жайларды, идиштерди жана бажы контролуна таандык товарлар турган же турушу мүмкүн башка жерлерди идентификациялоо каражаттарын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

254-берене. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштө, жарандык жана кылмыш-жазалык иштерди кароодо бажы контролунун натыйжаларын пайдалануу

Ушул бөлүмдүн жоболоруна ылайык таризделген бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжалары кылмыш-жазалык жана жарандык иштер боюнча жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө иштер боюнча далилдер катары берилет жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазалык-процесстик мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык башка далилдер менен бир катарда көрсөтүлгөн иштерди кароодо, бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин аракеттерине (аракетсиздигине), чечимдерине даттанууларды кароодо,  же экономикалык талаштар боюнча иштерди кароодо сот же кызматкер тарабынан баа берилүүгө жатат.

255-берене. Бажы контролун жүргүзүүдө бажылык экспертизалоо. Бажы контролун жүргүзүүдө адистердин жана эксперттердин катышуусу

1. Бажы контролун жүргүзүүгө адистерди жана эксперттерди тартуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 101, 102-беренелеринде жана 20-главасында аныкталган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Бажы контролун жүргүзүүдө бажылык экспертиза ушул берененин жоболорун эске алуу менен Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 20-главага ылайык жүргүзүлөт.

3. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 139-беренесинин 2-пунктунда каралган бажы экспертизасын жүргүзүүнүн мөөнөтү, ушул Мыйзамга ылайык товарларды чыгаруу экспертизанын жыйынтыктарын алганга чейин жүзөгө ашпай турган учурларды кошпогондо, экспертизаны өткөрүү үчүн керек болгон мөөнөткө, узартуу себебин көрсөтүү менен бажы экспертизасын өткөргөн бажы органынын начальнигинин (начальниктин орун басарынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен узартылат. Жогоруда аталган учурларда экспертиза Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктуна ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөткө узартууну эсепке алуу менен, товарды чыгаруу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылат.

4. Бажы экспертизасы башка уюмда өткөрүлгөн учурда бажы экспертизасын дайындаган бажы органынын жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча бажы экспертизасын өткөрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн, мында экспертизанын жыйынтыктары алынганга чейин товарлар чыгарылбаган учурлардан сырткары экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон мөөнөткө узартуунун себеби көрсөтүлүшү керек. Мындай учурда экспертиза Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 196-беренесинин 4-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн мөөнөткө узартууну эске алуу менен товарларды чыгаруу мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.

5. Бажы экспертизасын жүргүзүү мөөнөтү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 139-беренесинде аныкталган учурларда, ошондой эле берилген объекттер бажы экспертизасын дайындоо тууралуу чечимде көрсөтүлгөн тизмекке туура келбеген учурда он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө токтотулат. Бажы экспертизасын жүргүзүү мөөнөттөрүн токтото туруунун тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

6. Бажы экспертизасын жүргүзүүдөн Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 138-беренесинин 5-пунктунда каралган учурларда, ошондой эле башка уюмда талап кылынган квалификациядагы эксперт жок болгон учурда баш тартылат.

7. Бажы экспертизасын өткөрүү үчүн товарлардын сынамыгын жана үлгүлөрүн тандоо тартибин Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 144-беренесинде каралган жоболордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

8. Бажы экспертизасын дайындоо тууралуу чечимдин, бажы экспертизасын жүргүзүүдө эксперттин корутундусунун формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

9. Бажы контролунун жыйынтыгы менен жактар кылмыш-жазалык же администрациялык жоопкерчиликке тартылганда экспертиза жасалган учурларды кошпогондо, экспертизаны жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды ушул беренеде көрсөтүлгөн жактар төлөйт.

10. Бажы экспертизасын жүргүзүүгө башка уюмдун экспертин (адисин) тартуу тууралуу чечимди кабыл алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

49-глава. Бажы контролун жүргүзүүнүн формасы жана тартиби

256-берене. Бажы контролун жүргүзүүнүн формасы жана тартиби

Бажы контролун бажы органы ушул Мыйзамда белгиленген жоболорду эсепке алуу менен Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 16 жана 19-главаларында белгиленген формаларда жана тартипте жүзөгө ашырат.

257-берене. Товарларды, транспорт каражаттарын кароо

1. Бажы органынын кызмат адамы тарабынан товарлардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде эл аралык почта жиберүүлөрүн, жеке жактардын жүгүнүн каралышы бажы контролдугу астындагы товарлардын мүнөзү, тек-жайы, абалы, саны жөнүндө, товарларда, транспорттук каражаттарда жана алардын жүк салынуучу жайларында бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана башка басылган идентификациялоо каражаттарынын бар экендиги жөнүндөгү маалыматтардын тастыктоосун алуу максатында жүргүзүлөт.

Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо - эгерде мындай кароо транспорттук каражаттардын же анын жүк салынуучу жайларынын ачылганына жана товарлардын таңгагынын бузулганына байланыштуу болбосо, бажы контролунун максаттары үчүн товарлар, жеке жактардын жүгү, транспорттук каражаттар, жүк салынуучу сыйымдуулуктар, бажы пломбаларынын, мөөрлөрүнүн жана товарларды идентификациялоонун башка каражаттарынын бар же жоктугу сырттан көз жүгүртүп каралат.

3. Бажы контролунун зонасында товарларды жана транспорттук каражаттарды кароо декларант, товарларга жана транспорттук каражаттарга карата, ыйгарым укуктарга ээ болгон жактар жана алардын өкүлдөрү жок учурда жүргүзүлүшү мүмкүн, буга аталган жактар кароого катышуу ниетин билдирген учурлар кирбейт.

4. Товарларды жана транспорттук каражаттарды кароонун жыйынтыгында товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө дайындар билдирилген маалыматтарга жана көрсөтүлгөн документтерге туура келбегендиги, товарлардын жана транспорт каражаттарынын бүтүндүгү бузулгандыгын же товарлардын бузулгандыгын көрсөтүүчү сырткы белгилер аныкталганда, кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамы тарабынан Бажы бирлигинин Комиссиясы бекиткен формада акт түзүлөт. Актынын экинчи нускасы, кароонун жыйынтыгында товарларга жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон жакка тапшырылат.

5. Орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо бажы органынын орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо жөнүндө чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүүдө орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо көчмө бажы текшерүүсүн өткөрүү тууралуу чечимдин негизинде жүргүзүлөт.

6. Орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо аны өткөрүү үчүн керек болгон минималдуу мөөнөттө өткөрүлөт.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

258-берене. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык текшерип кароо

1. Бажылык текшерип кароо бажы органдары тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды жактардын аткарганын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте текшерүү максатында жүргүзүлөт.

2. Бажылык текшерип кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруучу жак тыюу салуулар жана чектөөлөр менен байланыштагы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирип жатат же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетип жатат же ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен товарларды жана транспорт каражаттарын которуштуруп жатат деп күмөн саноого негиз бар болсо;

2) товарларга карата ыйгарым укукка ээ декларанттын же башка жактын арызынын негизинде;

3) бажылык декларацияда жана товарларды бажылык декларациялоодо берилген башка документтерде товарларды чыгаруу тууралуу чечимди кабыл алууга таасир эткен анык эмес маалыматтар болсо;

4) шарттуу чыгарылган товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөрдү сактоо максатында;

5) тобокелдиктерди башкаруу системасынын профилдеринин жыйынтыктары боюнча;

6) бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу менен бажылык контролдоону жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча;

7) ушул Мыйзамдын 234-беренесинин 9-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча.

3. Бажылык текшерип кароо болуп бажы органдарынын кызмат адамдарынын төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттери эсептелет:

1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарын бузуу менен товарлар жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен;

2) товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жана товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштыруу менен;

3) товарлар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштыруу менен.

4. Бажылык текшерип кароону өткөрүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын кызмат адамы декларантка же товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон башка жактарга, эгерде бул жактар белгилүү болсо, бажылык текшерип кароону өткөрүү орду жана убактысы тууралуу кабарлайт.

Декларант, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү, ушул берененин 6-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, өз демилгеси менен бажылык текшерип кароого катышууга укуктуу.

Бажылык текшерип кароону өткөрүү убактысынын башталышы мындай жактардын келүүсүнүн ылайыктуу мөөнөтүн эске алууга тийиш.

5. Орун-жайларда жана (же) аймактарда жүзөгө ашырылуучу бажылык текшерип кароо бажы контролу зонасын түзбөстөн жүргүзүлөт.

6. Бажы органынын кызмат адамынын талабы менен декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү бажылык текшерип кароого катышууга жана бажы органынын кызмат адамына керектүү көмөктү көрсөтүүгө милдеттүү. Ташуучу тарабынан атайын ыйгарым укук берилген өкүл болбогондо транспорттук каражатты башкарган жеке жак ушундай өкүл болуп саналат.

7. Бажы органы декларант, товарлар жана (же) транспорттук каражаттарга карата ыйгарым укукка ээ болгон башка жактар же алардын өкүлдөрү жок учурда товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык текшерип кароону жүргүзүүгө төмөнкүдөй учурларда укуктуу:

1) көрсөтүлгөн жактар келбегенде же мындай жактар белгисиз болгондо;

2) улуттук коопсуздукка, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга, айлана-чөйрөгө коркунуч болгондо, эпизоотикалык кырдаал пайда болгондо, Кыргыз Республикасынын улуттук маданий баалуулуктар объекттерин сактоого коркунуч болгондо жана кечиктирүүгө болбой турган башка кырдаалдарда, анын ичинде, эгерде товарларда тез күйүүчү заттар, жарылуу коркунучу бар предметтер, жарылуучу, ууландыруучу, опурталдуу химиялык жана биологиялык заттар, баңги каражаттар, психотроптук, күчтүү таасирлүү, уулуу, токсиндүү, радиоактивдүү заттар, ядролук материалдар жана башка ушул сыяктуу заттар бар экенин көрсөткөн белгилер бар болсо, ошондой эле товардан жагымсыз жыт чыкса;

3) товарларды эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөткөндө;

4) товарларды жана транспорттук каражаттарды чыгаруу каралган бажы жол-жобосунун шарттарын бузуу менен аларды Кыргыз Республикасынын аймагына калтырганда.

Аталган учурларда бажылык текшерип кароо эки күбөнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

8. Бажылык текшерип кароонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма боюнча эки нускада бажылык текшерип кароо актысы түзүлөт.

Актынын экинчи нускасы, эгерде жак аныкталса, товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон жакка же анын өкүлүнө тапшырылат (жиберилет).

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

259-берене. Бажы контролунда турган товарларды бажы органынын эсепке алуусу

Бажы контролунда турган товарларды бажы органы тарабынан эсепке алуунун формасын жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

260-берене. Товарларды эсепке алуу жана отчет системасын текшерүү

1. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 121-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы контролунун формасы катары товарларды эсепке алуу жана отчет системасын текшерүү бажы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга карата, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго, ошондой эле бажы аймагында кайра иштетүүнүн, бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн, убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун), эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажылык жол-жоболоруна киргизилген товарларга карата жана бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларга карата жүргүзүлөт.

2. Эсепке алуу жана отчет системасын текшерүүнү уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын тариздөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн, атайын жөнөкөйлөштүрүүлөрдү пайдаланган, ошондой эле бажы кампасынын, алымсыз соода дүкөнүнүн, бажы аймагында кайра иштетүүнүн, бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн, ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн, убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун), эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажылык жол-жоболоруна киргизилген чет өлкөлүк товарларды, же бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан же болбосо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берүүгө байланышта бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилген чет өлкөлүк товарларды пайдаланган жана (же) аларга ээлик кылган жактар товарлар чыгарылгандан кийин жана чет өлкөлүк товарларды сактап турган жактар сактоодо турган, ташылган, кайра иштетилген жана (же) пайдаланылган товарлар жана аткарылган бажы операциялары тууралуу отчетту берүүгө милдеттүү.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн отчеттуулук бажы органына электрондук санариптик колтамга коюлган учурда электрондук түрдө же маалыматты электрондук санариптик колу жок, бирок милдеттүү түрдө уюмдун жетекчисинин, башкы бухгалтеринин жана алар ыйгарым укук берген жактын колу коюлуу жана мөөр басылуу менен,  кагаз жүзүндө берилиши мүмкүн. Ушул беренеде каралган отчеттуулуктун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Бажылык өкүл квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу числосуна чейин бажы органына аларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн товарлар жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган отчеттуулук формасы боюнча берүүгө милдеттүү.

6. Декларант, бажы аймагында кайра иштетүүнү жүргүзгөн жак ар бир жыл чейреги сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин даярдалган кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчеттуулукту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнгө карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;

2) Бажы бирлигинин бажы аймагынан алып кетилген же ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык чыгарылган же Бажы бирлигинин Бажы кодексине ылайык башка бажылык жол-жобого киргизилген кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;

3) бажылык жол-жобого киргизилбеген кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны;

4) товарларды кайра иштетүүдөн пайда болгон таштандылардын аталышы жана саны.

7. Бажы аймагында товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын, таштандыларынын жана калдыктардын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 249-беренесинин 1-пунктуна ылайык бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу аяктагандан кийин, бирок кайра иштетүү продуктуларынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.

8. Декларант, бажы аймагынан сырткары кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир жыл чейреги сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин даярдалган кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында бажы аймагынан сырткары кайра иштеп чыгуунун бажылык жол-жобосун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчетту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнгө карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) берилген кайра иштетүү уруксатына ылайык бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна киргизилген жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;

2) Бажы бирлигинин бажы аймагына киргизилген жана тиешелүү бажылык жол-жобого жайгаштырылган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациялардын номерлери менен;

3) Бажы бирлигинин бажы аймагына киргизилген, бажылык жол-жобого жайгаштырылбаган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны;

4) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган, кайра иштетүүсүнүн продуктулары Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келинбеген киргизилбеген Бажы бирлигинин товарлардын аталышы жана саны.

9. Бажы аймагынан сырткары товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык бажы аймагынан сырткары кайра иштетүүнүн жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок кайра иштетүү продуктуларынын акыркы партиясы форма боюнча чыгарылган күндөн тартып, отуз күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.

10. Декларант, ички керектөө үчүн кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн жак ар бир жыл чейреги сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онунчу числосуна чейин даярдалган кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын салыштырып текшерүү максатында ички керектөө үчүн кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосун колдонуу талаптарынын жана шарттарынын аткарылышы тууралуу отчетту бажы органына берет. Бул отчетто аны бажы органына берген күнгө карата төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) ички пайдалануу үчүн товарларды кайра иштетүүгө берилген уруксатка ылайык ички пайдалануу үчүн бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган жана өндүрүш процессинде колдонулган товарлардын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациянын номери менен;

2) ички керектөө үчүн чыгарылган же Бажы бирлигинин Бажы кодексине ылайык башка бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны, тийиштүү бажылык декларациянын номери менен;

3) бажылык жол-жобосуна жайгаштырылбаган кайра иштетүү продуктуларынын аталышы жана саны;

4) таштандыларды кайра иштетүүдөн алынгандардын аталышы жана саны.

11. Ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүү уруксатында көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын, таштандылардын жана калдыктардын санын акыркы салыштырып текшерүү тууралуу отчет Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 273-беренесинин 1-пунктуна ылайык ички керектөө үчүн товарларды кайра иштетүүнүн бажылык жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок кайра иштетүү продуктуларынын акыркы партиясы чыгарылган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен бажы органына берилет.

12. Убактылуу алып келүүнүн (уруксат кылуунун), эркин экономикалык зонанын, эркин кампанын бажылык жол-жоболоруна киргизилген товарларды, же бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан же болбосо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 195-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерди берүүгө байланышта бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө байланышкан бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү менен ички керектөөгө чыгаруунун бажылык жол-жобосуна киргизилген товарларды пайдаланган жана (же) аларга ээлик кылган жактар товар чыгарылгандан кийин алты айда бир жолудан кем эмес же бажы органынын талабы боюнча аталган бажы жол-жоболорун колдонуу талаптарын жана шарттарын аткаруу тууралуу, ошондой эле товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдү колдонуу тууралуу отчет берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду кошпогондо, товарларды сактаган жактар сакталып жаткан товарлар тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.

Бажы органдарына ушул бөлүктө көрсөтүлгөн отчетту берүү тартиби, ошондой эле убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода кылуу дүкөндөрүнүн ээлери, бажылык ташуучулар тарабынан бажы органдарына отчетту берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

13. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан эсепке алууну жүргүзүүнүн жана бажы органдарына отчетту берүүнүн тартиби ушул Мыйзамдын 237-беренесинде аныкталат.

14. Бажы органдарына ушул беренеде каралган отчетту белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же) өз убагында бербегендиги үчүн, ошондой эле так эмес маалыматтарды камтыган отчетту бергендиги үчүн ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

261-берене. Бажылык текшерүү

1. Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен белгиленген талаптардын жактар тарабынан сакталышын текшерүү максатында бажы органдары тарабынан Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 122-берене жана 19-главада аныкталган тартипте бажылык текшерүү жүргүзүлөт.

2. Бажылык текшерүүлөрдү уюштуруу, жүргүзүү жана тариздөө тартиби, бажылык текшерүүлөрдү өткөрүүгө байланышкан документтердин формалары жана алардын даярдоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Бажы органдары тарабынан Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 19-глава менен аныкталган тартипте жана шарттарда жерине барып бажылык текшерүүлөр жана камералык текшерүүлөр жүзөгө ашырылат.

Жерине барып бажылык текшерүү жана жерине барып кошумча текшерүү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же анын орун басары тарабынан кол коюлган жеринен барып текшерүү бажылык текшерүүнү өткөрүү тууралуу чечимдин негизинде жүргүзүлөт.

4. Жерине барып бажылык текшерүү жүргүзүүнү убактылуу токтотуу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 132-беренесинин 12-пунктунда каралган учурларда жүзөгө ашырылат.

5. Жерине барып бажылык текшерүү жүргүзүүнү убактылуу токтотуу жана кайта баштоо ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими менен таризделет.

6. Жерине барып бажылык текшерүү жүргүзүү убактылуу токтотуунун мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. Эгерде, текшерүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талапты жиберүү зарылчылыгына байланыштуу убактылуу токтотулган болсо жана алты айдын ичинде текшерүүнүн жыйынтыктары үчүн олуттуу мааниге ээ болгон суралган маалымат алынбаса, аталган текшерүүнүн убактылуу токтотулган мөөнөтү үч айга көбөйтүлүшү мүмкүн.

262-берене. Жерине барып бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн текшерилүүчү жактын объектисине бажы органынын кызмат адамдарынын кирүүсү

1. Текшерилүүчү жак Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 133-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда бажы органдарынын кызмат адамдарына анын объектисине кирүүсүнөн баш тартышы мүмкүн. Текшерилүүчү жак бажы органынын жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын текшерүүчү жактын объектисине кирүүсүнөн негизсиз баш тартканда эки калыс-күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзгөн кызмат адамдары, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле калыс-күбөлөр кол коет. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү адамга же анын өкүлүнө тапшырылат.

3. Текшерилүүчү жак же анын өкүлү ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыга кол коюудан баш тарткан учурда жерине барып текшерүүсүн жүргүзгөн жак аталган актыга бул жөнүндө тийиштүү жазууларды жазат. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуу себебин жазуу түрүндө түшүндүрүүгө укуктуу.

263-берене. Жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзүүдө товарларга камак салуунун, товарларды жана документтерди алып коюу тартиби

1. Товарларга камак салуу жана товарларды алып коюу Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 134-беренесинин 1-пунктунун 11-пунктунда каралган максаттарда жүргүзүлөт.

2. Товарларга камак салуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) эгерде атайын маркалар, идентификациялык белгилер, товарларды белгилемелер Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинүүчү товарларга коюла турган болсо, атайын маркалары, идентификациялык белгилери же товарларды башка ыкмалар менен белгилемелер жок болгон  товарлар табылганда, же жасалма белгилери бар маркалар же идентификациялык каражаттар коюлган товарлар табылганда;

2) эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтарды коммерциялык документтерде көрсөтүү Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды жүгүртүүдө милдеттүү болсо, текшерилүүчү жактын коммерциялык документтеринде бажылык декларациялоо жана (же) товарларды чыгаруу фактыларын тастыктаган маалыматтар жок болгондо, ошондой эле мындай маалыматтардын анык эместиги же мындай маалыматтар көрсөтүлүшү керек болгон коммерциялык документтердин жок экендиги табылганда, эгерде мындай маалыматтардын бар болуусу Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү болсо;

3) текшерилүүчү товарлар шарттуу чыгарылган болуп эсептелгендиги табылганда жана ушул товарларды пайдалануу жана (же) ээлик кылуу боюнча чектөөлөрдү бузуу менен, алып келүүдөгү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү шарттарына ылайык келген максаттарды бузуу менен пайдаланылып жаткандыгын тастыктаган белгилер табылганда;

4) текшерилүүчү товарларга карата бажы алымдарын жана салыктарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү шарттарынын жана (же) тартибинин сакталбагандыгын тастыктаган белгилер табылганда;

5) текшерилүүчү товарлар бажылык жол-жобонун шарттарын жана талаптарын бузуу менен колдонулуп жаткандыгын тастыктаган белгилер табылганда.

3. Товарларга камак салуу товарларга ээлик кылууга жана колдонууга тыюу салуу дегенди түшүндүрөт. Камак салынган товарлар алардын ээсине же мындай товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жакка сактоого берилет. Камакка алынган мындай товарларды колдонууга товарларды камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алган кызмат адамдары же сот органдары тарабынан уруксат берилиши мүмкүн. Камак салынган товарларды башка жактарга берүүгө, аларды ээликтен ажыратууга же башка ыкмалар менен аларга ээлик кылууга жол берилбейт.

4. Текшерилүүчү товарлар Бажы бирлигинин бажы аймагына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынгандыгынын белгилери табылганда, ошондой эле товарларга камак салуу алардын сакталышын камсыздоо үчүн жетиштүү чара боло албайт деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо товарлар алынып коюлат. Алынып коюлган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоого кампаларга же Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 21-главада белгиленген эрежелер боюнча башка жерлерге жайгаштырылат.

5. Эгерде бажы текшерүүсүн жүргүзүү үчүн текшерилүүчү жактын документтеринин көчүрмөлөрү жетишсиз жана жерине барып бажы бажы текшерүүсүн жүргүзүүчү кызмат адамдарында документтердин түп нускалары жок кылынган, кыскартылган, оңдолгон же алмаштырылган деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгон учурларда текшерүүнү жүргүзүүчү кызмат адамы документтердин түп нускасын алып коюуга укуктуу. Документтердин түп нускасын алып коюуда документтердин түп нускасын алып коюу жөнүндө эки нускада акт түзүлөт. Бул актынын экинчи нускасы алып коюлган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен алар алынган адамга тапшырылат. Документтин көчүрмөсүндө документтин түп нускасын алуу жөнүндө актынын номери жана датасы көрсөтүлөт жана аны алып койгон кызмат адамынын колу коюлат.

6. Товарларды, документтерди алып коюу жана товарларга камак салуу Кыргыз Республикасынын администрациялык жана кылмыш-жазалык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жерине барып бажы текшерүүсүн жүргүзүү бүткөндөн кийин эки ай ичинде талап кылынбаган алынып коюлган товарлар соттун чечиминин негизинде мамлекеттин менчигине алынат.

IX бөлүм. Бажы ишин уюштуруу. Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана алардын иш-аракетин камсыздоо

50-глава. Кыргыз Республикасынын бажы органдары

264-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын статусу

Кыргыз Республикасынын бажы органдары укук коргоо органдарынын статусуна ээ болот.

Кыргыз Республикасынын жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдарынан сырткары, эч кандай мамлекеттик органдардын бажы органдарынын компетенциясын козгогон чечимдерди кабыл алууга, тийиштүү уруксатсыз алардын функцияларын аткарууга же өзгөртүүгө, аларга кошумча тапшырмаларды жүктөөгө же башка түрдө ушул органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.

265-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желеги жана эн белгиси

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желеги жана эн белгиси бар. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын автотранспорт каражаттарына эн белгилерди жайгаштырууга уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын желегинин жана эн тамгасынын сыпаттамасын жана сүрөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

266-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жери

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жайгашкан жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүнчүлөр жана товар агымдарынын көлөмүнө, өзүнчө региондордун тышкы экономикалык байланыштарын интенсивдүү өнүктүрүүгө, транспорт уюмдарынын, экспорттоочулардын, импорттоочулардын, тышкы экономикалык иш-аракеттин башка катышуучуларынын керектөөлөрүнө жана башка факторлорго жараша аныктайт.

Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын бажы органдарына түздөн-түз таандык жайларда жайгашат. Бажы посттору жана бажылардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлерине таандык жайларда жайгашышы мүмкүн. Бажы посттору жана бажылардын жана бажы посттордун түзүмдүк бөлүкчөлөрү үзгүлтүксүз экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын жайларында жайгашышы мүмкүн.

267-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы

1. Жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрмө пункттары менен айкалышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек-арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын жумуш убактысына мүмкүнчүлүккө жараша туура келиши керек.

2. Кызыктар жактын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча жана тийиштүү шарттар болгондо өзүнчө бажы операциялары бажы органынын жумуш убактысынан сырткары аткарылышы мүмкүн.

268-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин мыйзамдардын талаптарын сактоосу

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызматкерлеринин чечимдерди кабыл алуусу, алардын жасаган аракеттери алардын компетенцияларынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана алардын кызматкерлери тарабынан чечимдерди кабыл алууда, аракеттерди (аракетсиздиктерди) жүзөгө ашырууда мыйзамдардын талаптарынын сакталышы даттануу укугу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз карамагындагы бөлүкчөлөрдүн ишин контролдоосу менен камсыздалат.

269-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мамлекеттик органдар, уюмдар менен өз ара аракеттешүүсү жана кызматташуусу

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка мамлекеттик органдардын компетенциясына киргизилген укук бузуулардын белгилери табылганда бажы органдары бул жөнүндө маалыматты тийиштүү мамлекеттик органдарга токтоосуз берүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин бажы органдары менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин бажы органдары менен өз ара аракеттешет.

51-глава. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусу

270-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуусунун шарттары

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге өзүнүн жарактуулугу боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп туруусу керек.

3. Кара күч, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууда Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечиктирүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген учурлардан, кокустан же куралдуу кол салууда, согуштук техниканы жана транспорт каражаттарын колдонуу менен кол салууда же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү орунсуз же мүмкүн эмес болгон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен аларды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө;

2) денесинен жараат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын башчысына же аны алмаштырган адамга кабарлоого;

3) укук бузуунун жана аны жасаган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болбосун зыяндын минималдуу болушуна умтулууга.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальниги же аны алмаштыруучу адам бардык өлүм учурлары же денеге оор зыян келтирүүлөр жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланып кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

271-берене. Кара күчтү колдонуу

Укук бузууларга жол бербөө, аларды жасаган адамдарды кармоо, каршылык көрсөтүүнү басуу, мыйзамдуу буйруктарга жана талаптарга баш ийбөөгө бөгөт коюу, бажы контролуна таандык жайларга, аймакка, товарларга жана транспорт каражаттарына мыйзамдуу жетүүгө тоскоолдук кылууну жаратпоо, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттеринин аткарылышына тоскоолдук кылган башка иш-аракеттерди четтетүү үчүн, эгерде кара күч колдонбогон ыкмалар бул милдеттердин аткарылышын камсыздай албаса, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кара күч колдонууга укуктуу.

272-берене. Атайын каражаттарды колдонуу

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерин, резина таяктарын, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттарды, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлерине же башка адамдарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, орун-жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотуу үчүн;

3) эгерде укук бузган адамдар баш ийбесе, каршылык көрсөтсө, башкача айбат көрсөтсө же айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо, аларды Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматтык орун-жайына жеткирүү үчүн;

4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына кара күч менен каршылык көрсөтүүнү четтетүү үчүн;

5) транспорттук каражаттын айдоочусу Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбаганда аны токтотуу үчүн;

6) Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.

Адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, бажы контролдугундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, топтошуп же башка түрдө кол салуудан башка учурларда, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги билинип турган адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу атайын каражаттардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

273-берене. Ок атма куралды алып жүрүү, сактоо жана пайдалануу

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу айрым категорияларына кызматтык милдеттерин аткарууда ок атма куралды алып жүрүү, сактоо жана аны пайдалануу укугу берилет.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарында пайдаланылуучу ок атма куралдардын жана ок-дарылардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

274-берене. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары акыркы чара катары ок атма куралды төмөнкү учурларда колдонууга укугу бар:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден-соолугу коркунучка дуушар болгондо аларга кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атма куралын тартып алуу аракетине каршылык көрсөтүү үчүн. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы кармап жаткан адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу аркылуу ок атуучу куралга жакындоого аракети же ушул куралга жетүүгө аракети куралды тартып алуу аракети катары каралат;

3) Кыргыз Республикасынын бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, орун-жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролдугундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп алып же куралдуу кол салууга каршы аракет көрүү үчүн;

4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдары мындан сырткары ок атма  куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укугу бар:

1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочулары Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден-соолугуна ачык коркунуч келтирсе жана алардын токтотуу жөнүндө бир нече жолку талабына баш ийбесе, зыян келтирүү аркылуу аларды токтотуу үчүн;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;

3) ок атма куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү берүү, атайылап белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.

Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна, коркунуч келтирген куралдуу каршылык көрсөтүүдөн, куралчан, топтошуп алып же башкача кол салуудан тышкаркы учурларда аялдарга, майып экени көрүнүп турган адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп топтошкон, башка адамдарга зыян келиши мүмкүн болгон жерде ок атма куралды колдонууга тыюу салынат.

Ок атма куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамы Кыргыз Республикасынын бажы органынын начальнигине же анын ордун басуучу адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен прокурорго билдирет.

52-глава. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш-аракетин камсыз кылуу

275-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш-аракетин финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын курамына кирген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишин финансылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын техникалык жардамы түрүндөгү гранттардын (акысыз жардамдын) эсебинен жүргүзүлөт.

276-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын иш-аракети жөнүндөгү маалыматтарды коргоо

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кадрдык курамы жөнүндө, изин суутпай издөө ишин уюштуруу тактикасы, усулдары жана жүзөгө ашыруу каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер жана материалдар Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын архивинде сакталууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын материалдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинин архивдерине сактоого берилет.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдарындагы мамлекеттик жашырын сырды жана купуя маалыматты коргоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылынат.

53-глава. Бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүү

277-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүдө контролдоп жөнөтүүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген товарларды мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын алдын алуу, аларды табуу, четтетүү жана айкындоо максатында "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдар контролдоп жөнөтүүнү - изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө укуктуу, мында изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн органдардын уруксаты менен жана алардын контролдугу астында эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген, болбосо кылмыш жасоо куралы же каражаты болуп саналган, же бажы чек арасы аркылуу алып өтүү контрабанда болуп саналган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга же алынып келинген товарларды бул аймак боюнча которуштурууга жол берет.

2. Бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүүнү товарлардын, баңги заттардын же психотроптук каражаттардын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүсүн четтетүү, ошондой эле мындай жүгүртүүгө катышкан жактарды табуу максатында Кыргыз Республикасынын бажы органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин бажы же башка органдары менен болгон келишимдер боюнча жүзөгө ашырат. Изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн башка органдар контролдоп жөнөтүүнү Кыргыз Республикасынын бажы органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзөт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана изин суутпай издөө ишин жүргүзгөн башка мамлекеттик органдын ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен сырткары жакка ташылып чыгуучу товарларды контролдоп жөнөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасында кылмыш-жазалык иш козголбойт, ал эми кабыл алынган чечим жөнүндө контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырган органдын жетекчиси белгиленген тартипте токтоосуз прокурорго кабарлайт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдары "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу.

278-берене. Контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырууда бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды алып коюу же алмаштыруу

Эркин сатууга тыюу салынган же жүгүртүүсү чектелген, бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды контролдоп жөнөтүүнү жүзөгө ашырганда, бул товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте толугу менен же жарым-жартылай алып коюлушу же алмаштырылышы мүмкүн. Адамдардын ден-соолугуна, табигый айлана-чөйрөгө зор коркунуч келтирген же массалык кыргын салуучу куралды жасоо үчүн негиз болуучу товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте алмаштырылууга тийиш.

X бөлүм. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын товарларды жана транспорттук каражаттарды тескөөсү

54-глава. Мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды жана администрациялык укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп саналбаган, кармалган товарларды тескөөнүн негиздери жана тартиби. Товарларды кармоо

279-берене. Товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу

Товарлар төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик менчикке айландырылат:

1) мүлктү конфискациялоону колдонуу менен кылмыш-жазалык иш же администрациялык жоопкерчилик жөнүндө иш боюнча соттун чечиминин негизинде - ушул сот чечими күчүнө кирген күндөн тартып;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же башка ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча мүлктү ээси жок деп таануу жөнүндө же ушул Мыйзамда каралган учурларда  алып коюлган товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу жөнүндө сот актысынын негизинде - сот актысы күчүнө кирген күндөн тартып;

3) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна товарларды жайгаштыруунун негизинде - кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча товарларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарына өткөрүп берген күндөн тартып.

280-берене. Мамлекеттин менчигине айландырылган товарларды тескөө

1. Сот актысынын негизинде мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды тескөө аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сатуу, жок кылуу же утилдештирүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык жол-жобосуна товарларды жайгаштыруунун негизинде мамлекеттик менчикке айландырылган товарлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүп берилүүгө тийиш.

281-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органынын мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды акысыз өткөрүп берүүгө укугу

1. Кыргыз Республикасынын бажы органы мамлекеттик менчикке айландырылган дары-дармек препараттарын, санитария, гигиена предметтерин, таңуучу каражаттарды, медициналык багыттагы буюмдарды, тез бузулган азык-түлүк продуктуларын, балдардын азыгын жана дарылоо азыгын, ошондой эле кийимдерди, бут кийимдерди жана башка зарыл буюмдарды социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарына, балдар мекемелерине, социалдык коргоо органдарына акысыз өткөрүп берүүгө укуктуу; ошондой эле маданий баалуулугу жок тарых буюмдарын, илим объекттерин жана искусство чыгармаларын - музейлерге; флора жана фауна предметтерин - зоологиялык парктарга, музейлерге, коруктарга; дин буюмдарын - диний уюмдарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды коммерциялык ишти жүргүзүү үчүн акысыз өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын, мекеменин, уюмдун, аларга ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды акысыз берүү жөнүндө, ошол товарларды коммерциялык ишке колдонбоо милдеттенмеси менен кошо берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болгон учурда, бажы органы аталган товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу жөнүндө документ түшкөндөн кийин аларды акысыз өткөрүп берүү мүмкүндүгүн караштырат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды акысыз берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу максатында бажы органы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын бажы органы күбөлөндүргөн төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн жиберет:

1) товарларды мамлекеттик менчикке айландыруу жөнүндө документтердин;

2) ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын, мекеменин, уюмдун товарларды акысыз берүү жөнүндө кайрылууларынын;

3) товардын наркы жөнүндө маалыматты камтыган документтердин;

4) акысыз берилүүчү товарлардын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган документтердин;

5) акысыз бериле турган товарлар маданий баалуулук болуп эсептелбейт деген корутундулардын (маданий баалуулуктун белгилери бар товарларга карата);

6) бажы органындагы товарларга тиешелүү башка документтердин.

5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга документтерди жиберүү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга да берилет.

6. Кыргыз Республикасынын бажы органы көрсөтүлгөн документтердин негизинде, аларды алгандан отуз күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик менчикке айландырган товарларды акысыз өткөрүп берүү жөнүндө буйрукту чыгаруу тууралуу чечимди, же аны жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечимди кабыл алат.

7. Кыргыз Республикасынын бажы органы буйруктун негизинде, мүлктү кабыл алуу боюнча аракет кылууга ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген тиешелүү документ жана ишеним кат менен тастыкталган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын, мекеменин, уюмдун өкүлүнө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча товарларды өткөрүп берүүнү уюштурат.

282-берене. Администрациялык укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарларды жана бул товарларга документтерди кармоо

1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, администрациялык укук бузуулардын жана кылмыштардын предмети болбогон товарларды жана алардын документтерин Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 145-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздерге ылайык кармайт.

2. Администрациялык укук бузуулардын жана кылмыштардын предмети болуп саналбаган товарларды жана алардын документтерин кармоодо Бажы Комиссиясы тарабынан аныкталган формадагы протокол түзүлөт, көчүрмөлөрү ташуучуга, убактылуу сактоо кампасынын ээсине же кармалган товарлар сактоодо турган жайдын ээсине, ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары белгилеген болсо, товарды алуучуга же товарды жөнөтүүчүгө берилет.

3. Ушул берененин 1-пунктунда белгиленген кармалган товарларды жана документтерди убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаган же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып чыгуу үчүн, аларды декларациялоо же ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган кармоо протоколунун негизинде Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152, 170, 185, 192, 208, 231, 234, 305 жана 354-беренелеринде каралган башка аракеттерди жасоо үчүн Бажы бирлигинин Бажы кодексинде белгилеген башка мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынып салынат.

4. Кармалган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылат же Кыргыз Республикасынын бажы органдары иш жүргүзгөн региондо кампаларда сактоо кызматын көрсөткөн уюмдарга сактоого берилет. Өзгөчө сактоочу шарттарды талап кылган товарлар адистешкен тиешелүү уюмдарга (ишканаларга) сактоого берилет. Аталган товарларды сактоого берүүдө өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы түзүлүп, бир нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калат, экинчи нускасы сактоого алган уюмга (ишканага) берилет. Мындай актынын көчүрмөсү, эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген болсо, товардын мыйзамдуу ээсине берилет.

5. Кармалган товарлар жана бул товарлардын документтери Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 147-беренесинде каралган учурларда кайтарылып берүүгө тийиш. Аталган товарларды кайтарып берип жаткан жакка же анын өкүлүнө, ошондой эле аларды сактоого алган жакка же анын өкүлүнө кайтарып берүүдө үч нускадан турган акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдарынын колу коюлат. Аталган актынын биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калтырылат, экинчи нускасы кармалган товарлар кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө, үчүнчү нускасы кармалган товарларды сактоого алган жакка же анын өкүлүнө берилет.

6. Кармалган документтер кармалган товарлар кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө кайтарылып берилет. Кармалган документтерди кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө кайтарып берүүдө, эки нускадан турган акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдарынын колу коюлат. Экинчи нускасы кармалган документтер кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө берилет.

7. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 146-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы органы товар кармалган күндөн тартып бир айдын ичинде кармалган товарларды сактоого алат, жарактуулук мөөнөтү кармалган учурдан тартып жыйырма төрт саат болгон тез бузулуучу товарлар жана Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келүүгө тыюу салынган же ушул аймактан алып чыгууга тыюу салынган, жарактуулук мөөнөтү кармалган учурдан тартып үч суткалык  болгон товарлар сактоого алынбайт.

8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде кармалган товарлар талап кылынбаса, ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык сатууга, жок кылууга же утилдештирүүгө жиберилет.

283-берене. Мамлекеттик менчикке айландырылбаган товарларды тескөө

1. Кармалган товарларды, ушул Мыйзамдын 251-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан алып коюлган товарларды тескөө товарларды пайдалануу, сатуу, жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү) боюнча ыйгарым укуктар берилген уюмдар, ишканалар, мекемелер (мындан ары - ыйгарым укуктуу уюм) тарабынан сатууга, жок кылуу же утилдештирүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Товарларды кармоону же алып коюуну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын бажы органы Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 21-главада белгиленген кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин же ушул Мыйзамдын 251-беренесинде белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин алдын ала, бирок он беш күндөн кем эмес убакытта декларантка, ал эми товарды ээси декларациялоо жүргүзбөгөн болсо - товардын ээсине жазуу жүзүндө билдирет, эгерде товардын ээси чет өлкөлүк жак болсо же Кыргыз Республикасынын бажы органында товардын ээси жөнүндө маалымат жок болсо, товар кармалган учурда аталган товарларга ээлик кылган жакка, же товар алып коюлган жакка, ушул главага  ылайык кармалган товарларды же алып коюлган товарларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк бериле турган учурдун башталуу датасы, аларды өткөрүп берүүнүн датасы тууралуу жазуу жүзүндө  билдирилет. Мындай жазуу жүзүндөгү билдирүү тил каттын негизинде же алгандыгын жана алган күнүн ырастаган башка ыкмалардын жардамы менен ушул бөлүктө аталган жактарга тапшырылууга тийиш. Тез бузулуучу товарлар кармалган учурда мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттары, ошону менен бирге электрондук маалымат жиберүүнүн байланыш каражаттары менен мындай товар кармалган күнү билдирилүүгө тийиш.

3. Товарларды кармоону же алып коюуну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын бажы органы Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 21-главада белгиленген кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн же ушул Мыйзамдын 251-беренесинде белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сактоо мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу эки нускада акт түзөт.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык актысы бир нускасы акт түзүлгөн күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирилбестен алгандыгын күбөлөндүрүүчү тапшыруу кат аркылуу ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган жактарга жиберилет. Актынын экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калат. Кыргыз Республикасынын бажы органы күбөлөндүргөн актынын көчүрмөсү убактылуу сактоочу кампанын ээсине же бажы кампасынын ээсине, же болбосо кармалган же алып коюлган товарлар сактоодо турган жакка берилет.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын бажы органынын актысы, кармалган же тартып алынган товарларды ушул беренеге ылайык пайдаланууга негиз боло алат.

6. Товарларды кармоону же алып коюуну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы алымдарынын, салыктардын суммасынын эсебин төмөнкүлөргө карата алат:

1) кармалган товарларга карата, мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон, алар кармалган күнгө карата эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын суммаларына жараша;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 81-беренесине ылайык алып коюлган товарларга карата.

7. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы кармалган же алынып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аларды сактоо мөөнөтүнүн аякташы, товарлардын турган орду, алардын саны жана товарларды кабыл алуу жана алып чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу уюмга зарыл болгон башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө кармоонун протоколунун көчүрмөсүн, ошондой эле ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн бажы алымдардын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш болгон эсепти тиркөө менен билдирет. Эгер кармалган же алып коюлган товарлар тез бузулуучу болсо, товарлар кармалган же алынган күнү, маалыматты электрондук түрдө берүүнү кошуп алганда мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу, бул товарлар тез бузулуучу экендигин көрсөтүү менен билдирүү берилет. Кармалган же алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде ушул жактар аныкталса,  товардын декларантына же анын менчик ээсине, же башка мыйзамдуу ээсине же товары алып коюлган жакка кабарлайт.

8. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча ыйгарым укуктуу уюмга берет.

9. Ыйгарым укуктуу уюм же анын өкүлү ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган бажы органынан билдирүүсүн алган күндөн кийинки он жумуш күндөн кечиктирбестен кармалган же алып коюлган товарларды бажы органынан кабыл алат жана эсепке алуу, баалоо жана тескөө үчүн алып кетет. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы ыйгарым укуктуу уюмдун жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча товарларды кабыл алуу жана алып кетүү мөөнөтүн бир айдан көп эмес узартууга укуктуу. Тез бузулуучу товарлар ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын бажы органынан билдирүүсүн алган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тескөө үчүн ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кабыл алынууга тийиш.

10. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуу ыйгарым укуктуу уюм тарабынан базар баалары боюнча жүзөгө ашырылат.

11. Ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон жана Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын толук суммасын мамлекеттик бюджетке которууну камсыз кылуу максатында мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок кабыл алуу-өткөрүү актысынын күнүнөн үч айдан кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу уюм тарабынан мындай товарларды тескөө жүргүзүлөт.

12. Эгерде ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кармалган же алып коюлган товарлар сатылбаса, ыйгарым укуктуу уюм Кыргыз Республикасынын бажы органы менен сатуу мөөнөтүн дагы эки айдан узак эмес узартууну макулдашат.

13. Эгерде кармалган же алып коюлган товарларды сактоого чыгымдар алардын наркынан ашса, мындай товарлар жок кылынат же ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кайра иштетилет (утилдештирилет).

14. Кармалган же алып коюлган товарларды жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү), ошондой эле мындай товарларды сактоо жана ташуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө - ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын эсебинен, ал эми мындай жактар болбогондо, эгерде товарлардын айрым категорияларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

15. Кармалган же алып коюлган товарларды кабыл алуу-өткөрүү акты боюнча кабыл алган учурдан тартып аларды сатуу, жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү) учуруна чейин ыйгарым укуктуу уюм алардын сакталышын камсыз кылат жана алар жоголгон учурда төмөнкүлөрдүн алдында жоопкерчилик тартат:

1) жоголгон товарларга бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш өлчөмдө акча каражаттарын мамлекеттик бюджетке төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын алдында;

2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 149-беренесине ылайык кармалууга жатуучу сумманы эсептен чыгаруу менен жоголгон товарлардын наркын алардын ээлери болгон жактарга төлөп берүү боюнча ушул жактардын алдында.

16. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар товарларды ыйгарым укуктуу уюмга берүүгө чейин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган Бажы бирлигинин бажы аймагынан сыртка товарларды алып чыгуу, аларды бажылык декларациялоо же Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152, 170, 185, 192, 208, 231, 234, 305 жана 354-беренелеринде каралган башка аракеттерди жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарса, Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай жактарга кармалган же алып коюлган товарларды берүүдө тоскоолдук кылууга укуксуз.

284-берене. Товарларды сатуудан түшкөн акчалай каражаттарды тескөө

1. Мамлекеттик менчикке айландырылган товарларды сатуудан түшкөн акчалай каражаттар  мамлекеттик бюджетке которулат.

2. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акчалай каражаттарды ыйгарым укуктуу уюм алган күндөн тартып үч күндөн кеч эмес мөөнөттө Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 149-беренесине ылайык ал тарабынан мындай акча каражаттар тескөө үчүн Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине, товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органына мындай товарларды сатуу менен байланыштуу чыгымдар жөнүндө маалыматты бир убакта берүү менен которулат.

3. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине түшкөн күндөн кийинки беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын, ошондой эле товарларды ташуу, сактоо чыгымдарынын жана аларды сатууга байланышкан чыгымдардын суммасын кармайт.

4. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 149-беренесинде каралган кармап калууларды эсепке алуу менен эсептелген кармалган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттардын калдыктары Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан декларантка, эгерде товарларга декларациялоо жүргүзүлбөсө, товарлардын менчик ээсине же башка мыйзамдуу ээсине Кыргыз Республикасынын бажы органында алар жөнүндө маалымат болгондо кайтарылып берилет. Алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктары мындай товарлар алып коюлган жактарга кайтарылып берилет.

5. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кармоолорду жүзөгө ашырган күндөн кийинки беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө тапшыруу жөнүндө кабарлоо бар тапшырык почта жөнөтүүсү менен ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын алуу мүмкүндүгү жөнүндө кабарлайт. Эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органы ушул жактарга маалыматты электрондук түрдө берүүнү кошуп алганда бир топ ыкчам байланыш каражаттары аркылуу кабарлоого мүмкүндүгү болсо, ал тапшырык катты жөнөтүү менен бир убакта эле мындай жолду колдонуп аларга кабарлайт.

6. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттардын кайтарылып берилүүгө тийиш калдыктарынын болушу жөнүндө кабарлоонун түрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

7. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын кайтаруу Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттар түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен декларанттын же ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды кармаган же алып койгон Кыргыз Республикасынын бажы органына берген арызы боюнча ишке ашырылат.

8. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын кайтарып берүү жөнүндө арыздын Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан кароосунун жалпы мөөнөтү Кыргыз Республикасынын бажы органы кайтарып берүү жөнүндө арызды каттаган күндөн тартып он жумуш күндөн ашпайт.

9. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын калдыктарын кайтарып берүү акча каражаттардын калдыктарын кайтарып берүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн, улуттук валютадагы эсепке чегерүү менен жүргүзүлөт.

10. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органына ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган мөөнөттө кармалган же алып коюлган товарларды сатуудан түшкөн акча каражаттардын калдыктарын кайтарып берүү тууралуу арыз келбегенде көрсөтүлгөн акча каражаттарынын талап кылынбаган суммасы мамлекеттик бюджеттин башка салыктык эмес алымдардын курамында эсепке алынат жана кайтарып берилүүгө жатпайт.

285-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн тескөөнүн өзгөчөлүктөрү

Асыл металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды, маданий баалуулуктарды, маркаланууга тийиш товарларды, баалуу кагаздарды, валюталык баалуулуктарды, жүгүртүүдөн алынган же Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүүсү чектелген башка товарларды тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

XI бөлүм. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу

55-глава. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануунун тартиби

286-берене. Даттанууга карата укук

1. Кайсы болбосун жак Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине), эгерде ушул жактын пикири боюнча, ушундай чечим, аракет (аракетсиздик) аркылуу анын укуктары жана эркиндиктери бузулса, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлсө же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлсө жана эгерде мындай чечим, аракет (аракетсиздик) ушул жактын таламдарын түздөн-түз козгосо, мындай чечимге, аракетке (аракетсиздикке) даттанууга укуктуу.

2. Жактардын даттануу укугу ушул главада  белгиленген тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.

3. Сотторго жөнөтүлүүчү даттанууларды берүү, кароонун жана чечүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталат.

287-берене. Даттануу берүүнүн тартиби

1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

2. Даттануу жогору турган органга түздөн-түз берилгенде бул орган чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан бажы органынан же даттануу берилген кызмат адамынан даттануу боюнча тастыктоочу материалдарды жана корутундуну сурап алат.

288-берене. Даттануу берүүнүн мөөнөтү

Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу үч айдын ичинде:

1) жакка анын укуктары менен эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөндүгү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлгөндүгү белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон күндөн тартып;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алууcу же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоосу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып.

Бажы органынын бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө талабына карата даттануу он күнгө чейинки мөөнөттө берилиши керек.

289-берене. Даттануу берүү үчүн мөөнөттү калыбына келтирүү

1. Даттануу берүү үчүн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча даттанууну карап чыгууга укуктуу орган тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү даттанууну карап чыгууга иш жүзүндө кабыл алуу аркылуу жүргүзүлөт. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө таризделет, ал кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.

290-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечими, аракети (аракетсиздиги) даттанылып жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органынын аталышы же Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);

2) даттанууну берген жактын аты-жөнү же аталышы, ал жашаган жер же турган орду;

3) даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин же аракетсиздиктин маани-маңызы;

4) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечиминен, аракетинен (аракетсиздигинен) улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлдү деп жактын эсептешине негиз болгон жагдайлар.

3. Арыз ээси даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтерди жана маалыматтарды бербей кое алат. Эгерде мындай документтерди жана маалыматтарды берүү даттанууну карап чыгуу үчүн олуттуу мааниге ээ болсо жана кызмат адамынын же анын даттанылып жаткан чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) ушул документтери бажы органында жок болсо, ушул даттанууну  карап жаткан бажы органы аларды даттануу берген жактан сураганга укугу бар. Бул учурда бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздиги) тийиштүү даттанууну кароонун мөөнөтү бажы органы сурап жаткан жак документтерди жана маалыматтарды бергенге чейин, бирок ушул сурам жөнөтүлгөн күндөн баштап үч айдан ашык  эмес мөөнөткө токтотулат. Бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалымдарды жак бербеген учурда көрсөтүлгөн даттануу боюнча чечим далилдегенге документтер жана маалыматтар берилбеген далилдерди эсепке албастан кабыл алынат.

291-берене. Даттануунун натыйжасы

Даттануу берүү, даттанууну караган орган даттанылган чечим же аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келбейт деп эсептөөгө толук негиз болгон учурду кошпогондо,  даттанылган чечимди же аракетти аткарууну токтото турбайт. Жогоруда аталган учурда даттанылган чечимди же аракетти аткаруу толугу менен же жарым-жартылай токтотула турушу мүмкүн.

292-берене. Даттанууну карап чыгууга кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер

1. Кыргыз Республикасынын Бажы органы Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) тийиштүү даттанууларды маани-маңызы боюнча карап чыгуудан төмөнкү учурларда баш тартат:

1) эгерде даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана жак өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылбаса же өтүп кеткен мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү тууралу арыз четке кагылган болсо;

2) эгерде ушул Мыйзамдын 290-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптар сакталбаса;

3) эгерде жак ушуга окшош мазмундагы даттануу менен сотко кайрылса жана ушундай  даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же ал боюнча чечим чыгарылган болсо;

4) эгерде көрсөтүлгөн даттануунун предмети Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органга же Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органдын кызматкерине тиешеси болгон чечим, аракет (аракетсиздик) болсо;

5) эгерде даттануу ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген  тартипте аныкталбаган жак тарабынан берилсе;

6) эгерде даттануу даттанылган чечимдер, аракеттер (аракетсиздик) укугун, эркиндигин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон жак тарабынан берилсе;

7) эгерде даттануунун предмети Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын бажы ишинин чөйрөсүнүн чечими болуп саналбаган актысы (документи) болсо;

8) эгерде ушул Мыйзамдын 296-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын ушул эле бажы органы тарабынан ошол  эле арыз берүүчүгө карата жана даттануунун ошол эле предмети тууралуу чечим кабыл алынса;

9) эгерде даттануунун предмети жок болсо, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан чечим кабыл алуунун же аракеттерди (аракетсиздикти) ал жасоонун фактысы далилденбесе.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим, эгерде ушул Мыйзамда башкача көрсөтүлбөсө, көрсөтүлгөн даттануу келип түшкөн күндөн баштап беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 8, 9-пункттарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим ушуга окшош мазмундагы даттанууну кароого кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамаларын же даттанууну кароого тоскоол болгон негиздердин бар экендигин тастыктаган соттун чечимин же башка документтерди ушул даттанууну карап жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органы алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматтык адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууну маани-маңызы боюнча карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечими Кыргыз Республикасынын жогорку турган бажы органына же сотко даттанылышы мүмкүн.

293-берене. Даттанууну кайра алуу

1. Даттануу менен кайрылган жак даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин кандай убакта болбосун аны кайра ала алат.

2. Даттанууну ошол эле себеп боюнча кайтадан берүү ушул главада белгиленген мөөнөттөрдүн чектеринде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

56-глава. Даттанууну кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу

294-берене. Даттанууну кароочу орган

1. Кыргыз Республикасынын бажы органынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ал кызмат адамы кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан каралат, ал эми Кыргыз Республикасынын бажы органынын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата берилген даттануу жогору турган мамлекеттик орган тарабынан каралат.

2. Даттануу боюнча чечимди жогору турган органдын атынан бул органдын жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адам кабыл алат. Мында даттанууну карап чыгуу чечимди кабыл алган, аракетти (аракетсиздикти) жасаган кызматкер же ага карата төмөн турган кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес.

295-берене. Даттанууну кароонун мөөнөттөрү

Даттануу ал келип түшкөн күндөн, ал эми ушул Мыйзамдын 290-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда - даттанууда баяндалган жагдайларды ырастаган далилдер берилген күндөн тартып он төрт күндүн ичинде каралууга тийиш.

296-берене. Даттануу боюнча чечим

1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган орган:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимин, аракетин (аракетсиздигин) укук ченемдүү деп табат;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) толугу менен же жарым-жартылай укук ченемсиз деп табат.

2. Даттанылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) укук ченемсиз деп табылган учурда аны карап жаткан орган:

1) Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгарат;

2) Кыргыз Республикасынын бажы органы же анын кызматкери кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет же эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;

3) Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин аракетин (аракетсиздигин) укук ченемсиз деп табат жана жол берилген бузууларды жоюу максатында жасалууга тийиш болгон иш-аракеттердин чөйрөсүн аныктайт же эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.

21. Эгерде бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө бажы органы тарабынан коюлган талапка даттанууну кароо натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын жогору турган бажы органы коюлган талаптын укук ченемсиздиги жөнүндө чечим кабыл алган учурда, талап койгон бажы органы сот органдарынын чечими жок эле Кыргыз Республикасынын жогору турган бажы органы тарабынан чечимдин кабыл алынган күнүнөн он жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө талапты кайра артка алууну жүргүзөт.

3. Даттанууну карап жаткан жак Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын белгилерин тапканда бул кызматкерди мыйзамда белгиленген тартипте тартип  жоопкерчилигине тартуу боюнча чараларды көрөт.

4. Ушул Мыйзамдын 290-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын же анын кызматкеринин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу менен кайрылган жакка даттанууну кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү жөнөтүлөт, ошондой эле ага даттануунун тартиби түшүндүрүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул беренеге ылайык кабыл алынган даттанууну карап чыгуусунун жыйынтыгы менен макул болбогон жак кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде тиешелүү сот органына даттанууга укуктуу.

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

57-глава Корутунду жоболор

297-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга жана башка жактарга тийиштүү жагындагы өткөөл жоболор

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

298-берене. Бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүнө тийиштүү жагындагы өткөөл жоболор

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

299-берене. Товарлардын жана бажылык жол-жобосунун статусу жагындагы өткөөл жоболор

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

300-берене. Товарларды эл аралык ташуунун транспорттук каражаттары жагындагы өткөөл жоболор

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

301-берене. Автотранспорттук каражаттар жагындагы өткөөл жоболор

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

302-берене. Жеке колдонуу үчүн автомобилдердин статусу жагындагы өткөөл жоболор

(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

303-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 2004-жылдын 12-июлу, № 87 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-жыл, № 5, 420-бер.);

2) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 12-июлундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-жыл, № 5, 420-бер.);

3) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 19-июлундагы № 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-жыл, № 7, 593-бер.);

4) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-жыл, № 3, 236-бер.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 87 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 5, 462-бер.);

6) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 6/2, 660-бер.);

7) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 25-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 1, 17-бер.);

8) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 86 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 3, 217-бер.);

9) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 3, 221-бер.);

10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-жыл, № 2, 82-бер.);

11) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 124 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-жыл, № 7, 1027-бер.);

12) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-жыл, № 11, 1697-бер.);

13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 10-январындагы № 1 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 1, 1-бер.);

14) "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 112 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 7, 899-бер.);

15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-жыл, № 10, 1125-бер.).

304-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев