Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2021-жылдын 10-марты № 55-б

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ (мындан ары - ведомстволор аралык эксперттик топ) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Ведомстволор аралык эксперттик топ:

1) укук тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, зарылдык, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгү, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзсүн, анын жыйынтыгы боюнча аныкталган шайкеш келбөөчүлүктөрдү жоюуга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарынын чектелишине жол бербөөгө багытталган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;

2) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишинин регламентин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүүнүн критерийлерин (мындан ары - критерийлер) бекитсин;

3) мыйзамдардын критерийлерге ылайык келүүсүнө баалоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй шарттарды кароочу мыйзамдардын үч тизмесин даярдасын жана жактырсын:

- критерийлерге ылайык келген жана кайра кароону талап кылбаган;

- критерийлерге ылайык келүүсүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган;

- критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту деп таануу жолу менен колдонууну токтотууга сунушталган;

4) 2021-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мыйзамдардын жактырылган тизмелерин киргизсин;

5) 2021-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө";

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

6) ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин камсыздоо жана аны кеңири чагылдыруу боюнча чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

21. Ведомстволор аралык эксперттик топтун иш-планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

3. Ведомстволор аралык эксперттик топтун катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга;

- ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин камсыздоо максатында эксперттик топчолорду түзүүгө, алардын милдеттерин жана ишинин багыттарын аныктоого;

- мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жапа алууга;

- тармактык мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ишти талаптагыдай уюштурбагандыгы, ушул тескеменин 2-пунктунда белгиленген мөөнөтүнөн кечиктиргени үчүн аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүүгө.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

5. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрү ушул буйруктун 2-пунктунда белгиленген милдеттерди чечүүгө багытталган сунуштарды даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы;

- ведомстволор аралык эксперттик топтун курамына кызмат орду боюнча кирген мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнүн ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте жетекчинин орун басарына өткөрүп берүүгө укуктуу экендиги. Тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилет;

- аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери:

мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоого активдүү катышуусун камсыздашат жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоого байланышкан маселелерди чечүүдө ар тараптан жардам көрсөтүшөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана аны жүргүзүүнүн механизмдери жөнүндө калкты жана жарандык коомдун өкүлдөрүн маалымдоо боюнча чараларды көрүшөт;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун жүрүшү жөнүндө ай сайын маалымат берип турушат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

6. Ведомстволор аралык эксперттик топтун жетекчилери өздөрүнүн эксперттик топторун жай, жабдуу жана башка керектүү техникалык жабдыктар менен камсыз кылышсын.

7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмү менен биргеликте ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин техникалык жана финансылык колдоо жөнүндө маселени эл аралык уюмдар менен иштеп чыксын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү ведомстволор аралык эксперттик топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, керектүү документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

У.Марипов

 

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун
КУРАМЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Жапаров Акылбек Усенбекович

-

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы

Чынбаева Асель Рыспековна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасынын орун басары.

1. Мамлекеттик түзүлүштүн негиздери жана эл аралык
мамилелер боюнча эксперттик топ

Аскарова Зарема Аликовна

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, эксперттик топтун жетекчиси;

Керезбеков Канат Керезбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Казакбаев Руслан Айтбаевич

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Мойдинов Исламбек Жанышович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Колопов Илияс Сексенбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Курманбаева Аида Маратовна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Убышева Аяна Абдысабитовна

-

"Мыйзамдарды өнүктүрүү борбору" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Мусабекова Чынара Абдыбакасовна

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);

Раимкулов Билим Сардалбекович

-

Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Маматкеримова Гульмира Рысбековна

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Сатаров Улан Мелисович

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Тенизбаев Бектур Алматаевич

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Джаркынбаев Аязбек Доолосбекович

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Ызакова Сайра Темирбековна

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын начальниги.

2. Сот адилеттиги жана укук коргоо системасы
маселелери боюнча эксперттик топ

Ниязбеков Улан Омоканович

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, эксперттик топтун төрагасы;

Никитенко Наталья Владимировна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Бекешев Дастан Далабайевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кульматова Дилбар Сабировна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);

Молдокматов Абай Молдокматович

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Жоробаев Учкунбек Имамалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти (макулдашуу боюнча);

Айдарбекова Чынара Аскарбековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын экс-судьясы (макулдашуу боюнча);

Сыдыкова Лейла Чынтургановна

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору (макулдашуу боюнча);

Кулбаев Аслан Касымалиевич

-

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин доценти (макулдашуу боюнча);

Сапарбаев Батыр Кененсариевич

-

Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперти (макулдашуу боюнча);

Какеев Искендер Бакытович

-

"Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча);

Арзыматов Женишбек Нуретович

-

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын өкүлү (макулдашуу боюнча).

3. Социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, эмгек, билим берүү, илим,
маданият жана спорт маселелери боюнча эксперттик топ

Бейшеналиев Алымкадыр Сабирдинович

-

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри, эксперттик топтун жетекчиси;

Молдобекова Гулкан Сакиновна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Купешев Болотбек Дукешович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Асаналиева Ширин Аскарбековна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

Жумакеев Азамат Бердалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

Кочкорбаева Зульфия Ирисовна

-

"Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

Мырзабеков Эрмек Кубанычбекович

-

"Кыргыз Республикасынын Туризм ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Турдубекова Назгуль Усеновна

-

"Баланын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Шейшекеева Гульнара Санташевна

-

"Укук борбору" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Заиченко Елена Семеновна

-

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Балдарды коргоо боюнча программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Турсунбаева Назира Сартбаевна

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);

Рысбекова Жыпариса Боронбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

4. Экономикалык жана финансылык маселелер боюнча
эксперттик топ

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары, эксперттик топтун жетекчиси;

Айдаров Салайдин Абдираевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Дюшеналиева Эльвира Самыйбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын укуктук колдоо жана экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси;

Давлетбаев Жанабиль Тургунбекович

-

Эл аралык ишкердик кеңешинин укуктук эксперти (макулдашуу боюнча);

Молдокулов Сабырбек Айдарканович

-

"Камсыздандыруучулардын кыргыз ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Омошов Жоодар Болотбекович

-

"ЖИА бизнес ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Мусаева Айжан Эркиновна

-

"Аймактарды изилдөө жана өнүктүрүү борбору" мекемесинин директору (макулдашуу боюнча);

Ташибеков Артур Ашимбекович

-

"Кыргызстандын рынокторунун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Ускенбаева Гульнара Тураровна

-

"Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Элебесов Аскар

-

"Кыргызстандын банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча);

Турдалиев Курманбек Абдыкеримович

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

-

Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри;

Абдыкалыков Жанузак Козубайевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы.

5. Транспорт, коммуникация, архитектура, курулуш, энергетика,
өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана санариптештирүү
маселелери боюнча эксперттик топ

Абдралиева Гулмира Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, эксперттик топтун жетекчиси;

Рыспаев Кожобек Джайчыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Мавлянова Махабат Эргешовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Турдубаев Кубанычбек Апышевич

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Калманбетов Уланбек Кыдыкович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Туратбек уулу Акылбек

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

Акматов Сталбек Темирбекович

-

"Кыргыз Республикасынын Зергерлер жана ишкерлер союзу" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Ибраев Кубан Сагынович

-

"Энергетика комплексинин ишкерлер союзу" юридикалык жактар бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Идрисов Ноокатбек Абдыбапович

-

"Коммерциялык эмес укук эл аралык борбору" жоопкерчилиги чектелген компаниянын өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча);

Мамбеталиева Таттугул Эмилбековна

-

"Интернет саясатынын элдик демилгеси" ("ИСЭД")" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Алымбаев Нурлан Сатылканович

-

көз карандысыз эксперт;

Мамыров Кутман Омурзакович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;

Кененбаева Асель Автандилбековна

-

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Монолов Мирбек Кытайбекович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.

6. Айыл, суу чарбасы, региондорду өнүктүрүү жана
экология маселелери боюнча эксперттик топ

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович

-

Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри, эксперттик топтун жетекчиси;

Алимбеков Нурбек Каарыевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, эксперттик топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Ажикеев Бообек Эргешович

-

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Кудайбергенов Бактыбек Жапарович

-

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович

-

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Орозбаев Бектурган

-

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу" юридикалык жактар бирикмесинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Чекиров Асылбек Асаналиевич

-

мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);

Кадырова Айжан Суюндуковна

-

"Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча);

Кириленко Анна Васильевна

-

"БИОМ" жаштар экологиялык кыймылы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Мамытбеков Эдиль Калмакович

-

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Алымкулов Муктарбек Сатылганович

-

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.

Эскертүү: ээлеген кызмат ордунан бошогондугуна байланыштуу Ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөсү топтон чыккан учурда анын милдеттери бул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөт.

 

 

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун
ИШ ПЛАНЫ

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 48-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Иш-чаралардын аталышы

Ишке ашыруу формасы

Күтүлгөн натыйжалар

Аткаруу мөөнөтү

Каржылоо булагы

Жооптуу аткаруучулар

1

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү критерийлеринин негизинде мыйзамдарды талдоо жана баалоо

ЮМдин 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 57 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча методологиянын (мындан ары - методология) жана критерийлердин негизинде мыйзамдарды талдоо жана баалоо

Мыйзамдарды баалоонун формалары даярдалды жана толтурулду. Мыйзамдарды баалоо формаларынын негизинде мыйзамдардын үч тизмеси даярдалды:

1) критерийлерге ылайык келген жана кайра кароону талап кылбаган мыйзамдардын тизмеси;

2) критерийлерге ылайык келүүсү жагынан өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзамдардын тизмеси;

3) критерийлерге ылайык келбеген жана күчүн жоготту деп таануу жолу менен аларды колдонууну токтотууга сунушталган мыйзамдардын тизмеси

2021-жылдын 15-июлуна чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

ЮМдин 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 57 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топчолордун жетекчилери (мындан ары - жумушчу топчолордун жетекчилери)

2

Талдоонун жыйынтыгынын негизинде жумушчу топчолор даярдаган мыйзамдардын тизмелерин салыштырып текшерүү

Жумушчу топчолор даярдаган мыйзамдардын тизмелеринин критерийлерге жана методологияга ылайык келүүсүн талдоо

Мыйзамдарды баалоонун формалары жана мыйзамдардын тизмелери макулдашылды. Мыйзамдардын макулдашылган тизмелери ЮМдин сайтына жайгаштырылды

2021-жылдын 15-августуна чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

ЮМ, көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча), жумушчу топчолордун жетекчилери

3

Мыйзамдардын үч тизмесин жумушчу топчолордун жана ВЭТтин тармактык эксперттик топторунун жыйындарында кароо жана бекитүү

Жумушчу топчолордун жана ВЭТтин тармактык эксперттик топторунун жыйындары уюштурулду

1. Жумушчу топчолордун жыйындарында мыйзамдардын үч тизмеси жактырылды.

2. ВЭТтин тармактык эксперттик топторунун жыйындарында мыйзамдардын үч тизмеси жактырылды

2021-жылдын 25-августуна чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

Жумушчу топчолордун жетекчилери

4

ВЭТтин жыйынында мыйзамдардын үч тизмесин кароо жана бекитүү

Мыйзамдардын үч тизмесин кароо жана жактыруу үчүн ВЭТтин мүчөлөрүнүн жыйыны уюштурулду

1) Мыйзамдардын уч тизмеси жактырылды;

2) жумушчу топчолордун жетекчилерине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү пландарын даярдоо. бекитүү жана ЮМга киргизүү тапшырылды;

3) ЮМга критерийлерге жана методологияга ылайык келбеген мыйзамдарды күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоо тапшырылды

2021-жылдын 1-сентябрына чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

ЮМ, жумушчу топчолордун жетекчилери

5

Бекитилген иш пландардын негизинде баалоонун жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынган мыйзам долбоорлорун даярдоо

Мыйзам долбоорлорун жана коштоочу документтерди иштеп чыгуу (негиздеме маалым кат, салыштырма таблица, зарыл болсо жөнгө салуу таасирине талдоо)

Мыйзам долбоорлору даярдалды жана коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайтына жана ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылды

2021-жылдын 1-декабрына чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

Жумушчу топчолордун жетекчилери, көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча)

6

Критерийлерге ылайык келбеген мыйзамдарды күчүн жоготту деп табууну караган мыйзам долбоорун даярдоо

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу

Мыйзам долбоору иштелип чыкты жана коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сайтына жана ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылды

2021-жылдын 1-ноябрына чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

ЮМ, жумушчу топчолордун жетекчилери

7

Мыйзам долбоорлорун кароо жана жактыруу

ВЭТтин жыйынында төмөнкүдөй мыйзам долбоорлору каралды жана жактырылды:

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"

Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү үчүн жактырылды

2021-жылдын 20-декабрына чейин

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

ЮМ, жумушчу топчолордун жетекчилери

Кыскартуулардын тизмеси:

ВЭТ

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 55-б буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

ЧУА

-

ченемдик укуктук актылар.