Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c6716614-62f8-4f37-a313-5edd6e7ec81d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ

1996-жылдын 8-майы № 15

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29, 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76, 1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 1999-жылдын 2-июлундагы № 48, 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2001-жылдын 26-июнундагы № 61 2002-жылдын 21-январындагы № 9, 2002-жылдны 22-июнундагы № 109, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2003- жылдын 27-мартындагы № 65, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 , 2005-жылдын 4-июнундагы № 70, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2007-жылдын 1-мартындагы № 30 , 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2008-жылдын 16-мартындагы № 24, 2008-жылдын 23-майындагы № 95 , 2008-жылдын 2-июнундагы № 107, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 266, 2009-жылдын 19-январындагы № 7, 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2009-жылдын 20-февралындагы № 56 , 2009-жылдын 28-мартындагы № 91, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2009-жылдын 30-мартындагы № 105, 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2009-жылдын 15-июлундагы № 16,
2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 63, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2012-жылдын 17-мартындагы № 21, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № № 36, 2013-жылдын 30-майындагы № 85, 2013-жылдын 9-июлундагы № 119, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2014- жылдын 21-апрелиндеги № 61,
2015-жылдын 20-январындагы № 18, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180,
2015-жылдын 30-июлундагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы № 16 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

 

КР Граждандык Кодексинин II БӨЛҮГҮН дагы караңыз

I БӨЛҮМ
 ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-Глава
Граждандык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу

 

1-статья. Граждандык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер

 

1. Граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат.

Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн белгилерге жооп берген үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерге граждандык мыйзамдар бул мамилелер, тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мыйзамдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбаган учурларда колдонулат.

Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат.

2. Адамдын ажыратылбай турган укуктарын жана эркиндиктерин жана башка материалдык эмес баалуулуктарды (жеке мүлктүк мамилелерге байланышпаган мүлктүк эмес мамилелер) жүзөгө ашыруу жана коргоо менен байланыштуу мамилелер ушул мамилелердин маңызынан башка нерсе келип чыкпагандыктан, граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат.

3. Граждандар, юридикалык жактар, мамлекет граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучулары болуп эсептелет.

Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, граждандык мыйзамдар тарабынан белгиленген эрежелер чет өлкөлүк граждандар, граждандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар катышкан мамилелерге карата колдонулат.

4. Граждандык мыйзамдар ишкердик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган адамдардын ортосундагы же алар катышкан мамилелерди жөнгө салат.

Пайда алууга багытталган, мыйзамда белгиленген тартипте ушундай сапатта катталган адамдар тарабынан өз алдынча, өзүнүн тобокелге салуусу менен жүзөгө ашырылган ишмердүүлүк ишкерчилик болуп эсептелет.

5. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, бир тарапты экинчи тарапка административдик же башка бийликтик баш ийдирүүгө негизделген мүлктүк мамилелерге карата граждандык мыйзамдар колдонулбайт.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 216, 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Граждандык мыйзамдар

 

1. Граждандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин, эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, граждандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону камсыз кылууга негизделет.

2. Граждандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн граждандык укуктарын өзүнүн эрки менен жана өзүнүн таламына жараша алышат жана жүзөгө ашырышат. Алар келишимдин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөдө жана келишимдин мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай гана болбосун шарттарын аныктоодо эркин болушат.

3. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана акчалай каражаттар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бир жерден экинчи жерге эркин жылышып жүрөт. Эгерде бул адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды камсыз кылуу үчүн зарыл болсо, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир жерден экинчи жерге жылыштырууну чектөө мыйзамдарга ылайык киргизилет.

4. Граждандык мыйзамдар ушул Кодекстен, мыйзамдардан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле ушул Кодекстин 1-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган граждандык мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске шайкеш келиши керек.

5. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн актыларда камтылган граждандык укук нормалары Граждандык Кодекстин жоболоруна карама-каршы келген учурда, ушул Кодекстин жоболору колдонулат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Граждандык мыйзамдардын убакытта колдонушу

 

1. Граждандык мыйзам актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт жана ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерге карата анын күчү мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат.

2. Граждандык мыйзам актысы колдонууга киргизилгенге чейин тараптардын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча мамилелерден башка учурларда, граждандык мыйзам актысы колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелер боюнча ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин келишим түзүү учурунда колдонулгандан башка, тараптар үчүн милдеттүү болгон эрежелерди белгилеген мыйзам кабыл алынса, мыйзамда анын күчү мурда түзүлгөн келишимдерден келип чыгуучу мамилелерге жайылтыла тургандыгы белгиленгенден башка учурларда, түзүлгөн келишимдин шарттары күчүн сактап калат.

 

4-статья. Иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттары

 

1. Ээлик кылуу ишинин кандайдыр-бир жагында калыптанып калган жа-

на кеңири колдонулган, кандайдыр-бир документте жазылгандыгына же жазылбагандыгына карабастан, мыйзамдарда каралбаган жүрүш-туруш эрежелери ишкердүү карым-катнаштардын каада-салты катары таанылат.

2. Ишкердүү карым-катнаштардын тиешелүү мамилелерге катышуучулар үчүн милдеттүү болгон мыйзам жоболоруна же келишимдерге карама-каршы келген каада-салттары колдонулбайт.

 

5-статья. Граждандык мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонуу

 

1. Ушул Кодекстин 1-статьясынын 1 жана 2-пунктарында каралган учурларда, мамилелер мыйзамдар же тараптардын макулдашуусу тарабынан түздөн-түз жөнгө салынбаганда жана аларга карата колдонулуучу ишкердүү карым-катнаштардын каада-салты жок болгон учурда, мунун өзү алардын маңызына карама-каршы келбегендиктен, мындай мамилелерге карата граждандык мыйзамдардын бирдей мамилелерди (мыйзамдын окшоштугу) жөнгө салуучу нормалары колдонулат.

2. Көрсөтүлгөн учурларда мыйзамдын окшоштугун пайдалануу мүмкүн болбогондо тараптардын укуктары жана милдеттери граждандык мыйзамдардын (укуктардын окшоштугу) жалпы башталыштарына жана маанисине жана ак ниеттүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына негизденип аныкталат.

3. Окшоштугу боюнча граждандык укуктарды чектеген жана жоопкерчиликти белгилеген нормаларды колдонууга жол берилбейт.

 

6-статья. Граждандык мыйзамдар жана эл аралык келишимдер

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-Глава
Граждандык укуктардын жана милдеттердин келип чыгышы, граждандык укуктарды жүзөгө ашыруу жана коргоо

 

7-статья. Граждандык укуктардын жана милдеттердин келип чыгышынын негиздери

 

1. Граждандык укуктар жана милдеттер мыйзамдарда каралган негиздерден, ошондой эле граждандардын жана юридикалык жактардын алар үчүн каралбаган, бирок жалпы башталыштардан жана граждандык мыйзамдардын маанисинен улам граждандык укуктарды жана милдеттерди пайда кылган аракеттеринен келип чыгат.

Ушуга ылайык граждандык укуктар жана милдеттер:

1) мыйзамдарда каралган келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн, ошондой эле мыйзамдарда каралбаган, бирок ага карама-каршы келбеген келишимдерден жана башка бүтүмдөрдөн;

2) мыйзамдарда граждандык укуктардын жана милдеттердин келип чыгышынын негизи катары каралган мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын актыларынан;

3) граждандык укуктарды жана милдеттерди белгилеген соттун чечиминен;

4) мыйзамда тыюу салынбаган негиздер боюнча мүлктү түзүүнүн жана сатып алуунун натыйжасында;

5) илим, адабият, искусство чыгармаларын түзүүнүн, ойлоп чыгаруу-

лардын жана интеллектуалдык ишмердиктин башка натыйжаларынан улам;

6) башка адамга зыян келтирүүдөн улам;

7) негизсиз байуудан улам;

8) граждандардын жана юридикалык жактардын башка аракеттеринен улам;

9) мыйзамдарда граждандык-укуктук кесепеттердин пайда болушу менен байланыштырылган окуялардан улам келип чыгат.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон мүлк укугу бул мүлк же ага тиешелүү укуктар катталган учурдан тартып келип чыгат.

 

8-статья. Граждандык укуктарды жүзөгө ашыруу

 

1. Граждандар жана юридикалык жактар өздөрүнө таандык болгон граждандык укуктарды өзү каалагандай жүзөгө ашырышат.

2. Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, граждандардын жана юридикалык жактардын өздөрүнө таандык болгон укуктарды жүзөгө ашыруудан баш тартышы бул укуктардын токтотулушуна алып келбейт.

 

9-статья. Граждандык укуктарды жүзөгө ашыруунун чектери

 

1. Граждандар жана юридикалык жактар тарабынан башка адамга зыян келтирүү ниетинде гана жүзөгө ашырылган аракеттерине, ошондой эле укукту кыянаттык менен башка түрдө пайдаланууга жол берилбейт.

2. Граждандык укуктарды атаандаштыкты чектөө максатында пайдаланууга, ошондой эле өзүнүн рыноктогу басымдуулук кылган абалын кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.

3. Ушул статьянын 1-2-пункттарында каралган талаптар сакталбаган учурда, сот мындай адамга тиешелүү укуктарды коргоодон баш тартышы мүмкүн.

4. Укугун кыянаттык менен пайдаланган адам кыянаттыктан жапа чеккен адамдын абалын калыбына келтирүүгө, ага келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

5. Мыйзам граждандык укуктарды коргоону бул укуктар ак ниеттүүлүк жана аң-сезимдүүлүк менен жүзөгө ашырылгандыгына жараша койгон учурларда, граждандык укуктук мамилелердин катышуучулардын ак ниеттүүлүгү жана аң-сезимдүүлүгү мүмкүн болуучу нерсе катары каралат.

 

10-статья. Граждандык укуктардын сот тарабынан корголушу

 

1. Бузулган же талашылып жаткан граждандык укуктарды коргоо сот тарабынан иштин процессуалдык мыйзамдарда же келишимде белгиленген таандык болушуна ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мыйзамда же келишимде тараптардын ортосундагы талашты сотко кайрылганга чейин жөнгө салуу каралышы мүмкүн.

3. Граждандык укуктарды административдик тартипте коргоо мыйзамда каралган учурларда гана жүзөгө ашырылат. Административдик тартипте кабыл алынган чечим сотко даттанылышы мүмкүн.

 

11-статья. Граждандык укуктарды коргоонун ыкмалары

 

Граждандык укуктарды коргоо:

1) укукту таануу;

2) укук бузулганга чейин болгон абалды калыбына келтирүү;

3) укукту бузган же аны бузууга коркунуч түзгөн аракеттерге бөгөт коюу;

4) бүтүмдү жараксыз деп табуу жана анын жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу;

5) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысын жараксыз деп табуу;

6) граждандык укуктарды өз алдынча коргоо;

7) милдеттенмелерди натуралай түрдө аткарууга мажбурлоо;

8) зыяндардын ордун толтуруу,

9) айып төлөмүн өндүрүү;

10) моралдык зыянды компенсациялоо;

11) укуктук мамилелерди токтотуу же өзгөртүү;

12) сот тарабынан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын мыйзамга ылайык келбеген актысын колдонбоо;

13) мыйзамдарда каралган башка ыкмалар аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

12-статья. Мыйзамдарга ылайык келбеген актыны жараксыз деп табуу

 

Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын нормативдик эмес актысы же мыйзамда каралган учурларда, мыйзамдарга ылайык келбеген жана граждандык укуктарды жана граждандын же юридикалык жактын мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузган нормативдик акт сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Сот тарабынан мындай акт жараксыз деп табылган учурда бузулган укук калыбына келтирилүүгө, ошондой эле ушул Кодекстин 11-статьясында каралган башка ыкмалар менен корголууга тийиш.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы №91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-статья. Граждандык укуктарды өз алдынча коргоо

 

Укугу бузулган адамдын түздөн-түз аракеттери аркылуу өзүнүн граждандык укуктарын коргоого жол берилет.

Өз алдынча коргонуунун ыкмалары укук бузууга шайкеш келүүгө тийиш жана аны болтурбай коюу же ага бөгөт коюу үчүн зарыл болгон аракеттердин чегинен чыкпоого тийиш.

 

14-статья. Зыяндардын ордун толтуруу

 

1. Эгерде мыйзамда же мыйзамга ылайык келишимде башкача каралбаса, укугу бузулган адам өзүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кыла алат.

2. Төмөндөгүлөр:

укугу бузулган адам тарабынан бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн тартылган же тартылууга тийиш болгон чыгымдар, анын жок болгон же зыянга учураган (айкын келтирилген зыян) мүлкү, ошондой эле;

эгерде укугу бузулбаса, граждандык мамилелердин кадыресе шартында ушул адам тарабынан алынбай калган кирешелер (пайда көрбөй калуу) зыян тартуу катары түшүнүлөт.

Эгерде укукту бузган адам ушунун натыйжасында киреше алса, укугу бузулган адам башка тарткан зыяндарды, алынбай калган пайдасы менен катар ушундай кирешелерден кем эмес өлчөмдө ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

15-статья. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан келтирилген зыяндардын ордун толтуруу

 

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары-

нын же бул органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин), анын ичинде мамлекеттик орган, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык келбеген актыны чыгаруунун кесепетинен гражданга же юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду, мыйзамдарда каралган учурларда мамлекет тарабынан толтурулууга тийиш.

 

16-статья. Моралдык зыянды компенсациялоо

 

Гражданга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга шек келтирген же анын мүлктүк эмес укуктарын бузган аракеттер тарабынан гражданга моралдык зыян (жеке же нравалык азапка салуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда сот укук бузуучуга келтирилген зыяндын ордун акчалай же башка материалдык түрдө компенсациялоо милдетин жүктөй алат.

Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмүн аныктоо учурунда сот укук бузуучунун күнөөсүнүн даражасын жана башка көңүлгө ала турган жагдайларды эске алат.

Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда юридикалык жакка моралдык зыян компенсацияланышы мүмкүн.

 

17-статья. Жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды коргоо

 

Жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес байлыктар ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте, ошондой эле бузулган укуктук маңызынан жана бул укук бузуунун кесепеттеринин мүнөзүнөн келип чыга турган граждандык укуктарды коргоонун кайсы ыкмаларын (11-статья) пайдалануу учурларында жана ошол чектерде корголот.

 

18-статья. Граждандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо

 

1. Граждан өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

Ишке тиешеси бар адамдардын талабы боюнча граждандын ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин ал өлгөндөн кийин да коргоого жол берилет.

2. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш.

Эгерде аталган маалыматтар уюмдан чыккан документте камтылса, мындай документ алмаштырылууга же кайра алынууга тийиш.

Башка учурларда жокко чыгаруунун тартиби сот тарабынан белгиленет.

3. Массалык маалымат каражаттарында анын укуктарын же мыйзам тарабынан корголгон таламдарын кысымга алган маалыматтар жарыяланган учурда, граждан же юридикалык жак ошол массалык маалымат каражаттарында өзүнүн жообун жарыялоого укуктуу.

4. Эгерде соттун чечими аткарылбаса, сот бузуучуга процессуалдык мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү айып акы салууга укуктуу. Айып акыны төлөө укук бузуучуну соттун чечиминде каралган аракеттерди аткаруу милдетинен бошотпойт.

5. Өзүнө карата ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган граждан, ошондой эле өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган юридикалык жак мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

6. Эгерде граждандын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ошондой эле юридикалык жактын ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жайылткан адамды аныктоого мүмкүн болбосо, өзүнө карата мындай маалыматтар жайылтылган адам жайылтылган маалыматтарды чындыкка ылайык келбейт деп табуу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 43 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Өз сүрөтүнө болгон укук

 

Кандайдыр-бир адамдын жарыяланган сүрөтүн (картина, фото сүрөт, кино фильм жана д.у.с.) бул адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга эч кимдин укугу жок. Сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун, алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу көпчүлүк жүргөн жерде болгон кезде, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт.

Эгерде сүрөттөгү адам акы үчүн сүрөткө түшсө, анын сүрөтүн жарыялоого жана таратууга ал адамдын макулдугу суралышы мүмкүн.

 

20-статья. Жеке турмуштун сырын коргоо укугу

 

1. Граждан өзүнүн жеке турмушунун сырын: кат жазышуунун почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, күндөлүк жазуунун, жазмалардын, эскерме жазуулардын, интимдик турмуштун, туулгандыгынын, асырап алуунун сырларын, врачтык же адвокаттык сырларды жана салымдардын сырларын жана д.у.с. сактоону коргоо укугуна ээ.

Жеке турмуштун сырын ачуу мыйзамда белгиленген учурларда гана мүмкүн.

2. Күндөлүктөрдү, жазмаларды, эскерме каттарды жана башкаларды жарыялоого алардын авторунун макулдугу менен, ал эми каттарды анын авторунун жана катты алган адамдын макулдугу менен гана жарыялоого жол берилет. Алардын кимдир-бирөө өлгөн учурда аталган документтер тирүү калган жубайынын жана өлгөн адамдын балдарынын жана башка мурастоочуларынын макулдугу менен, андан кийин анын кийинки тукумдарынын макулдугу менен жарыяланышы мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Турак жайга кол тийбестик укугу

 

Граждан турак жайына кол тийбестик укугуна ээ, башкача айтканда ал өзүнүн турак жайын (квартирасын, үйүн жана башкаларды) анын арналышына ылайык өзү каалагандай пайдаланууга жана мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, турак жайына анын эркине каршы кирүүгө болгон ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга укуктуу.

 

3-Глава
Граждандык укук объектилери

 

22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү

 

Буюмдар граждандык укук объектилерине таандык кылынат, буга акча жана баалуу кагаздар, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат жана интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары, фирмалык аталыштар, товардык белгилер жана жеке буюмдардын башка каражаттары, ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.

 

23-статья. Граждандык карым-катнаштагы граждандык укук объектилери

 

1. Эгерде мыйзамдарга ылайык граждандык укук объектилери граждандык карым-катнаштардан алынып коюлбаса же граждандык карым-катнаштарда чектелбесе, алар эркин түрдө ээликтен ажыратылышы же универсалдуу укуктук жолун жолдоочулук тартибинде (мурастоо, юридикалык жактын кайра уюштурулушу) бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.

2. Граждандык карым-катнаштарда болушуна жол берилбей турган граждандык укук объектилеринин түрлөрү (карым-катнаштан алынып салынган объектилер) мыйзамда түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш.

Карым-катнаштын белгилүү катышуучусуна гана таандык болушу мүмкүн болгон же карым-катнашта болушуна атайын уруксат боюнча жол берилүүчү граждандык укук объектилеринин түрлөрү (карым-катнашка жөндөмдүүлүгү чектелген объектилер) мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

3. Мыйзамдар менен белгиленген учурларды кошпогондо, жеке мүлктүк эмес байлыктар жана укуктар ээликтен ажыратылбайт жана башка ыкмалар менен берилбейт.

4. Жер участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды жүгүртүүгө жол берилген чектерде ээликтен ажыратылышы же бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

24-статья. Кыймылсыз жана кыймылдуу буюмдар

 

1. Жер участоктору, жер байлыктарынын участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объектилери жана жер менен бекем байланышта болгондордун бардыгы, башкача айтканда алардын багытына өлчөмсүз зыян келтирбей туруп жылдырууга болбогон объектилер, анын ичинде токойлор, көп жылдык бак-дарактар, имараттар, курулуштар жана башкалар кыймылсыз буюмдарга (кыймылсыз мүлк, кыймылсыз нерселер) таандык кылынат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мүлк да кыймылсыз буюмдарга таандык кылынышы мүмкүн.

2. Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жана башка буюмдук укуктар, бул укуктарды чектөө, алардын пайда болушу, башка бирөөгө өтүшү жана токтолушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

3. Акчаны жана баалуу кагаздарды кошуп алганда, кыймылсыз мүлккө таандык кылынбаган буюмдар кыймылдуу мүлк деп табылат. Эгерде ушул Кодекс же мыйзам менен башкача белгиленбесе кыймылдуу буюмдарга болгон укукту каттоо талап кылынбайт.

4. Багытына ылайык аларды керектөөдө же ээликтен ажыратууда пайдаланылуучу кыймылдуу буюмдар керектелүүчү буюмдар деп табылат.

Товардык кампанын курамына же буюмдардын башка жыйындысына кирген, аларды пайдалануу алардын багытына ылайык айрым буюмдарды ээликтен ажыратуудан турса мындай кыймылдуу буюмдар да керектелүүчү буюмдар деп табылат.

(КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 266 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо

 

1. Менчик укугу жана башка кыймылсыз буюмдарга болгон буюмдук укуктар, бул укуктарды чектөө, алардын келип чыгышы, башкага өзгөртүлүшү жана токтотулушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Төмөндөгүлөр: менчик укугу, чарба жүргүзүү укугу, оперативдүү башкаруу укугу, ипотека, сервитут жана күрөө жөнүндөгү келишимдерден келип чыгуучу укуктар, ошондой эле ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурлардагы башка укуктар катталууга тийиш.

2. Мыйзамдарда каралган учурларда, мамлекеттик каттоо менен катар кыймылсыз бүт мүлктүн айрым түрлөрүн атайын каттоо же эсепке алуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Мүлккө болгон укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган укук ээсинин өтүнүчү боюнча жүргүзүлгөн каттоону катталган укук же бүтүм жөнүндө документ берүү же каттоо үчүн берилген документке жазып берүү аркылуу күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

4. Кыймылсыз мүлккө болгон укукту жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган, жүргүзүлгөн каттоо жана катталган укуктар жөнүндө маалыматты, мамлекеттик жана коммерциялык сырларды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, ар кандай адамга берүүгө милдеттүү.

Маалымат каттоо кайсы жерде жүргүзүлгөнүнө карабастан, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоону жүзөгө ашырган ар кандай орган тарабынан берилет.

5. Кыймылсыз мүлккө болгон укукту же аны менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон өткөрүүдөн баш тартуу же тиешелүү органдын каттоодон четтеши жогору турган органга же сотко даттанылышы мүмкүн.

6. Мамлекеттик каттоонун тартиби жана каттоодон баш тартуунун негиздери ушул Кодекске, кыймылсыз мүлккө болгон укукту жана аны менен жасалган бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө мыйзамга ылайык белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2003-жылдын 17-фералындагы № 39, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

26-статья. Башкы буюм жана анын таандык болушу

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, башка (башкы) буюмду тейлөө үчүн арналган жана аны менен жалпы чарбалык багытта байланышкан (таандык болгон) буюм башкы буюмдун тагдырына жараша болот.

 

27-статья. Бөлүнгүс буюмдар

 

Бөлүктөргө бөлүүнүн натыйжасында өзүнүн касиетин жана буюм катарындагы алгачкы багытын жоготкон буюм бөлүнгүс буюм деп табылат.

 

28-статья. Татаал буюмдар

 

1. Эгерде теги ар кандай буюмдар бир бүтүн нерсени түзсө, бириктирүүнүн негизинде аныкталуучу багыт боюнча аны пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, алар бир буюм (татаал буюм) катары каралат.

2. Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, татаал буюм жаатында түзүлгөн бүтүмдүн күчү анын бардык курамдык бөлүктөрүнө жайылтылат.

 

29-статья. Мүлктүн үзүрү, продукциялары жана кирешелери

 

Эгерде мыйзамдарда же бул мүлктү пайдалануу келишимде башкача каралбаса, мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган нерселер (анын үзүрү, продукциялары, кирешелери) бул мүлктү мыйзамдуу негизде пайдаланган адамга таандык болот.

 

30-статья. Жаныбарлар

 

Мыйзамдарда башкача белгиленбегендиктен жаныбарларга карата мүлк жөнүндөгү жалпы эрежелер колдонулат.

 

31-статья. Жекече аныкталуучу буюмдар жана тектик белгилери менен аныкталуучу буюмдар

 

1. Башка буюмдардан өзүнө гана тиешелүү болгон белгилер боюнча бөлүнгөн буюм жекече аныкталуучу буюм деп табылат. Жекече аныкталуучу буюмдарды алмаштырууга болбойт.

2. Бир эле тектеги бардык буюмдарга таандык болгон белгилерге ээ болгон жана саны, салмагы, ченеми менен аныкталуучу буюмдар тектик белгилери менен аныкталуучу буюмдар деп табылат. Тектик белгилери менен аныкталуучу буюмдарды алмаштырууга болот.

 

32-статья. Интеллектуалдык ишмердиктин корголуучу натыйжалары

 

Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте граждандын же юридикалык жактын интеллектуалдык ишмердиктин объективдүү көрүнгөн натыйжаларына жана юридикалык жактын аларга теңештирилген жеке каражаттарына, жеке адамдын же юридикалык жактын продукцияларына, алар тарабынан аткарылган жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө болгон өзгөчө укугу таанылат.

Өзгөчө укуктардын объектиси болуп эсептелген интеллектуалдык ишмердиктин жана жекече каражаттардын натыйжаларын үчүнчү жак тарабынан пайдалануу укук ээсинин макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-статья. Ишкана

 

1. Ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган мүлктүк комплекс граждандык укуктардын объектиси катары ишкана деп таанылат.

2. Эгерде мыйзамдарда же келишимде башкача каралбаса, мүлктүк комплекс катары болгон ишкананын курамына анын иши үчүн пайдаланылган мүлктүн бардык түрлөрү кирет, буга жер участоктору, имараттар, курулуштар, жабдуулар, шаймандар, сырье, продукция, талап кылуу укугу, карыздар, анын ишинин жеке экендигин билдирген укук (фирмалык аталышы, товардык белгилер) жана башка өзчөчө укуктар кошулат.

3. Жалпы ишкана же анын бир бөлүгү уюмдук укуктарды белгилөөгө, өзгөртүүгө жана токтотууга байланыштуу соода-сатыктын, күрөөгө коюунун, ижарага берүүнүн жана башка бүтүмдөрдүн объектиси болушу мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

34-статья. Кызматтык жана коммерциялык сыр

 

Маалымат үчүнчү жактарга белгисиз болгондон улам чыныгы же жогорку коммерциялык баалуулукка ээ болгон, ага мыйзамдуу негиздерде эркин ээ болуу жок болгон жана маалыматтын ээси анын жашыруундулугун коргоого карата чаралар көргөн учурларда граждандык мыйзамдарда кызматтык же коммерциялык сырды түзгөн маалымат корголот.

Мыйзамсыз ыкмалар менен мындай маалыматты алган адамдар, ошондой эле эмгек келишимин түзгөн кызматчылар же граждандык-укуктук келишим түзгөн контрагенттер кызматтык же коммерциялык сырды билдирип койгондо, келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

 

35-статья. Акча (валюта)

 

1. Кыргыз Республикасында акча бирдиги сом болуп эсептелет.

2. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр түрүндө жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары мыйзам тарабынан аныкталат.

 

36-статья. Валюталык баалуулуктар

 

Валюталык баалуулуктар деп табылган мүлктүн түрлөрү жана алар менен Кыргыз Республикасынын аймагында бүтүм жасоонун тартиби валюталык жөнгө салуу жөнүндө Мыйзам тарабынан аныкталат.

 

37-статья. Баалуу кагаз

 

1. Белгиленген форманы жана милдеттүү реквизиттерди сактоо менен күбөлөндүргөн документ же укуктарды мыйзамда белгиленген ыкмалар менен белгилөө баалуу кагаз болуп эсептелет.

Баалуу кагазды өткөрүп берүү менен ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн укуктар чогуусу менен өтөт.

2. Баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлүүчү укуктардын түрлөрү, баалуу кагаздардын милдеттүү реквизиттери, баалуу кагаздын формасына карата талаптар жана башка зарыл талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамы же алар белгилеген тартипте аныкталат.

Баалуу кагаздын милдеттүү реквизиттеринин жок болушу же баалуу кагаздын ал үчүн белгиленген формага ылайык келбеши анын жараксыз болушуна алып келет.

3. Мыйзамда каралган учурда баалуу кагаз тарабынан күбөлөндүрүлгөн укуктарды жүзөгө ашыруу жана өткөрүп берүү үчүн аларды баалуу кагазды өзүнүн атынан чыгарууну жүзөгө ашырган жана анда билдирилген милдеттенмелер боюнча жоопкерчиликте болгон эмитенттин-адамдын атайын реестринде бекемделген (кадимки же компьютердик) далилдер жетиштүү болот.

 

38-статья. Баалуу кагаздардын түрлөрү

 

Мыйзамда же белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына таандык облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүнүн банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер баалуу кагаздарга таандык кылынат.

 

39-статья. Документтик эмес баалуу кагаздар

 

1. Мыйзамда аныкталган учурларда же аларда белгиленген тартипте атайын лицензия алган адам аты жазылган же ордердик баалуу кагаз менен бекемделген укуктарын, анын ичинде документтик эмес формада (электрондук-эсептөө техникасынын жана башкалардын жардамы менен) фиксациялай алат. Эгерде фиксациялоонун өзгөчөлүктөрүндө башкача болбосо, укуктарды фиксациялоонун мындай формасына баалуу кагаздар үчүн белгиленген эрежелер колдонулат.

Документтик эмес формада укуктарды фиксациялоону жүзөгө ашырган адам укук ээсинин талабы боюнча ага бекемделген укугун күбөлөндүргөн документ берүүгө милдеттүү.

Көрсөтүлгөн фиксациялоо аркылуу күбөлөндүрүлүүчү укуктар, укуктарды жана укук ээлерин официалдуу фиксациялоонун тартиби, жазууларды документалдуу ырастоонун тартиби жана документтик эмес баалуу кагаздарды операция жүргүзүүнүн тартиби мыйзам же ал тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

2. Документтик эмес баалуу кагаздар менен операциялар укуктарды жазууну официалдуу жүргүзгөн адамга кайрылуу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Укуктарды өткөрүп берүү, берүү жана чектөө ушул адам тарабынан официалдуу фиксацияланууга тийиш, ал адам официалдуу жазуулардын сакталышы, алардын жашырындуулугун камсыз кылуу, мындай жазуулар жөнүндө туура маалыматтарды берүү, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө официалдуу жазууларды жүргүзүү үчүн жоопкерчиликте болот.

 

40-статья. Баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн укуктардын субъектилери

 

1. Баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлгөн укуктар:

1) баалуу кагазды көрсөтүүчүгө (көрсөтүүчүнүн баалуу кагазы), же болбосо

2) баалуу кагазда көрсөтүлгөн адамга (аты жазылган баалуу кагаз), же болбосо

3) баалуу кагазда көрсөтүлгөн адамга таандык болушу мүмкүн, ал бул укуктарды өзү жүзөгө ашырышы же өзүнүн тапшырмасы (буйругу) менен башка укук берилген адамды (ордердик баалуу кагаз) дайындашы мүмкүн болгондорго таандык.

2. Мыйзам тарабынан аты жазылган, же болбосо ордердик, же болбосо көрсөтүүчүнүн баалуу кагазы катары белгилүү түрдөгү баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган.

3. Эгерде ал өзүнүн баалуу кагазды сатып алышынын укукка ылайык эместиги жөнүндө, атап айтканда баалуу кагаз аны ээликтен ажыратуу укугу жок адамдан сатылып алынгандыгы жөнүндө билгендиги же билүүгө тийиш болгондугу далилденсе, ал адам баалуу кагаздын мыйзамдуу ээси (кармоочусу) болуп эсептелбейт.

 

41-статья. Баалуу кагаз боюнча укуктарды өткөрүп берүү

 

1. Баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн укуктарды башка адамга өткөрүп берүү үчүн баалуу кагазды бул адамга тапшыруу жетиштүү.

2. Аты жазылган баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн укуктар талаптарды эпке келтирүү (цессия) үчүн белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет. Ушул Кодекстин 316-статьясынын 4-пунктуна ылайык баалуу кагаз боюнча укукту өткөрүп берүүчү адам анын аткарылышы үчүн эмес, тиешелүү талаптын аныктыгы үчүн жоопкерчиликте болот.

3. Ордердик баалуу кагаз боюнча укуктар бул кагазга өткөрүп берүү жазуусун - индоссамент жүргүзүү аркылуу өткөрүлүп берилет. Индоссант укуктун болушу үчүн гана эмес, анын жүзөгө ашырылышы үчүн да жоопкерчиликте болот.

Баалуу кагазда жүргүзүлгөн индоссамент баалуу кагазда күбөлөндүрүлгөн бардык укуктарды баалуу кагаздар боюнча укуктар - индоссант өткөрүлүп берилген адамга же анын буйругу менен өткөрүлүп берилет. Индоссамент бланктык (аткаруу жүргүзүлүүгө тийиш болгон адамды көрсөтпөстөн) же ордердик (аткаруу жүргүзүлө турган адамды же анын буйругу менен жүргүзүлө турган аткарууну көрсөтүү менен) болушу мүмкүн.

Индоссамент баалуу кагазда күбөлөндүрүлгөн укуктарды индоссатка өткөрүп бербестен (кайра тапшырылган индоссамент) аны жүзөгө ашырууну тапшыруу менен чектелиши мүмкүн. Мындай учурда индоссант өкүл катары чыгат.

 

42-статья. Баалуу кагаздар боюнча аткаруу

 

1. Баалуу кагазды берген жак жана аны индоссирлеген бардык жактар анын мыйзамдуу ээсинин алдында биргелешкен жоопкерчилик тартат. Баалуу кагаздын мыйзамдуу ээсинин ал кагаз күбөлөндүргөн милдеттенмелерди баалуу кагаз боюнча милдеттенме алгандардын биринин же бир нечесинин аткарышы жөнүндөгү талабы канааттандырылган учурда алар баалуу кагаз боюнча милдеттенме алган калган адамдарга карата кайра талап кылуу (регресс) укугуна ээ болот.

2. Милдеттенмелердин негизинин жоктугуна же анын жараксыздыгына шылтоо кылып, баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартууга жол берилбейт.

Баалуу кагаз жалган же жасалма экендигин билип калган баалуу кагаздын ээси ал кагазды өткөрүп берген адамга баалуу кагаз менен күбөлөндүрүлгөн милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруу жана чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндөгү талап менен кайрылууга укуктуу.

 

43-статья. Баалуу кагазды калыбына келтирүү

 

Сунуш кылынуучунун жоголгон баалуу кагаздар боюнча жана ордердик баалуу кагаздар боюнча укуктарын калыбына келтирүү процессуалдык мыйзамдарда каралган тарипте сот тарабынан жүргүзүлөт.

 

44-статья. Облигация

 

Облигация деп анда каралган мөөнөттө номиналдык наркта же башка мүлктүк эквивалентте облигацияны чыгарган жактан алууга аны кармоочунун укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз таанылат. Облигация аны кармоочуга анын номиналдык наркынан белгиленген процентти алууга болгон укукту же башка мүлктүк укуктарды да берет.

Облигациялар өздүк гана, эркин жүгүртүлүүчү, же жүгүртүүсү чектелген болушу мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 19-январындагы № 7 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-статья. Чек

 

Банкка чектин кармоочусуна анда көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө чек берүүчүнүн эч нерсе менен шартталбаган кат жүзүндөгү буйругу камтылган баалуу кагаз чек кагаз таанылат.

Чек мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө көрсөтүлүүгө тийиш.

 

46-статья. Вексель

 

Векселдин ээсине (вексель кармоочуга) белгилүү сумманы векселде каралган мөөнөт келгенде төлөп берүүгө вексель берүүчүнүн (жөнөкөй вексель) же векселде көрсөтүлгөн башка төлөөчүнүн (которулуучу вексель) эч нерсе менен шартталбаган милдеттенмесин күбөлөндүргөн баалуу кагаз вексель деп таанылат.

 

47-статья. Акция

 

1. Дивиденддер түрүндө акционердик коомдун пайдасынын бир бөлүгүн

алууга, акционердик коомдун иштерин башкарууга катышууда жана ал жоюл-

гандан кийин калган мүлктүн бир бөлүгүнө аны кармоочунун (акционердин)

укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз акция деп таанылат.

Акциялар талап кылуучуга же аты жазылып, эркин жүгүртүлүүчү же

жүгүртүү чөйрөсү чектелүү боло алат.

2. Акционердик коом өзүнүн ээлик кылуу ишинин натыйжаларына кара-

бастан өлчөмү акцияларды чыгарууда белгиленген проценттерди алууга

аны кармоочуга гарантия берүүчү, ошондой эле акционердик коом жоюлган-

дан кийин калган мүлктүн бир бөлүгүн алууга башка акционерлерге караганда жеңилдетүүчү укугун берүүчү артыкчылыктуу акцияларды мыйзамда

белгиленген чектерде чыгарууга акылуу.

Эгерде акционердик коомдун мыйзамында башкача каралбаса, акционердик коомдун артыкчылык акцияларын кармоочуларга коомдун ишин башкарууга катышуу укугу берилбейт.

47-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацына өзгөртүү киргизүүдө ката кетирилген, себеби абзацтын мазмуну мыйзамдын орусча редакциясына дал келбейт.

Туура варианты:

Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, акционердик коомдун артыкчылык

акцияларын кармоочуларга коомдун ишин башкарууга катышуу укугу берилбейт. (Текстке кошумча түшүнүк "Токтом" маалымат борборунун юридикалык бөлүмү тарабынан берилди)

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-статья. Коносамент

 

Анын кармоочусуна коносаментте көрсөтүлгөн жүктү тескөөгө жана ташып келингенден кийин жүктү алууга болгон укугун күбөлөндүрүүчү товардык тескөөчү документ коносамент деп таанылат.

Коносамент сунуш кылуучуга, ордердик же өздүк болушу мүмкүн.

Коносамент бир нече түп нускада даярдалган учурда биринчи сунуш кылынган коносамент боюнча жүктү берүү анын калган нускаларынын күчүн жокко чыгарат.

 

49-статья. Банк сертификаты

 

Аманаттын белгиленген мөөнөтү бүткөндө анын суммасын жана ошол банктын бардык мекемелеринде анын проценттерин алууга аманат салган адамдын укугун күбөлөндүрүүчү акча каражатын салгандыгы жөнүндө банктын кат жүзүндөгү күбөлүгү банк сертификаты деп таанылат.

Банк сертификаты талап кылуучу же өздүк болушу мүмкүн.

 

50-статья. Жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес баалуулуктар

 

1. Гражданга таандык болгон төмөндөгү материалдык эмес баалуулук-

тар:

өмүрү жана ден соолугу;

жеке кадыр-баркы;

жеке кол тийбестиги;

ар-намысы жана асылдуулугу;

ишкердүү бедели;

жеке турмушуна кол тийбестиги;

жеке жана үй-бүлөлүк сыры;

бир жерден экинчи жерге эркин баруу, турган жана жашаган жерин тандап алуу мүмкүнчүлүгү;

башка материалдык эмес баалуулуктар мына ушул материалдык эмес баалуулуктардын маңызына ылайык ушул Кодексте каралган граждандык укуктарды коргоонун ыкмалары пайдаланылышы мүмкүн болгон учурларда мыйзамдар тарабынан корголот.

2. Жеке мүлктүк эмес укуктар мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат жана корголот.

Аларга: өзүнүн ысымын пайдалануу укугу, автордук укук, өз атына болгон укук, чыгармаларына кол тийбестик укугу жана башка интеллектуалдык ишмердиктин натыйжаларына болгон укуктарды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык мүлктүк эмес укуктар таандык кылынат.

3. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өлгөн адамга таандык болгон жеке мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес баалуулуктар башка адамдар, анын ичинде укук ээсинин мурастоочулары тарабынан жүзөгө ашырылышы жана корголушу мүмкүн.

 

4-Глава
Граждандар (Адамдар)

 

51-статья. Граждан (адам) деген түшүнүк

 

Граждандык колдонууда Кыргыз Республикасынын граждандары, башка мамлекеттердин граждандары, ошондой эле граждандыгы жок адамдар граждан (адам) деп түшүндүрүлөт. Эгерде Мыйзам тарабынан башкача каралбаса, ушул Кодекстин жоболору бардык граждандарга карата колдонулат.

 

52-статья. Граждандын укукка жөндөмдүүлүгү

 

1. Граждандык укукка жана милдеттерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү (граждандык укукка жөндөмдүүлүк) бардык граждандар үчүн бирдей даражада таанылат.

2. Граждандын укукка жөндөмдүүлүгү ал төрөлгөн учурдан башталат жана каза болушу менен токтотулат.

 

53-статья. Граждандын укукка жөндөмдүүлүгүнүн мазмуну

 

Граждан менчиктөө укугу менен мүлккө ээ болот; мүлктү мурастайт жана мураска берет, ээлик кылуу ишин жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка иштерди иштейт; өз алдынча жана башка юридикалык жактар жана граждандар менен бирге юридикалык жакты түзүп, мыйзам тарабынан тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзөт жана милдеттенмелерге катышат; жашаган жерин тандап алат; илимий, адабий жана көркөм өнөр чыгармаларынын, ойлоп табуулардын жана интеллектуалдык ишмердиктин башка натыйжаларынын авторунун укугуна ээ болот; башка мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат.

 

54-статья. Граждандын аты

 

1. Эгерде өкүлдөрү Кыргызстандын элин түзгөн улуттардын салттарына ылайык келсе, граждан укуктарын жана милдеттерин өзүнүн аты аркылуу алат жана жүзөгө ашырат, анын атына фамилиясы жана өзүнүн аты, ошондой эле атасынын аты кирет.

Мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте граждан жашыруун атты (ойлонуп чыгарылган ат) пайдаланышы мүмкүн.

2. Граждан мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн атын өзгөртүүгө укуктуу. Граждандын атын өзгөртүшү ал мурдагы аты менен алган укуктарды жана милдеттерди токтотуу же өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.

Граждан өзүнүн атынын өзгөрүшү жөнүндө өзүнүн карыздарына жана кредит берүүчүлөрүнө билдирүү жиберүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү жана бул адамдарда анын атынын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтардын жоктугунан келип чыккан натыйжалар үчүн тобокелге барат.

Атын өзгөрткөн граждан өзүнүн мурдагы атына жазылган документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү өзүнүн эсебинен киргизүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Граждан тарабынан ал туулганда коюлган аты, ошондой эле анын атынын өзгөрүшү граждандык абал актыларын каттоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте катталууга тийиш.

4. Башка адамдын аты менен укуктарды жана милдеттерди алууга жол берилбейт.

5. Граждандын атын укукка ылайыксыз пайдалануунун натыйжасында ага келтирилген зыяндын орду ушул Кодекске ылайык толтурулууга тийиш.

Граждандын атын бурмалаган же анын атын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген ыкмалар же ошондой форма пайдаланылган учурда ушул Кодекстин 18-статьясында каралган эрежелер колдонулат.

 

55-статья. Граждандын жашаган жери

 

1. Граждан туруктуу же көпчүлүк убакта жашаган жер граждан жашаган жер деп таанылат.

2. Он төрт жашка чейинки жашы жетпегендердин же камкордук көрүү астындагы граждандардын жашаган жери деп алардын ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордук көрүүчүлөрдүн жашаган жери таанылат.

 

56-статья. Граждандын аракетке жөндөмдүүлүгү

 

1. Граждандын өз аракеттери менен граждандык укукка ээ болуу жана аны жүзөгө ашыруу, өзүнө граждандык милдеттерди алуу жана аларды аткаруу жөндөмдүүлүгү (граждандык аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткенде, башкача айтканда он сегиз жашка толгондо пайда болот.

2. Он сегиз жашка жеткенге чейин никеге турууга мыйзам жол берген учурда он сегиз жашка чыга элек граждан никеге турган учурдан тартып аракетке, жөндөмдүүлүккө толук ээ болот.

Никеге туруунун натыйжасында ээ болгон аракетке жөндөмдүүлүк нике бузулган учурда да толук көлөмүндө сакталат.

Нике анык эмес деп таанылганда өзү аныктаган учурдан тартып сот жашы жетпеген жубайы толук аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

3. Эгерде мыйзам актылары тарабынан башкача белгиленбесе, бардык граждандар бирдей аракетке, жөндөмдүүлүккө ээ.

 

57-статья. Укукка жөндөмдүүлүктөн жана аракетке жөндөмдүүлүктөн ажыратууга жана чектөөгө жол берилбестик

 

1. Эч кимдин укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте белгиленгенден башка учурларда чектелиши мүмкүн эмес.

2. Мыйзамда белгиленген шарттар жана граждандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн же алардын ээлик кылуу же башка иш аткаруу укугун чектөөнүн тартиби сакталбаганда тиешелүү чектөөнү белгилеген мамлекеттик же башка органдын актысы жараксыз деп табылат.

3. Граждандын укукка жөндөмдүүлүктөн же аракетке жөндөмдүүлүктөн толук же жарым-жартылай баш тартышы же мындай бүтүмдөргө мыйзам тарабынан жол берилгенден башка учурларда укукка жөндөмдүүлүктү же аракетке жөндөмдүүлүктү чектөөгө багытталган башка бүтүмдөр жокко чыгарылат.

 

58-статья. Граждандын ээлик кылуу иши

 

1. Граждан жеке ээлик кылуучу катарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жакты түзбөстөн ээлик кылуу ишин жүргүзүүгө укуктуу.

2. Граждандардын юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырылган ээлик кылуу ишине карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин эрежелери колдонулат, алар мыйзамдардан же укуктук мамилелердин маңызынан башкача келип чыкпаса, коммерциялык уюмдар болуп эсептелген юридикалык жактардын ишин жөнгө салат.

3. Граждан тарабынан ээлик кылуу ишин мамлекеттик каттоодон өтпөстөн жүзөгө ашырууга жол берүү учурлары мыйзамда каралышы мүмкүн.

 

59-статья. Граждандын мүлктүк жоопкерчилиги

 

Граждан мыйзамга ылайык мүлктү өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн болбогон мүлктөрдөн башка өзүнө таандык бардык мүлк менен өз милдеттенмелерине жооп берет.

Граждандардын мүлктү өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлкүнүн тизмеси Граждандык процесстик мыйзамдар менен белгиленет.

 

60-статья. Жеке ээлик кылуучунун банкрот болушу (кудуретсиздиги)

 

1. Ээлик кылуу ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канааттандыра албаган жеке ээлик кылуучу соттун чечими боюнча банкрот (кудуретсиз) деп табылышы мүмкүн. Мындай чечим күчүнө кирген күндөн тартып анын жеке ээлик кылуучу катарында катталышы күчүн жоготот.

2. Жеке ээлик кылуучуну банкрот деп табуунун жол-жобосун жүзөгө ашыруу учурунда анын ээлик кылуу ишин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган милдеттенмелер боюнча кредиторлор да өз талаптарын коюуга укуктуу. Аталган кредиторлордун мындай тартипте билдирилбеген талаптары жеке ээлик кылуучунун банкрот болушунун процесси аяктагандан кийин күчүн сактап калат.

3. Банкрот болуу процесси менен байланышкан чыгымдар тындырылгандан кийин, жеке ишкер - карызкордун кредиторлорунун талабы ушул Кодекстин 99-статьясында белгиленген кезек менен канааттандырылат.

4. Кредиторлор менен эсептешүүлөр аяктагандан кийин банкрот деп табылган жеке ээлик кылуучу өзүнүн ээлик кылуу ишине байланыштуу калган милдеттенмелерди жана аткарууга көрсөтүлгөн жана ээлик кылуучуну банкрот деп табуу учурунда эсепке алынган башка талаптарды аткаруудан бошотулат.

5. Жеке ээлик кылуучуну сот тарабынан банкрот (кудуретсиз) деп табуу же анын өзүнүн банкрот болушу (кудуретсиздиги) жөнүндө билдирүүсүнүн негиздери жана тартиби банкрот болуу (кудуретсиздиги) жөнүндө мыйзам тарабынан белгиленет.

Жеке ишкер-карызкордун банкрот болуу процесси менен байланышкан мамилелерге юридикалык жактын банкрот болуу процессин жөнгө салган эрежелер колдонулат.

6. Соттун чечими боюнча банкрот деп жарыяланган жеке ишкерге белгилүү бир мөөнөттүн ичинде ээлик кылуу ишин жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн, бирок ал банкрот (кудуретсиздиги) жөнүндөгү мыйзамда белгиленген жогорку мөөнөттөн ашып кетпөөгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

61-статья. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электердин аракетке жөндөмдүүлүгү

 

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электер ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка бүтүмдөрдө өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн - ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзөт.

Жашы жете элек мындай балдар тарабынан түзүлгөн бүтүмдөр кийин анын ата-энелери, асырап алган же камкордукка адамдар кат жүзүндө жактырганда да жарактуу болуп саналат.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдар ата-энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын макулдугусуз өз алдынча:

1) өзүнүн тапкан акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө;

2) илимий, адабий же көркөм өнөр, көркөм сүрөт же өзүнүн интеллектуалдык ишмердигинин мыйзам менен корголуучу натыйжаларына автордук укугун жүзөгө ашырууга;

3) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге салым салып жана аны тескөөгө;

4) ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда каралган майда турмуш-тиричилик келишимдерин жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдар ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык өздөрү түзгөн бүтүмдөр боюнча өз алдынча мүлктүк жоопкерчилик тартат. Өз аракеттери менен зыян келтиргендиги үчүн мындай жашы жете элек балдар ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Мындай жашы жете элек бала (ушул Кодекстин 56-статьясынын 2-пунктуна жана 62-статьясына ылайык) толугу менен аракетке жөндөмдүү болгондон башка учурларда, жетиштүү негиз болсо сот ата-энесинин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын же көзөмөлдүк кылуучу жана камкордукка алуучу органдын өтүнүчү менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдардын өз эмгек акысын, стипендиясын же башка кирешелерин өз алдынча тескөө укугун чектеп же аны мындай укугунан ажыратышы мүмкүн.

 

62-статья. Жашы жете элек баланы аракетке толук жөндөмдүү деп табуу (эмансипация)

 

1. Эгерде он алты жашка толгон жашы жете элек бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен ээлик кылуу ишин жүргүзсө, ал аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланышы мүмкүн.

Жашы жете элек баланы аракетке толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо ата-энесинин экөөнүн тең, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен же мындай макулдук болбогон учурда соттун чечими менен көзөмөл жүргүзүүчү жана камкордукка алуу органынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

2. Эмансипацияланган жашы жете элек баланын милдеттенмелери, атап айтканда ага зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелери боюнча анын ата-энеси, асырап алуучулар жана камкордукка алуучу жоопкерчиликте болбойт.

 

63-статья. Он төрт жашка чейинки өспүрүмдөрдүн аракетке жөндөмдүүлүгү

 

1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда он төрт жашка чыга элек жашы жете элек балдар (жаш балдар) үчүн алардын атынан ал балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп саналган ата-энелери, асырап же камкордукка алгандар гана бүтүм түзө алат.

2. Он төрт жашка чейинки жаш балдар өз алдынча төмөнкүлөрдү жасоого укуктуу:

1) майда-барат, турмуш-тиричилик бүтүмдөрү;

2) нотариаттын күбөлөндүрүүсүн же документ толтуруусун, же мамлекеттик каттоону талап кылбаган акысыз пайданы алууга багытталган бүтүмдөр;

3) мыйзамдуу өкүл тарабынан же анын макулдугу боюнча үчүнчү адам тарабынан белгилүү бир максатта же эркин жумшоо үчүн берилген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.

3. Он төрт жашка чейинки жашы жете элек балдардын кредиттик мекемелерге салым салуу укугу жана аны тескөө укугу мыйзамдар менен аныкталат.

4. Ата-энеси, асырап алуучулары же камкордукка алуучулары, эгерде милдеттенменин бузулушунда күнөөсү жоктугун далилдей алышпаса, анда он төрт жашка чейинки жашы жете элек балдар мүлк боюнча, мунун ичинде өз алдынча жасаган бүтүмдөрү боюнча жоопкерчиликке тартылышат. Ал адамдар мыйзамга ылайык жаш балдары келтирген зыян үчүн да жооп беришет.

 

64-статья. Граждандын аракетке жөндөмсүз деп таанылышы

 

1. Өзүнүн психикалык оорусунан улам өзү жасаган аракеттердин маанисин түшүнбөсө же өзүн-өзү башкара албаса, анда ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылышы мүмкүн, буга байланыштуу ал камкордукка алынат.

2. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган граждандын атынан бүтүмдү аны камкордукка алган адам түзөт.

3. Гражданды аракетке жөндөмсүз деп таануунун негиздери жок учурда сот аны аракетке жөндөмдүү деп тааныйт. Соттун чечиминин негизинде ага белгиленген камкордук алынып салынат.

4. Эгерде сот адамды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартса жана мындан талап кара ниеттен жасалгандыгы аныкталса, мындай аракеттер менен моралдык зыян келтирилген адам андай арыз менен кайрылган адамдан анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

65-статья. Граждандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө

 

1. Спирт ичимдиктерин же баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен өзүнүн үй-бүлөсүн материалдык оор абалга алып келген граждандын аракетке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан чектелиши мүмкүн, ушуга байланыштуу ага камкордукка алуучу белгиленет.

Ал турмуш-тиричиликке байланышкан майда бүтүмдөрдү өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу. Башка бүтүмдөрдү жасоого, ошондой эле иштеп тапканын, пенсиясын жана башка кирешелерин алууну жана аларды тескөөнү ал камкордукка алуучунун макулдугу менен гана ишке ашыра алат. Бирок мындай граждан өзү жасаган бүтүмдөр боюнча жана өзү келтирген зыян үчүн мүлктүк жоопкерчиликти өз алдынча тартат.

2. Эгерде граждандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектеген негиздер жоюлса, сот анын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөөнү жокко чыгарат. Соттун чечиминин негизинде гражданга коюлган камкордукка алуучу алынып салынат.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

66-статья. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу

 

1. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу аракетке жөндөмсүз же толук эмес аракетке жөндөмдүү граждандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн белгиленет. Өспүрүмдөрдү камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу аларды тарбиялоо максатында белгиленет. Буга ылайык камкордукка алуучулардын жана көзөмөлдүк кылуучулардын укуктары жана милдеттери нике жана үй-бүлө жөнүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.

2. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар атайын ыйгарым укуксуз эле өздөрү көзөмөлдүк кылган адамдардын бардык жактар менен мамилелеринде, анын ичинде сотто укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чыгат.

3. Жашы жете элек балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу алардын ата-энелери, асырап алгандары жок болгондо, алар сот тарабынан ата-эне болуу укугунан ажыратылганда, ошондой эле мындай граждандар башка себептерден улам ата-эненин камкордугусуз калганда, атап айтканда, ата-энелер аларды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодон баш тартканда белгиленет.

 

67-статья. Камкордукка алуу

 

1. Камкордукка алуу жаш балдарга, ошондой эле психикалык бузулуудан улам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган граждандарга белгиленет.

2. Камкордукка алуучулар мыйзамга ылайык камкордук кылуучу тарап болуп саналат жана алардын атынан жана алардын кызыкчылыгында бардык зарыл бүтүмдү жасайт.

 

68-статья. Көзөмөлдүк жүргүзүү

1. Көзөмөлдүк кылуу он төрт жаштан он сегиз жаш куракка чейинки жашы жете элек балдарга, ошондой эле спирт ичимдиктерин же баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген граждандарга белгиленет.

2. Көзөмөлдүк кылуу алдында болгон граждандар өз алдынча жасоого укуксуз болгон бүтүмдөрдү жасоого көзөмөлдөөчүлөр макулдук беришет.

Көзөмөлдүк кылуучулар өзүнүн камкордугу алдында болгондорго алардын өз укуктарын жүзөгө ашырышына жана милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле аларды үчүнчү жактардын кыянаттык кылышынан коргошот.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

69-статья. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр

 

1. Райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдында түзүлгөн балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөр үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр деп эсептелет.

2. Граждан аракетке жөндөмсүз деп таанылгандан же анын аракетке жөндөмсүздүгү чектелгендиги жөнүндө чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден баштап үч күндүн ичинде сот бул жөнүндө ал граждан жашаган жери боюнча Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө аларды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу үчүн билдирүүгө милдеттүү.

3. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрү өздөрү камкордукка алып, көзөмөл кылгандардын жашаган жери боюнча алардын ишине көзөмөлдүк кылат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

70-статья. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар

 

1. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу адам андай көзөмөлдүккө жана камкордукка муктаж болгон киши жашаган жери боюнча Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрү тарабынан гражданды камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалымат аталган бөлүмдөргө белгилүү болгон учурдан баштап бир айдын ичинде дайындалат. Көңүл бурууга арзый турган жагдайларда камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу адам Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү тарабынан камкордук көрүлө турган (көзөмөлдүккө алына турган) адам жашаган жер боюнча дайындалышы мүмкүн. Эгерде камкордукка алынып же көзөмөлдүк кылына турган адамга бир айдын ичинде камкордук көрүүчү же көзөмөлдүк кылуучу дайындалбаса, анын милдеттери Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнө убактылуу жүктөлөт.

Камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну дайындоо таламдаш жактар тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу болуп баралына жеткен аракетке жөндөмдүү гана граждандар дайындала алат. Ата-энелик укугунан ажыратылган граждандар камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу болуп дайындала албайт.

3. Камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу болуп алардын макулдугу менен гана дайындалышы мүмкүн. Муну менен бирге камкордукка алуучунун же көзөмөлдүк кылуучунун адептик жана башка жеке сапаттары, милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгү, аны менен ал камкордукка алган же көзөмөлдүк кылган адамдын ортосундагы мамиле, ал эми мүмкүн болсо көзөмөлдүккө алынуучунун каалоосу да эске алынууга тийиш.

4. Камкордукка алууга же көзөмөлдүк кылууга муктаж жана тийиштүү тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде же ушул сыяктуу башка мекемелерде турган же жактырылган граждандардын камкордукка алуучусу жана көзөмөлдүк кылуучусу болуп ошол мекемелердин өздөрү саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

71-статья. Камкордукка алуучунун жана көзөмөлдүк кылуучунун өз милдеттерин аткарышы

 

1. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу боюнча милдеттер мыйзамда каралгандан башка учурларда акысыз аткарылат.

2. Жашы жете элек граждандардын камкордукка алуучулары жана көзөмөлдүк кылуучулары өздөрү камкордук көргөндөр менен бирге жашоого милдеттүү. Көзөмөлдүк кылуучунун көзөмөлгө алынган он алты жашка жеткен адам менен өзүнчө жашоосуна ал көзөмөлдүккө алынган адамды тарбиялоого жана анын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого терс таасирин тийгизбеген шартта гана камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын уруксаты менен гана жол берилет.

Камкордукка алуучулар менен көзөмөлдүк кылуучулар камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдарына жашаган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар өздөрү камкордукка алгандарды күтүү жөнүндө, аларды кароону жана дарылоону камсыз кылуу жөнүндө камкордук көрүүгө, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү.

Жашы жете электерди камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар алардын билим алышына жана тарбияланышына камкордук көрүүгө тийиш.

4. Ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттер сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген баралына жеткен граждандардын көзөмөлдүк кылуучуларына жүктөлбөйт.

5. Эгерде граждандардын аракетке жөндөмсүз же спирт ичкиликтерин жана баңги заттарды ашкере пайдалангандыктын кесепетинен аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги таанылган негиздер жокко чыгарылса, камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу адам сотко өзү камкордукка алган адамдын аракетке жөндөмдүүлүгүн таануу жөнүндө жана андан камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу милдеттерин алып салуу өтүнүчү менен кайрылууга милдеттүү.

 

72-статья. Камкордукка алынган адамдын мүлкүн тескөө

 

1. Камкордукка алынган граждандын кирешеси, анын ичинде камкордуктагы адам өз алдынча сарптай алгандан башка, ошол камкордуктагы адамга анын мүлкүн башкаруудан келип түшүүчү киреше камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу тарабынан камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын алдын ала уруксаты боюнча камкордуктагы адамдын гана өзгөчө кызыкчылыгында сарпталат.

Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу адам камкордуктагы адамга тиешелүү сумманын эсебинен ошол камкордуктагы адамды күтүүгө зарыл сарптоону көзөмөлдүк кылуу жана камкордукка алуу органынын алдын ала уруксатысыз жүргүзүүгө укуктуу.

2. Көзөмөлдүк кылуучу адам көзөмөлдүк кылуу жана камкордукка алуу органынын алдын ала уруксатысыз, ал эми камкордукка алуучу адам көзөмөлдүккө алынган адамды мүлкүнөн ажыратуу, мунун ичинде мүлктү алмашуу же белекке берүү, аны жалдоого (арендага), акысыз пайдаланууга же күрөөгө берүү боюнча бүтүм чыгарууга, камкордуктагы адамга таандык укуктардан баш тартууга алып келүүчү бүтүм чыгарууга, анын мүлкүн бөлүштүрүүгө же андан үлүштөрдү бөлүп чыгарууга, ошондой эле камкордуктагы адамдын мүлкүн азайтууга алып келүүчү башка кандай гана болбосун бүтүм чыгарууга макулдук берүүгө укуксуз.

Камкордуктагы адамдын мүлкүн башкаруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

3. Көзөмөлдүк кылуучу, камкордукка алуучу, алардын жубайлары жана жакын туугандары камкордуктагы адамга мүлктү белекке же акысыз пайдаланууга берүүдөн тышкаркы учурларда бүтүм чыгарууга, ошондой эле камкордуктагы адам менен көзөмөлдүк кылуучу же камкордукка алуучу адамдын жубайы жана алардын жакын туугандары менен бүтүм чыгарууда же сот ишин жүргүзүүдө камкордуктагы адамдын атынан чыгууга укуксуз.

 

73-статья. Камкордуктагы адамдын мүлкүн ишеним менен башкаруу

 

1. Камкордуктагы адамдын кыймылсыз жана кыймылдуу баалуу мүлктөрүн туруктуу башкаруу зарылчылыгы болгон учурда Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм бул Бөлүм тарабынан аныктаган башкаруучу менен андай мүлктү ишеним боюнча башкаруу жөнүндө келишим түзөт. Мындай учурда камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу камкордуктагы адамдын мүлкүнө болгон өз ыйгарым укуктарын сактап калат, ал укуктар ишеним боюнча башкарууга өткөрүп берилбейт.

Камкордуктагы адамдын мүлкүн башкаруу боюнча башкаруучу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырган учурда ага карата ушул Кодекстин 72-статьясынын 2- жана 3-пункттарында каралган эрежелер жайылтылат.

2. Камкордуктагы адамдын мүлкүн ишеним боюнча башкаруу мүлктү ишеним боюнча башкаруу жөнүндөгү келишимди токтотуу үчүн мыйзамда каралган негиздер боюнча, ошондой эле камкордук кылуу жана көзөмөлдүккө алуу токтотулган учурда токтотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

74-статья. Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучунун өз милдеттерин аткаруудан бошотулушу же четтетилиши

 

1. Камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдары камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну өз милдеттерин аткаруудан жашы жете электерди ата-энелерине кайтарып берүү же аларды асырап алуу учурларында бошотот.

Камкордукка алынгандар тийиштүү тарбиялоо, дарылоо мекемелерине, калкты социалдык жактан коргоо мекемелерине же башка ушул сыяктуу мекемелерге жайгаштырылган учурда камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органдары мурда дайындалган камкордукка алуучуну же көзөмөлдүк кылуучуну, эгерде ал камкордукка алынгандардын кызыкчылыгына карама-каршы келбесе өз милдеттерин аткаруудан бошотот.

2. Жүйөөлүү себептер болгон учурда (ооруп калуу, мүлктүк абалынын өзгөрүшү, камкордуктагы адам менен пикир келишпестик ж.б.у.с.) камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өз өтүнүчү боюнча ал милдеттерди аткаруудан бошотулушу мүмкүн.

3. Камкордукка алуучу же көзөмөлдүк кылуучу өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ичинде камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу ишин өз максатында пайдаланганда же камкордукка алган адамын кароосуз жана зарыл жардамсыз калтырган учурда камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органы аларды өз милдеттерин аткаруудан четтетет жана күнөөлүү гражданды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн зарыл чараларды көрөт.

 

75-статья. Камкордукка алууну жана көзөмөлдүк кылууну токтотуу

 

1. Баралына жеткен граждандарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу камкордукка алуучунун, көзөмөлдүк кылуучунун же камкордукка алуу же көзөмөлдүк кылуу органынын арызы боюнча камкордукка алынган адамды аракетке жөндөмдүү же анын аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендигин алып салынышын таануу жөнүндө соттун чечими чыккан учурда токтотулат.

2. Кенже жаштагы камкордукка алынгандар 14 жашка чыкканда аларды камкордукка алуу токтотулат, ал эми камкордук кылуучу милдетин жүргүзгөн граждан бул туурасында кошумча чечимсиз эле жашы жете элек балага көзөмөлдүк кылуучу болуп калат.

3. Жашы жете электерге көзөмөлдүк кылуу алар 18 жашка чыкканда, ошондой эле никеге киргенде жана жашы жеткенге чейин алар толук аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болгон (56-статьянын 2-пункту жана 62-статья) башка учурларда өзгөчө чечим кабыл алынбастан эле токтотулат.

 

76-статья. Ишке жөндөмдүү гражданга патронаждык

 

1. Баралына жеткен ишке жөндөмдүү, бирок ден соолук абалына байланыштуу өз укуктарын өз алдынча коргой жана милдеттерин аткара албай турган граждандын өтүнүчү боюнча ага патронаж түрүндө асыроо белгилениши мүмкүн.

2. Ишке жөндөмдүү баралына жеткен граждандын камкордук көрүүчүсү (жардамчысы) мындай граждандын макулдугу боюнча гана камкордук көрүү же көзөмөлдүк кылуу органы тарабынан дайындалышы мүмкүн.

3. Ишке жөндөмдүү баралына жеткен камкордук көрүлүүчүгө таандык мүлктү камкордук көрүлүүчү менен түзүлгөн тапшыруу же ишеним менен башкаруу келишиминин негизинде камкордук көрүүчү (жардамчы) тескейт. Камкордук көрүлүүчүнү күтүүгө жана анын турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттандырууга багытталган турмуш-тиричилик жана башка бүтүмдөрдү түзүү камкордук көрүлүп жаткан адамдын макулдугу менен анын камкордук көрүүчүсү (жардамчысы) тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Ишке жөндөмдүү баралына жеткен гражданга бул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленген патронаж мындай патронаж астында турган граждандын талабы боюнча токтотулат.

Патронаж астында турган граждандын камкордук көрүүчүсү (жардамчысы) ушул Кодекстин 74-статьясында каралган учурларда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан бошотулат.

 

77-статья. Гражданды дайынсыз жоголду деп табуу

 

1. Эгерде граждандын турган жеринде бир жыл бою анын жүргөн жери тууралу маалымат болбосо, аны таламдаш адамдардын арызы боюнча сот дайынсыз жоголду деп табышы мүмкүн.

2. Жок болуп жаткан адам жөнүндө акыркы маалыматтар алынган күндү аныктоо мүмкүн болбогондо дайынсыз жоголду деп табуу үчүн мөөнөттү эсептөөнүн башталышы катары жок болуп жаткан адам жөнүндө акыркы маалыматтар алынган айдан кийинки айдын биринчи числосу, ал эми бул айды белгилөө мүмкүн болбогондо - кийинки жылдын 1-январы эсептелет.

 

78-статья. Гражданды натыйжасы дайынсыз жоголду деп табуунун натыйжасы

 

1. Дайынсыз жоголду деп табылган граждандын мүлкү, аны кайтаруу зарыл болгондо соттун чечиминин негизинде Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү аныктаган адамга ишеним менен башкарууга берилет жана ал ушул бул Бөлүм тарабынан менен түзүлгөн ишеничтүү башкаруу жөнүндө келишимдин негизинде иш-аракет кылат.

Дайынсыз жоголду деп табылган адамдын мүлкүн башкаруучу граждандык милдеттерди аткарууну кабыл алат, жоголгон адамдын мүлкүнүн эсебинен анын карыздарын жоет, бул мүлктү ошол адамдын таламында башкарат. Таламдаш жактардын арызы боюнча дайынсыз жоголгон адам багууга милдеттүү болгон граждандарга каражат берилет.

2. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмү жок болгон граждандын орду жөнүндө маалымат алган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин анын мүлкүн кайтаруу үчүн башкаруучуну дайындай алат.

3. Адамды дайынсыз жоголду деп табуунун бул статьяда каралбаган натыйжалары мыйзам менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

79-статья. Гражданды дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө чечимди алып салуу

 

1. Дайынсыз жоголду деп табылган граждан пайда болгон же анын турган орду табылган учурда сот аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндөгү чечимди алып салат. Соттун чечиминин негизинде бул граждандын мүлкүн башкаруу алып салынат.

2. Эгерде башкаруучуну дайындаган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин адамды дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндөгү чечим алып салынбаса же гражданды өлдү деп табуу жөнүндө сотко кайрылуу болбосо, камкордук көрүү жана көзөмөлдүк кылуу органы гражданды өлдү деп табуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга милдеттүү.

 

80-статья. Гражданды өлдү деп жарыялоо

 

1. Эгерде жашаган жеринде үч жыл бою турган орду жөнүндө маалымат болбосо, ал эми алты ай бою ал өлүм коркунучундагы же белгилүү бир кырсыктан улам аны курман болду деп эсептөө негиз болгон шарттарда кабарсыз болсо, анда сот тарабынан ал өлдү деп жарыяланышы мүмкүн.

2. Согуш аракеттерине байланыштуу дайынсыз жок болгон аскер кызматчысы же башка граждан согуш аракеттери аяктаган күндөн кеминде эки жыл убакыт өткөндөн кийин сот тарабынан өлдү деп жарыяланышы мүмкүн.

3. Соттун өлдү деп жарыялаган чечими мыйзам күчүнө кирген күн өлдү деп жарыяланган граждандын өлгөн күнү болуп эсептелинет. Өлүм коркунучун туудурган же белгилүү бир кырсыктан өлгөн катары эсептөөгө негиз бар шарттарда дайынсыз жоголгон граждан өлгөн катары кабарланган учурда, сот мындай граждандын өлгөн күнү катары анын курман болгондугунун болжолдонгон күнүн тааный алат.

4. Граждандын өлдү деп жарыяланышы мындай граждандын укуктары жана милдеттери жагынан анын өлүмүнөн кийинки келип чыгуучу натыйжага алып келет.

 

81-статья. Өлдү деп жарыяланган граждан өзү келгенден кийинки абал

 

1. Өлдү деп жарыяланган граждан өзү келген же турган орду билинген учурда тийиштүү чечим сот тарабынан жокко чыгарылат.

2. Граждан өзү келген мезгилдин убактысына карабастан, өзүнүн өлүмү жарыялангандан кийин сакталып калган мүлкү акысыз өткөн ар кандай жактан анын өзүнө кайтарылып берилишин талап кыла алат.

Өлдү деп жарыяланган граждандын мүлкү акы төлөнгөн бүтүм боюнча өткөрүп алган адамдар, эгерде өлдү деп жарыяланган граждандын тирүү экендигин билип туруп, анын мүлкүн сатып алгандыгы далилденсе, анда ага бул мүлктү кайтарып берүүгө милдеттүү. Мындай мүлктү кайтарып берүү мүмкүн болбосо, анын орду натуралай толтурулат.

3. Эгерде өлдү деп жарыяланган адамдын мүлкү мурастоо укугу боюнча мамлекетке өтүп жана сатылып кеткен болсо, анда адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндөгү чечим алып салынгандан кийин мүлктү сатуудан алынган сумма төлөө күнүнө карата анын рыноктук наркын эске алуу менен ага кайтарылып берилет.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

82-статья. Граждандык абал актыларын каттоо

 

1. Граждандык абалдын төмөндөгү актылары:

1) туулгандыгы;

2) никеге тургандыгы;

3) никени бузгандыгы;

4) асырап алгандыгы;

5) атасы ким экендигин белгилөө;

6) атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөртүү;

7) граждандын өлүшү.

2. Граждандык абал актыларын каттоо граждандык абал актыларын жазуу органдары тарабынан граждандык абал актыларын каттоо китебине (акт китептерине) тиешелүү жазууларды жазуу жана граждандарга бул жазуулардын негизинде күбөлүктөрдү берүү аркылуу жүргүзүлөт.

3. Граждандык абал актыларын жазууну оңдоо жана өзгөртүү граждандык абал актыларын жазуу органдары тарабынан жетиштүү негиздер болгон жана ишке тиешеси бар жактардын ортосунда талаш болбогон учурда жүргүзүлөт.

Таламдаш жактардын ортосунда талаш болсо же граждандык абал актысын жазуу органы жазууну оңдоодон же өзгөртүүдөн баш тарткан учурда талаш сот тарабынан чечилет.

Граждандык абал актыларын жазууну жок кылуу жана калыбына келтирүү граждандык актыларын жазуу органы тарабынан соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Көзөмөлсүз калган балдардын граждандык абал актыларын жазууну калыбына келтирүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу врачтык комиссиялардын чечимдеринин негизинде граждандык абал актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу врачтык комиссиялардын чечимдери тиешелүү эксперттик мекемелердин корутундулары болгондо чыгарылат.

4. Граждандык абал актыларын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар бул актыларды каттоонун тартиби, граждандык абал актыларынын жазууларын өзгөртүүнү, калыбына келтирүүнү жана жок кылуунун тартиби, акт китептеринин жана күбөлүктөрдүн формалары, ошондой эле акт китептерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү граждандык абал актылары жөнүндө мыйзам тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамынын, 2005-жылдын 4-июнундагы № 70 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

4-1-Глава. Дыйкан (фермер) чарбасы

 

(Бул Глава Кыргыз Республикасынын
1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде кошулган)

82-1-статья. Дыйкан (фермер) чарбасынын түшүнүгү

 

Дыйкан (фермер) чарбасы - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, болбосо өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын өндүрүүнү чогуу жүргүзгөн бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн, тууган-туушкандардын жана башка адамдардын жеке эмгегине негизделген, дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнө биргелешкен менчикте таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогуна же башка мүлккө негизделген өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект.

Дыйкан (фермер) чарбасы юридикалык жак катары түзүлгөн учурда коммерциялык уюм болуп эсептелет.

 

82-2-статья. Дыйкан (фермер) чарбасын түзүүнүн жана, каттоонун тартиби

 

1. Дыйкан (фермер) чарбасы ыктыярдуу башталыштарда гана түзүлөт. Дыйкан чарбасынын мүчөлөрү дыйкан чарбасынын курамынан тоскоолдуксуз чыгып кетүүгө укуктуу.

2. Дыйкан чарбасы юридикалык жак катары юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтүүгө, болбосо, эгерде дыйкан чарбасы өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырса, жеке ишкер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырат.

3. Дыйкан (фермер) чарбасынын укуктук абалы жана аны түзүүнүн өзгөчөлүктөрү "Дыйкан (фермер) чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жөнгө салынат.

 

82-3-статья. Дыйкан (фермер) чарбасынын менчиги (мүлкү)

 

Эгерде мыйзамда же алардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, дыйкан (фермер) чарбасынын менчиги (мүлкү) анын мүчөлөрүнө жалпы биргелешкен менчик укугунда таандык.

 

5-Глава
Юридикалык жактар

 

§ 1. Негизги жоболор

 

83-статья. Юридикалык жактын түшүнүгү

 

1. Менчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же оперативдүү башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алуучу жана ишке ашыруучу, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алуучу уюм юридикалык жак катары таанылат.

Юридикалык жактын өз алдынча балансы же сметасы болууга тийиш.

2. Юридикалык жактын мүлкүн түзүүгө катышкандыгына байланыштуу анын уюштуруучулары (катышуучулары), ушул юридикалык жакка карата милдеттенме укугуна же анын мүлкүнө буюм укугуна ээ болушу мүмкүн.

Аларга карата катышуучулары милдеттенме укугуна ээ болгон юридикалык жактарга төмөнкүлөр кирет: чарбалык шериктештиктер жана коомдор.

Алардын мүлкүнө уюштуруучулар менчик укугун же башкача буюм укугун сактап калган юридикалык жактарга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда мүлккө ээлик кылган уюмдар кирет.

3. Аларга карата уюштуруучулары (катышуучулары) мүлктүк укукка ээ болбогон юридикалык жактарга төмөнкүлөр кирет: коомдук бирикмелер жана диний уюмдар; кайрымдуулук жана башка коомдук фонддор; юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялары жана союздары).

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

84-статья. Юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгү

 

1. Юридикалык жак анын уюштуруу документтеринде каралган ишмердиктин максаттарына ылайык граждандык укуктарга ээ боло алат жана мындай ишмердикке байланыштуу милдеттерди ала алат.

Чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда мүлккө ээлик кылган уюмдарды (мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар) кошпогондо, коммерциялык уюмдар, иш жүргүзүүнүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай түрүн ишке ашырууга зарыл болгон граждандык укуктарга жана милдеттерге ээ. Юридикалык жак тизмеси мыйзам тарабынан аныкталуучу ишмердиктин айрым түрлөрүн атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана ишке ашыра алат.

2. Юридикалык жактын укуктары мыйзамда каралган учурларда жана тартипте гана чектелиши мүмкүн. Юридикалык жак укугунун чектелиши тууралу чечим боюнча сотко даттана алат.

3. Юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгү ал түзүлгөн учурдан баштап пайда болот (86-статьянын 2-пункту) жана анын жоюлушу аяктаганда токтотулат (98-статьянын 8-пункту).

Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, бул ишти жасоого лицензия алуу зарыл болгон ишмердикти жүзөгө ашырууга юридикалык жактын укугу (ушул статьянын 1-пункту) мындай лицензияны алган учурдан тартып пайда болот жана анын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтойт.

 

85-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар

 

1. Өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөгөн (коммерциялык) же мындай максат катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн (коммерциялык эмес) уюмдар юридикалык жактар боло алат.

2. Коммерциялык уюмдар катары саналган юридикалык жактар чарбачылык шериктештиктердин жана коомдордун, кооперативдердин, дыйкан (фермердик) чарбаларынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын түрүндө түзүлө алат.

3. Коммерциялык эмес уюмдар катары саналган юридикалык жактар мекеменин менчик ээси тарабынан финансылануучу кооперативдер, саясий партиялар дагы башка коомдук же диний уюмдар (бирикмелер), мекемелер кайрымдуулук жана башка фонддор, ошондой эле мыйзамда каралган дагы башка түрлөрдө түзүлө алат.

Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставындагы максаттарга зарыл болгон өлчөмдө гана ишкердик кыла алат.

4. Коммерциялык жана (же) коммерциялык эмес уюмдардын бирикмелеринин ассоциациялар (бирликтер) түрүндө түзүлүшүнө жол берилет.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 , 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 263 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

86-статья. Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо

 

1. Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик катталууга тийиш. Мамлекеттик катоонун маалыматтары, юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик тизмесине киргизилет, ал жалпы таанышуу үчүн ачык болот.

Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тийиштүү мыйзамдар менен жөнгө салынат.

Каттоодон баш тартуу мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт. Юридикалык жакты түзүү максатка ылайык эмес деген себептер боюнча аны каттоодон баш тартууга жол берилбейт.

Мамлекеттик каттоодон баш тартуу, ошондой эле мындай каттоодон оолактоо сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак болуп түзүлдү деп эсөптелет.

3. Юридикалык жак мыйзамда белгиленген учурда гана кайрадан, каттоодон өтөт.

(Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 18-январындагы № 24 Мыйзамынын, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2009-жылдын 20-февралындагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

87-статья. Юридикалык жактын түзүлүшү жана уюштуруу документтери

 

1. Юридикалык жакты бир же бир нече уюштуруучу уюштурушу мүмкүн.

2. Юридикалык жакты уюштуруучу мүлктүн менчик ээлери же алар ыйгарым укук берген органдар же жактар мыйзамда атайын каралган учурларда башка уюмдар же граждандар боло алышат. Мында мүлккө чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылгандар менчик ээсинин же ал ыйгарым укук берген органдын макулдугу менен башка юридикалык жактардын уюштуруучусу боло алат.

3. Юридикалык жак уставдын же уюштуруу келишиминин жана уставынын, же уюштуруу келишиминин гана негизинде аракеттенет. Мыйзамда каралган учурларда коммерциялык уюм болуп саналбаган юридикалык жак мындай түрдөгү уюмдар жөнүндөгү жалпы жобонун негизинде иштеши мүмкүн.

Юридикалык жактын уюштуруу келишимин анын уюштуруучулары (катышуучулары) түзүшөт, ал эми уставы алар тарабынан бекитилет.

Ушул Кодекске ылайык бир уюштуруучу тарабынан түзүлгөн юридикалык жак ошол уюштуруучу бекиткен уставдын негизинде иштейт.

4. Юридикалык жактын уставында жана башка уюштуруу документтеринде юридикалык жактын аталышы, анан орун алган жери, юридикалык жактын ишмердигин башкаруу тартиби, ошондой эле тийиштүү түрдөгү юридикалык жак жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген башка маалыматтар болууга тийиш. Коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ал эми мыйзамда каралган учурларда, башка дагы коммерциялык уюмдардын уюштуруу документтеринде юридикалык жактын ишмердигинин предмети жана максаты аныкталууга тийиш. Айрым коммерциялык уюмдардын уюштуруу документтеринде алардын ишмердигинин предмети жана максаты аныкталышы мүмкүн.

Уюштуруучулар уюштуруу келишиминде юридикалык жакты түзүүгө милдеттенишет, аны түзүү боюнча ишмердиктин биргелешкен тартибин, ага өз мүлкүн өткөрүп берүүнүн жана анын ишмердикке катышуу шарттарын аныкташат. Ошондой эле келишимде катышуучулардын ортосунда пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүүнүн, юридикалык жактын ишмердигин башкаруунун, уюштуруучулардын (катышуучулардын) анын курамынан чыгуусунун тартиби жана шарттары аныкталат. Уюштуруучулардын макулдугу менен уюштуруу келишимине башка шарттар да киргизилиши мүмкүн.

5. Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялык эмес уюмдардан тышкары юридикалык жактардын уюштуруу документтерин өзгөртүү юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тартипте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.

Коммерциялык эмес уюмдардын жана финансы-кредиттик мекемелердин уюштуруу документтерин өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн юридикалык жактар мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жактын уюштуруу документтерин өзгөртүү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн органга мындай өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү жиберген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында юридикалык жактар жана алардын уюштуруучулары ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аракеттенген үчүнчү жактарга карата мындай өзгөртүүлөрдүн каттоосу жоктугуна шылтоо кылууга укугу жок.

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

88-статья. Юридикалык жактын органдары

 

1. Юридикалык жак мыйзамга жана уюштуруу документтерине ылайык колдонулган өзүнүн органдары аркылуу граждандык укукту жана граждандык милдеттерди өзүнө алат. Юридикалык жактын органдарын дайындоо же шайлоо тартиби мыйзамдар жана уюштуруу документтери менен аныкталат.

2. Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жак өзүнүн катышуучулары аркылуу граждандык укуктарга ээ боло алат жана граждандык милдеттерди өзүнө ала алат.

3. Мыйзамга же юридикалык жактын уюштуруу документтерине ылайык анын атынан чыгуучу жак өзү өкүлчүлүк кылган юридикалык жактын кызыкчылыгында акыл-эстүүлүк жана ак ниеттүүлүк менен аракеттенүүгө тийиш. Ал юридикалык жактын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын, мүчөлөрүнүн) талабы боюнча алар юридикалык жакка келтирген зыяндын ордун, мыйзамда же келишимде башка каралбагандыктан, толтуруп берүүгө милдеттүү.

 

89-статья. Юридикалык жактын аталышы жана жайгашкан жери

 

1. Юридикалык жак анын түрүн, уюштуруучулук-укуктук формасы жана ишмердигинин мүнөзүн камтыган аталышка ээ болот.

Юридикалык жактын аталышына Кыргыз Республикасынын официалдуу толук же кыскартылган аталышын киргизүүгө, мындай аталышты же мамлекеттик символиканын элементтерин юридикалык жактын документтеринин реквизиттерине же рекламалык материалдарына киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте гана жол берилет.

Жеке менчик формасындагы юридикалык жактар өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын пайдаланууга укуксуз.

2. Юридикалык жактын, эгерде мыйзамга ылайык юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, анын мамлекеттик каттоодон өткөн жери катары аныкталат.

3. Юридикалык жактын аталышы жана жайгашкан жери анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлөт.

4. Коммерциялык уюм болгон юридикалык жак фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.

Фирмалык аталышы белгиленген тартипте катталган юридикалык жак аны пайдалануунун өзгөчө укугуна ээ болот.

Фирмалык аталаштарды каттоо жана пайдалануу тартиби мыйзамдар менен ушул Кодекске ылайык аныкталат.

Бөлөк бирөөнүн катталган фирмалык аталышын укуксуз пайдаланган жак фирмалык аталыш укугуна ээ болгон жактын талабы боюнча аны пайдаланууну токтотууга жана келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

(КР 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

90-статья. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар

 

1. Юридикалык жак орун алган жерден башка жерде жайгашкан жана ага өкүлчүлүк кылган жана кызыкчылыгын коргогон, анын атынан бүтүмдөрдү түзүп жана башка юридикалык иш-аракеттерди жүргүзгөн өз алдынча бөлүк өкүлчүлүк болуп эсептелет.

2. Юридикалык жак орун алган жерден башка жерде жайгашкан жана анын функцияларын толугу менен же жарым-жартылай, анын ичинде өкүлчүлүк милдеттерин аткаруучу өз алдынча бөлүк филиал болуп эсептелет.

3. Өкүлчүлүктөр жана филиалдар юридикалык жак болуп саналбайт. Алар өздөрүн түзгөн юридикалык жактардын мүлкүн алат жана алар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иш жүргүзүшөт.

Өкүлчүлүктөрдүн жана филиалдардын жетекчилери юридикалык жак тарабынан дайындалат жана алардын ишеним катынын негизинде иштешет.

Өкүлчүлүктөр жана филиалдар аларды түзгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

 

91-статья. Юридикалык жактын жоопкерчилиги

 

1. Юридикалык жактар, мекеменин менчик ээси тарабынан финансылануучудан тышкары, өз милдеттенмелери боюнча өзүнө таандык бардык мүлк менен жооп берет.

2. Менчик ээси тарабынан финансылануучу мекемелер өз милдеттенмелери боюнча ушул Кодекстин 164-статьясында белгиленген тартипте жана шартта жооп берет.

3. Юридикалык жактын уюштуруучусу (катышуучусу) же анын мүлкүнүн менчик ээси юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми юридикалык жак уюштуруучунун (катышуучунун) же менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча, ушул Кодекс, мыйзам же юридикалык жактын уюштуруу документтери менен белгиленгенден тышкары, жооп бербейт.

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

92-статья. Юридикалык жакты кайра түзүү

 

1. Юридикалык жактарды кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими менен, лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекемелерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.

Сот тарабынан таанылган же кредиторлордун жыйынында банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланган юридикалык жакты кайра түзүү негиздери жана тартиби банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.

2. Монополиялык ишмердикке чек коюу максатында мыйзам менен коммерциялык уюмдарды соттун чечими боюнча мажбурлап өзгөртүп түзүү каралышы мүмкүн.

Эгерде юридикалык жактын уюштуруучулары, алар ыйгарым укук берген орган же уюштуруу документтери менен өзгөртүп түзүү ыйгарым укугу берилген орган соттун чечиминде аныкталган мөөнөттө юридикалык жакты өзгөртүп түзүүнү ишке ашырбаса, сот юридикалык жакка тышкы башкаруучуну дайындайт жана ага бул юридикалык жакты өзгөртүп түзүүнү ишке ашырууну тапшырат. Тышкы башкаруучу дайындалган учурдан баштап, ага юридикалык жактын ишин башкаруунун ыйгарым укугу өтөт. Тышкы башкаруучу сотто юридикалык жактын атынан чыгат, бөлүштүрүү балансын түзөт жана аны өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон юридикалык жактын уюштуруу документтери менен бирге соттун бекитүүсүнө берет.

Көрсөтүлгөн документтерди кароонун негизинде чыгарылган сот актысынын күчүнө кириши кайрадан пайда болуучу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо үчүн негиз болот.

3. Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жактарды бириктирүү, кошуу же өзгөртүп түзүү түрүндө кайра түзүү учурларында буга ыйгарым укук берилген, мамлекеттик органдардын макулдугу менен гана жол берилет.

4. Кошуу аркылуу кайра түзүү түрүндөгү учурлардан тышкары, жаңы пайда болгон юридикалык жактар каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак кайра түзүлдү деп эсептелинет.

Юридикалык жакты ага башка юридикалык жакты кошуу менен кайра түзүүдө алардын биринчиси юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кошулган юридикалык жактын ишмердигинин токтотулушу тууралу жазуу киргизилген учурдан тартып кайра түзүлдү деп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 , 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

93-статья. Юридикалык жактарды кайра түзүүдө укуктун өтүүсү

 

1. Юридикалык жактар кошулганда алардын ар биринин укуктары менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык өтөт.

2. Бир юридикалык жакты башка юридикалык жакка кошкондо кийинкисине кошулган юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актысына ылайык өтөт.

3. Юридикалык жакты бөлгөндө анын укуктары менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жактарга бөлүү балансына ылайык өтөт.

4. Юридикалык жактын курамынан бир же бир нече юридикалык жак бөлүнүп чыкканда алардын ар бирине ажыратуу балансына ылайык кайра түзүлгөн юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өтөт.

5. Бир түрдөгү юридикалык жакты экинчи түрдөгү юридикалык жакка кайра түзгөндө (уюштуруучулук-укуктук түрүн өзгөрткөндө) жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык кайра түзүлгөн юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өтөт.

 

94-статья. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы

 

1. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карызкорлоруна карата бардык милдеттенмелери боюнча укуктардын өтүшү, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүсү тууралу жоболорду камтууга тийиш.

2. Өткөрүп берүү актысы жана ажыратуу балансы юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же юридикалык жакты кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан бекитилет жана кайрадан пайда болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн берилет.

Өткөрүп берүү актысынын же ажыратуу балансынын берилбегендиги, ошондой эле анын ичинде кайра түзүлгөн юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча укуктун өтүүсү тууралу жобонун жоктугу жаңы пайда болгон юридикалык жактарды мамлекеттик каттоого алуудан баш тартууга алып келет.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

95-статья. Юридикалык жакты кайра түзүүдө анын кредиторлорунун укуктарынын гарантиясы

 

1. Юридикалык жакты кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алган анын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган бул тууралу кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын кредиторлоруна кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын кредитору юридикалык жак карызкор болгон милдеттенмени токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну жана тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде ажыратуу балансы кайра түзүлгөн юридикалык жактын укугу өтүүчүлөрдү аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда жаңы пайда болгон юридикалык жактар кайра түзүлгөн юридикалык жактын кредиторлорунун алдында анын милдеттенмелери боюнча тилектеш жоопкерчиликти көтөрөт.

 

96-статъя. Юридикалык жакты жоюу

 

1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет.

2. Юридикалык жак:

аны уюштуруучулардын (катышуучулардын) же юридикалык жактын уюштуруу документи менен ыйгарым укугун алган органдын чечими боюнча, анын ичинде ал максатына жетүү үчүн түзүлгөн юридикалык жак түзүлгөн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же аны түзүүдө четтетүүгө болбой турган мыйзамды бузууга жол берилгендигине карата юридикалык жакты каттоо сот тарабынан жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу;

ишмердигин тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) жүзөгө ашырган же мыйзам тарабынан тыюу салынган ишмердикти жүргүзгөн, же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же ишмердигин юридикалык жактын уставдык максаттарына лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда карама-каршы жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.

Төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жакты - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банкты же финансы-кредиттик мекемени жоюу банк операцияларын жүргүзүү укугундагы лицензия кайтарылып алынган учурда, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.

Банктын акционерлери тарабынан банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия кайтарылып алынгандан кийин жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим 1 айдын ичинде кабыл алынбаса, юридикалык жакты - банкты мажбурлап жоюу жүргүзүлөт.

Банк лицензиясын кайтарып алуу же убактылуу токтотуу учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы катышуучулар тарабынан - жоюу комиссиясы же сот тарабынан администратор дайындалганга чеиин банктын активдерин жана документтерин сактап туруу максатында убактылуу башкаруучуну дайындоого тийиш. Убактылуу башкаруучу "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-статьясына ылайык убактылуу администратор үчүн анын дайындалышынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болот.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча юридикалык жакты жоюу жөнүндө талап мыйзам мындай талап коюу укугун берген мамлекеттик орган же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан сотко берилиши мүмкүн.

Юридикалык жакты жоюу жөнүндө соттун чечими менен анын уюштуруучуларына (катышуучуларына) же аны уюштуруу документтери менен юридикалык жакты жоюуга ыйгарым укук берилген органга юридикалык жакты жоюуну жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.

Ушул Кодекстин ушул статьясынын 2, 3-пункттарынын жана 97, 98-статьяларынын талаптары банкрот болуу процессинде юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт.

4. Коммерциялык уюм болуп эсептелген кооператив же коомдук фонд катары аракеттенген юридикалык жак ал банкрот(кудуретсиз) деп табылгандыгына байланыштуу ушул Кодекстин 100-статьясына ылайык жоюлат.

Эгерде мындай юридикалык жактын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.

Банкроттуктун (кудуретсиздиктин) натыйжасында юридикалык жактарды жоюу жөнүндө жоболор мекемелерге карата колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын, 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 1999-жылдын 27-ноябрындагы 131, 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

97-статья. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган жактын милдеттери

 

1. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган бул тууралу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоого алуучу органга юридикалык жак жоюлуп жаткандыгы тууралу юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалымат киргизүү үчүн токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

2. Юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же орган жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындайт, ушул Кодекске ылайык жоюу тартибин жана мөөнөтүн белгилейт.

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалгандан тартып юридикалык жактын органдарынын анын мүлкүн тескөө боюнча иш-аракетин контролдоо боюнча ыйгарым укугун алат. Атап айтканда, юридикалык жактын органдарынын мүлктү ажыратууга же карыздарын тындырууга карата жасалган актылары жоюу комиссиясынын (жоюучунун) макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын милдеттенмелери, анын ичинде үчүнчү жактардын алдында кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн.

(Экинчи абзац КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

98-статья. Юридикалык жакты жоюунун тартиби

 

1. Жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө, анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жөнөтөт. Мында бул мөөнөт жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып эки айдан кем болууга тийиш эмес.

Жоюу комиссиясынан (жоюучудан) алынган маалымат беш жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоочу (кайра каттоочу) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланат.

Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредиторлорду аныктоого жана дебитордук карыздарды алууга бардык аракеттерди жасайт, ошондой эле юридикалык жактын жоюлгандыгы жөнүндө кредиторлорго жазуу жүзүндө кабарлайт.

2. Эгерде жоюлуп жаткан юридикалык жактын (мекемелерден башкасынын) акча каражаты кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.

3. Жоюлуп жаткан юридикалык жактын кредиторлоруна акча суммаларын төлөө ушул Кодекстин 99-статьясында белгиленген кезектүүлүк тартиби боюнча жоюу комиссиясы (жоюучу) тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кредиторлор менен эсептешүү бүткөндөн кийин жоюу комиссиясы (жоюучу) жоюу балансын түзөт, ал юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээси же юридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан бекитилет.

5. Жоюлуп жаткан мекеменин акчалай каражаты кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда кредиторлор талаптарынын аткарылбай калган бөлүгүн бул мекеменин менчик ээсинин мүлкүнүн эсебинен канааттандыруу доосу менен сотко кайрылууга укуктуу.

6. Юридикалык жактын кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин калган мүлкү, эгерде мыйзамда же ушул юридикалык жактын уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, бул мүлккө карата буюм укугу же бул юридикалык жакка карата милдеттенмелик укугу бар юридикалык жактын уюштуруучуларына (катышуучуларына) берилет.

7. Юридикалык жактын жоюлушу аяктады, ал эми юридикалык жак ишин токтотту деп каттоочу уюмдун тиешелүү чечими кабыл алынган учурдан тартып эсептелет.

(КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 56, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

99-статья. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу

 

1. Юридикалык жак жоюлганда анын кредиторлорунун талабы төмөндөгүдөй кезек менен канааттандырылат:

биринчи кезекте - мыйзамда аныкталган тартипте тийиштүү убктылуу төлөмдөрдү капитализациялоо жолу менен өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги үчүн карызкор жоопкерчилик тарткан граждандардын талабы канааттандырылат;

экинчи кезекте - эмгек келишими (контракт) боюнча иштеген адамдарга эс алуу күндөрү үчүн жана социалдык пособиелерди төлөп берүү жана эмгек акы төлөп берүү боюнча эсептешүүлөр үч айдан ашпаган мезгил үчүн, жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча жүргүзүлөт;

үчүнчү кезекте - кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынбаган алар боюнча пайыздары жана негизги суммалары боюнча талаптар канааттандырылат. Мында, бул кезектин башка кредиторлорунун талаптарына карабастан, адегенде аффилирленбеген жеке жактардын - банктардын аманатчыларынын талаптары, андан кийин аффилирленген жеке жактардын - банктардын талаптары канааттандырылат;

төртүнчү кезекте милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын кошпогондо, бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт;

бешинчи кезекте - бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун неустойканы (пеня жана штрафтар) төлөп берүү боюнча талаптары канааттандырылат.

Кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калдыгы юридикалык жактын уюштуруучуларына (катышуучуларына) төлөнүп берилет (берилет).

Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары ушул Кодекстин 324-статьясына ылайык күрөөнү реализациялоодон алынган сумманын чегинде башка кредиторлордун алдында артыкчылык менен канааттандырылат.

2. Ар бир кезектин талаптары андан мурдагы кезектин талаптары толугу менен канааттандырылгандан кийин гана канааттандырылат.

3. (КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредитордун талабын аткаруудан баш тартса же аны кароодон четтесе, кредитор юридикалык жактын жоюу балансынын бекитилишине чейин жоюу комиссиясына (жоюучу) доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Соттун чечими менен кредитордун талаптары жоюлуп жаткан юридикалык жактын калган мүлкүнүн эсебинен канааттандырылышы мүмкүн.

4. Жоюу комиссиясы (жоюучу) белгилеген мөөнөт кийин коюлган кредитордун талабы ал мөөнөт ичинде билдирилген кредиторлордун талаптары орундалгандан кийин карызкордун калган мүлкүнөн канааттандырылат.

5. Банкрот болуу (кудуретсиздик) процессин жүргүзүүдө ушул статьянын талаптары ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөр менен колдонулат.

6. (КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)

 

(КР 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 , 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 79, 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

100-статья. Юридикалык жактын банкрот болушу (кудуретсиздиги)

 

1. Банкроттук (кудуретсиздик) деп сот тарабынан таанылган же юридикалык жактын макулдугу менен кредиторлордун чогулушунда жарыяланган ушул юридикалык жактын өз кредиторлорунун негиздүү акчалай милдеттенмелерин толук көлөмүндө жана белгиленген мөөнөттөрдө канааттандырууга жарамсыздыгы, анын ичинде бюджетке жана өзүнүн өтүмдүү активдерине карата алган милдеттенмелеринен аша чапкандыгынын натыйжасында келип чыккан, бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жарамсыздыгы түшүнүлөт.

2. Юридикалык жакты банкрот (кудуретсиз) деп таануу сот тарабынан жүргүзүлөт.

Юридикалык жак банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык соттон тышкаркы тартипте банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланышы да мүмкүн.

3. Жоюлуп жаткан юридикалык жактын мүлкү жетишсиз болгондо, мыйзамда башка жагдай каралбаса, бул мүлк канааттандырылууга тийиш болгон талаптардын суммасына пропорционалдуу түрдө кредиторлор арасында кезегине ылайык бөлүштүрүлөт.

4. Жоюлуп жаткан юридикалык жактын мүлкүнүн жетишсиздигинен улам канааттандырылбаган кредиторлордун талаптары ушул Кодекстин 104-статьясында каралган учурду кошпогондо, тындырылды деп эсептелет. Эгерде кредитор сотко доо коюп кайрылбаса, банкрорттук процессинде таанылбаган кредиторлордун талаптары да, ошондой эле кредиторго канааттандыруудан соттун чечими менен баш тартылган талаптар да тындырылды деп эсептелет.

5. Сот тарабынан банкрот деп таануу же юридикалык жактын кредиторлорунун жыйынында ошондой деп жарыялоо үчүн негиздер, ошондой эле банкроттук процессин жүргүзүү тартиби банкроттук жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленет.

6. Банкроттук процесси менен байланышкан чыгымдар тындырылгандан кийин юридикалык жактын - карызкордун кредиторлорунун талабы, эгерде банкрорттук жөнүндө мыйзамда башка жагдай белгиленбесе, ушул Кодекстин 99-статьясынын эрежелери боюнча канааттандырылат.

7. Банкроттук процессин жүргүзүү менен байланышкан зарыл чыгымдоолор банкроттук процессинин чыгымдары деп таанылат жана банкроттук процедурасы жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоого кеткен чыгымдарды, соттук чыгымдарды, администратордун чыгымдарын, администраторго сый иретинде төлөп берүүлөрдү, ошондой эле юридикалык жактын - карызкордун чарбалык ишин уланта берүүнү администратор керек деп эсептеген мезгилдин ичиндеги мүмкүн болгон чыгымдарды жана башка чыгымдарды камтыйт.

Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө дайындаган квалификациялуу адис жана юридикалык жактын - карызкордун банкрот болуу процессинин жүргүзүлүшү үчүн жооптуу адам администратор болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын, 2002-жылдын 22-июнундагы № 109, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

101-статья. Санация

 

1. Сот тартибинде юридикалык жакты банкрот (кудуретсиз) деп таануу тууралу талап коюлган учурда ал юридикалык жак (карызкор) же ал мүлктүн ээси банкротчулук жөнүндөгү ишти токтото туруу жана санация жүргүзүү өтүнүчү менен кайрыла алат.

Соттун чечими менен ыйгарым укук берилген орган тарабынан сот белгилеген мөөнөттө карызкордун кредиторлору менен эсептешүү максатында анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган финансылык, башка экономикалык же уюштуруу чараларынын комплексинин жүзөгө ашырылышы санация деп эсептелет.

2. Юридикалык жакка (карызкорго) болгон кредиторлордун талабына карата, анын ичинде кредиторлордун сот иши боюнча чыгымдарынын ордун толтуруп берүү боюнча үчүнчү жактардын кепилдиги болбогон учурда сот басма сөз аркылуу карызкорду санацияны жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган юридикалык жактардын жана граждандардын конкурсун жарыялайт. Эгерде жарыялоодон кийин бир айдын ичинде андайлар чыкпаса же алардын санация жүргүзүү боюнча сунуш кылган шарттарына карызкор макул болбосо, банкрот болуу иши сот тарабынан каралууга тийиш.

3. Эгерде юридикалык жакты банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө талап сот аркылуу коюлбаса, карызкордун кредиторлору менен болгон макулдашуусунун негизинде санация ушул макулдашуу менен аныкталган тартипте жана шартта жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

102-статья. Юридикалык жактын банкрот болушу (кудуретсиздиги) тууралу иш козгоонун натыйжасы

 

Соттук же сотук эмес тартипте юридикалык жакты банкрот болду (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө иш козголгон учурдан тартып бул юридикалык жак банкроттук жөнүндө мыйзамда башка жагдай каралбаса, өзүнө таандык мүлктү өзүнөн ажыратууга, башка бир негиздер боюнча аны үчүнчү бирөөлөргө берүүгө жана өз милдеттенмелерин ыктыярдуу тындырууга укугу жок.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

103-статья. Юридикалык жакты банкрот (кудуретсиз) деп таануунун натыйжалары

 

1. Юридикалык жакты соттун банкрот (кудуретсиз) деп таанышы, ошондой эле кредиторлордун банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө жарыялашы бул юридикалык жактын жоюлушуна же банкроттук жөнүндө мыйзамда каралган башка натыйжаларга алып келет.

2. Соттук же сотон тышкаркы тартипте юридикалык жактын - карызкордун банкрот болуу процессинин башталышы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып:

1) эгерде мурда боло элек болсо, юридикалык жактын - карызкордун бардык карыздык милдеттенмелерин тындыруу мөөнөтү келди деп эсептелет;

2) юридикалык жактын - карызкордун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча неустойкаларды (штраф, пеня) жана проценттерди эсептөө токтотулат;

3) банкроттук процесси башталган учурда эсептелген неустойка (штраф, пеня) жана проценттер банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте төлөнүп берилет;

4) юридикалык жактын - карызкордун финансылык абалы жөнүндө маалыматтар конфиденциалдуу мүнөзгө ээ болгон же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтардын категориясына кирүүсүн токтотот;

5) юридикалык жактын - карызкордун мүлкүн ажыратуу менен байланышкан же анын мүлкүн үчүнчү бирөөлөргө пайдаланууга берүүгө алып келүүчү бүтүмдөрдү түзүүгө банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте гана жол берилет;

6) карыздарды тындыруу боюнча соттук жана башка чечимдердин аткарылышына жана анын активдерине камак салуу, ошондой эле юридикалык жактын - карызкордун милдеттенмелерин мажбурлап аткартууга багытталган аракеттер токтотулат;

7) мүлктүк мүнөздөгү бардык талаптар карызкор - юридикалык жакка банкроттук процессинин чегинде гана коюлушу мүмкүн;

8) күрөө менен камсыз кылынган кредитор администраторго өзүнүн талабын коюуга жана банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык башка кредиторлордун алдында өз талаптарын артыкчылык менен канааттандыртууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

104-статья. Юридикалык жакка таандык мүлккө карата ал жоюлгандан кийин өндүрүп алуунун кайрылышы. Акционерлердин (катышуучулардын), жетекчилердин жана мүлктүн кара ниет ээлеринин жоопкерчилиги

1. Эгерде юридикалык жак жоюлгандан кийин анын өз кредиторлорунун алдындагы жоопкерчилигинен качуу максатында өз мүлкүнүн жок дегенде бир бөлүгүн башка жакка өткөрүп бергендиги же башкача түрдө жашырып койгондугу далилденсе, анда өз талаптарын толугу менен канааттандыра албай калган кредиторлор жоюу иштеринин чектеринде бул мүлккө карата өздөрүнүн тындырылбай калган карыздары боюнча өндүрүп алуу менен кайрылууга укуктуу. Мында ушул Кодекстин 290, 291-статьяларынын эрежелери колдонулат. Мүлк берилген жак, эгерде ал юридикалык жактын бул мүлктү кредиторлордон жашырып коюуга карата ниетин билген болсо, карасанатайлык катары эсептелет.

2. Эгерде карызкордун банкроттугу иши начар карызкордун жетекчиси тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон тескемелерди берүү аркылуу юридикалык жакты контролдоого аларга мүмкүндүк берген акцияларга (үлүштөргө) ээ. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана/же катышуучулардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) келип чыкса, анда мүлк жетишсиз болгон учурда көрсөтүлгөн жактар коомдун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.

Эгерде банкроттук жөнүндө мыйзамда жана анын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралса, бул учурда администратор кредиторлор тарткан зыяндын ордун толтуруп берүү, мүлктү кайтаруу же алынган суммаларды төлөө жөнүндө талаптарды коюушу мүмкүн.

3. Сот карызкордун кредиторлорунун тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүү жөнүндө карызкордун катышуучуларына карата чечим кабыл алган учурда, сот ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө жана тартипте катышуучуну дисквалификациялоо жөнүндө маселени карап чыгууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 , 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 , 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

§ 2. Чарбалык шериктештиктер жана коомдор

 

1. Жалпы жоболор

 

105-статья. Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндөгү негизги жоболор

 

1. Чарбалык шериктештиктер жана коомдор деп капиталы уюштуруучу-

лардын (катышуучулардын) ортосунда үлүштөргө (салымдарга) же акцияларга бөлүштүрүлгөн коммерциялык уюмдар таанылат. Уюштуруучулардын

(катышуучулардын) салымдарынын же алардын акцияларды сатып алышынын

эсебинен түзүлгөн, ошондой эле чарбалык шериктештик же коом иштеп жат-

канда сатып алынган мүлк ага менчик укугунда таандык болот.

Ушул Кодексте каралган учурларда чарбалык коом бир жак менен да түзүлө алат жана ал коомдун жалгыз мүчөсү болот.

2. Чарбалык шериктештиктер жана коомдор толук шериктештик, коммандиттик шериктештик, жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги

бар шериктештик, акционердик коом түрүндө түзүлө алат.

3. Жеке ишкерлер жана (же) коммерциялык уюмдар толук шериктештер-

дин мүчөлөрү жана коммандиттик шериктештиктердин толук шериктеши боло

алат.

Граждандар жана юридикалык жактар чарбалык коомдордун катышуучусу

жана командиттик шериктештиктердин салым кошуучулары боло алышат.

Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары

чарбалык коомдордун мүчөсү жана коммандиттик шериктештиктердин салым

кошуучу болууга укугу жок.

Менчик ээси тарабынан финансылануучу мекемелер менчик ээсинин уруксаты менен чарбалык коомдордун катышуучусу жана коммандиттик шериктештиктердин мүчөсү, мыйзамда башка белгиленбегендиктен, боло алышат.

Ачык акционердик коомдордон тышкары, мыйзамдарда граждандардын айрым категорияларына чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун мүчөсү болууга тыюу салынышы же чек коюлушу мүмкүн.

4. Чарбалык шериктештиктер жана коомдор, ушул Кодексте жана мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, башка чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уюштуруучулары (катышуучулары) боло алышат.

5. Акча, баалуу кагаздар, башка мүлк же мүлктүк укуктар, же акчалай баалана турган башка ажыратылма укуктар чарбалык шериктештиктин жана коомдун мүлкүнө жасалган салым катары боло алат.

Чарбалык коомдун катышуучусунун салымын акчалай баалоо коомдун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамда каралган учурларда жүргүзүлөт жана көз карандысыз экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

6. Чарбалык шериктештиктердин, ошондой эле жоопкерчилиги чектелген же кошумча жоопкерчилиги бар коомдордун акция чыгарууга укугу жок.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

106-статья. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

 

1. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкү укуктарга ээ:

ушул Кодекстин 124-статьясынын 2-пунктунда жана башка мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары шериктештиктин же коомдун ишин башкарууга катышууга;

уюштуруу документтеринде белгиленген тартипте шериктештиктин же коомдун иш-аракети тууралу маалымат алууга жана анын бухгалтериялык китептери жана башка документтери менен таанышууга;

пайданы бөлүштүрүүгө катышууга;

шериктештик же коом жоюлган учурда кредиторлор менен эсептешкенден кийин калган мүлктүн бир бөлүгүн же анын наркын алууга.

Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары ушул Кодексте, чарбалык шериктештиктер жана коомдор тууралу мыйзамдарда, шериктештиктин же коомдун уюштуруу документтеринде каралган башка укуктарга да ээ боло алат.

2. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

уюштуруу документтеринде каралган тартипте, өлчөмдө, ыкмаларда жана мөөнөттө салым кошууга;

шериктештиктин же коомдун ишмердиги жөнүндөгү жашырын маалыматты таратпоого.

Чарбалык шериктештиктин жана коомдун катышуучулары анын уюштуруу документтеринде каралган башка милдеттерин да өздөрүнө ала алышат.

 

107-статья. Чарбалык шериктештиктерди жана коомдорду кайра түзүү

 

Бир түрдөгү чарбалык шериктештик жана коом экинчи түрдөгү чарбалык шериктештикке жана коомго же кооперативге катышуучулардын жалпы жыйналышынын чечими менен жана ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра түзүлө алат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Толук шериктештик

 

108-статья. Толук шериктештик жөнүндө негизги жоболор

 

1. Толук шериктештик катары катышуучулары (толук шериктештери) өздөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык шериктештиктин атынан ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүп, анын милдеттенмелери боюнча ага таандык бүтүндөй мүлкү менен бири бирине тилектеш түрдө жооп беришкен шериктештик таанылат.

2. Жак бир гана толук шериктештиктин мүчөсү боло алат.

3. Толук шериктештиктин фирмалык аталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

анын бардык катышуучуларынын атын (аталышын), ошондой эле "толук шериктештик" деген сөздү, же

бир же бир нече катышуучуларынын атын (аталышын) "жана компания", ошондой эле "толук шериктештик" деген сөздөрдү кошуу менен.

 

109-статья. Толук шериктештиктин уюштуруу келишими

 

1. Толук шериктештик анын уставынын да милдетин аткаруучу уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана иштейт. Уюштуруу келишимине анын бардык мүчөлөрү кол коет.

2. Толук шериктештин уюштуруу келишими ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шериктештиктин уставдык капиталынын өлчөмү жана курамы; уставдык фонддогу ар бир катышуучунун үлүшүнүн өлчөмү жана аны өзгөртүүнүн тартиби; алардын салымдарынын өлчөмү, курамы, аларды кошуу мөөнөтү жана тартиби; салым кошуу боюнча милдеттерин бузгандыгы үчүн катышуучулардын жоопкерчилиги тууралу маалыматтарды камтууга тийиш.

 

110-статья. Толук шериктештиктеги башкаруу

 

1. Толук шериктештиктин ишмердигин башкаруу бардык катышуучулардын жалпы макулдугу боюнча жүргүзүлөт. Шериктештиктин уюштуруу келишиминде чечим катышуучулардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынуучу учурлар каралышы мүмкүн.

2. Эгерде уюштуруу келишиминде анын катышуучуларынын добушун эсепке алуунун башка тартиби белгиленбесе, толук шериктештиктин ар бир катышуучусу бирден добушка ээ болот.

3. Шериктештиктин ар бир катышуучусу, жалпы иштерди алып барууга ага ыйгарым укук берилгендигине же берилбегендигине карабастан, шериктештиктин ишин алып баруу боюнча бардык документтер менен таанышып чыгууга укуктуу. Бул укуктан баш тартуу же аны чектөө, анын ичинде шериктештиктин катышуучуларынын макулдугу менен баш тартуу же ага чек коюу, жокко эсе.

 

111-статья. Толук шериктештиктин ишин алып баруу

 

1. Толук шериктиштиктин ар бир мүчөсү, эгерде уюштуруу келишиминде анын бардык катышуучулары ишти биргелешип алып бара тургандыгы же ишти алып баруу анын айрым бир катышуучуларына тапшырыла тургандыгы белгиленбесе, шериктештиктин атынан аракеттенүүгө укуктуу.

Шериктештиктин ишин анын катышуучулары биргелешип алып барган учурда, ар бир бүтүм түзүү үчүн шериктештиктин бардык катышуучуларынын макулдугу талап кылынат.

Шериктештик үчүнчү жактар менен болгон мамилелерде, бүтүм түзүү учурунда үчүнчү жак шериктештиктин катышуучусунун шериктештиктин атынан аракеттенүүгө укугу жок экендигин билгендигин же билүүгө тийиш болгондугун далилдеген учурлардан тышкары, уюштуруу келишимдеги шериктештиктин катышуучуларынын ыйгарым укуктарын чектеген жоболоруна шылтоо кылууга укугу жок.

2. Эгерде толук шериктештиктин ыйгарым укугу болбой туруп жалпы кызыкчылыкта аракеттенген мүчөсү анын аракетин башка катышуучулар жактабаса, өзүнүн аракети менен шериктештиктин наркы боюнча бул чыгымдардан ашкан мүлктү сактап калгандыгын же сатып алгандыгын далилдесе, шериктештиктен өзүнүн жасаган чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Шериктештиктин катышуучуларынын ортосунда талаш-тартыш болгон учурда шериктештиктин ишин алып баруу үчүн анын бир же бир нече катышуучусуна берилген ыйгарым укук шериктештиктин башка бир же бир нече катышуучусунун талабы боюнча буга олуттуу негиздер болгон учурда, атап айтканда, ыйгарым укук берилген жак (жактар) тарабынан алардын милдеттери одоно бузулса же ишти акыл-эстүү алып барууга жөндөмсүздүк көрсөтүлсө, сот тарабынан токтотулушу мүмкүн. Соттун чечиминин негизинде шериктештиктин уюштуруу келишимине зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилет.

 

112-статья. Толук шериктештиктин катышуучусунун милдеттери

 

1. Толук шериктештиктин катышуучусу анын ишине уюштуруу келишиминин шарттарына ылайык катышууга милдеттүү.

2. Толук шериктештиктин катышуучусу өзүнүн салымынын кеминде 30 процентин шериктештик катталган учурга карата анын уставдык капиталына төгүүгө милдеттүү. Калган бөлүгү катышуучу тарабынан уюштуруу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө төгүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн милдеттер аткарылбаган учурда, эгерде уюштуруу келишимиңде башка белгиленбесе, катышуучу шериктештикке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

3. Толук шериктештиктин катышуучусу калган катышуучулардын макулдугусуз өзүнүн атынан жана өзүнүн таламдарында же үчүнчү жактардын таламдарында шериктештиктин ишмердигинин предметин түзгөн нерселерге тектеш бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

Бул эреже бузулган учурда шериктештик өзүнүн тандоосу боюнча мындай катышуучудан шериктештикке келтирилген зыяндардын ордун толтурууну, же мындай бүтүмдөр боюнча алынган бүткүл пайданы шериктештикке өткөрүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

113-статья. Толук шериктештиктин пайдасын жана чыгымдарын бөлүштүрүү

 

1. Толук шериктештиктин пайдасы жана чыгымдары анын катышуучуларынын ортосунда, эгерде уюштуруу келишиминде же катышуучулардын башка макулдашууларында башка белгиленбесе, алардын уставдык капиталдагы үлүшүнө пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт. Шериктештиктин кайсы-бир мүчөсүн пайдага же чыгымдарга катышуудан четтетүү жөнүндө макулдашууга жол берилбейт.

2. Эгерде шериктештиктин тарткан зыяндарынан улам анын таза активдеринин наркы уставдык капиталынан аз болуп калса, шериктештик тапкан пайда анын таза активдеринин наркы уставдык капиталдын өлчөмүнөн ашмайынча катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлбөйт.

 

114-статья. Толук шериктештиктин катышуучуларынын анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилиги

 

1. Толук шериктештиктин катышуучулары шериктештиктин милдеттенмелери боюнча өздөрүнүн бардык мүлкү менен өз ара субсидардык жоопкерчиликти тилектештик менен көтөрөт.

2. Анын уюштуруучусу болбогон толук шериктештиктин катышуучусу өзү шериктештикке кире электен мурда пайда болгон милдеттенмелер боюнча да башка катышуучулар менен бирдей жоопкерчиликти көтөрөт.

3. Шериктештиктен чыккан катышуучу шериктештиктин өзү андан чыкканга чейин пайда болгон милдеттенмелери боюнча ал шериктештиктен чыккан жыл үчүн шериктештиктин ишмердиги боюнча отчет бекитилгенден кийинки эки жыл бою калган катышуучулар менен бирдей жоопкерчиликти көтөрөт.

4. Шериктештиктин катышуучуларынын ушул статьяда белгиленген жоопкерчиликти алып салууга же чектөөгө карата болгон макулдашуусу жокко эсе.

 

115-статья. Толук шериктештиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүн өткөрүп берүү

 

1. Толук шериктештиктин катышуучусу калган катышуучулардын макулдугу менен уставдык капиталдагы өзүнүн үлүшүнө туура келүүчү шериктештиктин мүлкүндөгү өз үлүшүн же анын бир бөлүгүн шериктештиктин башка катышуучуусуна же үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Үлүштү (үлүштүн бир бөлүгүн) башка жакка өткөрүп берүүдө ал жакка үлүшүн (үлүшүнүн бир бөлүгүн) өткөрүп жаткан катышуучуга таандык укуктар да толугу менен анын тиешелүү бөлүгүндө өтөт, үлүш (үлүштүн бир бөлүгү) өтүп жаткан жак шериктештиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти ушул Кодекстин 114-статьясынын 2-пунктунда белгиленген тартипте көтөрөт.

3. Шериктештиктин катышуучусунун өз үлүшүн бүтүндөй башка жакка өткөрүп берүүсү анын шериктештикке катышуусун токтотот жана ага ушул Кодекстин 114-статьясынын 3-пунктунда белгиленген натыйжаларды алып келет.

 

116-статья. Толук шериктештиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө өндүрүп алуунун кайрылышы

 

Толук шериктештиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө анын шериктештикке катышууга байланышпаган карызы (жекече карызы) боюнча өндүрүп алуунун кайрылышына бул катышуучунун башка мүлкү карыздарын жабуу үчүн жетишсиз болгон учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредиторлору толук шериктештиктен шериктештиктин мүлкүнүн карызкордун уставдык капиталдагы үлүшүнө туура келүүчү бөлүгүнүн наркын төлөп берүүнү же мүлктүн бул бөлүгүн ага өндүрүп алууну кайруу үчүн бөлүп коюуну талап кылууга укуктуу. Шериктештиктин мүлкүнүн бөлүп коюуга тийиш болгон бөлүгү же анын наркы кредиторлор талап койгон учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

Толук шериктештиктин мүлкүндөгү бардык үлүшүнө өндүрүп алуунун кайрылышы анын шериктештикке катышуусун токтотот жана ага ушул Кодекстин 114-статьясынын 3-пунктунда белгиленген натыйжаларды алып келет.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

117-статья. Катышуучунун толук шериктештиктен чыгышы

 

1. Толук шериктештиктин катышуучусу шериктештикке катышуудан баш тарткандыгы тууралу билдирүү менен андан чыгууга укуктуу.

Мөөнөтү белгиленбестен түзүлгөн толук шериктештикке катышуудан баш тартуу жөнүндөгү билдирүү шериктештиктен анык чыгуудан кеминде алты ай мурда жасалууга тийиш. Белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн шериктештиктен мөөнөтүнөн мурда чыгууга жүйөөлүү себептер болгондо гана уруксат берилет.

2. Шериктештиктин катышуучуларынын ортосундагы шериктештиктен чыгуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү макулдашуу жокко эсе.

 

118-статья. Катышуучуну толук шериктештиктен чыгаруу

 

1. Толук шериктештиштин катышуучуларынын биринин дайынсыз жок болушу, аракетке жөндөмсүздүгү же аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендиги таанылган учурда ал шериктештиктин калган катышуучуларынын бир добуштан кабыл алган чечими боюнча шериктештиктен чыгарылышы мүмкүн. Ушундай эле тартипте шериктештиктен анын катышуучусу болгон юридикалык жак, эгерде ага карата соттун чечими менен кайра түзүү процедуралары ачылган болсо, чыгарылышы мүмкүн.

2. Толук шериктештиктин катышуучулары анын кайсы бир катышуучусун жүйөөлүү себептер болгон учурда, атап айтканда, ал өз милдеттерин одоно бузса же ишти акыл-эстүүлүк менен алып барууга өзүнүн жөндөмсүздүгүн көрсөтсө, калган катышуучулардын бир добуштан кабыл алган чечиминин негизинде сот аркылуу анын шериктештиктен чыгарылышын талап кылууга укуктуу.

3. Катышуучунун шериктештиктен чыгарылышы анын шериктештикке катышуусун токтотот жана ал үчүн ушул Кодекстин 114-статьясынын 3-пунктунда белгиленген натыйжаларды алып келет.

 

119-статья. Толук шериктештиктерде укуктардын өтүүсү

 

1. Толук шериктештиктин катышуучусу өлгөн учурда анын мураскору калган бардык катышуучулардын макулдугу менен гана толук шериктештикке кире алат.

2. Толук шериктештикке катышкан жана кайра түзүлгөн юридикалык жактын укук мурасчысы болгон юридикалык жак шериктештикке анын калган катышуучуларынын макул же макул эместигине карабастан, эгерде шериктештиктин уюштуруу документтеринде башка каралбаса, кире алат.

3. Толук шериктештикке кирбеген толук шериктештиктин катышуучусунун мураскору (укук мурасчысы) шериктештиктин үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелери боюнча ушул Кодекстин 114-статьясынын 3-пунктуна ылайык шериктештиктен чыккан катышуучу жооп берүүгө тийиш болгондой эле, шериктештиктин чыгып калган катышуучусунун ага өткөн мүлкүнүн чектеринде жооп берет.

 

120-статья. Толук шериктештиктин жоюлушу

 

Толук шериктештик ушул Кодекстин 96, 100-статьясында белгиленген негиздер боюнча, ошондой эле шериктештиктин жалгыз бир гана катышуучусу калганда жоюлат. Акыркы шериктештикте өзү жалгыз катышуучу болуп калган учурдан тартып алты айдын ичинде мындай шериктештикти ушул Кодексте белгиленген тартипте чарбалык коомго өзгөртүп түзүүгө укуктуу.

Шериктештиктин кайсы бир мүчөсү андан чыкканда же өлүп калганда, катышуучулардын бири шериктештиктен чыгарылганда, шериктештикке катышуучу болгон юридикалык жак жоюлганда же катышуучулардын биринин кредиторлору уставдык фонддогу анын үлүшүнө тийиш болгон мүлктүн бөлүгүнө өндүрүп алуу менен кайрылганда, шериктештиктин уюштуруу документтери менен же калган катышуучулардын макулдугу менен бул белгиленген болсо, шериктештик өз ишмердигин уланта алат.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

121-статья. Катышуучунун толук шериктештиктен чыккандагы эсептешүүлөрү

 

1. Толук шериктештиктен чыккан же андан чыгарылган катышуучуга, эгерде уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, уставдык капиталдагы бул катышуучунун үлүшүнө туура келүүчү шериктештиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. Чыгып жаткан катышуучунун калган башка катышуучулар менен макулдашуусу боюнча мүлктүн наркынын төлөнүшү мүлктү натуралай берүү менен алмаштырылышы мүмкүн.

Шериктештикке катышкан юридикалык жакты жоюу учурунда эсептешүүлөр тийиштүү жоюу комиссиясы (жоюучу) аркылуу жүргүзүлөт.

Ушул Кодекстин 116-статьясында белгиленден башка учурларда чыгып жаткан катышуучунун шериктештин мүлкүндөгү үлүшү же анын наркы чыгып жаткан учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Толук шериктештиктин шериктештикке кирбеген мураскору же анын катышуучусу болгон юридикалык жактын укук мурасчысы менен эсептешүүлөрү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

3. Катышуучулардын бири шериктештиктен чыкса, эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башка каралбаса, калган катышуучулардын шериктештиктин уставдык капиталдагы үлүшү пропорционалдуу түрдө өсөт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3. Коммандиттик шериктештик

 

122-статья. Коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги жоболор

 

1. Катышуучулар менен катар шериктештиктин атынан ээлик кылуу ишмердигин жүргүзүүчү жана өзүнүн бардык мүлкү (толук шериктери) менен шериктиктин милдеттенмелери боюнча жооп берүүчү, шериктиктин ишмердигине байланыштуу өздөрү кошкон салымдардын чектериндеги чыгымдардын тобокелин көтөрүшкөн жана шериктиктин ээлик кылуу ишмердигин жүзөгө ашырууга катышпаган бир же бир нече катышуучулары (салым кошуучулары, коммандиттисттери) бар шериктештик коммандиттик шериктештик деп таанылат.

2. Коммандиттик шериктештикке катышкан толук шериктердин абалы жана алардын шериктештиктин милдеттенмелери боюнча жоопкерчилиги ушул Кодекстин толук шериктештиктин катышуучулары жөнүндөгү эрежелери менен аныкталат.

3. Жак бир гана коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло алат.

Толук шериктештиктин катышуучусу коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло албайт.

Коммандиттик шериктештеги толук шериктеш ошол эле шериктештикте салым кошуучу жана толук шериктештиктин катышуучусу боло албайт.

4. Коммандиттик шериктештиктин фирмалык аталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

бардык толук шериктештердин атын (аталышын), ошондой эле "коммандиттик шериктештик" деген сөздөрдү же

бирден кем эмес толук шериктештин атын (аталышын) "жана компания", ошондой эле "коммандиттик шериктештик" деген сөздөрдү.

Эгерде коммандиттик шериктештиктин аталышына салым кошуучунун аты кирсе, анда мындай салым кошуучу толук шериктеш болуп калат.

5. Ушул Кодекстин коммандиттик шериктештик жөнүндөгү жоболоруна карама-каршы келбегендиктен, коммандиттик шериктештиктерге карата ушул Кодекстин толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелери колдонулат.

 

123-статья. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими

 

1. Коммандиттик шериктештик, ошондой эле шериктештиктин уставынын да милдетин аткаруучу уюштуруу келишиминин негизинде түзүлөт жана иштейт. Уюштуруу келишимине бардык толук шериктештер кол коет.

2. Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары шериктештиктин уставдык капиталынын өлчөмү жана курамы жөнүндөгү шарттар; уставдык фонддогу ар бир толук шериктештин үлүшүнүн өлчөмү жана аны өзгөртүү тартиби; алардын салымынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби; салымдарды кошуудагы өз милдеттерин бузгандагы алардын жоопкерчилиги; коммандитисттердин салымдарынын жыйынтык өлчөмү тууралу маалыматтарды камтууга тийиш.

 

124-статья. Коммандиттик шериктештиктеги башкаруу жана анын ишин алып баруу

 

1. Коммандиттик шериктештиктин ишмердигин толук шериктештер башкарат. Мындай шериктештикти анын толук шериктештери башкаруусунун жана ишин алып баруусунун тартиби алар тарабынан толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелер боюнча белгиленет.

2. Коммандиттисттердин коммандиттик шериктештиктердин ишмердигин башкарууга катышууга жана шериктештикти башкаруу боюнча толук шериктештердин аракеттери боюнча талашууга укугу жок. Алар шериктештиктин атынан анын ишеним каты менен гана чыга алышат.

 

125-статья. Коммандиттик шериктештиктин салым кошуучуларынын укуктары жана милдеттери

 

1. Коммандиттик шериктештиктин салым кошуучусу уставдык капиталга салым кошууга милдеттүү. Салымдын кошулгандыгы шериктештик тарабынан катышуучуга берүүчү катышуу жөнүндөгү күбөлүк менен ырасталат.

2. Коммандиттик шериктештиктин салым кошуучусу төмөнкүлөргө:

1) уюштуруу келишиминде белгиленген тартипте анын салымына (уставдык капиталдагы үлүшүнө) эсептелүүчү шериктештиктин пайдасынын бир бөлүгүн алууга;

2) шериктештиктин жылдык отчеттору жана баланстары менен таанышууга;

3) финансы жылы бүткөндөн кийин шериктештиктен чыгууга жана өзүнүн салымын уюштуруу келишиминде белгиленген тартипте алууга;

4) уставдык фонддогу өзүнүн үлүшүн же анын бир бөлүгүн башка салым кошуучуга же үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө укуктуу. Салым кошуучунун өз үлүшүн башка жакка өткөрүп бериши анын шериктештикке катышуусун токтотот.

Коммандиттик шериктештиктин уюштуруу келишими менен салым кошуучунун, анын ичинде шериктештиктин чечимдерин даярдоого катышуу боюнча башка укуктары да каралышы мүмкүн.

 

126-статья. Коммандиттик шериктештиктин жоюлушу

 

1. Коммандиттик шериктештик ага катышкан бардык салым кошуучулардын андан чыгып кетиши менен жоюлат. Бирок толук шериктештер жоюунун ордуна коммандиттик шериктештикти толук шериктештикке кайра түзүүгө укуктуу.

Коммандиттик шериктештик толук шериктештиктин жоюлушунун негиздери боюнча да жоюлушу мүмкүн (120-статья). Бирок коммандиттик шериктештик, эгерде анда жок дегенде бир толук шериктеш же бир салым кошуучу калса да сакталып калат.

2. Коммандиттик шериктештик жоюлган, анын ичинде банкрот болушунан (кудуретсиздигинен) улам жоюлган учурда, салым кошуучулар кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийинки калган мүлктөн өз салымын алууга толук шериктерге караганда артыкчылыктуу укукка ээ.

Шериктештиктин андан кийинки калган мүлкү толук шериктештер менен салым кошуучулардын ортосунда, эгерде уюштуруу келишиминде же толук шериктештер менен салым кошуучулардын макулдашуусунда башка тартип белгиленбесе, шериктештиктин мүлкүндөгү алардын үлүшүнө пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт.

 

4. Жоопкерчилиги чектелген коом

 

127-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү жалпы жоболор

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коом деп бир же бир нече жактар тарабынан түзүлгөн жана уставдык капиталы уюштуруу документтери менен аныкталган өлчөмдөгү үлүштөргө бөлүштүрүлгөн коом таанылат; жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана коомдун ишмердигине байланышкан өздөрү кошкон салымдардын чегинде чыгашалардын тобокелин көтөрөт.

Салымдарын толугу менен кошпогон коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча ар бир катышуучунун салымдарынын төлөнбөгөн наркынын чектеринде тилектештик жоопкерчилигин көтөрөт.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун фирмалык аталышы коомдун атын, ошондой эле "жоопкерчилиги чектелген" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

3. Жоопкерчилиги чектелген коомдун жана анын катышуучуларынын укуктары менен милдеттери ушул Кодекс жана чарбалык коомдор жана шериктештиктер жөнүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.

 

128-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын саны отуздан ашпоого тийиш. Ага карама-каршы болгондо ал бир жылдын аралыгында акционердик коомго кайра түзүлүүгө тийиш, ал эми бул мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде анын катышуучуларынын саны белгиленген чекке жеткирилбесе, сот тарабынан жоюлууга тийиш.

2. Жоопкерчилиги чектелген коом бир гана жактан турган башка чарбалык коомду жападан-жалгыз катышуучу катары кармай албайт.

 

129-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтери

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтери болуп анын бардык катышуучулары кол койгон уюштуруу келишими, жана алар бекиткен устав эсептелет. Эгерде коом бир жак тарабынан түзүлсө, анда анын уставы уюштуруу документи болуп эсептелет.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу документтери ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, ар бир катышуучунун үлүшүнүн өлчөмүнүн шарттары; алардын салымдарынын өлчөмү, курамы жана аны кошуунун мөөнөтү жана тартиби, салым кошуу боюнча милдеттенмелеринин бузулгандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги; коомдун капиталдык уставынын өлчөмү, коомду башкаруу органдарынын курамы жана компетенциясы жана алардын чечим кабыл алышынын, анын ичинде чечим бир добуштан же добуштардын квалификациялуу көпчүлүгү менен кабыл алынуучу маселелер боюнча чечим кабыл алышынын тартиби тууралу маалыматтарды, ошондой эле мыйзамда белгиленген башка маалыматтарды камтууга тийиш.

 

130-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталы анын катышуучуларынын салымдарынын наркынан түзүлөт.

Уставдык капитал кредиторлорунун кызыкчылыктарын кепилдикке алган коомдун мүлкүнүн өлчөмүн аныктайт. Коомдун уставдык капиталынын өлчөмү катышуучулар тарабынан анын уюштуруу документтеринде аныкталат.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусун коомдун уставдык капиталына салым кошуу милдетинен, анын ичинде коомго карата талаптарын эсепке алуу аркылуу бошотууга жол берилбейт.

3. Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып коомдун ишмердүүлүгүнүн биринчи жылы ичинде анын катышуучуларына толук көлөмүндө төлөнүп берилет. Ушул милдет бузулган учурда коом өзүнүн капиталынын азайгандыгын белгиленген тартипте каттатышы же өзүнүн ишин жоюу жолу менен токтотушу керек.

4. Эгерде экинчи же андан кийинки ар бир финансылык жыл аяктаганда жоопкерчилиги чектелген коомдун накта активдеринин наркы уставдык капиталдан аз болсо, коом өзүнүн уставдык капиталынын азайышы жөнүндө жарыялоого жана белгиленген тартипте анын азайышын каттоодон өткөрүүгө милдеттүү. Эгерде коомдун көрсөтүлгөн активдеринин баасы катышуучулар тарабынын уюштуруу документтеринде аныкталган уставдык капиталдын өлчөмүнөн аз болсо, коом жоюлууга тийиш.

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталын азайтууга анын бардык кредиторлоруна билдирилгенден кийин жол берилет. Алар мындай учурда коомдун тиешелүү милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда токтотууну же аткарууну жана алардын тарткан зыяндарынын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

6. Коомдун уставдык капиталын көбөйтүүгө анын бардык катышуучуларынын салымдары толук көлөмдө төгүлгөндөн кийин жол берилет.

7. Коомдун бардык катышуучуларынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынган жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими коомдун уставдык капиталындагы алардын үлүштөрүнө ылайык кошумча салымдарды кошууга аларды милдеттендириши мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

131-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдогу башкаруу

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун жогорку органы болуп анын катышуучуларынын жалпы чогулушу эсептелет.

Жоопкерчилиги чектелген коомдо анын ишмердигине күнүмдүк жетекчиликти жүргүзүү үчүн жана анын катышуучуларынын жалпы чогулушуна отчет берүүчү аткаруучу (коллегиалдуу же жекече) орган түзүлөт. Коомду башкаруунун жекече органы анын катышуучуларынын арасынан шайланбайт, эгерде коом бир гана адам тарабынан түзүлсө, уюмдаштыруучу коомдун жогорку органы болуп саналат.

Коомдун уставында Директорлор кеңешин түзүү каралышы мүмкүн.

2. Коомду башкаруунун, ошондой эле ал тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби жана коомдун атынан иш жүргүзүү ушул Кодекске ылайык мыйзам тарабынан жана уюштуруу келишими тарабынан аныкталат.

3. Жоопкерчилиги чектелүү коомдун жогорку органдын өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр мүнөздүү:

1) коомдун уставын өзгөртүү, анын уставдык капиталынын өлчөмүн өзгөртүү;

2) коомдо Директорлор кеңеши болбогон учурда, эгерде коомдун уставында бул маселелер Директорлор кеңешинин компетенциясына кирбесе, коомдун аткаруучу органын түзүү жана чакырып алуу;

2-1) коомду уюштурууда жана жоюуда аткаруучу органды түзүү жана чакырып алуу;

3) коомдун жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү жана анын пайдаларын жана чыгымдарын бөлүштүрүү;

4) коомду кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим;

5) коомдун текшерүү комиссиясын (текшерүүчүсүн) шайлоо.

6) коомдун Директорлор кеңешин түзүү жана чакырып алуу.

Коомдун мыйзамы жана уставы тарабынан жогорку органдын өзгөчө компетенциясына башка да маселелерди чечүү кирет.

Коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына кирген маселелер алар тарабынан коомдун аткаруучу органына же Директорлор кеңешине чечүүгө өткөрүлүп берилбейт.

4. Коомдун ишмердигине жана отчеттуулугуна аудиттик текшерүү жүргүзүүнүн тартиби коомдун мыйзамы жана уставы тарабынан аныкталат.

Коомдун каалаган катышуучусунун талабы боюнча коом же анын катышуучулары менен мүлк кызыкчылыктары (тышкы аудит) аркылуу байланышпаган профессионалдуу аудиторду камтуу менен коомдун жылдык финансылык отчеттуулугуна аудитордук текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Мыйзам тарабынан каралган учурлардан тышкары анын иш алып баруусунун натыйжалары жөнүндө коомдун ачык отчеттуулугу талап кылынбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

131-1-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу

 

Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 19-январындагы № 7 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

132-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомду кайра түзүү жана жоюу

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коом анын катышуучуларынын бир добуштан кабыл алынган чечими боюнча ыктыярдуу түрдө кайра түзүлүшү же жоюлушу мүмкүн.

Коомду кайра түзүүнүн жана жоюунун башка негиздери, ошондой эле аны кайра түзүүнүн жана жоюунун тартиби ушул Кодекс жана башка мыйзамдар тарабынан аныкталат.

2. Жоопкерчилиги чектелген коом акционердик коомго же кооперативге кайра түзүлүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамынын редакциясына ылайык)

133-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун мүлк үлүшүнүн башкага өтүшү

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомдун уставдык капиталындагы үлүшүнө жараша коомдун мүлкүндөгү өз үлүшүн же анын бир бөлүгүн ушул коомдун катышуучусунун бирине же бир нече катышуучусуна сатууга укуктуу.

2. Коомдун катышуучусу өз үлүшүн (анын бир бөлүгүн) үчүнчү жактарга, эгерде коомдун уставында башка каралбаса, ажыратып беришине жол берилет.

Коомдун катышуучулары катышуучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн), эгерде коомдун уставында же анын катышуучуларынын макулдашуусунда бул укукту ишке ашыруунун башка тартиби каралбаса, өз үлүштөрүнө жараша өлчөмдөрдө сатып алуунун артыкчылык укуктарынан пайдаланышат. Эгерде коомдун катышуучулары кабарланган күндөн тартып, бир айдын ичинде же коомдун уставында же анын катышуучуларынын макулдашуусунда каралган башка мөөнөттө өздөрүнүн артыкчылык укуктарынан пайдалана алышпаса, катышуучунун үлүшү үчүнчү жакка бөлүнүшү мүмкүн.

3. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун үлүшү аны төлөгөнгө чейинки акыны толук төлөгөн бөлүгү гана ажыратылышы мүмкүн.

4. Катышуучунун үлүшүн (анын бир бөлүгүн) жоопкерчилиги чектелген коом өзү сатып алган учурда, ал аны мыйзам жана коомду уюштуруунун документтеринде каралган мөөнөттөрдө жана тартипте башка катышуучуларга же үчүнчү жакка сатууга, же өзүнүн уставдык капиталын ушул Кодекстин 130-статьясынын 4- жана 5-пункттарына ылайык азайтууга милдеттүү.

5. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү үлүштөрү, эгерде коомду уюштуруунун документтеринде коомдун башка катышуучуларынын макулдугу боюнча мындай өтүүгө жол берилиши каралбаса, коомдун мүчөлөрү болуп саналышкан граждандардын мураскорлоруна жана юридикалык жактардын укуктарын алуучуларга өтөт. Үлүштүн өтүшүнө макулдук берүүдөн баш тартуу ушул Кодекстин 137-статьясында каралган коомдун милдеттерин жүктөйт.

 

134-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусунун чыгып кетиши

 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу анын башка катышуучуларынын макулдугуна карабастан, каалаган учурда коомдон чыгып кетүүгө укуктуу.

 

135-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө өндүрүп алуунун кайрылышы

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө анын өздүк карыздары боюнча өндүрүп алуунун кайрылышына ошол катышуучунун өзүнүн карыздарын жабууга башка мүлкү жетишпеген учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредиторлору жоопкерчилиги чектелген коомдон карызкордун уставдык капиталдагы тийиштүү карызына ылайык коомдун мүлк наркынын бөлүгүн төлөп берүүнү, же мүлктүн бир бөлүгүн ага өндүрүп берүү максатында мүлктүн ошол бөлүгүн экинчи талап кылууга укуктуу. Коомдун мүлкүнүн энчиге кетүүчү бөлүгү же анын наркы кредиторлор тарабынан талаптын коюлушунун учурунда түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнүн бардыгына өндүрүп алуунун кайрылышы анын коомго катышуусун токтотот.

 

136-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдон катышуучуну чыгаруу

 

Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучусу коомго жана анын башка катышуучуларына орчундуу зыян келтирсе, соттун чечими боюнча коомдон чыгарылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

137-статья. Катышуучунун жоопкерчилиги чектелген коомдон чыккандагы эсептешүүлөрү

 

1. Жоопкерчилиги чектелген коомдон чыккан же чыгарылган катышуучуга, эгерде коомдун уставында башка каралбаса, ошол катышуучунун уставдык капиталдагы үлүшүнө ылайык келген мүлк бөлүгүнүн наркы төлөнөт. Кетип жаткан катышуучунун коом менен макулдашуусу боюнча мүлктүн наркы мүлктү натуралай берүү менен алмаштырылышы мүмкүн.

Чыгып жаткан катышуучуга берилүүчү коомдун мүлкүнүн бир бөлүгү же анын наркы, ушул Кодекстин каралган учурлардан тышкары, анын кетип жаткан учурунда түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Эгерде жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталына салым катары мүлктү пайдалануу укугу киргизилсе, коомдон чыгып жаткан катышуучуга тийиштүү мүлк кайтарылып берилет. Мындай учурда бул мүлктүн нормалдуу эскиришинен анын наркынын төмөндөшүнүн орду толтурулбайт.

3. Коомго кирбеген коомдун катышуучусунун мураскору же анын катышуучусу болгон юридикалык жактын укук мурастоочусу мекен эсептешүүлөр ушул статьянын эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5. Кошумча жоопкерчиликтеги коом

 

138-статья. Кошумча жоопкерчиликтеги коомдор жөнүндөгү негизги жоболор

 

1. Кошумча жоопкерчиликтеги коом деп бир же бир нече жактар тарабынан түзүлгөн, уставдык капиталы уюштуруучу документтер менен аныкталган өлчөмдөгү үлүштөргө бөлүштүрүлгөн коом таанылат; мындай коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча коомду уюштуруу документтери менен аныкталган, өздөрү салышкан салымдын наркына бардыгы үчүн эселенген өлчөмдө өзүнүн мүлкү менен субсидиялык жоопкерчиликти бардыгы тең тартышат. Катышуучулардын бири кудуретсиз (банкротчулук) болгондо коомдун милдеттенмелери боюнча анын жоопкерчилиги, эгерде коомду уюштуруунун документтеринде жоопкерчиликти бөлүштүрүүнүн башка тартиби каралбаса, калган башка катышуучулардын ортосунда алардын салымдарына жараша пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт.

2. Кошумча жоопкерчиликтеги коомдун фирмалык аталышы коомдун атын ошондой эле "кошумча жоопкерчиликтеги" деген сөздөрдү камтууга тийиш.

3. Кошумча жоопкерчиликтеги коомго ушул Кодекстин ушул статьясында башка каралбагандыктан, жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

6. Акционердик коом

 

139-статья. Акционердик коомдор жөнүндө жалпы жоболор

 

1. Өз ишин пайда алуу максатында жүзөгө ашыруучу жана каражаттарды акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен тартуучу юридикалык жак акционердик коом болуп саналат. Акционердик коомдун катышуучулары (акционерлери) анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана өздөрүнө тиешелүү акциялардын наркынын чектеринде коомдун ишине байланыштуу чыгымдардын тобокелин тартат.

Акцияларын толук төлөбөгөн акционерлер өздөрүнө таандык акциялардын наркынын төлөнө элек чектеринде акционердик коомдун милдеттенмелери боюнча бирдей жоопкерчиликте болушат.

2. Акционердик коомдун фирмалык аталышында анын аты жана коом акционердик экендиги жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

3. Акционердик коомдун укуктук абалы жана акционерлердин укуктары менен милдеттери ушул Кодекске, акционердик коомдор жөнүндө мыйзамга ылайык аныкталат.

Мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү аркылуу түзүлгөн акционердик коомдун укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү бул ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдар тарабынан да аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-январындагы № 9, 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2008-жылдын 23-майындагы № 95, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

140-статья. Ачык акционердик коом

 

1. Катышуучулары өздөрүнө таандык акцияларды башка акционерлердин макулдугусуз ээликтен ажырата алган акционердик коом ачык акционердик коом деп таанылат. Мындай акционердик коом өздөрү чыгарган акцияларга ачык жазылуу жүргүзүүгө жана аларды мыйзам тарабынан белгиленген шарттарда эркин сатууга укуктуу.

2. Акционерлеринин саны 500дөн ашкан, болбосо баалуу кагаздардын жок дегенде 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык коом ар жыл сайын акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан кийин 2 айдын ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен, коомдун каржылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту массалык маалымат каражаттарында жарыялап турууга милдеттүү.

(КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

141-статья. Жабык акционердик коом

 

1. Акциялары анын уюштуруучуларынын же башка мурда аныкталган жактардын чөйрөсүнүн арасында гана таратылган акционердик коом жабык акционердик коом деп таанылат. Мындай коом өзү чыгарган акцияларга ачык жазылууну өткөрүүгө же башка жол менен жактардын чектелбеген чөйрөсүнө алардын сатып алышы үчүн сунуш кылууга укуксуз.

2. Жабык акционердик коомдун катышуучуларынын саны мыйзамда белгиленген сандан ашпоого тийиш. Тескерисинче болгон учурда ал бир жылдын ичинде ачык акционердик коомго кайра түзүлүүгө, ал эми бул мөөнөт өткөндөн кийин, эгерде акционерлердин саны белгиленген чекке чейин азайтылбаса, сот тартибинде жоюлууга тийиш.

3. Мыйзамда каралган учурларда жабык акционердик коом ушул Кодекстин 140-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого милдеттүү болушу мүмкүн.

 

142-статья. Жабык акционердик коомдун акцияларына укуктардын өтүшү

 

1. Жабык акционердик коомдун акционерлери бул коомдун башка акционерлери тарабынан сатылган акцияларды сатып алууда артыкчылык укугуна ээ болушат.

Эгерде билдирүү жарыялаган күндөн тартып беш күндүн ичинде же коомдун уставында каралган башка мөөнөттөрдө акционерлердин эч кимиси артыкчылык укугунан пайдаланбаса, акционердик коом бул акцияларды анын ээси менен макулдашылган баада сатып алууга укуктуу. Акционердик коом акцияларды сатып алуудан баш тарткан же алардын баасы жөнүндө макулдашууга жетишилбеген учурда акциялар каалаган үчүнчү жакка ээликтен ажыратылып берилиши мүмкүн.

2. Жабык акционердик коомдун акциялары күрөөгө коюлганда жана аларга кийин күрөө кармоочу тарабынан өндүрүп алуу колдонулганда тиешелүү түрдө ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери колдонулат. Бирок күрөө кармоочу акцияларды үчүнчү жакка ээликтен ажыратып берүүнүн ордуна аларды өзүнө калтырууга укуктуу.

3. Эгерде коомдун уставында мындай өткөрүп берүү коомдун макулдугу менен гана жол бериле тургандыгы каралбаса жабык акционердик коомдун акциялары акционер болуп эсептелген граждандын мурастоочуларына же юридикалык жактын укуктук жолун жолдоочусуна өтөт. Мындай учурда акциялардын өтүшүнө макулдук берүүдөн баш тартылса, алар башка акционерлер тарабынан же ушул статьянын 1-пунктунун эрежелерине ылайык коомдун өзү тарабынан сатылып алынышы мүмкүн. Бирок мурастоочулар (укуктук жолун жолдоочулар) акциялар үчүнчү жакка ээликтен ажыратып берүүнүн ордуна аларды өзүндө калтырууга укуктуу.

 

143-статья. Акционердик коомду түзүү

 

1. Акционердик коомду уюштуруучулар өз ара коомду түзүү боюнча биргелешкен ишмердикти ишке ашыруунун тартибин; коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн; чыгарылуучу акциялардын категорияларын жана аларды жайгаштыруунун тартибин, ошондой эле мыйзамда каралган башка шарттарды аныктоочу келишимди түзүшөт.

Акционердик коомду түзүү жөнүндөгү келишим жазуу түрүндө түзүлөт.

2. Акционердик коомду уюштуруучулар коомду каттоого чейин пайда болгон милдеттенмелер боюнча болушат. Коом уюштуруучулардын аны түзүүгө байланышкан милдеттенмелери боюнча, алардын иш-аракеттери акционерлердин жалпы чогулушунун колдоосуна ээ болгон учурда гана жоопкерчиликте болот.

3. Акционердик коомду уюштуруунун документи болуп уюштуруучулар тарабынан бекитилген анын уставы саналат.

Акционердик коомдун уставы ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда каралган маалыматтар менен катар коом чыгарган акциялардын категориялары, алардын саны жөнүндөгү; акционерлердин укуктары жөнүндөгү; коомдун уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндөгү; коомду башкаруунун курамы жана компетенциясы жана алардын чечимди кабыл алууларынын тартиби жөнүндөгү шарттарды камтууга тийиш. Ошондой эле акционердик коомдун уставында мыйзамда каралган башка маалыматтар да камтылууга тийиш.

4. Акционердик коомду түзүү боюнча башка иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби, анын ичинде уюштуруу чогулушун өткөрүүнүн тартиби жана анын компетенциясы мыйзам тарабынан аныкталат.

5. Акционердик коом бир жак же бир акционер коомдун бардык акцияларын сатып алган учурда бир жак тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Бул жөнүндөгү маалыматтар коомдун уставында чагылдырылууга, катталууга жана жалпыга маалымдалуу үчүн жарыяланууга тийиш.

Акционердик коомдун жалгыз гана катышуучусу бар бир гана жактан турган башка чарбалык коому болушу мүмкүн эмес.

 (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

144-статья. Акционердик коомдун уставдык капиталы

 

1. Акционердик коомду уюштурууда уюмдаштыруучулардын салымдарынын

наркын уставдык капитал түзөт.

Акционердик коомдун уставдык капиталы анын кредиторлорунун талам-

дарын гарантиялоочу коомдун мүлкүнүн эң төмөнкү өлчөмүн аныктайт. Акционердик коомдун уставдык капиталы мыйзамда каралган өлчөмдөн аз болушу

мүмкүн эмес.

2. Акционерди коомдун акцияларын төлөөдөн, анын ичинде талап коюунун зачетун эсептөө жолу менен бошотууга жол берилбейт.

3. Акционердик коомду уюштурууда анын бардык акциялары уюштуруу-

чулардын арасында бөлүштүрүлүүгө тийиш.

4. Эгерде экинчи жана андан кийинки каржылык жылдын аягында коом-

дун өздүк капиталы мыйзамда каралган уставдык капиталынын эң төмөнкү

өлчөмүнөн төмөн болуп калса, коом жоюлууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

145-статья. Акционердик коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санынын көбөйүшү

 

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча акционердик коом жүгүртүлүүчү акциялардын санын кошумча акцияларды чыгаруу же жайгаштырылган акцияларды бөлүштүрүү жолу менен көбөйтүүгө укуктуу.

2. Акционердик коомдун чыгаруунун жыйынтыктарын каттоого жана мурунку чыгарылган акцияларды жайгаштырганга чейин кошумча акцияларды чыгаруусуна жана жайгаштыруусуна жол берилбейт.

3. Акционердик коомдун уставы менен коом кошумча чыгаруучу акцияларды өздөрүнө тиешелүү акциялардын санына пропорциялуу санда сатып алууга акционерлерге артыкчылык укугу белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

146-статья. Акционердик коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санынын азайышы

 

1. Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча акционердик коом жүгүртүлүүчү акциялардын санын коомдун акциялардын бир бөлүгүн сатып алуусунун жолу менен, болбосо аларды бириктирүү жолу менен азайтууга укуктуу.

2. Коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын санын аларды сатып алуу жана жокко чыгаруу жолу менен азайтууга анын кредиторлорунун баарына маалымдалгандан кийин жол берилет. Мында коомдун кредиторлору коомдун тиешелүү милдеттенмелеринин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга укуктуу.

3. Акционердик коом коомдун жүгүртүлүүчү акциялардын санын, эгерде өздүк капиталы ушул Кодекс менен каралган уставдык капиталдын эң төмөнкү өлчөмүнөн төмөн болуп калса, алардын жалпы санын кыскартуу максатында жайгаштырылган акциялардын бир бөлүгүн сатып алуу жолу менен азайтуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуксуз.

4. Акционердик коом өзү чыгарган акцияларды сатып алуусунун эң жогорку санына чек коюу мыйзамда каралышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

147-статья. Акционердик коомдун баалуу кагаздарын чыгарууга жана дивиденддерди төлөөгө чек коюу

 

1. Акционердик коом артыкчылыктуу акцияларды чыгарууга укуктуу. Жайгаштырылган артыкчылыктуу акциялардын саны коомдун бардык акцияларынын санынын 25 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу.

3. Эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынбаса, акционердик коом жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөп берүү тууралу чечим кабыл алууга укуксуз.

Акционердик коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында дивиденддерди төлөп берүүгө башка чектөөлөр каралышы мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2009-жылдын 19-январындагы № 7 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

148-статья. Акционердик коомду башкаруу

 

1. Акционердик коомду башкаруунун жогорку органы анын акционерлеринин жалпы чогулушу болуп саналат.

Аларды чечүү акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына гана тиешелүү маселелер Мыйзамда аныкталууга тийиш.

Мыйзам тарабынан акционерлердин жалпы чогулушунун өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди алар тарабынан коомдун аткаруучу органдарына чечүүгө өткөрүп берүү мүмкүн эмес.

2. Акционерлердин саны элүүдөн ашкан коомдо директорлордун кеңеши түзүлөт.

Мыйзамга ылайык коомдун уставы менен директорлордун кеңеши түзүлгөн учурда анын өзгөчө компетенциясы аныкталууга тийиш. Устав тарабынан директорлордун кеңешине тийиштүү маселелерди алар тарабынан коомдун аткаруучу органдарына чечүүгө өткөрүп берүү мүмкүн эмес.

3. Коомдун аткаруучу органы коллегиалдуу (башкарма, дирекция) же жекече (директор, башкы директор) болушу мүмкүн. Ал коомдун ишмердигине учурдагы жетекчиликти ишке ашырат жана директорлор кеңешине жана акционерлердин жалпы чогулушуна отчет берет.

Коомдун аткаруучу органынын компетенциясына коомдун мыйзамы же уставы тарабынан аныкталган коомду башкаруунун башка органдарынын өзгөчө компетенциясын түзбөгөн бардык маcелелерди чечүү кирет.

Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча коомдун аткаруучу органынын ыйгарым укуктары келишим боюнча башка коммерциялык уюмга же жекече ишкерге (башкаруучуга) өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

3-1. Коомдун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн акционерлердин жалпы чогулушунда коомдун текшерүү комиссиясы (текшерүүчү) шайланат.

Текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) компетенциясы мыйзамдар жана коомдун уставы менен аныкталат.

4. Акционердик коомду башкаруунун компетенциясы, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартиби жана коомдун атынан чыгуу ушул Кодекске ылайык коомдун мыйзамы жана уставы менен аныкталат.

5. Ушул Кодекске же башка мыйзамга ылайык ушул Кодекстин 140-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого милдеттүү болгон акционердик коом жылдык финансылык отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү жана ырастоо үчүн коомдун же анын катышуучуларынын (тышкы аудит) мүлк таламдарына байланышпаган профессионалдык аудиторду жыл сайын тартууга тийиш.

Акционердик коомдун, анын ичинде көрсөтүлгөн документтерди жалпыга маалымдоо үчүн жарыялоого милдеттүү болбогон, ишмердигин аудиттик текшерүү алардын коомдун жайгаштырылган акцияларынын жалпы санындагы биргелешкен үлүшү он же андан көп процентти түзгөн акционерлердин талаптары боюнча каалаган убакта жүргүзүлүүгө тийиш.

Акционердик коомдун ишмердигине аудиттик текшерүү жүргүзүүнүн тартиби коомдун мыйзамы жана уставы тарабынан аныкталат.

(КР 1998-жылдын 2-декабрындагы № 8, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2003-жылдын 27-мартындагы № 65, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

149-статья. Акционердик коомду кайра түзүү жана жоюу

 

1. Акционердик коом өз ыктыяры менен кайра түзүлүшү же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. Акционердик коомдун кайра түзүлүшүнүн жана жоюлушунун башка негиздери жана тартиби ушул Кодекс жана башка мыйзамдар менен аныкталат.

2. Акционердик коом жоопкерчилиги чектелген коомго же кооперативге кайра түзүлүүгө укуктуу.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7. Туунду жана көз каранды коомдор

 

150-статья. Туунду чарбалык коом

 

1. Эгерде башка чарбалык (негизги) коом же шериктештик өзүнүн

капиталындагы күчү басымдуулук кылса, же алардын ортосунда түзүлгөн

келишимге ылайык келсе, же башка жолдор менен мындай коом кабыл алуучу

чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүгү болсо, ал чарбалык коом туунду деп

таанылат.

Туунду коом юридикалык жак болуп саналат.

2. Туунду коом өзүнүн негизги коомунун (шериктештигинин) карыздары боюнча жооп бербейт.

Туунду коом менен келишим боюнча негизги коом (шериктештик) ага

милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу, туунду коом мындай

көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн аны менен чогуу бирдей жоопкерчиликте болот.

Негизги коомдун (шериктештиктин) күнөөсү боюнча туунду коом банкрот (кудуретсиз) болгон учурда негизги коом (шериктештик) анын карыздары боюнча субсидиялык жоопкерчиликте болот.

3. Туунду коомдун катышуучулары (акционерлери) негизги коомдон

(шериктештиктен) анын күнөөсү боюнча келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну, эгерде мыйзам тарабынан башка белгиленбесе, талап кылууга

укуктуу.

4. Туунду коомдордун жобосунун ушул статьяда каралбаган өзгөчөлүктөрү мыйзам тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

151-статья. Көз каранды чарбалык коом

 

1. Эгерде катышып жаткан башка коомдо анын добуш берүүчү акцияларынын жыйырма процентинен ашыгы болсо, чарбалык коом көз каранды деп таанылат.

Көз каранды чарбалык коом юридикалык жак болуп саналат.

2. Катышуучу коом мыйзамда каралган тартипте өзү көз каранды коомдун акцияларындагы тийиштүү бөлүгүн сатып алгандыгы женүндөгү маалыматтарды тез арада жарыялоого милдеттүү.

3. Акционердик коомдордун айрым түрлөрү үчүн Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарында алар башка чарбалык шериктиктерден жана коомдордон

сатып алуучу акциялардын (үлүштөрдүн) эң жогорку саны белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы № 65 мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 3. Өндүрүштүк кооперативдер

 

152-статья. Кооперативдин түшүнүгү

 

Кооператив - граждандардын жана юридикалык жактардын мүчөлүгүнүн, уставда каралган биргелешкен чарбалык жана башка ишти демократиялык башталыштарда уюштуруу аркылуу жана анын мүчөлөрүнүн пайлык мүчөлүк акыларын бириктирүүнүн негизинде, өздөрүнүн материалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатын көздөгөн ыктыярдуу бирикме.

Кооперативдер юридикалык жактар болуп эсептелет жана коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар формасында түзүлүшү мүмкүн.

Кооперативдердин укуктук абалы, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан аныкталат.

Турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлөрүнүн алар турак жайга менчиктик укугун алгандан кийинки укуктары менен милдеттери ушул Кодекс жана "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Кредиттөө жана башка банктык операциялар боюнча ишти жүзөгө ашыруучу финансылык кооперативдердин (кредиттик союздардын) укуктук абалы кредиттик союздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленет.

 (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 ,
2007-жылдын 31-июлундагы № 121 , 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

153-статья. Кооперативдерди түзүү

 

Кооперативдер продукцияларды өндүрүү, кайра иштетүү, сатып алуу жана сатуу, агрардык-техникалык сервис, ташуу, сактоо, куруу, тейлөөнүн турмуш-тиричилик жана башка түрлөрү, пайдалуу кендерди жана башка табигый ресурстарды казып алуу, илим-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук иштерди жүргүзүү, камсыздандыруу, кредит берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштер боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн жеке жана /же, юридикалык жактар тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлөт.

Кооперативдин мүчөлөрүнүн саны, эгер кооперативдердин адистештирилген ишинин негизинде мыйзамдарда башка аныкталбаса жетиден кем болбоого тийиш.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2009-жылдын 23-январындагы № 23
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

154-статья. Өндүрүштүк кооперативдин мүлкү

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

155-статья. Өндүрүштүк кооперативди башкаруу

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

156-статья. Өндүрүштүк кооперативдеги мүчөлүктүн токтотулушу жана пайдын өтүшү

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

157-статья. Өндүрүштүк кооперативдерди кайра түзүү жана жоюу

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

§ 4. Мамлекеттик ишканалар

 

158-статья. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишканалар

 

1. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана катары мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналган жана бул ишканага ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашыруу укугу бекитилген юридикалык жак таанылат.

2. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкананын фирмалык аталышында анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканасы болуп санала тургандыгы камтылууга тийиш.

3. Чарба жүргүзүү шарттарында өзүнө бекитилген мүлккө болгон ишкананын укуктары ушул Кодекстин 230-статьясында аныкталат.

4. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкананын укуктук жобосу мыйзам тарабынан аныкталат.

 

159-статья. Оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик ишкана

 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде болгон мүлктүн базасында өзүнө бекитилген мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашыруучу ишкана түзүлүшү мүмкүн.

2. Оперативдүү башкаруу укугуна негизденген ишкананын фирмалык аталышында ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканасы болуп санала тургандыгы камтылууга тийиш.

3. Ага бекитилген мүлккө болгон ишкананын укугу ушул Кодекстин 231-статьясына ылайык аныкталат.

4. Кыргыз Республикасы оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик ишкананын милдеттенмелери боюнча, анын мүлкүнүн жетишсиздигинде, субсидиялык жоопкерчиликти өзүнө алат.

 

§ 5. Коммерциялык эмес уюмдар

 

160-статья. Керектөө кооперативи

 (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

161-статья. Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар

 

1. Рухий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын таламдарынын жалпылыгынын негизинде белгиленген мыйзам тартибинде биригишкен граждандардын ыктыярдуу бирикмелери коомдук бирикмелер жана диний уюмдар катары таанылат. Мыйзамдарда каралган учур-

ларда айрым коомдук бирикмелер үчүн милдеттүү түрдө мүчө болуу белгилениши мүмкүн.

Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат. Алар өздөрү түзүлгөн максаттарына жетишүү жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык ишмердикти гана жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана профсоюздарды чет өлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар, чет өлкөлүк мамлекеттер жана эл аралык уюмдар тарабынан финансылоого жол берилбейт.

3. Коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын катышуучулары (мүчөлөрү) бул уюмдардын менчигине беришкен мүлккө, анын ичинде мүчөлүк взносторго болгон укуктарын сактап калышпайт. Алар өздөрү мүчө катарында катышкан коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, ал эми көрсөтүлгөн бирикмелер жана уюмдар өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.

4. Коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын укуктук жобосу мыйзам тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

162-статья. Коомдук фонддор

 

1. Социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана башка коомдук-пайдалуу максаттарды көздөгөн ыктыярдуу мүлк взносторунун негизинде граждандар жана (же) юридикалык жактар тарабынан уюштурулган мүчөлүгү жок коммерциялык эмес уюм коомдук фонд (мындан ары - фонд) катары таанылат.

Аны уюштуруучулар тарабынан фондго берилген мүлк фонддун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү түзүшкөн фонддун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, ал эми фонд өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2. Фонд мүлктү өзүнүн уставында белгиленген максаттарда пайдаланат. Фонд өзү түзүлгөн максаттарга жетүү үчүн жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык ишмердик менен эмгектенүүгө укуктуу.

3. Фондду башкаруунун тартиби жана анын органдарын түзүүнүн тартиби уюштуруучулар тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен аныкталат.

4. Фонддун уставы ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пункттунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен катар: "фонд" деген сөздү камтыган фонддун аталышын; фонддун максаты жөнүндөгү маалыматтарды; фонддун органдары жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү, анын ичинде фонддун ишине кезөмөлдүк жүргүзгөн байкоочу кеңеш жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү; фонддун кызмат орундарына адамдарды дайындоонун жана бошотуунун тартиби; ал жоюлган учурда фонддун мүлкүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш.

 

163-статья. Коомдук фонддун уставын өзгөртүү жана жоюу

 

1. Эгерде фонддун уставында аны белгиленген тартипте өзгөртүү каралса, анын органдары фонддун уставын өзгөртүшү мүмкүн.

Эгерде фондду уюштурууда анын уставы алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон кесепеттерге дуушарланта тургандай өзгөрүлбөгөн түрүндө сакталса, ал зми устав ыйгарым укук берилгендер тарабынан өзгөртүлбөй тургандыктан, аны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү анда каралбаса, өзгөртүү киргизүү укугу фонддун органдарынын, байкоочу кеңештин же фонддун ишмердигине көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укук алган башка органдын арызы боюнча сотко таандык болот.

2. Фонддун жоюлушу жөнүндөгү чечимди таламдаш жактардын арызы боюнча сот гана чыгара алат.

Фонд төмөнкү учурларда жоюлат:

- эгерде фонддун мүлкү өз максаттарын ишке ашырууга жетишсиз болсо жана зарыл мүлктү алуу мүмкүнчүлүгү болбосо;

- эгерде фонддун максаты ишке ашпагандай болсо, ал эми фонддун максаттарына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн болбосо;

- фонддун ишмердиги анын уставында каралган максаттардан четтеген учурда;

- мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Фонд жоюлган учурда кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган анын мүлкү уставда каралган максаттарга жумшалат.

 

164-статья. Мекемелер

 

1. Менчик ээси тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес башка функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай финансылануучу мамлекеттик же башка уюм мекеме катары таанылат.

2. Мекеменин өзүнө бекитилген укуктары жана ал сатып алган мүлк ушул Кодекстин 231-статьясына ылайык аныкталат.

3. Мамлекеттик жана башка мекемелердин айрым түрлөрүнүн укуктук

жобосу мыйзам тарабынан аныкталат.

4. Мекеме өзүнүн милдеттенмелери боюнча карамагындагы акча кара-

жаттары менен жооп берет. Алар жетишсиз болсо, мекеменин милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликти менчик ээси тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 мыйзамынын редакциясына ылайык)

165-статья. Юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялар жана союздар)

 

1. Коммерциялык уюмдар алардын ишкердик аракеттерин координациялоо, ошондой эле жалпы мүлктүк таламдарды көрсөтүү жана коргоо максатында келишим боюнча өз ара коммерциялык эмес бирикмелерди ассоциациялар (союздар) түрүндө түзө алышат.

Эгерде катышуучулардын чечими боюнча ассоциацияга (союзга) ээлик кылуу ишкердигин алып баруу жүктөлсө, мындай ассоциация (союз) ушул Кодексте каралга тартипте чарбалык коомго же шериктештикке кайра түзүлүүгө тийиш. Ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн ассоциациялар (союздар) чарбалык коомдорду түзүүгө же аларга катышууга укуктуу.

2. Коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде мекемелер бул уюмдардын ассоциацияларына (союздарына) ыктыярдуулук менен бириге алышат.

Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

3. Ассоциация юридикалык жак болуп саналат.

Ассоциациянын мүчөлөрү өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укугун сактап калышат.

4. Ассоциация өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт. Ассоциациянын мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча ассоциацияны уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте субсидиялык жоопкерчиликти алышат.

5. Ассоциациянын фирмалык аталышы анын ишмердигинин негизги предметин жана анын мүчөлөрүнүн негизги предметин "ассоциация" же "союз" деген сөздөрдү камтуу менен көрсөтүлүшү керек.

 

166-статья. Ассоциацияны (союзду) уюштуруунун документтери

 

1. Ассоциацияны (союзду) уюштуруунун документтери болуп анын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган жана алар бекиткен устав саналат.

2. Ассоциацияны уюштуруунун документтери ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен катар ассоциациянын курамы жана аны башкаруучу органдардын компетенциясы жана алардын чечимдерди кабыл алышынын тартиби жөнүндөгү, анын ичинде чечилиши ассоциациянын мүчөлөрүнүн бир добуштан же добуштардын квалификациялуу көпчүлүгү менен кабыл алынуучу маселелер жөнүндөгү жана ассоциация жоюлгандан кийин калган мүлктү бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү шарттарды камтууга тийиш.

 

167-статья. Ассоциациянын (союздун) мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

 

1. Ассоциациянын (союздун) мүчөлөрү, эгерде ассоциацияны уюштуруунун документтеринде башка каралбаса жана кызмат көрсөтүүлөрдөн башка

келип чыкпаса, анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн акысыз пайдаланууга укуктуу.

2. Ассоциациянын мүчөсү өзүнүн кароосу боюнча финансылык жыл аяктагандан кийин ассоциациядан чыгууга укугу бар. Мындай учурда ал чыккан учурдан тартып эки жыл аралыгында ассоциациянын милдеттенмелери боюнча субсидиялык жоопкерчиликти алат.

Ассоциациянын мүчөсү андан ассоциацияны уюштуруунун документтеринде белгиленген учурда жана тартипте калган катышуучулардын чечими боюнча чыгарылып салынышы мүмкүн. Ассоциациядан чыгарылган мүчөнүн мүлк взносуна жана жоопкерчилигине карата ассоциациядан чыгууга тийиштүү эрежелер колдонулат.

3. Ассоциациянын катышуучуларынын макулдугу менен ага жаңы мүчө кире алат.

 

6-Глава
Граждандык мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде мамлекеттин катышуусу

 

168-статья. Кыргыз Республикасы - граждандык укук мамилелериндеги субъект катары

 

1. Кыргыз Республикасы граждандар жана юридикалык жактар менен бирдей башталыштарда граждандык укук мамилелеринин катышуучусу болуп саналат.

2. Эгерде мыйзамдан же граждандык укуктук мамилелердин субъектилери катары алардын өзгөчөлүктөрүнөн башкача келип чыкпаса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн граждандык укук мамилелеринин субъекттерине юридикалык жактардын катышуусун аныктоочу нормалар колдонулат.

 

169-статья. Кыргыз Республикасынын граждандык укук мамилелерине катышуусунун тартиби

 

1. Мамлекеттик бийлик органдары мыйзамдарда жана башка актыларда белгиленген, ушул органдардын статусун аныктаган өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде мамлекеттин атынан өз иш-аракеттери менен мүлктүк жана мүлктүк эмес өздүк укуктарга жана милдеттерге ээ болушат жана аларды жүзөгө ашырышат, сотто чыга алышат.

2. Мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мамлекеттин атынан анын атайын тапшырмасы боюнча башка юридикалык жактар жана граждандар чыга алышат.

 

170-статья. Кыргыз Республикасынын милдеттенмелер боюнча жоопкерчилиги

 

1. Мамлекет өзү тарабынан түзүлгөн юридикалык жактарга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктөн тышкары (мамлекеттик казына, 225-статьянын 2-пункту) өзүнө менчик укугунда таандык болгон мүлккө өз милдеттенмелери боюнча жооп берет.

2. Мамлекет тарабынан түзүлгөн юридикалык жак анын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

3. Мамлекет ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, өзү түзгөн юридикалык жактардын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

4. Мамлекет өзү түзгөн келишимдин негизинде юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча кепилдик (гарантия) берген, же юридикалык жак мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик (гарантия) алган учурларда ушул статьянын 2-3-пункттарынын эрежелери колдонулбайт.

 

171-статья. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк юридикалык жактардын, граждандардын жана мамлекеттердин катышуусу менен болгон граждандык укук мамилелериндеги жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

 

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк юридикалык жактардын, граждандардын жана мамлекеттердин катышуусу менен болгон граждандык укук мамилелериндеги жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-Глава
Бүтүмдөр

 

1. Бүтүмдөрдүн түшүнүгү, түрлөрү жана формалары

 

 172-статья. Бүтүмдөрдүн түшүнүгү жана түрлөрү

 

1. Граждандардын жана юридикалык жактардын граждандык укуктарды жана милдеттерди орнотууга, өзгөртүүгө же жоюуга багытталган иш-аракеттери бүтүмдөр катары таанылат.

2. Бүтүмдөр бир тараптуу жана эки же көп тараптуу (келишимдер) болушу мүмкүн.

3. Мыйзамга же тараптардын макулдашуусуна ылайык жасоо үчүн бир тараптын эрки зарыл жана жетиштүү болгон бүтүм бир тараптуу бүтүм катары эсептелет.

Бир тараптуу бүтүм аны жасаган жак үчүн милдеттерди жаратат. Ал башка жактар үчүн мыйзам белгилеген учурларда же ушул жактардын макулдашуусунда милдеттерди жарата алат.

4. Келишим түзүү үчүн эки тараптын (эки тараптуу бүтүм) же үч же андан көп тараптын (көп тараптуу бүтүм) макулдашылган эрктеринин билдирилүүсү зарыл.

5. Бир тараптуу бүтүмдөргө милдеттенмелер жөнүндөгү жана келишимдер жөнүндөгү (ушул Кодекстин III бөлүгү) жалпы жоболор, бул бүтүмдүн мыйзамына, табиятына жана маңызына карама-каршы келбегендиктен, колдонулат.

 

173-статья. Шартташуу менен жасалган бүтүмдөр

 

1. Эгерде тараптар укуктардын жана милдеттердин жаралышын, аны болоору же болбосу белгисиз болгон кырдаалдарга көз каранды кылып койсо, бүтүм кийинкиге калтырылган шарт менен жасалган бүтүм катары эсептелет.

2. Эгерде тараптар укуктардын жана милдеттердин жоюлушун, анын болоору же болбосу белгисиз болгон кырдаалдарга көз каранды кылып койсо, бүтүм жокко чыгарылуучу шарт менен жасалган бүтүм катары эсептелет.

3. Эгерде шарттын келишине мындай кырдаалдын келиши пайдасыз болгон тарап кара ниеттик менен тоскоолдук кылса, анда шарт келген катары таанылат.

Эгерде шарттын келишине мындай кырдаалдын келиши пайдалуу болгон тарап кара ниеттик менен көмөктөшсө, анда шарт келбеген катары таанылат.

 

174-статья. Бүтүмдүн формалары

 

1. Бүтүмдөр ооз эки же жазуу (жөнөкөй же нотариалдык) түрүндө жа-

салат.

2. Ооз эки бүтүм тараптын жүрүш-турушунан анын бүтүм жасоого болгон эрки көрүнүп турган учурда болсо, ал жасалган катары эсептелет.

3. Унчукпоо мыйзам же тараптардын макулдашуусу менен каралган учурларда бүтүм жасоого эркти билдирүү катары таанылат.

 

175-статья. Ооз эки бүтүмдөр

 

1. Мыйзам же тараптардын макулдашуусу менен жазуу (жөнөкөй же нотариалдык) түрүндө белгиленбеген формадагы бүтүм ооз эки жасалышы мүм-

күн.

2. Тараптардын макулдашуусу менен башка белгиленбегендиктен, нотариалдык формасы белгиленген бүтүмдөрдөн жана жөнөкөй жазуунун формасын

сактабагандык анын эместигине алып келүүчү бүтүмдөрдөн тышкары, бүтүм-

дөр жасалып жатканда аткарылуучу бардык бүтүмдөр ооз эки түрүндө жаса-

лышы мүмкүн.

3. Жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдерди аткаруу үчүн бүтүмдөр, эгерде ал мыйзамга жана келишимге карама-каршы келбесе, тараптардын макулдашуусу боюнча ооз эки жасалышы мүмкүн.

 

176-статья. Бүтүмдүн жазуу жүзүндөгү формасы

 

1. Жазуу жүзүндөгү бүтүм анын маңызын билдирген жана бүтүм жасап жаткан жактын же жактардын же тийиштүү түрдө ыйгарым укук алышкан жактардын өз колдору коюлган документти түзүү жолу менен жасалууга тийиш.

Эки тараптуу бүтүмдөр ар бир тарап өздөрү түзүшкөн жана кол коюшкан (395-статьянын 2-пункту) документтерди алмашуу жолу менен жасалат.

Мыйзам жана тараптардын макулдашуусу менен бүтүмдүн формасы (белгилүү формадагы бланкка жасоо, мөөр менен ырастоо ж.б.) туура келүүчү кошумча талаптар коюлушу жана бул талаптарды сактабагандыктын натыйжалары каралышы мүмкүн. Эгерде мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда мындай натыйжалар каралбаса, бүтүмдүн жөнөкөй жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбаган натыйжалары колдонулат.

2. Бүтүмдөрдү жасоодо коюлган колдорду механикалык каражаттардын жардамы аркылуу факсимилдик жол менен кайра чыгарууга же башкача ыкма менен көчүрүп алууга, электрондук-сан менен жазууга же жекече коюлган колдун башка аналогу мыйзамда же тараптардын макулдашуусу менен каралган учурларда жол берилет.

3. Эгерде граждан өзүнүн денесиндеги кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан өзү кол кое албаса, анда анын өтүнүчү боюнча бүтүмдө башка граждан кол кое алат. Анын койгон колу нотариус аркылуу же бүтүм жасоочу ага өз колун кое албагандыгынын себептерин көрсөтүү менен мындай нотариалдык иштерди жүргүзүүгө укуктуу кызмат адамы аркылуу ырасталышы керек.

4. Бирок ушул Кодекстин 204-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жасоодо жана аны жасоого берилген ишеним күбөлүктөрдө бүтүмгө кол койгондун колу, ошондой эле өз колун кое албаган граждан иштеген уюм же ал дарыланууда жаткан стационардык дарылоочу мекеменин администрациясы тарабынан ырасталышы мүмкүн.

 

177-статья. Жөнөкөй кат жүзүндө жасалуучу бүтүмдөр

 

1. Нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылуучу бүтүмдөрдөн башка, төмөндөгүлөр:

1) юридикалык жактардын жана граждандардын ортосундагы бүтүмдөр;

2) граждандардын ортосунда өз ара эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе ашкан суммада белгиленген, ал эми мыйзамда каралган учурларда бүтүмдүн суммасына карабастан түзүлгөн бүтүмдөр жөнөкөй кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

2. Ушул Кодекстин 175-статьясына ылайык оозеки түрүндө жасалган бүтүмдөр үчүн жөнөкөй кат жүзүндө жасоо талап кылынбайт.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

178-статья. Бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоону сактабоонун натыйжалары

 

1. Бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоону сактабаганда, тараптарды талаш чыккан учурларда бүтүмдүн ырасталышына таянуудан жана күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүнүн шарттарынан ажыратат, бирок аларды жазуу түрүндөгү жана башка далилдерден ажыратпайт.

2. Мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда түздөн-түз көрсөтүлгөн учурларда бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоону сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.

3. Тышкы экономикалык бүтүмдү жөнөкөй кат жүзүндө жасоо сакталбаганда бүтүм жараксыз болот.

 

179-статья. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөр

 

1. Бүтүмгө нотариалдык жактан күбөлүк документке ушул Кодекстин 176-статьясынын талаптарына ылайык нотариус же мына ушундай нотариалдык иштерди жасоого укуктуу башка кызмат адамы күбөлөндүргөн жазууну киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Бүтүмгө нотариалдык жактан күбөлүк төмөнкү учурларда милдеттүү:

1) мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда;

2) каалаган тараптын талабы боюнча.

 

180-статья. Бүтүмдөрдөн улам келип чыгуучу укуктарды мамлекеттик каттоо

 

1. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр жана кыймылсыз мүлккө карата бүтүмдөрдөн келип чыгуучу (ажыратуу, ипотека, мураска алуу ж.б.) жана граждандык укуктар менен милдеттердин белгиленишине, пайда болушуна, өзгөрүшүнө же токтотулушуна байланыштуу укуктар мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Укуктарды каттоонун жана тиешелүү реестрлерди жүргүзүүнүн тартиби мыйзам тарабынан аныкталат.

2. Ушул Кодексте же мыйзамда айрым түрлөрдөгү кыймылдуу мүлк менен бүтүмдөрдүн негизинде келип чыгуучу укуктарды мамлекеттик каттоо белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222 ,
2008-жылдын 17-декабрындагы № 266 Мыйзамдарыынын редакцияларына ылайык)

181-статья. Бүтүмдөрдүн нотариаттык формасын жана каттоо жөнүндө талаптарды сактабоонун кесепеттери

 

1. Бүтүмдөрдүн нотариаттык формасы жана бүтүмдөрдөн келип чыгуучу бүтүмдөрдү жана укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө талаптар сакталбаганда, бул анын жараксыз болушуна алып келет. Мындай бүтүм жокко эсе бүтүм деп, ал эми укугу жараксыз деп табылат.

2. Эгерде тараптардын бири нотариаттык күбөлөндүрүүнү талап кылган бүтүмдү толугу менен же жарым-жартылай аткарса, ал эми экинчи тарап бүтүмдү нотариатта жол-жоболоштуруудан четтесе, сот бүтүмдү аткарган тараптын талабы боюнча бүтүмдү жарактуу деп табууга укуктуу. Мындай учурда бүтүмдү андан ары нотариатта жол-жоболоштуруу талап кылынбайт.

3. Эгерде мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүм же укук тиешелүү формада жасалса, бирок тараптардын бири аны каттатуудан баш тартса, сот экинчи тараптын талабы боюнча бүтүмдү (укукту) мажбурлап каттоо жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Мындай учурда бүтүм (укук) соттун чечимине ылайык катталат.

4. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында каралгандан башка учурларда, бүтүмдү (укукту) нотариаттык күбөлөндүрүүдөн же мамлекеттик каттоодон негизсиз түрдө баш тарткан тарап экинчи тарапка бүтүм (укук) жасоону кечеңдетүүдөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтуруп берүүгө тийиш.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын, 2003-жылдын 15-ноябрындагы № 222, 2012-жылдын 17-мартындагы № 21 мыйзамынын редакцияларына ылайык)

182-статья. Биржалык бүтүмдөр

 

1. Биржада жүгүртүлүүгө жол берилген мүлккө (товарларга, баалуу кагаздарга жана башкаларга) карата укуктарды жана милдеттерди өз ара өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашуу биржанын катышуучулары тарабынан товардык жана фонддук биржалар жөнүндөгү мыйзамда жана биржалык уставдарда (биржалык бүтүмдөр) белгиленген тартипте биржалык чогулушта түзүлөт.

Биржалык бүтүмдөр далдалчылык кат катарында түзүлө алат. Бүтүмдөр биржада катталууга тийиш.

2. Биржалык бүтүмдөргө алардын маңызына жараша, эгерде мыйзамдардан, тараптардын макулдашууларынан же бүтүмдүн маңызынан башка келип чыкпаса, тийиштүү келишим (сатып алуу-сатуу, комиссиялоо ж.б.) жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

Мыйзам же биржалык уставдар тарабынан тараптардын жашырын жана алардын макулдугусуз ачыкка чыгарылууга болбогон сырды түзгөн шарттар каралышы мүмкүн.

Мында, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берилген маалыматтарды алууда тараптардын макулдашуусу талап кылынбайт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы

 

183-статья. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндөгү жалпы жоболор

 

1. Бүтүм ушул Кодекс тарабынан, соттун ушундай таанышынын айынан

(талашып алуучу бүтүм) же мындай таанууга карабастан (арзыбаган бүтүм), белгиленген негиздер боюнча жараксыз.

2. Талашып алуучу бүтүмдүн анык эместигин таануу жөнүндөгү талап ушул Кодексте көрсөтүлгөн жактар тарабынан коюлушу мүмкүн.

Арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндөгү талап каалаган таламдаш жак тарабынан коюлушу мүмкүн. Сот мындай кесепеттерди өз демилгеси боюнча колдонууга укуктуу.

 

184-статья. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттери жөнүндөгү жалпы жоболор

 

1. Жараксыз бүтүм, анын жараксыздыгы менен байланышкан жана ал жасалган учурдан тартып жараксыз болбогон бүтүмдөрдөн тышкары, юридикалык кесепеттерди алып келбейт.

2. Бүтүм жараксыз калганда тараптардын ар бири экинчи жагына бүтүм боюнча алган нерселеринин баарын кайтарып берүүгө, ал эми натуралай алганын (анын ичинде алганы мүлктү пайдаланууда, аткарган ишинде же кызмат көрсөтүүсүндө билдирилсе) кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү жок учурда, эгерде мыйзамда бүтүмдүн анык эместигинин башка кесепеттери каралбаса, анын наркынын ордун акчалай толтурууга милдеттүү.

3. Эгерде талашып алуучу бүтүмдүн маңызынан аны келечекте гана токтотуу мүмкүн экендиги келип чыкса, сот бүтүмдүн анык эместигин таануу менен анын күчүн келечек мезгилге токтотот.

4. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциялына ылайык)

 

185-статья. Мыйзамга ылайык келбеген бүтүмдүн жараксыздыгы

 

Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген бүтүм, эгерде мыйзам мындай бүтүм талашып алуучу экенин белгилебесе же мыйзамды бузуунун башка кесепеттерин карабаса, ал эч нерсеге татыбас бүтүм.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

186-статья. Лицензия алынбай жасалган бүтүмдүн жараксыздыгы

 

Зарыл лицензия алынбай же лицензиянын күчүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин жасалган бүтүм жараксыз.

 

187-статья. Коомдук жана мамлекеттик таламдарга алдын ала карама-каршылык келтирүү максатында жасалган

бүтүмдөрдүн жараксыздыгы

 

Коомдук жана мамлекеттик таламдарга алдын ала карама-каршылык келтирүү максатында жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм. Карама-каршылыктардын негиздери мыйзам тарабынан аныкталат.

Эки тараптын тең мындай бүтүмгө ниеттери болуп, эки тараптан тең бүтүм аткарылган учурда, алар алышкан нерселердин бардыгы Кыргыз Республикасынын кирешесине алынат, ал эми бүтүм бир тараптан аткарылган учурда, экинчи тараптан бардык алынган нерсе жана андан биринчи тарапка алынгандын ордун толтуруучу нерсенин бардыгы Кыргыз Республикасынын кирешесине алынат.

Тараптардын биринин мындай бүтүмгө ниети болсо, анын бүтүм боюнча алган нерселеринин бардыгы экинчи тарапка кайтарылып берилүүгө тийиш, ал эми экинчи тарап алган же аткарылгандын ордун толтуруу үчүн ага эсептелген нерсе Кыргыз Республикасынын кирешесине алынат.

 

188-статья. Курулай жана жалган бүтүмдөрдүн жараксыздыгы

 

1. Курулай бүтүм, башкача айтканда, көз будамалоо үчүн, ага тийиштүү укук мүнөздөрүн түзүүгө ниети жок жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм.

2. Жалган, б.а. башка бүтүмдү жабуу үчүн жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм. Тараптар бүтүмдүн мүнөзүн эске алуу менен, чынында эле билип туруп жасалган бүтүмгө, тийиштүү эрежелер колдонулат.

 

189-статья. Жөндөмсүз катары таанылган граждандын жасаган бүтүмүнүн жараксыздыгы

 

1. Психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган граждандын жасаган бүтүмү эч нерсеге татыбас бүтүм.

Мындай бүтүм жасагандын ар бир тарабы башкасынан натуралай алганын кайтарып берүүгө, ал эми натуралай алганын кайтарып берүүнүн мүмкүнчүлүгү болбосо, анын наркын акчалай толтурууга милдеттүү (184-статьянын 2-пункту).

Мындан тышкары жөндөмдүү тарап башка тарапка ал тарткан реалдуу зыяндын, эгерде жөндөмдүү жак экинчи тараптын жөндөмсүздүгүн билсе же билүүгө тийиш болсо, ордун толтурууга милдеттүү.

2. Психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган граждандын кызыкчылыгында ал тарабынан жасалган бүтүм аны көзөмөлгө алуучунун талабы боюнча, эгерде ал ушул граждандын пайдасына жасалса, сот тарабынан жарактуу катары таанылышы мүмкүн.

 

190-статья. Он төрт жашка чыкпаган өспүрүмдүн жасаган бүтүмүнүн

жараксыздыгы

 

1. Он төрт жашка толбогон (жаш) өспүрүмдүн жасаган бүтүмү эч нерсеге татыбас бүтүм. Мындай бүтүмгө ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган эрежелер колдонулат.

2. Жашы жете элек баланын кызыкчылыгында ал жасаган бүтүм анын ата-энесинин, асыроочуларынын же көзөмөлгө алуучунун талабы боюнча, эгерде ал жаш баланын пайдасына карата жасалса, сот тарабынан жарактуу катарында таанылышы мүмкүн.

3. Ушул статьянын эрежелери, жаш балдар ушул Кодекстин 63-статьясына ылайык мындай бүтүмдү өз алдынча жасоого укуктуу болсо, алардын тиричиликтеги майда бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.

 

191-статья. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр жасаган бүтүмдүн жараксыздыгы

 

1. Он төрттөн он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр өз ата-энелеринин, асыроочуларынын же камкордукка алуучуларынын макулдугусуз жасаган бүтүм, бул макулдук ушул Кодекске ылайык талап кылынса, сот тарабынан ата-энелердин, асыроочулардын же камкордукка алуучулардын доолору боюнча жараксыз катары таанылышы мүмкүн.

Эгерде мындай бүтүмдүн анык эместиги таанылса, анда ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

2. Ушул статьянын эрежелери толук жендөмдүү жашы жете электердин бүтүмдөрүнө жайылтылбайт (56-статьянын 2-пункту, 62-статья).

 

192-статья. Сот тарабынан жөндөмдүүлүгү чектелүү делинген граждандын бүтүмдөрүнүн жараксыздыгы

 

1. Сот тарабынан жөндөмдүүлүгү чектелүү делинген граждандын камкордукка алуучунун макулдугусуз спирт ичимдиктерин ичүүнүн же баңгилик заттарды пайдалануунун кесепеттеринин айынан мүлктү пайдалануу боюнча жасаган бүтүмү камкордукка алуучунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз катары таанылышы мүмкүн.

Эгерде мындай бүтүмдүн жараксыздыгы таанылса, анда ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

2. Ушул статьянын эрежелери, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген граждан ушул Кодекстин 65-статьясына ылайык өз алдынча жасоого укуктуу болгон майда тиричилик бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.

 

193-статья. Өз иш-аракеттеринин маанисин түшүнүүгө жөндөмсүз

граждан тарабынан жасалган бүтүмдүн жараксыздыгы

 

1. Аракетке жөндөмдүү болгону менен бүтүм жасоо учурунда өз иш-аракетинин маанисин түшүнбөгөн же ага жетекчилик кыла албаган абалдагы граждан тарабынан жасалган бүтүм сот тарабынан ушул граждандын же укуктары же мыйзам тарабынан корголгон таламдары аны жасоонун натыйжасында бузулган башка жактардын доолору боюнча жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Кийин аракетке жөндөмсүз катары таанылган (64-статья) граждан тарабынан жасалган бүтүм сот тарабынан, эгерде граждан бүтүм жасаган учурда өз иш-аракетинин маанисин түшүнбөгөндүгү же аларга жетекчилик кыла албагандыгы далилденсе, көзөмөлгө алуучунун доосу боюнча жараксыз деп табылат.

3. Эгерде ушул статьянын негизинде бүтүмдүн жараксыздыгы таанылса, анда ушул Кодекстин 189-статьясынын 1-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

 

194-статья. Өзүнүн укукка жөндөмдүүлүгүнүн чектеринен чыккан юридикалык жактын бүтүмүнүн жараксыздыгы

 

Уюштуруу документтеринде аныкталуу менен чектелген ишмердиктин максаттарына карама-каршы келген юридикалык жак жасаган же тиешелүү ишмердик менен иштөөгө лицензиясы жок (84-статьянын 1-пункту) юридикалык жак жасаган бүтүм сот тарабынан ушул юридикалык жактын, аны уюштуруучунун (катышуучусунун) же контролдукту ишке ашыруучу же юридикалык жактын ишмердигине көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органдын доосу боюнча, эгерде экинчи тарап бүтүмдүн мыйзамсыз экендигин билсе же алдын ала билүүгө тийиш болсо, бүтүм жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

 

195-статья. Бүтүм түзүүгө ыйгарым укуктарды чектөөнүн натыйжасы

 

Эгерде келишим менен юридикалык жактын бүтүм түзүүгө укугу ишеним катта же юридикалык жактын органынын укугу анын уюштуруу документтери менен чектелсе, ишеним катта мыйзамда аныкталганга салыштыруу боюнча же бүтүм жасалып жаткан кырдаалдан айкын болду деп эсептелинсе жана аны түзүүдө жак же орган ал чектөөлөрдүн чегинен чыкса, бүтүмгө катышкан экинчи жак андай чектөөлөр жөнүндө билгендиги же күн мурунтан билүүгө тийиш экендиги далилденген учурда гана кызыкчылыгында чектөө коюлган жактын доосу боюнча андай бүтүм сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

 

196-статья. Жаңылуудан улам түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы

 

1. Жаңылуудан улам түзүлгөн, олуттуу мааниге ээ болгон бүтүм жаңылуудан улам аракеттенген тараптын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

2. Эгерде бүтүм жаңылуудан улам түзүлгөн катары жараксыз деп табылган болсо, анда ушул Кодекстин 184-статьясынын 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

Андан тышкары доосу боюнча бүтүм жараксыз деп таанылган тарап, эгерде жаңылуу экинчи тараптын күнөөсү боюнча келип чыккандыгын далилдей алса, экинчи тараптан ага келтирилген реалдуу зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Эгерде ал далилденбесе, доосу боюнча бүтүм жараксыз деп табылган тарап, эгерде жаңылуу жаңылган тарапка байланыштуу болбогон жагдайлар боюнча келип чыкса да, экинчи тарапка анын талабы боюнча ага келтирилген реалдуу зыяндын ордун төлөп берүүгө милдеттүү.

 

197-статья. Алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын өкүлүнүн экинчи тараптын өкүлү менен кара

ниеттик макулдашуусунун же оор жагдайлардан улам түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы

 

1. Алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында, бир тараптын өкүлүнүн экинчи тараптын өкүлү менен кара ниеттик макулдашуусу боюнча түзүлгөн бүтүм, ошондой эле экинчи жак пайдаланган шартка караганда жак өзү үчүн өтө оор шарттын келип чыгышынан улам түзүүгө аргасыз болгон бүтүм (аргасыз бүтүм) жапа чеккендин доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча бүтүм жараксыз деп таанылса, анда жапа чеккен жакка экинчи тарап ал бүтүм боюнча алган нерсенин бардыгын кайтарып берет, ал эми алгандарын натуралай кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, анын наркын акчалай төлөп берет.

Бүтүм боюнча жапа чеккен тарап экинчи тараптан алган, ошондой эле экинчи тарап ордун толтуруу үчүн берген ага тиешелүү мүлк Кыргыз Республикасынын кирешесине которулат. Мүлктү мамлекеттин кирешесине натуралай берүүгө мүмкүн болбосо, анын наркы акчалай өндүрүлөт. Андан тышкары экинчи тарап жапа чеккен жакка келтирилген реалдуу зыяндын ордун төлөп берет.

 

198-статья. Бүтүмдүн бир бөлүгүнүн жараксыздыгынын натыйжасы

 

Эгерде бүтүм анын жараксыз бөлүгүн кошпосо да түзүлөт эле деп эсептелсе, анда бүтүмдүн жараксыз бөлүгү анын калган бөлүктөрүнүн жараксыздыгына алып келбейт.

 

199-статья. Жараксыз бүтүмдөр боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

 

1. Арзыбаган бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндөгү доо аны аткаруу башталган күндөн тартып үч жылдын ичинде коюлушу мүмкүн.

2. Талаш бүтүмдү жараксыз деп таануу жөнүндө жана анын жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө доо ал бүтүм таасири астында жасалган зомбулук же коркутуу токтотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде (197-статьянын 1-пункту) же доочу бүтүмдүн жараксыздыгын таануу үчүн негиз болуучу башка жагдайлар жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн баштап коюлат.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-Глава
Өкүлчүлүк. Ишеним кат

 

200-статья. Өкүлчүлүк

 

1. Ишеним катка, мыйзамдын көрсөтмөсүнө же буга укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысына негизделген ыйгарым укуктун аркасында бир жак (өкүл) тарабынан башка (өкүлдүк кылууну тапшырган) жактын атынан түзүлгөн бүтүм өкүлдүк кылууну тапшыруунун түздөн-түз граждандык укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт жана токтотот.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүк (чекене соодадагы сатуучу, кассир жана

башкалар) иш жүргүзгөн кырдаалдан да келип чыгышы мүмкүн.

2. Бөтөн жактын кызыкчылыгында болгону менен өзүнүн атынан аракеттенген жактар (банкрот болгондогу администраторлор, мурастоодо

керээзди аткаруучу ж.у.с.), ошондой эле келечекте болуучу бүтүмдөргө

карата сүйлөшүү жүргүзүүгө укук алган жактар өкүл болуп саналбайт.

3. Өкүл өзүнө карата тапшыруучунун атынан бүтүм түзө албайт. Коммерциялык өкүлчүлүк кылуу учурларын кошпогондо, ал өзү бир эле учурда өкүлү болуп саналган башка жакка карата да бүтүм жасай албайт.

4. Мүнөзүнө өзү аркылуу гана жасалышы мүмкүн болгон бүтүмдү өкүл аркылуу жасоого жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

201-статья. Укук берилбеген адам тарабынан бүтүмдөрдү түзүү

 

1. Бүтүм жасоого укук берилбеген адам тарабынан же берилген укугунан аша чабуу менен башка адамдын атынан түзүлгөн бүтүм, өкүлдүк кылууну тапшыруучу тарабынан бул бүтүм кийин жактырылган учурда гана өкүлдүк кылууну тапшыруучу үчүн граждандык укуктарды жана милдеттерди түзөт, өзгөртөт жана токтотот.

Эгерде өкүлдүк кылууну тапшыруучу жак бүтүмдү аткарууга багытталган иш-аракет жасаса, мындай учурда да бүтүм жактырылды деп табылат.

2. Өкүлдүк кылууну тапшыруучунун бүтүмдү андан аркы жактырышы ошондон тартып, бул бүтүм боюнча анын граждандык укуктарын жана милдеттерин түзөт, өзгөртөт жана токтотот.

 

202-статья. Коммерциялык өкүлчүлүк

 

1. Ишкерлердин атынан ишкерлик чөйрөсүндө келишим түзүүдө өзүн дайыма жана өз алдынча өкүлдүк кылып турган жак коммерциялык өкүл болуп саналат.

2. Бүтүмдө бир эле учурда ар кандай тараптарга коммерциялык өкүлчүлүк болууга бул тараптардын макулдугу менен жана мыйзамда каралган башка учурларда жол берилет. Мында коммерциялык өкүл өзүнө берилген тапшырмаларды ишкердин кадимки камкордугу менен аткарууга милдеттүү.

Эгерде өз ара макулдашууда башкача жолу каралбаса, коммерциялык өкүл келишимдин тараптарынан бирдей үлүштө шартталган сыйлык акыны жана тапшырманы, аткаруу учурунда тарткан чыгымдардын төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.

3. Коммерциялык өкүл соода бүтүмдөрү жөнүндө өзүнө белгилүү болгон маалыматты ага берилген тапшырманы аткаргандан кийин да жашыруун сактоого милдеттүү.

4. Ишкердиктин айрым чөйрөлөрүндө коммерциялык өкүлчүлүктүн өзгөчөлүктөрү мыйзамдар менен белгиленет.

 

203-статья. Ишеним кат. Ишеним каттын мөөнөтү

 

1. Үчүнчү жактын алдында өкүлчүлүк кылуу үчүн бир жак тарабынан экинчи жакка берилүүчү кат жүзүндөгү укук - ишеним кат катары таанылат.

Өкүлдүк кылууну тапшыруучу ишеним катты тиешелүү үчүнчү жакка бериши мүмкүн.

2. Юридикалык жактын атынан ишеним кат анын жетекчисинин же уюштуруу документтеринде буга укук берилген башка жактын колу коюлуп, ал уюмдун мөөрүн басуу менен берилет.

Мамлекеттик же коммуналдык менчикке негизделген юридикалык жактын атынан акча жана башка мүлк байлыктарын алууга жана берүүгө ишеним катка ал уюмдун башкы (улук) бухгалтери да кол коюуга тийиш.

3. Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү үч жылдан ашпайт. Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анда ал ошол ишеним кат түзүлгөн күндөн баштап бир жыл бою күчүндө болот.

Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз болуп саналат.

4. Чет өлкөдө колдонууга арналган, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ошол ишеним катты берген жак аны жокко чыгарганга чейин күчүн сактайт.

 

204-статья. Нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар жана аларга теңештирилген ишеним каттар

 

1. Нотариалдык форманы, мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүмдөрдү түзүүгө ишеним кат, ошондой эле сотто өкүлдүк кылууга жарандар тарабынан берилген ишеним кат, мыйзамда каралгандагыдан башка учурларда, нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

2. Төмөндөгүлөр:

госпиталдарда, санаторийлерде жана башка аскердик-дарылоо мекемелеринде дарыланып жүргөн адамдардын мындай мекеменин башчысы же башкы врачы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары;

аскер кызматчыларынын ишеним каттары, ал эми нотариалдык кеңселери жана нотариалдык аракеттерди жасай алган башка органдары жок аскер бөлүктөрү, бирикмелер, мекемелер жана аскердик окуу жайлар жайгашкан жерлерде, ошондой эле жумушчулар менен кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ошол бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайдын командири (башчысы) тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары;

эркинен ажыратуу жайларындагы же камактагы адамдардын тиешелүү мекеменин башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары;

банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп ачып жатышкан граждандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банктын же финансы-кредит мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;

калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде турган аракеттенүүгө жөндөмдүү эрезеге жеткен граждандардын ошол мекеменин администрациясы же калкты социалдык жактан коргоочу тиешелүү органдын жетекчиси (анын орун басары) тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каттарга теңештирилет.

3. Эмгек акыны жана эмгек мамилелерине байланышкан башка төлөмдөрдү алууга, авторлор менен ойлоп табуучулардын акысын, пенсияны, пособиени жана стипендияны, граждандардын банктардагы салымдарын алууга жана кат кабарларды, анын ичинде акчаларды жана посылкаларды алууга ишеним кат ишеним берген жак иштеген же окуган уюм тарабынан, ал жашаган жердеги үй башкармасы жана ал дарылануудагы стационардык дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан да күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

 (КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы №131, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

205-статья. Ишенимди өткөрүп берүү

 

1. Ишеним кат берилген жак өзүнө укук берилген аракеттерди жеке өзү жасоого тийиш. Ал, эгерде ишеним кат аркылуу укук алса, же болбосо ишеним катты берген жактын таламдарын коргоо үчүн шартка жараша мындай аракеттерди жасоого мажбур болсо ишенимди башка жакка өткөрүп бере алат.

2. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат ушул Кодекстин 155-статьясында каралгандан башка учурларда нотариуста

күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

3. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним каттын колдонулушунун мөөнөтү өзү негизденген ишеним каттын колдонуу мөөнөтүнөн ашпайт.

4. Укуктарын башка жакка өткөрүп берген адам бул тууралу ошол ишеним катты берген жакка билдирүүгө жана укуктарды өткөрүп алган жак жөнүндө ага зарыл маалымат берүүгө тийиш. Бул милдеттенменин аткарылбашы укукту өткөрүп алган жактын аракеттери үчүн укуктарын өткөрүп берген жактын өзүнүкүндөй жооп беришине алып келет.

 

206-статья. Ишеним каттын токтотулушу

 

1. Ишеним кат:

1) ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө;

2) аны берген жак тарабынан ишеним кат жокко чыгарылганда;

3) ишеним кат берилген жак баш тартканда;

4) өз атынан ишеним кат берилген юридикалык жак жоюлганда;

5) ишеним кат берилген юридикалык жак токтотулганда;

6) ишеним кат берген граждан өлгөндө, ал аракеттенүүгө жөндөмсүз, аракеттенүү жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок болду деп табылганда;

7) ишеним кат алган граждан өлгөндө, ал аракеттенүүгө жөндөмсүз, аракеттенүү жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок болду деп таанылганда токтотулат.

2. Ишеним катты берген жак каалаган учурда ишеним катты же ишеним каттын өткөрүлүп берилишин жокко чыгара алат, ал эми ишеним кат берилген жак андан баш тарта алат. Бул укуктардан баш тартуу жөнүндө макулдашуу таптакыр жараксыз.

3. Ишеним кат токтотулганда өткөрүп берүү да күчүн жоготот.

4. Ишеним кат берген жак анын алынып салынгандыгы жөнүндө (бул статьянын 1-пункту) ишеним кат берилген жакка, ошондой эле аларга өкүлчүлүк кылуу үчүн ишеним кат берилген өзүнө тааныш үчүнчү жактарга кабарлоого милдеттүү.

Ушундай эле милдет ишеним кат берген жактын укугун мурастоочуларга бул статьянын 1-пунктунун 4- жана 6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча ал токтотулганда жүктөлөт.

5. Ишеним кат берилген жак анын токтотулушу жөнүндө билгенге же

билүүгө тийиш болгонго чейин ал жак иш-аракеттерди жасашынан улам келип чыккан укуктар жана милдеттер үчүнчү жактан ишеним кат берген жак жана анын укуктук жолун жолдоочу үчүн сактайт. Эгерде үчүнчү жак ишеним каттын күчү токтотулгандыгын билсе же билүүгө тийиш болсо, бул эреже колдонулбайт.

6. Ишеним кат тактотулганда ал берилген жак же анын укуктук жолун жолдоочусу ишеним катты тез арада кайтарып берүүгө милдеттүү.

 

9-Глава
Мөөнөттөр. Доонун эскириши

 

1. Мөөнөттөр

 

207-статья. Мөөнөттү аныктоо

 

Мыйзамдар, бүтүм менен белгиленген же сот тарабынан дайындалган мөөнөт календарлык күн менен же жылдар, айлар, жумалар, күндөр же сааттар менен эсептелүүчү убакыт мезгилинин өтүшү аркылуу аныкталат.

Мөөнөт ошондой эле шексиз боло турган окуяны көрсөтүү аркылуу да аныкталышы мүмкүн.

 

208-статья. Мезгилдин бир учуру менен аныкталган мөөнөттүн башталышы

 

Мезгилдин бир учуру менен аныкталган мөөнөт календарлык күндөн кийинки же анын башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күндөн башталат.

 

209-статья. Мезгилдин бир учуру менен аныкталган мөөнөттүн аякташы

 

1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Жарым жыл менен аныкталган мөөнөткө карата айлар менен эсептелүүчү мөөнөт үчүн белгиленген эрежелер колдонулат.

2. Жылдын кварталдары менен эсептелүүчү мөөнөткө карата айлар менен эсептелүүчү мөөнөт үчүн белгиленген эрежелер колдонулат. Мында квартал үч ай деп алынып, ал эми кварталдар жыл башынан эсептелинет.

3. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө аяктайт.

Жарым ай менен аныкталган мөөнөт күндөр менен эсептелүүчү мөөнөт катары каралат жана он беш күнгө барабар болуп саналат.

Эгерде айлар менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү жок айга туш келсе, анда мөөнөт мындай айдын акыркы күнү менен бүтөт.

4. Жумалар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы жумасынын тиешелүү күнү менен бүтөт.

5. Эгерде мөөнөттүн акыркы күнү иш эмес күнгө туш келсе, анда мөөнөт аяктаган күн катары андан кийинки жакынкы иш күнү эсептелинет.

 

210-статья. Мөөнөттүн акыркы күнүндө аракеттерди жасоонун тартиби

 

1. Эгерде мөөнөт кандайдыр бир аракетти жасоо үчүн белгиленсе, ал аракет мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин аткарылууга тийиш.

Бирок, эгерде бул аракет уюмда жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт ошол уюмда белгиленген эрежелер боюнча тиешелүү операциялар токтотулуучу саатта аяктайт.

2. Мөөнөттүн акыркы күнүндөгү жыйырма төрт саатка чейин почтага же телеграфка тапшырылган кат жүзүндөгү арыздар жана кабарлар мөөнөтүндө жасалды деп саналат.

 

2. Доонун эскириши

 

211-статья. Доонун эскиришинин түшүнүгү

 

Доонун эскириши деп укугу бузулган жактын доосу боюнча укукту коргоо үчүн берилген мөөнөт таанылат.

 

212-статья. Доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү

 

Доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү үч жыл менен белгиленет.

 

213-статья. Доонун эскиришинин атайын мөөнөттөрү

 

1. Мыйзам тарабынан талаптардын айрым түрлөрү үчүн жалпы мөөнөткө салыштырганда кыскартылган же узагыраак атайын мөөнөттөр белгилениши мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда башка белгиленбесе, ушул Кодекстин 211-, 214-, 220-статьяларынын эрежелери доонун эскиришинин атайын мөөнөттөрүнө да жайылтылат.

 

214-статья. Доонун эскиришин өзгөртүү жөнүндөгү макулдашуунун жараксыздыгы

 

Доонун эскиришинин мөөнөттөрү жана аларды эсептөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу менен өзгөртүлбөйт.

Доонун эскиришинин мөөнөтүн токтото турууга жана үзгүлтүк жасоого негиздер ушул Кодекс же башка мыйзамдар тарабынан белгиленет.

 

215-статья. Доонун эскиришин колдонуу

 

1. Укук бузгандыкты сот тартибинде коргоо жөнүндө талаптар доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейин сотко берилиши мүмкүн.

2. Ишкердик иш-аракет жүргүзгөн юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары), жарандардын, ошондой эле юридикалык жакты түзүүчүнүн (катышуучунун, акционердин) же анын мүлкүнүн менчик ээсинин бузулган укуктарын коргоо жөнүндө сотко талаптарын койгон башка жактардын, ошондой эле ишкердик иш-аракеттин объекттерине карата буюмдук, милдеттенмелик жана башка мүлктүк укуктардын бузулгандыгын коргоо боюнча доонун эскиришинин мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Эгерде сотко көрсөтүлгөн талаптар боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, сот мындай бузулган укуктарды коргоо боюнча талаптарды кароого кабыл алуудан баш тартууга милдеттүү.

Ушул пунктта көрсөтүлбөгөн бузулган укуктарын коргоо жөнүндөгү жарандардын талаптары боюнча доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилиши мүмкүн, ал эми жарандын бузулган укугу эгерде сот доонун эскирүү мөөнөтү доогердин кертбашына байланышкан жагдайлар боюнча (катуу ооруганда, ал-акыбалсыз калганда) өтүп кеткендигинин себебин жүйөлүү деп тапса, калыбына келтирилүүгө жатат. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетишинин себептери, эгерде алар доонун эскирүү мөөнөтүнүн акыркы алты айында орун алса, жүйөлүү деп табылат. Жаран өзүнүн бузулган укугун коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин талап койгондо сот анын талабын доонун эскирүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептерин аныктоо үчүн гана бул талапты кабыл алууга жана, эгерде доонун эскирүү мөөнөтү кайра калыбына келтирилүүгө жатпаса, ишти дароо токтотууга милдеттүү.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 2-февралындагы № 2-р чечими

3. Негизги талап боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүп кетиши менен кошо кошумча талаптар (туум, күрөө, кепилдик берүү ж.б.) боюнча да доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетет.

4. Милдеттенмедеги жактын өзгөрүшү доонун эскирүү мөөнөтүнүн жана аны эсептөөнүн тартибинин өзгөрүшүнө алып келбейт.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

216-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүн эсептөө

 

1. Доонун эскирүү мөөнөтүн эсептөөнүн тартиби бул Кодексте каралган мөөнөттөрдү эсептөөнүн жалпы эрежелери боюнча аныкталат.

2. Доонун эскирүү мөөнөтү аткаруу мөөнөтү жак өз укугу бузулгандыгы жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып өтө баштайт. Ушул эрежеден алынып салуулар бул Кодекс жана башка мыйзамдар менен белгиленет.

3. Аткаруу мөөнөтү аныкталган милдеттенмелер боюнча доонун эскирүү мөөнөтү аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин өтө баштайт.

Аткаруу мөөнөтү аныкталбаган же талап кылынуучу учур менен аныкталган милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү кредитордун милдеттенмени аткаруу жөнүндө талап кылуу укугу пайда болгон учурдан тартып өтө баштайт, ал эми карызкорго мындай талапты аткаруу үчүн жеңилдетилген мөөнөт берилсе, доонун эскириши ошол көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин эсептеле баштайт.

4. Регрессивдүү милдеттенмелер боюнча доонун эскирүү мөөнөтү негизги милдеттенме аткарылган учурдан кийин өтө баштайт.

 

217-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшүн токтото туруу

 

1. Төмөнкү учурларда:

1) эгерде доонун коюлушуна өзгөчө жана ошол жагдайда болтурбай коюуга мүмкүн эмес шарт (жеңилбес күч) тоскоол болсо;

2) эгерде доочу же жоопкер согуш абалына өткөрүлгөн Куралдуу Күчтөрдүн катарында болсо;

3) мыйзамдын негизинде өкмөт милдеттенмени аткарууну кийинкиге калтырса (мораторий);

4) тиешелүү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдын колдонулушун токтото туруудан улам доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотула турат.

Граждандын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү доо боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү ошондой эле граждандын пенсия же пособие дайындоо жөнүндө тиешелүү органга кайрылышына байланыштуу пенсия же пособие дайындалганга же аларды дайындоо четке кагылганга чейин да токтотула турат.

2. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн шарттар доонун эскирүү мөөнөтүнүн соңку алты айынын ичинде келип чыкса же сакталып турса, ал эми бул мөөнөт алты айга барабар же алты айдан кем болсо - доонун эскирүү мөөнөтү эскирүү мөөнөтүнүн ичинде токтотула турат.

3. Эскирүүнүн ишин токтото турууга негиз болгон шарттар аяктаган күндөн баштап, анын мөөнөтү улантылат. Мөөнөттүн калган бөлүгү алты айга чейин, ал эми эскирүү мөөнөтү алты айга барабар же алты айдан кем болсо, эскирүү мөөнөтүнө чейин узартылат.

 

218-статья. Доонун эскирүү мөөнөтүндөгү үзгүлтүк

 

Доонун зскирүү мөөнөтүнүн өтүшү белгиленген тартипте доо коюу аркылуу, ошондой эле милдеттүү адамдын карызды жана башка милдеттенмелерди таанышын күбөлөндүргөн аракеттерди жасоо аркылуу үзгүлтүккө учурайт.

Үзгүлтүктөн кийин доонун эскирүү мөөнөтү кайрадан башталат; үзгүлтүккө чейин өткөн мөөнөт жаңы мөөнөткө кошулбайт.

 

219-статья. Доо каралбай калганда доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү

 

Эгерде доо сот тарабынан каралбай калса, анда доонун эскирүү мөөнөтүнүн доо коюлганга чейин башталган өтүшү жалпы тартипте улантылат.

Эгерде уголовный иште коюлган доо сот тарабынан каралбаса, анда доонун ал коюлганга чейин башталган эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү доону кароосуз калтырган өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киришине чейин токтотула турат.

Эскирүү токтотула турган мезгил доонун эскирүү мөөнөтүнө киргизилбейт. Мында эгерде мөөнөттүн калган бөлүгү алты айдан кем болсо, ал алты айга чейин узартылат.

Иш боюнча сот чечимин аткаруудан баш тартылгандыгына байланыштуу ошол эле иш боюнча доочуда мыйзамга ылайык жаңы доо коюу укугу пайда болгон учурда доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилет жана кайра жаңыдан өтө баштайт.

 

220-статья. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин милдеттенменин аткарылышы

 

Милдеттенмесин доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин аткарган жак, эгерде аткаруу учурунда ал эскирүү мөөнөтү аяктагандыгы тууралу билбеген болсо да, аткарууну кайра кайтарууну талап кылууга укуксуз.

 

221-статья. Доонун эскириши жайылбаган талаптар

 

Төмөнкү талаптарга:

1) мыйзамда каралгандан башка учурларда, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды коргоо жөнүндөгү талаптарга;

2) салым кошуучулардын банкка салымдарды берүү жөнүндөгү талаптарына;

3) граждандын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптарга доонун эскириши колдонулбайт. Бирок мындай зыяндын ордун толтурууга укук келип чыккан учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин коюлган талаптар доомат коюуга чейинки кеминде үч жыл үчүн канааттандырылат;

4) КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5) КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

6) мыйзамда белгиленген учурларда башка талаптарга да доонун эскириши колдонулбайт.

7) милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө тууралуу талаптарына.

8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана социалдык багыттагы башка объекттерди (билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери) мыйзамсыз менчиктештирүү жөнүндө, ошондой эле аларды кайтарып алуу же мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун республикалык же жергиликтүү бюджеттин пайдасына толтуруу жөнүндө талаптарга.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2015-жылдын 30-июлундагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

 

II БӨЛҮМ
МЕНЧИК УКУГУ ЖАНА БАШКА БУЮМ УКУКТАРЫ

10-Глава
Жалпы жоболор

 

222-статья. Буюм укугунун түшүнүгү жана мазмуну

 

1. Менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары.

2. Менчик ээси өзүнүн мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугу берилет.

Ээлик укугу мүлккө иш жүзүндө ээлик кылуунун юридикалык камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Пайдалануу укугу мүлктөн анын табигый пайдалуу касиеттерин алуунун, ошондой эле андан пайда алуунун юридикалык жактан камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет. Пайда киреше, кошумча киреше, түшүм, төл түрүндө жана башка формаларда болушу мүмкүн.

Тескөө укугу мүлктүн юридикалык тагдырын аныктоонун юридикалык камсыз кылынган мүмкүнчүлүгүн билдирет.

3. Менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган ар кандай аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн мүлкүн башка жактын менчигине ээликтен ажыратып берүүгө, менчик ээси болуп туруп мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун аларга өткөрүп берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен нарктоого, мүлкүн дагы башкача пайдаланууга укуктуу.

Мыйзамда жүгүртүүгө жол берилген чектерде жерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ушул Кодекстин 23-статьясы), эгерде бул башка адамдардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын бузбаса жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбесе, анын менчик ээси тарабынан эркин түрдө жүзөгө ашырылат.

4. Менчик укугуна мөөнөт коюлбайт. Мүлккө менчик укугу ушул Кодексте каралган негиздер боюнча гана мажбурлап токтотулушу мүмкүн.

5. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси ага таандык мүлктү күтүү милдетин алат жана мындай милдетти бир тараптуу тартипте үчүнчү адамга жүктөй албайт.

6. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси мүлктүн кокусунан жок болушунун же кокусунан бузулушунун тобокелин өзүнө алат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

223-статья. Менчик укугунун субъекттери

 

1. Мүлк граждандардын жана юридикалык жактардын, мамлекеттин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн. Менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка формалары таанылат.

2. Мүлккө менчик укугуна ээ болуу жана аны токтотуу, аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө өзгөчөлүктөрү мүлк граждандын, юридикалык жактын менчигинде, муниципалдык же мамлекеттин менчигинде тургандыгына жараша мыйзам менен гана белгилениши мүмкүн.

Мамлекеттик менчикте гана боло турган мүлктүн түрлөрү мыйзам менен белгиленет.

3. Бардык менчик ээлеринин укуктары бирдей корголот.

 (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

224-статья. Граждандардын жана мамлекеттик эмес юридикалык жактардын менчик укугу

 

1. Мыйзамга ылайык граждандарга же мамлекеттик эмес юридикалык жактарга тиешелүү болбой турган мүлктүн айрым түрлөрүнөн башка ар кандай мүлк граждандардын жана мамлекеттик эмес юридикалык жактардын менчигинде болушу мүмкүн.

2. Ушул Кодекстин 3-статьясынын 2-пунктунда каралган максатта мыйзамда белгиленген чектөөлөрдөн башка учурларда, граждандардын жана мамлекеттик эмес юридикалык жактардын менчигиндеги мүлктүн саны жана наркы чектелбейт.

3. Мамлекеттик жана коммуналдык ишканалардан, ошондой эле менчиктөөчү финансылаган мекемелерден башка, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар алардын уюштуруучулары (катышуучулары, мүчөлөрү) аларга салым, взнос катарында берген мүлктүн, ошондой эле бул юридикалык жактар башка негиздер боюнча сатып алган мүлктүн ээси болуп саналат.

4. Коммерциялык уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары, мүчөлөрү) бул уюмга менчик укугунда тиешелүү болгон мүлк жагынан анын уюштуруу документтеринде аныкталган милдеттендирүү укуктарына ээ.

5. Коомдук бирикмелер, диний уюмдар жана башка коомдук фонддор өзүлөрү сатып алган мүлктүн ээси болуп саналат жана аны өзүлөрүнүн уюштуруу документтеринде каралган максатка жетишүү үчүн гана пайдалана алат. Бул уюмдардын уюштуруучулары (катышуучулары, мүчөлөрү) өзүлөрү тиешелүү уюмга менчикке берген мүлккө укугун жоготот. Мындай уюм жоюлганда анын кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыргандан кийин калган мүлкү анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарда пайдаланылат.

 

225-статья. Мамлекеттик менчик укугу

 

1. Мамлекеттин менчигинде анын милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай мүлк болушу мүмкүн.

2. Мамлекеттик менчик мамлекеттик казынадан, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга ылайык мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге бекитилип берилген мүлктөн турат.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттары, алтын запасы, мамлекеттик өзгөчө менчигинин объекттери, анын ичинде жер, анын байлыктары, суулар, аба мейкиндиги, токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, бардык жаратылыш байлыктары жана башка мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге бекитилип берилген мамлекеттик мүлк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казынасын түзөт.

3. Мамлекеттик менчиктеги мүлк мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда (230- жана 231-статьялар) берилет.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

226-статья. Жерге, жер байлыктарына жана башка жаратылыш ресурстарына менчик укугу

 

Жерге, жер байлыктарына жана башка жаратылыш ресурстарына менчик укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жер кодекси жана башка мыйзамдар менен аныкталат.

 

227-статья. Муниципалдык менчик укугу

 

1. Жергиликтүү коомчулук (муниципалдык менчик) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай мүлктү менчиктей алат.

2. Муниципалдык менчик жергиликтүү коомчулуктун казынасынан, ошондой эле жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга бекитилип берилген мүлктөн турат.

Жергиликтүү коомчулуктун бюджетинин каражаттары жана юридикалык жактарга бекитилип берилбеген башка муниципалдык мүлк жергиликтүү коомчулуктун казынасын түзөт.

3. Юридикалык жактын укугуна ээ болгон жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы муниципалдык мүлктү тескөөнү жана башкарууну жүзөгө ашырат.

4. Муниципалдык менчикте болгон мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда (230- жана 231-статьялар) бекитилип берилет.

 (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

228-статья. Менчик ээси болбогон жактардын буюм укуктары

 

1. Менчик укугу менен катар төмөнкүлөр:

чарбачылык жүргүзүү укугу (230-статъя);

оперативдүү башкаруу укугу (231-статья);

жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу (236-статья);

башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн чектелген түрдө пайдалануу укугу (сервитут) (23311-статья);

мыйзамда каралган учурларда бул мүлктүн менчик ээси болбогон жактардын мүлкүнө карата дагы башка буюм укуктары болуп эсептелет.

2. Менчик ээси болбогон жак мүлктү ээлөө жана пайдалануу боюнча

ага таандык укуктарды мыйзамда же менчик ээси тарабынан түзүлгөн кели-

шимде белгиленген чектерде ишке ашырат.

3. Мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси болбогон

мүлктүн ээси бул мүлктү башкарууга жана аны пайдалануудан алынган про-

дукцияны, жемишти жана кирешени өзүнүн менчигине айландырууга укуксуз.

4. Мүлккө карата менчик укугунун башка адамга өтүшү бул мүлккө карата башка буюм укуктарынын токтотулушуна негиз болбойт.

5. Менчик ээси болбогон жактын буюм укуктары ар кандай жактын бу-

зушунан ушул Кодекстин 294-статьясында каралган тартипте корголот.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

229-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү

 

Мамлекеттик мүлк мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте аны менчиктештирүү аркылуу жеке менчикке өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

 

230-статья. Чарба жүргүзүү укугу

 

1. Чарба жүргүзүү үчүн мүлккө ээлик укугу берилген мамлекеттик же коммуналдык ишкана ал мүлккө ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү ушул Кодексте белгиленген чектерде жүргүзөт.

2. Чарба жүргүзүүдөгү мүлктүн ээси ишкана түзүү, анын ишинин затын жана максатын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин мыйзамга ылайык чечет, директорду (ишкананын жетекчисин) дайындайт, ишканага таандык мүлктүн максатка ылайык пайдаланылышын жана сакталышын көзөмөлдөйт.

Менчик ээси өзү түзгөн ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мүлктү пайдалануудан түшкөн пайданын бир бөлүгүн алууга укуктуу.

3. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым (пай) түрүндө кошууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз.

Ишканага таандык чарба жүргүзүү укугундагы калган мүлктөрдү ал, мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, өз алдынча башкарат.

 

231-статья. Оперативдүү башкаруу укугу

 

1. Эгерде мүлк мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда берилсе, анда өзүнө бекитилген мүлккө карата мыйзамда белгиленген чектерде, өзүнүн ишинин максатына, менчик ээсинин тапшырмасына жана мүлктүн багытталышына ылайык ээлөө, пайдалануу жана башкаруу укуктарын ишке ашырат.

2. Мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктүн менчик ээси ашыкча, пайдаланылбаган же болбосо багытына жараша пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга жана аны өз билгениндей башкарууга укуктуу.

3. Мекеме өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү, ошол мүлктүн менчик ээсинин макулдугу боюнча гана ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укуктуу. Ошол мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат.

Эгерде уюштуруу документтерине ылайык мекемеге киреше берүүчү иш жүргүзүү укугу берилсе, анда мындай иш жүргүзүүдөн түшкөн киреше жана ошол кирешенин эсебинен сатылып алынган мүлк мекеменин өз алдынча башкаруусуна алынат жана өзүнчө баланстагы эсепте болот.

4. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

232-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жалпыга таандык объектилерин пайдалануу

 

Граждандар жерлерди, көлдөрдү, дарыяларды, токойлорду, көлмөлөрдү, жолдорду жана мамлекеттик жана муниципалдык менчикти салт боюнча иш жүзүндө жана калыптанып калган жалпыга бирдей таандык башка объектилерди эркин пайдаланууга укуктуу.

Андай объектилерди пайдалануу укугун чектөө коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, адамдардын ден соолугун жана жаратылышты коргоо максатында мыйзамга ылайык белгилениши мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

233-статья. Жер участокторунун менчик зэси болбогон жактардын жер участокторуна карата укуктары

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

234-статья. Жер участогуна өмүр бою мурастап ээлик кылуу укугу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

235-статья. Жер участогуна өмүр бою мурастап ээлик кылуу укугунда

ээлик кылуу жана пайдалануу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

236-статья. Жер участогун мөөнөтсүз (туруктуу) пайдалануу укугу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

237-статья. Мөөнөтсүз (туруктуу) пайдалануу укугу менен жерге

ээлик кылуу жана пайдалануу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

238-статья. Жер участогун ижара шартында мөөнөттүү пайдалануу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

239-статья. Жер участогундагы кыймылсыз мүлк ээсинин ал участокту

пайдалануу укугу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

240-статья. Кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун

пайдалануу укугунан ажырап калышынын натыйжасы

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

241-статья. Жер участогундагы имараттар жана курулуштар ээликтен

ажыратылганда ал участокко карата укуктун өтүшү

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

242-статья. Кыймылсыз бөтөн мүлктү чектелген түрдө пайдалануу

укугу (сервитут)

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

243-статья. Кыймылсыз мүлккө болгон укук өткөндө сервитутту сактап

калуу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

244-статья. Сервитутту токтотуу

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

10-1-Глава
Жерге менчик укугу жана башка буюмдук укуктар

 

(Бул Глава Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде кошулган)

 

233-1-статья. Жерге болгон менчик укугу жөнүндө жалпы жоболор

 

Жер участогу менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болушу мүмкүн. Жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес.

Жер участогу менчигинде болгон адам тиешелүү жерлер мыйзамдын негизинде жүгүртүүдөн алынбаса же жүгүртүүсү чектелбесе, аны сатууга, белекке берүүгө күрөөгө коюуга же ижарага берүүгө жана аны башкача ыкма менен тескөөгө (222-статья) укуктуу.

Жер участогунун универсалдуу укук мурастоо тартибинде башка бирөөгө өтүшү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен жүргүзүлөт.

Жер участогуна болгон укук акысыз же акы алуу менен алынышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбей турган же аны пайдалануу чектелген айыл чарба же башка багыттагы жерлер аныкталат. Мына ушундай жерлерге таандык кылынган жер участокторун пайдалануу анын багытында аныкталган чектерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

 (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

 

233-2-статья. Жер участогу менчик укугунун жана буюмдук укуктун объектиси катары

 

1. Жер участогунун аймактык чек аралары менчик ээсине, болбосо жер участогуна башкача буюм укугуна ээ болгон адамга тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтердин негизинде аныкталат.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, жер участогуна менчик укугу же пайдалануу укугу ушул участоктун үстүнкү (кыртыштык) катмарындагы чек араларга жайылтылат.

Эгерде "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында же башка мыйзамдарда башкача каралбаса жана башка адамдардын укугун бузбаса, жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу ушул участоктун үстүндө жана астында болгондордун бардыгын өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

233-3-статья. Жалпы пайдалануудагы жер участоктору. Жер участокторуна мүмкүнчүлүк алуу

 

1. Граждандар жалпы мүмкүнчүлүк берилген, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жабык эмес жер участокторунда кандайдыр-бир уруксатсыз эле эркин жүрүүгө жана бул участоктордо болгон табигый объектилерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле тиешелүү жер участогунун менчик ээси жол берген чектерде пайдаланууга укуктуу.

2. Жер участогу курчалбаса, болбосо анын менчик ээси же жерди пайдалануучу башкача ыкма менен участокко анын уруксатсыз кирүүгө жол берилбей тургандыгын так белгилеп койбосо, ар кандай адам, эгерде мунун өзү менчик ээсине же жерди пайдалануучуга зыян келтирбеген шартта ушул участок аркылуу өтүп кете алат.

 

233-4-статья. Жер участогуна курулуш куруу

 

1. Жер участогунун менчик ээси ал жерге имараттарды жана курулуштарды тургузушу, аларды кайра курууну же бузууну жүзөгө ашырышы, өзүнүн участогунда башка адамдарга курулуш курууга уруксат бериши мүмкүн. Бул укуктар шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелери, ошондой эле жер участогун максаттуу пайдалануу жөнүндө талаптар сакталган шартта жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, жер участогунун менчик ээси өзүнө таандык болгон участокто өзү үчүн курулган же тургузулган имаратка, курулушка же башка кыймылсыз мүлккө менчик укугуна ээ болот.

Менчик ээсинин өзүнө таандык болгон жер участогунда курулушту өзү билип курушунун кесепеттери ушул Кодекстин 254-1-статьясында аныкталат.

 

233-5-статья. Жер участогунун менчик ээси (жерди пайдалануучу) болуп эсептелбеген адамдардын укуктары

 

1. Жер участогу жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлк алардын менчик ээлери тарабынан башка адамдарга туруктуу же мөөнөттүү пайдаланууга, анын ичинде ижарага берилиши мүмкүн.

2. Жер участогунун менчик ээси (жерди пайдалануучу) болуп эсептелбеген адам жер участогун пайдалануунун өзүнө таандык укугун мыйзамдарда же менчик ээси менен түзүлгөн келишимде белгиленген шарттарда жана чектерде жүзөгө ашырат.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, жер участогунун ээси болуп эсептелбеген адам бул участокту тескөөгө укуксуз.

 

233-6-статья. Жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү

 

Жер участогун пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (мөөнөтүн көрсөтүү менен) болушу мүмкүн.

Жер участогун мөөнөттүү пайдалануу, анын ичинде ижара шартында пайдалануу укугу граждандар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган тартипте жана шарттарда алынат жана жүзөгө ашырылат.

 

233-7-статья. Жер участогун пайдалануу укугун алуунун негиздери

 

Жер участогун туруктуу (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу граждандар жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган тартипте жана шарттарда алынат жана жүзөгө ашырылат.

 

233-8-статья. Жер участогун анда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээси тарабынан пайдалануу укугу

 

1. Башка адамга таандык болгон жер участогунда жайгашкан имараттын, курулуштун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээси, ошол адам тарабынан ушул кыймылсыз мүлктү куруу үчүн берилген жер участогунун бир бөлүгүн пайдаланууга укуктуу.

Эгерде мыйзамда, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун берүү жөнүндө чечимде, же келишимде башкача каралбаса, имаратттын, курулуштун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээси ушул кыймылсыз мүлк жайгашкан жер участогунун бир бөлүгүн пайдаланууга укуктуу.

2. Кыймылсыз мүлккө менчик укугу башка адамга өткөндө ал кыймылсыз мүлктүн мурдагы менчик ээси жер участогунун тиешелүү бөлүгүн пайдалануу укугуна анын мурдагы ээсиндей эле шарттарда жана көлөмдө ээ болот.

Жер участогуна менчик укугунун өтүшү кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине таандык болгон ушул участокту пайдалануу укугунун токтолушу же өзгөртүлүшү үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Башка бирөөнүн жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээси ушул кыймылсыз мүлккө өзүнүн каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде тиешелүү имараттарды жана башка кыймылсыз мүлктү бузууга укуктуу болот, анткени мунун өзү аталган участокту пайдалануунун мыйзамда же келишимде белгиленген шарттарына карама-каршы келбейт.

 

233-9-статья. Кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун пайдалануу укугунан ажырашынын кесепеттери

 

1. Ушул жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине берилген жер участогун пайдалануу укугу токтотулганда (233-10-статья), анын менчик ээсинин жер участогунда калтырылган кыймылсыз мүлккө укугу участоктун менчик ээси менен тиешелүү кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин ортосундагы келишимге ылайык аныкталат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуу жок болгондо же макулдашууга жетишилбегенде, жер участогунун менчик ээси кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун пайдалануу укугу токтотулгандан кийин аны кыймылсыз мүлктөн бошотушун жана участокту баштапкы абалына келтиришин сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

Жер участогунда жайгашкан имаратты же курулушту (турак үйлөр, тарых жана маданият эстеликтери жана башкалар) бузууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган, болбосо аларды курууга бөлүнүп берилген жердин наркына салыштырганда имараттын же курулуштун наркы абдан жогору болгондугуна байланыштуу жүзөгө ашырууга болбой турган учурларда, сот жер участогун пайдалануу укугунун токтотулушунун негиздерин эске алуу менен жана тараптардын тиешелүү талаптары коюлганда кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун пайдалануусунун жаңы мөөнөтүнүн шарттарын белгилей алат.

3. Ушул статьянын эрежелери жер участогу мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн алынып коюлганда (233-17-статья), ошондой эле жер участогу талапка ылайык пайдаланылбагандан улам, аны пайдалануу укугу токтотулганда колдонулбайт.

 

233-10-статья. Жер участогунда жайгашкан имараттар же курулуштар ээликтен ажыратылганда жер участогуна укуктун өтүшү

 

Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жер участогунун менчик ээсине таандык болгон, анда жайгашкан имаратка же курулушка менчик укугу өткөн учурда, аны сатып алуучуга ушул имаратка же курулушка бекитилип берилген жер участогуна укук имараттын же курулуштун мурдагы менчик ээсине берилген шарттарда жана ошол эле көлөмдө өтөт.

Эгерде имаратты же курулушту ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, имарат же курулуш ээлеп турган жана аны пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгүнө менчик укугу сатып алуучуга өтөт.

 

233-11-статья. Башка бирөөнүн жер участогун чектелген түрдө пайдалануу укугу (сервитут)

 

1. Кыймылсыз мүлктүн (жер участогунун, башка мүлктүн) менчик ээси жанаша жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинен, ал эми зарыл учурларда башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинен жанаша жаткан кыймылсыз мүлктү чектелген түрдө пайдалануу укугун (сервитутту) берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл учурда ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлоочу сервитут) белгиленет жана кыймылсыз мүлктү каттоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

3. Кыймылсыз участокту сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирүү участоктун менчик ээсинин өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугунан ажыратпайт.

4. Келишим боюнча келип чыккан сервитут аныкталбаган мөөнөткө же келишимде каралган мөөнөткө белгилениши мүмкүн.

 

233-12-статья. Ыктыярдуу сервитут

 

Сервитут белгилөө жөнүндө келишимге (ыктыярдуу сервитут):

1) Сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирилген кыймылсыз мүлктүн жана сервитут ошого жараша белгиленген кыймылсыз мүлктүн баяндалышы;

2) сервитут белгилөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү;

3) жер участогу сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирилгенде салынганда сервитут турган жер участогу көрсөтүлгөн схема же карта киргизилет.

 

233-13-статья. Мажбурлоочу сервитут

 

1. Мажбурлоочу сервитут мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде келип чыгышы мүмкүн.

2. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда, бул ишке кызыкдар болгон адамдын талабы боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мажбурлоочу сервитут белгилөөгө укуктуу.

Мажбурлоочу сервитут:

1) эгерде кыймылсыз мүлккө карата мүмкүнчүлүк алуу мүмкүн болбосо, өтө оор болсо же өзгөчө чыгымдарды талап кылса, кыймылсыз мүлккө мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн:

2) аларды камсыз кылуу мажбурлоочу сервитутту белгилемейинче мүмкүн болбогон электр берүү, байланыш линияларын жана түтүк өткөргүчтөрдү орнотуу жана пайдалануу, суу менен камсыз кылуу жана мелиорация үчүн жана кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин башка муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн белгиленет.

3. Сервитут белгилөөнү караган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын чечими же сервитут белгилөөдөн баш тартуу сервитут белгилөөгө кызыккан адам же кыймылсыз мүлктүн менчик ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

4. Мажбурлоочу сервитуттун белгилениши менен кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине келтирилген зыяндардын орду сервитут кимдин кызыкчылыгы үчүн белгиленсе, ошол адам тарабынан толтурулат.

Мажбурлоочу сервитут салынган кыймылсыз мүлктүн менчик ээси зыяндардын ордун толтуруунун ордуна сервитут кимдин кызыкчылыгы үчүн белгиленсе, ошол адамдан ылайыктуу акыны талап кылууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

233-14-статья. Жер участогуна менчик укугун же жерди пайдалануу укугун же имаратка же курулушка менчик укугун өткөрүп берүүдө, укуктун башкага өтүшүндө сервитутту сактоо

 

1. Сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирилген жер участогуна менчик укугу же жерди пайдалануу укугу же сервитут өз кызыкчылыгы үчүн белгиленген адамдын имаратка же курулушка менчик укугу башка адамга өткөндө сервитут сакталат.

2. Сервитут соода-сатыктын, күрөөнүн өз алдынча буюмзаты болушу мүмкүн эмес жана жер участогун пайдалануучу же имараттын же курулуштун менчик ээси болуп эсептелбеген, алардын пайдаланышын камсыз кылуу үчүн сервитут белгиленген адамдарга кандайдыр-бир ыкма менен өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.

 

233-15-статья. Сервитутту токтотуу

 

1. Мажбурлоочу сервитут ыйгарым укуктуу органдын же соттун чечими боюнча сервитут белгиленген негиздер болбой калгандыгына байланыштуу токтотулушу мүмкүн.

2. Сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирүүнүн натыйжасында жерди пайдалануу же имаратка же курулушка менчик укугу анын багытына ылайык пайдаланылышы мүмкүн болбогондо жерди пайдалануучу же анын менчик ээси сервитутту токтотууну сот боюнча талап кылууга укуктуу.

 

233-16-статья. Жер участогунан өндүрүп алуу

 

Жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун милдеттенмелери боюнча жер участогунан өндүрүп алууга тараптардын макулдугунун негизинде же соттун чечими боюнча жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралгандан башка учурларда, мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучунун пайдалануусунда болгон жер участокторунан өндүрүп алууга болбойт.

 

233-17-статья. Менчик ээсинин жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу

 

1. Жер участогу анын менчик ээсинен коомдук муктаждыктар үчүн соттун чечиминин негизинде анын наркын жана ажыратып алууда келтирилген башка зыяндарын төлөп берүү менен алынышы мүмкүн.

2. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу жана наркын жана келтирилген зыяндарды төлөп берүү тартиби жер мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

233-18-статья. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу

 

Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнүн жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн ээликтен ажыратуу жөнүндө чечим менен макул болбосо, же сатып алуу баасы жана сатып алуунун башка шарттары жөнүндө аны менен макулдашууга жетишилбесе, ушундай чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу орган жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо коюуга укуктуу. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирилбестен коюлууга тийиш.

Эскертүү: коомдук муктаждыктар - бул жаратылыш-корук фондунун объекттерин, шаардык парктардын курулушун, эс алуу аянтчаларын, коргонуу жана улуттук коопсуздук объекттерин, транспорттук жана энергетикалык инфратүзүмдөрдү (жолдор, газ түтүктөрү, суу түтүктөрү, электр берүү линиялары, аэропорттор ж.б.у.с.) жайгаштыруу боюнча муктаждыктар.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

233-19-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен пайдаланылып жаткан жер участогун алып коюу

 

Эгерде жер участогун пайдалануу Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген тартипте жерди пайдалануунун эрежелерин бузуу менен жүзөгө ашырылып жатса, жер участогу менчик ээсинен же жерди пайдалануучудан алынып коюлушу мүмкүн.

 

11-Глава
Менчиктөө укугу жана турак жайга карата башка буюм укуктары

 

245-статья. Турак жайды жана квартираны менчиктөө укугу

 

1. Менчик ээси өзүнө тиешелүү турак жайга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун алардын багытына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Турак жайлар граждандардын жашашы үчүн пайдаланылууга тийиш.

(2-абзац КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(3-абзац КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Турак үйлөрдө өнөр жай өндүрүшүн жайгаштырууга жол берилбейт. Менчик ээси ага таандык болгон турак жайда ишкана, мекеме, уюмдарды жана алардын бөлүмдөрүн ал жайлар турак эмес жайга айландырылгандан кийин гана жайгаштыра алат. Турак жайды турак эмес жайларга айландыруу турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 (КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 119, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциялына ылайык) 

 

246-статья. Квартира менчик укугунун объектиси катары

 

Көп квартиралуу үйдөгү квартираны менчик ээсине квартира катарында ээлеген ага тиешелүү жай жана андагы ыңгайлуулук элементтери менен катар үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы үлүш тиешелүү (247-статья).

 

247-статья. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү

 

1. Көп квартиралуу үйдөгү бирден ашык менчик ээсин тейлеген жайлар, үй ичиндеги түйүндөр жана инженердик жабдуу-шаймандар (подъезддер, вестибюлдар, квартира аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, квартирадан тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чердак, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды өткөргүчтөр, чатыр жапкычтар, имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар жана башкалар), ошондой эле үй жанындагы жер участкалары көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат.

2. Көп квартиралуу үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмү жана ушул мүлктү күтүү жана сактоо боюнча чыгымдарды менчик ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү турак жай мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3. Көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ээликтен ажырата албайт, ошондой эле бул үлүштү турак жана турак эмес жайларга менчик укугунан бөлүп өзүнчө берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасай албайт.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

248-статья. Турак-жайдын менчик ээлеринин шериктештиги

(Статьянын аталышы 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Квартиралардын менчик ээлери үйдү эксплуатациялоону, квартираларды жана алардын жалпы мүлкүн пайдаланууну камсыз кылуу үчүн квартиралардын (турак жайдын) менчик ээлеринин шериктештигин түзүшөт.

2. Турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал мыйзамга ылайык түзүлөт жана иштейт.

 

248-статья. Турак-жайдын менчик ээлеринин шериктештиги (кондоминиум)

 

1. Квартиралардын менчик ээлери үйдү эксплуатациялоону, квартираларды жана алардын жалпы мүлкүн пайдаланууну камсыз кылуу үчүн квартиралардын (турак жайдын) менчик ээлеринин шериктештигин түзүшөт.

2. Турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги коммерциялык эмес уюм болуп саналат, ал мыйзамга ылайык түзүлөт жана иштейт.

 

249-статья. Турак жайдын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктары

 

1. Турак жайдын менчик ээсинин ага таандык болгон турак жай бөлмөлөрүндө жашап жатышкан үй-бүлө мүчөлөрү турак жай мыйзамдарында белгиленген шарттарда ал жайларды пайдалануу укугуна ээ болот.

2. Эгерде турак жай мыйзамдарында башкача каралбаса, турак жайга же квартирага болгон менчик укугунун башка жакка өтүшү мурдагы менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бул турак жай бөлмөлөрүн пайдалануу укугунун токтотулушу үчүн негиз болот.

 

250-статья. Чарбасыздык менен күтүлгөн турак жайга карата менчик укугунун токтотулушу

 

1. Эгерде турак жайдын ээси аны максатына ылайык пайдаланбаса же коңшуларынын укуктары менен кызыкчылыктарын дайыма же олуттуу бузса, ошондой эле турак жайдын бузулушуна жол берип, чарбасыздык менен мамиле жасаса, анда укугу бузулган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкарууда органдары же жактар мындай тартип бузууларды четтетүү зарылчылыгын менчик ээсине эскертиши, ал эми андай тартип бузуулар турак жайдын бузулушуна алып келе турган болсо - менчик ээсине турак жайды оңдоо үчүн ылайыктуу мөөнөт белгилеши мүмкүн.

2. Эгерде менчик ээси мындай эскертүүдөн кийин да коңшуларынын укуктары менен кызыкчылыктарын бузууну улантса жана турак жайды максатына ылайык эмес пайдалана берсе, ошондой эле зарыл болгон оңдоону жүйөөлүү себепсиз жүргүзбөсө, анда сот тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын же укугу бузулган жактын доосу боюнча өзүнүн чечимин аткарууга кеткен чыгымдарды чыгарып салуу менен сатуудан түшкөн акчанын менчик ээсине берилишин белгилеп, мындай турак жайды ачык соодада сатып жиберүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-Глава
Менчик укугуна ээ болуу

 

251-статья. Менчик укугуна ээ болуунун негиздери

 

1. Мүлккө менчик укугу соода-сатык келишиминин, алмашуунун, белек кылуунун же ал мүлктү ажыратуу жөнүндөгү башка келишимдердин негизинде сатып алынышы мүмкүн.

Граждан өлгөн учурда ага тиешелүү менчик укугу керээзге же мыйзамга ылайык мураска өтөт.

Юридикалык жак кайра уюшулган учурда ага таандык мүлктүн менчик укугу кайра уюшулган юридикалык жактын укук өтүүчүсү болгон юридикалык жакка өтөт (93-статья).

2. Мыйзамдарды сактоо менен өзү үчүн жасаган же түзгөн жаңы буюмга менчик укугу ошол жакка таандык болот.

Мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган түшүмгө, продукцияга, кирешеге менчик укугу ушул Кодекстин 29-статьясында каралган негизде боюнча алынат.

3. Ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте жак менчик ээси жок мүлккө, менчик ээси белгисиз болгон мүлккө, же менчик ээси баш тарткан мүлккө же башка негиздер боюнча ага менчик укугунан ажыраган мүлккө укугун ала алат.

4. Турак жай, турак жай-курулуш, дачалык, гараждык же башка керектөө кооперативинин мүчөсү, пай түрүндөгү каражаттарга укуктуу, квартира, дача, гараж, бул жактарга кооператив тарабынан берилген башка жайлар үчүн өзүнүн пай взносун толугу менен төккөн башка жактар аталган мүлккө менчик укугуна ээ болушат.

5. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциялына ылайык)

 

252-статья. Жаңыдан түзүлгөн кыймылсыз мүлккө менчик укугунун пайда болушу

 

Имаратка, курулуштарга жана мамлекеттик каттоого алына турган жаңыдан түзүлгөн кыймылсыз мүлктөргө менчик укугу ал катталган учурдан баштап пайда болот.

 

253-статья. Кайра иштетүү

 

1. Келишимде башкача каралбагандыктан, өзүнө тиешелүү эмес материалды кайра иштетүү жолу менен жасаган жактын жаңы кыймылдуу мүлкүнүн менчик укугуна материалдын ээси ээ болот.

Бирок, кайра иштетүүнүн наркы материадык наркынан кыйла ашса, жаңы буюмга менчик укугун өзү үчүн ак ниеттүүлүк менен аракеттенип кайра иштеткен жак ээ болот.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, материалынан жасалган буюмга менчик укугун алган материалдын ээси кайра иштеткен жакка анын иш наркын компенсациялоого, ал эми жаңы буюмга менчик укугуна иштеткен жак ээ болгон болсо, анда ал материалдын ээсине материалдын наркын төлөп берүүгө милдеттүү.

3. Кайра иштеткен жактын кара ниеттик аракетинин натыйжасында материалынан ажыраган анын ээси жаңы буюмду анын менчигине берүүнү жана ага келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

254-статья. Жыйнап алуу үчүн жалпыга жеткиликтүү буюмдарды менчикке айландыруу

 

Мыйзамдарга тиешелүү менчик ээси тарабынан берилген жалпы уруксатка же жергиликтүү үрп-адатка ылайык токойлордо, көлмөлөрдө же башка аймакта жемиш терүүгө, балык кармоого, жалпыга жеткиликтүү болгон башка буюмдарды чогултууга же алууга жол берилсе, тиешелүү буюмдарга менчик укугуна аларды чогулткан же жыйган жак ээ болот.

 

254-1-статья. Өзү билип курулуш куруу жана анын кесепеттери

 

1. Бул максат үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда курулган, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон чечимди албастан курулган, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерин олуттуу бузуу менен курулган турак үй, башка курулуш, курулма же башка кыймылсыз мүлк өзү билип курулган курулуш деп эсептелет.

2. Өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбойт, ошондой эле курулушту тескөөгө - сатууга, белекке, ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

Өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча ушул статьянын 3-пунктунда каралгандан башка учурларда, аны курган адам тарабынан же анын эсебинен бузулууга тийиш.

Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат.

Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Өзүнө таандык болбогон жер участогунда курулушту курган адамдын өзү билип курган курулушка менчик укугу ушул участок белгиленген тартипте тургузулган курулушту жайгаштыруу үчүн ушул адамга берилген шартта сот тарабынан туура деп табылышы мүмкүн.

4. Курулуш курган жер участогун пайдаланып жаткан адамдын өзү билип курган курулушта менчик укугу сот тарабынан туура деп табылышы мүмкүн. Мындай учурда курулушка менчик укугу туура деп табылган адам жер участогунун менчик ээсине келтирлиген зыяндын ордун сот тарабынан аныкталган өлчөмдө толтурат.

5. Эгерде курулган курулушту сактап калуу башка адамдардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузууга алып келсе, болбосо алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, аталган адамдардын өзү билип курган курулушка менчик укугу туура деп табылбайт.

6. Өзгөчө учурларда, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен өзү билип курулган курулуш ага кеткен чыгымдардын ордун сот тарабынан аныкталган өлчөмдө төлөп берүү менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

 (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2009-жылдын 12-майындагы № 155 , 2015-жылдын 20-январындагы № 18 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

255-статья. Келишим боюнча ээ болуучуда менчик укугунун пайда болуу учуру

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, келишим боюнча буюмга ээ болуучуда менчик укугу, аны өткөрүп алган учурдан баштап пайда болот.

2. Эгерде мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндөгү келишим мамлекеттик катталууга тийиш болсо, сатып алуучуда менчик укугу аны каттаган учурдан баштап пайда болот.

 

256-статья. Буюмдарды өткөрүп берүү

 

1. Өткөрүп берүү деп жеткирүү милдеттенмеси болбогон ээликтен ажыратылган буюмдарды сатып алуучуга тапшыруу, ошондой эле сатып алуучуга жөнөтүү үчүн ташып жеткирүүчүгө тапшыруу же сатып алуучуга жөнөтүү үчүн почтага тапшыруу таанылат.

Сатып алуучунун же ал көрсөткөн жактын карамагына иш жүзүндө түшкөн учурдан баштап буюм сатып алуучуга тапшырылды деп эсептелинет.

2. Эгерде буюмду ээликтен ажыратуу жөнүндөгү келишим түзүлгөнгө чейин ал сатып алуучунун карамагында турган болсо, буюм ошол учурдан баштап ага өткөрүп берилди деп эсептелинет.

3. Буюмду өткөрүп берүүгө коносаментти же ага башка товарды тескөөчү документти өткөрүп берүү теңештирилет.

 

257-статья. Ээси жок буюмдар

 

1. Менчик ээси жок же менчик ээси белгисиз буюмдар, же менчик ээси менчиктөө укугунан баш тарткан буюмдар ээси жок буюмдар деп таанылат.

2. Эгерде менчик ээси баш тарткан буюмга менчик укугуна ээ болуу жөнүндөгү (258-статья), таап алуу жөнүндөгү (259-статья), кароосуз калган мал (262-статья) жана кенч (261-статья) жөнүндөгү ушул Кодекстеги эрежелер тарабынан жокко чыгарылбаса, ээсиз кыймылдуу буюмдарга менчик укугу ээлик кылган убактысынын эскиргендигине (265-статья) байланыштуу ээлениши мүмкүн.

3. Ээси жок кыймылсыз буюмдарды кыймылсыз буюмду мамлекеттик каттоочу орган тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча эсепке алат.

Ээси жок кыймылсыз мүлктү эсепке алган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин мамлекеттик же муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укугу бар орган бул буюмду мамлекеттик же муниципалдык менчикке түштү деп табуу жөнүндө талап менен сотко кайрыла алат.

Соттун чечими боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикке түштү деп табылбаган ээси жок кыймылсыз буюмду аны калтырган менчик ээси кайрадан ээлигине, пайдаланууга жана тескөөгө алышы же ээлик кылган убактысынын эскиргендигинен (265-статья) улам менчикке алышы мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

258-статья. Менчик ээси баш тарткан кыймылдуу буюмдар

 

1. Менчик ээси таштап салган же менчнк укугунан баш тартуу максатында (280-статьясынын 2-пункту) башкача жол менен калтырган (ташталган буюмдар) ушул статьянын 2-пунктунда каралган тартипте башка адамдын менчигине айланышы мүмкүн.

2. Наркы эсептик көрсөткүчтүн беш эселик өлчөмүнөн аз болгон ташталган буюмдар же ташталган металл сыныктары, жараксыздыка чыгарылган продукция, карагай агызуудан калган шилендилер, кен казуудан калган топурактар жана саркындылар, өндүрүштүн калдыктары жана башкалар турган жер участогу, көлмөлөр же башка объекттер менчигинде, карамагында же пайдалануусунда турган жактан ал буюмдарды өз менчигине айландырууга күбө болгон аракеттерди жасоо же пайдаланууга киришүү менен аны өз буюмуна айландырууга укуктуу.

Ташталган башка буюмдар ал жактын арызы боюнча сот тарабынан ээси жок деп таанылган учурда ага ээ болгон жактын менчигине айланат.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

259-статья. Табылга

 

1. Жоголгон буюмду тапкан жак ал жөнүндө аны жоготкон жакка же буюмдун ээсине же аны алууга укугу бар ага белгилүү башка кимдир бирөөгө дароо билдирүүгө жана табылган буюмду ал жакка кайтарып берүүгө милдеттүү.

Эгерде буюм бөлмөдө же транспортто табылган болсо, ал бөлмөнүн же транспорт каражатынын ээси болуп саналган жакка тапшырылууга тийиш. Табылга тапшырылган жак буюмду тапкан жактын укуктарына ээ болот жана милдеттенмелерди тартат.

2. Эгерде табылган буюмду кайра кайтарууну талап кылууга укугу бар жак же анын турган жери белгисиз болсо, буюмду тапкан жак табылга жөнүндө милицияга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Буюмду тапкан жак аны өзүндө сактоого же милицияга тиешелүү мамлекеттик органга же алар көрсөткөн жакка сактоого берүүгө укуктуу.

4. Буюмду тапкан жак анын жоголуп кеткендиги же бузулгандыгы үчүн атайлап же одоно калпыстык менен жасалган учурда жана буюмдун наркынын чектеринде жооп берет.

5. Эгерде табылга жөнүндө милицияга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына арыз түшкөн учурдан баштап үч айдын ичинде жоголгон буюмду алууга укугу бар жак аныкталбаса жана ал буюмга өзүнүн укугу бар экендигин аны тапкан жакка, ички иштер органына же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына билдирбесе менчик укугуна ал буюмду тапкан жак ага ээ болот.

Эгерде буюмду тапкан жак аны менчигине алуудан баш тартса, анда ал коммуналдык менчикке өтөт.

 

260-статья. Табылга менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жана буюмду тапканга сүйүнчү берүү

 

1. Буюмду таап алган жана аны алууга укугу бар жакка кайтарып берген жак ал жактан, ал эми буюм мамлекеттик менчикке өткөн учурда тиешелүү мамлекеттик органдан буюмду сактоо, тапшыруу же сатуу менен байланышкан чыгымдардын, ошондой эле буюмду алууга укуктуу жакты табууга кеткен чыгымдын ордун толтуруу каражатын алууга укуктуу.

2. Буюмду тапкан жак табылга үчүн аны алууга укуктуу жактан буюмдун наркынын жыйырма процентке чейинки өлчөмүндө сүйүнчү талап кылууга укуктуу.

Эгерде табылган документтер же башка буюмдар аны алууга укуктуу жак үчүн гана баалуулукту билдирсе, сүйүнчүнүн өлчөмү ал жак менен макулдашуу боюнча аныкталат, ал эми макулдаша алышпаса - сот тарабынан аныкталат. Табылган буюмду кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу жак табылга үчүн сүйүнчү төлөөгө ачык убада берсе, сүйүнчү ага ачык убада берген шартта төлөнөт.

Буюмду тапкан жак сүйүнчү төлөнгөнгө чейин табылган буюмду кармап турууга укуктуу (342-статья), буга аларды кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу жак гана пайдаланышы мүмкүн болгон документтер кирбейт.

Эгерде буюмду тапкан жак табылга жөнүндө билдирбесе же аны катып алууга аракеттенсе, сүйүнчү алуу укугу болбойт.

 

261-статья. Кенч

 

1. Менчик ээси аныкталбаган же мыйзамга байланыштуу ага болгон укугунан ажыраган кенч, башкача айтканда жерге көмүлгөн же башкача жолдор менен катылган акча же баалуу буюмдар кенч катылган жер участогу, курулуш жана башкалар тиешелүү болгон жак менен аны тапкан жактын менчигине, эгерде алардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, бирдей үлүштө өтөт.

Кенч катылган жер участогунун же башка мүлктүн ээсинин макулдугусуз казууларды жүргүзгөн же байлыктарды издеген жак кенчти тапкан учурда, ал кенч ал табылган жер участогунун же башка мүлктүн ээсине өткөрүп берилүүгө тийиш.

2. Тарых же маданият эстеликтерине тиешелүү кенч табылган учурда алар мамлекеттик менчикке өткөрүлүүгө тийиш. Мындай болгондо кенч табылган жер участогунун же башка мүлктүн ээси жана кенчти тапкан жак кенчтин наркынын элүү процент өлчөмүндө сүйүнчү алууга укуктуу. Ал жактардын ортосунда сүйүнчүнү бөлүштүрүү ушул статьянын 1-пунктунда каралган эрежелерди колдонуу менен жүргүзүлөт.

Тарых же маданият эстеликтерине тиешелүү кенчти тапкан жак ага сүйүнчү төлөнгөнгө чейин бул мүлктү кармап турууга укуктуу (342-статья).

 

262-статья. Кароосуз калган мал

 

1. Кароосуз калган же ээн калган малды же башка кароосуз калган үй жаныбарларын кармагандар аны ээсине кайтарып берүүгө, ал эми малдын ээси же анын турган жери белгисиз болсо мал кармалган учурдан баштап үч күндөн кечиктирбестен малдын табылгандыгы жөнүндө ички иштер органына же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү, алар анын менчик ээсин издөө боюнча чара көрүшөт.

2. Малдын ээсин издөө учурунда малды кармаган жак өзүндө багууга же пайдаланууга, же аны ал үчүн зарыл шарттары бар башка бирөөгө багууга же пайдаланууга бере алат. Кароосуз малды кармаган жактын өтүнүчү боюнча аны багуу үчүн зарыл шарты бар жакты издөөнү жана ага малды өткөрүп берүүнү ички иштер органы же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы жүргүзөт.

3. Кароосуз малды кармаган жак жана ал малды багууга жана пайдаланууга берилген жак да аларды талаптагыдай багууга милдеттүү жана алардын өлүп калышы же мертиниши үчүн күнөөлүү болсо анын наркынын өлчөмүн төлөп берет.

 

263-статья. Кароосуз калган малга менчик укугуна ээ болуу

 

1. Эгерде кароосуз үй жаныбарлары кармалгандыгы жөнүндө арыз берилген учурдан баштап үч айдын ичинде алардын ээси табылбаса жана аларга укугу бар экендиги жөнүндө билдирбесе, анда ал малга менчик укугу аны баккан жана пайдаланган жакка өтөт.

Өзү багып жаткан малга ээ болуудан ал жак баш тартса, алар коммуналдык менчикке өтөт жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы аныктаган тартипте пайдаланылат.

2. Эгерде мал башка жактын менчигине өтүп кеткенден кийин анын мурдагы ээси келген учурда, анын ээси ал малдын өзүнө көнүп калгандыгын далилдеген жагдай болсо же жаңы ээси аларга карата катаал же башкача түрдө талаптагыдай мамиле кылбаса, анын жаңы ээси менен макулдашуу боюнча аныкталган шартта, ал эми андай макулдашууга жетишилбесе - сот аркылуу аларды кайра кайтарууну талап кыла алат.

 

264-статья. Кароосуз калган малды багууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жана алар үчүн сүйүнчү алуу

 

1. Кароосуз үй жаныбарларын ээсине кайтарып берген учурда, ал малды кармаган жак жана ал мал багуусунда жана пайдалануусунда турган жак анын ээсинен ал малды пайдалануудан алган пайдасын чыгарып салгандан кийин, аны багууга кеткен зарыл чыгымдардын ордун толтуртуп алууга укуктуу.

2. Кароосуз үй жаныбарларын кармаган жак анын ээсинен ушул Кодекстин 260-статьясынын 2-пунктуна ылайык сүйүнчү талап кылууга укуктуу.

 

265-статья. Ээлик кылуунун эскиргендиги

 

1. Мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган граждан же юридикалык жак ал мүлккө (ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча) ээлик кылуу укугун алат.

Мамлекеттик катталууга тийиш болгон кыймылсыз жана башка мүлккө менчик укугу ал мүлктү сатып алган жакка аны ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу каттоодон өткөргөн учурдан баштап пайда болот.

2. Ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу мүлккө карата менчик укугу алынганга чейин мүлккө өзүнүн менчиги катарында ээлик кылган жак үчүн мүлктүн менчик ээси болуп саналбаган, ошондой эле мыйзамда же келишимдин негизинде башкача каралгандыгына байланыштуу, ага ээлик кылууга укугу болбогон үчүнчү жактан өзүнүн ээлигин коргоого укуктуу.

3. Ээлик кылуусунун эскиргендигине таянган жак өзүнүн ээлик кылуу убактысына өзү укугун мурастап алган жак бул мүлктү ээлеп турган убакыттын бардыгын кошо алат.

4. Ушул Кодекстин 289-291, 294-статьяларына ылайык ээлик кылуусунан талап кылынышы мүмкүн болгон жактардын карамагында турган буюмдарга карата ээлик кылууну эскиргендиги мөөнөтү тиешелүү талаптар боюнча доонун эскиргендигинин мөөнөтү өткөндөн мурда башталбайт.

 

13-Глава
Жалпы менчик укугу

 

266-статья. Жалпы менчиктин келип чыгышынын түшүнүгү жана анын негиздери

 

1. Эки же бир нече жактардын менчигиндеги мүлк аларга жалпы менчик укугунда тиешелүү.

2. Мүлк менчик укугуна ар бир менчиктөөчүнүн үлүшүн (үлүштүк менчик) аныктоо менен же мындай үлүштү аныктабастан (биргелешкен менчик) жалпы менчикте боло алат.

3. Мүлктү жалпы менчиктөө үлүштүк болуп саналат, буга бул мүлккө биргелешкен менчиктөөнү түзүүгө мыйзамда жол берилген учурлар кирбейт.

4. Багытын өзгөртмөйүнчө бөлүнүшү мүмкүн болбогон (бөлүнбөс мүлк) же мыйзамга ылайык бөлүнбөй турган мүлк эки же бир нече жактын менчигине келип түшкөндө жалпы менчиктөө пайда болот.

Бөлүнүүчү мүлккө жалпы менчиктөө мыйзамда жана келишимде каралган учурда келип чыгат.

5. Биргелешкен менчиктин катышуучуларынын макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетишилбесе - соттун чечими боюнча жалпы мүлккө ал жактардын үлүштүк менчиги белгилениши мүмкүн.

 

267-статья. Үлүштүк менчик укугунда үлүштү аныктоо

 

1. Эгерде үлүштүк менчиктин катышуучуларынын үлүшүнүн өлчөмү мыйзамдын негизинде аныкталбаса жана анын бардык катышуучуларынын макулдашуусу менен белгиленбесе, үлүштөр бирдей өлчөмдө деп таанылат.

2. Үлүштүк менчиктин бардык катышуучуларынын макулдашуусу менен жалпы мүлктү түзүүгө, сатып алууга жана арттырууга ар биринин кошкон салымына жараша алардын үлүшүн аныктоонун жана өзгөртүүнүн тартиби белгилениши мүмкүн.

3. Жалпы мүлктү пайдалануунун белгиленген тартибин сактоо менен өз эсебинен ал мүлктү ажыралгыс кылып жакшырткан үлүштүк менчиктин катышуучусу жалпы мүлктө өз үлүшүнүн тиешелүү түрдө көбөйтүлүшүнө укук алат.

Эгерде үлүштүк менчиктин катышуучуларынын макулдашуусунда башкасы каралбаса, жалпы мүлктүн ажыратыла турган жакшыртылышы аны жүргүзгөн катышуучунун менчигине түшөт.

 

268-статья. Жалпы үлүштүк менчиктеги турак үйдүн же башка курулуштун үстүнө, жанына куруунун же өзгөртүп

куруунун натыйжасы

 

Эгерде менчик ээси белгиленген эрежелерди сактоо менен үлүштүк менчиктеги үйдүн же курулушун аянтын кошуп, үстүнө куруу же өзгөртүп куруу аркылуу өз эсебинен кеңейтсе, анда бул менчик ээсинин талабы боюнча үйгө же курулушка жалпы менчиктеги үлүш жана андагы жайларды пайдалануу тартиби тиешелүү түрдө өзгөртүлүүгө тийиш.

 

269-статья. Үлүштүк менчикте турган мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө

 

1. Үлүштүк менчикте турган мүлккө ээлик кылуу жана пайдалануу анын бардык катышуучуларынын макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетишилбегенде - сот тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Үлүштүк менчиктин катышуучусу жалпы мүлктүн анын үлүшүнө тең өлчөмүндөгү бөлүгүн ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүнү, ал эми андай укук мүмкүн болбогон учурда мүлккө ээ болгон жана пайдаланган башка катышуучулардан ага туура келген үлүшкө тиешелүү компенсацияны талап кылууга укуктуу.

2. Үлүштүк менчикте турган мүлктү тескөө анын бардык катышуучуларынын макулдугу боюнча жүргүзүлөт.

Үлүштүк менчиктин катышуучусу өзүнүн үлүшүн өз каалоосу боюнча сатууга, белек кылууга, мураска берүүгө, күрөөгө коюуга же ушул Кодекстин 270-статьясына белгиленген эрежелерди сактоо менен башкача тескөөгө укуктуу.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, үлүштүк менчиктин ар бир катышуучусу жалпы мүлк боюнча салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле аны күтүү же сактоого тиешелүү чыгымдарды төлөөгө өз үлүшүнө тең өлчөмдө катышууга милдеттүү.

4. Зарыл болбогон жана башкалардын макулдугусуз жумшаган менчик ээлеринин биринин чыгымдары анын өз мойнуна түшөт. Мындан келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

5. Үлүштүк менчикте турган мүлктү пайдалануудан алынган үзүр, продукция жана киреше жалпы мүлккө кошулат. Ал үзүрдү, продукцияларды жана кирешени кийин бөлүштүрүү үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосундагы макулдашуу менен башкача каралбаса, алардын ортосунда үлүштөрүнүн өлчөмүнө теңештирилген түрдө бөлүштүрүлөт.

 

270-статья. Жалпы менчик укугундагы үлүштү сатып алууда артыкчылык укугу

 

1. Жалпы менчик укугундагы үлүштү башка жакка сатууда, ачык соодадан башка учурларда, үлүштүк менчиктин башка калган катышуучулары үлүштү сатыла турган баа боюнча жана бирдей шарттарда сатып алууда артыкчылык укугуна ээ.

Үлүштүк менчиктин бардык катышуучуларынын макулдугу болбогон учурда жалпы менчик укугундагы үлүштү сатуу үчүн ачык соодалар ушул Кодекстин 274-статьясынын 2-пунктунда каралган жана мыйзамда белгиленген башка учурларда өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Үлүштүн сатуучусу өз үлүшүн башка жакка сатууга ниеттенгендиги жөнүндө аны сатуунун баасын жана башка шарттарын көрсөтүү менен, үлүштүк менчиктин калган катышуучуларына кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде үлүштүк менчиктин калган катышуучулары кыймылсыз мүлккө менчик укугундагы сатылып жаткан үлүштү аны сатуу билдирилген күндөн баштап бир айдын ичинде, ал эми башка мүлктөргө карата - он күндүн ичинде баш тартса же сатып албаса, анда сатуучу өз үлүшүн каалаган жакка сатууга укуктуу.

3. Үлүштү сатууда артыкчылык укугу бузулса, үлүштүк менчиктин башка ар кандай катышуучусу үч айдын ичинде ага сатып алуучунун укугун жана милдеттерин которууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

4. Үлүштү сатып алууда артыкчылык укугун башка бирөөгө ыйгарууга жол берилбейт.

5. Ушул статьянын эрежелери алмашуу келишими боюнча үлүштү ажыратууда да колдонулат.

 

271-статья. Үлүштүк менчиктеги мүлктү бөлүштүрүү жана андан үлүштү бөлүп алуу

 

1. Үлүштүк менчикте турган мүлк анын катышуучуларынын макулдашуусу боюнча алардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

2. Үлүштүк менчиктин катышуучусу жалпы мүлктөн өзүнүн үлүшүн бөлүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Үлүштүк менчиктин катышуучулары жалпы мүлктү бөлүштүрүүнүн же ага катышкандардын биринин үлүшүн бөлүп берүүнүн ыкмалары жана шарттары жөнүндөгү макулдашууга жетишилбеген учурда үлүштүк менчиктин катышуучусу жалпы мүлктөн өз үлүшүн натуралай бөлдүрүп алууну талап кылууга укуктуу.

Эгерде мыйзам менен үлүштү натуралай бөлүп берүүгө жол берилбесе же жалпы менчикте турган мүлккө зыян келтирилбестен бөлүп берүү мүмкүн болбосо, бөлүнүп жаткан менчик ээси үлүштүк менчиктин башка катышуучуларынан анын үлүшүнүн наркын төлөтүп алууга укуктуу.

4. Ушул статьянын негизинде үлүштүк менчиктин катышуучусуна натуралай, бөлүнүүчү мүлктүн анын менчик укугундагы үлүшүнө теңдеш келбеген бөлүгүнүн орду тиешелүү суммадагы акча же башка компенсация төлөп берүү менен толтурулат.

Үлүштүк менчиктин катышуучусуна анын үлүшүн натуралай бөлүп берүүнүн ордуна калган менчик ээлеринин компенсация төлөшү анын макулдугу менен жүргүзүлөт. Тиешелүү менчик ээсинин үлүшү аз болуп, иш жүзүндө бөлүп берилиши мүмкүн болбогон жана анын жалпы мүлктү пайдаланууга олуттуу кызыкчылыгы болбогондо сот ал менчик ээсинин макулдугусуз эле өз үлүшүн башка катышуучуларга өткөрүп берүүгө, ордуна компенсациясын алууга милдеттендире алат.

5. Ушул статьянын 3- жана 4-пункттарына ылайык компенсацияны алуу менен менчик ээси жалпы мүлктөгү үлүшкө болгон укугунан ажырайт.

6. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, жалпы мүлктөгү үлүштүк укук келишим боюнча сатып алуучуга келишим тузүлгөн учурдан баштап өтөт.

Мамлекеттик каттоого тийиш болгон келишим боюнча жалпы менчик укугундагы үлүштү өткөрүү учуру ушул Кодекстин 255-статьясынын 2-пунктуна ылайык аныкталат.

 

272-статья. Биргелешкен менчиктеги мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө

 

1. Эгерде алардын ортосундагы макулдашууда башкача каралбаса, биргелешкен менчиктин катышуучулары жалпы мүлккө биргелешип ээ болот жана пайдаланат.

2. Биргелешкен менчикте турган мүлктү тескөө, ал мүлктү тескөө боюнча бүтүмдү анын катышуучуларынын кимиси түзгөндүгүнө карабастан, анын бардык катышуучуларынын макулдугу менен жүргүзүлөт.

3. Эгерде бардык катышуучулардын макулдашуусунан башкача келип чыкпаса, биргелешкен менчиктин катышуучуларынын ар-бири жалпы мүлктү тескөө боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу. Биргелешкен менчиктин катышуучуларынын бири түзгөн жалпы мүлктү тескөөгө байланышкан бүтүм аны түзгөн катышуучуда зарыл укуктар жок экендигин бүтүм түзгөн экинчи тарап билгендиги же ал жөнүндө күн мурунтан билүүгө тийиш экендиги далилденген учурда калган катышуучулардын талабы боюнча жараксыз деп таанылышы мүмкүн (195-статья).

4. Эгерде ушул Кодекс же башка мыйзамдарда биргелешкен менчиктин калган түрлөрү үчүн башкача белгиленбеген учурда, ушул статьянын эрежелери колдонулат.

 

273-статья. Биргелешкен менчиктеги мүлктү бөлүштүрүү жана андан үлүштү бөлүп алуу

 

1. Биргелешкен менчиктин катышуучуларынын ортосунда жалпы мүлктү бөлүштүрүү, ошондой эле алардын биринин үлүшүн бөлүп берүү жалпы мүлк укугундагы ар бир катышуучунун үлүшү алдын ала аныкталган шартта гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Жалпы мүлктү бөлүштүрүүдө жана андан үлүштү бөлүп берүүдө мыйзамда же анын катышуучуларынын макулдашуусунда башкача каралбаса, алардын үлүштөрү бирдей деп таанылат.

3. Жалпы мүлктү бөлүштүрүүнүн жана андан үлүштү бөлүп берүүнүн негиздери жана тартиби ушул Кодекстин 271-статьясындагы эрежелер боюнча аныкталат, анткени бул Кодексте, башка мыйзамдарда биргелешкен мүлктүн түрлөрү үчүн башкача каралган эмес жана биргелешкен менчиктин катышуучуларынын мамилелеринен башка нерсе келип чыкпайт.

 

274-статья. Жалпы мүлктөгү үлүштү өндүрүп алууну талап кылуу

 

1. Үлүштүк же биргелешкен менчиктин катышуучусунун кредитору ал катышуучунун башка мүлкү жетишсиз болгондо, өндүрүп алууну талап кылуу үчүн карыздардын жалпы мүлктөгү үлүшүн бөлүп берүү жөнүндө талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде мындай учурда үлүштү натуралай бөлүп берүү мүмкүн болбосо же үлүштүк же биргелешкен менчиктин калган катышуучулары ага каршы чыкса, кредитор карызкордон өз үлүшүн жалпы менчиктин калган катышуучуларына ал үлүштүн рыноктук наркына теңдеш баада сатып, аны сатуудан түшкөн каражатты карыздан кутулууга жумшоону талап кылууга укуктуу.

Жалпы менчиктин калган катышуучулары карыздардын үлүшүн сатып алуудан баш тарткан учурда, кредитор карызкордун жалпы менчик укугундагы анын үлүшүн өндүрүп алууну сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

 

275-статья. Жубайлардын жалпы менчиги

 

1. Эгерде мыйзамда же жубайлардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, алардын никеде турган убагында жыйган мүлкү жалпы менчик деп саналат.

2. Никеге турганга чейин жубайларга таандык мүлк, ошондой эле алар никеге турганда тартуу же мурастоо иретинде алган мүлк алардын ар биринин менчиги деп саналат.

Жеке пайдалануучу буюмдар - кийим-кечек, бут кийим, кымбат баалуу буюмдар, нике жана үй-бүлө жөнүндөгү мыйзамда аныкталган башка буюмдар никенин учурунда жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен сатылып алынгандыгына карабастан аны пайдаланган жубайдын менчиги деп табылат.

Эгерде никеде турган учурда жубайлардын жалпы мүлкүнүн эсебинен ал мүлктүн наркын кыйла көбөйтө турган салымдар жасалгандыгы (капиталдык ремонт, реконструкция, кайра жабдуу ж.б.) аныкталса, жубайлардын ар биринин мүлкү алардын жалпы менчиги деп таанылат.

3. Жубайлардын биринин милдеттери боюнча өндүрүп алуу талабы анын менчигинде турган мүлккө гана, ошондой эле ал мүлктү бөлүштүрүүдө ага

тиешелүү боло турган жубайлардын жалпы мүлкүндөгү анын үлүшүнө гана

коюулушу мүмкүн.

4. Бөлүштүрүүдө жалпы мүлктөгү жубайлардын үлүшүн аныктоонун эрежеси жана андай бөлүштүрүүнүн тартиби нике жана үй-бүлө жөнүндөгү мыйзамдар менен белгиленет.

 

276-статья. Дыйкан (фермердик) чарбанын менчиги

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

 

277-статья. Дыйкан (фермердик) чарбанын мүчөлөрүнүн менчиги

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

278-статья. Дыйкан (фермердик) чарбанын мүлкүн бөлүү

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

279-статья. Чарбалык шериктештик же кооператив түрүндө түзүлгөн дыйкан (фермердик) чарбанын менчиги

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын негизинде алынып салынган)

14-Глава
Менчик укугунун токтотулушу

 

280-статья. Менчик укугун токтотуунун негиздери

 

1. Менчик ээсинин менчик укугу өз мүлкүн башка жакка ээликтен ажыратып бергенде, менчик укугунан менчик ээси баш тартканда, мүлк жок болгондо, же талкаланып жок болгондо жана мүлккө менчик укугу жоголуучу мыйзамда каралган башка учурларда токтотулат.

2. Граждан же юридикалык жак өзүнө таандык мүлккө болгон менчик укугунан бул тууралу жарыялоо менен же ал мүлккө кандайдыр-бир укуктарды сактап калууга ниеттенбестен ага ээ болуудан, пайдалануудан жана тескөөдөн өзүнүн четтешин ачык далилдеген башка аракеттерди жасоо менен баш тарта алат.

Менчик укугунан баш тартуу башка жак менчик укугун алган учурга чейин анын ээсинин ошол мүлккө болгон укуктарын жана милдеттерин токтотууга алып келбейт.

 

281-статья. Мүлктү менчик ээсинен мажбурлап алып коюу

 

1. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюуга (мажбурлап алып коюу) соттун чечими менен гана төмөнкү учурларда жол берилет:

1) коомдук муктаждык үчүн ээликтен ажыратуу (233-18-статьянын эскертүүсүн кара);

2) мыйзамга ылайык ошол жакка (283-статья) тиешелүү болбой турган мүлктү ажыратуу;

3) ал турган жер участогунун (284-статья) алынып коюлушуна байланыштуу анда турган кыймылсыз мүлктү ажыратуу;

4) чарбакерсиз күтүлгөн маданий байлыктарды (285-статья) мажбурлап сатып алуу;

5) конфискациялоо (287-статья);

6) ушул Кодекстин 233-9, 233-17, 233-19, 250, 271-статьяларында жана 1046-статьясынын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган негиздер боюнча мүлктү ажыратуу.

2. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюу ошондой эле менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча (233-16, 282-статьялар) мүлк менен өндүрүп алуу учурларында соттун чечиминин негизинде жол берилет.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

282-статья. Менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча мүлк менен өндүрүп алуу

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде өндүрүп алуунун башка тартиби каралбаса, менчик ээсинин милдеттенмеси боюнча мүлк менен өндүрүп алуу жолу аркылуу мүлктү алып коюу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

2. Өндүрүп алууга болгон мүлккө менчик ээсинин укугу бул мүлк өткөн жакта менчик укугу алынып коюлган мүлккө пайда болгондон тартып токтотулат.

 

283-статья. Өзүнө таандык болбой турган мүлккө менчик укугунун токтотулушу

 

1. Эгерде мыйзам жол берген негиздер боюнча адамдын менчигинде мыйзамга ылайык ага таандык болбой турган мүлк калса, мүлккө менчик укугу пайда болгон учурдан баштап мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, бир жылдын ичинде ал мүлк менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш.

2. Эгерде менчик ээси тарабынан мүлк ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ээликтен ажыратылбаган болсо, анда ал мүлк анын мүнөзүн жана максатын эске алуу менен мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын арызы боюнча соттун чыгарган чечимине ылайык сатуудан түшкөн акчасын мурдагы ээсине берүү менен күч колдонуу аркылуу сатылууга же мүлктүн сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы ээсине төлөп берүү менен мамлекеттик же коммуналдык менчикке өткөрүп берилүүгө тийиш. Мында мүлктү ажыратууга кеткен чыгымдар алынып салынат.

3. Эгерде мыйзам жол берген негиздер боюнча граждандын же юридикалык жактын менчигинде сатып алуу үчүн өзгөчө уруксат талап кылынган буюм болуп калса, ал эми аны менчик ээсине берүүдөн баш тартылса, анда бул буюм ошол менчик ээсине таандык болбой турган мүлк үчүн аныкталган тартипте ээликтен ажыратылууга тийиш.

 

284-статья. Жер участогун алып коюуда анда жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу

 

1. Ушул Кодекстин 281-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн, болбосо жерди талаптагыдай пайдаланбагандыгына байланыштуу алып коюуда ошол жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлккө менчик укугун токтотмоюнча, анын наркын жана мүлктү ээликтен ажыратууда келтирилген чыгымдар, мыйзамдарда каралган тартипте төлөнүп берилгенден кийин гана, ошол мүлк менчик ээсинен алынып коюлушу мүмкүн.

Эгерде мындай талап менен сотко кайрылган тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алынып коюлган жер ошол максатта пайдалануу анда турган кыймылсыз мүлккө менчик укугун токтотмоюнча мүмкүн эмес экендигин далилдебесе, кыймылсыз мүлктү алып коюу жөнүндө талап канааттандырылбайт.

2. Ушул статьянын эрежелери тиешелүү түрдө мамлекеттик органдын кен чыккан, акваторий участоктору жана башка участоктор жайгашкан, кыймылсыз мүлктөр турган жерди пайдалануу укугун алып коюу жөнүндө чечимине байланыштуу кыймылсыз мүлккө менчик укугу токтотулганда колдонулат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

285-статья. Чарбасыздык менен күтүлгөн маданий баалуулуктарды сатып алуу

 

Мыйзамга ылайык өзгөчө баалуу жана мамлекет тарабынан корголуучу маданий баалуулуктарга таандык болгон маданий баалуулуктардын менчик ээси бул баалуулуктарды чарбасыздык менен күткөн учурда, ал баалуулуктарды жоготуу же маанисин кетирүү коркунучу туулса, бул баалуулуктар соттун чечими боюнча менчик ээсинен сатып алуу же ачык соодада сатуу жолу менен алынып коюлушу мүмкүн.

Маданий баалуулуктарды сатып алууда менчик ээсине анын наркы тараптардын макулдашуусу боюнча, ал эми талаш-тартыш болгон учурда - сот тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөнөт. Мүлк ачык соодада сатылган учурда менчик ээсине ал сооданы өткөрүүгө кеткен чыгымдарды чыгарып салгандан кийин сатуудан түшкөн акча берилет.

 

286-статья. Реквизиция

 

1. Бөөдө кырсыктар, кыйроолор, эпидемиялар, эпизоотиялар болгон учурда жана өзгөчө мүнөздөгү башка жагдайларда мүлк мамлекеттик органдардын чечими боюнча коомдун кызыкчылыгында менчик ээсине ал мүлктүн рыноктук наркын төлөп берүү менен (реквизиция) мыйзамда белгиленген тартипте жана шартта алынып коюлушу мүмкүн.

2. Менчик ээсине төлөп бериле турган реквизицияланган мүлктүн наркы сотто талашылышы мүмкүн.

3. Мүлкү реквизицияланган жак реквизиция жүргүзүүгө байланышкан кырдаал бүткөндөн кийин сакталынып калган мүлктүн наркынын жана аны алып коюуга байланыштуу укуктуу.

 

287-статья. Конфискация

 

1. Мыйзамда каралган учурларда мүлк менчик ээсинин жасаган кылмышы же башка укук тартибин бузгандыгы үчүн жаза түрүндө соттун чечими боюнча андан акы төлөбөстөн алынып коюлушу (конфискацияланышы) мүмкүн.

2. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

288-статья. Мамлекеттештирүү

 

1. Граждандарга жана юридикалык жактарга тиешелүү мүлктү мамлекеттештирүү аркылуу мамлекеттин менчигине айландырууга бул мүлктү мамлекеттештирүү жөнүндө мыйзамдын негизинде гана жана мүлктү мамлекеттештирген жакка бул мүлктүн наркынын жана аны алып коюуга байланыштуу келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу менен жол берилет.

2. Мамлекеттештирүүнү өткөрүүнүн шарттары жана тартиби мыйзам менен аныкталат.

3. Мүлктү мамлекеттештирүү мамлекеттин коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында гана жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-Глава
Менчик укугун жана башка буюм укуктарын коргоо

 

289-статья. Менчик укугун коргоонун негизги ыкмалары

 

1. Менчик ээси башка бирөө мыйзамсыз ээлеп алган өзүнүн мүлкүн кайра талап кылууга укуктуу.

2. Менчик ээси өзүнүн менчик укугунун таанылышын, ошондой эле ээлик кылуудан ажырап калууга байланышпаган башка бузулган укуктарынын четтелишин талап кыла алат.

 

290-статья. Кара ниет ээлик кылуучудан мүлктү талап кылуу

 

Башка бирөөнүн мыйзамсыз ээлик кылуусунан өз мүлкүн талап кылууда менчик ээсиз ээлеп алышы мыйзамсыз экендигин билген же билүүгө тийиш болгон жактан (кара ниет ээлик кылуучу) ал ээлик кылган бардык мезгил ичинде мындай ээлик кылуудан тапкан же табууга тийиш болгон бардык кирешесин да кайтарып же ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу, ал эми ак ниет ээлик кылуучудан - ээлеп алгандыгы мыйзамсыз экендигин билгенден же билүүгө тийиш болгондон же менчик ээсинин мүлктү кайтарып берүү жөнүндөгү доосу боюнча билдирүү алгандан берки мезгил ичиндеги тапкан же табууга тийиш болгон бардык кирешесин кайтарып же ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

291-статья. Ак ниеттүү алуучу

 

1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), алгачкы менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда гана бул мүлктү талап кылууга укуктуу.

2. Ак ниеттүү алуучу акы төлөнгөн бүтүм боюнча алган мүлк алгачкы менчик ээсинин же ал ээлик кылууга берген жактын ээлигинен ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген негиздер боюнча чыккандыгы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталмайынча ак ниеттүү сатып алуучу мүлктүн менчик ээси болуп саналат.

Мүлктүн алгачкы менчик ээсинин аны ак ниеттүү алуучудан кайра берүүнү талап кылуу үчүн негиздери жок болгон учурларда, мындай алгачкы менчик ээси өзүнө келген зыянды ушул мүлктү укукка сыйбаган жол менен башка бирөөгө берген жактан төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Мүлктү башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан мүлктү акы төлөбөстөн алган жак ак ниеттүү сатып алуучу болуп эсептелбейт.

4. Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

292-статья. Мыйзам актыларында белгиленген негизде токтотулган менчик укугун коргоо

 

Менчик укугун токтотуучу мыйзам актылары кабыл алынган учурда мындай актынын кабыл алынышынын натыйжасында менчик ээсине келтирилген зыяндын орду менчик ээсине толук өлчөмдө мамлекет тарабынан төлөнүп берилет. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаш-тартыштарды сот чечет.

 

293-статья. Менчик ээсинин укуктарын бузуучу актылардын жараксыздыгы

 

Эгерде аткаруучу бийлик же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы тарабынан мыйзамга ылайык келбеген актынын кабыл алынышынын натыйжасында менчик ээсинин укуктары бузулса, анда сот менчик ээсинин арызы боюнча мындай актыны жараксыз деп табат.

Аталган актынын кабыл алынышынын натыйжасында менчик ээсинин тарткан зыяндарынын орду тиешелүү аткаруучу бийлик же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы тарабынан толук өлчөмүндө толтуруп берилүүгө тийиш.

 

294-статья. Менчик ээси болбогон ээлик кылуучунун укуктарын коргоо

 

Ушул Кодекстин 289-291-статьяларында каралган укуктар, мүлктүн менчик ээси болбосо да, бирок жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу, чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу укугу бар же болбосо мыйзамда же келишимде белгиленген башка негиздер боюнча ээлик кылган жакка да таандык. Ошол жак өзүнүн ээлик кылуусун менчик ээсинен коргоого да укуктуу.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

295-статья. Өндүрүштүк чыгымдардын ордун толтуртуп алууга ак ниет ээ болуучунун жана кара ниет ээлик кылуучунун укуктары

 

1. Ак ниет да жана кара ниет да ээлик кылуучу, өз кезегинде, менчик ээсине мүлктөн түшкөн киреше таандык болгондон берки мезгил ичинде мүлккө карата жасаган зарыл болгон чыгымдарынын ордун толтуруп беришин менчик ээсинен талап кылууга укуктуу.

2. Ак ниет ээлик кылуучу өзү жасаган жакшыртууларын, эгерде аларды мүлккө зыян келтирбестен ажыратууга мүмкүн болсо, өзүнө калтырууга укуктуу. Жасалган жакшыртууну мындай ажыратып алууга мүмкүн болбогон учурда ак ниет ээлик кылуучу менчик ээсинен жасалган жакшыртуусунун ордун, бирок мүлктүн наркынын көбөйгөн өлчөмүнөн ашпаган өлчөмдө толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

III БӨЛҮМ
МИЛДЕТТЕНМЕ УКУГУ

 

(Жалпы бөлүм)

 

16-Глава
Милдеттенме түшүнүгү жана анын тараптары

 

296-статья. Милдеттенме түшүнүгү

 

Милдеттенмеге жараша бир жак (карызкор) экинчи жактын (кредитордун) пайдасына белгилүү бир аракеттерди жасоого: мүлктү өткөрүп берүүгө, иш аткарууга, акча төлөөгө жана башка нерселерди жасоого же белгилүү аракетти аткарбоого милдеттүү, ал эми кредитор карызкордон милдеттенмесин аткарууну талап кылууга укуктуу.

 

297-статья. Милдеттенменин пайда болушунун негиздери

 

Милдеттенме:

1) келишимден улам;

2) илимий, адабий, көркөм өнөр чыгармаларын жаратуунун, интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана башкаларга ээ болуудан улам;

3) башка жакка зыян келтирүүнүн кесепетинен;

4) өлгөн граждандын мүлкүн мурастап алуудан;

5) ушул Кодекстин 7-статьясында көрсөтүлгөн башка негиздерден келип чыгат.

 

298-статья. Милдеттенменин тараптары

 

1. Милдеттенмеге анын ар түрдүү тараптары катары - кредитор же карызкор тарабында бир же бир эле учурда бир нече жак катыша алат.

2. Эгерде тараптардын бири келишим боюнча экинчи тараптын пайдасына милдеттүү болсо, ал экинчи тарапка пайда келтирүүгө милдеттүү болгондуктан карызкор деп эсептелет жана бир эле учурда андан талап кылууга укугу болгондуктан анын кредитору да болуп саналат.

3. Милдеттенме тарап катары ага катышпаган жактар үчүн (үчүнчү жак үчүн) милдеттүүлүктү пайда кылбайт.

Мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда жаралган учурларда милдеттүүлүк үчүнчү жак үчүн милдеттенменин бир же эки жагына тең укук милдетин түзүшү мүмкүн.

 

17-Глава
Милдеттенмени аткаруу

 

299-статья. Милдеттенмени аткаруунун ыкмалары

 

Милдеттенме тиешелүү түрдө жана келишимдин шартына жана мыйзамдын талаптарына ылайык белгиленген мөөнөттө, ал эми андай шарт менен талап болбогон учурда - ишкердик карым-катнаштын, каада-салттарына же демейде коюлуучу талаптарга ылайык аткарылууга тийиш.

 

300-статья. Милдеттенмени аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол

берилбестик

 

Мыйзамдарда же келишимде каралгандан башка учурларда, милдеттенмени аткаруудан баш тартууга жана келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.

 

301-статья. Милдеттенмелерди бөлүп-бөлүп аткаруу

 

Мыйзамда, милдеттенменин шартында башкача каралбаса жана ал ишкердик карым-катнаштардын каада-салттарынан же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, кредитор милдеттенмени бөлүп-бөлүп аткарууну кабыл албай коюуга укуктуу.

 

302-статья. Тиешелүү жакка милдеттенмени аткаруу

 

Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса жана ишкердик карым-катнаштардын каада-салттарынан же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, карызкор милдеттенмени аткарууда аткаруу кредитор же ага ыйгарым укук берилген жак тарабынан кабыл алынгандыгын жана андай талапты койбоо эч кандай тобокелге алып келбей тургандыгын далилдөөнү талап кылууга укуктуу.

 

303-статья. Милдеттенмени үчүнчү жактын аткарышы

 

1. Эгерде мыйзамдан, милдеттенменин шартынан же анын маңызынан милдеттенмени карызкордун жеке өзү аткарууга милдеттүү экендиги келип чыкпаса, милдеттенмени аткарууну карызкор үчүнчү жакка жүктөй алат. Мындай болгондо кредитор карызкор сунуш кылган үчүнчү жактын аткарышын кабыл алууга милдеттүү.

2. Мүлктү өндүрүп алууга талап коюудан улам карызкордун мүлкүнө болгон өз укугун (ижарага, күрөөгө берүү же башка укугун) жоготуп коюу коркунучуна дуушар болгон үчүнчү жак карызкордун макулдугусуз эле өз эсебинен кредитордун талаптарын канааттандырат. Мындай болгон учурда ушул Кодекстин 314-статьясына ылайык милдеттенме боюнча кредитордун укугу үчүнчү жакка өтөт.

 

304-статья. Милдеттенмени кыйла үнөмдүү жол менен аткаруу. Аткарууга көмөк көрсөтүү

 

Ар бир тарап милдеттенмеде өз милдеттерин кыйла үнөмдүү жол менен

аткарууга жана экинчи тарапка өз милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.

 

305-статья. Милдеттенмени аткаруу мөөнөтү

 

1. Эгерде милдеттенме аны аткаруу күнүн же ал аткарылууга тийиш болгон мезгилди аныктоону караса же ага мүмкүнчүлүк берсе, милдеттенме ошол күнү же ошол мезгилдин ичиндеги тиешелүү учурда аткарылууга тийиш.

2. Эгерде милдеттенме аны аткаруу мөөнөтүн карабаса же ал мөөнөттү аныктоого мүмкүнчүлүк берген шарттан турбаса, анда ал милдеттенме пайда болгондон кийин жеткиликтүү мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Аткаруу мөөнөтү талап кылынган учур менен аныкталган милдеттенме сыяктуу эле жеткиликтүү мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмени, эгерде милдеттенмени башка мөөнөттө аткаруу мыйзамдан, милдеттенменин шартынан, ишкердик карым-катнаштын каада-салттарынан же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, карызкор аны аткаруу жөнүндө кредитор талап койгон күндөн баштап жети күндүк мөөнөттүн ичинде аткарууга милдеттүү.

3. Эгерде мыйзамда же милдеттенменин шартында башкача каралбаса же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, карызкор милдеттенмени мөөнөтүнө чейин аткарууга укуктуу. Бирок, ээлик кылуу иши менен байланышкан милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга милдеттенмени аткаруу мүмкүнчүлүгү мыйзамда же милдеттенменин шартында каралса же болбосо ишкердик карым-катнаштын каада-салттарынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан учурларда гана жол берилет.

 

306-статья. Милдеттенмени аткаруу орду

 

Эгерде милдеттенмени аткаруу орду мыйзам же келишим менен аныкталбаса жана ал кадимки ишкердиктен, жергиликтүү үрп-адат жана каада-салттан же милдеттенменин маңызынан белгилүү болбосо, аны аткаруу:

1) милдеттенме боюнча кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү - мүлк турган жерде;

2) милдеттенме боюнча товарды же башка мүлктү аларды ташуучуга өткөрүп берүү - кредиторго жеткирүү үчүн биринчи жүк ташуучуга мүлктү тапшырган жерде;

3) карызкордун башка милдеттенмеси боюнча товар же башка мүлктү өткөрүп берүү - эгерде милдеттенме пайда болгон учурда ал жер кредиторго белгилүү болсо, анда мүлк даярдалган же сакталган жерде;

4) акчалай милдеттенме боюнча - милдеттенме пайда болгон учурда кредитор жашаган жерде, ал эми кредитор юридикалык жак болуп саналса милдеттенме пайда болгон учурда ал турган жерде; эгерде милдеттенмени аткарууга карата кредитор жашаган жерин же турган жерин өзгөртүп жана ал туурасында карызкорго билдирсе - анда аткаруу боло турган жерин өзгөртүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды кредитордун эсебине кошуу менен кредитор жашаган же турган жаңы жерде;

5) бардык башка милдеттенмелер боюнча - карызкор жашаган жерде, эгерде карыскор юридикалык жак болсо - ал турган жерде жүргүзүлүүгө тийиш.

 

307-статья. Акчалай милдеттенменин валютасы

 

1. Акчалай милдеттенме улуттук валютада көрсөтүлүүгө же төлөнүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай милдеттенме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чет өлкөлүк валютаны, ошондой эле чет өлкөлүк валютадагы төлөм документтерин пайдаланууга мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте жол берилет.

2. Акчалай милдеттенмеде ал улуттук валюта менен чет өлкөлүк валютада аныкталган суммага теңдеш суммада төлөнүүгө тийиш экендиги каралышы мүмкүн. Мындай болгон учурда улуттук валютада төлөнүүгө тийиш болгон сумма тиешелүү валютанын официалдуу курсу боюнча же мыйзам актысы же

тараптардын макулдашуусу менен башка курс же аны аныктоонун башка датасы белгиленбеген болсо, төлөм күнүндө аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 мыйзамынын редакциясына ылайык)

308-статья. Гражданды күтүүгө төлөнүүчү сумманын көбөйүшү

 

Акчалай милдеттенме боюнча гражданды күтүүгө түздөн-түз төлөнүүчү сумма (өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн, өмүр бою күтүүгө келишим боюнча жана башкалар) эсептик көрсөткүчүн көбөйтүү менен пропорциялуу көбөйөт.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

309-статья. Акчалай милдеттенме боюнча талаптарды тындыруунун

кезектүүлүгү

 

Акчалай милдеттенмени аткаруу үчүн аткарылган төлөмдүн суммасы толук жетиштүү болбогондо, барыдан мурда аткарууну алуу боюнча карыздын негизги суммасы, андан кийин - кредитордун аткаруу баракчасын алгандан кийинки тарткан чыгымдары, ал эми калган бөлүгүндө - проценттер жана айып төлөмдөр тындырууга кетет.

(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2013-жылдын 30-майындагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

310-статья. Карызды депозитке коюу менен милдеттенмени аткаруу

 

1. Карызкор милдеттенмесин төмөнкү учурларда аткара албаса:

милдеттенме аткарылууга тийиш болгон жерде кредитор же ыйгарым укук берилген аткарууну кабыл алуучу жак болбогондо;

кредитор аракетке жөндөмсүз болгондо жана анын өкүлү болбогондо;

милдеттенме боюнча ким кредитор болуп санала тургандыгы жагында айкындыктын жоктугу айгине болгондо, атап айтканда, кредитор менен башка жактардын ортосунда бул туурасындагы талаш-тартыш боюнча;

кредитор аткарууну кабыл алуудан баш тартканда же ал тараптан аны аткаруу кийинкиге калтырылганда ал өзүнө тиешелүү акчаны же баалуу кагаздарды нотариустун депозитине, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - соттун депозитине коюуга акылуу.

2. Акча суммасын же баалуу кагазды нотариустун же соттун депозитине коюу милдеттенменин аткарылышы катары эсептелет.

Депозитине акча же баалуу кагаз коюлган нотариус же сот бул туурасында кредиторго билдирет.

 

311-статья. Чогуу милдеттин же чогуу талаптын келип чыгуу шарты

 

Чогуу милдет же чогуу талап, эгерде милдеттин (жоопкерчиликтин) же талаптын чогуулугу келишимде каралганда же мыйзамда белгиленгенде, атап айтканда, милдеттенменин предметинин бөлүнгүстүгүндө келип чыгат.

 

312-статья. Ээлик кылуу ишкердиги менен байланышкан чогуу милдет же чогуу талап

 

Эгерде мыйзамда же милдеттенменин шартында башкача каралбаса, ээлик кылуу ишкердиги менен байланышкан милдеттенме боюнча бир нече карызкордун милдети, мындай милдеттенмедеги бир нече кредитордун талабы сыяктуу эле, чогуу болуп саналат.

 

313-статья. Чогуу жоопкерчиликтеги карызкордун милдеттери. Чогуу жоопкерчиликтеги кредитордун укуктары

 

1. Карызкорлордун чогуу милдеттүүлүгүндө кредитор бардык карызкорлордон чогуусу менен, ошондой эле алардын жекече кимисинен болсо да карызды толугу менен да, ошондой эле анын бир бөлүгүн да аткарууну талап кылууга укуктуу.

2. Чогуу карызкорлордун биринен канааттануу албаган кредитор карыэынын албай калган бөлүгүн башка чогуу карызкорлордон талап кылууга укуктуу.

Чогуу карызкорлор милдеттенмеси толугу менен аткарылмайынча милдеттүү бойдон кала берет.

3. Милдеттенме чогуу болгон учурда карызкор кредитордун башка карызкорлор менен өзү катышпаган мамилесине негизделген талаптарына карата каршылык көрсөтүүгө укугу жок.

4. Чогуу милдеттенменин бир эле карызкор тарабынан аткарылышы кредитордун астындагы милдеттенмеден калган карызкорлорду бошотот.

5. Эгерде чогуу карызкорлордун ортосундагы мамилелерден башкасы келип чыкпаса анда:

1) чогуу милдеттенмени аткарган карызкор карыздын өзүнө тиешелүүсүнөн калган бөлүгүн башка карызкорлордон бирдей үлүштө талап кылууга укуктуу;

2) чогуу милдеттенмени аткарган карызкорго тең карызкорлордун бири төлөбөй калган бөлүгү ошол карызкорго жана башка тең карызкорлорго да бирдей үлүштө туура келет.

6. Ушул статьянын жоболору тиешелүү түрдө чогуу милдеттенме карызкорлордун биринин каршы талабы боюнча тындырылган учурда да колдонулат.

 

18-Глава
Милдеттенмеде жактардын өзгөрүшү. Карыздын которулушу

 

314-статья. Кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшүнүн негиздери

 

1. Милдеттенменин негизинде кредиторго таандык болгон укук (талап) башка жакка бүтүм боюнча (талапты өткөрүп берүү) берилиши же мыйзамдын негизинде өтүшү мүмкүн.

2. Милдеттенме боюнча кредитордун укугу башка жакка төмөнкү негиздер боюнча:

1) кредитордун укуктарында универсалдык укук өтүүчүлүктүн натыйжасында;

2) кредитордун укуктарын башка жакка өткөрүү мүмкүнчүлүгү мыйзамда белгиленген учурда соттун чечими боюнча;

3) карызкордун милдеттенмесин ушул милдеттенме боюнча карызкор болуп эсептелбеген анын тапшырган жагынын (345-статья) же күрөөгө берген жактын аткарышынын натыйжасында;

4) кредитордун камсыздандыруу окуясынын болгондугу үчүн карызкорго карата укугун камсыздандыруучуга жарым-жартылай кошумчалап бергенге суброгациялоодо (башка жакка өтүүдө);

5) жана мыйзамда белгиленген башка учурларда өтөт.

 

315-статья. Кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшүнүн тартиби

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача белгиленбесе, кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшү үчүн, карызкордун макулдугу талап кылынбайт.

2. Эгерде карызкорго кредитордун укуктарынын башка жакка өткөндүгү жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, анда жаңы кредитор ушундан улам пайда болгон жагымсыз натыйжаларга тобокел кылган болот. Мындай учурда милдеттенменин мурдагы кредиторго карата аткарылышы тиешелүү кредитор тарабынан аткарылат деп таанылат.

3. Кредитордун керт башына тике байланыштуу укуктардын, атап айтканда, алимент жөнүндөгү жана өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү укуктардын башка жакка өтүшүнө жол берилбейт.

4. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача белгиленбесе, алгачкы кредитордун укуктары жаңы кредиторго укук өтүп жаткан учурдагы көлөмүндө жана ошол эле шартта өтөт. Атап айтканда, жаңы кредиторго милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу укуктар, ошондой эле укукту талап кылууга байланыштуу укуктар, анын ичинде төлөнбөгөн проценттерге карата укуктар өтөт.

5. Кредитордун укуктарынын башка жакка өтүү тартиби регресстик талаптарга карата колдонулбайт.

 

316-статья. Кредитордун талап кылууну башка жакка берүүсүнүн шарттары жана формасы

 

1. Мыйзамга же келишимге карама-каршы келбесе, кредитордун талапты башка жакка беришине жол берилет.

2. Карызкордун макулдугусуз кредитордун керт башы карызкор үчүн маанилүү болгон милдеттенмелер боюнча талап кылууну башка жакка берүүгө болбойт.

3. Талап кылууну башка жакка берген кредитор ага талап кылуу укугун күбөлөндүргөн документтерди берүүгө жана талапты орундатуу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

4. Талап кылууну башка жакка берген алгачкы кредитор жаңы кредитордун алдында ага берилген талаптын жараксыздыгы үчүн жооп берет, бирок алгачкы кредитор карызкор үчүн жаңы кредитордун алдында кепил болбогондон башка учурларда, ал талаптын аткарылбагандыгы үчүн жооп бербейт.

5. Кат жүзүндө түзүлгөн (жөнөкөй же нотариалдык) бүтүмгө негизделген талап кылуу укугу тиешелүү түрдө ошондой формада бүткөрүлүшү керек.

Мамлекеттик каттоону талап кылуучу бүтүм боюнча талап кылуунун берилиши ушундай бүтүмдү каттоо үчүн белгиленген тартипте катталууга тийиш.

Ордердик баалуу кагаз боюнча талап кылуунун берилиши ушул баалуу кагаздагы индоссамент түрүндө жүргүзүлөт.

 

317-статья. Карызкордун жаңы кредитордун талабына каршылык билдирүүсү

 

1. Карызкор талаптын башка жакка өтүшүн жаңы кредитор ырастамайынча милдеттенмени аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Карызкор милдеттенме боюнча укуктардын жаңы кредиторго өтүп жаткандыгы тууралу билдирүүнү алган учурда алгачкы кредиторго карата болгон каршылыгын жаңы кредиторго карата да билдирүүгө укуктуу.

 

318-статья. Карызды которуу

 

1. Карызкордун өзүнүн карызын башка жакка которуусуна кредитордун макулдугу менен гана жол берилет.

2. Карызды которуу формасына карата тиешелүү түрдө талапты берүүнүн формасы жөнүндө эреже колдонулат.

3. Жаңы карызкор кредитордун талаптарына карата кредитор менен алгачкы карызкордун ортосундагы мамилелерге негизделген каршылыгын билдирүүгө укуктуу.

 

19-Глава
Милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо

 

§ 1. Жалпы жоболор

 

319-статья. Милдеттенмени камсыздоонун ыкмалары

 

1. Милдеттенмени аткаруу айып төлөм, күрөө, карызкордун мүлкүн кармап калуу, кепилдик, гарантия, насыя акы жана мыйзамда же келишимде каралган башка ыкмалар менен камсыздалынышы мүмкүн.

2. Милдеттенмени камсыздоо жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгы бул милдеттенменин (негизги милдеттенменин) жараксыздыгына алып келбейт.

3. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы аны камсыз кылуучу милдеттенменин жараксыз болушуна алып келет.

 

§ 2. Айып төлөм

 

320-статья. Айып төлөмдүн түшүнүгү

 

1. Айып төлөм (айып акы, туума айып) деп мыйзамдар же келишим боюнча аныкталуучу акчалай сумма же келишимде белгиленген башка мүлктүк баалуулук, аны милдеттенме аткарылбай же тиешелүү түрдө аткарылбай калган учурда карызкор кредиторго төлөп же өткөрүп берүүгө милдеттүү. Айып төлөмдү төлөп берүү жөнүндөгү талап боюнча кредитор ага зыян келтирилгенин далилдөөгө милдеттүү эмес.

2. Эгерде карызкор милдеттенменин аткарылбагандыгы же тиешелүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпаса, анда кредитор айып төлөмдүн төлөнүп берилишин талап кылууга укугу жок.

 

321-статья. Мыйзамдуу айып төлөм

 

1. Кредитор мыйзамда аныкталган айып төлөмдү (мыйзамдуу айып төлөмдү) аны төлөп берүү милдеттенмеси келишимде каралгандыгына же каралбагандыгына карабастан, төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде мыйзамда буга тыюу салынбаса, мыйзамдуу айып төлөмдүн өлчөмү көбөйтүлүшү мүмкүн.

 

322-статья. Айып төлөм жөнүндө макулдашуунун түрү

 

Айып төлөм жөнүндөгү макулдашуу, негизги милдеттенменин түрүнө карабастан кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Кат жүзүндөгү формамын сакталбагандыгы айып төлөм жөнүндөгү макулдашуунун жараксыздыгына алып келет.

 

323-статья. Айып төлөмүн азайтуу

 

Эгерде төлөнүүгө тийиш болгон айып төлөмдүн өлчөмү милдеттенменин бузулушунун натыйжасына шайкеш келбесе, анда сот төлөнүүчү айып төлөмдүн өлчөмүн азайтып коюуга укуктуу.

Бул статьянын эрежелери ушул Кодекстин 356-статьясынын негизинде карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтууга карата анын укугуна жана ушул Кодекстин 358-статьясында белгиленген учурларда чыгымдарынын ордун толтуруп алууга карата кредитордун укуктарына тиешелүү болбойт.

 

§ 3. Күрөө

 

324-статья. Күрөө түшүнүгү жана анын пайда болуу себептери

 

1. Күрөөгө ылайык күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор (күрөө ээси) карызкор тарабынан бул милдеттенме аткарылбай калган, тиешелүү түрдө аткарылбай калган учурда ал мүлк таандык болгон жактын (күрөө берүүчүнүн) башка кредиторлоруна караганда күрөөгө коюлган мүлктүн наркынан, мыйзамда белгиленген чыгарып салуулардан кийин, канаттандыруу алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот.

Күрөө алуучу ошол эле негизде күрөөгө коюлган мүлктүн кимдин пайдасына камсыздандырылгандыгына карабастан, эгерде күрөө кармоочу жоопкер болгон себептерден улам гана мүлк жоготулуп же бузулуп калбаса, камсыздандыруу кайтарымынан канааттандыруу алууга укуктуу.

2. Күрөө келишимден улам же мыйзамдын негизинде келип чыгат.

Ушул Кодекстин келишим түзүлгөндүктөн улам келип чыккан күрөө жөнүндөгү эрежелери, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мыйзам негизинде келип чыккан күрөөгө карата да колдонулат.

3. Күрөө жөнүндө ушул Кодексте камтылган эрежелер күрөө боюнча укук мамилелерин жөнгө салган мыйзамда башка эрежелер белгиленбеген учурларда кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга (ипотекага) карата колдонулат.

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамынын, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

325-статья. Күрөөнүн предмети жана түрлөрү

 

1. Жарандык жүгүртүүдөн алып салынган мүлктөн, жеке өзүнө таандык болгон укуктардан (эмгек акысын алуу укугу ж.б.), кредитордун инсандыгы менен ажырагыс байланышкан талаптардан (алименттер жөнүндө талаптар ж.б.), менчиктештирүүгө тыюу салынган же ага карата мыйзамда белгиленген тартипте милдеттүү түрдө менчиктештирүү каралган мүлктөн, ошондой эле мыйзамга ылайык өндүрүп алууга мүмкүн болбогон мүлктөн башка ар кандай мүлк, анын ичинде буюмдар жана укуктар (талаптар) күрөө предмети боло алат.

Мүлктүн, атап айтканда, жарандардын өндүрүп алууга жол берилбей турган мүлкүнүн айрым түрлөрүн күрөөгө коюу мыйзам менен тыюу салынышы же чектелиши мүмкүн.

2. Күрөө төмөнкүдөй түрлөрдө болот:

буюмду күрөө кармоочуга өткөрүп берүү менен коюлган күрөө (күрөөгө коюу);

күрөө берүүчүгө күрөөгө коюлган буюмду калтыруу менен коюлган күрөө;

укуктардын күрөөсү.

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

326-статья. Күрөө берүүчү

 

1. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкордун өзү же бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү жак күрөө берүүчү болушу мүмкүн.

2. Менчик укугуна же күрөө предметине карата дагы башка буюм укугуна ээ болгон жак күрөө берүүчү болушу мүмкүн. Буюм чарба жүргүзүү же ыкчам башкаруу укугунда таандык болгон жак аны менчик ээсинин макулдугу менен күрөөгө коюуга укуктуу.

3. Укуктар күрөөгө коюлганда күрөөгө коюлуп жаткан укукка ээ болгон жак гана күрөө берүүчү боло алат.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, ижарага алуу укугун же башка бирөөнүн буюмуна болгон дагы башка укукту менчик ээсинин макулдугусуз күрөөгө коюуга жол берилбейт.

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

327-статья. Күрөө алуучунун укуктары колдонулуучу мүлк

 

1. Күрөө предмети болгон буюмга карата күрөө алуучунун укуктары (күрөө укуктары), эгерде келишимде башка белгиленбесе, ал буюмга таандык шаймандарга карата да колдонулат.

Эгер келишимде башкача каралбаса, күрөө укугу күрөөгө коюлган мүлктү пайдалануудан алынган натыйжаларга, продукцияга жана кирешелерге таркалат.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, мүлк комплекси катары ишкана күрөөгө коюлганда күрөөгө коюу укугу анын курамына кирген бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, материалдык жана материалдык эмес активдерге, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, шаймандарга, чийки заттарга, даяр продукцияга, талап кылуу укуктарына, бөтөнчө укуктарга, анын ичинде күрөөгө коюлган мезгилде ээ болгон укуктарга жайылтылат.

3. Күрөөгө коюу келишими боюнча күрөө предмети болуп эсептелбеген имараттар, курулмалар же турак жай курулуштары жайгашкан жер участогун күрөөгө койгондо бул объекттер ээлеп турган жердин бир бөлүгү жана пайдаланууга зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгү өзалдынча жер участогуна бөлүнүүгө тийиш.

Имаратты, курулманы же турак жай курулушун күрөөгө койгондо күрөөгө коюу укугу ушул объекттер жайгашкан жер участогуна жана пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгүнө жайылтылат. Бул учурда калган жер участогуна күрөөгө коюу жайылбайт.

4. Күрөө жөнүндөгү келишимде, ал эми мыйзамдын негизинде келип чыккан күрөөгө карата - мыйзамда күрөөнүн күрөө берүүчүнүн келечекте алуучу буюмдарына жана укуктарына карата да колдонуу белгилениши мүмкүн.

 (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамынын, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28,
2009-жылдын 30-мартындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

328-статья. Күрөө жөнүндө келишим

 

1. Күрөө жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- келишимдин тараптары;

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы аркылуу чагылдырылышы мүмкүн;

- күрөөнүн предметинин аны идентификациялоо үчүн жетиштүү жалпы сыпаттамасы;

- кыймылсыз мүлктү же катталууга тийиш болгон мүлктү күрөөгө койгон учурда - мындай мүлктү күрөө коюучуга таандык кылуучу укук, укукту белгилөөчү документтердин реквизиттерин, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда аныкталчу башка шарттарды көрсөтүү менен.

Тараптар күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кайсынысында жайгаша тургандыгы тууралу көрсөтмөнү күрөө жөнүндө келишимде кароосу керек.

Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөө кагазы менен ырасталса, бул күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Күрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

3. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү келишим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш жана жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Эгерде күрөө нотариатта ырасталууга тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кыла алса, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү келишим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

300 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммага милдеттенмени камсыз кылуучу кыймылдуу мүлккө күрөө жөнүндө келишим милдеттүү мамлекеттик каттоого жатат.

4. Ушул статьянын 2- жана 3-пункттарынын эрежелерин аткарбоо күрөө жөнүндөгү келишимдин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим жокко эсе келишим деп эсептелет.

5. Мыйзамда каралбагандыктан, күрөө укугу: күрөөгө коюлгандыгы катталууга тийиш болгон мүлккө карата - келишим катталган учурдан тартып, башка мүлккө карата - бул мүлк күрөө алуучуга өткөрүп берилген учурдан тартып, а эгерде ал өткөрүп берилүүгө тийиш эмес болсо - күрөө жөнүндөгү келишим түзүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

(КР Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 , 2007-жылдын 28-февралындагы № 28,
2008-жылдын 17-декабрындагы № 266, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96 , 2011-жылдын 12-июлундагы № 93
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

329-статья. Кийинки күрөө

 

1. Эгерде кийинки күрөө ошол эле буюмду күрөөгө коюу жөнүндөгү мурдагы келишимдер менен тыюу салынбаса, алардын күчү күрөө жөнүндөгү кийинки келишим түзүлгөн мезгилде бүтө элек болсо, кийинки күрөөгө жол берилет. Эгерде күрөө жөнүндө мурдагы келишимде күрөө жөнүндө кийинки келишимдин түзүлүшү мүмкүн болгон шарттар каралса, кийинки келишим ушул шарттарды сактоо менен түзүлүшү керек.

2. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк башка талаптарды камсыз кылуу үчүн дагы бир күрөөгө коюунун (кийинки күрөөнүн) предмети болуп калса, кийинки күрөө кармоочунун талаптары күрөөгө коюлган предметтин наркынан мурдагы күрөө кармоочунун талаптары канааттандырылгандан кийин канааттандырылат, эгерде артыкчылык укугуна ээ болгон андан мурдагы күрөө кармоочу кийинки күрөө кармоочу менен жазуу жүзүндө башкача макулдашпаган болсо.

3. Күрөө берүүчү ушул мүлктүн колдо болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө, ошондой эле бул күрөөлөр менен камсыз кылынган милдеттенмелердин мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды ар бир кийинки күрөө кармоочуга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү жана ушул милдеттенмени аткарбагандыгынын кесепетинен күрөө кармоочуга келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш.".

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

330-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү күтүү жана анын сакталышы

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башка белгиленбесе, күрөөгө коюл-

ган мүлк кимисинде болсо ошол күрөө берүүчү же күрөө алуучу:

1) күрөө берүүчүнүн эсебинен күрөөгө коюлган мүлктү анын толук наркында жоголуп кетүү же бузулуу учурунда тобокелге салууну камсыздандырууга, ал эми мүлктүн толук наркы күрөө менен камсыз кылынган талаптын өлчөмүнөн чоң болсо, анда - талаптын өлчөмүнөн кем болбогон суммага камсыздандырууга;

2) күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн, анын ичинде үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнөн жана талаптарынан коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө;

3) күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетүү же бузулуу коркунучу пайда болгон учурда кечиктирбестен экинчи тарапка билдирүүгө милдеттүү болот.

2. Күрөө алуучу жана күрөө берүүчү экинчи тараптын колундагы күрөөгө коюлган мүлктүн бар экендигин, өлчөмүн, абалын жана сактоо шарттарын документ боюнча жана иш жүзүндө текшерүүгө укуктуу.

3. Тараптардын бири ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди күрөөгө коюлган мүлк жоголуп кеткидей же бузулгудай кылып одоно бузган учурда, экинчи тарап күрөө менен камсыз кылынган жана/же милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткаруунукүрөөнү мөөнөтүнөн мурда токтотууну талап кылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

331-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетишинин же бузулушунун натыйжасы

 

1. Күрөө берүүчү, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, күрөөгө коюлган мүлктүн жок болуп же бузулуп калуу кокустугун тобекелге салат.

2. Күрөө алуучу, эгерде ага берилген күрөө предмети үчүн жоопкерчиликтен ушул Кодекстин 356-статьясына ылайык бошотулушу мүмкүн экендигин далилдебесе, ал мүлктүн толугу менен же жарым-жартылай жоголушу же бузулушу үчүн жооп берет.

Күрөө кармоочу күрөө предметин жоготкону үчүн анын базар наркындагы өлчөмү менен жооп берет, ал эми аны бузганы үчүн күрөөгө коюлган мүлктү күрөөгө коюлган мүлктүн бузулгандан кийинки азайган базар наркын, күрөөгө коюлуп жаткан учурдагы мүлктүн базар наркына салыштырмалуу өлчөмдө төлөп берет.

Эгерде бузулуунун натыйжасында күрөө предметин анын түздөн-түз арналышына карай пайдалануу мүмкүн болбой калса, анда күрөө берүүчү андан баш тартууга жана анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

Келишимде күрөө алуучунун күрөө предметинин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу тарткан башка зыяндарын да күрөө берүүчүгө төлөп берүү милдеттенмеси белгилениши мүмкүн.

Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор күрөөгө коюлган предметтин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу чыгашаларынын ордун толтуруп берүү боюнча күрөө алуучуга карата талаптарын өзүнүн күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерин тындыруу үчүн эсептеп коюуга укуктуу.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, күрөө предметин күрөө алуучунун макулдугу менен гана алмаштырууга жол берилет.

Эгерде күрөө предмети жок болуп кетсе же бузулуп калса, же болбосо аны менчиктөө же чарбалык ээлик кылуу укугу мыйзам тарабынан белгиленген негиздер боюнча токтотулса, эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса күрөө берүүчү ылайыктуу мөөнөттө күрөө предметин калыбына келтирүүгө же аны бирдей баадагы башка мүлк менен алмаштырууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамынын, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28,
2009-жылдын 30-мартындагы № 96 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

331-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн жоголуп кетишинин же бузулушунун натыйжасы

 

1. Күрөө берүүчү, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, күрөөгө коюлган мүлктүн жок болуп же бузулуп калуу кокустугун тобекелге салат.

2. Күрөө алуучу, эгерде ага берилген күрөө предмети үчүн жоопкерчиликтен ушул Кодекстин 356-статьясына ылайык бошотулушу мүмкүн экендигин далилдебесе, ал мүлктүн толугу менен же жарым-жартылай жоголушу же бузулушу үчүн жооп берет.

Күрөө алуучу күрөө предметинин жоголуп кетиши үчүн анын анык наркынын өлчөмүндө, ал эми бузулушу үчүн - күрөө алуучуга берилип жаткан учурда күрөө предмети кандай суммага баалангандыгына карабастан, ал нарк суммасы канчага төмөндөсө ошончо суммадагы жоопкерчиликти көтөрөт.

Эгерде бузулуунун натыйжасында күрөө предметин анын түздөн-түз арналышына карай пайдалануу мүмкүн болбой калса, анда күрөө берүүчү андан баш тартууга жана анын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

Келишимде күрөө алуучунун күрөө предметинин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу тарткан башка зыяндарын да күрөө берүүчүгө төлөп берүү милдеттенмеси белгилениши мүмкүн.

Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкор күрөөгө коюлган предметтин жоголушуна же бузулушуна байланыштуу чыгашаларынын ордун толтуруп берүү боюнча күрөө алуучуга карата талаптарын өзүнүн күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерин тындыруу үчүн эсептеп коюуга укуктуу.

3. Күрөө предметин күрөө алуучунун макулдугу менен гана алмаштырууга жол берилет.

Эгерде күрөө предмети жок болуп кетсе же бузулуп калса, же болбосо аны менчиктөө же чарбалык ээлик кылуу укугу мыйзам тарабынан белгиленген негиздер боюнча токтотулса, күрөө берүүчү ылайыктуу мөөнөттө күрөө предметин калыбына келтирүүгө же аны бирдей баадагы башка мүлк менен алмаштырууга укуктуу.

 

332-статья. Күрөө предметин пайдалануу жана аны тескөө

 

1. Эгерде келишимде башка каралбаса жана ал күрөө маңызынан келип чыкпаса, күрөө берүүчү күрөө предметин анын арналышына ылайык пайдаланууга, анын ичинде анын үзүрүн көрүүгө жана андан киреше алууга укуктуу, эгерде күрөөгө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, аларга карата да күрөө укугу колдонулат.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башка каралбаса жана ал күрөө маңызынан келип чыкпаса, күрөө берүүчүнүн күрөө предметин башка жактын менчигине, чарба жүргүзүүсүнө же оперативдүү башкаруусуна өзүнөн ажыратууга, ижарага же акысыз пайдаланууга берүүгө же башкача түрдө тескөөгө күрөө алуучунун макулдугу менен гана укуктуу.

Күрөө берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктү мурастоого карата укугун чектеген макулдашуу жокко эсе.

3. Күрөө алуучу пайдалануу жөнүндө күрөө берүүчүгө үзгүлтүксүз отчет берүү менен ага берилген күрөө предметин келишим тарабынан каралган учурларда гана пайдаланууга укуктуу. Келишим боюнча негизги милдеттенмени орундатуу максатында же күрөө берүүчүнүн кызыкчылыгында күрөө затынан үзүр жана киреше алуу милдети күрөө алуучуга жүктөлүшү мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

333-статья. Күрөө алуучунун күрөө предметине карата өз укуктарын коргошу

 

1. Күрөөгө коюлган мүлк колунда болгон же болууга тийиш болгон күрөө алуучу аны башканын мыйзамсыз ээлигинен, анын ичинде күрөө берүүчүнүн өзүнөн (291, 294-статьялар) талап кылып алууга укуктуу.

2. Келишимдин шарттары боюнча күрөө алуучуга күрөөгө коюлган күрөө предметин пайдалануу укугу берилген учурларда, ал башка жактардын, анын ичинде күрөө берүүчүдөн анын укуктарынын бардык түрдөгү бузулушун, мында бузулуу ээликтен ажыратуу менен бирикпесе дагы (294-статья) четтетүүнү талап кылууга укуктуу.

 

334-статья. Күрөөгө коюлган мүлккө карата аны өндүрүп алуунун негиздери

 

1. Карызкор күрөөгө коюу менен камсыз кылынган милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда күрөө кармоочунун (кредитордун) талаптарын канааттандыруу үчүн күрөөгө коюлган мүлк өндүрүп алынышы мүмкүн.

 2. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 96 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

335-статья. Күрөөгө коюлган мүлккө карата өндүрүп алуунун тартиби

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук же соттон тышкаркы тартипте күрөө кармоочунун (кредит берүүчүнүн) талаптары курөөгө коюлган кыймылсыз мүлктун наркынын эсебинен канааттандырылат.

Күрөө кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен сотко кайрылуусуз канааттандырууга төмөндөгүдөй негиздерде жол берилет:

күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда бир эле учурда күрөө жөнүндө келишим менен түзүлгөн, болбосо күрөө жөнүндө келишимдин күчүндө турган мезгилде түзүлгөн нотариалдык жактан ырасталган макулдашууга. Мындай келишим бул келишимде укугу бузулган адамдын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн;

күрөө жөнүндө келишиминде күрөө кармоочунун өндүрүп алууну соттон тышкары тартипте күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тууралу укугу болгон учурда нотариустун аткаруу жазуусу болгондо.

2. Күрөө кармоочу нотариуска аткаруу жазуусун бүткөрүш үчүн билдирме түзүлгөндөн кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу койгон талапты канааттандырам деген ниети жок болсо, күрөөнүн өндүрүп алуу жүйөсүнө айландыруу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кайрылууга укугу бар. Нотариустун аткаруу жазуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салынат.

3. Эгерде мыйзамда же күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун макулдашуусунда башкача каралбаса, күрөө кармоочунун талаптары соттун чечими боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн эсебинен канааттандырылат. Эгерде мыйзамда башкача тартип белгиленбесе, күрөө кармоочуга берилген күрөө предметине карата өндүрүп алуу күрөө жөнүндөгү келишимде белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө предмети жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, күрөөнүн предметин өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет.

Ушул ченем банктын же башка кредиттик уюмдун зайымдык акча каражаттарын (кредиттик) же болбосо жеке же юридикалык жак тарабынан берилген максаттуу зайымдын каражаттарын пайдалануу менен сатып алынган же болбосо курулган ипотека түйшүгү жүктөлгөн турак жай үйгө же батирге жайылтылбайт.

 (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29 Мыйзамынын, 2001-жылдын 28-июнундагы № 61 Мыйзамынын, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2007-жылдын 1-мартындагы № 30, 2014-жылдын 4-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

336-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуу

 

1. Эгерде мыйзам же келишим тарабынан башка тартип каралбаса, ушул Кодекстин 335-статьясына ылайык өндүрүп алуу күрөөгө коюлган мүлктү сатуу ачык соода жолу менен жүргүзүлөт.

2. Күрөө берүүчүнүн өтүнүчү боюнча сот өндүрүп алуу жөнүндө чечимде күрөөгө коюлган мүлктү ачык соодада сатуу мөөнөтүн бир жылга чейинки мөөнөткө узартып коюуга укуктуу. Мөөнөттүн узартып коюлушу тараптардын бул мүлктүн күрөөгө коюлушу менен камсыз кылынган укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт жана карызкорду кредитордун узартылган мөөнөт ичиндеги көбөйүп кеткен чыгашаларын жана айып төлөмдүн суммасын төлөп берүү милдетинен бошотпойт.

3. Күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) же болбосо күрөө алуучу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча (335-статьянын 2-пункту) аныкталат.

Күрөөгө коюлган мүлк соодада эң жогорку бааны сунуш кылган жакка сатылат.

4. Сооданын болбой калышы жарыяланганда күрөө алуучу күрөө берүүчү менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктү сатып алууга жана күрөө менен камсыз кылынган өзүнүн талаптарынын ордуна сатып алууга эсептөөгө укуктуу. Мындай макулдашууга карата соода-сатык келишими жөнүндө эрежелер колдонулат.

Кайра тооруктар ишке ашкан жок деп жарыяланганда күрөө кармоочу (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында каралган айыл чарба багытындагы күрөөгө коюлган жер участокторун кайтарып алуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) күрөөгө коюлган предметти анын кайрадан өткөрүлгөн тоорукта аныкталган баасынан он пайыздан төмөн болбогон суммадан көп эмес баада өзүндө калтырууга укуктуу.

5. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө алуучунун талаптарын жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда ал мыйзам же келишим тарабынан башкача көрсөтүлбөсө, жетишпеген сумманы күрөөгө негизделген артыкчылыктан пайдаланбастан алууга укуктуу.

6. Эгерде күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумма күрөө алуучунун күрөө менен камсыз кылынган талаптарынан ашса, анда алардын айырмасы күрөө берүүчүгө кайтарып берилет.

7. Карызкор жана үчүнчү жак болуп саналган күрөө берүүчү күрөө предметин сатуу жүргүзүлгөнгө чейин каалаган учурда күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени же анын мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгүн аткаруу менен аны өндүрүп алууну жана сатууну токтотууга укуктуу. Бул укукту чектөөгө карата түзүлгөн келишим жокко эсе.

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

337-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн мурда аткарылышы жана күрөөгө коюлган мүлктүн өндүрүп

алынышы

 

Күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде өзүнүн талабы аткарылбаса төмөнкүдөй учурларда күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алууга укуктуу:

1) күрөө берүүчү күрөө предметин тескөө жөнүндөгү эрежелерди бузса же күрөө предмети күрөө берүүчүнүн карамагынан чыгып калса;

2) күрөө предметин алмаштыруу же калыбына келтирүү жөнүндө эрежелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

3) күрөө предмети күрөө берүүчү жооп бербей турган жагдайлар боюнча жоголгондо, эгерде күрөө берүүчү күрөө предметин алмаштыруу же калыбына келтирүү укугунан пайдаланбаса;

4) кийинки күрөө жөнүндөгү эрежелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

5) күрөө предметин кармоо жана сактоо боюнча милдеттенмелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

6) күрөө предметине үчүнчү жактардын укугу жөнүндө күрөө кармоочуну эскертип коюу боюнча милдеттенмелер күрөө берүүчү тарабынан бузулса;

7) мыйзамда же күрөө жөнүндө келишимде каралган дагы башка учурларда.

(КР 2007-жылдын 28-февралындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

338-статья. Күрөөнүн токтолушу

 

1. Күрөө төмөнкү учурларда токтотулат:

1) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин токтотулушу менен;

2) негиздер болгон учурда күрөө берүүчүнүн талабы боюнча;

3) эгерде күрөө берүүчү укуктарынан пайдаланбаса, күрөөгө коюлган мүлк жок болуп кеткен же күрөөгө коюлган укук токтотулган учурда;

4) күрөөгө коюлган мүлк ачык соодада сатылган, ошондой эле аны сатууга мүмкүн болбогон учурда.

2. Күрөөнүн токтотулушу жөнүндө күрөө жөнүндөгү келишим катталган реестрде белги коюлууга тийиш.

3. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин аткарылышынын натыйжасында же күрөө берүүчүнүн талабы боюнча күрөө токтотулганда, күрөөгө коюлган мүлк колунда болгон күрөө алуучу аны күрөө берүүчүгө токтоосуз кайтарып берүүгө милдеттүү.

 

339-статья. Күрөөгө коюлган мүлк укугу башка жакка өткөндө күрөөнүн сакталышы

 

1. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк акы төлөнгөн же акысыз ээликтен ажыратуунун натыйжасында, болбосо универсалдуу укук мурастоо тартибинде күрөө берүүчүдөн башка жакка өтсө, күрөө күчүн сактап калат.

2. Эгерде күрөө кармоочу менен макулдашууда башкача белгиленбесе, мүлктү же мүлктүк укуктарды алуучу, болбосо күрөө берүүчүнүн укуктук мурастоочусу күрөө берүүчүнүн ордуна келет жана анын күрөө жөнүндө келишими боюнча бардык милдеттенмелерин, анын ичинде күрөө берүүчү тарабынан талапка ылайык аткарылбаган милдеттенмелерин аткарат.

3. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир нече адамга өтсө, алгачкы күрөө берүүчүнүн мүлкүн алуучулардын (укуктук мурастоочуларынын) ар бири күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин аткарылбагандыгы үчүн күрөөдөн келип чыккан кесепеттер үчүн күрөөгө коюлган мүлктүн өзүнө өткөн бөлүгүнө ылайык милдеттенме тартат. Бирок эгерде күрөөнүн буюмзаты бөлүнбөсө же башка негиздер боюнча күрөө берүүчүнүн мүлкүн алуучулардын (укуктук мурастоочуларынын) жалпы менчигинде калса, алар күрөөнү чогуу берүүчүлөр болуп калат.

4. Эгерде күрөө берүүчүнүн күрөө буюмзаты болуп эсептелген мүлккө болгон укугу мүлктү мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн, реквизициялоо жана мамлекеттештирүү үчүн алынып коюлгандыгынын (сатылып алынгандыгынын) натыйжасында мыйзамда белгиленген негиздер боюнча жана тартипте токтотулса, күрөө берүүчүгө башка мүлк берилет же анын орду тиешелүү түрдө толтурулат, күрөө ордуна берилген мүлккө карата колдонулат, болбосо күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө ордун толтурууда тиешелүү болгон суммадан өзүнүн талаптарын мүлктүк канааттандыруу укугуна ээ болот.

5. Таламдары ушул статьянын 4-пунктунда каралган укуктар менен толук корголбогон күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга укуктуу, ал эми анын талабы канааттандырылбаса, алынган мүлктүн ордуна күрөө берүүчүгө берилген мүлктөн өндүрүлүп алынат.

6. Күрөөгө коюлган мүлк күрөө берүүчүдөн кылмыш жасагандыгы же башка укук бузуу жасагандыгы үчүн санкция түрүндө (конфискациялоо) алынып коюлса, күрөө өзүнүн күчүн сактап калат жана ушул статьянын 1, 2 жана 3-пункттарынын эрежелери колдонулат.

Бирок ушул эрежелерди колдонуу менен таламдары толук даражада корголбогон күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга, ал эми эгерде өзүнүн талабы канааттандырылбаса, конфискацияланган мүлктөн өндүрүп алууга укуктуу.

7. Күрөөгө коюлган мүлк күрөө берүүчүдөн чындыгында бул мүлктүн менчик ээси башка адам болгондугунун негизинде (виндикация) мыйзамда белгиленген тартипте алынып коюлганда, бул мүлккө карата күрөө токтотулат. Мындай учурда күрөө кармоочу күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-апрелиндеги № 29 Мыйзамынын, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28
Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

340-статья. Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү

 

1. Товарлар күрөө берүүчүдө калтырылып, ага күрөөнү калтыруу менен товарлардын курамын жана натуралай формасын (товар запастарын, чийки заттарды, материалдарды, чала иштелген продукцияны, даяр продукцияны ж.б.), алардын жалпы наркы күрөө келишиминде көрсөтүлгөндөн азайбай турган шартта, өзгөртүү укугунун берилиши менен болгон товар күрөөсү жүгүртүүдөгү товардын күрөөсү деп таанылат.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жүгүртүүдөгү күрөөгө коюлган товарлардын наркын азайтууга күрөө менен камсыздалган милдеттенменин аткарылган бөлүгүнө шайкеш келген өлчөмдө жол берилет.

2. Күрөө берүүчүдөн ажыратылган жүгүртүүдөгү товарлар сатып алуучунун менчигине, чарба жүргүзүүсүнө же оперативдүү башкаруусуна өткөн учурдан тартып күрөө предмети болбой калат, ал эми күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн жана күрөө берүүчү сатып алган товарлар күрөө берүүчүнүн ал мүлккө менчик же чарба жүргүзүү укугу пайда болгон учурдан тартып күрөө предмети болуп калат.

 

341-статья. Ломбарддагы буюмдардын күрөөсү

 

1. Кыска мөөнөттөгү кредиттерди камсыз кылуу үчүн өздүк керектөөгө арналган кыймылдуу мүлктү граждандардан күрөөгө кабыл алуу буга лицензияcы бар адистештирилген уюмдар - ломбарддар тарабынан ээлик кылуу ишкердик катары жүэөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Ломбарддагы буюмдардын күрөөсү жөнүндөгү келишим ломбард тарабынан күрөө билетин берүү аркылуу түзүлөт.

3. Күрөөгө коюлуп жаткан буюмдар ломбардга өткөрүп берилет.

Ломбард өз эсебинен буюмдарды күрөөгө кабыл алынган буюмдарды демейде соодада мындай түрдөгү жана сапаттагы бааларына ылайык белгиленүүчү аларды баалоонун толук суммасы менен күрөө берүүчүнүн пайдасына камсыздандырууга милдеттүү.

Ломбард күрөөгө коюлган буюмдарды пайдаланууга жана тескөөгө укуксуз.

4. Ломбард, эгерде жоголуп кетүү же бузулуу бөгөт коюуга мүмкүн болбогон күчтөрдүн натыйжасында болгондугун далилдей албаса, күрөөгө коюлган буюмдардын жоголуп кетиши же бузулушу үчүн жоопкерчилик тартат.

5. Ломбарддагы буюм күрөөсү менен камсыз кылынган кредиттин суммасы белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган учурда, ломбард жеңилдетилген бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин нотариустун аткаруу жазуусунун негизинде бул буюмду күрөөгө коюлган мүлктү сатуу үчүн белгиленген тартипте сатууга укуктуу. Мына ушундан кийин ломбарддын карызкор - күрөө берүүчүгө карата талаптары, күрөөгө коюлган мүлктү сатып жиберүүдөн алынган сумма аны толугу менен канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо да тындырылат.

 

342-статья. Кармап калуу

 

1. Карызкорго же карызкор тарабынан көрсөтүлгөн башка жакка берилүүгө тийиш буюмду кармаган кредитор, карызкор бул буюмду төлөп берүү же бул буюм менен байланышкан кемип калууларды жана чыгымдарды кредиторго ордун толтуруу боюнча өз милдеттенмесин мөөнөтүндө аткарбаган учурда, аны тиешелүү милдеттенме аткарылмайынча кармап турууга укуктуу.

2. Буюмдун баасын төлөп берүү же ага чыгымдардын ордун толтуруу менен байланышпаган, бирок эки тарап катышкан милдеттенмелерден келип чыккан талаптарды камсыз кылуу үчүн да кармап калуу укугу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Мүлктү кармап калууну жүзөгө ашырган кредитордун талаптары күрөө менен камсыздалган талаптарды канааттандыруу үчүн каралган көлөмдө жана тартипте канааттандырылат.

4. Эгерде келишим тарабынан башкача каралбаса, бул статьяда каралган эрежелер колдонулат.

 

§ 4. Кепилдик (гарантия)

 

343-статья. Кепилдик келишими (гарантия)

 

1. Кепилдик (гарантия) келишими боюнча кепил болуучу (гарант) башка жактын кредитору алдында ал жактын милдеттенмелерин карызкор менен чогуу толук же жарым-жартылай аткарылышынын милдетин алат.

Кепилдик келишими келечекте пайда болуучу милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн да түзүлүшү мүмкүн.

2. Кепилдик келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу жүзүндө түзүү формасынын сакталбагандыгы кепилдик келишиминин жараксыздыгына алып келет.

 

344-статья. Кепилдин (гаранттын) жоопкерчилиги

 

1. Карызкордун кепилдик (гарантия) менен камсыздалган милдеттенмеси аткарылбаганда же тийиштүү түрдө аткарылбаганда, эгерде кепилдик келишими (гарантия) менен кепилдин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаса, кепил (гарант) жана карызкор кредитордун алдында чогуу жооп берет.

2. Эгерде кепилдик келишиминде башкача каралбаса, кепил (гарант) кредитордун алдында карызды төлөтүп алуу боюнча сот чыгымдарынын жана кредитордун карызкор тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү түрдө аткарбагандыгынан келип чыгуучу башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча проценттерди төлөөнү кошкондо карызкордой эле көлөмдө жооп берет.

3. Эгерде кепилдик келишими тарабынан башкача каралбаса, биргелешип кепилдик беришкен жактар кредитордун алдында чогуу жооп беришет.

 

345-статья. Кепилдин кредитордун талабына каршы чыгуу укугу

 

1. Эгерде кепилдик келишимден башкача келип чыкпаса, кепил кредитордун талабына карата карызкор тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон каршы чыгууну билдирүүгө укуктуу. Карызкор алардан баш тарткан же өз карызын тааныган учурда да кепил бул каршы чыгууларга укугун жоготпойт.

2. Кепил кредитордун талабын канааттандырганга чейин бул жөнүндө карызкорго билдирүүгө, ал эми кепилге доо коюлса - карызкорду ишке катышууга тартууга милдеттүү.

3. Эгерде кепил бул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбаса, карызкор кепилдин регресстик талабына каршы өзүнүн кредиторго каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.

 

346-статья. Милдеттенмени аткаруучу кепилдин укуктары

 

1. Милдеттенмени аткарган кепилге кредитордун бул милдеттенме боюнча бардык укуктары өтөт. Кепил карызкордон кредиторго төлөнүп берилген суммага проценттерди төлөп беришин жана карызкор үчүн жоопкерчиликке байланыштуу тарткан башка чыгымдарынын ордун толтурууну да талап кылууга укуктуу.

2. Кепил тарабынан милдеттенме аткарылгандан кийин кредитор кепилге карызкорго карата талаптарды күбөлөндүрүүчү документтерди тапшырууга жана бул талапты камсыз кылуучу укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде мыйзамдар же кепил менен карызкордун ортосундагы келишим тарабынан башкача каралбаса жана алардын мамилелеринен башка келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген эрежелер колдонулат.

 

347-статья. Милдеттенменин карызкор тарабынан аткарылгандыгы тууралу кепилге билдирүү

 

Кепилдик менен камсыздалган милдеттенмесин аткарган карызкор бул жөнүндө кепилге токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Башкача болгон учурда милдеттенмени аткарган кепил кредитордон негизсиз алгандарын төлөтүп алууга же карызкорго регресстик талапты коюуга укуктуу. Акыркы учурда карызкор кредитордон негизсиз алгандарын гана талап кылууга укуктуу.

 

348-статья. Кепилдиктин токтотулушу

 

1. Кепилдик өзү камсыздаган милдеттенменин токтотулушу, ошондой эле кепилдин макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатуу же кепил үчүн ыңгайсыз натыйжага алып келүү менен кепилдик өзгөртүлгөн учурда токтотулат.

2. Эгерде кепил жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилдик менен камсыздалган милдеттенме боюнча карыздын башка жакка өтүшү менен кепилдик токтотулат.

3. Эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген учурда кредитор карызкор же кепил тарабынан сунуш кылынган милдеттенменин тийиштүү түрдө аткарылышынан баш тартса кепилдик токтотулат.

4. Кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кепилдик токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кредитор кепилдик менен камсыздалган милдеттенменин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жыл ичинде кепилге карата доо койбосо, кепилдик токтотулат. Эгерде кредитор кепилдик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жыл ичинде кепилге доо койбосо, негизги милдеттенменин аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн жана аны аныктоо мүмкүн болбогондо же талап кылуу учурунда аныкталганда, кепилдик токтотулат.

 

§ 5. Банк гарантиясы

 

349-статья. Банк гарантиясынын түшүнүгү

 

1. Банк гарантиясы боюнча банк, башка кредиттик мекеме же камсыздандыруу уюму (гарант) башка жактын өтүнүчү боюнча гарант тарабынан берилип жаткан милдеттенменин шарттарына ылайык ал жактын кредиторуна кредит берүүчүдөн төлөп берүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү талабы боюнча акча суммасын төлөп берүү тууралу жазуу жүзүндө милдеттенмени берет.

2. Банк гарантиясы берилгендиги үчүн ал гарантия берилген жак гарантка сыйлык акы төлөп берет.

3. Эгерде анда башкача каралбаса, банк гарантиясы гарант тарабынан чакыртылып алынбайт.

4. Эгерде гарантияда башкача каралбаса, гарантка карата банк гарантиясы боюнча кредиторго таандык талап кылуу укугун башка жакка берүүгө болбойт.

5. Эгерде гарантияда башкача каралбаса, банк гарантиясы ал берилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

350-статья. Банк гарантиясынын негизги милдеттенмеге кез каранды эместиги

 

Эгерде ал милдеттенмеге шилтеме гарантияда камтылса да, алардын мамилелери гаранттын кредитор алдындагы банк гарантиясы тарабынан каралган аны аткарууну камсыз кылууга берилген негизги милдеттенмесине көз каранды болбойт.

 

351-статья. Банк гарантиясы боюнча талаптын коюлушу

 

1. Кредитордун банк гарантиясы боюнча акчалай сумманы төлөп берүү жөнүндөгү талабы гарантияда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен гарантка кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Талапта же анын тиркемесинде камсыз кылынышы үчүн гарантия берилген негизги милдеттенме өзүнүн өтүнүчү боюнча гарантия берилген жак тарабынан кандайча бузулгандыгы жөнүндө кредиторго көрсөтүүгө тийиш.

2. Кредитордун талабы гарантка берилген гарантияда аныкталган мөөнөт аяктаганга чейин берилүүгө тийиш.

3. Кредитордун талабын алгандан кийин гарант кечиктирбестен гарантия берилген жакка бул жөнүндө билдирүүгө жана ага талаптын көчүрмөсүн ага тиешелүү бардык документтери менен кошо жиберүүгө тийиш.

4. Гарант кредитордун талабын ага тиркелген документтери менен кошо ылайыктуу мөөнөттө карап көрүүгө жана бул талаптын жана анын тиркемелеринин гарантия шартына туура келишин аныктоо үчүн жүйөлүү кам көрүүгө тийиш.

 

352-статья. Банк гарантиясы боюнча гаранттын милдеттенмелеринин чектери

 

1. Гаранттын кредитордун алдындагы банк гарантиясы менен белгиленген милдеттенмеси гарантия берилген сумманы төлөө менен чектелет.

2. Гарантияда башка каралбагандыктан, гарантия боюнча милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн гаранттын жоопкерчилиги гарантия берилген сумма менен чектелбейт.

3. Гарант кредитордун талабын, эгерде ал талап же ага тиркелген документтер гарантиянын шартына туура келбесе же гарантияда белгиленген мөөнөт өтүп кеткенден кийин гарантка берилсе, орундатуудан баш тартат.

Гарант кредиторго анын талабын орундатуудан баш тартып жаткандыгы тууралу токтоосуз билдирүүгө тийиш.

4. Эгерде гарантка кредитордун талабын канаттандырууга чейин банк гарантиясы менен камсыздалган негизги милдеттенме толугу менен же анын тийиштүү бөлүгү аткарылып коюлгандыгы же башка негиздер боюнча токтотулгандыгы же анык эместиги билинген болсо, анда ал бул жөнүндө кредиторго жана өтүнүчү боюнча гарантия берилген жакка токтоосуз билдирүүгө тийиш.

Мындай билдирүүдөн кийин гаранттын кредитордон экинчи жолу алган талабы гарант тарабынан аткарылууга тийиш.

 

353-статья. Банк гарантиясынын токтотулушу

 

1. Гарантия боюнча гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмеси төмөнкү учурларда токтотулат:

1) кредиторго гарантия берилген сумманы төлөп бергенде;

2) гарантияда аныкталган жана ал берилген мөөнөт аяктаганда;

3) кредитордун гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартышында жана анын гарантка кайтарылып берилишинде;

4) гарантты анын милдеттеринен бошотуу тууралу кат жүзүндө арыз берүү аркылуу кредитор гарантия боюнча өз укуктарынан баш тартканда.

Ушул пункттун 1, 2- жана 4-пунктчаларында келтирилген негиздер боюнча гаранттын милдеттеринин токтотулушу гарантия ага кайтарылып берилгендигине же берилбегендигине көз каранды болбойт.

2. Гарантиянын токтотулушу өзүнө белгилүү болуп калган гарант өтүнүчү боюнча бул гарантия берилген жакка токтоосуз бул жөнүндө билдирүүгө тийиш.

3. Өтүнүчү боюнча банк гарантиясы берилген жактан ушул гарантия боюнча кредиторго төлөнүп берилген сумманы регресс тартибинде талап кылуу боюнча гаранттын укугу гарант менен ошол адамдын ортосундагы макулдашууда аныкталат.

4. Өтүнүчү боюнча банк гарантиясы берилген жактан, эгерде гарант менен аталган жактын ортосундагы макулдашууда башка белгиленбесе, кредиторго гарантиянын шартына ылайык эмес же гаранттын кредитор алдындагы милдеттенмесинин бузулгандыгы үчүн төлөнүп берилген сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга гаранттын укугу жок.

 

§ 6. Насыя (задаток)

 

354-статья. Насыянын түшүнүгү. Насыя жөнүндөгү келишимдин формасы

 

1. Насыя деп келишим түзүп жаткан тараптардын бири келишим түзүлгөндүгүнүн далили катары жана анын аткарылышын камсыз кылуу үчүн келишим боюнча өзүнүн төлөмдөрүнүн эсебинен экинчи тарапка берүүчү акчалай сумма эсептелет.

2. Насыянын суммасына карабастан насыя жөнүндөгү макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

3. Тараптын келишим боюнча төлөмдөрүнүн эсебинен төлөнгөн сумма насыя катары эсептеле тургандыгы, атап айтканда, ушул статьянын 2-пунктунун эрежесинин сакталбагандыгынын натыйжасында күмөн туудурган учурда, эгерде башка далилденбесе, бул сумма аванс катары төлөндү деп эсептелинет.

 

355-статья. Насыя менен камсыздалган милдеттенменин токтотулушунун жана аткарылбагандыгынын натыйжасы

 

1. Тараптардын макулдугу менен же аткаруу мүмкүн болбогондугунан улам милдеттенменин аткарылышы баштала электе токтотулган учурда насыя кайтарып берилүүгө тийиш.

2. Эгерде келишимдин аткарылбагандыгы үчүн насыя берген тарап жоопкер болсо, анда ал экинчи тарапта кала берет. Эгерде келишимдин аткарылбагандыгы үчүн насыяны алган тарап жоопкер болсо, анда ал тарап экинчи тарапка насыянын эки эселенген суммасын төлөп берүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, келишимдин аткарылбагандыгы үчүн жоопкер тарап, келишимде башка белгиленбегендиктен, экинчи тарапка насыянын суммасын эсепке кошуу менен анын тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

 

20-Глава
Милдеттенмени бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

356-статья. Милдеттенмени бузгандык үчүн жоопкерчиликтин негиздери

 

1. Милдеттенмени аткарбаган же аны тийиштүү түрдө аткарбаган жак, мыйзамда же келишимде жоопкерчиликтин башка негиздери каралгандан тышкары учурда, жасалган күнөөсү (атайын же байкабастыктан) болгондо, жоопкерчиликти көтөрөт.

Эгерде милдеттенменин жагдайы жана жүгүртүүнүн шарты боюнча андан талап кылынган камкордуктун жана баамчылдыктын деңгээлине ылайык ал жак милдеттенмени тийиштүү түрдө аткаруу үчүн бардык чараларды көргөн учурда күнөөсүз деп эсептелет.

2. Күнөөнүн жоктугу милдеттенмени бузган жак тарабынан далилденет.

3. Мыйзамда же келишимде башка каралбагандыктан, ээлик кылуу ишкердигин жүзөгө ашырууда милдеттенмесин аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган жак эгерде милдеттенмени аткаруу дарамет жеткис күчтөрдүн, башкача айтканда, ушундай шартта өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдын айынан аткарууга мүмкүн болбогондугун далилдебесе, жоопкерчиликти көтөрөт. Мындай кырдаалдарга, атап айтканда, карызкордун контрагенттери тарабынан милдеттенменин бузулушу, рынокто аны аткаруу үчүн керектүү товарлардын жоктугу, карызкордун зарыл болгон акча каражаттарынын жоктугу кирбейт.

Келишимде же мыйзамда ишкердиктин субъекттерин жоопкерчиликтен бошотуунун башка шарттары каралышы мүмкүн.

4. Милдеттенмени атайын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти четтетүү же чектөө жөнүндөгү мурдатан түзүлгөн макулдашуу жокко эсе.

 

357-статья. Эки тараптын күнөөсүнөн улам милдеттенмени бузуунун натыйжасы

 

1. Эгерде милдеттенменин аткарылбай же тийиштүү түрдө аткарылбай калышы эки тараптын тең күнөөсү болсо, сот тиешелүү түрдө карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтат. Эгерде кредитор атайын же байкабастыктан милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы менен тартылган зыяндын өлчөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн болсо же анын өлчөмүнүн азайышы үчүн ылайыктуу чара көрбөсө, анда сот карызкордун жоопкерчилик өлчөмүн азайтып коюуга да укуктуу.

2. Карызкор, күнөөсүнө карабастан милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн мыйзамга же келишимге жараша жоопкерчиликти көтөргөн учурда да ушул статьянын 1-пунктунун эрежелери тийиштүү түрдө колдонулат.

 

358-статья. Карызкордун зыяндын ордун толтуруп берүү милдети

 

1. Карызкор милдеттенменин аткарылбагандыгынын же тийиштүү аткарылбагандыгынын айынан келтирилген зыяндын (14-статья) ордун кредиторго толтуруп берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башка каралбаса, келтирилген зыянды аныктоодо милдеттенме аткарылууга тийиш болгон жерде карызкор кредитордун талабын ыктыярдуу орундатып жаткан күнү, ал эми талап ыктыярдуу аткарылбаган учурда - доо коюлган күнү колдонулган баалар эске алынат. Кырдаалдардан улам жана чечим чыгарылып жаткан күндөгү бааларды эске алуу менен сот келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү талабын канааттандыра алат.

3. Алынбай калган пайданы аныктоодо аны алуу үчүн кредитор тарабынан көрүлгөн чаралар жана бул максатта жасалган даярдыктар эске алынат.

 

359-статья. Зыяндар жана неустойка

 

1. Эгерде милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн айып төлөм белгиленсе, анда келтирилген зыяндын айып төлөм менен тындырылбаган бөлүгүнүн орду толтурулуп берилет.

Мыйзамда же келишимде төмөнкү учурлар каралышы мүмкүн: келтирилген зыянды эмес, айып төлөмдү гана төлөтүп алууга жол берилген учур; келтирилген зыянды толук өлчөмүндө айып төлөмдөн тышкары төлөтүп алуу; кредитордун каалоосу боюнча же айып төлөмдү же келтирилген зыянды төлөтүп алуу.

2. Милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн чектелген жоопкерчилик белгиленген учурларда (364-статья) келтирилген зыяндын орду айып төлөм менен, же анын үстүнө, же анын ордуна толтурулуп берилүүчү бөлүгү мындай чектөө менен белгиленген чектерге чейин төлөтүлүп алынышы мүмкүн.

 

360-статья. Акчалай милдеттенменин аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик

 

1. Бөтөн бирөөнүн акча каражаттарын төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн, укукка жат түрдө кармоонун, аны кайтарып берүүнүн же негизсиз алуунун же башка жактын эсебинен сактоонун натыйжасында бөтөн акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн ошол каражаттын суммасына карата процент төлөнүүгө тийиш.

Проценттин өлчөмү акчалай милдеттенме же анын бир бөлүгү аткарылган күнгө карата кредитор жашаган жерде, эгерде кредитор юридикалык жак болсо - ал жайгашкан жерде колдонулуучу банк процентинин эсептик ставкасы же анын тийиштүү бөлүгү менен аныкталат. Карыз сот аркылуу төлөтүлүп алынып жаткан учурда сот доо коюлган же чечим чыгарылган күнгө карата колдонулуучу банк процентинин эсептик ставкасынан келип чыгуу менен кредитордун талабын канааттандырышы мүмкүн. Эгерде мыйзамда же келишимде проценттин башка өлчөмү каралбаса, көрсөтүлгөн эрежелер колдонулат.

2. Эгерде кредитордун акчалай каражатын укуксуз пайдалангандыктан ага келтирилген зыян ушул статьянын 1-пунктунун негизинде ага төлөнүп берилүүчү проценттин суммасынан ашык болсо, анда ал карызкордон тарткан зыяндарынын ушул суммадан ашкан бөлүгүн төлөтүп алууну талап кылууга укуктуу.

3. Ээлик кылуу ишкердигине байланыштуу акчалай милдеттенме боюнча башка бирөөнүн акчалай каражатын укуксуз пайдалангандык үчүн ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн суммалардын үстүнө төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген суммадан тышкары жылдык беш процент өлчөмүндөгү айып акы, эгерде келишимде айыптын андан жогорураак проценти белгиленбесе, алынат.

4. Башка бирөөнүн акчалай каражатын укуксуз пайдалангандык үчүн проценттер бул каражаттардын суммасын кредиторго төлөп берген күнгө чейин, эгерде мыйзамда же келишимде процентти эсептөөнүн мындан кыскараак мөөнөтү белгиленбесе, төлөтүлүп алынат.

 

361-статья. Жоопкерчилик жана милдеттенмени натуралай аткаруу

 

1. Милдеттенме тийиштүү аткарылбаган учурда айып төлөмдү төлөп берүү же келтирилген зыяндардын ордун толтуруу, эгерде мыйзамда же келишимде башка каралбаса карызкорду милдеттенмени аткаруудан бошотпойт.

2. Милдеттенме аткарылбаган учурда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу жана анын аткарылбагандыгы үчүн айып төлөмдү төлөп берүү, эгерде мыйзамда же келишимде башка каралбаса карызкорду милдеттенмени натуралай аткаруудан бошотот.

3. Мөөнөтү өтүп кеткендиктен өзү үчүн кызыкчылык туудурбаган милдеттенменин аткарылышынан кредитордун баш тартышы, ошондой эле баш тарткандыгы үчүн белгиленген айып төлөмдүн төлөнүп берилиши өтмө укук акысын төлөө катары карызкорду милдеттенмени натуралай аткаруудан бошотот.

 

362-статья. Милдеттенменин карызкордун эсебинен аткарылышы

 

Карызкор буюмду жасап жана аны кредитордун менчигине өткөрүп чарба жүргүзүүсүнө, же утурумдук башкаруусуна, же пайдалануусуна берүү же ал үчүн белгилүү бир ишти аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча милдеттенмесин аткарбаган учурда кредитор ылайыктуу мөөнөт ичинде милдеттенмени ылайыктуу акыга аткарууну үчүнчү жактарга тапшырууга же өз күчү менен аткарууга жана мыйзамдан, келишимден же милдеттенменин маңызынан башка келип чыкпаса, карызкордон өзүнүн тарткан зарыл чыгымдарын жана башка зыяндарын төлөтүп алууну талап кылууга укуктуу.

 

363-статья. Айрым белгилүү бир буюмду өткөрүп берүү милдеттенмесинин аткарылбагандыгынын натыйжасы

 

Айрым белгилүү бир буюмду кредитордун менчигине, чарба жүргүзүүсүнө, же утурумдук башкаруусуна, же акысын төлөө менен пайдалануусуна өткөрүп берүү милдеттенмеси аткарылбаган учурда кредитор бул буюмдун карызкордон алынышын жана милдеттенмеде белгиленген шартта өзүнө берилишин талап кылууга укуктуу. Эгерде ал буюм менчиктөө, чарба жүргүзүү же утурумдук башкаруу укугуна ээ болгон башка жакка берилип коюлган болсо, бул укук жокко чыгат. Эгерде буюм өткөрүп бериле элек болсо, анын пайдасына милдеттенмеси мурдараак пайда болгон кредитор, ал эми муну аныктоо мүмкүн болбосо, анда доону мурда койгон кредитор артыкчылыкка ээ болот.

Милдеттенменин предмети болгон буюмдун ага берилишин талап кылуунун ордуна кредитор тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

364-статья. Субсидиардык жоопкерчилик

 

1. Мыйзамга же милдеттенменин шартына ылайык негизги карызкор болгон башка жактын жоопкерчилигине кошумча жоопкерчиликти көтөргөн (субсидиардык жоопкерчилик) карызкорго талап коюудан мурда кредитор негизги карызкорго талап коюуга тийиш.

Эгерде негизги карызкор кредитордун талабын канааттандыруудан баш тартса же канааттандыруудан четтесе, бул талап субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жакка коюлушу мүмкүн.

2. Эгерде бул талап негизги карызкорго утурлама талапты кошуп эсептөө же негизги карызкордун эсебинен каражаттарды талашсыз өндүрүп алуу жолу менен канааттандырылышы мүмкүн болсо, кредитор негизги карызкорго карата өз талабын субсидиардык жоопкерчиликти тарткан жактан канааттандырууну талап кылууга укуксуз.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жак негизги карызкорго талап коюуга укуктуу.

4. Субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жак ага кредитор койгон талапты канааттандырганга чейин бул жөнүндө негизги карызкорго билдирүүгө, эгерде мындай жакка доо коюлган болсо - негизги карызкорду ишке катышууга тартууга тийииш.

Андай болбогон учурда негизги карызкор субсидиардык жоопкерчиликти көтөргөн жактын регресстик талабына каршы ал кредиторго каршы пикирин коюуга укуктуу.

 

365-статья. Милдеттенме боюнча жоопкерчиликтин өлчөмүн чектөө

 

1. Милдеттенмелердин айрым түрлөрү жана белгилүү бир ишкердик түрүнө байланышкан милдеттенмелер боюнча мыйзам тарабынан тарткан зыяндардын ордун толугу менен толтуруп берүү укугу (чектелген жоопкерчилик) чектелиши мүмкүн.

2. Керектөөчү катары чыккан граждан кредитор болуп эсептелүүчү кошулуу келишими же башкача түрдөгү келишим боюнча карызкордун жоопкерчилигин чектөө жөнүндөгү макулдашуу, эгерде мындай түрдөгү милдеттенме же мындай бузуулар үчүн жоопкерчилик өлчөмү мыйзам тарабынан белгиленсе жана эгерде макулдашуу милдеттенменин аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчиликке алып келүүчү кырдаал болгонго чейин түзүлсө, жокко эсе.

 

366-статья. Карызкордун өз кызматкерлери үчүн жоопкерчилиги

 

Карызкордун кызматкерлеринин анын милдеттенмесин аткаруу боюнча иш-аракеттери карызкордун иш-аракеттери деп эсептелинет. Эгерде мындай иш-аракеттер милдеттенменин аткарылбагандыгына же тийиштүү аткарылбагандыгына алып келсе, анда карызкор ал иш-аракеттер үчүн жооп берет.

 

367-статья. Карызкордун үчүнчү жактардын иш-аракеттери үчүн жоопкерчилиги

 

Эгерде мыйзамда жоопкерчиликти түздөн-түз аткаруучу болуп эсептелген үчүнчү жак көтөрө тургандыгы белгиленбесе, анда карызкор милдеттенменин аткарылышы жүктөлгөн үчүнчү жак тарабынан аткарылбагандыгы же тийиштүү аткарылбагандыгы үчүн жооп берет.

 

368-статья. Карызкордун мөөнөттү өткөрүп жибериши

 

1. Аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберген карызкор кредитор алдында мөөнөттүн өтүп кетиши менен ага келтирилген зыян үчүн жана мөөнөт өтүп кеткен мезгил ичинде кокусунан аны аткаруу мүмкүн болбой калгандыктын кесепети үчүн да жооп берет.

2. Эгерде карызкордун мөөнөттү өткөрүп жибергендигинин натыйжасында аткаруу кредитор үчүн кызыкчылык туудурбай калса, анда ал аткаруудан баш тартып, тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Кредитордун мөөнөттү өткөрүп жиберишинен улам милдеттенме аткарылмайынча, карызкор мөөнөттү өткөрүп жиберди деп эсептелбейт.

4. Карызкор аткаруу мөөнөтүн кечиктирген учурда кредитор мыйзамда тике тыюу салынгандан башка учурларда жана билүү чектелген маалыматты берүү тартибине карата мыйзамда белгиленген талаптарды эске алуу менен карызкор жана анын мөөнөтүндө аткарылбаган милдеттенмеси жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу.

(КР 2008-жылдын 2-июнундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

369-статья. Кредитордун мөөнөттү өткөрүп жибериши

 

1. Эгерде кредитор карызкор сунуш кылган тийиштүү аткаруудан баш тартса же мыйзамда же келишимде белгиленген же ишкер жүгүртүү каада-салтынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан аракеттерди жасабаса, эгерде мындай аракеттер иштелмейинче карызкор өз милдеттенмесин аткара албай турган болсо, анда кредитор мөөнөттү өткөрүп жиберген болуп эсептелет.

Ушул Кодекстин 371-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда да кредитор мөөнөттү өткөрүп жиберген болуп эсептелет.

2. Эгерде кредитор өзү да же мыйзам же кредитордун тапшыруусу боюнча аткарууну кабыл алуу милдети жүктөлгөн жактар да жоопкер болбогон кырдаалдардан улам мөөнөт өткөрүлүп жиберилгендигин далилдебесе, анда карызкор кредитордун мөөнөттү өткөрүп жибериши менен ага келтирилген зыяндын ордун толтуруп алуу укугуна ээ болот.

3. Карызкор акчалай милдеттенме боюнча кредитордун мөөнөттү өткөрүп жиберген мезгили үчүн процент төлөөгө милдеттүү эмес.

 

21-Глава
Милдеттенмелердин токтотулушу

 

370-статья. Милдеттенмелердин токтотулушуна негиздер

 

1. Милдеттенме ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же келишимдерде каралган негиздерде толук же бир бөлүгүнөн токтотулат.

2. Тараптардын биринин талабы боюнча мыйзамдарда же келишимде каралган учурларда гана милдеттенмелердин токтотулушуна жол берилет.

 

371-статья. Аткаруу менен милдеттенменин токтотулушу

 

1. Тийиштүү аткаруу милдеттенмени токтотот.

2. Кредитор аткарууну кабыл алуу менен карызкордун талабы боюнча аткарууну толук же бир бөлүгүн кабыл алгандыгы жөнүндө тил кат берүүгө милдеттүү.

Эгерде карызкор милдеттенмесин күбөлөндүрүү иретинде карыз документин берсе, анда кредитор аткарууну кабыл алуу менен бул документти кайтарып берүүгө, ал эми кайтарып берүүгө мүмкүн болбосо, берилип жаткан тил катта бул тууралу көрсөтүүгө тийиш. Тил катты кайтарылып берилүүчү карыз документиндеги жазуу менен алмаштырууга болот. Иш башкача экендиги далилденгенге чейин карыз документинин карызкордо болушу милдеттенменин токтотулушун күбөлөндүрөт.

Кредитор тил кат берүүдөн, карыз документин кайтарып берүүдөн же аны кайтарып берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө тил катка белгилөөдөн баш тартканда, карызкор аткарууну токтотуп турууга укуктуу. Мындай учурда кредитор мөөнөтүн өткөрүп жиберген болуп саналат.

 

372-статья. Өтмө укук акысын төлөө

 

Милдеттенме эки тараптын тең макулдашуусу боюнча аны аткаруунун ордуна өтмө укук акысын төлөө (акча төлөө, мүлк өткөрүп берүү ж.у.с.) менен токтотулушу мүмкүн. Өтмө укук акысын төлөөнүн өлчөмүн, мөөнөтүн жана тартибин тараптар белгилейт.

 

373-статья. Милдеттенменин зачет менен токтотулушу

 

Милдеттенме ага теңдеш, мөөнөтү башталган же мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, же талап кылынуучу учуру менен аныкталган каршы талап аркылуу толук же бир бөлүгүндө токтотулат.

Төмөнкүдөй талаптардын зачетуна жол берилбейт:

1) эгерде башка тараптын талапка карата арызы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү колдонулууга тийиш болсо жана бул мөөнөт аяктаса;

2) өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

3) алиментти төлөтүү жөнүндө;

4) өмүр бою багуу жөнүндө;

5) мыйзамда же келишимде каралган башка учурларда.

Талап кабыл алынган учурда (316-статья) карызкор жаңы кредитордун талабына каршы биринчи кредиторго карата өзүнүн утурлама талабын зачет кылууга укуктуу.

Зачет, эгерде талап карызкор тарабынан талапты кабыл алуу жөнүндө билдирүү алган учурга карата болуп турган негиздеме боюнча келип чыкса жана талаптын мөөнөтү билдирүү алынганга чейин башталса же бул мөөнөт көрсөтүлбөсө же талап кылынуучу учур менен аныкталса, эсептелинет.

 

374-статья. Карызкор менен кредитор бир жак болуп чыкканда милдеттенменин токтотулушу

 

Карызкор менен кредитор бир жак болуп чыкса, милдеттенме токтотулат.

 

375-статья. Милдеттенменин жаңыртуу (новация) менен токтотулушу

 

1. Милдеттенме, тараптардын алардын ортосунда мурда болуп келген алгачкы милдеттенмени ошол эле жактардын ортосунда аткаруунун башкача предметин же ыкмасын караган башка милдеттенме (новация) менен алмаштыруу жөнүндөгү макулдашуу аркылуу токтотулат.

2. Өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана алиментти төлөп берүү боюнча милдеттенмелерге карата новацияга жол берилбейт.

3. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, новация алгачкы ммлдеттенмеге байланышкан кошумча милдеттенмелерди токтотот.

 

376-статья. Карыздын кечирилиши

 

Эгерде бул кредитордун мүлкүнө карата башка жактардын укугун бузбаса, кредитор карызкорду мойнундагы милдеттенмелерден бошотуусу менен милдеттенме токтотулат.

 

377-статья. Аткаруу мүмкүн эместигинен улам милдеттенменин токтотулушу

 

1. Эгерде эки тараптын бири да жооп бербеген кырдаалдарга байланыштуу аткаруу мүмкүн болбосо, милдеттенме токтотулат.

2. Тараптардын бири да жооп бербеген (ушул статьянын 1-пункту) кырдаалдан келип чыккан милдеттенмени карызкор аткара албаган учурда кредитор карызкордон милдеттенме боюнча аткарууну талап кылууга укуксуз. Милдеттенмени аткарган тарап аткаруунун кайтарымын талап кылууга укуктуу.

3. Кредитордун терс аракеттеринен улам карызкордун милдеттенмени аткаруусу мүмкүн болбосо, кредитор андан милдеттенме боюнча аткарылгандын кайтарымын талап кылууга укуксуз.

 

378-статья. Мамлекеттик бийлик органынын актысынын негизинде милдеттенменин токтотулушу

 

1. Эгерде мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысы (ачык актысы) чыккандан улам милдеттенмени толугу менен же жарым-жартылай аткарууга мүмкүн болбосо, милдеттенме толугу менен же анын тийиштүү бөлүгү токтотулат. Мунун натыйжасында зыян тарткан тарап ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте алардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунан же милдеттенменин маңызынан дагы башка нерсе келип чыкпаса жана аны аткаруу кредитор үчүн пайдалуу болсо, милдеттенменин токтотулушуна негиз болгон жарыялама акт белгиленген тартипте жараксыз катары таанылса, анда милдеттенме калыбына келет.

 

379-статья. Граждандын өлүмү менен милдеттенменин токтотулушу

 

1. Эгерде карызкор өзү катышмайынча милдеттенменин аткарылышы мүмкүн болбосо же милдеттенме дагы башка жагынан карызкордун жеке өзүнө ажырагыс байланышкан болсо милдеттенме карызкордун өлүмү менен токтотулат.

2. Эгерде аткарылышы кредитордун жеке өзүнө арналган болсо же милдеттенме башка жагынан кредитордун жеке өзүнө ажырагыс байланышса, кредитордун өлүмү менен милдеттенме токтотулат.

 

380-статья. Юридикалык жактын жоюлушу менен милдеттенменин токтотулушу

 

Жоюлган юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышы мыйзамдар боюнча башка юридикалык жакка (өмүргө же ден-соолукка келтирилген зыяндан жана башкадан улам келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча) жүктөлгөндөн башка учурларда милдеттенме юридикалык жактын (карызкордун же кредитордун) жоюлушу менен токтотулат.

 

22-Глава
Келишим жөнүндө жалпы жоболор

 

381-статья. Келишим түшүнүгү

 

1. Граждандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө эки же бир нече жактын макулдашуусу келишим катары таанылат.

2. Ушул главанын эрежелеринде жана келишимдердин ушул Кодексте камтылган айрым түрлөрү тууралу эрежелерде башкача каралбаса, келишимден келип чыккан милдеттенмелерге карата милдеттенмелер жөнүндөгү жалпы жоболор колдонулат.

3. Эгерде бул келишимдердин көп тараптуу мүнөзүнө каршы келбесе, экиден көп тараптар түзүүчү келишимдерге (көп тараптуу келишимдерге) карата келишим жөнүндөгү жалпы жоболор колдонулат.

 

382-статья. Келишим эркиндиги

 

1. Граждандар жана юридикалык жактар келишим түзүүгө эрктүү.

Ушул Кодексте, мыйзамда же ыктыярдуу кабыл алынган милдеттенмеде келишим түзүүгө милдеттүүлүк каралгандан башка учурларда мажбурлап келишим түзүүгө жол берилбейт.

2. Тараптар мыйзамдарда каралган да, каралбаган да келишимди түзө алышат.

3. Тараптар мыйзамдарда каралган ар түркүн келишимдердин элементтери камтылган келишимди (аралаш келишим) түзө алат. Эгерде тараптардын келишиминен же аралаш келишимдин маңызынан дагы башка келип чыкпаса, тараптардын аралаш келишим боюнча мамилелерине карата элементтери аралаш келишимде камтылган келишимдер жөнүндөгү мыйзамдар тийиштүү бөлүктөрүндө колдонулат.

4. Тийиштүү шарттын мазмуну мыйзамдарда жазылгандан (383-статья) тышкары учурларда келишимдин шарттары тараптардын кароосу боюнча аныкталат.

Келишимдин шарты мыйзамдарга ылайык колдонуудагы нормада каралган учурларда, эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача (диспозициялуу норма) белгиленбесе, анда тараптар өздөрүнүн макулдашуусу менен анын колдонулушун чыгарып салышат, же анда каралгандан айырмаланган шарт кое алышат. Мындай макулдашуу болбосо, келишимдин шарты диспозициялуу норма менен аныкталат.

5. Эгерде келишимдин шарты тараптар тарабынан же диспозициялуу норма менен аныкталбаса, тараптардын мамилелеринде колдонулуучу ишкердүү жүгүртүүнүн каада-салттары менен аныкталат.

 

383-статья. Келишим жана мыйзам

 

1. Келишим тараптар үчүн милдеттүү болгон, мыйзамдар тарабынан белгиленген, ал түзүлүп жаткан учурда колдонуудагы эрежелерге (императивдик нормаларга) ылайык келүүгө тийиш.

2. Мыйзам күчүнө киргенге чейнн түзүлгөн келишим боюнча тараптардын мамилелери ушул Кодекстин 3-статьясына ылайык жөнгө салынат.

 

384-статья. Акы төлөнүүчү жана төлөнбөй турган келишим

 

1. Тарап өз милдеттенмелерин аткаргандыгы үчүн акы же башка түрдөгү кайтарма берүүнү алуучу келишим акы төлөнүүчү келишим болуп саналат.

2. Бир тарап башка тарапка бир нерсени андан акы же башка түрдөгү кайтарма албай берүүгө милдеттенген келишим акы төлөнбөй турган келишим болуп саналат.

3. Эгерде мыйзамдардан, келишимдин мазмунунан же маңызынан башка келип чыкпаса, келишим акы төлөнө турган катары каралат.

 

385-статья. Келишимдин күчүндө болушу

 

1. Келишим, ал түзүлгөн учурдан баштап (394-статья) күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.

2. Тараптар алар тарабынан түзүлгөн келишимдин шарттары келишим түзүлгөнгө чейин пайда болгон өз ара мамилелерине жайылтылаарын белгилөөгө укуктуу.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде ал келишимдин күчүндө болуу мөөнөтү каралса, бул мөөнөттүн аякташы тараптардын келишим боюнча милдеттенмелеринин аякташына алып келет.

Күчүндө болуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишим андагы тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышынын аякташы аныкталган учурга чейин колдонулат.

4. Келишимдин колдонулушунун мөөнөтүнүн аякташы тараптарды ошол мөөнөт аяктаганга чейинки тартип бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.

 

386-статья. Ачык келишим

 

1. Коммерциялык уюм тарабынан түзүлгөн жана товар сатуу, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча ага ким кайрылса да өзүнүн ишинин мүнөзү боюнча ишке ашырууга тийиш болгон анын милдеттерин белгилөөчү (чекене соода, жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу, байланыш кызматы, энергия менен камсыз кылуу, медициналык, мейманкана, банк жагынан тейлөө ж.б.у.с.) келишим ачык келишим катары таанылат.

Коммерциялык уюм мыйзамда каралгандан башка учурларда ачык келишимдин түзүлүшүнө карата бир жакка экинчи жактын алдында артыкчылык берүүгө укуксуз.

2. Товардын, жумуштун жана кызматтын баасы, ошондой эле ачык келишимдин башка шарттары мыйзамдарда керектөөчүлөрдүн айрым катмарлары үчүн жеңилдик бергенден башка учурларда, керектөөчүлөрдүн бардыгына бирдей белгиленет.

3. Коммерциялык уюмдун мүмкүнчүлүгү болуп туруп керектөөчүгө тийиштүү товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) берүүдөн баш тартышына жол берилбейт.

Коммерциялык уюм ачык келишимден жүйөөсүз негизде баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган жоболор колдонулат.

4. Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ачык келишим түзүүдө тараптар үчүн милдеттүү эрежелерди (типтүү келишимдерди, жоболорду ж.у.с.) басып чыгара алат.

5. Ушул статьянын 2- жана 4-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген ачык келишим жокко эсе.

 

387-статья. Кошулуу келишими

 

1. Шарттары тараптардын бири аркылуу формулярларда же башка стандарттуу түрдө аныкталган жана сунуш кылынган келишимге башка тарап бүт бойдон кошулуусу менен гана кабыл алынуучу келишим кошулуу келишими катары таанылат.

2. Келишимге кошулган тарап, эгерде кошулуу келишими мыйзамдарга каршы келбесе да ал тарапты мындай келишимдерде адатта берилүүчү укуктардан ажыратса же бузулган милдеттенмелер үчүн экинчи тараптын жоопкерчилигин жокко чыгарып же чектеп койсо, болбосо кошулуучу тарап үчүн ачыктан-ачык кыйын шарттарды камтыса жана бул шарттарды ал тарап өзүнүн акыл-эстүү түшүнүлгөн таламдарынан келип чыкканда өзүндө келишимдин шарттарын аныктоого мүмкүнчүлүгү болуп туруп кабыл албай турган болсо, келишимди бузууну же өгөртүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган шарттар болсо, эгерде келишимге кошулуучу тарап келишимди кандай шарттарда түзөөрүн билсе, же билүүгө тийиш болсо, өзүнүн ишкердигин жүзөгө ашырууга байланыштуу кошулган тараптын келишимди бузуу жөнүндөгү талабы канааттандырылбайт.

 

388-статья. Алдын ала келишим

 

1. Алдын ала келишим боюнча тараптар алдын ала келишимде каралган шарттарда мүлктү өткөрүп берүү, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү жөнүндө келечекте келишим (негизги келишим) түзүүгө милдеттенишет.

2. Алдын ала келишим мыйзамдарда негизги келишим үчүн белгиленген түрдө, ал эми негизги келишимдин түрү белгиленбеген болсо, анда жазуу жүзүндө түзүлөт. Алдын ала келишимдин түрү тууралу эрежелерди сактабоо анын жараксыздыгына алып келет.

3. Алдын ала келишим негизги келишимдин предметин, ошондой эле башка олуттуу шарттарын аныктоого мүмкүндүк берген шарттарды камтууга тийиш.

4. Алдын ала келишимде тараптар негизги келишимди түзүүгө милдеттенген мөөнөт көрсөтүлөт. Эгерде алдын ала келишимде мындай мөөнөт аныкталбаса, анда белгиленген келишим алдын ала келишим түзүлгөн учурдан кийинки бир жылдын ичинде түзүлүүгө тийиш.

5. Алдын ала келишим түзгөн тарап негизги келишимди түзүүдөн баш тарткан учурда ушул Кодекстнн 406-статьясынын 4-пунктунда белгиленген жобо колдонулат.

6. Эгерде тараптар негизги келишимди түзүүгө тийиш болгон мөөнөт аяктаганга чейин ал түзүлбөсө же тараптардын бири экинчи тарапка бул келишимди түзүү сунушун жибербесе, алдын ала келишимде каралган шарттар токтотулат.

7. Ниеттер жөнүндө макулдашуу (ниеттер жөнүндө протокол ж.у.с.), эгерде анда ага алдын ала келишимдин күчүн берүүгө тараптардын түз эрки билдирилбесе, граждандык-укуктук натыйжага алып келбейт.

 

389-статья. Үчүнчү жактын пайдасына түзүлүүчү келишим

 

1. Тараптар карызкор милдеттенмесин кредиторго эмес, келишимде көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөн жана карызкордон, милдеттенмени өзүнүн пайдасына аткарууну талап кылууга укуктуу үчүнчү жакка аткарууга милдеттүү экендигин белгилеген келишим - үчүнчү жактын пайдасына түзүлгөн келишим катары таанылат.

2. Эгерде мыйзамдарда же келишимде башкача каралбаса, үчүнчү жак тарабынан келишим боюнча өзүнүн укугун пайдалануу ниети карызкорго билдирилген учурдан баштап, тараптар өзүлөрү түзгөн келишимди үчүнчү жактын макулдугусуз буза же өзгөртө албайт.

3. Карызкор келишимде үчүнчү жактын талабына каршы өзү кредиторго карата коюучу каршы пикирин билдирүүгө укуктуу.

4. Үчүнчү жак келишим боюнча ага берилген укуктан баш тарткан учурда кредитор, эгерде мунун өзү мыйзамдарга жана келишимге каршы келбесе, ал укуктан пайдалана алат.

 

390-статья. Баа

 

1. Келишимди аткарууда тараптардын эсептешүүсү тараптардын макулдашуусу менен белгиленген баада жүргүзүлөт.

Мыйзамда каралган учурларда буга укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленүүчү же жөнгө салынуучу баалар (тарифтер, баа ченөө, баалоо (ставкалар) ж.у.с.) колдонулат.

2. Келишим түзүлгөндөн кийин бааны өзгөртүүгө келишимде, мыйзамда каралган учурларда жана шарттарда же мыйзамда белгиленген тартипте жол берилет.

3. Акы төлөнүүчү келишимде баа каралбаган жана келишимдин шартына жараша аныкталбоочу учурларда келишим ал түзүлгөн учурда тараптардын эсептешүүсү салыштырмалуу кырдаалдарда ошондой эле товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөнгөн баа боюнча жүргүзүүгө тийиш.

 

391-статья. Келишимдин үлгү шарттары

 

1. Келишимде, анын айрым шарттарын тийиштүү түрдөгү жана басма сөздө жарыяланган келишимдер үчүн иштелип чыккан үлгү шарттар менен аныктоо каралышы мүмкүн.

2. Келишимде үлгү шарттарга таянуу болбогон учурларда, мындай үлгү шарттар тараптарга карата, эгерде ушул Кодекстин 4-статьясында жана 382-статьясынын 5-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, ишкердик жүгүртүү каадалары катары колдонулат.

3. Үлгү шарттар үлгү келишими же бул шарттарды камтыган башка документ түрүндө жазылышы мүмкүн.

 

392-статья. Келишимдин чечмелениши

 

Келишимдин шарттарын чечмелөөдө сот тарабынан анда камтылган сөздөрдүн жана туюнтмалардын түз мааниси көңүлгө алынат. Келишим шартынын түз мааниси бүдөмүк болгон учурда келишимдин башка шарттары жана жалпы маңызы менен салыштыруу аркылуу белгиленет.

Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүндө камтылган эрежелер келишимдин мазмунун аныктоого мүмкүндүк бербесе, келишимдин максатын эске алуу менен тараптардын накта жалпы эрки аныкталууга тийиш. Мында келишимдин алдындагы сүйлөшүүлөрдү, кат алышууну, тараптардын өз ара мамилесинде туруктуу болуп калган практиканы, ишкер жүгүртүү каадасын, тараптардын андан кийинки жүрүм-турумдарын кошкондогу тийиштүү бардык кырдаалдар көңүлгө алынат.

 

393-статья. Келишимди түзүү жөнүндөгү негизги жоболор

 

1. Эгерде тараптардын ортосунда тийиштүү учурлардагыдай формада келишимдин бардык олуттуу шарттары боюнча макулдашуу жетишилсе, келишим түзүлгөн болуп эсептелинет.

Келишимдин предмети жөнүндөгү шарттар, мыйзамдарда олуттуу катары аталган же ошол түрдөгү келишимдерге зарыл шарттар, ошондой эле тараптардын биринин арызы боюнча келишим жетишилүүгө тийиш бардык шарттар олуттуу болуп саналат.

2. Келишим бир тараптын келишим түзүү сунушун (офертаны) жибериши жана анын экинчи тараптын кабыл алышы (акцепти) аркылуу түзүлөт.

 

394-статья. Келишимдин түзүлгөн учуру

 

1. Келишим офертаны жиберген жактын анын акцептин алган учурунан баштап түзүлгөн болуп саналат.

2. Эгерде мыйзамга ылайык келишимди түзүү үчүн ошондой эле мүлктү өткөрүп берүү зарыл болсо, келишим тийиштүү мүлк өткөрүлүп берген учурдан баштап түзүлгөн катары эсептелинет (256-статья).

3. Нотариалдык күбөлөндүрүлүүчү же мамлекеттик катталуучу келишим нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же катталган учурдан, ал эми нотариалдык күбөлөндүрүү жана каттоо зарыл болсо - келишим катталган учурдан баштап түзүлгөн болуп саналат.

 

395-статья. Келишимдин формасы

 

1. Эгерде мыйзамда аталган формадагы келишимдер үчүн аныкталган түр белгиленбесе, келишим бүтүм жасоо үчүн каралган ар кандай формада түзүлө алат.

Эгерде тараптар келишимди аныкталган түрдө түзүүгө макулдашса, анда мыйзам тарабынан аталган формадагы келишимдер үчүн мындай форма талап кылынбаган болсо да ага шартталган форма берилген учурдан баштап түзүлгөн болуп саналат.

2. Жазуу түрүндөгү келишимди тараптар кол койгон бир документти түзүү аркылуу, ошондой эле кат алышуу, телеграмма, телетайпограмма, телефонограмма беришүү аркылуу, факсимилдик, электрондук же башка байланыштын жардамы менен, же документтин келишим тараптан алынгандыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка ыкма менен түзүүгө болот.

3. Эгерде келишимди түзүү боюнча жазуу формасындагы сунуш ушул Кодекстин 402-статьясында каралган тартипте кабыл алынган болсо, келишимдин жазуу түрү сакталган болуп саналат.

 

396-статья. Оферта

 

1. Сунуш кылган жактын бир же бир нече конкреттүү жакка жетишээрлик ачык жиберген, өзүн сунушту кабыл алуучу жак менен келишим түзгөн катары эсептөөгө ниеттенген сунушу оферта катары таанылат.

Оферта келишимдин олуттуу шарттарын камтууга тийиш.

2. Оферта аны жиберген жакты ал алынган учурдан баштап жиберилген жак менен байланыштырат.

Эгерде офертаны чакыртып алуу жөнүндө билдирүү офертанын өзүнөн мурда же аны менен бир учурда келип түшсө, оферта алынбаган катары эсептелинет.

 

397-статья. Офертанын кайра чакыртылбашы

 

Дареги боюнча алынган оферта, эгерде офертанын өзүндө башкача

шартталбаса, же сунуштан, же ал сунуш жасалган кырдаалдан башка келип чыкпаса, анын акцепти үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде кайра чакыртылып алынбайт.

 

398-статья. Оферта жасоого чакыруу. Ачык оферта

 

1. Аныкталбаган жактардын чөйрөсүнө багытталган реклама жана башка сунуштар, эгерде сунушта андан башка нерсе түздөн-түз көрсөтүлбөсө, оферта жасоого чакыруу катары каралат.

2. Сунуш кылган жактын кимиси жооп берсе да сунуш кылынган шарттарда аны менен келишим түзүүгө карата эрки көрүнүп турган, келишимдин бардык олуттуу шарттарын камтыган сунуш оферта (ачык оферта) катары таанылат.

 

399-статья. Акцепт

 

1. Оферта багытталган жактын аны кабыл алгандыгы тууралу жообу акцепт катары таанылат.

Акцепт толук жана шартсыз болууга тийиш.

2. Эгерде мыйзамдан, тараптардын иш жүгүртүү каадасынан же мурдагы ишкердик мамилелеринен башка келип чыкпаса, кабарлашпоо акцепт болуп саналбайт.

3. Эгерде мыйзамдарда башка каралбаса же офертада көрсөтүлбөсө, офертаны алган жак анын акцепти үчүн белгиленген мөөнөттө келишимдин анда көрсөтүлгөн шарттарын аткаруу боюнча аракеттерди жасашы (товарды жөнөтүү, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу, тийиштүү сумманы төлөп берүү ж.у.с.) акцепт катары эсептелинет.

 

400-статья. Акцептти кайра чакыртып алуу

 

Эгерде акцептти кайра чакыртып алуу жөнүндөгү билдирүү офертаны жиберген жакка акцепттен мурда же аны менен бир учурда келип түшсө, акцепт алынбаган болуп саналат.

 

401-статья. Акцепттин мөөнөтүн камтыган офертанын негизинде келишим түзүү

 

Оферта акцепттин мөөнөтүн камтып, ал эми акцепт офертаны жиберген жак тарабынан анда көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде алынган болсо, келишим түзүлгөн катары эсептелинет.

 

402-статья. Акцепттин мөөнөтүн камтыбаган офертанын негизинде келишим түзүү

 

1. Жазуу түрүндөгү оферта акцепттин мөөнөтүн камтыбай, ал эми акцепт офертаны жиберген жак тарабынан мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, - бул үчүн кадыресе зарыл мөөнөттүн ичинде алынган болсо, келишим түзүлгөн катары эсептелинет.

2. Оферта акцепттин мөөнөтүн көрсөтпөстөн оозеки түрдө жасалса, ал эми экинчи тарап анын акцепт болгондугу жөнүндө дароо билдирсе, келишим түзүлгөн болуп саналат.

 

403-статья. Кечигип алынган акцепт

 

1. Акцепт тууралу өз убагында жиберилген билдирүү кечигип алынган учурда, эгерде офертаны жиберген тарап башка тарапты акцепттин кечигип алынгандыгы жөнүндө дароо билдирбесе, акцепт кечикпеген болуп саналат.

2. Эгерде офертаны жиберген тарап башка тарапка кечигип алынган анын акцепти кабыл алынгандыгы тууралу дароо билдирсе, келишим түзүлгөн болуп эселтелинет.

 

404-статья. Башка шарттардагы акцепт

 

Офертада сунуш кылынгандан башка шарттарда келишим түзүүгө макулдук жөнүндөгү жооп акцепт болуп саналбайт.

Мындай жооп офертадан баш тартуу жана ошол эле учурда жаңы оферта катары таанылат.

 

405-статья. Келишим түзүлүүчү жер

 

Эгерде келишимде ал түзүлүүчү жер көрсөтүлбөсө, анда келишим офертаны жиберген граждандын жашаган жеринде же юридикалык жактын турган жеринде түзүлгөн болуп таанылат.

 

406-статья. Милдеттүү тартипте келишим түзүү

 

1. Ушул Кодекске ылайык же башка мыйзам тарабынан бир тарап үчүн келишим түзүү милдеттүү болгон учурларда бул тарап башка тарапка акцепт жөнүндө, же акцепттен же офертанын акцептинен (келишимдин долбоорунан) башка шарттарда (келишимдин долбооруна карата пикир келишпестик протоколу) баш тарткандыгы жөнүндө, эгерде мыйзамдарда башка мөөнөт белгиленбесе же мөөнөт тараптар менен макулдашылбаса, оферта алынган күндөн баштап отуз күндүн ичинде билдирүү жиберүүгө тийиш.

2. Офертаны жиберген жана келишимди түзүүгө милдеттүү тараптан анын акцептин башка шарттарда (келишимдин долбооруна карата пикир келишпестик протоколу) алгандыгы жөнүндө билдирүүнү алган тарап, эгерде мыйзамдарда келишимдердин айрым түрлөрү үчүн башкача мөөнөт белгиленбесе, келишим түзүлгөн учурда келип чыккан пикир келишпестиктерди мындай билдирүү алынган күндөн же акцепт үчүн мөөнөт өткөндөн кийинки отуз күндүн ичинде соттун кароосуна өткөрүп берүүгө укуктуу.

3. Эгерде келишимди түзүүгө милдеттүү тарап жиберген келишим долбооруна отуз күндүк мөөнөттө келишим долбооруна карата пикир келишпестик протоколу алынса, бул тарап пикир келишпестик протоколун алгандан кийинки отуз күндүн ичинде башка тарапка анын редакциясын келишимди кабыл алары же пикир келишпестик протоколун четке кагары жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Пикир келишпестиктердин протоколу четке кагылганда, же көрсөтүлгөн мөөнөттө анын каралышынын натыйжасы тууралу билдирүү алынбаган болсо, пикир келишпестиктердин протоколун жиберген тарап келишим түзүүдө келип чыккан пикир келишпестиктердин протоколун, эгерде келишимдин айрым түрлөрү жөнүндөгү мыйзамдарда башка каралбаса, соттун кароосуна өткөрүп берүүгө укуктуу.

4. Ушул Кодекске же башка мыйзамдарга ылайык келишим түзүүгө милдеттүү тарап аны түзүүдөн баш тартса, башка тарап аны келишим түзүүгө мажбурлоо тууралу сотко кайрылууга укуктуу.

Келишимди түзүүдөн негизсиз баш тарткан тарап келишимди түзүүдөн баш тарткандан келип чыккан чыгымдын ордун толтурууга тийиш.

 

407-статья. Келишим алдындагы талаштар

 

Ушул Кодекстин 406-статьясынын 2- жана 3-пункттарында каралган учурларда, ошондой эле эгерде келишимди түзүүдө келип чыккан пикир келишпестиктер тараптардын макулдугу боюнча соттун кароосуна өткөрүп берилген болсо, келишим боюнча тараптардын пикири келишпеген шарттары соттун чечимине ылайык аныкталат.

 

408-статья. Соодадагы келишимдин түзүлүшү

 

1. Эгерде маңызынан башка нерсе келип чыкпаса, келишим соодалашуу аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Мында келишимди соодалашууда жеңип чыккан тарап түзөт.

2. Соодалашууну уюштуруучу катары буюмдун менчик ээси же менчик укугунун ээси, же адистешкен уюм чыга алат. Адистешкен уюм буюмдун ээси же мүлк укугунун ээси менен келишимдин негизинде аракеттенет жана алардын же өзүнүн атынан чыгат.

3. Ушул Кодексте же башка мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда буюмду же мүлк укугун сатуу жөнүндөгү келишимдер соода өткөрүү аркылуу гана түзүлүшү мүмкүн.

4. Соода аукцион же конкурс түрүндө жүргүзүлөт.

Айрыкча жогорку бааны сунуш кылган жак аукциондогу сооданы жеңип чыккан катары, ал эми конкурста болсо - конкурстук комиссияны уюштуруучу тарабынан мурдатан жасалган тыянакка ылайык мыкты шарттарды сунуш кылган жак жеңип чыккан катары таанылат.

Сооданын түрү, эгерде мыйзамда башка каралбаган болсо, сатылуучу буюмдун менчик ээси же сатылуучу мүлк укугунун ээси тарабынан аныкталат.

5. Бир гана катышуучу катышкан аукцион жана конкурс өткөрүлбөгөн катары таанылат.

6. Ушул Кодекстин 408-410-статьяларында каралган эрежелер, эгерде граждандык иштер мыйзамдарында башка каралбаса, сот чечимдерин аткаруу тартибинде өткөрүлүүчү ачык соодага карата колдонулат.

7. Банкроттук процессинде жүргүзүлүүчү келишим түзүү, соодаларды уюштуруу жана өткөрүү өзгөчөлүктөрү банкроттук жөнүндөгү мыйзамдар менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

409-статья. Сооданы уюштуруу жана өткөрүү тартиби

 

1. Аукциондор жана конкурстар ачык жана жабык өткөрүлүшү мүмкүн.

Ачык аукциондо жана ачык конкурста каалаган ар бир жак катыша алат. Жабык аукциондо жана жабык конкурста бул максатта атайын чакырылган жактар гана катышат.

2. Эгерде мыйзамда башка каралбаса, соода жүргүзүү жөнүндөгү билдирүү уюштуруучу тарабынан ал өткөрүлгөнгө чейин отуз күндөн кечиктирбей жасалууга тийиш. Билдирүүдө ар кандай учурда сооданын убагы, орду жана түрү, анын заты жана өткөрүү тартиби жөнүндө, мунун ичинде соодага катышууга даярдык, соодада жеңип чыккан жактын аныкталышы жөнүндө, ошондой эле алгачкы баа тууралу маалымат камтылууга тийиш.

Эгерде келишим түзүү укугу сооданын предмети болуп саналса, алдыда болуучу соода жөнүндөгү билдирүүдө бул үчүн берилүүчү мөөнөт көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Эгерде мыйзамда же соода жүргүзүү жөнүндөгү билдирүүдө башка каралбаса, аны өткөрүү тууралу билдирген ачык соода уюштуруучу соода өткөрүү башталгандан үч күн мурда кечиктирбестен аукциондон каалаган убакытта, ал эми конкурс уюштуруучу - конкурс өткөрүлгөнгө чейин отуз күндөн кечиктирбестен конкурстан баш тартууга укуктуу.

Ачык соода уюштуруучу аны өткөрүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен баш тартса, ал катышуучуларга алар тарткан анык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Жабык аукционду же жабык конкурсту уюштуруучу өзү чакырган катышуучуларга билдирүү жиберилгенден кийинки кандай мөөнөттө соодадан баш тартылгандыгына карабастан, алар тарткан анык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

4. Соодага катышуучулар насыяны соода өткөрүү жөнүндөгү билдирүүдө көрсөтүлгөн өлчөмдө, мөөнөттө жана тартипте киргизет. Эгерде соода өткөрүлбөй калса, насыя кайтарылып берилет. Насыя, ошондой эле соодага катышып, бирок, анда жеңип чыкпаган жактарга да кайтарылып берилет.

Соодада жеңип чыккан жак менен келишим түзүлгөндө ал насыя катары киргизген сумма түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына эсептелинет.

5. Соодада жеңип чыккан жак жана сооданы уюштуруучу (334-статьянын 2-пункту) аукцион же конкурс өткөрүлгөн күнү сооданын жыйынтыгы тууралу протоколго кол коюшат жана бул протокол келишимдин күчүнө ээ болот. Эгерде соодада жеңип чыккан жак келишимге кол коюудан баш тартса, өзү киргизген насыядан ажырайт. Протоколго кол коюудан баш тарткан соода уюштуруучу насыяны эки эселенген өлчөмдө кайтарып берүүгө, ошондой эле соодада жеңип чыккан жактын соодага катышууда тарткан чыгымын насыянын суммасынан ашкан бөлүктө ордун толтурууга милдеттүү.

Эгерде сооданын шарттары боюнча келишим түзүү укугу гана ойнолсо, тараптар соода аяктагандан жана протокол даярдалгандан кийин жыйырма күндөн же билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттөн кечиктирбей мындай келишимге кол коюуга тийиш. Тараптардын бири келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, башка тарап келишимди түзүүгө мажбурлоо, ошондой эле тарткан зыяндын ордун толтуруу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.

 

410-статья. Соода өткөрүү тартибин бузуунун натыйжасы

 

1. Мыйзамда белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлгөн соода таламдаш жактын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз катары таанылышы мүмкүн.

2. Сооданын жараксыз катары таанылышы сооданы жеңип чыккан жак түзгөн келишимдин жараксыздыгына алып келет.

 

411-статья. Келишимдин өзгөртүлүшүнө жана бузулушуна негиздер

 

1. Келишим, эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же келишимде башка каралбаса, тараптардын макулдашуусу менен өзгөртүлүшү жана бузулушу мүмкүн.

2. Тараптардын биринин талабы боюнча келишим соттун чечимине ылайык төмөнкүдөй учурларда гана өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн:

1) келишимди башка тарап олуттуу бузганда;

2) ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же келишимде каралган башка учурларда.

Эгерде бир тарап экинчи тарапты келишим түзүлгөндө үмүттөнүүгө укуктуу нерседен кыйла даражада ажыраткан зыянга кириптер кылса, келишим олуттуу түрдө бузулган катары таанылат.

3. Келишимди толук же бир бөлүгүн аткаруудан бир тараптуу баш тартылганда, эгерде мындай баш тартууга мыйзамда же тараптардын келишиминде жол берилсе, анда келишим ирети боюнча бузулган же өзгөртүлгөн катары эсептелинет.

 

412-статья. Кырдаал олуттуу өзгөргөндүгүнө байланыштуу келишимди өзгөртүү жана бузуу

 

1. Эгерде келишимде башкасы каралбаса же анын маңызынан келип чыкпаса, келишим түзүүдө тараптар таянган кырдаалдардын олуттуу өзгөрүшү аны өзгөртүү же бузуу үчүн негиз болуп саналат.

Кырдаал келишимди алар дегеле түзө тургандыгын же жоктугун же кыйла айырмалуу шартта түзүлмөктүгүн тараптар акыл-эстүүлүк менен биле алгыдай өзгөрсө, кырдаалдын өзгөрүшү олуттуу деп эсептелет.

2. Эгерде тараптар келишимди олуттуу өзгөрүлгөн кырдаалга ылайык келтирүү жөнүндө же аны бузуу жөнүндө макулдаша албаса, келишим бузулушу, ал эми бул статьянын 4-пунктунда каралган негиздер боюнча - бир эле учурда төмөндөгү шарттар болгондо таламдаш тараптардын талабы боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн:

1) кырдаалдын өзгөрүшү таламдаш тарап мындай кырдаал келип чыккандан кийин келишимдин мүнөзү жана жүгүртүүнүн шарттары боюнча андан талап кылынган ак ниеттүүлүктүн жана сактыктын даражасында четтете албаган себептерден келип чыкса;

2) келишимдин шарттарын өзгөртпөстөн аны аткаруу келишимге тиешелүү тараптардын мүлктүк таламдарынын катышын ушунчалык бузуп жана таламдаш тарап үчүн ал келишим түзгөндө үмүттөнүүгө укуктуу болгондордон кыйла даражада ажырап калгыдай зыян келтирсе;

3) ишкер жүгүртүүнүн салтынан же келишимдин маңызынан кырдаалдын өзгөрүшүнүн тобокелин таламдаш тарап көтөрө тургандыгы келип чыкпаса.

3. Олуттуу өзгөргөн кырдаалдан улам келишим бузулганда сот ар бир тараптын талабы боюнча келишимди бузуунун натыйжаларын аныктайт, мында ал бул келишимди аткарууга байланыштуу алар тарткан чыгымдарды алардын ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү зарылчылыгына таянат.

4. Кырдаал олуттуу өзгөргөндүгүнө байланыштуу келишимди өзгөртүүгө соттун чечими боюнча айрым гана учурларда, келишимди бузуу коомдук таламдарга карама-каршы келгенде же тараптар үчүн сот өзгөрткөн шарттарда келишимди аткарууга зарыл болгон чыгымдардан кыйла ашкан зыян келтирсе, жол берилет.

 

413-статья. Келишимди өзгөртүүнүн жана бузуунун тартиби

 

1. Келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндөгү макулдашуу, эгерде мыйзамдардан, келишимден же иш жүгүртүү каадаларынан башкача келип чыкпаса, келишимдин ошол эле формасында жасалат.

2. Келишимди өзгөртүү же бузуу талабын бир тарап башка тараптан келишимди өзгөртүү же бузуу сунушуна карата баш тартуу алынгандан, же сунушта көрсөтүлгөн же мыйзамда, же келишимде белгиленген мөөнөттө жооп алынбагандан кийин гана, ал эми жооп болбосо - отуз күндүк мөөнөттө сотко билдире алат.

 

414-статья. Келишимдин бузулушунун жана өзгөртүлүшүнүн натыйжасы

 

1. Келишим бузулганда тараптардын милдеттенмелери токтотулат.

2. Келишим өзгөртүлгөндө тараптардын милдеттенмелери өзгөртүлгөн түрдө колдонула берет.

3. Эгерде тараптардын макулдашуусунан же келишимди өзгөртүүнүн мүнөзүнөн башка келип чыкпаса, келишим бузулганда же өзгөртүлгөндө тараптар келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндө макулдашууга жетишкен учурдан, ал эми келишим сот аркылуу бузулганда же өзгөртүлгөндө - соттун келишимди бузуу же өзгөртүү тууралу чечими мыйзамдуу күчкө ээ болгон учурдан баштап милдеттенме токтотулган же өзгөртүлгөн болуп эсептелинет.

4. Эгерде мыйзамда же тараптардын макулдашуусунда башка каралбаса, тараптар келишим бузулганга же өзгөртүлгөнгө чейин милдеттенме боюнча аткарылган нерсени кайтарып берүүнү талап кылууга укуксуз.

5. Эгерде келишимди бузууга же өзгөртүүгө тараптардын биринин келишимди олуттуу бузушу негиз болсо, башка тарап келишимдин бузулушунан же өзгөртүлүшүнөн улам тартылган чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев