Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 69-б 2020-жылдын 24-декабры № 405-б буйругунун редакциясына ылайык)

2019-жылдын 2-июлу № 245-б

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен жактырылган "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасынын" аткарылышын координациялоочу республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- чечимдер Республикалык штабдын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыкканда Республикалык штабдын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат;

- Республикалык штабдын чечими протокол менен таризделет.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, башка мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Республикалык штабдын баардык чечимдерин милдеттүү түрдө аткарышсын;

- Республикалык штабга облустар, райондор, шаарлар боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу ай сайын маалымат беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, башка мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) өз компетенциясынын чегинде Республикалык штабдын чечимдерин аткарууга жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

5. Республикалык штабга төмөнкүдөй укуктар белгиленген тартипте берилсин:

- зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин адистерин ишке тартууга, коюлган маселелерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;

- өзүнүн чечими менен "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралар планын, Республикалык штабдын жана эксперттик (жумушчу) топтордун иши жөнүндө жобону бекитүүгө.

6. Республикалык штабдын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 69-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 20-б буйругу менен бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча "жол картасынын" аткарылышын координациялоочу республикалык штабдын
КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 69-б 2020-жылдын 24-декабры № 405-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кызмат орду боюнча:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Республикалык штабдын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча), Республикалык штабдын тең төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;

(абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 405-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Республикалык штабдын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын маалыматтык технологиялар тармагын тейлеген орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн санариптик трансформация секторунун башчысы.

(абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-декабрындагы № 405-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-мартындагы № 69-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Жекече:

Садыркулова Айжан - Кыргыз Республикасынын Медетовна Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча)(*).

Эскертүү:

(*) Эгерде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан бошогондугуна байланыштуу анын милдеттери ушул кызматка жаңы дайындалган адамга өтөт.