Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2016-жылдын 4-ноябры № 103

Токтогул шаарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Ичүүчү суу” жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” өндүрүштүк –эксплуатациялык муниципалдык ишканасынын башчысы Ч.Анарбаевдин маалыматын жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаар аймагында суу кетүүчү куурлардын эскилиги, сууну пайдалануучулардын саны күндөн күнгө өсүп жаткандыгы эске алынып, ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иштер пландаштырылсын.

2. Ар дайым Токтогул шаарынын жашоочуларынын ичүүчү сууга болгон муктаждыгын канааттандырууга артыкчылык берилсин.

3. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоодо төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:

- Жаңы-Жол, Балачычкан айылдарына ичүүчү суу атайын түзүлгөн графиктин негизинде берилсин;

- Даңканай, Топбаза кичи райондорундагы жашоочуларды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн Кызыл-Туу айылына июнь, июль, август айларында ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулсун;.

4. Жалпы суу пайдалануучу абоненттер менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, ичүүчү суу үчүн бекитилген тарифтерди өз убагында чогултуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүү Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” жана “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, макетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү иштерди аткаруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

10. Токтом күчүнө киргенден кийин көчүрмөлөрү тиешелүү мекемелерге жөнөтүлсүн.

 

Төрага

К. Дербишев