Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2dd79159-95a4-46b6-83b1-6c77b2c44c90\document.files\image001.jpg

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) XIX сессиясы

 

2019-жылдын 8-февралы № 92

Сүлүктү шаарынын 2018–жылга бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын 2018-жылга бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ж. Муминовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын 2018-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 57701,5 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 58402,7 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2019-жылга шаардын бюджети кирешелер боюнча 53899,2 мин сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 53899,2 миң сом жана 2020-2021-жылдарга болжолу 56327,7 жана 58868,7 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Шаардын 2019-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигини толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жагы депутаттардын шаардык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.

4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.

5. Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2019-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1)    жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 70 пайыз жана шаардын жергиликтүү бюджети үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).

2)    Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери боюнча (жайгашкан орду) боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине - 50 пайыз өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3)    Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4)    Төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммасынан жергиликтүү бюджетке – 50 пайыз өлчөмүндө:

а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасы;

б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;

в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынган администрациялык укук бузуулар үчүн айыптардын суммасын.

5)    жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6)    мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7)    Жер казынасын конкурстук обьектинен-3 пайыз жана жер казынасы аукциондук обьекттерден -7 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

8)    Түркүк тейлөө көздөгөн өнүктүрүүгө салымдар тоо-кен иштеткен жерде 20 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. 2019-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.

7. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.

8. Бюджеттик мекемелерге казына түтүмүн четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 28–декабрь 2017-жылдын №218 (23) Мыйзамы.

9. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык банктардан эсеп счетторун ачып иш жүргүзүү жагы уюштурулсун.

10. 2019-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

11. Сүлүктү шаарынын жергеликтүү бюджетинин 2018-жылдан калган 199,2 мин сом бош акча каражаттарын 2019-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.

12. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясына резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүндө жана 2019-жылга резервдик фондунун суммасы 407,0 мин. сом өлчөмүндө бекитилсин.

13. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

14. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 “жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармасынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2019-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда ) 50 мин сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

15. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 50 мин сом өлчөмүндө № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

16. 2019-жылга Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтому 05.08.2011-ж. №451, 08.07.2013-ж. №403 жана 13.12.2016-ж №669, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене ) № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

17. 2019-жылга Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны ( КР Токтом 05.08.2011-жыл №452) № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин. Шаардык кеӊештин кызматтык бөлмөлөрүн жууп тазалоочу техничка штаттык бирдиги кошумча киргизилсин.(муктаждыкка байланыштуу депутаттардын макулдугу менен)

18. 2019-жылга Сүлүктү шаардык Кошбулак посёлкасынын аймактык башкаруусунун типтүү түзүмү жана штаттык саны, ( КР Токтом 10.09.2009-ж №566) № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017 жылдын 7-августундагы № 466 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу (Сүлүктү шаардык мэриясынын 2019-жылдын 8-январындагы №01-11/2 буйругунун, шаардык кенештин 2019-жылдын 8-январындагы №1 буйругу) буйруктарынын негизинде төлөө жагы каралсын.

20. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.

21. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2019-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.

22. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнө болгон дебитордук карыздар жана 2019-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №10, №11, №12 тиркемелердин негизинде бекитилсин.

23. Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, тазалоочу жана жүктөөчү үчүн 14 штаттык бирдик каралсын жана № 13 тиркеменин негизинде бекитилсин.

24. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаш депозит дарыгерлерине 2019-жылга көмөк көрсөтүү боюнча № 14 тиркеменин негизинде бекитилсин.

25. Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору типтүү түзүмү жана штаттык саны КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттининин, 2016-жылдын 28-июнундагы №172-0 Тескемесинин негизинде бекитилсин (№15 тиркеме).

26. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май №268, 2012-жылдын 31-январь № 66 жана 2012-жылдын 17-августундагы №572, 2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) № 16 тиркемеге ылайык бекитилсин.

27. 2019-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (2017-жылдын 18-августундагы № 495 Токтомдорунун негизинде) № 17 тиркемеге ылайык бекитилсин.

28. Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 276 Токтомунун негизинде республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу “калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул” төлөмдөрү 2019-жылдан баштап шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.

29. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

30. Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 200,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.

31. Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2019-жылга 15-20 пайыз эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.

32. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Исмаилов

 

 

Сүлүктү шаардык кенешинин

 XIX сессиясынын

08.02..2019ж. №92 токтомуна

№ 1 тиркеме

 

 

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылга бекитилген планы жана аткарылышы

 

 

 

Салыктардын жана салык эмес

төлөмдөрдүн аталыштары

2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы

Такталган

планы

Аткары лышы

Айырма сы

(+,-)

 

Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер

62672,5

57701,5

-4971,0

 

Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3)

62672,5

57701,5

-4971,0

1

Кирешелер

58272,5

56408,2

-1864,3

11

Салыктык кирешелер

27647,9

28897,9

1250,0

11111100

Салык агенти толоочу киреше салыгы

13458,0

13909,1

451,1

11111200

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

1,7

13,6

11,9

11122100

Милдеттуу патенттин негизинде салык

161,2

192,3

31,1

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

3102,0

3580,8

478,8

11311200

Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык 2- топ

300,4

256,8

-43,6

11311300

Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык 3- топ

3,1

0,3

-2,8

11312

Транспорттук каражаттарга салык

2420,0

2530,3

110,3

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы

290,0

270,6

-19,4

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы

3,5

-0,7

-4,2

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы

1356,0

1555,3

199,3

11412100

Сатуудан салык

5218,0

5355,7

137,7

11442130

Комур

1334,0

1176,9

-157,1

11442390

Жогоруда классификацияланбаган дагы башка металл эместер

 

 

 

11442490

Дагы башка жер астындагы суулар

 

30,3

30,3

13

Алынган расмий трансферттер

13964,6

13964,6

0,0

13321200

Республикалык бюджеттен оз ара эсептешуулор боюнча откорулуп берилуучу каражаттар

13964,6

13964,6

0,0

14

Салыктык эмес кирешелер

16660,0

13545,7

-3114,3

14151100

Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги учун акы

 

 

 

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы

832,0

849,1

17,1

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы

1950,0

1308,4

-641,6

14152900

Жаратылыш активдерин пайдалануу учун дагы башка толомдор

 

 

 

14211200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

50,0

 

-50,0

14153900

Дагы башка мулк ижарасы учун акы

 

 

 

14221900

Дагы башка толомдор жана жыйымдар

 

130,3

130,3

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым

245,2

188,0

57,2

1423

Акы толоонуучу кызмат корсотуулордон тушуулор -бардыгы

13582,8

11034,2

-2548,6

14231400

Адистештирилген стационарларда медициналык жардамды корсотуу учун акы

 

 

 

14232100

Окуу жайларда билим берууну корсотуу учун акы (ЖОЖ,КТО,ООЖ)

 

1,4

1,4

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы

9240,0

6702,5

-2537,5

14232800

Маданият мекемелеринин залдарынын жана имараттарынын ошондой эле жабдууларын жана шаймандарын беру учун акы

431,7

94,7

-337,0

14232900

Квалификацияланбаган билим беру жанан маданият кызмат корсотуулор учун акы

 

116,8

116,8

14234700

Мамлекеттик каттоо акысы

 

 

 

14236900

Маалымат беруу жана басып чыгаруу боюнча кызмат корсотуу акысы

418,9

345,0

-75,6

14237500

 

 

0,6

0,6

14238900

Кызмат коростуунун башка квалификацияланбаган турлору учун акы

3492,2

3729,2

237,0

143

Айыптар, санкциялар, конфискациялар

 

35,7

35,7

14311100

Административдик айыптар

 

4,3

4,3

14311400

Контролдук козомол чараларын жургузуудон тушуулор

 

31,4

31,4

14511100

Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер

 

 

 

3

Активдер жана милдеттенмелер

 

 

 

31111110

Батирлерди сатуу

2600,0

466,0

-2134,0

31412110

Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу

1800,0

827,3

-972,7

 

Чыгаша бөлүгү

 

 

 

 

2018-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 

Элемент

Көрсөткучтөрдун аталыштары

 

 

 

 

 

 

Такталган планы 

Аткарылышы

Айырмасы

(+,-)

701

Мамлекеттик кызмат корсотуу

19054,5

18433,0

-621,5

702

Коргоо

 

 

 

706

Турак жай

11494,8

10312,4

-1182,4

708

Маданият жана спорт

8097,1

7393,2

-703,9

709

Билим беруу

18684,0

15593,4

-3090,6

710

Социалдык жактан коргоо

6689,4

6670,7

-18,7

 

Жалпысы:

64019,8

58402,7

-5617,1

 

 

 

 

 №2-тиркеме

 

 

 

Сүлүктү шаарынын 2019-жылга бюджетинин

 

долбоору жана анын контролдук суммага салыштырмасы,

 

жана 2020 – 2021 – жылдарга болжолдору

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Киреше бөлүгү

 

 

 

 

 

 

 

Элемент

Кирешенин аталышы

2019 – жыл

Болжол

2019-ж. долбоор

2019-ж. КРФМ.Конт. сумма

Айырма (+,-)

2020-жылга

2021-жылга

 

Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер

53899,2

53299,2

600,0

56327,7

58868,7

 

Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3)

53899,2

53299,2

600,0

56327,7

58868,7

1

Кирешелер

51499,2

50349,2

1150,0

53377,7

55918,7

11

Салыктык кирешелер

35416,4

35416,4

0,0

38444,9

40985,9

11111100

Салык агенти толонуучу киреше салыгы

19074,0

19074,0

0,0

25384,0

32074,0

11121100

Чакан ишкердик субьектери учун бирдиктуу салык

1,7

1,7

0,0

1,7

1,7

11122100

Милдеттуу патенттин негизинде салык

161,2

161,2

0,0

161,2

161,2

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

2994,0

2994,0

0,0

2994,0

2994,0

11311200

Ишкердик ишин учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык

206,3

206,3

0,0

206,3

206,3

11311300

3-топтогу ишкерлик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык

0,2

0,2

0,0

0,2

0,2

11311

Транспорттук каражаттарга салык

2420,0

2420,0

0,0

2420,0

2420,0

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы

285,0

285,0

0,0

285,0

285,0

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы

3,5

3,5

0,0

3,5

3,5

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы

1356,0

1356,0

0,0

1356,0

1356,0

11412100

Сатуудан салык

7579,0

7579,0

0,0

4207,0

4207,0

11462130

Комур

1335,5

1335,0

0,0

1426,0

1484,0

13

Алынган расмий трансферттер

-

-

-

-

-

13321300

Республикалык бюджеттен оз ара эсептешуулор боюнча откорулуп берилуучу каражаттар

-

-

-

-

-

14

Салыктык эмес кирешелер

16082,8

14432,8

1150,0

14932,8

14932,8

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы

293,0

293,0

0,0

293,0

293,0

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы

1800,0

1800,0

0,0

1800,0

1800,0

14211200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

60,0

60,0

0,0

60,0

60,0

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым

245,2

245,2

0,0

245,2

245,2

1423

Акы толонуучу кызмат корсотуулордон тушуруулор

13684,6

12534,6

1150,0

12534,6

12534,6

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы

8820,0

8820,0

0,0

8820,0

8820,0

14232800

Маданият мекемелериндеги имараттарды, жабдууларды, шаймандарды беруу учун акы

440,5

440,5

0,0

440,5

440,5

14236900

Газеталарга жазылуу жана сатуу, жарнак жарыялоо акысы

424,1

424,1

0,0

424,1

424,1

14238900

Кызмат корсотуунун башка классификацияланбаган турлору учун акы

4000,0

2850,0

1150,0

2850,0

2850,0

3

Активдер жана милдеттенмелер

2400,0

2950,0

-550,0

2950,0

2950,0

31111110

Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу

1400,0

1950,0

-550,0

1950,0

1950,0

31412110

Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу

1000,0

1000,0

0,0

1000,0

1000,0

 

 

Чыгаша бөлүгү

 

 

 

2019-жыл

Болжол

Элемент

Корсоткучтордун аталыштары

2019

Контр.

Айырма

2020

2021

 

 

долбоор

сумма КРФМ.

(+,-)

жылга

жылга

701

Мамлекеттик кызмат корсотуу

14280,7

14112,2

168,5

14901,0

15269,1

702

Коргоо

100,0

100,0

0,0

120,0

150,0

706

Турак жай

15151,9

14108,7

1043,2

15764,0

16667,9

708

Маданият жана спорт

8789,9

8918,3

128,4

9092,7

9492,2

709

Билим беруу

15576,7

16060,0

483,3

16450,0

17289,5

710

Социалдык жактан коргоо

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

Жалпысы:

 

53899,2

53299,2

600,0

56327,7

58868,7

 

 

 

 

                                                                                                                                             №3 тиркеме

2019- жылга жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдун ченемдери (пайыз менен)

 

Кат. №

 

Кирешелердин аталышы

Өлчөө бирдиги

пайыз

1

Салык агенти тарабынан түшүүчү киреше салыгынан

%

70

2

Сатуудан түшкөн салык

%

50

3

Роялти

%

50

 

 

                         № 4 тиркеме

2019- жылга жергиликтүү бюджеттерге пландуу түшүүлөрдүн чегерүү ченемдери (пайыз менен)

 

Кат. №

Кирешелердин аталышы

Өлчөө бирдиги

пайыз

1

Жер салыгы

%

100

2

Мүлк салыгы

%

100

3

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан

%

100

4

Милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан бирдиктуу салыктын негизинде келип түшүүлөрдөн

 

%

 

100

5

1)                                        Жер казынасын конкурстук обьектинен

 

2)                                        Жер казынасы аукциондук обьекттерден

 

3)        Түркүк тейлөө көздөгөн өнүктүрүүгө салымдар тоо-кен иштеткен жерде

 жергиликтүү бюджетке чегерүү.

 

%

 

%

 

%

3

7

 

 

20

 

№5 тиркеме

 

2019- жылга Сүлүктү шаарында өзгөчө кырдаалдан сактоонунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “жарандарды коргоо жонундогу” Мыйзамынын негизинде.

 

Кат. №

Бардык чыгымдар

анын ичинен:

Автоунааны

жалдоо

Бир жыл ичинде

кырсыктан сактануу иштерине

Атайын өткөрүлүүчү окууларга

Башка тейлөө

чыгымдарга

Эскертүү

 

 

50,0

20,0

25,0

5,0

 

 

 

                                                                                                                                             тиркеме №6

                                                                                                          

2019-жылга Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби

 

Кат. №

Бардык чыгымдар

анын ичинен:

Автоунааны

жалдоо

Бир жыл ичинде

кырсыктан сактануу иштерине

Атайын өткөрүлүүчү окууларга

Башка тейлөө

чыгымдарга төлөө

Эскертүү

 

50,0

25,0

 

25,0

 

 

 

 

 тиркеме № 7

 

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын 2019-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451, 2013-жылдын 8-июлындагы №403 жана 13-декабрь 2016-ж №669 токтому, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43)

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертуу

1

Мэр

 1

 

2

Биринчи вице-мэр

1

 

3

Вице-мэр

1

 

4

Аппарат жетекчиси

1

 

5

Бөлүмм башчы

1

 

6

Башкы адис – юрист

1

 

7

Башкы адис

5

 

8

Жетектөөчү адис

3

 

9

Адис

1

 

 

Бардыгы:

15

 

 

Кызматкерлерди тейлөөчү персоналдар:

 

 

1

Башкы эсепчи

1

 

2

Чарба башчысы

1

 

3

Жетекчинин катчысы

1

 

4

Оператор

1

 

 

Бардыгы

4

 

 

Техникалык персоналдар:

 

 

1

Айдоочу

2

 

2

Кароолчу

2

 

3

Имаратты тейлөөчү кызматкер

1

 

4

Техничка

1

 

5

Электрик

1

 

 

Бардыгы:

7

 

 

ВУС КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене

 

 

1

Инспектор ВУС

2

 

 

Жалпысы:

28

 

 

 

тиркеме №8

 

 

Сүлүктү шаардык кеңешинин аппаратынын 2019-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августу №452 токтому).

 

 

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

 

 

1

Төрага

1

Шайлоо жолу менен

 

 

2

Жооптуу катчы

1

 

 

 

3

Башкы адис

1

 

 

 

4

Жетектөөчү адис

1

 

 

 

 

Бардыгы:

4

 

 

 

 

Техникалык кызматкерлер:

 

 

 

 

1

Жетекчинин катчысы

1

 

 

 

2

Айдоочу

1

 

 

 

3

Техничка

1

Депутаттардын макулдугу менен

 

 

 

Бардыгы:

3

 

 

 

 

Жалпысы:

7

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

тиркеме 9

Кошбулак посёлкасынын аймактык башкаруусунун 2019-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 –жылдын 10 сентябрь №566 токтому).

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертуу

1

Аймактын башчысы

1

 

2

Башкы адис

1

 

3

Жетектөөчү адис

1

 

4

Техничка

1

 

 

Жалпысы:

4

 

 

                                                                                   тиркеме №10

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык бөлүмүнүн 2019 жылга кирешелери

 

Катар номери

Кирешенин аталышы

Өлчөө бирдиги

Суммасы

Эскертуу

 

Бардык кирешелер:

Анын ичинен:

миң. сом

4360,0

 

1

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

 --

1800,0

 

2

Мун.менчикте турган жайлардын,имататтардын, курулмалардын ижара акысы

--

60,0

 

3

Дагы башка төлөмдөр жана жыйымдар

 --

100,0

 

4

Башка турак жай иматтарын жана имарат жайларын сатуу

 --

1400,0

 

5

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

--

1000,0

 

                                                                      

 тиркеме№11

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн келишимдин негизинде 2019- жылга штаттык саны.

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Кароолчу УКЖД

1

 

2

Кароолчу (борбордук спорт аянты)

1

 

3

Кароолчу (балдар бакчасы)

1

 

4

Кароолчу (эсалуу лагери)

1

 

5

Электрик

1

 

 

Бардыгы:

5

 

 

Сүлүктү шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2019-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Башчы

1

 

2

Башкы адис

1

 

3

Жетектөөчү адис

1

 

4

Башкы адис (башкы эсепчи)

1

 

5

Мат-дык. Эсепчи (жетектөөчү адис)

1

 

6

Техничка

1

 

 

Бардыгы:

6

 

 

Жалпысы:

11

 

             

                                                                                                                       тиркеме №12

 

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн

негизги каражаттарынын 2019-жылга сметасы.

 

Катар номери

Чыгашанын аталышы

Статья

Суммасы

 

Чыгашалар, анын ичинен:

 

 

 

1.

Эмгек акы

2111

1382,8

 

2.

Соц.фондко төгүмдөр

2121

206,5

 

3.

Сапардык чыгымдар

2211

70,0

 

4

Байланыш м/н тейлөө кызматы

2212

26,0

 

5

Ижара акысы

2213

 

 

6

Унаа м/н тейлөө кызматы

2214

50,0

 

7

Дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

3963,3

 

8

Мүлктү учурдагы ондоого

2221

20,0

 

9

Учурдагы чарбалык максаттар учун, чарбаклык буюмдарды алууга

2222

30,0

 

10

Башка курулмаларды алуу

3111

2333,0

 

11

Машиналар ж\а жабдууулар

3112

950,0

12

Башка негизги фондор

3113

60,0

Бардыгы:

 

 9091,6

 

 

 

                                                                                                                       тиркеме №13

Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга шаардын аймагын тазалоо үчүн штаттык бирдиктери.

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Аймактарды тазалагыч

8

 

2

Бакчы

1

 

3

Электрик

1

 

4

Жүктөөчү

3

 

5

Грейдер айдоочу

1

 

 

Жалпысы:

14

 

 

 

                                                            тиркеме №14

Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жана шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жаш депозит дарыгерлерине 2019 жылга көмөк көрсөтүү боюнча

 Сметасы.

 

Катар номери

Кызматтын аталышы

дарыгерлердин

саны

Коммуналдык чыгымдары суммасы миң сом

1

Депозит дарыгерлер

7