Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\78c7e5ae-a09a-46c0-a04e-23c34f5adae9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 24-январы № 25

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

1. 112-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту "соода" деген сөздөн кийин "жана курорттук-ден соолукту чыңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;

2. 120-беренеде:

2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) атайын салык режимин колдонуп жаткан ишкердик субъекттери менен бүтүмдөрдө.";

2) 3-бөлүк "рыноктук баадан" деген сөздөрдөн кийин "20 пайыздан ашык" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 37 жана 38-пункттар менен толукталсын:

"37) "Турак-жайларды куруучу" - турак-жай курулмаларынын курулушун жүзөгө ашыруучу уюм жана/же жеке ишкер.

38) "Курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекти" - тигил же бул тиричилик, транспорттук, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү менен эс алуучуларды кабыл алуу жана убактылуу жашоо үчүн жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюм же жеке ишкер. Санаториялык, санаториялык-курорттук мекемелер, оюн-зоок, спорт жана эс алуу үйлөрү жана базалары, профилакторийлер, мейман үйлөрү, пансионаттар, кемпингдер жана ушундай багыттагы башка мекемелер, ошондой эле ушундай максатта пайдаланылуучу жеке үйлөр жана алардын бөлүктөрү салык салуу максатында ушундай субъекттер деп таанылат.".

4. 359-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттерине.".

5. 367-беренеде:

8-пункт "коомдук тамактануу" деген сөздөрдөн кийин ", курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн жана турак жайларды куруучулардын" деген сөздөр менен толукталсын;

9-пункт "коомдук тамактануу" деген сөздөрдөн кийин "жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 368-беренеде:

экинчи абзацы "коомдук тамактануу" деген сөздөрдөн кийин "жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Салык контрагынын негизинде салык төлөөгө өтүүчү турак жайларды куруучулар үчүн ушул Кодекстин 369-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган мезгил салык мезгили болуп саналат.".

7. 369-беренеде:

1-бөлүктө:

биринчи абзацы "ниеттенген салык төлөөчү," деген сөздөрдөн кийин "турак-жайларды куруучуларды копшогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацы "коомдук тамактануу" деген сөздөрдөн кийин "жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Салык органдары менен салыштыруу актысына ылайык салык милдеттемелерин ар жыл сайын тактоо менен турак-жай курулмаларынын ар бир объекти боюнча өзүнчө ырааттуу 36 айдан ашпаган мөөнөткө турак-жайларды куруучулар менен контракт түзүлөт.";

берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Турак-жай куруучулар календардык жыл ичинде контракттын негизинде салык төлөөнүн режимин колдонууга, ошондой эле контракт түзүүгө жана кайра түзүүгө укуктуу.".

8. 370-беренеде:

2-бөлүктө "Коомдук тамактануу субъектиси" деген сөздөр "Коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Турак-жай куруучулар үчүн салыктык милдеттенменин суммасы турак-жайлардын жалпы сатылуучу аянты боюнча аныкталат.

Турак-жай куруучулар үчүн контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:

СС = А х Бс х Зк, мында:

СС - контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасы;

А - турак-жайдын жалпы сатылуучу аянты чарчы метр менен;

Бс - бир чарчы метр үчүн 900 сомго барабар белгиленген салык ставкасы;

Зк - жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленүүчү зоналык коэффициент.";

3) 3-бөлүк "кайра түзгөндө," деген сөздөрдөн кийин "турак-жай куруучуларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.".

9. 371-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"371-берене. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салык отчеттуулугу

1. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу контракттын шарттарында белгиленген өлчөмдөрдө, ар бир айдын 15 числосунан кийинки күнгө чейин ай сайын жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, турак-жай куруучуларынын иши боюнча контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу бирдей үлүштөр менен ай сайын жүзөгө ашырылат:

1) биринчи ырааттуу 12 айдын ичинде - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө;

2) кийинки ырааттуу 12 айдын ичинде - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө.

Турак-жай куруучулар контракт боюнча салыктык милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

3. Контракт түзгөн салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык декларациясын, анын ичинде милдеттенмелер контракттын негизинде жүзөгө ашырылуучу иштер боюнча салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                

 

А. Атамбаев