ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-декабры № 543-б
Кыргыз Республикасынын адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү кабыл алган милдеттенмелерине, ошондой эле Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткарууга ылайык:
1. 2011-2015-жылдар мезгилинде Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын сегизинчи, тогузунчу жана онунчу бириктирилген мезгилдүү баяндамалары жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган баяндамаларды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
Премьер-министр |
С.Ш. Жээнбеков |