Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

 

БУЙРУК

2017-жылдын 14-октябры № 289 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын Кыргыз Республикасынын жазык жана жарандык мыйзамдарын андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуучу негизги механизмдеринин бири катары бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу жагында ишке ашыруу, ошондой эле аны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында:

1. Жазык, жарандык жана экономикалык иштерди кароо  боюнча  бирдиктүү  соттук  практиканы  түзүү  процессин жана "Бузууларды, жосундарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик    реестри    жөнүндө"    Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жакшыртуу боюнча сунуштарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин айрым жоболорун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтор 1-3-тиркемелерге ылайык түзүлсүн,

2. 1 жана 2-тиркемелерге ылайык түзүлгөн эксперттик жумушчу топтор:

соттук практиканын материалдарына, анын ичинде региондордо судьялык жамааттардын өкүлдөрү менен көчмө жолугушууларды уюштуруу жолу менен талдоо жүргүзсүн;

- бирдиктүү соттук практиканы түзүү процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин кароосуна киргизсин.

3. 3-тиркемеге ылайык түзүлгөн эксперттик жумушчу топ "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана  "Бузууларды, жосундарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин кароосуна киргизсин.

4. Эксперттик жумушчу топтордун жетекчилерине белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктар берилсин:

- зарылчылыкка жараша башка эксперттик жумушчу топ менен ишти координациялап, эксперттик жумушчу топтун учурдагы ишин пландаштыруу жана уюштуруу,

- ишке министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды тартуу;

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана коомдук уюмдардан өз функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл маалыматты суроо.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмунө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Президентинин Аппаратынын

Жетекчиси

 

 А.Т.Усенов

 

1 -тиркеме

Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук практиканын

 материалдарын жеткире иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун курамы

 

Базаралиева Анархан Мамбетовна

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары, топтун жетекчиси;

 

Абдыкадыров Куралбек Амантаевич

 

Бишкек шаарынын Экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасы;

 

Аленкина Наталья Борисовна

 

адвокат, Кыргыз Республикасынын Эл аралык бейтарап сотунун арбитри;

 

Гутниченко Лариса Викторовна

 

отставкадагы судья;

 

Давлетов Айбек Абубакирович

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

 

Ипасова Назира Анарбековна

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо башкармалыгынын прокурору;

 

Калиева Гульбара Утюровна

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

 

Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович

 

Бишкек шаардык сотунун судьясы;

 

Кучерявый Станислав Анатольевич

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын соттордо прокурордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын бөлүмүнүн улук прокурору;

 

Рыбалкина Антонина Дмитриевна

 

Бишкек шаардык сотунун судьясы;

 

Сатаров Улан Мелисович

 

адвокат, «Сатаров, Аскаров жана Өнөктөштөр» юридикалык фирмасынын башкаруучу өнөктөшү;

 

Сопалиева Нуриса Турдалиевна

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзамдар менен иштөе, соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана Пленумдун ишин камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын жарандык иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо боюнча сектордун башчысы;

 

Сыдыгалиев Бактыбек Арленович

 

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;

 

Тилекеева Аида Мейманалиевна

 

отставкадагы судья;

 

Шералиев Саматбек Абдуллаевич

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзамдар менен иштөө, соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана Пленумдун ишин камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын административдик жана экономикалык    иштер боюнча соттук    практиканы жалпылоо боюнча сектордун башчысы;

 

Шеркулова Айсалкын Шеркуловна

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укук коргоо органдарынын жана соттук системанын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары башкармалыгынын башкы адиси.

 

 

2-тиркеме

Жазык иштери боюнча соттук практиканын материалдарын

 жеткире иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун  курамы

 

Эсенканов Качыке

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун терагасынын орун басары, топтун жетекчиси;

 

Абиев Серик Кекенович

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөе башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги;

 

Акылбеков Тариэль Назирдинович

 

Чүй облустук сотунун судьясынын жардамчысы;

 

 

Алмаз уулу Дуйшен

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын жардамчысы;

 

Апаитова Кадича Апаитовна

 

отставкадагы судья;

 

Архарова Кымбат Кадыровна

 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы;

 

Астаркулов Данияр Шаршенбекович

 

Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы;

 

Бектурсунов Арстанбек Аскарбекович

 

Бишкек шаардык сотунун судьясынын жардамчысы;

 

Воронцова Ирина Николаевна

 

Бишкек шаардык сотунун төрагасы;

 

Жолдошев Нурлан Шарипжанович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекциясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

 

Камчыбеков Шерали Равшанбекович

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы;

 

Кулжабаев Марат Жусупович

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана ченемдик-укуктук актыларды экспертизалоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

 

Мамбетакунов Абаз Мусабекович

 

адвокат;

Молдакунов Айбек Карыбекович

 

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы;

 

Осмонкулов Маратбек Аскарович

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жетекчиси;

 

Сабырбеков Максат Джумабекович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөе башкармалыгынын экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмүнүн начальниги;

 

Сманалиев Кынатбек Мойнокович

 

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы;

 

Сыдыкова Лейла Чынтургановна

 

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору;

 

Термечикова Бактыгуль Урустенбекова

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мыйзамдар менен иштөө, соттук практиканы жалпылоо, соттук статистиканы талдоо жана Пленумдун ишин камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын жазык иштери боюнча соттук практиканы жалпылоо боюнча сектордун башчысы;

 

Тойгонбаев Асанбек Рафикович

 

Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун төрагасы;

 

Утемисов Нурлан Касымкулович

Кыргыз   Республикасынын Ички иштер    министрлигинин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары;

 

Хилоу Харки Ширович

 

адвокат;

Шукурбеков Азизбек Шарипович

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын соттордогу прокурордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын улук прокурору;

 

Эралиева Расия Идирисовна

 

отставкадагы судья.

 

 

3-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

өзгөртүүлөрдү киргизуү жөнүндө" жана "Бузууларды, жосундарды

 жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө

" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу

боюнча эксперттик жумушчу топтун курамы

 

Сманалиев Кынатбек Мойнокович

 Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы, топтун жетекчиси;

 

 

Жолдошев Нурлан Шарипжанович

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекциясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

 

Кулбаев Аслан Касымалиевич

 

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин деканынын орун басары;

 

Кулжабаев Марат Жусупович

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды экспертизалоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

 

Момуналиев Адис Жолдошбекович

 

Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;

 

Сыдыкова Лейла Чынтургановна

 

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору;

 

Сулайманова Назгуль Назарбековна

 

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы;

 

Усубалиев Азизбек Зымчыбекович

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын начальниги.