Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\87004804-d3d5-4107-8565-bdaa4bb257ab\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 17-июну № 60

Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2003-жылдын 15-июлундагы № 150, 2003-жылдын 18-декабрындагы № 236, 2005-жылдын 8-июнундагы № 73, 2005-жылдын 4-июлундагы № 88, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула КР 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүнүн принциптери

1. Психиатриялык жардам берүү Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жарандардын психикалык саламаттыгын изилдөөнү, психикалык мандемдүүлүктү диагноздоону профилактикалоону, психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды дарылоону, багууну, медициналык - социалдык жактан реабилитациялоону камтыйт.

2. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарга писихиатриялык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилденет жана мыйзамдуулуктун, боорукерликтин, гумандуулуктун жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

 

11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети

Ушул Мыйзам калкка психиатриялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү укуктук, социалдык, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерди, ошондой эле аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктерин аныктайт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Ушул Мыйзамда каралган жарандардын укуктары жана аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө аларды сактоонун кепилдиктери мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларда чектелиши мүмкүн эмес.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу

1. Ушул Мыйзам психиатриялык жардам көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарына таандык болот жана республиканын аймагында психиатриялык жардам көрсөтүшкөн бардык мекемелерге жана адамдарга карата колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей эле ушул Мыйзамда белгиленген бардык укуктардан пайдаланышат.

4-статья. Психиатриялык жардам сурап кайрылуунун ыктыярдуулугу

1. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан бөлөктө, психиатриялык жардам адам өз ыктыяры менен кайрылганда же анын макулдугу менен көрсөтүлөт.

2. 18 жашка чейинки жашы жетпегенге, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамга психиатриялык жардам ушул Мыйзамда каралган тартипте, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен көрсөтүлөт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдардын укуктары

1. Психиатриялык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган жарандардын бардык укуктарына жана эркиндиктерине ээ болушат. Психиатриялык мандемдүүлүккө байланыштуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.

2. Психиатриялык мандемдүүлүктөн жабыркаган бардык адамдар, аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө төмөндөгүлөргө:

- адамдын кадыр-баркын басынтууга жол бербеген урматтуу жана гумандуу мамилелерге;

- өздөрүнүн укуктары жөнүндө маалымат алууга, ошондой эле алар үчүн түшүнүктүү түрдө жана алардын психикалык абалын эске алуу менен өздөрүнүн психикалык мандемдүүлүгүнүн мүнөзү жана дарылоонун колдонулган усулдары жөнүндө маалымат алууга;

- мүмкүнчүлүгүнө жараша жашаган жеринде эң чектелген шарттарда психиатриялык жардам алууга;

- психиатриялык стационарда изилдөө жана дарылоо үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде гана кармалууга;

- зыяндуу болбосо медициналык абалы боюнча бардык түрлөрдө дарылануудан өтүүгө (анын ичинде санаториялык-курорттук);

- санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык шарттарда психиатриялык жардам көрсөтүүгө;

- медициналык каражаттар жана усулдар, илимий-изилдөө же окуу процессинин сыноо объектиси катары пайдаланууга алдын ала макулдук берүүгө жана кандай стадияда болсун андан, фото, видео же киного тартуудан баш тартууга;

- ушул Мыйзамда жөнгө салынган маселелер боюнча врачтар комиссиясында иштөө үчүн алардын талабы боюнча психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан кандай адис болбосун, ошол адистин макулдугу менен чакырууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адвокаттын, мыйзамдуу өкүлүнүн же башка адамдын жардамына укуктуу.

3. Социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин психиатриялык диагноздун, диспансердик байкоодо, болбосо психиатриялык стационарда, психоневрологиялык мекемеде тургандыгынын фактыларынын негизинде гана чектөөгө жол берилбейт. Мындай укук бузууларга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6-статья. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана коркунучтуулугу жогору ишти аткарууга чек коюу

1. Жаран психикалык мандемдүүлүгүнөн улам кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана коркунучтуулугу жогору ишти аткарууга убактылуу (беш жылдан ашпаган мөөнөткө жана кийин кайра каралуу укугу менен) жараксыз деп табылышы мүмкүн. Мындай чечим саламаттык сактоо органы ыйгарым укук берген врачтар комиссиясы тарабынан жарандын психикалык саламаттыгынын абалын баалоонун негизинде медициналык психиатриялык зыяндуулуктун тизмесине ылайык кабыл алынат. Врачтык комиссиясынын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана коркунучтуулугу жогору ишти жүзөгө ашыруу үчүн медициналык зыяндуулуктун тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мезгил-мезгили менен жыйналган тажрыйбаны жана илимий жетишкендиктерди эске алуу менен кайра каралып турат (беш жылда бир жолудан кем эмес).

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүлүп жаткан жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын өкүлү

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жаран өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзүнүн тандоосу боюнча өкүл чакырууга укуктуу. Өкүлдүктү каттап бекитүү Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. 18 жашка чейинки жашы жетпегендин жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө коргоону алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, асырап алгандары, камкорчулары), ал эми алар жок болгон учурларда психиатриялык стационардын, болбосо психоневрологиялык мекеменин администрациясы социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн жүзөгө ашырат.

3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону адвокат жүзөгө ашырышы мүмкүн. Адвокатты чакыруу жана анын кызматтары үчүн акы төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралат. Психиатриялык жардам көрсөткөн мекеменин администрациясы ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда жана 29-статьясында каралган кечиктирилгис учурлардан бөлөктө адвокатты чакыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө маалыматтарды талап кылууга тыюу салуу

Жарандын өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусунда анын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө маалыматтарды берүүнү, болбосо аны врач - психиатр карап чыгуусун талап кылууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда гана жол берилет.

9-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө врачтык сырды сактоо

Жарандын психикалык мандемдүүлүгүнүн бар экендиги, психиатриялык жардам сурап кайрылуу жана мындай жардам көрсөткөн мекемеде дарылануу фактылары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндөгү башка маалыматтар мыйзам тарабынан корголгон врачтык сыр болуп саналат. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн анын өтүнүчү боюнча же анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча аларга ошол адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө жана ага көрсөтүлгөн психиатриялык жардам жөнүндө маалыматтар түшүнүктүү түрдө жана оорулуунун психикалык абалын эске алуу менен берилиши мүмкүн.

10-статья. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыр тарткан адамдарды диагноздоо жана дарылоо

1. Психикалык мандемдүүлүктүн диагнозу жалпы таанылган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык коюлат жана жарандын коомдо кабыл алынган адептик, маданий, саясий же диний дөөлөт-нарктарга макул эместигине гана, болбосо анын психикалык саламаттыгынын абалына түздөн-түз байланышпаган башка себептерге негизделиши мүмкүн эмес.

2. Психикалык мандемлүүлүктөн жабыркаган адамдын диагнозун коюу жана дарылоо үчүн саламаттыкты сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берилген медициналык каражаттар жана усулдар колдонулат.

3. Медициналык каражаттар жана усулдар дарттуу мандемдүүлүктөрдүн мүнөзүнө ылайык диагнозун коюу жана дарылоо максаттарында гана колдонулат жана психикалык мандемдүүлүктөн жабыр тарткан адамды жазалоо үчүн же башка адамдардын кызыкчылыктарында пайдаланылууга тийиш эмес.

11-статья. Дарылоого макулдук берүү

1. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамды дарылоо ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан бөлөктө анын кат түрүндөгү макулдугу алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.

2. Врач психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга ал үчүн жеткиликтүү түрдө жана анын психикалык абалын эске алуу менен психикалык мандемдүүлүктүн мүнөзү жөнүндө, дарылоонун максаттары, усулдары, анын ичинде альтернативалык усулдары жана сунуш кылынган дарылоонун узактыгы жөнүндө, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдик, кошумча таасирлер жана күтүлгөн натыйжалар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Берилген маалымат жөнүндө медициналык документтерге жазылып коюлат.

3. 18 жашка чейинки жашы жетпегенди, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамды дарылоого макулдук, ушул статьянын 2-пунктунда каралган маалыматтар берилгенден кийин, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет.

4. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган негиздер боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулганда гана, ошондой эле ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча ыктыярдуу эмес госпиталдаштырууда жүргүзүлүшү мүмкүн. Кечиктирилгистен бөлөк, мындай учурларда дарылоо врач - психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча колдонулат.

5. Ушул статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга карата психикалык мандемдүүлүктөрдү дарылоо үчүн орду толгус натыйжаларды пайда кылуучу хирургиялык жана башка усулдарды колдонууга, ошондой эле медициналык каражаттарды жана усулдарды сыноо жүргүзүүгө жол берилбейт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Дарылоодон баш тартуу

1. Ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 4-пунктунда каралган учурлардан бөлөктө психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам же анын мыйзамдуу өкүлү сунуш кылынган дарылоодон баш тартууга же аны токтотууга укуктуу.

2. Дарылоодон баш тарткан адамга, болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө дарылоону токтотуунун мүмкүн болгон кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш. Дарылоодон баш тартуу, мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен медициналык документке жазылып, ага дарылоодон баш тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана врач-психиатрдын колдору коюлат.

13-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары

1. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган, коомдук коркунучтуу жосундар жасаган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза-процесстик кодекстеринде белгиленген негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими боюнча колдонулат.

2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары психиатриялык мекемелерде жүзөгө ашырылат. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылган адамдар, ушул Мыйзамдын 37-статьясында каралган укуктардан пайдаланышат. Алар психиатриялык стационарда болгон бардык мезгил ичинде эмгекке жарамсыз деп табылышат жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул алууга же жалпы негиздерде пенсия алууга укуктуу болушат.

14-статья. Соттук-психиатриялык экспертиза

Кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча соттук-психиатриялык экспертиза Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процесстик жана Жарандык процесстик кодекстеринде каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

15-статья. Жарандын аскер кызматчысы катары кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн психиатриялык текшерүү

Психикалык абалы боюнча жарандын аскер кызматчысы катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана улуттук коопсуздук органдарында, ички аскерлерде, темир жол аскерлеринде жана башка аскердик курамдарда кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө маселени чечүүдө, ички иштер органдарынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелери, баңги заттарды контролдоо боюнча органынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматы менен органдарынын башчыларын жана катардагыларын амбулаториялык жана стационардык текшерүүнүн негиздери жана тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2005-жылдын 8-июнундагы № 73, 2005-жылдын 4-июлундагы № 88, 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм
Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардам менен камсыздоо жана социалдык жактан коргоо

16-статья. Мамлекет тарабынан кепилденген психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун түрлөрү

1. Мамлекет тарабынан:

- кечиктирилгис психиатриялык жардам;

- ооруканадан тышкары жана стационардык шарттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен оорулардын тизмеси боюнча консультациялык-диагноздук, дарылоо, психикалык-профилактикалык, реабилитациялык жардам;

- психиатриялык экспертизанын бардык түрлөрү, убактылуу ишке жарамсыздыгын аныктоо;

- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарга социалдык-укуктук жардам жана ишке орноштурууга көмөктөшүү;

- камкордук маселелерин чечүү;

- психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелерде укуктук маселелер боюнча консультациялар жана юридикалык жардамдын башка түрлөрү;

- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана улгайган жарандарды социалдык-турмуштук жактан жайгаштыруу, ошондой эле аларды багуу;

- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жана жашы жетпегендерди окутуу;

- табигый кырсыктар жана кыйроолор учурунда психиатриялык жардам көрсөтүү кепилденет.

2. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардам жана аларды социалдык жактан коргоо менен камсыздоо үчүн мамлекет:

- ооруканадан тышкары жана стационардык жардам көрсөтүүчү мекемелердин бардык түрлөрүн, мүмкүн болушунча сыркоолордун жашаган жерлеринде түзөт;

- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган жашы жетпегендерге жалпы билим берүүнү жана кесиптик үйрөтүүнү уюштурат;

- эмгектик терапия үчүн дарылоо-өндүрүштүк ишканаларын түзөт, бул ишканаларда психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жаңы кесиптерге окутат жана ишке орноштурат, ошондой эле мындай адамдар үчүн эмгектин жеңилдетилген шарттары бар атайын өндүрүштөрдү, цехтерди же участокторду түзөт;

- калкты иш менен камсыз кылуу органдарынан бош кызматтар жана жумушчу орундары тууралу толук жана жаңы так маалыматтарды алат;

- ар кандай түрдөгү ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды ишке орноштуруу үчүн жумушчу орундарынын милдеттүү квоталарын белгилейт;

- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн жумушчу орундарын берген ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн экономикалык жактан колдоо усулдарын колдонот;

- социалдык байланыштарын жоготкон психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн жатаканалар түзөт;

- психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн зарыл болгон башка чараларды көрөт.

3. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун бардык түрлөрү менен камсыздоо мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын компетенцияларына ылайык тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды психиатриялык жардамдын жана социалдык коргоонун бардык түрлөрү менен камсыздоону берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырат.

(КР 2003-жылдын 15-июлундагы № 150, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-статья. Психиатриялык жардамды каржылоо

Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жана адамдардын ишин каржылоо республикалык бюджеттен, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан психиатриялык жардамдын кепилденген деңгээлин жана жогорку сапатын камсыздоочу өлчөмдөрдө каржыланат.

III бөлүм
Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелер жана адамдар. Медициналык кызматкерлердин жана башка адамдардын укуктары жана милдеттери

18-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелер жана адамдар

1. Психиатриялык жардамды мамлекеттик психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же буга лицензия алган жеке психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же жеке иштөөчү врач-психиатрлар көрсөтүшөт. Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча медициналык ишке лицензияларды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленет.

2. Психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же жекече иштеген врач-психиатрлар көрсөтүүчү психиатриялык жардамдын түрлөрү уставдык документтерде же лицензияларда көрсөтүлөт;

алар жөнүндө маалымат келгендер үчүн ачык болууга тийиш.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча ишке укуктуулук

1. Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча врачтык ишке: жогорку медициналык билим алган жана өзүнүн квалификациясын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ырастаган врач-психиатр (мындан ары врач-психиатр), врач-нарколог, врач-психотерапевт, врач-медициналык психолог укуктуу болот.

2. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан башка адистер жана медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте атайын даярдыктан өтүүгө жана психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар менен иштөө үчүн өзүнүн квалификациясын ырастоого тийиш.

20-статья. Медициналык кызматкерлер менен башка адистердин психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү укуктары жана милдеттери

1. Врач-психиатрдын, башка адистердин жана медициналык кызматкерлердин психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү кесиптик укуктары жана милдеттери саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленет.

2. Ыктыярсыз тартипте психикалык оорунун диагнозун коюу, психиатриялык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу же бул маселени кароо үчүн корутунду берүү врач-психиатрдын же врач-психиатрлардын комиссиясынын гана укугу болуп саналат.

3. Адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө башка адистиктеги врачтын корутундусу алдын ала мүнөздө болот жана анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө жөнүндөгү маселени чечүү үчүн, ошондой эле психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдар үчүн мыйзамда каралган жеңилдиктерди ага берүү үчүн негиз болуп саналбайт.

21-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдөгү врач-психиатрдын көз карандысыздыгы

1. Врач-психиатр психикалык жардам көрсөтүүдөгү өзүнүн чечимдеринде көз каранды эмес жана медициналык абалды, врачтык парзды жана мыйзамды гана жетекчиликке алат.

2. Ой-пикири врачтык комиссиянын чечимине туура келбеген врач-психиатр өзүнүн корутундусун берүүгө укуктуу, ал корутунду медициналык документтерге тиркелет.

22-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан врач-психиатрларга, башка адистерге, медициналык жана башка кызматкерлерге кепилдиктер жана жеңилдиктер берүү

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан врач-психиатрлар, башка адистер, медициналык жана башка кызматкерлер эмгектин өзгөчө шарттарында иштеген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдиктерди алууга укуктуу болушат, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда алардын саламаттыгына зыян келтирилген же өлгөн учурларга карата милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынышат.

2. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышкан адамдын саламаттыгына зыян келтирилип, ал анын эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготушуна алып келсе, ошондой эле майып болуп калса ага, ал эми ал өлгөн учурда анын мураскорлоруна келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте толтурулуп берилет.

IV бөлүм
Психиатриялык жардамдын түрлөрү жана аларды көрсөтүү тартиби

23-статья. Психиатриялык ырастоо

1. Психиатриялык ырастоо: текшерилип жаткан адамдын психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган - жабыркабагандыгын, анын психиатриялык жардамга муктаждыгын аныктоо үчүн, ошондой эле мындай жардамдын түрү жөнүндө маселени чечүү үчүн жүргүзүлөт.

2. Психиатриялык ырастоо, ошондой эле профилактикалык кароолор текшерилип жаткан адамдын өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жүргүзүлөт; 18 жашка чейинки жашы жетпегенге карата - ата-энесинин, же болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен; мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамга карата - анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жүргүзүлөт. Ата-энесинин бири каршы болгон, же болбосо ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү болбогон учурда, жашы жетпегенди карап ырастоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ал административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Психиатриялык ырастоону өткөргөн врач текшерилип жаткан адамга жана анын мыйзамдуу өкүлүнө ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурлардан бөлөктө өзүн психиатр катары тааныштырууга милдеттүү.

4. Адамды психиатриялык ырастоодон өткөрүү анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз, колдо болгон маалыматтар боюнча текшерилип жаткан адам анда психикалык оор мандемдүүлүктүн болушун болжолдоого негиздер берген аракеттерди жасап, мындай мандемдүүлүк:

- анын өзү үчүн же айлана-тегерегиндегилер үчүн түздөн-түз коркунучтуулугун, же

- анын карыптыгын, башкача айтканда турмуштук негизги керектөөлөрүн өз алдынча канааттандырууга жараксыздыгын, же

- эгерде адам психиатриялык жардамсыз калса, психикалык абалынын начарлашынан улам анын саламаттыгына олуттуу зыян келтиришин шарттаган учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Эгерде текшерилип жаткан адам ушул Мыйзамдын 27-статьясынын 1-пунктунда каралган негиздер боюнча диспансердик байкоодо болсо, адамды психиатриялык ырастоодон өткөрүү анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Психиатриялык ырастоонун маалыматтары жана текшерилип жаткан адамдын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө корутунду медициналык документте белгиленет, анда врач-психиатрга кайрылуунун себептери жана медициналык сунуштар да көрсөтүлөт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык ырастоодон өткөрүү

Ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4 жана 5-пункттарында каралган учурларда адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык ырастоодон өткөрүү жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан өз алдынча же соттун аныктамасы боюнча кабыл алынат.

25-статья. Адамды анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз психиатриялык ырастоодон өткөрүү жөнүндө арыз берүүнүн жана чечим кабыл алуунун тартиби

1. Адамды психиатриялык ырастоодон анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз өткөрүү жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 5-пунктунда каралган учурлардан бөлөктө ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда саналып өткөн, мындай ырастоо үчүн негиздердин бардыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган арыз боюнча врач-психиатр тарабынан кабыл алынат.

2. Арыз психиатриялык ырастоодон өтүүгө тийиш болгон адамдын туугандары, ар кандай медициналык адистеги врач, кызмат адамдары жана башка жарандар тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Алынган маалыматтар боюнча адам өзү же айлана-тегерегиндегилер үчүн түздөн-түз коркунуч туудурган кечиктирилгис учурларда, арыз оозеки түрүндө болушу мүмкүн. Психиатриялык ырастоо жөнүндө чечим врач-психиатр тарабынан дароо кабыл алынат жана медициналык документте жазылып коюлат.

4. Адам өзү же айлана-тегерегиндегилер үчүн түздөн-түз коркунуч келтирбесе, психиатриялык ырастоо жөнүндөгү арыз кат түрүндө болуп, мындай ырастоонун зарылдыгын негиздөөчү толук маалыматтарды жана адамдын, болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн врач-психиатрга кайрылуудан баш тартуусун көрсөтүүнү камтууга тийиш. Врач-психиатр чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Эгерде арызда ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда каралган жагдайлардын бардыгын айгинелөөчү маалыматтар жок болсо, врач-психиатр кат түрүндө психиатриялык ырастоодон жүйөлөштүрүлгөн түрдө баш тартат.

26-статья. Амбулаториялык психиатриялык жардамдын түрлөрү

1. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга амбулаториялык психиатриялык жардам медициналык абалына жараша консультациялык - дарылоо жардамы же диспансердик байкоо түрүндө көрсөтүлөт.

2. Консультациялык-дарылоо жардамы врач-психиатр тарабынан психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам өз алдынча кайрылганда анын өтүнүчү же макулдугу боюнча, ал эми 18 жашка чейинки жашы жетпегенге карата-ата-энесинин, болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен көрсөтүлөт.

3. Диспансердик байкоо ушул Мыйзамдын 27-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугуна карабай белгилениши мүмкүн жана врач-психиатр тарабынан адамдын психикалык саламаттыгынын абалына туруктуу кароолор өткөрүү жолу менен байкоо жүргүзүүнү жана ага зарыл медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүнү талап кылат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Диспансердик байкоо

1. Диспансердик байкоо оорусу катуу же тез-тез күчөп турган өнөкөт жана узакка созулган психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамга карата белгилениши мүмкүн.

2. Диспансердик байкоону белгилөө зарылдыгы жөнүндө жана аны токтотуу жөнүндө маселени чечүү амбулаториялык психиатриялык жардам көрсөтүүчү психиатриялык мекеменин администрациясы дайындаган врач-психиатрлардын комиссиясы же саламаттык сактоо органы дайындаган врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан кабыл алынат.

3. Врач-психиатрлардын жүйөлөштүрүлгөн чечими медициналык документте жазылып катталат. Диспансердик байкоону белгилөө же токтотуу жөнүндө чечимге административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Мурда белгиленген диспансердик байкоо адам сакайганда же анын психикалык абалы кыйла жана туруктуу жакшырганда токтотулат. Диспансердик байкоо токтотулгандан кийин амбулоториялык психиатриялык жардам адамдын өтүнүчү боюнча же макулдугу менен, болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен консультациялык- дарылоо түрүндө көрсөтүлөт. Психикалык абалы өзгөргөндө психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам ушул Мыйзамдын 23-статьясынын 4-пунктунда, 24 жана 25-статьяларында каралган негиздер боюнча жана тартипте анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ырастоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Диспансердик байкоо мындай учурларда врач-психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча кайра башталышы мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн негиздер

1. Адамдын психикалык мандемдүүлүгүнүн болушу жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө же стационардык шарттарда дарылоо жөнүндө врач-психиатрдын чечими, болбосо судьянын токтому психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн негиз болуп саналат.

2. Психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте психиатриялык экспертиза өткөрүүнүн зарылдыгы да негиз болушу мүмкүн.

3. Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган учурлардан бөлөктө адамды психиатриялык стационарга жайгаштыруу анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат.

4. 18 жашка чейинки жашы жетпегендер, анын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылат. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылат. Ата-энесинин бири каршы болгон же ата-энеси, же болбосо башка мыйзамдуу өкүлү болбогон учурда, жашы жетпегенди психиатриялык стационарга жайгаштыруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ал административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

5. Жайгаштырууга карата алынган макулдук адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана врач-психиатрдын колу коюлуп медициналык документке жазылат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу үчүн негиздер

Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адам, эгерде аны текшерүү же дарылоо стационардык шарттарда гана мүмкүн болсо, ал эми психикалык мандемдүүлүк оор болуп саналса жана:

- анын өзү же айлана-тегеректеги адамдар үчүн түздөн-түз коркунучтуулугун, же

- анын карыптыгын, башкача айтканда негизги турмуштук керектөөлөрүн өз алдынча канааттандырууга жараксыздыгын, же

- адам психиатриялык жардамсыз калтырылса психикалык абалынын начарлашынан улам анын саламаттыгына олуттуу зыян келүүсүн шарттаса, психиатриялык стационарга анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз судьянын токтомуна чейин жайгаштырылышы мүмкүн.

30-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө коопсуздукту камсыздоо чаралары

1. Стационардык психиатриялык жардам жайгаштырылган адамдын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуучу, медициналык кызматкерлер тарабынан анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо менен эң чектүү шарттарда жүзөгө ашырылат.

2. Ыктыярдуу эмес жайгаштырууда жана психиатриялык стационарда жүргөндө күчтөп чектөө же бөлүп кармоо чаралары врач-психиатрдын пикири боюнча жайгаштырылган адамдын, анын өзү жана башка адамдар үчүн түздөн-түз коркунуч келтирүүчү аракеттерин башка усулдар менен болтурбоого мүмкүн болбогон учурларда, түрлөрдө жана ошол мезгилге карата гана колдонулат да медициналык кызматкерлердин дайыма контролдугу астында жүзөгө ашырылат. Күчтөп чектөө же бөлүп кармоо чараларын колдонуунун түрлөрү жана убактылары жөнүндө медициналык документтерге жазылып коюлат.

3. Ыктыярдуу эмес жайгаштырууну жүзөгө ашырууда ички иштер органынын кызматчылары медициналык кызматкерлерге жардам көрсөтүүгө жана жайгаштырылган адамга келүүнү жана аны кароо үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Жайгаштырылган адамдын же башка адамдардын айлана-тегеректегилердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудуручу аракеттерди болтурбоо зарыл болгон учурларда, ошондой эле жайгаштырылууга тийиш болгон адамды издөө жана кармоо зарыл болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракет кылышат.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылган жашы жетпегендерди жана аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарды ырастоодон өткөрүү

1. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен психиатриялык стационарга жайгаштырылган 18 жашка чейинки жашы жетпеген бала жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам, ушул Мыйзамдын 32-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясынын ырастоосунан милдеттүү түрдө өтүүгө тийиш. Алгачкы алты айдын ичинде бул адамдар, жайгаштырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн айына бир жолудан кем эмес врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосунан өтүп турууга тийиш. Жайгаштыруу алты айдан ашуунга узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосу алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

2. Врач-психиатрлар комиссиясы же психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан 18 жашка чейинки жашы жетпеген баланы, болбосо мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адамды жайгаштырууда кыянатчылыктарга жол берилгендиги айкындалганда психиатриялык стационардын администрациясы бул жөнүндө өздөрүнүн кароосундагынын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө билдиришет.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштырылган адамдарды ырастоодон өткөрүү

1. Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө 72 сааттын ичинде ырастоодон өткөрүлүүгө тийиш, ал комиссия жайгаштыруунун негиздүүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат. Жайгаштыруу негизсиз деп табылган жана жайгаштырылган адам психиатриялык стационарда калгысы келбеген учурларда, ал токтоосуз чыгарылууга тийиш.

2. Эгерде жайгаштыруу негиздүү деп табылса, врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу 24 сааттын ичинде адамдын андан ары ошол жерде калуусу жөнүндө маселени чечүү үчүн психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотко жөнөтүлөт.

33-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндөгү маселе боюнча сотко кайрылуу

1.Ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган негиздер боюнча адамды психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндөгү маселе психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотто чечилет.

2. Адамды ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндөгү арыз адам турган психиатриялык мекеменин өкүлү тарабынан сотко берилет.

Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштыруу үчүн Мыйзамда каралган негиздер көрсөтүлүүгө тийиш болгон арызга врач-психиатрлардын комиссиясынын адамдын психиатриялык стационарда андан ары да болушунун зарылдыгы жөнүндөгү жүйөлөштүрүлгөн корутундусу тиркелет.

3. Судья арызды кабыл алуу менен бир эле убакта арызды сотто кароо үчүн зарыл болгон мөөнөттө адамдын психиатриялык стационарда болушуна санкция берет.

34-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндө арызды кароо

1. Адамды психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндөгү арызды судья, иш козголгон учурдан тартып беш күндүн ичинде карайт.

2. Адамга, аны жайгаштыруу жөнүндөгү маселени соттук кароого өзүнүн катышуусуна укук берилүүгө тийиш. Эгерде психиатриялык мекеменин өкүлүнөн алынган маалыматтар боюнча адамдын психиатриялык абалы аны жайгаштыруу жөнүндөгү маселени соттун имаратында кароого мүмкүнчүлүк бербесе, жайгаштыруу жөнүндөгү арыз судья тарабынан психиатриялык мекемеде каралат.

3. Прокурордун, жайгаштыруу жөнүндө өтүнүч билдирген психиатриялык мекеменин өкүлүнүн жана жайгаштыруу жөнүндө маселеси чечилип жаткан адамдын өкүлүнүн ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндө арызды кароого катышуусу милдеттүү.

4. Психиатриялык мекемеде эсепте турган адам өкүл болушу мүмкүн эмес.

(КР 2003-жылдын 18-декабрындагы № 236, 2017-жылдын 20-февралындагы 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштыруу жөнүндө арыз боюнча судьянын токтому

1. Арызды маңызы боюнча карап чыгып, судья аны канааттандырат, болбосо четке кагат.

2. Арызды канааттандыруу жөнүндөгү соттун токтому адамды психиатриялык стационарга жайгаштыруу жана андан ары кармоо үчүн негиз болуп эсептелет.

3. Судьянын токтому чыгарылган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам, анын өкүлү, психиатриялык мекеменин жетекчиси, ошондой эле мыйзам, болбосо анын уставы (жобосу) боюнча жарандардын укуктарын коргоого укук берилген уюм же прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинде каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

36-статья. Ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырууну узартуу

1. Адамдын психиатриялык стационарда ыктыярдуу эмес тартипте болушу жайгаштыруу жүргүзүлгөн негиздер сакталган убакытка гана созулат.

2. Ыктыярдуу эмес тартипте психиатриялык стационарга жайгаштырылган адам алгачкы алты айдын ичинде жайгаштырууну узартуу маселесин чечүү үчүн психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясынын ырастоосунан айына бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турууга тийиш. Жайгаштыруу алты айдан ашуунга узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясынын ырастоосу алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

3. Адам психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин врач-психиатрлардын комиссиясынын мындай жайгаштырууну узартуунун зарылдыгы жөнүндөгү корутундусу психиатриялык стационардын администрациясы тарабынан психиатриялык мекеме жайгашкан жердеги сотко жөнөтүлөт. Судья ушул Мыйзамдын 33-35-статьяларында каралган тартипте токтому менен жайгаштырууну узартышы мүмкүн. Андан кийин психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган адамдын анда болуусун узартуу жөнүндөгү чечим судья тарабынан жыл сайын кабыл алынат.

37-статья. Психиатриялык стационардагы пациенттердин укуктары жана милдеттери

1. Пациентке аны психиатриялык стационарга жайгаштыруунун негиздери жана максаты, анын укуктары жана стационардагы белгиленген эрежелер, ал билген тилде түшүндүрүлүүгө тийиш, бул жөнүндө медициналык документке жазылып коюлат.

2. Психиатриялык стационарда дарылоодо же текшерилүүдө жүргөн бардык пациенттер;

- дарылоо, текшерүү, психиатриялык стационардан чыгуу жана ушул Мыйзамда берилген укуктарды сактоо маселелери боюнча түздөн-түз башкы врачка же бөлүм башчысына кайрылууга;

- өкүлчүлүк жана аткаруучу бийлик органдарына, прокуратурага, сотко жана адвокатка цензурасыз даттануулар жана арыздар берүүгө;

- адвокат жана дин кызматчысы менен жалгыздап жолугушууга;

- медициналык терс таасирлер жок болсо диний ырым-жырымдарды жасоого, диний эрежелерди сактоого, анын ичинде орозо тутууга, администрация менен макулдаштыкта диний ырым-жырым буюмдарына жана адабиятка ээ болууга;

- газета жана журналдарга жазылып, алып турууга;

- эгерде пациент 18 жашка чыга элек болсо, жалпы билим берүүчү мектептин же интеллектуалдык өнүгүшү бузулган балдар үчүн атайын мектептин программасы боюнча билим алууга;

- эгер пациент өндүрүштүк эмгекке катышса, эмгеги үчүн эмгегинин санына жана сапатына ылайык башка жарандар менен бирдей акы алууга укуктуу.

3. Пациенттер ошондой эле дарылоочу врачтын, бөлүм башчысынын же башкы врачтын сунушу боюнча пациенттердин саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыктарында, ошондой эле башка адамдардын саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыктарында чектелиши мүмкүн болгон төмөндөгүдөй укуктарга:

- цензурасыз кат алышып турууга;

- аманаттар, бандеролдор жана жөнөтүлгөн акчаларды жөнөтүүгө жана алып турууга;

- телефондон сүйлөшүүгө;

- келгендер менен жолугушууга;

- зарыл нерселерге ээ болууга жана аларды сатып алууга, өз кийимин кийүүгө ээ болушат.

4. Өздөрүнүн психикалык абалы боюнча аң-сезимдүү чечим кабыл алууга жарактуу пациенттер психиатриялык стационар үчүн белгиленген ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү. Аларды бузган учурда пациенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

38-статья. Психиатриялык стационарлардагы пациенттердин укуктарын коргоо кызматы

1. Мамлекет тарабынан саламаттык сактоо органдарына көз карандысыз, психиатриялык стационардагы пациенттерди коргоо кызматы түзүлөт.

2. Бул кызматтын өкүлдөрү психиатриялык стационарлардагы пациенттердин укуктарын коргошот, алардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алышат, аларды ошол психиатриялык мекеменин администрациясы менен бирге чечишет, болбосо алардын мүнөзүнө жараша өкүлчүлүк жана аткаруучу бийлик органдарына, прокуратурага же сотко жөнөтүшөт.

39-статья. Психиатриялык стационардын администрациясынын жана медициналык кызматкерлеринин милдеттери

Психиатриялык стационардын администрациясы жана медициналык кызматкерлери пациенттердин жана алардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүүгө, анын ичинде:

- психиатриялык стационардагы пациенттерге зарыл медициналык жардамды камсыз кылууга;

- ушул Мыйзамдын тексти, ошол психиатриялык стационардын ички тартибинин эрежелери, пациенттердин укуктары бузулган учурда кайрылууга мүмкүн болгон мамлекеттик жана коомдук органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын даректери жана телефондору менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүгө;

- пациенттердин кат алышуулары, өкүлчүлүктүү жана аткаруучу бийлик органдарына, прокуратурага, сотко, ошондой эле адвокатка даттанууларын жана арыздарын жөнөтүшү үчүн шарттарды түзүүгө;

- пациент психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же анын көрсөтүүсү боюнча башка адамга кабарлоо боюнча чаралар көрүүгө;

- пациенттин саламаттыгынын абалынын өзгөрүшү жана ал кабылган өзгөчө окуялар жөнүндө анын көрсөтүүсү боюнча туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле башка адамга маалымдоого;

- стационарда болгон пациенттердин коопсуздугун камсыздоого, аманаттарды жана берилген оокат-аштарды текшерүүгө;

- мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган, бирок мыйзамдуу өкүлү болбогон пациентке карата мыйзамдуу өкүлдүн милдеттерин аткарууга;

- динге ишенген пациенттерге диний ырым-жырымдарды аткарууда психиатриялык стационарда болгон башка пациенттердин кызыкчылыктарында сакталууга тийиш болгон эрежелерди жана дин кызматчысын чакыруунун тартибин белгилөөгө жана түшүндүрүүгө, динге ишенгендердин жана атеисттердин динге ишенүү - ишенбөө эркиндигинин укуктарынын жүзөгө ашырылышына көмөк берүүгө;

- ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарууга милдеттүү.

40-статья. Психиатриялык стационардан чыгаруу

1. Пациентти психиатриялык стационардан чыгаруу ал андан ары стационардык дарылоо талап кылынбагандай сакайганда же анын психикалык абалы жакшырган, ошондой эле стационарга жайгаштыруу үчүн негиз болгон текшерүү же экспертизалар аякталган учурларда жүргүзүлөт.

2. Ыктыярдуу түрдө психиатриялык стационарда жүргөн пациентти чыгаруу анын жеке өзүнүн арызы, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча же дарылоочу врачынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

3. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жайгаштырылган пациентти чыгаруу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу же мындай жайгаштырууну узартуудан судьянын баш тартуусу жөнүндөгү токтому боюнча жүргүзүлөт.

4. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган пациентти чыгаруу, соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.

5. Эгерде психиатриялык мекеменин врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан ушул Мыйзамдын 29-статьясында каралган тартипте ыктыярдуу эмес түрдө жайгаштыруу үчүн негиздер белгиленсе, психиатриялык стационарга ыктыярдуу түрдө жайгаштырылган пациентти чыгаруудан баш тартылышы мүмкүн. Мындай учурда анын психиатриялык стационарда болушунун, жайгаштырууну узартуунун жана стационардан чыгаруунун маселелери ушул Мыйзамдын 32-36-статьяларында жана 40-статьясынын 3-пунктунда белгиленген тартипте чечилет.

41-статья. Социалдык камсыздандыруу үчүн адамдарды психоневрологиялык мекемелерге жайгаштыруунун негиздери жана тартиби

1. Социалдык жактан камсыздандыруу максатында психоневрологиялык мекемеге жайгаштыруу үчүн психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдын жеке өзүнүн же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жана врач-психиатр катышкан врачтык комиссиянын корутундусу, ал эми 18 жашка чейинки жашы жетпеген улан-кыз же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган адам үчүн - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссиянын корутундусунун негизиндеги чечими негиз болуп саналат. Корутунду психикалык жактан мандемдүү адамда социалдык камсыздандыруу үчүн аны адистештирилбеген мекемеде болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, ал эми аракетке жөндөмдүү адамга карата ошондой эле соттун алдында аны аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө маселе коюу үчүн негиздердин жоктугу тууралу маалыматтарды камтууга тийиш.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмчөсү социалдык камсыздандыруу үчүн психоневрологиялык мекемелерге жайгаштырылган адамдардын жогоруда көрсөтүлгөн кызыкчылыктарын коргоого чаралар көрүүгө милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-статья. Атайын окутуу үчүн жашы жетпегендерди психоневрологиялык мекемеге жайгаштыруунун негиздери жана тартиби

18 жашка чейинки, психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган жашы жетпегенди атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеге жайгаштыруу үчүн анын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жана психологдон, педагогдон жана врач-психиатрдан турган комиссиянын милдеттүү корутундусу негиз болуп саналат. Корутунду жашы жетпегенди интеллектуалдык өнүгүшү бузулган балдар үчүн атайын мектеп шарттарында окутуунун зарылдыгы жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш.

43-статья. Социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемелерде жашаган адамдардын укуктары жана бул мекемелердин администрациясынын милдеттери

1. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемелерде жашаган адамдар ушул Мыйзамдын 37-статьясында каралган укуктардан пайдаланышат.

2. Психоневрологиялык мекемелердин администрациясынын жана кызматкерлеринин анда жашаган адамдардын укуктарын ишке ашыруу социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн үчүн шарттар түзүү боюнча милдеттери ушул Мыйзамдын 39-статьясында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздандыруу жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарында белгиленет.

3. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекеменин администрациясы анда жашаган адамдарды аларды бул мекемеде андан ары кармоо жөнүндөгү, ошондой эле алардын аракетке жөндөмсүздүгү жөнүндөгү чечимдерди кайра кароонун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маселени чечүү максатында врачтардын комиссиясы тарабынан жылына бир жолудан кем эмес ырастоодон өткөрүп турууга милдеттүү.

44-статья. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеден которуу же чыгаруу

1. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеден адамды жалпы типтеги ошондой эле мекемеге которуу үчүн врач-психиатр катышкан врачтардын комиссиясынын атайын психоневрологиялык мекемеде жашоо, болбосо окуу үчүн медициналык шарттардын жоктугу жөнүндөгү корутундусу негиз болуп саналат.

2. Социалдык камсыздандыруу же атайын окутуу үчүн психоневрологиялык мекемеден чыгаруу:

- адамдын жеке арызы боюнча врач-психиатрдын катышуусу менен врачтардын комиссиясынын адам саламаттыгынын абалы боюнча өз алдынча жашоого жарай тургандыгы жөнүндөгү корутундусу болсо;

- 18 жашка чейинки жашы жетпеген же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган чыгарылып жаткан адамды багууга милдеттенген ата-эненин, башка туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.

V бөлүм
Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча ишке контролдук жана прокурордук көзөмөл жүргүзүү

45-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүгө контролдук жана прокурордук көзөмөл

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүчү мекемелердин жана адамдардын ишине контролдук жүргүзүүнү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырат.

2. Психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелердин ишине контролдук жүргүзүүнү саламаттыктын, социалдык камсыздоонун жана билим берүүнүн республикалык органдары, ошондой эле мындай мекемелери бар министрликтер жана администрациялык ведомстволор ишке ашырат.

3. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ишке ашырышат.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук бирикмелердин контролдук жүргүзүүсү

1. Врач-психиатрлардын коомдук бирикмелери, башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына (жоболоруна) ылайык жарандардын өтүнүчү боюнча же алардын макулдугу менен аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына контролдукту ишке ашыра алышат. Психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелерге келип-кетүү укугу бул бирикмелердин уставдарында (жоболорунда) чагылдырууга жана психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер карамагында турган органдар менен макулдашууга тийиш.

2. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип-кетүү шарттарын психиатриялык же психоневрологиялык мекемелердин администрациясы менен макулдашууга, анда колдонулган эрежелер менен таанышууга, аларды аткарууга жана врачтык сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.

VI бөлүм
Психиатриялык жардам көрсөтүү боюнча аракеттерге даттануу

47-статья. Даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү

1. Психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алган медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыз кылуу жана билим берүү кызматкерлеринин, врачтык комиссиялардын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, же болбосо прокурорго даттанылышы мүмкүн.

2. Даттануу укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адам, анын мыйзамдуу өкүлү, ошондой эле мыйзам же анын уставы (жобосу) менен жарандардын укуктарын коргоо укугу берилген мекеме даттаныла турган чечимди алган күндөн же аракеттерине даттанып жаткан адам аракет жасаган күндөн тартып отуз жумушчу күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

3. Жүйөөлүү себеп боюнча даттануу мөөнөтүн өткөрүп жиберген адамга, даттанууну караган орган же кызмат адамы тарабынан өткөрүлгөн мөөнөт калыбына келтирилип берилиши мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-статья. Даттанууну кароонун тартиби

1. Медициналык кызматкерлердин, башка адистердин, социалдык камсыз кылуу жана билим берүү кызматкерлеринин, ошондой эле врачтык комиссиялардын психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алган чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануулар административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте каралат.

2. (КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Даттанууну сотто кароого байланышкан чыгымдарды мамлекет көтөрөт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

49-статья. Даттанууну жогору турган органдын (жогору турган кызмат адамдары) кароосунун тартиби

1. Жогорку турган органга (жогорку турган кызмат адамына) берилген даттануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

2. Жогорку турган органдын (жогорку кызмат адамынын) даттануунун маңызы боюнча чечими жүйөлөштүрүлүүгө жана мыйзамга негизделүүгө тийиш.

3. Жогорку турган органдын (жогорку кызмат адамынын) чечиминин көчүрмөсү даттанууну маңызы боюнча карагандан кийин арыз берүүчүгө жана аракеттерине даттанылган адамга жөнөтүлөт же колуна берилет.

4. Жогорку турган органдын (жогорку кызмат адамынын) чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.

50-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузган күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык, администрациялык, жазык жоопкерчилигине тартылышат.

VII бөлүм
Корутунду жоболор

51-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 1999-жылдын 7-июлунда № 54-55 жарыяланды

2. 1988-жылдын 5-январында СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен бекитилген Психиатриялык жардам көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү жобо (Ведомости Верховного Совета СССР, 1988, № 2, ст.19) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбайт деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев