Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3c99206c-5bb2-4cc8-b329-7aea3c15f420\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 204 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

2017-жылдын 29-ноябры № 544-б

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө актуалдуу маалымат менен банктарды, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды, нотариалдык контораларды жана жеке нотариустарды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук сервиси аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматты банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, кредиттик бюролорго, төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга берүү боюнча пилоттук долбоорду 2017-жылдын 1-декабрынан тартып 2019-жылдын 1-декабрына чейин жүргүзсүн;

- ушул пункттун экинчи абзацында аталган кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөөлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен белгиленген тартипте макулдашсын;

- пилоттук долбоор жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү ишке ашырылса, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирге ушул пункттун экинчи абзацында аталган кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга киришсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 421-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен алынган маалыматты берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Дж.Исаков