Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылыш кезексиз XV сессия

2019-жылдын 07-майы №10

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы насостук станциялары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын Сууканал башкармалыгынын жумушчуларынын кайрылуусун Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кеӊейтилген жыйыны карап чыгып, кеӊейтилген жыйындын корутундусунун негизинде, КРнын “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 4, 9-пункттарына, КРнын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январы “Ичүүчү суу менен камсыздоо жагындагы актыларды бекитүү жөнүндө” № 68-токтомуна ылайык депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, консервацияланган жана резервде турган насостук станцияларынын жана саркынды суу тазалоочу курулмалардын жер тилкелеринин ижара берилген келишимдерин жокко чыгаруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, консервацияланган жана резервде турган насостук станцияларынын жана саркынды суу тазалоочу курулмалардын жер тилкелери менен кошо санитардык коргоо зона катары бекитилсин жана суу менен камсыз кылуучу коммуникациялык багытта гана иштетилээри белгиленсин.

3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) №1-тиркеме менен бекитилген насостук станциялардын жана саркынды суу тазалоочу курулмалардын жер тилкелерин санитардык коргоо зоналардын талаптарына ылайык сактоо, эксплуатациялоо жагы милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Джолдошев

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “__7__”___май___2019-ж. кезексиз  XV сессиясынын

10 - токтомуна 1-тиркеме

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, консервацияланган жана резервде турган насостук станциялары

 

П/П

Дареги

 

Аянты

 

Э.Мурзабеков – туп №1насостук станция

1550,50 чарчы метр

 

Спутник кичи шаарчасы Б.Осмонов №123 көчөсү

1890,00 чарчы метр

 

Н.Исанов көчөсү

900,00 чарчы метр

 

Н Айтматова көчөсү№15

1410, 0 чарчы метр

 

Токтогул көчөсу №8

884,00 чарчы метр

 

Б.Осмонов көчөсү

189,70 чарчы метр

 

Пушкин көчөсү № 3

2731,00 чарчы метр

 

Пушки көчөсү № 1-д нс-2

568,76 чарчы метр

 

Птицеград Э.Зиядинов көчөсү №170

53000,0 чарчы метр

 

Курманбек М.Жуматаев

 

900,00 чарчы метр

 

Жеӊиш кичи шаарчысы  Рассвет-9 көчөсү № 63

2280,00 чарчы метр

 

Арычная көчөсү №8-б

560,00 чарчы метр

 

Жамашева көчөсү

18881,20 чарчы метр

 

Ленин көчөсү

942,75 чарчы метр

 

Дача Миндальная көчөсү

 

1217,00 чарчы метр

 

Т.Тайгараев Качкынчы айылы

380,0 чарчы метр

 

Т.Тайгараев Т.Сабиров көчөсү № 5

6600,00 чарчы метр

 

Т.Тайгараев Чапкындык көчөсү

210,00 чарчы метр

 

Т.Тайгараев  С.Жээнбеков 2 көчөсү

524,25 чарчы метр

 

Т.Тайгараев Кыргызстан айыл Бекен Осмон №96 көчөсү

600,00 чарчы метр

 

Манас көчөсү, 144а квартал

Саркынды сууну кайра  тазалоочу курулмалар жер тилкеси менен

10,7 гектар

 

Манас көчөсү, 144а квартал

Саркынды сууну кайра  тазалоочу курулмалар жер тилкеси менен (авариялык абалда)

3,61 гектар

 

Жалал-Абад шаардык

кеӊешинин жооптуу катчысы                                                                                                                                                                          Б.Беркбаева