Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\97cbadad-7036-45aa-932a-0c2e0b77a09c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2005-жылдын 24-октябры ПЖ № 485

Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө

(КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыктарынын
редакцияларына ылайык)

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чендерди берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо (1-тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби жөнүндөгү Жобо (2-тиркеме);

- (КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).

(КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын кадрларынын улуттук резервин түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын кызматтык көтөрүү жөнүндөгү Жоболордун долбоорун мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин кароосуна киргизсин.

4. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын камсыз кылуу жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К.Бакиев