Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\5ff6d7ce-8cc1-4110-adb7-c5bc1616cb63\document.files\image001.jpg

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

кезексиз төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 27-октябры № 4/8

 

“Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө”

 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 16 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” главасынын № 78 “Жергиликтүү кеңештеринин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2,3,4-бөлүкчөлөрүнө жана № 79 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2.3- бөлүкчөлөрүнө ылайык, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы Турдубай уулу Тилектин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгү 17.496.028 (он жети миллион төрт жүз токсон алты миң жыйырма сегиз) сомго, чыгаша бөлүгү 9.343.806 (тогуз миллион үч жүз кырк үч миң сегиз жүз алты) сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

2.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укукутук негизги-принциптери жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Бюджет жөнүндөгү кодексин, Кыргыз Республикасынын Сатып алуулар мыйзамын жетекчиликке алып, акча каражаттары эффективдүү, багыттуу иштетилиши жөнүндө маалымат документтерди камсыздоо, муниципалдык менчиктин рээстрин түзүү, муниципалдык менчиктин классификациясын түзүү, муниципиалдык жерлерди, имараттарды ижарага берүүнү камсыздоо, акча каражатын иштеткен аткаруучулардын документтерин талапка ылайыкташтыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө -жагы депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов