Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2021-жылдын 15-марты № 167

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйынына катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын курамы (мындан ары - Өкмөттүк делегация) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Өкмөттүк делегация 2021-жылдын 15-18-мартында Тажикстан Республикасынын Гулистон шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн. 

 

Премьер-министр

У.А.Марипов

 

Тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын курамы

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси;

Борубаев Назирбек Нарматович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;

Канулькулов Марат Эдильевич

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Рустенбеков Джаныш Султанкулович

-

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси;

Мырзаев Абдулат Абдраимович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу;

Мамат уулу Чынгызбек

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары;

Алайчиев Бактыбек Болбурович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Тулаев Маруфхан Каримович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Молдоисаев Джаныбек Турдубекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;

Рустамов Улан Кошоевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальниги;

Назарали уулу Талант

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары - чек араны кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;

Урманбетов Бакытбек Дженалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тобунун кеңешчиси;

Кыштобаев Эрмек Карыбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин биринчи катчысы;

Абдураимов Бекназар Элмуратович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;

Мурзаев Абдималик Мурзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;

Кочкорбаев Сагын Абдумуталипович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;

Эргешов Абдиназар Мамытович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;

Толеев Ардак Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;

Мамаюсупов Исматила Абдуллаевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын директору;

Исираев Жусуп Тороевич

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору;

Маматназаров Ниязбек Абдимиталипович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай филиалынын директорунун милдетин аткаруучу.