Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\693513c9-545c-4909-9fa7-e9aee273a5fd\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2004-жылдын 3-ноябры ПЖ № 376

Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик

кызмат ордун түзүү жөнүндө

 

(КР Президентинин

2005-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 58 Жарлыгынын,

2005-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгынын,

2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгынын,

2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 418 Жарлыгынын,

2005-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 488 Жарлыгынын,

2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгынын,

2006-жылдын 23-январындагы ПЖ № 27 Жарлыгынын,

2007-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 208 Жарлыгынын,

2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 384 Жарлыгынын,

2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгынын,

2008-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 68 Жарлыгынын,

2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын

редакцияларына ылайык)

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле кесипкөй мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгыиштерин камсыз кылуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мамлекеттик кызматынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын тышкары Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана администрациялык ведомстволорунда статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлсүн.

(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10, 2007-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 208, 2007-жылдын 24-августундагы ПЖ № 384, 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481, 2008-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 68, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2.(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш:

- жогоруда аталган мамлекеттик органдарда статс-катчынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоону өткөрсүн жана тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен аларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин бекитүүсүнө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында статс-катчынын кызмат ордун уюштуруу жөнүндө маселени карасын жана Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуш киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы:

- конкурстук жол-жоболордун толук ачыктыгын камсыз кылуу менен мамлекеттик органдын статс-катчысынын бош кызмат ордуна конкурстук тандап алууну уюштурсун;

- статс-катчынын кызмат ордуна дайындалган адамдарды мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын, мамлекеттик кызматчынын этикасы, эмгек мыйзамдары, адам ресурстарын башкаруу, финансылык менеджмент, азыркы кездеги маалыматтык технологияны колдонуу жана башка маселелер боюнча окутууну жүргүзсүн;

- мамлекеттик органдын статс-катчыларынын кызматтык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу аткарышына мониторингди камсыз кылсын.

(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- статс-катчынын кызмат ордун уюштурууну Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде жүргүзсүн;

- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун түзүмүн жана штаттык санын, ошондой эле мамлекеттик органдардын статскатчылары жана мамлекеттик органдын жетекчисинин орунбасарлары аткара турган функцияларды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылуу менен алар жөнүндө Жобону кайра карасын;

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун түзүмүн жана штаттык санын, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда жана бекитүүдө мамлекеттик органдын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орунбасарлары аткара турган функцияларды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;

- бошогон адамдарды ишке орноштуруу маселесин белгиленген тартипте чечсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

(КР Президентинин 2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Акаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 Жарлыгынын тиркемеси

 

Статс-катчынын кызмат орду уюштурула

турган мамлекеттик органдарынын

тизмеси

 

(КР Президентинин

2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготту)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы ПЖ № 27 Жарлыгы менен бул тизмеге өзгөртүү киргизилген