ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 435
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынгандыгына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмү 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында:
V, VI бөлүмдөр күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |