ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
|
Даркан айылдык кеңешинин 2011 жылдын 22 октябырындагы №94 токтому менен бекитилген |
ДАРКАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ДАРКАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ИШТӨӨ РЕГЛАМЕНТИ
Даркан аймагынын айылдык Кеңеши өзунун иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна ошондой эле ушул регламентти жетекчиликке алат
Даркан айыл аймагынын Даркан айылдык Кеңешинин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык ,Даркан айыл аймагынын айылдык кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлуктүү органы болуп саналат
Даркан айылдык кеңеши 15 (онбеш) депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт.Тийиштүү аймакта жашаган жалпы, тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 (төрт) жылга шайланат.
Даркан айылдык кеңешинин уюштуруучу укуктук иштөө формасынын негизги сессия болуп саналат
Айылдык Кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө.
2. Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө угуу.
3. Аймакта социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу.
4 Жергиликтүү ,салыктарды,жыймдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
5. Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерди менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланышына көзөмөлдүгүн жүзөгө ашыруу.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийешелүү аткаруучу тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетун угуу.
7. Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын айрым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
8. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен округдун башчысынын ишеним көрсөтпөө.
9. Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
10. Админстрациялык – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу.
11. Төраганын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу.
12. Жергиликтүү кеңештин регламентин кабыл алуу.
13. өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу.
14. өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык округудун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү.
15. Ичүүчү сууну, канализация, жылуулук жабдууларын пайдалануу учун, ошондой эле турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү.
16. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
17. Тиешелүү район үчүн Мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл өкмөтү үчүн белгиленген жер салыгын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонотетинин балдарын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын диференцияланган ставкаларын белгилөө.
18. Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларын, жайыттарды ижарага берүү тартибин аныктоо.
19. Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Айыл аймактык кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Айыл аймактык кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы жана орун басары.
Айыл аймактык кеңешинин төрагасы жана төраганын орун басары .
3.1. Айыл аймактык кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айыл аймактык кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат.
Айыл аймактык кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан ошондой эле өзүн өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы
-Кеңештин сессиясына чакырат
-Сессияга төрагалык кылат
- Айыл аймактык кеңешинин чечимдерине отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет.
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы учун шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Айыл аймагынын айылдык кенешинин жана айылдык округ кенештин төрагасынын орун басары.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат.Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4 Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдетин аткарат.
3.5 Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6 Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын 1/3 бөлүгү демилгеси боюнча депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
Айыл аймагынын айылдык кеңештин катчысы.
4.1 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн же айылдык башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
4.2 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана айылдык кенештин катчысы.
- Айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл өкмөтүнүн катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
- Айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана айылдык өкмөтүнүн туруктуу жана убактылуу комиссиянын уюштуруу иштерин жүргүзөт.
- Айыл аймагынын айылдык кеңешинин сесиясын өткөрүү жөнүндө депуттатарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат жана кеңеш депуттарына жөнөтүүнү уюштурат.
- Айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясынын токтомдордун долбоорлорун даярдоого жетекчилик кылат.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан , ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу учун бул чечимдердин бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
- Айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.Комиссиялардын тизмеси ,алардын сандык курамын шайлоо айылдык округунун кеңештин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2 Айыл аймагынын айылдык кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу учун убактылуу комиссияларды түзө алат.
-Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды тузүү убагында аныкталат.
-Убактылуу комиссияларды ишмердуулугу тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишинин жалпы тартиби
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин өткөрүү тартиби .
6.1 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
- Айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы ачык , квараталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санына 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
- Айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары кеңештин сессиясына катышууга милдеттүү.
Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт .Депутаттар сессияга катыша албай турган учурда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткорүлүүсү мүмкүн.
6.4 Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5 Айыл аймагынын айылдык кеңеши ар сессияда күн тартибин жана иштоо тартибин кабыл алат.
6.6 Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматты кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8 Керек болгон учурда айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражаттар булактарында чагылдырылат.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтом долбоорунун кароо тартиби.
7.1 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясындакаралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2 Айыл аймагынын айылдык кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш.
- Кабыл алынган чечимдерди аткаруучулар, аткаруу мөөнөту каржылоо булактары ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар тийиштүү аймактык органдардын жергиликтуу бөлүмдөрү ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш.
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтууга тийиш.
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутундусу болуусу керек.
7.3 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому сессияда талкуулануудан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
7.4 Кеңеш депутаты чечимге макул болуусу жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айыл округ кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5 Сунушталган токтомдун долбоору эгер сессияда катышкан депуттардын санынын көпчүлүк бөлүгу добуш берсе долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6 Токтом долбоору баардык ондоолор , кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык моонотто кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин кабыл алган токтомун анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштуу аймакта жайгашкан ишканалар , мекемелер жана алардын органдары кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламенти.
Айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
8.1 Айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш регламентин типтүү Регламенттин негизинде
Регламент маселелери жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2 Регламент маселелери боюнча топко айыл аймагынын айылдык кеңешинин шайлануучу 5 депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айыл аймагынын айылдык кеңешинин жана төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3 Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо учун жөнөтүлөт.
8.4 Регламент жана регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттарды көпчүлук сан менен кабыл алынат.
|
|