Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2021-жылдын 12-октябрындагы
ПЖ № 435 Жарлыгына)

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн
улуттук программасы

I. Киришүү

Жарандардын бакубаттыгын арттырууга багытталган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында, Туруктуу өнүгүү максаттарынын (мындан ары - ТӨМ) "артта эч кимди калтырбоо" деген негизги милдеттенмесине басым жасап жана адамга багытталган өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына таянып, уланмалуулук принцибин сактоо менен иштелип чыкты.

Жаңы программалык документти иштеп чыгуунун зарылчылыгы соңку бир нече жылда өлкөдө болуп өткөн өзгөрүүлөргө байланыштуу келип чыкты: биринчиден, коронавирустук инфекция жайылды жана ал жарандардын турмушунун сапатына, социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизди; экинчиден, 2020-жылдын октябрында өлкөдө саясий жетекчиликтин алмашуусу менен байланышкан кезектеги коомдук-саясий кырдаал курчуду; үчүнчүдөн, тышкы дүйнө менен болгон өз ара мамиле кыйла чектелди жана ресурстарды алуу мүмкүнчүлүгү азайды. Негизи, жаңы реалдуулук түзүлдү, мында айрым чектөөлөр белгисиз мөөнөткө чейин сакталышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу ушул документтин актуалдуулугу өлкөдө, региондо жана дүйнөдө болгон өзгөртүүлөрдү эске алуу менен андан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын түзүүдө турат. Программа өлкөнүн келечегин аныктаган жана мамлекеттик башкаруунун бардык системасы үчүн багыт берген мамлекеттик документ катары каралууга тийиш. Программанын жоболору жана принциптери Кыргыз Республикасындагы тармактык жана аймактык документтерге негиз болушу керек.

1.1. Максаттар жана артыкчылыктуу багыттар

Жалпы келечек Кыргыз Республикасын мүмкүнчүлүгү көп, жашоодо тандоо укугу бар адамдар жашаган бүтүн, көз карандысыз жана ыңгайлуу өлкө, эркин жана бакубат жарандардын өлкөсү катары узак мөөнөттүү келечекте (2040-жылга чейин) өнүктүрүү менен тыгыз байланышкан.

Программанын максаттары болуп өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн чөйрөнү түзүү аркылуу жарандардын бакубаттыгын арттыруу, кризиске каршы чараларды ишке ашыруу жана өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына ийгиликтүү жетишүү үчүн негиздерди түзүү эсептелет.

Бүгүн Кыргыз Республикасы адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингинде 189 өлкөнүн ичинен 120-орунда, глобалдуу атаандаштык индекси боюнча 141 өлкөнүн ичинен 96-орунда турат. Соңку жылдары бул индекстер боюнча өлкөнүн позициясы начарлап жатат. Ушул Программаны ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасы негизги эл аралык рейтингдер боюнча өзүнүн позициясын жакшыртат деп күтүлүүдө. Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жагында кыйла прогресске жетишилет.

Программаны ишке ашыруу өлкөнүн улуттук байлыгын жана жарандардын бакубаттыгын кеминде төрттөн бирине өстүрүүнү камсыз кылат. Экономикалык өсүш туруктуу болуп, калктын кирешелериндеги теңсиздик кыскарат, орто класс кеңейет. Экономиканын эмгек сыйымдуу секторлорун колдоо жана өнүктүрүү экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктары болуп калат.

Айылдарда жакшы жылыштар болот, шаардагы турмуш менен айылдагы турмуштун айырмачылыгы азаят. Жаңы ишканалар ишке киргизилип, жумуш орундары түзүлөт. Шаарлардын жана айылдардын көчөлөрү таза жана коопсуз болот. Адамдарда келечекке болгон ишеним артып, алар өз мекенинде өздөрүнүн жөндөмдөрүн ишке ашыра алышат. Татыктуу эмгектин стандарттарын этабы менен киргизүү (татыктуу эмгек акы, татыктуу иш, социалдык өнөктөштүк) адамдын бакубаттыгынын жана өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.

Бул Программа төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөйт:

1) ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылуу;

2) ИДПны калктын жан башына алганда кеминде 1500 АКШ долларына жеткирүү;

3) жумушсуздуктун деңгээлин 5%га чейин төмөндөтүү;

4) тикелей чет элдик инвестициялардын ар жылдык келүүсүн кеминде ИДПнын 13% өлчөмүнө жеткирүү;

5) мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ИДПнын 60%дан көп эмес деңгээлинде сактоо;

6) адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 5 позицияга жакшыртуу;

7) глобалдык атаандаштык индекси боюнча рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу;

8) калктын жакырчылыгын 20%га, анын ичинде балдардын жакырчылыгын 25%га чейин төмөндөтүү;

9) Жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы боюнча мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн кеминде 50%ын функциялык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жеткирүү;

10) өлкөнү электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси боюнча алдыңкы 60 өлкөнүн катарына киргизүү;

11) парник газдарын чыгарууну 17%га кыскартуу;

12) коррупцияны кабылдоо индекси боюнча рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.

Программаны ишке ашыруунун алкагында жети артыкчылыктуу багыт боюнча чаралар каралган:

1) антикризистик чаралар;

2) башкарууну реформалоо;

3) өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүү;

4) экономиканын негизги тармактары;

5) социалдык өнүктүрүү;

6) тышкы саясат жана улуттук коопсуздук;

7) өзгөчө артыкчылыктар.

Биринчи кезектеги чаралар кырдаалды турукташтырууга жана мамлекеттик башкаруу системасынын алкагында башкарууну контролдоого багытталган башкаруунун антикризистик режимин камсыз кылууга тийиш, бул багыт калган кийинки конструктивдүү кадамдар үчүн биринчи кезектеги чара болуп эсептелет.

Өлкөдө көптөгөн системалуу маселелер топтолуп калган, алар көп убакыттан бери чечилбей келген. Бул проблемалар коомду, саясий жана экономикалык жаатты институттук жана түзүмдүк жактан кайра уюштурганда байкалууда. Программадагы негизги экинчи басым алардын кыйла актуалдууларын чечүүгө коюлган.

Мамлекеттик саясат геоэкономикалык чектөөлөрдү, энергетикалык, финансылык жана технологиялык ресурстардын чектелишин жоюуга багытталат. Бул артыкчылык Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык болуп эсептелет.

Программанын негизги артыкчылыктары келечектүү өнүгүүнү, өлкөнүн келечегин аныктаган система түзүүчү долбоорлорду ишке киргизүүнү көздөйт.

1.2. Программанын негизги принциптери

Белгиленген курсту кармоо жана ырааттуулук Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү шарты болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу негизги баалуулуктарды жана принциптерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана тыюу салууларды аныктоо керек.

Биринчиден, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны зордуктан жана басмырлоодон, коркунучтардан жана зомбулуктан корголууга тийиш. Адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдигин камсыз кылуу - мамлекеттин конституциялык милдети.

Экинчиден, элдердин көп түрдүү маданияты жана диний ишенимдери - бул өлкөнү өнүктүрүү үчүн стратегиялык курс. Мамлекеттин саясаты улуттук ынтымакты камсыз кылууга, жарандык жана этностор аралык өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого тийиш.

Үчүнчүдөн, коомдун жана мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээли "көп инвестициялап, аз коротуу зарыл" деген принципке негизделген жаңы моделге өтүшү керек. Мамлекеттин билим берүүгө жана саламаттык сактоого, кам көрүү экономикасына жумшалган чыгымдарын келечектеги турмуш стандарттарына, адамга жана өнүгүү чөйрөсүн түзүүгө инвестициялоо катары кароо зарыл.

Төртүнчүдөн, жеке сектор ишке ашыра алган мамлекеттик органдардын чарбалык жана башка функцияларын аутсорсингге максималдуу түрдө өткөрүп берүү, аларга ылайык келбеген функциялардан бошотуу керек. Жагымдуу жана адилет чөйрөнү түзүүгө, менчиктин кол тийбестигинин институттарынын коопсуздугунун жана туруктуулугунун кепилдиктерин камсыз кылууга, келишимдик укуктун аткарылышына, талаштардын адилет чечилишине басым кылынууга тийиш.

Бешинчиден, өлкөнүн экономикасынын ачыктыгынын жана эл аралык процесстерге интеграция болуунун стратегиялык муктаждыгы деген принцип сакталууга тийиш. Интеграциялык институттарды пайдалануу улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүдө биздин мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Алтынчыдан, күчтүү жана өз алдынча региондорду пайда кылууга, анын ичинде аларга инвестиция кылуу жана региондук өсүш орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу пайда кылууга багыт алуу керек. Учурдун талабына жана коомдун муктаждыгына жооп берген административдик-аймактык түзүлүштүн актуалдуу модели талап кылынат.

Жетинчиден, өлкөнүн ресурстары чектелүү, ошондуктан аларды чар жайыт колдонбой, атаандаштыкка жөндөмдүү болгон артыкчылыктуу багыттарга топтоо керек, булар - айыл чарбасы, гидроэнергетика, туризм, кен казуу тармагы жана жеңил өнөр жайы. Стратегиялык ресурстарды натыйжалуу жана сарамжалдуу колдонуунун программасын киргизүү маанилүү болуп эсептелет.

II. Кырдаалды талдоо

2.1. Коомдук-саясий кырдаал

Кыргыз Республикасы эгемендик жылдары бир катар саясий өзгөрүштөргө туш болду, алар чечилбей келген тереңде жаткан социалдык кризистерден, күчтүү бийликтин жоктугунан, коррупциянын жогорку деңгээлге жетишинен, өнүгүүнүн натыйжаларын адилетсиз бөлүштүрүүдөн улам келип чыкты.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Кыргыз Республикасында жаңы Конституция кабыл алынды, анда парламенттик демократияга өтүү багыты аныкталды. 2011-жылдагы Президенттик шайлоо жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоо демократиянын негиздерин бекемдеди. 2017-жылдын октябрындагы президенттик шайлоодо бийлик демократиялуу түрдө өткөрүп берилди жана эл аралык коомчулук тарабынан өлкөнүн саясий өнүгүүсүнүн маанилүү окуясы карата кабыл алынды.

Соңку жылдар саясий топтордун кызыкчылыктарынын кагылышы жүргөн мезгил болуп калды, көптөгөн кадрдык дайындоолор саясатташты.

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо кырдаал чыңалуу чегине жетип, коомчулук шайлоонун натыйжаларын тааныган жок жана өлкөнүн жогорку саясий жетекчиликтин алмашуусуна алып келди.

Азыркы мезгилде өлкөдө саясий туруктуулук орноду. Конституциялык реформа жүргүзүлдү, негизги мыйзамдар кабыл алынды, көптөгөн конституциялык органдардын статусу аныкталды. Ченемдик базаны жаңы Конституцияга ылайык келтирүү үчүн мыйзамдарды инвентаризациялоо улантылууда.

Өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бардык шарттарга карабастан бажылык жөнгө салуу, жазаларды аткаруу, соттук-эксперттик камсыздоо, мамлекеттик сатып алуулар, фискалдык жана лицензиялык-уруксат берүү иши, мамлекеттик мүлктү жана муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөлөрүндөгү көптөгөн бузуулар жана мыйзамдарды сактабоо негизги проблемалар бойдон калууда. Мыйзамдуулукту кепилдик кылуу жана камсыз кылуу милдетин аткарган укук коргоо жана сот системаларында да көптөгөн бузуулар болууда.

2.2. Макроэкономикалык дисбаланс

2020-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасы ИДП өндүрүүнүн 8,6%га төмөндөгөн кризисине дуушар болду, бул соңку жыйырма жылдагы абдан начар көрсөткүч болуп саналат. ИДП жан башына 1224 АКШ долларын түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында эң төмөн болду.

Мындай кескин начарлоо COVID-19 илдетинин пандемиясынан жана өлкөнүн тышкы факторлордон көз карандылыгы жогорку деңгээлде болгондугунан улам келип чыккан экономикалык кризиске байланыштуу болду. Биринчиден, коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлгөн карантиндик чаралар ишкердик активдүүлүктүн кыйла төмөндөшүнө алып келди. Чакан жана орто бизнестин, курулуштун, транспорттун, бир катар өнөр жай ишканаларынын иши дээрлик толугу менен токтотулду, кызмат көрсөтүү чөйрөсү олуттуу зыян тартты.

Экинчиден, Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы акча которуулардын кыскарышына жана ички сурамдын төмөндөшүн пайда кылды. Трансферттердин жалпы көлөмү 2020-жылы 1,4%га, ал эми калктын реалдуу кирешеси 5,1%га төмөндөдү, бул ички керектөөгө жана курулуш ишине олуттуу таасир тийгизди.

Үчүнчүдөн, Кытай Эл Республикасынан импорттун дээрлик 2 эсе кескин азайышы ички өндүрүшкө, реэкспорттук ишке терс таасирин тийгизди, анын натыйжасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү түшпөй калды. Төртүнчүдөн, иштеп жаткан инвестициялык долбоорлор токтоду, ошондой эле инвестициялардын кетүүсү белгиленди.

Экономиканын тармактарын алганда, ИДПнын 8,6%га төмөндөөсү курулушта 15,9%га, чекене соодада 15,7%га өндүрүштүн төмөндөөсү менен шартталды. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу сыяктуу багыттарда көрсөтүлгөн кызматтардын дээрлик эки эсе азаюусу белгиленген. Өнөр жай өндүрүшү 7,5%га кыскарган, ал кен казуу өнөр жайында төмөндөө 22,4%ды түздү. Айыл чарбасында эч кандай өзгөрүү болгон эмес.

Соңку 20 жылда экономиканын түзүмү өзгөргөнүн белгилей кетүү керек. Айыл чарбасынын үлүшү 37%дан 14%га чейин төмөндөдү, ошол эле учурда соода менен кызмат көрсөтүүнүн үлүшү 32%дан 46%га чейин кескин көбөйдү.

Керектөө товарларынын баасынын өсүшү жылына орточо алганда 6,3%ды түздү. Алмашуу курсу узак мезгилдеги туруктуу абалдан төмөндөдү, улуттук валютанын АКШ долларына карата девальвациясы 18,9%ды түздү, бул акча которууларынын көлөмүнүн азайышы жана реэкспорттук операциялардын кыскарышы менен байланыштуу болду.

Орто мөөнөттүү келечекте фискалдык консолидация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн артыкчылыктуу бойдон калат. Кирешелерди жыйноо деңгээли 2017-2019-жылдардагы ИДПнын 20-21%ынан 2020-жылы 18%га чейин төмөндөдү. Өлкөнүн ичиндеги экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнөн жана реэкспорттук операциялардын көлөмүнүн азайышынан улам салык базасынын кыскарышынын жана салыктык тескөөнүн өнүкпөгөнүнүн натыйжасында салыктык түшүүлөрдүн чектелүү болушуна алып келди.

Реформалардын программасында негизинен салыктык тескөөнүн айрым компоненттерин санариптештирүүнү киргизүү жана тескөөнү жакшыртуу каралган. 2020-жылы бюджеттин дефицити ИДПнын 3,3%ын түздү, бул өткөн жылдар үчүн көрсөткүчкө караганда кыйла жогору, буга чейин орточо деңгээли 1,4%ды түзүп келген. Финансылык ажырымды жабуунун башкы булагы болуп донорлордун тышкы расмий жардамы эсептелет. Тышкы жардамга болгон өлкөнүн көз карандуулугу мамлекеттин инвестициялык жана операциялык ишинде көрүнүүдө.

2010-2020-жылдары ойлонбостон карыз алуу саясаты тышкы карызды башкаруунун абалынын начарлашына алып келди. Карыз алуунун максаттары жана географиялык жактан бөлүнүшү жагынан алганда тышкы карыздын түзүмү жакшы жагына өзгөргөн жок. Өткөн он жылдан айырмаланып, учурдагы керектөөнү каржылоо үчүн карыз алуунун үлүшү көбөйдү, ал эми кыска убакыттын ичинде Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын негизги кредитору болуп калды.

Тышкы карыздарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө маселе курч болууда. Тышкы каржылоонун абдан көп үлүшүн алган секторлор -энергетика жана транспорт туруктуу боло элек, дагы эле тышкы колдоого көз каранды бойдон калууда.

Мамлекеттик бюджеттин учурдагы өтүмдүүлүгү менен байланышкан кыйынчылыктар тышкы карызды тейлөөгө оорчулугун тийгизүүдө. Өлкө учурдагы төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө кредиторлорго өтүнүч менен кайрылууга аргасыз болду. Айрым эки тараптуу кредиторлор тышкы карызды тындыруунун мөөнөтүн орточо алганда 3 жылга узартууга макулдук беришти.

Соңку бир нече жылда тышкы карыз өстү жана 2020-жылы ИДПга карата 58,3%ды түздү. Тышкы карызды тейлөө үчүн бөлүнгөн каражаттардын көлөмү мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 9,4%ын же ИДПнын 2,7%ын түздү. 2023-2025-жылдары тышкы карыздар боюнча төлөөлөрдүн өсүшү башталат.

Тышкы карызды тейлөө проблемасы орто мөөнөттүү келечекте кризистик маселелердин бири болуп калат. Өлкөнүн бюджеттик көрсөткүчтөрүнө карыздын кыйла жогору таасир тийгизүүсү катуу фискалдык тартипти сактоонун зарылдыгын айгинелеп турат.

Төлөө балансына оорчулук келүүдө. Буга негизги факторлор боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү болгону себеп болууда: экспорттон жана реэкспорттук операциялардан түшүүлөр, эмгек мигранттарынан акча которуулар чектелүүдө, чет элдик инвестициялардын келүүсү азаюуда.

2020-жылы соода дефицити 1,7 млрд. АКШ долларын же ИДПнын 22%ын түздү. 2020-жылы көптөгөн жылдардан бери биринчи жолу 939 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү түз чет элдик инвестициялардын кетүүсү байкалды.

2.3. Бизнес-чөйрө жана инфратүзүм

COVID-19дун жана 2020-жылдын октябрындагы саясий толкундоолордун кесепети бизнеске жана инвестициялык чөйрөгө тийди. Кыйла терс таасирлер кен казуу, курулуш, кесиптик, илимий жана техникалык иш секторлорунда байкалууда.

Бизнести жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча маселелер чечилбегендиктен жагымсыз бизнес-чөйрө түзүлүүдө. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, ишканалардын өкүлдөрүн сурамжылоо жана максаттуу интервьюлар коррупциянын жогорку деңгээлде экендигин көрсөттү. Бул жагдай Transparency International түзгөн рейтингдеги Кыргызстандын позициясында жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн "Ишкердик чөйрөнүн абалы жана ишканалардын ишинин көрсөткүчтөрү" (ВЕЕРS) деген изилдөөдө чагылдырылды, ага ылайык Кыргыз Республикасында пара берүүнүн жыштыгы Борбордук Азия боюнча орточо көрсөткүчкө караганда абдан жогору болгон.

Ошол эле учурда бизнес жүргүзүү боюнча системалуу ички проблемалар сакталууда. Чакан жана орто бизнеске карата жеңилдетилген салыктар, жеткиликтүү каржылоо жана жөнгө салуунун жагымдуу режими улуттук бизнести анча чоң эмес форматта иштөөгө түртүүдө. Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү" рейтингинде 2019-жылы Кыргыз Республикасы 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеген, ал Казакстан Республикасынан артта калып (28-орун), бирок Өзбекстан Республикасынан (76-орун) жана Тажикстан Республикасынан (126-орун) алдыга чыккан. Электр энергиясын алуу (174-орун), салык төлөө (150-орун) жана келишимдерди мажбурлап аткаруу (131-орун) эң төмөн көрсөткүчтөр бойдон калууда.

Формалдуу эмес экономиканын үлүшүнүн чоң болушу өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, анда эмгекке жарактуу калктын дээрлик 70%ы ишке тартылган жана алардын мамилелери жөнгө салына элек. Мындай жагдайда мамлекеттик бюджеттик стимулдардын жана башка расмий колдоо чараларынын жардамы менен экономикага таасир тийгизүү кыйын.

Соттук процесстердин жана соттук чечимдердин аткарылышынын созулушу бизнести өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип жатат. Анын натыйжасында мыйзамдын толук үстөмдүгү жана менчик укуктарын жетиштүү түрдө коргоо камсыз кылынбай калууда.

Кризистик деңгээлге жакын базалык инфратүзүмдөрдүн абалы өнүгүүнү чектеген олуттуу фактор болуп эсептелет. Негизги фонддордун эскириши 80%дан ашат. Турак жай-коммуналдык чарбанын бардык системасын реформалоо талап кылынат. Кызмат көрсөтүүнүн сапаты абдан төмөн, тарифтердин системасы экономикалык жактан натыйжасыз болууда, ал эми ресурстар ачык-айкын сарпталбай жатат. Көпчүлүк коомдук инфратүзүмдөрдүн иштеп туруусунун негизги фактору болуп мамлекет тарабынан берилген бир катар түз жана кыйыр субсидиялар эсептелет.

2.4. Социалдык адилеттүүлүк

Социалдык система ушул чөйрөдөгү инвестицияларга карабастан функциясын толук көлөмдө аткарбай жатат. Дайыма болуп туруучу коомдук-саясий толкундоолор турмуштун сапатынын деңгээлинин кыйла төмөндүгү менен байланышкан. Өлкө адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингде 189 өлкөнүн ичинен 120-орунда турат.

Адамдын турмушун камсыз кылган базалык секторлор боюнча калк өзүнүн нааразычылыгын туура билдирип жатат. Ресурстар менен камсыз болуу кыйла төмөн болгонуна карабастан ашыкча социалдык милдеттенмелердин болушу жана мамлекеттик саясаттын натыйжасыздыгы негизги жагдай болуп эсептелет. Социалдык секторго жумшалган мамлекеттик чыгымдардын жалпы үлүшү мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 50%дан ашыгын түзөт.

Жакырчылыктын деңгээли соңку жылдары азайды. Бирок 2020-жылдагы экономикалык кризис калктын жакырчылыгынын көрсөткүчүнүн 25,3%га чейин өсүшүнө алып келди. 2020-жылы балдардын жакырчылыгы 31,8%ды түздү. Кыйла аялуу облустар болуп Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустары эсептелет. Жакырчылыктын шарттарында жашаган калктын санынын көбөйүүсү олуттуу тынчсызданууну жаратууда, бул Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүнүн алкагында олуттуу чакырык болуп эсептелет. Кырдаалдын андан аркы начарлоосу учурдагы кризистин тереңдигине жана узактыгына жараша болот, себеби жакырчылыктын чегинде турган калктын саны абдан жогору.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын олуттуу бөлүгү билим берүү жана саламаттык сактоо секторлоруна бөлүнгөнүнө карабастан калкка көрсөтүлгөн кызматтын сапаты абдан төмөн болуп жатат. Кыргыз Республикасынын мектептеги билим берүү чөйрөсү азыркы мезгилге чейин PISA эл аралык тестирлөөнүн эң начар натыйжаларын көрсөтүп келген. Окутуучулар менен педагогдордун билим берүүгө умтулуусунун начардыгы, ошондой эле мектептерди техникалык жана методикалык жактан камсыз кылуунун жетишсиз деңгээли - билим берүү системасынын начар болушунун негизги факторлору.

Жумушчу күчтүн квалификациясынын деңгээли жана техникалык жана кесиптик билим берүүнүн жана кадрларды даярдоонун иштеп жаткан системасы мындан аркы колдоого жана өнүктүрүүгө муктаж. Компаниялардын дээрлик үчтөн бири жумушчу күчүнүн даярдыгынын жана билиминин рыноктун талабына туура келбегенин белгилешкен. Расмий катталган жумушсуздардын 21%ы жогорку кесиптик билимге ээ, бирок аларга муктаждык жок болууда. Анча көп эмес өсүшкө карабастан, эмгектин өндүрүмдүүлүгү Борбордук Азия регионун алганда эң төмөн бойдон калууда.

COVID-19 илдетинин жайылышынын себебинен түзүлгөн кырдаал саламаттык сактоо системасы иш жүзүндө иштебей калганын көрсөттү. Эгемендик алган учурдан баштап бул сектор дайыма артыкчылыктуу болуп, каржылоонун олуттуу бөлүгүн алып турган. Кризис дээрлик бардык багыттар боюнча - медициналык кадрларды даярдоо жана кадрлардын, дарылоо методикаларынын жана стандарттарынын жок болушу, инфратүзүмүнүн жана жабдуулардын жок болушу, дары-дармек препараттары жана медикаменттер менен камсыздалышы боюнча системалык проблемалардын бар экенин көрсөттү. Саламаттык сактоонун бардык деңгээлдери пандемияга даярдыксыз болуп чыкты.

Региондор ортосунда, шаар менен айылдын ортосунда саламаттыктын жана бакубаттыктын абалы боюнча олуттуу айырмачылыктар байкалууда. 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн жана наристелердин өлүмүнүн жогорку жана төмөнкү көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы олуттуу ажырым белгиленүүдө.

Саламаттыктын коопсуздугу деген глобалдуу индекске ылайык Кыргыз Республикасы 2019-жылы 195 өлкөнүн ичинен 47-орунду ээлеген. Саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдарга системалуу чара көрүү мүмкүндүгү кыйла начар элемент болуп табылган, бул COVID-19 илдети жайылган мезгилде ырасталды. Саламаттык сактоо системасынын потенциалы медициналык кадрлар менен камсыздалышы жагынан жана инфекциялык ооруларды болтурбоо үчүн инфратүзүмдүн жоктугу менен аныкталды. Таза суу жана санитардык инфратүзүм сыяктуу чөйрөнүн факторлору олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Жумушсуздуктун жогорку деңгээли өлкөнү өнүктүрүүгө бөгөт болгон чектөөлөрдүн бири болуп эсептелет. Эмгек рыногундагы кырдаал квалификациясы төмөн жумушчу күчүнүн ашыкча болушу, ошол эле учурда квалификациялуу кадрлардын абдан тартыштыгы менен мүнөздөлөт.

Иштеген аялдардын үлүшү көп эмес - 42% жана өндүрүмдүүлүгү төмөн секторлордо топтолгон. Формалдуу эмес сектордо аялдардын 61%дан ашыгы эмгектенет. Эмгек акынын деңгээли иш жүзүндө ошондой эле иште иштеген эркектерге караганда төрттөн бирге аз. Эмгек рыногуна чыккан жаштардын болжол менен жарымы сапаттуу иш үчүн зарыл болгон когнитивдик жана техникалык көндүмдөргө ээ эмес. Иштеген жаштардын жалпы санынын 70%ынан ашыгы формалдуу эмес сектордо эмгектенет.

Гендердик теңдикке жетишүү позициясынан алганда, мамлекеттик башкарууда аялдардын өкүлчүлүгүндө кыйла регресс белгиленди.

Калктын эмгек миграциясы тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Азыркы мезгилде эмгек миграциясы боюнча так статистика жок, бирок ар кандай баалоолор боюнча бул көрсөткүч 500-750 миң адамга чейин жетет. Мигранттардын болжол менен 80%ы орто жалпы билимге ээ, бул алардын квалификациясы төмөн позицияларда иштөөсүн шарттайт. Мекендештерибиз барган негизги өлкөлөр болуп Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы эсептелет. Ошол эле учурда соңку жылдары Түркияга жана Корея Республикасына кызыкчылык өсүп жатканы байкалууда.

2020-жылы чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын акча которууларынын көлөмү төмөндөдү жана 2377,2 млн. АКШ долларын түздү, бул ИДПнын 31%ын түзөт. Расмий трансферттердин көлөмүнүн азаюусу барган өлкөлөрдөгү ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү менен шартталган.

2015-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулушу менен Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар азайды. Түркия жана маданий коомчулук тарабынан эмгек ресурстарын колдоо боюнча бир катар көрүлгөн чаралардын натыйжасында эмгек мигранттарынын бул багытты өздөштүрүүсү үчүн негиз түзүлгөндүгүн белгилөө зарыл.

Жакынкы 5 жылда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын саны 250 миң адамга көбөйөт, бул жаңы жумуш орундарынын санынан дээрлик 2 эсеге көбүрөөк. Миграция системалуу көрүнүш катары Кыргыз Республикасынын экономикасында орун алат. Экономиканын акча которуулардан көз карандылыгын эске алганда эмгек мигранттарынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу, эмгек миграциясынын багыттарын диверсификациялоо жана тез социалдык интеграциялоо мүмкүнчүлүгү орто мөөнөттүү келечекте чечүүчү мааниге ээ.

2.5. Мыйзамдын улуктугу жана мыйзамдуулукту камсыздоо. Укук коргоо системасы жана коопсуздук

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасына дүйнөлүк жана региондук ареналарда болуп жаткан глобалдык саясий процесстердин таасири тийүүдө.

Ошол эле учурда эл аралык терроризм, экстремизм, сепаратизм коркунучу жана баңги өндүрүшүнүн көбөйүшү менен коштолгон АКШ баштаган эл аралык коалициянын аскерлерин чыгаруу менен байланышкан Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшү жалпысынан Борбордук Азиянын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна келтирилген негизги коркунучтардын бири болуп саналат.

Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн ар түрдүү көйгөйлөргө, анын ичинде сууну пайдалануу, энергетика, көзөмөлсүз миграция жана өзгөчө чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине карата ар кандай көз караштары жана бирдиктүү мамиленин жоктугу өлкөнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына реалдуу коркунуч келтирүүдө, анын натыйжасында калк арасында көптөгөн курмандыктарга алып келген ири масштабдагы чек ара жаңжалы келип чыкты.

Мындан тышкары, саясий туруксуздуктун себебинен, коомдук коопсуздукту жана өлкөдөгү укуктук тартипти камсыз кылуу менен байланышкан ички көйгөйлөр ачыкка чыгарылды. Атап айтканда, уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет жана коомдун дээрлик бардык чөйрөсүнө таасирин тийгизет. Криминалдын бийликтин жана мамлекеттик башкаруунун, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен биригүү фактылары өзгөчө тынчсызданууну жаратууда.

Көпчүлүк учурда жөнөкөй жарандар укук коргоо органдары тарабынан талаптагыдай коргоого алынбастан, тескерисинче укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүнүн аракеттеринин курмандыгы болуп калышат, мындай кызматкерлер үчүн алардын ишмердүүлүгүн баалоонун негизги критерийи - кылмыштын бетин ачуу жана аныктоо деңгээли болуп саналат. Натыйжада өлкө калкынын олуттуу бөлүгү укук коргоо органдарына ишенбейт жана өзүн коопсуз сезбейт.

Мамлекеттик бийликтин сот бутагы - мамлекеттин негиздеринин башкы курамдык компоненттеринин бири болуп саналат, ал өлкөдөгү укуктук стабилдүүлүктү камсыз кылат, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого мүмкүндүк берет, саясий жана экономикалык ишмердүүлүк үчүн зарыл шарттарды түзөт. Адилеттүү жана көз карандысыз сот системасын түзмөйүнчө демократиялык өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес.

Бирок өлкөнүн сот системасы радикалдуу чечимдерди, ал эми системанын өзү - сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын, соттордун авторитетин жана сотторго элдин ишенимин жогорулатууга багытталган олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылган эски да, жаңы да кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Коомдук тартипти, коопсуздукту, жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана алардын мүлкүн коргоо боюнча коюлган милдеттерди аткарууда кесипкөйлүк деңгээлинин төмөндөшү байкалууда, мындай абалга укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин этикалык жүрүм-турум стандарттарын сактабагандыгы себеп болушу мүмкүн.

2.6. Өнүгүүнүн туруктуулугу

Экологиялык натыйжалуулук индекси боюнча Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 105-орунда турат. Өлкөнүн экологиялык жактан таза экени жана "жашыл" туруктуу өнүгүүнүн артыкчылыктары жөнүндө үзгүлтүксүз билдирүүлөргө карабастан, өлкөнүн табигый экосистемаларды сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктүн бүткүл спектрин коргоо боюнча аракеттери жетишсиз экени анык.

Жайыт жерлеринин деградацияга учуроо тенденциясы өзгөчө кооптонууну пайда кылышы керек. Ашыкча жана жөнгө салынбаган мал жаюу жана токойлордун кырылышы кыртыштын эрозиясын пайда кылып, айыл чарбасына терс таасирин тийгизүүдө. Климаттын өзгөрүү тобокелдиктери башкаруу маселелерине дагы терс таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү менен байланышкан маселелерди андан ары чечүү талап кылынат. Айыл калкынын 20%га жакыны ичүүчү таза суу менен камсыз кылынган эмес. Суунун сапаты да талаптагыдай эмес, анткени айылдагы суунун 40%ы тиешелүү деңгээлде тазаланбайт.

Санитардык абал начарлап баратат, анткени борборлоштурулган канализация менен камсыз кылуу учурдагы керектөөлөрдүн үчтөн бир бөлүгүнөн азыраак. Бул көйгөй, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында өлкөнү жана аймактарды башкаруу системасына олуттуу чакырык катары белгиленген.

Суу менен камсыздоо сектору сыяктуу эле саркынды сууларды чыгаруу жана санитария сектору инвестициялардын жетишсиздиги менен мүнөздөлөт, начар жөнгө салынган чөйрө болуп саналат, финансылык жана оперативдүү башкаруусу начар уюштурулган.

Өлкөдө ири суу ресурстары бар - болжол менен 47 куб. км жер үстүндөгү дарыялардын агымы, мында Кыргыз Республикасы дарыя агымынын 20%ын гана колдонот. Ирригациялык инфратүзүмдүн начар абалы көңүл бурууну, аны тезинен калыбына келтирүүнү жана андан ары өнүктүрүүнү талап кылат. Рынок шартында суу ресурстарын натыйжалуу башкаруунун жоктугу, курулмалардын эскиришинен улам ирригациялык инфратүзүмдүн техникалык абалынын начардыгы, оңдоо жана техникалык тейлөө, ошондой эле жаңы объекттерди куруу үчүн каражаттын жоктугу негизги көйгөйлөр болуп саналат.

Зор гидроэнергетикалык потенциалга ээ болгон Кыргыз Республикасы энергияны көп талап кылган экономикалардын бирине ээ. Анын себептери -экономиканын технологиялык модернизациясынын төмөн деңгээли жана энергетика тармагындагы баа процессинин саясатташуусу болуп эсептелет. Бул жалпысынан алганда, ушул секторго инвестициялык кызыгуунун жоктугуна жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугуна таасирин тийгизет. Акыркы жылдары гидроэнергетикалык активдерге инвестициянын жоктугу көмүр өндүрүүнүн жана керектөөнүн олуттуу өсүшүнө алып келди.

2.7. Эл аралык аспектилер

Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулукка андан ары интеграциялоо жолуна бет алууда. 2015-жылдын жазында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча чечим кабыл алынган. Бизнес жана бүтүндөй коом үчүн бул кадам белгилүү бир мүмкүнчүлүктөрдү алып келет, бирок бирликтин башка экономикалары менен атаандаштыкты күчөтөт. Өлкө реэкспорт операцияларынан атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүк потенциалды түзүүгө өтүү менен жаңы экономикалык моделди калыптандырышы керек. Орто мөөнөттүү келечекте ЕАЭБге мүчө болуу финансы, энергетика, транспорт жана технология рынокторун акырындык менен бири-бирине шайкеш келтирүүнү шарттайт.

Региондор аралык интеграциялоого логистикалык сектордогу, анын ичинде бажы жана чек аралык тариздөөдөгү кемчиликтер жана тийиштүү инфратүзүмдүн сапаты мурдагыдай эле тоскоолдук жаратууда. Региондо улуттук продукцияны илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеген экономикалык протекционизмдин жогорку деңгээли сакталып калууда.

Кыргыз Республикасы эл аралык демилгелерге активдүү катышууда. Бирок Дүйнөлүк соода уюмуна жана Жалпы преференциялар системасына (ВСП+) катышуунун потенциалдуу пайдалары толук ишке ашкан жок.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү күн тартибинин эң маанилүү пункттарынын бири тышкы рынокторго жетүүнү камсыз кылуу, аларды диверсификациялоо жана ата мекендик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болмокчу.

Россия Федерациясындагы жана Казакстан Республикасындагы салттуу сатуу рыноктору менен катар Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын тийиштүү рынокторуна жетиштүү көңүл бурулбай жатат. Жалпысынан алганда, тышкы экономикалык саясатта товарлардын жана капиталдын рыногуна чыгуу үчүн ойлонуштурулган кызматташтыктын моделдерин куруу зарыл.

Учурдагы эл аралык кырдаал дүйнөнүн алдыңкы державаларынын ортосундагы чыңалуунун күчөшү менен мүнөздөлүүдө, бул глобалдык коопсуздук системасына жана тийиштүү түрдө Борбор Азияга таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдөгү кырдаал Жакынкы Чыгыштын Сирия, Ирак, Ливия сыяктуу өлкөлөрүндө токтобогон куралдуу жаңжалдарга байланыштуу да курчуп баратат, аларга экстремисттик уюмдар, анын ичинде Борбор Азиянын жана КМШга мүчө башка мамлекеттердин жарандары катышууда. Чыңалуу жана белгисиздик АКШнын жана Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Афганистандан чыгарылышы менен да байланыштуу болууда.

Эл аралык терроризмдин, экстремизмдин, баңгизаттарынын жана курал-жарактардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн коркунучу, радикалдуу доктриналардын окуусуна негизделген идеологияны жана дүйнө таанымды жайылтуу коркунучу, ошондой эле ооган качкындарынын массалык агымынын коңшу өлкөлөргө жана андан аркы аймактарга багытталуусунун тобокелдиги сакталууда.

Бул коркунучтардын баарын натыйжалуу нейтралдаштыруу улуттук алкактардан ашып, БУУнун, ЖККУнун, ШКУнун жана башка эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында Кыргыз Республикасынын активдүү өз ара аракеттенүүсүн талап кылат. Чечилбеген аймактык жана суу маселелери потенциалдуу чыр-чатактардын, анын ичинде куралдуу жаңжалдардын булагы болуп саналат, алар Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен талаштуу маселелерди укуктук негизде чечүүнүн маанилүүлүгүн күчөтүүдө.

2.8. Өзүн таануу, рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктар кризиси

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өзүнүн тагдырын аныктоонун татаал тарыхый этабына кирди. Кыргыз Республикасы рыноктук мамилелердин тез өнүгүшү жана керектөөчү коомдун түзүлүшү менен байланышкан көптөгөн кыйынчылыктарга даяр эмес болчу. Материалдык кызыкчылыктардын үстөмдүгү, рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктардан бөлүнүү азыркы кыргызстандыктын дүйнө таанымынын жана баалуулуктарынын өзгөрүшүнө таасирин тийгизүүнү улантууда.

Өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилинин башкы көйгөйү баалуулуктары жана кызыкчылыктары ар түрдүү адамдарды бириктире ала турган мамлекеттик идеологиянын жоктугу болуп саналат. Ошол эле учурда рухий жана адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктар экинчи планга өтүп, жеке адамдын керектөө жана рухий деградация саясатына жол берди.

Тарыхый жактан муундан-муунга өткөрүлүп берилген, Кыргыз Республикасынын элинин коомдук өзгөчөлүгүн сактаган рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарга билим берүү жана маданий саясатта мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөстөн жана калыбына келтирилбестен, коом үчүн баалуулукка ээ болбой калды.

2.9. Демографиялык тенденциялар

Демографиялык кырдаалды талдоо жана анын узак мөөнөттүү өнүгүү болжолу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан орто мөөнөттүү концептуалдык документтерди иштеп чыгууда эске алынышы керек болгон бир катар факторлорду ачып берди.

Кыргыз Республикасынын калкынын саны туруктуу негизде көбөйүп турмакчы. 2025-жылдын аягына чейин республиканын калкынын саны жети миллионго жетүүсү күтүлүүдө. Миграциялык процесстердин динамикасын шарттаган Борбордук Азия аймагында демографиялык басым байкалат. Азыркы учурда калктын концентрациясы эки аймактык зонанын тегерегинде уланууда - (1) Бишкек шаарынын тегерегинде, (2) Ош - Жалал-Абад шаарларынын огунда, бул келечекте социалдык-экономикалык инфратүзүмгө, экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна кысым көрсөтөт.

Өлкө эмгекке жарамдуу курактагы жаштардын жыл сайын табигый агымынан улам эмгек рыногунда дайыма кысымга дуушар болуп турат. 2030-жылга карата, эмгек рыногуна жылына 350 миңге жакын адам кошулуп турганда басым чокусуна жетет.

Ошондой эле орто мөөнөттүү келечекте пенсия курагындагы адамдардын үлүшүнүн туруктуу өсүшү байкалат - жылдык өсүш 20 миңге жакын адамды түзөт, бул пенсиялык саясаттын алкагында жана саламаттык сактоо системасын, социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүдө эске алынышы керек.

III. Кризиске каршы чаралар

3.1. COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылтылышына жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү

2020-жылдын жыйынтыктарын талдоодо өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлашына COVID-19дун жайылтылышынын кесепеттери олуттуу таасир тийгизгенин көрсөттү.

Коронавируска каршы күрөшүүдө жана анын андан ары жайылтылышын, оорунун очокторунун кайра пайда болушунун алдын алуу максатында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын толук жетекчиликке алуу керек.

COVID-19дун келечекте жайылтылышы боюнча негизги маселелер ачык бойдон калууда. Бирок, азыр вирустун жаңы мутациялары учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн экени айкын болду. Ошол эле учурда эмдөөнү өз убагында жайылтуу жана калк тарабынан кабыл алуу, профилактикалык жана эпидемиологиялык чаралардын натыйжалуулугу сыяктуу бир катар көйгөйлөр бар.

Буга байланыштуу биринчи милдет - COVID-19дун жаңы штаммдарын ташып киргизүүгө жол бербөө жана эпидемияга каршы чараларды ишке ашыруу болуп саналат. Бул милдетти ишке ашыруу төмөнкү чараларды көрүүнү талап кылат.

Чет мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдардын коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын алгандыгын тастыктоочу документти берүү же ПЦР-тестирлөөдөн милдеттүү түрдө өтүүнү талаптагыдай көзөмөлдөөнү камсыздоо зарыл. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга карата коронавирустун жаңы штамдарын ташып киргизүүгө жана жайылтууга жол бербөө боюнча иш-аракеттер алгоритмине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек. Бул алгоритмдер республикада жана дүйнөдө учурдагы эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен дайыма кайра каралып турууга тийиш.

Түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана калкка оорунун жайылуусунун абалы, мамлекеттин саясаты, алдын алуу чаралары, оору тууралуу маалымат жөнүндө эң объективдүү маалыматты жеткирүү зарыл.

Өзгөчө кырдаалда жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн негизги медициналык кызматтарды көрсөтүү потенциалын күчөтүү керек. Кризистик шартта эң маанилүү элементтердин бири эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү, тиешелүү кызматтардын сапаттуу лабораториялык жана диагностикалык иштери болуп саналат. Кырдаалдын өнүгүшүн системалуу түрдө илимий жана практикалык божомолдоонун негизинде тобокелге кабылган адамдар үчүн алдын алуучу чаралар иштелип чыгышы керек.

Оорулууларга медициналык жардам көрсөтүүгө биринчи кезекте тартылган ооруканалардын тизмесин аныктоо жана интенсивдүү терапия үчүн керектүү ресурстарды мобилизациялоо зарыл. Ушуну менен бирге медициналык жардамдын баштапкы деңгээлинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча оорунун жеңил түрүнө чалдыккан бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн адистештирилген мүмкүнчүлүктөрдү уюштуруу зарыл.

Медициналык кызматкерлердин оорууга чалдыгуунун жогорку статистикасын эске алуу менен, оорулуу адамдарга медициналык жардам көрсөткөн медицина кызматкерлеринин коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жана инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу керек.

Негизги дары-дармек препараттарын жана медициналык жабдууларды жеткирүү чынжырчасына жана запастарына ревизия жүргүзүү керек. Бир жагынан алганда, бардык маршрут боюнча тоскоолсуз логистиканы камсыз кылуу зарыл. Экинчи жагынан, коррупциялык схемаларды пайдалануу менен пайда табуу максатында кызматтык абалын пайдалануу фактыларын алдын алуу, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга чейинки катуу чараларды көрүү керек. Материалдарды жана жабдууларды сатып алууга жооптуу болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилери үчүн берүүлөрдүн өз убагында жана сапаты үчүн жеке жоопкерчиликти караштыруу зарыл. Дары каражаттарын жүгүртүүнүн эсебин толук автоматташтыруу камсыз кылынышы керек. Ошол эле учурда өзгөчө кырдаалдарда тез арада кароо жол-жоболорун караштырып, дары каражаттарын каттоо жана сертификаттоо системасын кайра карап чыгуу керек. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына болгон бааны ачык-айкын түзүү маселесин чечүү керек.

Бардык финансылык ресурстарды бириктирип, бирдиктүү башкаруу борборун түзүү зарыл. Бул шарттарда жалпы координация, ресурстарды бөлүштүрүү боюнча финансылык чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу эрежелерин жумшартуу керек. Каражат тартыш болгон учурда тез арада ыкчам каржылоо булактарын издөөнү демилгелөө зарыл.

Айрыкча чукул кырдаалдарда жана өзгөчө абалдарда аралыктан иштөө үчүн эмгек акы төлөө, ийкемдүү эмгек шарттарын түзүү маселесин мыйзамдуу жөнгө салууну тездетүү керек.

Оорунун жайылышынын кесепеттерин жумшартуу жана калктын эмгекке жөндөмсүз жана социалдык жактан аялуу катмарын колдоо үчүн жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн санариптик маалымат базасын киргизүү аркылуу социалдык коргоо системасы күчөтүлөт, ал кийинчерээк ар кандай субсидиялар, жеңилдиктер жана компенсациялар түрүндөгү максаттуу социалдык колдоо көрсөтүү үчүн камсыздоонун негизги куралы болуп калат.

Мындан тышкары, калктын көрсөтүлгөн категориялары үчүн диагноз коюу, алдын алуу жана медициналык кызматтарга кепилденген жеткиликтүүлүк боюнча чаралар каралышы керек. Ошондой эле финансылык социалдык төлөмдөр мыйзамдарга жана ыкчам кабыл алынган чечимдерге ылайык заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен иш жүзүндө турган жеринде толук көлөмдө жана өз убагында төлөнүүгө тийиш.

Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системаларында ишке ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн калктын социалдык аялуу катмарынын арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл.

Кризистик кырдаалда бүтүндөй коомдун аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен жана бул багыттарды өнүктүрүүнүн мотивациялык механизмдерин камсыз кылуу менен ыктыярчылардын жана кайрымдуулук уюмдарынын ишин мыйзамдаштыруу керек.

Экинчи милдет - эмдөөнү уюштуруу жана өткөрүү. Өлкөнүн бардык жарандары, анын ичинде эмгек иши менен алектенүү үчүн чет өлкөгө чыгып кеткендер үчүн эмдөө камсыздалышы керек. Өлкөнүн жарандарына вакциналарды тандоо укугун берүү керек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарын, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жардамын эске алуу менен вакциналарды каттоо системасы вакциналарды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана аларды каттоону тездетүү аркылуу өзгөртүлөт. Калкты эмдөө үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногу жеке саламаттык сактоо уюмдарынын кеңири катышуусу менен мүмкүн болушунча өнүктүрүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда вакцинанын коопсуздугунун шарттарын жана эмдөө процедураларын сактоого катуу мамлекеттик көзөмөл болушу керек. COVID-19га каршы эмдөөнүн улуттук планы иштелип чыгат жана тобокелдик тобуна кирген калктын 70% эмдөөдөн өтөт.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн вакциналардын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу, ошондой эле COVID-19дун жаңы штаммдарынын пайда болушуна жол бербөө милдеттендирилиши керек.

Саламаттык сактоо системасы эмдөө учурунда терс таасирлерге дайыма мониторинг жүргүзүп турууга жана алардын алдын алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө, калкты эмдөө боюнча тиешелүү чечимдерди үзгүлтүксүз жаңылап турууга тийиш. Өлкөнүн ар бир дарыгери жана жараны эмдөөнүн терс таасирлери пайда болгон учурда саламаттык сактоо мекемелеринин мүмкүнчүлүктөрү жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө кабардар боло турган модулду иштеп чыгуу керек.

Үчүнчү милдет - чек арадан үзгүлтүксүз өтүүнү камсыз кылуу максатында эмделген жана текшерилген адамдардын маалымат базасын башка өлкөлөрдүн маалымат базалары менен интеграциялоону кеңейтүү. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий өкүлчүлүктөрүнүн ишине активдүү катышуу менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарды колдонуу менен саламаттык сактоо министрликтеринин деңгээлиндеги байланыштарды активдештирүү зарыл.

3.2. Экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү

COVID-19дун жайылышы экономикага болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизди. Бардык дүйнөлүк финансы институттары 80 жылдын ичинде биринчи жолу терең глобалдык рецессияга кабылды. COVID-19дун массалык түрдө жайылышын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралар эл аралык сооданын кулашына, улуттук экономиканын бүт секторлорунун ишин токтотууга жана калктын жыргалчылыгынын олуттуу начарлашына алып келди.

Негизги артыкчылык катары 2021-2022-жылдарга карата терс божомолдорду жана байкалган тренддерди эске алуу менен кризистин кесепеттерин жумшартуу чаралары жана улуттук экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган чаралар көрүлүүгө тийиш.

Биринчиден, мамлекеттен турмуштук маанилүү секторлордун -энергия менен камсыздоо, телекоммуникация жана азык-түлүк коопсуздук объекттери сыяктуу негизги инфратүзүмдөрдүн иштешине кепилдик берүү керек. Зарыл болгон учурда мындай чарбакер субъекттер үчүн кредитти төлөөнү кийинкиге калтыруу, чукул кредиттөө чаралары каралууга тийиш.

Мамлекет өз кезегинде система түзүүчү ишканаларга, чакан жана орто бизнеске жана коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу убактылуу эмгекке жөндөмсүз болгон же жумушсуз калган жарандарга колдоо көрсөтүшү керек, анын ичинде узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредит берүү аркылуу жардам бериши зарыл.

Финансы ресурстарын мобилизациялоо, келечек муундар үчүн резервдерди топтоо жана кечиктирилгис чараларды каржылоо, ошондой эле экономиканын жагымсыз тышкы факторлордун таасирине көз карандылыгын азайтуу үчүн Турукташтыруу фонду түзүлөт.

Учурдагы кырдаал ири чарбалык субъекттердин банкрот болуу ыктымалдыгынын жогору болушуна алып келди. Кризистик кырдаалда бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн мүмкүн болгон варианттарынын бири система түзүүчү компаниялардын кредитордук карызын мамлекет сатып алышы мүмкүн, мамлекеттик бюджетке болгон карыздарын кайра түзүмдөштүрүү же кийин чыгуу милдеттенмеси менен алардын макулдугу боюнча карыздын суммасын ишканалардын уставдык капиталындагы үлүшкө айландыруу. Ликвиддүүлүктү сактоо үчүн корпоративдик баалуу кагаздарды чыгарууга жана аларды мамлекетке сатып алууга болот.

Мамлекеттик финансы системасы да катуу кысымга кабылды. 2020-жылы бюджеттин киреше бөлүгү кескин кыскарган. Бюджеттин ликвиддүүлүк көйгөйлөрүнө дуушар болуусу ачык көрүнүүдө. Ушуга байланыштуу, айрым беренелердин каржылоосун кыскартууга жана параллелдүү түрдө учурдагы ликвиддүүлүктү колдоо үчүн финансы институттары менен иштерди жүргүзүү зарыл. Кредиторлор менен мамлекеттик карызды кайра түзүмдөштүрүү жана эсептен чыгаруу боюнча ишти улантуу керек, анын ичинде экология жана "жашыл" технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлорго карызды алмаштыруу механизмдери аркылуу ишке ашыруу каралышы зарыл.

Ички саясаттын чаралары экономиканы тез арада калыбына келтирүү үчүн маанилүү болгон эл аралык соода жана кызматташтыкты сактоо менен колдоого алынууга тийиш. Тышкы соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу үчүн ЕАЭБдин аянтчасында көрүлгөн чараларды тездетүү зарыл. Кытай Эл Республикасы жана Өзбекстан Республикасы сыяктуу коңшу мамлекеттер, ошондой эле тышкы экономикалык активдүүлүктү аныктоочу башка өлкөлөр менен эки тараптуу негиздеги иштер улантылышы керек. Чек ара аймактарында соода-логистикалык борборлорду түзүүдөн тышкары, товарлардын региондук тоскоолсуз транзити үчүн тиешелүү жол-жоболорду бири-бири менен шайкеш келтирүү менен импорттук-экспорттук операцияларды толук автоматташтыруу зарыл.

Коронавирус пандемиясынын кесепетиндеги кризистик абалга карабастан, кээ бир тармактар үчүн региондук рыноктогу конъюнктура жакшырды. Атап айтканда, айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүнө суроо-талап жогорулады. Айыл чарба продукциясын даярдоо, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча логистикалык борборду куруу үчүн уюштуруу-укуктук жана жер маселелерин кыска мөөнөттүн ичинде чечүү керек. Ошол эле учурда, өлкө ичиндеги азык-түлүк кризисин болтурбоо үчүн калктын кыйла аялуу катмарына ресурстарды бөлүп берүүгө байланыштуу чаралардын пакетин кабыл алуу, азык-түлүктүн кыйла талап кылынган позициялары боюнча мамлекеттик резервди түзүү, өнөктөштөр менен жеткирүүнүн туруктуулугу, азык-түлүк жана биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын ички рыногунда ар кандай алып-сатарлык көрүнүштөрдү жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, соода ишмердүүлүгүндө, анын ичинде монополияга каршы чаралардын алкагында атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу зарыл.

3.3. COVID-19 пандемиясынын шарттарында билим берүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы аралыктан иштөө форматына өтүүгө даяр эмес болчу. Буга жалпы Республикалык тестирлөө учурунда мектеп окуучуларынын билимин текшерүүнүн жыйынтыгы далил болду. COVID-19 пандемиясында билим сапатынын начарлашы жаштардын олуттуу санынын келечегине узак мөөнөттүү таасирин тийгизет.

Буга байланыштуу билим берүү процессин башкаруу системасында инновациялык мамилелерди караган жаңы талаптарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл. Интенсивдүү режимде мугалимдерди онлайн режиминде сабак өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу өткөрүү зарыл. Билим берүүнүн бардык түрүндөгү окуучулар үчүн мыкты лекциялык материалдардын жана практикалык көнүгүүлөрдүн маалымат базасын түзүү менен ачык акысыз онлайн платформасын түзүү зарыл. Ошондой эле билим берүү мекемелери, мектептер үчүн заманбап талаптарга жана программаларга ылайык компьютердик жабдуулар менен IT инфратүзүмүн камсыз кылуу керек.

3.4. Кризистин шарттарында башкаруу

Кризистин шарттарында функцияларды аткаруу жана терс кесепеттерди азайтуу траекториясына тезинен кирүү мүмкүнчүлүгүн аныктоочу факторлор башкаруунун негизинде турат. Кризиске каршы башкаруунун негизги өбөлгөлөрү бул башкаруу системасынын өзгөрүүлөргө жана катуу тартипке актуалдашкан жана акылга сыярлык даярдыгы болуп саналат.

Мамлекеттик түзүлүштүн эң жогорку деңгээлинде кризиске каршы башкаруу субъектисинин болушу жана учурдагы кырдаалдын татаалдыгын жана комплекстүүлүгүн толук түшүнүү зарыл. Ар кандай координациялык кеңештердин, комиссиялардын, жумушчу топтордун болгонуна карабастан, алардын эффективдүүлүгү күмөн жаратат. Буга байланыштуу Кризиске каршы комитеттин форматында жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдар үчүн аянтча түзүү сунушталууда. Максат - кырдаалга шашылыш тартипте талдоо жүргүзүү, консультацияларды өткөрүү жана ыкчам макулдашылган чечимдерди кабыл алуу.

Реалдуу күн тартибин түзүү жана өлкөнүн алдында турган маселелерди иштеп чыгуу үчүн бардык деңгээлдерде (экономика аймактары жана тармактары боюнча) жана коомдо кризиске каршы башкаруу процесстерин актуалдаштыруу зарыл.

Башкаруунун бүтүндүгүн сактоо үчүн күн тартибинин эң маанилүү багыттары боюнча чечимдерди ыкчам талдоо жана иштеп чыгуу үчүн консультациялык аянтчаларды түзүү сунушталууда. Атап айтканда, азык-түлүк коопсуздугу, фискалдык консолидациялоо, эпидемияга каршы иш-аракеттер жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын социалдык кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү боюнча кризиске каршы консультативдик кеңештердин ишин күчөтүү сунушталууда. Убактылуу негизде чечим кабыл алуунун жөнөкөйлөтүлгөн алгоритмин жана жол-жоболорун ишке ашыруу талап кылынат. Бюрократиялык создуктурууларды минималдаштыруу зарыл, бирок каралып жаткан чечимдердин мазмунунун сапаты начарлабашы керек. Кээ бир учурларда "жөнгө салуучу чөйрөнү" колдонуу менен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ийкемдүү системаны караштыруу зарыл.

IV. Башкаруу реформасы - өнүктүрүүнүн өзөгү

Азыркы учурда менеджментте көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө натыйжасыз болуп калган башкаруу системасын бузуу жана тышкы чакырыктарга жана ички керектөөлөргө ылайык келген жаңы башкаруу системасын куруу керек. Азыркы учурда башкарууну ыкчам модернизациялоо үчүн бардык шарттар жана саясий өбөлгөлөр бар.

4.1. Аткаруу бийлигин реформалоо

Бийликтин аткаруу бутагынын системасы актуалдуу проблемаларды ыкчам чечүү менен өзүнүн мобилдүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн көрсөтүп, коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууга багытталышы керек. Жаңы моделдин негизинде төмөнкү принциптер эске алынышы керек - отчеттуулук, ачыктык, натыйжалуулук жана жөнгө салуу зарылдыгы.

Аткаруу бийлигинин кесипкөй институттарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Натыйжалуулукту көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү кайра түзүлөт. Мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функциялары программалык максаттарга жана объективдүү зарылчылыкка жараша аныкталат.

Мамлекеттик бийлик системасында башкаруунун концептуалдык алкактарын жана стандарттарын сактоо үчүн жооптуу болгон стратегиялык өнүктүрүүнү башкаруунун бирдиктүү борбору түзүлөт. Стратегиялык өнүктүрүүнү башкаруу аналитикалык институттар жана каржылоо инструменттери менен бекемделет. Операциялык башкаруу тармактык багыттардын жана аймактардын жетекчилерине жүктөлөт. Уюштуруу түзүмдөрүн (функцияларды) башкаруу процесстерине, ал эми башкаруу процесстерин - өлкөнүн стратегиялык максаттарына баш ийдирүү аркылуу мамлекеттик органдардын түзүмдөрү оптималдаштырылат.

Административдик реформа бизнес, жарандык жана донордук коомдоштук менен пландарды жана иш-аракеттерди координациялоо маселесин эске алышы керек. Аткаруу бийлигинин органдарынын эң жогорку деңгээлиндеги кызмат адамдарынын милдеттүү катышуусу менен мамлекеттик-жеке диалогду кеңири колдонуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Башкаруу процесстерин толук автоматташтыруу зарыл. Өлкөнү санариптештирүү биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу системасында ишке ашырылышы керек. "Маалыматтардын негизинде башкаруу" ("Data-driven governance") концепциясы киргизилет, ага ылайык бардык чечимдер мамлекеттик жана жеке системалар тарабынан топтолуучу "Көп маалыматтар" аналитикасында негизделиши керек.

Мамлекеттик кызматтар биринчи кезекте санариптик технологиялар аркылуу керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу болгон ар кандай ыкмалар менен көрсөтүлөт. Ошол эле учурда ар бир жаран аларды өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да турган жерине карабастан ала алат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында аутсорсинг практикасы кеңири колдонулат.

Мамлекеттик башкаруу системасын түзүү меритократия принциптерине негизделиши керек. Буга байланыштуу кадрдык чечимдер кесиптик мүнөздөмөсүн жана ак ниеттүүлүгүн, эмгек стажын жана тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынат. Жетектөөчү мамлекеттик кызмат орундарына, анын ичинде саясий кызмат орундарына талапкерлерге карата жогорку квалификациялык талаптар мыйзамдуу түрдө бекитилет. Резервдердин курамынан тандоо принциби айрым саясий кызмат орундарына дайындоодо да колдонулат. Жынысына, расасына, тилине, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, тегине, мүлктүк же башка абалына, майыптуулугунун белгисине, ошондой эле башка жагдайларга карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бардык деңгээлдериндеги кызмат орундарына кирүүдө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүктөрү үчүн кепилдиктер сакталат.

Кадрдык резервге киргизүү конкурстук негизде, ошондой эле иштеп жаткан кызматкерлердин ишинин олуттуу кесиптик натыйжаларын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кесиптик сапаттарын, көндүмдөрүн жана компетенцияларын аныктоого басым жасоо менен кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө жол-жоболору өзгөрөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине дем берүүнү жакшыртуу максатында ырааттуу иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирдиктүү эмгек акы төлөө системасы калат, бирок кыйла ак ниеттүү кызматкерлер тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы жана көтөргөн демилгеси үчүн бонустарды жана үстөктөрдү алышат. Натыйжалуу кадр саясатын түзүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды социалдык пакет менен камсыздоо максатында "Келечек" программасы иштелип чыгат.

Муундар алмашканда кадрлардын ишин улантуучулугу камсыздалат, тажрыйбалуу кызматкерлердин кызматка жаңы келгендерге насаатчылык институту киргизилет, тажрыйбалуу кадрларды сактап калуу жана кызматка келечектүү жаштардын келишинин эсебинен жаш курагы боюнча кадрдык курамдын гармониялуу айкалышы камсыз кылынат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселеси жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлөт. Окуу же квалификациясын жогорулатуу мезгилинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы жана башка кепилдиктери сакталат. Мында кызматчылардын окуусун аяктагандан кийин мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштөө милдеттенмелери боюнча маселе өзгөчө контролго коюлат.

Мамлекеттик аудит системасында уюштуруучулук жана институттук кайра өзгөртүүлөрдү киргизүү, аткаруу бийлигинин органдарында жана алардын карамагындагы уюмдарда экономикалык коопсуздуктун тобокелдиктерине жана коркунучтарына каршы аракеттенүүгө багытталган стратегиялык аудит жүргүзүүгө өтүү жүзөгө ашырылат.

Долбоорлор:

1) жарандык коомдун, бизнестин жана башка бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңешти түзүү;

2) "Маалыматтардын негизинде башкаруу" ("Data-driven governance") концепциясын киргизүү;

3) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана алардын жетекчилеринин максаттуу индикаторлорго жана стратегиялык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна жетүүгө негизделген ишин баалоо системасын өркүндөтүү;

4) Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу;

5) "Келечек" программасын ишке ашыруу.

4.2. Башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү

Санариптик технологиялар адамдын жашоо турмушунун бардык чөйрөсүнө киргизилет. Бул үчүн негизги санариптик көндүмдөрдү калыптандыруудан жана жагымдуу чөйрөнү түзүүдөн тышкары, тиешелүү инфратүзүмдөрдү жана системаларды түзүү зарыл. Жарандардын бардык категориялары, анын ичинде өзгөчө муктаждыктары бар топтор үчүн "жакын жайгаштыруу" принциби боюнча байланыш кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, жеткиликтүүлүк боюнча санариптик ажырымды жоюу мамлекеттик саясат үчүн негиз болуп калат.

Улуттук санариптик инфратүзүмгө тармактар, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору, булут технологиялары, маалыматтарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүү борборлору, санариптик платформалар, анын ичинен кеңири тилкелүү байланыш жана радио берүү кирет. Санариптик инфратүзүм трафиктин тез өсүшүн кармап турууга, жаңы керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жетиштүү өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен камсыз кылууга жөндөмдүү абалда болууга тийиш.

Өлкөнүн бир дагы региону тийиштүү байланышсыз жана жетүү мүмкүнчүлүгүсүз калбашы үчүн улуттук санариптик инфратүзүмгө инвестициялардын келишин өбөлгөлөөчү шарттар түзүлөт. Радиожыштык спектрин натыйжалуу колдонуу байланыш технологиялары тармагына инвестицияларды жана инновацияларды андан ары кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Түзүлүүчү улуттук санариптик инфратүзүм автоматташтырылган машина аралык трафиктин толук кандуу берилишин камсыздоого жана 1оТ/1оЕдин (заттардын интернети/бардык нерселердин интернети) өсүшүнө өбөлгө түзүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасында зарыл болгон коопсуздук талаптарын сактоо менен көптөгөн мамлекеттик маалымат системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуучу бирдиктүү көп компоненттүү системанын түзүлүшү башталат. Булуттук эсептөө технологияларына негизделген кызмат көрсөтүүлөр менен маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү мамлекеттин ар кандай маалымат системаларынын ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун куруу мындай системаларга карата жалпы дүйнөлүк стандарттарга жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруусу мамлекеттик же муниципалдык органдар тарабынан гана ишке ашырылууга тийиш эмес. Коммерциялык уюмдар дагы санариптик Кыргызстанды илгерилетүүгө кызыкдар болгондой мамлекеттин электрондук башкаруу системасына бизнес-түзүмдөрдү пландуу жана системалуу негизде кошуу зарыл.

Автоматташтырылган системалар товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук көзөмөлдөөнү, электрондук документ жүгүртүү системасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Салттуу финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн инновациялык чечимдер (финансылык технологиялар) киргизилет. Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана техникалык инфратүзүмдү, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, идентификациялоонун бирдиктүү системасын, электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын, электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын модернизациялоо боюнча чаралар бүткөрүлүүгө тийиш.

Долбоорлор:

1) "Санариптик мамлекеттик башкарууну колдоо үчүн мамлекеттик кызматчылардын санариптик компетенцияларын системалуу түрдө жогорулатуу" улуттук билим берүү программасын ишке киргизүү;

2) "Интеграцияланган смарт-платформалар/маалымат системалары аркылуу улуттук санариптик экосистема" долбоорун ишке киргизүү;

3) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү мамлекеттик порталынын толук кандуу иштеши;

4) "Коопсуз шаар" долбоорунун уландысы катары "Смарт шаарлар" фазасын ишке киргизүү;

5) "Мамлекет-жаран" санариптик өз ара аракеттенүү системасын киргизүү;

6) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бизнес-процесстерди автоматташтыруу процессин бүткөрүү;

7) "Ачык маалыматтар" порталын ишке киргизүү;

8) G-cloud ачылышы;

9) "Көп маалыматтар базасы катары жасалма интеллект" долбоорун ишке киргизүү;

10) "Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасы" концепциясын кабыл алуу жана ишке ашыруу.

4.3. Административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо

Өлкөдө административдик-аймактык түзүлүштү жана башкарууну тез арада реформалоо керек. Азыркы учурда региондорду өнүктүрүүдө чоң диспропорциялар, башкаруу деңгээлдеринин ортосунда башкаруучулук ажырым, региондор аралык байланыштын начардыгы, ресурстардын борбордо топтолушу жана региондордун декапитализациясы байкалууда.

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жаңы модели эки курамдык бөлүктү камтууга тийиш: (1) бийликтин натыйжалуу вертикалын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик башкаруунун жаңыланган системасы, (2) башкаруу системасын реформалоону ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жаңы административдик-аймактык бөлүү.

Административдик-аймактык түзүлүштүн келечектеги модели үчүн төмөнкүдөй принциптүү жоболор белгиленет:

1) мамлекеттик башкарууну топтоону азайтуу. Реформа райондордун деңгээлинде топтолот;

2) экономикалык өнүгүүгө багыт алуу. Башкарууну реформалоо жана жаңы администрациялык чек аралар экономиканы өнүктүрүү факторлоруна байланышы керек;

3) социалдык өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Реформанын социалдык аспекттери жаңы чек араларда чечилүүгө тийиш. Билим берүүдө, саламаттык сактоодо, маданиятта, спортто жана социалдык жардамда социалдык өнүктүрүүнүн стандарттары белгиленет.

Аткаруу бийлигинин борбордук деңгээли менен бийликтин жергиликтүү деңгээлинин ортосунда функциялар, ыйгарым укуктар жана милдеттер кайра бөлүштүрүлөт. Аткаруу бийлигинин борбордук деңгээли өлкөнүн коопсуздугу, бүтүндүгү жана өнүгүүсү боюнча маселелер, жергиликтүү бийлик органдары - аймактардын натыйжалуу иштеши үчүн жооптуу болот.

Азыркы учурда аймактарды башкарууга тармактык мамиле жетишсиз, буга байланыштуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өтүү ишке ашырылат.

Жер-жерлерде мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүү кайра каралат. Муну менен бирге жергиликтүү бийликтер жер-жерлерге берилген бардык фискалдык функцияларды ишке ашырышы керек.

Конкреттүү чек ара аймактары үчүн алардын өзгөчө статусун эске алуу менен адистештирилген өнүктүрүү программалары даярдалат.

Аймактык-кластердик өнүктүрүү принциптеринин негизинде мамлекеттин тиешелүү жашоо үчүн маанилүү инфратүзүмдү өнүктүрүү милдеттенмелери менен аймактарды өнүктүрүүнүн башкы пландары даярдалат. Ар бир регион боюнча алардын атаандаштык артыкчылыгынын негизинде 2-3 артыкчылыктуу тармак аныкталат жана инвестициялык долбоорлор даярдалат, аларды ишке ашыруу министрликтер менен ведомстволор үчүн да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери үчүн да биринчи кезектеги милдет болуп калат. Артыкчылыктуу тармактарда инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана баалоо, анын ичинде ишкерлердин бизнес-пландарды иштеп чыгуу потенциалын жогорулатуу боюнча адистештирилген институттар түзүлөт.

Долбоорлор:

1) Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын актуалдаштыруу;

2) тийиштүү каржылоо булактарын өткөрүп берүү менен аткаруу ыйгарым укуктарын борбордук деңгээлден аймактарга өткөрүп берүүнү караган мамлекеттик башкарууну этап-этап менен борбордон ажыратуу;

3) региондук инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана баалоо боюнча адистештирилген институттарды түзүү;

4) чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын программаларды иштеп чыгуу.

4.4. Фискалдык системаны реформалоо

Фискалдык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, салык жүгүн азайтуу, "көмүскө" бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана адилеттүү салык салуу системасын түзүү максатында салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүгө багытталган "Смарт Салым" долбоорун андан ары ишке ашыруу улантылат.

Фискалдык чөйрөдөгү жогорку коррупциялык тобокелдиктерди эске алуу менен негизги багыттардын бири акциздик салык салууну жана КНСтин ордун толтуруу системасын жакшыртуу, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди азайтуу, санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү болушу керек. Орто мөөнөттүү мезгилге салык саясатын реформалоонун маанилүү милдеттеринин бири аралыктан салыктык контролдоо системасын киргизүү, ишкердик субъекттер үчүн салыктык эсепке алууну жөнөкөйлөтүү жана отчеттуулукту оптималдаштыруу аркылуу салыктык жол-жоболорду толук санариптештирүү болот. Салыктык жана бажылык маалымат системаларынын толук интеграцияланышына жетүү зарыл. Салык кызматында жана бажы кызматында салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделине өтүү, фронт-офис жана бек-офис иштөө принциби боюнча бирдиктүү терезелерди киргизүү камсыз кылынат.

Өлкөнүн контролдоочу органдарын башкаруу системасын жакшыртуу максатында салыктык жана бажылык башкаруунун санариптик платформасын, ошондой эле кызматтарды аралыктан көрсөтүү методдорун киргизүүнүн укуктук негизин түзүү процесси башталды, "Смарт Салым" улуттук долбоорунун концепциясы иштелип чыкты жана жактырылды.

"Смарт Салым" улуттук долбоорунун негизги максаты бизнес жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, керектөөчүлөрдү жана ишкердик субъекттерди контрафакттык продукциялардан коргоо, мамлекеттик органдар менен бизнестин байланыштарын азайтуу аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, товарларды контрабандалык/эсепке алынбаган ташып келүүнү жана көмүскө экономиканы азайтуу, мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүү болуп саналат.

Ошондой эле бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу аркылуу тышкы соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар камсыздалышы керек. Мында бажылык тариздөө процесстерин (электрондук бажы) тездетүү үчүн программалык продукттарды киргизүү зарыл. Бул бажылык формалдуулуктан өтүүнү тездетүүгө жана бажы операцияларын жүргүзүүнүн бардык этаптарында чечим кабыл алууда адамдык факторду минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Маалымат алмашуунун автоматташтырылган системасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен гана эмес, үчүнчү өлкөлөр менен да жөнгө салынат. Транспорттун бардык түрлөрү үчүн товарларды импорттоодо аларды алдын ала декларациялоо киргизилет. ЕАЭБдин алкагында тышкы экономикалык иштин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасы түзүлөт, электрондук документтердин формалары жөнөкөйлөштүрүлөт.

Бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги индикаторлору бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, тейлөөнүн ылдамдыгы жана сапаты болот. Бажы операцияларын жүргүзүүнүн ылдамдыгы боюнча убакыт индикаторлору коюлат, ал үчүн "жашыл" коридор принциби жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу боюнча агымдар категорияларга бөлүндү.

Жүгүртүүнүн базасында эсептелүүчү жалгыз бир салыкка өтүүнү кароо зарыл, ал "Бир өлкө - бир салык - бир бийлик" принцибин киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Калкты социалдык камсыздандыруу системасы олуттуу өзгөртүүлөрдү талап кылат. Учурдагы дисбаланс төлөөчүлөрдүн жана алуучулардын ар кандай топторуна оорчулукту адилеттүү бөлүштүрүүнүн негизинде оңдолушу керек.

Чакан жана орто бизнести көмүскөдөн чыгаруу максатында ишканада иштегендердин санына жараша социалдык чегерүүлөрдүн ставкалары төмөндөтүү жагына кайра каралат. Мындан тышкары 2020-жылы кабыл алынган "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери толук ишке ашырыла элек. Ушуга байланыштуу капиталдарды расмий жүгүртүүгө толук киргизүү үчүн аларды мыйзамдаштыруунун артыкчылыктары жана кепилдиктери жөнүндө кеңири маалыматтык кампанияны жүргүзүү зарыл.

Товарлардын (алкоголдук ичимдиктер, мунай продуктулары, тамеки буюмдары) акциздик топторун жана дары каражаттарын өндүрүү жана жүгүртүү өзгөчө контролго алынат. Товарлардын бул топторуна биринчи кезекте алардын келип чыгышын, жүгүртүлүшүн жана сатылышын автоматташтырылган көзөмөлдөө киргизилет.

Накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн тең салмактуу катышын камсыз кылуу үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн 45%дан 50%га чейин жогорулатуу боюнча иштер активдүү улантылат.

Долбоорлор:

1) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу;

2) салыктык жол-жоболорду толук автоматташтырууну (фискалдаштырууну) аяктоо;

3) бажылык тариздөө процесстерин тездетүү үчүн программалык продукттарды киргизүү (электрондук бажы);

4) Бишкек жана Ош шаарларында экономикалык субъекттердин жайгашуусунун санарип картасын киргизүү.

4.5. Сот жана укук коргоо органдарын реформалоо

Мыйзамдын улуктугу, коомдук тартипти, жарандардын жана алардын мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу - мамлекеттин жана анын институттарынын негизги милдеттери. Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында коррупциялык көрүнүштүн фактыларынын жогорку деңгээли белгиленүүдө. Укук коргоо секторунда системалуу реформаларды жүргүзүү зарылдыгы мурда эле бышып жетилген.

Административдик планда укук коргоо системасы кылмыштуулуктун алдын алуу жагына кайра өзгөртүлөт. Атап айтканда, укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы иштелип чыгат жана бекитилет. Ички иштер системасынын бардык туура келбеген функциялары жоюлат. Муниципалдык полицияны түзүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу функцияларын жеринде өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү маселе изилденет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка укук коргоо органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылуучу тергөө жүргүзүү функцияларын өзүнө камтыган бирдиктүү тергөө органын түзүү маселеси изилденет.

Мыйзамдык планда кылмыштардын айрым категориялары боюнча, атап айтканда балдарга жана аялдарга карата зомбулук, улут аралык араздашууну козутуу үчүн жазык жоопкерчилиги күчөтүлөт. Коргоо ордеринин шарттарынын сакталышын көзөмөлдөөнүн заманбап техникалык каражаттарын киргизүү боюнча пилоттук долбоорлор ишке ашырылат. Мындан тышкары коргоо ордеринин шарттарын бузуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.

Инфратүзүмдүк планда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу улантылат. Калктуу конуштардын коомдук жайларында укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу маселелерин киргизүү менен долбоордун географиялык камтуусун жана анын функциясын кеңейтүү пландалууда.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн негизги багыттарына ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана криминалдык идеологияны жана криминалдык субмаданиятты жок кылууга багытталган алдын алуучу иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу кирет. Мындан тышкары улуттук мыйзамдарга БУУнун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын ченемдерин киргизүүнүн аякташын эске алуу менен криминалдык статустун болушу кылмыштын өз алдынча курамы болот.

Кадрдык саясатты күчөтүү, укук коргоо органдарынын системасындагы кызмат орундарынын ар бир категориясына карата квалификациялык талаптардын системасын кайра карап чыгуу, аймактык жана тармактык бөлүмдөрдүн негизги жетекчилерин аларды горизонталдуу түрдө өлкөнүн башка облустарына дайындоо менен ротациялоо механизмин киргизүү зарыл.

Баңгизаттардын эл аралык транзитине бөгөт коюу максатында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча иштер күчөтүлөт. Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды ири жана өзгөчө ири өлчөмдө сатуу, аларды колдонууга тартуу жана көндүрүү, ошондой эле Интернет жана Даркнет тармактарын, электрондук төлөм системаларын пайдалануу менен баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жарнамалоо жана таркатуу сыяктуу кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңги каражаттары боюнча комиссия, Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитет, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы сыяктуу профилдик институттары, ошондой эле региондук эл аралык уюмдар -Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму, Шанхай кызматташтык уюму жана башкалар менен өз ара аракеттенүү жаңы, кыйла жогорку деңгээлге чыгарылат.

Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизми киргизилет жана аны тиешелүү эл аралык системаларга интеграциялоо боюнча чаралар көрүлөт.

Укук коргоо органдарына калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында кызматтык милдеттерин аткарууда кесиптик жана этикалык ченемдерди сактабагандыгы үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту, жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди толук жана натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берүүчү зарыл болгон атайын техника жана материалдык -техникалык каражаттар менен камсыздалат.

Сот системасынын көз карандысыздыгын чыңдоо, анын ишинин ачык-айкындуулугун, жарандардын сот адилеттигине реалдуу жетүүсүн камсыз кылуу үчүн соттук-укуктук реформанын жүрүшүндө олуттуу кадамдар жасалды.

Калктын ишенимине татыктуу жана жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоого жөндөмдүү сот системасын курууга багытталган реформалоонун башталган процессин улантуу зарыл.

Сот адилеттигин ишке ашыруу процессин өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири соттордун ишинде заманбап маалымат технологияларын колдонуу болуп саналат. Электрондук сот өндүрүшүн киргизүү максималдуу ачык-айкындуулукка жетүүгө жана жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетүүгө гана эмес, ошондой эле сот адилеттигинин сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга, соттордо иштерди кароону создуктурууну жоюуга өбөлгө түзөт.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу жана жарандардын ага тоскоолдуксуз жетүүсүн түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо аралыктан сот өндүрүшүнүн системасы, байланыштын техникалык каражаттарын пайдалануу менен жазык, жарандык, экономикалык жана административдик иштерди аралыктан кароо, электрондук сот өндүрүшү, ошондой эле кассациялык инстанциядагы сотто иштерди жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндө) кароо киргизилет.

Сот системасында кадрдык потенциалды чыңдоо үчүн судьялардын жана сот системасынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун атайын программаларын жакшыртуу, судьяларды, прокурорлорду жана адвокаттарды бирге окутуу практикасын киргизүү пландалууда. Мындан тышкары судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн алардын кесиптик ишин баалоо системасы киргизилет.

Сот системасынын институттук негиздери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму тарабынан так иштелип чыккан бирдиктүү соттук практика менен бекемделет.

Мамлекет ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугуна кепилдик берүү менен адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкаркы жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Медиация институтун өнүктүрүү сот системасынын ишин олуттуу жеңилдетүүгө алып келет.

Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарын санариптештирүүнүн активдүү фазасын улантуу, келечекте электрондук жазык сот өндүрүшүнүн технологиясына толук өтүүнү камсыз кылуу зарыл.

Долбоорлор:

1) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алуу;

2) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешти түзүү;

3) "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу;

4) 2026-жылга чейин уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу;

5) "Баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025-жылдарга баңгизатка каршы программасын жана аны ишке ашыруу планын бекитүү;

7) жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү;

8) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн жаңы мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

V. Өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүү

Орто мөөнөттүү келечекке мамлекеттин негизги милдети ар бир адамдын потенциалын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү болгон чөйрөнү түзүү болуп саналат. Кыргыз Республикасы жөнгө салуу, инвестициялык климат жана инфратүзүм жагынан алып караганда ишкерлер үчүн шарттарды ырааттуу түрдө жакшыртат. Мыйзамдын үстөмдүгү, менчикти коргоо, келишимдик укук, талаш-тартыштарды чечүү, тең атаандаштык, инвесторлорду коштоо жана тийиштүү ченемдик чөйрө камсыз кылынат.

5.1. Инвестициялык жана бизнес-климат, экспортту илгерилетүү

Өнүгүүнүн негизги булагы болуп түз чет өлкөлүк инвестициялар саналат, алардын агымынын көлөмү ИДПга карата 13%га жетүүгө тийиш. Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты өнүктүрүүнүн бүткүл тарыхында ички жана тышкы соккулардын күчтүү таасири астында болгон. 2020-жылдын күз айындагы окуялардын кесепеттери инвестициялык климатка терс таасирин тийгизди. Алдыда кырдаалды калыбына келтирүү жана андан ары жакшыртуу боюнча ири иштер турат.

Бизнести өнүктүрүү үчүн фундаменталдуу көйгөй сот системасынын аракетке жөндөмсүздүгү болуп саналат, анын башкы функциясы чыр-чатактарды мыйзамдуу чечүү болуп эсептелет. Сот системасына реалдуу көз карандысыздыкты, коом алдындагы ачык-айкындыкты, мыйзам алдындагы жоопкерчиликти камсыз кылуучу олуттуу реформаларды жүргүзүү боюнча коомдук диалогду жөрөлгөлөө керек.

Ар кандай эл аралык рейтингдердеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрү реформаларды ишке ашыруудагы негизги багыттардын бири болуп саналат. Орто мөөнөттүү келечекте эң көйгөйлүү маселелер боюнча өлкөнүн көрсөткүчтөрү жакшырууга тийиш.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин иш жүзүндө киргизүү жана бул үчүн долбоорлордун сапатын жогорулатуу, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү адамдык потенциалды күчөтүү, МЖӨ механизмдери жөнүндө кабардар болууну жогорулатуу, ошондой эле МЖӨ финансылык инструменттерин өнүктүрүү жолу менен зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мындан аркы кадамдар жасалат.

Кыргыз Республикасы үчүн салттуу эмес экономика секторлоруна инвестициялардын агымын диверсификациялоо жана инвестициялар боюнча рыноктун потенциалын максималдуу пайдалануу үчүн инфратүзүмдүк инвестициялык фонддорду түзүү маселеси каралат. Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жарандардын, анын ичинде мигранттардын каражаттарын тартууга дем берүү боюнча чаралар көрүлөт.

Бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында адистештирилген аймактардын, анын ичинде өндүрүштүк-өнөр жай аймактарынын, технологиялар парктарынын, эркин экономикалык аймактардын инструменттери кеңейтилет. Бул инструменттердин негизги элементи ишкердик ишти жөнгө салуунун, анын ичинде белгилүү бир аймактарга (экстерриториалдуулук) байлоосуз өзгөчө режимдерди берүүнүн механизмдеринин өзгөчө режимдери болот.

ЭЭА башкарууну, атап айтканда, өздөрүн дүйнөлүк деңгээлде көрсөтө алган коммерциялык башкаруучу компанияларды тартуу жолу менен кайра уюштуруу жүргүзүлөт. Аталган компаниялар ЭЭАга инвесторлорду тартуу, экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле ЭЭА субъекттеринин продукцияларын сатуу рынокторун кеңейтүү боюнча бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарды алат. Мындан тышкары, аталган максаттарда региондордогу транспорттук-логистикалык борборлордун тармагы кеңейтилет.

Улуттук деңгээлдеги объекттерге масштабдуу инвестициялар үчүн күчөтүлгөн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери менен "стратегиялык инвестор" өзгөчө режими түзүлөт. Ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик кепилдиктерди берүү үчүн мүмкүн болгон варианттар каралат.

Мамлекеттик органдар өз ишинде бизнес үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү саясатын жүргүзүшөт. Бардык деңгээлдерде мамлекеттик бийлик жеке менчиктин кол тийгистиги, күнөөсүздүк жоромолу, бардык боштуктарды жана коллизияларды ишкерлердин пайдасына чечмелөө, өзүнүн функцияларын ишке ашырууда сервистик мамиле жасоо принциптерин жетекчиликке алат. Соттун тиешелүү чечимисиз компаниялардын ишин токтотуу жоюлууга тийиш. Бизнести колдоонун жана коргоонун кошумча инструменти бизнес-омбудсмен институту болууга тийиш. "Акылдуу жөнгө салуу" жана "жөнгө салуучу чөйрө" принциптери кеңири колдонулууга тийиш.

Жакынкы мезгилде экономикалык укук бузуулар чөйрөсүн биротоло декриминализациялоо зарыл. Мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан бириккен жана комплекстүү текшерүүлөр принциптерин киргизүү менен текшерүүлөрдүн жана ушуга байланыштуу бизнестин чыгымдарынын саны кыскартылат. Текшерүү системасында санариптик технологияларды колдонуунун эсебинен мамлекеттик органдар менен бизнестин байланышынын саны да кыскартылат.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында консультация берүү жана маалымдоо боюнча инфратүзүм түзүлөт. Ошондой эле ишканаларга интеграцияланган кызматтарды көрсөтүүнү тездетүү үчүн КТБ аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын саны жана спектри көбөйөт.

Иштин лицензиялануучу түрлөрүн жана уруксаттарды оптималдаштыруу, лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун санариптештирүү, лицензиялык талаптарды конкреттештирүү жана айрым ченемдерди тактоо, ички карама-каршылыктарды жоюу жүзөгө ашырылат. Курулуш чөйрөсүндө лицензиялык-уруксат берүү жол-жоболору олуттуу деңгээлде оптималдаштырылат.

Так кошулуу графиги жана талап кылынган төлөм менен бирдиктүү инфратүзүмгө (электр тармагы, суу, канализация) кошулуунун бирдиктүү регламенти иштелип чыгат, бул уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун тартипке келтирүүгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүндүк берет.

Глобалдык санариптештирүү жана интернет-технологиялардын тез өнүгүүсү дүйнөлүк экономиканын дээрлик бардык чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө өзгөрүүлөргө алып келет. Бул тренддерди эске алып, товарларды илгерилетүүнү товарларды чет өлкөлүк жана ички керектөөчүлөргө сатуу жана жеткирүү үчүн сатып алуучуларды, сатуучуларды жана сервистик компанияларды бириктирүүчү технологиялык платформалар аркылуу жүзөгө ашыруу зарыл. Бул үчүн электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн экосистема түзүлөт. Жөнгө салуу принциптерин, бүтүмдөрдү тариздөө тартибин жана салык салуу принциптерин, процесстин катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу тартибин жана киберкоопсуздук маселелерин аныктоочу электрондук соода жүргүзүүнүн ченемдик-укуктук негиздери түзүлөт.

Электрондук соода чөйрөсүндө улуттук операторду аныктоо зарыл. Соода инфратүзүмүн жана почта операцияларын өнүктүрүү максатында өлкөнүн ири транспорттук түйүндөрүнө жакын жайгашкан Электрондук коммерция паркын куруу боюнча долбоор ишке ашырылат.

Товарларды экспорттоону өнүктүрүүгө экспорттоочуларга финансылык жана финансылык эмес колдоо чараларынын кеңири спектрин көрсөтүүчү мамлекеттик институт көмөк көрсөтөт. Узак жана арзан кредиттик ресурстарга жана соода маалыматтарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо жолу менен эң жогорку экспорттук потенциалга ээ компанияларга комплекстүү колдоо көрсөтүлөт.

Сапаттын улуттук инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерине (стандартташтыруу, метрология, шайкештикти ырастоо, аккредитациялоо) өзгөчө көңүл бурулат. Лабораториялык сыноо базасын кеңейтүү жана эталондук базаны күчөтүү боюнча мамлекет тарабынан колдоо механизмдери күчөтүлөт. Бюджеттин чыгашасында лабораториялык базаны мындан ары жабдуу жана жакшыртуу үчүн каражаттардын жетиштүү санын кароо зарыл. Бул иш-чаралар өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүдөгү негизги багыт болуп саналат.

Өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуунун жана түз инвестициялардын келишин камсыз кылуунун алкагында Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруучу жана өлкөбүздүн аймагында киреше алуучу резидент эместерге кош салык салууну болтурбоо максатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын санын көбөйтүү, ага кошумча салыктык жеңилдиктерди алуу үчүн тиешелүү документтерди тариздөө процессин жөнөкөйлөштүрүү зарыл.

Долбоорлор:

1) Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн региондорунда ишкердикти тейлөө борборлорун түзүү;

2) "Е-ишкердик" долбоорун ишке киргизүү, е-ишкердикке окутуу, е-ишкерлердин мыкты тажрыйбаларын жайылтуу үчүн маалыматтык кампанияларды жүргүзүү;

3) "Е-лицензиялоо" электрондук лицензиялоо системасын ишке киргизүү;

4) Е-коммерция экосистемасын жана Электрондук коммерция паркын ишке киргизүү;

5) хабдарды түзүү аркылуу технологиялар трансфери - бизнести жана академиялык институттарды интеграциялоо;

6) мамлекеттик Экспорттик-импорттук банкты түзүү;

7) 2022-2026-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" улуттук экспорттук программасы;

8) жаңы өздөштүрүлбөгөн өндүрүштүк багыттар үчүн улуттук өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу үчүн "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында пилоттук долбоорлорду иштеп чыгуу;

9) өнөр жай кооперациясына дем берүү жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен кошумча нарк чынжырчасын куруу механизмдерин киргизүү;

10) инвестициялык лотторду түзүү жана ишке ашыруу.

5.2. Транспорттук-логистикалык инфратүзүм

Транспорттук-логистикалык интеграция жана өлкөнүн транспорттук обочолонуу маселесин чечүү маанилүү артыкчылыктардын бири болуп саналат.

Эң оболу алдыдагы беш жылдык мезгилде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу" стратегиялык долбоорунун курулушун баштоо жөнүндө маселени чечүү зарыл.

Транспорттук автомагистралдарды жана эл аралык коридорлорду колдоо мамлекеттин саясатынын артыкчылыгында болот. Кашкар-Эркештам-Ош, Кашкар-Торугарт-Нарын коридорлору менен катар Аксу (КЭР) - Барскоон-Балыкчы эл аралык коридорун ишке киргизүүнү жана Балыкчы шаарында логистикалык борборду түзүүнү карап чыгуу максатка ылайыктуу. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу, Ош-Баткен-Исфана-Худжант, Тараз-Талас-Суусамыр автожолдорун реконструкциялоо долбоорлору артыкчылыкта болот. Ошону менен бирге Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймактары аркылуу жүктөрдү андан ары эркин ташууну камсыздоо зарыл.

Авиа, темир жол жана автомобиль транспортун бириктирүүчү заманбап жабдылган мультимодалдык жүк хабын түзүү үчүн мамлекет тарабынан шарттар түзүлөт (анын ичинде жер участогун бөлүп берүү).

Жүргүнчүлөрдү ташуу, ошондой эле жүк ташуу жагынан алганда өлкөнү эл аралык авиамаршруттарга максималдуу киргизүү максатында авиациялык транспорт чөйрөсүндө либералдаштырууну улантуу зарыл. Эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөтүү үчүн "Манас" эл аралык аэропортунун базасында карго-борборду түзүү жана өнүктүрүү боюнча таанылган эл аралык инвесторду табуу зарыл. "Ош" эл аралык аэропортунун базасында Фергана өрөөнүнүн жүргүнчүлөрдү ташуу борборун түзүү зарыл, ошондой эле Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен облусунда "Исфана" аэропортун модернизациялоо керек. "Тамчы" аэропортунун базасында эл аралык почта жана соода агымдарына интеграцияланган почталык логистикалык борбор түзүлөт. Транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү чөйрөсүндө тоскоолдуксуз транзиттик коридорлорду камсыз кылуучу заманбап санариптик технологиялар киргизилет.

Долбоорлор:

1) транспорт каражаттарынын салмагын контролдоонун жана жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жыйымдарды алуунун маалыматтык системасын киргизүү;

2) өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүү үчүн "Бир алкак, бир жол" долбоорунун алкагында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралынын курулушун ишке ашыруу;

3) мультимодалдык жүк хабын түзүү (транспорттук-логистикалык борбор);

4) Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолу, Ысык-Көл айланма автожолу долбоорлорунун курулушун аяктоо;

5) Ош-Баткен-Исфана-Худжанд, Түп-Кеген, Тараз-Талас-Суусамыр автожолдорун реконструкциялоо;

6) Балыкчыдагы логистикалык борбор менен Аксу (КЭР) -Барскоон - Балыкчы эл аралык коридорун ишке киргизүү;

7) Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борборду түзүү;

8) "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын "Аэропортторду өнүктүрүү жана модернизациялоо" долбоорлорун ишке ашыруу.

5.3. Жер реформасы

Айыл чарбасы - бул улуттук экономиканын артыкчылыктарынын бири, бирок жерди сарамжалсыз пайдалануунун жана мамлекеттик инвестициялардын жоктугунан улам жердин туруктуу деградациясы жана кыртыштын эрозиясы пайда болууда. Кыргыз Республикасында жердин деградациясынын деңгээли өтө начар деңгээлге жеткен, ал эми климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин эске алганда кырдаалды өзгөртүүгө убакыт жок.

Жер ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү реформалардын негизги багыты аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү болуп саналат. Мамлекет жердин менчик ээлеринин фрагменттелген түзүмүн консолидациялоо жана кошумча наркты максималдаштыруу үчүн механизмдерди түзөт. Буга фискалдык жана тарифтик чаралар, айыл чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалар багытталат. Мындай учурда гана жердин деградациясына болгон тенденцияны бузууга болот.

Өлкө жер реформасын жүргүзүүгө жана жер ресурстарын башкарууну модернизациялоого абдан муктаж. Жерге карата маданиятты жана философияны өзгөртүү, жер-жерлерде жерлерди башкаруу институттарын күчөтүү, жер рыногун калыптандырууну аягына чыгаруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жаңылоонун алкагында, жер рыногун либералдаштырууга, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга (алып коюу, ажыратуу, сатып алуу, күрөө, баалоо) көмөк көрсөтүүчү ченемдерди кайра карап чыгуу жана түптөө керек.

Республиканын жер фондуна инвентаризация жүргүзүү жана жаңыланган жер кадастрын түзүү, мамлекеттин менчигинде турган бардык жер фондун ревизиялоо жана стратегиялык инвесторлорду тартуу менен жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүнүн жаңы механизмдерин түзүү зарыл.

Өнүмдүүлүгү аз жерлерди, тоо этегиндеги жана эңкейиш жерлерди өздөштүрүү, айыл чарба жерлеринин мелиорациялык абалын жакшыртуу жолу менен жаңы жерлерди айыл чарба өндүрүшүнө берүүгө дем берүү жана мамлекеттик колдоо.

Долбоорлор:

1) эңкейиш жана тоо этегиндеги жерлерди өздөштүрүү;

2) жер фондунун кадастрын жаңылоо, айыл чарба жана башка багыттагы жерлердин санарип картасын түзүү менен мамлекеттик жерлерди инвентаризациялоо;

3) жер биржасы, айыл чарба багытындагы жерлер менен бүтүмдөрдү жасоо үчүн онлайн-аянтча;

4) 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында айыл чарба багытындагы жерлерди өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

5) Кыргыз Республикасынын жаңы Жер кодексин кабыл алуу.

5.4. Таза жана ичүүчү суу

Айыл жериндеги адамдардын жашоо сапатын камсыздоо жагынан алганда биринчи кезектеги маселе - бул өлкөнүн ар бир калктуу конушун ичүүчү таза суу менен камсыздоо. Ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндөгү саясат коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыздоо боюнча экономикалык туруктуу, жеткиликтүү кызматтарды түзүүгө багытталат.

Бул саясаттын негизги фокусу физикалык инфратүзүмдү курууга жана реабилитациялоого багытталат. Жакынкы беш жылда мамлекет тышкы донорлордун жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 470 млн. АКШ долларына жакын каражатты инвестициялайт жана таза сууну өлкөнүн калктуу конуштарынын 95%ына чейин жеткирет. Жыл сайын республиканын 100гө жакын айылын таза жана коопсуз ичүүчү суу объекттерине кошуу жүзөгө ашырылат.

Таза ичүүчү сууну жеткирүүнүн туруктуулугу үчүн калктын аялуу топторун субсидиялоонун ишенимдүү системасы менен рыноктук форматта таза ичүүчү сууну жеткирүүнү камсыз кылуучу ишканалардын иштөөсүнүн финансылык модели иштелип чыгат.

Долбоорлор:

1) Дүйнөлүк банктын Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустары боюнча долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 71,2 млн. АКШ доллары);

2) Ислам өнүктүрүү банкынын Жалал-Абад облусу боюнча долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 23 млн. АКШ доллары);

3) Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун Баткен жана Талас облустары боюнча долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 60 млн. АКШ доллары);

4) Азия өнүктүрүү банкынын Нарын облусу боюнча долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 32,9 млн. АКШ доллары);

5) Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 100 млн. АКШ доллары);

6) Корея Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары боюнча долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 100 млн. АКШ доллары);

7) Дүйнөлүк банктын Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустары боюнча "Суу коопсуздугу" долбоорун ишке ашыруу (долбоордун суммасы - 100 млн. АКШ доллары).

5.5. Эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу

Системалуу изилдөөлөр жана калкты сурамжылоолор жумуш орундарынын жоктугу Кыргыз Республикасындагы олуттуу көйгөй болуп саналарын көрсөтүүдө. Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана жумушсуздукту азайтуу жаатындагы мамлекеттин негизги чаралары төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылат.

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын чаралары менен калктын камтылышын жогорулатуу. Азыркы учурда калктын 21% калктын экономикалык активдүү эмес бөлүгү категориясына кирет жана мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан чаралар менен камтылган эмес.

71%га жеткен формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну легалдаштыруу боюнча программа даярдалууга тийиш. Эмгектин туруктуулугу, коопсуздугу жана өндүрүмдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү негизги максат болууга тийиш. Бул калктын, өзгөчө жаштардын кирешесинин жогорку деңгээлине, аларды кесипкөй ишке ашырууга, карылыкты жана ден соолукту камсыздандырууну камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү маселелеринде башкы артыкчылык кадрларды кесиптик окутуу жана кайра даярдоо болушу керек. Мазмуну, методикасы, окуу куралдары жана материалдар убакыттын талаптарына жана рыноктун суроо-талаптарына ылайык келиши керек. Орто кесиптик жана жогорку билим берүүнүн эмгек рыногунун керектөөлөрүнө көбүрөөк ылайык келишин камсыз кылуу жана жаштар мектепти бүтүп жатып кеминде бир кесипке ээ болгудай орто атайын окуу жайлары менен мектептердин ортосундагы байланышты түзүү зарыл.

Көп тилдүүлүктүн, жаштардын керектөөлөрүн жана эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алуу менен кесиптик жана санариптик көндүмдөрдү, квалификацияны жана компетенцияларды өнүктүрүүнүн негизинде жаштар лидерлерин колдоонун атайын программаларын киргизүү зарыл. Ошондой эле жаштардын волонтердук кыймылдарын өнүктүрүү артыкчылыкка ээ болушу керек. Мамлекеттик социалдык заказдар аркылуу жаштардын стартаптарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоо жана каржылоо практикасын киргизүү керек. Ар бир региондо бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу үчүн иш берүүчүлөрдүн кесиптик ассоциациялары кесиптик билим берүү уюмдары үчүн биргелешкен санариптик жана тармактык платформаларды өнүктүрүү аркылуу "Жумушка жакын" жаштарды санариптик ишке орноштуруу борборлору түзүлүүгө тийиш.

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнүн экономикалык инструменттери кыйла активдүү колдонулушу керек. Мында кызыкдар жарандардын экономикалык активдүүлүгүнө финансылык дем берүү, бизнес жүргүзүү, финансылык жана санариптик сабаттуулук маселелери боюнча консультациялык колдоонун, окутуунун, коштоонун милдеттүү элементтери менен аялдардын экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүү системасынын пайда болушу башкы инструмент болууга тийиш. Бул үчүн рыноктук принциптерде түзүлгөн иштөө принциптерин жана механизмдерин өзгөртүү менен Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү фондунун ишин калыбына келтирүү максатка ылайыктуу.

Жумушсуздарды, айрыкча аялдар жана жаштарды иш менен камсыз кылууну, окутууну жана кайра окутууну камсыз кылуу боюнча функциялардын бөлүгүн бизнеске өткөрүп берүү жана өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандарга дем берүү, эмгектин ички жана тышкы рынокторунда иштеген жеке менчик иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин рыногун түзүү зарыл. МЖӨ механизмдерин жана мамлекеттик социалдык заказды иш менен камсыз кылуу системасына киргизүү эмгек рыногунун өзгөрүшүнө, жумушсуздуктун деңгээлине динамикалуу жана натыйжалуу таасир этүүгө мүмкүндүк берет. Эмгек мамилелерин ашыкча жөнгө салуу бөлүгүндөгү эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгуу зарыл. Экономиканын айрым секторлорунда эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек контракттарына жана саат боюнча эмгек акы төлөөгө өтүү зарыл.

20 шаарда - экономикалык өнүктүрүү түйүндөрүндө жаңы типтеги кесиптик техникалык лицейлер модернизацияланат жана ишке киргизилет. Анын ичинде алардын базасында жаштар, эмгек мигранттары үчүн чет тилдерге жана инженердик адистиктерге, ишкердик иштин негиздерине, санариптик жана каржылык сабаттуулуктун көндүмдөрүнө адистештирилген окутуу программалары ишке киргизилет.

Иш менен камсыз кылуу үчүн өзгөчө потенциал креативдүү индустрия чөйрөсүндө. Ар кандай креативдүү тармактарды өнүктүрүү үчүн инвестициялык жана ченемдик укуктук чөйрөнү түзүү, креативдүү парктардын, чыгармачыл зоналар жана райондордун, атайын салык режиминин өзгөчө резиденти статусун берүү талап кылынат.

Долбоорлор:

1) 2022-2026-жылдарга калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү программасын иштеп чыгуу;

2) Татыктуу эмгек менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу (татыктуу эмгек акы, татыктуу иш менен камсыз кылуу, социалдык өнөктөштүк);

3) 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитүү;

4) 2026-жылга чейин аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;

5) креативдүү экономиканын субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясында өзгөчө салык режимин кароо;

6) Креативдүү индустриялар жана технологиялар паркын түзүү;

7) Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү системасын санариптештирүү;

8) калкты окутуу (кайра окутуу) жана квалификациясын жогорулатуу функциялары менен иш менен камсыз кылуу кызматтарын кеңейтүү;

9) "Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү программаларынын өз ара аракеттенүүсүндө кесиптик билим берүүнүн жаңы моделдери" долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

10) ЖОЖдордун жана техникалык профилдеги орто окуу жайларынын базасында иш берүүчүлөрдү тартуу менен кесиптик багыт берүү боюнча борборлорду түзүү.

5.6. Финансылык рынок

Кыргыз Республикасы капиталдын эркин жүрүү саясатын сактоого тийиш. Бул чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу факторлордун бири болуп саналат. Мындан тышкары, фонд рыногун жана фонд рыногунда санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү зарыл. Иш жүзүндө мамлекеттик түзүмдөрдүн өтө консервативдүү саясатынын натыйжасында фонд рыногу "консервацияланган" абалда турат. Азыркы учурда инвесторлор үчүн жагымдуу болгон мамлекеттик жана жеке инструменттер жок.

Фонд рыногун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн Кыргыз фонд биржасында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатууну баштоо зарыл. Фонд рыногунун институттары аркылуу мамлекеттик менчикте турган, бирок стратегиялык объекттер болуп саналбаган объекттерди менчиктештирүүнүн жана мамлекеттен ажыратуунун кезектеги этабын жүргүзүү зарыл. Бул үчүн мамлекеттик активдерге, анын ичинде суу, жер жана кен ресурстарына толук инвентаризация жана баалоо жүргүзүлөт. Экономиканын кыйла маанилүү стратегиялык субъекттеринин акцияларынын кеминде беш пайызын республиканын ачык фонд рыногунда эркин жүгүртүүнү камсыз кылуу зарыл. Фонд рыногунун инструменттерин улуттук долбоорлорду каржылоо үчүн пайдалануу, ал эми жергиликтүү бюджеттердин тартыштыгын жана өнүктүрүү долбоорлору үчүн ички инвестицияларды тартуу үчүн карызды башкарууну контролдоонун бардык зарыл болгон механизмдерин кароо менен муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу мүмкүндүгүн кароо максатка ылайыктуу.

Мамлекет өлкөдө камсыздандыруу ишин өнүктүрүүнүн жана камсыздандыруу кызматтарын камтууну кеңейтүүнүн ырааттуу саясатын жүргүзөт. Жакынкы жылдарда автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу, мүлктү камсыздандыруу сыяктуу продукттар киргизилет. Калкты камсыздандыруу кызматтары менен кеңири камтууну камсыз кылуу үчүн электрондук камсыздандырууну киргизүүнү караган тиешелүү ченемдик база кабыл алынат. Кайра камсыздандыруу сыйымдуулугун жана ири тобокелдиктерди камсыздандырууну жогорулатуу максатында улуттук кайра камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө багытталган ишти жүргүзүү зарыл. Жарандарды пенсиялык камсыздоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына камсыздандыруу уюмдарынын катышуусу үчүн шарттар түзүлөт.

Банк секторун андан ары өнүктүрүү үчүн калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну улантуу зарыл. Иш банк системасынын финансылык ортомчулугунун деңгээлин жогорулатууга, санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүүгө жана калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга багытталат. Анын ичинде накталай эмес жүгүртүү үлүшүн көбөйтүү үчүн накталай төлөмдөрдү жүргүзүүдө босоголук суммаларды белгилөө буга өбөлгө түзөт. Ошондой эле санарип улуттук валютаны (санариптик сом) колдонуунун пилоттук долбоору ишке киргизилет.

Кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү болуп маанилүү багыттардын бири саналат.

Экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоо берилет, ал төмөнкүлөрдү карайт:

- мамлекеттик программалардын алкагында региондордо чакан жана орто бизнестин ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;

- бизнеске жеңилдетилген кредит берүүнүн максаттуу программаларын киргизүү;

- региондук өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бизнеске кредит берүү механизмин киргизүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан "Айыл Банк" ААК, "РСК Банк" ААК кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле улуттук маанилүү экономикалык долбоорлорду каржылоо максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун андан ары капиталдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишин баштайт.

Өлкөнүн жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында комплекстүү чаралар жүргүзүлөт. Мында турак жайды кийин сатып алуу менен ижарага алуу механизмин колдонуп, өлкөнүн региондоруна артыкчылык берүү менен эконом-класстагы жаңы турак жайды курууну каржылоо негизги артыкчылыктуу багыт болот. Даяр турак жай баштапкы сумманы төлөбөстөн сатып алуу укугу менен узак мөөнөттүү ижарага берилет, бул анын ичинде ортодон төмөн кирешеси бар жарандардын айрым категориялары үчүн турак жай шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Бардык категориядагы жарандардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн ислам принциптерин, "жашыл ипотека" инструменттерин колдонууну, турак жайын кеңейтүүнү, даяр жана курулуп жаткан турак жайды кийин сатып алууну караган рыноктогу жаңы тенденцияларды эске алуу менен жаңы финансылык продукттар иштелип чыгат.

Кепилдик системасын андан ары туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу зарыл. "Кепилдик фонду" ААКты кошумча капиталдаштыруу жүзөгө ашырылат.

Банктык аманаттарга ишенимди колдоого жана финансылык туруктуулукка көмөк көрсөтүүгө багытталган депозиттерди милдеттүү коргоонун деңгээлин жогорулатуу максатында кепилденген учур келгенде аманатчылардын депозиттери боюнча компенсациянын (камсыздандыруучулук ордун толтуруу) өлчөмү көбөйтүлөт.

Долбоорлор:

1) "Өнүктүрүү үчүн капитал" финансы долбоорун ишке киргизүү, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы экономиканы капитал менен камсыз кылуу боюнча антикризистик чаралардын топтомун биргелешип даярдашат;

2) "Жашыл ипотека" долбоорун ишке киргизүү;

3) 2022-2026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын бекитүү жана ишке ашыруу;

4) Кыргыз Республикасынын жарандарына бир платформада онлайн-режимде финансылык продукттарды сатып алууга мүмкүндүк берүүчү финансылык маркетплейсти ишке киргизүү;

5) API (ачык программалык интерфейстерди) - уюмдардын маалыматтык системаларынын ортосунда маалымат алмашуу технологияларын пайдалануу;

6) "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу.

5.7. Мамлекеттик финансылык система

Мамлекеттик финансылык система кардиналдуу өзгөртүүлөрдү талап кылат, ал азыркы шарттарда башкаруу маселелерин ыкчам чечүү жана мобилдүүлүк үчүн тоскоолдук болууда.

Орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик саясаттын механизмдери кризистин кесепеттерин төмөндөтүүгө, өсүштү колдоого жана дем берүүгө, калктын социалдык аялуу катмарын коргоого багытталууга тийиш. Көрсөтүлгөн тапшырманы аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ресурстук базаны топтоо, бюджеттик тартыштыкты кыскартуу жана тышкы карыздын деңгээлин кармап туруу зарыл.

Мамлекеттик чыгымдардын түзүмү социалдык мүнөзгө ээ жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзбөйт. Өлкөнүн социалдык-экономикалык процесстерине мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын таасир этүүсүнүн натыйжалуулугун контролдоо системасы кайра карап чыгууну талап кылат. Билим берүүгө, саламаттык сактоого, социалдык коргоого болгон чыгымдардын олуттуу үлүшүнө жана туруктуу өсүшүнө карабастан, бул секторлор төмөн натыйжаларды көрсөтүүдө. Мамлекеттик бюджетти аткаруу жагынан алганда фискалдык тартиптин катуу чаралары зарыл. Бюджеттик ассигнованиелерди тез-тез кайра кароо бүтүндөй бюджеттөө процессине ишенимди солгундатат. Ушуга байланыштуу бюджеттин ликвиддүүлүгүн болжолдоо системасынын потенциалын күчөтүү зарыл.

Тышкы карыз маселеси мамлекеттик саясаттын ар кандай чөйрөлөрүндө кабыл алынуучу чечимдердин эркиндигине басым жасайт. Ошондуктан мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо жана эсептен чыгаруу боюнча кредиторлор менен сүйлөшүүлөр улантылат. "Карызды өнүктүрүү программаларына алмашуу" боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелөө максатка ылайыктуу.

Башкаруунун тармактык жана административдик принциптеринен баш тартуу жана натыйжага багытталган бюджетке өтүүнү ишке ашыруу керек. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык жана финансылык пландоо функцияларын жана түзүмдүк өзгөртүүлөрүн кайра бөлүштүрүү жөнүндө маселе иликтенет.

Натыйжага багытталган бюджеттөө каржылоо боюнча чечимдерди кабыл алууда финансылык эмес натыйжалуулуктун индикаторлорун колдонуу аркылуу бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатуунун механизми болууга тийиш.

Эл аралык донорлордун "арзан ресурстарынан" көз карандылыктын жогорку деңгээли негизинен башкаруу системасын "алсыратты". Бюджеттин төлөм жөндөмдүүлүгү жеңилдетилген тышкы колдоодон улам сакталууда. Жан бактылык позициядан четтеш керек жана өнүгүүнү каржылоонун жаңы принциптерин калыптандырууну баштоо керек.

Социалдык коргоо чаралары көбүнчө калктын аялуу жана жакыр катмарларына багытталууга тийиш. Социалдык чыгымдардын даректүүлүгүн, ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында социалдык коргоо системасын автоматташтыруу боюнча иштер улантылууга тийиш.

Банк технологияларын максималдуу түрдө киргизүү жана мамлекеттик бюджетти пландоо жана аткаруу жол-жоболорун толук автоматташтыруу зарыл. Заманбап технологияларга өтүүдө мамлекеттик башкаруу органдарынын ичинде көптөгөн функцияларды жоюуга мүмкүн болот.

Долбоорлор:

1) бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун оптималдаштыруу жана жогорулатуу максатында натыйжага багытталган толук бюджеттөөнү киргизүү;

2) стратегиялык документтерди бюджеттештирүү жана стратегиялык максаттарды ишке ашыруу системасы менен байланыштыруу механизмдерин киргизүү;

3) айлана-чөйрөнү коргоо, экология, "жашыл" экономика чөйрөсүндө өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга же социалдык чөйрөдөгү программаларды ишке ашырууга басым жасоо менен мамлекеттик тышкы карызды алмашуу боюнча долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу;

4) мамлекеттик тышкы карызды алмашуу боюнча долбоордук сунуштардын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо (эсептен чыгаруу, жарым-жартылай грантка өзгөртүп түзүү) жөнүндө донор өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү демилгелөө;

5) жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган бюджеттер аралык мамилелердин жаңы системасын киргизүү;

6) мамлекеттик ишканалардын жана акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар чарбакер коомдордун ишине комплекстүү талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сектордун стратегиялык эмес объектилерин МЖӨ алкагында толук же жарым-жартылай менчиктештирүү, башкарууга өткөрүп берүү;

7) калган мамлекеттик ишканаларды ирилештирүү жана андан ары акционерлештирүү жолу менен кайра уюштуруу;

8) ээлик кылуунун наркын, баа - сапат катышын эсепке алуу механизмдери боюнча мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү.

VI. Өнүктүрүүнүн экономикалык артыкчылыктары

6.1. Гидроэнергетика

Стратегиялык күн тартибинен улам энергиянын көмүртектүү булактарынан өлкөнүн көз карандылыгынын даражасын төмөндөтүү зарыл. Энергияны керектөөнүн ички түзүмүн өзгөртүүнү жана экономиканы технологиялык жактан модернизациялоону, айрыкча климаттын өзгөрүү процессин эске алуу менен масштабдуу гидроэнергетиканы өнүктүрүү жана альтернативдүү энергетикага өтүү алгылыктуу чечимдердин бири болуп саналат. Бул аракетти жана ресурстарды талап кылган негизги жана татаал милдет.

Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечектерде электр энергиясын керектөө жогорулайт. Жаңы гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү негизги милдет болуп саналат. Келечектүү гидроэлектрстанцияларын (Камбар-Ата ГЭС-1, Жогорку-Нарын ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады, Казарман ГЭС каскады жана башка) куруунун артыкчылыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен Нарын дарыясынын бассейнинин гидроэнергетикалык потенциалы ишке ашырылууга тийиш.

Токтогул ГЭС каскадында иштеп жаткан кубаттуулуктарды модернизациялоо жана тездетилген реконструкциялоо талап кылынат.

САSА-1000 долбоору, ошондой эле ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин бирдиктүү рыногун түзүү долбоору анын башталышы болуп саналган электр энергиясын сатуунун жаңы рыногун түзүү менен энергияны сатууну (экспорттоону) өнүктүрүү зарыл. Энергияны экспорттоо мүмкүнчүлүгү келечекте Чыгыш Азияга багытталууга тийиш. Жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды курууну жана ишке киргизүүнү эске алуу менен жаңы сатуу рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн иликтөөнүн максатка ылайыктуулугу пайда болууда.

Электр энергиясын майда жана орто өндүрүүчүлөрдөн өз ара жагымдуу тарифтер жана мөөнөттөр боюнча кепилденген мамлекеттик сатып алуу менен чакан ГЭСтерди долбоорлоо, иштеп чыгуу жана ишке киргизүү процессин ишке киргизүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жергиликтүү бийлик менен биргеликте мыйзамдык деңгээлде гидроэнергетикалык долбоорлор үчүн жер бөлүү маселелерин чечет. Бул 300-400 МВт жалпы кубаттуулуктагы генерациялоочу объекттерди пайдаланууга киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Финансылык жактан алып караганда энергетикалык сектор кооптуу абалда турат жана инвесторлор үчүн анча мааниге ээ эмес бойдон калууда. Сектордун туруктуулугу үчүн татаал, бирок керектүү кадамга - тарифтерди акырындап жогорулатууга баруу зарыл. Жарандардын социалдык аялуу категорияларын колдоо үчүн компенсациялык мүнөздөгү чаралар көрүлөт. Мындан тышкары жогорку рентабелдүү долбоорлор үчүн электр энергиясына тарифтерди кайра карап чыгуу жана жогорулатууга баруу талап кылынат. Система эң жогорку жүктү азайтып суроо-талаптын сезондук, суткалык өзгөрүшүнө жооп кайтара алгандай, электр энергиясын керектөөнү эсепке алуу системасынын ийкемдүүлүгүн жакшыртуу зарыл.

Орто мөөнөттүү мезгилде кубаттуулугу 100 МВт жакын объекттерди киргизүүгө мүмкүндүк берген энергиянын альтернативдүү, экологиялык таза түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. Жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү электр тармактарына жана инфратүзүмгө туташтырууну жеңилдетүүгө жана зарыл болгон техникалык шарттарды алууга мүмкүндүк берет. Электр энергиясын керектөө жана жаңы абоненттеринин саны көбөйгөн шартта майнинг фермаларды ачуу үчүн алардын энергиянын кайра жаралуучу булактарына, анын ичинде чакан ГЭСтерге түздөн-түз жакын жайгашуусу жагымдуу шарт болуп саналат. Бул ташып жеткирүүдөгү электр энергиясынын жоготууларын азайтууга таасирин тийгизет.

Бул этапта ири шаарлардагы жылытуу системасы жылуулук тармактарын андан ары өнүктүрүү потенциалын жоготту жана жылуулук менен камсыз кылуунун рентабелдүү эместигин көрсөттү. Кыргыз Республикасынын ири шаарларында жана региондорунда жылытуу системасын өнүктүрүү максатында энергиянын альтернативдүү булактарын (жаратылыш газы, көмүр жана башка энергия ресурстары), анын ичинде экологиялык таза булактарын пайдалануу менен автономдуу отканаларды өнүктүрүүнү баштоо зарыл.

Жаңы кубаттуулуктарды киргизүүдө Кыргыз Республикасында транспортту электрдик иштеткичи бар: электр машиналарга, электр жүк ташуучу машиналарга, жогорку ылдамдыктагы электричкаларга, троллейбустарга жана электр поезддерге этабы менен которуу зарыл. Келечекте аккумуляторлорду жана батареяларды жогорку ылдамдыктагы электр менен кубаттандыруу тармагы түзүлөт.

Мамлекеттик үлүш катышкан бүткүл энергетика системасында активдерди толук инвентаризациялоо жана кайра баалоо камсыз кылынууга тийиш. Мындан тышкары бардык технологиялык жана башкаруу процесстери автоматташтырылган болушу керек. Бардык объекттерге корпоративдик башкаруунун заманбап стандарттары киргизилет.

Энергетика секторунун жабдууларынын техникалык эскирүү деңгээли кооптуу чекке жетти. Секторду финансылык жактан жакшыртуунун жана башкаруунун сапатын жогорулатуунун эсебинен энергетикалык инфратүзүмдү тез арада модернизациялоого каражаттар табылат.

Кыска мөөнөттүн ичинде иштешинин так эрежелерин жана тиешелүү институттарды түзүүнү аныктоо менен электр энергиясынын дүң рыногу түзүлөт.

Долбоорлор:

1) Камбар-Ата ГЭС-1, Жогорку-Нарын ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскады, Казарман ГЭС каскады ири гидроэнергетикалык объекттерди ж.б. куруу;

2) чакан ГЭСтерди куруу;

3) САSА-1000 долбоорун ишке ашыруу;

4) мамлекеттик автотранспорт паркын электромобилдерге этабы менен которуу;

5) имараттардын энергия натыйжалуулугу боюнча долбоорду ишке ашыруу;

6) энергиянын альтернативдүү булактарын (күн жана шамал энергиясы) өнүктүрүү.

6.2. Айыл чарбасы жана кайра иштетүү

Айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөсү болуп өндүрүштүн тышкы рынокто гана эмес ички рыноктордо да тийиштүү түрдө атаандашууга мүмкүндүк бербөөчү төмөн өндүрүмдүүлүгү жана майда товардуулугу саналат. Бирок экономиканын бул сектору республиканын атаандашуу артыкчылыгынан болуп эсептелет жана аны кеңири өндүрүү жана инвестициялоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу агрардык сектордогу реформанын стратегиялык максаты болот. Агроөнөр жай комплексинде продукцияны тышкы рынокторго экспорттоо үчүн орто жана ири кайра иштетүүчү комплекстерди, логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө дем берилет. Мамлекет айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү жаатында кластерлерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын бөлүгү катары агроөнөр жай комплексинин кластерлерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу зарыл. Кластерлерди түзүү методикасын, ошондой эле ар кайсыл аймактарга жана айыл чарба өсүмдүктөрүнө ыңгайлашуучу кластердин типтүү моделин иштеп чыгуу зарыл.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекет тарабынан финансылык колдоону көбөйтүүнүн жана түзүмдөштүрүүнүн эсебинен түрткү берүүчү механизмдер кайра каралып чыгат.

Дем берүүчү механизмдердин комплексин колдонуу менен чакан дыйкан-фермердик чарбаларды жана айыл чарба кооперативдерин бириктирүүгө багытталган реформаларды жүргүзүү маанилүү болот. Буга ошондой эле айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоо программалары да багытталат.

Мамлекеттик деңгээлде агрардык технологияларды жана инновацияларды, техниканы жана өндүрүштүн механикалаштырылган каражаттарын импорттоо үчүн ыңгайлуу режимди киргизүү зарыл. Айыл чарбасындагы санариптик технологиялар сектордун өндүрүмдүүлүгүн, болжолдоонун, стандартташтыруунун, байкоо жүргүзүүнүн сапатын, маркетингдик жагымдуулугун жогорулатат, фермерлердин маалыматка жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Ар бир аймактык округда фермерлерди агрохимиялык, зооветеринардык жана агротехникалык тейлөөнүн адистештирилген борборлору түзүлүүгө тийиш. Фермерлер айыл чарбасынын тазалыгын жана экологиялуулугун сактоо үчүн биологиялык жер семирткичтердин технологияларын, химиялык препараттарды, жер семирткичтерди жана дары-дармектерди максималдуу түрдө пайдаланууга тийиш.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү жана эң "таза" сорттору менен камсыз кылууну уюштуруу, асыл тукумду жакшыртууга дем берүү зарыл. Үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын иши кайра каралууга тийиш. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде аларды модернизациялоону жүргүзүү зарыл.

Экологиялуулукту сактоо жана органикалык өндүрүшкө багыт алуу айыл чарбасын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыгынан болууга тийиш. Кыргыз Республикасында органикалык продукция рыногун тездетүү максатында тиешелүү мыйзамдык жөнгө салуу иштелип чыгат жана кабыл алынат, органикалык продукцияны сертификациялоонун эл аралык стандарттары ишке киргизилет жана химиялык жер семирткичтердин импортунун катуу контролу камсыз кылынат, тиешелүү маркетингдик иш-чаралар өткөрүлөт. "Органикалык продукция" программасы ишке киргизилет.

Адал продукцияны керектөөнүн дүйнөлүк рыногу 1,5 трлн. АКШ долларын түзөт. Ушуга байланыштуу адал продукция рыногун мамлекеттик деңгээлде активдүү колдоо жана өнүктүрүү жана керектөөчү өлкөлөргө экспортту кеңейтүүгө көмөктөшүү максатка ылайыктуу.

Терең иштетилген айыл чарба продукцияларын чыгаруу үчүн болгон жаратылыш артыкчылыктарын жана гидроэнергетикалык ресурстардын болушун пайдалануу зарыл. Эл аралык рынокто атаандашуу артыкчылыгынын бири сублимацияланган продукцияларды өндүрүү болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасы уникалдуу жогорку минералдашкан суу ресурстарына ээ жана жогорку минералдашкан суулардын дүйнөлүк өндүрүүчүсү жана экспорттоочусу болушу мүмкүн.

Учурдагы экономикалык кризистин шарттарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сыяктуу көп сандагы керектөөчүлөрү бар мамлекеттик мекемелер үчүн айыл чарба продукциясын мамлекеттик сатып алуунун кепилденген жана жөнгө салынуучу системасын ишке киргизүү максатка ылайыктуу.

Ошондой эле баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында азык-түлүк коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүүнү жана азык-түлүк жана айыл чарба чийки заттар рыногунда баа түзүүнү жөнгө салууну камсыз кылуу зарыл.

Өлкөнүн агроөнөр жай комплексинде товар өткөрүүчү инфратүзүмдүн негизги элементтери катары дүң-бөлүштүрүү борборлорунун курулушун ишке киргизүүнү камсыздоо зарыл.

Климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба секторунда адаптациялоо чараларын колдонуу керек. Климатка туруктуу технологияларды жана сортторду пайдалануудан тышкары, айыл чарба ишинде климаттык тобокелдиктерди камсыздандыруу инструменттерин кеңири жайылтуу максатка ылайыктуу.

Сугат жерлерин иштетүү айыл чарбасынын негизи болуп саналат. Сугат жерлериндеги өсүмдүк өстүрүүчүлүк Кыргыз Республикасындагы аккан суунун негизги керектөөчүсү болуп саналат. Климаттын жылышына байланыштуу глобалдык тенденцияларды, таза суунун запастарынын азаюу болжолун, аларды өлкөнүн аймагына бөлүштүрүүнүн бирдей эместигин эске алып, туруктуу ирригацияны өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Бул үчүн ирригациялык курулушту улантуу жана ирригациялык инфратүзүмдү модернизациялоо зарыл. Бул азык-түлүк коопсуздугунун маселелерин чечүүгө, жердин суу менен камсыздалышын жогорулатууга жана жаңы сугат жерлерин ишке киргизүүгө көмөк көрсөтөт.

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоо зарылдыгын эске алуу менен болгон суу ресурстарын үнөмдүү, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Долбоорлор:

1) айыл чарба тармагынын товардык-чийки зат биржасын ишке киргизүү;

2) кластерлештирүүнү жана ири товар өндүрүүчүлөрүн колдоону эске алуу менен "Айыл чарбасын каржылоо" программасын кайра карап чыгуу;

3) органикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу;

4) суу жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарификация системасын кайра карап чыгуу - экономикалык жактан негизделген тарифтерге өтүү;

5) Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо (2018-2022-жылдар);

6) Сарымсак ирригациялык системасын реконструкциялоо (2018-2022-жылдар);

7) Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жер иштетүүнү өнүктүрүү (2021-2024-жылдар);

8) Чүй облусундагы сугат жер иштетүүнү өнүктүрүү (айланма Чүй каналы-2);

9) "Аква-маданият" балык өстүрүүнү өнүктүрүү долбоору;

10) Айыл чарба өндүрүшүнүн товарларын көзөмөлдөөнүн улуттук системасын киргизүү;

11) бирдиктүү өндүрүштүк-сатуу чынжырчасын, агромаркетинг жана электрондук коммерция борборлорун түзүү;

12) Agro Smart маалымат базасын түзүү.

6.3. Туризмди өнүктүрүү

Туристтик тармак COVID-19 пандемиясынын өзгөчө оор кесепеттерине туш болду. Эл аралык учууларды чектөө, чек араларды жабуу биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча тармактагы жүгүртүүнүн кескин төмөндөшүнө алып келди. Кыргыз Республикасынын элинин ачыктыгы, меймандостугу, достугу жана көп түрдүүлүгү эл аралык туризмди өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат.

Ошону менен бирге секторду өнүктүрүүнүн системалуу көйгөйлөрү чечилбеген бойдон калууда. Кыргыз Республикасында базалык шарттарды - жеке коопсуздукту, сапаттуу медициналык сервисти, жеткиликтүү маалыматтарды, ыңгайлуу логистиканы жана жер-жерлердеги сапаттуу сервисти камсыз кылуу зарыл. Улуттук туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү ийгиликтүү илгерилетүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн туристтик продукттарды байланыштырган региондук туристтик долбоорлорду жүзөгө ашыруу зарыл.

Саламаттык сактоонун сапаттуу инфратүзүмүнүн болушу туристтик жагымдуулук үчүн башкы шарттардын бири болуп саналарын коронавирустун жайылышы аныктады. Ушуга байланыштуу географиялык жеткиликтүүлүк жана саламаттык сактоонун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты артыкчылыктуу болушу керек.

Туристтик секторду өнүктүрүү кластердик мамилеге негизделет. Мамлекет Каракол шаарынын базасында - тоо лыжа, Ош шаарынын базасында - тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында - рекреациялык адистешүүсү менен бир нече чоң туристтик кластерлерди ишке киргизүү үчүн шарттарды түзөт. Ошондой эле өлкөнүн табигый-климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана тийиштүү инфратүзүмдү түзүүгө негизделген реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган "медициналык туризм" кластерин ишке киргизүү зарыл.

Туристтик сектор туристтик-рекреациялык зоналардын табигый рекреациялык сыйымдуулугун баалоону эске алуу менен жергиликтүү жамааттын жана өлкөнүн туристтик тармагынын субъекттеринин кызыкчылыгында айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу менен туруктуулук принциптеринде өнүгүүгө тийиш. Туристтик инфратүзүмдүн базалык компоненттерине модернизациялоо жүргүзүлөт жана алар эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык келтирилет.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды жана фестивалдарды уюштуруу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү туризмди өнүктүрүүгө, конокторду тартууга жана өлкөнүн дүйнөлүк туристтик рыноктогу таанымалдыгын арттырууга өбөлгө түздү. Өлкөнүн социалдык маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган эл аралык окуялардын долбоорлорун ишке киргизүү максатка ылайыктуу. Кыргыз Республикасы искусство жана чыгармачылык (кино, музыка, театр), философия жана көчмөн элдеринин тарыхы менен байланышкан көптөгөн маданий долбоорлордун демилгечиси болушу мүмкүн.

Инфратүзүмдүк келечектүү долбоорлор туризм индустриясын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушун аяктоо, Ысык-Көл айланма жолун реабилитациялоо, трансулуттук магистралдардын ишенимдүү иштеши өлкөнүн аймагынын байланыштуулугун камсыз кылууга жана убакыттын үнөмдөлүшүнө мүмкүндүк берет. "Чалдыбар - Балыкчы" электр поезддеринин негизиндеги транспорттук каттамдардын долбоору келечектүү көрүнөт.

Долбоорлор:

1) "медициналык туризм" кластерин ишке киргизүү

2) маркетингдик стратегия - электрондук аянтчаларда, В2В иш-чараларында өлкөнү илгерилетүү;

3) туризмди өнүктүрүү фондун түзүү;

4) Ысык-Көл облусунда бренддүү отелди куруу;

5) чакан авиацияны куруу.

6.4. Кен казуу

Кен казууну өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо шартында кенди натыйжалуу өздөштүрүүгө багытталууга тийиш. Ишти лицензиялоо, ишти жана бузулган аймактарды экологиялык реабилитациялоону контролдоо механизмин өркүндөтүүнү, жер казынасын пайдалануучулардын бюджет, жергиликтүү жамааттар, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызыкдар тараптар менен мамилелерин оптималдаштырууну камсыз кылуу зарыл.

Колдонуудагы мыйзамдарды айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык тажрыйбага жана стандарттарга максималдуу шайкеш келтирүү жагынан кайра карап чыгуу, анын ичинде рекультивациялоону толугу менен жүргүзүү үчүн жетиштүү каражаттарды аныктоо бөлүгүндө рекультивациялык иштердин жалпы наркын түзүүнүн механизмин кайра карап чыгуу зарыл. Кен казуу секторундагы долбоорлордо айлана-чөйрөгө минималдуу таасири бар заманбап кен казуу технологияларын ишке киргизүү каралышы керек.

Мамлекеттик маанидеги лицензияланбаган кендер эң мыкты дүйнөлүк практикаларды эске алып, мамлекеттик (улуттук) кен казуу компаниясы тарабынан жана зарыл болгондо - инвесторлорду тартуу менен өздөштүрүлөт.

Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестрине кирбеген пайдалуу кендердин лицензияланбаган кен чыккан жерлери (кум-шагыл материалдарын жана чопо топурак сыяктуу пайдалуу кендерди кошпогондо) инвесторлор тарабынан мамлекеттин үлүшүн түрдө берүү менен өздөштүрүлүүгө тийиш.

Мамлекеттин кен казуу долбоорлоруна катышуусу калкка жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүктүрүү кепилдигин берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат. Башка жагынан алганда, катышуунун мындай үлүшү мамлекеттин ашыкча кийлигишүүсүнөн долбоордун иштөөсүнүн көз карандысыздыгын сактайт. Ошону менен бирге бардык деңгээлдеги бюджеттерге, анын ичинде региондорду өнүктүрүү фонддоруна финансылык каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу зарыл.

Токтоп турган ишканалардын ишин кайра жандандырууга көмөк көрсөтүлөт.

Долбоорлор:

1) Жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин иштеп чыгуу;

2) иштетилип жаткан кендерди натыйжалуу өздөштүрүү (Терек, Тереккан, Перевальное ж.б.) жана жаңы кендерин пайдаланууга берүү (Андаш, Талды-Булак, Тоголок, Чаарат ж.б.);

3) пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруу;

4) кен казуу тармагынан түшкөн финансылык каражаттарды сарамжалдуу, ачык пайдаланууну камсыз кылуу боюнча санариптик чечимди ишке ашыруу.

6.5. Жеңил өнөр жайы

Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө эл аралык рынокторго чыгуу келечеги менен туруктуу суроо-талапты калыптандыруу, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай продукциясынын атаандашуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү маанилүү кадам болууга тийиш.

Импорттолуучу чийки заттарга (кездеме жана фурнитура) фискалдык жүктү азайтуу мүмкүнчүлүгүн бир эле мезгилде карап чыгуу менен тигүү сектору үчүн учурдагы жеңилдиктерди сактоо зарыл.

Мамлекеттин колдоосу менен ири кластердик өндүрүштөр ишке киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өндүрүшүн жайгаштыруу үчүн белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторду тартуу механизмин киргизүү зарыл, бул алдыңкы технологиялардын негизинде өздүк "кыргыз брендин" түзүү менен келечекте жеңил өнөр жай товарларын өндүрүүнүн өздүк маданиятын калыптандырууга мүмкүндүк берет.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин соода тармактары талап кылган жогорку өндүрүмдүүлүктү, продукциялардын кеңири ассортиментин жана көлөмүн камсыз кылган ири тигүү өндүрүшүн калыптандыруу үчүн мотивациялык шарттар түзүлөт.

Орто жана ири ишканаларды түзүү үчүн маанилүү мотивациялык фактор болуп жеңилдетилген шарттарда өнөр жай жабдууларынын лизингин киргизүү, ошондой эле зарыл болгон энергетикалык ресурстарды жана инженердик тармактарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле уруксат берүүчү документтердин пакети менен өнөр жай аймактарын берүү саналат.

Калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында региондук деңгээлде жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт, уруксат берүүчү документтердин пакети менен адистештирилген өнөр жай аймактары сунушталат. Региондук өнүктүрүү фонддору региондогу мындай өнөр жай аймактарын түзүүнү каржылоо булактарынан болот.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жеңил өнөр жай продукциясынын сапатын баалоо үчүн толук лабораторияларды куруу жана ишке киргизүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде долбоорлорду ишке киргизүү милдети коюлат.

Долбоорлор:

1) ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү;

2) кеминде 3 өнөр жай зонасын, анын ичинде региондордо киргизүү;

3) индустриалдык парктарды куруу;

4) жеңил өнөр жай продукциясынын сапатын баалоо үчүн лабораторияларды куруу жана ишке киргизүү;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн өндүрүшүн жайгаштыруу үчүн белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторду тартуу.

VII. Социалдык өнүктүрүү

7.1. Социалдык-маданий өнүктүрүү, жарандык өзүн таанууну калыптандыруу

Кыргыз Республикасы эбегейсиз, бирок аягына чейин ишке ашырылбаган социалдык-маданий потенциалга ээ. Дал социалдык-маданий негиздер бизге этнос катары сакталып калууга жана өзүбүздүн азыркы мамлекетибизди түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Элдин маалымдарлыгынын, дүйнө таанымынын жана аң-сезиминин тездик менен өзгөрүү шартында өлкөнүн жарандарын улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде тарбиялоо, улуттук жана жарандык өзүн таанууну, жарандык маданиятты калыптандыруу маанилүү.

Элдердин көп түрдүүлүгүндө жана маданияттардын ар түрдүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын стратегиялык максаты болуп динге сабырдуулук, маданияттарды өз ара түшүнүү жана өз ара байытуу, тынчтыкта бирге жашоо жана көз караштарына сый-урмат менен мамиле кылуу чөйрөсүн түзүү саналат.

Максатка жетишүү Кыргызстандын элинин рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарына негизденген Кыргыз жараны - бириктирүүчү жарандык өзүн таанууну калыптандыруу жана илгерилетүү аркылуу ишке ашырылат.

Мамлекет жарандарды элдин салттуу баалуулуктарына жакындашуусуна жана алардын дүйнөлүк инновацияларга, Мекенин сүйүүгө, элин, кыргыз элинин "Манас" баатырдык эпосун жана башка рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарга, кылымдардан бери сакталып келген каада-салтты терең таанууга умтулуусуна өзгөчө көңүл бурат. "Инсанды рухий жана адеп-ахлактык, дени сак тарбиялоо" долбоору ишке ашырылат.

Негизги принциптер Кыргыз Республикасындагы коомдук өзүн таануунун социалдык-маданий көп түрдүүлүгүнө, алардын ортосундагы коммуникацияларды кеңейтүүгө жана бекемдөөгө таянат. "Кыргыз жараны" жарандык өзүн таанууну жана жарандык туюмду өнүктүрүүгө багытталган "Мен - Кыргыз жараны" медиа-долбоору ишке ашырылат.

Мамлекеттин билим берүү жана маданий саясаты өзүнө инсанды рухий жана адеп-ахлактык, дене тарбияны камтыйт. Окуу жана билим берүү программаларына этика, эстетика жана дене тарбия боюнча сабактар киргизилет.

Балдардын жарандык, социалдык, рухий жана адеп-ахлактык, башка компетенцияларын калыптандыруу, ошондой эле билим берүү системасына окуу процессин жогорку деңгээлде жүргүзүүгө жөндөмдүү таланттуу педагогикалык кадрларды тартуу үчүн "Ата-бабадан сандык" долбоору жүзөгө ашырылат.

Кыргыз философиялык-тарыхый мектебинин кайра жаралуусу, тарыхый-маданий мурасты анализдөө жана өзүн таануу үчүн аянтчаны түзүү, рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүү үчүн "Даанышман" долбоору ишке ашырылат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында ар кандай диний уюмдар өзүнүн ишин жүргүзүүдө. Мамлекеттик же милдеттүү катары кайсы бир диндин орношуна жол бербөөчү, диндин жана бардык культтардын мамлекеттен бөлүнүшүн камсыз кылуучу, диний бирикмелердин жана культ кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салуучу принцип сакталат.

Диалогду жана диний сабырдуулукту өнүктүрүү үчүн чөйрө түзүлөт, диний бирикмелер толеранттуулукту, маданияттардын биримдигин жана көп түрдүүлүгүн сактоого багытталган ишти жүзөгө ашырат.

Диний сабаттуулукту, билимди жогорулатуу, диний негизде чыр-чатактарды алдын алуу максатында динге ишенгендердин арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча чаралар иштелип чыгат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болуп саналат. Кыргыз тили ар кандай өзүн таануунун, интеграциялануунун жана коммуникациялардын инструменти болууга тийиш. Тиешелүү түрдө жарандардын кыргыз тилди билүүсүнө дем берүү жана жүйөлөштүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейтилет, методикалар көнүктүрүлөт, кыргыз тилин окутуунун сапаты жогорулайт. Мында орус тилинин ролу жана статусу өзгөрбөгөн бойдон калат, чет тилдерди, анын ичинде англис тилин окуп-үйрөнүү үчүн мүмкүнчүлүктөр кеңейет.

Социалдык-маданий негиздерди өнүктүрүүнүн башка түркүгү чыгармачылык потенциалды өстүрүү болот. Маданият жана искусство артыкчылыктардын тизмесине кирет, бирок ошону менен бирге иштин форматы өзгөрүшү керек. Багыты - бул мурасты сактоо жана жаңы улуттук маданий продукттарды жаратуу. Кыргыз Республикасын салттуу рухтун, искусствонун, арт-индустриянын региондук инновациялык борборуна кайра түзүүгө багытталган долбоорлор ишке ашырылат.

Өлкөнүн маданий базисин өнүктүрүү маселелеринде коомчулукту жана базисти активдүү тартуу зарыл. Маданият жана искусство чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматтарынын эсебинен чыгармачылык жана кесиптик өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн көптөгөн коомдук жайлардын пайда болушуна дем берүү зарыл.

Маданият жана искусство тармагында эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү ачыла элек. Көчмөн элдердин эл аралык этномаданий музыкалык фестивалын түзүү жана өткөрүү биринчи долбоор болуп калат. Эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасынын образын түзүү зарыл, ал дүйнөлүк маданиятка биздин салымды илгерилетүү үчүн база болуп калат жана бир эле маалда чет өлкөдө мекендештерди интеграциялоо боюнча милдеттерди чечет. Буга "Ала-Тоо" медиа долбоору жана "Кыргыз Ааламы" программасы багытталат.

Мамлекеттин социалдык-маданий саясаты үй-бүлө институтун бекемдөөгө негизденет. Энелерге, өзгөчө жаш жана тажрыйбасы жок энелерге жана алардын балдарына максималдуу жакындаштырылган жана кеңеш берүүчү-үйрөтүүчү энелер жана үй-бүлөнү бекемдөө мектептери түзүлөт. Күч колдонулган жана эрте никеге туруунун терс практикасын, үй-бүлөлүк зомбулукту түп-тамырынан жок кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруу улантылат; аялдар жана эркектер үчүн эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттенмелерди гармониялуу айкалыштыруу, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө гармониялуу тарбияга жана урматтоого негизденген жоопкерчиликтүү ата-энелер, энени жана атаны, үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо принциптерин илгерилетүү үчүн шарттар түзүлөт.

Мамлекеттүүлүктү, жарандык өзүн таанууну бекемдөө жана толеранттуулукту өнүктүрүү максатында маданият тармагында технологиялар, программалар жана кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыгат. Заманбап санариптик технологияларды колдонуу маданияттын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоорлор:

1) жарандык өзүн таанууну өнүктүрүүгө багытталган "Мен - Кыргыз жараны" долбоору;

2) "Даанышман" долбоору;

3) "Ала-Тоо" глобалдуу медиадолбоор;

4) "Кыргыз ааламы" долбоору;

5) Көчмөн элдердин эл аралык этномаданий музыкалык фестивалын түзүү жана өткөрүү;

6) Аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган "Шерине" долбоору;

7) 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу;

8) "Умай эне" долбоору;

9) "Ата-бабалардан сандык мурасы" долбоору;

10) "Куттуу эл" долбоору;

11) "Мен - эмгекчилмин" долбоору;

12) "Диним - менин тирегим" долбоору;

13) "Улуттук мурас борбору" долбоору;

14) "Адамдардын тарыхы - өлкөнүн тарыхы" долбоору.

7.2. Дени сак улут

Азыркы учурда саламаттык сактоо тармагында түп-тамырынан кайра өзгөртүү программасын иштеп чыгуу талап кылынат. COVID-19 менен болгон кырдаал, жаңыланууга муктаж болгон саламаттык сактоодогу бир нече системалуу багыттарды аныктады.

Бул багытта заманбап инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды колдонуу менен баштапкы медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү бекемдөө зарыл. Мында эки түзүүчүнү - жер-жерлерде үй-бүлөлүк медициналык борборлорду модернизациялоо жана жабдуу, ошондой эле врачтардын жана медайымдардын квалификациясын, анын ичинде аралыктан жогорулатуу формаларын пайдалануу менен жогорулатуу керек. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бул процессине бизнести кыйла кеңири тартуу үчүн шарттарды түзүү максатка ылайыктуу.

Пациентти комплекстүү алып барууну жана интеграцияланган медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) көрсөтүү деңгээлинде жана медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлине интеграцияланган пациенттин медициналык электрондук картасын киргизүү аркылуу камсыз кылынат. "Ден соолуктун санариптик паспорту" долбоору ишке ашырылат.

Тез медициналык жардамды жаңылоо жана модернизациялоо зарыл. Мында материалдык-техникалык жаңылоо, квалификациясын жогорулатуу жана мыкты кадрларды тартуу маселелери курч турат. Санарип технологияларын колдонуу менен тез жардам станцияларын жайгаштыруунун логистикалык схемасын кайра кароо максатка ылайыктуу.

Мамлекеттик инвестициялоо үчүн энени жана баланы коргоону күчөтүү, эрте улгаюуну жана жүрөк-кан тамыр жана залалдуу шишик ооруларынын кесепетинен майыптуулукту алдын алуу, жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү - артыкчылыктуу багыттар болуп калат. Аталган багыттар боюнча мамлекеттик саясаттын чаралары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, сапаттын эл аралык стандарттарын киргизүүнүн жана лабораториялык кызматты оптималдаштыруунун эсебинен аймактарда жаңы заманбап технологияларды, саламаттык сактоо уюмдарынын жаңы кубаттуулуктарын ишке киргизүү жана иштеп жаткандарын модернизациялоо, лабораториялык-диагностикалык кызматтарды кеңейтүү болот.

Коомдук саламаттык сактоо кызматын анын функцияларын кеңейтүү менен модернизациялоо өткөрүлөт, жергиликтүү бийлик органдарын жана башка мамлекеттик органдарды тартуу менен алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт. Саламаттык үчүн тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү санариптик улуттук системасы түзүлөт, ал өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга туруктуу талдоону жана баалоону жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анын негизинде оорулардын, эпидемиялардын таралуусунун жана алардын алдын алуу, терс кесепеттерин азайтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуунун түрдүү сценарийлерин моделдөө жана болжолдоо технологиялары пайда болот. Санариптик ден соолуктун улуттук картасы иштелип чыгат жана ишке киргизилет.

Жаңы форматтагы эпидемиологдорду даярдоо жана кайра даярдоо системасын иштеп чыгуу зарыл, алар улуттук жана региондук деңгээлде эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө жана болжолдоо жүргүзүүгө жөндөмдүү болушат.

Коомдук саламаттыкты башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүү коомдук саламаттык сактоо кызматын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгууну, ошондой эле иштеп жаткан коомдук саламаттык сактоо уюмдарын Ден соолук коомдук институтуна кайра уюштурууну шарттайт. Коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн популяциялык деңгээлде алдын алуучу кызматтардын жаңы топтому, анын ичинде аларды көрсөтүү стандарттары иштелип чыгат жана киргизилет.

Өзгөчө эпидемия мезгилинде инфекциялык контролдоо жана эпидемиологиялык көзөмөл иши формалдуу болбошу керек. Аны медициналык кызматкерлерге, ошондой эле калк тарабынан медициналык процедураларды алууда иштин коопсуз шарттарын камсыз кылуу менен түп-тамырынан кайра кароо зарыл.

Өлкөдө биокоопсуздук системасын түзүү зарыл. Тийиштүү ченемдик база түзүлүшү керек. Эпидемияларды убагында эскертүү, аныктоо жана жөнгө салуу үчүн илимий-өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү керек. Медициналык илимдин өнүгүшү эл аралык илимий коомчулук менен интеграциялануу шартында өтүшү керек. Эпидемиялардын жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу учурларында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык деңгээлдеринде саламаттык сактоо системасынын чара көрүү системасын өнүктүрүү зарыл.

Көчмө амбулатордук диагностикалык борборлордун, өзгөчө өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы региондорунда ишин туруктуу негизде жүргүзүү зарыл.

Сергек жашоо ыңгайынын жана ооруларды алдын алуунун мүмкүнчүлүктөрү, ар бир адамдын өзүнүн ден соолугу жана өзүнүн жакындарынын ден соолугу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө калк арасында көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү боюнча кеңири маалыматтык-коммуникациялык стратегия иштелип чыгат жана ишке киргизилет. Ошондой эле ооруларды алдын алуу жана эскертүү чараларын туулгандан баштап өнүктүрүү талап кылынат. Өзгөчө балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаш адамдардын, кош бойлуу аялдардын ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурулат.

Медициналык жардам көрсөтүүнүн баштапкы деңгээли менен интеграцияланган мектеп медицинасын өнүктүрүү зарыл. Мектепте толук азыктуу тамактануу балдар үчүн коопсуз шарттарда уюштурулушу керек.

Энелердин, ошондой эле кош бойлуу аялдардын арасында балдарды багуу жана өнүктүрүү, балдардын майыптуулугуна алып келүүчү өнүгүүнүн кемтиктерин эрте аныктоо, балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөнү бекемдөө маселелеринде социалдык-психологиялык ыкмалар боюнча негизги көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү зарыл.

Кубаттоо чаралардын системасы менен бирге дене тарбия жана маданияттын улуттук ченемдик негиздери илгерилетилет. Дене тарбия жана спорт инфратүзүмүнө инвестицияланган бизнести өнүктүрүү үчүн преференциалдык жагымдуу чөйрөнү калыптандыруунун эсебинен дене тарбия жана спорт инфратүзүмүн түзүүгө, дене тарбия жана спорт тармагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери кеңири ишке киргизилет.

Жарандардын, анын ичинде улуу жана улгайган курактагы жарандардын дене бой өнүгүүсү үчүн аларды мүмкүн болушунча максималдуу камтуу менен шарттарды түзүү зарыл.

Өлкөнүн жарандарынын жүрүм-турумунун позитивдүү өзгөрүүлөрү үчүн тамекини, алкоголду, тузду жана кант камтыган продукттарды керектөөнү кыскартууну, ошондой эле дене боюнун активдүүлүгүн жогорулатууну кошо алганда, сергек жашоо ыңгайын жактоосуна жараша диффренцирленген тарификациясы менен медициналык камсыздандыруу механизмдерин ишке киргизүү стимул болушу керек.

Саламаттык сактоо системасын каржылоонун принциптери жана механизмдери өзгөртүлөт. Мында эки чечим - саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө бизнести кеңири тартуу жана "акча пациенттин артынан келет" - пациенттерди каржылоонун реалдуу механизмине өтүү сунушталат. Ар бир жаран менчигинин түрүнө карабастан каалаган дарылоо мекемесинде тандоосу боюнча өзүнүн каражаттарын пайдалана алат. Бул системанын ичинде атаандаштыкка түрткү берет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) иштөө принциптери кайра каралат.

Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДМЧА) калыбына келтирүү жолунда алардын дене күч жана психологиялык бөгөттөрдөн өтүүсүнө өбөлгө болгон реабилитациялык кызмат көрсөтүү рыногун жана социалдык-чөйрөлүк инфратүзүмдү түзүү зарыл. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды социалдаштыруу жана коомго интеграциялоо, аларды билим берүү, өнүктүрүү, социалдык коргоо, ошондой эле дене тарбия жана спорт мекемелерине ар тараптуу камтуу жана коштоо зарылдыгы эске алынат.

Баштапкы билим берүүнү кошо алганда, кесиптик билим берүүнүн базасында реабилитологдорду даярдоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарыл. Тийиштүү улуттук жана эл аралык кесиптик ассоциациялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бюджеттик каражаттардын эсебинен реабилитациялоо жана абилитациялоо адистерин даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароо керек; калкка реабилитациялык кызмат көрсөтүүгө инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү үчүн окуу-методикалык борбор түзүлүшү керек. Реабилитациялоого багыттоо менен технологияларды жана медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишин түп-тамырынан реформалоо зарыл.

Демографиялык кризиске - калктын улгаюусуна даярданууну баштоо зарыл. Багууну талап кылган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайган жарандарга же убактылуу эмгекке жарамсыз адамдарга медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик эмес саламаттык сактоо уюмдарына же социалдык ишкерлерге киреше салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү каралат.

ДМЧАларды, анын ичинде балдарды жана улгайган жарандарды багуу боюнча медициналык-социалдык кызматтарды, медайымдык кароо кызматтарын көрсөтүүчү уюмдарды лицензиялоо жана аккредитациялоо механизмдери кайра каралышы керек. Квалификациялык билимдерге жана көндүмдөргө багыт алуу менен медициналык-социалдык кароо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү персоналды сертификаттоо системасын киргизүү зарыл. Иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик программалары аркылуу медициналык-социалдык кароо боюнча квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү зарыл.

Калк арасында экологиялуулук, жаратылышты кабылдоочулук салттуу принциптерин кайра жаратуу керек. "Экокоргоочу" улуттук жаштар долбоору түзүлөт, ал жаратылыш менен гармонияда жашаган жана айлана-чөйрөнүн булганышына жол бербеген адамдын образын өнүктүрүүгө чакырылган. Экологиялык тарбияны жана билимди бала бакчалардын жана мектептердин деңгээлинен баштап, билим берүүнүн мазмунуна климаттын өзгөрүүсү, энергетикалык натыйжалуулук, энергиянын кайра жаралуу булактарын колдонуу, экологиялык коопсуздук, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо маселелерин жана "жашыл" экономика принциптерин киргизүү аркылуу илгерилетүү керек.

Бизнеске саламаттык сактоо секторуна кыйла кеңири катышуу механизмдерин сунуштоо зарыл. Программага катыша турган бизнесмендер үчүн контракттын узак мөөнөттүүлүгүнүн кепилдиктери каралышы керек.

Долбоорлор:

1) 2022-2026-жылдары Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнү реформалоо;

2) Бишкек, Талас, Ош шаарларында перинаталдык борборлорду куруу;

3) баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу программасы;

4) ден соолук үчүн тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун санариптик бирдиктүү улуттук системасын түзүү;

5) "Экокоргоочу" долбоору;

6) "Өзүңдөн башта" долбоору;

7) "Санариптик ден соолук улуттук картасы" долбоору;

8) "Санариптик ден соолук паспорту" долбоору.

7.3. Билимдүү улут

Билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана экономикалык өсүштүн эң аракеттүү шаймандарынын бири болуп саналат. Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылышы керек, ал мезгил талабына жооп бериши керек жана ар бир адам үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү болууга тийиш. Инклюзивдүү жана үзгүлтүксүз билим берүү маселелери билим берүү процессинин бардык деңгээлдеринде каралууга жана адамдын турмушунун ар кайсы этаптарын камтууга тийиш.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну эки эсеге көбөйтүү зарыл. Бул максаттарда инновациялык ыкмалар жана методологиялар колдонулат. Салттуу бала бакчалар менен катар эле, жеке инвестицияларды тартуунун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуунун эсебинен балдарды өнүктүрүү борборлору, үй-бүлөлүк жана жамааттык бала бакчалар, балдарды көнүктүрүү борборлору, балдардын кечки жана дем алышта болуу борборлору ишке киргизилет. Программанын алкагында муниципалдык активдердин базасында мамлекеттик инвестициялардын жана бизнестин кошо каржылоосунун эсебинен өлкөнүн ар бир шаарында балдарды өнүктүрүүнүн комплекстүү борбору ишке киргизилет.

Эпидемия же чектөөлөрдү киргизүү шартында кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү түрдүү вариативдүүлүктөгү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын өнүктүрүү максатында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын лицензиялоо, аккредитациялоо системасын кайра карап чыгуу зарыл. Мындай мектепке чейинки мекемелердин ишинде багыттама - бул балдарды эрте өнүктүрүүнүн стандарттары жана кызматтарды көрсөтүүнү жөнгө салууга өтүү болушу керек.

Жөнгө салуучулук ченемдик базаны кайра карап чыгууда өзгөчө аялдардын арасында мектепке чейинки кызмат көрсөтүүлөрдүн түрдүү вариативдүүлүктөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Мында балдарды эрте өнүктүрүүнүн стандарттарына багыттоо менен мектепке чейинки кызматтарды көрсөтүү боюнча персоналды сертификаттоо системасын кароо зарыл. Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо системасы да квалификациялык көндүмдөрдү жана билимдерди сертификаттоого багыттоо менен кайра каралууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин маанилүү багыты башталгыч мектепти колдоо жана өнүктүрүү болуп саналат, ага негизги инвестициялар багытталат.

Педагогдорду жана тарбиячыларды колдоо башкы чара болушу керек. Айлык маяна жогорулайт, турак жай сатып алуу маселелерин чечүү үчүн жеңилдетилген ипотекалык программа ишке киргизилет. Мугалимдин статусун көтөрүү боюнча жигердүү медиа иш жүргүзүлүшү керек.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун системалык курстары сунушталат. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында мугалимдерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасы кайра каралат. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасы кайра каралат. Системалык деңгээлде жаш муундагы педагогдорду тартуу менен сапаттуу кадрларды даярдоо зарыл.

Жалпысынан мектеп боюнча билим берүү стандарттарынын мазмуну жана түзүмү кайра каралат. Негизги, артыкчылыктуу предметтер катары математика, физика, химия, биология, маалыматтык технологиялар аныкталышы керек. Мыкты эл аралык практиканы көнүктүрүү жолу менен бул предметтер боюнча окуу-методикалык комплекстер жаңыртылат. Инновациялык долбоорлор, мектеп технопарктары, лабораториялар жана мектептик билим берүүнү кесиптештирүү сыяктуу иштөөнүн жаңы заманбап ыкмаларын апробациялоо зарыл. Бардык мектептер окуучулардын жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрүн тестирлөөнү дайыма өткөрүп турушу керек. Мектептердеги тестирлөөнүн жалпыланган жыйынтыктары ачык жеткиликтүүлүктө болушу керек, бул мектептин коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатат, жаңы методикаларды өздөштүрүүгө дем берет.

Мындан тышкары онлайн-билим берүүнүн ыкмалары жана технологиялары ковидден кийин алынган сабактарды эске алуу менен түп-тамырынан каралышы керек, электрондук форматка көнүктүрүлгөн билим берүүнүн бардык багыттары боюнча окуу-методикалык материалдар даярдалды. Эмгек рыногунда жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда суроо-талап кылынган базалык билимдерди жана көндүмдөрдү баалоо үчүн улуттук санариптик диктанттар ар жылдык негизде өткөрүлүүгө тийиш.

Билим берүү системасында электрондук алып жүрүүчүлөрдө технологиялар, китеп окуу жана билимдерди, көндүмдөрдү алуу программалары жигердүү киргизилиши керек.

Эскилиги жеткен мектеп инфратүзүмүн жана финансы ресурстарынын чектелүүлүгүнүн себебинен билим берүү объекттеринин санынын жетишсиздигин эске алып, бизнести мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүнө кеңири тартуу зарыл. Билим берүүгө инвестициялаган бизнести корпоративдик салыктардан бошотуу маселелерин кароо зарыл.

Ресурстарды пайдаланууга сарамжалсыз мамиле кылуу катары аз комплекттелген мектептерди куруу саясатынан баш тартуу жана заманбап окуу комплекстерине өтүү зарыл. Окуучуларды окуган жерлерине жана кайра үйлөрүнө атайын мектептик автобустар менен ташуу камсыздалат. Мамиле кылууну өзгөртүү "бюджеттик акчалар окуучулардын артынан келип түшөт" принциби боюнча киши башына каржылоо принциптерин бардык жерлерде киргизүү менен коштолот. Мектептердин финансылык жана административдик автономиясы боюнча пилоттук долбоорлор ишке киргизилет.

COVID-19га байланышкан кырдаал кризис мезгилинде билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн курч проблемасын, ошондой эле жалпысынан ыкмалардын альтернативдүүлүк проблемасын аныктады. Андыктан билим берүүнү санариптештирүү процессин тездетүү зарыл. Ар бир облуста жашаган жерине жана кирешелердин деңгээлине карабастан үй чарбаларына тез ылдамдыктагы кеңири тилкелүү интернетке жетүү маселеси чечилет.

Ар бир региондо "Кыргыз лицейлери" - билим берүүнүн жаңы комплекстүү уюмдары түзүлөт, аларда балдарды окутуу жана өнүктүрүү технологияларына ачыктык инновациялык ыкмасы киргизилет. Бул лицейлердин базасында көп түрдүү билим берүү демилгелери жана алардын мектепке чейинки мезгилден тартып атайын, квалификациялуу, кесиптик көндүмдөрү жана билимдери бар орто мектептик билим алганга чейин эркин тандоосу ишке киргизилет. Кыргыз лицейлери жеке керектөөлөрүн, ошондой эле жарандык өзүн таануунун социалдык-маданий негиздерин жана балдардын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн көңүлгө алып, балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алат. Лицейлердин базасында 10-11-класстардын окуучу балдарын кесиптик жактан өнүктүрүү программасын жана окутуу тилин тандоонун вариативдүүлүгү ишке киргизилет.

Ош жана Каракол шаарларында, Чүй облусунда Россия Федерациясынын колдоосунда орус тилинде жана табигый-илимий профилде окутуу менен "Достук" мектептери курулат. Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системасына басым жасалат.

Эмгек рыногунда жумушчу адистиктер боюнча курч жетишсиздик болууда. Бизнес-түзүмдөрдүн жана компаниялардын, анын ичинде мамлекеттик уюмдардын кесиптик билим берүү мекемелери менен тикелей өз ара аракеттенүү практикасын ишке киргизүү керек. Кесиптик даярдоонун мазмуну жана методу актуалдуу жана мезгил талабына шайкеш келиши керек.

Өлкөдө 50дөн ашык жогорку окуу жайлары бар, алардын бардыгына ревизия жүргүзүү зарыл. Жогорку билим берүү стандарттарына жооп бербеген ЖОЖдор жабылышы керек. Муну менен утурлаш ЖОЖдордо билим берүүгө тарифтерди түзүү жана каржылоо принциптери өзгөрүүгө тийиш. Жогорку окуу жайлары ишинин илимий-изилдөө багытын күчтөндүрүүгө милдеттүү - ансыз берилген билимдердин актуалдуулугуна жана сапатына кепилдик берүү мүмкүн эмес. ЖОЖдордун менеджментин маркетингге жана ЖОЖдордун илимий продукттарын илгерилетүүгө, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу үчүн заманбап фандрайзинг технологияларына окутуу керек.

Жогорку окуу жай илимдерин өнүктүрүү үчүн тартылган бюджеттен тышкаркы булактардын каражаттарын пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда ЖОЖдордун автономиялуулугун күчтөндүрүү үчүн ченемдик укуктук негизди иштеп чыгуу талап кылынат. ЖОЖдордогу илим эл аралык илимий коомчулуктун жана глобалдуу, региондук илимий изилдөөлөрдүн активдүү бөлүгү болууга тийиш. Техникалык, медициналык жана социалдык мүнөздөгү багыттарды колдоо өзгөчө маанилүү.

Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо системасынын кызматкерлери үчүн санариптик көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү боюнча атайын окутуучу программалар тийиштүү техникалык жана методологиялык коштоо менен иштелип чыгууга тийиш.

Долбоорлор:

1) "Келечектеги кирешелер долбоору - маалыматтык-түшүндүрүү иштери, ошондой эле билим берүүгө салым салган адамдын оң образын жана жашоо стилин түзүү боюнча долбоор;

2) "ЖОЖдор - инноваторлор" долбоору - ЖОЖ илимдерин жана окумуштууларды өлкөнүн туруктуу инновациялык өнүгүүсүнө интеграциялоо боюнча долбоору;

3) "Достук" мектеби - орус тилинде окутуу жана табигый-илимий адистешүүгө басым жасоо менен жалпы билим берүү уюму;

4) "Кыргыз лицейлери" - кесиптик багыт берүү боюнча компонентке басым жасоо менен жалпы билим берүү уюму;

5) "Китеп өлкөсү" долбоору;

6) "Мугалим - мөмөлүү дарак" долбоору;

7) "Билим берүүнү санариптик бюллетени" долбоору.

7.4. Инклюзивдик өсүү

Өлкөнүн калкынын бардык топторунун жашоо турмушунун сапатын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө мамлекеттин саясатында олуттуу мүчүлүштүктөр бар.

Экономикалык мүмкүнчүлүктөрдө олуттуу ажырым гендердик принцип боюнча байкалат. Аялдардын 60 пайыздан ашыгы формалдуу эмес эмгек мамилелерине тартылган. Терс тенденция 20-29 жаштагылар тобундагы аялдар арасында байкалат, мында жумушсуздук эң жогорку деңгээлди түзөт.

Аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүүнү жана чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде алардын өкүлчүлүгүн көбөйтүүнү камсыз кылуу зарыл. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасынын шайлануучу органдарында аялдарга квота берүүнүн жана алардын өкүлчүлүгүнүн мыйзамдык ченемдери сакталышы керек. Ошондой эле аткаруу бийлигинин деңгээлинде аялдардын өкүлчүлүгү боюнча позицияларды күчөтүү зарыл.

Аялдардын азыркы муунунда "Курманжан Датка" образын кайра жаратууну баштоо жана калыптандыруу зарыл. Кыздардын, өзгөчө өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы региондордо мектепке чейинки билим берүү системасына тартылышына дем берген атайын долбоорлор жана программалар болууга тийиш.

Илим менен алектенген аялдарды колдоо үчүн максаттуу долбоорлорду ишке киргизүү зарыл. Аялдар арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн өзүнчө программалар түзүлөт жана ишке киргизилет.

Акысыз негизде кесиптик техникалык билим алуу, анын ичинде IT-адистикти алуу үчүн аялдардын өкүлчүлүгүн квоталоо системасын киргизүү үчүн ченемдик база түзүлөт. Мамлекет тарабынан мындай колдоо өлкө ичинде да, ошондой эле анын чектеринен тышкары да окутууну камтууга тийиш.

Келечектеги муундар фондун түзүү маселеси каралат, анын максаты балдарды жана жаштарды эрте өнүктүрүүгө финансылык колдоо көрсөтүү болуп саналат. Фондду каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын аймагында алынуучу орду кайра толбогон ресурстарды казуудан жана эксплуатациялоодон алынган каражаттардын бөлүгү болот.

Аялдардын-энелердин келечектеги муунду калыптандырууда негиз түзүү ролун таануу менен алардын акы төлөнбөгөн эмгегин этап-этабы жана акырындык менен монетизациялоо зарыл. Балдарды эмдөө жана аларды үй-бүлөлүк медицина борборлорунда байкоо жүргүзүү, ошондой эле аялдын өзүнүн ден соолугуна туруктуу байкоо жүргүзүү шарты менен 3 жашка чейинки баланы багуу боюнча энелерге акы төлөө этабы менен киргизилет.

Калктын аялуу жана аз камсыз болгон катмарын колдоо максатында микрокредиттик каржылоону бөлүү, техниканы лизингге берүү аркылуу социалдык контракттын механизмдери киргизилет. Бул программа тийиштүү аймактарды кластердик өнүктүрүү менен тыгыз өз ара байланышта болот.

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү үчүн мамлекеттин саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири үй-бүлө институтун бекемдөө жана өнүктүрүү, ошондой эле үй-бүлөнүн бакубаттуулук деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Мында негизги максат ар бир баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо, ошондой эле кыйын турмуштук кырдаалда болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо болот.

Күч колдонуп жана эрте никелешүү, өзгөчө никеге туруу курагына жете элек балдарга, үй-бүлөлүк зомбулукка карата терс практиканы жок кылууга багытталган ишти улантуу зарыл.

Аялдар жана эркектер үчүн эмгектик жана үй-бүлөлүк милдеттерди гармониялуу айкалыштыруу, жоопкерчиликтүү ата-эне болуу, энени жана атаны коргоо, гармонияда тарбиялоо жана үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн урматтоого негизделген үй-бүлөлүк баалуулуктар принциптерин илгерилетүү үчүн шарттар түзүлөт.

Балдар эмгегин эксплуатациялоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын реабилитациялоо, аларды коомдук процесстерге коштоо жана кийинки кошулуу маселелери өзүнчө каралат.

Эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык мыйыптуулук проблемаларын аныктоого жана чечүүгө карата мамилени өзгөртүү боюнча чаралар ишке ашырылат.

Жалпысынан социалдык коргоо системасына баалоо жүргүзүлөт жана системанын бардык элементтерин камтыган, анын ичинде эмгекке акы төлөө, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөкпулдар, социалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелерин жана иш менен камсыз кылуу чараларын кошо алганда социалдык коргоонун комплекстүү стратегиясы иштелип чыгат. Бардыгына социалдык коргоонун минималдуу деңгээлин, өзгөчө социалдык тобокелдиктер (майыптык, картаюу, багуучусун жоготуу, ишти жоготуу (жумушсуздук), убактылуу эмгекке жарамсыздык, эмгектик жаракат алуу, оору, кесиптик оору, өлүм болсо) кепилдеген социалдык коргоонун калыс жана натыйжалуу системасы түзүлөт.

Келечекте келип чыгуучу бардык чакырыктарга жооп берүүгө жөндөмдүү дени сак муунду өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары балдар жакырчылыгын кыскартуу боюнча аракеттүү чаралар ишке ашырылат.

Долбоорлор:

1) "Аялзат" мектептери;

2) "Социалдык контракт долбоору;

3) "IТ жаатында жана илимде аялдар лидерлиги" долбоору;

4) "Курманжан Датка" долбоору.

7.5. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногу

Пандемиядан кийин социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрбөй туруп социалдык кесепеттерди жоюу мүмкүн эмес. Калктын улгаюсунун демографиялык тенденциялары социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүүгө карата мамилелерди кайра карап чыгууну милдеттендирет, бул мыйзамды өркүндөтүүнү талап кылат.

Узак мөөнөттүү багууну, мамлекеттин базалык кепилдигин, кызмат көрсөтүүнү каржылоонун жан башына системасын киргизүүнү, тандоо укугу менен кызмат көрсөтүүнүн келишимдик системасын колдонууну кошо алганда багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн варианттуулугун караган социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл. Мыйзамда ошондой эле социалдык кызматкердин статусу, иш көлөмүнүн варианттуулугу менен анын ишин функциялык толуктоо, функциялык жүктөмгө багыт алуу менен төлөм системасы кайра каралууга тийиш.

Ошондой эле өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал, аскердик чыр-чатак шарттарында жана социалдык кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган башка жагдайларда социалдык кызматкерлердин иштөө режимин кароо да зарыл. Санариптик технологияларды колдонуунун негизинде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоо системасын кайра карап чыгуу талап кылынат.

Ошондой эле социалдык ишкердик институтун негизги проблемалуу социалдык маселелерди чечүүчү, экономикадагы маанилүү багыттардын бири катары мыйзам менен бекитүү зарыл. Социалдык ишкердик социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү менен катар ДМЧА, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин, аялдарды жана аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүн жумушка орноштурууну шарттайт.

Мында турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү, ДМЧА жана улгайган жарандарды багуу боюнча социалдык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарды лицензиялоо жана аккредитациялоо механизмдери кызмат көрсөтүүнүн сапатына багытталуу менен кайра каралып чыгышы керек. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн квалификациялык билимдерге жана көндүмдөргө багыт алуу менен персоналды сертификациялоо системасын киргизүү зарыл.

Мамлекеттик иш менен камсыз кылуу мамлекеттик программалары аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүчү, кам көрүү боюнча квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын түзүү керек. Мында социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун квалификациялуу жумушчу күчүн даярдоо жана кайра даярдоо системасы бизнести, мамлекеттик эмес даярдоо институттарын, кесиптик ассоциацияларды тартууну шарттайт.

Социалдык ишкердикти колдоонун жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүнүн атайын мамлекеттик программалары болушу керек. МЖӨ жана мамлекеттик социалдык заказдын механизмдерин жарандардын аялуу категорияларын социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууда да пайдалануу зарыл.

Кызмат көрсөтүүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү же турмуштук оор кырдаалда калган баланы, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды жана калктын социалдык аялуу катмарынын башка өкүлдөрүн өнүктүрүүнүн жыйынтыгына багыт алуу менен аларды каржылоо ченемдерин кайра карап чыгуу зарыл. Каржылоонун консолидацияланган жана интеграцияланган ыкмасынын негизинде мамлекеттик монополиядан социалдык коргоонун кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүгө өтүү ишке ашырылышы керек.

Социалдык кызматтарды көрсөтүүдө каржылоонун ваучердик системасын киргизүү базалык мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылууга, ошондой эле каржылоонун башка булактарын консолидациялоого жана мобилизациялоого мүмкүндүк берет. Менчигинин түрүнө карабастан, бирок аларды көрсөтүүнүн технологияларынын варианттуулугу менен базалык социалдык кызматтарды сатып алуу зарыл. Бул кызмат көрсөтүүчүнү тандоодо ар бир жаран эркин болгудай "адамдын артынан акча ээрчийт" деген принципти ишке ашыруунун эсебинен жетишилет.

Ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын механизмдери жана үзгүлтүксүз билим берүү, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана калктын социалдык аялуу катмарларын колдоо аркылуу кепилденген базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ичинде санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча программалар киргизилиши керек.

Санариптик социалдык паспорттун негизинде саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо жана маданий кызмат көрсөтүүлөрүнүн санариптик экосистемасы иштелип чыгат жана ишке киргизилет, ал жарандын социалдык-экономикалык статусу жөнүндө бардык маалыматты идентификациялык картанын негизинде чагылдырышы керек. Бул паспорт ошондой эле жеке маалыматтарды тийиштүү коргоо шартында ден соолугунун, билим берүүнүн жана социалдык коргоонун, маданияттын санариптик паспортторунун маалыматтарын камтыйт. Социалдык блоктун кызматтарын алууда маалымдамаларды жыйноо муктаждыгы, катталган жери боюнча базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүгө чектөө, бюрократия жоюлат.

Долбоорлор:

1) "Социалдык ишкер" долбоору;

2) "Санариптик социалдык паспорт" долбоору;

3) социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө долбоор;

4) социалдык кызматтарды көрсөткөн кам көрүү боюнча квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын түзүү.

VIII. Тышкы саясат жана улуттук коопсуздук

8.1. Улуттук коопсуздуктун негизги артыкчылыктарын камсыздоо

Инсанды, коомду жана мамлекетти жашоонун бардык чөйрөлөрүндө коопсуздуктун тышкы жана ички коркунучтарынан коргоо боюнча көз караштардын, идеялардын жана принциптердин заманбап системасын иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун колдонуудагы концепциясы кайрадан каралат.

Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын болтурбоого багытталган алдын алуучу чараларды өз убагында көрүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн улуттук коопсуздук органдарына жана айрым бөлүмдөрүнө ал үчүн зарыл болгон чалгындоо жана контрчалгындоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча мыйзамдык деңгээлде ыйгарым укуктарды берүү зарыл.

Мында улуттук коопсуздук органдарынын артыкчылыктуу багыты болуп өлкөнүн улуттук коопсуздугунун коркунучтарын, анын ичинде эл аралык терроризмди, диний экстремизмди, сепаратизмди, этностор аралык карама-каршылыктарды, улуттар аралык кылмыштуулукту, эл аралык баңгитрафикти жана киберкылмыштуулукту жоюу эсептелет.

Аталган багыттагы натыйжалардын катарына заманбап чыныгы көрүнүштөргө ылайык келүүчү Өлкөнүн улуттук коопсуздук концепциясын бекитүүнү, "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" жана "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамдарды кабыл алууну киргизүүгө болот, бул натыйжада өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу системасын түзүүгө алып келиши зарыл.

Долбоорлор:

1) Улуттук коопсуздук концепциясын кабыл алуу;

2) "Тышкы чалгындоо иши жөнүндө" Мыйзам;

3) "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Мыйзам.

8.2. Аскердик коопсуздукту камсыздоо

Мамлекеттер аралык мамилелердин учурдагы абалы, ошондой эле террористтик уюмдардын ишин активдештирүү ар кандай аскердик-саясий блоктор боюнча шериктеш мамлекеттердин катышуусу менен Борбордук Азия регионунда, ошондой эле башка региондордо аскердик чыр-чатактардын келип чыгышынын чыныгы мүмкүндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт, бул Кыргыз Республикасынын ушул абалга тартылышына реалдуу коркунуч түзөт.

Аталган жагдай мурда бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасын кайра карап чыгууну талап кылат. Аскер доктринасын кайра кароонун алкагында болуп келген коркунучтарды түзөтүү жүргүзүлөт.

Мында мобилизациялык резервди түзүүнүн болгон механизмдери, ошондой эле мобилизациялык резервдин аскерге милдеттүүлөрүн камсыздоонун тартиби өзгөчө чек ара аймактарында олуттуу кайра каралат.

Өзгөчө жана аскердик абалдын шарттарында Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон курал-жарактардын, материалдык-техникалык каражаттардын жана дары-дармектердин запасын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Өлкөнүн аскердик-өнөр жайлык потенциалын калыбына келтирүү аскердик коопсуздукту камсыз кылуунун негизги аспекти болуп калат.

Биринчи этапта мамлекеттик заказдын алкагында Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн зарыл болгон ок-дарыларды өндүрүүнү камсыз кылуучу аскердик-өнөр жай комплексинин (мындан ары - АӨК) ишканалары калыбына келтирилүүгө тийиш.

Мындан тышкары аталган ишканалардын базасында куралданууда турган аскердик техниканы жана куралды оңдоону камсыздоого жөндөмдүү болгон өндүрүштүк база кайрадан түзүлөт.

Экинчи этаптын алкагында АӨКтүн иштеп жаткан ишканаларынын потенциалын арттыруу, ошондой эле заманбап курал-жарак өндүрүшүн уюштуруу үчүн жаңы өндүрүштүк ишканаларды түзүү үчүн да шарттарды түзүү зарыл, ал өзүнө пилоттук эмес учуучу аппараттарды (ПЭУА), жогорку тактыктагы ок атуучу куралды, ошондой эле ок-дарылардын жаңы түрүн камтыйт.

Жогоруда аталган милдеттерди камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасынын жаңы редакциясы иштелип чыгат жана бекитилет.

Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка жана Куралдуу Күчтөр, башка аскердик түзүлүштөр үчүн мобилизациялык резервге даярдоону уюштуруу кайрадан каралып чыгат.

Кыргыз курал" АӨК өнүктүрүү мамлекеттик программасын кабыл алуу аркылуу АӨК ишканаларынын иши кайрадан жаңыланат жана аскердик багыттагы продукцияларга мамлекеттик заказ камсыздалат.

Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр зарыл болгон аскер техникасы, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар менен камсыз кылынат.

Мамлекеттик мобилизациялык резервде материалдык каражаттардын жана дары-дармектердин запасы, анын ичинде курал-жарак жана ок-дарылар боюнча керектүү санда түзүлөт.

Аталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Аскер доктринасынын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана конституциялык түзүлүшүн коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Долбоорлор:

1) Аскер доктринасын кабыл алуу;

2) "Кыргыз курал" аскердик-өнөр жай комплексин 2026-жылга чейин кайра жаратуу мамлекеттик программасын кабыл алуу;

3) Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын кабыл алуу.

8.3. Чек аралардын коопсуздугу

Чек ара коопсуздугунун абалы аймактык бүтүндүккө, тышкы саясий векторлорду түзүүгө, коомдук стабилдүүлүккө, экономикалык өнүктүрүүгө, маалыматтык талаага жана мамлекеттин башка жашоо-турмуш чөйрөсүнө түз таасир көрсөтөт.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин аягына чыкпагандыгы Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугунун тышкы жана ички коркунучтарын түзүүчү аныктоочу фактор болуп саналат.

Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жалпы мамлекеттик мааниге, үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ жана өз максаттары бар. Бул процесске тартылган субъекттердин иштешинин натыйжалуулугу өзгөчө чек аралык, ошондой эле саясий, экономикалык, укуктук, дипломатиялык, санариптик, уюштуруучулук, администрациялык, маалыматтык, чалгындоо, контрчалгындоо, изин суутпай-издөө, бажылык, жаратылышты коргоо, санитардык-эпидемиологиялык, рухий-маданий жана башка комплекстүү чаралардын өз убагында жана макулдашылып кабыл алынышы менен жетишилет.

Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү милдети болуп мамлекеттик чек арада жана чек ара аймагында коркунучтардын өнүгүү тенденцияларын өз убагында жана натыйжалуу аныктоого жана мүмкүн болуучу коркунучтарга жана тобокелдиктерге каршы аракеттенүүгө жөндөмдүү мамлекеттик чек араны коргоо системасын өнүктүрүү эсептелет.

Мамлекеттин чек ара коопсуздугу системасын өркүндөтүүнүн ушул этабын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктары катары төмөнкүлөр зарыл:

1) мамлекеттик чек араны укуктук тариздөө, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу;

2) азыркы учурдагы заманбап чек ара инфратүзүмүн түзүү жана модернизациялоо, ошондой эле чек ара коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына чара көрүү максатында адамдарды, товарларды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамдуу эркин алып өтүү шарттарын түзүү;

3) заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, мамлекеттик чек арада жана чек ара контролунда жагдайды техникалык контролдоонун жогорку технологиялуу жана көп функциялуу автоматташтырылган системалары, чек араны коргоочу бөлүмдөрдүн жогорку мобилдүүлүгүн камсыз кылуучу бирдейлештирилген транспорт каражаттары, ошондой эле инженердик-техникалык коргоо (коргоо жана теле байкоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттары, пайдаланууну контролдоо системалары) системаларына интеграцияланган объекттерди комплекстүү жабдуулар, байланыш системалары ж.б. менен камсыз кылуу;

4) кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү, социалдык корголгондукту, кесиптик өсүштү камсыздоону жогорулатуу.

Долбоорлор:

1) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин жаңы планын кабыл алуу;

2) Баткен облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу.

8.4. Тышкы саясат

Кыргыз Республикасынын тышкы саясат жаатында мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоого, коопсуздугун, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, экономикалык жактан өнүктүрүүнү жана чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган максаттуу жана көп пландуу иштер улантылат.

2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин жана коронавирустук пандемиянын коомдун саламаттыгына жана мамлекеттик жашоо-аракетине тийгизген терс таасирине байланыштуу өлкөнүн алдында пайда болгон милдеттерди жана чакырыктарды чечүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Өлкөнүн тышкы саясий багыты өзгөрбөйт жана ырааттуу, болжолдуу жана прагматикалык бойдон кала берет. Көп тараптуу жана эки тараптуу дипломатиянын алкагында эл аралык кызматташтыкта улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу боюнча тышкы саясий иштер активдештирилүүдө. Өлкөнүн тышкы саясий позитивдүү имиджи жигердүү алга жылдырылат.

Тышкы саясаттын артыкчылыктарын ишке ашыруу максатында 124 эл аралык уюмдун жана интеграциялык бирикменин (БУУ, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТМКК, ЕККУ ж.б.) ишине өлкөнүн катышуусу сапаттык жаңы деңгээлде камсыздалат. БУУ менен кызматташтыкта улуттук деңгээлде туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, коронавирустук пандемия менен күрөшүү, климаттын өзгөрүшүнө көнүү ж.б. үчүн программалык-долбоордук кызматташтык кеңейтилет.

165 чет мамлекет менен кызматташуу БУУнун Уставында бекитилген мамлекеттер аралык мамилелердин жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматта болгон өз ара милдеттенмелерди толук эске алуу менен улантылат. Жаңы өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелер түзүлөт.

Тышкы саясатта Борбордук Азия өлкөлөрү, ЖККУ жана ЕАЭБ боюнча стратегиялык союздаштар жана өнөктөш мамлекеттер менен ынак коңшулуктун духунда ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү артыкчылыктуу болуп эсептелет. Мамлекеттик чек араны делимитациялоону жана демаркациялоону аяктоо, бөлүнбөс коопсуздук мейкиндигин түзүү жана Борбордук Азия регионунда ишеним атмосферасын калыбына келтирүү максатында коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр улантылат.

Азия, Араб Чыгышы, Америка, Европа жана Европа бирлиги өлкөлөрү менен кызматташтык тышкы соода кооперациясына басым жасоо, гранттарды, түз инвестицияларды жана туристтерди тартуу менен пландуу өнүктүрүлөт. Экономикалык дипломатия ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тышкы рынокко жетүүсүн жакшыртууга жана камсыз кылууга багытталат.

IX. Өнүктүрүүнүн өзгөчө артыкчылыктары

9.1. Шаарларды модернизациялоо

Демографиялык, социалдык, экономикалык процесстер шаардык агломерациялардын жана аларга жанаша таяныч аймактарынын түзүлүшүн талап кылат. Бул процесстер өлкөнүн аймактык каркасын түзгөн негизги шаарлардын тегерегинде өтүшү керек. "Шаарлар - өсүш орундары" ыкмасын ишке ашыруу үчүн шаарларды комплекстүү модернизациялоо талап кылынат. Программанын алкагында негизги аракет төмөнкү багыттарга багытталат.

Шаарларды модернизациялоо боюнча системалуу иш шаарларды өнүктүрүүнүн башкы пландарын жаңыртуудан же иштеп чыгуудан башталышы керек. Архитектуралык келбеттин жана маданий мурастын сакталышын эске алуу менен шаарлардын борбордук жана тарыхый бөлүктөрүн курууга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Шаарлар жашоо үчүн ыңгайлуулугуна жана жайлуулугуна артыкчылык берүү менен өнүгүшү керек.

Электр менен тартуу, газ-мотордук отунда экологиялык жактан туруктуу коомдук транспортту өнүктүрүү зарыл. Чоң жана орто сыйымдуулуктагы коомдук транспорт кеминде шаардагы жүргүнчүлөрдүн 80 пайызын тейлеши керек.

Эң заманбап технологияларды колдонуу аркылуу суу менен жабдуу жана канализация системаларын жаңылоо жана ишке киргизүү зарыл. Шаарлардын көбү саркынды сууларды тазалоочу системаларын курууга муктаж; азыркы инфратүзүмдөр түп тамырынан бери жаңылоого муктаж.

Бардык облустардын борборлорунда шаарларды тышкы жарыктандыруу системасын модернизациялоо жүргүзүлөт. Анын негизги багыттары болуп энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү жана тышкы жарыктандырууну башкарууну автоматташтыруу эсептелүүгө тийиш.

Шаар тибиндеги бардык калктуу конуштарда таштандыларды башкаруу программасы демилгеленет. Калдыктарды кайра иштетүү, таштанды чыгарууну азайтуу, коопсуз чогултуу, кайра иштетүү жана нейтралдаштыруу маселелери бүткүл өлкө боюнча системалуу түрдө чечилүүгө тийиш.

Республиканын ар бир шаарында өзүнө жол коопсуздугунун жана коомдук коопсуздуктун компоненттерин камтыган жана улуттук система менен интеграцияланган "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылууга тийиш.

Ар бир шаарда калкты тейлөө борборлору ишке киргизилет жана маалымкаттарды жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүүлөрдү максималдуу түрдө автоматташтырылат.

Долбоорлор:

1) 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын ишке ашыруу;

2) "Коопсуз шаар" долбоорун кеңейтүү;

3) "Коомдук транспорт" долбоору;

4) "Шаарлардын инженердик инфратүзүмү" программасы;

5) "Калдыктарды туруктуу башкаруу" программасы.

9.2. Айлана-чөйрөнүн туруктуулугу жана климаттын өзгөрүшү

Мамлекеттин стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын уникалдуу табигый экосистемасын сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жолу менен адам жашоосу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү болуп эсептелет.

Экологиялык саясаттын биринчи кадамы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын жана стимулдардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүк жана экономикалык объектилердин ишинен экологиялык терс кесепеттерди минималдаштыруу боюнча чаралар болушу керек.

Экологиялык багыттагы бизнести өнүктүрүү жана колдоо, "жашыл" экономиканын принциптерин сектордук саясатка интеграциялоо, калдыктары аз, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү зарыл.

Биринчи кезектеги аракеттер кайра иштетүү, кайра колдонуу жана коопсуз утилизациялоо боюнча чараларды көрүү жолу менен өндүрүш калдыктарынын көлөмүн азайтууга багытталууга тийиш. Альтернативдүү энергия булактарына өтүүгө түрткү берүү керек жана жылуулук менен камсыз кылуу жана коммуналдык системалар секторунда калдыктарды кыскартуу үчүн колдонулган технологиялардын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Заманбап технологияларды киргизүүнү колдоо менен шаарлардын жана чарбалык субъекттердин, өзгөчө Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан тазалоочу курулмаларды контролдоо күчөтүлөт. Ошол эле учурда коомчулукка таштандыларды коопсуз жок кылуу көйгөйү боюнча маалымат берүүгө жана тартууга маанилүү роль берилиши керек.

Калдыктарды сактоочу жайлар жаратылыш кырсыктарынан начар корголгондуктан, региондун жана калктуу конуштардын негизги сууларына жакындыгынан улам келип чыккан коркунучту эске алуу менен аймактарды калыбына келтирүү боюнча иштер улантылат. Радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук базасы өркүндөтүлөт жана жөнгө салуучу инфратүзүмү чыңдалат.

Мамлекеттик саясат табигый чөйрөнү, экосистемаларды, мөңгүлөрдү, ландшафттарды жана биологиялык түрдүүлүктү сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталат. Ошол эле учурда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүү зарыл, алар өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар кандай түрлөрүн, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген түрлөрдү коргоону камсыз кылат.

Жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салуу экологиялык факторлордун, өз ара аракеттенүүсүнө жана экономикалык стимулдарга багытталууга тийиш. Бир жагынан, айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу боюнча бир топ натыйжалуу чараларды кубаттоо системасын киргизүү, экинчи жагынан, иштин экологиялык жактан натыйжасыз түрлөрү үчүн экономикалык тоскоолдуктарды түзүү болжолдонууда.

Токой экосистемасынын деградациясынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн өсүп жаткан токойлорду сактоо жана токой жерлеринин аянтын чоңойтуу боюнча чаралар көрүлөт.

Жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү климаттын өзгөрүүсү, жердин деградациясы жана абанын булгануу тобокелдиктерин азайтуунун негизги элементтеринин бири болуп саналат. Буга ылайык, шаар чөйрөсүн текши жашылдандырууну эске алуу менен жашылдандыруунун келечектүү планын кабыл алуу зарыл.

Олуттуу урбанизациялоо жана талаптагыдай пландоонун жоктугу шаардык инфратүзүмгө да, шаардык экосистемага да антропогендик жүктүн түшүүсүнө алып келди. Айлана-чөйрөгө салыштырмалуу зыянсыз транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана "Евро-5" стандартын киргизүү зарыл.

Климат өзгөрүп турган шартта табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселеси келечектеги коркунучтарды, божомолдоонун жана чара көрүүнүн жаңы ыкмаларын өнүктүрүүнү эске алуу менен комплекстүү мүнөздө болууга тийиш.

Өз кезегинде, бала бакчалардын жана мектептердин деңгээлинен баштап, туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптерине негизделген экологиялык билим берүүнү, тарбиялоону жана агартууну илгерилетүү экологиялык позитивдүү көз караштагы жана өлкөнүн табигый ресурстук потенциалынын сакталышы үчүн жоопкерчиликти сезе турган жарандардын муунун калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруунун алкагында климаттык саясаттын укуктук базасын түзүү талап кылынат, ал адистештирилген жана тармактык мыйзамдарды камтууга тийиш.

Климаттын улуттук статистикасына жана МКУ (мониторинг, отчеттуулук жана верификациялоо) улуттук системасын киргизүүгө негизделген мониторингди иштеп чыгуу керек. Климаттын өзгөрүүсүн жумшартуу жана буу газдарынын калдыктарынын деңгээлин азайтуу боюнча долбоорлор кошумча иштелип чыгат жана ишке ашырылат.

Долбоорлор:

1) "Жашыл экономика стандарттары" улуттук системасын ишке киргизүү;

2) "Жашыл коомдук транспорт" долбоорун ишке киргизүү;

3) мамлекеттик уюмдарды (министрликтер менен ведомстволорду) электромобилдерге өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

4) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана буу газдарынын төмөн деңгээлде чыгуусун өнүктүрүү боюнча улуттук планды бекитүү жана ишке ашыруу;

5) башкарууну пландоонун натыйжалуу илимий негизделген мамиле кылуунун эсебинен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экологиялык тармагын кеңейтүү жана анын потенциалын жогорулатуу;

6) "Токой" улуттук программасын ишке ашыруу;

7) "Уран казуу өндүрүшүнөн жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо" мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруу;

8) Шекафтар, Миң-Куш жана Майлуу-Суу калктуу конуштарындагы уран мурастарынын аянтчаларын рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүү;

9) калдыктарды жана экинчи ресурстарды туруктуу башкаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу;

10) "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоорун ишке ашыруу;

11) табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү баалоо жана кароо аркылуу табигый кырсыктарга, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнө каршы аракеттенүү потенциалын чыңдоо.

Х. Программаны ишке ашыруу механизмдери

10.1. Ишке ашыруу процессин башкаруу

Саясий эрк жана бардык мамлекеттик органдардын консолидацияланган позициясы шартында, бирдиктүү принциптерди жана аткаруу механизмдерин иштеп чыгуу болгондо гана программаны ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүн болот.

Программаны ишке ашыруу үчүн мыйзамдык базаны жаңыртуу, тармактык жана аймактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу талап кылынат. Алардын өз ара толук макул болушу маанилүү болуп эсептелет. Программа бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна мыйзам чыгаруу демилгелеринин пакетин киргизүү пландалууда.

Программанын комплекстүүлүгүн жана ички ресурстардын чектелгендигин эске алып, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн консультациясын жана колдоосун алуу зарыл. Программаны талкуулоо жана аны ишке ашыруу өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен жылдык диалогго негиз болот.

Бизнес коомчулугу жана конструктивдүү жарандык сектор менен системалуу диалог түзүлөт. Мындай байланыштын максаты "өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк" болот, анда коомдун пикири жана кызыкчылыктары эске алынат жана өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу маалымат берилет.

Чечимдерди ыкчам кабыл алуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерди кабыл алуусунун башка регламенттери бекитилет.

Программаны ишке ашыруу 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына, ошондой эле 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталат.

Башкаруунун натыйжалуулугу үчүн кризис шарттарында туруктуу негизде түзүлгөн кеңештердин иши жөнүндө маселени кароо максатка ылайыктуу болот.

Бул Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу долбоорлорду иш жүзүнө ашырууга байланыштуу. Ошондуктан улуттук бизнес-долбоорлорун жана программаларды даярдоо боюнча атайын институт түзүлөт.

Программанын ишке ашырылышы максималдуу ачык маалымат саясаты менен коштолууга тийиш. Бир жагынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берсе, экинчи жагынан, коомчулуктун саясаттын натыйжалуулугу жөнүндө пикирлерин билдире алат.

Программаны ишке ашыруу процесси мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди үзгүлтүксүз жана масштабдуу окутуу жана квалификациясын жогорулатуу менен коштолушу керек.

Программаны башкарууну толук санариптештирүү айырмалоочу мүнөздөмөлөрдүн бири болуп, заманбап технологиялык чечимдерди колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана натыйжалуулугун көрсөтүүгө тийиш.

Бул Программаны ишке ашыруу үчүн финансылык жактан камсыз кылуу ар кандай булактардан, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосунун, бизнестин жана инвесторлордун демилгелеринин эсебинен көрсөтүлөт.

Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү автоматташтырылган негизде курулат жана үзгүлтүксүз уюштуруу иштери менен бекемделет.

10.2. Мониторинг жана баалоо

Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүү максаттуу көрсөткүчтөр системасынын, ошондой эле максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүгө же жетишпөөгө мониторинг жүргүзүүнүн расмий статистикалык маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт. Бул үчүн улуттук мониторинг системасы түзүлөт, ал ишке ашыруунун жүрүшүндө прогресске байкоону да, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын деңгээлинде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга баа берүүнү да камсыз кылат. Туруктуу өнүгүү максаттарынын индикаторлорунун интеграциясынын жогорку деңгээлин жана релеванттуулугун эске алып, Программанын мониторинг системасы ТӨМдүн прогрессине байкоо жүргүзүүнүн түзүлгөн системасына таянат.

Программаны ишке ашыруунун прогресси квартал сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин деңгээлинде талкууланат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, өлкөнүн коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Программанын ишке ашырылышына коомдук талкуулоо жыл сайын жүргүзүлөт. Программаны ишке ашыруунун сапаты жөнүндө объективдүү маалымат алуу үчүн жарандык коомдун институттары ишке тартылат.

Коомдук контролдоо системасы мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдарынын ишин камтышы керек. Коомчулуктун алдында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүү кызыкчылыгы менен конструктивдүү диалогду түзүү үчүн мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин таасири күчөтүлөт.

Кыскартуулардын тизмеси

Бириккен Улуттар Уюму

ОБСЕ

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм

PISA

Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (англ. Programme for International Student Assessment)

ТТМКК

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши

КМШ

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги

ЕАЭБ

Евразия экономикалык бирлиги

ЖККУ

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму

ШКУ

Шанхай кызматташтык уюму

ММКФ

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

КЭР

Кытай Эл Республикасы

КНС

Кошумча нарк салыгы

ИДП

Ички дүң продукция

ЭЭЗ

Эркин экономикалык зона

МЖӨ

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

ААК

Ачык акционердик коом

КТБ

Калкты тейлөө борбору

CASA-1000

Эл аралык энергетикалык долбоор Кыргызстан, Таджикстан, Пакистан, Афганистан

БМСЖ

Баштапкы медициналык-санитардык жардам

ДМЧА

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар

АӨК

Аскердик-өнөр жай комплекси

УУА

Учкучсуз учуучу аппараттар

MRV системасы

Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча MRV улуттук системасы (мониторинг, отчеттуулук жана верификация)