Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 1

      

    Кызыл- Жылдыз  айыл  округунун  чегиндеги  «Доңуз»  участогунан  «Бурана Плюс» жоопкерчилиги  чектелген коомуна геологиялык  изилдөө  жумуштарын жүргүзүү  үчүн  убактылуу  пайдаланууга  жер  бөлүп  берүү  жөнүндө

     Күн   тартибиндеги   маселе  боюнча   талкуулап   Кызыл - Жылдыз  айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын  Жер  Кодексинин  13, 60, 61  беренелиринин жана   Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтүнүн   12. 04. 2006 - жылдагы  № 261, Кыргыз    Республикасынын     токтому   менен   бекитилген    «Жер   казынасын пайдаланууга   жер  участокторун  берүү  жөнүндө»   жобосунун   жана  Кыргыз Республикасынын  9.08.2012-ж. № 160,   К.Р.   24.05.2014-ж.  № 77  мыйзамынын гл. 5, ст. 39  негизинде

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл- Жылдыз    айыл    округунун    чегиндеги    «Доңуз»   участогунан «Бурана-Плюс»    жоопкерчилиги     чектелген   коомуна   геология   жана минералдык  ресурстар  боюнча   мамлекттик   агенттигинин   26.10.2011-жылдагы   3057- СР   геологиялык    изилдөөгө    берилген  лицензиянын  жана № 1 лицензиялык  макулдашуунун  негизинде  149 га  жер  участогу  төмөндөгү  бурчтук  точка  координаттарынын     чегинде    геологиялык изилдөө     жумуштарын   жүргүзүү   үчүн    31 . 12 . 2015 - жылга чейин  убактылуу  пайдаланууга  жер  участогу    бөлүнүп  берилсин.

 

     №№

    точек

       Х

         Ү

      №№

      точек

         Х

           Ү

         1

 4617290

  13470620

         4

   4618600

  13472840

         2

 4617680

  13470470

         5

   4617220

  13471120

         3

 4618580

  13471570

 

 

 

 

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн  аппаратынан  каттоодон  өткөрүлүп, jumgal.kg  веб - сайтына   жарыялансын    жана    Кыргыз    Республикасынын   Ченемдик  укуктук  актыларынын    мамлекеттик    реестрине    киргизүү   үчүн   Нарын юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3. Бул  токтомдун  аткарылышы  Кызыл-Жылдыз   айыл  округунун жайыт пайдалануучулар   бирикмесинин   Кызыл-Жылдыз  жайыт  комитетинин төрагасы  Д. Омүрзаковго  тапшырылсын.

4. Бул   токтомдун    аткарылышын   көзөмөлдөө    Кызыл - Жылдыз    айыл өкмөтүнүн   башчысы  Б. Кыдырмаевге  милдеттендирилсин.

 

Төрайым

 

Г. Калмаматова