ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 17-февралы № 34
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
52-берененин 2-бөлүгүндө:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;";
12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-статьяда:
1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде.".
3-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 24-берененин 2-бөлүгүндө:
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;";
10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 31-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту "мыйзамдарда" деген сөздөн мурда "фракциядан чыккан учурду кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж, № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
20-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:
"19-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;''.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
| ||
|
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев | ||