ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 425
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 523, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
(КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 523, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине макулдашуу учун киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бул Жарлык кол коюлгап учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
курамы
(КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
- ЖАПАРОВ Акылбек Үсөнбекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
- КОЖОШЕВ Арзыбек Орозбекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
- ААЛИЕВ Азиз Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
- БАЙСАЛОВ Эдиль Жолдубаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
ТАШИЕВ Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасы;
- АМАНГЕЛЬДИЕВ Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
- БАКЕТАЕВ Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- КАЗАКБАЕВ Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- БАЕТОВ Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- ОСОЕВ Эркинбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- ДЖАНЫБЕКОВ Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
- БЕКМУРЗАЕВ Доскул Джумагулович - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
- КУТМАНОВА Динара Асиевна - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
- БЕЙШЕНАЛИЕВ Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
- КУПЕШОВ Болотбек Душекович - Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министри;
- ЖАМАНКУЛОВ Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
- БАЗАРБАЕВ Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
- БЕКБОЛОТОВ Бактыбек Асанкалиевич - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- НИЯЗБЕКОВ Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- АЖИКЕЕВ Бообек Эргешевич - Кыргыз Республикасынын өзгөче кырдаалдар министри.
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын
ТҮЗҮМҮ
(КР Президентинин 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)