Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\dbd58b82-12e6-41fd-a26a-06e6696ac388\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2013-жылдын 12-марты ПБ № 36

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 20-июнундагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча 2013-2014-жылдарга тиркелген аракеттенүү Планы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы ушул буйруктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

3. Планды жүзөгө ашырууга тартылган мамлекеттик органдар Планды аткарууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына көмөк көрсөтсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын
               Президенти

 

А.Атамбаев

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2013-жылдын
12-мартындагы ПБ № 36 буйругу
менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 20-июнундагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик кызматты модернизациялоо Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча 2013-2014-жылдарга иш-аракеттенүү
ПЛАНЫ

 

к /к

Негизги иш-чаралар

Натыйжалар/ продуктылар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

1. Мамлекеттик башкаруу системасын жана муниципалдык кызматты модернизациялоо

1

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты уюштуруу жана өтөө маселелерин жөнгө салуучу Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

2013-жылдын

III кварталы

МКК

2

Төмөнкүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматын (МКК) өнүктүрүү Стратегиясын;

- Стратегияны жүзөгө ашыруу Планын

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору

2013-жылдын

II кварталы

МКК

3

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты уюштуруу жана өтөө маселелерин жөнгө салуучу иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуу жүргүзүү

коомдук угуулар, семинарлар, тегерек столдор

2013-жылдын

II жана

III кварталдары

МКК, мамлекеттик органдар, КТРК (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар жана фонддор (макулдашуу боюнча)

4

МККнын тестирлөө Борборун Мамлекеттик ишканага өзгөртүп кайра түзүүнүн жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды тестирлөөнүн райондук (райондор аралык) борборлорун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу талдоо кат даярдоо

талдоо кат

2013-жылдын

III кварталы

МКК

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын классификациясын өркүндөтүү

5

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрлеринин долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору

2013-жылдын

II кварталы

МКК

6

Төмөнкүлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары үчүн типтүү квалификациялык талаптарды;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары үчүн кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу боюнча усулдук көрсөтмөнү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору

2013-жылдын

II кварталы

МКК, ЮМ, ФМ, ЭӨМ,

7

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн квалификациялык талаптарды жана кызматтык нускамаларды иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча окутууну өткөрүү

статс-катчылар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык жана юридикалык кызматтар үчүн семинарлар

Өкмөттүн токтому кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде

МКК, статс-катчылар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары

8

Мамлекеттик кызматты кызмат орундарынын жаңы системасына өткөрүү боюнча иш аракеттердин Планын иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору

2013-жылдын

IV кварталы

МКК, ЮМ, ФМ, ЭЖжММ

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын иштерине баа берүү системасын киргизүү, дем берүү жана эмгекке акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү

9

Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү:

- Мамлекеттик кызматчылардын иштерине баа берүү жөнүндө жобону;

- Муниципалдык кызматчылардын иштерине баа берүү жөнүндө жобону;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоонун тартиби жөнүндө жобону

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору

2013-жылдын

II кварталы

МКК

10

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоо ыкмасын киргизүү маселелери боюнча окутууларды өткөрүү

статс-катчылар, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык жана юридикалык кызматтары үчүн семинарлар

бекитилгенден кийин эки айдын ичинде

МКК, статс-катчылар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары

11

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга баа берүү системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү

Талдоо маалымдамасы

жыл сайын, 2014-жылдан баштап I кварталдын ичинде

МКК, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

12

Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөө системасын реформалоо Стратегиясынын долбоорун;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөө системасын реформалоо Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын;

- Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн жаңы шарттарын (эмгекке акы төлөө торчосу)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору

2013-жылдын

II кварталы

МКК, ФМ, ЮМ, ЭӨМ, ЭЖжММ

13

Эмгекке акы төлөөнүн жаңы системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү

Эмгекке акы төлөөнүн жаңы системасын колдонуудагы жетишкендиктер жана проблемалар жөнүндө отчет

Киргизилгенден кийинки 6 айдын ичинде

МКК, ФМ, ЭӨМ, ЭЖжММ

4. Статс-катчылардын функцияларын жана статусун оптималдаштыруу

14

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын статс-катчылары жөнүндө Жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору

2013-жылдын

II кварталы

МКК

15

Мамлекеттик органдардын статс-катчыларын кызматтык милдеттерге окутууларды өткөрүү

окутуу программасы, семинарлар

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде

МКК, Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы

16

(2013-2017-жылдар мезгилине КР туруктуу өнүктүрүү Стратегиясына ылайык) мамлекеттик органдардын стратегиялык пландарын жана статс-катчыларынын иш пландарын иштеп чыгуу

статс-катчылардын иш пландары,

мамлекеттик органдардын стратегиялык пландары

2013-жылдын

III кварталы

статс-катчылар

17

Статс-катчыларды аттестациялоо

аттестациялоо, статс-катчыларды дайындоо жөнүндө Премьер-минис- трдин чечиминин долбоору

2013-2014-жылдардын жыйынтыгы боюнча

МКК, Мамкызмат боюнча кеңеш

5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта коррупцияга каршы механизмдерди жана моралдык-этикалык аспекттерди киргизүү

18

Саясый, атайын жана администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды өз убагында эмес, толук эмес жана туура эмес бергендиги үчүн жоопкерчиликти күчөтүү механизмдери боюнча сунушту иштеп чыгуу жана кароого киргизүү

ченемдик-укуктук актылардын долбоорлору

2013-жылдын

II кварталы

ЮМ, МКК, МСК, МИ, ИИМ, МБК, МКатК, ФЧМК, МКатК жана ӨФ

19

"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

1-беренесинде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын 2012-жыл үчүн декларацияларына талдоо жүргүзүү

Маалыматтык маалымдама, толук талдоонун натыйжалары жөнүндө корутунду

2013-2014-жылдардын жыйынтыгы боюнча

МКК, ЮМ, ИИМ, МСК, Мамкаттоо кызматы, ФЧМК, МКатК жана ӨФ

20

Мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес уюмдардан жана жеке жактардан мамлекеттик кызматчылардын жана алардын жакын тууган-туушкандарынын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүшү жөнүндө ЖМКлардан маалымат келип түшүүдө декларацияларга толук талдоо жүргүзүү

Суроо-талапка жооп, маалыматтык маалымдама

Келип түшүшүнө жараша жооп берүү, 2013-2014- жылдардын жарым жылдыгынын натыйжалары боюнча - маалыматтык маалымдама

МКК, ЮМ, ИИМ, МСК, Мамкаттоо кызматы, ФЧМК, МКатК жана ӨФ, МИ

21

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин иштеп чыгуу

Кодекстин долбоору

2014-жылдын I кварталы

МКК, ЮМ

22

Этика боюнча комиссиялардын төрагаларын окутуу

Бишкек шаарында жана региондогу семинарлар

Кыргыз Республикасынын Президентинин (атайын план боюнча) Жарлыгын кабыл алгандан кийин

МКК, МБА, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

23

Кызматчылардын моралдык баалуулуктарын, иштиктүү этикасынын ченемдерин ачып берген темада мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстарына окутуу программаларын киргизүү

Окутуу программалары, семинарлар

2013-жылдын II кварталы

МБА, МКК

24

Мамлекеттик пландарды жүзөгө ашыруу, финансылык ресурстарды пайдалануу, кадрдык иш, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү ж.б. маселелер боюнча мамлекеттик органдардын ишмердиги жөнүндө туруктуу жаңыланып туруучу маалыматтардан турган заманбап ведомстволук интернет-сайттарды түзүү

Жарандык коом үчүн жеткиликтүү ведомстволук интернет-сайт- тардын иштеши

2013-жылдын II кварталы

мамлекеттик органдар

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатуу

25

Төмөнкү долбоорлорду иштеп чыгуу жана кароого киргизүү:

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясы;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча План;

- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды тандап алуу боюнча жол-жоболор жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ жөнүндө Жобо;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүн максаттуу даярдоо жана мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО ишке орноштуруу программаларын окутууга тандап алуунун тартиби жөнүндө Жобо

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору

2013-жылдын II кварталы

МКК, ФМ, статс-катчыла- ры, МБА

26

Төмөнкү жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Планынын долбоорун иштеп чыгуу:

- 2013-жылга;

- 2014-жылга;

- 2015-жылга

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору

- 2013-жылдын I жарым жылдыгы;

- 2013-жылдын II жарым жылдыгы;

- 2014-жылдын II жарым жылдыгы

МКК, ФМ, статс-катчылар, ЖӨБО, МБА

27

Мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматчылардын Улуттук кадрлар резервин калыптандырууну уюштуруу

Улуттук кадрлар резерви

2013-жылдын II кварталы

МКК, статс-катчылар

28

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын жыйнагын чыгарууну уюштуруу

ченемдик-укуктук актылардын жыйнактары

Жылына бир жолудан кем эмес

МКК, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

7. Мамлекеттик кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын (АРБМС) киргизүү

29

Мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарына АРБМСты киргизүү

Киргизүү схемалары

2013-жылдын III кварталы

МКК, ФМ

30

Түпкү пайдалануучулар АРБМСты эксплуатациялоо жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору

2013-жылдын II кварталы

МКК, ФМ, ЭӨМ, ЮМ, GTAC Офиси (макулдашуу боюнча)

31

Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадр жана финансылык бөлүмчөлөрдүн кызматкерлеринин ичинен пайдалануучуларды окуудан өткөрүү

Пайдалануучуларды окутуу методологиясы

2013-жылдын II кварталы

МКК, мамлекеттик органдар

32

Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө АРБМСты киргизүү

Киргизүү пландары

2014-жылдын I жарым жылдыгы

МКК, ФМ, мамлекеттик органдар

33

Казначылыкты башкаруунун маалыматтык системасы менен АРБМСтын өз ара аракеттениши боюнча тестирлөө өткөрүү

Интеграциялык тестирлөөнүн отчету

2013-жылдын III кварталы

ФМ, МКК

34

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына АРБМСтын киргизүүнүн механизмдери жана мөөнөттөрү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу

Талдоо каты жана аракеттенүү Планынын долбоору

2014-жылдын I жарым жылдыгы

МКК, ФМ караштуу "Инфо-Система" МБ

 

Кыскартуулар:

МКК - Мамлекеттик кадр кызматы;

КТРК - Коомдук телерадио берүү корпорациясы;

ЮМ - Юстиция министрлиги;

ФМ - Финансы министрлиги;

ЭӨМ - Экономикалык өнүктүрүү министрлиги;

ЭЖжММ - Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги;

МСК - Мамлекеттик салык кызматы;

МБК - Мамлекеттик бажы кызматы;

ИИМ - Ички иштер министрлиги;

БП - Башкы прокуратура;

МКатК - Мамлекеттик каттоо кызматы;

ФЧМК - финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;

ФРЖСжКМК - финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл мамлекеттик кызматы;

МБА - Мамлекеттик башкаруу академиясы;

ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

АРБМС - адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасы.