ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
БОРУ-БАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №1
Бору-Баш айылдык аймагынын кеӊеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеӊеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык карап, талкуулап, Бору-Баш айылдык Кеӊештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бору-Баш айылдык аймагынын кеӊеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Жогорку Кеӊеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 беренесинин 5 пунктуна ылайык Бору-аш айылдык аймагынын кеӊешинин регламенти бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Директорунун 2008-жылдын 29-сентябрындагы №04-24/63 буйругу менен бекитилген «Айылдык кеӊештин типтүү регламети күчүн жоготсун.
3. Бекитилген «Айылдык кеӊештин типтүү регламенти» райондук «Ак-Суу баяны» газетасына жарыялансын
4. Бекитилген «Айылдык кеӊештин типтүү регламенти» областык юстиция башкармачылыгынан каттодон өткөрүү жагы айылдык кеӊешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Бору-Баш айылдык |
Р.Коноев |