Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\18b93989-d247-4457-9190-2bc5069b5d14\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 8-февралы ПЖ № 23

Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасында мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыты саламаттык сактоонун деңгээлин жогорулатуу, өлкөнүн жарандарынын жашоо-турмушунун жана саламаттыгынын сапатын көтөрүү жана өмүрүн узак кылуу маселеси болуп саналат.

Саламаттык сактоо чөйрөсүндө мурда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында ымыркайлардын өлүмүнүн, кургак учук оорусунун жана андан өлүүнүн кыскарышы менен байланышкан бир катар оң өзгөрүүлөр болду, вакцина аркылуу башкарылуучу инфекциялар менен оорулар азайды. Ошентсе да жүрөк-кан тамыр, онкология жана эндокринологиялык патология ооруларынын жана алардан өлүүнүн деңгээли жогору бойдон калууда.

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү системалуу проблемаларды: эпидемиологиялык ооруларга каршы күрөшүү системасынын, жетиштүү кадрдык потенциалдын жоктугун, материалдык-техникалык камсыз кылуунун жетишсиздигин, саламаттык сактоонун бүткүл системасынын укуктук жөнгө салуу ишинин өнүкпөгөндүгүн ачык көрсөттү.

Дүйнөдө улам күч алган эпидемиологиялык тобокелдиктер азыркы татаал шарттарды жана алынган тажрыйбаны эске алып, ооруларга каршы күрөшүү боюнча иште ыкмаларды өркүндөтүүнү талап кылат. Ооруларды алдын алуу, эрте табуу, так диагностикалоо жана дарылоо боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринин иштөө методдорун артыкчылыктуу тартипте кайра кароо, саламаттык сактоону уюштуруунун таптакыр жаңы системасын ишке киргизүү керек.

Системалуу проблемаларды аныктоого, адамдын өмүрүнүн сапатын жана узактыгын жогорулатууга, ден соолукту бекемдөөгө жана сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо үчүн шарттарды жакшыртууга, калкка жеткиликтүү квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга, оорулар менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан ары өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Калктын өмүрүнүн, саламаттыгынын сапатын жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү мамлекеттин негизги милдеттери деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын калкын COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө боюнча маселени кечиктирилгис тартипте чечсин;

- саламаттык сактоо системасын өз убагында жана толук каржылоону, ошондой эле бөлүнгөн акча каражаттарын талаптагыдай жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;

- коомдук саламаттык сактоо кызматына, баштапкы медициналык-санитардык жардам, медициналык тез жардам, стационардык жардам көрсөтүү кызматтарына калктын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында аларды модернизациялоо;

- заманбап санарип технологияларын ишке киргизүү жана өлкөнүн транчек аралык жана интеграциялык саясатын эске алуу менен ден соолук үчүн тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү улуттук системасын, жарандардын майыптыгына жана тез картаюусуна алып келген жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын түзүү менен коомдук саламаттык сактоо кызматын реформалоо;

- өзгөчө кырдаалдарда жана абалдарда ыкчам чара көрүү механизмдерин аныктоо менен катастрофалар медицинасынын бирдиктүү системасын түзүү;

- бар болгон облустук ооруканалардын базасында заманбап медициналык жабдуулар, кесипкөй кадрлар, ошондой эле санитардык транспорт менен камсыздалган сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүчү заманбап көп профилдүү стационарлардын тармагын түзүү;

- коомдук саламаттык сактоо ишинин чөйрөлөрүн, милдеттүү медициналык камсыздандырууну, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү жана стационардык жардам көрсөтүүнү, ошондой эле лабораториялык-диагностикалык кызмат көрсөтүүнү, маалыматтарды борбордоштуруп иштетүүнү, маалыматтык коопсуздукту, реалдуу убакыт режиминде башка маалыматтык системаларга жетүүнү жана башка маалыматтык системалар менен интеграциялоону камсыз кылууга жөндөмдүү дары-дармек каражаттарынын, медициналык дайындалыштагы буюмдардын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун контролдоону жана көзөмөлдөөнү камтыган саламаттык сактоонун бирдиктүү маалыматтык системасын ишке киргизүү;

- калктын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн зарыл дары-дармек каражаттарынын стратегиялык запастарын түзүү;

- дары-дармектерди жүгүртүү тармагында жөнгө салуучу органдын функцияларын бекемдөө жолу менен дары-дармектерди, медициналык дайындалыштагы буюмдарды жүгүртүүнү электрондук жөнгө салуу жана башкаруу системасын киргизүү жана өмүр үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга бааларды жөнгө салуу системасын түзүү;

- дары-дармек препараттарын жана медициналык дайындалыштагы буюмдарды өндүрүү үчүн фармацевттик заводдорду ачуу үчүн чараларды көрүү жана жагымдуу шарттарды түзүү;

- телемедицина кызмат көрсөтүүлөрүн активдүү ишке киргизүү үчүн мыйзамдык базаны иштеп чыгуу жана менчигинин түрүнө карабастан жана өлкөнүн бардык региондорунда саламаттык сактоонун баштапкы медициналык-санитардык жана стационардык жардам көрсөтүү, коомдук саламаттык сактоо кызматынын 50 уюмунда телемедициналык инновациялык кызматтарды көрсөтүүнүн жана каржылоонун моделин киргизүү;

- заманбап маалыматтык, медициналык технологияларды, илимий-практикалык ыкманын, медициналык илимдин жана илимий-негизделген медицинанын институционалдык негизде окутуу программаларын жана ыкмаларын кайра кароо менен ар кандай деңгээлдеги бардык медициналык адистиктер үчүн зарыл бюджеттик орундарды көбөйтүү менен региондордо кадрдык ресурстарды пландоону жана башкарууну эске алып, медициналык билим берүүнү реформалоо;

- эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатууну, социалдык кепилдиктерди жана колдоонун башка чараларын кеңейтүүнү кошо алганда медициналык кызматкерлерге дем берүү жөнүндө сунушту киргизүү;

- амбулатордук деңгээлде жана стационарларда медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укугу бар жарандардын категорияларына медициналык кызматкерлерди киргизүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана киргизүү;

- медициналык кызматкерлер үчүн турак жай куруу үчүн жер участогун алууга артыкчылыктуу укукту кошкондо жеткиликтүү адистештирилген финансылык ипотекалык инструменттерди чыгаруу жана ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү;

- жеке медициналык секторду кеңейтүү, медициналык ишке салык салуу маселелерин жөнөкөйлөштүрүү жана кызматкерлер, иш берүүчүлөр жана калк үчүн ылайыктуу медициналык камсыздандыруунун жаңы шарттарын киргизүү боюнча чараларды көрүү;

- кантты, трансмайларды, гендик-модификация продукттарын камтыган тамак-аш продукттарынын сапатынын, өндүрүү, жеткирүү жана коопсуз сактоо технологияларын стандарттарын бекитүү;

- калктын саламаттыгынын абалын талдоо жана контролдоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү, курчап турган чөйрөнү коргоо, табигый кырсыктарга даяр болуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен медициналык мекемелердин өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү системасын түзүү;

- ушул Жарлыктан келип чыгуучу милдеттерди ишке ашыруу боюнча башка чараларды көрүү.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров