Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\dcd6dec4-182f-467c-888d-52fbd17d38a0\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 28-июну ПЖ № 327

Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө

(КР Президентинин

2007-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 409, 2011-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 257,

2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

 

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу, муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн, демилгелүүлүгүн жана жоопкерчилигин арттыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

      1. (КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүдөй тиркелген жоболор бекитилсин:

- № 2 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө;

- № 3 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө;

- № 4 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын администрациялык кызматты ээлеген муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди берүү тартиби жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:

- жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын муниципалдык кызматчыларды аттестациялоону жана муниципалдык кызматтын бош администрациялык кызмат орундарын конкурстук ээлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылсын;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын аттестациялык жана конкурстук комиссияларын

ын мүчөлөрүн окутуу боюнча тематиканы иштеп чыксын жана зоналык (райондор аралык) семинарларды өткөрсүн;

- (КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

(КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2012-жылдын 2-августундагы ПЖ № 141 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

К. Бакиев

 

 

№ 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Саясий жана администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын
РЕЕСТРИ

(КР Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 145 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)