|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26
токтомуна ылайык
КҮЧҮН
ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-июлу № 287-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу администрациялык-башкаруу жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу, ылайыкташтыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1 .Тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламенти;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругуна ылайык күчүн жоготту);
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентин иштеп чыгууда мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу ашыкча жол-жоболорду (иш-аракеттерди) оптималдаштыруу жана жоюу жөнүндө маселени карап чыксын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө ай сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчет берсин;
- ай сайын муниципалдык кызматтардын административдик регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине отчет берип турсун;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин ишке киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитип берүүсүнө жараша камсыздасын;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн маалымдоону жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентинин мазмунуна карата, анын ичинде веб-сайтта жайгаштыруу аркылуу жеткиликтүүлүгүн камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламентин иштеп чыгууда мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтсүн;
- администрациялык регламенттердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна белгиленген тартипте киргизүүнү уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 360-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
|
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |