КР Президентинин
2009-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ № 210 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-июлу ПЖ № 263
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Аскер кызматын өтөө учурунда майыптыкты алган кыска
мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен
аскер кызматчыларына майыптык боюнча пенсиянын эњ төмөнкү
өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Аскер кызматын өтөө учурунда майыптыкты алган кыска мөөнөттүү кыз-
маттагы солдаттардын жана матростордун ичинен пенсионерлердин турмуштук
дењгээлин колдоо максатында токтом кылам:
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын "в" пунктунда каралган кыска
мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кыз-
матчыларына майыптык боюнча пенсиянын эњ төмөнкү өлчөмү 2008-жылдын
1-апрелинен тартып 600 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Кыргыз Республикасынын
2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мында каралган каражаттардын чектеринде пенсияларды белгиленген тартип-
те жањы өлчөмдөрдө кайра эсептөөнү жана төлөөнү камсыз кылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев