Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
2011-жылдын 17-августундагы № 1
токтому менен кабыл алынган 

 

Шаардык кеңештин
РЕГЛАМЕНТИ

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1 Бап. Шаардык кеңеш

2 Бап. Шаардык кеңештин компетенциясы

 

II БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАЛАРЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

3-Бап.  Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

4-Бап. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

5-Бап. Шаардык кеңештин дайымкы жана убактылуу комиссиялары

6-Бап. Депутаттык фракция

III БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ

7-Бап. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

8-Бап. Шаардык кеңештин ишин пландоо

9-Бап. Сессиядагы маселелерди даярдоонун жана кароонун тартиби

10-Бап. Шаардык кеңештин сессиясын өткөрүүнүн тартиби

11-Бап. Добуш берүү жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби

12-Бап. Шаардык кеңештин отурумдарынын токтомдору жана стенограммасы

13-Бап. Шаардык кеңештин нормативдик укуктук актылары

IV БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ.

14-Бап. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби

 

I БӨЛҮМ.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1-Бап. Шаардык кеңеш

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү «өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык шаардык кеңеш шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун өкүлчүлүк органы болуп эсептелет.

Шаардык кеңеш шаардын аймагында жашаган жашоочуларынын тике катышуусу жана тең укуктуу, жашыруун добуш берүүсүнүн негизинде 4 жылга шайланган 18 депутаттан турат

1.2. Шаардык кеңеш юридикалык тарап катары статуска ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде компетенциясына  тиешелүү  маселелерди өз алдынча чечет, кабыл алган чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ошол чечимдердин иш жүзүнө ашырылышын көзөмөлдөйт.

1.3. Шаардык кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, өзүнүн полномочиесинин чегиндеги чечимдери шаардын аймагындагы бардык ишканалар, мекемелер, уюмдарга жана алардын бирикмелери, менчигинин формасына карабастан   жана  шаардык өзүн-өзү башкаруу кызматкерлер,   шаарда жашаган атуулдар, атуулдугу жок адамдар тарабынан аткарууга  бирдей милдетүү.

1.4. Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишмердүүлүк тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка нормативдик, укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул Регламент менен аныкталат.

     Шаардык кеңештин негизги уюштуруучулук-укуктук формадагы иши сессия болуп эсептелет.

1.5. Шаардык кеңештин регламенти шаардык кеңештин полномочиелерин ишке ашыруу, аны уюштурулуш жана ишмердүүлүк тартибине, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибине, шаардык кеңештин органдарын калыптандырууга  багыт берет, ошондой эле анын көзөмөл кылуу ишмердүүлүгүнүн процедураларын жана тартибин аныктайт.

1.6. Шаардык кеңештин ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, обңективдүүлүк, депутаттардын чечимдерди эркин кабыл алуу жана талкуулоо принциптерине  негизделет. Маселелерди талкуулоодо чакырылган тараптар катыша алат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Ушул Регламентте алдын-ала каралган кырдаалдарга жараша шаардык кеңеш жабык отурумдарды өткөрүүгө  укуктуу.

1.7.  Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамында жана кыргыз Республикасынын  башка нормативдик укуктук актыларында жана ушул Регламентте бекитилген гарантиялардын негизинде  өзүлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырууга укуктуу.

2-Бап

Шаардык кеңештин компетенциясы

2.1.  Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү Мыйзамдарынын негизинде төмөндөгү маселерди кароого чечим кабыл алат:

1) жергилииктүү маанидеги маселерди башкаруу тартибинде аныктоо;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын отчетторун бекитүү, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджеттеринин аткарылышы жана пайдаланылышы жөнүндөгү маалыматтарды угуу;

3) калкты социалдык коргоо жана  аймактардын социалдык-экономикалык  өнүгүү программаларынын аткарылышына көзөмөл кылуу жана бекитүү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү салык, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди,   ошондой эле алардын өлчөмдөрүн бекитүү;

5) жергиликтүү уюмдардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана   карамагына алуу, анын ичинде муниципалдык менчиктин обңектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен муниципалдык менчикти пайдаланууну көзөмөлдөөнү ишке ашыруу тартибин бекитүү;

6) жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун тиешелүү аткаруучу-буйрук берүүчү органынын  ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчетун угуу;

7) депуттатардын полномочиелерин мыйзамда  белгиленген учурларда мөөнөтүнөн  мурда токтотуу;

8) шаар башчылыгына депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу аркылуу ишеним бербөө;

9) шаардын уставын бекитү;

10) малекеттик  бийликтин тиешелүү органдарына жеткирүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

11) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, шаардык кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

12) шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;

13) чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө;

14) жергиликтүү өзүн-өзү бшакаруунун аткаруучусу - буйрук берүүчү органынын түзүмүн жана штаттык бирдигин шаардык башкармалыктын башчылыгы көрсөткөн, өкмөт тарабынан аныкталган типтүү нормативдердин негизинде бекитүү;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык муздак сууну, канализацияны, жылуулук камсыздоону, таштандыларды жыйноо жана алып чыгууну пайдалануу тарифтерин бекитүү;

16) Кыргшыз Республикасынын мыйзамдарына  жана жергиликтүү уюмдардын уставдарына  ылайык башка  маселелерди чечүү

2.2. Райондук маанидеги шаардык кеңешетердин сессияларында  кошумча төмөндөгүдөй  тиешелүү маселелер чечилет:

     - райондук маанидеги шаардын башчысын шайлоо. Эгерде кандидаттардын эч бири  тиешелүү сандагы  добуш албаса, добуш берүү биринчи турда көбүрөөк добуш алган эки кандидаттын ортосунда жүргүзүлөт. Депутаттардын жалпы санынан көбүрөөгүнүн  добушун алган  кандидат экинчи турда шайланат. Аймактык шайлоо комиссиясы  шайлоонун жыйынтыгын чыгарат жана  тиешелүү протокол түзөт.

     Экинчи турда кандидаттардын экөө тең тиешелүү добуш ала албай калган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

     - закондо бекитилген шаардын жерине коюлган салыктын базалык өлчөмүнүн негизинде   шаардын жерлерине налогдун дифференцирленген өлчөмүн бекитүү;

II БӨЛҮМ
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМДӨРҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

3-Бап

Шаардык кеңештин төрагасы  жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары

3.1. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат

     Шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкерлигине :

     - шаардык кеңештин депутаты өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде;

     - депутаттык фракция кое алат.

     Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушун алса, шайланган болуп эсептелет.

     Шаардык кеңештин төрагасы шайлангандыгы тууралуу токтом кабыл алынат.

3.2. Шаардык кеңештин төрагасынын жана орун басарынын полномочиесин мөөнөтүнөн мурда  токтотууну шаардык кеңеш чечиши мүмкүн.

3.3. Шаардык кеңештин төрагасы:

     - шаардык кеңештин сессияларын чакырат жана анын отурумдарын өткөрөт;

     - шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;

     - шаардык кеңештин токтомуна кол коет жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

     - шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишмердүүлүгүн координациялайт;

     - шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын кызматтык милдеттерин  аткаруусун көзөмөлдөйт;

     - депутаттарга өз полномочиелерин аткарууларына, атуулдарды кабыл алууга, шайлоочуларга отчет берүү иштерине көмөк көрсөтөт, аларды маалыматтар менен камысз кылат, депутаттардын укуктары жана миилдеттерине байланыштуу маселерди карайт;

     - мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар арасында  шаардык кеңештин жүзү болот;

     - шаардык кеңеш менен аймактык-коомдук өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара кызматташууну уюштурат;

     - өз компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;

     - бекитилген бюджеттин негизинде жана шаардык кеңештин чыгымдарынын сметасына ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды жөнгө салат;

     - шаардык кеңеште иш кагаздарды жүргүзүү боюнча жоболорду беитет;

     - шаардык кеңештин чыгымдарынын сметасынын проектисин иштеп чыгнууну камсыз кылат жана бюджеттик жылдын аяктарын 3 айдан кеч эмес убакыт калганда аны шаардык кеңештин  сессиясына кароого алып чыгат;

     - бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес убакытта аяктаган жылдагы шаардык кеңештин чыгымдарынын жана алардын бекиген сметага дал келүүсү же четтеп кетүүсү тууралуу жазуу түрүндө отчет берет.

     Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясынын алдында отчеттуу. Жыл сайын ал шаардык кеңештин сессиясындав өзүнүн ишмердүүлүгү, шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин уюштуруусу тууралуу отчет берет.

3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин төрагасынын сунушу менен ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын арасынан шайланат. Депутаттардын көпчүлүгүнүн добушун алган талапкер шайланган болуп эсептелет. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайланышы жөнүндө кеңештин токтому кабыл алынат.

3.5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары:

     - шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, анын кызматта жок убагында же өз милдеттерин аткара албай турганда орун басарлык кылат;

     - депутаттык топтор менен кызматташууну ишке ашырат.

     Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары  депутаттардын үчтөн биринин демилгеси жана көпчүлүгүнүн добушу менен ээлеген кызматынан бошотулуш мүмкүн.

4- Бап

Шаардык кеңештин жооптуу катчысы

     Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.

     Жооптуу катчы:

4.1. Депутаттарды өз полномочиелерин аткарууда керектүү маалыматтар менен камсыз кылат.

4.2.  Шаардык кеңештин ишинин перспективдүү планынын аткарылышын камсыз кылат.

4.3. Шаардын туруктуу жана убактылуу комиссиясынын ишинде өз ара кызматташат.

4.4. Шаардык кеңешке келип түшкөн документтерди каттайт жана аткарылышын көзөмөлдөйт.

4.5. Шаардык кеңештин сессияларынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткизүүнү көзөмөлдөйт.

4.6. Сессиянын ишине депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерин жана башка тараптарды чакырууну уюштурат.

4.7. Шаардык кеңештин сессиясына материалдарды даярдоону жана документтердин аткарылышын текшерүүнү уюштурат.

4.8. Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат.

5-Бап

Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

5.1. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык депутаттардан туруктуу, керек болгон учурда убактылуу комиссияларды түзөт. Комиссиялар шаардык кеңештин ишин алып барууга тиешелүү маселелерди алдын-ала карайт.

5.2. Туруктуу комиссия шаардык кеңештин полномочиесинин мөөнөтүнө ылайык шаардык кеңеш тарбынан түзүлөт. Комиссиянын тизмесин, алардын курамын жана шайлануу тартибин шаардык кеңеш аныктайт.

     Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү болушу мүмкүн.

     Туруктуу комиссиянын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана орун басары шайланбайт.

     Туруктуу комиссия ачык добуш берүү менен төраганы жана анын орун басарын шайлайт. Төрага, орун басар, депутаттардын көпчүлүгүнүн добушун алган учурда шайланат.

     Туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук, коллегиалдуулук, маселелерди жана чечимдерди кабыл алууда обңективдүүлүк принциптерине негизделет.

     Туруктуу комиссиялар өз компетенцияларына ылайык келген чечимдерди, жыйынтыктарды кабыл алат.

5.3. Туруктуу комиссияларга жетекчилик кылууну тиешелүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жооптуу жана отчеттуу.

     Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.

5.4. Шаардык кеңеш керектүү учурда убактылуу комиссияларды түзүшү мүмкүн. Убактылуу комиссия өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелерди иштеп чыгат, алдын-ала карайт жана изилдеп үйрөнөт.

     Убактылуу комиссия шаардык кеңештин комиссиялары үчүн бекитилген тартипте өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

6-Бап

Депутаттык фракция

Депутаттык фракция – шаардык кеңешке шайланган депутаттардын бирикмеси.

     Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга (мындан ары -  фракция) биригишет. Коалиция түзгөндүктөрүн шаардык кеңеште расмий жарыялаган жана жарымынан көп мандатка ээ болгон фракция көпчүлүк деп эсептелинет. Фракциялардын коалицияларына кирбеген фракция жана  фракциялар азчылык деп эсептелинет.

     Депутаттык фракциялар тең укутарга ээ.

     Депутаттык фракция фракциянын курамына кирүүгө каалоосун билдирген депутаттардын чечими менен каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн.

     Шаардык кеңештин депутаттары 7 ден кем эмес шаардык кеңештин депутатынан турган фракцияларды түзүүгө укуктуу.

     Фракция шаардык кеңештин төрагасына депутаттык фракциянын атын, курамын, жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен арызын берет. Депутаттык фракцияны түзүү жөнүндөгү арызга фракциянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.

     Фракцияны каттоо фракцияны түзүү боюнча жазуу түрүндөгү билдирүү берилгенден кийин 2 иш күнүнөн кеч эмес убакытта жүргүзүлөт.

     Фракциянын иш тартибин жана фракциядан депутаттын чыгып кетүү шарттарын фракция өзү аныктайт.

     Фракциялар коалицияга биригиши мүмкүн. Коалицияга биригүүнү билдирүүнүн негизинде башка фракция менен макулдашуу түзүлөт.

     Фракция шаардын мэрлигине өз талапкерин алып чыгууга укуктуу.

 

III  БӨЛҮМ.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖАЛПЫ ИШ ТАРТИБИ

 

7-Бап.

Шаардык кеңештин биринчи сессиясы

7.1. Шаардык кеңештин уюштуруучулук-укуктук ишмердүүлүгүнүн формасы сессия болуп эсептелет. Шаардык кеңештин сессиясынын тартибин шаардык кеңештин Регламенти аныктайт.

7.2. Кайрадан шайланган депутаттардын биринчи сессиясы аларды шайлоодон кийин эки жумадан кем эмес  аралыкта чакырылат.

     Шаардык кеңештин биринчи сессиясын кеңештеги жашы улуу депутат ачат. Биринчи сессиянын күн тартибине кеңештин Регламентин бекитүү маселеси, кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, шаардык кеңештин ишин уюштуруу боюнча жана башка эң маанилүү маселелер коюлат.

7.3. Шаардык кеңештин сессиялары депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнүн талабы менен  ачык, бир кварталда бирден кем эмес ирет өткөрүлөт.

7.4. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин төрагасын же анын орун басарын шайлоо маселелерин, структуранын түзүлүшү жана шаардык кеңештин иштерине байланыштуу маанилүү маселелерди талкууга алып чыгат.

8-Бап.

Шаардык кеңештин ишин пландоо.

8.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планынын доолбооруна даярдыкты шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат.

8.2. Шаардык кеңештин иш планынына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар, шаардын мэри укуктуу.

     Шаардык кеңештин бекитилген иш планына жаңы маселелерди киргизүү же алып салуу, өзгөртүүлөр шаардык кеңештин токтомдору менен бүткөн түргө келтирилет.

8.3. Шаардык кеңештин планын бекитүү учурунда сунуш кылынган материалдар боюнча иш кагаздар талап кылынбайт.

9-Бап.

Сессияда каралуучу маселелерди даярдоо тартиби

9.1. Шаардык кеңештин кароосуна киргизилген документтердин пакетинде төмөндөгүлөр болот:

     - доклад окуй турган адамдын аты-жөнү көрсөтүлгөн колу коюлган жолдомо кат. Эгерде документ шаардык кеңештин токтому менен аткарууга мурдатан даяр болсо, анда жолдомо катта тиешелүү далил көрсөтүлүш керек;

     - шаардык кеңештин токтомунун долбоору. Эгерде шаардык кеңештин токтомунун долбоорунда сунуштар, материалдык жана каржылык ресурстардын чыгымдары карала турган болсо, каржылоонун булактары көрсөтүлгөн тиешелүү эсептер берилиши керек;

9.2. Шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңештин аппаратына, туруктуу комиссиясына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы бир же бир нече туруктуу комиссияларга токтомдун долбоорун алдын-ала талкуулоо жүргүзүүгө сунуш кылганга укугу бар.

     Шаардык кеңештин сессиясында токтомдун долбоорун кароого чейин жалпы шаардык талкуу же депутаттык угуу формаларында алдын-ала талкуулар өтүшү мүмкүн.

9.3. Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелердин негизги аткаруу тартиби:

- учурдагы Регламентте каралган доклад жана кошумча докладдар;

- докладчы жана кошумча докладчыга суроолор жана жооптор;

- талкууланган маселе боюнча жарыш сөздөр;

- докладчынын жана кошумча доклад окугандардын жыйынтыктоолору;

- добушка коюу боюнча чыгып сүйлөө;

- долбоордун документтерин негиз катары кабыл алуу;

- долбоордун документтерине оңдоолор киргизүү;

- документти толугу менен кабыл алуу боюнча добуш берүү.

9.4. Токтомдун долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги мазмуну, анын кабыл алуунун зарылдыгы боюнча маселелерди, токтомдун долбооруна жалпы баа берүү концепциялары талкууланат.

9.5. Шаардык кеңештин төрагасы, орун басары, шаардын мэри алдын-ала жазылуусуз эле кезексиз сөз алып сүйлөөгө укугу бар.

9.6. Сессияны алып баруучу төрага күн тартибине ылайык маселелер боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн докладдарынын маанисине, мазмунуна, сүйлөө убактысына жана зарыл болгон учурда булар тууралуу чыгып сүйлөгөндөргө эскертип, көз салып турат.

     Эгерде чыгып сүйлөгөн адам өз сөзүндө төрагага каршы, кемсинткен сөздөрдү айтып, кемчилик кетирсе, анда ал тартипке чакырылат же сөз сүйлөө укугунан ажыратылат.

9.7. Жарыш сөздөрдөн кийин докладчы жана кошумча доклад жасагандар жыйынтыктоочу сөздөрүн айтууга акылуу. Чыгып сүйлөөлөр добуш берүү мотиви боюнча болот да, жана добуш берүүдө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча маселе коюлат.

     Туруктуу комиссиялар жарыш сөздөрдүн жыйынтыгы боюнча документтин долбооруна аны негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөр киргизүүгө акылуу жана алар жөнүндө шаардык кеңештин сессиясына добуш бергенге чейин маалымдама берүү керек. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясы токтомдук чечимдин негизинде долбоордун документтерин кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейинки мөөнөткө калтырууга укугу бар.

9.8. Шаардык кеңештин сессиясынын долбоорунун документин негиз катары кабыл алуусуна чейин депутаттар долбоордун документтерин жазуу  же оозеки жүзүндө өтүнүчтөр менен кайтарып алууга акылары бар. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессияда долбоордун документтеринин үстүндө андан ары иштөө боюнча тартип бекитилет.

9.9. Токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш төмөндөгү чеимдердин бирөөнү кабыл алат:

1) токтомдун долбоорун толугу менен кабыл алуу;

2) токтомдун долбоорун анын мазмунун талкуулоо менен кабыл алуу;

3) токтомдун долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жана анын үстүндө айтылган сунуштар, эскертүүлөрдү эске алуу менен иштөөнү улантуу.

9.10. Токтомдун долбоорун анын мазмунун талкуулоо менен кароодо бардык келип түшкөн жазуу түрүндөгү сунуштар угулат жана талкууланып, добуш берүү менен чыгарылат.

     Кечиктирилген сунуштар шаардык кеңештин туруктуу, жооптуу комиссиясына карап чыгууга жиберилет. Келишпестик болгон учурларда өз варианттарын сунуштайт.

     Биринчилерден болуп добуш берүүгө депутаттардын, андан кийин туруктуу комиссиянын сунушу коюлат. Эгерде сунуштардын бирөө да шаардык кеңеш тарабынан колдооого алынбаса, бул пункт кабыл алынбайт.

9.11. Токтомдо аны ишке ашыруу тартиби бекитилет, алар :

1) мөөнөтү такталат жана пункттардын аракеттерин же токтомду бүтүндөй киргизүү аныкталат;

2) органдарга жана тиешелүү кызматтагы адамдарга мыйзамды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет. Нормативдик укуктук актыларды ишке ашыруу үчүн мөөнөттөр кабыл алынган токтомго ылайык аныкталат.

9.12. Шаардык кеңештин ар бир  токтомунда  жана чечимдеринде аны аткаруучу көзөмөл жүргүзүүчү көрсөтүлөт. Көзөмөлдүн максаты документтердин абалын эффективдүү деңгээлде ишке ашыруу, себептер, аларды аткаруудагы кыйынчылыктар, аткарууга жолтоо болгондорду аныктоо, аларды жоопко тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда документтин мазмунун аткарууда сот тартиби боюнча камсыздоо болуп саналат. Жогорудагы полномочиелерди аткаруу үчүн эч кандай атайын ишеним кагазы талап кылынбайт.

9.13. Токтомдун аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар угулгандан кийин шаардык кеңештин төмөнкүлөргө:

     - токтомду аткарылгандыгы үчүн көзөмөлдөн алып салууга;

     - токтомдун айрым пункттарын аткарылгандыктан, көзөмөлдөн алып салуу;

     - көзөмөл полномочиелерин улантууга;

     - көзөмөл полномочиесин башка бирөөгө же органдарга жүктөөгө;

     - токтомду жокко чыгарууга;

     - токтомду өзгөртүүгө же ага толуктоолорду киргизүүгө;

     - кошумча токтом кабыл алууга укугу бар.

9.14. Көзөмөл боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдо  шаардык кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат жана орган же аткаруучуга токтомдун аткарылышын шаардык кеңештин сессиясында маалымат жасоо тапшырылат.

9.15. Сессиянын практикасында төмнкүлөр көрсөтүлөт:

     - сессияны өткөрүү орду, күнү, шаардык кеңештин чакырылыш жылы, сессиянын катар номери;

      - шаардык кеңеш үчүн аныкталган депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;

     - сессиянын күн тартибиндеги маселе жана доклад жасоочулардын (кошумча доклад жасоочулар) аты-жөнү;

     - сессияда чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмеси;

     - добуш берүүнүн жыйынтыгы;

     - сессия жүрүп жатканда сунуш кылынган кошумча материалдар.

     Депутаттардын аты-жөнү, алардын шайлоо округдарын көрсөтүү менен коштолот, ал эми башкалардын аты-жөнү, иштеген жери жана кызматы көрсөтүлөт.

9.16. Сессиянын протоколдору сессиянын иши бүткөндөн кийин үч күндүн ичинде жөнгө салынат жана шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Сессиянын протоколдорунун көчүрмөлөрү шаардык кеңештин токтомдорун акырына чейин иштеп чыгуу үчүн бир жума мөөнөтүндө жөнгө салынат.

9.17. Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы  бөлүмүнө сактоого өткөрүлөт. Депутаттын өтүнүчү боюнча аппарат таанышуу үчүн протоколдун көчүрмөсүн сунуш кылат.

9.18. Депутаттарды каттоо барагы шаардык кеңештин аппаратында сакталат. Долбоорлордун документтери, негиз катары кабыл алынган тексттердин түп нускалары, өзгөртүүлөр шаардык кеңештин аппаратында сакталат.

9.19. Документтер кабыл алынгандан кийин бир жуманын ичинде аппарат кызматкерлери долбоордун аткаруучусу менен бирдикте аны жөнгө салуу ишин өткөрөт.

     Шаардык кеңештин токтому депутаттар визаларын коюп, каралган документтерге сунуш киргизген тексттеринен кийин шаардык кеңештин төрагасы  шаардык кеңештин сессиясынын токтомдорунун тиркемелерине шаардык кеңештин аппарат жетекчиси кол коет.

9.20. Шаардык кеңештин  сессиясында кабыл алынган нормативдик-укуктук актылар үч күндүн ичинде шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө, туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаар башчысына, тизме боюнча кызыкдар  болгон бардык тараптарга, документ даярдоого жооптуу адам тарабынан түзүлүп, таратылат.

 Шаардык кеңештин кайрылуу тексттери биринчи кезекте алардын даректерине жөнөтүлөт.

10-Бап.

Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби

10.1. Шаардык кеңештин сессиясы  квартал сайын бир жолудан кем эмес шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндөгү маалымат депутаттарга жана калкка сессия башталарына бир жума калганда жеткирилет.

     Сессияда каралуучу маселелер сессия башталарда 20 күндөн кеч эме убакытта киргизилиши керек. Шаардык кеңештин сессиясын чакыруу мөөнөтүнөн тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.

     Сессияда карала турган маселелерди шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар, депутаттардын тобу, шаар башчысы киргизе алат.

     Шаардык кеңештин жабык сессиялары Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемине ылайык тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.

10.2. Шаардык кеңештин жаңы чакырылышы өзүнүн биринчи сессиясына Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администарциялар жөнүндөгү» Мыйзам тартибинде чогулат.

10.3. Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясынын уюштуруу-техникалык камсыздоосун ишке ашырат:

     - депутатттарды долбоорлор, кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтер, башка керектүү маалыматтар менен сессия башталарына он күн калганда шаардык кеңештин маалымат системалары аркылуу камсыз кылат;

     - шаардык кеңештин депутаттары сессиянын күн тартибиндеги долбоорлоруду, аларга карата оңдоолорду камсыздап, шаардык кеңештин депутааттарынын өз ара аракеттерин өз учурунда уюштурууга жардам көрсөтөт;

     - шаардык кеңештин депутаттарыны көрсөтмөлөрү менен, сессиянын кароосун киргизилген маселелерди талкуулоодо катышуусу зарыл тараптарды сессияга чакырат;

     - депутаттардын табелдик каттоосун өткөрөт;

     - сессиянын өткөрүлүшүнө төрагалык жардам көрсөтөт;

     - шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган документтерди тартипке келтирип, аларды чыгарууну ишке ашырат.

10.4. Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалды таркатууда шаардык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрага болгон депутаттын визасы коюлат.

10.5. Шаардык кеңештин сессиялары айрым бир маселелерди кароодо жабык өткөрүлүшү мүмкүн. Бул учурда сессия шаардык кеңештин жабык сессияларды өткөрүү чечимине ылайык өткөрүлөт.

10.6. Шаардык кеңештин сессиясынын катышуучуларынын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат. Депутаттарды табелдик каттоо ар бир сессиянын алдында башталып, каттоонун аяктоо убактысын көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

10.7. Бир жыл ичинде белгисиз себептер менен келбеген депутаттар шаардык кеңештин чечими менен шаардык массалык-маалымат каражаттарына жарыялоо  үчүн берилиши мүмкүн.

     Системалуу түрдө белгисиз себептер менен шаардык кеңештин сессияларына катышпаган жана шаардык кеңештин тапшырмаларын, чечимдерин аткарбаган депутаттар көпчүлүк добуш менен тиешелүү кеңештин депутатын кайра чакырып алуу маселесин козгоого укугу бар. Шаардык кеңештин сессиясына катышпаган депутаттын белгилүү бир себептери – ооруп калуу, командировка, отпуск жана башкалар эсептелет.

10.8. Шаардык кеңештин протоколдук кеңеши менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (секретариат, эсептөө комиссиясы, эгер зарыл болсо башка комиссиялар) түзүлүшү мүмкүн.

10.9. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде кезектеги сессиялардын  күн тартибиндеги маселелер жана аларды кароонун тартиби камтылышы керек.

10.10. Шаардык кеңештин төрагасынын кеңештин аппараты менен бирдикте даярдалган күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.

10.11.  Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби кезектеги сессияга эки жума калганда шаардык кеңештин аппараты тарабынан аныкталат. Шаардык кеңештин аппараты кеңештин кезектеги сессиясына он күн калганда бардык депутаттарга сессиянын күн тартибинин долбоорун жана каралуучу маселелерге керектүү материалдар менен тааныштырат. 

10.12. Шаардык кеңештин сессиясын төрагалык кылган адам алып барат. Ал шаардык кеңештин төрагасы болуп эсептелет. Ал жок болгон учурда анын орун басары же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен кайсы бир депутат алып барат.

     Төрагалык кылган адам сессиянын жүрүшүндө маселелерди кароо ишин докладчыга өткөрүп берет.

10.13. Шаардык кеңештин сессиясында төраганын укуктары:

     - эгерде чыгып сүйлөгөндөр Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сүйлөсө, жүрүш-туруш этикасынын эрежелерин сактабаса, аларды сүйлөө укугунан ажыратат;

     - шаардык кеңештин аппаратынын кызматчысын сессияны алып баруу үчүн чакырат;

     - маалымдамалар боюнча депутаттарга кайрылат;

     - пландалбаган дебаттарды токтотот;

     - учурдагы Регламенттин жобосуна ылайык шаардык кеңешке депутатка сөгүш берүүнү сунуштайт, депутатты тартипке чакырат.

     - сессия өтүп жаткан кеңешме залында чукул жагдайлар болуп кетсе, ошондой эле коомдук тартип кескин бузулуп баратса, сессияны токтотот.

10.14. Сессия убагында сессиянын катышуучуларынын бири да төраганын макулдугу жок сүйлөбөйт.

10.15. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган адамдын милдеттери:

     - Регламентти жана сессиянын күн тартибин сактайт;

     - сессияда депутаттардын укуктарынын сакталышына көз салат;

     - сессиянын кеңешме залындагы тартипти сактайт;

     - чыгып сүйлөгөндөрдүн регламентти сактоолоруна көз салып, өз убагында белгиленген убакыттын бүткөндүгүн эскертип турат;

     - түшкөн сунуштарды белгилеп, аларды добушка коюп, добуш берүүнүн  жыйынтыгын кабарлап турат;

     - сүйлөө кезегин тартипке салат;

     - депутаттар тарабынан кезексиз берилген сунуштарды ирети менен сессиянын ишине, угулушуна кам көрүп, өзүнүн да жеке альтернативдик сунуштарын коет;

     - сессиянын катышуучуларына урмат менен мамиле жасап, чыгып сүйлөгөндөргө сын-пикир, эскертүүлөрдү бергенден оолак болуп, комментарийлер болсо, чыгып сүйлөөлөр бүткөндөн кийин айтат;

     - комиссия өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү жана түшүндүрмөлөрү эреже жана процедура боюнча болушуна көңүл бурат;

     - аттары жазылган бланкалардын толтурулушуна, добуш берүүлөргө көз салып, тартипке келтирет.

11-Бап.

Добуш берүү тартиби жана чечимдерди кабыл алуу.

11.1. Учурдагы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо үчүн төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

     - шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны;

     - добуш берүү каттоосу алдындагы акыркы каттоодогу шаардык кеңештин депутаттарынын саны.

11.2. Шаардык кеңеш сессияларда ачык же жабык добуш берүү жолдорун кабыл алгандыгын чечим кылат.

     Шаардык кеңештин учурдагы Регламенттеги добуш берүү жөнүндөгү бекитилген чеимин өзгөртүүгө шаардык кеңештин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

     Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык маселелер шаардык кеңештин кеңешмесинин протоколуна киргизилет.

11.3. Добуш берүүдө бир маселе боюнча шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ, «ооба» же «каршы» деген чечимди кабыл алуу керек же кабыл алууда калыс болуу керек.

11.4. Сессияда ачык добуш берүү башталардын алдында төрага добуш берүүгө канча сунуштар коюларын, көпчүлүк добуш менен кандай чечим кабыл алынарын кабарлайт. Добуш берүү жарыя кылынгандан кийин аны эч ким үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

Добуштарды санагандан кийин төрага чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Кворум болбой калган учурда төрага добуш берүүнү шаардык кеңештин кеңешмесине которот.

11.5. Жабык добуш берүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекиткен тартипте өткөрүлөт. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен өтөт.

     Шаардык кеңеш жабык добуш берүүнү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоо органдарынын курамына көрсөтүлгөн депутаттар добуш берүү мезгилинде өзүлөрүнүн ишмердүүлүктөрүн токтотушат.

     Эсептөө комиссиясы өз курамынан төрага жана катчыны шайлайт, өз чечимдерин анын мүчөлөрүнүн көбүрөөк добуштары менен кабыл алат.

     Жашыруун добуштун бюллетендери эсептөө комиссиясынын көзөмөлү астында шаардык кеңештин бекиткен чечими менен кеңештин депутаттарынын санына ылайык даярдалат.

     Бюллетенде добуш берүү үчүн чечимдин долбоору боюнча «ооба», «каршы» деген варианттар каралган. Добуш берүүнүн орду жана убактысы, өткөрүү тартиби учурдагы Регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан аныкталып, анын төрагасы тарабынан жарыяланат.

11.6. Жашыруун добуш берүү үчүн шаардык кеңештин ар бир депутатына бирден бюллетень берилет жана депутат тизмедеги өзүнүн аты-жөнүнүн каршысындагы орунга кол коет. Ар бир бюллетендин кийинки бетине эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.

     Жашыруун добуш берүү бюллетени атайын эсептөө комиссиясы бекиткен урнага салынат. Эсептөө комиссиясы депутаттарга жашыруун добуш берүүгө шарт түзүүгө милдеттүү.

     Депутаттардын добушун эсептөөдө туура эмес формадагы же депутаттын добушун аныктоо мүмкүн эмес болгон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетендердеги добуштарды саноо учурундагы толуктоолор эсепке алынбайт.

     Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу эсептөө комиссиясы протокол түзөт жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.

     Эсептөө комиссиясынын төрагасынын докладынын негизинде сессияда төрагалык кылган адам чечим кабыл алынгандыгын же алынбагандыгын жарыялап билдирет. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтомуна жазылат.

     Өткөрүлгөн добуш берүүдө кемчиликтер кетирилгени байкалса шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.

11.7. Добуш берүү боюнча каралган маселелер, чечимдер, негизинен, депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, учурдагы Регламентте башкача тартип каралган эмес.

11.8. Сунуштар, оңдоолор добуш берүүгө коюлат жана анын демилгечисинин аты аталат.

12-Бап

Шаардык кеңештин кеңешмелериндеги протокол жана стенограммалар

12.1. Шаардык кеңештин сессияларында протоколдор жазылат. Сессиянын кеңешмелеринин протоколдорун жөнгө салууну шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Шаардык кеңештин кеңешмелеринин протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: кеңешмени өткөрүү орду, өткөрүү убагы, күнү; кеңешмеге катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; документтердин аттарын жана редакциясын; сесиянын төрагасынын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добуш берүүгө киргизилген маселелер жана сунуштар, аларды чечүү жолдору; добуш берүүнүн жыйынтыгы жана чечим кабыл алуу.

     Протоколго сессиянын кеңешмесинин төрагасы кол коет.

12.2.  Шаардык кеңештин сеесияларында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы киргизүүнү шаардык кеңештин аппараты ишке ашырат. Сессиянын ачык кеңешмелериндеги стенограммалар атайын басмаларда жарык көрүшү мүмкүн.

     Сессия стенограммасы чечимди кабыл алуу жана талкуулоолорду толугу менен чагылдырышы керек ошондой эле сессиянын кеңешмеси өткөн орду, убагы, күнү сессиянын күн тартиби, сессиядагы төраганын аты-жөнү көрсөтүлүшү керек.    

13-Бап.

Шаардык кеңештин нормативдик укуктук актылары

13.1. Шаардык кеңештин нормативдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.

13.2. Шаардык кеңештин токтому шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.

13.3. Шаардык кеңештин токтомуна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Төрага жок болгон учурларда шаардык кеңештин кайрылууларына, арыздарына, токтомдоруна төраганын орун басары кол коет.

13.4. Шаардык кеңештин башка маселелерин уюштуруу иштеринин жыйынтыктарын кароо токтом менен жөнгө салынат. Бул эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана учурдагы Регламентте аларды жөнгө салуу тартиби көрсөтүлбөсө, жыйынтыктар токтом менен тартипке салынат.

 

IV БӨЛҮМ.
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

 

14-Бап.

Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.

14.1. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен же туруктуу комиссиялар тарабынан киргизилген сунуштар кеңештин күн тартибине коюлат жана биринчи кезекте каралат.

14.2. Шаардык кеңештин Регламентинин абалын түшүндүрүү жана ага көзөмөл кылуу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин абалын түшүндүрүү кеңештин сессиясында берилет, зарыл болгон учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.

14.3. Шаардык кеңештин Регламентинде кемчиликтер менен кабыл алынган чечимдер алар кабыл алынган учурдан тартып жараксыз деп табылат.