ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 19
Калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларынын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кенешинин ( VI шайланган) кезектүү VI - сессиясынын күн тартибиндеги калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларын ремонтуна акча каражатын бөлүп берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты № 33 Ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81,
2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн Иүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14- статьясынын негизинде, калктын таза суу менен камсыз болушу боюнча Прогресс айылына суу колонкаларын ремонтуна 5000 (беш миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М. Акназаров |