Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-июлунан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8f3d0b49-7e37-48de-82ea-c705d5b9c618\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 2015-жылдын 13-марты № 57

"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

''Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу мыйзамдар

Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү тутумун Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.".

2. 4-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Соттук аткаруучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде (мындан ары - Сот департаменти) турат.".

3. 11-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сот актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка органдарынын актыларын аткаруу чыгымдар сметасынын чектеринде Судьялар кеңеши менен макулдашуу боюнча Сот департаментинин директорунун сунуштамасы боюнча саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан аныкталган соттук аткаруучуларга жүктөлөт.".

4. 12-статьянын 3-пунктунун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучунун башка укуктарына жана милдеттерине ээ.".

5. 33-статьяда:

3-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аткаруу иш-аракеттери ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан тышкары жумуш күндөрү саат 6дан 22ге чейин жүргүзүлөт.";

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Карызкор өндүрүп алынууга жаткан мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, создуктурулган учурда сот актыларынын же башка органдардын актыларынын аткарылышын кыйындатат же мүмкүн эмес кылып коюшу ыктымал деп болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо же болбосо карызкордун күнөөсү боюнча аларды ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген убакта жасоо мүмкүн болбогондо, соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун же областтын башкы соттук аткаруучусунун уруксаты менен аткаруу аракеттерин дем алыш же майрам күндөрү жана түнкү убакытта да жүргүзөт.".

6. 45-статьянын 1-пунктунда "аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындап же адисти тарта алат," деген сөздөр "аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт же адисти тартат," деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 47-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"47-статья. Аткаруу документтерин камсыз кылуу негиздери

Карызкор мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, сот актыларынын же башка органдардын актыларынын аткарылышын кыйындатат же мүмкүн эмес кылып коюшу ыктымал дел болжолдоого негиз берүүчү жагдайлар болгондо, ошондой эле өндүрүп алуучунун арызы боюнча соттук аткаруучу аткаруу иш-аракеттерин жасоону камсыз кылууга карата чараларды көрүүгө милдеттүү.".

8. 65-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Карызкордун камак салынган мүлкүн сатуу ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурдан тышкары, мүлктүн турган жери боюнча жүргүзүлөт.".

9. 81-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Карызкор кийин дагы аткаруу документин аткарбаганда, ага карата ушул статьянын 4-пунктунда каралган чаралар кайра колдонулат жана аткаруу үчүн жаңы мөөнөт дайындалат же болбосо аткаруу документин аткарбагандыгы тууралуу материалдар тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.".

10. 91-статьянын 4-пунктунда "эң аз айлык эмгек акынын 25 өлчөмүнөн" деген сөздөр "эмгекке акы төлөөнүн эң аз 25 өлчөмүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 96-статьядагы "Кыргыз Республикасы ратификациялаган тиешелүү эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Ш.Атамбаев