ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
|
|
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кыргыз
Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу
эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2020-жылдын 17-августундагы № 423, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарын ишке ашыруу, жарандардын өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруусу, алардын башка жарандардын, мамлекеттин жана коомдун алдындагы милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жашаган жери болуп Кыргыз Республикасынын жараны туруктуу жашаган жер эсептелет.
Барган жери болуп жаран убактылуу жашаган жер эсептелет.
Даректик - маалымдама бюросу" автоматташтырылган маалыматтык системасы - жарандарды жашаган жана барган жери боюнча каттоону эсепке алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган, каттоону эсепке алуу органы тарабынан түзүлүүчү жана пайдаланылуучу программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2020-жылдын 17-августундагы № 423 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жашаган жери боюнча каттоого Кыргыз Республикасынын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар тийиштүү.
3. Барган жери боюнча каттоого туруктуу жашаган жеринен башка жерге жашаган жери боюнча каттоодогу эсептен чыкпастан 45 календарлык күндөн ашык мөөнөткө убактылуу кеткен жарандар тийиштүү.
4Каттоо эсебин жүргүзүү үчүн жарандын ким экендигин ырастоочу зарыл документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- паспорт (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) - 16 жашка чыга элек жарандар үчүн;
- аскердик билет - чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөгөн жарандар жана аскерге милдеттүүлөр үчүн;
- аскердик бөлүк же аскердик мекеме тарабынан берилген маалымкат - аскер кызматчылары үчүн;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- эркинен ажыратылган жерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкат - эркинен ажыратылган жерден бошотулган жарандар үчүн;
- убактылуу жана туруктуу жашоочу жерине укук - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, алар Кыргыз Республикасынын аймагына келген мезгилде.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жарандарды жашаган жана барган жери боюнча каттоого жооптуу болуп калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлери эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Жарандарды каттоо үчүн зарыл болгон арыздардын жана башка документтердин формалары калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Статистикалык эсепке алуу формасы, каттоону эсепке алуу органы менен статистикалык эсепке алуу органынын ортосундагы документтердин жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин макулдугу боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Эсепке алуунун жана Калкты мамлекеттик каттоонун маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү, сактоо, пайдалануу үчүн маалыматтарды берүү боюнча документтердин формасы, ошондой эле аларды каттоо эсебине алуучу органдардын ортосунда жүгүртүүнүн тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жарандарды каттоону жүргүзүүдө жана каттоодогу эсептен чыгарууда төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
- жарандарды каттоону жана каттоодогу эсептен чыгарууну тариздөө;
- даректик-маалыматтык иштерди жүргүзүү;
- аткаруу бийлиги органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле аскер комиссариаттары менен өз ара байланышта болуу;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- соттуулугу бар адамдарды каттоодо аларды эсепке алуу;
- жарандарды каттоону эсепке алууга тиешелүү кабыл алынган мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актылар жөнүндө калкка маалымдоо;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик жана коммуналдык органдардын тиешелүү суроо-талаптары боюнча жарандарды каттоо жөнүндө маалыматтарды берүү;
- каттоо объектиси болуучу жарандар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине жиберүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Мамлекеттик коопсуздук жана коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын айрым жерлеринде эркин жүрүүнү, жашаган жерин жана баруучу жерин тандоону чектөө белгилениши мүмкүн.
Жашаган жерин тандоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чектөөлөр белгиленген жерлерде ушул чектөөлөргө карабастан туруктуу жашоочу жерине келген жарандар, ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жашоого укук берилген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар катталат, алар:
- жубайы - жубайынын турак аянтына;
- жашы жетпеген балдар жана көзөмөлдө тургандар - ата-энесинин жана көзөмөлчүнүн турак аянтына;
- өз үй-бүлөсү жок же жашы жетпеген балдары бар, бирок никеде турбаган жашы жеткен балдар - ата-энесинин турак аянтына;
- ата-энелери - балдарынын турак аянтына;
- бир тууган ага-инилери жана эже-сиңдилери, эгерде алардын өз үй-бүлөсү болбосо - ага-инисинин же эже-сиңдисинин турак аянтына;
- мурда ушул калктуу конушта жашап, эмгек контракты боюнча иштегенге башка жерге убактылуу кеткен адамдар, ошондой эле колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык убактылуу кеткенде турак жайды пайдалануу укугу сакталган жарандар - мурдагы жашаган жерине же туутандарына;
- эркинен ажыратылган жерден бошотулган адамдар-мурдагы жашаган жериндеги алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарына же алар соттолгонго чейин жашаган адамдарга;
- мөөнөттүү кызматы аяктаганы боюнча Куралдуу Күчтөрдүн катарынан бошотулган аскер кызматчылары - мурдагы жашаган жерине, же болбосо ата-энелерине же туугандарына;
- турак жайы жок, мөөнөтүнөн ашык кызматтан запаска бошотулган же отставкага чыгарылган аскер кызматчылары, Куралдуу Күчтөрдүн прапорщиктери, мичмандары, офицерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү - жакын туугандарынын турак аянтына.
Аталган чектөөлөр убактылуу жашоо үчүн келген адамдардын төмөнкүдөй категорияларына жайылтылбайт:
- жогорку же атайын орто окуу жайларына белгиленген тартипте киргизилген окуу жайлардын студенттери (угуучулары), ошондой эле аспиранттар, ординаторлор, квалификацияны жогорулатуу боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча курстардын угуучулары - окуу мезгилине;
- белгиленген тартипте жогорку окуу жайларына киргизилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын аскердик академияларынын жана окуу жайларынын аспиранттарынын, ординаторлорунун жана угуучуларынын үй-бүлө мүчөлөрү - аталган окуу жайларда окуу мезгилине;
- мыйзамда белгиленген тартипте качкын деп таанылгандар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана барган жери боюнча жарандарды каттоо жана каттоодон чыгаруу эрежеси
9. Ар бир жаран "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинде жашаган жана барган жери боюнча катталууга милдеттүү.
Жашаган жерин өзгөрткөн жаран жаңы жашоочу жерине келген күндөн тартып 10 жумушчу күндөн Кечиктирбестен белгиленген форма боюнча арыз менен каттоону эсепке алуу органына кайрылууга милдеттүү. Бул учурда төмөнкүлөр берилет:
- паспорт же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- жаранды турак жайга жайгаштыруу үчүн негиз болуп эсептелүүчү документ (ордер, келишим, турак жайды берген адамдын арызы же башка документ) же анын тиешелүү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- каттоо эсебинен алдын ала чыккан учурда белгиленген форма боюнча чыгуунун даректүү баракчасы;
- аскерге милдеттүүлөр (чакырылуучулар) үчүн - мурдагы жашаган жери боюнча аскердик эсептен чыккандыгы жана жаңы жашаган жерине аскердик эеепке тургандыгы жөнүндө белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).
Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, жабык аскердик шаарчаларда, ошондой эле калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү бар чек ара зонасында же жабык администрациялык-аймактык түзүлүштөрдө жарандардын каттоосун тариздөө үчүн документтерди кабыл алган, каттоо үчүн жооптуу кызмат адамдары алар жөнүндө маалыматтарды үй ээсинде сакталуучу үй-квартира китепчесине, ошондой эле каттоо карточкасына жана квартиралык карточкага жазат, белгиленген форма боюнча каттоонун даректик баракчаларын, статистикалык эсепке алуу талондорун, шайлоочуларды эсепке алуу талондорун түзөт жана алардын жашаган жери боюнча жарандарды каттоону тариздейт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Калган калктуу конуштарда каттоону эсепке алуу менен каттоо үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары иш жүргүзөт.
Каттоо үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жума сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга катталган жарандардын саны жөнүндө маалыматтарды жиберип турушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
91. Жарандын арызын кабыл алууда каттоону эсепке алуу органынын кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- каттоону эсепке алуу органы тарабынан аныкталуучу тартипте беттин графикалык сүрөтүнүн негизинде ишке ашырылуучу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары - КБМР) камтылган жеке маалыматтардын негизинде жаранды идентификациялоо, анын ичинен анын аты-жөнүнүн шайкеш келишин текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРде биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү;
- КБМРде маалыматтар болбогондо "Даректик-маалымдама бюросу" автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизүү үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө. Документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.
Биометрикалык маалыматтардын базасында колдордун манжаларынын папиллярдык чиймелеринин графикалык түзүлүшү жөнүндө маалымат жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды чогултуу жүргүзүлөт.
Эгер арыз ээсинин жана/же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин атынан ишенимдүү адам (ишеним кат боюнча) арыз берсе, ишенимдүү адамды (адамдарды) идентификациялоо бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук болгондо, арыз ээсин жана/же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсин идентификациялоо талап кылынбайт.
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар жарандардын жашаган жери боюнча каттоосу өзгөргөн учурда, аталган паспорттордун чибинде камтылган маалыматтарга бир эле убакта өзгөртүүлөр киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 423, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын жарандары жараксыз паспорттор менен жаңы жашоочу жерге келген учурда каттоону эсепке алуу органдары мындай адамдарды ким экендигинин аныкталгандыгы боюнча каттайт.
Мында жараксыз паспорттор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алмаштырылууга тийиш. Жараксыз паспорттор жок кылуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан коштоочу кат менен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет. Каттоону эсепке алуу органдары жарандарга жараксыз паспортун белгиленген тартипте алмаштырууну сунуш кылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Паспортун алмаштырган же жоголгондун ордуна берилген паспорт, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүк боюнча катталган, биринчи жолу паспорт алган жарандарды каттоо датасы алгачкы каттоого ылайык көрсөтүлөт.
12. Каттоону эсепке алуу органы жаранды жаңы жашаган жери боюнча ал каттоо үчүн документти берген күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбей каттоого милдеттүү.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бул учурда жарандын ким экендигин ырастоочу документке каттоо эсебинен чыгаруу жөнүндө белги каттоо штампы менен бир мезгилде коюлат жана "арызы боюнча чыгарылды" деп жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын аймагында бир нече турак жайга менчик укугу бар жаран алардын бирине гана жашаган жери боюнча катталат.
131. Эгер каттоо учурунда турак жайда жакын туугандарынан тышкары, 10 жана андан ашык жаран катталганы аныкталса, каттоону эсепке алуу органы ушул Жобонун 2-главасында белгиленген тартипте каттоо жүргүзөт, мында бир иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ички иштер органынын тийиштүү райондук бөлүмүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясынын тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна маалымат үчүн билдирүү (кагаз же электрондук түрдө) жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Туруктуу жашаган жери жок жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органында катталышат. Туруктуу жашаган жери жок жарандарды каттоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын юридикалык дареги боюнча, адамдын ким экенин билдирүүчү документтин негизинде ишке ашырылат.
Каттоонун жыйынтыгында туруктуу жашаган жери жок жарандарга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу максатында калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө тапшырыш үчүн маалымкат берилет.
Туруктуу жашаган жери жок жаранда анын ким экенин билдирүүчү документи жок болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туруктуу жашаган жери жок жарандын айтуусу боюнча (фамилиясы, аты, атасынын аты жөнүндө) маалымат алышып, жарандын ким экенин аныктоо жана маалымкат берүү үчүн керектүү маалымат алуу максатында калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө, ички иштер органдарына, аскердик комиссариаттарга суроо-талап жиберишет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алышын камсыздоо максатында каттоо жана маалымкат берүү үчүн туруктуу жашаган жери жок жарандын ким экенин билдирүүчү документтерин алынган маалыматтардын негизинде калыбына келтирет.
Туруктуу жашаган жери жок жарандардын ким экенин билдирүүчү документтерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле каттоого жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Жашаган жери боюнча каттоо эсебинен жаранды чыгаруу "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына ылайык каттоону эсепке алуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
151. Турак жайга болгон менчик укугунун башка адамга өтүшү эгер макулдашууда башкача каралбаса, мурдагы менчик ээси менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана башка адамдардын турак жайды пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
152. Ушул Жобонун 151-пунктунда аталган, турак жайдын мурдагы менчик ээси менен чогуу жашаган адамдарды каттоодогу эсептен чыгаруу турак жайга менчик укугун ырастаган документтерди берүү менен турак жайдын менчик ээсинин арызынын негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Аскер кызматчыларын (мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн солдаттарды, сержанттарды жана старшиналарды кошпогондо) жашаган жери боюнча каттоо аскер бөлүгүнүн командачылыгы берген өздүк күбөлүгүн көрсөтүү менен же болбосо паспорту боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген маалымкаттар боюнча жүргүзүлөт.
Бул учурда катгоо үчүн жооптуу тарабынан каттоо карточкасынын жана үй-квартира китепчесинин "аскердик кызматка тиешеси" графасына "аскер кызматчысы" деген белги коюлат.
Аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү турак жай алганга чейин аскер бөлүгү жайгашкан жер боюнча катталышы мүмкүн.
Чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөгөндөн кийин запаска бошотулган жарандарды жашаган жери боюнча каттоо ушул Жободо каралган тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын запастагы офицерлеринин катарындагы аскерге милдеттүүлөрдүн каттоого турушу жана чыгышы алардын аскердик-каттоо документтеринде тийиштүү улуттук коопсуздук органдарынын өзгөчө каттоого алуу же андан чыгаруу жөнүндө белгилери болгондо ишке ашырылат.
Алар жашаган жерин өздөрү каттоодо турган улуттук коопсуздук органдары тейлеген чектерде өзгөрткөн учурда каттоого коюу жашаган жери боюнча эсебине өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу улуттук коопсуздук органдарынын маалымкаты тапшырылганда ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарында кызматта турган жана ушул органдардын эсебинде турган жарандардын каттоосун тариздөө ошол эсепте турганы жөнүндө тийиштүү маалымкатты тапшырганда каттоо карточкаларына жана үй-квартира китептерине "аскердик кызматка мамилеси" деген графасында "ички иштер органдарынын эсебинде" же "улуттук коопсуздук органдарынын эсебинде" деген белгилерди коюу менен ишке ашырылат.
Бул учурларда аскер комиссариаттарына каттоо карточкаларын же үй-квартира китепчесин берүү талап кылынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Соттуулугу бар адамдар эркинен ажыратылган жерден бошотулгандыгы жөнүндө маалымкатты берүү менен ички иштер органдарынын паспорттук-визалык подразделениелеринде эсепке алынат.
Соттуулугу бар адамдарды каттоо жана каттоодон чыгаруу ички иштер органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.
20. Эркинен ажыратууга соттолгон жарандарды, эгерде алар кайтарууда болсо, жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришинин негизинде жүргүзүлөт.
21. Турак жай массивдеринде (жаңы конуштарда) иш жүзүндө жашаган үй куруучу жарандарды алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен каттоо алардын техникалык абалына карабастан төмөнкү документтери болгондо жүргүзүлөт:
- жарандын ким экендигин ырастоочу документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- жеке турак үй курууга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын чечими;
- турак жай массивинин жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын төрагасынын көчөнү жана үйдүн номерин көрсөтүү менен жашаган жерин ырастоочу маалымкаты;
- аскерге милдеттүүлөр үчүн - жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алуу жөнүндө аскер комиссариатынын белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакциясына ылайык)
22. Студенттерди жана окуучуларды каттоо аларды окуу жайына кабыл алгандан кийин билим берүү мекемелеринин жатаканаларына бир жыл мөөнөткө андан ары каттоону ошол эле мөөнөткө узартуу менен жүргүзүлөт. Бул учурда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- паспорт же мурдагы жашаган жери боюнча каттоону эсепке алуудан чыгаруу менен жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- тиешелүү окуу жайынын өтүнүч каты;
- кабыл алуу номерин жана датасын көрсөтүү менен окуу жайынын маалымкаты;
- аскерге милдеттүүлөр үчүн - жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алуу жөнүндө аскер комиссариатынын белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).
Турак жай берген адамдардыкына студенттерди жана окуучуларды каттоо ушул Жобого ылайык жалпы негизде жүргүзүлөт.
Билим берүү мекемелеринин жатаканаларына жалдоочу катары окуу жайынын кызматкерлерин жана жашоочуларды каттоо төмөнкү документтердин негизинде ошол эле бир жыл мөөнөткө жүргүзүлөт:
- паспортунун же мурдагы жашаган жери боюнча каттоону эсепке алуудан чыгаруу менен жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу башка документ (анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта);
- тиешелүү окуу жайынын өтүнүч катынын;
- ишке кабыл алуу номерин жана датасын көрсөтүү менен окуу жайынын маалымкатынын (кызматкерлерге);
- жашоого жалдоо келишиминин;
- аскерге милдеттүүлөр үчүн - жаңы жашаган жери боюнча аскердик эсепке алуу жөнүндө аскер комиссариатынын белгиси бар аскердик билети (аскердик каттоого коюлганы жөнүндө күбөлүк).
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-декабрындагы № 936, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Эмгек контракты боюнча жумуш аткаруу максатында башка жерге келген жаран алар көрсөткөн дарекке жана мөөнөткө ылайык жумушчу менен эмгек контрактын түзгөн мамлекеттик органдын же башка уюмдун заявкасы боюнча катталат.
Аларды каттоо алар катталган мөөнөт бүткөндө аяктады деп эсептелет.
Бул эрежелер жатаканаларда жашоочу орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине жана окуучуларына, ошондой эле окуу жайларынын кызматкерлерине жана жатаканаларда жашаган тургундарга жайылтылат.
24. 16 жашка толо элек балдар ата-энесинин биринин, камкорчунун, көзөмөлчүнүн же ишенимдүү адамдын арызы боюнча, ушул Жободо каралган тартипте жашаган жери жана барган жери боюнча катталат жана каттоодогу эсептен чыгарылат.
Эгерде ата-энеси турак жайдын ээси болуп саналбаса, балдарды каттоо үчүн турак жайдын ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же болбосо алардын жеке өздөрү берген арызы талап кылынат.
Менчигинин түрүнө карабастан, балдар мекемелеринде (ымыркай балдардын үйү, балдар үйлөрү, мектеп-интернаттар, атайын мектептер жана башка ушул сыяктуу мекемелер) турган балдар, эгерде алар ата-энесинде же башка жарандарда катталбаса, администрациялардын өтүнүчүнө ылайык бул мекемелердин юридикалык дареги боюнча ушул мекемелерде турган мөөнөткө катталышат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Өлгөндөрдү же соттун чечими менен өлдү деп жарыялангандарды каттоо эсебинен чыгаруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө ЖААК органдарынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келген баяндамалардын жана өлгөндөрдүн же өлдү деп жарыялангандардын паспортторунун негизинде ишке ашырылат. Мында баяндамалар жана паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө айына бир жолудан кем эмес жиберилип турат, андан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жок кылынат.
Каза болгондорду же соттун же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен каза болду деп жарыялангандарды каттоодон чыгаруу жарандык абалдын тиешелүү актыларына өлгөндүгү жөнүндө каттоо менен бир мезгилде жүргүзүлөт.
Өлгөндүгүн каттоодо паспорттор тапшырылбаган жана аларды алууга мүмкүн болбогон учурларда каттоо эсебинен чыгаруу ЗАГСтын тизмесинин негизинде жүргүзүлөт.
Каза болгондорду же каза болду деп жарыялангандарды каттоодон чыгаруу жөнүндө кызыгдар жеке же юридикалык жактар билдиришсе, каза болгондорду катгоодон чыгаруу ушул адамдардын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26. Барган жери боюнча жарандарды каттоо жашаган жери боюнча каттоодон чыгаруусуз жүргүзүлөт.
Баруучу (убактылуу жашоочу) жериндеги анын жашоочу жери болуп эсептелбеген турак жайга 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө келген жаран келген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде арыз менен каттоону эсепке алуу органына кайрылууга милдеттүү. Бул учурда паспорту же жарандын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу документи көрсөтүлөт.
Барган жери боюнча жарандарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча убактылуу каттоо талонун берүү менен жүргүзүлөт.
Жагдайга жараша убакгылуу каттоо талондору контролдук-өткөрүү пункттарында, аэровокзалдарда, темир жол жана автовокзалдарда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574, 2021-жылдын 4-майындагы № 207, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 143 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Мейманканаларда, санаторияларда, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кемпингдерде, ден соолук чыңдоочу базаларда, ошондой эле башка ушул сыяктуу уюмдарда барган жери боюнча жарандарды каттоо эгерде жаран 45 календардык күндөн ашык мөөнөткө келсе, ушул уюмдардын администрациялары тарабынан жүргүзүлөт.
Бул учурда келген жарандар 5 жумушчу күндүн ичинде жогоруда аталган уюмдардын администрацияларында убактылуу каттоого турууга жана ким экендигин ырастоочу документин көрсөтүүгө милдеттүү.
28. Жарандар баруу мөөнөтү бүткөндө алардын жашаган жери болуп эсептелбеген турак жайлардагы каттоо эсебинен, ал эми мейманканаларда, санаторийлерде, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кемпингдерде, ооруканаларда, туристтик базаларда алардын кетиши боюнча каттоо эсебинен чыгарылды деп эсептелет.
III. Кыргыз Республикасынын чегинде паспорттук-визалык режимди камсыз кылуу
29. Бул Жобонун талаптарын сактоону текшерүү максатында турак жайга кирүү менен аткарылган ар кандай иш-аракеттерге ушул иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна соттук тартипте даттануу укугун берүү менен мыйзамда белгиленген учурларда гана жол берилет.
Бул Жобонун талаптарын сактоону бардык жерде текшерүү алар өзгөчө жагдайларга байланыштуу учурда жана ички иштер органдарынын жетекчилигинин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде, жатаканаларда, мейманканаларда, санаторияларда, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кемпингдерде, ооруканаларда, туристтик базаларда жана башка ушул сыяктуу мекемелерде бул Жобонун талаптарын сактоону текшерүү паспорттору жана каттоолору жөнүндө эсепке алуу документтериндеги маалыматтарды кароо жолу менен жүргүзүлөт. Зарыл учурларда кароо үчүн паспорт талап кылынышы мүмкүн.
Жарандардын жана кызмат адамдарынын ушул Жобонун талаптарын сактоолорун контролдоо боюнча иштерди уюштуруу ички иштер органдарынын начальниктери тарабынан ишке ашырылат. Алар кызматтар менен подразделениелердин ортосундагы өз ара байланышты уюштурууга, ошондой эле башка укук коргоо органдары менен аскер комиссариаттарынын иштерин координациялоону камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 574 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартышат.