Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 30-марты N 27

Коммерциялык сыр жөнүндө

(КР 1998-жылдын 26-июнундагы N 83, 2007-жылдын 31-июлундагы N 125, 2009-жылдын 26-июнундагы N 192, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык сырды сактоонун укуктук негиздерин аныктайт.

Ушул Мыйзамдын максаты коммерциялык сырды сактоодо жана экономикалык ишти жүзөгө ашырууда кара ниеттик атаандаштыкты болтурбай коюу болуп эсептелет.

I бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Коммерциялык сырдын түшүнүгү

1. Чарба жүргүзүүчү субъектинин өндүрүшүнө, технологиясына, башкаруусуна, финансылык жана башка ишине байланыштуу мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген, аларды ачыкка чыгарганда анын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болгон маалыматтар коммерциялык сыр деп түшүнүлөт.

2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар ишкер субъектинин менчиги болуп эсептелет болбосо мыйзамдарга ылайык белгиленген чектерде анын ээлигинде, пайдалануусунда же тескөөсүндө болот.

2-статья. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарга коюлуучу талаптар

Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар төмөндөгү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

а) ишкер субъект үчүн чыныгы же потенциалдуу баалуулукка ээ болууга;

б) мыйзамдарга ылайык жалпыга белгилүү же жалпынын билишине мүмкүн болбоого;

в) аталган маалыматтарды классификациялоонун тутуму аркылуу алардын жашырындуулугун сактоо боюнча тиешелүү чаралар ишкер субъектилер тарабынан тиешелүү деңгээлде белгиленүүгө, пайдаланууну чектөөнүн ички эрежелерин иштеп чыгууга, документтерди жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдү тиешелүү эн белгилерин коюуну жүргүзүү, аларды эсепке алууну сактоону жана колдонууну уюштурууну камтууга.

3-статья. Коммерциялык сырды санкциясыз ачыкка чыгаруу

Чарба жүргүзүүчү субъектинин коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды билген же болбосо коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алган кызматкерлеринин же коммерциялык сырды билүүгө мүмкүнчүлүгү болгон башка жеке же юридикалык жактардын кыянаттык менен жасалган аракеттери алардын алдын ала билинип калышына жана контролсуз пайдаланышына же жайылтылышына алып келгендигине байланыштуу чарба жүргүзүүчү субъектинин таламдарына зыян келтирилгенде же келтирилиши мүмкүн болгондо коммерциялык сырды санкциясыз ачыкка чыгаруу деп түшүнүлөт.

(КР 1998-жылдын 26-июнундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II бөлүм
Коммерциялык сырдын субъектилери жана объектилери

4-статья. Коммерциялык сырдын субъектилери

1. Кыргыз Республикасынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн башка мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары коммерциялык сырдын субъектилерине таандык болот.

2. Мамлекет мыйзамдарда каралган тартипте коммерциялык сырдын субъектисинин сырынын сакталышын жана корголушун гарантиялайт.

5-статья. Коммерциялык сырдын объектилери

1. Чарба жүргүзүүчү субъектинин атайылап жашырылган экономикалык таламдары жана анын ишинин ар кандай жактары жана өндүрүштүк-чарбалык, башкаруу, илимий-техникалык, каржылык чөйрөлөрү жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын объектилери болуп эсептелет, аларды коргоо атаандаштыктын таламдары жана чарба жүргүзүүчү субъектинин экономикалык коопсуздугуна болгон коркунуч менен шартталган.

2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын мазмуну жана көлөмү ишкер субъектилер тарабынан аныкталат.

3. Төмөндөгүлөр:

а) уюштуруу документтери, ошондой эле ишкердикти жүргүзүүгө * жана лицензиялоого тийиш болгон чарбалык иштин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укук берген документтер (устав, ишкананы түзүү жөнүндө чечим же уюштуруучулардын келишими, каттоо күбөлүктөрү, лицензиялар, патенттер);

б) статистикалык отчеттуулуктун бекитилген түрлөрү боюнча маалыматтар, ошондой эле финансы-экономикалык иш жөнүндө отчеттуулук жана салыктарды, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү текшерүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар;

в) салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө документтер;

г) төлөө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтер;

д) иштегендеринин саны жана курамы, алардын эмгек акысы жана эмгек шарттары жөнүндө, ошондой эле бош жумушчу орундары жөнүндө маалыматтар;

ж) айлана-чөйрөнүн булганышы, монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу, эмгекти коргоо эрежелеринин сакталбашы, керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирүүчү продукциялардын сатылышы жөнүндө, ошондой эле мыйзамдардын башка бузулуштары жана мында келтирилген зыяндардын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар;

е) кызматкерлердин саны, курамы жөнүндө, уюмдун жетекчисинин жана уюмдун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн айлык акылары жөнүндө, айлык акы төлөп берүү түзүмү жөнүндө, эмгек шарттары, анын ичинде эмгекти коргоо жөнүндө, өндүрүштүк травманын жана өнөкөт оорулардын көрсөткүчтөрү жөнүндө жана бош жумуш орундарынын саны жөнүндө.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы N 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Коммерциялык сырдын субъектилеринин компетенциясы жана жоопкерчилиги

1. Ушул Мыйзамга ылайык коммерциялык сырды сактоонун тартиби ишкер субъекти же ал тарабынан дайындалган жетекчи тарабынан аныкталат, ал коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү болгон кызматкерлерге бул тууралу түшүнүк берет.

2. Ишкер субъекти же ал тарабынан дайындалган жетекчи белгилеген коммерциялык сырды сактоонун тартиби чарба жүргүзүүчү субъектинин кызматкерлери жана башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан бузулганда алар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

3. Ишкер субъекти коммерциялык сырдын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

4. Мамлекет ишкер субъектинин коммерциялык сырынын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүүдө көмөк көрсөтөт.

III бөлүм
Коммерциялык сырды сактоо жана аны алууга мүмкүнчүлүк

7-статья. Коммерциялык сырды сактоонун тартибин аныктоонун механизми

Коммерциялык сырдын субъектилери тарабынан коммерциялык сырды сактоону камсыз кылуу боюнча нускамалар, жоболор иштелип чыгат, аларда:

а) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын курамы жана көлөмү;

б) "Ишкананын сыры" деген грифти маалыматтарга, жумуштарга жана буюмдарга ыйгаруунун жана аны алып салуунун тартиби;

в) чарба жүргүзүүчү субъектинин кызматкерлерине, ошондой эле анын ишине тартылган адамдарга коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берүүнүн жол-жобосу;

г) маалыматтары коммерциялык сырды түзгөн документтерди жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдү, буюмдарды пайдалануунун, эсепке алуунун, сактоонун жана эн салуунун тартиби;

д) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануунун тартибине контролдукту уюштуруу;

е) кандайдыр бир биргелешкен аракеттерди жүргүзүү жөнүндө келишимдерди түзүүдө коммерциялык сырды сактоо бонча чарба жүргүзүүчү субъектилердин өз ара милдеттенмелерди кабыл алышынын жол-жобосу;

ж) коммерциялык сырды билдирип койгон кызматкерлерге мыйзамдарда каралган дисциплинардык, материалдык таасир тийгизүүнүн чараларын колдонуунун тартиби;

з) коммерциялык сырды сактоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти чарба жүргүзүүчү субъектинин кызмат адамына жүктөө аныкталат.

8-статья. Чарба жүргүзүүчү субъектинин кызматкерлеринин коммерциялык сырды сактоо боюнча милдеттенмелери

1. Чарба жүргүзүүчү субъектинин коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлери:

а) иште өзүнө билинген коммерциялык сырды сактоого жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар ага мурда белгилүү болбогон же болбосо ал тарабынан анын жашырындуулугун сактоо жөнүндө милдеттенмесиз үчүнчү жактан алынган шартта иш боюнча өзүнө белгилүү болгон сырды белгиленген тартипте берилген уруксатсыз билдирбөөгө;

б) коммерциялык сырды сактоо боюнча нускамалардын, жоболордун, буйруктардын талаптарын аткарууга;

в) бөтөн адамдар тарабынан коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алардан алууга аракет жасалган учурда, ушул тууралу тиешелүү кызмат адамына же чарба жүргүзүүчү субъектинин тиешелүү бөлүмчөсүнө токтоосуз билдирүүгө;

г) ишкердик мамилелерде болгон чарба жүргүзүүчү субъектилердин коммерциялык сырын сактоого;

д) өзү билген коммерциялык сырды чарба жүргүзүүчү субъектиге зыян келтириши мүмкүн болгон атаандаштык аракет катары иш жүргүзүү үчүн пайдаланбоого;

е) иштен бошонгон учурда коммерциялык сырды түзгөн, өзүнүн карамагында болгон бардык маалымат алып жүрүүчүлөрдү (кол жазмалар, сомололор, документтер, чиймелер, магниттик тасмалар, перфокарталар, перфотасмалар, дисктер, дискеттер, принтерге басылган кагаздар, кино, фото тасмалар, моделдер, материалдар жана башкалар) чарба жүргүзүүчү субъектинин тиешелүү кызмат адамына же тиешелүү бөлүмчөгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

2. Милдеттенмелердин маалыматтары эмгек же башка келишим түзүүдө же болбосо аны аткаруу процессинде кат жүзүндө берилет.

9-статья. Коммерциялык сырды коргоо боюнча адистештирилген бөлүмдөр

1. Коммерциялык сырды сактоону камсыз кылуу үчүн чарба жүргүзүүчү субъектилерде атайын режимдик бөлүмдөр түзүлүшү мүмкүн, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары тиешелүү нускамаларда, жоболордо, буйруктарда чагылдырылат.

2. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар чарба жүргүзүүчү субъектилердин режимдик бөлүмдөрүнө аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууда көмөк көрсөтүшөт.

10-статья. Чарба жүргүзүүчү субъектилер өз ара аракеттенген учурда коммерциялык сырды сактоо

1. Чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, валюталык-финансылык жана башка байланыштарды жүзөгө ашырууда макулдашкан тараптар коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын мүнөзүн, курамын, ошондой эле алардын мыйзамдарга ылайык сакталышын камсыз кылуу боюнча өз ара милдеттенмелерди атайын макулдашышат.

2. Эгерде мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, чет өлкөлүк өнөктөр менен келишим түзүү учурунда иштин жашырындуулугунун шарттары келишим түзүлгөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

11-статья. Коммерциялык сырды алууга мүмкүнчүлүк

1. Ишкердик жүргүзүүчү субъекти тарабынан аныкталган кызматкерлердин чөйрөсү коммерциялык сырга мүмкүнчүлүк алышат.

2. Мамлекеттик контролдоочу жана укук коргоо органдары аларга мыйзамдар тарабынан берилген контролдук жүргүзүү жана көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктарга ылайык өз компетенцияларынын чектеринде кат жүзүндөгү сунуш талаптын негизинде коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

Финансылык чалгындоо органына коммерциялык сырга жеткиликтүүлүк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.

3. Коммерциялык сыр болуп эсептелеген маалыматтарды камтыган документтерди алуу прокурордун же анын орун басарынын санкциясы менен гана жана тиешелүү мекеменин жетекчиси менен макулдашылган тартипте жүргүзүлөт. Документтерди алуу тергөөчүнүн жүйөлүү токтому боюнча жүргүзүлөт.

4. Ушул органдардын кызмат адамдары чарба жүргүзүүчү субъектинин коммерциялык сырын түзгөн маалыматтарды билдирип койгондугу үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартылышат.

(КР 2009-жылдын 26-июнундагы N 192, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Коммерциялык сырды алууга мүмкүнчүлүгү бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын милдеттери

1. Коммерциялык сырды алууга мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдарын кошуп алганда, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын, жеке жана юридикалык жактар аны билдирбөө жөнүндө талаптарды бекем сактоого жана атаандаш чарба жүргүзүүчү субъектилерге маалыматтын билинип калышына жол бербөөгө милдеттүү.

2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды башка жактарга берүү чарба жүргүзүүчү субъектинин жетекчисинин чечими же макулдугу боюнча акысыз же акы алуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде макулдашууда же террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, коммерциялык сырды түзгөн маалымат берилген адам аны үчүнчү жактарга билдирүү укугусуз пайдалана алат.

(КР 2009-жылдын 26-июнундагы N 192, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Коммерциялык сыр менен сотто, арбитражда таанышуунун чектери

1. Ар кандай талаштарды соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттун, арбитраждын жана үчүнчү жактардын коммерциялык сырды түзгөн объектилеринин чарба жүргүзүүчү субъект, доогер же жоопкер катары чыккан талаштын маңызына түздөн-түз тиешелүү болгон бөлүгү менен таанышуусуна жол берилет.

2. Соттун жана арбитраждын бухгалтердик китептерге жана башка коммерциялык документтерге чектелбеген мүмкүнчүлүк алышына төмөндөгү учурларда:

а) чарба жүргүзүүчү субъектилердин банкрот болушу жана жоюлушу жөнүндө иш козголгондо;

б) жубайлардын жалпы мүлкүн мурастоо же бөлүштүрүү укугу боюнча талаштар болгондо;

в) чарба жүргүзүүчү субъектилерди уюштуруучулардын өздөрүнүн ортосунда талаштар болгондо уруксат берилет.

14-статья. Коммерциялык сырды ачыкка чыгаруунун фактысын аныктоонун негизи

Чарба жүргүзүүчү субъектилер тарабынан маалыматтар жашыруун сакталган, аларды билдирип койгон адамга белгиленген тартипте ишенип берилген жана аны билдирүүгө макулдук берилбеген, же болбосо маалыматтар башка мыйзамсыз ыкма менен алынган, ачыкка чыгаруу аркылуу зыян келтирилген шартта, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жактарга берип койгондо мыйзамдарда каралган дисциплинардык, материалдык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

(КР 1998-жылдын 26-июнундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Коммерциялык сырды санкциясыз ачыкка чыгаргандык үчүн жоопкерчилик

1. Ушул Мыйзамды жана башка коммерциялык сыр жөнүндө башка ченемдик актыларды бузган жеке жана юридикалык жактар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алган же ага ээ болгон чарба жүргүзүүчү субъектинин, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ошондой эле башка адамдар чарба жүргүзүүчү субъектиге же ишкердик жүргүзгөн субъектиге келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

16-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүүнүн тартиби

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

А. Акаев

 

 

 

1998-жылдын 2-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган