Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-декабры ПЖ № 528

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

              Кыргыз Республикасынын жарандарына кошумча 
              социалдык колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө

     Мамлекеттик жөлөкпул  жана  жењилдиктерди алуучуларга, майыптарга,
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин меди-
циналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо Борборунун
стационарында, жатак-үйлөрдө жашагандарга, ошондой эле Кыргыз Республи-
касынын Билим  берүү жана илим министрлигинин окуучуларынын өзгөчө кон-
тингентине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
     1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
     - 2008-жылдын  1-январынан баштап керектөөнүн кепилденген минимал-
дуу дењгээлинин (ККМД) өлчөмүн 200 сом суммасында белгилесин;
     - 2008-жылдын 1-январынан баштап тамактануунун акчалай ченеми: 
     Кыргыз Республикасынын  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин
балдардын психоневрологиялык   жатак-үйлөрүндө   жашаган  адамдар үчүн,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин
балдар үйлөрүнүн, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар
үчүн жатак-мектептердин,  акыл эс жана денебоюнун өнүгүшүндө кемчилдиги
бар балдар  жана  өспүрүмдөр  үчүн жатак-мектептердин тарбиялануучулары
үчүн - күнүнө 65 сом;
     Кыргыз Республикасынын  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин
кары-картањ жана майыптар үчүн жатак-үйлөрдө жана чоњдор үчүн психонев-
рологиялык жатак-үйлөрдө жашагандар үчүн - күнүнө 55 сом;
     Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү  министрлигинин
медициналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо Борбо-
рунун стационарында жашагандар үчүн - күнүнө 45 сом белгилесин;
     - 2008-жылдын  бюджетинде азиз жана начар көргөн балдар үчүн Брайл
системасы боюнча  окуу  китептерин,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим  министрлигинин акыл эс жана денебоюнун өнүгүшүндө кемчилдиги
бар балдар үчүн балдар үйлөрү жана жатак-мектептер үчүн атайын жана ме-
дициналык жабдууларды сатып алууга максаттуу каражаттарды карасын;
     - ушул Жарлыкты жүзөгө ашыруу үчүн кошумча финансылык каражаттарды
издеп тапсын жана бөлсүн;
     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-августунда-
гы №  390  "Балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктунун
экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
     3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
     4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев