Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\32bff107-cd73-4879-a7a6-5f2803a03a7d\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ

II БӨЛҮК 

1998-жылдын 5-январы № 1

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131,
2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237,
2004-жылдын 11-мартындагы № 20, 2005-жылдын 4-июлундагы № 94, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121,
 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2008-жылдын 8-майындагы № 80, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215,
 2009-жылдын 30-мартындагы № 104,  2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2011-жылдын 10-июнундагы № 35,
2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2013-жылдын 30-майындагы № 85, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162,
 2013-жылдын 3-августундагы № 186,
2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2014-жылдын 3-июлундагы № 111
2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74,
2015-жылдын 24-июлундагы № 191 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 1998-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

КР Граждандык Кодексинин I БӨЛҮГҮН дагы караңыз

 

I БӨЛҮК

IV БӨЛҮМ
МИЛДЕТТЕНМЕНИН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮ

23-Глава
Соода-сатык

§1. Соода-сатык жөнүндө жалпы жоболор

 

415-статья. Соода-сатык келишими

 

1. Соода-сатык келишими боюнча тараптардын бири (сатуучу) товарды башка тараптын (сатып алуучунун) менчигине берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу ушул товарды кабыл алууга жана ал үчүн белгилүү акча суммасын (баасын) төлөөгө милдеттенет.

2. Эгерде мыйзамда баалуу кагаздарга жана валюта байлыктарына карата соода-сатыктын атайын эрежелери белгиленбесе, аларды сатууга ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

3. Ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда, товарлардын айрым түрлөрүн сатып алуунун жана сатуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

4. Эгерде мүлк укуктарынын мазмунунан же ушул укуктардын мүнөзүнөн башка эч нерсе келип чыкпаса, ал укуктарды сатууга карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

5. Эгерде ушул Кодекстин эрежелеринде соода-сатык келишиминин айрым түрлөрү (чекене соода-сатык, товар тапшыруу, энергия менен жабдуу, ишкананы сатуу) жөнүндө башка эч нерсе каралбаса, келишимдин ушул түрлөрүнө карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

 

416-статья. Соода-сатык келишиминин формасы

 

1. Кыймылсыз мүлк объекттеринин сатуу-сатып алуу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

2. Кыймылсыз мүлк объектилеринин соода-сатык келишими ушул Кодекстин 25-статьясына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

417-статья. Товар жөнүндө келишимдин шарты

 

1. Соода-сатык келишими боюнча ушул Кодекстин 23-статьясынын эрежелери алганда, сак ар кандай буюмдар товар болушу мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе же товардын мүнөзүнөн башкача келип чыкпаса, келишим түзүү учурунда сатуучуда болгон товарды, ошондой эле келечекте сатуучу тарабынан түзүлүшү же сатып алынышы мүмкүн болгон товарга соода-сатык келишими түзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде товар жөнүндө соода-сатык келишими товардын аталышын жана санын аныктоого мүмкүндүк берсе, ал келишимдин шарттары макулдашылды деп эсептелет.

 

418-статья. Сатуучунун товарды өткөрүп берүү боюнча милдеттери

 

1. Сатуучу соода-сатык келишиминде каралган товарды сатып алуучуга өткөрүп берүүгө тийиш.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучуга буюмдарды берүү менен бир эле учурда, ага тиешелүү нерселерди, ошондой эле мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде каралган анын документтерин (техникалык паспортту, сапат сертификатын, пайдалануу боюнча нускоону жана башкаларды) өткөрүп берүүгө милдеттүү.

 

419-статья. Товарды өткөрүп берүү милдеттерин аткаруу мөөнөтү

 

1. Сатуучунун сатып алуучуга товарды өткөрүп берүү милдетинин аткарылышынын мөөнөтү соода-сатык келишими менен аныкталат, эгерде келишим ушул мөөнөттү аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда мөөнөт ушул Кодекстин 305-статьясында каралган эрежелерге ылайык аныкталат.

2. Эгерде келишимде анын аткарылышынын мөөнөтү бузулганда сатып алуучунун келишимге карата кызыкчылыгын жогото тургандыгы ачык көрүнүп турса, соода-сатык келишими аны так белгиленген мөөнөткө чейин аткаруу шарты менен түзүлдү деп табылат.

Мындай келишимде аныкталган мөөнөт жеткенге чейин же андан кийин жана сатып алуучу келишимди аткаруудан баш тартпаган учурда сатуучу ал келишимди аткарууга укуксуз.

 

420-статья. Сатуучунун товарды өткөрүп берүүгө милдеттерди аткаруу учуру

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучуга товарды берүү боюнча сатуучунун милдеттери төмөнкүдөй учурда:

эгерде келишимде товарды жеткирүү боюнча сатуучунун милдети каралса, сатып алуучуга же ал көрсөткөн жакка товар тапшырылганда;

эгерде сатып алуучуга же ал көрсөткөн жакка товар өзү турган жеринде берилүүгө тийиш болсо, товар сатып алуучунун карамагына өткөрүлгөндө аткарылды деп эсептелет.

Келишимде каралган мөөнөткө чейин товар тиешелүү жерде өткөрүп берүүгө даяр болгондо жана сатып алуучу келишимдин шарттарына ылайык товар өткөрүп берүүгө даяр экендиги жөнүндө билсе, ал сатып алуучунун карамагына берилди деп эсептелет. Эгерде товар марка коюу жолу менен же башкача түрдө келишимдин максатына шайкеш келтирилбесе, ал берүүгө даяр эмес деп табылат.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, соода-сатык келишиминен сатып алуучуга товарды жеткирүү же товарды ал турган жеринде өткөрүп берүү боюнча сатуучунун милдети келип чыкпаган учурда, сатып алуучуга товарды берүү боюнча сатуучунун милдети сатып алуучуга жеткирүү үчүн товарды ташуучуга же байланыш уюмуна тапшырылган учурда аткарылды деп эсептелет.

 

421-статья. Сатылган мүлктү сактоо боюнча сатуучунун милдети

 

1. Менчиктөө укугу (чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугу) мүлктү берүүдөн мурда сатып алуучуга өткөн учурда, сатуучу мүлктү бергенге чейин анын начарлашына жол бербестен мүлктү сактоого тийиш.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, сатып алуучу сатуучунун ушулар үчүн зарыл болгон сарптоолорунун ордун толтурууга милдеттүү.

 

422-статья. Товардын капыстан жок болуу тобокелинин башкача өтүшү

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товардын капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели мыйзамга же келишимге ылайык сатуучу сатып алуучуга товарды берүү боюнча өз милдетин аткарды деп эсептелген учурдан тартып, сатып алуучуга өтөт.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде же иштиктүү карым-катнаштын каада-салтында башкача каралбаса, берилген товардын жолдо келатканда капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели мындай келишим түзүлгөн учурдан тартып сатып алуучуга өтөт.

3. Эгерде келишим түзүлгөн учурда сатуучу товар жок болгондугун же бузулгандыгын билсе же билүүгө тийиш болсо жана ушул жөнүндө сатып алуучуга кабарлабаса, товар алгачкы ташуучуга берилген учурдан тартып товардын капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели сатып алуучуга өтө тургандыгы жөнүндө келишим шарты сатып алуучунун талабы боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

 

423-статья. Сатуучунун товарды укуктан эркин болгон үчүнчү жактарга берүүгө милдети

 

1. Сатып алуучу үчүнчү жактардын укугу бар товарды сатып алууга макул болгондон башка учурларда, сатуучу товарды укуктан эркин болгон ар кандай үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.

Эгерде сатып алуучу ушул товарга үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө билгендиги же билүүгө тийиш экендиги далилденбесе, жогорку эрежени аткарбай коюу сатып алуучуга сатып алуу баасын төмөндөтүүнү же соода-сатык келишимин бузууну талап кылуу укугун берет.

2. Эгерде төмөндөгүдөй дооматтар белгиленген тартипте кийинчерээк укукка ылайык деп табылса, ушул статьяда каралган эрежелер товар сатып алуучуга берилген учурга карата сатуучуга белгилүү болбогон үчүнчү жактардын дооматы бар болгон товарга карата да колдонулат.

 

424-статья. Товарды алып коюу жөнүндө доо коюлган учурда сатып алуучу менен сатуучунун милдеттери

 

1. Эгерде келишим аткарылганга чейин келип чыккан негиз боюнча үчүнчү жак сатып алуучуга товарды алып коюу жөнүндө доо койсо, сатып алуучу сатуучуну ишке катышууга тартууга, ал эми сатуучу ушул иште сатып алуучу тарапта болууга милдеттүү.

2. Эгерде сатуучу ишке катышса ал сатылган товар сатып алуучудан алып коюлушун четтете алмактыгын далилдесе, сатып алуучу сатуучуну ишке катышууга тартпашы сатуучуну сатып алуучунун алдындагы жоопкерчиликтен бошотот.

3. Сатып алуучу тарабынан ишке катышууга тартылган, бирок ага катышпаган сатуучу сатып алуучу ишти туура эмес жүргүзгөндүгүн далилдөө укугунан ажыратылат.

 

425-статья. Товар сатып алуучудан алып коюлган учурда сатуучунун жоопкерчилиги

 

Келишим аткарылганга чейин келип чыккан негиздер боюнча үчүнчү жактар сатып алуучудан товарды алып койгон учурда сатуучу сатып алуучуга ал тарткан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү, буга сатып алуучу андай негиздер бар экендиги жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурлар кирбейт.

 

426-статья. Сатуучу товарды берүүдөн баш тартышынын кесепеттери

 

Эгерде сатуучу сатылган товарды сатып алуучуга берүүдөн баш тартса, сатып алуучу сатылган товар ага берилишин жана соода-сатык келишиминин аткарылышын создуктуруудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга, же соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

427-статья. Товарга тиешелүү нерселерди жана документтерди берүү милдетин аткарбай коюунун кесепеттери

 

Эгерде сатуучу мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же соода-сатык келишимине (418-статьянын 2-пункту) ылайык берүүгө тийиш болгон товарга тиешелүү нерселерди же документтерди сатып алуучуга бербесе же берүүдөн баш тартса, сатып алуучу алардын берилишинин ыңгайлуу мөөнөтүн дайындоого укуктуу.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу товарга тиешелүү нерселерди же документтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда сатып алуучу товардан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнүп калган учурда төлөнгөн акча суммасы кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

 

428-статья. Товардын саны

 

1. Сатып алуучуга тиешелүү товардын саны соода-сатык келишиминин чен өлчөмүндө же акча түрүндө белгиленет. Товардын саны жөнүндөгү шарт аны аныктоонун тартибин келишимде белгилөө жолу менен макулдашылышы мүмкүн.

2. Эгерде соода-сатык келишими берилүүчү товардын санын аныктоого мүмкүндүк бербесе, келишим түзүлгөн жок деп эсептелет.

 

429-статья. Товардын саны жөнүндө келишимдин шарттарын бузуунун кесепети

 

1. Эгерде сатуучу соода-сатык келишиминин шарттарын бузуу менен сатып алуучуга келишимде аныкталгандагыдан аз сандагы товарды берсе, эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу жетпеген сандагы товарды талап кылууга, же берилген товардан жана ага акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми товарга акы төлөнгөн болсо, төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөндөн ашык сандагы товарды берсе, сатып алуучу ушул Кодекстин 446-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте ушул жөнүндө сатуучуга кабарлоого милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучунун билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө товардын тиешелүү бөлүгүн тескебесе, сатып алуучу бүт товарды кабыл алууга укуктуу.

3. Сатып алуучу соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөндөн ашык сандагы товарды кабыл алган учурда (ушул статьянын 2-пункту), эгерде тараптардын макулдашуусунда башка баа белгиленбесе, кошумча кабыл алынган товар келишимге ылайык кабыл алынган товар үчүн аныкталган баа боюнча төлөнөт.

 

430-статья. Товардын ассортименти

 

1. Эгерде соода-сатык келишими боюнча түрү, модели, өлчөмү, түсү же башка белгилери (ассортименти) боюнча белгилүү катыштыктагы товарлар берилүүгө тийиш болсо, сатуучу сатып алуучуга тараптар макулдашкан ассортименттеги товарларды берүүгө тийиш.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде ассортимент аныкталбаса жана келишимде аны аныктоо тартиби белгиленбесе, бирок милдеттенменин маңызынан сатып алуучуга товарлар ассортиментте берилүүгө тийиш экендиги келип чыкса, сатуучу келишим түзүлгөн учурда сатуучуга белгилүү болгон сатып алуучунун керектөөлөрүнө таянуу менен ассортименттеги товарларды сатып алуучуга берүүгө же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

431-статья. Товардын ассортименти жөнүндөгү келишимдин шарттарын бузуунун кесепеттери

 

1. Сатуучу соода-сатык келишиминде каралган товарларды келишимге ылайык келбеген ассортиментте берсе, сатып алуучу аларды кабыл алуудан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнгөн учурда төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишимине ылайык келген ассортименттеги товарлар менен катар, ассортимент жөнүндөгү шарттарды бузган товарларды берсе, сатып алуучу төмөнкүлөрдү тандап алууга укуктуу:

ассортимент жөнүндө шартка ылайык келген товарларды кабыл алууга жана калган товарлардан баш тартууга;

берилген бардык товарлардан баш тартууга;

ассортимент жөнүндө шартка ылайык келбеген товарлар келишимде каралган ассортименттеги товарлар менен алмаштырылышын талап кылууга;

берилген бардык товарларды кабыл алууга.

3. Ассортименти соода-сатык келишиминин шарттарына ылайык келбеген товарлардан баш тартылганда же ассортимент жөнүндө шартка ылайык келбеген товарларды алмаштыруу жөнүндө талап коюлганда, сатып алуучу ошондой эле ушул товарларга акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнгөн учурда төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишиминин ассортимент жөнүндө шартына ылайык келбеген товарларды алгандан кийин өзү товардан баш тарткандыгы жөнүндө сатуучуга ылайыктуу мөөнөттө билдирбесе, алар кабыл алынды деп эсептелет.

5. Эгерде сатып алуучу ассортименти соода-сатык келишимине ылайык келбеген товарлардан баш тартпаса, ал ушуларга сатуучу менен макулдашылган баа боюнча акы төлөйт. Сатуучу ыңгайы келген мөөнөттө бааны макулдашуу боюнча зарыл чара көрбөсө, сатып алуучу келишим түзүлгөн учурда салыштырмалуу кырдаалдарда ушундай товарлар үчүн демейде алынган баа боюнча товарларга акы төлөйт.

6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, ушул статьянын эрежелери колдонулат.

 

432-статья. Товардын сапаты

 

1. Сатуучу сатып алуучуга сапаты соода-сатык келишимине ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

2. Келишимде товардын сапаты жөнүндө шарт болбогон учурда сатуучу сатып алуучуга мындай товар демейде колдонулган максатка жарактуу товарды берет.

Эгерде сатуучу соода-сатык келишимин түзүү учурунда сатып алуучу тарабынан товарды сатып алуунун конкреттүү максаттары жөнүндө маалымдар болсо, сатуучу сатып алуучуга ошол максатка ылайык пайдаланууга жарактуу товарды берүүгө милдеттүү.

3. Товарды үлгүсү жана (же) сыпаттамасы боюнча сатууда сатуучу сатып алуучуга үлгүгө жана (же) сыпаттамага ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте сатылып жаткан товардын сапатына милдеттүү талаптар каралса, анда ишкердик кылган сатуучу сатып алуучуга ушул милдеттүү талаптарга ылайык товарларды берүүгө милдеттүү.

Сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамда каралган тартипте белгиленген милдетүү талаптарга салыштырганда жогорку талаптарга ылайыктуу товар берилиши мүмкүн.

 

433-статья. Товардын сапатынын гарантиясы

 

1. Эгерде сатуучу сатып алуучуга берүүгө милдеттүү болгон товар аны берип жаткан учурда ушул Кодекстин 432-статьясында каралган талаптарга ылайык келишин аныктоонун башкача учуру соода-сатык келишиминде каралбаса, товар мындай талаптарга ылайык келүүгө тийиш жана ылайыгы келген мөөнөттө мындай түрдөгү товар демейде пайдаланылган максатка жарактуу болууга тийиш.

2. Соода-сатык келишиминде сатуучу товардын сапатынын гарантиясын бере тургандыгы каралган учурда, сатуучу сатып алуучуга келишимде белгиленген убакыттын (гарантия мөөнөтүнүн) ичинде ушул Кодекстин 432-статьясында каралган талапка ылайык келүүгө тийиш болгон товарды берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товардын сапатынын гарантиясы анын бөлүгүн түзгөн бардык нерселерге (комплект буюмдарга) да жайылтылат.

 

434-статья. Гарантия мөөнөтүн эсептөө

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтү товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып (420-статья) эсептелет.

2. Эгерде сатып алуучу сатуучуга байланыштуу болгон кырдаалдардан улам келишимде гарантия мөөнөтү белгиленген товарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, анда сатуучу тиешелүү кырдаалдарды жойгонго чейин гарантия мөөнөтү башталбайт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтү ушул Кодекстин 446-статьясында белгиленген тартипте сатуучуга товардын кемчиликтери жөнүндө кабарландырылган шартта товардан табылган кемчиликтердин айынан ал пайдаланылышы мүмкүн болбогон убакытка узартылат.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, комплект буюмдарына гарантия мөөнөтү негизги буюмдун гарантия мөөнөтүнө барабар болот жана негизги буюмдун гарантия мөөнөтү менен бирдей учурда өтө баштайт.

4. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтүнүн ичинде кемчилиги табылган (439-статья) товардын (комплект буюмунун) ордуна сатуучу берген товарга (комплект буюмуна) алмаштырылган товарга белгиленгендей гарантия мөөнөтү белгиленет.

 

435-статья. Товардын жарактуулук мөөнөтү

 

1. Мыйзам, ченемдик укуктук актылар, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптары же башка милдеттүү эрежелер тарабынан мөөнөт аныкталышы мүмкүн, ал мөөнөт (жарактуулук мөөнөтү) өткөндөн кийин товар арналган багыты боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелет.

2. Сатуучу жарактуулук мөөнөтү белгиленген товарды сатып алуучуга ал жарактуу мөөнөт аяктаганга чейин пайдалана алгыдай кылып берүүгө милдеттүү.

 

436-статья. Товардын жарактуулук мөөнөтүн эсептөө

 

Товардын жарактуулук мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып товар пайдаланууга жарактуу болгон мезгил же убактысы жеткенге чейин товар жарактуу болгон дата менен аныкталат.

 

437-статья. Товардын сапатын текшерүү

 

1. Товардын сапатын текшерүү мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде каралышы мүмкүн.

Товардын сапатын текшерүү тартиби мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында же келишимде белгиленет. Текшерүү тартиби мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында белгиленген учурда келишимде аныкталган товардын сапатын текшерүү тартиби ушул талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

2. Эгерде товардын сапатын текшерүү тартиби ушул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленбесе, товардын сапатын текшерүү ишкер карым-катнаштын каада-салтына же соода-сатык келишими боюнча берилүүчү товарды текшерүүнүн демейде колдонулуучу башка шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында же соода-сатык келишиминде сатып алуучуга берилип жаткан товардын сапатын текшерүүгө сатуучунун милдети (сыноо, талдоо, карап чыгуу жана башкалар) каралса, сатуучу сатып алуучуга товардын сапаты текшерилгендигинин далилдерин көрсөтүүгө тийиш.

4. Товардын сапатын сатуучу, ошондой эле сатып алуучу тарабынан текшерүү тартиби, ошондой эле башка шарттары бирдей болууга тийиш.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

438-статья. Сапаты начар товарды берүүнүн кесепеттери

 

1. Эгерде товардын кемчиликтерин сатуучу айтпаган болсо, сапаты начар товар берилген сатып алуучу өз каалоосу боюнча сатуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга акылуу:

сатып алуу баасын тиешелүү түрдө азайтууну;

товардын кемчиликтерин шарты келген мөөнөттө акысыз жоюуну;

товардын кемчиликтерин жоюуга өзүнүн кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга.

2. Товардын сапатына талаптар олуттуу бузулган (жоюлбай турган кемчиликтер, ченемсиз чыгымга учурамайынча же убакыт коротмоюнча оңолбой турган кемчиликтер табылган же бир нече жолу табылган, же аларды жойгондон кийин кайра пайда болгон жана башка ушундай кемчиликтер чыккан) учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

соода-сатык келишиминен баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга;

сапаты начар товарды келишимге ылайык товарга алмаштырууну талап кылууга.

3. Товардын комплектине кирген бөлүгүнүн сапаты ойдогудай болбогон учурда (441-статья) сатып алуучу товардын ушул бөлүгүнө карата ушул статьянын 1- жана 2-статьяларында каралган укуктарды ишке ашырууга укуктуу.

4. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамда башкача каралбаса, ушул статьяда каралган эрежелер колдонулат.

 

439-статья. Товардын сатуучу жооп бере турган кемчиликтери

 

1. Эгерде сатып алуучу товардын кемчиликтери ал сатып алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыккандыгын далилдесе, товардын кемчиликтери үчүн сатуучу жооп берет.

2. Эгерде сатуучу товардын кемчиликтери ал сатып алуучуга берилгенден кийин сатып алуучу товарды пайдалануу же аны сактоо эрежелерин бузушунун же үчүнчү жактардын иш-аракетинин же колдон келбеген күч-аракеттин айынан келип чыккандыгын далилдебесе, сатуучу гарантия берген товар жагынан товардын кемчилиги үчүн сатуучу жооп берет.

 

440-статья. Берилген товардын кемчиликтерин табуу мөөнөтү

 

1. Эгерде мыйзамда же соода-сатык келишиминде башкача белгиленбесе, ушул статьяда белгиленген мөөнөттө товардын кемчиликтерин тапкан шартта, сатып алуучу алар менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

2. Эгерде товарга гарантия мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлбаса, товардын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды сатып алуучу сатылган товардын кемчиликтери ылайыктуу мөөнөттө, бирок товар сатып алуучуга берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде же мыйзамда же соода-сатык келишиминде белгиленген кыйла узак мөөнөттүн ичинде табылган шартта коюшу мүмкүн. Почта аркылуу ташылуучу же жөнөтүлүүчү товардын кемчилигин табуу үчүн мөөнөт товар дайындалган жерине жеткирилген күндөн тартып эсептелет.

3. Эгерде товарга гарантия мөөнөтү коюлбаса, сатып алуучу гарантия мөөнөтүнүн ичинде товардын кемчилигин тапса, ал кемчилик менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

Соода-сатык келишиминде комплект буюмдарына негизги буюмдагыдан азыраак гарантия мөөнөтү коюлса, сатып алуучу негизги буюмга гарантия мөөнөтүнүн ичинде комплект буюмунун кемчиликтерин тапкан учурда алар менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

Эгерде келишимде комплект буюмуна негизги буюмдун гарантия мөөнөтүнөн узак гарантия мөөнөтү коюлуп, негизги буюмдун гарантия мөөнөтү бүткөн-бүтпөгөнүнө карабастан, комплект буюмунун гарантия мөөнөтүнүн ичинде анын кемчилиги табылса, сатып алуучу товардын кемчилиги менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

4. Эгерде товардын кемчилиги товардын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде табылса, сатып алуучу жарактуулук мөөнөтү коюлган товарга карата анын кемчилиги менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

5. Келишимде каралган гарантия мөөнөтү эки жылдан аз болгондо жана гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок товар сатып алуучуга берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде сатып алуучу товардын кемчилигин таап, товардын кемчилиги сатып алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыкандыгын сатып алуучу далилдесе, сатуучу жооп берет.

 

441-статья. Товардын комплектүүлүгү

 

1. Сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишиминин комплектүүлүк жөнүндө шарттарына ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

2. Соода-сатык келишиминде товардын комплектүүлүгү аныкталбаса, сатуучу сатып алуучуга комплектүүлүгү ишкер карым-катнаш каада-салты же демейде коюлуучу башка талаптар менен аныкталуучу товарды берүүгө милдеттүү.

 

442-статья. Товардын комплектиси

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде товарлардын белгилүү топтомун комплектиси (товардын комплектиси) менен берүүгө милдетүү экендиги каралса, комплектиге кирген бардык товарлар берилген учурдан тартып милдеттенме аткарылды деп эсептелет.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан келип чыкпаса, сатуучу сатып алуучуга комплектиге кирген бардык товарларды бир учурда берүүгө милдеттүү.

 

443-статья. Комплектелбеген товарды берүүнүн кесепеттери

 

1. Комплектелбеген товар берилген учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча сатуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

сатып алуу баасын тиешелүү түрдө азайтууну;

товарды шарты келген мөөнөттө жеткире комплектөөнү.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучунун товарды жеткире комплектөө жөнүндө талабын учуру келген мөөнөттө аткарбаса, сатып алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

комплектелбеген товарды комплектелген товарга алмаштырууну талап кылууга;

соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында каралган кесепеттер сатуучу сатып алуучуга товардын комплектисин берүү милдетин бузган (442-статья) учурда да колдонулат.

 

444-статья. Идиш жана таңгак

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, өзүнүн мүнөзү боюнча идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылбаган товарларды кошпогондо, сатуучу сатып алуучуга товарды идишке салып жана (же) таңгактап берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде идишке жана таңгакка талаптар аныкталбаса, анда товар ушундай товар үчүн демейки ыкма менен, ал эми мындай болбогондо - ушундай товарды сактоонун жана ташуунун демейки шарттарында сакталышын камсыз кылган ыкма менен идишке салынууга жана (же) таңгакталууга тийиш.

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте идишке жана (же) таңгакка милдеттүү талап коюлса, анда ишкердик кылган сатуучу сатып алуучуга ушул талаптарга ылайыктуу идиштеги жана (же) таңгактагы товарды берүүгө милдеттүү.

 

445-статья. Товарды идишсиз жана (же) таңгаксыз же ойдогудай эмес

идиште жана (же) таңгакта берүүнүн кесепеттери

 

1. Эгерде келишимден, милдеттенменин маңызынан же товардын мүнөзүнөн башкасы келип чыкпаса, идишке салынуучу жана (же) таңгакталуучу товар сатып алуучуга идишсиз жана (же) таңгаксыз же ойдогудай эмес идиште жана (же) таңгакта берилген учурда сатып алуучу сатуучудан товарды идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылууга же ойдогудай эмес идишти жана (же) таңгакты алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда сатып алуучу сатуучуга ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарды коюунун ордуна сапаты начар товарды берүүдөн (438-статья) келип чыккан талаптарды коюуга акылуу.

 

446-статья. Соода-сатык келишими ойдогудай эмес аткарылгандыгы

жөнүндө сатуучуга кабарлоо

 

1. Соода-сатык келишиминин товардын саны, ассортименти, сапаты, комплектелиши, идиши жана (же) таңгагы жөнүндө шарттары бузулгандыгы тууралу сатып алуучу сатуучуга мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде каралган мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт белгиленбесе, келишимдин тиешелүү шартынын бузулгандыгы товардын санына, мүнөзүнө жана арналышына негизденүү менен табылууга тийиш болгондон кийин шарты келген мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда каралган эреже аткарылбаса, сатып алуучунун эрежелерди аткарбай коюшу анын талаптарын канааттандыра албай калышына алып келе тургандыгын же сатуучу келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө өз учурунда кабардар болгондо тартышы мүмкүн болгонго салыштырганда ал өлчөмсүз чыгымга учурай тургандыгын далилдесе, сатуучу сатып алуучунун жетишпеген сандагы товарды ага берүү, соода-сатык келишиминин сапат же ассортимент тууралу шарттарына ылайык келбеген товарды алмаштыруу жөнүндө, товардын кемчиликтерин жоюу жөнүндө, товарды жеткире комплектөө жөнүндө же комплектелбеген товарды комплектүү товарга алмаштыруу жөнүндө, товарды идишке салуу жана (же) таңгактоо жөнүндө же товардын ойдогудай эмес идишин жана (же) таңгагын алмаштыруу жөнүндө талаптарын канааттандыруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу.

3. Эгерде сатуучу сатып алуучуга берилген товарлар соода-сатык келишиминин шарттарына ылайык келбей тургандыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, ал ушул статьянын 1-пунктунда каралган жоболорго таянууга укуксуз.

 

447-статья. Сатып алуучунун товарды кабыл алуу милдети

 

1. Сатып алуучу товарды алмаштырууну талап кылууга же соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу болгон учурларды кошпогондо, ал өзүнө берилген товарды кабыл алууга милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу тиешелүү товардын берилишин жана алынышын камсыз кылуу үчүн өзү тараптан демейде коюлуучу талаптарга ылайык иш-аракетти жасоого милдеттүү.

3. Сатып алуучу мыйзамды, башка ченемдик укуктук актыларды же соода-сатык келишимин бузуу менен товарды кабыл албаса же кабыл алуудан баш тартса, сатуучу товарды алууну сатып алуучудан талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

448-статья. Товардын баасын төлөөгө сатып алуучунун милдети

 

1. Сатып алуучу товарга соода-сатык келишиминде каралган баа боюнча, же эгерде келишимде баасы каралбаса же анын шарттарына таянуу менен аныкталышы мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктка ылайык аныкталган баа боюнча акы төлөөгө милдеттүү, ошондой эле мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга, келишимге же акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон демейде коюлучу талаптарга ылайык иш аракеттерди өз эсебинен жасоого милдеттүү.

2. Баа товардын салмагына жараша белгиленсе, эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, ал таза салмак боюнча аныкталат.

3. Эгерде соода-сатык келишими товардын баасы анын баасын шарттаган көрсөткүчтөргө (өзүнө турган наркы, чыгымдар жана башкалар) жараша өзгөрө тургандыгын, бирок мында бааны кайра карап чыгуу ыкмасы аныкталбагандыгын караса, анда баа ушул көрсөткүчтөрдүн келишим түзүү учурундагы жана товарды берүү учурундагы катышына таянуу менен аныкталат. Сатуучу товарды берүү боюнча милдеттердин аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберсе, ушул көрсөткүчтөрдүн келишим түзүлгөн учурдагы жана келишимде каралган товарды берүү учурундагы, ал эми ал келишимде каралбаса, ушул Кодекстин 304-статьясына ылайык аныкталган учурдагы катышына таянуу менен аныкталат.

Эгерде ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача белгиленбесе жана милдеттеменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул пунктта каралган эрежелер колдонулат.

 

449-статья. Товарга акы төлөө

 

1. Эгерде ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу товардын акысын сатуучу ага товарды түздөн-түз бергенге чейин же андан кийин төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде товардын акысын төлөө мөөнөтүн узартуу каралбаса, сатуучуга сатып алуучу берилген товардын баасын толугу менен төлөөгө милдеттүү.

3. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишимине ылайык берилген товардын акысын өз учурунда төлөбөсө, сатуучу ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык товардын акысын жана процентти төлөөнү талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишимин бузуу менен товарды кабыл алуудан же акысын төлөөдөн баш тартса, сатуучу өз каалоосу боюнча товардын акысынын төлөнүшүн талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

5. Эгерде ченемдик укуктук актыларда же келигимде башкача каралбаса, сатуучу соода-сатык келишимине ылайык сатып алуучуга ал акысын төлөбөгөн товарларды гана эмес, башка товарларды да берүүгө милдеттүү болгон учурларда сатуучу мурда берилген бардык товарлардын акысы толук төлөнгөнгө чейин ушул товарларды берүүнү токтото турууга акылуу.

 

450-статья. Товарга алдын ала акы төлөө

 

1. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды толугу менен же жарым-жартылай бергенге чейин сатып алуучу товарга акы төлөй тургандыгы (алдын ала акы төлөө) каралса, сатып алуучу келишимде каралган мөөнөттө, ал эми ал келишимде каралбаса, ушул Кодекстин 305-статьясына ылайык аныкталган мөөнөттө акы төлөөгө тийиш.

2. Сатып алуучу товарга алдын ала акы төлөө милдетин аткарбаган учурда, сатуучу соода-сатык келишимин аткарууну токтото турууга же аткаруудан баш тартууга жана чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Эгерде сатып алуучу жарым-жартылай акы төлөсө, анда сатуучу соода-сатык келишимин аткарууну токтото турууга же анын төлөнбөгөн тиешелүү бөлүгүн аткаруудан баш тартууга укуктуу.

3. Алдын ала акы суммасын алган сатуучу белгиленген мөөнөттө (419-статья) товарды берүү боюнча өз милдетин аткарбаса, сатып алуучу акы төлөнгөн товар берилишин же сатуучу бербеген товар үчүн алдын ала акы суммасы кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, алдын ала акы суммасына ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык товар берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып товар сатып алуучуга берилген же ал төлөгөн сумма ага кайтарылып берилген күнгө чейин процент төлөнөт.

5. Соода-сатык келишиминде сатып алуучудан алдын ала акы суммасын алган күндөн тартып сатуучунун ушул суммага процент төлөө милдети каралышы мүмкүн.

 

451-статья. Кредитке сатылган товарга акы төлөө

 

1. Соода-сатык келишиминде товар сатып алуучуга берилгенден белгилүү убакыттан кийин ага акы төлөө каралса (товарды кредитке сатуу), сатып алуучу келишимде каралган мөөнөттө, ал эми келишимде ал каралбаса, ушул Кодекстин 305-статьясына ылайык аныкталган мөөнөттө акы төлөөгө тийиш.

2. Сатуучу товарды берүү боюнча милдетин аткарбаган учурда ушул Кодекстин 450-статьясынын 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

3. Товарды алган сатып алуучу ага акы төлөө боюнча соода-сатык келишиминде белгиленген мөөнөттө өз милдеттерин аткарбаса, сатуучу берилген товарга акы төлөнүшүн же акысы төлөнбөгөн товарлар кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде ушул Кодексте же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу берилген товарга акы төлөө боюнча милдетин келишимде белгиленген мөөнөттө аткарбаса, убактысы өткөрүлгөн суммага ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык келишим боюнча товарга акы төлөнүүгө тийиш болгон күндөн тартып сатып алуучу товарга акы төлөгөн күнгө чейин процент төлөнүүгө тийиш.

5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн тартып сатып алуучу товардын баасына ылайыктуу суммага процентти төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.

6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып жана ага акы төлөнгөнгө чейин кредитке берилген товар сатып алуучунун товарга акы төлөө боюнча милдеттенмесин аткарышын камсыз кылуу үчүн сатуучунун күрөөсүндө турат деп табылат.

 

452-статья. Товарга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө

 

1. Товарды кредитке сатуу жөнүндө келишимде товарга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө каралышы мүмкүн.

Эгерде акы төлөөнү узартуу жөнүндө шарт менен товарды кредитке сатуу тууралу келишимде соода-сатык келишиминин башка олуттуу шарттары менен катар товардын баасы, төлөмдүн тартиби, мөөнөтү жана өлчөмү көрсөтүлсө, ал келишим түзүлдү деп эсептелет.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу мөөнөтүн узартуу менен сатылган жана өзүнө берилген товар үчүн кезектеги төлөмдү келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, сатуучу келишимди аткаруудан баш тартууга жана сатылган товардын кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу, буга сатып алуучудан алынган төлөмдөрдүн суммасы товардын жарым баасынан ашкан учурлар кирбейт.

3. Акы төлөөнү узартуу жөнүндө шарт менен товарды кредитке сатуу тууралу келишимге ушул Кодекстин 451-статьясындагы 2, 4, 5- жана 6-пункттарында каралган эрежелер колдонулат.

 

453-статья. Товарды камсыздандыруу

 

1. Соода-сатык келишиминде сатуучунун же сатып алуучунун товарды камсыздандыруу милдети каралышы мүмкүн.

2. Товарды камсыздандырууга милдеттүү тарап келишимдин шарттарына ылайык камсыздандырбаса, экинчи тарап товарды камсыздандырууга жана камсыздандырууга кеткен чыгымдан ордун толтурууну милдеткер тараптан талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

454-статья. Сатуучунун менчик укугунун сакталышы

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, же товардын эмнеге арналышынан же касиетинен башкасы келип чыкпаса, соода-сатык келишиминде сатып алуучуга берилген товарга менчик укугу товарга акы төлөнгөнгө же башка кырдаал келип чыкканга чейин сатуучуда сактала тургандыгы каралган учурда, сатып алуучу менчик укугу өзүнө өткөнгө чейин товарды ээликтен ажыратууга же аны башкача түрдө тескөөгө укуксуз.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, берилген товарга келишимде каралган мөөнөттө акы төлөнбөсө же менчиктөө укугу сатып алуучуга өтө турган башка кырдаалдар келип чыкпаса, сатуучу товарды өзүнө кайтарып берүүнү сатып алуучудан талап кылууга акылуу.

 

2-§. Чекене соода-сатык

 

455-статья. Чекене соода-сатык келишими

 

1. Чекене соода-сатык келишими боюнча товарды чекене сатуу боюнча ишкердик кылган сатуучу ишкердик менен байланышпаган, демейде жеке, үй-бүлөдө, үйдө же башкача пайдаланууга арналган товарды сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.

2. Чекене соода-сатык келишими ачык келишим болуп саналат (386-статья).

3. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган, граждан катышкан чекене соода-сатык келишими боюнча мамилелерге карата керектөөчүнүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдар же аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылар колдонулат.

 

456-статья. Чекене соода-сатык келишиминин формасы

 

Эгерде мыйзамда же чекене соода-сатык келишиминде, анын ичинде сатып алуучу кошулган формулярлардын же башка стандарттык формалардын шартында башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучуга кассалык же товардык чекти же товарга акы төлөнгөндүгүн ырастаган башка документти берген учурдан тартып чекене соода-сатык келишими ойдогудай формада түзүлдү деп эсептелет. Сатып алуучуда көрсөтүлгөн документтердин болбой калышы аны келишим түзүлгөндүгүн жана анын шарттарын ырастаган күбө билдирмелерге таянуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.

 

457-статья. Товардын ачык оферти

 

1. Эгерде товарды айрым чөйрөдөгү адамдарга кайрылуу менен рекламада, каталогдо жана товардын сыпаттамаларында сунуш кылуу чекене соода-сатык келишиминин бардык олуттуу шарттарын камтыса, ал ачык оферта деп табылат (398-статьянын 2-пункту).

2. Сатуучу тиешелүү товарлар сатууга арналбагандыгын ачык аныктаган учурларды кошпогондо, сатылуучу жерге (текчелерге, витринага жана башкаларга) коюу, товар сатылуучу жерге (текчелерге, витринага жана башкаларга) коюу, товар сатылуучу жерде алардын үлгүлөрүн көрсөтүү жана алар жөнүндө маалыматтарды (товарлардын сыпаттамалары, каталогдору, фотосүрөттөрү жана башкалар) сунуш кылуу баасы жана чекене соода-сатык келишиминин башка олуттуу шарттарына карабастан ачык оферта деп табылат.

 

458-статья. Сатып алуучуга товар жөнүндө маалымат берүү

 

1. Сатуучу сатып алуучуга мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген жана чекене соодада сатууга коюлган товар жөнүндөгү маалыматтын мазмунуна жана аны берүү ыкмасына коюлуучу талаптарга жооп берүүчү тийиштүү зарыл жана ишенимдүү маалыматты берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде төмөнкүлөр товардын мүнөзүнөн улам мүмкүн болбосо жана чекене соодада кабыл алынган эрежелерге карама-каршы келбесе, сатып алуучу чекене соода-сатык келишими түзүлгөнгө чейин аны карап чыгууга, өзүнүн катышуусунда товардын касиеттерин же анын пайдаланылышын текшерүү жүргүзүлүшүн талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сатып алуучуга товар жөнүндө ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн товар жөнүндө маалыматты товар сатылган жерде тез арада алууга мүмкүн болбосо, ал чекене соода-сатык келишимин түзүүдөн негизсиз четтешинен улам (406-статьянын 4-пункту) келип чыккан зыяндын ордун толтурууну сатуучудан талап кылууга, ал эми келишим түзүлгөн болсо, келишимди аткаруудан ыңгайы келген мөөнөттө баш тартууга, товарга төлөнгөн сумма кайра кайтарылышын же башка зыяндын орду толтурулушун талап кылууга укуктуу.

4. Товар жөнүндө тиешелүү маалыматты алуу жагынан сатып алуучуга мүмкүндүк бербеген сатуучу сатып алуучуга товарды бергенден кийин кемчилик келип чыкса, сатып алуучу ушулар анда ушундай маалымат жок болгондугуна байланыштуу келип чыккандыгын далилдесе, сатуучу товардын кемчилиги үчүн да жоопкерчилик тартат.

 

459-статья. Сатып алуучу белгилүү мөөнөттө товарды кабыл ала

тургандыгы жөнүндөгү шарт менен товарды сатуу

 

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучу товарды келишимде белгиленген мөөнөттө кабыл алына тургандыгы жана ал мезгилде башка сатып алуучуга берилбей тургандыгы жөнүндөгү шарт менен түзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде чекене соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучунун келишимде белгиленген мөөнөттө товарды кабыл алуу үчүн келбей коюшу же башка зарыл иш-аракетти аткарбай коюшу сатуучу тарабынан келишимди аткаруудан баш тарткандык катары каралат.

3. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача каралбаса, келишимде белгиленген мөөнөттө сатып алуучуга товарды берүүнү камсыз кылуу боюнча сатуучунун кошумча чыгымдары товардын баасына кошулат.

 

460-статья. Товарларды үлгүлөр боюнча сатуу

 

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучу сатуучу сунуш кылган товар үлгүлөрү (анын сыпаттамасы, каталогу жана башкалар) боюнча түзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же чекене соода-сатык келишиминде үлгү боюнча башкача каралбаса, мындай келишим товар келишимде көрсөтүлгөн жерге жеткирилген учурдан тартып, эгерде товарды берүүчү жер аныкталбаса, товар граждан жашаган жерге же юридикалык жак турган жерге жеткирилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Келишимди аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоого байланыштуу тарткан зарыл чыгымдардын ордун сатуучуга толтуруп берген шартта сатып алуучу товар берилгенге чейин чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

461-статья. Автоматтарды пайдалануу менен товарларды сатуу

 

1. Товарлар автоматтарды пайдалануу менен сатылган учурда автоматтын ээси сатуучу жөнүндө маалыматты сатып алуучуларга жеткирүүгө милдеттүү, ал сатуучунун аталышы (фирмалык аталышы), ал турган жер, ишинин режими, ошондой эле товарды алуу үчүн сатып алуучу жасашы зарыл болгон иш аракеттер жөнүндө маалыматтарды автоматка жайгаштыруу же сатып алуучуларга башкача ыкма аркылуу берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Автоматтарды пайдалануу менен чекене соода-сатык келишими сатып алуучу товарды алуу үчүн зарыл иш-аракеттерди жасаган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Эгерде сатып алуучуга акысы төлөнгөн товар берилбесе, сатуучу сатып алуучунун талабы боюнча тез арада ага товарды берүүгө же ал төлөгөн сумманы кайра кайтарууга милдеттүү.

4. Эгерде милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, автомат акчаны майдалоо, акы төлөө белгилерин алуу же валютаны алмашуу үчүн пайдаланылган учурда чекене соода-сатык жөнүндө эрежелери колдонулат.

 

462-статья. Товарларды сатып алуучуга жеткирүү шарты менен сатуу

 

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучуга товарды жеткирүү шарты менен түзүлгөн учурда, сатуучу товарды келишимде белгиленген мөөнөттө сатып алуучу көрсөткөн жерге, ал эми сатып алуучу товар жеткирилчү жерди көрсөтпөсө, сатып алуучу болуп саналган граждан жашаган жерине же юридикалык жактын турган жерине жеткирүүгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача каралбаса, же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, чекене соода-сатык келишими товар сатып алуучуга, ал эми ал жокто келишим түзүлгөндүгү жөнүндө же товар жеткирүүнүн жазылгандыгы жөнүндө күбөлөгөн квитанцияны же башка документти көрсөткөн ар кандай жакка тапшырылган учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Келишимде сатып алуучуга товарды тапшыруу үчүн аны жеткирүү убактысы аныкталбаса, сатып алуучунун талабы алынгандан кийин товар шарты келген мөөнөттө жеткирилүүгө тийиш.

 

463-статья. Акысын кийин алуу менен сатуу келишими

 

Келишимде товарга менчик укугу сатып алуучуга өткөнгө чейин (454-статья) ал өзүнө берилген товарды жалдоочу (арендалоочу) болуп санала тургандыгы каралышы мүмкүн (жалдоо-сатуу келишими).

Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу товардын наркын толук төлөгөн учурдан тартып товардын менчик ээси болуп калат.

 

464-статья. Товардын баасы жана ага акы төлөө

 

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкача келип чыкпаса, сатып алуучу чекене соода-сатык келишими түзүлгөн учурда сатуучу жарыялаган баа боюнча товарга акы төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, чекене соода-сатык келишиминде товарга алдын ала акы төлөө каралса (450-статья), сатып алуучу келишимде белгиленген мөөнөттө товарга акы төлөбөй коюшу сатып алуучу келишимди аткаруудан баш тартты деп табылат.

3. Товарды кредит боюнча чекене соода-сатык келишимдерине, анын ичинде сатып алуучу товарларга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө шарты бар келишимдерге ушул Кодекстин 451-статьясындагы 4-пунктта каралган эрежелер колдонулбайт.

4. Сатып алуучу товардын акысын төлөө мөөнөтүн узартуу келишиминде белгиленген мезгил ичинде каалаган учурда товардын акысын толук төлөөгө укуктуу.

 

465-статья. Товар алмашуу

 

1. Сатып алуучу азык-түлүк эмес товар өзүнө берилген учурдан тартып, эгерде сатуучу кыйла узак мөөнөттү жарыялабаса, он төрт күндүн ичинде сатып алынган товарды сатып алынган жерде жана сатуучу жарыялаган башка жерде башка өлчөмдөгү, формадагы, габариттеги, фасондогу, түстөгү же комплектеги ушундай товарга алмашууга укуктуу, мында баасында айырма келип чыкса, сатуучу менен зарыл болгон кайра эсептөөнү жүргүзөт.

Сатуучуда алмаштыруу үчүн зарыл товар жок болгон учурда сатып алуучу сатып алган товарды сатуучуга кайра кайтарып берүүгө жана ал үчүн төлөнгөн акча суммасын алууга укуктуу.

Эгерде товар колдонулбаган болсо, анын керектөө сапаттары сакталса жана аны ошол сатуучудан сатып алгандыгынын далили бар болсо, сатып алуучунун товарды алмаштыруу жөнүндө же кайра кайтаруу жөнүндө талабы канааттандырылууга тийиш.

2. Ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбаган же кайра кайтарылбаган товарлардын тизмеси мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аныкталат.

 

466-статья. Сатып алуучунун ага сапаты начар товар сатылган учурдагы укуктары

 

1. Эгерде сатуучу кемчиликтерин айтпаган сапаты начар товар сатып алуучуга сатылса, ал өз каалоосу боюнча төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

сапаты начар товарды сапаты ойдогудай товарга алмаштырууну;

сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмгө азайтууну;

товардын кемчиликтерин тез арада акысыз жоюуну;

товардын кемчиликтерин жоюуга кеткен чыгымдын ордун толтурууну.

2. Товардын касиети анын кемчиликтерин жоюуга мүмкүндүк бербеген товардын (азык-түлүк товарлары, турмуш-тиричилик химия товарлары ж.б. у.с.) кемчиликтери табылган учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча мындай товарды ойдогудай сапаттагы товар менен алмаштырууну же сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды коюунун ордуна сатып алуучу сапатты начар товарды сатуучуга кайтарып берип, чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

Товар үчүн төлөнгөн акча суммасын сатып алуучуга кайра кайтарып берүүдө сатуучу андан товарды толугу менен же жарым жартылай пайдалануудан, ал товардык көрүнүшүн жоготуудан же башка ушундай кырдаалдардан улам товардын наркы азайган сумманы кармап калууга укуксуз.

 

467-статья. Товарды алмаштырууда, сатып алуу баасын азайтууда жана

сапаты начар товарды кайра кайтарып берүүдө баадагы

айырманын ордун толтуруу

 

1. Сапаты начар товарды чекене соода-сатык келишимине ылайык келген сапаттагы товарга алмаштырууда сатуучу келишимде белгиленген товардын баасы менен товарды алмаштыруу же сот тарабынан аны алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарылган учурда товардын баасынын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз.

2. Сапаты начар товарды ошого окшош, бирок өлчөмү, фасону, сорту же башка белгилери боюнча башкача ойдогудай сапаттагы товарга алмаштырууда алмаштырылып жаткан товардын алмаштыруу учурундагы баасы менен сапаты начар товардын ордуна берилүүчү товардын баасынын ортосундагы айырманын орду толтурулууга тийиш.

Эгерде сатуучу сатып алуучунун талабын канааттандырбаса, алмаштырылып жаткан товардын баасы жана анын ордуна берилип жаткан товардын баасы сот товарды алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарган учурга карата аныкталат.

3. Сапаты начар товардын сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмгө азайтуу жөнүндө талап коюлган учурда бааны азайтуу жөнүндө талап коюлган учурдагы товардын баасы, ал эми сатып алуучунун талабы канааттандырылбаса - сот бааны тиешелүү өлчөмгө азайтуу жөнүндө чечим чыгарган учурдагы баасы эске алынат.

4. Сатуучуга сапаты начар товарды кайтарып берүүдө сатып алуучу чекене соода-сатык келишиминде белгиленген товардын баасы менен анын талабы ыктыярдуу түрдө канаттандырылган учурдагы тиешелүү товардын баасынын, эгерде талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, сот чечим чыгарган учурдагы баанын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

468-статья. Сатуучунун жоопкерчилиги жана милдетти иш жүзүндө

аткаруу

 

Сатуучу чекене соода-сатык келишими боюнча милдеттенмени аткарбаган учурда чыгымдын ордун толтуруу жана неустойканы төлөө сатуучуну милдеттенмени иш жүзүндө аткаруудан бошотпойт.

 

3-§. Товарларды берүү

 

469-статья. Товарды берүү келишими

 

Товарды берүү келишими боюнча ишкердик кылган сатуучу-товар берүүчү ишкерликке пайдалануу үчүн же жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башкача ушундай пайдалануу менен байланышпаган башка максат үчүн товарды шартташкан мөөнөттө же өзү чыгарган же сатып алган мөөнөттө сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.

 

470-статья. Товарды берүү келишими күчүндө болгон мөөнөт

 

1. Товарды берүү келишими бир жылга, бир жылдан ашык мөөнөткө (узак мөөнөттүү келишим) же тараптардын макулдашуусунда каралган башка мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде келишимде анын күчүндө болгон мөөнөтү аныкталбаса, келишим бир жылга түзүлдү деп табылат.

2. Эгерде товар берүүнүн узак мөөнөттүү келишиминде берилүүчү товардын саны же келишимдин башка шарттары бир жылга же андан аз мөөнөткө аныкталса, келишимде тараптар ушул шарттарды кийинки мезгилдерге келишим күчүнө болгон мөөнөтү аяктоочу мөөнөткө чейин макулдашуусунун тартиби белгиленүүгө тийиш. Мындай тартип келишимде жок учурда келишим тиешелүү түрдө бир жылга же келишимдин шарты макулдашылган мөөнөткө түзүлдү деп табылат.

3. Узак мөөнөттүү келишимдин тараптарынын бири берилүүчү товарлардын санын же келишимдин башка шарттарын келишимде белгиленген тартипте кийинки мезгилге макулдашуудан баш тартса же четтесе, экинчи тарап тиешелүү мезгилге товарды берүүнүн шарттарын аныктоо жөнүндө же товарды берүү келшимин бузуу жөнүндөгү талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

 

471-статья. Товар берүү келишимин түзүүдө пикир келишпестиктерди

жөнгө салуу

 

1. Товар берүү келишимин түзүүдө тараптардын ортосунда келишимдин айрым шарттары боюнча пикир келишпестиктер келип чыкса, келишим түзүүнү сунуш кылган жана экинчи тараптан ушул шарттарды макулдашуу жөнүндө сунуш алган тарап, эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе же тараптар аны макулдашпаса, ушул сунушту алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде келишимдин тиешелүү шарттарын макулдашуу боюнча чара көрүүгө же аны түзүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө экинчи тарапка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.

2. Келишимдин тиешелүү шарттары боюнча сунуш алган, бирок товар берүү келишиминин шарттарын макулдашуу боюнча чара көрбөгөн жана келишим түзүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө экинчи тарапка ушул статьянын 1-пунктунда каралган мөөнөттө билдирбеген тарап келишимдин шарттарын макулдашуудан четтөөдөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

 

472-статья. Товарды берүү мезгили

 

1. Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, милдеттенменин маңызынан же ишкер жүгүртүү салттарынан башкача келип чыкпаса жана тараптар товарларды келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде айрым партиялар менен берүүнү караса жана айрым партияларды берүүнүн мөөнөтү (берүү мезгилдери) анда аныкталбаса, анда товарлар бирдей өлчөмдөгү партиялар менен ай сайын берилип турууга тийиш.

2. Товарды берүү мезгилин аныктоо менен катар товар берүү келишиминде товарды берүүнүн графиги (декадалык, суткалык, сааттык ж.б.) белгилениши мүмкүн.

3. Товарларды мөөнөтүнөн мурда берүү сатып алуучунун макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мөөнөтүнөн мурда берилген жана сатып алуучу тарабынан кабыл алынган товарлар кийинки мезгилде берилүүчү товарлардын санына кошуп эсептелет.

 

473-статья. Товарды берүү тартиби

 

1. Товарды берүү сатуучунун товар берүү келишиминин тарабы болуп саналган сатып алуучуга же ал келишимде сатып алуучу катары көрсөтүлгөн жакка товарды жүктөп берүүсү (өткөрүп берүүсү) аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Товарды берүү келишиминде алуучуларга товарды жүктөп берүү (өткөрүп берүү) жөнүндө көрсөтмө (жүктөп берүү разнарядкасы) берүүгө карата сатып алуучунун укугу каралса, сатуучу жүктөп берүү разнарядкасында көрсөтүлгөн алуучулар берилүүчү товарды жүктөп берет (өткөрүп берет).

Жүктөп берүү разнарядкасынын мазмуну жана товар алуучу аны берүүчүгө жиберишинин мөөнөтү келишимде белгиленет. Эгерде жүктөп берүү разнарядкасын жөнөтүү мөөнөтү келишимде каралбаса, ал товарды берүү мөөнөтү жеткенге чейин отуз күндөн кечиктирбестен товар берүүчүгө жиберилүүгө тийиш.

3. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, алуучунун жүктөп берүү разнарядкасын белгиленген мөөнөттө бербей коюушу товар берүүчүгө товар берүү келишимин аткаруудан баш тартуу укугун берет.

 

474-статья. Товарды жеткирүү

 

Товарды жеткирүү берүүчүнүн аларды товар берүү келишиминде каралган шарттарда жана келишимден аныкталган транспортко жүктөп берүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, милдеттенменин маңызынан же ишкер жүгүртүү салттарынан башкача келип чыкпаса жана келишимде товарды жеткирүү кандай түрдөгү транспорт менен же кандай шарттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленбесе, транспорттун түрүн тандоо же товарды жеткирүү шарттарын аныктоо укугу берүүчүгө таандык болот.

 

475-статья. Товарды кем берүүнүн ордун толтуруу

 

1. Эгерде келишимде башкача каралбаса, товар берүүнүн айрым мезгилинде товарды кем берүүгө жол берген берүүчү товар берүү келишими күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде кийинки мезгилде (мезгилдерде) кем берилген сандагы товардын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, узак мөөнөттүү келишим боюнча товар берүүнүн айрым мезгилинде товар берүүчү кем берген сандагы товардын орду товардын кем берилишине жол берилген ошол эле жылдын ичинде андан кийинки мезгилде (мезгилдерде) толтурулууга тийиш.

3. Эгерде келишимде башкача каралбаса, товар берүүчү товарларды товар берүү келишиминде же сатып алуучунун жүктөө разнарядкасында көрсөтүлгөн бир нече алуучуларга жөнөткөн учурда, бир алуучуга келишимде же жүктөө разнарядкасында каралгандан көп санда берилген товарлар башка алуучуларга кем берүүнүн ордун жабууга эсептелбейт.

4. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу товар берүүчүгө билдирүү менен берүү убактысы өтүп кеткен товарларды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Билдирүүнү товар берүүчү алганга чейин берилген товарларды сатып алуучу кабыл алып, акысын төлөп берүүгө тийиш.

 

476-статья. Товарды кем берүүнүн ордун толтуруудагы товардын

ассортименти

 

1. Кем берилип калса орду толтурулууга тийиш болгон товарлардын ассортименти тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болсо, товар берүүчү кем берилген товарлардын ордун мындай кем берүү жол берилген мезгил үчүн белгиленген ассортиментте толтурууга тийиш.

2. Бир эле аталыштагы товарларды товар берүү келишиминде каралгандан көп санда берүү ошол эле ассортиментке кирген башка аталыштагы кем берилген товарлардын ордун толтурууга эсептелбейт жана анын орду толтурулууга тийиш, буга ушундайча берүү сатып алуучунун алдын ала кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлгөн учур кирбейт.

 

477-статья. Сатып алуучунун товарларды кабыл алышы

 

1. Сатып алуучу (алуучу) товар берүү келишимине ылайык берилген товарлардын кабыл алынышын камсыз кылуучу бардык зарыл иш-аракеттерди жасоого милдеттүү.

2. Сатып алуучу (алуучу) кабыл алган товарларды мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, товар берүү келишиминде же ишкер жүгүртүү салтында белгиленген мөөнөттө карап көрүүгө тийиш.

Сатып алуучу (алуучу) ушул эле мөөнөттө мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, товар берүү келишиминде же ишкер жүгүртүү салтында белгиленген тартипте товарлардын санын жана сапатын текшерүүгө жана байкалган төп келбестиктер же товарлардын кемчиликтери жөнүндө товар берүүчүгө тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Берилген товарларды транспорт уюмунан алган учурда сатып алуучу (алуучу) товарлар транспорттук жана коштогон документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга төп келе тургандыгын же жоктугун текшерүүгө, ошондой эле мыйзамда каралган транспорттун ишин жөнгө салуучу эрежелерди сактоо менен ушул товарларды транспорт уюмунан кабыл алууга милдеттүү.

 

478-статья. Сатып алуучу кабыл албаган товарды жооптуу сактоо

 

1. Сатып алуучу (алуучу) мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же товар берүү келишимине ылайык товар берүүчү берип жиберген товардан баш тартканда, ал ушул товардын сакталышын (жооптуу сактоо) камсыз кылууга жана тез арада товар берүүчүгө маалымдоого милдеттүү.

2. Товар берүүчү сатып алуучу (алуучу) жооптуу сактоого кабыл алган товарды ташып кетүүгө же аны шарты келген мөөнөттө тескөөгө милдеттүү.

Эгерде товар берүүчү ушул мөөнөттө товарды тескебесе, сатып алуучу товарды сатууга же аны товар берүүчүгө кайра кайтарууга укуктуу.

3. Сатып алуучунун товарды жооптуу сактоого кабыл алууга, товарды сатууга же аны сатуучуга кайра кайтарууга байланыштуу тарткан зарыл чыгымдарынын ордун товар берүүчү толтурат.

Мында товарды сатуудан алынган каражат сатып алуучуга тиешелүү бөлүгүн алып коюу менен товар берүүчүгө берилет.

4. Сатып алуучу мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде белгиленген негиздер болбостон, товар берүүчүдөн товарды кабыл албаса, же аны кабыл алуудан баш тартса, товар берүүчү сатып алуучудан товардын акысын төлөөнү талап кылууга укуктуу.

 

479-статья. Товарларды тандоо

 

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса жана товар берүү келишиминде сатып алуучу (алуучу) товарларды товар берүүчү турган жерде ала тургандыгы (товарларды тандоо) каралса, сатып алуучу берилип жаткан товарларды алар берилген жеринде карап чыгууга милдеттүү.

2. Сатып алуучу (алуучу) товарды товар берүү келишиминде каралган мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт жок болсо, товар даяр экендиги жөнүндө товар берүүчүнүн билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө тандоого тийиш.

3. Сатып алуучунун (алуучунун) товарларды товар берүү келишиминде белгиленген мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт жокто товар даяр экендиги жөнүндө товар берүүчүнүн билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө тандабай коюшу товар берүүчүгө келишимди аткаруудан баш тартууга же сатып алуучудан (алуучудан) товардын акысын төлөөнү талап кылууга укук берет.

 

480-статья. Берилген товарлар үчүн эсептешүү

 

1. Сатып алуучу берилген товарлар үчүн товар берүү келишиминде каралган эсептешүү тартибин жана формасын сактоо менен акы төлөйт. Эгерде тараптардын макулдашуусунда эсептешүүнүн тартиби менен формасы аныкталбаса, анда эсептешүүлөр акы төлөө тапшырмалары аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде товар берүү келишиминде товарларга акыны товар алуучу (акы төлөөчү) төлөй тургандыгы каралса жана сатып алуучу акы төлөөдөн баш тартса же келишимде белгиленген мөөнөттө товарга акы төлөбөсө, товар берүүчү сатып алуучудан берилген товарлардын акысын төлөөнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, товар берүү келишиминде товарларды комплектиге кирген айрым бөлүктөр менен берүү каралса, сатып алуучу товардын акысын комплектиге кирген акыркы бөлүк жүктөлүп жөнөтүлгөндөн (тандалып алынгандан) кийин төлөйт.

 

481-статья. Идиштер жана таңгактар

 

1. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө товар салынып келген көп жолу пайдаланылуучу идишти жана таңгактоо каражаттарын мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелерде же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайра кайтарууга милдеттүү.

2. Башка идиштер менен таңгактар келишимде каралган учурларда гана товар берүүчүгө кайра кайтарылат.

 

482-статья. Сапаты начар товарларды берүүнүн кесепети

 

1. Сапаты начар товар берилген сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө ушул Кодекстин 438-статьясында каралган талаптарды коюуга укуктуу, буга берилген товарлардын кемчиликтери жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алган товар берүүчү берилген товарларды кечиктирбестен сапаты жакшы товар менен алмаштырган учурлар кирбейт.

2. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, өзүнө берилген товарларды чекене соодада саткан сатып алуучу (алуучу) керектөөчү кайтарып берген сапаты начар товарды ылайыгы келген мөөнөттө алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

 

483-статья. Комплектелбеген товарларды берүүнүн кесепети

 

1. Товар берүү келишиминин шарттарын, мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын же комплектиге демейде коюлуучу талаптарды бузуу менен товар берилген сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө ушул Кодекстин 443-статьясында каралган талаптарды коюуга укуктуу, буга берилген товарлар комплектелбегендиги жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алган товар берүүчү товарларды кечиктирбестен жеткире комплектеген же аларды комплектелген товар менен алмаштырган учурлар кирбейт.

2. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, товарларды чекене соодада саткан сатып алуучу (алуучу) керектөөчү кайра кайтарган комлпекттелбеген товарды ылайыгы келген мөөнөттө алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

 

484-статья. Товарлар кем берилген, товардын кемчиликтерин жоюу

жөнүндө же товарларды жеткире комплектөө жөнүндө талап

аткарылбаган учурда сатып алуучунун укуктары

 

1. Эгерде товар берүүчү товар берүү келишиминде каралган сандагы товарларды бербесе же сапатсыз товарларды алмаштыруу жөнүндө же товарларды жеткире комплектөө жөнүндө сатып алуучунун талаптарын белгиленген мөөнөттө аткарбаса, сатып алуучу кем берилген товарларды башка жактан сатып алып, аларды алуу менен байланышкан бардык зарыл жана ылайыгы келген чыгымдарды товар берүүчүгө жүктөөгө укуктуу.

2. Сатып алуучу (алуучу) сапаты начар товарга жана комплектелбеген товарга акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу, ал эми мындай товарларга акы төлөнүп калган болсо, төлөнгөн сумманы товарлардын кемчиликтери жоюлганга жана жеткире комплектелгенге же алмаштырылганга чейин кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

 

485-статья. Товарларды кем бергендиги же берүү мөөнөтүн өткөрүп

жибергендиги үчүн айып төлөм

 

Эгерде мыйзамда же келишимде айып төлөмдү төлөөнүн башкача тартиби белгиленбесе, товарларды кем бергендиги же берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн мыйзамда же келишимде белгиленген айып төлөм товар берүүнүн кийинки мезгилинде кем берилген сандагы товарлардын ордун толтурууга карата товар берүүчүнүн милдетинин чектеринде милдеттенмени иш жүзүндө аткарганга чейин андан өндүрүлөт.

 

486-статья. Товар берүү келишимин аткаруудан бир жактуу баш

тартуу. Товар берүү келишиминин шарттарын өзгөртүү

 

1. Товар берүү келишимин аткаруудан (толугу менен же жарым жартылай) бир тараптуу баш тартууга тараптардын бири келишимди олуттуу бузган учурда жол берилет (411-статьянын 2-пунктундагы 4-абзац).

2. Төмөнкүдөй учурларда товар берүүчү товар берүү келишимин олуттуу бузду деп табылат:

сатып алуучу үчүн алгылыктуу мөөнөттө жоюлушу мүмкүн болбогон кемчиликтери бар сапаты начар товарларды берүү;

товар берүү мөөнөтүн бир нече жолу бузуу.

3. Төмөнкүдөй учурларда сатып алуучу товар берүү келишимин олуттуу бузду деп табылат:

товарга акы төлөө мөөнөтүн бир нече жолу бузуу;

товарларды тандоого бир нече жолу келбей коюшу.

4. Тараптардын макулдашуусунда товар берүү келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартуунун башка негиздери каралышы мүмкүн.

5. Эгерде билдирүүдө келишимди бузуунун башка мөөнөтү каралбаса же тараптардын макулдашуусунда башка мөөнөт аныкталбаса, келишимди аткаруудан толугу менен же жарым жартылай бир тараптуу баш тартуу жөнүндө бир тараптын билдирүүсүн экинчи тарап алган учурдан тартып товар берүү келишими бузулду деп эсептелет.

6. Товар берүү келишиминин шарттарын өзгөртүүгө тараптардын макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетише албаган учурда - ушул Кодекстин 413-статьясында белгиленген тартипте жол берилет.

 

4-§. Энергия менен жабдуу

 

487-статья. Энергия менен жабдуу келишими

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергия менен жабдыган уюм кошулган тармак аркылуу абонентке (керектөөчүгө) келишимди бузуунун жана тиешелүү эмес сапаттагы энергия берүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо жана белгиленген талаптарга ылайыктуу энергия сатууга милдеттенет, ал эми абонент кабыл алган энергияга акы төлөөгө, ошондой эле анын керектөө келишиминде каралган режимин сактоого, өзүнүн карамагындагы электр тармактарынын коопсуз пайдаланылышын жана өзү пайдаланган буюмдардын жана энергияны керектөө менен байланышкан жабдуулардын оң болушун камсыз кылууга милдеттенет.

2. Энергия менен жабдуу келишими абонентте белгиленген техникалык талаптарга жооп берген, энергия менен жабдуучу уюмдун тармактарына кошулган энергияны кабыл алуучу түзүлүш, башка зарыл жабдуулар жана энергия керектөөнү эсепке алуучу приборлор болгон шартта аны менен түзүлөт.

3. Энергия менен жабдуу келишими боюнча ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган мамилелерге карата энергия менен жабдуу жөнүндөгү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелер колдонулат.

(КР 2011-жылдын 10-июнундагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

488-статья. Энергия менен жабдуу келишимин түзүү жана узартуу

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарын энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган граждан болгондо, кошулган тармакка абонентти белгиленген тартипте биринчи жолу иш жүзүндө кошкон учурдан тартып келишим түзүлдү деп эсептелет.

2. Эгерде келишим колдонулуп жаткан мөөнөт аяктаганга чейин тараптардын бири да аны токтотуу же өзгөртүү жөнүндө же жаңы келишим түзүү жөнүндө билдирбесе, белгилүү мөөнөткө түзүлгөн энергия менен жабдуу келишими ошол эле мөөнөткө ошол эле шарттарда узартылды деп эсептелет. Келишимди жаңы мөөнөткө узартууда анын шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири жаңы келишим түзүү жөнүндө сунуш киргизсе, анда жаңы келишим түзүлгөнгө чейин тараптардын мамилелери мурда түзүлгөн келишим боюнча жөнгө салынат.

 

489-статья. Энергиянын саны

 

1. Энергия менен жабдыган уюм абонентке энергияны кошулган тармак аркылуу энергия менен жабдуу келишиминде каралган санда жана энергия берүүнүн тараптар макулдашкан режимин сактоо менен берүүгө милдеттүү. Энергия менен жабдуучу уюм берген жана абонент пайдаланган энергиянын саны анын иш жүзүндө керектелгендигин эсептөө маалыматтарына ылайык аныкталат.

2. Келишим шартында белгиленбеген сандагы энергияны берүүнү камсыз кылууга байланыштуу энергия менен жабдуучу уюмдун тарткан чыгымдарынын ордун абонент толтурган шартта, энергия менен жабдуу келишиминде аныкталбаган, абоненттин кабыл алган энергиянын санын өзгөртүүгө карата укугу каралышы мүмкүн.

3. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент энергияны турмуш-тиричиликте пайдаланган граждан болгондо, ал энергияны өзүнө зарыл болгон санда пайдаланууга укуктуу.

 

490-статья. Энергиянын сапаты

 

1. Энергия менен жабдуучу уюм берген энергиянын сапаты мамлекеттик стандарттарда жана башка милдеттүү эрежелерде белгиленген же энергия менен жабдуу келишиминде каралган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

2. Энергия менен жабдуучу уюм энергиянын сапатына коюлуучу талаптарды бузса, абонент мындай энергияга акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

 

491-статья. Тармактарды, приборлорду жана жабдууларды күтүү жана

пайдалануу боюнча абоненттин милдеттери

 

1. Абонент пайдаланып жаткан энергетикалык тармактардын, приборлордун жана жабдуулардын ойдогудай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылууга, энергияны керектөөнүн белгиленген режимин сактоого, ошондой эле кырсыктар, өрт, энергияны эсептөө приборлору бузулгандыгы жөнүндө жана энергияны пайдаланууда келип чыккан башка эреже бузуулар жөнүндө энергия менен жабдуучу уюмга тез арада билдирүүгө милдеттүү.

2. Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергияны турмуш-тиричилик үчүн пайдаланган граждан абонент болгон учурларда, эгерде колдонуудагы мыйзамда башкача каралбаса, керектөө точкасына чейинки энергетика тармактарынын, эсептөө приборлорунун талаптагыдай техникалык абалда болуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу милдети энергия менен жабдуу уюмуна жүктөлөт.

3. Энергетика тармактарынын, приборлорунун жана жабдууларынын техникалык абалына жана аларды пайдаланууга карата талаптар, ошондой эле алардын сакталышын контролдук кылуу тартиби мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелер менен аныкталат.

(КР 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

492-статья. Энергияга акы төлөө

 

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, абонент иш жүзүндө кабыл алган сандагы энергия үчүн акы энергияны эсептөө маалыматтарына ылайык төлөнөт.

2. Энергия үчүн эсептешүү тартиби мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар же тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

 

493-статья. Субабонент

 

Кошулган тармак аркылуу энергия менен жабдуучу уюмдан өзү кабыл алган энергияны абонент башка жакка (субабонентке) энергия менен жабдуучу уюмдун макулдугу менен гана бере алат.

 

494-статья. Келишимди өзгөртүү жана бузуу

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарында энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган граждан болгон учурда, ал келишимди бузуу жөнүндө энергия менен жабдуучу уюмга билдирген жана пайдаланган энергиянын акысын толугу менен төлөгөн шартта келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.

Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарында юридикалык жак болгон учурда, энергия менен жабдуучу уюм ушул Кодекстин 486-статьясында каралган негиздер боюнча бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу, буга ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурлар кирбейт.

2. Мамлекеттик энергетикалык көзөмөл органы абоненттин энергетикалык түзүлүштөрүнүн канааттандырарлыксыз абалы аварияга алып келсе же граждандардын өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч түзө тургандыгын күбөлөндүргөн учурлардан тышкары, энергияны үзгүлтүктүү берүүгө, аны токтотууга же чектөөгө тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет. Энергияны үзгүлтүктүү берүү, аны токтотуу же чектөө жөнүндө энергия менен жабдуучу уюм абонентке эскертүүгө тийиш.

3. Абонент менен макулдашпастан жана аны тиешелүү түрдө эскертпестен энергия берүүдөгү үзгүлтүккө, аны токтотууга же чектөөгө энергия менен жабдуучу уюмдун системасындагы аварияны четтетүү же жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыкканда ушул жөнүндө абонентке тез арада билдирилген шартта жол берилет.

 

495-статья. Энергия менен жабдуу келишими боюнча жоопкерчилик

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда милдеттенмени бузган тарап мунун айынан келтирилген анык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү (14-статьянын 2-пунктундагы 1-абзац).

2. Эгерде ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылган энергия керектөөнүн режимин жөнгө салуунун натыйжасында абонентке энергия берүүдө үзгүлтүккө жол берилсе, энергия менен жабдыган уюм өзүнүн күнөөсү болгон учурда келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

496-статья. Энергия менен жабдуу жөнүндөгү эрежелердин башка

келишимдерге карата колдонулушу

 

1. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе, ушул параграфтын эрежелери кошулган тармак аркылуу жылуулук энергиясы менен жабдууга байланышкан мамилелерге карата колдонулат.

2. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, кошулган тармак аркылуу газ, нефть жана нефть продуктулары, суу жана башка товарлар менен жабдууга байланышкан мамилелерге карата ушул параграфтын эрежелери колдонулат.

 

5-§. Ишкананы сатуу

 

497-статья. Ишкананы сатуу келишими

 

1. Ишкананы сатуу келишими боюнча сатуучу сатып алуучунун менчигине мүлктүк комплекс катары бүтүндөй алганда ишкананы берүүгө милдеттенет (33-статья), буга сатуучу башка жактарга берүүгө укуксуз болгон укуктар менен милдеттер кирбейт.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучунун өзүнчөлүгүнүн жана анын продукциясынын, ал аткарган иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн фирмалык аталышына, товардык белгисине, тейлөө белгисине жана башка каражаттарына укуктар сатып алуучуга өтөт.

3. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе, тиешелүү ишти жасоого уруксаттын, лицензиянын негизинде сатуучу алган укуктар ишкананы сатып алуучуга берилбейт. Сатып алуучунун өзүндө мындай уруксат (лицензия) жоктугунан улам аткарылбай турган милдеттерди ишканын курамында сатып алуучуга өткөрүп берүү сатуучуну кредиторлордун алдындагы тиешелүү милдеттенмелерден бошотпойт. Мындай милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн сатуучу менен сатып алуучу кредиторлордун алдында биргелешип жоопкерчилик тартат.

 

498-статья. Ишкананын сатуу келишиминин формасы жана аны мамлекеттик каттоо

 

1. Ишкананы сатуу келишими тараптар кол койгон соода-сатык келишимин (395-статьянын 2-пункту) түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ушул Кодекстин 499-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө тиркелет.

2. Ишкананы сатуу келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болуп калышына алып келет.

3. Ишкананы сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана ушундай катталган учурдан тартып ал түзүлдү деп эсептелет.

 

499-статья. Сатылып жаткан ишкананын курамын белгилөө жана наркын баалоо

 

1. Сатылып жаткан ишкананын курамы жана анын наркын баалоо ишкананы сатуу келишиминде ишкананы толугу менен тизмелеп чыгуунун инвентаризациялоонун негизинде аныкталат, ал мындай тизмелөөнүн белгиленген эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Ишкананы сатуу келишимине кол коюлганга чейин тараптар: тизмелөө актысын, ишкананын курамы жана наркы жөнүндөгү бухгалтердик балансты, ошондой эле ишкананын курамына кирген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмелерин түзүүгө жана карап чыгууга тийиш, мында кредиторлор, алардын талаптарынын мүнөзү, өлчөмү жана мөөнөтү көрсөтүлөт.

Эгерде ушул Кодекстин 497-статьясынан башкасы келип чыкпаса жана тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, сатуучу сатып алуучуга аталган документтерде көрсөтүлгөн мүлктү, укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүүгө тийиш.

 

500-статья. Ишкананы сатууда кредиторлордун укуктары

 

1. Сатылып жаткан ишкананын курамына кирген милдеттенмелер боюнча кредиторлор ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилгенге чейин кеминде 21 күн мурда анын сатылгандыгы жөнүндө сатуучу тарабынан милдеттүү түрдө кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

2. Ишкананы сатуу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин кредитор карызды которууга өзүнүн макулдугу же макул эместиги жөнүндө сатуучуга 45 күндүн ичинде кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кредитордон анын макул эместиги жөнүндө билдирүү келип түшпөсө, анда ушул карызды которууга кредитордун макулдугу катары кабыл алынат. Карызды которууга өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирген кредитор милдеттенмелердин токтотулушун же мөөнөтүнөн мурда аткарылышын жана сатуучу зыяндын ордун толтурушун же ишкананы сатуу келишими толугу менен же анын тиешелүү бөлүгү жараксыз деп табылышын тез арада талап кылууга тийиш.

3. Ишкана сатылгандыгы жөнүндө ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте маалымдар болбогон кредитор сатуучу сатып алуучуга ишкананы бергендиги жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптарды канааттандыруу жөнүндө доо коюуга укуктуу.

4. Ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилгенден кийин сатуучу менен сатып алуучу берилген ишкананын курамына киргизилген, кредитордун макулдугу болбостон сатып алуучуга которулган карыздар боюнча биргелешкен жоопкерчиликти тартат.

 

501-статья. Ишкананы өткөрүп берүү

 

Сатуучу сатып алуучуга ишкананы бериши өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берет, актыда ишкананын курамы жана ишкананын сатылгандыгы тууралу кредиторлорго билдирүү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле берилген мүлктүн айкын болгон кемчиликтери жөнүндө маалыматтар, андан ажырагандыгынан улам өткөрүп берүү боюнча милдеттер көрсөтүлөт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ишкананы өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу сатуучунун милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Эки тарап тең өткөрүп берүү актысына кол койгон күндөн тартып ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилди деп эсептелет.

Ушул учурдан тартып ишкананын курамында берилген мүлктүн капысынан жараксыз болуп калышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги сатып алуучуга өтөт.

 

502-статья. Ишканага менчик укугунун өтүшү

 

1. Ишканага менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып ушул укук сатып алуучуга өтөт.

2. Ишканага сатып алуучунун менчик укугун мамлекеттик каттоо ишкана сатып алуучуга түздөн-түз өткөрүп берилгенден кийин жүргүзүлөт (501-статья).

3. Келишимде сатып алуучуга өткөрүп берилген ишканага менчик укугу ишканага акы төлөнгөнгө чейин же башка кырдаалдар келип чыкканга чейин сатуучуда сактала тургандыгы каралган учурларда, сатып алуучу менчик укугу өзүнө өткөнгө чейин берилген ишкананын курамына кирген мүлктү жана укуктарды мүлктүк комплекс катары ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө тескөөгө укуктуу.

 

503-статья. Кемчиликтери бар ишкананы өткөрүп берүүнүн жана кабыл

алуунун натыйжалары

 

1. Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса жана ушул статьянын 2-4-пункттарында башкача каралбаса, курамы ишкананы сатуу келишиминде каралгандарга, анын ичинде берилген ишкананын сапатына ылайык келбеген ишкананы өткөрүп берүү актысы боюнча сатуучунун өткөрүп беришинин жана сатып алуучунун кабыл алышынын натыйжалары ушул Кодекстин 423-425, 429-, 432-, 438-, 442-статьяларында каралган эрежелердин негизинде аныкталат.

2. Эгерде төмөнкүдөй учурларда башка талаптарды коюу укугу ишкананы сатуу келишиминде каралбаса, ишкана өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп жана кабыл алынып, анда ишкананын айкын болгон кемчиликтери жөнүндө же жоготулган мүлкү жөнүндө маалыматтар (501-статьянын 1-пункту) көрсөтүлсө сатып алуучу ишкананын сатып алынуучу баасын тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сатуучу келишимди түзүү жана ишкананы өткөрүп берүү учурунда сатып алуучу төмөнкүдөй карыздар (милдеттенмелер) жөнүндө билгендигин далилдей албаса, сатып алуучу өзүнө ишкананын курамында сатуучунун ишкананы сатуу келишиминде же өткөрүп берүү актысында көрсөтүлбөгөн карыздары (милдеттенмелери) берилген учурда сатып алуу баасын азайтууну талап кылууга укуктуу.

4. Сатуучу ишкананын курамында берилген мүлктүн кемчиликтери же ушул курамда берилүүгө тийиш болгон мүлктүн айрым түрлөрү жоктугу жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алса, сапаты начар мүлктү кечиктирбестен алмаштыра алат же сатып алуучуга жетишпеген мүлктү бере алат.

5. Эгерде ишкана сатуучу жооп бере турган кемчиликтердин айынан сатуу келишиминде аталган максаттарга жарабай тургандыгы аныкталса жана ушул кемчиликтерди сатуучу ушул Кодекске, башка ченемдик укуктук актыларга же келишимге ылайык белгиленген шартта, тартипте жана мөөнөттө жойбосо, же мындай кемчиликтерди жоюу мүмкүн болбосо, сатып алуучу ишкананы сатуу келишимин бузууну же өзгөртүүнү жана келишим боюнча тараптар аткаргандарды кайра кайтарууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

 

504-статья. Ишкананы сатуу келишимине карата бүтүмдөрдүн

жараксыздыгынын кесепеттери жөнүндө жана келишимди

өзгөртүү же бузуу жөнүндө эрежелерди колдонуу

 

Эгерде төмөнкүдөй натыйжа сатуучу менен сатып алуучунун кредиторлорунун, башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын олуттуу бузбаса жана коомдук таламдарга карама-каршы келбесе, ушул Кодекстин келишим боюнча бир же эки тараптан алынгандарды кайра кайтарып берүүнү же накталай өндүрүүнү караган соода-сатык келишимине карата бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттери жана келишимди өзгөртүү же бузуу тууралу эрежелери ишкананы сатуу келишимине карата колдонулат.

 

24-Глава
Алмашуу

 

505-статья. Алмашуу келишими

 

1. Алмашуу келишими боюнча ар бир тарап экинчи тараптын менчигине бир товардын ордуна башкасын берүүгө милдеттенет.

Эгерде соода-сатык жөнүндөгү эреже ушул главанын эрежелерине жана алмашуунун маңызына карама-каршы келбесе, анда ал тиешелүү түрдө алмашуу келишимине карата колдонулат (23-глава). Мында тараптардын ар бири өзү бере турган товардын сатуучусу жана өзү ордуна кабыл алууга милдеттенген товардын сатып алуучусу деп табылат.

2. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген юридикалык жактар ушул юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин макулдугу менен гана кыймылсыз мүлктү алмашуу келишиминин тарабы болууга укуктуу (230-ст. 3-пункту).

3. Утурумдук башкаруу укугуна негизденген юридикалык жактар ушул юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин макулдугу менен гана өзүлөрүнө бекитилип берилген мүлктү өткөрүп берүү боюнча алмашуу келишиминин бир тарабы катары чыгууга укуктуу (231-ст. 3-пункту).

 

506-статья. Алмашуу келишими боюнча баа жана чыгым

 

1. Эгерде Алмашуу келишиминен башкасы келип чыкпаса, алмашылуучу товарлар бирдей баада деп каралат, ал эми аларды өткөрүп берүү же кабыл алуу боюнча чыгымдарды ар бир учурда тиешелүү милдетти тарткан тарап көтөрөт.

2. Эгерде келишимде акы төлөөнүн башка тартиби каралбаса, келишимге ылайык алмаштырылуучу товарлар бирдей баада эмес деп табылган учурда, баасы ордуна берилип жаткан товардын баасынан төмөн болгон товарды берүүгө милдеттүү тарап товарды же товар тескөө документтерин түздөн-түз бергенге чейин же берген учурда баадагы айырманы төлөөгө тийиш.

 

507-статья. Алмаштырылуучу товарларга менчик укугунун өтүшү

 

Эгерде мыйзамда же алмашуу келишиминде башкача каралбаса, алмаштырылуучу товарларга менчик укугу эки тарап тиешелүү товарларды берүү милдеттенмелерин аткаргандан кийин бир эле учурда алмашуу келишими боюнча сатып алуучу болгон тараптарга өтөт.

 

508-статья. Алмашуу келишими боюнча ээ болгон товарды алып коюу

үчүн жоопкерчилик

 

Алмашуу келишими боюнча ээ болгон товарын үчүнчү жак алып койгон тарап ушул Кодекстин 425-статьясында каралган негиздер бар болгон учурда өзү алмашып алган товарды кайтарып берүүнү жана (же) зыяндын ордун толтурууну ал тараптан талап кылууга укуктуу.

 

25-Глава
Тартуулоо

 

509-статья. Тартуулоо келишими

 

1. Тартуулоо келишими боюнча бир тарап (тартуулоочу) көзү тирүү кезинде экинчи тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же аны өз алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот же бошотууга милдеттенет.

2. Буюмду же укукту утурлап берүү же утурлаган милдеттенме бар болгон учурда келишим тартуулоо деп табылбайт. Мындай келишимге карата ушул Кодекстин 188-статьясынын 2-пунктунун эрежеси колдонулат.

3. Эгерде тартуулоо келишими ойдогудай формада (510-статьянын 2-пункту) түзүлсө жана келечекте буюмду же укукту конкреттүү жакка акысыз берүүгө же аны мүлктүк милдеттен бошотууга ачык ниетин билдирип турса, буюмду же мүлктүк укукту акысыз берүү же кимдир бирөөнү мүлктүк милдеттен бошотуу убадасы (тартуулоо убадасы) тартуулоо келишими деп табылат жана убада берген жакты өзүнө байлайт.

Өзүнүн бүткүл мүлкүн же бүткүл мүлкүнүн бир бөлүгүн тартуулоонун конкреттүү буюмуна буюм, укук же милдеттен бошотуу түрүндө көрсөтпөстөн тартуулоо убадасы жараксыз.

 

510-статья. Тартуулоо келишиминин формасы

 

1. Ушул статьянын 2- жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, тартууну алуучуга берүү менен коштолгон тартуу оозеки жасалышы мүмкүн.

Тартууну берүү аны тапшыруу, символдуу түрдө берүү (ачкычты тапшыруу жана башкача), же укукту ырастоочу документтерди тапшыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кыймылсыз мүлктү тартуулоо келишими жөнөкөй жазуу жүзүндө:

1) тартуулоочу юридикалык жак болуп саналган жана тартуунун наркы эсептик көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн ашкан;

2) келишим келечекте тартуулоого убаданы камтыган учурларда түзүлүүгө тийиш.

Ушул пунктта каралган учурларда оозеки түзүлгөн тартуулоо келишими тартуулоочунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3. Кыймылсыз мүлктү белекке берүү жөнүндө келишим мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

511-статья. Тартуулоого тыюу салуу

 

Наркы эсептик көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн ашпаган демейки белектерди кошпогондо, төмөнкүчө тартуулоого жол берилбейт:

1) юридикалык жактар чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугундагы өзүнө таандык мүлктү;

2) жаш балдардын жана эмгекке жараксыз деп табылган граждандардын атынан - алардын мыйзамдуу өкүлдөрү;

3) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мамлекеттик кызматчыларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына;

4) дарылоо, тарбиялоо мекемелеринин, социалдык жактан коргоо мекемелеринин жана башка ушундай мекемелердин кызматкерлерине алардын дарылоосундагы, багуусундагы же тарбиясындагы граждандар, ушул граждандардын жубайлары жана тууган-туушкандары беришине;

5) коммерциялык уюмдардын ортосундагы мамилелерде.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

512-статья. Тартуулоону чектөө

 

1. Биргелешкен жалпы менчиктеги мүлктү тартуулоого ушул Кодекстин 272-статьясында каралган эрежелерди сактоо менен биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын макулдугу боюнча жол берилет.

2. Тартуулоочуга таандык болгон талап укугун үчүнчү жакка тартуулоо ушул Кодекстин 314-317-статьяларында каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

3. Тартуу алуучунун үчүнчү жакка карата милдеттерин ал үчүн аткаруу аркылуу тартуулоо ушул Кодекстин 303-статьясындагы 1-пунктта каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Тартуу алуучунун үчүнчү жакка карата карызын тартуулоочу өзүнө которуу аркылуу тартуулоо ушул Кодекстин 318-статьясында каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

4. Тартуулоону жүзөгө ашыруу үчүн өкүл тарабынан берилген ишеним катта тартуу алуучу аталбаса жана тартуу буюму көрсөтүлбөсө, ал жокко эсе.

 

513-статья. Тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартуу

 

1. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин тартуулоочунун мүлктүк абалы олуттуу начарласа, анда ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Тартуулоону алып салууга тартуулоочуга укук берген негиздер боюнча ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу (514-статьянын 1-пункту).

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча тартуулоочу тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартышы тартуу алуучуга чыгымдардын ордун толтуруу талап укугун бербейт.

 

514-статья. Тартуулоону алып салуу

 

1. Тартуу алуучу тартуулоочунун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаган учурда тартуулоону сот тартибинде алып салууга жол берилет.

Тартуу алуучу тартуулоочунун өмүрүн атайылап кыйган учурда тартууну сотто алып салуу талабын коюу укугу анын мураскорлоруна таандык.

2. Эгерде тартуулоочу тартуу алуучудан узак жашаса, тартуулоо келишиминде тартуулоочунун тартуулоону алып салуу укугу шартталышы мүмкүн.

3. Эгерде тартууланган буюм тартуулоону алып салган учурга чейин натуралай сакталса, тартуулоону алып салган учурда тартуу алуучу ал буюмду кайра кайтарууга милдеттүү.

 

515-статья. Тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартуу жана

тартуулоону алып салуу мүмкүн болбогон учурлар

 

Тартуу келишимин аткаруудан баш тартуу жөнүндө (513-статья) жана тартуулоону алып салуу жөнүндө (514-статья) эрежелер наркы анча чоң болбогон демейки белектерге колдонулбайт.

 

516-статья. Кемчиликтери бар мүлктү тартуулоонун натыйжасы

 

Эгерде тартууланган буюмдун кемчилиги буюм тартуу алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгы, ал көзгө көрүнүктүү болбогондугу жана тартуулоочу аны билсе да ушул жөнүндө тартуу алуучуга эскертпегендиги далилденсе, тартууланган буюмдун кемчиликтеринин кесепетинен тартуу алуучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун тартуулоочу толтурат.

 

517-статья. Тартуулоо убадасындагы укук өтүүчүлүк

 

1. Эгерде тартуулоо келишиминде башкача каралбаса, тартуулоо келишими боюнча тартуу убада кылынган тартуу алуучунун укугу анын мураскорлоруна (укугун мурастоочуларга) өтпөйт.

2. Эгерде тартуулоо келишиминде башкача каралбаса, тартуулоо келишими боюнча тартуу убада кылган тартуулоочунун милдеттери анын мураскорлоруна (укугун мурастоочуларга) өтөт.

 

518-статья. Кайрымдуулук

 

1. Жалпыга рента келтирүү максатында буюмду же мүлктүк укукту тартуулоо кайрымдуулук деп аталат.

Кайрымдуулук граждандарга, социалдык жактан коргоо мекемелерине, дарылоо, тарбиялоо, илимий, окуу, кайрымдуулук жана башка ушундай мекемелерге, музейлерге жана башка маданият мекемелерине, фонддорго, коомдук жана диний уюмдарга, ошондой эле мамлекетке жана административдик-аймактык бирдиктерге берилиши мүмкүн.

2. Кайрымдуулук кабыл алууга кимдир-бирөөнүн макулдугу же чечими талап кылынбайт.

3. Мүлк гражданга кайрымдуулук катары берилүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактарга кайрымдуулук берүүчү бул мүлктү тиешелүү багытта ренталануу шартын коюушу мүмкүн.

Мындай шарт жок болгон учурда гражданга берилген кайрымдуулук мүлкү демейдеги тартуу деп эсептелет, ал эми калган учурларда тартуу алуучу кайрымдуулукка берилген мүлктү анын багытына ылайык ренталанат.

4. Эгерде кайрымдуулукка берилген мүлктү кайрымдуулук берүүчү көрсөткөн багытка ылайык ренталануу кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу мүмкүн болбосо, ал кайрымдуулук берүүчүнүн макулдугу менен, ал эми мүлктү кайрымдуулукка берген граждандын көзү өтүп кеткен же мүлктү кайрымдуулукка берген юридикалык жак жоюлган учурда - соттун чечими боюнча башка багытта ренталанылышы мүмкүн.

5. Кайрымдуулукка берилген мүлктү кайрымдуулук берүүчү көрсөткөндөн башка багытта колдонуу же ушул багытты ушул статьянын 4-пунктуна ылайык келбегендей өзгөртүү кайрымдуулук берүүчүгө, анын мураскорлоруна же башка укугун мурастоочуларга кайрымдуулукту алып салуу талабын коюуга укук берет.

6. Ушул Кодекстин 513- жана 514-статьяларынын жоболору кайрымдуулуктарга карата колдонулбайт.

 

26-Глава
Рента жана өмүр бою багуу

 

1-§. Рента жана өмүр бою

багуу жөнүндө жалпы жоболор

 

519-статья. Рента келишими

 

1. Рента келишими боюнча бир тарап (рента алуучу) кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү экинчи тараптын (рента төлөөчүнүн) менчигине берет, ал эми рента төлөөчү алган мүлктүн ордуна рента алуучуга белгилүү акча суммасы же башка формада анын карамагына каражат берүү түрүндө мезгил-мезгили менен рента төлөөгө милдеттенет.

2. Рента келишими боюнча рентаны мөөнөтсүз (туруктуу рента) же рента алуучу жашаган мөөнөттө (өмүрлүк рента) төлөө милдеттенмесин белгилөөгө жол берилет. Өмүрлүк рента гражданды өмүр боюуу багуу шартында белгилениши мүмкүн.

 

520-статья. Рента келишиминин формасы

 

Рента келишими нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми кыймылсыз мүлктү рента алуу үчүн коюуну караган келишим мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

 

521-статья. Мүлктү рента алуу үчүн коюу

 

1. Рента алуу үчүн коюлган мүлктү рента алуучу рента төлөөчүнүн менчигине акы үчүн же акысыз бериши мүмкүн.

2. Эгерде ушул главанын эрежелеринде башкача белгиленбесе жана рента келишиминин маңызына каршы келбесе, рента келишиминде мүлктү акы үчүн берүү каралса, тараптардын өткөрүп берүү жана акы төлөө мамилелерине карата - ушул Кодекстин соода-сатык жөнүндө эрежелери (23-глава), ал эми мындай мүлк акысыз берилген учурда тартуулоо келишими жөнүндө эрежелер (25-глава) колдонулат.

 

522-статья. Кыймылсыз мүлктүн рентага таандык болушу

 

1. Рента алуу үчүн берилген ишкана, имарат, курулуш же башка кыймылсыз мүлк рентага таандык болот. Акы төлөөчү мындай мүлктү башка тарапка өткөргөн учурда рента келишими боюнча анын милдеттенмелери мүлктү ауучуга өтөт.

2. Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же келишимде төмөнкү милдеттенме боюнча биргелешкен жоопкерчилик каралбаса (364-статья), рентага таандык болгон мүлктү башка жактын менчигине өткөрүп берген жак, рента алуучунун талабы боюнча анын менен аны менен субсидиардык жоопкерчилик тартат.

 

523-статья. Рента төлөнүшүн камсыз кылуу

 

1. Рентаны алуу үчүн кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүдө рента алуучу рента төлөөчүнүн милдеттенмелери камсыз болушу үчүн ушул мүлккө күрөө укугуна ээ болот.

2. Рента алуу үчүн акча суммасын же башка кыймылдуу мүлктү берүүнү караган рента келишиминин олуттуу шарты болуп рента төлөөчүнүн өз милдеттенмелерин камсыз кылууга (319-статья) же ушул милдеттенмелерди аткарбагандыгы же ойдогудай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тобокелдигин рента алуучунун пайдасына камсыздандыруу милдетин белгилеген шарт саналат.

3. Рента төлөөчү ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттерди аткарбаган учурда, ошондой эле рента алуучу жооп бербей турган кырдаалдар боюнча рента төлөөчү камсыз кылышын жоготкон же шарттары начарлаган учурларда рента алуучу рента келишимин бузууга жана келишимди бузуудан келип чыккан зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

524-статья. Рентаны төлөө мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн жоопкерчилик

 

Эгерде рента келишиминде проценттин башкача өлчөмү белгиленбесе, рентаны төлөө мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн рента төлөөчү рента алуучуга ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөйт.

 

2-§. Туруктуу рента

 

525-статья. Туруктуу рента алуучу

 

1. Эгерде мыйзамдарга карама-каршы келбесе жана алардын ишинин максатына ылайык келсе, жалаң граждандар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар гана туруктуу рента алуучу боло алышат.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, туруктуу рента келишими боюнча рента алуучунун укугу ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга талапты берүү жолу менен берилиши жана юридикалык жак кайра уюштурулган учурда мурас боюнча же укугун мурастоо тартибинде өтүшү мүмкүн.

 

526-статья. Туруктуу рентанын түрү жана өлчөмү

 

1. Туруктуу рента келишимде белгиленген өлчөмдө акчалай төлөнөт.

2. Туруктуу рента келишиминде наркы боюнча рентанын суммасына төп келген буюмдарды берүү, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү жолу менен рента төлөө каралышы мүмкүн.

3. Эгерде туруктуу рента келишиминде башкача каралбаса, төлөнүүчү рентанын көлөмү мүлктү ренталангандыгы үчүн акынын тиешелүү өлчөмү же банк процентинин өлчөмүнүн өзгөрүшүнө жараша өзгөрүлөт.

 

527-статья. Туруктуу рентаны төлөө мөөнөтү

 

Эгерде туруктуу рента келишиминде башкача каралбаса, туруктуу рента ар бир календарлык квартал аяктаганда төлөнөт.

 

528-статья. Төлөөчүнүн туруктуу рентаны сатып алуу укугу

 

1. Туруктуу рентаны төлөөчү андан ары төлөөдөн рентаны сатып алуу жолу менен баш тартууга укуктуу.

2. Рента төлөөчү мындай баш тартууну рента төлөө токтогондон үч ай мурда же туруктуу рента келишиминде каралган андан узак мөөнөттөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирген шартта мындай баш тартуу жарактуу. Эгерде келишимде сатып алуунун башка тартиби каралбаса, рента төлөө боюнча милдеттенме рента алуучу сатып алуунун бүткүл суммасын алганга чейин токтотулбайт.

3. Туруктуу рента келишиминдеги туруктуу рента төлөөчү аны сатып алуудан баш тартышы жөнүндөгү шарты жокко эсе.

Келишимде туруктуу рентаны сатып алууга укук рента алуучунун көзү тирүүсүндө же келишим түзүлгөндөн баштап отуз жылдан кем эмес мөөнөтүнүн ичинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

 

529-статья. Рента алуучунун талабы боюнча туруктуу рентаны сатып

алуу

 

1. Туруктуу рента алуучу рентаны сатып алышын төмөнкүдөй учурларда төлөөчүдөн талап кылууга укуктуу:

эгерде туруктуу рента келишиминде башкача каралбаса, рента төлөөчү аны төлөөнүн мөөнөтүн бир жылдан ашыкка өткөрүп жибергенде;

рента төлөөчү рента төлөөнү камсыздоо боюнча өз милдеттенмесин бузганда (523-статья);

рента төлөөчү акы төлөөгө кудуретсиз деп табылганда же ал рентаны келишимде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө төлөй албай тургандыгын ачык-айкын күбөлөгөн башка кырдаалдар келип чыкканда;

рента алуу үчүн берилген кыймылсыз мүлк жалпы менчикке же чачыранды болуп бир нече жактардын ортосуна түшкөндө;

келишимде каралган башка учурларда рентаны толук өлчөмдө сатып алышын талап кылууга укуктуу.

 

530-статья. Туруктуу рентанын сатып алуу баасы

 

1. Ушул Кодекстин 528- жана 529-статьяларында каралган учурларда туруктуу рентаны сатып алуу туруктуу рента келишиминде аныкталган баада жүзөгө ашырылат.

2. Мүлктү туруктуу рента төлөөгө өткөрүп берүүдөгү туруктуу рента келишиминде сатып алуу баасы жөнүндө шарт жок болгон учурда, сатып алуу төлөнүүгө тийиш болгон рентанын жылдык суммасына ылайык келген баа боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Мүлк акысыз берилген туруктуу рента келишиминде сатып алуу баасы жөнүндө шарт жок болгон учурда сатып алуу баасына рента төлөмдөрүнүн жылдык суммасы менен катар берилген мүлктүн баасы кошулат, ал ушул Кодекстин 390-статьясынын 3-пунктунда каралган эрежелер боюнча аныкталат.

 

531-статья. Туруктуу рентаны төлөөгө берилген мүлктүн капысынан

иштен чыгышынын же бузулушунун тобокелдиги

 

1. Туруктуу рентаны төлөөгө акысыз берилген мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин рента төлөөчү тартат.

2. Туруктуу рентаны төлөөгө берилген мүлк капысынан иштен чыккан же капысынан бузулган учурда төлөөчү тиешелүү түрдө төлөө боюнча милдеттенме токтотулушун же аны төлөө шарттары өзгөртүлүшүн талап кылууга укуктуу.

 

3-§. Өмүрлүк рента

 

532-статья. Өмүрлүк рентаны алуучу

 

1. Өмүрлүк рента мүлктү рента төлөөгө берип жаткан граждан жашаган мезгилге же ал көрсөткөн башка граждан жашаган мезгилге белгилениши мүмкүн.

2. Эгерде өмүрлүк рента келишиминде башкача каралбаса, рента алуу укугуна үлүшү теңдеш болуп саналган бир нече граждандын рентасына өмүрлүк рента белгилөөгө жол берилет.

Эгерде өмүрлүк рента келишиминде башкача каралбаса, рента алуучулардын биринин көзү өтүп кетсе, рента алуу укугундагы анын үлүшү андан узак жашаган рента алуучуларга өтөт, ал эми акыркы рента алуучунун көзү өткөндө рента төлөө милдеттенмеси токтотулат.

3. Келишим түзгөн учурда дүйнөдөн кайткан граждандын пайдасына өмүрлүк рентаны белгилеген келишим жокко эсе.

 

533-статья. Өмүрлүк рентанын өлчөмү

 

1. Өмүрлүк рента келишимде ал рента алуучу ал жашаган мезгилдин ичинде кезеги менен төлөнүп турган акчалай сумма катары аныкталат.

2. Келишимде аныкталган өмүрлүк рента өлчөмү бир айга эсептегенде бир эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш, ал эми ушул Кодекстин 308-статьясында каралган учурларда көбөйтүлүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

534-статья. Өмүрлүк рентаны төлөө мөөнөтү

 

Эгерде өмүрлүк рента келишиминде башкача каралбаса, өмүрлүк рента ар бир календерлык ай аяктагандан кийин төлөнөт.

 

535-статья. Рента алуучунун талабы боюнча өмүрлүк рента келишимин

бузуу

 

1. Рента төлөөчү өмүрлүк рента келишимин олуттуу бузган учурда рента алуучу рента төлөөчүдөн ушул Кодекстин 530-статьясында каралган шарттарда рентаны сатып алышын же келишимди бузууну жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

Эгерде өмүрлүк рентаны төлөөгө квартира, турак үй же башка мүлк акысыз коюлса, рента төлөөчү келишимди олуттуу бузганда рента алуучу наркын рентаны сатып алуу баасынын эсебине кошуу менен мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

536-статья. Өмүрлүк рентаны төлөөгө берилген мүлктүн капысынан

иштен чыгышынын же бузулушунун тобокелдиги

 

1. Өмүрлүк рентаны төлөөгө берилген капысынан мүлктүн иштен чыгышы же бузулушу рента төлөөчүнү аны өмүрлүк рента келишиминде каралган шарттарда төлөө милдетинен бошотпойт.

 

4-§. Өмүр боюуу күтүү

 

537-статья. Өмүр боюуу багуу келишими

 

1. Өмүр боюуу багуу келишими боюнча граждан өзүнө таандык болгон турак үйдү, квартираны же башка кыймылсыз мүлктү рента төлөөчүнүн менчигине берет, ал ушул гражданды жана (же) ал көрсөткөн үчүнчү адамды (адамдарды) өмүр боюуу багууга милдеттенет.

2. Эгерде ушул нуктаманын эрежелеринде башкача каралбаса, өмүр боюуу багуу келишимине өмүрлүк рента жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

538-статья. Багуу боюнча милдеттер

 

1. Багуу жагынан рента төлөөчүнүн милдеттери турак-жайга, тамак-ашка жана кийимге талаптарды канааттандырууну, ал эми граждандын ден соолук абалы талап кылса, аны кароону да камтышы мүмкүн. Өмүр боюу багуу келишиминде ошондой эле рента төлөөчү ырасым кызматтарын төлөшү каралышы мүмкүн.

2. Өмүр боюу багуу келишиминде багуунун бүткүл көлөмүнүн наркы аныкталышы мүмкүн. Мында багуунун жалпы көлөмүнүн наркы кеминде эки эсептик көрсөткүчтөн аз болушу мүмкүн эмес.

3. Гражданга көрсөтүлгөн же көрсөтүлүүгө тийиш болгон багуу көлөмү жөнүндө тараптардын ортосундагы талашты чечүүдө сот ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

539-статья. Өмүр боюу багууну мезгилдүү төлөмдөр менен алмаштыруу

 

Өмүр боюу багуу келишиминде накта багууну граждан жашаган мезгилдин ичинде кезектүү төлөмдөрдү акчалай төлөө менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.

 

540-статья. Өмүр боюу багууну камсыз кылуу үчүн берилген мүлктү

ээликтен ажыратуу жана ренталануу

 

Рента төлөөчү өмүр боюу багууну камсыз кылуу үчүн өзүнө берилген кыймылсыз мүлктү рента алуучунун алдын ала макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга, күрөөгө коюуга же башкача ренталанууга укуктуу.

Рента төлөөчү өмүр боюу багуу мезгилинде аталган мүлктү ренталануу ушул мүлктүн наркы төмөндөшүнө алып келбеши үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

541-статья. Өмүр боюу багууну токтотуу

 

1. Өмүр боюу багуу милдеттенмеси рента алуучу дүйнөдөн кайтканда токтотулат.

2. Рента төлөөчү өз милдеттенмелерин олуттуу бузган учурда рента алуучу өмүр боюу багууну камсыз кылуу үчүн берилген кыймылсыз мүлктү кайра кайтарууну же ага ушул Кодекстин 530-статьясында белгиленген шарттарда сатып алуу баасын төлөөнү талап кылууга укуктуу. Мында пайда төлөөчү баккандыгына байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууну рента алуучудан талап кылууга акысы жок.

 

27-Глава
Мүлктү жалдоо (арендалоо)

 

1-§. Жалпы жоболор

 

542-статья. Мүлктүк жалдоо келишими

 

Мүлктүк жалдоо (арендалоо) келишими боюнча жалдоого берүүчү жалдоочуга убактылуу ээлик кылуу жана ренталануу же убактылуу ренталануу үчүн акыга мүлктү берүүгө милдеттенет.

 

543-статья. Мүлктүк жалдоо объекттери

 

1. Мүлктүк жалдоого жер участкалары, кен байлык участкалары жана башка обочолонгон жаратылыш объекттери, ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулуштар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана ренталануу процессинде өздөрүнүн натуралык сапатын жоготпогон башка буюмдар берилиши мүмкүн.

Мыйзамда мүлктүк жалдоого тапшырууга жол берилбеген же чектелген мүлктүн түрлөрү белгилениши мүмкүн.

2. Мыйзамда жер участкаларын жана башка обочолонгон жаратылыш объекттерин мүлктүк жалдоого тапшыруунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

544-статья. Жалданган мүлктөн алынган продукцияга, түшүмгө жана

кирешеге менчик укугу

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жалдоочу жалданган мүлктү ренталануунун натыйжасында алган түшүм, продукция жана киреше анын менчиги болуп саналат.

 

545-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин формасы

 

1. Мүлктүк жалдоо келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

2. Мүлккө менчик укугу кийинчерээк жалдоочуга өтүшүн караган мүлктүк жалдоо келишими мындай мүлктүн соода-сатык келишими үчүн каралган формада түзүлөт.

3. Эгерде кыймылсыз мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин колдонулушунун мөөнөтү үч жылды жана андан ашыкты түзсө, келишим милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.

Эгерде келишим үч жылдан азыраак мөөнөткө түзүлгөн болсо, анда ал тараптардын биринин талабы боюнча милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

4. Кыймылдуу мүлктүн мүлктүк жалдоо келишими мыйзамда каралган учурларда катталат.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

546-статья. Жалдоого берүүчү

 

Мүлктү жалдоого берүү укугу анын ээсине, ошондой эле мыйзам же мүлктүн ээси тараптан башкарууга укуктуу жактарга таандык.

 

547-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү

 

1. Мүлктүк жалдоо келишими келишимде аныкталган мөөнөткө түзүлөт.

2. Эгерде келишимде мүлктүк жалдоо мөөнөтү аныкталбаса, келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет. Мында тараптардын ар бири келишимден баш тарта тургандыгы жөнүндө экинчи тарапка бир ай мурда, ал эми кыйылсыз мүлктү жалдаган учурда - үч ай мурда эскертип, келишимден каалаган учурда баш тартууга укуктуу. Келишимде белгисиз мөөнөткө түзүлгөн мүлктүк жалдоо келишимин токтотуу жөнүндө эскертүү үчүн башка мөөнөт белгилениши мүмкүн.

3. Мүлктүк жалдоонун айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо үчүн мыйзамда келишимдин максималдуу (эң жогорку) мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Мындай учурларда, эгерде келишимде жалдоо мөөнөтү аныкталбаса жана тараптардын бири да мыйзамда белгиленген эң жогоку мөөнөт аяктаганга чейин келишимден баш тартпаса, эң жогорку мөөнөт аяктагандан кийин келишим токтотулат.

Мыйзамда белгиленген эң жогорку мөөнөттөн ашык мөөнөткө түзүлгөн мындай мүлктү жалдоо келишими эң жогорку мөөнөткө барабар болгон мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет.

 

548-статья. Жалдоочуга мүлктү берүү

 

1. Жалдоого берүүчү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык абалдагы жана багыттагы мүлктү жалдоочуга берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, мүлк жалдоого өзүнө таандык болгон бардык буюмдары жана өзүнө тиешелүү документтери (техникалык паспорту, сапат сертификаты жана башкалары) менен бирдикте тапшырылат.

Эгерде мындай буюдмар жана документтер берилбесе, бирок жалдоочу ансыз мүлктү анын багытына ылайык пайдалана албаса же келишим түзгөндө ниеттенүүгө укуктуу болгонунан кыйла өлчөмдө ажыраса, ал өзүнө жалдоого берүүчү мындай буюмдарды жана документтерди беришин, ошондой эле тиешелүү буюмдарды жана документтерди бербей коюунун натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун толтурууну талап кыла алат.

3. Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга мүлктү жалдоого келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө акылга сыярлык мөөнөттө бербесе, жалдоочу анда ушул мүлктү ушул Кодекстин 363-статьясына ылайык талап кылып алууга же келишимди бузууну жана аны аткарбай коюудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

549-статья. Жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери үчүн

жалдоого берүүчүнүн жоопкерчилиги

 

1. Жалдоого берүүчү мүлктүк жалдоо келишимин түзүп жатканда мүлктүн кемчилиги бар экендиги жөнүндө билбеген күндө да, жалдоого тапшырылган мүлктүн аны пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тоскоолдук кылган кемчиликтери үчүн жооп берет.

Мындай кемчиликтер табылган учурда жалдоочу өз каалоосу боюнча:

жалдоого берүүчүдөн мүлктүн кемчиликтерин акысыз жоюуну, же жалдоо акысын тиешелүү өлчөмдө азайтууну, же мүлктүн кемчиликтерин жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга;

төмөнкү жөнүндө алдын ала жалдоочуга билдирип, мүлктүн кемчиликтерин жоюуга өзү тарткан чыгымдардын суммасын мүлктү пайдалангандыгы үчүн акыдан түздөн-түз кармап калууга;

келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

2. Жалдоочунун талаптары жөнүндө жана мүлктүн кемчиликтерин жалдоого берүүчүнүн эсебинен жоюуга анын ниети жөнүндө кабарландырылган жалдоого берүүчү жалдоого берилген мүлктү ойдогудай абалдагы, ошондой башка мүлккө кечиктирбестен алмаштыра алат.

3. Эгерде жалдоочунун талаптарын канааттандыруу же ал кемчиликтерди жоюуга мүлктү пайдалануу үчүн акыдан чыгымдарды кармап калышы жалдоочуга келтирилген чыгымдардын ордун толтурбаса, ал зыяндын орду толбой калган бөлүгүнүн ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Жалдоого берүүчү келишимди түзүүдө айткан же жалдоочуга мурунтан белгилүү болгон же ал мүлктү карап чыгуу учурунда же келишим түзүүдө же мүлктү жалдоого берүүдө анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалууга тийиш болгон жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери үчүн жалдоого берүүчү жооп бербейт.

 

550-статья. Жалдоого тапшырылып жаткан мүлккө үчүнчү жактардын

укугу

 

Мүлктү жалдоого өткөрүп берүү ушул мүлккө үчүнчү жактын укуктарын токтотуу же өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

Мүлктүк жалдоо келишимин түзүүдө жалдоого берүүчү жалдоого тапшырылып жаткан мүлккө үчүнчү жактардын бардык укуктары (сервитут, укук, күрөө ж.б.) жөнүндө жалдоочуга эскертүүгө милдеттүү. Жалдоого берүүчү ушул милдеттерди аткарбай коюшу жалдоочуга аренда акысын азайтууну же келишимди бузууну талап кылууга укук берет.

 

551-статья. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы

 

1. Жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн өз учурунда акы төлөөгө милдеттүү.

Аренда акысын төлөө тартиби, шарты жана мөөнөтү мүлктүк жалдоо келишиминде аныкталат.

2. Жалдоо акысы жалданган бүткүл мүлк үчүн бүтүндөй же анын ар бир курамдык бөлүгү үчүн өзүнчө:

1) туруктуу суммада аныкталган мезгил-мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү төлөмдөр;

2) жалданган мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган продукциянын, түшүмдүн же кирешелердин белгиленген үлүшү;

3) жалдоочу айрым кызматтарды көрсөтүшү;

4) жалдоочу жалдоого берүүчүгө келишимде шартталган буюмдарды менчикке же жалдоого бериши;

5) жалданган мүлктү жакшыртуу боюнча келишимде шартталган чыгымарды жалдоочуга жүктөө түрүндө белгиленет.

Мүлктүк жалдоо келишиминде тараптар мүлктү пайдалануу үчүн акынын көрсөтүлгөн формаларын же акы төлөөнүн башка формаларын карай алышат.

3. Мүлктү пайдалануу үчүн акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча келишимде каралган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү, бирок бир жылда бир жолудан ашык эмес өзгөртүлүшү мүмкүн. Мүлктүк жалдоонун айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо үчүн мыйзамда башка минималдуу мөөнөттөр каралышы мүмкүн.

4. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жалдоочу жооп бербей турган кырдаалдардан улам келишимде каралган пайдалануу шарттары же мүлктүн абалы олуттуу начарласа, жалдоочу акыны тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөө мөөнөтүн олуттуу бузган учурда жалдоого берүүчү андан жалдоо акысын мөөнөтүнөн мурда жалдоого берүүчү белгилеген мөөнөттө төлөшүн талап кылууга укуктуу. Мында жалдоого берүүчү акыны экиден ашык мөөнөт үчүн катары менен мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуксуз.

 

552-статья. Жалданган мүлктү пайдалануу

 

1. Жалдоочу мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык, ал эми келишимде мындай шарттар аныкталбаса, мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоочу жалдоого берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карабастан мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына же мүлктүн багытына ылайыксыз пайдаланса, жалдоого берүүчү келишимди бузууну талап кылууга укуктуу.

 

553-статья. Жалданган мүлктү тескөө. Жалданган мүлктү кошумча

жалдоо жана кайра жалдоо

 

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен жалданган мүлктү кошумча жалдоого (субарендага) тапшырууга, мүлктүк жалдоо келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка берүүгө (кайра жалдоо), ошондой эле өзүнүн жалдоочу укуктарын күрөөгө коюуга жана мындай жак катары чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына каражат же өндүрүштүк кооперативдерге пайлык взнос кошууга укуктуу. Кайра жалдоону кошпогондо, көрсөтүлгөн учурларда келишим боюнча жалдоого берүүчүгө карата жалдоочу жооптуу бойдон калат.

Кошумча жалдоо келишими мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн эмес.

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, кошумча жалдоо келишимине карата мүлктүк жалдоо келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

554-статья. Мүлктү күтүү боюнча жалдоого берүүчүнүн

милдеттенмелери

 

1. Эгерде мыйзамда же мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоого берүүчү жалдоого берилген мүлктү өз эсебинен баштан-аяк оңдоого милдеттүү.

Баштан-аяк оңдоо келишимде белгиленген мөөнөттө, ал эми ал келишимде аныкталбаса же кечиктирилгис зарылчылыктан келип чыкса - акылга сыярлык мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Жалдоого берүүчү баштан-аяк оңдоо боюнча милдеттерин бузушу жалдоочуга өз каалоосу боюнча:

келишимде каралган же кечиктирилгис зарылчылыктан келип чыккан баштан аяк оңдоону жүргүзүүгө жана оңдоонун наркын жалдоого берүүчүдөн өндүрүп алууга же аны жалдоо акысынын эсебине кошууга;

жалдоо акысын тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга;

келишимди бузууну же зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укук берет.

 

555-статья. Жалданган мүлктү күтүү боюнча жалдоочунун милдеттери

 

Эгерде мыйзамда же мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү оң абалда кармоого, өз эсебинен учурдагы оңдоолорду жүргүзүүгө жана мүлктү күтүү боюнча чыгымдарды тартууга милдеттүү.

 

556-статья. Тараптар өзгөргөндө мүлктүк жалдоо келишиминин күчүндө

болушу

 

1. Жалдоого тапшырылган мүлккө менчик (чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу) укугу башка жакка өтүшү мүлктүк жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу үчүн негиз болуп саналбайт.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, кыймылсыз мүлктү жалдоочу болуп саналган граждан дүйнөдөн кайткан учурда ушул мүлктү жалдоо келишими боюнча анын укуктары менен милдеттери мураскорго өтөт.

Келишим түзүү жалдоочунун жеке сапаттары менен шартталган учурларды кошпогондо, жалдоого берүүчү мындай мураскорго келишим колдонулушунун калган мөөнөтүнө ага киришинен баш тартууга укуксуз.

 

557-статья. Мүлктүк жалдоо келишимин жалдоого берүүчүнүн талабы

боюнча мөөнөтүнөн мурда токтоткондо кошумча жалдоо

келишиминин токтотулушу

 

1. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу ага ылайык түзүлгөн кошумча жалдоо келишиминин токтотулушуна алып келет. Мындай учурда кошумча жалдоочу токтотулган мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык шарттарда кошумча жалдоонун калган мөөнөтүнүн чектеринде кошумча жалдоо келишимине ылайык өзүнүн пайдалануусундагы мүлктү жалдоого келишим түзүшү мүмкүн.

2. Эгерде ушул Кодексте каралган негиздер боюнча мүлктүк жалдоо келишими жараксыз болуп саналса, ага ылайык түзүлгөн кошумча жалдоо келишимдери да жараксыз болуп саналат.

 

558-статья. Жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо

келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу

 

Эгерде жалдоочу:

1) мүлктү келишимдин шарттарын же мүлктүн багытын олуттуу бузуу же бир нече жолу бузуу менен пайдаланса;

2) мүлктү олуттуу начарлатса;

3) мүлктү пайдалангандыгы үчүн акыны келишимде белгиленген төлөм мөөнөтү аяктагандан кийин экиден ашык жолу катары менен төлөбөсө;

4) мыйзамга же келишимге ылайык баштан-аяк оңдоо милдети жалдоочуда болгон учурда, мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминде белгиленген мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт алардын келишиминде жок болсо акылга сыярлык мөөнөттө баштан-аяк оңдобосо, - жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.

Ушул Кодекстин 411-статьясындагы 2-пунктка ылайык мүлктүк жалдоо келишиминде жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун башка негиздери да белгилениши мүмкүн.

2. Жалдоого берүүчү ал милдеттенмелерди акылга сыярлык мөөнөттө аткарышынын зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүнү жибергенден кийин гана келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

 

559-статья. Жалдоочунун талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда

бузуу

 

Жалдоочунун талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишими төмөнкүдөй учурларда сот табынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

1) жалдоого берүүчү жалдоочунун пайдалануусуна мүлктү бербегенде же мүлктү келишимдин шарттарына же мүлктү багытына ылайык пайдаланууга тоскоолдук кылганда;

2) жалдоочуга берилген мүлктө аны пайдаланууга тоскоолдук кылган, келишим түзүү учурунда жалдоого берүүчү тарабынан айтылбаган, жалдоочуга мурдатан белгисиз болгон жана ал мүлктү карап чыгуу же келишим түзүүдө анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалышы мүмкүн болбогон кемчиликтер бар болсо;

3) мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же келишимге ылайык мүлктү баштан-аяк оңдоо жалдоого берүүчүнүн милдети болуп саналган учурда жалдоого берүүчү келишимде белгиленген мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт келишимде жок болсо - акылга сыярлык мөөнөттө мүлктү баштан-аяк оңдобосо;

4) жалдоочу жооп бербей турган кырдаалдардан улам мүлк пайдаланууга жараксыз абалда калса.

Ушул Кодекстин 411-статьясынын 2-пунктуна ылайык мүлктүк жалдоо келишиминде жалдоочунун талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун башка негиздери да белгилениши мүмкүн.

 

560-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин

мүлктү пайдаланууну улантуу

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, өз милдеттерин ойдогудай аткарган жалдоочу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда башка жактарга караганда жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүгө артыкчылыктуу укукка ээ.

Жалдоочу жалдоо келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин күчү аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө мындай келишимди түзүүнү каалай тургандыгы жөнүндө жалдоого берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

Жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен жалдоо келишимин түзсө, өз каалоосу боюнча жалдоочу түзүлгөн келишим боюнча укуктар менен милдеттерди өзүнө которууну жана жалдоо келишимин аны менен кайрадан жаңылоодон баш тартуудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну же мындай зыяндын ордун гана толтурууну сотто талап кылууга укуктуу.

2. Ушул Кодекстин 547-статьясындагы 3-пунктта каралган учурларды кошпогондо, эгерде жалдоочу мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагадан кийин жалдоого берүүчү тараптан каршы пикир болбостон мүлктү пайдаланууну улантса, келишим мурдагы эле шарттарда белгисиз мөөнөткө жаңыртылды деп эсептелет.

 

561-статья. Жалдоочуга мүлктү кайра кайтаруу

 

1. Мүлктүк жалдоо келишими токтогондо жалдоочу жалдоого берүүчүгө мүлктү ойдогудай урунулушун эске алуу менен өзү алгандай абалда же келишимде шартталгандай абалда кайра кайтарууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоочу жалданган мүлктү кайра кайтарбаса же аны өз учурунда кайтарбаса, жалдоого берүүчү мүлктүн пайдаланылышы үчүн мөөнөтү өткөрүлгөн бардык убакыт үчүн акы төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн акы жалдоого берүүчүгө келтирилген зыяндын ордун толтурбаса, ал анын ордун толтурууну талап кыла алат.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жалданган мүлктү өз учуранда кайра кайтарбагандыгы үчүн келишимде неустойка каралган учурда, зыяндын орду неустойкадан ашкан толук суммада толтурулууга тийиш.

 

562-статья. Жалданган мүлктүн жакшырышы

 

1. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү айрым жакшыртышы анын менчиги болуп саналат.

2. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу өз каражаттарынын эсебинен жана жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен жалданган мүлктү ага зыян келтирбестен андан ажырагыс жакшыртууларды жасаганда, жалдоочу келишим токтотулгандан кийин ушул жакшыртуулардын наркынын орду толтурулушуна укуктуу.

3. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жалданган мүлктү жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугусуз аны ажырагыс жакшыртышынын наркынын орду толтурулбайт.

4. Жалданган мүлктөн алынган амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебинен жалданган мүлктөгү ажыроочу жана ажыралгыс жакшыртуулар жалдоого берүүчүнүн менчиги болуп саналат.

 

563-статья. Жалданган мүлктү сатып алуу

 

1. Мүлктүк жалдоо келишиминде мүлктүк жалдоонун мөөнөтү аяктагандан кийин же жалдоочу келишимде шартталган бүткүл сатып алуу баасын төлөгөн шартта ушул мөөнөт аяктаганга чейин жалданган мүлк жалдоочунун менчигине өтө тургандыгы каралышы мүмкүн.

2. Эгерде келишимде жалданган мүлктү сатып алуу жөнүндө шарт каралбаса, ал тараптардын кошумча макулдашуусунда белгилениши мүмкүн, мында тараптар мүлк пайдаланылгандыгы үчүн мурда төлөнгөн акыны сатып алуу баасына кошуу жөнүндө макулдашууга укуктуу.

3. Кийинчерээк сатып алуу менен мүлктүк жалдоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурда катталууга тийиш.

4. Мыйзамда жалданган мүлктү сатып алууга тыюу салуу учурлары белгилениши мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

564-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин айрым түрлөрүнүн жана

мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоонун өзгөчөлүктөрү

 

Ушул Кодекстин төмөнкүдөй келишимдер жөнүндөгү эрежелеринде башкача белгиленбесе, мүлктүк жалдоо келишиминин айрым түрлөрүнө жана мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо (прокатка, транспорт каражаттарын арендалоого, ишканаларды арендалоого, имараттарды жана курулуштарды арендалоого, финансы арендасына) келишимине ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

 

2-§. Прокат

 

565-статья. Прокат келишими

 

1. Мүлктү туруктуу ишкерлик кылуу катарында тапшырган жалдоого берүүчү прокат келишими боюнча акысы үчүн кыймылдуу мүлктү убактылуу элик кылууга жана пайдаланууга жалдоочуга берүүгө милдеттенет.

Эгерде келишимде башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, прокат келишими боюнча берилген мүлк керектөө максатында пайдаланылат.

2. Прокат келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

3. Прокат келишими ачык келишим болуп саналат (386-статья).

 

566-статья. Прокат келишиминин мөөнөөтү

 

1. Прокат келишими бир жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.

2. Мүлктүк жалдоо келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана мүлктүк жалдоо келишимин кайрадан жаңыртууга жалдоочунун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) прокат келишимине карата колдонулбайт.

3. Эгерде прокат келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу прокат келишиминен каалаган учурда баш тартууга укуктуу.

 

567-статья. Жалдоочуга мүлктү берүү

 

Прокат келишимин түзгөн жалдоого берүүчү жалдоочунун катышуусунда жалдоого тапшырылып жаткан мүлктүн оң экендигин текшерүүгө, ошондой эле жалдоочуну мүлктү пайдалануунун эрежелери менен тааныштырууга же ага ушул мүлктү пайдалануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү нускоону берүүгө милдеттүү.

 

568-статья. Жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтерин жоюу

 

1. Жалдоочу жалдоого тапшырылган мүлктү пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тоскоолдук кылган анын кемчиликтерин тапканда, жалдоого берүүчү, эгерде прокат келишиминде кыйла кыска мөөнөт белгиленбесе, жалдоочу кемчиликтер жөнүндө билдирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө мүлктү кемчилигин жеринде акысыз жоюуга же ушул мүлктү ойдогудай абалдагы ушундай башка мүлк менен алмаштырууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери жалдоочу мүлктү пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузушунун натыйжасы болуп саналса, жалдоочу жалдоого берүүчүгө мүлктү оңдоонун жана ташуунун наркын төлөйт.

 

569-статья. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы

 

1. Прокат келишими боюнча мүлктү пайдалануу үчүн акы туруктуу суммада аныкталган мезгил-мезгили менен же бир учурда төлөнүүчү төлөм түрүндө белгиленет.

2. Жалдоочу мүлктү мөөнөтүнөн мурда кайра кайтарган учурда жалдоого берүүчү ага мүлктү пайдалангандыгы үчүн алган акынын тиешелүү бөлүгүн кайра кайтарат, ушул акы мүлк иш жүзүндө кайра кайтарылган күндүн кийинки күндөн тартып эсептелет.

3. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөө боюнча карызды жалдоочудан өндүрүп алуу нотариустун жазуусунун негизинде талашсыз тартипте жүргүзүлөт.

 

570-статья. Жалданган мүлктү пайдалануу

 

1. Прокат келишими боюнча жалдоого тапшырылган мүлктү баштан-аяк жана учурдагы оңдоо жалдоого берүүчүнүн милдети болуп саналат.

2. Прокат келишими боюнча жалдоочуга берилген мүлктү кошумча жалдоого берүүгө, жалдоочу прокат келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка беришине, жалдоочунун укуктарын күрөөгө коюуга жана аларды мүлктүк салым катары чарбалык шериктештиктерге жана коомдорго, пайлык взнос катары өндүрүштүк кооперативдерге кошууга жол берилбейт.

 

3-§. Транспорт каражаттарын арендалоо

 

1. Башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу

боюнча кызматтарды көрсөтүү менен

транспорт каражаттарын арендалоо

 

571-статья. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишими

 

1. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо (убакытка жалдоо) келишими боюнча арендага берүүчү арендаторго транспорт каражатын акы үчүн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө жана аны башкаруу боюнча жана аны техникалык жактан пайдалануу боюнча кызматтарды өз күчү менен көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Аренда келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана аренда келишимин жаңы мөөнөткө кайрадан жаңыртууга арендатордун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишимине карата колдонулбайт.

 

572-статья. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминин

формасы

 

Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишими мөөнөтүнө карабастан жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Мындай келишимге ушул Кодекстин 545-статьясындагы 4-пунктта каралган аренда келишимин каттоо жөнүндө эрежелер колдонулбайт.

 

573-статья. Транспорт каражатын күтүү боюнча арендага берүүчүнүн

милдети

 

Арендага берүүчү келишим күчүндө болгон бүткүл мөөнөттүн ичинде арендага берилген транспорт каражатын ойдогудай абалда кармоого, анын ичинде учурдагы жана баштан-аяк оңдоону жүргүзүүгө жана зарыл тетиктерди берүүгө милдеттүү.

 

574-статья. Транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан

пайдалануу боюнча арендага берүүчүнүн милдети

 

1. Транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча арендага берүүчүнүн арендаторго көсөткөн кызматтары келишимде көрсөтүлгөн аренда максаттарына ылайык анын ойдогудай жана коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде арендаторго көрсөтүлүүчү кыйла кеңири чөйрөдөгү кызматтар каралышы мүмкүн.

2. Транспорт каражатынын экипажынын курамы жана анын квалификациясы тараптар үчүн милдеттүү болуп саналган келишим эрежелерине жана шарттарына жооп берүүгө, ал эми тараптар үчүн милдеттүү болуп мындай талаптар белгиленбесе, мындай түрдөгү транспорт каражатын пайдалануунун демейки практикасынын талаптарына жана келишимдин шарттарына жооп берүүгө тийиш.

3. Экипаждын мүчөлөрү арендага берүүчүнүн кызматкери болуп саналат. Алар башкарууга жана техникалык жактан пайдаланууга тиешелүү арендага берүүчүнүн буйруктарына жана транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдаланууга тиешелүү арендатордун буйруктарына баш иет.

4. Эгерде аренда келишиминде башкача каралбаса, экипаждын мүчөлөрүнүн кызматына акы төлөө боюнча чыгымдарды, ошондой эле аларды күтүүгө чыгымдарды арендага берүүчү көтөрөт.

 

575-статья. Транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдалануу

менен байланышкан чыгымдарга акы төлөө боюнча

арендатордун милдети

 

Эгерде экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдалануу менен байланышкан чыгымдарды, анын ичинде пайдалануу процессинде отунга жана чыгымдалуучу башка материалдарга төлөөгө жана жыйымдарга төлөөгө чыгымдарды көтөрөт.

 

576-статья. Транспорт каражатын камсыздандыруу

 

Эгерде экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, транспорт каражатын камсыздандыруу жана ага же аны пайдаланууга байланыштуу келтирилиши мүмкүн болгон зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу милдети мындай камсыздандыруу мыйзамдан же келишимден улам милдеттүү болуп саналган учурларда арендага берүүчүгө жүктөлөт.

 

577-статья. Транспорт каражатын пайдалануу жөнүндө үчүнчү жактар

менен келишимдер

 

1. Эгерде экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендага берүүчүнүн макулдугусуз эле транспорт каражатын субарендага берүүгө укуктуу.

2. Эгерде арендатор арендаланган транспорт каражатын коммерциялык пайдалануу жагынан арендега берүүчүнүн макулдугусуз өзүнүн атынан үчүнчү жактар менен ташууларга келишим жана башка келишим түзүшү аренда келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражатын пайдалануу максаттарына карама-каршы келбесе, ал эми мындай максаттар транспорт каражатынын эмнеге арналгандыгында белгиленбесе, арендатор жогоркудай клишимдерди түзүүгө укуктуу.

 

578-статья. Транспорт каражатына келтирилген зыян үчүн

жоопкерчилик

 

Арендаланган транспорт каражаты иштен чыккан же бузулган учурда, эгерде арендага берүүчү транспорт каражатынын иштен чыгышы же бузулушу мыйзамга же аренда келишимине ылайык арендатор жооп бере турган кырдаалдардан улам келип чыккандыгын далилдесе, арендатор келтирилген зыяндын ордун арендага берүүчүгө толтурууга милдеттүү.

 

579-статья. Транспорт каражаты тарабынан келтирилген зыян үчүн

жоопкерчилик

 

Арендаланган транспорт каражаты, анын механизмдери, түзүлүштөрү, жабдуулары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекстин 51-главасында каралган эрежелерге ылайык арендага берүүчү тартат. Эгерде ал мындай зыян арендатордун айынан келип чыккандыгын далилдесе, үчүнчү жактарга төлөнгөн суммалардын ордун толтуруу жөнүндө кайра кайтаруу талабын арендаторго коюуга укуктуу.

 

580-статья. Транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун

өзгөчөлүктөрү

 

Ушул параграфта каралгандардан тышкары, транспорт уставдарында жана кодекстеринде башкаруу жана техникалык пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүү жагынан транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

2. Башкаруу жана техникалык

пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн

транспорт каражаттарын арендалоо

 

581-статья. Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими

 

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими боюнча арендага берүүчү арендаторго акы үчүн транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет.

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана жаңы мөөнөткө аренда келишимин түзүүгө арендатордун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишимине карата колдонулбайт.

 

582-статья. Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишиминин

формасы

 

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

 

583-статья. Транспорт каражатын күтүү боюнча арендатордун милдети

 

Арендатор транспорт каражатын арендалоо келишиминин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде арендаланган транспорт каражатын ойдогудай абалда кармоого, анын ичинде учурдагы жана баштан-аяк оңдоону жүргүзүүгө милдеттүү.

 

584-статья. Транспорт каражатын башкаруу жана аны техникалык

жактан пайдалануу боюнча арендатордун милдеттери

 

Арендатор арендаланган транспорт каражатын өз күчү менен башкарат, ошондой эле аны коммерциялык жана техникалык жактан пайдаланат.

 

585-статья. Транспорт каражатын күтүүгө кеткен чыгымдын акысын

төлөө боюнча арендатордун милдети

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, арендатор арендаланган транспорт каражатын күтүүгө, аны камсыздандырууга, анын ичинде өз жоопкерчилигин камсыздандырууга чыгымдарды, ошондой эле аны пайдаланууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрөт.

 

586-статья. Транспорт каражатын пайдалануу жөнүндө үчүнчү

жактардын келишимдери

 

1. Эгерде экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендага берүүчүнүн макулдугусуз арендаланган транспорт каражатын экипажы бар же экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишиминин шарттарында субарендага тапшырууга укуктуу.

2. Эгерде арендатор арендага берүүчүнүн макулдугусуз өз атынан үчүнчү жактар менен ташуу келишимдерин жана башка келишимдерди түзүшү аренда келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдалануу максаттарына карама каршы келбесе, ал эми мындай максаттар транспорт каражатынын эмнеге пайдаланылышында белгиленбесе, арендатор жогоркудай келишимдерди түзүүгө укуктуу.

 

587-статья. Транспорт каражаты тарабынан келтирилген зыян үчүн

жоопкерчилик

 

Транспорт каражаты, анын механизмдери, түзүлүштөрү, жабдуулары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекстин 51-главасында каралган эрежелерге ылайык арендатор тартат.

 

588-статья. Транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун

өзгөчөлүктөрү

 

Ушул параграфта каралгандардан тышкары, транспорт уставдарында жана кодекстеринде башкаруу жана техникалык пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

4-§. Имараттарды жана курулуштарды арендалоо

 

589-статья. Имаратты же курулушту арендалоо келишими

 

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишими боюнча арендага берүүчү акы төлөгөндүгү үчүн арендаторго имаратты же курулушту убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет.

2. Эгерде ушул Кодекстин ишкананы арендалоо жөнүндө эрежелеринде башкача каралбаса, ишканаларды арендалоого ушул параграфтын эрежелери колдонулат.

 

590-статья. Имаратты же курулушту арендалоо келишиминин формасы

жана аны мамлекеттик каттоо

 

Имаратты же курулушту арендалоо келишими тараптар кол койгон бир документти түзүү жолу менен (395-статьянын 2-пункту) жазуу жүзүндө түзүлөт, ал нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Имаратты же курулушту арендалоо келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болушуна алып келет.

 

591-статья. Жер участогунда турган имаратты же курулушту

арендалоодо жер участкасына укук

 

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишими боюнча мындай кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу укуктарын берүү менен бир эле учурда ушул кыймылсыз мүлк ээлеген жана аны пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бөлүгүнө укук берилет.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, арендага тапшырылып жаткан имарат же курулуш ээлеген же аны максатына ылайык пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бөлүгүн пайдалануу укугу арендаторго берилет.

3. Эгерде менчик укугунда арендага берүүчүгө таандык болбогон жер участкасындагы имаратты же курулушту ушул участоктун менчик ээсинин макулдугусуз арендалоо мындай участокту пайдалануунун мыйзамда белгилеген шарттарына карама-каршы келбесе, ага жол берилет.

 

592-статья. Аренда акысынын өлчөмү

 

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишиминде аренда акысынын өлчөмү каралууга тийиш. Аренда акысынын өлчөмү жөнүндө тараптар макулдашкан жазуу жүзүндөгү шарттар жок болгон учурда имаратты же курулушту арендалоо келишими түзүлгөн жок деп эсептелет.

Мында ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктта каралган бааны аныктоо эрежелери колдонулбайт.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имаратты же курулушту арендалоо келишиминде имаратты же курулушту пайдалангандыгы үчүн белгиленген акы ал жайгашкан жер участкасын же аны менен бирге берилүүчү тиешелүү участоктун бөлүгүн пайдалангандыгы үчүн акыны камтыйт.

3. Имаратты же курулушту арендалоо үчүн акы келишимде имараттын (курулуштун) аянт бирдигине же анын өлчөмүнүн башка көрсөткүчүнө белгиленген учурда, аренда акысы арендаторго берилген имаратын же курулуштун иш жүзүндөгү өлчөмүнө таянуу менен аныкталат.

 

593-статья. Имаратты же курулушту өткөрүп берүү

 

1. Арендага берүүчү имаратты же курулушту өткөрүп бериши жана аны арендатор кабыл алышы өткөрүп берүү актысы боюнча же тараптар кол кое турган берүү жөнүндөгү башка документ боюнча жүзөгө ашырылат.

Эгерде мыйзамда же имаратты же курулушту арендалоо келишиминде башкача каралбаса, имаратты же курулушту өткөрүп берүүгө арендага берүүчүнүн милдеттенмеси аны арендатордун ээлигине же пайдалануусуна бергенден жана өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү документке тараптар кол койгондон кийин аткарылды деп эсептелет.

Тараптардын бири келишимде каралган шарттарда имаратты же курулушту өткөрүп берүү жөнүндөгү документке кол коюудан баш тартышы тиешелүү түрдө арендага берүүчү мүлктү өткөрүп берүү боюнча милдетти аткаруудан, ал эми арендатор мүлктү кабыл алуудан баш тарткандыгы катары каралат.

2. Эгерде имаратты же курулушту арендалоо келишиминде башкача каралбаса, имаратты же курулушту өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын же берүү жөнүндө башка документти түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу арендага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Имаратты же курулушту арендалоо келишими токтотулганда арендаланган имарат же курулуш ушул статьянын 1-пунктунда каралган эрежелерди сактоо менен арендага берүүчүгө кайтарылууга тийиш.

 

5-§. Ишканаларды арендалоо

 

594-статья. Ишкананы арендалоо келишими

 

1. Ишкерликти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс катары бүтүндөй алганда ишкананы арендалоо келишими боюнча, арендага берүүчү арендаторго акы төлөтүү менен жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана ишкананын курамына кирген башка негизги каражаттарды убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө, чийки зат запастарын, отунду, материалдарды жана башка жүгүртүү каражаттарын: жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын, имараттарды, курулуштарды жана жабдууларды пайдалануу укугун, ишкана менен байланышкан башка мүлктүк укуктарды, ишкананын ишин өзгөчөлөп турган белгилерге укукту жана башка өзгөчө укуктарды келишимде аныкталган тартипте, шартта жана өлчөмдө берүүгө, ошондой эле талап коюу укугун ага берүүгө жана ишканага тиешелүү карыздарды ага которууга милдеттенет, буга арендага берүүчү башка жактарга берүүгө укуксуз болгон укуктар менен милдеттер кирбейт.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, арендага берүүчү тиешелүү ишти аткарууга уруксаттын (лицензиянын) негизинде алган анын укуктары арендаторго берилбейт. Арендатордо мындай уруксат (лицензия) жок туруп арендатор аткара албаган милдеттенмелерди келишим боюнча берилүүчү ишкананын курамына кошуу арендага берүүчүнү кредиторлорго карата тиешелүү милдеттенмелерден бошотпойт.

 

595-статья. Ишкананы арендалоодо кредиторлордун укуктары

 

1. Ишкананын курамына кирген милдеттенмелер боюнча кредиторлор ал арендаторго берилгенге чейин ишкана арендага берилгендиги жөнүндө арендага берүүчү тарабынан маалымдар болууга тийиш.

2. Ишкана арендага берилгендиги жөнүндө маалымдар болгон күндөн тартып бир айдын ичинде кредитор арендага берүүчүдөн тиешелүү милдеттенмелерди токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө ушул талаптардын кайсы-бирлери коюлбаса, тиешелүү карыздарды арендаторго которууга кредитор макулдугун берди деп табылат.

3. Арендага берүүчүдөн анын милдеттенмелерин токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылган кредиторлор менен эсептешүү аяктагандан кийин гана ишкана арендаторго берилиши мүмкүн.

4. Ишкананы арендага берүү жөнүндө ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте маалымдалбаган кредитор ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптарды канааттандыруу жөнүндө, ошондой эле арендага берүүчү ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун аткарбай коюшунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доону ишкана арендага берилиши жөнүндө ал билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде кое алат.

5. Ишкананын кызматкерлери жагынан укуктар менен милдеттер юридикалык жак жоюлган учурда мындай укуктар менен милдеттер өтүшү үчүн эмгек жөнүндөгү мыйзамда каралган тартипте арендага берүүчүдөн арендаторго өтөт.

 

596-статья. Ишкананы арендалоо келишиминин формасы жана аны

мамлекеттик каттоо

 

1. Ишкананы арендалоо келишими тараптар кол койгон бир документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Ишкананы арендалоо келишими нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мындайча катталган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Ишкананы арендалоо келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болушуна алып келет.

 

597-статья. Арендаланган ишкананы өткөрүп берүү

 

Ишкана арендаторго өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берилет.

Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, ишкананы өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу арендага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

598-статья. Ишкананы күтүү жана аны пайдалануу жагынан чыгымдарга

акы төлөө боюнча арендатордун милдеттери

 

1. Ишкананын арендатору ишкананы арендалоо келишими күчүндө болгон бүткүл мөөнөттүн ичинде ишкананы ойдогудай техникалык абалда кармоого, анын ичинде учурдагы жана баштан-аяк оңдоону жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, арендаланган ишкананы пайдалануу менен, ошондой эле арендаланган мүлктү камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү төлөө менен байланышкан чыгымдар арендаторго жүктөлөт.

 

599-статья. Арендаланган ишкананын мүлкүн пайдалануу

 

1. Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендаланган ишкананын мүлкүнүн курамына кирген материалдык байлыктарды арендага берүүчүнүн макулдугусуз сатууга, алмашууга, убактылуу пайдаланууга же карызга берүүгө, аларды субарендага тапшырууга жана мындай байлыктарды башка жакка берүү жагынан аренда келишими боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттерин бериши ишкананын наркынын төмөндөшүнө жана ишкананы арендалоо келишиминин башка жоболору бузулушуна алып келбесе, аларды берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн тартип жерге жана башка жаратылыш ресурстарына карата, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда колдонулбайт.

2. Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендаланган ишкананын мүлкүнүн курамына анын наркын жогорулата турган өзгөртүүлөрдү арендага берүүчүнүн макулдугусуз эле киргизүүгө, аны реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык жактан кайра жабдууга укуктуу.

 

600-статья. Арендатор арендаланган ишканага жакшыртууларды

киргизиши

 

Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, ишкананын арендатору арендаланган мүлктүн ажыралгыс жакшыртууларына арендага берүүчүнүн уруксатына карабастан мындай жакшыртуунун наркы өзүнө кайра кайтарылышына укуктуу.

Эгерде арендага берүүчү ушул жакшыртууларга арендатордун короткон чыгымдары арендаланган мүлктүн наркынан анын сапатын жана пайдалануу касиеттерин жакшыртуудан өлчөмсүз түрдө ашкандыгын жана мындай жакшыртууларды жүзөгө ашырууда ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк принциптери бузулгандыгын далилдесе, ал мындай жакшыртуулардын наркын арендаторго кайтаруу милдетинен сот тарабынан бошотулушу мүмкүн.

 

601-статья. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын натыйжалары жөнүндө,

келишимди өзгөртүү жана бузуу жөнүндө эрежелердин

ишкананы арендалоо келишимине карата колдонулушу

 

Эгерде келишим боюнча бир же эки тараптан тең алынгандарды натуралай кайра кайтарууну же өндүрүүнү караган бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын натыйжасы, келишимди бузуу жана өзгөртүү кредиторлордун, арендага берүүчүнүн жана арендатордун, башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын олуттуу бузбаса жана коомдук таламдарга карама-каршы келбесе, ушул Кодекстин мындай натыйжалар жөнүндөгү эрежелери ишкананы арендалоо келишимине карата колдонулат.

 

602-статья. Арендаланган ишкананы кайра кайтаруу

 

Ишкананы арендалоо келишими токтотулган учурда арендаланган мүлк комплекси ушул Кодекстин 594- жана 596-статьяларынын эрежелерин сактоо менен арендага берүүчүгө кайра кайтарылууга тийиш. Эгерде келишимде башкача каралбаса, арендага берүүчүгө ишкананы өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын түзүү мында арендатордун милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

6-§. Финансы арендасы (лизинг)

 

603-статья. Финансы арендасынын келишими

 

Финансы арендасынын келишими (лизинг келишими) боюнча арендага берүүчү арендатор белгилеген сатуучудан ал көрсөткөн мүлктү менчикке сатып алууга жана ушул мүлктү төлөгөн акысы үчүн арендаторго ишкерлик максатка убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет. Мында арендага берүүчү аренда предметин жана сатуучуну тандоо үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Финансы арендасынын келишиминде сатуучуну жана сатып алынган мүлктү арендага берүүчү тандай тургандыгы каралышы мүмкүн.

Финансы арендасынын (лизингисинин) айрым белгилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгилениши мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

604-статья. Финансылык ижара келишиминин предмети

 

1. Ишкердик үчүн пайдаланылуучу бардык керектелбеген буюмдар, анын ичинде ишкана жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк финансылык ижара келишиминин предмети болушу мүмкүн.

2. Жер участокторунан, ошондой эле эркин жүгүртүү үчүн мыйзамдар менен тыюу салынган же ал үчүн жүгүртүүнүн өзгөчө тартиби белгиленген мүлктөн тышкары, жаратылыш объекттери лизингдин предмети болушу мүмкүн эмес.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

605-статья. Мүлктү арендага тапшыруу жөнүндө сатуучуга билдирүү

 

Арендага берүүчү арендатор үчүн мүлктү сатып алуу менен мүлк белгилүү жакка арендага берүүгө арналгандыгы жөнүндө сатуучуга билдирүүгө тийиш.

 

606-статья. Финансы арендасынын келишиминин предметин арендаторго

берүү

 

1. Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, сатуучу өзү турган жерде ушул келишимдин предмети болуп саналган мүлктү түздөн-түз арендаторго берет.

2. Финансы арендасынын келишиминин предмети болуп саналган мүлк ушул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө арендаторго берилбесе, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, эгерде арендага берүүчү жооп бере турган кырдаалдардан улам мөөнөтү өтүп кетсе, акылга сыярлык мөөнөттө арендатор келишимди бузууну жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

607-статья. Мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги арендаторго өтүшү

 

Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги арендаланган мүлк арендаторго берилген учурдан тартып ага өтөт.

 

608-статья. Сатуучунун жоопкерчилиги

 

1. Арендатор финансы арендасынын келишиминин предмети болуп саналган мүлктү сатуучуга сатуучу менен арендага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн соода-сатык келишиминен, атап айтканда, мүлктүн сапаты жана комплекти, аны берүү мөөнөтү жагынан жана сатуучу келишимди ойдогудай аткарбаган башка учурларда келип чыккан талаптарды түздөн-түз коюуга укуктуу. Мында арендатор ушул Кодексте сатуучу үчүн каралган укуктарга ээ жана милдеттүү, буга ал көрсөтүлгөн мүлктүн соода-сатык келишиминин тарабы болгондо алынган мүлккө акы төлөө милдети кирбейт. Бирок арендатор арендага берүүчүнүн макулдугу болмоюнча сатуучу менен соода-сатык келишимин буза албайт.

Сатуучу менен мамилелерде арендатор жана арендага берүүчү шериктеш кредитор болушат (312-статья).

2. Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, арендага берүүчү соода-сатык келишиминен келип чыккан талаптарды сатуучу аткарышы үчүн арендатордун алдында жооп бербейт, буга сатуучуну тандоо жоопкерчилиги арендага берүүчүгө жүктөлгөн учур кирбейт. Мындай учурда арендатор соода-сатык келишиминен келип чыккан талаптарды өз каалоосу боюнча түздөн-түз мүлк сатуучуга, ошондой эле арендага берүүчүгө коюуга укуктуу, ушулар бирдей жоопкерчилик тартат.

 

28-Глава
Турак-жайды жалдоо

 

609-статья. Турак-жайды жалдоо келишими

 

1. Турак-жайды жалдоо келишими боюнча турак-жайдын менчик ээси же ал дайындаган башкарууга укуктуу жак (жалдоого берүүчү) төлөнгөн акы үчүн турак-жайды граждандын (жалдоочуга) же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ээлигине жана пайдалануусуна берүүгө милдеттенет.

2. Турак-жайды жалдоо келишими боюнча мамилелер Турак-жай кодекси менен жөнгө салынат.

 

29-Глава
Акысыз пайдалануу (ссуда)

 

610-статья. Акысыз пайдалануу келишими

 

1. Акысыз пайдалануу келишими (ссуда келишими) боюнча ссуда берүүчү ссуда алуучуга буюмду убактылуу акысыз берүүгө милдеттенет же берет, ал эми ссуда алуучу ал буюмдун ойдогудай иштетилишин эске алуу менен аны кандай абалда алса дал ошондой абалда же келишимде шартталган абалда кайра кайтарууга милдеттенет.

2. Ссуда берүүчү буюмду аны акысыз пайдалануу келишиминин шарттарына ылайык абалда жана анын максатына ылайык берүүгө милдеттенет.

3. Акысыз пайдалануу келишимине карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 543-статьясында, 547-статьясынын 1- жана 2-пункттарында, 548-статьянын 2-пунктунда, 552-статьяда, 560-статьянын 2-пунктунда, 562-статьясынын 1- жана 3-пункттарында каралган эрежелер колдонулат.

 

611-статья. Ссуда берүүчү

 

1. Буюмду акысыз пайдаланууга берүү укугу анын менчик ээсине жана ага мыйзам же менчик ээси тарабынан башкаруу укугу берилген башка жакка таандык.

2. Коммерциялык уюм анын уюштуруучусу, катышуучусу, акционери, жетекчиси, анын башкаруу же контролдоо органдарынын мүчөсү болуп саналган жакка буюмду акысыз пайдаланууга берүүгө укуксуз.

 

612-статья. Буюмду акысыз пайдаланууга берүүнүн натыйжасы

 

Эгерде ссуда берүүчү ссуда алуучуга буюмду бербесе, ссуда алуучу акысыз берүү келишимин бузууну жана ал тарткан реалдуу зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

613-статья. Акысыз пайдаланууга берилген буюмдун кемчиликтери үчүн

жоопкерчилик

 

1. Ссуда берүүчү акысыз пайдалануу келишимин түзүүдө атайылап же ашкере байкабастыктан айтпай койгон буюмдун кемчиликтери үчүн жооп берет.

Мындай кемчиликтерди тапканда ссуда алуучу өз каалоосу боюнча ссуда берүүчүдөн буюмдун кемчиликтерин акысыз жоюуну же ссуда берүүчү буюмдун кемчиликтерин жоюуга өз ниети жөнүндө билдирген учурда, буюмдун кемчиликтерин жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга, же келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну жана өзү тарткан реалдуу чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Ссуда алуучунун талаптары жөнүндө же буюмдун кемчиликтерин ссуда берүүчүнүн эсебинен жоюуга анын ниети жөнүндө маалымдар болгон ссуда берүүчү тез арада бузук буюмду ойдогудай абалдагы ошондой башка буюм менен алмаштыра алат.

3. Келишим түзүүдө ссуда берүүчү айткан же ссуда алуучуга мурдатан белгилүү болгон же келишим түзүүдө же буюмду өткөрүп берүүдө буюмду карап чыгуу же анын оң экендиги текшерүү учурунда ссуда алуучу көрүүгө тийиш болгон буюмдун кемчиликтери үчүн ссуда берүүчү жооп бербейт.

 

614-статья. Акысыз пайдаланууга берилүүчү буюмга үчүнчү жактардын

укуктары

 

1. Буюмду акысыз пайдаланууга берүү үчүнчү жактардын ушул буюмга укуктарынын өзгөрүшү же токтотулушу үчүн негиз болуп саналбайт.

2. Акысыз пайдалануу келишимин түзүүдө ссуда берүүчү ушул буюмга үчүнчү жактардын бардык укуктары (сервитут, күрөө укугу ж.б.) жөнүндө ссуда алуучуга эскертүүгө милдеттүү. Ушул милдеттин аткарылбай калышы ссуда алуучуга келишимди бузууну жана тарткан зыяндын ордун толтурууну талап кылуу укугун берет.

 

615-статья. Буюмду күтүү боюнча ссуда алуучунун милдеттери

 

Ссуда алуучу акысыз пайдаланууга алган буюмду оң абалда кармоого милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу буюмду учурдагы жана баштан-аяк оңдоолорду жүргүзүүгө жана аны күтүү боюнча бардык чыгымдарды көтөрүүгө милдеттүү.

 

616-статья. Буюмдун капысынан иштен чыгышынын же капысынан

бузулушунун тобокелдиги

 

Эгерде ссуда алуучу буюмду келишимге же багытына ылайыксыз пайдаланышына же ссуда берүүчүнүн макулдугусуз аны үчүнчү жакка беришине байланыштуу буюм иштен чыкса же бузулса, акысыз пайдаланууга алган буюмдун капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин ссуда алуучу тартат.

Эгерде ссуда алуучу иш жүзүндөгү кырдаалды эске алып буюмдун иштен чыгышын же бузулушун өз буюмунан кечүү менен четтете ала турган болсо, бирок өз буюмун сактап калууну артык көрсө, ал буюмдун капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин да тартат.

 

617-статья. Буюмду үчүнчү жак пайдаланышынан келтирилген зыян үчүн

жоопкерчилик

 

Эгерде ссуда алуучу буюмду пайдалануунун натыйжасында үчүнчү жакка келтирилген зыян ссуда алуучунун же ушул буюм ссуда берүүчүнүн макулдугу менен колунда болгон жактын жаман оюнан же ашкере энөөлүгүнөн улам келип чыккандыгын, же эгерде зыян ссуда алуучунун карамагынан чыккан буюмду ссуда берүүчүнүн макулдугусуз пайдалануудан улам келтирилгендигин далилдебесе, мындай зыян үчүн ссуда берүүчү жооп берет.

 

618-статья. Акысыз пайдаланууга алынган буюмду үчүнчү жакка берүү

 

Ссуда алуучу акысыз пайдаланууга алынган буюмду ссуда берүүчүгө карата жооптуу болуп калуу менен, анын макулдугу боюнча гана үчүнчү жактын пайдалануусуна берүүгө укуктуу.

 

619-статья. Акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу

 

1. Эгерде ссуда алуучу:

1) буюмду келишимге же буюмдун арналышына ылайык пайдаланбаса;

2) буюмду оң абалда кармоо же аны күтүү боюнча милдеттерди аткарбаса;

3) буюмдун абалын олуттуу начарлатса;

4) буюмду ссуда берүүчүнүн макулдугусуз үчүнчү жакка берсе,

- ссуда берүүчү акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

2. Ссуда алуучу төмөнкүдөй учурларда акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу:

1) буюмду ойдогудай пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербеген же зыяндуу болгон кемчиликтери бар экендигин келишим түзүп жаткан учурда билбесе же билиши мүмкүн болбосо, ушул кемчиликтерди тапканда;

2) эгерде ал жооп бербей турган кырдаалдардан улам буюм пайдаланууга жараксыз абалга келсе;

3) эгерде келишим түзүү учурунда ссуда берүүчү берилип жаткан буюмга үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө эскертпесе.

 

620-статья. Акысыз пайдалануу келишиминен баш тартуу

 

1. Тараптардын ар бири мөөнөтү көрсөтүлбөстөн түзүлгөн акысыз пайдалануу келишиминен ар кандай убакта баш тартууга укуктуу, мында эгерде келишимде экинчи тарапка ушул жөнүндө кабарлоонун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө, бир ай мурда кабарландырат.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлгөн акысыз пайдалануу келишиминен ар кандай убакта ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте баш тартууга укуктуу.

 

621-статья. Акысыз пайдалануу келишиминде тараптын өзгөрүшү

 

1. Ссуда берүүчү буюмду оолактатууга жана аны үчүнчү жактын акысыз пайдалануусуна берүүгө укуктуу. Мында жаңы менчиктөөчүгө же пайдалануучуга мурда түзүлгөн акысыз пайдалануу келишими боюнча укукта өтөт, ал эми буюмга карата анын укуктарына ссуда алуучунун укуктары кошулат.

2. Ссуда алуучу граждандын көзү өткөндө же ссуда алуучу юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда акысыз пайдалануу келишими боюнча алардын укуктары менен милдеттери мураскоруна (укугун мурастоочуга) же менчик укугу же буюмду акысыз пайдаланышына берген башка укук өткөн башка жакка өтөт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда акысыз пайдалануу келишими боюнча анын укуктары менен милдеттери укугун мурастоочуга өтөт.

 

622-статья. Акысыз пайдалануу келишимин токтотуу

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу граждандын көзү өткөндө же ссуда алуучу юридикалык жак жоюлганда акысыз пайдалануу келишими токтотулат.

 

30-Глава
Подряд

 

1-§. Подряд жөнүндө жалпы жоболор

 

623-статья. Подряд келишими

 

1. Подряд келишими боюнча тараптардын бири (подрядчы) экинчи тараптын (буюртмачынын) тапшырмасы боюнча айрым ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буюртмачыга тапшырууга, ал эми буюртмачы иштин натыйжасын кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттенет. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, иш подрядчынын тобокелдиги менен аткарылат.

2. Эгерде ушул Кодекстин келишимдин башка түрлөрү жөнүндөгү эрежелеринде башкача белгиленбесе, подряд келишиминин айрым түрлөрүнө (турмуш-тиричилик подряды, курулуш подряды, долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд) карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

 

624-статья. Подряд келишими боюнча аткарылуучу иштер

 

1. Подряд келишими буюртмачыга иштин натыйжасын өткөрүп берүү же башкача түрдө тапшыруу менен буюмду даярдоого же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) же башка ишти аткарууга түзүлөт.

2. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, буюртмачынын тапшырмасын аткаруу ыкмасын подрядчы өз алдынча аныктайт.

 

625-статья. Ишти подрядчынын эсебинен аткаруу

 

1. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, иштер подрядчынын эсебинен - анын материалдары, анын күчү жана каражаты менен аткарылат.

2. Подрядчы өзү берген сапаты начар материалдар жана жабдуулар үчүн, ошондой эле үчүнчү жактардын укугу бар болгон материалдар менен жабдууларды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

 

626-статья. Тобокелдикти тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

 

1. Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же подряд келишиминде башкача каралбаса:

буюмду кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген материалдардын, жабдуулардын же мүлк келишимин аткаруу үчүн пайдаланылган башка мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин аларды берген тарап тартат;

аткарылган иштин натыйжасын кабыл алганга чейин ал капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин подрядчы тартат.

2. Иштин натыйжасын өткөрүп берүү же кабыл алуу мөөнөтү өтүп кетсе, ушул статьянын 1-пунктунда каралган тобокелдиктерди мөөнөттүн өтүшүнө жол берген тарап тартат.

 

627-статья. Башкы подрядчы жана субподрядчы

 

1. Эгерде мыйзамдан же подряд келишиминен подрядчы келишимде каралган ишти жеке аткарууга милдети келип чыкпаса, подрядчы өз милдеттеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыны) тартууга укуктуу. Мындай учурда подрядчы башкы подрядчынын ролунда болот.

2. Башкы подрядчы ушул Кодекстин 303-статьясындагы 1-пункттун жана 367-статьянын эрежелерине ылайык субподрядчы милдеттерди аткарбай коюшунун же ойдогудай аткарбай коюшунун натыйжасы үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик, ал эми буюртмачы подряд келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбай койгондугу же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн субподрядчынын алдында жоопкерчилик тартат.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, буюртмачы менен субподрядчынын ар бири башкы подрядчы менен түзгөн подряд келишиминин бузулушу менен байланышкан талаптарды бири-бирине коюуга укуксуз.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун эрежелерин же келишимди бузуу менен подряд келишимин аткарууга субподрядчыны тарткан подрядчы келишимди аткарууга субподрядчынын катышуусу менен келтирилген зыян үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

4. Башкы подрядчынын макулдугу менен буюртмачы айрым иштерди аткарууга башка жактар менен келишим түзүүгө укуктуу. Мындай учурда көрсөтүлгөн жактар иштин аткарылбай калышы же ойдогудай эмес аткарылышы үчүн түздөн-түз буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартышат.

 

628-статья. Ишти аткарууга бир нече жактардын катышуусу

 

1. Эгерде подрядчы тарапта бир эле учурда эки же андан көп жактар болсо, милдеттенме предмети бөлүнбөгөн учурда алар буюртмачыга карата бирдей карызкор жана тиешелүү түрдө бирдей кредитор деп табылат.

2. Милдеттенме предмети бөлүнө турган, ошондой эле мыйзамда же келишимде каралган башка учурларда ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын ар бири буюртмачыга карата өз үлүшүнүн чектеринде укуктарга ээ болот жана милдеттерди тартат.

 

629-статья. Ишти аткаруу мөөнөтү

 

1. Подряд келишиминде ишти аткаруунун баштапкы жана акыркы мөөнөтү көрсөтүлөт. Тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча келишимде ошондой эле иштин айрым этаптарын аяктоо мөөнөтү (аралык мөөнөт) каралышы мүмкүн.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, подрядчы ишти аткаруунун баштапкы жана акыркы мөөнөтү, ошондой эле аралык мөөнөтү бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Подряд келишиминде көрсөтүлгөн ишти аткаруунун баштапкы, акыркы жана аралык мөөнөттөрү келишимде каралган учурларда жана тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Ушул Кодекстин 368-статьясындагы 2-пунктта көрсөтүлгөн аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн натыйжасы ишти аткаруунун акыркы мөөнөтү бузулганда келип чыгат.

 

630-статья. Иштин баасы

 

1. Подряд келишиминде аткарылуучу иштин баасы жана аны аныктоо ыкмасы аныкталат. Келишимде мындай көрсөтмө жок болгон учурда баа ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктка ылайык аныкталат.

2. Подряд келишиминдеги баа подрядчынын короткон чыгымдарын компенсациялоону жана ага таандык болгон сыйлык акыны камтыйт.

3. Иштин баасы сметаны түзүү жолу менен аныкталышы мүмкүн.

Иш подрядчы түзгөн сметага ылайык аткарылган учурда сметаны буюртмачы бекиткен учурдан тартып ал күчүнө кирет жана подряд келишиминин бир бөлүгү болуп калат.

4. Иштин баасы (смета) болжолдуу же так болушу мүмкүн. Подряд келишиминде башка көрсөткүчтөр жок болсо, иштин баасы так деп эсептелет.

5. Эгерде кошумча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы жана ушул себептен улам болжолдуу аныкталган бааны кыйла жогорулатуу зарылчылыгы келип чыкса, подрядчы ушул жөнүндө буюртмачыга өз учурунда эскертүүгө милдеттүү. Подряд келишиминде көрсөтүлгөн иштин баасын жогорулатууга макул болбогон буюртмачы келишимден баш тартууга укуктуу. Мындай учурда подрядчы иштин аткарылган бөлүгү үчүн бааны өзүнө төлөп берүүнү буюртмачыдан талап кыла алат.

Келишимде көрсөтүлгөн иштин баасын жогорулатуу жөнүндө буюртмачыга өз учурунда эскерткен подрядчы келишимде аныкталган баа боюнча ишке акы төлөнүшүнө укукту сактоо менен келишимди аткарууга милдеттүү.

6. Эгерде келишим түзүү учурунда аткарылууга тийиш болгон иштин толук көлөмүн же ушул үчүн зарыл чыгымдарды болжолдоо мүмкүн болбосо, подрядчы так бааны жогорулатууну, ал эми буюртмачы аны азайтууну талап кылууга укуксуз.

Подряд келишими түзүлгөндөн кийин подрядчы бере турган материалдар менен жабдуулардын, ошондой эле ага үчүнчү жактар көрсөтө турган кызматтардын наркы кыйла өсүп кетсе, подрядчы белгиленген бааны (сметаны) жогорулатууну талап кылууга, ал эми буюртмачы ушул талапты аткаруудан баш тартканда - ушул Кодекстин 412-статьясына ылайык келишимди бузууну талап кылууга укуктуу.

 

631-статья. Подрядчынын үнөмү

 

1. Эгерде подрядчы алган үнөм аткарылган иштин сапатына таасир эткендигин буюртмачы далилдей албаса, подрядчынын иш жүзүндөгү чыгымдары иштин баасын аныктоодо эске алынгандан аз болуп чыккан учурда подрядчы ишке подряд келишиминде каралган баа боюнча акы төлөтүү укугун сактап калат.

2. Подряд келишиминде подрядчы алган үнөмдү тараптардын ортосунда бөлүштүрүү каралышы мүмкүн.

 

632-статья. Ишке акы төлөө тартиби

 

1. Эгерде подряд келишиминде аткарылган ишке же анын айрым этаптарына алдын ала акы төлөө каралбаса, иш ойдогудай түрдө жана макулдашылган мөөнөттө же буюртмачынын макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда аткарылган шартта, буюртмачы подрядчыга шартталган бааны иштин натыйжасы биротоло тапшырылгандан кийин төлөөгө милдеттүү.

2. Подрядчы мыйзамда же подряд келишиминде көрсөтүлгөн учурларда жана өлчөмдө гана ага аванс же алдын ала күрөө төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.

 

633-статья. Кармап калууга подрядчынын укугу

 

Буюртмачы белгиленген бааны же подряд келишимин аткарууга байланыштуу подрядчыга тиешелүү башка сумманы төлөө милдетин аткаруудан баш тарткан учурда, подрядчы ушул Кодекстин 342-статьясына ылайык иштин натыйжасын, ошондой эле буюртмачыга тиешелүү жабдууну, кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген буюмду, пайдаланылбай калган материалды жана буюртмачынын анда калган башка мүлкүн буюртмачы тиешелүү сумманы төлөгөнгө чейин кармап калууга укуктуу.

 

634-статья. Ишти буюртмачынын материалын пайдалануу менен аткаруу

 

1. Подрядчы буюртмачы берген материалды үнөмдүү жана эсеби менен пайдаланууга, иш аяктагандан кийин буюртмачыга материалдын чыгымдалышы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле анын калганын кайра кайтарууга же порядчыда калган пайдаланылбаган материалдын наркын эске алып, буюртмачынын макулдугу менен иштин баасын төмөндөтүүгө милдеттүү.

2. Эгерде подрядчы буюртмачы берген материалдарды ойдогудай кабыл алууда ал кемчиликтерди табышы мүмкүн болбогондугун далилдебесе, подряды ушул материалдардын кемчиликтеринен улам келип чыккан иштин ойдогудай эмес аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

635-статья. Буюртмачы берген мүлктү сактай албагандыгы үчүн

подрядчынын жоопкерчилиги

 

Подряд келишимин аткарууга байланыштуу подрядчынын карамагына түшкөн, буюртмачы берген материалды, жабдууну, кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берген буюмду же башка мүлктү сактай албагандыгы үчүн подрядчы жоопкерчилик тартат.

 

636-статья. Подрядчы ишти аткарып жаткан учурда буюртмачынын

укуктары

 

1. Буюртмачы подрядчынын ишине кийлигишпестен, ал аткарган иштин жүрүшүн жана сапатын каалаган учурда текшерүүгө укуктуу.

2. Эгерде подрядчы подряд келишимин аткарууга өз учурунда киришпесе же ишти өтө жай жүргүзгөндүктөн аны мөөнөтүндө бүтүрүү таптакыр мүмкүн болбосо, буюртмачы келишимди аткаруудан баш тартууга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде иш аткарылышынын жүрүшүндө ал ойдогудай аткарылбай тургандыгы айкын болсо, буюртмачы кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга акылга сыярлык мөөнөттү дайындоого укуктуу жана подрядчы ушул талапты дайындалган мөөнөттө аткарбаса, подряд келишиминен баш тартууга же ишти подрядчынын эсебинен оңдоону башка жакка тапшырууга, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, келишимди аткарудан баш тарткандыгы жөнүндө буюртмачынын билдирүүсүн алганга чейин аткарылган иштин бөлүгүнө пропорциялуу белгиленген баанын бөлүгүн подрядчыга төлөгөндөн кийин буюртмачы өзүнө иштин натыйжасы тапшырылганга чейин эле келишимди аткаруудан каалаган учурда баш тарта алат. Буюртмачы ошондой эле подряд келишимин токтотуудан улам подрядчыга келтирилген зыяндын ордун бүткүл иш үчүн аныкталган баа менен аткарылган иш үчүн төлөнгөн баанын бир бөлүгүнүн ортосундагы айырманын өлчөмүндө толтурууга милдеттүү.

 

637-статья. Подрядчы буюртмачыга эскертүүгө милдеттүү болгон

кырдаалдар

 

1. Подрядчы:

буюртмачы берген материалдардын, жабдуулардын, техникалык документациянын же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) берилген буюмдун жараксыздыгын же сапаты начар экендигин;

ишти аткаруу ыкмасы жөнүндө буюртмачынын көрсөтмөлөрүн аткаруунун ал үчүн мүмкүн болгон жагымсыз натыйжаларын;

аткарылып жаткан иштин жарактуулугуна же бекемдигине коркунуч келтирген же аны мөөнөтүндө аяктоого мүмкүндүк бербеген, подрядчыга байланыштуу болбогон башка кырдаалдарды; -

байкаганда буюртмачыга тез арада эскертүүгө жана андан көрсөтмө алганга чейин ишти токтотууга милдеттүү.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар жөнүндө буюртмачы эскертпеген же келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганча, ал эми андай мөөнөт жокто эскертүүгө жооп алуу үчүн акылга сыярлык мөөнөт аяктаганга чейин күтпөстөн же ишти токтотуу жөнүндө буюртмачынын өз учурундагы көрсөтмөсүнө карабастан ишти уланткан подрядчы тиешелүү талаптар ага карата же ал тарабынан буюртмачыга карата коюлганда көрсөтүлгөн кырдаалдарга таянууга укуксуз.

3. Эгерде буюртмачы ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар жөнүндө подрядчынын өз учурундагы жана негиздүү эскертүүсүнө карабастан, акылга сыярлык мөөнөттө жараксыз же сапаты начар материалды, жабдууну, техникалык документацияны же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) берилген буюмду алмаштырбаса, ишти аткаруу ыкмасы жөнүндө көрсөтмөнү өзгөртпөсө же анын жараксыз болушуна алып келүүчү кырдаалдарды жоюу үчүн башка зарыл чараларды көрбөсө, подрядчы подряд келишимин аткаруудан баш тартууга жана аны токтотуудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун талап кылууга укуктуу.

 

638-статья. Буюртмачынын көмөктөшүүсү

 

1. Буюртмачы подряд келишиминде каралган учурларда, көлөмдө жана тартипте ишти аткарууга подрядчыга көмөктөшүүгө милдеттүү.

Буюртмачы мындай милдетти аткарбаган учурда подрядчы келтирилген чыгымдардын, анын ичинде бош туруп калуудан улам келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун толтурууну же ишти аткаруу мөөнөтүн которууну же келишимде көрсөтүлгөн иштин баасын көбөйтүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Буюртмачынын иш-аракетинин же каталыктарынын айынан подряд келишими боюнча ишти аткаруу мүмкүн болбогон учурда подрядчы иштин аткарылган бөлүгүн эске алуу менен ага келишимде көрсөтүлгөн баа төлөнүшүнүн укугун сактап калат, мында подрядчы алган же алышы мүмкүн болгон сумма келишимди аткарбагандыгына байланыштуу алып салынат.

 

639-статья. Подряд келишими боюнча буюртмачы утурлама милдеттерди

аткарбай коюшу

 

1. Буюртмачы подряд келишими боюнча өз милдеттерин бузушу, атап айтканда, материалды, жабдууну, техникалык документацияны же кайра иштетилүүчү (иштетилүүчү) буюмду бербей коюшу подрядчы келишимди аткарышына тоскоолдук кылса, ошондой эле көрсөтүлгөн милдеттер белгиленген мөөнөттө аткарылбай тургандыгын ачык-айкын айгинелеген кырдаалдар болсо, подрядчы ишке киришпөөгө, ал эми башталган ишти токтотуп коюуга укуктуу.

Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар бар болгон учурда подрядчы келишимди аткаруудан баш тартууга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

640-статья. Подрядчы аткарган ишти буюртмачынын кабыл алышы

 

1. Буюртмачы аткарылган ишти (анын натыйжасын) подряд келишиминде каралган мөөнөттө жана тартипте подрядчынын катышуусу менен карап чыгууга жана кабыл алууга, ал эми иштин натыйжасын начарлаткан келишимден четтөөлөрдү же иштеги башка кемчиликтерди тапкан учурда тез арада ушул жөнүндө подрядчыга билдирүүгө милдеттүү.

2. Ишти кабыл алууда анын кемчиликтерин тапкан буюртмачы кабыл алууну күбөлөндүргөн актыда же башка документте ушул кемчиликтер айтылган же кийинчерээк аларды жоюу талабын коюу мүмкүнчүлүгү айтылган учурда гана ушул кемчиликтерге таянууга укуктуу.

3. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, ишти текшерүүсүз кабыл алган буюртмачы ишти демейки ыкма менен кабыл алганда белгилениши мүмкүн болгон (ачык көрүнгөн кемчиликтер) иштин кемчиликтерине таяна албайт.

4. Ишти кабыл алгандан кийин анда келишимден четтөөлөрдү же демейки ыкма менен кабыл алганда белгилениши мүмкүн болбогон кемчиликтерди (көрүнбөгөн кемчиликтерди), анын ичинде подрядчы атайлап жашырган кемчиликтерди тапкан буюртмачы аларды тапкандан кийин акылга сыярлык мөөнөттө ушулар жөнүндө подрядчыга кабарлоого милдеттүү.

5. Аткарылган иштин кемчиликтери же алардын себептери жагынан буюртмачы менен подрядчынын ортосунда талаш-тартыш келип чыкканда тараптардын биринин талабы боюнча экспертиза дайындалууга тийиш. Подряд келишимин подрядчынын иш-аракети менен табылган кемчиликтердин ортосунда себептүү байланыш жоктугун экспертиза аныктаган учурларды кошпогондо, экспертизага чыгымдарды подрядчы көтөрөт. Көрсөтүлгөн учурларда экспертизага чыгымдарды экспертиза дайындоону талап кылган тарап тартат, ал эми ал тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча дайындалса эки тарап бирдей тартат.

6. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, буюртмачы аткарылган ишти кабыл алуудан баш тарткан учурда подрядчы келишимге ылайык иштин натыйжасы буюртмачыга берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жана буюртмачы кийинчерээк эки жолу жазуу жүзүндө эскертилген шартта иштин натыйжасын акылга сыярлык баага сатууга андан соң подрядчыга тиешелүү бардык төлөмдөрдү алып салуу менен алынган сумманы ушул Кодекстин 310-статьясында каралган тартипте буюртмачынын атына кошууга тийиш.

7. Эгерде буюртмачы аткарылган ишти кабыл алуудан баш тартышы ишти тапшыруу мөөнөтүнүн өтүп кетишине алып келсе, чыгарылган (кайра иштетилген же иштетилген) буюмга менчик укугу ишти өткөрүү болгон учурда буюртмачыга өттү деп табылат.

 

641-статья. Иштин сапаты

 

1. Подрядчы аткарган иштин сапаты подряд келишиминин шарттарына, ал эми келишимдин шарты болбосо же толук болбосо - тиешелүү түрдөгү ишке демейде коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Буюртмачыга өткөрүп берүү учурунда аткарылган иштин натыйжасы келишимде көрсөтүлгөн же демейде коюлуучу талаптарда аныкталган касиеттерге ээ болууга тийиш. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган иштин натыйжасы келишимде белгиленген акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде пайдалануу үчүн, ал эми келишимде мындай пайдалануу каралбаса - мындай түрдөгү ишти демейкидей пайдалануу үчүн жарактуу болууга тийиш.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же алар тарабынан белгиленген тартипте подряд келишими боюнча аткарылуучу ишке карата милдеттүү талаптар каралса, ишкер катарында иштеген подрядчы ушул милдеттүү талаптарды сактоо менен ишти аткарууга милдеттүү.

Подрядчы өзүнө келишим боюнча сапат талаптарына жооп берген ишти тараптар үчүн белгиленген талаптарга салыштырганда алда канча жогорку сапатта аткаруу милдетин кабыл ала алат.

 

642-статья. Иштин сапатынын гарантиясы

 

1. Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, подряд келишиминде же ишкер жүгүртүү салттарында иштин натыйжасы үчүн гарантия мөөнөтү каралса, иштин натыйжасы бүткүл гарантия мөөнөтүнүн ичинде келишимдин сапат жөнүндөгү шарттарына ылайык келүүгө тийиш (ушул Кодекстин 640-статьясындагы 1-пункт).

2. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, иштин натыйжасынын сапат гарантиясы иштин натыйжасын түзгөндөрдүн бардыгына жайылтылат.

 

643-статья. Гарантия мөөнөтүн эсептөө тартиби

 

1. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган ишти буюртмачы кабыл алган же кабыл алууга тийиш болгон учурдан тартып гарантия мөөнөтү (641-статьянын 1-пункту) өтө баштайт.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса же подряд келишиминин өзгөчөлүктөрүнөн башкасы келип чыкпаса, подряд келишими боюнча гарантия мөөнөтүн эсептөөгө тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 434-статьясындагы 2-4-пункттарда камтылган эрежелер колдонулат.

 

644-статья. Иштин ойдогудай эмес сапаты үчүн подрядчынын

жоопкерчилиги

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, подрядчы ишти подряд келишиминен иштин натыйжасын начарлатуучу четтөөлөр менен же аны келишимде каралгандай пайдаланууга жараксыз кылган же келишимде тиешелүү шарттар жок болгондо демейкидей пайдаланууга жараксыз кылган башка кемчиликтер менен аткарылган учурда, буюртмачы өз каалоосу боюнча подрядчыдан төмөнкүнү талап кылууга укуктуу:

кемчиликтерди акылга сыярлык мөөнөттө акысыз жоюуну;

иш үчүн белгиленген бааны тиешелүү өлчөмдө азайтууну;

кемчиликтерди четтетүүгө буюртмачынын укугу подряд келишиминде каралган учурда (362-статья) аларды жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну.

2. Подрядчы өзү жооп бере турган кемчиликтерди жоюунун ордуна ишти аткаруу мөөнөтү өтүп кетиши менен буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен ишти кайра баштан акысыз аткарууга укуктуу. Мындай учурда эгерде буюртмачы мурда ага берилген иштин натыйжасын подрядчыга кайра кайтарышы иштин мүнөзү боюнча мүмкүн болсо, буюртмачы аны кайра кайтарууга милдеттүү.

3. Эгерде иште подряд келишиминин шарттарынан четтөөлөр же иштин натыйжасынын башкача кемчиликтери буюртмачы белгилеген акылга сыярлык мөөнөттө жоюлбаса же олуттуу жана жоюлбай турган кемчилик болуп саналса, буюртмачы келишимден баш тартууга жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Ишти аткаруу үчүн материал берген подрядчы анын сапаты үчүн сатуучунун ойдогудай эмес сапаттагы товарлар үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эрежелер боюнча жооп берет.

 

645-статья. Иштин натыйжасынын ойдогудай эмес сапатын табуу

мөөнөтү

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, иштин натыйжасынын ойдогудай эмес сапаты ушул статьяда белгиленген мөөнөттө табылган шартта, буюртмачы аны менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

2. Эгерде мыйзамда, келишимде же иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттарында башка мөөнөт белгиленбесе, иштин натыйжасына гарантия мөөнөтү белгиленбеген учурда буюртмачы иштин натыйжасынын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды ушул кемчиликтер акылга сыярлык мөөнөттө, бирок иштин натыйжасы өткөрүп берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде коюшу мүмкүн.

3. Буюртмачы гарантия мөөнөтүнүн ичинде табылган иштин натыйжасынын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

4. Эгерде буюртмачы кемчиликтер иштин натыйжасы буюртмачыга өткөрүп берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыккандыгын далилдесе, подряд келишиминде каралган гарантия мөөнөтү эки жылдан азды түзгөн жана иштин натыйжасынын кемчиликтерин буюртмачы гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок ушул Кодекстин 642-статьясындагы 1-пунктта каралган учурдан тартып эки жылдын ичинде тапкан учурда, жоопкерчиликти подрядчы тартат.

 

646-статья. Иштин ойдогудай эмес сапаты жөнүндө доонун эскириши

 

1. Подряд келишими боюнча аткарылган иштин ойдогудай эмес сапатына байланыштуу коюлуучу талаптар үчүн доонун эскиришинин мөөнөтү бир жылды түзөт, ал эми имараттар менен курулуштар жагынан ушул Кодекстин 212-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат.

2. Эгерде подряд келишимине ылайык буюртмачы иштин натыйжасын бөлүк-бөлүктөр боюнча кабыл алса, доонун эскиришинин мөөнөтү иштин натыйжасы бүтүндөй кабыл алынган күндөн тартып өтө баштайт.

3. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук ченемдик актыларда же подряд келишиминде гарантия мөөнөтү белгиленсе жана иштин натыйжасынын кемчилиги жагынан билдирүү гарантия мөөнөтүнүн ичинде жасалса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн доонун эскиришинин мөөнөтү кемчиликтер жөнүндө билдирилген күндөн тартып өтө баштайт.

 

647-статья. Буюртмачыга маалымат берүүгө подрядчынын милдети

 

Эгерде подрядчы подряд келишиминин предметинин колдонушуна же башкача пайдаланышына тиешелүү маалыматты бериши келишимде каралса же малыматтын мүнөзү ансыз иштин натыйжасын келишимде көрсөтүлгөн максаттар үчүн мүмкүн эместей мүнөздө болсо, подрядчы мындай маалыматты буюртмачыга иштин натыйжасы менен бирдикте берүүгө милдеттүү.

 

648-статья. Тараптар алган маалыматтын купуялыгы

 

Эгерде тарап подряд келишими боюнча өз милдетин аткарышынын аркасында экинчи тараптан жаңы, анын ичинде мыйзам тарабынан корголбогон чечимдер жана техникалык тапшырмалар жөнүндө маалыматты, ошондой эле коммерциялык сыр катары каралуучу маалыматтарды (34-статья) алса, мындай маалыматты алган тарап аны экинчи тараптын макулдугу болмоюнча үчүнчү жактарга билдирүүгө укуксуз.

 

649-статья. Буюртмачы берген мүлктү подрядчы кайра кайтарышы

 

Буюртмачы ушул Кодекстин 635-статьясындагы 2-пункттун же 643-статьясындагы 3-пункттун негизинде подряд келишимин бузган учурда подрядчы буюртмачы берген материалдарды, жабдууларды, кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген буюмду же башка мүлктү кайра кайтарууга же аларды буюртмачы көрсөткөн жакка берүүгө, ал эми ушулар мүмкүн болбосо - материалдардын, жабдуулардын жана башка мүлктүн ордун толтурууга милдеттүү.

 

650-статья. Иштин натыйжасы кабыл алынганга чейин подряд келишимин

токтотуунун натыйжасы

 

Подрядчы аткарган иштин натыйжасын буюртмачы кабыл алганга чейин (639-статьянын 1-пункту) мыйзамда же келишимде каралган негиздер боюнча подряд келишими токтотулган учурда буюртмачы жумшалган чыгымдарды подрядчыга компенсациялоо менен бүтпөгөн иштин натыйжасы өзүнө берилишин талап кылууга укуктуу.

 

2-§. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими

 

651-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими

 

1. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча тиешелүү ишкерликти жүзөгө ашырып жаткан подрядчы граждандын (буюртмачынын) тапшырмасы боюнча буюртмачынын турмуш-тиричилик же башка жеке муктаждыктарын канааттандырууга арналган айрым ишти аткарууга, ал эми буюртмачы ишти кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

2. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими ачык келишим (386-статья) болуп саналат.

3. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча мамилелерге карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдар жана аларга ылайык кабыл алынган башка укуктук ченемдик актылар колдонулат.

 

652-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишиминин формасы

 

Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук ченемдик актыларда же келишимде, анын ичинде буюртмачы кошулган (387-статья) формулярлардын же башка стандарттуу формалардын шарттарында башкача каралбаса, турмуш-тиричилик подрядынын келишими подрядчы келишим түзүлгөндүгүн ырастаган квитанцияны же башка документти буюртмачы берген учурдан тартып ойдогудай формада түзүлдү деп эсептелет.

Буюртмачыда көрсөтүлгөн документтердин жок болушу аны келишим түзүлгөндүгүнүн жана анын шарттарынын фактысын ырастоо үчүн күбө көрсөтмөлөрүнө таянуу укугунан ажыратпайт.

 

653-статья. Буюртмачынын укуктарынын гарантиясы

 

1. Подрядчы турмуш-тиричилик подрядынын келишимине кошумча иштерди же кызмат көрсөтүүлөрдү кошууну буюртмачыга таңуулоого укуксуз. Буюртмачы келишимде каралбаган иштер менен кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

2. Буюртмачы келишимди аткаруудан баш тартуу жөнүндө билдирилгенге чейин аткарылган иштин бөлүгүнө пропорциялуу белгиленген баанын бир бөлүгүн подрядчыга төлөп жана, эгерде келишимди аткаруу максатында ушул учурга чейин жумшалган чыгымдар иштин баасынын көрсөтүлгөн бөлүгүнө кирбесе, алардын ордун подрядчыга толтуруп бергенден кийин буюртмачы иш өзүнө тапшырылганга чейин каалаган учурда турмуш-тиричилик подрядынын келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу. Келишимдин буюртмачыны ушул укуктан ажыраткан шарттары жокко эсе.

 

654-статья. Сунуш кылынуучу иш жөнүндө маалыматты буюртмачыга

берүү

 

1. Подрядчы турмуш-тиричилик подрядынын келишимин түзгөнгө чейин сунуш кылынуучу иш, анын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, баасы жана акы төлөө формасы жөнүндө зарыл жана ишенимдүү маалыматты буюртмачыга берүүгө, ошондой эле буюртмачынын өтүнүчү боюнча ага келишимге тиешелүү жана ишке ылайыктуу башка маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Эгерде иштин мүнөзү боюнча мунун мааниси болбосо, подрядчы аны аткара турган конкреттүү жакты буюртмачыга көрсөтүүгө тийиш.

2. Подрядчыдан алган маалымат толук эместигинен жана ишенимсиздигинен улам буюртмачы ойлогондой касиетке ээ болбогон ишти аткарууга келишим түзүлүп калса, буюртмачы түзүлгөн турмуш-тиричилик подрядынын келишимин бузууну, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

655-статья. Ишти подрядчынын материалы менен жасоо

 

1. Эгерде турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш подрядчынын материалы менен жасалса, буюртмачы келишим түзүүдө материалга акыны толугу менен же келишимде көрсөтүлгөн бөлүгүн төлөйт, андан соң буюртмачы подрядчыдан аткарылган ишти алган учурда биротоло эсептешет.

Турмуш-тиричилик подрядынын келишимине ылайык материал подрядчы тарабынан кредитке, анын ичинде буюртмачы материалга акыны мөөнөтүн узартып төлөшүнүн шарты менен берилиши мүмкүн.

2. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими түзүлгөндөн кийин подрядчы берген материалдын баасынын өзгөрүшү кайра эсептөөгө алып келбейт.

 

656-статья. Ишти буюртмачынын материалы менен жасоо

 

Эгерде турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш буюртмачынын материалы менен жасалса, келишим түзүүдө подрядчы буюртмачыга бере турган квитанцияда же башка документте келишим боюнча тараптар аныктаган материалдын так аталышы, сыпаттамасы жана баасы көрсөтүлүүгө тийиш. Материалдын квитанциядагы же ушундай башка документтеги баасы кийинчерээк буюртмачы тарабынан сотто талашып-тартылышы мүмкүн.

 

657-статья. Иштин баасы жана ага акы төлөө

 

Турмуш-тиричилик подрядынын келишиминде иштин баасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат жана подрядчы жарыялаган прейскурантта көрсөтүлгөн баадан ашык болушу мүмкүн эмес. Буюртмачы иштин акысын подрядчы ишти биротоло тапшыргандан кийин төлөйт.

Буюртмачынын макулдугу менен иштин акысын ал келишим түзүүдө толугу менен же аванс берүү жолу менен төлөшү мүмкүн.

 

658-статья. Аткарылган ишти пайдалануунун шарттары жөнүндө

буюртмачыга эскертүү

 

Буюртмачыга ишти тапшырууда подрядчы ага иштин натыйжасын иштиктүү жана коопсуз пайдалануу үчүн сактоо зарыл болгон талаптар жөнүндө, ошондой эле тиешелүү талаптарды сактабай коюунун буюртмачы жана башка жактар үчүн мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

 

659-статья. Аткарылган иштен кемчиликтерди табуунун натыйжасы

 

1. Иштин натыйжасын кабыл алуу учурунда же аны пайдалануу учурунда кемчиликтерин тапканда буюртмачы ушул Кодекстин 645-статьясында каралган жалпы мөөнөттүн ичинде, ал эми гарантия мөөнөтү бар болгон учурда өз каалоосу боюнча ушул мөөнөттөрдүн ичинде ушул Кодекстин 644-статьясында каралган укуктардын бирин жүзөгө ашыра алат же ишти акысыз кайталап аткарууну же кемчиликтерди өзү же үчүнчү жактар жумшаган чыгымдардын ордун толтурууну талап кыла алат.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте кыйла узак мөөнөт (кызмат кылуу мөөнөтү) каралбаса, турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча аткарылган иштин натыйжасынын буюртмачынын өзүнүн жана башка жактардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон мындай кемчиликтерин акысыз жоюу жөнүндө талапты буюртмачы же анын укугун мурастоочу иштин натыйжасы кабыл алынган учурдан тартып он жылдын ичинде коюшу мүмкүн. Мындай талап ушундай кемчиликтер качан табылгандыгына карабастан, анын ичинде алар гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин да коюлушу мүмкүн.

3. Подрядчы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда буюртмачы кемчиликтерди өз күчү менен же үчүнчү жактардын жардамы менен жоюуга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууну буюртмачы ошол эле мөөнөттө талап кылууга укуктуу.

 

660-статья. Иштин натыйжасын алууга буюртмачынын келбей коюшунун

натыйжасы

 

Аткарылган иштин натыйжасын алууга буюртмачы келбей койгон же заказчы аны кабыл алуудан башкача баш тартканда подрядчы буюртмачыга жазуу жүзүндө эскертип, мындай эскертилген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин иштин натыйжасын акылга сыярлык баада сатууга, ал эми андан алынган сумманы, подрядчыга тиешелүү бардык төлөмдөрдү чыгарып алуу менен, ушул Кодекстин 310-статьясында каралган тартипте депозитке кошууга тийиш.

 

661-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш

ойдогудай эмес аткарылган же аткарылбаган учурда

буюртмачынын укуктары

 

Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш ойдогудай эмес аткарылган же аткарылбаган учурда буюртмачы ушул Кодекстин 466-468-статьяларына ылайык сатып алуучуга берилген укуктардан пайдалана алат.

 

3-§. Курулуш подряды

 

662-статья. Курулуш подрядынын келишими

 

1. Курулуш подрядынын келишими боюнча подрядчы келишимде белгиленген мөөнөттө айрым объектти курууга же башка курулуш иштерин аткарууга милдеттенет, ал эми буюртмачы подрядчыга ишти аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, алардын натыйжасын кабыл алууга жана шартташкан бааны төлөөгө милдеттенет.

2. Курулуш подрядынын келишими ишкананы, имаратты (анын ичинде турак үйдү), курулуштарды же башка объекттерди курууга же реконструкциялоого, ошондой эле курулуп жаткан объект менен ажыралгыс байланышкан монтаждоо, ишке киргизип-жөнгө салуу жана башка иштерин аткарууга түзүлөт. Эгерде келишимде башкача каралбаса, курулуш подрядынын келишими жөнүндөгү эрежелер имараттарды жана курулуштарды баштан аяк оңдоо боюнча иштерге карата да колдонулат.

Келишимде каралган учурларда подрядчы объектти буюртмачы кабыл алгандан кийин аны келишимде каралган мөөнөттүн ичинде пайдаланууну камсыз кылат.

3. Курулуш подрядынын келишими боюнча граждандын (буюртмачынын) турмуш-тиричилик же башка жекече муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштер аткарылган учурда мындай келишимге карата тиешелүү түрдө ушул главанын 2-параграфындагы турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча буюртмачынын укуктары жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

663-статья. Тобокелдикти тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

 

1. Курулуш подрядынын келишиминин предметин түзгөн курулуш объектисинин капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин объектти буюртмачы кабыл алганга чейин подрядчы тартат.

2. Эгерде объект буюртмачы берген материалдын (тетиктин, конструкциянын) же жабдуунун сапатсыздыгынын же буюртмачынын ката көрсөтмөлөрүн аткаруунун айынан аны буюртмачы кабыл алганга чейин иштен чыкса же бузулса, подрядчы ушул Кодекстин 636-статьясындагы 1-пунктта каралган милдеттерди аткарган шартта ал сметада каралган иштин бүткүл наркын төлөөнү талап кыла алат.

 

664-статья. Курулуш объектисин камсыздандыруу

 

1. Курулуш подрядынын келишиминде курулуш объекти, материал, жабдуу жана курууда пайдаланылуучу башка мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги же курулушту жүзөгө ашырууда башка жактарга келтирген зыяны үчүн жоопкерчилик мойнунда болгон тараптын тиешелүү тобокелдикти камсыздандыруу милдети каралышы мүмкүн.

Камсыздандыруу боюнча милдет жүктөлгөн тарап курулуш подрядынын келишиминде каралган шарттарда ал камсыздандыруу келишимин түзгөндүгүнүн далилин, анын ичинде камсыздандыруучу, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жана камсыздандырылган тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды экинчи тарапка берүүгө тийиш.

2. Камсыздандыруу тиешелүү тарапты камсыздандыруу учуру келишин четтетүү үчүн зарыл чараларды көрүү милдетинен бошотпойт.

 

665-статья. Долбоорлоо-смета документтери

 

1. Подрядчы курулушту жана аны менен байланышкан иштерди анын көлөмүн, маңызын аныктаган долбоорлоо документтерине, аларга коюлуучу башка талаптарга жана иштин баасын аныктаган сметага ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

Курулуш подрядынын келишиминде башка көрсөтмөлөрдүн жок болушу подрядчы долбоорлоо документтеринде жана сметада (долбоорлоо-смета документтеринде) көрсөтүлгөн бардык иштерди аткарууга милдеттүү экендигин билдирет.

2. Курулуш подрядынын келишиминде долбоорлоо-смета документтеринин курамы жана мазмуну аныкталууга тийиш, ошондой эле тиешелүү документтерди тараптардын кимиси жана кандай мөөнөттө берүүгө тийиш экендиги каралууга тийиш.

3. Курулуштун жүрүшүндө долбоорлоо-смета документтеринде эске алынбаган иштерди жана буга байланыштуу кошумча иштерди жүргүзүү жана курулуштун сметалык наркын көбөйтүү зарылчылыгын байкаган подрядчы ушул жөнүндө буюртмачыга билдирүүгө милдеттүү.

Эгерде мыйзамда же курулуш подрядынын келишиминде башкача мөөнөт каралбаса, өз билдирүүсүнө он күндүн ичинде буюртмачыдан жооп ала албаса, подрядчы бош туруп калуудан келип чыккан зыянды буюртмачынын эсебине жүктөө менен тиешелүү иштерди токтотууга милдеттүү. Эгерде буюртмачы кошумча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы жок экендиги далилдесе, ал мындай зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

4. Эгерде буюртмачынын таламында тез иш-аракеттерди, атап айтканда, ишти токтотуу курулуш объектисинин иштен чыгышына же бузулушуна алып келиши мүмкүн экендигине байланыштуу тез иш-аракеттерди жасоо зарылчылыгын далилдебесе, ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген милдеттерди аткарбаган подрядчы өзү аткарган кошумча иштерге акы төлөөнү жана ушундан улам келип чыккан зыяндын ордун толтурууну буюртмачыдан талап кылуу укугунан ажырайт.

5. Кошумча иштерди жүргүзүүгө жана акы төлөөгө буюртмачынын макулдугу болгон учурда подрядчы мындай иштер подрядчынын кесиптик ишинин чөйрөсүнө кирбеген же подрядчыга байланышпаган себептерден улам ал тарабынан аткарылышы мүмкүн болбогон учурларда гана аларды аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

666-статья. Долбоорлоо-смета документтерине өзгөртүү киргизүү

 

1. Буюртмачы долбоорлоо-смета документтерине подрядчы үчүн кошумча чыгымдар менен байланышпаган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Долбоорлоо-смета документтериндеги подрядчы үчүн кошумча чыгымдарды талап кылган өзгөртүүлөр тараптар макулдашкан кошумча сметанын негизинде жүргүзүлөт.

3. Эгерде подрядчыга байланышпаган себептерден улам иштердин наркы сметадан кеминде он процентке ашып кетсе, ал ушул Кодекстин 441-статьясына ылайык сметаны кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.

 

667-статья. Курулушту материалдар жана жабдуу менен камсыз кылуу

 

1. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде курулушту бүтүндөй же айрым бөлүгүн буюртмачы камсыз кыла тургандыгы каралбаса, курулушту материалдар, анын ичинде тетиктер жана конструкциялар, же жабдуу менен камсыз кылуу боюнча милдетти подрядчы тартат.

2. Курулушту материалдык жактан камсыз кылууга милдеттүү тарап өзү берген материалдарды же жабдууну аткарылып жаткан иштин сапатын начарлатпастан пайдалануу мүмкүн эместигин байкаса, эгерде пайдалануу мүмкүн эместиги экинчи тарап жооп бере турган кырдаалдардан улам келип чыккандыгын далилдебесе, ал үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Буюртмачы берген материалдарды же жабдууларды аткарылып жаткан иштердин сапатын начарлатпастан пайдалануу мүмкүн эместиги айкын болгон жана буюртмачы аларды алмаштыруудан баш тарткан учурда подрядчы курулуш подрядынын келишиминен баш тартууга жана иштин аткарылган бөлүгүнө пропорциялуу келишим баасын төлөөнү, ошондой эле ушул сумма менен жабылбаган чыгымдардын ордун толтурууну буюртмачыдан талап кылууга укуктуу.

 

668-статья. Иштерге акы төлөө

 

1. Подрядчы аткарган иштерге сметада каралган өлчөмдө, мыйзамда же курулуш подрядынын келишиминде белгиленген мөөнөттө жана тартипте акы төлөнөт. Мыйзамда же келишимде тиешелүү көрсөтмө жок болгон учурда эмгек акы ушул Кодекстин 631-статьясына ылайык төлөнөт.

2. Курулуш подрядынын келишиминде буюртмачы объектти кабыл алгандан кийин бир эле учурда жана толук көлөмдө ишке акы төлөө каралышы мүмкүн.

 

669-статья. Курулуш подрядынын келишими боюнча буюртмачынын

кошумча милдеттери

 

1. Буюртмачы курулуш үчүн жер участкасын өз учурунда берүүгө милдеттүү. Берилген жер участкасынын аянты жана абалы курулуш подрядынын келишиминде камтылган шарттарга төп келүүгө, ал эми мындай шарт жок болсо иштердин өз учурунда башталышын, аларды ойдогудай жүргүзүүнү жана мөөнөтүндө аяктоону камсыз кылууга тийиш.

2. Буюртмачы курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда жана тартипте иштерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар менен курулуштарды подрядчынын пайдалануусуна берүүгө, анын дарегине жүктөрдү жеткирүүнү, энергия менен жабдууну, суу жана буу проводдорун өткөрүүнү камсыз кылууга жана башка кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Буюртмачы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды бергендиги үчүн акы курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда жана шарттарда төлөнөт.

 

670-статья. Курулуш подрядынын келишими боюнча иштердин

аткарылышына буюртмачынын контролдугу жана көзөмөлү

 

1. Буюртмачы аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө жана сапатына, аларды аткаруу мөөнөтүнүн (графигинин) сакталышына, подрядчы берген материалдардын сапатына, ошондой эле подрядчы буюртмачынын материалдарын туура пайдаланышына контролдук кылууга жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу, мында подрядчынын оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишпейт.

2. Иштердин аткарылышына контролдук кылууда жана көзөмөл жүргүзүүдө иштин сапатын начарлатышы мүмкүн болгон курулуш подрядынын келишиминин шарттарынан четтөөлөрдү же алардын башка кемчиликтерин тапкан буюртмачы ушул жөнүндө тез арада подрядчыга билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү жасабаган буюртмачы өзү тапкан кемчиликтерге андан ары таянуу укугунан ажырайт.

3. Эгерде курулуштун жүрүшүндө буюртмачыдан алынган көрсөтмөлөр курулуш подрядынын келишиминин шарттарына карама-каршы келбесе жана подрядчынын оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишүүнү билдирбесе, подрядчы мындай көрсөтмөлөрдү аткарууга милдеттүү.

4. Ишти ойдогудай аткарбаган подрядчы алардын аткарылышына буюртмачы контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашырган жок деп шылтоого укуксуз, буга мындай контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдети мыйзам тарабынан буюртмачыга жүктөлгөн учурлар кирбейт.

 

671-статья. Курулуш подрядынын келишиминде тараптардын

кызматташуусу

 

1. Эгерде курулушту жана аны менен байланышкан иштерди аткарууда курулуш подрядынын келишимин ойдогудай аткарууга тоскоолдуктар келип чыкса, тараптардын ар бири мындай тоскоолдуктарды четтетүү үчүн өзүнө байланыштуу болгон бардык акылга сыярлык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мындай милдетти аткарбаган тарап тиешелүү тоскоолдуктар четтетилбегендиги менен келтирилген зыяндын орду толтурулушуна укуктан ажырайт.

2. Тараптын ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдетти аткаруу менен байланышкан чыгымдарын ушул курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда экинчи тарап ордун толтурууга тийиш.

 

672-статья. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана курулуш иштеринин

коопсуздугун камсыз кылуу боюнча подрядчынын

милдеттери

 

1. Курулушту жана аны менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууда подрядчы курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө жана курулуш иштеринин коопсуздугу жөнүндө мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү.

Подрядчы көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде иштерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө буюртмачы берген материалдарды жана жабдууну пайдалануу же анын көрсөтмөлөрүн аткаруу курчап турган чөйрөнү коргоо жана курулуш иштеринин коопсуздугу жагынан тараптар үчүн милдеттүү болгон талаптардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болсо, подрядчы аларды пайдаланууга жана аткарууга укуксуз.

 

673-статья. Курулушту консервациялоонун натыйжасы

 

Эгерде тараптарга байланышпаган себептерден улам курулуш подрядынын келишими боюнча иштер токтоп калса жана курулуш объектиси консервацияланса, буюртмачы подрядчыга иш консервацияланганга чейин аткарылган иш үчүн акыны толук көлөмдө төлөөгө, ошондой эле иштерди токтотуу жана курулушту консервациялоо зарылчылыгына байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

 

674-статья. Ишти тапшыруу жана кабыл алуу

 

1. Курулуш подрядынын келишими боюнча аткарылган иштердин же, эгерде ушул келишимде каралса, иштин аткарылган этабынын натыйжасы тапшырууга даяр экендиги жөнүндө подрядчынын билдирүүсүн алган буюртмачы тез арада аны кабыл алууга киришүүгө милдеттүү.

2. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде башкача каралбаса, буюртмачы өз эсебинен ишти кабыл алууну уюштурат жана кабыл алат.

Мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда иштин натыйжасын кабыл алууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууга тийиш.

3. Иштин айрым этабын алдын ала кабыл алган буюртмачы иштердин натыйжасынын подрядчынын күнөөсүнөн улам болбогон иштен чыгышынын же бузулушунун кесепетинин тобокелдигин тартат.

4. Подрядчы иштин натыйжасын тапшырышы жана аны буюртмачы кабыл алышы акт менен толтурулат, ага эки тарап тең кол коет. Тараптардын бири актыга кол коюудан баш тарткан учурда анда ушул жөнүндө белги коюлат жана актыга башка тарап кол коет.

Эгерде актыга кол коюудан баш тартуунун жүйөөсүн сот негиздүү деп тапкан учурда ал иштин натыйжасын тапшыруунун же кабыл алуунун бир тараптуу актысын жараксыз деп табышы мүмкүн.

5. Ушул мыйзамда же курулуш подрядынын келишиминде каралган учурда же келишим боюнча аткарылган иштердин мүнөзүнөн келип чыкканда иштин натыйжасын кабыл алуудан мурда ал алдын ала сыноодон өтүүгө тийиш. Мындай учурларда алдын ала сыноо оң натыйжа бергенде гана ал кабыл алынышы мүмкүн.

6. Иштин натыйжасын курулуш подрядынын келишиминде көрсөтүлгөн максатта пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жана подрядчы же буюртмачы жое албай турган кемчиликтерди тапкан учурда буюртмачы аны кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.

 

675-статья. Иштин сапаты үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

 

1. Долбоорлоо-смета документтеринде жана тараптар аткарууга курулуш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптардан четтөөгө жол берилгендиги үчүн, ошондой эле курулуш объектисинин долбоорлоо-смета документтеринде көрсөтүлгөн, анын ичинде ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрүнө жетише албагандыгы үчүн подрядчы буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

Имаратты же курулушту реконструкциялоодо (жаңылоодо, кайра курууда, реставрациялоодо ж.б.) подрядчыга имараттын, курулуштун же анын бөлүгүнүн бекемдигин, туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн төмөндөткөндүгү же жоготкондугу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.

2. Эгерде подрядчы буюртмачынын макулдугусуз долбоорлоо-смета документтеринен майдабарат четтөөгө жол бергендиги курулуш объектисинин сапатына таасир этпегендигин далилдесе, ал четтөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

676-статья. Курулуш подрядынын келишиминде сапаттын гарантияланышы

 

1. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде башкача каралбаса, подрядчы курулуш объектиси долбоорлоо-смета документтеринде белгиленген көрсөткүчтөргө жете тургандыгын жана гарантия мөөнөтүнүн ичинде объектти курулуш подрядынын келишимине ылайык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн гарантиялайт. Эгерде мыйзамда башка гарантия мөөнөтү каралбаса, гарантия мөөнөтү объектти буюртмачы кабыл алган күндөн тартып он жылды түзөт. Ушул Кодексте же башка мыйзамда белгиленген гарантия мөөнөтү тараптардын макулдашуусу менен көбөйтүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде подрядчы гарантия мөөнөтүнүн ичинде табылган кемчиликтер (каталыктар) объекттин же анын бөлүктөрүнүн ойдогудай иштешинен, аны туура эмес пайдалануудан же аны пайдалануу жагынан буюртмачы өзү же ал тарткан үчүнчү жак иштеп чыккан нускоонун туура эместигинен, объектти буюртмачынын өзү же ал тарткан үчүнчү жак туура эмес оңдошунан улам келип чыккандыгын далилдесе, подрядчы ушул кемчиликтер үчүн жооп бербейт.

3. Гарантия мөөнөтүнүн өтүшү подрядчы жооп бере турган кемчиликтин айынан объект пайдаланылбаган убакытка токтотулат.

4. Гарантия мөөнөтүнүн ичинде ушул Кодекстин 674-статьясынын 1-пуктунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди тапкан учурда буюртмачы аларды тапкан учурдан тартып акылга сыярлык мөөнөттө алар жөнүндө подрядчыга билдирүүгө тийиш.

 

677-статья. Кемчиликтерди буюртмачынын эсебинен жоюу

 

1. Курулуш подрядынын келишиминде подрядчы жоопкерчилик тартпай турган кемчиликтерди буюртмачынын талабы боюнча жана анын эсебинен жоюуга подрядчынын милдети каралышы мүмкүн.

2. Кемчиликтерди жоюу келишимдин предмети менен түздөн-түз байланышпаган же подрядчыга тиешесиз себептер боюнча ал тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн болбогон учурларда подрядчы ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

4-§. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд

 

678-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими

 

Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча подрядчы (долбоорлоочу, иликтөөчү) буюртмачынын тапшырмасы боюнча долбоорлоо-смета документтерин иштеп чыгууга жана (же) иликтөө иштерин аткарууга милдеттенет, ал эми буюртмачы алардын натыйжасын кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

 

679-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн баштапкы

маалыматтар

 

1. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча буюртмачы подрядчыга долбоорлоого имаратты, ошондой эле долбоорлоо-смета документтерин түзүү үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Долбоорлоо иштерин аткарууга тапшырманы буюртмачынын тапшыруусу боюнча подрядчы даярдашы мүмкүн. Мындай учурда буюртмачы тапшырманы бекиткен учурдан тартып эки тарап тең аны аткарууга милдеттүү болуп саналат.

2. Подрядчы долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн тапшырмада жана башка баштапкы маалыматтарда камтылган талаптарды сактоого милдеттүү жана буюртмачынын макулдугу менен гана алардан четтөөгө укуктуу.

 

680-статья. Буюртмачынын милдеттери

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча буюртмачы:

белгиленген бааны подрядчыга бардык иштер аяктагандан кийин толугу менен төлөөгө же аны иштин айрым этаптары аяктагандан кийин бөлүк-бөлүгү менен төлөөгө;

подрядчыдан алган долбоорлоо-смета документтерин келишимде каралган максаттарда гана пайдаланууга долбоорлоо-смета документтерин үчүнчү жактарга бербөөгө жана анда камтылган маалыматтарды подрядчынын макулдугусуз жарыя кылбоого;

келишимде каралган көлөмдө жана шарттарда долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууда подрядчыга көмөк көрсөтүүгө;

даяр долбоорлоо-смета документтерин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга подрядчы менен бирдикте катышууга;

подрядчыга байланыштуу болбогон кырдаалдан улам долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн баштапкы маалыматтар өзгөрүшүнөн келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун подрядчыга толтуруп берүүгө;

түзүлгөн долбоорлоо-смета документтеринин же аткарылган иликтөө иштеринин кемчиликтерине байланыштуу үчүнчү жак буюртмачыга койгон доо боюнча ишке катышууга подрядчыны тартууга милдеттүү.

 

681-статья. Подрядчынын милдеттери

 

Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча подрядчы:

иштерди тапшырмага жана долбоорлоого башка баштапкы маалыматтарга, келишимге ылайык аткарууга;

даяр долбоорлоо-смета документтерин буюртмачы менен, ал эми зарыл учурда буюртмачы менен бирдикте компетенттүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга;

буюртмачыга даяр долбоорлоо-смета документтерин жана иликтөө иштеринин натыйжасын берүүгө;

буюртмачынын макулдугусуз долбоорлоо-смета документтерин үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүү.

 

682-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин ойдогудай

аткарбагандыгы үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

 

1. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча подрядчы долбоорлоо-смета документтерин ойдогудай түзбөгөндүгү жана иликтөө иштерин ойдогудай аткарбагандыгы үчүн, анын ичинде курулуштун жүрүшүндө, ошондой эле долбоорлоо-смета документтеринин жана иликтөө иштеринин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн объектти пайдалануу процессинде табылган кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде мыйзамда же долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишиминде башкача белгиленбесе, долбоорлоо-смета документтеринен же иликтөө иштеринен кемчиликтер табылган учурда подрядчы долбоорлоо-смета документтерин акысыз кайра жасоого жана тиешелүү түрдө зарыл кошумча иликтөө иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

 

683-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерине подрядды укуктук

жактан жөнгө салуу

 

Долбоорлоо жана иликтөө иштерине подряд келишими боюнча мамилелер ушул Кодекс менен катар жана ага ылайык долбоорлоо жана иликтөө иштерине подряд жөнүндө мыйзамдар менен да жөнгө салынышы мүмкүн.

 

5-§. Илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана

технологиялык иштерди аткарууга подряд

 

684-статья. Илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана

технологиялык иштерди аткарууга келишим

 

1. Илим-изилдөө иштерин аткарууга келишим боюнча подрядчы (аткаруучу) буюртмачынын тапшырмасы менен шартталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ал эми тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим боюнча жаңы буюмдун үлгүсүн, ага конструктордук документтерди же жаңы технологияны иштеп чыгууга милдеттенет, ал эми буюртмачы ишти кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттенет.

2. Подрядчы (аткаруучу) менен түзүлгөн келишим изилдөө жүргүзүүнүн, үлгүлөрдү иштеп чыгуунун жана даярдоонун бүткүл циклин, ошондой эле анын айрым этаптарын (элементтерин) камтышы мүмкүн.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимди аткаруу капысынан мүмкүн болбой калышынын тобокелдигин буюртмачы тартат.

4. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимдин шарттары өзгөчөлүү укуктар (интеллектуалдык менчик) жөнүндөгү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.

 

685-статья. Иштерди аткаруу

 

1. Подрядчы (аткаруучу) илимий изилдөөлөрдү жеке жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ал илим-изилдөө иштерин аткарууга келишимди аткарууга үчүнчү жактарды буюртмачынын макулдугу менен гана тартууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, подрядчы (аткаруучу) тажрыйба-конструктордук же технологиялык иштерди аткарууда ага үчүнчү жактарды тартууга укуктуу. Подрядчынын (аткаруучунун) үчүнчү жактар менен мамилелерине башкы подрядчы жана субподрядчы жөнүндөгү эрежелер (626-статья) колдонулат.

 

686-статья. Келишимдин предметин түзгөн маалыматтардын купуялыгы

 

1. Эгерде илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимде башкача каралбаса, тараптар келишимдин предметине, аны аткаруунун жүрүшүнө жана алынган натыйжага тиешелүү маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү. Купуялуу болуп табылган маалыматтардын көлөмү келишимде аныкталат.

2. Ар бир тарап ишти аткарууда алынган, купуялуу болуп табылган маалыматтарды экинчи тараптын макулдугу менен гана жарыялоого милдеттенет.

 

687-статья. Иштин натыйжасына тараптардын укугу

 

1. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишиминдеги тараптар иштердин натыйжасын, анын ичинде укуктук коргоонун предмети болуп саналган натыйжаларды келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда пайдаланууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, буюртмачы өзүнө подрядчы (аткаруучу) тарабынан берилген иштердин натыйжасын, анын ичинде укуктук коргоонун предмети болуп саналган натыйжаларды пайдаланууга укуктуу, ал эми подрядчы (аткаруучу) өзү алган иштин натыйжасын өз муктаждыктары үчүн пайдаланууга укуктуу.

 

688-статья. Буюртмачынын милдеттери

 

1. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим боюнча буюртмачы:

аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты подрядчыга (аткаруучуга) берүүгө;

аткарылган иштин натыйжасын кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттүү.

2. Келишимде ошондой эле подрядчыга (аткаруучуга) техникалык тапшырманы берүүгө жана программаны (техникалык-экономикалык параметрлерди) же иштин тематикасын аны менен макулдашууга буюртмачынын милдети каралышы мүмкүн.

 

689-статья. Подрядчынын (аткаруучунун) милдеттери

 

Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим боюнча подрядчы (аткаруучу):

ишти буюртмачы менен макулдашылган программага (техникалык-экономикалык параметрлерге) же тематикага ылайык аткарууга жана натыйжаны келишимде каралган мөөнөттө буюртмачыга берүүгө;

үчүнчү жактарга таандык болгон интеллектуалдык ишмердүүлүктүн кайтарылуучу натыйжаларын пайдалануу зарылчылыгын жана аларды пайдалануу укугун сатып алууну буюртмачы менен макулдашууга;

аткарылган иштеги өз күнөөсүнөн улам кетирилген, буюртмачынын техникалык тапшырмасында же келишимде каралган техникалык-экономикалык параметрлерден четтөөгө алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтерди өз күчү менен жана өзүнүн эсебинен жоюуга;

күтүлгөн натыйжаларды алуу мүмкүн болбой калгандыгы байкалгандыгы жөнүндө же ишти улантуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө буюртмачыга тез арада маалымдоого;

келишим боюнча алынган, башка жактардын өзгөчө укуктарын бузбаган натыйжаны буюртмачыга берүүнү гарантиялоого милдеттүү.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

690-статья. Илим-изилдөө иштеринин натыйжасына жетишүү мүмкүн болбой калышынын натыйжасы

 

Эгерде илим-изилдөө иштеринин жүрүшүндө подрядчыга (аткаруучуга) байланышпаган кырдаалдардан улам иштин натыйжасына жетишүү мүмкүн эместиги байкалса, буюртмачы келишимде каралган натыйжаны алуу мүмкүн болбой калгандыгы байкалганга чейин жүргүзүлгөн иштин наркын, бирок келишимде көрсөтүлгөн иштин тиешелүү бөлүгүнүн баасынан ашпаган наркты төлөөгө милдеттүү.

 

691-статья. Тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштердин

натыйжасына жетишүү мүмкүн болбой калышынын натыйжасы

 

Эгерде тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткаруунун жүрүшүндө подрядчынын (аткаруучунун) күнөөсү болбой туруп ишти аткаруу мүмкүн эместиги же улантуу максатка ылайыксыздыгы байкалса, буюртмачы подрядчы (аткаруучу) тарткан чыгымдарды төлөөгө милдеттүү.

 

692-статья. Келишимди бузгандыгы үчүн подрядчынын (аткаруучунун) жоопкерчилиги

 

1. Эгерде подрядчы (аткаруучу) илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимдин бузулушунда өзүнүн күнөөсү жок экендигин далилдей албаса (356-статьянын 1-пункту), подрядчы (аткаруучу) мындай эреже бузуу үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде келишимде подрядчы (аткаруучу) тарабынан буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун келишим боюнча иштердин жалпы наркынын чектеринде толтурууга тийиш экендиги каралса, анда анын ордун кемчилик табылган иштин наркынын чектеринде толтурууга милдеттүү.

 

693-статья. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана

технологиялык иштерди аткарууга келишимди укуктук

жактан жөнгө салуу

 

Ишти аткаруунун мөөнөттөрүнө жана анын баасына карата, ошондой эле иштин натыйжасын алууга буюртмачынын келбей коюшунун натыйжасына карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 628-, 629- жана 659-статьяларынын эрежелери колдонулат.

 

31-Глава
Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү

 

694-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими

 

Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткаруучу буюртмачынын тапшырмасы боюнча мүлктүк формада болбогон кызматтарды көрсөтүүгө (айрым иш-аракеттерди жасоого же айрым ишти жүзөгө ашырууга) милдеттенет, ал эми буюртмачы ушул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.

 

695-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминин предмети

 

Байланыш кызматтары, медициналык, ветеринардык, аудитордук, консультациялык, маалыматтык кызматтар, окутуу, техникалык жактан тейлөө боюнча жана башка кызматтар акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминин предмети болуп саналат.

 

696-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруу

 

Эгерде акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде башкача каралбаса, аткаруучу жеке өзү кызмат көрсөтүүгө милдеттүү.

 

697-статья. Кызмат көрсөтүүнүн баасы

 

1. Буюртмачы өзүнө көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана тартипте акы төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда же акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде башкача каралбаса, буюртмачынын айынан аткаруу мүмкүн болбосо, көрсөтүлгөн кызмат толук көлөмдө төлөнөт.

3. Эгерде мыйзамда же акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде башкача каралбаса, аткаруу мүмкүн эместиги тараптардын бири да жооп бербей турган кырдаалдан улам келип чыккан учурда буюртмачы аткаруучуга ал иш жүзүндө тарткан чыгымдардын ордун толтурат.

 

698-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин бузгандыгы үчүн

аткаруучунун жоопкерчилиги

 

1. Аткаруучу акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө, бирок кызмат көрсөтүүнүн келишимде каралган баасынын эки эселенген өлчөмүнөн ашпаган көлөмдө толтурууга милдеттүү.

2. Аткаруучу ишкерликти жүзөгө ашырууда милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда келишимде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөндөн ашып түшкөн жоопкерчилик каралышы мүмкүн.

 

699-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруудан бир

тараптуу баш тартуу

 

1. Аткаруучуга иш жүзүндө тарткан чыгымдарын төлөгөн шартта буюртмачы акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Буюртмачыга зыяндын ордун толугу менен толтурган шартта аткаруучу акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

700-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин укуктук жактан

жөнгө салуу

 

Эгерде акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимине карата подряд жөнүндө жалпы жоболорду (622-649-статьялар) жана турмуш-тиричилик подряды жөнүндө жоболорду (650-660-статьялар) колдонуу ушул главанын эрежелерине, ошондой эле акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминин предметинин өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбесе, ал жоболор колдонулат.

 

32-Глава
Ташуу

 

701-статья. Ташуу жөнүндө жалпы жоболор

 

1. Жүктөр, жүргүнчүлөр жана багаж ташуу келишиминин негизинде ташылат.

2. Ташуунун жалпы шарттары транспорт уставдары жана кодекстери, башка мыйзамдар жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелер менен аныкталат.

Эгерде ушул Кодексте, транспорт уставдарында жана кодекстеринде, башка мыйзамдарда жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде башкача каралбаса, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун шарттары, ошондой эле ушул ташуулар боюнча тараптардын жоопкерчилиги тараптардын макулдушуусу менен аныкталат.

 

702-статья. Жүк ташуу келишими

 

1. Жүк ташуу келишими боюнча ташуучу жөнөтүүчү тарабынан ага ишенип берилген жүктү тиешелүү пунктка жеткирүүгө жана аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу жакка (алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү жүк ташылгандыгы үчүн белгиленген акыны төлөөгө милдеттенет.

2. Жүк ташуу келишими түзүлгөндүгү транспорттук накладнойду (транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган коносаментти же башка документти) түзүү менен бекитилет.

 

703-статья. Жүргүнчүлөрдү ташуу келишими

 

1. Жүргүнчүлөрдү ташуу келишими боюнча ташуучу жүргүнчүлөрдү баруучу жерине жеткирүүгө, ал эми жүргүнчү багажын тапшырган учурда - багажды да баруучу жерине жеткирүүгө жана аны алууга ыйгарым укуктуу жакка берүүгө милдеттенет, жүргүнчү белгиленген жол кирени төлөөгө, ал эми багажды тапшырган учурда - багаж ташылгандыгы үчүн да акы төлөөгө милдеттенет.

2. Жүргүнчүнү жана багажды ташуу келишими тиешелүү түрдө билет жана багаж квитанциясы менен күбөлөндүрүлөт.

Билеттин жана багаж квитанциясынын формасы транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган тартипте белгиленет.

3. Жүргүнчү транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган тартипте:

өзү менен бирге балдарды акысыз же башкача жеңилдетилген шарттарда ала жүрүүгө;

белгиленген нормадагы өлчөмдө кол жүгүн өзү менен бирге акысыз ташууга;

белгиленген нормадагы өлчөмдө багажын бекер ташууга, ал эми нормадан ашканда - тариф боюнча акы төлөө менен ташууга тапшырууга укуктуу.

 

704-статья. Чартер (фрахттоо) келишими

 

Чартер (фрахттоо) келишими боюнча бир тарап (фрахттоочу) экинчи тарапка (фрахттаган жакка) жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн бир же бир нече рейске бир же бир нече транспорт каражатын бүт бойдон же анын бир бөлүгүн берүүгө милдеттенет.

Чартер (фрахттоо) келишимин түзүүнүн тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимдин формасы транспорт уставдары жана кодекстери менен белгиленет.

 

705-статья. Түз аралаш билдирүү

 

Жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды бирдиктүү транспорт документи боюнча ар кандай түрдөгү транспорт менен ташууда транспорт уюмдарынын өз ара мамилелери, ошондой эле ушул ташууларды уюштуруу тартиби тиешелүү түрдөгү транспорт уюмдарынын ортосундагы макулдашуулар менен аныкталат, алар түз аралаш ташуулар жөнүндө макулдашууга ылайык түзүлөт.

 

706-статья. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу

 

1. Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан же коммерциялык уюмга берилген уруксаттан (лицензиядан) ушул уюм ар кандай граждандын же юридикалык жактын кайрылуусу боюнча жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташууга милдеттүү экендиги келип чыкса, мындай уюм ташууну жүзөгө ашырышы жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу деп табылат.

2. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу келишими ачык келишим (386-статья) болуп саналат.

 

707-статья. Ташуу акысы

 

1. Эгерде мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн тараптардын макулдашуусу менен белгиленген акы алынат.

2. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу үчүн акы транспорт уставдарында жана кодекстеринде белгиленген тартипте бекитилүүчү тарифтердин негизинде аныкталат.

3. Жүк ээлеринин талабы боюнча аткарылуучу жана тарифтерде каралбаган иштер менен кызмат көрсөтүүлөргө акы тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт.

4. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ташуучу ага таандык болгон ташуу акысын жана ташуу боюнча башка төлөмдөрдү (342-статья) камсыз кылуу үчүн ташууга өзүнө берилген жүктөрдү кармап калууга укуктуу.

5. Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн акы жагынан жеңилдиктер же артыкчылыктар белгиленген учурларда буга байланыштуу транспорт уюму тарткан чыгымдардын орду тиешелүү бюджеттин эсебинен толтурулат.

 

708-статья. Транспорт каражаттарын берүү, жүктү жүктөө (түшүрүү)

 

1. Ташуучу кабыл алынган арызда (заказда), ташуу келишиминде же ташууну уюштуруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө тиешелүү жүктү ташуу үчүн жарактуу абалдагы оң транспорт каражатын жүк жүктөөгө берүүгө милдеттүү.

Жүктү жөнөтүүчү тиешелүү жүктү ташуу үчүн жараксыз болгон берилген транспорт каражатынан баш тартууга укуктуу.

2. Транспорт уюму же жүктү жөнөтүүчү (алуучу) жүк жүктөөнү (түшүрүүнү) транспорт уставдарында жана кодекстеринде жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде белгиленген эрежелерди сактоо менен келишимде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде транспорт уставдарында жана кодекстеринде жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде жүк жүктөөнүн мөөнөтү белгиленбесе, жүктү жөнөтүүчүнүн (алуучунун) күчү жана каражаты менен жүзөгө ашырылуучу жүк жүктөө (түшүрүү) келишимде каралган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

 

709-статья. Жүктү, жүргүнчүнү жана багажды жеткирүү мөөнөтү

 

Ташуучу жүктү, жүргүнчүнү жана багажды бара турган жерине транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган тартипте аныкталган мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт жок болсо - акылга сыярлык мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү.

 

710-статья. Ташуудан келип чыккан милдеттенмелер боюнча

жоопкерчилик

 

1. Ташуудан келип чыккан милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда тараптар ушул Кодексте, транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

2. Мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти чектөө же жоюу жөнүндө транспорт уюмдарынын жүргүнчүлөр жана жүк ээлери менен макулдашуусу жараксыз, буга мындай макулдашуу мүмкүнчүлүгү жүк ташууда транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган учурлар кирбейт.

 

711-статья. Транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн ташуучунун

жана берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы

үчүн жөнөтүүчүнүн жоопкерчилиги

 

1. Ташуучу кабыл алынган арызга (заказга) же башка келишимге ылайык жүктү ташууга транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн, ал эми жөнөтүүчү жүктү көрсөтпөгөндүгү же берилген транспорт каражаттарын башка себептерден улам пайдаланбагандыгы үчүн транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

2. Эгерде:

арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, ошондой эле табыгый мүнөздөгү көрүнүштөн (өрттөн, көчкүдөн, суу каптап кетүүдөн) жана аскер аракеттеринен;

транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган тартипте белгиленген айрым багыттарда жүк ташууну токтотуудан же чектөөдөн;

транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган башка учурлардан, -

улам транспорт каражаттары берилбей же берилген транспорт каражаты пайдаланылбай калган учурларда жүк ташуучу жана жөнөтүүчү жоопкерчиликтен бошотулат.

 

712-статья. Жүргүнчүнү жөнөтүүнү кармагандыгы үчүн ташуучунун

жоопкерчилиги

 

1. Шаар ичинде жана шаар четинде каттаган ташууларды кошпогондо, эгерде ташуучу ташууларды кармагандыгы же кечиктириши арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, транспорт каражатынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген бузуктарын оңдоодон жана ташуучуга байланышпаган башка кырдаалдардан улам болгондугун далилдебесе, жүргүнчүнү ташыган транспорт каражатын жиберүүнү кармагандыгы же мындай транспорт баруучу жерине жетүүдөн кечиккендиги үчүн ташуучу тиешелүү транспорт уставында жана кодексинде белгиленген өлчөмдө айып акы төлөйт.

2. Транспорт каражатын жиберүү кармалгандыгынан улам ташуудан жүргүнчү баш тарткан учурда ташуучу жүргүнчүгө ташуу акысын кайра кайтарууга милдеттүү.

 

713-статья. Жүктү же багажды жоготкондугу, ал кемип калгандыгы

жана зыянга учурагандыгы (бузулгандыгы) үчүн

ташуучунун жоопкерчилиги

 

1. Эгерде ташуучу жүктүн жоголушу, кемип калышы же зыянга учурашы ал четтете албаган же четтетүү ага байланышпаган кырдаалдардан улам болгондугун далилдебесе, ташуучу жүктү ташууга кабыл алган учурдан тартып жүк алуучуга, ал ыйгарым укук берген жакка же багажды кабыл алууга ыйгарым укуктуу жакка бергенге чейин жүктүн же багаждын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Жүктү же багажды ташууда келтирилген зыяндын ордун ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдө толтурат:

жүк же багаж жоголгон же кемип калган учурда - жоголгон же кемип калган жүктүн же багаждын өлчөмүндө;

жүк же багаж зыянга учураганда - анын наркы төмөндөгөн сумманын өлчөмүндө, ал эми бузулган жүктү же багажды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн болбосо - анын наркынын өлчөмүндө;

баалуулугу жарыялануу менен ташууга тапшырылган жүк же багаж жоголгон же кемип калган учурда - жүктүн же багаждын жарыяланган наркынын өлчөмүндө.

Жүктүн же багаждын наркы сатуучунун эсебинде көрсөтүлгөн же келишимде каралган анын баасына таянуу менен, ал эми эсеп жок болсо же келишимде баа көрсөтүлбөсө - салыштырмалуу кырдаалдарда демейде ушундай товарлар үчүн алынган баага таянуу менен аныкталат.

3. Эгерде жоголгон, кемиген, бузулган же зыянга учураган жүктү же багажды ташуу үчүн өндүрүлгөн ташуу акысы жүктүн наркына кирбесе, ташуучу ушул акыны жүктүн жоголушу, кемип калышы, бузулушу же зыянга учурашы менен байланышкан белгиленген зыяндын ордун толтуруу менен катар жүк жөнөтүүчүгө (алуучуга) кайра кайтарат.

4. Жүк же багаж сакталбай калышынын себептери жөнүндө ташуучу бир тараптуу тартипте түзгөн документтер (коммерциялык акт, жалпы формадагы акт жана башкалар) жүктү же багажды ташуучунун, жөнөтүүчүнүн же алуучунун жоопкерчилиги үчүн негиз боло турган кырдаалды күбөлөгөн башка документтер менен катар бааланууга тийиш.

 

714-статья. Жүк ташуулар боюнча дооматтар жана доолор

 

1. Ташуучуга жүк ташуудан келип чыккан доо коюлганга чейин ага транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган тартипте милдеттүү түрдө доомат коюлууга тийиш.

2. Ташуучу дооматты канааттандыруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тарткан же ташуучудан отуз күндүк мөөнөттө жооп албаган учурда жүк жөнөтүүчү же жүк алуучу ташуучуга доомат кое алат.

3. Жүк ташуудан келип чыккан талаптар боюнча мөөнөттүн эскириши ушул Кодекстин 208-статьясына ылайык аныкталган учурдан тартып бир жылга белгиленет.

 

715-статья. Ташууларды уюштуруу жөнүндө келишимдер

 

Ташууларды дайыма жүзөгө ашыруу зарылчылыгы келип чыкканда ташуучу менен жүк ээси ташууларды уюштуруу жөнүндө узак мөөнөттүү келишимдерди түзө алышат.

Жүктөрдү ташууну уюштуруу жөнүндө келишим боюнча ташуучу шартташкан көлөмдөгү жүктөрдү белгиленген мөөнөттө кабыл алууга, ал эми жүк ээси ташууга берүүгө милдеттенет. Жүктөрдү ташууну уюштуруу жөнүндө келишимде транспорт каражаттарын берүүнүн жана ташууга жүктөрдү көрсөтүүнүн көлөмү, мөөнөтү жана башка шарттары, эсептешүүнүн тартиби, ошондой эле ташууну уюштуруунун башка шарттары аныкталат.

 

716-статья. Транспорт уюмдарынын ортосундагы келишим

 

Ар кандай түрдөгү транспорт уюмдарынын ортосунда жүк ташууларды камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө келишимдер (жүктөрдү борбордоштуруп ташып келүүгө (ташып чыгууга) түйүндүү макулдашуулар, келишимдер жана башкалар) түзүлүшү мүмкүн.

Мындай келишимдерди түзүү тартиби транспорт уставдары жана кодекстери, башка мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

 

717-статья. Жүргүнчүнү өлүмгө учураткандыгы же ден соолугуна зыян

келтиргендиги үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Эгерде мыйзамда же ташуу келишиминде ташуучунун жогорулатылган жоопкерчилиги каралбаса, жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирген зыян үчүн ташуучунун жоопкерчилиги ушул Кодекстин 51-главасындагы эрежелер боюнча аныкталат.

 

33-Глава
Транспорт экспедициясы

 

718-статья. Транспорт экспедициясынын келишими

 

1. Транспорт экспедициясынын келишими боюнча экспедитор кардардын - жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун сыйлык акысы үчүн же анын эсебинен келишимде аныкталган, жүк ташуу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга же аткарууну уюштурууга милдеттенет.

Транспорт экспедициясынын келишиминде экспедитордун жүктү транспорт менен жана экспедитор же кардар тандаган маршрут боюнча ташууну уюштурууга милдети, экспедитордун жүк ташуу келишимин (келишимдерин) кардардын атынан же өзүнүн атынан түзүүгө, жүктү жөнөтүүнү жана кабыл алууну камсыз кылуу милдети, ошондой эле ташуу менен байланышкан башка милдеттери каралышы мүмкүн.

Кошумча кызмат көрсөтүү катарында транспорт экспедициясынын келишиминде жүктү жеткирүү үчүн зарыл болгон экспорт же импорт үчүн талап кылынган документтерди алуу, бажылык жана башка иш-чараларды аткаруу, жүктүн санын жана сапатын текшерүү, аны жүктөө жана түшүрүү, пошлиналарды, жыйымдарды жана кардарга жүктөлүүчү башка чыгымдарды төлөө, жүктү сактоо, аны барган жеринде кабыл алуу сыяктуу операцияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле келишимде каралган башка операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу каралышы мүмкүн.

2. Ушул главанын эрежелери келишимге ылайык экспедитордун милдетин ташуучу аткарган учурларга да жайылтылат.

3. Эгерде транспорт-экспедиция иши жөнүндө мыйзамда башкача белгиленбесе, транспорт экспедициясынын келишимин аткаруу шарттары тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

 

719-статья. Келишимдин формасы

 

1. Транспорт экспедициясынын келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Эгерде экспедитор өз милдеттерин аткарышы үчүн ага ишеним кат зарыл болсо, кардар аны экспедиторго берүүгө тийиш.

 

720-статья. Транспорт экспедициясынын келишими боюнча

экспедитордун жоопкерчилиги

 

Транспорт экспедициясынын келишимин аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн экспедитор ушул Кодекстин 20-главасынын эрежелерине ылайык аныкталган негиздер боюнча жана өлчөмдө жоопкерчилик тартат.

Эгерде экспедитор милдеттенменин бузулушу ташуу келишимдери ойдогудай эмес аткарылышынан улам келип чыккандыгын далилдесе, кардарга карата экспедитордун жоопкерчилиги экспедиторго карата тиешелүү ташуучу жооп берген эрежелер менен аныкталат.

 

721-статья. Экспедиторго берилүүчү документтер жана башка

маалыматтар

 

1. Кардар экспедиторго жүктүн касиеттери, аны ташуунун шарттары жөнүндө документтерди жана башка маалыматты, ошондой эле экспедитор транспорт экспедициясынын келишиминде каралган милдеттерди аткарышы үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө милдеттүү.

2. Экспедитор алынган маалыматтын табылган кемчиликтери жөнүндө кардарга билдирүүгө, ал эми маалымат толук болбосо зарыл болгон кошумча маалыматтарды кардардан сурап алууга милдеттүү.

3. Кардар зарыл маалыматты бербей койгон учурда мындай маалымат берилгенге чейин экспедитор тиешелүү милдеттерди аткарууга киришпөөгө укуктуу.

4. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бузулушуна байланыштуу экспедиторго келтирилген зыян үчүн кардар жоопкерчилик тартат.

 

722-статья. Экспедитордун милдетин үчүнчү жак аткарышы

 

Эгерде транспорт экспедициясынын келишиминде экспедитор өз милдеттерин жеке аткарууга тийиш экендиги айтылбаса, экспедитор өз милдеттерин аткарууга башка жактарды тартууга укуктуу.

Милдеттенменин аткарылышын үчүнчү жакка жүктөө экспедиторду келишимдин аткарылышы үчүн кардарга карата жоопкерчиликтен бошотпойт.

 

723-статья. Транспорт экспедициясынын келишиминен баш тартуу

 

Тараптардын ар бири транспорт экспедициясынын келишимин аткаруудан баш тарта тургандыгы жөнүндө экинчи тарапка акылга сыярлык мөөнөттө эскертүү менен андан баш тартууга укуктуу.

Келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартылганда баш тартууну билдирген тарап экинчи тарапка келишимдин токтотулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтурат.

 

34-Глава
Заем жана кредит

 

1-§. Заем

 

724-статья. Заем келишими

 

1. Заем келишими боюнча бир тарап (заем берүүчү) экинчи тарапка (заем алуучуга ) акча же түрдүк белгилери аныкталган буюмду берет, ал эми заем алуучу ошол эле суммадагы акчаны (заем суммасын) же ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттенет.

2. Заем келишими акчаны же буюмду берген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

 

725-статья. Заем келишиминин формасы

 

1. Заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда - суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Заем келишимин жазуу жүзүндө түзүлбөгөндүгү ушул Кодекстин 178-статьясында каралган натыйжаларга алып келет.

3. Заем алуучунун ага заем берүүчү белгилүү бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин күбөлөндүргөн тилкаты же башка документи болгон учурда заем келишими жазуу жүзүндө түзүлдү деп таанылат.

4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.

5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

726-статья. Заем келишими боюнча проценттер

 

1. Мыйзамда же заем келишиминде башка белгиленбесе, заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан процент алууга укуктуу. Келишимде проценттин өлчөмү жөнүндө шарт каралбаган учурда анын өлчөмү заем берүүчү жашаган жерде, ал эми заем берүүчү юридикалык жак болгон учурда - ал жайгашкан жерде заем алуучу карыз суммасын же анын тиешелүү бөлүгүн кайтарып берген күнгө карата болгон банк процентинин өлчөмү (кайрадан финансылоо өлчөмү) менен аныкталат.

2. Граждандардын ортосунда эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн элүү эсе ашпаган суммага түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын биринин ээлик кылуу ишкердигин ишке ашыруусуна байланышпаган заем келишими, эгерде анда түздөн-түз башкасы каралбаса, процентсиз деп эсептелинет.

3. Эгерде заем келишими боюнча заем алуучуга түрдүк белгилери аныкталган буюмдар берилген болсо, алардын өлчөмү жана формасы (акчалай же натуралай) келишимде каралган учурда процент төлөнүүгө тийиш.

4. Процентти төлөө тартиби жана мөөнөтү заем келишиминде аныкталат. Эгерде процентти төлөө тартиби жана мөөнөтү заем келишиминде аныкталбаса, анда алар заем суммасын кайтарып бермейинче ай сайын төлөнөт.

5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет.

6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.

(КР 2008-жылдын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 30-майындагы № 85 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

727-статья. Заем алуучунун заем суммасын кайтарып берүү милдети

 

1. Заем алуучу алынган сумманы заем берүүчүгө заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтаруу мөөнөтү келишимде аныкталбаган же талап кылынган убакыты менен аныкталган учурда, эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем суммасы заем алуучу тарабынан заем берүүчү кайтарып берүүнү талап кылган учурдан тартып бир айдын ичинде кайтарып берилүүгө милдеттүү.

2. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып бериши мүмкүн.

Жеке жана юридикалык жактарга пайызга берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн.

Пайызга берилген заемдун суммасы, башка учурларда заем берүүчүнүн макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн.

3. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, анда заем суммасы заем берүүчүгө өткөрүп берилген же тийиштүү каражаттар анын банктагы эсеп-кысабына чегерилген учурдан тартып кайтарып берилди деп эсептелинет.

 (КР 2013-жылдын 30-майындагы №85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

728-статья. Заем алуучунун келишимди бузгандыгынын натыйжасы

 

1. Эгерде мыйзамда же заем келишиминде башкасы каралбаса, заем алуучу заем суммасын өз мөөнөтүндө кайтарбаган учурда ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктунда каралган проценттер төлөнгөндүгүнө карабастан заем суммасы кайтарылууга тийиш болгон учурдан тартып ал кайтарып берилгенге чейин ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктунда каралган проценттер төлөнүүгө тийиш.

2. Эгерде заем келишиминде заемду бөлүп-бөлүп (мөөнөтүн узартып) кайтаруу белгиленген болсо, анда заем алуучу заемду кайтаруунун кезектеги мөөнөтүн бузган учурда заем берүүчү төлөнүүгө тийиш болгон проценттери менен кошо бардык заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.

 

729-статья. Заем келишимин талашуу

 

1. Заем алуучу акчаны же буюмду заем берүүчүдөн чындыгында албагандыгын же келишимде көрсөтүлгөндөн аз алгандыгын далилдөө менен өзүнүн акчасыздыгы боюнча заем келишимин талашууга укуктуу.

2. Заем келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек болгон учурда (724-cтатья) келишим алдамчылыктын, күч көрсөтүүнүн, коркутуунун, заем алуучунун өкүлүнүн заем берүүчү менен арам ойдо макулдашуусунун негизинде түзүлгөндөн тышкары учурларда, акчасыздык боюнча күбөлөрдү тартуу менен талашууга жол берилбейт.

3. Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет. Акча же башка буюм заем алуучу тарабынан заем берүүчүдөн келишимде көрсөтүлгөндөн аз санда алынган учурда келишим ошол сандагы акчага жана буюмга түзүлгөн деп эсептелет.

 

730-cтатья. Заем алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз

кылуу

 

Заем келишиминде белгиленген заем суммасынын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттерин заем алуучу аткарбаган, ошондой эле заем берүүчү жооптуу болбогон кырдаалдардан улам анын камсыз кылынышы жоготулган же анын шарттары начарлаган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем алуучудан заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана тийиштүү проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.

 

731-статья. Максаттуу заем

 

1. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем келишими боюнча алынган каражатты каалагандай пайдаланат.

2. Эгерде заем келишиминде заем алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдаланары айтылган болсо (максаттуу заем), анда заем алуучу заем суммасынын максатына ылайык пайдаланылышын заем берүүчүнүн контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

3. Заем алуучу келишимдин заем суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндөгү шартын аткарбаган, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттенмелер бузулган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем алуучудан заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана тийиштүү проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.

 

732-статья. Карызды заем милдеттенмесине жаңыртуу (новация)

 

1. Тараптардын макулдашуусу боюнча соода-сатыктан, мүлктү ижарага алуудан же башка негизде келип чыккан карыз заем милдеттенмесине алмашылышы мүмкүн.

2. Карызды заем милдеттенмесине алмаштыруу милдеттенмени жаңыртуу жөнүндөгү талаптардын сакталышы менен (375-cтатья) жана заем келишимин түзүү үчүн белгиленген формада (724-cтатья) жүргүзүлөт.

 

733-статья. Мамлекеттик заем келишими

 

1. Мамлекеттик заем келишими боюнча заем алуучу болуп Кыргыз Республикасы, ал эми заем берүүчү болуп - гражданин же юридикалык жак чыгат.

2. Мамлекеттик заем - ыктыярдуу.

3. Мамлекеттик заем келишими чыгарылган мамлекеттик облигацияларды же башка мамлекеттик баалуу кагаздарды заем берүүчүнүн сатып алуусу аркылуу түзүлөт. Мамлекеттик облигациялар же башка баалуу кагаздар заем берүүчүнүн карыз берген акча каражатын же болбосо заемдун шартына ылайык башка мүлктү, белгиленген проценттерди же башка мүлктүк укукту заемду жүгүртүүгө чыгаруунун шартында белгиленген мөөнөттө заем алуучудан алууга карата укугун күбөлөндүрөт.

4. Жүгүртүүгө чыгарылган заемдун шартын өзгөртүүгө жол берилбейт.

 

2-§. Кредит

 

734-статья. Кредит келишими

 

1. Кредит келишими боюнча банк же башка кредит уюму (кредитор) акча каражатын (кредитти) келишимде каралган шартта заем алуучуга берүүгө, ал эми заем алуучу алынган акча суммасын кайра кайтарууга жана ал үчүн процент төлөп берүүгө милдеттенет.

2. Кредит келишими боюнча мамилелерге, эгерде ушул параграфтын эрежелеринде башкасы каралбаса же кредит келишиминин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул главанын 1 параграфында каралган эрежелер колдонулат.

 

735-статья. Кредит келишиминин формасы

 

Кредит келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

Жазуу жүзүндөгү форманын сакталбагандыгы кредит келишиминин анык эместигине алып келет. Мындай келишим жокко эсе.

 

736-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу

 

1. Заем алуучуга берилген сумма өз убагында кайтарылбай тургандыгы анык экендигин күбөлөндүргөн кырдаалдарда заем берүүчү келишимде белгиленген кредитти толугу менен же жарым-жартылай берүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Заем алуучу, эгерде мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде же кредит келишиминде башкасы каралбаса, келишимде белгиленген берүү мөөнөтү келе электе кредиторго билдирүү менен кредитти алуудан баш тартууга укуктуу.

3. Заем алуучу тарабынан кредит келишиминде каралган кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмеси бузулган учурда (730-cтатья) кредитор дагы заем алуучуга келишим боюнча андан ары кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу.

 

3-§. Товардык жана коммерциялык кредит

 

737-статья. Товардык кредит

 

Тараптар алардын бирин түрдүк белгилери аныкталган буюмдарды экинчи тарапка беришин милдеттендирген келишимди түзүшү мүмкүн (товардык кредит келишими). Мындай келишимге карата, эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул главанын 2-параграфынын эрежелери колдонулат.

Эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса, берилип жаткан буюмдардын саны, ассортименти, комплекттүүлүгү, сапаты, идиши жана (же) таңгакталышы жөнүндөгү шарттар товардык соода-сатык келишиминин (428-448) эрежелерине ылайык аткарылууга тийиш.

 

738-статья. Коммерциялык кредит

 

1. Аткарылышы тараптардын биринин менчигине акча суммасын же түрдүк белгилери аныкталган башка буюмдарды берүү менен байланышкан келишимдерде, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ал тарапка же ал тараптын кредит берүүсү, анын ичинде аванс, алдын ала төлөө, товар үчүн төлөөнүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү (коммерциялык кредит) түрүндө кредит берүү каралышы мүмкүн.

2. Эгерде тийиштүү милдеттенме келип чыккан келишим жөнүндөгү эрежелерде башкасы каралбаса жана мындай милдеттенменин маңызына карама-каршы келбесе, коммерциялык кредиттерге тийиштүү түрдө ушул главанын эрежелери колдонулат.

 

35-Глава
Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо

 

739-статья. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо

келишими

 

1. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими боюнча бир тарап (финансы агенти) экинчи тарапка (клиентке) клиенттин үчүнчү тарапка (карызкорго) товар бергендигинен, жумуш аткаргандыгынан же кызмат көрсөткөндүгүнөн улам андан алууга тийиш болгон акчаны талап кылуу укугунун эсебинен акчаны берет же берүүгө милдеттенет, ал эми клиент ал акчаны талап кылуу укугун финансы агентине берет же берүүгө милдеттенет.

Карызкордон акчаны талап кылуу укугун клиент өзүнүн финансы агентинин алдындагы милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу максатында да финансы агентине бериши мүмкүн.

2. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими боюнча финансы агентинин милдети клиент үчүн бухгалтериялык эсеп жүргүзүүнү, ошондой эле талап кылуу укугунун предмети болуп эсептелген акчалай талаптарга байланыштуу башка финансы кызматтарын клиентке көрсөтүүнү камтышы мүмкүн.

 

740-статья. Финансы агенти

 

Финансы агенти катары акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишимин банктар жана башка кредиттик уюмдар, ошондой эле ушундай түрдөгү иш-аракет жүргүзүүгө уруксаты (лицензиясы) бар башка коммерциялык уюмдар түзө алат.

 

741-статья. Финансылоого жетишүү үчүн акчаны талап кылуу укугун

берүү

 

1. Финансылоого негиз болуучу укук берүүнүн предмети төлөө мөөнөтү келген акчалай талап (учурдагы талап), ошондой эле келечекте пайда болуучу акчаны алуу укугу (келерки талап) да болушу мүмкүн.

Укук берүүнүн предмети болгон акчалай талап клиент менен финансы агентинин келишиминде учурдагы талапты келишим түзүлүп жаткан учурдагы талап деп жана келерки талапты - андай талап келип чыккан учурдан кеч эмес пайда болуучу талап деп билүүгө мүмкүндүк бергидей аныкталууга тийиш.

2. Келерки талап кылуу укугун берүүдө келишимде көрсөтүлгөн талап кылуу укугунун предмети болгон акчалай каражатты карызкордон алуу укугу пайда болгон учурдан тартып акчаны талап кылуунун келерки укугу ал финансы агентине өттү деп эсептелет.

Эгерде акчаны талап кылуу укугунун берилиши кандайдыр бир окуя менен шартталса, анда ал ошол окуя болгондон кийин күчүнө кирет.

Акчаны талап кылуу укугунун берилишин кошумча түрдө жазуу мындай учурда талап кылынбайт.

 

742-статья. Клиенттин финансы агентинин алдындагы жоопкерчилиги

 

1. Эгерде, акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, клиент финансы агентинин алдында талап кылуу укугун берүүнүн предмети болгон акчалай талап кылуунун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде, клиент талап кылууну берүү укугуна ээ болуп жана бул талап кылуу укугун берип жаткан учурда карызкордун аны аткарбоого укугу бар экендигинин кырдаалы ага белгисиз болсо, талап кылуу укугун берүүнүн предмети болгон акчалай талап кылуу анык деп таанылат.

3. Клиент менен финансы агентинин ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, талап кылуу укугун берүүнүн предмети болгон акчалай талап кылууну финансы агенти аткарууну талап кылган учурда карызкордун аны аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн клиент жооп бербейт.

 

743-статья. Акчаны талап кылуу укугун берүүгө тыюу салуунун анык

эместиги

 

Финансы агентине акчаны талап кылуу укугунун берилиши, клиент менен анын карызкорунун ортосунда ага тыюу салуу же чектөө жөнүндө макулдашуу болгон учурда да анык деп эсептелет.

 

744-статья. Акчаны талап кылуу укугунун кийинки берилиши

 

Эгерде акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, финансы агентинин акчаны талап кылуу укугун андан кийин да башкага беришине жол берилбейт.

Акчаны талап кылуу укугунун кийинки берилишине жол берилген учурда ага карата тийиштүү түрдө ушул главанын жоболору колдонулат.

 

745-статья. Карызкордун акчалай талапты финансы агентине аткарышы

 

1. Карызкор акчаны талап кылуу укугунун ушул финансы агентине берилгендиги жөнүндө клиенттен же финансы агентинен билдирүү алган жана ал билдирүүдө акчалай талаптын тийиштүү түрдө аткарылышы аныкталган жана, ошондой эле төлөнүп берилүүгө тийиш болгон финансы агенти көрсөтүлгөн шартта финансы агентине төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Карызкордун өтүнүчү боюнча финансы агенти акылга сыярлык мезгил ичинде акчаны талап кылуу укугунун ушул финансы агентине берилгендигинин далилин берүүгө тийиш. Эгерде финансы агенти бул милдетин аткарбаса, анда карызкор бул талап боюнча карызын клиентке анын алдындагы милдетинен кутулуу үчүн төлөп берүүгө акылуу.

3. Ушул статьянын эрежелерине ылайык карызкордун акчалай талапты финансы агентине аткарып бериши карызкорду клиенттин алдындагы тийиштүү милдетинен кутултат.

 

746-статья. Карызкордон алган суммага карата финансы агентинин

укуктары

 

1. Эгерде акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминин шарты боюнча клиентти финансылоо финансы агентинин ушул талапты сатып алышы менен жүргүзүлсө, анда ал финансы агентинин ушул талапты аткаруу боюнча карызкордон алынуучу бардык суммага карата укугу болот, ал эми клиент агенттин талап боюнча алган суммасы талапты сатып алган суммадан аз болуп калгандыгы үчүн финансы агентинин алдында жоопкерчилик тартпайт.

2. Эгерде акчаны талап кылуу укугу финансы агентине клиенттин милдетинин аткарылышын камсыз кылуу максатында берилсе жана акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, финансы агенти клиенттин алдында отчет берүүгө жана акчаны талап кылуу укугунун берилиши менен камсыз кылынган клиенттин карызынан ашкан сумманы ага берүүгө милдеттүү. Эгерде финансы агентинин карызкордон алган суммасы клиенттин финансы агентине талап кылуу укугу менен камсыз кылынган карызынан аз болуп калса, анда клиент карыздын калган бөлүгү үчүн финансы агентинин алдында милдеттүү болот.

 

747-статья. Карызкордун кайчы талаптары

 

1. Финансы агенти карызкорго карызды төлөп берүү талабы менен кайрылганда карызкор ушул Кодекстин 373-статьясына ылайык талап кылуу укугунун финансы агентине берилгендиги жөнүндө билдирүү алган учурга карата клиент менен келишимине негизделген өзүнүн акчалай талаптарын эске алууну талап кылууга укуктуу.

2. Талап кылуу укугун берүү же чектөө жөнүндөгү макулдашууну клиенттин бузгандыгына байланыштуу карызкордун клиентке карата талабы финансы агентине карата күчүндө болбойт.

 

748-статья. Финансы агенти алган сумманы карызкорго кайтарып берүү

 

1. Карызкор менен келишим боюнча милдеттенмесин клиент бузган учурда карызкор финансы агентине өткөн талап кылуу укугуна ылайык ага төлөп берген сумманы, эгерде ал сумманы түздөн-түз клиенттен алууга акысы бар болсо, финансы агентинен кайра талап кылууга укугу жок.

2. Карызкордун финансы агентине өткөн талап кылуу укугуна ылайык ага төлөп берген сумманы түздөн-түз клиенттен алууга укугу болгон учурда, эгерде финансы агенти талап кылуу укугу берилгендигине байланыштуу клиентке убада кылган төлөмүн төлөбөй койгондугу же клиенттин карызкор алдындагы милдеттенмесин бузгандыгын билип туруп төлөп бергендиги далилденсе, анда карызкор финансы агентинен ал сумманы кайра талап кылууга укуктуу.

 

36-Глава
Банк салымы

 

749-статья. Банк салымынын келишими

 

1. Банк салымынын (банк депозитинин) келишими боюнча аманат салуучудан же ал үчүн келип түшкөн акча суммасын (салымды) кабыл алган банк же башка кредит мекемеси (мындан ары - банк) келишимде белгиленген шартта жана тартипте аманат салуучуга ошондой эле сумманы (аманат салымын) жана анын проценттерин же башкача түрдөгү кирешесин төлөп берүүгө милдеттенет.

Банк салымы боюнча келишим салым суммасы боюнча келип түшкөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет.

2. Аманат салуучу гражданин болуп эсептелген банк салымы ачык келишим (386-статья) деп таанылат.

3. (Алынып салынды)

(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

750-статья. Салымдарга акча каражатын тартуу укугу

 

1. Салымдарга акча каражатын тартуу укугуна мыйзамда белгиленген тартипте берилген уруксатка (лицензияга) ылайык ушундай укук берилген банктар гана ээ болот.

2. Аманат салымы буга укугу жок адам тарабынан же болбосо мыйзамда белгиленген же ага ылайык кабыл алынган тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда аманат салуучу аманат салымын токтоосуз кайтарып берүүнү, ошондой эле ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди жана процент суммасынан тышкары тарткан зыянынын ордун толтуруп берүүнү талап кыла алат.

Эгерде андай адам тарабынан банк салымынын келишиминин тартибинде юридикалык жактын акчалай каражаты кабыл алынган болсо, анда мындай келишим анык эмес деп табылат (185-cтатья).

3. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, анда ушул статьянын 2-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкү учурларда да колдонулат:

граждандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын вексел кармоочулардын биринчи талабы боюнча аларды алышы жана ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарды ишке ашырышы жокко чыгарылган векселдерге жана башка баалуу кагаздарга тартуу;

граждандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын чыгарылышы мыйзамдуу эмес деп табылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды аларга сатуу аркылуу тартуу.

 

751-статья. Банк салымынын келишиминин формасы

 

1. Банк салымынын келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Эгерде аманат салымы салынгандыгы аманат китепчеси же депозиттик сертификат же ушундай документтер үчүн каралган мыйзамдардын же аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринин жана банк практикасында колдонулуучу ишкердүү жүгүртүүнүн талаптарына жооп берген жана банк тарабынан салым салуучуга берилген башка документтер менен күбөлөндүрүлсө, анда банк салымынын келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы сакталды деп эсептелет.

2. Банк салымынын келишиминин жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбагандыгы мындай келишимдин анык эместигине алып келет. Мындай келишим жокко эсе.

 

752-статья. Салымдардын түрлөрү

 

1. Банк салымынын келишими салымды биринчи жолу талап кылганда берүү (талап кылууга чейинки салым) же келишимде аныкталган мөөнөт өткөндөн кийин салымды кайтарып берүү (мөөнөттүү салым) шартында түзүлөт.

Келишимде салымдын мыйзамга карама-каршы келбеген башка шартта кайтарып берилиши каралышы мүмкүн.

2. Банк салымынын ар кандай түрдөгү келишими боюнча, салым юридикалык жактар тарабынан келишимде каралган башка шартта кайтарып берүү менен салынган учурдан тышкары, банк салым салуучунун биринчи талабы боюнча салым суммасын же анын бир бөлүгүн кайтарып берүүгө милдеттүү.

Гражданиндин биринчи талап боюнча салымын алуу укугунан баш тартышын белгиленген келишимдин шарты анык эмес.

3. Мөөнөттүү салым же талап кылууга чейинки салымдан башкача түрдөгү салым аманат салуучуга анын талабы боюнча мөөнөтү аяктаганга же келишимде көрсөтүлгөн башка кырдаал келгенге чейин кайтарып берилген учурда жана ал боюнча проценттер, эгерде келишимде проценттин андан жогорку өлчөмү белгиленбесе, банк тарабынан талап кылууга чейинки салымга келген процент боюнча төлөнүп берилет.

4. Мөөнөттүү салымдын мөөнөтү аяктагандан кийин же келишимде каралган башка кырдаал келгенден кийин аманат салуучу салым суммасын кайтарып берүүнү талап кылбаган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, келишим талап кылганга чейинки салым шартында узартылды деп эсептелет.

5. Эгер ушул главанын эрежесинде башкача каралбаса же банктагы аманат жөнүндө келишимдин мазмунунан башкача келип чыкпаса, банк менен аманатчынын - сурап алма төлөө аманаты боюнча жеке адамдын мамилесине карата банктагы эсеп жөнүндө келишимдин эрежелери (37-глава) колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 Мыйзамынын, 2008-жылдын 8-майындагы № 80 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

753-статья. Салымдарга проценттер

 

1. Банк аманат салуучуга банк салымынын келишиминде аныкталган өлчөмдө салымга процент төлөп берет.

Келишимде төлөнүүчү проценттин өлчөмү жөнүндө шарт каралбаган учурда банк ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктуна ылайык аныкталуучу өлчөмдө процент төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, банк талап кылганга чейинки салым боюнча төлөнүүчү проценттин өлчөмүн өзгөртүп коюуга укуктуу.

Банк проценттин өлчөмүн азайтып койгон учурда проценттин жаңы өлчөмү, эгерде келишимде башкасы каралбаса, аманат салуучуларга проценттин өлчөмүнүн азайгандыгы жөнүндө билдирилген ай аяктагандан кийин колдонулат.

3. Белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин же келишимде каралган кырдаал келгенден кийин берилүүчү салымдар банк салымынын келишими менен аныкталуучу проценттердин өлчөмүн, эгерде келишимде башкасы каралбаса, банк бир тараптуу азайтып кое албайт.

 

754-статья. Салым боюнча процентти эсептөөнүн жана төлөп берүүнүн

тартиби

 

1. Банк салымынын суммасына проценттер ал сумма банкка келип түшкөн күндүн эртесинен тартып анын аманат салуучуга кайтарып берилгенинен мурдагы күнгө чейин же башка негиздер боюнча аманат салуучунун эсебинен чыгарылып салганга чейин төлөнөт.

2. Банк салымынын суммасына проценттер аманат салуучуга анын талабы боюнча ар бир квартал өткөндөн кийин салым суммасынан бөлөк төлөнөт, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган проценттер, эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, процент төлөнүүчү салымдын суммасын көбөйтөт.

Салымды кайтарып берүүдө ушул учурга чейин эсептелген проценттер кошо төлөнүп берилет.

 

755-статья. Салымдын кайтарылышын камсыз кылуу

 

1. Өзү кабыл алган салымдардын кайтарып берилишин камсыз кылуу үчүн банк тарабынан колдонулуучу каражат жана ыкмалар мыйзамда жана келишимде аныкталат.

2. Банк аманат салуучуга салымдын кайтарылышын камсыз кылынышы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

3. Банк тарабынан салымдын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча мыйзамда же банк салымынын келишиминде каралган милдеттер аткарылбаган, ошондой эле камсыз кылынышы жоголгон же анын шарттары начарлаган учурда аманат салуучу банктан салым суммасын токтоосуз кайтарып берүүнү, ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктуна ылайык аныкталуучу өлчөмдө анын процентин төлөп берүүнү жана ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык келтирилген зыяндардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

756-статья. Үчүнчү жактардын аманат салуучунун эсебине акча

каражатын кошуусу

 

Эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, үчүнчү жактардан аманат салуучунун эсебине салым боюнча анын эсеби жөнүндө зарыл маалыматы менен кошо келип түшкөн акчалай каражат салымга кошулат. Бул учурда аманат салуучу салым эсеби боюнча зарыл маалыматтарды берүү менен мындай жактардан акчалай каражат алууга макулдугун берди деп эсептелет.

 

757-статья. Үчүнчү жак үчүн салынган салым

 

1. Салым банкка белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн. Андай жак, эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, ушул укуктарга негизделген өзүнүн биринчи талабын банкка койгон, же болбосо ошондой укуктарын пайдаланууга карата ниетин башкача жол менен банкка билдирген учурдан тартып аманат салуучунун укугуна ээ болот.

Салым пайдасына салынып жаткан гражданиндин ысмын (54-cтатья) же юридикалык жактын аталышын (89-cтатья) көрсөтүү тиешелүү банк системасынын келишиминин олуттуу шарты болуп эсептелет.

Банк салымынын келишими түзүлгөн учурга чейин каза болгон, же болбосо ушул учурда бар болбогон юридикалык жактын пайдасы үчүн түзүлгөн банк салымынын келишими жокко эсе.

2. Эгерде башкасы каралбаса өзүнүн атына салым салынган үчүнчү жак акча анын эсебине келип түшкөн учурдан тартып аманат салуучунун укугун алат.

3. Өзүнүн атына салым салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурда банк салымынын келишимин түзгөн жак салымды кайра талап кылууга же өзүнүн атына которуп коюуга укуктуу.

 

758-статья. Аманат китепчеси

 

1. Эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, гражданин менен банк салымынын келишимин түзүү жана анын салым боюнча эсебине акча каражатын салуу аманат китепчеси менен күбөлөндүрүлөт.

Аманат китепчесинде банк тарабынан банктын же анын тийиштүү филиалынын аталышы жана жайгашкан жери (89-статья), аманат боюнча эсептин номери, ошондой эле эсепке салынган бардык акча каражатынын суммасы, эсептен чыгарылган бардык акча каражатынын суммасы жана аманат китепчесин банкка көрсөтүү учуруна карата эсептеги акча каражатынын калдыгы көрсөтүлүп, күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Аманаттын башкача абалы далилденбегендиктен, китепчесинде көрсөтүлгөн салым жөнүндөгү маалыматтар банк менен аманат салуучунун ортосундагы эсептешүүлөр үчүн негиз болот.

2. Банк салымынын келишиминде жекече аманат китепчелери же көрсөткөн адамдын аманат китепчелери белгилениши мүмкүн. Көрсөткөн адамдын аманат китепчелери баалу кагаз деп эсептелет.

3. Салымды берүү, ал боюнча процентти төлөө жана аманат салуучунун эсеп боюнча акча каражатын башка жактарга которуу жөнүндөгү буйругун аткаруу банк тарабынан аманат китепчеси көргөзүлгөндө гана жүргүзүлөт.

Эгерде жекече аманат китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүүгө болбогон абалга келсе анда банк аманат салуучунун арызы боюнча ага жаңы аманат китепчесин берет.

Көрсөткөн адамдын аманат китепчесинин жоголушу боюнча укуктар көрсөткөн адамдын баалуу кагаздары үчүн белгиленген тартипте (43-cтатья) калыбына келтирилет.

 

759-статья. Аманат (депозит) сертификаты

 

1. Аманат (депозит) сертификаты банкка салынган аманаттын суммасын жана аманат салуучунун (cертификатты кармоочунун) белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин салым суммасын жана сертификат менен шартталган проценттерди сертификатты берген банктан же ал банкттын каалаган филиалынан алууга карата укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз болуп эсептелет.

2. Аманат (депозит) сертификаты көрсөтмө же аты жазылган түрүндө болушу мүмкүн.

3. Аманат (депозит) сертификаты төлөп берүү үчүн мөөнөтүнөн мурда көрсөтүлгөндө банк салымдын суммасын жана процентти, эгерде сертификаттын шарты боюнча проценттин башка өлчөмү белгиленбесе, талап кылууга чейинки салымдар боюнча төлөп берет.

 

37-Глава
Банк эсеби

 

760-статья. Банк эсебинин келишими

 

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк же башка кредиттик мекеме (мындан ары - банк) клиентке (эсептин ээсине) ачылган эсепке келип түшкөн акча каражатын кабыл алууга жана аны эсепке кошууга, клиенттин эсептен тийиштүү сумманы которуу же берүү жөнүндөгү буйругун жана башка операцияларды эсеп боюнча аткарууга милдеттенет.

2. Банк клиенттин банк эсебинде болгон акча каражатын, клиенттин эсептеги сумманын чектеринде ал каражатты каалаган убакта тоскоолсуз тескөө боюнча укуктарын гарантиялоо менен, пайдалана алат.

3. Клиент өзүнүн банк эсебиндеги акча каражатын өз алдынча тескейт.

Банктын клиенттин акча каражатын пайдалануу багытын аныктоого жана көзөмөлдөөгө, анын акча каражатын өз алдынча тескөө боюнча укуктарын мыйзамда же келишимде каралгандан тышкары башкача түрдө чектөөгө укугу жок.

 

761-статья. Банк эсебинин келишиминин формасы

 

1. Банк эсебинин келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Банк эсебинин келишиминин жазуу түрүндөгү формасынын сакталбагандыгы анын анык эместигине алып келет. Мындай келишим жокко эсе.

 

762-статья. Банк эсебинин келишимин түзүү

 

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк клиентке же ал көрсөткөн жакка тараптар макулдашкан шартта банк эсебин ачат.

2. Банк мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде каралган талаптарга ылайык келген жана банк тарабынан ушундай түрдөгү эсепти ачуу үчүн жарыяланган шартта эсеп ачуу аркылуу кайрылган клиент менен келишим түзүүгө милдеттүү.

Банктын мыйзамда, банктын уюштуруу документтеринде жана өзүнө берилген уруксатта (лицензияда) каралган тийиштүү операцияларды аткаруудан баш тартууга, мындай баш тартуу банктык тейлөөгө кабыл алуу үчүн банктын мүмкүнчүлүгү жок болгон же мындай тейлөөгө мыйзам тарабынан жол берилбеген учурлардан тышкары, укугу жок.

Банк келишимин түзүүдөн банк негизсиз баш тарткан учурда клиент ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган талаптарды ага коюуга укуктуу.

 

763-статья. Эсептеги акча каражатын тескөө укугун күбөлөндүрүү

 

1. Клиенттин атынан эсептен каражаттарды которууну же берүүнү тескеген адамдын укуктары мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде жана келишимде каралган документтерди клиенттин банкка берүүсү менен күбөлөндүрүлөт.

2. Клиент үчүнчү жактардын талабы, анын ичинде клиенттин ал жактардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу талабы боюнча өз эсебинен акча каражатын чыгарып салуу жөнүндө банкка буйрук бере алат. Банк мындай буйрукту анда тийиштүү талап коюлганда талап коюуга укугу бар жактарды таанып билүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн шартта кабыл алат.

3. Банк эсебинин келишиминде эсептеги акча каражатын тескөө боюнча укуктарды электрондук байланыш каражаттары жана башка документтер аркылуу аларда өз колтамгасынын аналогдорун (176-cтатьянын 2-пункту), коддорду, паролдорду жана буйруктун буга укук берилген адам тарабынан берилип жаткандыгын ырастаган башка каражаттарды пайдалануу менен күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн.

 

764-статья. Эсеп боюнча банк аткаруучу операциялар

 

Банк, эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, ушундай түрдөгү эсептер үчүн мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде жана банк тажрыйбасында, ишкер жүгүртүү салтында колдонулуучу эрежелерге ылайык операцияларды аткаруу менен эсепке келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алып, эсепке кошууга жана клиенттин акча каражаттын которуу жана берүү жөнүндөгү буйругун аткарууга милдеттүү.

 

765-статья. Эсеп боюнча операциялардын мөөнөтү

 

Эгерде мыйзамда, ага ылайык чыгарылган банк эрежелеринде же банк эсебинин келишиминде башка мөөнөт каралбаса, банк тийиштүү төлөм документи банкка келип түшкөн күндүн эртесинен кеч эмес мөөнөттө эсепке келип түшкөн акча каражатын эсепке кошууга, клиенттин буйругу боюнча эсептен акча берүүгө же которууга милдеттүү.

 

766-статья. Эсепти кредиттөө

 

1. Банк эсебинин келишимине ылайык эсепте акча каражатынын жоктугуна карабастан банк эсептен төлөө жүргүзгөн учурда (эсепти кредиттөө) банк клиентке мындай төлөө жүргүзүлгөн күндөн баштап тийиштүү суммада клиентке кредит берди деп эсептелет.

2. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, эсепти кредиттөөгө байланыштуу тараптардын укуктары менен милдеттери заем жана кредит жөнүндөгү эрежелер (34-глава) менен аныкталат.

 

767-статья. Эсептеги акча каражаттары менен операция жүргүзүү

боюнча банктын чыгымдарын төлөп берүү

 

1. Эгерде бул банк эсебинин келишиминде каралса, анда клиент эсептеги акча каражаттары менен операция жүргүзүү боюнча банктын чыгымдарын төлөп берет.

2. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, анда банктын ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген кызматы үчүн төлөм ар квартал өткөндөн кийин клиенттин эсебиндеги акча каражатынан алынат.

 

768-статья. Эсептеги акча каражаттарын банк пайдалангандыгы үчүн

проценттер

 

1. Эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, анда клиенттин эсебиндеги акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн банк процент төлөп берет жана анын суммасы клиенттин эсебине кошулуп эсептелет.

Проценттер банк тарабынан банк эсебинин келишиминде аныкталган өлчөмдө, ал эми келишимде тийиштүү шарт каралбаса - адатта талап кылганга чейинки аманаттар боюнча (752-статья) банк төлөп берүүчү өлчөмдө төлөнөт.

2. Проценттин суммасы банк эсебинин келишиминде аныкталган мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт каралбаса - ар квартал өткөндөн кийин эсепке кошулуп эсептелет.

 

769-статья. Эсеп боюнча банк менен клиенттин кайчы талаптарын

эсепке алуу

 

1. Эсепти кредиттөөгө (765-статья) жана банктын кызматын төлөөгө (766-статья) байланыштуу банктын клиентке болгон талаптары, ошондой эле акча каражатын пайдалангандыгы үчүн процентти төлөө жөнүндөгү клиенттин талаптары (767-статья), эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, бири бирине карата эсепке алуу менен бүткөрүлөт (373-статья).

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн эсепке алуу банк тарабынан жүргүзүлөт жана ал жөнүндө банк келишимде белгиленген мөөнөттө жана тартипте, ал эми келишимде тийиштүү шарттарды тараптар макулдашпаса банк тажрыйбасында тийиштүү эсептеги акча каражатынын абалы жөнүндө клиентке маалымат берүүнүн адаттагы тартибинде жана мөөнөтүндө жүргүзүлгөн эсепке алуу тууралуу клиентке билдирүүгө милдеттүү.

 

770-статья. Эсептен акча каражатын чыгарып салуу үчүн негиздер

 

1. Эсептен акча каражаты клиенттин буйругунун негизинде чыгарып салынат.

2. Эсептен акча каражатын клиенттин буйругунан тышкары чыгарып салууга соттун чечими боюнча, ошондой эле банк менен клиенттин ортосундагы келишимде каралган учурларда жол берилет.

(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

771-статья. Эсептен акча каражатын чыгарып салуунун кезектүүлүгү

 

1. Эсепте клиентке коюлган талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү өлчөмдөгү акча каражаты болгон учурда, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, эсептен каражат чыгарып салуу жөнүндөгү клиенттин буйругу жана башка документтер келип түшкөн тартипте (календардык кезектүүлүк) акча каражаты эсептен чыгарылат.

2. Эсепте клиентке коюлган бардык талаптарды канааттандыруу үчүн акча каражаты жетишсиз болгон учурда, эсептен акча каражаты төмөнкү тартипте чыгарылат:

биринчи кезекте адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу талаптарды, ошондой эле алименттерди төлөтүү боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн акча каражатын эсептен берүүнү же которууну белгилеген аткаруу документтери боюнча эсептен чыгарылат;

экинчи кезекте чыгуу пособиелерин жана эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча иштеген адамдардын эмгек акысын төлөп берүү, ошондой эле автордук келишим боюнча сыйлык акыларды төлөп берүү үчүн акча каражатын эсептен берүүнү же которууну белгилеген аткаруу документтери боюнча акча каражаты эсептен чыгарылат;

үчүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөөлөрдү белгилеген аткаруу документтери боюнча акча каражаты эсептен чыгарылат;

төртүнчү кезекте башка талаптарды канааттандыруу каралган аткаруу документтери боюнча акча каражаты эсептен чыгарылат;

бешинчи кезекте башка төлөө документтери боюнча календардык кезектүүлүктө акча каражаты эсептен чыгарылат.

Кезектүүлүгү бирдей болгон талаптар боюнча акча каражаты документтердин келип түшкөн календардык кезектүүлүгү боюнча чыгарылат.

 

772-статья. Эсеп боюнча операцияларды өз убагында аткарбагандыгы

жана акча каражатын негизсыз чыгарып салгандыгы үчүн

банктын жоопкерчилиги

 

Клиентке келип түшкөн акча каражаты эсепке өз убагында киргизилбеген, же клиенттин буйругу боюнча эсептен акча каражаты өз убагында берилбеген же которулбаган, же болбосо эсептен негизсиз чыгарылган учурда банк ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык клиенттин талабы боюнча тийиштүү сумманы анын эсебине киргизүүгө, ошондой эле ушул суммага процентти жана тартылган чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.

 

773-статья. Банк сыры

 

1. Банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операциялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ишенип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гарантиялайт.

Бул гарантия, алардын банкта эсеби барбы же жокпу, ага карабастан, банктын мурдагы кардарларына жана банк кызмат көрсөткөн жактарга да тиешелүү.

2. Банк сыры болгон маалыматтар клиенттин өзүнө же анын өкүлүнө гана берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына мындай маалыматтар мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте гана берилиши мүмкүн.

3. Банк сыры болгон маалыматтарды банк жайылтып жиберген учурда укуктары бузулган клиент банктан келтирилген зыяндардын, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан башка ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)                   

774-статья. Эсепти тескөө боюнча чектөөлөр

 

Клиенттин эсепти тескөө боюнча укуктарын чектөөгө, ага арест салынган жана мыйзамда белгиленген учурларда эсеп боюнча операциялар токтотулган учурлардан тышкары, жол берилбейт.

 

775-статья. Банк эсебинин келишимин бузуу

 

1. Банк эсебинин келишими клиенттин арызы боюнча каалаган учурда токтотулат.

2. Банк эсебинин келишими клиенттин эсебинде болгон акча каражаты мыйзамда, банк эрежелеринде же банк эсебинин келишиминде белгиленген эң аз өлчөмдөн аз болгон учурда банктын талабы боюнча бузулат.

3. Банк эсебинин келишиминин бузулушу клиенттин эсебин жабуу үчүн негиз болот.

4. Эсепте калган акча каражаты клиентке берилет же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча беш күндөн кечиктирбестен башка эсепке которулат.

 

38-Глава
Эсептешүүлөр

 

1-§. Жалпы жоболор

 

776-статья. Накталай акча менен же накталай акчасыз эсептешүү

 

1. Юридикалык жактардын, граждандардын ортосундагы, ошондой эле граждандардын катышуусу менен болгон эсептешүүлөр суммасын эч кандай чектебестен накталай акча менен же накталай акчасыз жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Юридикалык жактардын, граждандардын ортосундагы, ошондой эле граждандардын катышуусу менен болгон ээлик кылуу ишкердигин алып барууга байланыштуу эсептешүүлөр накталай акчасыз жүргүзүлөт. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, бул жактардын ортосундагы эсептешүүлөр, эреже катары накталай акча менен да жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде мыйзамдан башкасы келип чыкпаса же колдонулган эсептешүү формасында шартталбаса, анда накталай акчасыз эсептешүүлөр банктар жана башка кредиттик мекемелер аркылуу жүргүзүлөт.

 

777-статья. Накталай акчасыз эсептешүү формасы

 

1. Накталай акчасыз эсептешүүлөрдү төлөм тапшырмалары, аккредитив, инкассо, чек менен, ошондой эле мыйзамда каралган жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде жана банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салтында белгиленген башка формаларда ишке ашырууга жол берилет.

2. Тараптар макулдашуу боюнча ушул статьянын 1-пунктунда каралган эсептешүү формаларынын каалаганын тандап алууга жана аны келишимде белгилөөгө укуктуу.

 

2-§. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүү

 

778-статья. Жалпы жоболор

 

1. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүдө банк төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча анын эсебинде болгон каражаттардан белгилүү бир акча суммасын төлөөчү көрсөткөн ушул банктагы же башка банктагы жактын эсебине, мыйзамда каралган же ага ылайык белгиленген мөөнөттө, эгерде банк эсебинин келишиминде же банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салтында андан кыскараак мөөнөт белгиленбесе, которууга милдеттенет.

2. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүнү ишке ашыруу тартиби мыйзам, ошондой эле банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты менен жөнгө салынат.

 

779-статья. Банктын төлөм тапшырмасын кабыл алуу шарты

 

1. Төлөм тапшырмасынын жана аны менен чогуу берилүүчү документтердин мазмуну жана формасы мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде каралган талаптарга жооп берүүгө тийиш.

2. Төлөм тапшырмасы ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга жооп бербеген учурда банк тапшырманын мазмунун тактай алат. Мындай суроо-талап төлөөчүгө анын тапшырмасын алгандан кийин токтоосуз коюлууга тийиш. Мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде, эгерде алар болбосо - акылга сыярлык мөөнөттө банк жооп ала албаган учурда, эгерде мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде же банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, анда банк тапшырманы аткарбастан калтырып, аны төлөөчүгө кайтарып бере алат.

3. Эгерде банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүнүн тапшырмасын банк анын эсебинде акча каражаты болгон учурда гана кабыл алат. Тапшырма банк тарабынан эсептен акча каражатын чыгаруунун кезектүүлүгүн (770-статья) сактоо менен аткарылат.

 

780-статья. Тапшырманы аткаруу

 

1. Клиенттин төлөм тапшырмасын кабыл алган банк тийиштүү акча суммасын ушул Кодекстин 777-статьясынын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө тапшырмада көрсөтүлгөн жактын эсебине киргизүү үчүн каражатты алуучунун банкына которууга милдеттүү.

2. Банк клиенттин тапшырмасында көрсөтүлгөн жактын эсебине акча которуу боюнча операцияларды аткаруу үчүн башка банктарды тартууга укуктуу.

3. Банк төөлөөчүнүн талабы боюнча анын тапшырмасынын аткарылгандыгы тууралуу токтоосуз ага билдирүүгө милдеттүү. Тапшырманын аткарылгандыгы тууралуу билдирүүнү жазуунун тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде же тараптардын ортосундагы келишимде каралат.

 

781-статья. Тапшырманын аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө

аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчилик

 

1. Банк клиенттин тапшырмасын банк аткарбаган же тийиштүү түрдө аткарбаган учурда ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык мындай бузуу үчүн жоопкерчиликти көтөрөт.

2. Тапшырманын аткарылбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы төлөөчү тапшырманы аткаруу үчүн тарткан банк тарабынан эсептешүү операцияларын аткаруу тартибинин бузулгандыгынан улам болгон учурда ушул статьянын 1-пунктунда каралган жоопкерчилик банкка сот аркылуу жүктөлүшү мүмкүн.

 

3-§. Аккредитив боюнча эсептешүүлөр

 

782-статья. Жалпы жоболор

 

1. Аккредитив боюнча эсептешүүлөрдө төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча жана анын көрсөтмөлөрүнө ылайык аккредитив ачкан банк (эмитент-банк) алуучу каражаттарды берген же ал көрсөткөн жак документтерди берген жана аккредитивде белгиленген башка шарттарды аткарган учурда, төлөмдөрдү ишке ашырууга милдеттенет.

2. Жабылган (депого, б.а. сактоого коюлган) аккредитив ачылган учурда эмитент-банк аны ачууда төлөөчүнүн өз каражаттарын же ага берилген кредитти аткаруучу банкка банктын милдеттенмеси күчүндө болгон бардык мезгилге которууга милдеттүү.

Жабылбаган аккредитив ачылган учурда эмитент-банк аткаруучу банкка эмитент-банктын ошол аткаруучу банкта жүргүзүлүүчү эсебинен аккредитивдин бардык суммасын чыгарып салууга укук берет.

 

783-статья. Чакырылма аккредитив

 

1. Чакырылма аккредитив деп эмитент-банк каражат алуучуну алдын ала эскертпестен эле алып сала же өзгөрө алуучу аккредитив эсептелет. Аккредитивди кайра чакырып алуу каражат алуучунун алдында эмитент-банктын кандайдыр бир жоопкерчилигин пайда кылбайт.

2. Аткаруучу банк, эгерде операция аткаруу учуруна чейин аккредитивдин шартын өзгөртүү же аны алып салуу жөнүндө кабар албаса, чакыруу аккредитиви боюнча төлөмдөрдү жана башка операцияларды аткарууга милдеттүү.

 

784-статья. Чакырылбаган аккредитив

 

1. Чакырылбаган аккредитив деп каражат алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же алып салууга болбогон аккредитив эсептелет.

2. Эмитент-банктын өтүнүчү боюнча аккредитивдик операцияларга катышып жаткан аткаруучу банк чакырылбаган аккредитивди (гарантияланган аккредитивди) ырастай алат. Мындай ырастоо аткаруучу банктын эмитент-банктын милдеттенмесине кошумча кылып төлөмдү аккредитивдин шартына жараша жүргүзүү милдеттенмесин алганын билдирет.

Аткаруучу банк ырастаган чакырылбаган аккредитив аткаруучу банктын макулдугусуз өзгөртүлүшү же алып салынышы мүмкүн эмес.

 

785-статья. Аккредитивдин аткарылышы

 

1. Аккредитивдин аткарылышы үчүн каражатты алуучу аткаруучу банкка аккредитивдин бардык шарттарынын аткарылышын ырастаган документтерди берет. Ушул шарттардын бирөө гана бузулган учурда аккредитив боюнча төлөм төлөнбөйт.

2. Эгерде аткаруучу банк төлөмдү же башка операцияны аккредитивдин шарттарына ылайык аткарса, эмитент-банк анын тарткан чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Аталган чыгымдардын, ошондой эле эмитент-банктын аккредитивди аткарууга байланыштуу башка чыгымдарынын ордун төлөөчү толтуруп берет.

 

786-статья. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу

 

1. Эгерде аткаруучу банк тышкы белгилери боюнча аккредитивдин шарттарына ылайык келбеген документтерди кабыл алуудан баш тартса, анда ал бул жөнүндө баш тарткандыгынын себебин көрсөтүү менен токтоосуз түрдө каражат алуучуга жана эмитент-банкка билдирүүгө милдеттүү.

2. Эгерде эмитент-банк аткаруучу банк кабыл алган документтерди алып, тышкы белгилери боюнча ал документтер аккредитивдин шарттарына ылайык келбейт деп эсептесе, ал документтерди кабыл алуудан баш тартып, каражат алуучуга аккредитивдин шарттарынын бузулушу менен төлөп берген сумманы аткаруучу банктан талап кылууга, ал эми жабылбаган аккредитив боюнча - төлөнүп берилген сумманын ордун толтуруп берүүдөн баш тартууга укуктуу.

 

787-статья. Аккредитивди аткаруучу банктын жоопкерчилиги

 

Аткаруучу банктын банк эрежелеринде белгиленген милдеттерин бузгандыгынын айынан аккредитив боюнча сумма туура эмес төлөнгөн же төлөп берүүдөн негизсиз баш тартылган учурда аткаруучу банк эмитент-банктын алдында, ал эми аккредитив эмитент-банк тарабынан аткарылса төлөөчүнүн алдында жоопкерчилик тартат.

 

788-статья. Аккредитивди жабуу

 

1. Аккредитив аткаруучу банкта:

аккредитивдин мөөнөтү бүткөндө;

каражатты алуучунун аккредитивди пайдалануудан анын күчүндө болуу мөөнөтү бүткөнгө чейин баш тарткандыгы жөнүндө арызы боюнча, эгерде мындай баш тартуу мүмкүнчүлүгү аккредитивдин шарттарында каралса;

төлөөчүнүн аккредитивди жарым-жартылай же толугу менен чакырып алгандыгы жөнүндөгү талабы боюнча, эгерде мындай чакырып алуу мүмкүнчүлүгү аккредитивдин шарттарында каралган учурда жабылат.

Аккредитивдин жабылышы жөнүндө аткаруучу банк эмитент-банкка билдирүүгө тийиш.

2. Депого коюлган аккредитивдин каражатынын пайдаланылбаган суммасы аккредитивдин жабылышы менен кошо эмитент-банкка кайтарылууга тийиш. Эмитент-банк кайтарылган сумманы төлөөчүнүн каражат депого коюлган эсебине кошуп эсептөөгө милдеттүү.

 

4-§. Инкассо боюнча эсептешүүлөр

 

789-статья. Негизги жоболор

 

1. Инкассо боюнча эсептешүүлөрдө клиент өзүнүн банкына (эмитент-банкка) төлөөчүдөн төлөмдү алуу боюнча аракеттерди клиенттин эсебинен аткаруу жөнүндө тапшырма жиберет.

2. Инкассо тапшырмасын алган эмитент-банк аны аткаруу үчүн башка банкты (аткаруучу банкты) тартууга укуктуу.

Инкассо боюнча эсептешүүлөрдүн тартиби мыйзам жана ага ылайык белгиленген банк эрежелери, банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты менен жөнгө салынат.

 

790-статья. Инкассо тапшырмасын аткаруу

 

Алынган (инкассого коюлган) сумма аткаруучу банк тарабынан токтоосуз эмитент-банкка берилүүгө тийиш жана ал банк ошол сумманы клиенттин эсебине кошууга милдеттүү. Аткаруучу банк инкассого коюлган суммадан өзүнө тийиштүү болгон акыны жана тарткан чыгымдарын кармап калууга укуктуу.

 

791-статья. Төлөмдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү

 

1. Эгерде төлөм жана (же) акцепт кабыл алынбаса, аткаруучу банк акцептин төлөнбөгөндүгүнүн жана андан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен токтоосуз эмитент-банкка билдирүүгө милдеттүү.

Эмитент-банк бул жөнүндө токтоосуз клиентке билдирүүгө жана андан кийинки аракеттер тууралуу көрсөтмө суроого милдеттүү.

2. Кийинки аракеттер жөнүндө банк эрежелеринде көрсөтүлгөн мөөнөттө, эгерде андай жок болсо - акылга сыярлык мөөнөттө көрсөтмө алынбаган учурда аткаруучу банк эмитент-банкка документтерди кайтарып берүүгө укуктуу.

 

5-§. Чек менен эсептешүүлөр

 

792-статья. Жалпы жоболор

 

1. Чек менен эсептешүүлөрдө (45-статья) чек боюнча төлөөчү катары чек берүүчүнүн каражаты анда турган жана ал каражатты чек берүү аркылуу тескей алууга укугу бар болгон банк гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

2. Чектин берилиши ал чек аткаруу үчүн берилген акча милдеттенмесин жаппайт.

3. Чекти төлөөгө берүү мөөнөтү аяктамайынча аны кайра чакырып алууга жол берилбейт.

4. Төлөм айлампасында чекти пайдалануу тартиби жана шарттары ушул Кодекс менен, ал эми мында жөнгө салынбаган бөлүгү-башка мыйзамдар жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелери менен жөнгө салынат.

 

793-статья. Чектин реквизиттери

 

1. Чек төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) документтин текстине киргизилген "чек" деген аталышты;

2) белгилүү акча суммасын төлөп берүү жөнүндөгү төлөөчүнүн тапшырмасын;

3) төлөөчүнүн аталышын жана төлөм төлөнүүчү эсептин маалыматтарын;

4) төлөө жүргүзүлүүчү валютанын аталышын;

5) чектин жазылган жеринин жана датасынын көрсөтүлүшүн;

6) чекти жазып берген адамдын (чек берүүчүнүн) колтамгасын.

Аталган реквизиттердин бирөөнүн гана жоктугу чек катары анын күчүн жоготот.

2. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде аныкталат.

 

794-статья. Чекти төлөө

 

1. Чек чек берүүчүнүн каражатынын эсебинен төлөнөт.

2. Чек мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөөгө коюлган шартта төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш.

3. Чекти төлөгөн тарап төлөмдү алгандыгы жөнүндө тилкат менен кошо чекти ага берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

795-статья. Чек боюнча укукту өткөрүп берүү

 

1. Чек боюнча укук ушул Кодекстин 41-статьясында белгиленген тартипте ушул статьяда каралган эрежелерди сактоо менен өткөрүп берилет.

2. Жекече чекти башкага өткөрүп берүүгө болбойт.

3. Өткөрүп бериле турган чектеги төлөөчүнүн индоссаменти төлөмдү алгандыгы тууралуу тилкаттын күчүнө ээ болот.

Төлөөчү тарабынан коюлган индоссамент жокко эсе.

Индоссамент боюнча алынган өткөрүп берилме чекке ээ болгон тарап, эгерде ал анын индоссаменттердин үзгүлтүксүз катарындагы укугун аныктаса, анын мыйзамдуу ээси болуп эсептелет.

 

796-статья. Төлөм гарантиясы (аваль)

 

1. Чек боюөча төлөм толугу менен же жарым-жартылай түрдө төлөмдү гарантиялоо (аваль) аркылуу гарантияланышы мүмкүн.

Төлөм боюнча гарантия (аваль) төлөөчүдөн тышкары ар кандай тараптан берилиши мүмкүн.

2. Аваль чектин арткы бетине же кошумча баракка "аваль катары эсептелинсин" деген жазууну жазуу жана ким тарабынан кимге берилгендигин көрсөтүү менен коюлат. Эгерде кимге берилгендиги көрсөтүлбөсө анда аваль чекти көрсөтүүчүгө берилди деп эсептелинет. Авальга аны берүүчү өзүнүн дарегин (орун алган жерин) жана бул жазуу жазылган датасын көрсөтүү менен авалист кол коет.

3. Авалист, аваль берилген киши кандай жооп берсе ошондой эле жооптуу болот (313-статья).

Анын милдеттенмеси, эгерде ал гарантиялаган милдеттенме форманын кемчилдигинен башка кандайдыр бир негиздер боюнча анык эмес болуп калган учурда да күчүндө болот.

4. Чекти төлөгөн авалист ал ким үчүн гарантия берилгенге жана акыркысы кимдин алдында милдеттүү болгонго карата да ал чектен келип чыгуучу укукка ээ болот.

 

797-статья. Чекти инкассалоо

 

1. Чекти кармоочуну тейлеген банкка төлөмдү алуу үчүн чектин инкассого коюлушу чекти төлөө үчүн берилгендиги катары эсептелет.

Чекти төлөө ушул Кодекстин 793-статьясына ылайык жүргүзүлөт.

2. Инкассого коюлган чек боюнча каражат, эгерде чекти кармоочу менен банктын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүдөн төлөмдү алгандан кийин эсепке кошулат.

 

798-статья. Төлөөчүнүн милдеттери

 

Чек боюнгча төлөөчү колунда болгон бардык мүмкүнчүлүгү менен чектин аныктыгына жана чекти берүүчү ал боюнча ыйгарым укук берилген тарап экендигине ынанууга милдеттүү.

Инкассого коюлган чекти төлөөдө-төлөөчү индоссаменттердин колтамгасын эмес, индоссаменттердин тууралыгын текшерүүгө милдеттүү.

 

799-статья. Чекти төлөөдөн баш тартууну күбөлөндүрүү

 

1. Чекти төлөөдөн баш тартуу төмөндөгү ыкмалардын бири менен күбөлөндүрүлөт:

1) нотариустук тартипте каршы пикир (протест) жазуу же ага тете келген актыны мыйзамда белгиленген тартипте жазуу;

2) төлөөчүнүн төлөөдөн баш тарткандыгы жөнүндө чектин төлөөгө коюлган датасы менен кошо чекке жазуу;

3) инкассалоочу банктын чектин төлөөгө өз убагында берилгендиги жана төлөөдөн баш тартылгандыгы жөнүндө датасын көрсөтүү менен жазуусу.

2. Протест же ага тете акт чектин төлөөгө көрсөтүү мөөнөтү өткөнгө чейин жазылууга тийиш.

Эгерде чек төлөөгө мөөнөтүнүн акыркы күнү коюлса протест же ага тете акт андан кийинки иш күнүндө жазылышы мүмкүн.

 

800-статья. Чектин төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирүү

 

1. Чекти кармоочу өзүнүн индоссантына же чек берүүчүгө протест же ага тете акт жазылгандан кийинки эки иш күнүндө чектин төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирүүгө тийиш.

Ар бир индоссант өзү билдирүү алган күндөн кийинки эки иш күнүнүн ичинде өзүнүн индоссантына билдирүү алгандыгы жөнүндө маалымдоого тийиш. Ошол эле мөөнөттө ушул жак үчүн аваль бергенге билдирилет.

2. Аталган мөөнөттө билдирүү жибербеген жак чек боюнча өзүнүн укугун жоготпойт. Ал чектин төлөнбөгөндүгү жөнүндө билдирилбегендиктен келтирилген чектин суммасынын чегиндеги зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

 

801-статья. Чектин төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасы

 

1. Төлөөчү чекти төлөөдөн баш тарткан учурда чекти кармоочу өзүнүн каалоосу боюнча өзүнүн алдында биргелешкен жоопкерчиликти тартуучу чек боюнча милдеттүү бир, бир нече же бардык жактарга (чек берүүчүгө, авалистке, индоссантка) доо коюуга укуктуу.

2. Чекти кармоочу аталган жактардан чектин суммасын, төлөөнү кабыл алуудагы чыгымдарын, ошондой эле ушул Кодекстин 360-статьсынын 1-пунктуна ылайык проценттерди төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган жактарга доону чек кармоочу чекти төлөөгө көрсөтүү мөөнөтү өткөндөн кийин алты айдын ичинде кое алат.

 

39-Глава
Тапшырма

 

802-статья. Тапшырма келишими

 

1. Тапшырма келишими боюнча бир тарап (ишеним берилген) экинчи тараптын (ишеним берүүчүнүн) атынан белгилүү бир юридикалык иш-аракеттерди аткарууга милдеттенет. Ишеним берилген жак түзгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан укуктар менен милдеттенмелер түздөн-түз ишеним берүүчүнүкү болуп калат.

2. Тапшырма келишими ишеним берилген жак ишеним берүүчүнүн атынан аракет жасай турган мезгили көрсөтүлүп же көрсөтүлбөстөн түзүлүшү мүмкүн.

 

803-статья. Тапшырма келишиминин формасы

 

Тапшырма келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

 

804-статья. Ишеним берилгендин акысы

 

1. Ишеним берүүчү, эгерде бул мыйзамда же тапшырма келишиминде каралса, ишеним берилгенге акы төлөп берүүгө милдеттүү.

Тапшырма келишими эки тараптын тең же алардын биринин элик кылуу ишкердигин аткаруусуна байланыштуу болгон учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ишеним берүүчү жак ишеним берилгенге акы төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Акысы төлөнүүчү тапшырма келишиминде акынын өлчөмү жана төлөп берүүнүн шарты каралбаган учурда акы ушул Кодекстин 390-статьясынын 3-пунктунда аныкталган тартипте тапшырма аткарылгандан кийин төлөнүп берилет.

 

805-статья. Тапшырманын ишеним берүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык

аткарылышы

 

1. Ишеним берилген жак тапшырманын ишеним берүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык аткарууга милдеттүү. Ишеним берүүчүнүн көрсөтмөсү укуктуу, ишке ашыргыдай жана так болууга тийиш.

2. Эгерде кырдаалга жараша ишеним берүүчүнүн кызыкчылыгында зарыл болсо жана ишеним берилген жак ишеним берүүчүдөн алдын ала сурай албай же өзүнүн суроо-талабына ылайыктуу убакытта жооп ала албай калса, ишеним берилген жак ишеним берген жактын көрсөтмөсүнөн четтей алат. Мындай учурда ишеним берилген жак ишеним бергендин көрсөтмөсүнөн четтегендиги жөнүндө мүмкүндүк болору менен ага билдирүүгө милдеттүү.

3. Коммерциялык өкүл катары аракеттенген ишенимдүү жакка (202-статьянын 1-пункту) ишеним бергендин кызыкчылыгында анын көрсөтмөсүн алдын ала сурабастан туруп эле көрсөтмөдөн четтөөгө укук берилиши мүмкүн. Мындай учурда коммерциялык өкүл акылга сыярлык мөөнөттө жол берилген четтөөлөр жөнүндө ишеним берүүчүгө, эгерде тапшырма келишиминде башкасы каралбаса, билдирүүгө милдеттүү.

 

806-статья. Ишеним берилгендин милдеттери

 

Ишеним берилген төмөнкүлөргө милдеттүү:

ушул Кодекстин 807-статьясында көрсөтүлгөндөн тышкары учурларда өзүнө берилген тапшырманы жеке өзү аткарууга;

ишеним берүүчүнүн талабы боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө билдирип турууга;

тапшырманы аткаруу боюнча түзүлгөн бүтүмдөрдөн алынгандардын баарын токтоосуз тапшырма берүүчүгө берип турууга;

тапшырма аткарылгандан кийин же аткарылганга чейин келишим токтотулган учурда күчүндө болуу мөөнөтү бүтө элек ишеним катты токтоосуз ишеним берүүчүгө кайтарууга жана, эгерде бул келишимдин шарттарында каралса же тапшырманын мүнөзүнөн келип чыкса, актоо документтерин тиркөө менен отчет берүүгө.

 

807-статья. Ишеним берүүчүнүн милдеттери

 

1. Ишеним берүүчү, ушул Кодекстин 200-статьясынын 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, ишеним берилгенге тапшырма келишиминде каралган юридикалык иш-аракеттерди аткаруу үчүн ишеним кат берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде тапшырма келишиминде башкасы каралбаса, төмөнкүлөргө милдеттүү:

эгерде тапшырма келишиминде башкасы каралбаса, ишеним берилгенди тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттар менен камсыз кылууга;

ишеним берилгендин тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө.

3. Ишеним берүүчү тапшырма келишимине ылайык ишеним берилген аткаргандын бардыгын токтоосуз кабыл алууга милдеттүү.

4. Эгерде ушул Кодекстин 803-статьясына ылайык келишим акысы төлөнүч келишим болсо, ишеним берүүчү ишеним берилгенге сыйлык акысын төлөп берүүгө милдеттүү.

 

808-статья. Тапшырманы аткарууну кайрадан ишенип берүү

 

1. Ишеним берилген тапшырманын аткарылышын ушул Кодекстин 803-статьсында каралган шартта жана учурларда гана башка бирөөгө кайрадан ишенип бериши мүмкүн.

2. Ишеним берүүчү ишеним берилген тарабынан тандалган орун басарын кабыл албоого укуктуу.

3. Эгерде ишеним берилгендин мүмкүн болгон орун басары тапшырма келишиминде айтылган болсо, анда ишеним берилген анын тандалышы үчүн да, ишти алып барышы үчүн да жооп бербейт.

Эгерде ишеним берилгендин орун басары ишти алып барары келишимде белгиленбесе, же белгиленсе, бирок орун басардын аты аталбаса, анда ишеним берилген орун басардын тандалышы үчүн жооп берет.

 

809-статья. Тапшырма келишиминин токтотулушу

 

1. Тапшырма келишими төмөнкүлөрдүн негизинде токтотулат:

ишеним берүүчү тапшырманы алып салган учурда;

ишеним берилген баш тартканда;

ишеним берүүчү же ишеним берилген каза болгондо;

ишеним берүүчү же ишеним берилген аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген же дайынсыз жок деп таанылган учурда.

2. Ишеним берүүчү каалаган учурда тапшырманы алып салууга жана ишеним берилген андан баш тартууга укуктуу.

3. Ишеним берилгендин коммерциялык өкүл катары аракеттенишин белгилеген тапшырма келишиминен баш тарткан тарап экинчи тарапка, эгерде тапшырма келишиминде мындан узагыраак мөөнөт каралбаса, отуз күндөн кечиктирбестен келишимдин токтотулгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

Коммерциялык өкүл болгон юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда ишеним берүүчү мындай алдын ала билдирүүсүз эле тапшырманы алып салууга укуктуу.

 

810-статья. Тапшырма келишиминин токтотулушунун натыйжасы

 

1. Эгерде тапшырма келишими ишеним берилген тарабынан тапшырма толугу менен аткарылганга чейин токтотулса ишеним берүүчү ишеним берилгенге тапшырманы аткарууда тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө, ал эми ишеним берилгенге акы берилүүгө тийиш болгон учурда анын иштеген ишине жараша акы төлөп берүүгө милдеттүү. Мындай эреже ишеним берилген тапшырманын токтотулушу жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурдан тартып аткаргандарына карата колдонулбайт.

2. Ишеним берүүчүнүн тапшырманы алып салуусу, ишеним берилгендин коммерциялык өкүл катары аракеттенүүсүн белгилеген келишимдерди токтотуудан тышкары, ишеним берилгенге келишимдин токтотулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн негиз болбойт.

3. Ишеним берилгендин тапшырманы аткаруудан баш тартуусу, ишеним берүүчү мындан башкача түрдө өз кызыкчылыгын камсыз кыла албаган, ошондой эле ишеним берилгендин коммерциялык өкүл катары аракеттенүүсүн белгилеген келишимдерди аткаруудан баш тартылгандан тышкары учурларда, ишеним берүүчүгө келишимдин токтотулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн негиз болбойт.

 

811-статья. Келишим тапшырмасында укуктун өтүүсү

 

Ишеним берилген адам каза болгон учурда анын мурасчылары же калган мүлктүн сакталуу болушун камсыз кылуу тапшырылган адамдар ишеним берүүчүгө тапшырма келишиминин токтотулгандыгы жөнүндө билдирип, ишеним берүүчүнүн мүлкүнүн, атап айтканда анын буюмдарынын жана документтеринин сакталуу болушун камсыз кылуу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.

Ушундай эле милдет ишеним берилген болуп эсептелген юридикалык жак жоюлган учурда анын жоюучусуна жүктөлөт.

 

40-Глава
Башканын кызыкчылыгында тапшырмасыз аракеттенүү

 

812-статья. Башканын кызыкчылыгында тапшырмасыз аракеттенүү

 

1. Алдын ала тапшырмасы, башка көрсөтмөсү же мурдатан убада кылынган макулдугу болбогон, кызыкчылыгы бар жактын инсанына же мүлкүнө зыян келтирүүнү алдын алуу, анын милдеттенмелерин аткаруу же анын кызыкчылыгында жасалуучу укукка каршы келбеген башкача түрдөгү аракеттер (башканын кызыкчылыгындагы аракеттер) таламдаш жактын пайда алуусунан жана анын анык жана мүмкүн болуучу ниеттеринен келип чыгуу менен, кырдаалга жараша камкордуулук жана сактык менен аткарылууга тийиш.

2. Ушул главада каралган эрежелер мындай аракеттер иш максаттарынын бири болгон мамлекеттик же башка органдар тарабынан башка адамдардын кызыкчылыгында жасалуучу аракеттерге карата колдонулбайт.

 

813-статья. Кызыкчылыгы бар адамга анын таламында жасалуучу

аракеттер жөнүндө билдирүү

 

Башка бирөөнүн кызыкчылыгында аракеттенип жаткан адам мүмкүнчүлүк болору менен эле ага билдирүүгө жана акылга сыярлык мезгил ичинде анын жактыргандыгы же жактырбагандыгы жөнүндө чечим кабыл алуусун күтүүгө, эгерде мындай күтүү кызыкчылыгы бар адамга зыян келтирүүгө алып келбесе, тийиш.

 

814-статья. Кызыкчылыгы бар адамга анын таламында жасалуучу

аракеттер жөнүндө билдирүүнүн натыйжасы

 

1. Эгерде өзүнүн кызыкчылыгында жасалып жаткан аракеттер анын тапшыруусуз аткарылып жаткан адам андай аракеттерди жактырган учурда мындай аракеттерге карата тапшырма келишиминин же жасалган иштерге ылайык келүүчү башка келишимдердин эрежелери, мындай жактыруу оозеки түрүндө болсо дагы, колдонулат.

 

815-статья. Кызыкчылыгы бар адамдын анын таламында жасалуучу

аракеттерди жактырбагандыгынын натыйжасы

 

1. Башканын кызыкчылыгындагы аракеттер аны жасаган кишиге кызыкчылыгы бар адамдын жактырбагандыгы белгилүү болбогондон кийин жасалган учурда жасаган киши ал аракеттерге да, ошондой эле үчүнчү жактарга да эч кандай милдеттүү эмес.

2. Өмүрү коркунучта калган адамдын эркине каршы да аны сактап калууга карата аракеттерди жасоого, ал эми бирөөнү багуу боюнча милдеттерди ал милдет мойнунда болгон адамдын эркине каршы да аткарууга жол берилет.

 

816-статья. Тапшырмасыз анын кызыкчылыгында иш-аракеттер жасалган

адамдын милдеттери

 

1. Ушул главада каралган эрежелерге ылайык бирөөнүн кызыкчылыгында аракеттенген адамдын тарткан чыгымдарынын жана анык зыяндарынын орду ушул Кодекстин 814-статьясынын 1-пунктунда каралган учурдан тышкары, кызыкчылыгы бар адам тарабынан толтурулуп берилүүгө тийиш.

Тарткан чыгымдарынын жана анык зыяндарынын ордун толтуртуп алуу укугу башканын кызыкчылыгында жасалган аракеттер акылга сыярлык болуп, бирок болжолдонгон натыйжа алынбаган учурда да сакталат. Бирок башка бирөөнүн мүлкүнө келтирилүүчү зыянды алдын алган учурда чыгымдын ордун толтуруп берүүнүн өлчөмү мүлктүн наркынан жогору болбоого тийиш.

2. Башканын кызыкчылыгында иш-аракет аны жасаган адамдын ээлик кылуу ишкердигинин чөйрөсүнө кирген учурда ал зыянынын ордун толтуруп берүү талабы менен кошо теңдеш акы төлөөнү да талап кылууга укуктуу.

 

817-статья. Башканын кызыкчылыгында бүтүм түзүү

 

1. Эгерде бүтүмдү түзүүдө экинчи тарап анын кимдин кызыкчылыгында түзүлүп жатканын билген болсо, башканын кызыкчылыгында түзүлгөн бүтүм кимдин кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн түзүлсө ошол жак бул бүтүмдү жактырган учурдан баштап ал бүтүм боюнча милдеттер ошонун мойнуна жүктөлөт.

Башканын кызыкчылыгында түзүлгөн бүтүм боюнча милдеттер башканын кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жактын колуна бөткөн учурдан тартып ага ушул бүтүмдөн келип чыккан укуктар да өткөрүп берилүүгө тийиш.

2. Бүтүм түзгөн тарап башканын кызыкчылыгында аракеттенгендигине байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуп алмайынча ал укуктарды өткөрүп бербей тура алат.

 

818-статья. Башканын кызыкчылыгында аракеттенүүнүн натыйжасында

негизсиз баюу

 

Аракеттери түздөн-түз башканын кызыкчылыгын камсыз кылууга багытталбаган, анын ичинде ал өз кызыкчылыгында аракеттенип жатам деп жаңылыш ойлогон жана мындай аракет башка жактын анык байышына алып келген учурда ушул Кодекстин главасында каралган эрежелер колдонулат.

 

819-статья. Башка жактын мүлкүнө келтирилүүчү зыяндын алдын алууга

байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу

 

Эгерде бир жак тийиштүү ыйгарым укуксуз эле башка жактын мүлкүнө келтирилүүчү зыяндын ал жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүгү болбостон туруп алдын алса, ал ошол жактардан мында тарткан зыяндарынын, ошондой эле ушуга байланыштуу тарткан анык чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу. Бул учурда ордун толтуруп берүүнүн өлчөмү мүлктүн наркынан ашпоого тийиш.

 

820-статья. Башканын кызыкчылыгында аракеттенүүдөн улам

келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Башканын кызыкчылыгында аракеттенүүдөн улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча мамилелер ушул Кодекстин 51-главасынын эрежелери менен жөнгө салынат.

 

821-статья. Башканын кызыкчылыгында аракеттенген жактын отчету

 

Башканын кызыкчылыгында аракеттенген жак кайсы жактын кызыкчылыгында аракеттенсе ошол жакка алган кирешелерин, тарткан чыгымдары менен зыяндарын көрсөтүү менен отчет берет.

 

41-Глава
Комиссия

 

822-статья. Комиссия келишими

 

1. Комиссия келишими боюнча комитенттин тапшыруусу менен анын эсебинен жана өзүнүн атынан комиссионер акысын алуу менен бир же бир нече бүтүмдөрдү аткарууга милдеттенет.

2. Комиссия келишими аракеттенүү мөөнөтү белгилүү же мөөнөтсүз, ал аткарылуучу аймакты көрсөтүү менен же көрсөтпөстөн, комиссионердин айрыкча укуктары менен же андайсыз, комиссиянын предмети болгон товарлардын ассортиментине карата шарттары менен же шарттары жок түзүлүшү мүмкүн.

3. Мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларында комиссия келишиминин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

823-статья. Комиссия келишиминин формалары

 

Комиссия келишими ар кандай формада түзүлүшү мүмкүн.

 

824-статья. Комиссиялык акы

 

1. Комитент комиссионерге акы, ал эми комиссионер бүтүмдүн үчүнчү жак (делькредере) тарабынан аткарылышын моюнга алган учурда комиссия келишиминде аныкталган тартипте жана өлчөмдө кошумча акы төлөп берүүгө милдеттүү.

Эгерде келишимде бул тартип же өлчөм каралбаса жана келишимдин шарттарынан акынын өлчөмүн аныктоого мүмкүн болбосо, анда ал акы комиссия келишими аткарылгандан кийин ушул Кордекстин 390-статьясынын 3-пунктуна ылайык аныкталуучу өлчөмдө төлөнүп берилет.

2. Эгерде комиссия келишими комитентке байланыштуу себептерден улам аткарылбай калса комиссонер комиссиялык акы алуу, ошондой эле тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуп алуу укугун сактайт.

 

825-статья. Үчүнчү жак менен бүтүм боюнча комиссионердин укуктары

менен милдеттери

 

1. Комиссионер үчүнчү жак менен түзгөн бүтүм боюнча, комитент ал бүтүмдө аталган же бүтүмдүн аткарылышы үчүн үчүнчү жак менен мамиле түзгөн күндө да укуктарга жана милдеттерге комиссионер ээ болот.

2. Комитенттин талабы боюнча комиссионер бүтүм түзүлгөн үчүнчү жакка билдирүү менен ал бүтүмдөн келип чыккан укуктарды ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ал үчүнчү жактын өзүнүн комиссионерге карата ушул бүтүмдөн келип чыкпаган талаптарына негизделген кайчы пикирди комитентке карата билдирүүгө укугу жок.

 

826-статья. Комиссиялык тапшырманы аткаруу

 

1. Комиссионер өзү үчүнчү жак менен түзгөн бүтүмдөн келип чыккан бардык милдеттенмелерин аткарып, укуктарын ишке ашырууга тийиш.

2. Өзүнө алган милдеттерди комиссионер комитенттин көрсөтмөсүнө ылайык комитент үчүн эң ыңгайлуу шартта, ал эми комиссия келишиминде мындай көрсөтмө жок болгон учурда-ишкер жүгүртүү салтына же коюлуучу башка талаптарга ылайык комитент үчүн өтө пайдалуу шартта аткарууга милдеттүү. Комиссионер комитент белгилегенден пайдалуураак шартта бүтүм түзгөн учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, пайда комитент менен комиссионердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

3. Комиссионер комитенттин эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүмдү ал жак аткарбаган учурда, комиссионер ал жакты тандоодо байкабастык кетирген же бүтүмдүн аткарылышын мойнуна алган (делькредере) учурдан тышкары, комитенттин алдында жооп бербейт.

4. Комиссионер менен түзгөн бүтүмдү үчүнчү жак бузган учурда, комиссионер токтоосуз бул жөнүндө комитентке билдирип, зарыл болгон далилдерди чогултууга жана камсыз кылууга, ошондой эле комитенттин талабы боюнча ага ушул бүтүм боюнча бардык укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.

 

827-статья. Субкомиссия

 

1. Комиссионер комиссия келишимин аткаруу максатында, эгерде комиссия келишиминде башкасы каралбаса, субкомиссионердин жасаган иштери үчүн комитенттин алдында жоопкерчилигин сактоо менен башка жак менен субкомиссия келишимин түзүүгө укуктуу.

Субкомиссия келишими боюнча комиссионер субкомиссионерге карата комитенттин укуктары менен милдеттерин алат.

2. Эгерде комиссия келишиминде башкасы каралбаса, комиссия келишими токтотулмайынча комитент комиссионердин макулдугусуз субкомиссионер менен түздөн-түз мамиле түзүүгө укуксуз.

 

828-статья. Комиссионер тарабынан сатылуучу мүлктүн наркы

 

Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, комиссионер тарабынан сатылуучу мүлктүн наркы комитент менен макулдашуу боюнча аныкталат.

 

829-статья. Комитенттин көрсөтмөсүнөн четтөө

 

1. Эгерде кырдаалга жараша комитенттин кызыкчылыгында бул зарыл болсо жана комиссионер комитенттен алдын ала сурай албай калса же болбосо акылга сыярлык мөөнөттө өзүнүн суроосуна жооп албаса, комиссионер комитенттин көрсөтмөсүнөн четтөөгө укуктуу.

Мындай учурда мүмкүнчүлүк болору менен комиссионер комитентке анын көрсөтмөсүнөн четтөөгө жол берилгендиги тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

Коммерциялык өкүл катары аракеттенген комиссионерге (202-статьянын 1-пункту) комитенттин кызыкчылыгында анын уруксатын алдын ала сурабастан эле көрсөтмөдөн четтөөгө укук берилиши мүмкүн.

2. Комитент менен макулдашылган баадан төмөнкү баага мүлктү саткан комиссионер, эгерде мүлктү макулдашылган баада сатууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун жана төмөнүрөөк баада сатуу андан да көп болуучу чыгымдын алдын алгандыгын, ошондой эле көрсөтмөсүнөн четтөө үчүн комитенттен алдын ала уруксат алууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун далилдебесе, комитентке баалардын ортосундагы айырмасын төлөп берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде комиссионер мүлктү комитент менен макулдашылган баадан жогорку баада сатып алса жана комитент мындай сатып алууну кабыл алууну каалабаса, үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм жөнүндө кабарды алары менен комитент бул тууралуу комиссионерге билдирүүгө милдеттүү. Болбосо комитент сатып алууну кабыл алды деп эсептелинет.

Эгерде комиссионер баалардын ортосундагы айырманы өзүнүн эсебине алгандыгы жөнүндө билдирсе комитенттин ал үчүн түзүлгөн бүтүмдөн баш тартууга укугу жок.

 

830-статья. Комиссиянын предмети болгон мүлккө карата укук

 

1. Комитенттен комиссионерге келип түшкөн же комиссионер комитенттин эсебинен ал үчүн сатып алган мүлк комитенттин менчиги болуп эсептелет.

2. Ушул Кодекстин 342-статьясына ылайык комиссионер менен түзүлгөн бүтүм боюнча комитентке же үчүнчү жакка берилүүчү буюмдарды келишим боюнча ага тийиштүү сумма төлөнүп берилмейинче комиссионер өзүндө кармап турууга укуктуу.

 

831-статья. Комитентке тийиштүү болгон суммадан комиссионердин

талабын канааттандыруу

 

Комиссионер келишим боюнча өзүнө тийиштүү болгон сумманы комитенттин эсебинен ага келип түшкөн бардык суммалардан кармап калууга укуктуу.

 

832-статья. Комитенттин мүлкүнүн жоголгондугу, жетпей калгандыгы

же бузулгандыгы үчүн комиссионердин жоопкерчилиги

 

1. Комиссионер комитенттин алдында өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн жоголгондугу, жетпей калгандыгы же бузулгандыгы үчүн жооп берет.

2. Эгерде комитент жиберген же комитент үчүн комиссионерге келип түшкөн комитенттин мүлкүн кабыл алууда ал мүлктө сыртынан текшерип кароодо байкалуучу бузулгандары же жетишпегендиги болсо, ошондой эле комиссионердеги комитенттин мүлкүнө кимдир-бирөө зыян келтирсе, комиссионер комитенттин укугун коргоо үчүн чара көрүүгө, зарыл болгон маалыматтарды чогултууга жана токтоосуз булар жөнүндө комитентке билдирүүгө милдеттүү.

3. Өзүндө болгон комитенттин мүлкүн камсыздандырбаган комиссионер бул үчүн комитент өз мүлкүн камсыздандыруу жөнүндө көрсөтмө берген же мындай мүлктү камсыздандыруу мыйзамда белгиленген учурда гана жооп берет.

 

833-статья. Өзү менен түзүлгөн бүтүм

 

Эгерде комитент башканы шарттабаса, комиссия келишимин комиссионер өзү сатып алуучу товарды сатуучу катары берип же өзү сатуучу товарды сатып алуучу катары кабыл алып түзүшү мүмкүн.

Сатуучу катары товарды өз алдынча берген же сатып алуучу катары кабыл алган комиссионер адаттагы эле комиссиялык акыны алууга жана комиссиялык бүтүмдөн келип чыккан чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн эсеп коюуга укуктуу.

 

834-статья. Комиссия келишими боюнча аткарылганды комитенттин

кабыл алышы

 

Комитент төмөнкүлөргө милдеттүү:

комиссия келишими боюнча аткарылгандардын бардыгын комиссионерден кабыл алууга;

комиссионер ал үчүн сатып алган мүлктү карап чыгууга жана бул мүлктө табылган кемчиликтер жөнүндө токтоосуз комиссионерге билдирүүгө;

комиссиялык тапшырма аткарылгандан киийин комиссионерди үчүнчү жактын алдында алган милдеттенмелеринен кутултууга.

 

835-статья. Комиссиялык тапшырма аткарылгандан кийин чыгымдардын

ордун толтуруу

 

1. Комиссиялык сыйлык акыны төлөөдөн тышкары комитент тийиштүү учурларда делькредере үчүн кошумча сыйлык акыны төлөп берүүгө, комиссиялык тапшырманы аткаруу үчүн комиссионер чыгымдаган сумманын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка нормативдик актыларда же комиссия келишиминде башкасы белгиленбесе, комиссионер комитенттин андагы болгон мүлкүнүн сакталгандыгы үчүн чыгымдарынын ордун толтуртуп алууга укугу жок.

 

836-статья. Комитенттин тапшырманы алып салуусу

 

1. Комиссионерге берген тапшырмасын комитент каалаган убакта алып салууга укуктуу. Мындай учурда тапшырманы алып салууга байланыштуу комиссионердин чыгымдарынын орду жалпы негизде толтурулат.

Эгерде комиссия келишиминде башкасы белгиленбесе, комиссионердин колундагы мүлкүн комитент бир айдын ичинде тескөөгө милдеттүү. Эгерде комитент бул милдетин аткарбаса комиссионер бул мүлктү сактоого өткөрүүгө же комитент үчүн пайдалуураак баада сатып жиберүүгө укуктуу.

2. Комиссия келишиминде каралган бардык тапшырмаларды комитент алып салганда келишим токтотулат.

 

837-статья. Комиссионердин тапшырманы аткаруудан баш тартышы

 

1. Эгерде комиссия келишиминде башкасы белгиленбесе, комитенттин өз милдеттерин бузгандыгынан улам тапшырманы комитенттин көрсөтмөсүнө ылайык аткаруу мүмкүн болбогон же комиссионер жооп бербеген кырдаалдардан улам тапшырманын аткарылышы мүмкүн болбогон учурдан тышкары, комиссионердин кабыл алган тапшырманы аткаруудан баш тартууга укугу жок.

Комиссионер аткаруудан баш тарткандыгы жөнүндө комитентке кат жүзүндө билдирүүгө жана өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн сакталышы үчүн чара көрүүгө милдеттүү.

Эгерде комиссия келишиминде башка мөөнөт белгиленбесе, комиссионердин тапшырманы аткаруудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирүү алган комитент ал билдирүүнү алгандан тартып бир айдын ичинде комиссионерде болгон мүлкүн тескөөгө милдеттүү. Эгерде комитент бул милдетин аткарбаса комиссионер бул мүлктү сактоого өткөрүүгө же комитент үчүн пайдалуураак баада сатып жиберүүгө укуктуу.

2. Комитенттин өз милдеттерин бузгандыгынан улам тапшырманы аткаруудан баш тарткан комиссионер комиссиялык акы алуу жана тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуу укугун сактайт.

3. Комиссия келишиминде каралган бардык тапшырмалардан комиссионер баш тарткан учурда келишим токтотулат.

 

838-статья. Комиссия келишиминин токтотулушу

 

Келишимди токтотуунун жалпы негиздери менен катар комиссия келишими төмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат:

комитент келишимди аткаруудан баш тарканда;

комиссионер келишимди аткаруудан баш тартканда;

комиссионер же комитент каза болгондо;

комиссионер же комитент аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмү чектелүү деп табылганда же болбосо алардын бири өлдү деп жарыяланганда;

комиссионер тоорук деп таанылганда.

 

839-статья. Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимди аткаруудан комитенттин

баш тартышы

 

Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимди аткаруудан комитент, бир айдан мурдараак мөөнөттө, эгерде билдирүүнүн андан узагыраак мөөнөтү келишимде каралбаса, комиссионерге билдирүү менен, каалаган учурда баш тартууга укуктуу.

Мындай учурда комитент комиссионерге комиссиялык акыны төлөп берүүгө, ошондой эле келишим токтотулганга чейин ал тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

Комиссия келишиминен баш тарткан учурда комитент 835-статьянын 1-пунктунда каралган милдеттерди аткарууга тийиш.

 

840-статья. Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимди аткаруудан

комиссионердин баш тартышы

 

1. Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимди аткаруудан комиссионер, бир айдан мурдараак мөөнөттө, эгерде билдирүүнүн андан узагыраак мөөнөтү келишимде каралбаса, комиссионерге кат жүзүндө билдирүү менен, каалаган учурда баш тартууга укуктуу.

Мындай учурда комиссионер өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн сакталышы үчүн чара көрүүгө милдеттүү. Комитент келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин комиссионердин колундагы мүлкүн тескөөгө милдеттүү. Эгерде комитент бул милдетин аткарбаса комиссионер бул мүлктү сактоого өткөрүүгө же комитент үчүн пайдалуураак баада сатып жиберүүгө укуктуу.

2. Комиссия келишимин аткаруудан баш тарткан комиссионер келишим токтотулган учурга чейин тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуу укугун сактайт.

 

841-статья. Гражданиндин каза болушунун же юридикалык

жактын-комитенттин жоюлушунун натыйжасы

 

Гражданин-комитент каза болгондо, аракетке жөндөмсүз деп табылганда, ошондой эле юридикалык жак-комитент жоюлган учурда комиссионер комитенттин мураскорлорунан же өкүлдөрүнөн тийиштүү көрсөтмө келмейинче ага тапшырылган тапшырманы аткара берет.

 

842-статья. Гражданиндин каза болушунун же юридикалык

жактын-комиссионердин токтотулушунун натыйжасы

 

Гражданин-комиссионер каза болгон же юридикалык жак-комиссионер жоюлган учурда комиссия келишими токтотулат.

Юридикалык жак-комиссионер өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда анын укуктары жана комиссионердин милдеттери, эгерде алдыда боло турган өзгөртүп түзүү жөнүндөгү билдирүүнү алгандан кийин бир айдын ичинде комитент келишимди бузуу тууралуу билдирбесе, анын укугу мурасчыларына өтөт.

 

42-Глава
Агентөө

 

843-статья. Агенттик келишим

 

1. Агенттик келишим боюнча бир тарап (агент) экинчи тараптын (принципиалдын) тапшырмасы боюнча өзүнүн атынан же принципиалдын атынан жана анын эсебинен юридикалык жана башка аракеттерди акысын алуу менен аткарууга милдеттенет.

Өзүнүн атынан жана принципиалдын эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм боюнча, ал бүтүмдө принципиалдын аты аталса же ал үчүнчү жак менен түздөн-түз байланышка кирсе дагы, укуктун ээси жана милдеткор агент болот.

Принципиалдын атынан жана эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм боюнча укуктун ээси жана милдеткор принципиал болот.

2. Жазуу жүзүндө түзүлгөн агенттик келишимде агенттин принципиалдын атынан бүтүм түзүү боюнча жалпы ыйгарым укуктары каралган учурда принципиал үчүнчү тараптар менен болгон мамилесинде, эгерде үчүнчү жак агенттин ыйгарым укуктарынын чектелгендиги жөнүндө билгендигин же билүүгө тийиш экендигин принципиал далилдебесе, агенттин тийиштүү ыйгарым укуктары жок экендигине шылтоо кылууга укугу жок.

3. Агенттик келишим белгилүү бир мөөнөткө же мөөнөтүн көрсөтпөстөн түзүлүшү мүмкүн.

4. Мыйзамда агенттик келишимдин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

844-статья. Агенттик акы

 

Принципиал агенттик келишимде белгиленген тартипте жана өлчөмдө агентке акы төлөп берүүгө милдеттүү.

Эгерде агенттик келишимде агенттик акынын өлчөмү каралбаса ал келишимдин шарттарынан келип чыгуу менен аныкталышы мүмкүн. Агенттик акы ушул Кодекстин 390-статьясынын 3-пунктуна ылайык өлчөмдө төлөнүүгө тийиш.

Келишимде агенттик акыны төлөө тартиби каралбаган учурда принципиал агент өткөн мезгил үчүн отчет бергенден тартып үч жуманын ичинде агенттик акыны, эгерде келишимдин маңызынан же ишкер жүгүртүү салтынан башкасы келип чыкпаса, төлөп берүүгө милдеттүү.

 

845-статья. Агенттик келишимде агенттин же принципиалдын

укуктарынын чектелиши

 

1. Агенттик келишимде белгилүү бир аймакта аракеттенген башка агенттер менен ушундай эле агенттик келишимди түзбөө же агенттик келишимдин предметин түзгөн ушундай иш-аракетти келишимде аныкталган аймакта жүргүзбөө жөнүндөгү принципиалдын милдети каралышы мүмкүн.

2. Агенттик келишимде башка принципиалдар менен келишимде көрсөтүлгөн аймакка толугу менен же жарым-жартылай туура келүүчү аймакта аткарыла турган ушундай агенттик келишимди түзбөө боюнча агенттин милдеттенмеси каралышы мүмкүн.

3. Агенттик келишимдин агенттин товарды сатып алуучулардын (тейленүүчүлөрдүн) айрым категорияларына же болбосо келишимде аныкталган аймакта жайгашкан же жашоочу сатып алуучуларга (тейленүүчүлөргө) гана сатуу (кызмат көрсөтүү) укугун белгилеген шарты жокко эсе.

 

846-статья. Агенттин отчету

 

1. Агенттик келишимди аткаруунун жүрүшүндө агент келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө принципиалга отчет берип турууга милдеттүү. Келишимде тийиштүү шарт каралбаган учурда агент тарабынан отчет ал келишимди аткаргандыгына жараша же келишим күчүндө болгон мөөнөт аяктаганда берилет.

2. Эгерде агенттик келишимде башкасы каралбаса, отчетко агенттин принципиалдын эсебинен жасаган чыгымдарынын зарыл болгон ырастоолору тиркелүүгө тийиш.

3. Агенттин отчетуна кайчы пикири болгон принципиал ал жөнүндө отчет алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде, эгерде тараптардын макулдугу менен башка мөөнөт белгиленбесе, агентке билдирүүгө тийиш. Болбосо отчет принципиал тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

 

847-статья. Субагенттик келишим

 

1. Эгерде агенттик келишимде башкасы каралбаса, агент келишимди аткаруу максатында принципиал алдында субагенттин аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болуу менен башка жак менен субагенттик келишим түзүүгө укуктуу. Агенттик келишимде агенттин субагенттик келишимди түзүү милдети мындай келишимдин конкреттүү шарттарын көрсөтүү же көрсөтпөө менен каралышы мүмкүн.

2. Субагенттин агенттик келишим боюнча принципиал болуп эсептелген жактын атынан үчүнчү жактар менен бүтүм түзүүгө, ушул Кодекстин 205-статьясынын 1-пунктуна ылайык субагент кайрадан ишенип берүүнүн негизинде аракеттенген учурдан тышкары, укугу жок. Мындай кайра ишенүүнүн тартиби жана натыйжасы ушул Кодекстин 807-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат.

 

848-статья. Агенттик келишимдин токтотулушу

 

Агенттик келишим төмөнкү учурларда токтотулат:

күчүндө болуу мөөнөтү аныкталбастан түзүлгөн келишимди аткаруудан тараптардын бири баш тартканда;

агент каза болгондо, аракетке жөндөмсүз, же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылганда же дайынсыз жок болгондо;

агент болуп эсептелген жекече ээлик кылуучу ишкер тоорук деп табылганда.

 

849-статья. Агенттик мамилелерге карата тапшырма жана комиссия

келишимдери жөнүндөгү эрежелердин колдонулушу

 

Агенттик келишимден келип чыккан мамилелерге карата ушул келишимдин шарты боюнча агент принципиалдын атынан же өзүнүн атынан аракеттенип жаткандыгына жараша тийиштүү түрдө ушул Кодекстин 39-главасында же 41-главасында каралган эрежелер, эгерде бул эрежелер ушул главанын жоболоруна же агенттик келишимдин маңызына карама-каршы келбесе, колдонулат.

 

43-Глава
Мүлктү ишенимдүү башкаруу

 

850-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими

 

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими боюнча бир тарап (башкаруунун уюштуруучусу) экинчи тарапка (ишенимдүү башкаруучуга) мүлктү белгилүү бир мөөнөткө ишенимдүү башкарууга берет, ал эми экинчи тарап башкаруунун негиздөөчүсүнүн же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыгында бул мүлктү башкарууну ишке ашырууга милдеттенет.

2. Мүлктүн ишенимдүү башкарууга берилиши аны менчиктөө укугунун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.

 

851-статья. Ишенимдүү башкаруунун пайда болушунун (уюштурулушунун)

негиздери

 

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу ишенимдүү башкаруучу менен мүлктүн менчик ээсинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде пайда болот (уюштурулат).

2. Мүлктү ишенимдүү башкаруу төмөнкү учурларда да уюштурулушу мүмкүн:

ушул Кодекстин 73-статьясында каралган учурларда кам көрүлүүчүнүн мүлкүн дайыма башкаруу зарылчылыгынын негизинде;

керээзде керээзди аткаруучу (ишенимдүү башкаруучу) дайындалганда;

мыйзамда каралган башка негиздер боюнча.

 

852-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин олуттуу шарттары

 

Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминиде төмөнкүлөр каралууга тийиш:

ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлктүн курамы;

ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлктүн менчик ээси, ал эми эгерде келишим мыйзамга ылайык башка жактын чечими боюнча түзүлүп жаткан учурда - ошондой эле ошол жактын аталышы;

мүлктү башкаруу кызыкчылыгында ишке ашырылып жаткан (пайда көрүүчү) юридикалык жактын аталышы же адамдын аты-жөнү;

ишенимдүү башкаруучунун аталышы же аты;

пайда көрүүчүгө келтирилүүчү пайда;

мыйзамга ылайык келишим менчик ээси тарабынан түзүлбөгөн учурда келишимде ишенимдүү башкаруу акысыз ишке ашырылып жаткандыгы келишимде каралбаса, башкаруучунун акысынын өлчөмү жана формасы;

ишенимдүү башкаруучунун өз иш-аракети жөнүндө башкарууну уюштуруучуга же пайда көрүүчүгө отчет берип туруусунун тартиби жана мөөнөттөрү;

келишимдин күчүндө болуу мөөнөтү.

2. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Ишенимдүү башкарууга берилүүчү мүлктүн айрым түрлөрү үчүн мыйзамда келишим түзүлүшү мүмкүн болгон башка эң узак мөөнөт көрсөтүлүшү мүмкүн.

Келишимдин мөөнөтү аяктаганда тараптардын биринин келишимди токтотуу жөнүндөгү арызы болбогон учурда ал ошол эле шарттарда жана келишимде белгиленген мөөнөткө узартылды деп эсептелет.

 

853-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин формасы

 

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

2. Кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими кыймылсыз мүлктү сатуу келишими үчүн каралган формада түзүлүүгө тийиш. Кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкарууга берилиши ушул мүлккө карата менчик укугунун өтүшү үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

3. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин формасынын сакталбагандыгы же кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкарууга берилиши мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш деген талаптын аткарлыбагандыгы келишимдин анык эместигине алып келет.

 

854-статья. Ишенимдүү башкаруунун объекти

 

1. Ишенимдүү башкаруунун объекти ишкана жана башка мүлктүк комплекстер, кыймылсыз мүлккө таандык болгон айрым объектилер, баалуу кагаздар, документсиз баалуу кагаздар менен ырасталган укуктар, өзгөчө укуктар болушу мүмкүн.

2. Кыймылдуу мүлккө таандык болгон предметтер жана түрдүк белгилери менен аныкталган айрым буюмдар (31-статья), ошондой эле төмөнкүлөрдү кошпогондо, акча ишенимдүү башкаруунун өз алдынча объекти боло албайт:

- акча ишкананын же мүлк комплексинин курамында гана болгондо;

- акча ишенимдүү башкаруу менен байланышкан иштер боюнча эсептешүү катары чыкканда;

- акча пенсиялык топтоо каражаттары катары чыкканда.

 (КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

855-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү

 

1. Күрөөгө коюлган мүлктүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилиши күрөө кармоочуну бул мүлккө карата өндүрүп алуу менен кайрылуу укугунан ажыратпайт.

2. Ишенимдүү башкаруучуга ага ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлк күрөөгө коюлгандыгы жөнүндө алдын ала айтылууга тийиш. Эгерде, өзүнө ишенимдүү башкарууга берилген мүлк күрөөгө коюлгандыгы жөнүндө билбесе же билүүгө тийиш болбосо ал мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин бузууну жана келишим боюнча бир жылдык акыны төлөп берүүнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

 

856-cтатья. Ишенимдүү башкаруудагы мүлктү айырмалап бөлүү

 

1. Ишенимдүү башкарууга берилген мүлк башкарууну уюштуруучунун, ошондой эле ишенимдүү башкаруучунун башка мүлкүнөн айырмаланып бөлүнөт. Бул мүлк ишенимдүү башкаруучунун өзүнчө балансында чагылдырылып, ал боюнча өз алдынча эсеп жүргүзүлөт. Ишенимдүү башкарууга байланыштуу иш-аракеттеги эсептешүүлөр үчүн өз алдынча банк эсеби ачылат.

2. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун карыздары боюнча ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө карата өндүрүп алуу менен кайрылууга, бул жактын тоорук болуп калгандыгынан башка учурларда, жол берилбейт. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу тоорук болуп калган учурда бул мүлктү ишенимдүү башкаруу токтотулат да ал мүлк конкурстук массага кошулат.

 

857-cтатья. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу жана пайда көрүүчү

 

1. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу төмөнкүлөр болот:

мүлктүн менчик ээси;

жер участогу мурастап өмүр бою пайдалануу укугу таандык жак;

буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттин менчигиндеги мүлккө карата;

чарба жүргүзүү укугуна негизделген ишкана - менчик ээсинин уруксаты менен.

2. Мүлктү ишенимдүү башкаруу ушул Кодекстин 850-статьясынын 2-пунктунда келтирилген негиздер боюнча уюштурулган учурда башкарууну уюштуруучунун ушул главанын эрежелери менен белгиленген укуктары тийиштүү түрдө Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө, мурасты аткаруучуга же мыйзамда белгиленген башка жакка таандык болот.

3. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу келишимде аныкталган мөөнөткө мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берет. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин ал ишенимдүү башкаруудагы мүлктү кайрадан алууга укуктуу.

Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун ишенимдүү башкаруучунун иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.

Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу келишимде аныкталган мөөнөттөрдө ишенимдүү башкаруучудан анын иш-аркети жөнүндө отчет алып турууга укуктуу.

4. Ишенимдүү башкаруу келишими боюнча пайда көрүүчү ишенимдүү башкаруучудан башка граждандык укук мамилелеринин кандай гана болбосун субъектиси боло алат.

Пайда көрүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган пайданы алууга укуктуу.

Эгерде пайда көрүүчү келишимде аныкталбаса ишенимдүү башкарууну уюштуруучу пайда көрүүчү болуп эсептелет.

 

858-статья. Ишенимдүү башкаруучу

 

1. Мамлекеттик ишканадан тышкары жеке ээлик кылуучу ишкер же коммерциялык уюм ишенимдүү башкаруучу боло алат.

Ишенимдүү башкаруу ушул Кодекстин 850-статьясыныны 2-пунктунда аталган орган тарабынан уюштурулган учурда мекемеден тышкары жеке ээлик кылуучу ишкер эмес гражданин же коммерциялык эмес уюм ишенимдүү башкаруучу боло алат.

2. Мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына мүлк ишенимдүү башкарууга берилүүгө тийиш эмес.

3. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими боюнча ишенимдүү башкаруучу пайда көрүүчү болууга тийиш эмес.

 

859-статья. Ишенимдүү башкаруучунун укуктары

 

1. Ишенимдүү башкарууну ишке ашырууда ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык бул мүлккө карата кандай гана болбосун юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди пайда көрүүчүнүн кызыкчылыгында жасоого укуктуу.

Мыйзамда же келишимде мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча айрым аракеттерге чек коюлушу мүмкүн.

2. Мыйзамда же мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген чектерде ишенимдүү башкаруучу өзүнө ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө карата анын менчик ээсинин укуктарын аткарат. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган учурларда кыймылсыз мүлктү тескейт.

Ишенимдүү башкаруучуга таандык болгон ыйгарым укуктарды менчик ээси ишке ашырбайт.

3. Ишенимдүү башкаруудагы мүлккө карата укуктарын коргоо үчүн ишенимдүү башкаруучу анын укуктарынын кандай гана болбосун бузулушун (289-статья), анын ичинде менчик ээси тарабынан бузулушун четтетүүнүн талап кылууга укуктуу.

 

860-статья. Баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу

 

Баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу боюнча ишенимдүү башкаруучунун ыйгарым укуктары ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталат.

Баалуу кагаздарды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө ар башка жактардан ишенимдүү башкарууга берилүүчү баалуу кагаздарды бириктирүү белгилениши мүмкүн.

Баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруунун өзгөчөлүктөрү мыйзам тарабынан аныкталат.

Ушул статьянын эрежелери тийиштүү түрдө документсиз баалуу кагаздар менен күбөлөндүрүлгөн укуктарга карата колдонулат (59-статья).

 

861-статья. Ишенимдүү башкаруучу жасаган иш-аракеттердин натыйжасы

 

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында ишенимдүү башкаруучу ээ болгон укуктар ишенимдүү башкарууга берилген мүлктүн курамына кошулат. Ишенимдүү башкаруучунун ушундай аракеттерди жасагандыгынын натыйжасында пайда болгон милдеттенмелери ушул мүлктүн эсебинен аткарылат.

2. Ишенимдүү башкарууга берилген мүлк менен бүтүмдөрдү ишенимдүү башкаруучу өзүнүн атынан жана ушундай башкаруучу катары аракеттенип жаткандыгын көрсөтүү менен жасайт. Документтерин жазууну талап кылбаган аракеттерди жасоодо экинчи тарапка аны ишенимдүү башкаруучу өзүнүн атынан жасап жатканы жөнүндө билдирилсе, ал эми жазуу жүзүндөгү документтерде ишенимдүү башкаруучунун атынан кийин "И.Б." деген белги коюлса бул шарт аткарылды деп эсептелет.

Ишенимдүү башкаруучунун ушундай сапатта аракеттенип жаткандыгы жөнүндө көрсөтүлбөгөн учурда ишенимдүү башкаруучу үчүнчү жактардын алдында милдеттүү болуп, өзүнө гана таандык мүлк менен алардын алдында жооп берет.

 

862-статья. Ишенимдүү башкаруучунун милдеттери

 

1. Мүлктү башкаруу боюнча иш-аракеттерди аткарууда ишенимдүү башкаруучу башкарууну уюштуруучунун жана пайда көрүүчүнүн кызыкчылыгында зарыл болгон камкордукту жана билгичтикти көрсөтүүгө тийиш.

2. Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөндөн тышкары учурларда ишенимдүү башкаруучу мүлктү башкарууну жеке өзү ишке ашырат.

Ишенимдүү башкаруучу, эгерде мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде ага бул ыйгарым укук берилсе же буга уюштуруучунун кат жүзүндөгү макулдугун алса же кырдаалга жараша башкарууну уюштуруучунун жана пайда көрүүчүнүн кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн буга мажбур болуп, акылга сыярлык мезгилде башкарууну уюштуруучунун кат жүзүндөгү макулдугун алууга мүмкүнчүлүгү болбосо ишенимдүү башкаруучунун атынан иш-аракеттерди жасоону башка жакка тапшырышы мүмкүн.

Ишенимдүү башкаруучу өзү тандап алган башкарууну ишенип берген жактын аракети үчүн өзүнүкүндөй эле жооп берет.

3. Ишенимдүү башкаруучу башкарууну уюштуруучунун жана пайда көрүүчүнүн алдында мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган тартипте жана мөөнөттө өзүнүн иш-аракети жөнүндө отчет берип турат.

 

863-статья. Ишенимдүү башкаруучунун жоопкерчилиги

 

1. Мүлктү ишенимдүү башкарууда башкарууну уюштуруучунун жана пайда көрүүчүнүн кызыкчылыгында тийиштүү камкордукту көрсөтпөгөн ишенимдүү башкаруучу пайда көрүүчүгө мүлктү ишенимдүү башкаруу мезгилинде колдон чыгарып жиберген пайдасынын, ал эми башкарууну уюштуруучуга табигый эскиришин эске алуу менен мүлктүн жоголгондугуна же бузулгандыгына байланыштуу тарткан зыянынын ордун толтуруп берет.

2. Ал жеткис күчтөрдүн кесепетинен же пайда көрүүчүнүн же башкарууну уюштуруучунун аракеттеринен улам зыян келтирилгендигин далилдей албаган учурда ишенимдүү башкаруучу келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Мүлктү ишенимдүү башкаруу тийиштүү түрдө аткарылбаган учурда башкарууну уюштуруучу башкарууну токтотууну жана зыяндардын ордун толтуруп берүүнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

4. Ишенимдүү башкаруучу тарабынан ал үчүн белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен түзүлгөн бүтүм, эгерде бул бүтүмгө катышып жаткан үчүнчү тарап ал чектөөлөр жөнүндө билбесе же билүүгө тийиш болбосо, анык эмес деп табылат. Бул учурда ишенимдүү башкаруучу ушул статьянын 1-пунктунда каралган жоопкерчиликти тартат.

5. Мүлктү тийиштүү түрдө башкарбагандыктан келтирилген зыян үчүн ишенимдүү башкаруучу үчүнчү жактардын алдында өзүнүн жеке мүлкү менен субсидардык жоопкерчиликти тартат.

6. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде ишенимдүү башкаруу тийиштүү түрдө аткарылбагандыктан башкарууну уюштуруучуга жана пайда көрүүчүгө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндардын ордун толтурууну камсыз кылуу үчүн ишенимдүү башкаруучунун күрөө коюусу каралышы мүмкүн.

 

864-статья. Ишенимдүү башкаруучунун акысы

 

Ишенимдүү башкаруучу мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган акыны алууга, ошондой эле мүлктү ишенимдүү башкарууда жасаган зарыл болгон чыгымдарынын ордун бул мүлктү пайдалануудан алынган кирешелердин эсебинен, ал эми ишенимдүү башкаруу мыйзамга ылайык менчик ээси тарабынан уюштурулган учурда - келишимде каралган башка каражаттардын эсебинен да толтуртуп алууга укуктуу.

Мүлктү ишенимдүү башкаруу мыйзамда каралган негиздер боюнча пайда болгон учурда (850-статьянын 2-пункту) ишенимдүү башкарууну акысыз ишке ашыруу белгилениши мүмкүн.

 

865-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин токтотуу

 

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат:

келишимдин мөөнөтү аяктаганга байланыштуу тараптардын биринин арызы боюнча;

эгерде келишимде башкасы каралбаса, пайда көрүүчү болгон гражданин өлгөн учурда же пайда көрүүчү юридикалык жак жоюлганда;

эгерде келишимде башкасы каралбаса, пайда көрүүчү келишим боюнча пайда алуудан баш тартканда;

ишенимдүү башкаруучу болгон гражданин каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмү чектелген же дайынсыз жоголду деп табылганда, ошондой эле жеке ээлик кылуучу ишкер тоорук деп табылганда;

ишенимдүү башкаруучу болгон юридикалык жак жоюлганда, ал тоорук деп табылганда;

ишенимдүү башкарууга берилген мүлктү жеке өзү башкаруусу мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу ишенимдүү башкаруучу же башкарууну уюштуруучу баш тартканда;

ушул Кодекстин 854-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруудан баш тартканда;

ишенимдүү башкарууну уюштуруучу келишимде аталган акыны ишенимдүү башкаруучуга төлөп бергенден кийин келишимден баш тартканда;

ишенимдүү башкарууну уюштуруучу тоорук деп табылганда.

2. Тараптардын бири мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминен баш тарткан учурда экинчи тарап бул жөнүндө, эгерде келишимде билдирүүнүн башка мөөнөтү каралбаса, келишим токтотулгандан үч ай мурда билдирилүүгө тийиш.

3. Ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда ишенимдүү башкарууда турган мүлк, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга өткөрүп берилет.

 

44-Глава
Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы (франчайзинг)

 

866-статья. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы

 

1. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы боюнча бир тарап (комплекстүү лицензиар) экинчи тарапка (комплекстүү лицензиатка) келишимде каралган лицензиардын фирмалык аталышын жана корголуучу коммерциялык маалыматын камтыган лизенциаттын ээлик кылуу ишкердигинде пайдаланылуучу өзгөчө укуктарынын комплексин, ошондой эле башка өзгөчө укуктарды (товардык белгини, тейлөө белгисин, патентти) акысын алуу менен пайдаланууга берүүгө милдеттенет.

2. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде лицензиялык комплексти, лицензиардын ишкердик кадыр-баркын жана коммерциялык тажрыйбасын (атап айтканда, эң аз жана (же) эң көп көлөмдө пайдаланууну белгилөө менен), пайдаланылуучу аймакты көрсөтүп же көрсөтпөстөн, иш-аракеттин белгилүү бир чөйрөсүнө карата (лицензиардан алган же лицензиар чыгарган товарларды сатуу, башка соода-сатык иштерин аткаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу) пайдалануу каралышы мүмкүн.

3. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча коммерциялык уюмдар жана ээлик кылуучу ишкер катары катталган граждандар гана тараптар боло алышат.

4. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими мөөнөтүн көрсөтүү менен жана көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) түзүлүшү мүмкүн.

5. (Алынып салынды)

(КР 2000-жылдын 18-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

867-статья. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишиминин түрлөрү

жана аны каттоо

 

1. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими жазуу түрүндө түзүлүүгө тийиш.

Келишимдин түрүн сактабоо анын анык эместигине алып келет.

2. Патент мыйзамдарына ылайык корголуучу объектти пайдаланууга комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими патенттик ведомстводо катталууга тийиш. Бул талапты сактабаганда келишим анык эмес деп табылат.

(КР 2000-жылдын 18-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

868-статья. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик сублицензиясы

 

1. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде лицензиаттын ага берилген лицензиялык комплексти же анын бир бөлүгүн лицензиар менен макулдашылган же комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде аныкталган шарттарда башка жактардын пайдалануусуна уруксат берүү укугу каралышы мүмкүн. Ошондой эле келишимде лицензиаттын да белгилүү бир мезгил ичинде белгилүү сандагы сублицензияларды, алардын колдонулуу аймагын көрсөтүү менен же көрсөтпөстөн берүү милдеттенмеси каралышы мүмкүн.

Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик сублицензиясынын келишими өзүнүн түзүлүшү үчүн негиз болгон комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминин убакытынан узак болушу мүмкүн эмес.

2. Эгерде комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими анык эмес болсо, анын негизинде түзүлгөн комплекстүү ээлик кылуу ишкердик сублицензиясынын келишимдери да анык эмес.

3. Эгерде комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын белгилүү мөөнөткө түзүлгөн келишиминде башкасы каралбаса жана ал мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда комплекстүү ээлик кылуу ишкердик сублицензиясынын келишими боюнча лицензиаттын милдеттери менен укуктары бул келишим боюнча укуктар менен милдеттерди өзүнө алууга лицензиар баш тартпаган учурда ага өтөт. Бул эреже тийиштүү түрдө мөөнөтү көрсөтүлбөстөн түзүлгөн комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими бузулган учурда да колдонулат.

4. Эгерде комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде башкасы каралбаса, экинчилик лицензиаттардын аракеттеринин негизинде лицензиарга келтирилген зыян үчүн лицензиат субсидардык жоопкерчиликти көтөрөт.

5. Эгерде сублицензиянын өзгөчөлүктөрүнөн башкасы келип чыкпаса, комплекстүү ээлик кылуу ишкердик сублицензиясынын келишимине карата ушул главада каралган комплекстүү ээлик кылуу ишкердик сублицензиясы жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

869-статья. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын

келишими боюнча акы төлөө формасы

 

Лицензиат туруктуу белгиленген бир жолку же мезгилдүү төлөм, алынган пайдасынан чегерүүлөр, лицензиар тарабынан кайрадан сатуу үчүн берилген товарлардын чекене баасына үстөк акы сыяктуу жана келишимде каралган башка формада лицензиарга акы төлөйт.

 

870-статья. Лицензиардын милдеттери

 

Лицензиар лицензиатка техникалык жана коммерциялык документтерди жана келишим боюнча берилген укуктарды лицензиаттын аткарышы үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүгө, ошондой эле бул укуктарды ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча лицензиатка инструкция берүүгө милдеттүү.

Келишимде лизенциардын башка милдеттери да каралышы мүмкүн.

 

871-статья. Лицензиаттын милдеттери

 

Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча аткарып жаткан иш-аракеттин мүнөзүнө жана өзгөчөлүктөрүнө жараша лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:

келишимде каралган иш-аракетти аткарууда лицензиардын фирмалык аталышын келишимде көрсөтүлгөндөй пайдаланууга;

келишимдин негизинде чыгарылып жаткан товарларынын, көрсөткөн кызматтарынын, аткарган жумуштарынын сапаты түздөн-түз лицензиар тарабынан чыгарылган товарлардын, көрсөткөн кызматтардын жана аткарган жумуштардын сапатына так туура келишин камсыз кылууга;

лицензиялык комплекске кирген өзгөчө укуктарды лицензиар пайдаланганда алар мүнөзү, ыкмасы жана шарттары жагынан толук туура келишине жетишүүгө багытталган лицензиардын бардык инструкцияларын жана нускоолорун, анын ичинде келишим боюнча өзүнө берилген укуктарды ишке ашырууда лицензиат тарабынан пайдаланылуучу коммерциялык жайлардын сыртын жана ичин жасалгалоого тийиштүү инструкцияларды жана нускоолорду да тутууга;

түздөн-түз лицензиардан товар (кызмат, жумуш) сатып алууда (көрcөтүлүүдө, аткарылууда) сатып алуучу (заказчы) күткөн бардык кошумча тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө;

лицензиардан алган өндүрүштүн жашырын сырларын жана андан алган башка коммерциялык жашырын маалыматты таркатпоого;

мындай милдеттенме келишимде түздөн-түз каралган учурда белгиленген сандагы сублицензияларды берүүгө;

сатып алуучуларга (заказчыларга) ачык эле комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча лицензиардын фирмалык аталышын, товардык белгисин, тейлөө белгисин же башкача өзгөчөлөнтүү каражатын пайдаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө.

Келишимде лицензиаттын башка да милдеттери каралышы мүмкүн.

 

872-статья. Чек коюучу шарттар

 

1. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде чек коюучу (атайын) шарттар каралышы мүмкүн, атап айтканда:

лицензиатка бекитилген аймакта ушундай эле башка комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясын бербөө же ушул эле аймакта өз алдынча иш-аракет жүргүзбөө жөнүндөгү лицензиардын милдеттенмеси;

комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы колдонулуучу аймакта лицензиарга таандык болгон өзгөчө укуктарды пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүүдө лицензиар менен атаандашпоо;

лицензиаттын лицензиардын атаандаштарынан (потенциалдуу атаандаштарынан) башка комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясын алуудан баш тартышы;

келишим боюнча берилген өзгөчө укуктарды ишке ашырууда пайдаланылуучу коммерциялык жайлардын жайгашкан ордун, ошондой алардын сырткы жана ички жасалгаланышын лицензиар менен макулдашуу жөнүндөгү лицензиаттын милдеттенмеси.

Чек койгон шарттар, эгерде алар тийиштүү рыноктун абалын жана тараптардын экономикалык абалын эске алуу менен монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы келсе, монополияга каршы органдын же башка таламдаш жактын доосу боюнча эмес деп таанылышы мүмкүн.

2. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминин:

лицензиат сатуучу товардын баасын же аткаруучу (көрсөтүүчү) жумуштардын (кызматтардын) баасын, же аталган баалардын жогорку же төмөнкү чектерин аныктоого лицензиардын укугу бар деп белгилеген;

лицензиаттын өзгөчө категориядагы сатып алуучуларды (заказчыларды) же келишимде аталган гана аймакта жайгашкан (жашаган) сатып алуучуларды (заказчыларды) тейлөө укугун белгилеген чек коюучу шарттары анык эмес деп эсептелет.

 

873-статья. Лицензиатка коюлуучу талаптар боюнча лицензиардын

жоопкерчилиги

 

Лицензиардын көзөмөлү астында лицензиаттын жүргүзгөн иш-аракетинин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү талабы боюнча лицензиар, эгерде зыян лицензиаттын комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча өзүнүн милдеттерин аткарбагандыктан же тийиштүү түрдө аткарбагандыктан келтирилгендигин далилдей албаса, лицензиат менен бирдей жоопкерчилик тартат.

 

874-статья. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын

келишимин өзгөртүү

 

Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими ушул Кодекстин 22-главасынын эрежелерине ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн.

 

875-статья. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын

келишимин токтотуу

 

1. Мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлгөн комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими ушул Кодекстин 22-главасынын эрежелине ылайык токтотулушу мүмкүн.

2. Тараптардын ар бири, эгерде келишимде андан узак мөөнөт каралбаса, бул тууралу экинчи тарапка алты ай мурда билдирүү менен, мөөнөтү көрсөтүлбөгөн комплекстүү ээлик кылуу ишкердин лицензиясынан каалаган убакта баш тартууга укуктуу.

3. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими лицензиялык комплекске кирүүчү фирмалык аталышка карата укук токтотулган учурда аны жаңы фирмалык аталышка алмаштырбастан токтотулат.

 

876-статья. Тараптар өзгөрүлгөн учурда келишимдин күчүндө

сакталышы

 

1. Лицензиялык комплекске кирүүчү өзгөчө укуктун лицензиардан башка жакка өтүшү комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишимин бузуу үчүн негиз болбойт. Жаңы лицензиар өзүнө өткөн өзгөчө укукка тиешелүү бөлүгүнүн укуктары жана милдеттери боюнча келишимге кирет.

2. Лицензиар каза тапкан учурда комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча укуктары менен милдеттери анын мураскоруна, ал ээлик кылуучу ишкер катары катталуу болгон же мурас ачылгандан тартып алты айдын ичинде катталган шартта, өтөт. Башкача болгондо келишим токтотулат.

Мураскор тийиштүү укуктар менен милдеттерди кабыл алганча же ишкер катары каттоодон өткөнчө лицензиялык башкарууну нотариус тарабынан дайындалган башкаруучу ишке ашырат.

 

877-статья. Фирмалык аталыш өзгөрүлгөн учурда келишимдин күчүндө

сакталышы

 

Лицензиар өзүнүн фирмалык аталышын өзгөрткөн учурда комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими өз күчүн сактайт жана, эгерде лицензиат келишимди бузууну жана тарткан зыяндын ордун толтурууну талап кылбаса, лицензиардын жаңы фирмалык аталышына карата деле күчүндө болот. Келишимдин күнү сакталган учурда лицензиат лицензиарга төлөнүүчү акынын тийиштүү түрдө азайтылышын талап кылууга укуктуу.

 

878-статья. Лицензиялык комплекске кирүүчү өзгөчө укуктун

токтотулушунун натыйжасы

 

Эгерде комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими колдонулган мезгилде лицензиялык комплекске кирүүчү өзгөчө укуктун күчүндө болуу мөөнөтү аяктаса же мындай укук башкача негиздер боюнча токтотулса, келишим токтотулган укукка тийиштүү жоболорун алып салынгандан кийинки бөлүгүндө колдонулат, ал эми лицензиат, эгерде келишимде башкасы каралбаса, лицензиарга берилүүчү акыны тийиштүү өлчөмдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

 

45-Глава
Сактоо

 

1-§. Сактоо жөнүндө жалпы жоболор

 

879-статья. Сактоо келишими

 

1. Сактоо келишими боюнча бир тарап (сактоочу) экинчи тарап (буюм өткөрүүчү) берген буюмду сактоого жана аны бүтүн бойдон кайтарып берүүгө милдеттенет.

2. Сактоо келишими буюм сактоого өткөрүлгөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

 

880-статья. Буюмду сактоого кабыл алуу жөнүндөгү келишим

 

1. Ээлик кылуу ишкердиги же кесиптик иш-аракет иретинде сактоону ишке ашырып жаткан сактоочу келишим боюнча өзүнө буюм өткөрүүчүнүн сактоого берген буюмун кабыл алууга жана аны ушул главада белгиленген эрежелерге ылайык сактоого милдеттенет.

2. Келишим боюнча буюмду сактоого кабыл алууга милдеттенген сактоочу бул буюмду ага сактоого өткөрүүнү талап кылууга укугу жок.

Бирок келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө буюмду сактоого өткөрбөгөн буюм өткөрүүчү, эгерде мыйзамда же сактоо келишиминде башкасы каралбаса, болбой калган сактоого байланыштуу келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

Буюм өткөрүүчү, эгерде сактоо кызматынан баш тарткандыгы жөнүндө акылга сыярлык мөөнөттө билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, сактоочу келишимде белгиленген мөөнөттө буюм сактоого өткөрүлбөгөн учурда, ал эми бул мөөнөт аныкталбаганда - келишим түзүлгөндүн тартып алты ай өткөндөн кийин буюмду сактоого кабыл алуу милдетинен бошотулат.

 

881-статья. Сактоо келишиминин формасы

 

1. Ушул Кодекстин 177-статьясында көрсөтүлгөн учурда сактоо келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Эгерде буюмдун сактоого кабыл алынышы сактоочу тарабынан сактоо тилкатын, квитанцияны, күбөлүктү же башка документти берүү менен күбөлөндүрүлсө, келишимдин жазуу жүзүндөгү формасы сакталды деп эсептелет.

2. Эгерде буюм өзгөчө кырдаалдарда (өрт, табигый кырсык, күтүүсүздөн ооруп калуу, кол салуу коркунучу ж.б.) сактоого өткөрүп берилсе келишимдин жазуу жүзүндөгү формасынын сакталышы талап кылынбайт.

Өзгөчө кырдаалдарда (өрт, табигый кырсык, күтүүсүздөн ооруп калуу, кол салуу коркунучу ж.б.) буюмдун сактоого өткөрүп берилиши сактоого берилген буюмдун баасына карабастан, күбөлөрдүн көрсөтүүсү менен далилдениши мүмкүн.

3. Сактоочу тарабынан номердик жетонду (номерди) же буюмдун сактоого кабыл алынышын күбөлөндүргөн башкача белгини берүү менен да, эгерде мыйзамда же башка укуктук актыларда буюмду ушундайча формада кабыл алуу ырасталса же сактоонун мындай түрү адаттагы нерсе болсо, сактоо келишими түзүлдү деп эсептелет.

4. Сактоого кабыл алынган жана сактоодон кайра берилген буюмдун окшоштугу жөнүндө талаш-тартыш пайда болгон учурда күбөлөрдүн көрсөтүүсүнө жол берилет.

 

882-статья. Буюмду сактоого кабыл алуу милдети

 

Ээлик кылуу ишкердиги же кесиптик иш-аракет иретинде кампаларда (камераларда, жайларда) сактоону ишке ашыруучу жак сактоо келишимин түзүүдөн баш тартууга укугу жок. Мындай учурда түзүлүүгө тийиш болгон келишимдер ачык түзүлдү деп эсептелет (386-статья).

 

883-статья. Сактоо мөөнөтү

 

1. Сактоочу буюмду сактоо келишиминде белгиленген мөөнөттө сактоого милдеттүү.

2. Эгерде сактоо мөөнөтү сактоо келишиминде аныкталбаса же сактоо шарттарына жараша аны аныктоого мүмкүн болбосо, сактоочу буюмду өткөрүүчү кайра талап кылмайынча сактоого милдеттүү.

3. Эгерде сактоо мөөнөтү буюмду кайра талап кылуу учуру менен аныкталса, сактоочу ушундай кырдаалдарда салттуу болгон мөөнөт өткөндөн кийин, буюм өткөрүүчүдөн ага ылайыктуу мөөнөт берүү менен сактоого койгон буюмун кайра алууну талап кылууга укуктуу.

 

884-статья. Буюмду жекече сапатсыз сактоого кабыл алуу

 

Сактоо келишиминде түздөн-түз каралган учурларда, сактоого өткөрүлгөн бир буюм өткөрүүчүнүн буюму башка буюм өткөрүүчүлөрдүн ошондой түрдөгү буюму менен аралашып кетүүсү мүмкүн. Буюм өткөрүүчүгө өткөргөнгө теңдеш же тараптар шартташкан сандагы ошол эле түрдөгү жана сапаттагы буюм кайтарып берилет.

 

885-статья. Буюмдун сакталышын камсыз кылуу боюнча сактоочунун

милдеттери

 

1. Сактоочу сактоо келишиминде каралган, ошондой эле сактоого өткөрүлгөн буюмдун сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Эгерде сактоо акысыз жүргүзүлсө, сактоочу сактоого кабыл алган буюмга өз буюмундай кам көрүүгө милдеттүү.

3. Эгерде келишимде жекече сапатсыз сактоо каралбаса (884-статья), сактоочу буюм өткөрүүчүгө же кабыл алуучу катары көрсөтүлгөн башка жакка өзүнө сактоо үчүн берилген буюмду кайтарып берүүгө милдеттүү.

4. Буюм, анын табигый түрдөгү эскиришин жана табигый түрдөгү зыянга учурашын эске алуу менен, ал сактоого кабыл алынган учурдагы абалында кайтарылып берилүүгө тийиш.

5. Буюмду кайра кайтарып берүү менен бирге сактоочу, эгерде келишимде башкасы белгиленбесе, сактоо мезгилинде алынган кирешелери жана үзүрлөрү менен кошо кайтарып берүүгө милдеттүү.

 

886-статья. Сактоого берилген буюмду пайдалануу

 

Сактоочунун буюмду өткөрүүчүнүн макулдугусуз сактоого коюлган буюмду пайдаланууга, ошондой эле үчүнчү жактарга аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө, сакталуудагы буюмду анын сакталышын камсыз кылуу үчүн пайдалануу зарыл болгон учурдан тышкары, укугу жок.

 

887-статья. Сактоо шартынын өзгөрүшү

 

1. Буюмду сактоонун сактоо келишиминде каралган шарттарын өзгөртүү зарыл болгон учурда сактоочу бул жөнүндө буюм өткөрүүчүгө токтоосуз билдирүүгө жана анын жообун күтүүгө милдеттүү.

Эгерде сактоо шарттарын өзгөртүү буюмдун жоголуу же бузулуу коркунучунан сактап калуу үчүн зарыл болгон учурда сактоочу сактоо келишиминде каралган сактоо ыкмасын, ордун жана буюмду сактоонун башка шарттарын буюм өткөрүүчүнүн жообун күтпөстөн эле өзгөртүүгө укуктуу.

2. Эгерде буюм сактоо учурунда бузулса же анын сакталышын камсыз кылууга мүмкүн болбой калган кырдаал келип чыгып, буюм өткөрүүчү тарабынан өз убагында чара көрүлүшүн күтүүгө болбосо, сактоочу буюмду же анын бир бөлүгүн сактоо жеринде түзүлгөн баа боюнча өз алдынча сатууга укуктуу. Эгерде аталган кырдаалдар сактоочу жооп бербеген себептерден улам келип чыкса, ал өз чыгымдарын сатуу баасынын эсебинен калыбына келтирип алууга укуктуу.

 

888-статья. Сапаты зыяндуу буюмдарды сактоо

 

1. Оңой эле күйүп кетүүчү, жарылгыч жана жалпы эле жаратылышынан коркунучтуу буюмдар, эгерде аларды сактоого өткөрүүдө буюм өткөрүүчү анын мындай сапаттары жөнүндө эскертпесе, буюм өткөрүүчүнүн тарткан зыянынын ордун толтуруп бербестен каалаган учурда сактоочу тарабынан зыянсыздандырылышы же жок кылыныш мүмкүн. Буюм өткөрүүчү мындай буюмду сактоого байланыштуу сактоочуга жана үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жооп берет.

Коркунуч келтирүүчү буюмдарды адис сактоочуга өткөрүп бергенде, мындай буюмдардын аталышы туура эмес көрсөтүлсө жана сактоочу аларды сыртынан карап көргөндө алардын сапаты зыяндуу касиеттерин таба албаган учурда, ушул пункттун биринчи абзацында баяндалган эрежелер колдонулат.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн буюмдарды сактоочу билип жана макул болуп кабыл алган учурда сактоо шарты сакталгандыгына карабастан алар айланадагылар үчүн же сактоочунун же үчүнчү жактардын мүлкү үчүн коркунуч келтирсе жана буюм өткөрүүчүдөн аны тез арада алып кетүүнү талап кылууга мүмкүн болбосо же ал бул талапты аткарбаса, бул буюмдар буюм өткөрүүчүнүн чыгымдарын кайтарып берүүсүз зыянсыздандырылышы же жок кылынышы мүмкүн. Мындай учурда буюм өткөрүүчү сактоочунун же үчүнчү жактардын алдында бул буюмдарды сактоого байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

889-статья. Буюмду сактоо үчүн үчүнчү жактарга өткөрүп берүү

 

Эгерде сактоо келишиминде башкасы каралбаса, сактоочу буюм өткөрүүчүнүн макулдугусуз буюмду сактоо үчүн үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, кырдаалга жараша буюм өткөрүүчүнүн кызыкчылыгында буга мажбур болуп жана анын макулдугун алганга мүмкүнчүлүгү болбогон учурдан тышкары, укугу жок.

Буюмду үчүнчү жактарга өткөрүп берүү жөнүндө сактоочу токтоосуз буюм өткөрүүчүгө билдирүүгө милдеттүү.

Буюмду үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө алгачкы сактоочу менен буюм өткөрүүчүнүн ортосундагы келишим күчүндө калат жана алгачкы сактоочу буюмду өзү сактоого өткөрүп берген жактын аракеттери үчүн өзүнүкүндөй эле жооп берет.

 

890-статья. Сактоо үчүн акы

 

1. Сактоо үчүн акы сактоочуга сактоо аяктагандан кийин, ал эми төөлөө мезгилдүү болушу каралган учурда, ар бир мезгил өткөндөн кийин төлөнүүгө тийиш.

2. Сактоо үчүн төлөө мөөнөтү төлөнө турган мезгилдин жарымынан ашкан мезгилге өткөрүп жиберилген учурда сактоочу сактоо келишимин аткаруудан баш тартууга жана буюм өткөрүүчүдөн сактоого өткөрүлгөн буюмду токтоосуз алып кетүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сактоо сактоочу жооп бербеген кырдаалдардан улам белгиленген мөөнөттөн мурда токтотулса анын ошого теңдеш өлчөмдөгү акысын алууга, ал эми ушул Кодекстин 888-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда - акынын бардык суммасын алууга укугу бар.

Эгерде сактоо сактоочу жооп берген кырдаалдардан улам белгиленген мөөнөттөн мурда токтотулса анын сактоо үчүн акы талап кылууга укугу жок жана бул акынын эсебинен алган сумманы буюм өткөрүүчүгө кайтарып берүүгө тийиш.

4. Эгерде сактоо келишиминде белгиленген мөөнөттөн кийин сактоодогу буюмду буюм өткөрүүчү кайра алып кетпесе ал сактоочуга буюмдун андан ары сакталышы үчүн акы төлөөгө милдеттүү.

5. Эгерде сактоо келишиминде башкасы каралбаса, ушул статьянын эрежелери колдонулат.

 

891-статья. Сактоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруу

 

1. Эгерде сактоо келишиминде башкасы каралбаса, сактоочунун буюмду сактоодо тарткан чыгымдары сактоо үчүн акынын суммасына кошулат.

2. Акысыз сактоодо буюм өткөрүүчү, эгерде келишимде же мыйзамда башкасы каралбаса, сактоочунун буюмду сактоодо тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

 

892-статья. Сактоо боюнча өзгөчө чыгымдар

 

1. Буюмду сактоодогу адаттагы чыгымдардан ашкан жана келишим түзүүдө тараптар алдын биле албаган чыгымдар (өзгөчө чыгымдар), эгерде буюмду өткөрүүчү мындай чыгымдарга макулдугун берсе же кийин колдосо, ошондой эле мыйзамда жана башка укуктук актыларда каралган бөлөк учурларда, ал чыгымдардын орду сактоочуга толтурулуп берилет.

2. Өзгөчө чыгымдарды жасоо зарылчылыгы болгон учурда сактоочу буюмду өткөрүүчүдөн мындай чыгымдар үчүн макулдугун суроого милдеттүү. Эгерде буюмду өткөрүүчү сактоочу көрсөткөн мөөнөттө же зарыл убакыттын ичинде өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирбесе, ал өзгөчө чыгымдарды жасоого макул деп эсептелет.

Сактоочу буюмду өткөрүүчүнүн макулдугун албастан жана буга мүмкүнчүлүгү болуп туруп өзгөчө чыгымдарды жумшаса жана буюмду өткөрүүчү мындай чыгымдарга макул болбосо, сактоочу, эгерде мындай чыгымдар жасалбаган учурда сактоодогу буюмга келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын чектеринде гана өзгөчө чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сактоо келишиминде башка каралбаса, өзгөчө чыгымдарынын орду сактоо үчүн акыдан тышкары толтуруп берилет.

 

893-статья. Буюмду өткөрүүчүнүн буюмду кайра алышы

 

1. Буюмду өткөрүүчү сактоого коюлган буюмду келишимде каралган же ушул Кодекстин 883-статьясынын 3-пунктуна ылайык сактоочу буюмду кайра алуу үчүн берген мөөнөттө кайра алууга тийиш.

2. Буюмду өткөрүүчү сактоого коюлган буюмду кайра алуудан баш тартса, эгерде сактоо келишиминде башка каралбаса, буюмду өткөрүүчүгө кат жүзүндө эскертүү менен ал буюмду сакталып жаткан жерде түзүлгөн баада өз алдынча, ал эми эгерде буюмдун баасы эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 50 эседен ашык болсо, ушул Кодекстин 408-410-статьяларында белгиленген тартипте аукциондо сатууга укуктуу.

Буюмду сатуудан түшкөн сумма сактоо үчүн алынуучу акыны, анын ичинде сатуу боюнча чыгымдарды алгандан кийин буюмду өткөрүүчүгө берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

894-статья. Буюмдун жоголушу, жетпей калгандыгы же бузулушу үчүн

жоопкерчилик

 

1. Сактоочу сактоого кабыл алынган буюмдун жоголушу, жетпей калгандыгы же бузулушу үчүн ушул Кодекстин 20-главасында каралган негиздер боюнча жооп берет.

2. Буюмду ээлик кылуу ишкердиги же башка кесиптик иш-аракет жүргүзүү иретинде сактоого кабыл алган сактоочу, эгерде буюм:

1) ал жеткис күчтөрдүн;

2) буюмдун аны сактоого кабыл алууда сактоочу билбеген же билүүгө тийиш болбогон тымызын касиеттеринин;

3) буюм өткөрүүчүнүн атайын жасагандыгынын же олдоксондугунун айынан жоголгондугун, жетпей калгандыгын же бузулгандыгын далилдебесе, алар үчүн жооп берет.

3. Өткөрүүчүнүн буюмду кайра алуу милдети пайда болгондон кийин (892-cтатьянын 1-пункту) сактоого кабыл алынган буюмдун жоголушу, жетпей калгандыгы же бузулушу үчүн сактоочу өзү тараптан атайын жасалгандык же олдоксондук болгон учурда гана жооп берет.

 

895-статья. Сактоочунун жоопкерчилигинин өлчөмү

 

1. Эгерде мыйзамда же сактоо келишиминде башкасы каралбаса, буюм өткөрүүчүгө буюмдун жоголгондугунан, жетпей калгандыгынан же бузулгандыгынан келтирилген зыяндын орду сактоочу тарабынан ушул Кодекстин 358-статьясына ылайык толтуруп берилет.

2. Акысыз сактоодо жүк өткөрүүчүгө буюмдун жоголгондугунан, жетпей калгандыгынан же бузулгандыгынан келтирилген зыяндын орду төмөнкүчө толтуруп берилет:

1) буюмдун жоголгондугу же жетпей калгандыгы үчүн - жоголгон же жетпей калган буюмдун баасында;

2) буюмдун бузулгандыгы үчүн - анын баасы төмөндөгөн сумманын өлчөмүндө.

3. Эгерде сактоодогу буюмдун сапаты сактоочу жооп берген бузулуудан улам аны алгачкы арналышында пайдаланууга мүмкүн болбой калса буюм өткөрүүчү андан баш тартып, бул буюмдун наркын төлөп берүүнү, ошондой эле мыйзамда же келишимде каралган учурда, башка чыгымдарынын да ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

896-статья. Сактоочуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 

Буюмду өткөрүүчү сактоого өткөрүлгөн буюмдун сапатынан улам келтирилген зыяндын ордун сактоочуга, эгерде ал сактоого кабыл алууда буюмдун бул сапаттары жөнүндө билбесе же билүүгө тийиш болбосо, толтуруп берүүгө милдеттүү.

 

897-статья. Буюмду өткөрүүчүнүн талабы боюнча сактоо

милдеттенмесинин токтотулушу

 

Сактоочу буюмду өткөрүүчүнүн биринчи талабы боюнча сактоого кабыл алынган буюмду, келишим боюнча каралган сактоо мөөнөтү аяктай элек болсо дагы, кайтарып берүүгө милдеттүү.

 

898-статья. Сактоо жөнүндөгү жалпы жоболордун анын айрым түрлөрүнө

карата колдонуу

 

Сактоо жөнүндөгү жалпы жоболор (878-896-статьялар), эгерде сактоонун айрым түрлөрү тууралуу ушул главанын 2 жана 3-параграфтарында каралган эрежелерде жана башка мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, анын айрым түрлөрүнө карата да колдонулат.

 

899-статья. Мыйзам боюнча сактоо

 

Эгерде мыйзамдарда башка эрежелер белгиленбесе, ушул главанын эрежелери мыйзам боюнча келип чыккан сактоо милдеттенмелерине да колдонулат.

 

2-§. Товарды складдарда сактоо

 

900-статья. Товардык склад

 

Ээлик кылуу ишкердиги иретинде товарларды сактоону ишке ашырып жана сактоого байланыштуу кызматтарды көрсөтүп жаткан уюм товардык склад деп табылат.

 

901-статья. Жалпы пайдалануудагы товардык склад

 

Эгерде товардык склад мыйзамдарга ылайык чектелген чөйрөдөгү жактардан гана товарды сактоого кабыл ала алуучу складдарга кошулбаса, жалпы пайдалануудагы товардык склад деп эсептелет.

Жалпы пайдалануудагы товардык склад түзгөн складдык сактоо келишими ачык келишим катары таанылат (386-статья).

 

902-статья. Складдык сактоо келишими

 

1. Складдык сактоо келишими боюнча товардык склад (сактоочу) товардын ээси (жүк өткөрүүчү) тарабынан ага өткөрүп берилген товарларды акысын алуу менен сактоого жана ал товарларды сакталуу бойдон кайтарып берүүгө милдеттенет.

2. Складдык сактоо келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы, эгерде анын түзүлүшү жана товарлардын складга кабыл алынышы складдык документтер (905-статья) менен күбөлөндүрүлсө, сакталды деп эсептелет.

 

903-статья. Товардык складдын милдеттери

 

1. Товардык склад стандарттарда, техникалык шарттарда, технологиялык инструкцияларда, сактоо боюнча инструкцияларда, товардын айрым түрлөрүн сактоо боюнча эрежелерде, склад үчүн милдеттүү болгон башка нормативдик атайын документтерде белгиленген сактоо шарттарын (режимин) тутууга милдеттүү.

2. Товарларды сактоого кабыл алууда товардык склад өзүнүн эсебинен товарларды карап чыгууга жана алардын санын (бирдиктеринин же орундарынын санын же салмак, көлөм өлчөмүн) жана сырткы абалын аныктоого тийиш.

3. Товардык склад сактоо мезгилинде товардын ээсине товарды же, эгерде сактоо жекече сапатсыз ишке ашырылып жаткан болсо алардын үлгүсүн, сынамыгын алууга жана товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.

4. Товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн сактоо шартын өзгөртүү талап кылынган учурда товардык склад зарыл чараларды өз алдынча көрүүгө укуктуу. Бирок ал, эгерде складдык сактоо келишиминде белгиленген товарларды сактоо шартын олуттуу өзгөртүү талап кылынган болсо, көрүлгөн чаралар жөнүндө товардын ээсине билдирүүгө милдеттүү.

5. Сактоо мезгилинде келишимде товардын макулдашылган же адаттагы табигый бузулуу нормасынан ашкан бузулуусу аныкталган учурда товардык склад бул жөнүндө токтоосуз акт түзүүгө жана ошол эле күнү товардын ээсине билдирүүгө милдеттүү.

 

904-статья. Товардык складдын складдык сактоо келишиминен баш

тартышы

 

Товардык склад товардын ээси товардын коркунучтуу мүнөздө экендигин жашырып койгондугу жана бул олуттуу зыян келтире тургандыгы аныкталган учурда складдык сактоо келишиминен баш тартууга укуктуу.

 

905-статья. Товар ээсине товарды кайтарып берүүдө товардын санын

жана абалын текшерүү

 

1. Товар ээси жана товардык склад ар бири товарды кайра кайтарып берүүдө аны карап көрүүнү жана санын текшерүүнү талап кылууга укуктуу. Буга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды товарды карап көрүүнү жана текшерүүнү талап кылган тарап көтөрөт.

2. Эгерде товар ээсине товарды складдан кайра кайтарып берүүдө товар алар тарабынан карап көрүлбөсө же текшерилбесе товардын жетишпегендиги же тийиштүү түрдө сакталбагандыктан бузулгандыгы жөнүндө арыз товарды алууда складга кат жүзүндө берилүүгө тийиш, ал эми товарды адаттагыдай карап көрүүдө байкалбаган кемчилдиги же бузулгандыгы тууралуу аны алгандан кийин үч күндүн ичинде берилет.

Товар ээси ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн арызды бербесе, анда башкасы далилденбегендиктен, товар склад тарабынан келишимдин шарттарына ылайык кайтарып берилди деп эсептелет.

 

906-статья. Складдык документтер

 

1. Товарды сактоого кабыл алгандыгын ырастоо иретинде товардык склад төмөнкү складдык документтердин бирин берет:

1) коштолгон складдык күбөлүк;

2) жөнөкөй складдык күбөлүк;

3) складдык квитанция.

2. Коштолгон складдык күбөлүк, анын эки бөлүгүнүн ар бири жана жөнөкөй складдык күбөлүк баалуу кагаздар болуп эсептелет.

3. Коштолгон жана жөнөкөй складдык күбөлүк күрөөнүн предмети болушу мүмкүн.

 

907-статья. Коштолгон складдык күбөлүк

 

1. Коштолгон складдык күбөлүк эки бөлүктөн - складдык күбөлүктөн жана күрөөлүк күбөлүктөн (варранттан) турат жана алар бири биринен ажыратылышы мүмкүн.

2. Коштолгон складдык күбөлүктүн эки бөлүгүндө тең төмөндөгүлөр бирдей көрсөтүлүүгө тийиш:

1) товарды сактоого кабыл алган товардык складдын аталышы жана дареги;

2) складдык күбөлүктүн складдын реестри боюнча номери;

3) товар сактоого кабыл алынган гражданиндин же юридикалык жактын аталышы, ошондой эле товар ээсинин жайгашкан орду (жашаган жери);

4) сактоого кабыл алынган товардын аталышы жана саны - бирдигинин жана (же) товардык орундарынын саны жана товардын өлчөмү (салмагы, көлөмү);

5) товардын сактоого кабыл алынган мөөнөтү, эгерде мындай мөөнөт белгиленсе, же болбосо товардын кайра талап кылынганга чейин сактоого кабыл алынгандыгын көрсөтүү;

6) сактоо үчүн акынын өлчөмү же акыны эсептөө үчүн негиз болуучу тариф жана сактоо үчүн төлөөнүн тартиби;

7) складдык күбөлүктүн берилген датасы;

8) ыйгарым укуктуу адамдын колтамгасы жана товардык складдын мөөрү.

3. Ушул статьянын талаптарына ылайык келбеген документ коштолгон складдык күбөлүк болуп эсептелбейт.

 

908-статья. Складдык жана күрөөлүк күбөлүктү кармоочунун укуктары

 

1. Складдык жана күрөөлүк күбөлүктүн кармоочусу складда сакталган товарды толук көлөмүндө тескөө укугуна ээ.

2. Күрөө күбөлүгүнөн ажыратылган складдык күбөлүктүн кармоочусу товарды тескөөгө укуктуу, бирок күрөө күбөлүгү боюнча кредитти тындырмайынча складдан аны ала албайт.

3. Складдык күбөлүктүн кармоочусунан башка күрөөлүк күбөлүктүн кармоочусу күрөө күбөлүгү боюнча кредиттин жана ал боюнча проценттердин өлчөмүндө гана товарга карата күрөө укугуна ээ болот. Товардын күрөөсүндө ал жөнүндө складдык күбөлүккө белги коюлат.

 

909-статья. Складдык жана күрөөлүк күбөлүктү өткөрүп берүү

 

Складдык жана күрөөлүк күбөлүктөр бирге жана өз-өзүнчө өткөрүп берүү жазуулары менен өткөрүп берилиши мүмкүн.

 

910-статья. Жөнөкөй складдык күбөлүк

 

1. Жөнөкөй складдык күбөлүк аны көрсөтүүчүгө берилет.

2. Жөнөкөй складдык күбөлүк ушул Кодекстин 906-статьясында каралган маалыматтарды, ошондой эле анын көрсөтүүчүгө берилгендиги тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш.

3. Ушул статьянын талаптарына жооп бербеген документ жөнөкөй складдык күбөлүк болуп эсептелбейт.

 

911-статья. Товарды коштолгон складдык күбөлүк боюнча берүү

 

1. Товардык склад складдык жана күрөөлүк күбөлүктүн (коштолгон складдык күбөлүк) кармоочусуна товарды бул эки күбөлүккө чогуусу менен алмашуу аркылуу берет.

2. Күрөөлүк күбөлүгү жок, бирок ал боюнча карыздын суммасын төлөгөн складдык күбөлүктүн кармоочусуна товар складдык күбөлүккө алмашуу аркылуу жана аны менен кошо күрөө күбөлүгү боюнча бардык сумманы төлөгөндүгү тууралуу квитанция берилгенде гана берилет.

3. Складдык жана күрөөлүк күбөлүктү кармоочу товарды бөлүк-бөлүгү боюнча берүүнү талап кылууга укуктуу. Бул учурда алгачкы күбөлүктүн ордуна складда калган товар үчүн жаңы күбөлүк берилет.

 

912-статья. Буюмдарды тескөө укугу менен сактоо

 

Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан же келишимден товардык складдын ага сактоо үчүн өткөрүлгөн товарларды тескей алуусу келип чыкса, анда тараптардын өз ара мамилелерине карата заем жөнүндөгү жоболор колдонулат, бирок товарды кайра кайтарып берүү мезгили жана жери сактоо жөнүндөгү жоболор менен аныкталат.

 

3-§. Сактоонун айрым түрлөрү

 

913-статья. Ломбардда сактоо

 

1. Гражданинге таандык буюмдарды ломбардда сактоо келишими ачык келишим деп эсептелет (386-статья).

2. Буюмдарды ломбардда сактоо келишими ломбард тарабынан жекече сактоо квитанциясын берүү менен түзүлөт.

3. Ломбардга сактоого берилип жаткан буюм тараптардын макулдашуусу боюнча ушундай түрдөгү жана сапаттагы буюмдардын сактоого кабыл алынып жаткан жердеги жана ошол учурдагы соодада белгиленүүчү баасына ылайык бааланууга тийиш.

4. Ломбард сактоого кабыл алынган буюмдарды буюмду өткөрүүчүнүн пайдасына жана өзүнүн эсебинен ушул статьянын 3-пунктуна ылайык коюлган баанын толук суммасына камсыздандырууга тийиш.

 

914-статья. Ломбарддан кайра алынбаган буюмдар

 

1. Эгерде ломбардга сактоого кабыл алынган буюм аны өткөрүүчү тарабынан ломбард менен түзүлгөн келишимде белгиленген мөөнөттө кайра талап кылынбаса, ломбард аны келишимде белгиленген акысын алуу менен дагы эки ай сактоого милдеттүү. Бул убакыт өткөндөн кийин буюмдар ушул Кодекстин 341-статьясынын 5-пунктунда белгиленген тартипте сатылышы мүмкүн.

2. Кайра талап кылынбаган буюмду сатуудан түшкөн суммадан ломбарддын сактоо үчүн жана башка төлөмдөрү алынат. Калган сумма буюмду өткөрүүчүгө кайтарып берилет.

 

915-статья. Баалуу буюмдарды банкта сактоо

 

1. Банк баалуу кагаздарды, асыл металлдарды жана таштарды, баалуу буюмдарды жана башка баалуулуктарды, ошондой эле документтерди сактоого кабыл ала алат.

2. Баалуу буюмдарды банкта сактоо келишими банк тарабынан буюм өткөрүүчүгө жекече сактоо документин берүү менен түзүлөт жана аны көрсөтүү буюм өткөрүүчүнүн банкта сакталуучу баалуу буюмдарын кайтарып берүү үчүн негиз болот.

3. Баалуу кагаздарды сактоо (депозит) келишиминде белгиленген учурларда банк алардын сакталуусун камсыз кылуу менен бирге бул кагаздарга карата юридикалык мааниге ээ болгон аракеттерди (өкүлчүлүк кылуу ж.б.) да ишке ашыра алат.

 

916-статья. Баалуу буюмдарды банкта жекече сейфте сактоо

 

1. Баалуу буюмдарды банкта сактоо келишиминде буюмду өткөрүүчүнүн (клиенттин) баалуу буюмдарын сактоосу банк тарабынан ага банктын корголуучу жекече сейфин (сейфтин ячейкасын, банкта сактоо үчүн өзүнчө бөлмө) пайдаланууга берүү менен ишке ашырылары каралашы мүмкүн.

Клиентке жекече банк сейфин берүү менен баалуу буюмдарды сактоо жөнүндө түзүлгөн келишим боюнча ага баалуу буюмдарын сейфке өзү салууга жана андан алууга укук берилип, ал үчүн ага сейфтин ачкычы, клиентти аныктоо үчүн карточка же клиенттин сейфке жана анын ичиндегилерге жетүү укугун күбөлөндүргөн башка белги же документ берилүүгө тийиш.

2. Клиентке жекече банк сейфин берүү менен баалуу буюмдарды сактоо жөнүндө түзүлгөн келишим боюнча банк клиентке кимдир-бирөөнүн, анын ичинде банктын контролусуз эле сейфке баалуу буюмдарын салуу жана аларды андан алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Банк, эгерде келишимде башкасы каралбаса, клиентке берилген сейф турган жайга анын келишин контролго алууга укуктуу. Келишимде клиенттин сейфке келишин бир эле мезгилде клиенттин жана банктын катышуусу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.

Клиентке жекече банк сейфин берүү менен баалуу буюмдарды сактоо жөнүндө түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса, банк, эгерде сактоо шарты боюнча клиентке билдирбестен кимдир-бирөөнүн сейфке келиши мүмкүн эместигин же ал жеткис күчтөрдүн натыйжасында болгондугун далилдесе, сейфтин ичиндегилеринин сакталбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Банк сейфин башкага пайдаланууга банктын жоопкерчилигисиз берүүгө карата ушул Кодекстин ижара келишими жөнүндөгү эрежелери колдонулат.

 

917-статья. Транспорт уюмдарынын сактоо камераларында сактоо

 

1. Транспорт уюмдарынын карамагында болгон сактоо камералары жүргүнчүлөрдөн жана башка граждандардан буюмдарды, алардын жол жүрүү билеттеринин бар-жогуна карабастан сактоого абыл алууга милдеттүү. Транспорт уюмдарынын сактоо камераларында буюмдарды сактоо келишими ачык түзүлгөн келишим деп табылат (386-статья).

2. Буюмдардын сактоо камераларында (автомат камералардан тышкары) сактоого кабыл алынгандыгын ырастоо иретинде номердик жетон же квитанция берилет. Номердик жетон же квитанция жоголуп кеткен учурда сактоо камераларына өткөрүлгөн буюмдар буюм өткөрүүчүгө таандык экендиги ырасталганда берилет.

3. Буюмдар сактоо камераларына сактоого атайын эрежелерде же тараптардын макулдашуусунда белгиленген мөөнөттүн чектеринде өткөрүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кайра талап кылынбаган буюмдарды сактоо камерасы дагы отуз күн сактоого тийиш. Бул мөөнөт өткөндөн кийин кайра талап кылынбаган буюм ушул Кодекстин 892-статьясынын 2-пунктуна ылайык сатылышы мүмкүн.

4. Буюм өткөрүүчүнүн сактоо камерасына өткөрүлгөн буюму жоголуп, жетпей калып же бузулуп калгандыгынан улам ага келтирилген зыяндын орду буюмду өткөрүүдө аны өткөрүүчү тарабынан бааланган сумманын чектеринде төлөп берүү жөнүндө талап коюлган учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде толтурулуп берилүүгө тийиш.

 

918-статья. Уюмдардын кийим илүүчү жайларында сактоо

 

1. Уюмдардын кийим илүүчү жайларында сактоо, эгерде буюмду сактоого өткөргөндө акысын төлөө жөнүндө макулдашылбаса, акысыз деп эсептелинет.

2. Кийим илүүчү жайга буюмдун кабыл алынышын күбөлөндүрүү үчүн сактоочу буюм өткөрүүчүгө номердик жетон же буюмдун кабыл алынгандыгын ырастаган башка белгини берет.

3. Кийим илүүчү жайга өткөрүлгөн буюм жетонду берүүчүгө кайтарып берилет. Мындай учурда сактоочу жетонду берүүчүнүн буюмду алууга карата ыйгарым укугун текшерүүгө милдеттүү эмес. Бирок, жетондун аны берген кишиге таандык экенине күмөн санаган учурда буюмду кайтарып берүүнү токтото турууга укуктуу.

4. Сактоочу кийим илүүчү жайдан буюмду аны өткөргөн киши жетонун жоготуп жиберип, бирок кийим илүүчү жайга өткөргөн фактысы жана буюм аныкы экени күмөн туудурбаса же далилденсе берүүсү мүмкүн.

5. Бул статьянын эрежелери граждандар тарабынан уюмдарда жана транспорт каражаттарында ушул максатттар үчүн бөлүнгөн жерлерде өткөрбөстөн эле калтырылган сырт кийимдерине, баш кийимдерине жана башка ушул сыяктуу буюмдардын сакталышына карата да колдонулат.

 

919-статья. Мейманканада сактоо

 

1. Мейманкана анда жашаган адам менен өзгөчө макулдашуу түзбөстөн эле акча, баалуу кагаздар жана башка валюта каражаттарынан тышкары ага алып келинген буюмдардын жоголуп, жетпей же бузулуп калышы үчүн, жоголуп кетүү же бузулуу ал жеткис күчтөрдүн, буюмдун өзүнүн сапаттарынын же жашаган адамдын өзүнүн күнөөсүнүн себебинен болгондон башка учурларда, сактоочу катары жооп берет.

Мейманканага алып келинген буюм катары мейманкананын кызматчыларына өткөрүп берилген же буга арналган жайларга (мейманкана номерине ж.б.) коюлган буюм эсептелет.

2. Акча, баалуу кагаздар, башка валюта каражаттарынын жана башка баалуу буюмдардын жоголуп кеткендиги үчүн мейманкана, эгерде алар сактоого кабыл алынган же мейманкана тарабынан жашаган адамга берилген сейфке ал адам тарабынан салынган учурда, ал сейф анын номеринде же башка жерде тургандыгына карабастан, жооп берет. Мейманкана, эгерде сактоонун шарты боюнча кимдир-бирөөнүн сейфке анда жашаган адамга билдирбестен кириши мүмкүн эместигин же ал жеткис күчтөрдүн айынан болгондугун далилдесе, сейфтин ичиндегисинин сакталуу болушу үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Өзүнүн буюмдарынын жоголгондугун, жетпей калгандыгын же бузулгандыгын аныктаган жашоочу токтоосуз мейманканын администрациясына билдирүүгө милдеттүү. Болбосо мейманка буюмдардын сакталышы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

4. Мейманкана тарабынан жашоочулардын буюмунун жоголуп кетиши үчүн жоопкерчилик милдетин албай тургандыгынын жарыяланышы аны жоопкерчиликтен бошотпойт.

 

920-статья. Талаш-тартыш предмети болуп саналган буюмдарды сактоо

(секвестр)

 

1. Секвестр жөнүндө келишим боюнча буюмга укук жөнүндө ортосунда талаш-тартыш келип чыккан эки же бир нече жактар талаш буюмду үчүнчү жакка беришет, ал талаш чечилгенден кийин соттун чечими боюнча же бардык талашкан жактардын макулдашуусу боюнча ал ыйгарылган жакка кайтарууга милдеттенет (келишимдик секвестр).

2. Эки же бир нече жактардын ортосунда талаш-тартыш предмети болуп саналган буюм соттун чечими боюнча секвестр тартибинде сактоого берилиши мүмкүн (сот секвестри).

Сот дайындаган жак, ошондой эле талашкан тараптардын өз ара макулдугу боюнча аныкталган жак сот секвестри боюнча сактоочу болушу мүмкүн. Эгерде мыйзамдарда башкача белгиленбесе, эки учурда тең сактоочунун макулдугу талап кылынат.

3. Секвестр тартибинде сактоого кыймылдуу, ошондой эле кыймылсыз буюмдар берилиши мүмкүн.

4. Эгерде келишимде же секвестр белгиленген сот чечиминде башкача каралбаса, секвестр тартибинде буюмду сактоочу талашкан тараптардын эсебинен сыйлык акы алууга укуктуу.

 

46-Глава
Камсыздандыруу

 

1-§. Жалпы жоболор

 

921-статья. Ыктыярдуу жана милдеттүү камсыздандыруу

 

1. Камсыздандыруу гражданин же юридикалык жак (камсыздандырылуучу) камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен түзүлгөн мүлктүк же жеке камсыздандыруу келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат (386-статья).

2. Мыйзам менен анда көрсөтүлгөн адамдарга камсыздандырылуучу катары башка адамдардын өмүрүн, ден соолугун же мүлкүн камсыздандыруу милдети же өзүнүн эсебинен же болбосо таламдаш жактардын (милдеттүү камсыздандыруу) эсебинен башка адамдардын алдындагы граждандык жоопкерчилиги жүктөлгөн учурда камсыздандыруу ушул главанын эрежелерине ылайык келишим түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

Милдеттүү камсыздандырууда камсыздандырылуучу камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрүн жөнгө салган мыйзамда каралган шарттарда мүлктүк же жеке камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

 

922-статья. Камсыздандырууга жол берилбей турган таламдар

 

1. Укукка каршы таламдарды камсыздандырууга жол берилбейт.

2. Оюндарга, лотереяларга жана мөрөйлөргө катышуудан тарткан зыяндарды камсыздандырууга жол берилбейт. Мындай таламдарды жана чыгымдарды камсыздандыруу жөнүндөгү келишимдин шарттары жокко эсе.

3. Камсыздандыруунун объектиси болуп саналган мүлктүк талам камсыздандыруу учуру келген мезгилге чейин орун алууга тийиш (923-статьянын 2-пункту).

4. Алдын-ала макулдашылган утуштар менен алдыдагы окуялар (ар кандай спорттук, саясий, маданий, финансылык, аба ырайынын жана башка) болоорун же болбостугун камсыздандырууга жол берилбейт.

(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

923-статья. Мүлктүк камсыздандыруу келишими

 

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча бир тарап (камсыздандыруучу) келишимде шартталган акы (камсыздандыруу сыйлыгы) үчүн келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) пайда болгондо экинчи тарапка (камсыздандырылуучуга) же келишим пайдасына түзүлгөн башка жакка (пайданы алуучуга) ал окуянын кесепетинен камсыздандырылган мүлктүн чыгымын же камсыздандырылуучунун башка камсыздандырылган мүлктүк таламдарына байланыштуу чыгымдарды келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасы) чегинде төлөп берүүгө (камсыздандыруунун ордун толтурууга) милдеттенет.

2. Мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча төмөнкүдөй мүлктүк таламдар камсыздандырылышы мүмкүн:

1) белгилүү бир мүлктүн толук жоголуу (кыйроо), кемүү же бузулуу тобокели (923-статья);

2) граждандык жоопкерчилик тобокели - башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен пайда болгон милдеттенмелер боюнча тобокел, ал эми мыйзамда каралган учурларда, келишим боюнча жоопкерчилик тобокели (924- жана 925-статьялар);

3) ишкердик тобокели - ишкердин контрагенттеринин өз милдеттенмелерин бузушунан улам же ишкерге байланышпаган жагдайлар боюнча ал иштин шарттарынын өзгөрүшүнөн улам ишкердиктен зыян тартуу тобокели, анын ичинде күтүлгөн кирешени албай калуу тобокели (926-статья).

 

924-статья. Мүлктү камсыздандыруу

 

1. Мүлк камсыздандыруу келишими боюнча ал мүлктү сактоого мыйзамда, башка нормативдик укуктук актыда же келишимде негиз бар болсо ал жактын (камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун) пайдасына - менчик ээсинин, мүлккө башка буюм укугу бар жактын, сатып алуучунун, арендатордун, подрядчынын, сактоочунун, комиссиялоочунун жана башкалардын пайдасына камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Камсыздандыруу учуру келгенге карата камсыздандырылган мүлктү сактоого камсыздандырылуучунун жана пайда алуучунун кызыкчылыгы болбогон учурда түзүлгөн мүлктү камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

3. Пайда алуучунун пайдасына мүлктү камсыздандыруу келишими пайда алуучунун атын же аталышын көрсөтпөстөн түзүлүшү мүмкүн.

Мындай келишимди түзүүдө камсыздандырылуучуга талап кылуучунун камсыздандыруу полиси берилет. Мындай келишим боюнча укукту ишке ашырууда мындай полисти камсыздандыруучуга сунуш кылуу зарыл.

 

925-статья. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу

 

1. Жоопкерчилик тобокелин камсыздандыруу келишими боюнча башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандырылуучунун өзүнүн же мындай жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн болгон башка жактын жоопкерчилик тобокели камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчилик тобокели камсыздандырылган жак камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде бул жак келишимде көрсөтүлбөсө, камсыздандырылуучунун өзүнүн жоопкерчилик тобокели камсыздандырылды деп эсептелет.

3. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчилик аны камсыздандыруу милдеттүү болгондугунан улам, ошондой эле мындай жоопкерчиликти камсыздандыруу мыйзам же камсыздандыруу келишиминде белгиленген башка учурларда камсыздандырылган болсо камсыздандыруу келишими пайдасына түзүлдү деп эсептелген жак камсыздандыруучунун өзүнө камсыздандыруунун суммасынын чектеринде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап кылууга укуктуу.

 

926-статья. Жеке камсыздандыруу келишими

 

1. Жеке камсыздандыруу келишими боюнча бир тарап (камсыздандыруучу) башка тарап (камсыздандырылуучу) төлөгөн келишимде шартталган акы (камсыздандыруу сыйлыгы) үчүн камсыздандырылган жактын өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилген учурда, ал камсыздандырылган жактын өзү же келишимде аталган башка гражданин болушу мүмкүн, келишимде шартталган сумманы (камсыздандыруу суммасын) камсыздандырылган жак белгилүү бир жашка чыкканда же анын өмүрүндө келишимде каралган башка окуя (камсыздандыруу окуясы) болгон учурда бир жолу же мезгил-мезгили менен төлөп берет.

Камсыздандыруу суммасын алуу укугу пайдасына келишим түзүлгөн жакка таандык болот.

Жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын алуу укугу жана төлөп берүү менен байланышкан мамилелерге карата камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндөгү ушул главанын эрежелери колдонулат, буга мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруунун ордун толтурууга карата жоболор кирбейт.

2. Эгерде келишимде пайда алуучу катары башка жак аталбаса, Жеке камсыздандыруу келишими камсыздандырылган жактын пайдасына түзүлдү деп эсептелет. Башка пайда алуучу аталган келишим боюнча камсыздандырылган жак өлгөн учурда камсыздандырылган жактын мурасчылары пайда алуучулар болуп калат.

Камсыздандырылган жак болуп саналбаган жактын пайдасындагы, анын ичинде камсыздандырылуучунун камсыздандырылган жагы болуп саналбагандын пайдасындагы жеке камсыздандыруу келишими камсыздандырылган жактын кат жүзүндөгү макулдугу менен гана түзүлүшү мүмкүн. Мындай макулдук болбогон учурда келишим камсыздандырылган жактын доосу боюнча, ал эми ал жак өлгөн учурда - анын мурасчыларынын доосу боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн.

 

927-статья. Топтошуп камсыздандыруу

 

1. Топтошуп (жамаатташып) камсыздандырууда бир камсыздандыруу келишими боюнча бир несе жактардын өмүрү, ден соолугу жана (же) мүлкү камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Топтошуп камсыздандыруу персоналдык, ошондой эле айрым категориядагы адамдарды гана камтыган жалпы болушу мүмкүн.

Жалпы камсыздандырууда камсыздандырылган жактардын чөйрөсү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу окуясын, ар бир камсыздандырылган жакка карата анын натыйжаларын жана ага камсыздандыруунун акысын төлөп берүү өлчөмүн индивидуалдаштыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө конкреттештирилүүгө тийиш.

3. Топтошуп камсыздандыруу келишими боюнча мамилелерге карата жеке камсыздандыруу жана мүлктүк камсыздандыруу жөнүндөгү ушул Кодекстин тийиштүү жоболору колдонулат.

 

928-статья. Милдеттүү камсыздандыруу

 

1. Мыйзам менен төмөнкүлөрдү камсыздандыруу милдеттендирилиши мүмкүн:

мыйзамда аныкталган жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген учурларга алардын өмүрү, ден соолугу же мүлкү;

башка жактардын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилиши мүмкүн болгондо же башка жактардын келишимди бузушунда граждандык жоопкерчилик тобокели.

Мыйзам менен милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн, бирок гражданинге өз өмүрүн же ден соолугун камсыздандыруу милдети жүктөлүшү мүмкүн эмес.

2. Мүлктү камсыздандыруу милдети мыйзамдан келип чыкпастан, мүлктүн ээси менен келишимге (арендалык келишим, күрөө келишими ж.б.) же мүлктүн ээси болуп саналган юридикалык жактын уюштуруу документтерне негизделген учурда мындай камсыздандыруу ушул статьянын маңызынан алганда милдеттүү болуп саналбайт жана ушул Кодекстин 931-статьясында каралган натыйжаларга алып келбейт.

 

929-статья. Милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу

 

1. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандыруучу менен мындай камсыздандыруу милдети жүктөлгөн адамдын (камсыздандырылуучу) камсыздандыруу келишимин түзүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Милдеттүү камсыздандыруу мыйзам менен белгиленген учурларда өз эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн болгон жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруудан тышкары камсыздандырылуучунун эсебинен жүргүзүлөт.

3. Милдеттүү камсыздандырууга тийиш болгон объектилер, камсыздандырууга тийиш болгон тобокелдер, камсыздандырылуучу катары милдеттенген адамдардын чөйрөсү, камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү жана милдеттүү камсыздандыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

 

930-статья. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү эрежени бузуунун

кесепеттери

 

1. Мыйзам боюнча пайдасына милдеттүү камсыздандыруу жүргүзүлүүгө тийиш болгон жак эгерде ага камсыздандыруу жүргүзүлбөгөндүгү белгилүү болсо, камсыздандырылуучу катары камсыздандыруу милдети жүктөлгөн адамдан аны жүргүзүүнү сот тартибинде талап кылууга акылуу.

2. Эгерде камсыздандырылуучу катары милдеттүү камсыздандыруу жүктөлгөн жак камсыздандыруу жүргүзбөсө же камсыздандыруу келишимин мыйзамда каралган шарттарга салыштырганда пайда алуучунун абалын начарлатуучу шартта жүргүзгөн болсо, ал камсыздандыруу окуясы пайда болгон учурда пайда алуучунун алдында талаптагыдай камсыздандыруу жүргүзүлгөн учурда камсыздандыруу акысы төлөп берилүүгө тийиш болгондой шартта жооп берет. Мындай жоопкерчилик аны пайда алуучунун (жабыр тартуучунун) алдында башка негиздер боюнча (эмгек же башка келишим, же болбосо зыян келтирүүнүн кесепети боюнча) жоопкерчиликтен бошотпойт.

3. Камсыздандырылуучу катары камсыздандыруу милдети жүктөлгөн жак негизсиз жыйган сумма анын бул милдетти аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам Мамлекеттик камсыздандырууга көзөмөлдүк кылуу органдарынын доосу боюнча ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктуна ылайык проценттерин кошуп эсептөө менен Кыргыз Республикасынын кирешесине өндүрүлөт.

 

931-статья. Камсыздандыруучу

 

1. Камсыздандыруу келишимин камсыздандыруучу катары коммерциялык уюм болуп саналган жана тийиштүү түрдөгү камсыздандырууну жүргүзүүгө атайын уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык жактар түзө алат.

2. Камсыздандыруучу уюмдар жооп берүүгө тийиш болгон талаптар, аларга лицензия берүүнүн жана алардын ишине мамлекеттик көзөмөлдүк кылуу тартиби Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу уюмдары жөнүндөгү мыйзам менен аныкталат.

 

932-статья. Кайра камсыздандыруу

 

1. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу өзүнө алган камсыздандыруу акысын төлөп берүү тобокели соңку жак түзгөн кайра камсыздандыруу келишими боюнча башка камсыздандыруучудан (камсыздандыруучулардан) толугу менен же жарым жартылай камсыздандырылышы мүмкүн.

Мыйзамда каралган учурларда камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча өзү кабыл алган тобокелди кайра камсыздандырууга милдеттүү.

2. Кайра камсыздандыруу келишимине ушул главанын камсыздандыруунун ээлик кылуу тобокелине тиешелүү эрежелери колдонулат. Мында камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу бул соңку келишимде камсыздандырылуучу болуп эсептелет.

3. Кайра камсыздандырууда негизги камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылучунун алдында камсыздандыруу акысын төлөп берүү үчүн жоопкер болуп ушул келишим боюнча камсыздандыруучу чыгат.

4. Эки же бир нече кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча ошол эле тобокелди ырааттуу түрдө кайра камсыздандырууга жол берилет.

 

933-статья. Камсыздандыруунун купуялыгы

 

Камсыздандыруучу өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алган камсыздандырылуучу, камсыздандырылган жак жана пайда алуучу жөнүндөгү, ал жактардын мүлктүк абалы жөнүндөгү, ал эми жеке камсыздандырууда - алардын ден соолугунун абалы жөнүндөгү, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз. Ал өзүнүн кызматчыларына алар ошол камсыздандыруу уюмундагы кызматын таштап кеткенден кийин да мындай маалыматтарды ачыкка чыгарбашын камсыз кылууга милдеттүү.

Камсыздандыруунун купуялыгын бузгандык үчүн камсыздандыруучу укук бузуунун түрүнө жана мүнөзүнө жараша ушул Кодекстин 34-статьясынын же 50-статьясынын эрежелерине ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

2-§. Камсыздандыруу келишиминин формасы, мазмуну жана аны түзүү

 

934-статья. Камсыздандыруу келишиминин формасы

 

1. Камсыздандыруу келишими кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Кат жүзүндөгү форманы сактабагандык камсыздандыруу келишиминин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим жокко эсе деп саналат.

2. Камсыздандыруу келишими бир документти түзүү (395-статьянын 2-пункту) же камсыздандырылуучунун кат жүзүндөгү же оозеки арызынын негизинде камсыздандыруучу тарабынан ага өзү кол койгон камсыздандыруу полисин (күбөлүктү, сертификатты, дүмүрчөктү) берүү жолу менен түзүлүшү мүмкүн. Соңку учурда камсыздандырылуучунун келишим түзүүгө макулдугу камсыздандыруучудан камсыздандыруу полисин кабыл алуу менен ырасталат.

3. Келишим түзүүдө камсыздандыруучу камсыздандыруунун айрым түрлөрү боюнча камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полиси) өзү иштеп чыккан стандарттуу формасын колдонууга акылуу.

4. Камсыздандыруу полиси жоголгон учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга анын эсебинен полистин дубликатын берүүгө милдеттүү.

Талап кылуучунун жоголгон камсыздандыруу полиси боюнча укукту калбына келтирүү (923-статьянын 3-пункту) процессуалдык мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

935-статья. Камсыздандыруу келишиминин олуттуу шарттары

 

1. Камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда мүлктүк камсыздандыруу келишимин түзүүдө төмөнкүдөй макулдашууга жетишилүүгө тийиш:

1) белгилүү мүлк же камсыздандыруунун объектиси болуп саналган башка мүлктүк талам жөнүндө;

2) камсыздандыруу жүргүзүлө турган окуянын мүнөзү (камсыздандыруу окуясы) жөнүндө;

3) камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жөнүндө;

4) келишимди колдонуу мөөнөтү жөнүндө.

2. Камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда жеке камсыздандыруу келишимин түзүүдө төмөнкүдөй макулдашууга жетишилүүгө тийиш:

1) камсыздандырылуучу жак жөнүндө;

2) камсыздандыруу жүргүзүлө турган окуянын мүнөзү (камсыздандыруу окуясы) жөнүндө;

3) камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жөнүндө;

4) келишимди колдонуу мөөнөтү жөнүндө.

3. Эгерде ушул статьяда көрсөтүлгөн камсыздандыруунун кандайдыр бир шарттары жөнүндөгү камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда макулдашууга жетишилбесе, камсыздандыруу келишими түзүлдү деп эсептелбейт. Бирок камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдын негизинде түзүлгөн учурда жана келишимде аныкталбаган шарт тийиштүү мыйзамда так аныкталган учурда (930-статья) бул эреже колдонулбайт.

 

936-статья. Келишимде жана камсыздандыруу эрежелеринде

камсыздандыруу шарттарын аныктоо

 

1. Камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан шарт келишимдин өзүндө (камсыздандыруу полисинде), ошондой эле камсыздандыруучу же камсыздандыруучулардын бирикмеси кабыл алган, жактырган же бекиткен тийиштүү түрдөгү камсыздандыруунун стандарттык эрежелеринде (камсыздандыруу эрежелери) аныкталышы мүмкүн.

2. Камсыздандыруу эрежесинде камтылган жана камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полиси) тексттине киргизилбеген шарт эгерде келишимде (камсыздандыруу полисинде) мындай эрежелерди колдонуу тике көрсөтүлсө жана эрежелердин өзү келишим (камсыздандыруу полиси) менен бир документте же анын арткы бетинде баяндалса, же ага тиркелсе, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) үчүн милдеттүү болуп саналат. Соңку учурда келишим түзүүдө камсыздандырылуучуга камсыздандыруу эрежесин тапшырууда келишимге жазылгандыгы ырасталууга тийиш.

3. Камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу жана камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин айрым жоболорун өзгөртүү же алып салуу жөнүндө жана келишимге эрежеде жок жоболорду киргизүү жөнүндө макулдаша алат.

4. Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) өз пайдасын коргоодо тийиштүү түрдөгү камсыздандыруу эрежелерине, эгер ал эрежелер ушул статьянын колдонулушуна жараша ал үчүн милдеттүү болбосо да, таянууга акылуу, ал үчүн камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) шилтеме бар.

5. Келишимдин стандарттуу формасын (935-статьянын 3-пункту) жана (же) камсыздандыруунун стандарттуу эрежелерин пайдалануу менен камсыздандыруу келишими түзүлгөндө ал түзүлгөн келишим, эгерде камсыздандыруучу башкасын далилдебесе бириктирүү келишими (387-статья) деп эсептелинет.

 

937-статья. Келишим түзүүдө камсыздандырылуучу берүүчү маалыматтар

 

1. Камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга камсыздандыруу учуру келишинин мүмкүнчүлүгүнүн жана ал учур (камсыздандыруу тобокели) келгенде пайда болуучу чыгымдрдын болжолдуу өлчөмүн аныктоо үчүн олуттуу мааниси бар өзүнө белгилүү жагдайларды билдирүүгө милдеттүү.

Камсыздандырылуучуга берилген камсыздандыруу эрежелеринде же кат жүзүндөгү суроо-талапта камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) стандарттуу формасында камсыздандыруучу тарабынан ачык айтылган жагдайлар олуттуу деп таанылат.

2. Эгерде камсыздандыруу келишими камсыздандыруучунун кайсы бир суроолоруна камсыздандырылуучунун жообу жокто түзүлгөндө, камсыздандыруучу кийин келишимди бузууну же тийиштүү жагдайлар камсыздандырылуучу тарабынан билдирилбегендигинин негизинде аны жараксыз деп таануу жөнүндө талап кыла албайт.

3. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар жөнүндө атайлап жалган маалымат бергендиги аныкталса, камсыздандыруучу келишимди жараксыз деп табууну жана ушул Кодекстин 197-статьясынын 2-пунктунда каралган жобону колдонууну талап кылууга акылуу.

Камсыздандыруучу эгерде камсыздандырылуучу айтпай койгон жагдайлар керексиз болуп калса, келишимди анык эмес деп таанууну талап кыла албайт.

 

938-статья. Камсыздандыруу тобокелине баа берүүгө

камсыздандыруучунун укугу

 

1. Мүлктү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу камсыздандырылып жаткан мүлктү карап чыгууга, ал эми зарыл болгон учурда анын чыныгы наркын аныктоо максатында экспертиза дайындоого укуктуу.

2. Жеке камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу камсыздандырылып жаткан адамдын чыныгы ден соолугунун абалын аныктоо үчүн аны текшерүүдөн өткөрүүгө укуктуу.

3. Ушул статьянын негизинде камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу тобокелине баа берүү тескерисинчесин далилдөөгө акылуу болгон камсыздандырылуучу үчүн милдеттүү эмес.

 

939-статья. Башкы полис боюнча камсыздандыруу

 

1. Белгилүү мөөнөттүн ичинде бирдей шартта бир тектүү мүлктөрдүн (товарлардын, жүктөрдүн ж.б.) ар кандай партиясын системалуу түрдө камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча бир камсыздандыруу келишиминин - башкы полистин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Башкы полис колдонулган мүлктүн ар бир партиясына карата камсыздандырылуучу мындай полис менен шартталган маалыматтарды анда каралган мөөнөттө, ал эми ал каралбаса аны алар замат камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу эгерде мындай маалыматтарды алган учурга карата камсыздандыруучуга чыгымдардын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү өтүп кетсе да андай милдеттен бошотулбайт.

3. Эгерде башкы полисте башкасы каралбаса камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун талабы боюнча башкы полистин күчү колдонулган мүлктүн айрым партиялары боюнча камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.

Камсыздандыруу полисинин мазмуну башкы полиске ылайык келбеген учурда камсыздандыруу полисине артыкчылык берилет.

 

3-§. Камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу

наркы жана камсыздандыруу сыйлык акысы

 

940-статья. Камсыздандыруу суммасы

 

1. Камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруу мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысынын чегинде төлөп берүүгө милдеттүү болгон же ал жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө милдеттүү болгон сумма, эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, ал камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун макулдашуусу боюнча аныкталат.

2. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдын негизинде түзүлгөн камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу суммасы тийиштүү мыйзам менен аныкталган минималдуу өлчөмдөн төмөн болбоого тийиш.

3. Мүлктү же ишкердик тобокелин камсыздандырууда, эгерде камсыздандыруу келишиминде башкасы каралбаса, камсыздандыруу суммасы алардын чыныгы наркынан (камсыздандыруу наркы) ашып кетпөөгө тийиш, ал мындай деп эсептелиниши мүмкүн:

соода-сатык келишими же башка акы төлөнүүчү келишим боюнча ажыратылган мүлк үчүн - анын ушул келишим боюнча наркы;

башка мүлк үчүн - камсыздандыруу келишимин түзгөн күнү ал турган жердеги анык наркы;

ишкердик тобокели үчүн - камсыздандыруу учуру келген болсо камсыздандыруучу тартышы мүмкүн болгон ишкердиктин чыгымдары.

 

941-статья. Мүлктүн камсыздандыруу наркын талашуу

 

Камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн мүлктүн камсыздандыруу наркын камсыздандыруучу ал нарк боюнча атайылап жаңылыштык кетирилгендигин далилдей алгандан башка учурда кийин аны талаша албайт.

 

942-статья. Толук эмес мүлктүк камсыздандыруу

 

1. Мүлктү камсыздандыруу же ишкердик тобокелдикти камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан (толук эмес мүлктүк камсыздандыруу) төмөн сумма белгиленген учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандырылуучуга (пайда алуучуга) ал тарткан зыяндын камсыздандыруу наркына карата камсыздандыруу суммасынын пропорционалдык катышындагы бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Келишим менен толук эмес мүлктүк камсыздандырууда камсыздандыруу акысынын кыйла жогорку өлчөмү каралышы мүмкүн, анын ичинде камсыздандыруу суммасынын чегинде чыгымдарды толук төлөп берүү каралышы мүмкүн.

 

943-статья. Кошумча мүлктүк камсыздандыруу

 

1. Эгерде мүлк же ишкердик тобокели камсыздандыруу наркынын жарымына гана камсыздандырылган болсо, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуну кошуп алуу менен кошумча камсыздандыруу жүргүзүүгө акылуу, бирок бардык камсыздандыруу келишимдери боюнча жалпы камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан ашпоого тийиш.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун сактабагандык ушул Кодекстин 945-статьясынын 1-пунктунда каралган себептерге алып келет.

 

944-статья. Камсыздандыруу наркынан ашык камсыздандыруунун

кесепети

 

1. Эгерде мүлктү же ишкердик тобокелин камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу келишиминен ашып кетсе, камсыздандыруу наркынан ашып кеткен камсыздандыруу суммасынын бөлүгүндө келишим жокко эсе деп саналат.

Андай болгондо камсыздандыруу сыйлык акысынын ашыкча төлөнгөн бөлүгү кайра кайтарылбайт.

2. Эгерде камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруу сыйлык акысы убакытты узартуу менен төлөнсө жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар белгиленген учурга карата ал толук төлөнбөсө, камсыздандыруу взносунун калган бөлүгү камсыздандыруу суммасынын азайтылган өлчөмүнө пропорционалдуу азайтылган өлчөмдө төлөнүүгө тийиш.

3. Эгерде камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу суммасынын ашып кетиши камсыздандырылуучу тараптан алдоонун натыйжасында болсо, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишимин толугу менен жараксыз деп таанууну жана ага муну менен келтирилген зыянды камсыздандырылуучудан алган камсыздандыруу сыйлык акысынан ашкан суммадагы өлчөмдө төлөтүүнү талап кылууга укуктуу.

 

945-статья. Эки жолку камсыздандыруу

 

1. Ушул Кодекстин 945-статьясында каралган эрежелер бир эле мүлктү же ишкердик тобокелин эки же бир нече камсыздандыруучуда (эки жолку камсыздандыруу) камсыздандыруунун натыйжасында камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан ашып кеткен учурга да колдонулат.

2. Мүлктү же ишкердик тобокелин эки жолу камсыздандырууда камсыздандыруу келишиминин ар бири камсыздандыруу суммасынын бардык камсыздандыруу келишими боюнча жалпы камсыздандыруу суммасынан пропорционалдуу ашышы боюнча ошол келишимдин камсыздандыруу суммасынын бөлүгүндө жокко эсе болуп саналат.

Камсыздандыруу келишими анык бойдон калган камсыздандыруу суммасынын чегинде ар бир камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын алар түзгөн келишимге ылайык төлөп берүүгө милдеттенет, бирок бардык камсыздандыруучулардан алынган камсыздандыруу акысынын жалпы суммасы камсыздандыруу учурунан улам пайда болгон реалдуу зыяндан ашпоого тийиш.

Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруу акысын түзүлгөн келишимде каралган камсыздандыруу суммасынын чегинде ар кандай камсыздандыруучудан алууга укуктуу. Эгерде алган камсыздандыруу акысы реалдуу зыянды жаппаса, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) жетпеген сумманы башка камсыздандыруучудан алууга укуктуу.

Эки жолку камсыздандырууда келтирилген зыяндын ордун башка камсыздандыруучу төлөп бергендигине байланыштуу камсыздандыруу акысын толугу менен же жарым-жартылай төлөөдөн бошотулган камсыздандыруучу үнөмдөлүп калган сумманын тийиштүү бөлүгүн ошол камсыздандыруучуга кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Эки жолку камсыздандырууда ар бир камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун, камсыздандырылган жактын жана пайда алуучунун алдында өзүнүн камсыздандыруу милдеттенмесин башка камсыздандыруучулар милдеттенмесин аткаргандыгына көз каранды болбостон өз алдынча аткарат.

 

946-статья. Ар кандай камыздандыруу тобокелдеринен мүлктү

камсыздандыруу

 

1. Мүлк жана ишкердик тобокел ар кандай камсыздандыруу тобокелдеринен бир, ошондой эле өзүнчө камсыздандыруу келишими боюнча, анын ичинде ар кандай камсыздандыруучулар менен келишим боюнча камсыздандырылышы мүмкүн.

Мындай болгон учурда бардык келишимдер боюнча жалпы камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнүн камсыздандыруу наркынан ашышына жол берилет.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктуна ылайык түзүлгөн эки же бир нече камсыздандыруу келишиминен камсыздандыруучулардын камсыздандыруу учурларынын бир эле залалдары үчүн камсыздандыруу акысын төлөп берүү милдеттенмеси келип чыкса, анда мындай келишимдерге тиешелүү түрдө эки жолку камсыздандыруу жөнүндөгү (946-статья) эрежелер колдонулат.

 

947-статья. Биргелешип камсыздандыруу

 

1. Камсыздандыруу объектиси бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучулар тарабынан биргелешип камсыздандырылышы мүмкүн (биргелешип камсыздандыруу). Эгерде мындай келишимде камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) алдындагы ар бир камсыздандыруучунун милдеттери аныкталбаса, алар мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысын төлөп берүү же жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммасын төлөп берүү үчүн чогуу жооп беришет.

2. Ири жана өзгөчө ири тобокелдерди биргелешип камсыздандыруу үчүн биргелешкен камсыздандыруучулар биргелешкен иш жөнүндөгү келишимдин негизинде жөнөкөй шериктештикти (камсыздандыруу пулдарын) түзө алышат.

 

948-статья. Камсыздандыруу сыйлыгы жана камсыздандыруу тарифи

 

1. Камсыздандыруу сыйлыгы деп камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруучуга төлөөгө милдеттүү болгон камсыздандыруу үчүн акыны айтабыз.

2. Камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча төлөнө турган камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн аныктоодо камсыздандыруу объектисин жана камсыздандыруу тобокелинин мүнөзүн эске алуу менен камсыздандыруу суммасынын бирдигинен алына турган сыйлыкты аныктоочу өзү иштеп чыккан камсыздандыруу тарифин колдонууга укуктуу.

Мыйзамда каралган учурларда камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген же жөнгө салган камсыздандыруу тарифтерине ылайык аныкталат.

3. Камсыздандыруунун шарттары боюнча камсыздандыруучуга төлөнгөн камсыздандыруу сыйлыгынын суммасына ал сумманын эсебинен кийин камсыздандыруу акысын камсыздандырылуучуга (пайда алуучуга) төлөп бериле турган акча топтолуп жатса да камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) милдеттенмелери боюнча андан эч нерсе өндүрүп алышы мүмкүн эмес.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

949-статья. Камсыздандыруу взносу

 

1. Камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү (камсыздандыруу взносу) камсыздандыруу сыйлыгын төгүү каралышы мүмкүн.

2. Эгерде камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруу взносун төгүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин башка залалдары каралбаса, белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн кезектеги камсыздандыруу взносу камсыздандырылуучу (пайда алуучу) тарабынан бир айлык жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктуна ылайык мөөнөтү өтүп кеткен взностун проценттерин кошуп эсептөө менен төлөнөт.

Жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде камсыздандыруу взносу төлөнбөсө, камсыздандыруу келишими токтотулат.

Эгерде камсыздандыруу учуру кезектеги төлөө мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу взносу төлөнгөнгө чейин, бирок жеңилдетилген мөөнөттүн чегинде пайда болсо, анда камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын төлөп берүүдө камсыздандыруу взносунун мөөнөтү өткөн суммасын эсептөөгө акылуу.

 

4-§. Камсыздандыруу келишимин аткаруу

 

950-статья. Камсыздандыруу келишиминин колдонула башташы

 

1. Камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда башкасы каралбаса, камсыздандыруу сыйлыгы же анын биринчи взносу төлөнгөн учурдан баштап күчүнө кирет.

2. Камсыздандыруу келишиминде башкалар жөнүндө макулдашуулар жок болсо, келишим менен шартталган камсыздандыруу камсыздандыруу келишими күчүнө киргенден кийин пайда болгон камсыздандыруу учурларына жайылтылат.

 

951-статья. Камсыздандыруу келишими күчүндө турган мезгилде

камсыздандырылуучунун милдеттенмеси

 

Камсыздандыруу келишими күчүндө турган мезгилде камсыздандырылуучу ушул главанын эрежелерине жана келишимдин шартына ылайык:

келишим түзүүдө камсыздандыруу сыйлыгы толук төлөнбөгөн болсо, камсыздандыруу взносун өз убагында төгүүгө;

камсыздандыруунун ошол эле объектисине карата башка камсыздандыруу келишимин түзгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;

камсыздандыруу тобокелинин көбөйгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга дароо билдирүүгө (954-статья);

камсыздандыруу учуру пайда болгондугу жөнүндө камсыздандыруучу кабарлоого (956-статья) жана аны канааттандыруу боюнча чара көрүүгө;

камсыздандыруу учурунун чыгымдарын азайтууга чара көрүүгө (955-статья) милдеттүү.

 

952-статья. Камсыздандырылуучу жана пайда алуучунун келишим боюнча

милдеттенмелерин аткарышы

 

1. Пайда алуучунун пайдасына, анын ичинде пайда алуучу камсыздандырылган жак болуп саналган учурда да камсыздандыруу келишимин түзүү эгерде келишимде башкасы каралбаса, же пайдасына келишим түзүлгөн жак тарабынан камсыздандыруу милдеттери аткарылбаса, камсыздандырылуучуну ал келишим боюнча өз милдеттерин аткаруудан бошотпойт.

2. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү жөнүндө пайда алуучу талап койгон учурда камсыздандыруучу андан пайда алуучу камсыздандырылган жак болуп саналган учурда да камсыздандырылуучуга жүктөлгөн, бирок ал аткарбаган милдетти кошуп алганда камсыздандыруу келишими боюнча өз милдеттерин аткарууну талап кылууга укуктуу. Мурда эле аткарылууга тийиш болгон өз милдеттерин аткарбай коюу же өз убагында аткарбагандык тобокелин пайда алуучу тартат.

 

953-статья. Камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде

камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүнүн натыйжасы

 

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуга тараптар келишим түзүүдө негизденген жагдайларда олуттуу өзгөртүүлөр болгондугун билсе, эгерде ал өзгөртүүлөр камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө олуттуу таасир тийгизсе, ал жөнүндө дароо билдирүүгө милдеттүү.

Камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) жана камсыздандырылуучуга берилген камсыздандыруу эрежелеринде айтылган өзгөрүүлөр негизинен олуттуу деп таанылат.

2. Камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайдын өзгөрүшү жөнүндө кабардар болгон камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин шартын же тобокелдин көбөйүшүнө жараша камсыздандыруу сыйлыгынын кошумча төлөнүшүн талап кылууга акылуу.

3. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуга камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайлардагы олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө билдирбесе (ушул статьянын 1-пункту), же камсыздандруу келишиминин шартын өзгөртүү же камсыздандыруу сыйлыгын кошумча төлөө жөнүндө камсыздандыруучунун сунушуна каршы болсо (ушул статьянын 2-пункту), камсыздандыруучу ушул Кодекстин 411-414-статьяларында каралган эрежелерге ылайык келишимди бузууну талап кылууга акылуу.

4. Эгерде камсыздандыруу тобокелин көбөйтүүгө алып келген жагдайлар болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминин шартын өзгөртүүнү же аны бузууну талап кылууга укуксуз.

5. Жеке камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде ушул статьянын 2- жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн камсыздандыруу тобокелин өзгөртүүнүн натыйжалары келишимде ачык каралган болсо гана пайда болот.

 

954-статья. Камсыздандыруу учурунун чыгымдарын азайтуу

 

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу учуру пайда болгондо, камсыздандырылуучу мүмкүн болуучу чыгымды азайтуу үчүн түзүлгөн кырдаалда акыл-эстүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

Мындай чараларды көрүү менен, камсыздандырылуучу алар ага билдирилген болсо камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн жолдоого тийиш.

2. Камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон чыгымдарды азайтуу максатында жүргүзүлгөн сарптоолор, эгерде мындай сарптоолор камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн жасалса же зарыл болсо, ал чаралар натыйжасыз аяктаса да камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.

Мындай сарптоолор башка чыгымдардын ордун толтуруу менен бирге камсыздандыруу суммасынан ашып кеткендигине карабастан камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына карата пропорционалдуу катышта төлөнөт.

3. Мүмкүн болуучу чыгымдарды азайтуу үчүн камсыздандырылуучу акыл-эстүү жана жеткиликтүү чараларды атайылап көрбөгөндүгүнөн улам пайда болгон чыгымдарды төлөөдөн камсыздандыруучу бошотулат.

 

955-статья. Камсыздандыруу учуру жеткендиги жөнүндө

камсыздандырылуучуга билдирүү

 

1. Мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу камсыздандыруу учуру жеткендиги жөнүндө өзүнө белгилүү болгондон кийин ал жөнүндө тез арада камсыздандыруучуга же анын өкүлүнө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде келишимде билдирүүнүн мөөнөтү жана (же) ыкмасы каралса, ал келишимде шартташкан мөөнөттө жана анда каралган ыкма боюнча жасалууга тийиш.

Эгерде пайда алуучу камсыздандыруунун ордун толтуруу укугунан пайдалангысы келсе, өзүнүн пайдасына камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө жана камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу билдирбегендиги же билдире албагандыгы жөнүндө белгилүү болгон пайда алуучуга жогоркудай эле милдет жүктөлөт.

2. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун келгендиги тууралуу өз учурунда билгендиги же камсыздандыруучуда бул жөнүндө маалыматтын болбогондугу камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча анын милдеттерине таасир этпей тургандыгы далилденбесе, бул статьянын 1-пунктунда каралган милдеттерди аткарбай коюу камсыздандыруучуга камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартууга укук берет.

3. Эгерде камсыздандырылган адамдын өлүмгө учурашы же анын ден соолугуна зыян келтирүү камсыздандыруу болуп саналса, бул статьянын 1жана 2-пункттарында каралган эрежелер тиешелүү түрдө жеке камсыздандыруу келишимине карата колдонулат. Мында камсыздандыруучуга билдирүүнүн келишимде белгиленген мөөнөтү он күндөн кем болбоого тийиш.

 

956-статья. Камсыздандыруу учуру жөнүндө акт

 

Камсыздандыруу учурунун келгендиги жөнүндө кабарландырылган камсыздандыруучу (956-статья) камсыздандыруу келишими пайдасына түзүлгөн жактын катышуусу менен камсыздандыруу учуру жөнүндө акт түзүү менен анын кырдаалын жана натыйжасын күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

Камсыздандыруучу кол койгон камсыздандыруу актысынын көчүрмөсү аны түзүүгө катышкан жакка берилет. Эгерде бул жак камсыздандырылуучу болуп саналбаса, камсыздандыруу актысынын көчүрмөсү камсыздандырылуучуга да жиберилет.

 

957-статья. Камсыздандыруу акысын төлөп берүүнүн тартиби жана

мөөнөтү

 

1. Камсыздандыруу акысын төлөп берүүгө укуктуу жактын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде камсыздандыруу акысы төлөнөт.

2. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү жөнүндө арызга камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) жана камсыздандыруу учуру жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелүүгө же арызда бул документтерди түзүүнүн датасы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.

Камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырууда (924-статьянын 3-пункту) арыз ээсине бул полистин түп нускасы милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

Камсыздандыруу учуру жөнүндө акт жок болгон учурда камсыздандыруу учуру келгендигинин далили, ал эми мүлктүк камсыздандыруу учурунда ошондой эле камсыздандыруучу төлөп берүүгө тийиш болгон зыяндын өлчөмү көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Камсыздандыруу акысы төлөнгөнгө чейин камсыздандыруучу камсыздандыруу учурунун кырдаалын жана натыйжасынын себептерин текшерүүгө укуктуу. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушундай текшерүүгө байланышуу зарыл болушу мүмкүн болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.

4. Эгерде мыйзамда же камсыздандыруу келишиминде кыйла кыска мөөнөт белгиленбесе, жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды камсыздандыруучу аларды төлөө жөнүндө арызды алган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирбестен төлөөгө тийиш.

Калган учурларда, эгерде камсыздандыруу келишиминде башка мөөнөт белгиленбесе, камсыздандыруу акысын камсыздандыруучу аны төлөө жөнүндө арызды алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде төлөөгө тийиш.

5. Камсыздандыруу акысын төлөп берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергенде жана анын мөөнөтү аны төлөөдөн негизсиз баш тартуудан улам келип чыкканда, камсыздандыруу акысынын суммасына бул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктуна ылайык проценттер кошулат жана убактысы өткөн ар бир күн үчүн убактысы өткөрүлгөн сумманын 0,1 проценти өлчөмүндө пеня төлөнөт.

 

958-статья. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу акысын төлөп

берүүдөн бошотуунун негиздери

 

1. Эгерде камсыздандыруу учуру камсыздандырылуучунун, пайда алуучунун же камсыздандырылган жактын атайы аракетинен улам келип чыкса, камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотулат, буга атайылап жасаган аракеттер зарыл коргонуу абалында жасалган учурлар, ошондой эле бул статьянын 2- жана 3-пункттарында каралган учурлар кирбейт.

2. Эгерде зыян өмүргө же ден соолукка жооптуу жактын күнөөсү боюнча келтирилсе, камсыздандыруучу граждандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими боюнча аларга келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотулбайт.

3. Эгерде камсыздандырылган адам өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында кайтыш болсо жана бул убакытка чейин камсыздандыруу келишими кеминде эки жыл күчүндө болсо, камсыздандырылган адам өлгөн учурда камсыздандыруучу жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөөгө тийиш болгон сумманы төлөөдөн бошотулбайт.

4. Камсыздандырылуучунун же пайда алуучунун ашкере кылдатсыздыгынан улам камсыздандыруу учуру пайда болгон учурда мыйзамда жана келишимде камсыздандыруучуну мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотуу каралышы мүмкүн.

5. Мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, эгерде камсыздандыруу убактысы:

1) ядролук жардыруунун, радиациянын же радиоактивдүү уулануунун айынан;

2) аскер аракеттеринен, маневрлерден же башка аскер иш-чараларынан, ошондой эле граждандык согуштун айынан келип чыкса; -

камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотулат.

6. Мүлктүк камсыздандыруу келишиминде башкасы каралбаса, камсыздандыруучу мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругу боюнча камсыздандырылган мүлктү алып коюунун, конфискациялоонун, реквизициялоонун, арест кылуунун же жок кылуунун айынан келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотулат.

 

959-статья. Камсыздандыруу кысын төлөөдөн баш тартуу

 

1. Камсыздандыруучу:

1) камсыздандыруу келишиминин күчү камсыздандыруу учуру келгенге чейин токтотулганда, анын ичинде бул Кодекстин 966-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча токтотулганда;

2) бул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган негиздер боюнча, анын ичинде бул Кодекстин 967-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча камсыздандыруу келишими жокко эсе деп саналганда;

3) бул Кодекстин 959-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу акысын төлөөдөн бошотулганда;

4) камсыздандыруучу бул Кодексте каралган негиздер боюнча, анын ичинде бул Кодекстин 923-статьясынын 2-пунктунда жана бул Кодекстин 938-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча камсыздандыруу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө же камсыздандыруу учурунун кырдаалдарын тергөөгө же келтирилген чыгымдардын өлчөмүн аныктоого камсыздандырылуучу (пайда алуучу) тоскоолдук кылгандыктан улам камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө доо койгондо;

5) бул Кодекстин 956-статьясынын 2-пунктунда жана 961-статьясынын 4-пунктунда каралган учурларда;-

камсыздандырылуучуга (пайда алуучуга) камсыздандыруу акысын төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

2. Камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечими аны төлөө жөнүндө арыз берген жакка ордун толтуруу үчүн белгиленген мөөнөттөн (958-статьянын 4-пункту) кечиктирбестен билдирилүүгө тийиш жана баш тартуу себебинин жүйөөлүү негизин камтууга тийиш.

3. Камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тарткан учурда аны төлөө жөнүндө талап сот тартибинде коюлушу мүмкүн.

 

960-статья. Зыяндын ордун толтуртууга камсыздандырылуучунун укугу

камсыздандыруучуга өтүшү (суброгация)

 

1. Эгерде мүлктүк камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда башкасы каралбаса, мындай келишим боюнча камсыздандыруунун ордун толтурган камсыздандыруучуга камсыздандыруунун натыйжасында орду толтурулган зыян үчүн жооптуу адамга карата камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) талап укугу төлөнгөн сумманын өлчөмүндө өтөт.

Мүлктүк камсыздандыруу келишиминин атайлап зыян келтирген жакка карата талап укугу камсыздандыруучуга өтүшүн жокко чыгарган шарты жокко эсе.

2. Камсыздандыруучуга өткөн талап укугун ал камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) жана зыян үчүн жооптуу жактын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырат.

3. Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучуга бардык документтерди жана далилдерди берүүгө жана камсыздандыруучу өзүнө өткөн талап укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

4. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулган зыян үчүн жооптуу жакка карата өзүнүн талап укугунан баш тартса же бул укукту жүзөгө ашыруу камсыздандырылуучунун (пайда алуучунун) күнөөсү боюнча мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруунун ордун толтуруудан толугу менен же анын тиешелүү бөлүгүнүн ордун толтуруудан бошотулат жана ордун толтурууда ашыкча төлөнгөн сумманын кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

 

961-статья. Камсыздандырылган мүлккө укукту камсыздандыруучуга

берүү

 

Эгерде өзүнүн чыныгы наркынын толук суммасында камсыздандырылган мүлккө камсыздандыруу убактысы жетишинин натыйжасында бул мүлктү мындан ары максатка ылайык пайдалануу мүмкүн болбогондой зыян келтирилсе, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандырылган мүлккө өз укугун камсыздандыруучунун макулдугу менен ага бере алат жана камсыздандыруу суммасынын толук көлөмүндө камсыздандыруунун ордун толтурта алат.

 

5-§. Камсыздандыруу келишиминин өзгөрүшү,

токтотулушу жана жараксыздыгы

 

962-статья. Пайда алуучуну алмаштыруу

 

Камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде аталган пайда алуучуну башка жак менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө камсыздандыруучуга жазуу жүзүндө билдирип, аны алмаштырууга укуктуу. Камсыздандырылган жактын макулдугу менен дайындалган жеке камсыздандыруу келишими боюнча (927-статьянын 2-пункту) пайда алуучуну алмаштырууга бул жактын макулдугу менен гана жол берилет.

Пайда алуучу камсыздандыруу келишими боюнча милдеттеринин кайсы бирин аткаргандан жана камсыздандыруунун ордун толтургандыгы жөнүндө талапты камсыздандыруучуга көрсөткөндөн кийин ал өзүнүн макулдугу болмоюнча башка жак менен алмаштырылбайт.

 

963-статья. Камсыздандырылган жакты алмаштыруу

 

1. Келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу келишими боюнча (924-статья) камсыздандырылуучудан башка жактын жоопкерчилиги камсыздандырылган учурда, келишимде башксы каралбаса, камсыздандырылуучу камсыздандыруу убактысы жеткенге чейин муну башка жак менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө камсыздандыруучуга кабарлап, аны алмаштырууга укуктуу.

2. Жеке камсыздандыруу келишиминде аталган камсыздандырылган жак камсыздандыруучунун макулдугу менен, ал эми келишим камсыздандырылган жактын пайдасына түзүлбөсө (927-статьянын 2-пункту), камсыздандырылган жактын да макулдугу менен камсыздандырылуучу тарабынан башка жак менен алмаштырылышы мүмкүн.

 

964-статья. Камсыздандырылган мүлккө укук башка жакка өтүшү

 

Камсыздандырылган мүлккө укук таламында камсыздандыруу келишими түзүлгөн жактан башка жакка өткөндө жана бул келишим боюнча укуктар менен милдеттер мүлккө укук өткөн жакка өтөт, буга менчик укугунан баш тарткан (280-статья) жана бул Кодекстин 281-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча мүлктү мажбурлап алып койгон учурлар кирбейт.

Камсыздандырылган мүлккө укук өткөн жак бул жөнүндө камсыздандыруучуга жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде мүлктүк камсыздандыруу келишими пайда алуучунун атын же аталышын көрсөтпөстөн түзүлсө (923-статьянын 3-пункту), жогоркудай билдирүү талап кылынбайт.

 

965-статья. Камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу

 

1. Эгерде камсыздандыруу келишими күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу убактысы келиши мүмкүн болбой калса жана камсыздандыруу тобокелдиги камсыздандыруу убактысынан башкача кырдаал боюнча токтосо, ал келишим өзү түзүлгөн мөөнөт жеткенге чейин токтотулат.

Мындай кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет:

1) камсыздандырылган мүлк камсыздандыруу убактысынын жетишинен башкача кырдаалдар боюнча бузулганда;

2) ишкерлик тобокелдикти же бул иш менен байланышкан граждандык жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырган жак белгиленген тартипте ишкерликти токтотушу;

3) граждандык жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган гражданды ишке жараксыз деп табуу же жарактуулугун чектөө.

2. Бул Кодекстин 950-статьясындагы 2-пунктта көрсөтүлгөн учурда, кезектеги камсыздандыруу взносу төлөнбөсө, камсыздандыруу келишими өзү түзүлгөн мөөнөт жеткенге чейин токтотулат.

3. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруу келишиминен баш тарткан учурда бул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар боюнча камсыздандыруу убактысы жетпесе, ал каалаган учурда камсыздандыруу келишиминен баш тартууга укуктуу.

4. Бул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кырдаалдар бюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, камсыздандыруучу камсыздандыруу күчүндө болгон убакытка пропорциялуу мезгилге камсыздандыруу сыйлык акынын бир бөлүгүнө укуктуу жана камсыздандыруу сыйлык акынын ашыкча алынган бөлүгүн кайра кайтарууга тийиш.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруу келишиминен мөнөтүнөн мурда баш тарткан учурда камсыздандыруучуга төлөнгөн акча кайра кайтарылууга тийиш.

 

966-статья. Камсыздандыруу келишиминин жараксыздыгы

 

Камсыздандыруу келишими төмөнкүдөй учурларда жокко эсе болуп саналат:

1) келишим боюнча укукка жат талам камсыздандырылганда;

2) келишимде кылмыштуу жол менен табылган, кылмыш предмети болуп саналган же конфискацияланууга тийиш болгон мүлк камсыздандырылганда;

3) камсыздандыруу убактысы катарында келишимде ал убакыт жетишинин мүмкүндүк же болуу белгилеринен ажыраган окуя каралса;

4) камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурга карата камсыздандыруу объектиси жок болсо.

Камсыздандыруу келишими ул Кодексте каралган башка учурларда да жараксыз.

 

6-§. Камсыздандыруунун атайын түрлөрү

 

967-статья. Өз ара камсыздандыруу

 

1. Граждандар менен юридикалык жактар өз мүлкүн жана бул Кодекстин 922-статьясында көөрсөтүлгөн башка мүлктүк таламдарын өз ара камсыздандыруу коомдорун түзүү жана бул үчүн зарыл болгон каражаттарын ага бириктирүү жолу менен өз ара негизде камсыздандыра алышат.

2. Өз ара камсыздандыруу коомдору өз мүчөлөрүнүн мүлкүн жана башка мүлктүк таламдарын камсыздандырышат жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

Өз ара камсыздандыруу коомдорунун укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү жана алардын ишинин шарттары бул Кодекске ылайык өз ара камсыздандыруу жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

3. Эгерде өз ара камсыздандыруу коомдорунун уюштуруу документтеринде төмөнкүдөй учурларда камсыздандыруу келишимин түзүү каралбаса, бул коомдор өз мүчөлөрүнүн мүлкүн жана башка мүлктүк таламдарын түздөн-түз мүчөлүктүн негизинде камсыздандырышат.

Эгерде өз ара камсыздандыруу жөнүндө мыйзамда, тиешелүү коомдун уюштуруу документтеринде же камсыздандыруунун белгиленген эрежелеринде башкасы каралбаса, бул главанын эрежелери өз ара камсыздандыруу коомунун жана анын мүчөлөрүнүн ортосундагы камсыздандыруу боюнча мамилелерге карата колдонулат.

4. Өз ара камсыздандыруу жолу менен милдеттүү түрдө камсыздандыруу өз ара камсыздандыруу жөнүндө мыйзамда каралган учурларда жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде өз ара камсыздандыруу коомунун камсыздандыруучу катарында коомдун мүчөсү болуп саналбаган жактардын таламдарын камсыздандырышы анын уюштуруу документтеринде каралса, коом коммерциялык уюм формасында түзүлсө, тешелүү түрдөгү камсыздандырууга лицензиясы бар болсо жана Кыргыз Республикасында камсыздандыруу уюштуруу жөнүндө мыйзамда белгиленген башка талаптарга жооп берсе, ал жогоркудай камсыздандыруу ишин жүргүзө алат.

Өз ара камсыздандыруу коомунун мүчөсү болуп саналбаган жактардын таламдарын камсыздандыруу бул главанын эрежелерине ылайык камсыздандыруу келишими боюнча коом тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

968-статья. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу

 

1. Граждандардын социалдык таламдарын жана мамлекеттин таламдарын камсыз кылуу максатында мыйзамда мамлекеттик органдар бул максатка мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен белгилүү категориядагы мамлекеттик кызматчылардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн милдеттүү түрдө камсыздандырышы каралышы мүмкүн (милдетүү мамлекеттик камсыздандыруу).

2. Эгерде милдетүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө мыйзамда башкасы каралбаса жана камсыздандыруу боюнча тиешелүү мамилелердин маңызынан башкасы келип чыкпаса, мындай камсыздандырууга карата бул главанын эрежелери колдонулат.

 

969-статья. Медициналык камсыздандырууга карата камсыздандыруу

жөнүндө жалпы эрежелерди колдонуу

 

Бул главада камтылган камсыздандыруу жөнүндө эрежелер медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамда каралган учурларда медициналык камсыздандырууга карата колдонулат.

 

47-Глава
Жөнөкөй шериктештик

 

970-статья. Жөнөкөй шериктештик келишими

 

1. Жөнөкөй шериктештик келишими (биргелешип иш жүргүзүү жөнүндөгү келишим) боюнча эки же андан ашык жактар (шериктер) өз салымдарын бириктирип жана пайда табуу же мыйзамга карама-каршы келбеген башка максатка жетүү үчүн юридикалык жак түзбөстөн биргелешип араеттенүүгө милдеттенишет.

2. Жеке ишкерлер жана (же) коммерциялык уюмдар гана ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүү үчүн түзүлгөн жөнөкөй шериктештик келишиминин жактары боло алышат.

3. Жөнөкөй шериктештик келишими жазуу түрүндө түзүлүшү керек.

 

971-статья. Шериктердин салымдары

 

1. Жалпы ишке ал төккөн нерселердин бардыгы, атап айтканда, акча, башка мүлк, кесиптик жана башка билимдери, жөндөмү жана тажрыйбасы, ошондой эле ишкер бедели шериктин салымы деп таанылат.

2. Эгерде келишимден же чыныгы жагдайдан башкасы келип чыкпаса шериктердин салымы наркы боюнча бирдей болууга тийиш. Шериктин салымын акчалай баалоо шериктердин ортосундагы макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

 

972-статья. Шериктердин жалпы мүлкү

 

1. Шериктештер менчик укугундагы өздөрүнө таандык болгон мүлк, ошондой эле биргелешкен иштин натыйжасында чыгарылган продукция жана андай иштен алынган үзүр жана киреше мыйзамда же келишимде башкасы белгиленбегендиктен алардын менчигинин жалпы үлүшү деп таанылат.

Шериктердин менчигинин жалпы үлүшүндө турган мүлк, ошондой эле алардын жалпы талабы жана жалпы өзгөчө укугу шериктердин жалпы мүлкүн түзөт. Шериктердин жалпы мүлкү бардык шериктердин таламында пайдаланат.

2. Шериктердин жалпы мүлкүн бухгалтердик эсепке алуу шериктештикке катышкан юридикалык жактардын бирине тапшырылышы мүмкүн.

3. Шериктердин жалпы мүлкүн пайдалануу алардын жалпы макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетишилбеген учурда - сот менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Жалпы мүлктү күтүү боюнча шериктештиктердин милдеттери жана ал милдеттерди аткаруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби келишимде каралат.

 

973-статья. Шериктердин жалпы ишин жүргүзүү

 

1. Биргелешкен иш жөнүндөгү келишимдин катышуучуларынын жалпы ишин жүргүзүү келишимде каралган тартипте ишке ашырылат.

2. Эгерде жөнөкөй шериктештик келишиминде иш жүргүзүү айрым катышуучулар тарабынан же бардык катышуучулардын биргелешип жүргүзө тургандыгы каралбаса, жалпы иш жүргүзүүдө ар бир шерик бардык шериктердин атынан аракеттенүүгө укуктуу.

Биргелешип иш жүргүзүүдө ар бир бүтүмдү ишке ашыруу үчүн бардык шериктердин макулдугу талап кылынат.

3. Үчүнчү жактар менен мамилелерде бардык шериктердин атынан бүтүм жасоого шериктин ыйгарым укугу ага калган шериктештик келишиминен көрүнөт.

4. Үчүнчү жактар менен мамилелерде бүтүм түзүү учурунда кандайдыр бир чектөөлөрдүн бар экендиги жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо аны далилдөө учурларынан тышкары бүтүмдү түзгөн шериктин жалпы ишти жүргүзүү боюнча укуктарын чектөөгө шериктештер шилтеме кыла албайт.

5. Бардык шериктердин атынан бүтүм түзгөн шерик ага карата ишти жүргүзүү укугу чектелген болсо, же бардык шериктерди таламында өз атынан бүтүм түзсө ал мындай бүтүмдү түзүү бардык шериктештердин таламдарында зарыл экендигинде жетиштүү негиздер болсо ал иш боюнча чыгымдарга кеткен өз каражаттарын өндүртүп алууга укуктуу.

Эгерде мындай бүтүмдөр менен башка шериктерге зыян келтирилсе, алар аны өндүрүп алууну талап кылууга укуктуу.

6. Жалпы ишке тиешеси бар чечим эгерде келишимде башкасы каралбаса жалпы макулдашуу боюнча жалпы шериктер тарабынан кабыл алынат.

7. Жалпы ишти жүргүзүүгө ыйгарым укугу бар жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучулары эгер келишимде ал каралган болсо, өзүнчө сыйлык алууга укуктуу.

 

974-статья. Шериктердин маалыматка болгон укугу

 

Ар бир шерик жалпы ишти жүргүзүүгө ыйгарым укуктарына карабастан ишти жүргүзүү боюнча бардык документациялар менен таанышууга укуктуу. Мындай укуктан баш тартуу же аны чектөө, анын ичинде шериктердин макулдашуусу боюнча чектөөгө жол берилбейт.

 

975-статья. Шериктердин жалпы чыгашалары жана тарткан зыяны

 

1. Биргелешип иш жүргүзүү менен байланышкан шериктердин чыгашаларын жана тарткан зыяндарынын ордун жабуунун тартиби алардын макулдашуусу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгондо ар бир шерик ал жалпы ишке кошкон салымына жараша пропорционалдуу негизде чыгым жана зыян тартат.

Кайсы бир шериктерди жалпы чыгымдардын же зыяндын ордун толтурууга катышуудан толук бошотуу жөнүндөгү макулдашуу жокко эсе болуп саналат.

 

976-статья. Жалпы милдеттенмелер боюнча шериктердин жоопкерчилиги

 

1. Эгерде жөнөкөй шериктештик келишими анын катышуучуларын ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүшү менен байланышпаса, анда жалпы келишимдик милдеттенмелер боюнча ар бир шерик өзүнүн бардык мүлкү менен жалпы ишке кошкон салымынын пропорционалдуу наркында жооп берет.

Келишимден тышкары чыккан жалпы милдеттенмелерге шериктер чогуу жооп беришет.

2. Эгерде жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучулары жеке ишкердик менен байланышкан болсо, жалпы милдеттенмеге ылайык шериктер чогуу жооп беришет.

 

977-статья. Пайданы бөлүштүрүү

 

Шериктештердин биргелешкен ишинин натыйжасында алар алган пайда эгерде жөнөкөй шериктештик келишиминде же шериктердин башка макулдашуусунда башкасы каралбаса, жалпы ишке шериктердин кошкон наркына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

 

978-статья. Шериктин үлүшүн анын кредиторунун талабы боюнча бөлүп

берүү

 

Жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучусунун кредитору ушул Кодекстин 274-статьясына ылайык жалпы мүлктөгү анын үлүшүн бөлүп берүүнү талап кылууга акылуу.

 

979-статья. Жөнөкөй шериктештик келишимин токтотуу

 

1. Жөнөкөй шериктештик келишими төмөнкү учурларда токтотулат:

1) шериктердин бири дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмдүү эмес же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган учурда;

2) шериктердин кимдир бирөөнү банкрот болду (кудуретсиз) деп жарыялоодо;

3) шерик курман болгондо же келишимге катышкан юридикалык жак жоюлганда же кайра уюшулганда, эгерде жөнөкөй шериктештик келишими же кийинки макулдашуулар менен калган шериктердин ортосундагы мамилелерде келишимди сактап калуу же өлгөн шерикти (кайра уюшулган юридикалык жакты) анын мурасчылары (укук мурастоочулар) менен алмаштыруу каралбаганда;

4) шериктердин кимдир бирөө жөнөкөй шериктештиктин узак мөөнөттүү келишимине андан ары катышуудан баш тартканда;

5) шериктердин биринин аны менен башка шериктердин ортосундагы мамилелерде анын талабы боюнча мөөнөттүү көрсөтүү менен түзүлгөн жөнөкөй шериктештик келишимин бузуунун натыйжасында;

6) тараптардын макулдашуусу боюнча жөнөкөй шериктештик келишимин бузуунун натыйжасында;

7) жөнөкөй шериктештик келишиминин мөөнөтү бүткөндүгүнүн натыйжасында;

8) жөнөкөй шериктештик келишими максатына жеткенде же ал максатка жетүү мүмкүн болбогондой шарт түзүлгөндө;

9) кредиторлорунун талабы боюнча шериктердин үлүшүн бөлүп берүүнүн натыйжасында;

10) ушул Кодексте же жөнөкөй шериктештик келишиминде каралган башка негиздер боюнча.

Жөнөкөй шериктештик келишими же анын катышуучуларынын кийинки макулдашуулары менен ушул пунктун биринчи, экинчи, төртүнчү, бешинчи жана тогузунчу пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда калган шериктердин ортосундагы мамилелерде келишимди сактап калуу каралышы мүмкүн.

2. Жөнөкөй шериктештик келишими токтотулганда шериктердин жалпы ээлигине жана (же) пайдалануусуна берилген буюмдар аны сунуш кылган шерикке сыйлык акысыз кайра кайтарылат, анткени тараптардын макулдашуусу менен башкасы каралган эмес.

Жөнөкөй шериктештик келишими токтотулган учурдан баштап анын катышуучулары үчүнчү жактарга карата аткарылбай калган жалпы милдеттенмелер боюнча чогуу жоопкерчилик тартышат.

Шериктердин жалпы менчигинде турган мүлктү жана аларда пайда болгон жалпы талап кылуу укугун бөлүү ушул Кодекстин 271-статьясында каралган тартипте жүргүзүлөт.

Жалпы менчикке жекече аныкталган буюмун кошкон шерик жөнөкөй шериктештик келишими токтотулган учурда, калган шериктердин жана кредиторлордун таламдарын сактоо шарты менен ал буюмду кайра кайтарууну талап кыла алат.

 

980-статья. Жөнөкөй шериктештиктин мөөнөтсүз келишиминен баш

тартуу

 

Эгерде келишимде башкасы каралбаса, шериктин жөнөкөй шериктештиктин мөөнөтсүз келишиминен баш тартуу жөнүндөгү арызы анын келишимден болжолдонуп жаткан чыгышына чейин кеминде үч ай калганда берилүүгө тийиш.

Жөнөкөй шериктештиктин мөөнөтсүз келишиминен баш тартуу укугун чектөө жөнүндө макулдашуу жокко эсе болуп саналат.

 

981-статья. Тараптардын талабы боюнча жөнөкөй шериктештик

келишимин бузуу

 

Ушул Кодекстин 411-статьясынын 2-пунктунун биринчи пунктчасында көрсөтүлгөн негиздер менен катар жөнөкөй шериктештик келишиминин мөөнөттү көрсөтүү менен же белгилөөчү шарт катары максатты көрсөтүү менен келишим түзгөн тарап жүйөөлүү себептер боюнча өз ара жана калган шериктердин ортосундагы мамилелерде келишимди бузуу келтирген зыянды калган шериктерге төлөп берүү менен келишимди бузууну талап кылууга акылуу.

 

982-статья. Келишимден баш тарткан же аны бузууну талап кылган

шериктин жоопкерчилиги

 

Жөнөкөй шериктештик келишимине андан ары катышуудан баш тартуу же шериктердин биринин талабы боюнча келишимди бузуу жөнүндө кайсы бир катышуучунун арызынын натыйжасында ал келишим токтотулбаган учурда, келишимге катышпай калган жак жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучусу болуп калгандыктан, ал келишимге катышкан мезгилде пайда болгон жалпы милдеттенмелер боюнча үчүнчү жактардын алдында жооп берет.

 

983-статья. Жабык шериктештик

 

1. Жөнөкөй шериктештик келишиминде үчүнчү жактар үчүн анын бар экендиги ачык көрсөтүлбөшү (жабык шериктештик) каралышы мүмкүн. Мындай келишимге ушул статьяда башкасы каралбаса же жабык шериктештин маңызынан башкасы келип чыкпаса, жөнөкөй шериктештик келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

2. Үчүнчү жактар менен мамилелерде жабык шериктештиктин ар бир катышуучусу шериктердин жалпы таламында өз атынан түзгөн бүтүм боюнча өзүнүн бардык мүлкү менен жооп берет.

3. Шериктердин ортосундагы мамилелерде алардын биргелешкен иш процессинде келип чыккан милдеттенмелер жалпы деп эсептелинет.

 

48-Глава
Ачык конкурс

 

984-статья. Ачык конкурсту уюштуруу

 

1. Ишти жакшы аткаргандыгы же башка натыйжаларга жетишкендиги (ачык конкурс) үчүн акчалай сыйлык төлөө же башка сыйлыктарды берүү (сыйлыктарды берүү жөнүндө) жөнүндө ачык жарыялаган жак конкурсту өткөрүүнүн шартына ылайык анын жеңүүчүсү деп табылгандарга жарыя кылынган сыйлыкты төлөп берүүгө тийиш.

2. Ачык конкурс аны уюштуруучунун конкурска катышуу сунушу бардык каалоочуларга карата басма сөздө же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо менен жасалганда ачык болушу, же конкурска катышуу сунушу аны уюштуруучунун тандоосу боюнча белгилүү чөйрөдөгү адамдарга карата гана жасалганда жабык болушу мүмкүн.

Ачык конкурс аны уюштуруучу тарабынан конкурска катышууну каалаган адамдарды алдын ала тандоо жүргүзүлгөндө ага катышкандарды алдын ала квалификациялоо менен шартталышы мүмкүн.

3. Ачык конкурс жөнүндө жарыя тапшырманын маңызын, иштин же башка жетишкендиктердин натыйжаларынын критерийлерин жана ага баа берүүнүн тартибин, алардын ордун, мөөнөтүн жана аларды берүүнүн тартибин, сыйлыктын өлчөмүн жана формасын, ошондой эле конкурстун натыйжаларын жарыялоонун тартибин жана мөөнөтүн караган шарттардан турууга тийиш.

4. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүү милдеттенмесин камтыган ачык конкурска карата ушул Кодекстин 408-410-статьяларында башкасы каралбагандыктан ушул статьянын эрежелери колдонулат.

 

985-статья. Ачык конкурстун шарттарын өзгөртү жана алып салуу

 

1. Ачык конкурс жарыялаган жак иштерди сунуш кылуу үчүн белгиленген мөөнөттүн биринчи жарымында гана конкурстун шартын өзгөртүүгө же алып салууга укуктуу.

2. Конкурстун шартынын өзгөргөндүгү же алып салынгандыгы жөнүндө билдирүү конкурс жарыяланган ыкма сыяктуу жасалууга тийиш.

3. Конкурстун шарты өзгөргөн же ал алып салынган учурда, конкурс жарыялаган жак ага чейин билдирүүдө айтылган ишти толук же жарым-жартылай аткаргандыгы менен зыян тарткан чыгымды ал жакка төлөп берүүгө тийиш.

4. Эгерде конкурстун шартын өзгөртүүдө же аны алып салууда ушул статьянын биринчи же экинчи пункттарында көрсөтүлгөн талаптар бузулган учурда конкурс өткөрүү жөнүндөгү жарыялаган жак конкурстун ушул катышуучусу тарткан зыяндын ордун толтурууга тийиш.

5. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялаган жак эгерде ал көрсөтүлгөн иш конкурска байланышпастан, атап айтканда конкурс жөнүндө жарыяланганга чейин же атайылап эле конкурстун шарттарына ылайык келбегендигин далилдей алса, ушул статьянын 3- жана 4-пункттарында белгиленген чыгымдардын жана зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

 

986-статья. Сыйлыкты төлөп берүү жөнүндө чечим

 

1. Конкурстун жеңүүчүсүнө сыйлык төлөп берүү жөнүндө чечим конкурс жөнүндө жарыяда белгиленген тартипте жана мөөнөттө чыгарылууга жана ачык конкурстун катышуучуларына билдирилүүгө тийиш.

2. Эгерде жарыяда көрсөтүлгөн натыйжага жетишүү эки же андан ашык жактар биргелешип аткарган иштин натыйжасында жетишилсе, анда сыйлык макулдашууга ылайык алардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Эгерде андай макулдашууга жетишилбесе, сыйлыкты бөлүштүрүү тартиби сот тарабынан аныкталат.

 

987-статья. Ачык конкурста жеңип чыккан илимий, адабий жана искусство чыгармаларын пайдалануу

 

Конкурстун предмети илимий, адабий же искусство чыгармалары болсо, анын шарты боюнча ал ачык конкурсту жарыялаган жактын ал чыгармалар үчүн автордук калем акыны төлөп берүү менен аларды пайдалануу жөнүндөгү конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүүгө артыкчылык укук каралышы мүмкүн. Мындай укук конкурстун натыйжасы жарыяланган күндөн баштап үч айдын ичинде ишке ашырылышы мүмкүн.

 

988-статья. Ачык конкурстун катышуучуларына алар сунуш кылган эмгектерди кайтарып берүү

 

Ачык конкурс жарыялаган жак конкурсту жарыялоодо башкасы каралабаса жана аткарылган иштин мүнөзүнөн башкасы келип чыкпаса, сыйлык албай калган эмгектерди конкурстун катышуучуларына кайра кайтарып берүүгө милдеттүү.

 

49-Глава
Сыйлык берүүгө ачык убада

 

989-статья. Сыйлыкты төлөп берүү милдеттенмеси

 

1. Жарыяда көрсөтүлгөн укукту аракетти анда көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарган кишиге акчалай сыйлык төлөп берүү же башкача сыйлык берүү (сыйлык берүү) жөнүндө ачык жарыялаган жак убада кылынган сыйлыкты тийиштүү аракет жасаган ар бир адамга, атап айтканда, жоголгон буюмду тапкан же сыйлык жөнүндө жарыяга кылган жакка зарыл маалыматты билдирген адамга төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Сыйлык төлөп берүү милдеттенмеси убада кылынган сыйлык аны убада кылган тарабынан белгилөөгө мүмкүндүк берген шартта пайда болот. Убадага жооп кылган жак убаданы кат жүзүндө ырастоону талап кылууга акылуу жана, эгерде сыйлык жөнүндө жарыя кылуу чындыгында анда көрсөтүлгөн жак тарабынан жасалбаган болсо, ал андай талапты көрсөтүү тобокелин өзүнө алат.

3. Эгерде сыйлыкты ачык убада кылууда анын өлчөмү көрсөтүлбөсө, ал сыйлыкты убада кылган жак менен макулдашуу боюнча, ал эми талаш чыккан учурда - сот тарабынан аныкталат.

4. Сыйлыкты төлөп берүү милдеттенмеси жасалган жарыяга байланышту же ага карабастан тийиштүү аракет жасалып-жасалбагандыгына карабастан пайда болот.

5. Жарыяда көрсөтүлгөн аракеттерди бир нече киши жасаган учурда сыйлык алуу укугуна андай аракетти биринчи болуп жасаган адам ээ болот.

Эгерде жарыяда көрсөтүлгөн аракет бир эле учурда эки же андан ашык адам тарабынан жасалса, сыйлык алардын ортосунда тең бөлүнөт же макулдашууда көрсөтүлгөн өлчөмдө бөлүнөт.

6. Эгерде сыйлык жөнүндө жарыяда башкасы каралбаса жана анда көрсөтүлгөн аракеттин мүнөзүнөн келип чыкпаса, жарыяда камтылган талапка аткарылган аракеттин дал келиши сыйлык берүүнү ачык жарыялаган жак тарабынан, талаш чыккан учурда - сот тарабынан аныкталат.

 

990-статья. Сыйлык берүүгө ачык убада кылууну алып салуу

 

Жарыяда сыйлык төлөп берүүдөн баш тартуунун жол берилгистиги каралса жана андан келип чыкса же убада кылынган аракетти жасоо үчүн белгилүү мөөнөт берилсе же баш тартуу жөнүндө жарыялоо учуруна карата жарыяда көрсөтүлгөн аракеттерди бир же бир нече киши жасаган учурдан тышкары сыйлык төлөп берүү жөнүндө ачык убада кылган жак ошондой эле формада ал убададан баш тартууга акылуу.

2. Сыйлык берүүгө ачык убада кылууну алып салуу сыйлык берүү жөнүдө убада кылган адамды ага жооп кылган адамдарга сыйлык жарыялоодо көрсөтүлгөн аракеттерди жасагандыгына байланыштуу алар тарткан чыгымдардын ордун толтуруудан бошотпойт.

 

50-Глава
Оюндарды жана мөрөйлөрдү өткөрүү

 

991-статья. Оюн жана мөрөйлөрдү уюштуруу жана ага катышуу менен байланышкан талаптар

 

Оюндарды жана мөрөйлөрдү уюштуруу же ага катышуу менен байланышкан граждандарга жана юридикалык жактарга коюлган талап оюндарга же мөрөйлөргө алдоонун, зомбулуктун, коркутуунун таасири астында катышкан адамдарга же алардын өкүлдөрүнүн оюндарды жана мөрөйлөрдү уюштуруучулар менен кыңыр ниеттеги макулдашуусунан тышкары, ошондой ушул Кодекстин 993-статьясынын 4-пунктчасында көрсөтүлгөн талаптардан тышкары соттук коргоого алынбайт.

 

992-статья. Мамлекет жана администрациялык-аймактык бирдиктер тарабынан лотереяларды, тотализаторлорду жана башка оюндарды өткөрүү

 

1. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдан лотереяларды, тотализаторлорду (өз ара мелдеш) жана башка тобокелге негизделген оюндарды өткөрүүгө уруксат (лицензия) алган мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жактар менен оюндун катышуучуларынын ортосундагы мамиле оюнду уюштуруучулар менен анын катышуучуларынын ортосундагы келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишим лотереялык билетти, дүмүрчөктү же башка документти берүү менен толтурулат жана ага катышуучу лотереялык билеттин наркын төлөгөн же оюнга катышууну башкача жол менен төлөгөн учурдан баштап ал келишим түзүлдү деп таанылат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган келишимди түзүү жөнүндөгү сунуш оюнду өткөрүүнүн мөөнөтү жөнүндөгү жана утушту жана анын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндөгү шарттардан турууга тийиш.

3. Лотерея, тотализатор же башка оюндарды өткөрүүнүн шартына ылайык утту деп таанылган жактарга оюнду уюштуруучулар оюнду өткөрүүнүн шартында каралган өлчөмдө, формада (акчалай же натуралай) жана мөөнөттө, ал эми ал шарттарда мөөнөт көрсөтүлбөгөн болсо оюндун натыйжасы аныкталган учурдан баштап он күндөн кечиктирбестен төлөп берүүгө тийиш.

4. Оюнду уюштуруучулар ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмени аткарбаган учурда лотереяда, тотализатордо же башка оюндарда утушка ээ болгон катышуучу оюнду уюштуруучулардан утушту төлөп берүүнү, ошондой эле уюштуруучу тарабынан келишимди бузуудан улам тарткан чыгымдын ордун толтуртууну талап кылууга акылуу.

 

51-Глава
Зыян келтирүүнүн натыйжасындагы милдеттенме

 

1-§. Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө жалпы жоболор

 

993-статья. Зыян келтирүү үчүн жоопкерчиликтин жалпы негиздери

 

1. Гражданиндин керт башына же мүлкүнө келтирилген зыяндын орду, ошондой эле юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду ал зыянды келтирген жак тарабынан толук көлөмүндө толтурулууга тийиш.

Мыйзам менен зыяндын ордун толтуруу милдети ал зыянды келтирүүчү болуп саналбаган жакка да жүктөлүшү мүмкүн.

Мыйзам же келишим менен зыян келтирүүчүгө жабыр тарткан жакка келтирилген зыяндан ашык компенсация төлөп берүү милдеттенмеси жүктөлүшү мүмкүн.

2. Эгерде зыян келтирген жак ал зыян анын күнөөсү боюнча келтирилбегендигин далилдесе, анда зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

3. Укукка ылайык аракеттер менен келтирилген зыяндын орду мыйзамда каралган учурларда толтурулууга тийиш.

Эгерде жабыр тартуучунун өтүнүчү же анын макулдугу менен зыян келтирилсе, ал эми зыян келтирүү аракети коомдун адептик принциптерин бузбаса, зыяндын ордун толтуруудан баш тартылышы мүмкүн.

 

994-статья. Зыян келтирүүдөн эскертүү

 

1. Зыян келтирүү коркунучу келечекте мындай коркунучту келтирген ишке тыюу салуу жөнүндө доо үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

2. Эгерде келтирилген зыян ишкананы, курулушту же башка өндүрүштүк ишти жүргүзүүнүн натыйжасында болуп саналса, ал зыян келтирүүсүн улантып же жаңы зыян келтирүү коркунуч түзсө, сот жоопкерди зыяндын ордун толтуруудан тышкары андай ишти токтото турууга же токтотуп салууга милдеттендирүүгө укуктуу.

Эгерде ишкердикти токтото туруу же токтотуу коомдук талаптарга карама-каршы келсе, сот аны токтото туруу же токтотуу жөнүндөгү доодон баш тартышы мүмкүн. Мындай ишкердикти токтото туруу же токтотуудан баш тартуу жабыр тартуучуларды бул иш келтирген зыян ордун толтуруу укугунан ажыратпайт.

 

995-статья. Коргонуу зарылчылыгынан улам зыян келтирүү

 

Коргонуу зарылчылыгынын чеги ашып кетпеген учурда андай зарылчылыктан улам келтирилген зыяндын орду толтурулбайт.

 

996-статья. Өтө зарылчылыктан улам зыян келтирүү

 

Өтө зарылчылыктан улам, башкача айтканда, зыян келтирүүчүнүн өзүнө же башка жактарга келтирилген коркунучту жоюу үчүн жасалган зыян, эгерде мындай коркунуч ошол кырдаалда башка каражаттар менен четтетилбей турган болсо, зыян келтирген жак тарабынан орду толтурулууга тийиш.

Мындай зыян келтирген жагдайды эске алуу менен, сот анын ордун толтурууну зыян келтирген жак анын таламында жасалган үчүнчү жакка ордун толтуруу милдетин жүктөөгө, же ал үчүнчү жакты, ошондой эле зыян келтирген жакты анын ордун толтуруудан толугу менен же жарым жартылай бошотулушу мүмкүн.

 

997-статья. Юридикалык жактын же гражданиндин анын кызматкерлери келтирген зыян үчүн жоопкерчилиги

 

1. Юридикалык жак же гражданин эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда анын кызматкерлери келтирген зыяндын ордун толтурат.

2. Ушул главада каралган эрежелерге карата кызматкерлер деп эмгектик келишимдин (контракттын) негизинде иш аткарган граждандар, ошондой эле граждандык-укуктук келишим боюнча иш аткарган граждандар, эгерде мында алар тийиштүү юридикалык жактын же гражданды тапшырмасы боюнча жана ишти коопсуздук жүргүзүү үчүн анын контролдугу астында аракеттенсе же аракеттенүүгө тийиш болсо, таанылат.

3. Чарбалык шериктештиктер жана өндүрүштүк кооперативдер алар ишкердик, өндүрүштүк же шериктештиктин жана кооперативдин башка ишин жүргүзүүдө анын катышуучулары (мүчөлөрү) келтирген зыяндын ордун толтурат.

 

998-статья. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же ал органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетинин (аракетсиздигинин) натыйжасында, анын ичинде мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мыйзамга же башка укуктук актыларга ылайык келбеген актыларын чыгаруунун натыйжасында гражданинге же юридикалык жакка келтирилген зыяндын ордун толтурулууга тийиш. Зыяндын орду тийиштүү мамлекеттик казнанын эсебинен (225-статьянын 2-пункту), жергиликтүү шериктештиктин казнасынын эсебинен (227-статьянын 2-пункту) толтурулат.

 

999-статья. Алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын мыйзамсыз аракетинен улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Гражданинге мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же башка жакка кетпөө жөнүндө кол койдуруп алуу чараларын мыйзамсыз колдонуу, камакка алуу түрүндөгү мыйзамсыз түрдө администрациялык жаза колдонуунун натыйжасында келтирилген зыяндын орду мамлекет тарабынан алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын кызмат адамдарынын күнөөсүнө карабастан мыйзамда белгиленген тартипте толук көлөмүндө толтурулат.

2. Алгачкы текшерүү, алдын ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын мыйзамсыз ишинин натыйжасында ушул статьянын 1-пунктунда каралган кесепеттерге алып келбеген мыйзамсыз ишинин натыйжасында гражданинге же юридикалык жакка келтирилген зыяндын орду ушул Кодекстин 999-статьясында каралган негиздер боюнча жана тартипте толтурулат. Сот адилеттигин жүргүзүүдө келтирилген зыяндын орду, эгерде судьянын күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталган болсо, толтурулат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1000-статья. Өз жоопкерчилигин камсыздандырган жактын зыяндын ордун толтурушу

 

Өз жоопкерчилигин ыктыярдуу же милдеттүү камсыздандыруу тартибинде жабыр тартуучунун пайдасына (924-статья, 929-статьянын 1-пункту) пайдасына камсыздандырган юридикалык жак же гражданин келтирлген зыяндын ордун толук толтуруу үчүн камсыздандыруу суммасы жетишсиз болсо, камсыздандыруу суммасы менен зыяндын чыныгы өлчөмүнүн ортосундагы айырманы төлөйт.

 

1001-статья. Он төрт жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Он төрт жашка чейинки өспүрүмдөр (жаш балдар) келтирген зыян үчүн, эгерде зыян булардын күнөөсү боюнча келтирилбегендиги далилденбесе, ата-энелери (асырап алгандары) же көзөмөл кылуучулары жооп берет.

2. Эгерде көзөмөлдүк кылууга муктаждыгы бар өспүрүм мыйзамдын күчүнө ылайык ага көзөмөлдүк кылуучу болуп саналган (70-статья) тийиштүү тарбиялоо, дарылоо мекемесинде, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинде же башка ушундай эле мекемеде турган болсо, ал мекеме эгерде зыян мекеменин күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденбесе, өспүрүм келтирген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

3. Эгерде жаш бала окуу жайынын, тарбиялоо, дарылоо, же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон башка мекеменин, ошондой эле келишимдин негизинде көзөмөлдүк кылууга тийиш болгон жактын көзөмөөл алдында турган учурда зыян келтирсе, анда ал мекемелер же жактар зыян көзөмөлдүк кылуучулардын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденбесе зыян үчүн жооп берет.

4. Жаш балдар келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча ата-энелердин (асырап алгандардын), көзөмөлдүк кылуучулардын, окуу жайлардын, тарбиялоо, дарылоо жана башка мекемелердин милдеттенмелери жаш бала бойго жеткендигине же ал зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү мүлк алгандыгы боюнча токтотулбайт.

Эгерде ата-энеси (асырап алгандары), көзөмөлдүк кылуучулар өлгөндө же алар, ошондой эле ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн башка граждандар жабыр тартуучунун өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү каражаты жок болсо, ал эми толук аракетке жөндөмдүү болгон зыян келтирүүчүнүн өзү ошондой эле каражаттарга ээ болсо, сот жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн мүлктүк абалын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен зыян келтирүүчүнүн өзүнүн эсебинен зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

1002-статья. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр келтирилген зыян үчүн жалпы негиздерде өз алдынча жоопкерчилик тартат.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөрдө зяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү мүлк же башка киреше булагы болбогон учурда, зыяндын орду эгер зыян алардын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденсе, анын ата-энеси (асырап алгандары) же көзөмөлдүк кылуучулар толугу менен же анын жетпеген бөлүгүн толтурууга тийиш.

Көзөмөлдүк кылууга муктаж болгон он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр тийиштүү тарбиялоо, дарылоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинде же мыйзамдын күчү боюнча ага көзөмөлдүк кылуучу болуп саналган башка ушундай мекемелерде (70-статья) турган болсо, эгерде зыян анын күнөөсү бюнча келип чыкпагандыгы далилденсе, ал мекеме зыяндын ордун толугу менен же анын жетпеген бөлүгүн толтурууга милдеттүү.

3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча ата-эненин (асырап алуучулардын), көзөмөлдүк кылуучулардын жана тийиштүү мекемелердин милдеттенмеси зыян кетирген адам бойго жеткенде же ал бойго жеткенге чейин анда зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү киреше булагы же башка мүлк пайда болсо, же ал бойго жеткенге чейин аракетке жөндөмдүүлүккө ээ болсо, токтотулат.

 

1003-статья. Өспүрүмдөр келтирген зыян үчүн ата-энелик укугунан ажыратылган ата-энелердин жоопкерчилиги

 

Эгерде зыян келтирүүгө алып келген баланын жүрүш-турушу баланы тарбиялоо боюнча ата-энелик милдетти талаптагыдай жүргүзүүнүн кесепети болуп саналса, сот ата-энелик укуктан ажыратылган ата-энелерге алар андай ата-энелик укуктан ажыратылгандан кийин үч жыл бою анын бойго жете элек балдары жасаган зыян үчүн жоопкерчиликти жүктөй алат.

 

1004-статья. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган гражданин келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган гражданин келтирген зыяндын ордун ага камкордукка алуучу же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон уюм, эгерде зыян алардын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденсе, толтурат.

2. Камкордукка алуучу же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон уюмдун аракетке жөндөмсүз деп таанылган гражданин келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеси кийин ал аракетке жөндөмдүү деп таанылган учурда да токтотулбайт.

3. Эгерде камкордукка алуучу өлгөн болсо же жабыр тартуучунун өмүрнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү каражаты жок болсо, ал эми зыян келтирүүчүнүн өзү мындай каражатка ээ болсо, анда сот жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн мүлктүк абалын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен жабыр тартуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун зыян келтирүүчүнүн мүлкүнүн эсебинен толугу менен же жарым-жартылай толтууруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 

1005-статья. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган гражданин келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Спирт ичкилигин же банги заттарды пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен (65-статья) аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген гражданин келтирген зыяндын орду зыян келтирүүчүнүн өзү тарабынан жалпы негиздерде толтурулат.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

1006-статья. Өз иш-аракетинин маанисин түшүнүүгө жөндөмсүз гражданин келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Аракетке жөндөмдүү гражданин же он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки өспүрүм өз иш-аракетинин маанисин түшүнүүгө жөндөмсүз абалда же ага жетекчилик кылуу менен келтирген зыян үчүн ал жооп бербейт.

Эгерде жабыр тартуучунн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилсе, сот жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн мүлктүк абалын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен зыяндын ордун толугу менен же жарым-жартылай толтуртуу боюнча милдетти зыян келтирүүчүнүн өзүнө жүктөй алат.

2. Эгерде спирт ичкиликтерин ичүү, баңги заттарды колдонуу же башка жол менен өзүн эмне кылып жаткандыгынын маанисин түшүнбөгөн же ага жетекчилик кылган абалга алып келсе, зыян келтирүүчү жоопкерчиликтен бошотулбайт.

3. Эгерде зыян жин оорусунан же кем акылдыгынан улам өз иш-аракетинин маанисин түшүнбөгөн же өзүн башкара албаган адам тарабынан келтирилсе, сот тарабынан зыяндын ордун толтуруу милдети зыян келтирүүчүнүн мындай абалы жөнүндө билген, бирок анын аракетке жөндөмсүздүгүн таануу же ага көзөмөлдүк кылууну орнотуу жөнүндө маселе койбогон ал адам менен бирге жашаган эмгекке жөндөмдүү адамдарга: жубайына, ата-энесине, бойго жеткен балдарына жүктөлүшү мүмкүн.

 

1007-статья. Айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө коркунуч түзүүчү иш менен келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

1. Иши айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө коркунуч келтирүү менен байланышкан (транспорт каражаттарын, механизмдерди, электроэнергиясын, жарылгыч заттарды, катуу таасир берүүчү ууларды ж.б. колдонуу; курулуш жана аны менен байланышкан башка иштерди жүргүзүү) юридикалык жактар жана граждандар, эгерде зыян келтирүү жеңе алгыс күчтүн же жабыр тартуучунун кыңыр оюнун кесепетинен келип чыккандыгы далилденбесе, өтө коркунучтун булагы болуп саналгандар зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

Зыяндын ордун толтуруу милдети өтө коркунуч булагына менчик ээсинин укугунда, чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, же болбосо башка мыйзамдуу негизде (мүлктү жалдоо келишими менен, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат менен, өтө коркунучтун булагын өткөрүп берүү жөнүндөгү тийиштүү органдын буйругу менен) ээлик кылган юридикалык жакка же гражданинге жүктөлөт.

2. Өтө коркунучтун булагынын ээси эгерде башка жактардын укукка каршы аракетинин натыйжасында ал булак анын карамагынан чыгып кеткендиги далилденсе, ал булак келтирген зыян үчүн жооп бербейт. Мындай болгон учурда өтө коркунучтун булагы келтирген зыян үчүн жоопкерчиликти ал булакты укукка каршы ээ болгон жак тартат. Ал булакты укукка каршы тартып алууда өтө коркунучтун булагынын ээсинин күнөөсү бар болсо, анда жоопкерчилик ал булактын ээсине, ошондой эле өтө коркунучтун булагын укукка каршы ээлеп алган жакка да жүктөлүшү мүмкүн.

3. Өтө коркунучтун булагынын ээлери ал булактардын өз ара аракетинин (транспорт каражаттарынын кагылышуусу ж.б.) натыйжасында үчүнчү жакка келтирилген зыян үчүн ушул статьянын 1-пунктунда каралган негиздер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.

Өтө коркунучтун булактарынын өз ара аракетинин натыйжасында аны ээлерине келтирилген зыяндын орду жалпы негиздерде толтурулат. Мында:

бир жактын күнөөсү боюнча келтирилген зыяндын орду ал жак тарабынан толук көлөмүндө толтурулат;

эки же бир нече жактардын күнөөсү боюнча келтирилген зыяндын орду алардын ар биринин күнөөсүнө жараша толтурулат.

Жактардын биринин да күнөөсүнүн өлчөмүн аныктоо мүмкүн болбогондо жоопкерчилик алардын ортосунда тепе-тең бөлүштүрүлөт.

Зыян келтирүүдө тараптардын күнөөсү жок болгон учурда эч ким зыянын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз. Мындай болгон учурда ар бир тарап ага келтирилген зыянды өздөрү тартышат.

 

1008-статья. Биргелешип келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Биргелешип зыян келтирген жактар жабыр тарткандын алдында бирдей жооп беришет.

Жабыр тартуучунун арызы боюнча жана анын таламында сот биргелешп зыян келтирген жактарга үлүштүк жоопкерчилик жүктөөгө укуктуу.

 

1009-статья. Зыян келтирген жакка регресс укугу

 

1. Башка жак (кызматтык же башка эмгектик милдеттенмесин аткарууда, транспорт каражатын башкарган жак) келтирген зыяндын ордун толтурган жак, эгерде мыйзам менен башка өлчөм белгиленбесе, ал жакка төлөнгөн зыяндын ордунун өлчөмүндө кайра талап коюу (регресс) укугуна ээ болот.

2. Биргелешип келтирилген зыяндын ордун толтурган зыян келтирүүчү калган зыян келтирүүчүнүн ар биринен жабыр тартуучуга төлөнгөн зыяндын ордун ошол зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн даражасына ылайык өлчөмдө талап кылууга акылуу. Күнөөнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбогон учурда анын үлүшү бирдей деп таанылат.

3. Алгачкы текшерүү, алдын-ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын (1000-статьянын 1-пункту) кызмат адамдары келтирген зыяндын ордун толтурган мамлекет эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен анын күнөөсү аныкталса, ал жакка карата регресс укугуна ээ болот.

4. Ушул Кодекстин 1002-1005-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча зыяндын ордун толтурган жак зыян келтирген жакка карата регресс укугуна ээ болбойт.

 

1010-статья. Мүлктүк зыяндын ордун толтуруунун ыкмалары

 

Зыяндын ордун толтуртуу чечимин кабыл алуу менен, сот иштин жагдайына ылайык зыян келтирүү үчүн жооптуу жакты зыяндын ордун натуралай (ошол эле тектеги жана сапаттагы буюмду берүүгө, бузулган буюмду оңдотууга ж.б.) ордун толтурууга же келтирилген зыяндын ордун (14-статьянын 2-пункту) толтурууга милдеттендирет.

 

1011-статья. Жабыр тартуучуунун күнөөсүн жана зыян келтирген жактын мүлктүк абалын эсепке алуу

 

1. Жабыр тартуучунун кыңыр оюунан улам келип чыккан зыяндын орду толтурулбайт.

2. Эгерде жабыр тартуучунун өзүнүн олдоксондугу зыян тартууга же анын көбөйүшүнө алып келсе, анда жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн даражасына жараша анын ордун толтуруунун өлчөмү азайтылууга тийиш.

3. Жабыр тартуучунун өзү олдоксондук кылып жана зыян келтирүүчүнүн күнөөсү жок болгон учурда, анын күнөөсүнө карабастан жоопкерчилик жүктөлгөндө, анын ордун толтуруунун өлчөмү азайтылууга тийиш же мыйзамда башкасы каралбаса, зыяндын ордун толтуруудан баш татылышы мүмкүн. Гражданиндин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруудан баш тартууга жол берилбейт.

4. Кошумча чыгымдардын ордун толтурууда (1014-статьянын 1-пунку), багуучу адамы өлгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтурууда (1018-статья), ошондой эле сөөктүү көмүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтурууда (1023-статья) жабыр тартуучунун күнөөсү эсепке алынбайт.

5. Сот атайылап жасалган аракеттерден улам келтирилген учурлардан тышкары гражданиндин мүлктүк абалын эске алуу менен ал келтирген зыяндын өлчөмүн азайтышы мүмкүн.

 

2-§. Ден соолукка келтирилген зыяндын жана граждандын өлүмүнө байланыштуу адамдар тарткан зыяндардын ордун толтуруу

 

1012-статья. Келишимдик же башка милдеттерди аткарууга ден соолукка келтирилген зыяндын жана граждандык өлүмүнө байланыштуу адамдар тарткан зыяндардын ордун толтуруу

 

Келишимдик милдеттенмелерди аткарууда, ошондой эле аскердик кызматта, милицияда кызмат кылууда милдеттенмени жана башка тийиштүү милдеттенмелерди аткарууда гражданиндин өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын орду, эгерде мыйзамда же келишимде жоопкерчиликтин кыйла жогорку өлчөмү каралбаса, ушул главада каралган эрежелер боюнча толтурулат.

 

1013-статья. Ден соолукка залал тийгизүү менен келтирилген зыяндын ордун толтуруунун көлөмү жана мүнөзү

 

1. Гражданинге жаракат келтирүүдө же ден соолугуна башкача залал тийгизүүдө ал ээ болгон же ээ болууга тийиш болгон эмгек акы (киреше), ошондой эле ден соолугунун бузулгандыгына байланыштуу тарткан кошумча чыгымдары, анын ичинде дарыланууга, кошумча тамактанууга, дары сатып алууга, протез жасатууга, башка бирөөнүн көз болуусуна, санитардык-курорттук дарылануусуна, атайын транспорт каражаттарын сатып алууга, башка кесипке ээ болууга кеткен чыгымдары, эгерде жабыр тартуучу мындай жардамдарга муктаж экендиги жана аларды акысыз алууга укугу жок экендиги аныкталса, орду толтурулууга тийиш.

2. Жаракат алгандыгы же ден соолугуна башкача жабыр тартылгандыгына байланыштуу жабыр тартуучунун албай калган эмгек акысын (кирешесин), ага дайындалган майыптыгы боюнча пенсиясын, ошондой эле анын ден соолугуна зыян келтиргенге чейин же келтирилгенден кийин дайындалган башка пенсияларды, пособиелерди жана башка ушундай төлөмдөрдү аныктоодо зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү көңүлгө алынбайт жана азайтылбайт (зыяндын ордун толтуруунун эсебине кошулбайт). Ден соолугуна залал келтирилгенден кийин жабыр тартуучу алган эмгек акы (киреше) да зыяндын ордун толтуруунун эсебине кошулбайт.

3. Ушул статьяга ылайык жабыр тартуучуга тиешелүү болгон зыяндын ордун толтуруунун көлөмү жана өлчөмү мыйзам же келишим менен көбөйтүлүшү мүмкүн.

 

1014-статья. Ден соолукка залал келтирүүнүн натыйжасында албай калган эмгек акыны (кирешени) аныктоо

 

1. Жабыр тартуучу албай калган орду толтурулушу керек болгон эмгек акынын (кирешенин) өлчөмү ал жаракат алганга же ден соолугуна залал келтирилгенге чейин же ал эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготконго чейин алып жүргөн орточо айлык эмгек акысына карата (кирешесине) жабыр тартуучунун кесиптик эмгеккке жарактуулугун жоготушунун тийиштүү даражасында, ал эми кесиптик эмгекке жарактуулугу болбогон учурда - жалпы эмгекке жарактуулугунун жоготкондугунун даражасына карата процент менен аныкталат.

2. Жабыр тартуучунун албай калган эмгек акысынын (кирешесинин) курамына анын негизги иштеген жери, ошондой эле башка жердеги иши боюнча эмгектик жана граждандык-укуктук келишим боюнча анын эмгегине акы төлөөнүн киреше салыгы салынган бардык түрлөрү кошулат. Бир жолку мүнөздөгү төлөмдөр, атап айтканда пайдаланылбай калган отпуск үчүн компенсация жана бошонуудагы бошотуу пособиеси эске алынбайт. Убактылуу ишке жараксыз мезгилиндеги же боюнда бар жана төрөгөндүгү боюнча отпускасынын убагындагы төлөнгөн пособие эске алынат. Ээлик кылуу ишкердигинен түшкөн киреше, ошондой эле автордук калем акы алынбай калган эмгек акынын катарына кошулат, мында ээлик кылуу ишкердигинен түшкөн киреше салык органдарынын маалыматтарынын негизинде кошулат.

Эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрү салык кармаганга чейинки эсептелген суммаларда эске алынат.

3. Жабыр тартуучунун орточо айлык эмгек акысы (кирешеси) ден соолугуна залал келтирилгенге чейин ал иштеген он эки айдагы эмгек акысынын (кирешесинин) жалпы суммасын он экиге бөлүү менен аныкталат. Зыян келтирилген учурга карата жабыр тартуучу он эки айдан аз иштеген болсо, анын орточо айлык эмгек акысы (кирешеси) анын ден соолугуна залал келтирилгенге чейин иштеген айлардагы эмгек акысынын (кирешенин) жалпы суммасын ошол айлардын санына бөлүү менен аныкталат.

Жабыр тартуучу иштеген толук эмес айлар, эгерде ал айда иш жүзүндө иштелген күн 15 календардык күндөн ашса, толук ай катары эсептелет.

4. Зыян келтирүү учурунда жабыр тартуучу иштебей турган болсо, анын калоосу боюнча ал бошонгонго чейинки эмгек акысы же ошол жердеги анын квалификациясындагы кызматкерге берилүүчү сыйлык акынын кадимки өлчөмү эсептелет, бирок эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

5. Эгерде жабыр тартуучу жаракат алып же ден солугуна залал келгенге чейин анын эмгек акысында (кирешесинде) анын мүлктүк абалын жакшыртуучу (ээлеген кызматы боюнча эмгек акысы жогоруласа, көп айлык төлөнүүчү ишке которулса, жогорку окуу жайын күндүз окуп бүткөндөн кийин ишке орношсо) туруктуу өзгөрүүлөр болсо жана эмгек акысы туруктуу өзгөрүп тургандыгы же өзгөрүшү мүмкүн экендиги далилденген башка учурларда, орточо эмгек акыны аныктоодо ал тийиштүү өзгөрүүдөн кийин алган же алууга тийиш болгон эмгек акы (киреше) гана эске алынат.

 (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

1015-статья. Бойго жетпеген жактардын ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуруу

 

1. Он төрт жашка чыкпаган бойго жете элек (жаш баланын) жана эмгек акы (киреше) албаган жактын ден соолугуна жаракат же залал келтирилген учурда зыян келтирүү үчүн жооптуу жак анын ден соолугуна келтирилген залалга байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Жаш бала он төрт жашка чыкканда, ошондой эле залал он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы, эмгек акы (киреше) албаган жакка келтирилген учурда зыян келтирүү үчүн жоопкер жак ден соолугуна залал келтирүү менен байланышкан чыгымдардан тышкары анын эмгекке жарамдуулугун жоготкондугуна же азайгандыгына байланышкан зыяндын ордун эмгек акынын эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнө негизденүү менен чыгымдарын жабыр тартуучуга төлөп берүүгө милдеттүү.

Эгерде ден соолугуна залал келтирилген учурга бойго жете элек жак эмгек акы алган болсо, анда зыяндын орду анын эмгек акысынын өлчөмүнө негизденүү менен, бирок эмгек эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнөн төмөн эмес толтурулат.

3. Ден соолугуна мурда зыян келтирилген бойго жете элек жак эмгектене баштагандан кийин ал алган эмгек акыга негизденүү менен, бирок ал иштеген жер боюнча ээлеген кызматына же ошол квалификациядагы кызматкердин эмгек акысына жараша белгиленген эмгек акы боюнча аныкталган акынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

1016-статья. Гражданиндин өлгөндүгүнө байланыштуу зыян тарткан жактарга анын ордун толтуруу

 

1. Гражданин өлгөн учурда зыяндын ордун толтуртуу укугуна төмөнкүлөр ээ болот:

өлгөн жактын багуусунда турган же ал өлгөн күнгө карата андан каражат алууга укугу бар эмгекке жараксыз жактар;

ал киши өлгөндөн кийин төрөлгөн баласы;

ата-энесинин бири, жубайы же иштебеген жана өлгөн кишинин балдарына, неберелерине, он төрт жашка чыга элек же ал куракка чыкса да, бирок медициналык органдардын корутундусу боюнча ден соолугунун абалына жараша башка бирөөнүн көзөмөлүнө муктаж болгон бир туугандарына көз болгон жана аларга көз болуу мезгилинин учурунда эмгекке жараксыз болгон үй-бүлө мүчөсү;

өлгөн адамдын карамагында турган жана ал өлгөндөн кийин беш жылдын ичинде эмгекке жараксыз болуп калган жак.

Ата-энесинин бири, жубайы же иштебеген жана өлгөн кишинин балдарына, неберелерине, бир туугандарына көз болгон жана аларга көз болуу мезгилинин учурунда эмгекке жараксыз болгон үй-бүлө мүчөсү ал адамдарга көз болуу аяктагандан кийин да зыяндын ордун толтуртуу укугун сактап калат.

2. Зыяндын орду төмөнкүлөргө толтурулат:

он сегиз жашка чыга элек - бойго жете электерге;

он сегиз жаштан ашкан окуучуларга - окуу жайларында күндүз окуган окуусун аяктаганга чейин, бирок жыйырма үч жаштан ашпаса;

элүү беш жаштан ашкан аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге - өмүр бою;

ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга - майыптуулугунун мөөнөтүнө;

өлгөн адамдын багуусунда турган балдарына, неберелерине, бир туугандарына көзөмөлдүк кылган ата-энесинин бири, жубайы же башка үй-бүлө мүчөсүнө - алар он төрт жашка чыкканга же ден соолугунун абалы өзгөргөнгө чейин.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1017-статья. Баккан адамы өлгөндүгүнө байланыштуу тарткан зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү

 

1. Баккан адамынын өлгөнүнөн байланыштуу зыяндын ордун толтуртууга укугу бар жактарга зыяндын орду өлгөн адамдын эмгек акысынын (кирешесинин) ушул Кодекстин 1015-статьясынын эрежелери боюнча аныкталган, алар өлгөн адам тирүү кезинде алууга тийиш болгон өлчөмдөгү үлүштө толтурулат. Ал жактарга зыяндын ордун толтурууну аныктоодо өлгөн адамдын кирешесинин курамына анын эмгек акысы (кирешеси) менен катар ал тирүү кезинде алган пенсиясы, өмүр бою алган акысы жана башка ушундай төлөмдөр кошулат.

2. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо баккан адамдын өлгөндүгүнө байланыштуу ал жакка белгиленген пенсия, ошондой эле баккан адамы өлгөнгө чейин же өлгөндөн кийин ага дайындалган пенсиянын башка түрлөрү, ошондой эле ал жактар алган эмгек акы (киреше) жана стипендия аларга зыяндын ордун толтуруу эсебине кошулбайт.

3. Баккан адамынын өлгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуртуу укугу бар ар бир жакка белгиленген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү төмөнкү учурларда кайра бөлүштүрүлбөйт:

баккан адамы өлгөндөн кийин бала төрөлгөндө;

баккан адамы өлгөн балдарга, неберелерге, бир туугандарына көзөмөлдүк кылган жактарга зыяндын ордун толтуруу д